text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу менен эки миллиард сом үнөмдөөгө болот. Бул каражат калган кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө жумшалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Анда президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев өлкө башчынын " Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгы боюнча түшүндүрмө бергени айтылды."Мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин жеткен. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес", — деди Касымалиев. Ал аталган жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшаларын кошумчалаган."Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет эки миллиард сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени, Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге үч айлык эмгек акысын жөлөк пул катары төлөп беришибиз керек", — деди Касымалиев. © Sputnik / Александр Астафьев Бир кызматкерге эле 100 миң сомдой кенемте төлөө керек. Кыскартуунун жол-жобосу Учурда Экономика жана финансы министрлиги жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштаганы жана ведомстволор аралык комиссия түзүлүп жатканы айтылды. Аталган комиссия ар бир министрлик, ведомстволорду карап чыгып, дагы бир жолу анализдеп, андан кийин конкреттүү түрдө сунуштарды берет. Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча бардык иштерди министрлер кабинети алып барат. Касымалиев ошондой эле президенттин администрациясында кыркартуулар болгонун, учурда анализ жүрүп жатканын, кыскартуу боюнча иштер улантыларын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президенттинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. © Фото / пресс-служба посольства КР в РФ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президенттинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады Анда эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылышын ушул жылдын күз айларында мамлекет башчылардын, Россиянын алдыңкы чыгармачыл жамаатынын, көрүнүктүү искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү тууралуу кеп болгон. “Россиянын Кыргызстандагы маданий күндөрүн августка, ал эми Кыргызстандын Россиядагы кино күндөрүн күздө өткөрүү алдын ала макулдашылды. Ошондой эле тараптар Советтик кыргыздардын жана Россиянын маданият  ишмери Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын биргелешип өткөрө турган болду”, — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары Иманалиев жана элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев Щепкина  атындагы жогорку театр мектебинин (институтунун) ректору Борис Любимов менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө театралдык искусство үчүн 25 адисти даярдоо жана студенттерге билим алуу, жашоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө келишим түзүлдү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. © Фото / пресс-служба посольства КР в РФ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президенттинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады Анда эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылышын ушул жылдын күз айларында мамлекет башчылардын, Россиянын алдыңкы чыгармачыл жамаатынын, көрүнүктүү искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү тууралуу кеп болгон. “Россиянын Кыргызстандагы маданий күндөрүн августка, ал эми Кыргызстандын Россиядагы кино күндөрүн күздө өткөрүү алдын ала макулдашылды. Ошондой эле тараптар советтик кыргыздардын жана Россиянын маданият ишмери Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын биргелешип өткөрө турган болду”, — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, Иманалиев жана элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев Щепкин атындагы жогорку театр мектебинин (институтунун) ректору Борис Любимов менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө театралдык искусство үчүн 25 адисти даярдоо жана студенттерге билим алуу, жашоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө келишим түзүлдү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. © Фото / пресс-служба посольства КР в РФ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президенттинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады Анда эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылышын ушул жылдын күз айларында мамлекет башчылардын, Россиянын алдыңкы чыгармачыл жамаатынын, көрүнүктүү искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү тууралуу кеп болгон. “Россиянын Кыргызстандагы маданий күндөрүн августка, ал эми Кыргызстандын Россиядагы кино күндөрүн күздө өткөрүү алдын ала макулдашылды. Ошондой эле тараптар маданият ишмери Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын биргелешип өткөрө турган болду”, — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, Иманалиев жана элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев Щепкин атындагы жогорку театр мектебинин (институтунун) ректору Борис Любимов менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө театралдык искусство үчүн 25 адисти даярдоо жана студенттерге билим алуу, жашоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө келишим түзүлдү.
Sputnik_kg
© AFP 2021 / Rodrigo Varela/Getty Images Көз уялткан сулуулук. "Дүйнө чүрөгү — 2021" сынагынын керемет сүрөттөрү 28 Конкурс Москвадагы Et Cetera театрында өттү. Ага 18ден 32 жашка чейинки 34 кыз катышты. Бийкечтердин бир гана сулуулугу эмес, таланты, харизмасы жана интеллекти да бааланды. Баш байгени Аля Салямова утуп, “Москва сулуусу — 2021" наамына ээ болду. Эми ал салтка айлангандай эле “Россия сулуусу” фестивалына борбор калаанын атынан катышат. Биринчи орунду Алена Пантелеева, экинчини Ирина Пенягина, үчүнчүнү Ангелина Хохлова ээледи.
Sputnik_kg
© AFP 2021 / Rodrigo Varela/Getty Images Көз уялткан сулуулук. "Дүйнө чүрөгү — 2021" сынагынын керемет сүрөттөрү 28 Конкурс Москвадагы Et Cetera театрында өттү. Ага 18ден 32 жашка чейинки 34 кыз катышты. Бийкечтердин бир гана сулуулугу эмес, таланты, харизмасы жана интеллекти да бааланды. Баш байгени Аля Салямова утуп, “Москва сулуусу — 2021" наамына ээ болду. Эми ал салтка айлангандай эле “Россия сулуусу” фестивалына борбор калаанын атынан катышат. Биринчи орунду Алёна Пантелеева, экинчини Ирина Пенягина, үчүнчүнү Ангелина Хохлова ээледи.
Sputnik_kg
Тагдыры аянычтуу аяктаган Сыдык Карачевдин чыгармачылыгы жана өмүрү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый инсанды изилдеген тарыхчы, жазуучуларга жана УКМКнын архивдик маалыматтарына таянуу менен факты даярдаган. Көпчүлүккө белгисиз өмүр. Сыдык Карачев 1899-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы азыркы Жылуу-Булак айылында туулган. Ал кичинесинде эле ата-энесинен жетим калып, татар мугалимдин колунда тарбиялангандыгы ачык булактарда айтылып келет. Бирок анын бала чагы, үй-бүлөсү тууралуу толук маалымат жокко эсе жана так маалымат аз. Мүмкүн чыгармаларында учкай, жашыруун берилгендир. Бирок азыркыга чейин бул жагы жакшы изилдене элек. Билими. Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношуп, анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) татар мектебинен билим алгандыгы жазылып жүрөт. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Тыныбек Жапый уулу жөнүндө фактылар. 21инде белгилүү манасчы, 30унда бий болгон Ал эми УКМКнын архивдик маалыматында, Карачевдин 1907-жылдан 1913-жылга чейин Караколдун татар орто мектебинде жана 1914-жылдан 1915-жылга чейин Караколдун орус-тузем орто мектебинде окугандыгы айтылат. Демек, ал сегиз жашынан эле билим уясынын босогосун аттаган. 1918–1919-жылдары Алматы шаарындагы татар педагогикалык окуу жайын аяктайт. Аны 16 жашында толук орто билимдин, ал эми 20 жашында жогорку билимдин ээси болгон деп айтууга негиз бар. Тарыхчы Аида Кубатованын айтымында, Карачевдин өзгөчөлүгү Октябрь революциясына чейин билим алгандыгында. "ХIХ кылымдын аягы, ХХ кылымдын башында Россиянын курамындагы мусулмандардын ичинде агартуучулук жадид кыймылы башталган. Анын башында крым-татарларынан чыккан Исмаил Гастринский турган. Ага чейин балдарга куранды гана окутуп келишсе, Гастринский башында турган кыймыл мектептерди реформалоо ишин жүргүзгөн. Ошентип светтик предметтер окутула баштайт. Сыдык Карачев Караколдо ошондой мектепте билим алган деген божомол бар. Салык деген татардын колунда кызмат кылып жүргөн деген маалыматтар жазылат. Ал Караколдогу жаңыча билим берүүчү мектептин мугалими Салих Надыршин болушу ыктымал. Сыдык ошол Надыршиндин колунда кызмат кылып, анын аркасы менен Октябрь революциясына чейин эле билим алып калган өңдөнөт. Анткени Карачев жаңы усулдагы билим алган кыргыздын алгачкы чыгармачыл жаштарынан болгон", – деди Кубатова. Жадид кыймылы агартуучулуктан тышкары бара-бара саясатка да аралаша баштаган. © Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. Фоменко Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты Саякбай Каралаев менен аскерде. Революциядан кийин Алматыдагы "Көмек" гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенип, андан кызыл аскерлердин катарына чакырылган. 1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталат. 1920-жылы Ташкент шаарындагы Аскердик курсту окуп "взводный командир" наамын алып чыккан. Ушул жерден Карачев улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан. 1921–1923-жылдары Фергана басмачы фронтунда да болгон."Сыдык Карачев кыргыздардан чыккан орусча, татарча жана казакча жаза билген биринчи сабаттуу адам болгон. Саякбай Каралаев экөө Казакстанда армияда жүргөндө, Карачев Алматыда чыккан "Көмек" гезитинде иштеген. Гезиттин бир бети кыргызча чыгып тургандыктан аны Карачев караган. Аскердик форма кийип алып иштептир", — деп белгилейт жазуучу Самсак Станалиев. Саясий кодулоого кабылган чыгармачылык. Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазган. Анткени бул мезгилде кыргыз басма сөзү али баш көтөрө элек болчу. 1919-1920-жылдары "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар. Сыдык Карачев тунгуч прозаик жана кыргыз профессионалдык адабиятынын баштоочуларынан болуп эсептелинет. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу пьесаларды жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. © Sputnik / Табылды Кадырбеков 41 жашында атылып, 19 жылдан кийин акталган. Баялы Исакеев тууралуу 9 факты Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди кыргыз совет адабиятынын баштоочулары катары атаган белгилүү сынчы Салижан Жигитов качанкы бир кезде айып тагылган "Ах, милдетим", "Өткөн күндү сагынып" деген ырларына жана чыгармаларына тагылган контрреволюциячыл, улутчул, феодалчыл деген майда айыптар кийин акталгандыгын белгилейт. Чындыгында бул чыгармаларда элинин өткөнүн эскерип, түркөй жактарына кейүү жана мыкты сапаттарына суктануу, эргүү гана камтылган."Кыргыз жаштарынын арасында Сыдык Карачевдин бедели абдан бийик болгон. Анын "Үйлөнүүдөн качты" деген чыгармасында жадид мектептери менен эскиче окуган кадимки мектептердин ортосунда жана орус-тузем мектептери менен кандай айырмачылыктары болгондугу тууралуу жазат. Сыдык Карачев ошол убактагы кырдаалды абдан таамай чагылдырган. Бирок бул чыгармасы совет бийлигинен кийин жарык көргөн. Аны деле көбү түшүнгөн эмес. Себеби убагында жадидчилик кыймылын изилдөөгө, окууга тыюу салынган. Муну кийин эле Салижан Жигитов баштаган адабиятчылар карап чыкты. Кыргыз поэзиясынын, прозасынын, драматургиясынын башында Сыдык Карачев турган", — деп белгилейт тарыхчы Аида Кубатова. Сыдык Карачевдин чыгармачылыгынын кендирин кескен саясий айыптар, аны бир топ чыгармаларды жазуудан алыстаткан экен. 1928-1929-жылдар Карачевдин чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары сүрөттөлөт. © Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты Карачев котормо ишинде. Ар кандай саясий кодулоо, айыптоодон улам Карачев өмүрүнүн акыркы жылдарында чыгарма жазбай калган. Тек котормо менен алектенип, Лев Толстойдун "Шалпаң кулак" аңгемесин, Антон Чеховдун "Талаа" повестин, Островскийдин "Болот кантип курчуду" романын, Брет Гарддын "Самед кызы" жана Рамен Ролландын "Жан Кристоф" романдарынан үзүндү которгон. Александр Пушкиндин "Бекетчи" аңгемеси менен "Дубровский" повести Карачевдин котормосунда 1937-жылы китеп болуп чыккан. Бул анын акыркы эмгеги. 1937-жылы Жазуучулар союзуна алгач ирет мүчө болгондордун арасында Карачев да бар. Бирок Станалиевдин айтымында, Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди Аалы Токомбаев союздан чыгарып салган да жайы бар экен."Борч" спектакли жана Нагима Айтматова. Сыдык Карачевдин чыгармаларынын бир катары Совет өкмөтүнө чейин жарык көргөн. Аны драматург катары да билебиз. Убагында Татарстанда бир пьесасы театрда коюлгандыгы тууралуу гезитке маалымат чыккан. Бирок ал кайсы пьеса болгондугун Сыдык Карачевди изилдеген Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев жана Самсак Станалиев да таба алышкан эмес. © Sputnik / Александр Федоров Чет элдик кыздар кат жазып... Кожожаштын ролун аткарган Кыдыралиевдин маеги"Ал мезгилде кат-сабаты жоюлган жаштар чыгармаларын татар тилиндеги гезит-журналдарга жарыялашкан. Карачевдин татар тилинде жазылган "Борч" пьесасы азыркыга чейин табыла элек. Бирок татар соодагерлеринин турмушу тууралуу жазылгандыгын айтып жүрүшөт. Чындыгында Караколдо татар соодагерлери көп болгон. Кийин окумуштуу А. Ярковдун изилдөөлөрүндө Төрөкул Айтматовдун жубайы Нагима Айтматова да ушул спектаклде роль аткаргандыгы жазылган. Нагима Айтматованын агалары ошол учурда Караколдо драма ийримдерин уюштурушкан экен. Негизинен жадидчилердин дагы бир өзгөчөлүгү драмалык ийримдерди өткөрүп турушкандыгында жатат. Мындай саамалык Орто Азияда эң биринчилерден болуп Ташкентте уюшулган. Кийинки маалыматтар боюнча Караколдо да болгон. Бул тууралуу Роза Айтматовадан сураганымда: "апам "спектаклде катышкам" деп айткан", —  деди. Менимче, Нагима Айтматова да убагында жадидчилердин активдүү өкүлү болгон", — деди Кубатова. 1932-жылдары Карачевдин эки спектакли Кыргызстанда коюлган."Эркин-Тоонун" алгачкы жооптуу редактору."Эркин-Тоо" гезитинин 1924-жылдын 7-ноябрындагы алгачкы санына Аалы Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" деп аталган ыры жарыялангандыгы жана гезиттин атын Ишенаалы Арабаев койгондугу маалым. 1924-жылы Түркстан автономиясы өз алдынча республикаларга бөлүнө баштаганда ушул жылдын 14-октябрында Кара кыргыз автоном облусу да түзүлүп калган. Андан кийин эле кыргыз тилиндеги басма сөздүн болушуна ынтызарланган ошол убактагы окуп, билим алган сабаттуу жаштардын аракети менен Ташкент шаарында алгачкы кыргыз тилдүү басылма "Эркин-Тоо" гезити жарыкка чыккан. Тунгуч басылма араб арибинде жарык көрөт (кыргыздар 1929-жылга чейин араб арибин, андан 1940-жылга чейин латын тамгасын колдонгон). Ага чейин кыргыз акын-жазуучулары татар, казак тилиндеги басылмаларга чыгармаларын жарыялап келишкен. Булардын арасында Сыдык Карачев да бар. Гезиттин редактору болуп Осмонкул Аалиев дайындалса, жооптуу редактору катары Сыдык Карачев бекитилген. Аалиев Карачевди атайын Караколдон алдырса, корректор катары Ташкентте окуган Мустафа Акматовду жана кабарчылыкка Кусейин Карасаевди чакырат. Сыдык ошол кезде Алма-Ата, Ташкент шаарларында чыгып турган "Көмек", "Тилчи" аттуу гезиттерге ырларды, чыгармаларды жазып турган акын-жазуучу катары басма ишин жакшы билген. Ошентип алгачкы гезиттин чыгышын Ишенаалы Арабаев, Осмонкул Аалиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов ишке ашырган. Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгондугу да ачык булактарда жазылып калган. Үй-бүлөсү. Сыдык Карачевдин атасы 1916-жылга чейин бардар турмушта жашагандыгын тарыхый инсанды көп жыл изилдегендердин бири, кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев билдирди. Анын айтымында, Сыдыктын атасы Карач 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга качып барып кайра мекенине кайта албай калган."Сыдык Карачевди изилдеп туулган айылына эки жолу барып келдим. Оозеки уккан маалыматым боюнча, ал киши Тохтухан аттуу татар кызга үйлөнгөн. Аялы да билим алган, сабаттуу адам болгон. Экөө балалуу боло албай жүрүп татар бала багып алышкан экен. Бирок кийинчерээк бакма баласы Россияга кетип калыптыр. Ошону менен ал тууралуу маалымат жок", — деди Станалиев. Карачев тууралуу УКМКнын архивине кат жолдогонубузда анын үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар келди. УКМКнын архивинде Сыдык Карачев 1899-жылы Түп районуна караштуу Тогузбаев айылдык кеңешинин Орал кыштагында (Арал кыштагы Орал деп жазылып калышы мүмкүн. Анткени Ысык-Көлдүн Түп районунда азыр да Тогузбай, Арал айылдары бар — ред.) кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгандыгы белгиленет."Үй-бүлөсү төмөнкүдөй курамда болгон: жубайы Тохтахан 31 жашта, жолдошу менен жашаган. Кызы Роза 11 жашта. Ал эми агасы Урмамбет 55 жашта", — деп жазылат. Архивдеги Сыдык Карачевге козголгон кылмыш ишинин иш кагаздарында да кызы менен Урмамбет аттуу агасынын аты аталууда. Бирок Роза аттуу кызы өзүнүкүбү же багып алганбы, белгисиз. Репрессияланышы. Убагында Касымалы Баялиновдун "Ажар" повести менен бирге эле Карачевдин "Эрик таңында" повести катуу сынга алынып, ошол кездеги бийликтин тепкисине кабылган. Болот Абдрахмановдун "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) аттуу 10 томдук китебинде берилгендей, Сыдык Карачевдин маалыматы КГБнын архивинде (№7439) сакталган. УКМКнын архивдик маалыматында: "1937-жылдын 14-августунда Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариаты Фрунзе шаарында Сыдык Карачевди камакка алган. 1938-жылдын 10-февралында Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын "Үчтүк" чечими менен "Жергиликтүү элдин арасында совет бийлигине каршы контрреволюциялык үндөө жүргүзгөндүгү үчүн" РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58–10-беренеси боюнча эң жогорку жаза чарасы атууга жана конфискацияга мүлкү алынсын деген өкүм чыгарылган. Жаза өкүмү 1938-жылдын 14-февралында аткарылган (жаза өкүмү кайсыл жерде болгону жана сөөгү коюлган жери тууралу маалымат архивдик кылмыш ишинин иш кагаздарында көрсөтүлгөн эмес). 1957-жылдын 23-мартында Кыргыз ССР Жогорку сотунун Президиумунун чечими менен 1938-жылдын 10-февралындагы Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын "Үчтүк" өкүмү жокко чыгарылсын, иш-аракетинде кылмыштын белгилери жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылсын деген токтому чыгарылган", — деп жазылат. Демек, Карачев 1937-жылы камакка алынып, бир жыл кыйноо көрүп 1938-жылы атууга кеткен. Ошондой эле Сыдык Карачевдин туулган жылы да 1900 же 1901-жыл деп ар кандай белгиленип келген. Бирок УКМКнын архивиндеги так маалыматта 1899-жылы туулган деп берилет.
Sputnik_kg
Тагдыры аянычтуу аяктаган Сыдык Карачевдин чыгармачылыгы жана өмүрү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый инсанды изилдеген тарыхчы, жазуучуларга жана УКМКнын архивдик маалыматтарына таянуу менен факты даярдаган. © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР Кыргыз проза, поэзия, драматургиясынын баштоочуларынын бири Сыдык Карачев Көпчүлүккө белгисиз өмүр. Сыдык Карачев 1899-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы азыркы Жылуу-Булак айылында туулган. Ал кичинесинде эле ата-энесинен жетим калып, татар мугалимдин колунда тарбиялангандыгы ачык булактарда айтылып келет. Бирок анын бала чагы, үй-бүлөсү тууралуу толук маалымат жокко эсе жана так маалымат аз. Мүмкүн чыгармаларында учкай, жашыруун берилгендир. Бирок азыркыга чейин бул жагы жакшы изилдене элек. Билими. Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношуп, анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) татар мектебинен билим алгандыгы жазылып жүрөт. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Тыныбек Жапый уулу жөнүндө фактылар. 21инде белгилүү манасчы, 30унда бий болгон Ал эми УКМКнын архивдик маалыматында, Карачевдин 1907-жылдан 1913-жылга чейин Караколдун татар орто мектебинде жана 1914-жылдан 1915-жылга чейин Караколдун орус-тузем орто мектебинде окугандыгы айтылат. Демек, ал сегиз жашынан эле билим уясынын босогосун аттаган. 1918–1919-жылдары Алматы шаарындагы татар педагогикалык окуу жайын аяктайт. Аны 16 жашында толук орто билимдин, ал эми 20 жашында жогорку билимдин ээси болгон деп айтууга негиз бар. Тарыхчы Аида Кубатованын айтымында, Карачевдин өзгөчөлүгү Октябрь революциясына чейин билим алгандыгында. "ХIХ кылымдын аягы, ХХ кылымдын башында Россиянын курамындагы мусулмандардын ичинде агартуучулук жадид кыймылы башталган. Анын башында крым-татарларынан чыккан Исмаил Гастринский турган. Ага чейин балдарга куранды гана окутуп келишсе, Гастринский башында турган кыймыл мектептерди реформалоо ишин жүргүзгөн. Ошентип светтик предметтер окутула баштайт. Сыдык Карачев Караколдо ошондой мектепте билим алган деген божомол бар. Салык деген татардын колунда кызмат кылып жүргөн деген маалыматтар жазылат. Ал Караколдогу жаңыча билим берүүчү мектептин мугалими Салих Надыршин болушу ыктымал. Сыдык ошол Надыршиндин колунда кызмат кылып, анын аркасы менен Октябрь революциясына чейин эле билим алып калган өңдөнөт. Анткени Карачев жаңы усулдагы билим алган кыргыздын алгачкы чыгармачыл жаштарынан болгон", – деди Кубатова. Жадид кыймылы агартуучулуктан тышкары бара-бара саясатка да аралаша баштаган. © Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. Фоменко Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты Саякбай Каралаев менен аскерде. Революциядан кийин Алматыдагы "Көмек" гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенип, андан кызыл аскерлердин катарына чакырылган. 1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталат. 1920-жылы Ташкент шаарындагы Аскердик курсту окуп "взводный командир" наамын алып чыккан. Ушул жерден Карачев улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан. 1921–1923-жылдары Фергана басмачы фронтунда да болгон."Сыдык Карачев кыргыздардан чыккан орусча, татарча жана казакча жаза билген биринчи сабаттуу адам болгон. Саякбай Каралаев экөө Казакстанда армияда жүргөндө, Карачев Алматыда чыккан "Көмек" гезитинде иштеген. Гезиттин бир бети кыргызча чыгып тургандыктан аны Карачев караган. Аскердик форма кийип алып иштептир", — деп белгилейт жазуучу Самсак Станалиев. Саясий кодулоого кабылган чыгармачылык. Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазган. Анткени бул мезгилде кыргыз басма сөзү али баш көтөрө элек болчу. 1919-1920-жылдары "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар. Сыдык Карачев тунгуч прозаик жана кыргыз профессионалдык адабиятынын баштоочуларынан болуп эсептелинет. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу пьесаларды жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. © Sputnik / Табылды Кадырбеков 41 жашында атылып, 19 жылдан кийин акталган. Баялы Исакеев тууралуу 9 факты Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди кыргыз совет адабиятынын баштоочулары катары атаган белгилүү сынчы Салижан Жигитов качанкы бир кезде айып тагылган "Ах, милдетим", "Өткөн күндү сагынып" деген ырларына жана чыгармаларына тагылган контрреволюциячыл, улутчул, феодалчыл деген майда айыптар кийин акталгандыгын белгилейт. Чындыгында бул чыгармаларда элинин өткөнүн эскерип, түркөй жактарына кейүү жана мыкты сапаттарына суктануу, эргүү гана камтылган."Кыргыз жаштарынын арасында Сыдык Карачевдин бедели абдан бийик болгон. Анын "Үйлөнүүдөн качты" деген чыгармасында жадид мектептери менен эскиче окуган кадимки мектептердин ортосунда жана орус-тузем мектептери менен кандай айырмачылыктары болгондугу тууралуу жазат. Сыдык Карачев ошол убактагы кырдаалды абдан таамай чагылдырган. Бирок бул чыгармасы совет бийлигинен кийин жарык көргөн. Аны деле көбү түшүнгөн эмес. Себеби убагында жадидчилик кыймылын изилдөөгө, окууга тыюу салынган. Муну кийин эле Салижан Жигитов баштаган адабиятчылар карап чыкты. Кыргыз поэзиясынын, прозасынын, драматургиясынын башында Сыдык Карачев турган", — деп белгилейт тарыхчы Аида Кубатова. Сыдык Карачевдин чыгармачылыгынын кендирин кескен саясий айыптар, аны бир топ чыгармаларды жазуудан алыстаткан экен. 1928-1929-жылдар Карачевдин чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары сүрөттөлөт. © Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты Карачев котормо ишинде. Ар кандай саясий кодулоо, айыптоодон улам Карачев өмүрүнүн акыркы жылдарында чыгарма жазбай калган. Тек котормо менен алектенип, Лев Толстойдун "Шалпаң кулак" аңгемесин, Антон Чеховдун "Талаа" повестин, Островскийдин "Болот кантип курчуду" романын, Брет Гарддын "Самед кызы" жана Рамен Ролландын "Жан Кристоф" романдарынан үзүндү которгон. Александр Пушкиндин "Бекетчи" аңгемеси менен "Дубровский" повести Карачевдин котормосунда 1937-жылы китеп болуп чыккан. Бул анын акыркы эмгеги. 1937-жылы Жазуучулар союзуна алгач ирет мүчө болгондордун арасында Карачев да бар. Бирок Станалиевдин айтымында, Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди Аалы Токомбаев союздан чыгарып салган да жайы бар экен."Борч" спектакли жана Нагима Айтматова. Сыдык Карачевдин чыгармаларынын бир катары Совет өкмөтүнө чейин жарык көргөн. Аны драматург катары да билебиз. Убагында Татарстанда бир пьесасы театрда коюлгандыгы тууралуу гезитке маалымат чыккан. Бирок ал кайсы пьеса болгондугун Сыдык Карачевди изилдеген Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев жана Самсак Станалиев да таба алышкан эмес. © Sputnik / Александр Федоров Чет элдик кыздар кат жазып... Кожожаштын ролун аткарган Кыдыралиевдин маеги"Ал мезгилде кат-сабаты жоюлган жаштар чыгармаларын татар тилиндеги гезит-журналдарга жарыялашкан. Карачевдин татар тилинде жазылган "Борч" пьесасы азыркыга чейин табыла элек. Бирок татар соодагерлеринин турмушу тууралуу жазылгандыгын айтып жүрүшөт. Чындыгында Караколдо татар соодагерлери көп болгон. Кийин окумуштуу А. Ярковдун изилдөөлөрүндө Төрөкул Айтматовдун жубайы Нагима Айтматова да ушул спектаклде роль аткаргандыгы жазылган. Нагима Айтматованын агалары ошол учурда Караколдо драма ийримдерин уюштурушкан экен. Негизинен жадидчилердин дагы бир өзгөчөлүгү драмалык ийримдерди өткөрүп турушкандыгында жатат. Мындай саамалык Орто Азияда эң биринчилерден болуп Ташкентте уюшулган. Кийинки маалыматтар боюнча Караколдо да болгон. Бул тууралуу Роза Айтматовадан сураганымда: "апам "спектаклде катышкам" деп айткан", —  деди. Менимче, Нагима Айтматова да убагында жадидчилердин активдүү өкүлү болгон", — деди Кубатова. 1932-жылдары Карачевдин эки спектакли Кыргызстанда коюлган."Эркин-Тоонун" алгачкы жооптуу редактору."Эркин-Тоо" гезитинин 1924-жылдын 7-ноябрындагы алгачкы санына Аалы Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" деп аталган ыры жарыялангандыгы жана гезиттин атын Ишенаалы Арабаев койгондугу маалым. 1924-жылы Түркстан автономиясы өз алдынча республикаларга бөлүнө баштаганда ушул жылдын 14-октябрында Кара кыргыз автоном облусу да түзүлүп калган. Андан кийин эле кыргыз тилиндеги басма сөздүн болушуна ынтызарланган ошол убактагы окуп, билим алган сабаттуу жаштардын аракети менен Ташкент шаарында алгачкы кыргыз тилдүү басылма "Эркин-Тоо" гезити жарыкка чыккан. Тунгуч басылма араб арибинде жарык көрөт (кыргыздар 1929-жылга чейин араб арибин, андан 1940-жылга чейин латын тамгасын колдонгон). Ага чейин кыргыз акын-жазуучулары татар, казак тилиндеги басылмаларга чыгармаларын жарыялап келишкен. Булардын арасында Сыдык Карачев да бар. Гезиттин редактору болуп Осмонкул Аалиев дайындалса, жооптуу редактору катары Сыдык Карачев бекитилген. Аалиев Карачевди атайын Караколдон алдырса, корректор катары Ташкентте окуган Мустафа Акматовду жана кабарчылыкка Кусейин Карасаевди чакырат. Сыдык ошол кезде Алма-Ата, Ташкент шаарларында чыгып турган "Көмек", "Тилчи" аттуу гезиттерге ырларды, чыгармаларды жазып турган акын-жазуучу катары басма ишин жакшы билген. Ошентип алгачкы гезиттин чыгышын Ишенаалы Арабаев, Осмонкул Аалиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов ишке ашырган. Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгондугу да ачык булактарда жазылып калган. Үй-бүлөсү. Сыдык Карачевдин атасы 1916-жылга чейин бардар турмушта жашагандыгын тарыхый инсанды көп жыл изилдегендердин бири, кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев билдирди. © Фото / фонд Санжарбека Даниярова Поэмасын окоптон жазган. Акын, жазуучу Жусуп Турусбеков жөнүндө 6 факты Анын айтымында, Сыдыктын атасы Карач 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга качып барып кайра мекенине кайта албай калган."Сыдык Карачевди изилдеп туулган айылына эки жолу барып келдим. Оозеки уккан маалыматым боюнча, ал киши Тохтухан аттуу татар кызга үйлөнгөн. Аялы да билим алган, сабаттуу адам болгон. Экөө балалуу боло албай жүрүп татар бала багып алышкан экен. Бирок кийинчерээк бакма баласы Россияга кетип калыптыр. Ошону менен ал тууралуу маалымат жок", — деди Станалиев. Карачев тууралуу УКМКнын архивине кат жолдогонубузда анын үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар келди. УКМКнын архивинде Сыдык Карачев 1899-жылы Түп районуна караштуу Тогузбаев айылдык кеңешинин Орал кыштагында (Арал кыштагы Орал деп жазылып калышы мүмкүн. Анткени Ысык-Көлдүн Түп районунда азыр да Тогузбай, Арал айылдары бар — ред.) кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгандыгы белгиленет."Үй-бүлөсү төмөнкүдөй курамда болгон: жубайы Тохтахан 31 жашта, жолдошу менен жашаган. Кызы Роза 11 жашта. Ал эми агасы Урмамбет 55 жашта", — деп жазылат. Архивдеги Сыдык Карачевге козголгон кылмыш ишинин иш кагаздарында да кызы менен Урмамбет аттуу агасынын аты аталууда. Бирок Роза аттуу кызы өзүнүкүбү же багып алганбы, белгисиз. Репрессияланышы. Убагында Касымалы Баялиновдун "Ажар" повести менен бирге эле Карачевдин "Эрик таңында" повести катуу сынга алынып, ошол кездеги бийликтин тепкисине кабылган. Болот Абдрахмановдун "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) аттуу 10 томдук китебинде берилгендей, Сыдык Карачевдин маалыматы КГБнын архивинде (№7439) сакталган. УКМКнын архивдик маалыматында: "1937-жылдын 14-августунда Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариаты Фрунзе шаарында Сыдык Карачевди камакка алган. © Sputnik / Табылды Кадырбеков 41 жашында атылып, 19 жылдан кийин акталган. Баялы Исакеев тууралуу 9 факты 1938-жылдын 10-февралында Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын "Үчтүк" чечими менен "Жергиликтүү элдин арасында совет бийлигине каршы контрреволюциялык үндөө жүргүзгөндүгү үчүн" РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58–10-беренеси боюнча эң жогорку жаза чарасы атууга жана конфискацияга мүлкү алынсын деген өкүм чыгарылган. Жаза өкүмү 1938-жылдын 14-февралында аткарылган (жаза өкүмү кайсыл жерде болгону жана сөөгү коюлган жери тууралу маалымат архивдик кылмыш ишинин иш кагаздарында көрсөтүлгөн эмес). 1957-жылдын 23-мартында Кыргыз ССР Жогорку сотунун Президиумунун чечими менен 1938-жылдын 10-февралындагы Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын "Үчтүк" өкүмү жокко чыгарылсын, иш-аракетинде кылмыштын белгилери жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылсын деген токтому чыгарылган", — деп жазылат. Демек, Карачев 1937-жылы камакка алынып, бир жыл кыйноо көрүп 1938-жылы атууга кеткен. Ошондой эле Сыдык Карачевдин туулган жылы да 1900 же 1901-жыл деп ар кандай белгиленип келген. Бирок УКМКнын архивиндеги так маалыматта 1899-жылы туулган деп берилет.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чараларды жыйынтыктады. Президенттик администрациянын билдиришинче, Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгарылды. Анда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселелери боюнча жүргүзгөн иштеринин деңгээли төмөн болуп жаткандыгына көңүл буруу зарыл экени айтылат. © Sputnik / Асель Сыдыкова Аманбаева: аксакалдар сотуна аялдарды да киргизүү зарыл Ошондой эле мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана аймактык түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы аныкталган. Мындан сырткары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен уюмдары, мекемелери ортосунда ведомстволор аралык координациялоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди: Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу. Билим берүү жана илим министрлигине мыйзам бузууларга жана баланын өлүмүнө жол бергендиги үчүн аталган мекеменин директорун кызмат ордунан бошотуу жана башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталсын; Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки иши канааттандырарлык эмес деп табылып, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына маалым катта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол берген бардык жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин карап чыгуу сунушталсын; Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана анын аймактагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балдарды коргоо, камкордукка алуу жана асырап алуу, анын ичинде эл аралык асырап алуу маселелери менен алектенген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык факторлорду жана одоно мыйзам бузууларды көрсөтүү. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү жана ал материалдарды андан ары кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү; Министрлер кабинетине сунуш: Военно-Антоновка балдар үйүнүн ишмердигин натыйжалуу көзөмөлдөбөгөнү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгуу; Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын тийиштүү кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы боюнча жоопкерчилигин карап чыгуу; Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар тарбияланган мекемелердин тарбиялануучуларынын ортосундагы мамилелерде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча иштерди күчөтсүн; Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги КРдин Адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте тергөө иштеринин бардык этаптарында Богдан Якуниндин кызыкчылыгын коргоо үчүн адистерди тартуу маселесин чечүү; Ошону менен бирге эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар үчүн мекемелердеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча так жол-жоболор иштелип чыгып, аларды иш жүзүнө ашыруу. Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Турдубекова: кодекстин жаңы редакциясында балдар үйлөрүн жабуу каралган Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон. Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген шек жаралып жаткандыгын айткан. 30-июнда Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, бала сабалганы тастыкталган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү") боюнча иш козгогон.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолуккананы ТИМ кабарлады. Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон. Казакбаев Кыргызстанда боордош азербайжан элинин ийгиликтерине жана жетишкендиктерине ар дайым кубанып тургандыгын белгиледи. Президенттин туура жүргүзгөн саясаты менен Азербайжан дүйнөлүк аренада эл аралык позицияларын кыйла бекемдегенине токтолуп, президенттик шайлоого, референдумга жана жергиликтүү кеңештерге эл аралык байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди."Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан мамилелерин талкуулашты, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу КР тышкы иштер министри эки өлкөнүн парламенттеринин маанилүү ролун жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыгын белгиледи" — деп айтылат маалыматта. Азербайжан парламентинин башчысы эки өлкөнүн күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүү маселеси тургандыгын жана Милли Межлис бул келишимдер түзүлгөндөн кийин аларды ратификациялоонун тиешелүү жол-жобосун өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Жапаров Европа өнүктүрүү банкынын президенти менен видео аркылуу сүйлөштү Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө Гафарова эки өлкөнүн парламенттеринде достук мамиленин маанилүү ролун баса белгиледи. Азербайжан тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка чыгаруу зарылчылыгын белгиледи. Жолугушуунун аягында министр Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Буга чейин ТИМ кесиптеши менен жолуккан министр Бакуга президент Жапаровдун кайрылуусун жеткирүү үчүн жөнөп кеткенин кабарлаган.
Sputnik_kg
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бишкектин чор ортосунда турган Курманжан датка скульптурасынын, Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин авторлорунун бири. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өмүрүн көркөм өнөргө арнаган талант менен маек курду. — Быйыл 85 жашка толот экенсиз. Анын ичинен скульптура менен алектенип келе жатканыңызга 70 жылдай болуптур. Сизди бул өнөр эмнеси менен арбап алган? — Мен 1951-жылы Одесса көркөм өнөр институтуна тапшырып, 15 жашымда устакананын босогосун аттап, чыгармачылык жолум башталган. Алгачкы жолу 1953-жылы бир эмгегим менен көргөзмөгө катышкам. Кийин окууну бүтүрүп аскерге кызмат өтөгөнү кетип калдым. Ал кезде советтик армияда чыгармачылыкка өзгөчө мамиле кылышчу. Инсандын ар тараптан өнүгүүсүнө, жөндөмүн арттырууга көмөктөшчү. Тажикстанда жоокер болуп жүргөндө да көргөзмөлөргө өз эмгектерим менен байма-бай барып турар элем. Кийин Өзбекстан ССРиндеги Ташкент театр жана көркөм өнөр институтунда окууга өтүп, республикалык иш-чараларга катышып калгам. Студент кезде менин эмгектеримди мамлекет сатып алып, буюртмалар түшүп, келишимдерди түзүп иштедим. Жакшы окугандыктан стипендия да алчумун. 6-курста эле профессорлордон көп акча тапчумун. Скульптура жасоо менин жашоом. Ансыз мен жашай албайм. Андан дем-күч алам, кубанам, шыктанам, кайгырам, өзүмдү сындайм. © Фото / предоставлено Виктором Шестопалом Народный художник КР Виктор Шестопал — Ошол Өзбекстанда окуп жүргөндө Кыргызстандан барган кызды сүйүп кыргыздарга күйөө бала болгонсуз да. Жубайыңыз менен кантип табышып баш кошуп калгансыз? — Ооба. Келинчегим Насипкан Исмаилова кыргыздын кызы. Айылдан окуганы барган көздөрү мончоктой болгон 19 жаштагы сулуу кыз болчу. Аны жолуктурганым мен үчүн чоң табылга болгон. Насипкан Ташкентте экинчи курста, мен армиядан кийин баргандыктан 1-курста окуп жүрүп пахта талаасынан таанышып калдык. Ал кезде Өзбекстанда окуу жылы пахта терүү менен башталып, эки ай талаада жүрүп, ноябрдагы майрамдардан кийин гана сабак башталчу. Кечкисин жаштар эмне кыларыбызды билбей патефонду коюп алып күндө бийлечүбүз. — Казакстандын Петропавловск шаарында туулуп, Украинанын Одесса шаарында өсүп чоңойгон жигитти кайын журт кандай кабыл алды? © Sputnik / Асель Сыдыкова Атам тамак жасап, кирибизди жуучу. Орозбек Кутманалиевдин уул-кызы менен маек — Насипкандын аркасы менен Кыргызстанга байланып калгам. Башында экөөбүз бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө ата-энеси биздин мамилебизди билип калды. Экөөбүздү жолуктурбай, башкага турмушка берип салышы мүмкүн болчу. Ага чейин окууну толук бүтүп баш кошолу деп пландап жүргөнбүз. Бирок шартка байланыштуу 2-курста эле бирге түтүн булатууга мажбур болдук. Ташкентте келинчегим Болот Бейшеналиев, Имаш Эшимбеков, анын аялы Таттыбүбү Турсунбаева болуп чогуу окушкан. Таттыбүбү бир жыл кеч келген, аны биз Танюша деп койчубуз. Ал биздикине келип сабактарын жасап үй-бүлөбүз менен жакын мамиледе болуп жүрдүк. 1962-жылы тун уулубуз төрөлүп, ошондо кайненем, Күлүмкан апам биздикине келди. Ал киши аябай акылман, талапты катуу койгон аял болчу. Убакыттын өтүшү менен экинчи энем болуп калган. Улуу баламды алты жашына чейин өзү багып чоңойтту. Кийин Фрунзеге алып кетейин деп барсам орусча такыр сүйлөбөй калыптыр. Жолукканда экөөбүз бири-бирибизди түшүнө албай кыйналганбыз. Мектепте мугалимдин текшерүүсүнөн кийин дептери кызыл жаян болуп калчу. Азыр ал уулум 59 жашта. Келинчегим экөөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойттук. Азыр беш неберебиз бар. Мен кыргыз маданиятына, менталитетине ушунча аралашып кеткендиктен Кыргызстанды өзүмдүн мекеним, элим деп эсептейм. Буга чейин балдарым ар кайсы өлкөгө чакырышты. Менин сөөгүмдү бул жактын жери кабыл алат деп ойлойм. Уул-кыздарым, неберелерим ушул Кыргызстанда төрөлдү. Өзүмдүн катышым, кесиптештерим арбын, эл да мени тааныйт. Кантип ушунун баарын таштап кетип калмак элем. 29 жашымдан баштап Кыргызстанда адам катары калыптандым. © Sputnik / Александр Федоров Народный художник КР Виктор Шестопал — Кыргызга күйөө бала болуу кыйын бекен? — Эми кандай деп айтсам, өтө сылык кабыл алышкан. Ошол эле маалда абайлап мамиле жасашчу. Ортодо кандайдыр бир чек болуп тургандай сезилчү. Анткени элдин каада-салт, үрп-адатын билишим керек эле. Бирок кайын журтум жөнүндө бир дагы терс пикир айта албайм. — Чыгармачыл инсандын өзү сүйгөн, көкүрөгү эңсеген иши менен алектенүүсү үчүн өмүрлүк жары аны колдоп турушу керек эмеспи. Кезинде жубайыңыз сизге жакшы эле дем-күч бергендир... — Быйыл 5-июлда анын бул дүйнө менен кош айтышканына бир жыл толот. Буюрса ал күнү эстелигине барып гүл коюп, эстеп келем. Театрда 33 жыл иштеди, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти болду. Өмүр бою Кыргыз академиялык драма театрында артист болуп эмгектенип, ошол жактан пенсияга чыкты. 60 жыл бирге өмүр сүргөн жашообузда ал мени бир жолу дагы жемелеп, нааразычылыгын билдирген жок. Башыбыздан барчылык, токчулук, жокчулук күндөр өткөн. Кийин пенсияга чыгып таяк таянып, жакшы баса албай калганда да ишимди үзгүлтүккө учуратпай чарбалык иштерди өз жоопкерчилигине алып алчу. Мен болсо бир дагы эмгегимди аялыма көрсөтмөйүнчө, анын сынынан өткөрмөйүнчө эл алдына чыгарчу эмесмин. Негизги, күчтүү жана кыраакы сынчым, көркөм кеңешчим эле. Эгер "бул скульптуранын үстүнөн кичине иштешиң керек экен" десе, мен аракетимди улантчумун. © Фото / предоставлено Виктором Шестопалом Народный художник КР Виктор Шестопал — Эми чыгармачылыгыңызга өтөлү. Сиздин эмгектериңиз КМШнын бир катар шаарларына коюлганын билебиз. Скульптураларыңыздын көпчүлүгү азыр каякта турат? © Фото / из личного архива Мелиса Мураталиева Кыргызда өлүмдөн да катуу жаза болгон. Бала тарбиялоо жөнүндө кызыктуу маек — Менин 500дөн ашык эмгегим азыр Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинде сакталуу. Андан сырткары, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын бир катар шаарларында коюлган. Ошондой эле Түркия, Америкадан келип сатып алып кеткендер да бар. Быйыл 85 жылдыгымды күздө белгилеп, акыркы беш жылда жасаган эмгектеримди көрсөтөм. Азыр жаш өтүп калгандыктан чоң эстелик жасабай калдым, ага ал-күч керек. Чыгармачылыгымда бир нече жолу жеке көргөзмөмдү уюштурдум. Мамлекет сүрөтчү катары эмгегимди жакшы баалады, ыраазымын. — Устаканаңызда көп убакыт өткөрөт экенсиз, күн сайын келип турасызбы? — Күндө кечки саат ондо уктаганга аракет кылам. Эртең менен саат беште туруп жетиге чейин үйдөгү чарба иштери менен алектенем. Короодогу гүлдөрдү, майда-бараттарды сугарып, түптөрүн жумшартам. Андан соң эртең мененки тамакты ичип саат тогузга жакын устаканамда болуп калам. Саат 12ге чейин иштеп түштөнүүгө кетем, кичине эс алып, кайра саат экиге чейин скульптура менен алектенем. Анан күн ысып калганда китеп, гезит окуп, кечке маал социалдык тармактарды барактап, ал жакка эмгектеримди чыгарып, радиодон жаңылыктарды угам. Ден соолукка байланыштуу эле устаканада иштебей калбасам эле дем алыш жок иштейм. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Мемориальный комплекс "Ата-Бейит" в селе Чон-Таш — 2002-жылы Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин жасап чыкканыңыздар үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алгансыз. Ошол иште кандайдыр бир кыйынчылыктар болду беле? © Фото / из семейного архива Баялиновых Малайлык, музооканада жашаган күндөр. "Ажардын" автору Баялинов жөнүндө 9 факты — Анда эки архитектор, бир конструктор жана эки скульптор болуп эмгектенгенбиз. Биз үчүн ал өтө олуттуу иш болчу. Скульптор катары ал доорго сүңгүп кирип, ошол азаптуу трагедияны толук аңдап сезүү керек эле. Скульптор Садабек Ажиев экөөбүз мамлекеттик архивде бир же бир жарым айдай отуруп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен чыккан репрессия боюнча документтерди изилдегенбиз. Ошондой эле 30-жылдардагы гезиттерди карап чыгып сүрөттөрдү тартып, эскиздерди жасап баштаганбыз. Андан соң өкмөттөн макулдук алып скульптурага киришкенбиз. Биздин максатыбыз кандуу тарыхый окуяны бейтарап, эч нерсени жашырбай жана кошпой көргөзүү болгон. Салтанаттуу ачылышы болгондо катышуучулардан жакшы пикир укканбыз. — Дагы бир мыкты скульптураларыңыздын бири Эркиндик бульварындагы Курманжан датканы сөз кылбай койсок болбойт. Ушундай күчтүү тарыхый образ кантип жаралды? — 2000-жылдардын башында сынак жарыяланып мен утуп кеткем. Чынын айтканда, ал темага кирүүдөн коркком. Башка улуттун өкүлү болуп алып кыргыз элинин тарыхына аралашуу оор болчу. Иш башталганда менин кесиптештерим, досторум, окумуштуулар кол кабыш кылышты. Сынактан өтүп кеткенде Курманжандын образын кантип ачып берем деп отуруп калгам. Биринчиден, Карл Густав Маннергейм тартып алган сүрөтүн пайдаланып Бишкектин чок ортосунда 90 жаштан өтүп калган кемпирди койгум келген жок. Ошондо мага "Курманжан датка" коомдук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова бир китепти белек кылып берип калды. Анда биринчи президент Аскар Акаевдин "Курманжан датка — кыргыз элинин энеси катары саналат" деген сөзүн окуп калдым. Мага ошол сүйлөм катуу таасир этти. Ошондо мен бир адамды гана ачып бербей, энеге, аялга тиешелүү болгон образды чогултууну чечтим. Бир аялды таап, анын жардамы менен этюд жасап, ага Курманжандын элементтерин четинен киргизе баштагам. Алымбек каза болуп 50дөн өтүп датка наамына ээ болуп, эл башкарган Курманжандын толуп турган учурун тандап алгам. Андан соң аны кийинтүү маселесине такалдым. Кыргыздардын кийим-кечесин изилдеп чыктым. Ал кезде аялдар күйөөсүнүн чапандарын эле кийип алышчу экен. Мен андай кыла алган жокмун. Андан сырткары, кыргыздардын аймактарга жараша элечектеринин да айырмачылыктары көп экен. Бардыгын тактап чыгып Ысык-Көлдүн элечегин тандап алгам. Ошентип кийим, элементтерди Кыргызстандын ар кайсы бөлүгүнөн чогулткам. Элге ыраазымын, жакшы кабыл алышты, азыркыга чейин ал эмгегим жөнүндө бир да жаман сөз уга элекмин. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Международный фестиваль уличных театров в Бишкеке — Тажрыйбалуу адис катары борбор калаада жаңы коюлган айрым скульптураларга көз салып жүрсөңүз керек. Мисалы, Бишкектин көчөлөрүнө чаарчыгын ээрчиткен эликти, ак илбирстерди коюшту. Скульптор катары андай эмгектерге көз карашыңыз кандай? © Sputnik / Александр Федоров Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты — Союз маалында көркөм кеңештер бар эле. Сүрөтчүлөр союзунун алдында көркөм фонд ишкана, мамлекеттик органдардан буюртма алып бизге жасатчу. Ал жылдары чыгармачыл жана жасалга иштери боюнча эки көркөм кеңеш иштечү. Анын курамындагы адамдар ар бир ишти карап чыгып, уруксат бергенден кийин гана биз жасай баштачубуз. Эгер жакпаса сунуш-пикирлерди эске алып оңдочубуз. Кыскасы, талап күчтүү эле. Азыр анын бири жок. Автордун абийирине жараша эмгек жаралып элге сунушталууда. Ошондуктан сүрөтчү-скульптор өзүн катуу сындаган инсан болуш керек, кесиптеш, сынчыларды жардамга чакырганы жакшы. Ал эми боёк менен боёлуп борбор калаанын көчөлөрүнө коюлган чаарчыгын ээрчиткен элик, ак илбирс өтө жупуну көрүнөт. Аны койгондон көрө элдин назарына чыгарбай койгон жакшы.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукканын ТИМ кабарлады. Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон. Казакбаев Кыргызстанда боордош азербайжан элинин ийгиликтерине жана жетишкендиктерине ар дайым кубанып тургандыгын белгиледи. Президенттин туура жүргүзгөн саясаты менен Азербайжан дүйнөлүк аренада эл аралык позицияларын кыйла бекемдегенине токтолуп, президенттик шайлоого, референдумга жана жергиликтүү кеңештерге эл аралык байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди."Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан мамилелерин талкуулашты, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу КР тышкы иштер министри эки өлкөнүн парламенттеринин маанилүү ролун жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Азербайжан парламентинин башчысы эки өлкөнүн күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүү маселеси тургандыгын жана Милли Межлис бул келишимдер түзүлгөндөн кийин аларды ратификациялоонун тиешелүү жол-жобосун өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Жапаров Европа өнүктүрүү банкынын президенти менен видео аркылуу сүйлөштү Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө Гафарова эки өлкөнүн парламенттеринде достук мамиленин маанилүү ролун баса белгиледи. Азербайжан тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка чыгаруу зарылчылыгын белгиледи. Жолугушуунун аягында министр Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Буга чейин ТИМ кесиптеши менен жолуккан министр Бакуга президент Жапаровдун кайрылуусун жеткирүү үчүн жөнөп кеткенин кабарлаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукканын ТИМ кабарлады. Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукту © Фото / пресс-служба МИД КР Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон. © Фото / пресс-служба МИД КР 1 / 2 © Фото / пресс-служба МИД КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукту Казакбаев Кыргызстанда боордош азербайжан элинин ийгиликтерине жана жетишкендиктерине ар дайым кубанып тургандыгын белгиледи. Президенттин туура жүргүзгөн саясаты менен Азербайжан дүйнөлүк аренада эл аралык позицияларын кыйла бекемдегенине токтолуп, президенттик шайлоого, референдумга жана жергиликтүү кеңештерге эл аралык байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди."Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан мамилелерин талкуулашты, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу КР тышкы иштер министри эки өлкөнүн парламенттеринин маанилүү ролун жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Азербайжан парламентинин башчысы эки өлкөнүн күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүү маселеси тургандыгын жана Милли Межлис бул келишимдер түзүлгөндөн кийин аларды ратификациялоонун тиешелүү жол-жобосун өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Жапаров Европа өнүктүрүү банкынын президенти менен видео аркылуу сүйлөштү Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө Гафарова эки өлкөнүн парламенттеринде достук мамиленин маанилүү ролун баса белгиледи. Азербайжан тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка чыгаруу зарылчылыгын белгиледи. Жолугушуунун аягында министр Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Буга чейин ТИМ кесиптеши менен жолуккан министр Бакуга президент Жапаровдун кайрылуусун жеткирүү үчүн жөнөп кеткенин кабарлаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Турак жай курулушу боюнча көз карандысыз адис Улан Темирканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде үй куруу үчүн жер тилкесин кантип тандоо керектигин айтып берди. Анын пикиринде, Кыргызстандын шартында тилке тандоодо жер көчкү коркунучу бар же жок экендигин билип алган туура."ӨКМде жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу боюнча аймактарды мониторинг кылган департамент бар. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан мындай зоналардын саны 5 миңден ашат. Эгер алган жериңизден күмөн санап жатсаңыз, айтылган департаментке кайрылыңыз. Баса, алардын отчётторун интернеттен дагы тапса болот", — деди адис. Ал жер көчкү коркунучу боюнча үй курганы жатканда гана эмес, жаңы турак жай сатып алганда дагы текшерүү керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Диетолог, психотерапевт Сергей Обложко тамакка табит тартпай жатканда жана жайында кандай азыктарды колдонуу керектигин тизмектеп бергенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жайында витаминдерге бай жаңы сыгылган ширелерди көп ичүүгө аракет кылуу зарыл. Бирок аны негизги тамактар менен алмаштырып албоо керек."Жайында жашылча-жемишти көп жегиле. Бирок аларды ачкарын эмес, негизги тамактан кийин колдонуу шарт", — деди Обложко. Ал көп ысыбаш үчүн кычкыл азыктарды сунуштаган. Маселен, ачытылган капуста, маринаддалган жашылча адамды көп ысытпайт. Адис тер менен жайында микроэлементтер көп бөлүнүп чыгып кетерин айтып, анын ордун помидор, деңиз азыктары сыяктуу тамак-аш менен толтурса болорун белгилеген. © Sputnik / Асель Сыдыкова Алимбекова: пайдалуу азыкты ашыкча жеп алуунун да кесепети болот Диетологдун айтымында, ысыкта адамдын тамакка табити тартпай жатса, жок дегенде жеңил тамактануу зарыл."Сөзсүз эле тамакка тоюу керек эмес. Бир күндө жок дегенде аз-аздан шам-шум этип турбаса организм алсырайт", — деген ал. Буга чейин кардиолог ысыкта адам күнүнө 1,5-2 литр суу ичиши керектигин, калий менен магнийдин ордун толтуруп туруу үчүн рационго минералдык сууларды кошуу зарылдыгына токтолгон.
Sputnik_kg
Рысбаеванын айтымында, стюардесса болууну эңсегендер биринчи кезекте англис жана башка тилдерди мыкты билиши керек. Анан, албетте, ден соолугуң чың болушу зарыл. Алгач Дубайга жөн гана сатуучу болуп иштегени барган Перизат кантип стюардесса болуп калганы, борт кызматкерлеринин милдеттери, аталган кесиптин ысык-суугу тууралуу Sputnik Kyrgyzstan радиосуна берген маегинде кененирээк айтып берди. — Алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз? Каякта чоңойдуңуз, кайсы жерден билим алдыңыз? — Караколдо төрөлүп, өстүм. Ошол жердеги Ленин мектебинде билим алып, Бишкектеги жогорку окуу жайда экономика жана менеджмент бөлүмүндө окудум. Ал эми журналистикага Караколдо жүргөн кезимде аралашып калгам. Кастинг аркылуу өтүп, телеканалда музыкалык көңүл ачуучу программаны алып барып калдым. Кийинчерээк мени Бишкектеги журналистика боюнча мектепке жиберишип, билим алгандан кийин жаңылык, дебаттарды алып барып, бул тармакка олуттуу кириштим. Ошентип 2009-жылдан баштап 2013-жылга чейин телевидениеде эмгектендим. Башында Караколдогу Антен ТВда, андан соң 5-каналдын Ысык-Көлдөгү аймактык кабарчы, Бишкекте жүргөндө таңкы программанын редактору, жаңылыктардын кабарчысы болчумун. © Sputnik / Асель Сыдыкова Рысбаева: жүргүнчүлөрдүн бир чекиттен экинчи чекитке аман-эсен жетип алышын камсыздоо биздин негизги милдет — Анан кантип авиация тармагына келип калдыңыз? © Фото / предоставлено Эруланом Кокуловым Эрулан Көкүлов: мактанчаак, бетпаксың дешет, иштеген киши ошондой болот — Мектепте окуп жүргөндө эле 1-класстан баштап англис тилин жакшы окутушту. Каракол туристтик шаар болгондуктан, чет элдиктер келсе эле шаар жөнүндө маалымат берип, сүйлөшө калчумун. Андан тышкары, ар кандай чет элдик долбоорлордо ыктыярчы болуп иштедим. Бул аракеттер англис тилин дагы да терең өздөштүрүүгө жардамын берди. Бирок тилди унутуп калбаш үчүн дайыма сүйлөшүп туруу зарыл эмеспи. Бишкекте иштеп жүргөндө 21 жашта элем, англис тилин жакшылап үйрөнүп келейин деп чет мамлекетке чыгууну пландагам. Ал кезде байкем Дубайда жашачу. Бир күнү Дубайдагы аэропорттогу дьюти фриде (Duty Free) жакшы шарты менен жумуш табылып калды. Анын үстүнө ошол кезде Дубай дүңгүрөп катуу чыгып жаткан. Ошентип эки жылдык контракт менен кетип калдым. Иш үстүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген экипаждарды көрдүм. Алар дүйнөдөгү гигант авиакомпаниялардын кызматкерлери эле. Жүргүнчүлөр борт кызматкери болбойсуңбу, бардык критерийлерге жооп бересиң деп ойлонтуп коюшчу. Көрсө, муну авиакомпаниянын кызматкерлери эле айтып жүрчү экен. Андан соң интернеттен компаниялар тууралуу маалымат жыйнай баштадым. 2013-2014-жылдары авиакомпаниялар чоң мейманканаларда ачык эшик өткөрүп калышты. Ал жерге резюмесин таштап калыш үчүн 3-4 миңдей улан-кыз келет. Мен да бир күнү чыгынып эртең менен барып, түштөн кийин 3-4төрдө араң анкетамды бергенге жетиштим. Алар улутум, канча тил билеримди, буга чейин кайда иштегенимди сурашты. Анан колуңду өйдө көтөргөндө манжаңдын учуна чейин боюң 212 сантиметрге жетсе аталган кызматка жарактуу болот экенсиң. Ошентип сыртка чыгып таксиге отурарым менен экинчи турга өттүң деп чалышты. Мына ушундай турлардан кийин авиакомпания өзү эки ай окутат. Жыйынтыгында экзаменден өткөндөн кийин лицензия берилет да, анан учуп баштайсың. © Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Стюардесса: эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак учуу деп рекорддук көрсөткүч болгон. Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз — Эки айдын ичинде эмнелерди үйрөтөт? © Фото / из личного архива Мээрим Калкамановой Кувейтте стюардесса болуп иштеген Мээрим: каттам сайын суроо берип текшеришет — Биздин компаниянын 10 миңге жакын борт кызматкери бар. Бизнес кеңейген сайын жаңы самолёттор келе берет, ал эми ошого жараша кызматкерлер талап кылынат. Ошондуктан компаниянын адистерди даярдоо боюнча өзүнүн окутуу системасы болот. Теория, практика бирдей үйрөтүлөт. Ал үчүн атайын жасалма учак, симуляторлор бар. Ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү да окутулат. Биринчи жардамдан дагы олуттуу жардам керек болуп, жакынкы аэропорттон алыс болсок, дарыгерлердин кызматына чалып алардын инструкциясы менен бейтапка жардам беребиз. Бул жаатта жылына бир жолу аттестациядан өтөбүз. — Стюардесса болуп иштеген алты жылдын ичинде канча саат, канча рейс учуп, канча өлкөгө бардыңыз? — Былтыр санаганымда ушул жылдар аралыгында 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам. Болгону былтыр коронавирустан улам каттамдардын саны кыскарып, азыраак учтук. Ал эми канча шаарга барып жана канча рейс жасаганымды санай элекмин. Өтө көп. Борт кызматкерлери ар кандай багытта уча берет. Мисалы, бир жолу учкан экипажың менен кийин таптакыр көрүшпөй калышың мүмкүн. Дайыма эле кайсы бир мамлекетке учкан учурлар болбойт деле. Алты континентке бирдей кете беребиз. © Sputnik / из личного архива Перизат Рысбаевой Рысбаева: былтыр санаганымда алты жыл ичинде 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам — Стюардесса кайда учарын ким жана кантип тандайт? — Автоматташтырылган системага ылайык бир ай мурда учуу расписаниесин алабыз. Кызматкерлер көп болгондуктан муну адамдар бөлүштүрбөйт. — Кызматкерлерди кандай өзгөчөлүктөрүнө карап алышат? Моделдик агенттиктерден тандашабы деген да суроо туулат. Укканым боюнча боюнан баштап тырмагынын түзүлүшүнө чейин карайт экен. Чындыгында эле сырткы келбет боюнча талап катуубу? — Туура айтасыз. Борт кызматкери боло турган адамдын денесинин ачык жеринде татуировка, тырык болбошу керек. Жогоруда айтып өткөндөй, 212 сантиметрге колуң жетсе анда жарактуусуң. Анан жумушка орношкондон кийин ар бир авиакомпаниянын өзүнүн талаптары болот. Алсак, башка компаниялар стюардессанын чачынын жасалгасы, макияж, маникюруна олуттуу талап койбойт. Жакшынакай көрүнүп турсаң болду деши мүмкүн. Ал эми мен иштеп жаткан Qatar Airways дүйнөдөгү алдыңкы беш авиакомпаниянын бири. Талап өтө жогору. Бирдей униформа, теринин өңүндөй колготки киебиз. Макияж, тырмактын түсүнө да чектөө бар. Ачык өңдөр колдонулбайт. Кыска иймек тагынабыз, майда чачтар чыгып калбашы зарыл. Айтор, өтө тыкан болушуң керек. Ар бир рейстин алдында чогулуш болуп турат. Анда имидж бөлүмү келип башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшерет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат. — Борт кызматкерлердин ичинде кыздар басымдуулук кылса керек? Мырзалар бул жумушка чыдамдуу келишеби? © AFP 2021 / GREG BAKER Кыргыз баланын сөөгүн тик учакка жүктөп. Афганистандан Кувейтке кеткен Берметтин баяны — Авиакомпаниянын жүзү бул борт кызматкерлери эмеспи. Компаниянын атын укканда дароо жүргүнчүлөрдү тейлеген стюардессаларды элестетебиз. Сырткы келбетке жана ишибизге талаптын жогору болгону мына ушундан. Бул талаптарга көбүнчө мырзалар чыдай албай кетишет. Россия, Араб өлкөлөрүндө аскердик кызматын өтөгөн кесиптештерим бул жерге караганда армияда тартип, талап жеңилирээк деп айтып калышат. Чыдабагандар көп учурда биринчи контракт бүткөндөн кийин кетишет. Кызматкерлер көп, менимче, алардын 80-85 пайызын кыздар түзөт. — Ишке киришип жатып кандай үмүт арттыңыз эле, акталдыбы? — Стюардесса болууну кыялданган эмесмин. Себеби өтө оор жумуш, иштей албасам керек деп ойлочумун. Бирок алардын жумушу тууралуу укканда менин деле колуман келерине ишенип жаткам. Жумушка орношууга барганда да, тимеле укмуш, бойлору узун, татынакай талапкерлерди көрүп ичимен мени алышпаса керек деген ой болду. Эмнегедир жактырып, өтүп кеттим. Бирок мен саякаттоону көп кыялдангам. Баргым келген мамлекеттердин тизмеси бар эле. Улам көрүп келген сайын чийип коём. Мурда көрбөгөн мамлекетке бара турган болсом, алдын ала даярданып, эс албастан дароо шаар айланып көрүп чыгам. © Sputnik / Асель Сыдыкова Рысбаева: чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет — Тасмаларда жумуш өтө оор деле көрүнбөйт. Татаал бөлүгү кайсы? © Sputnik / Табылды Кадырбеков Усубалиевди сүйүнтүп... Мурдагы стюардесса кесибинин сырларын ачты — Адамдар менен иштегендиктен ар биринин көңүлүн таап, алардын психологиясын түшүнө билүү чындыгында кыйын эле. Узак сапарларда жүргүнчүлөрдүн тамагын берип, суранычтарын аткарып, суроолоруна жооп беребиз. Айрым адамдардын "силердин жумушуңар чай, кофе ташуу менен чектелет, борт кызматкерлери асмандагы официанттар" деген пикирлерин көп эле угуп калам. Ушул индустрияга аралашып иштеп баштагандан бери менин көз карашым өзгөрдү. Себеби учактын ичине 200 адам кирсе алардын коопсуздугун карап аман-эсен жеткирүү биздин башкы максатыбыз. Анткени учакка биринчи отургандар болот, ооруп калышат же өнөкөт дарты кармап калат. Ар бир жүргүнчүнүн саламаттыгына көз салып, керек болсо биринчи жардам көрсөтөбүз. Учак эң коопсуз транспорт деп эсептелет. Ошентсе да экипаждын мойнунда чоң жоопкерчилик болот. Албетте, абада жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн абдан чоң команда иштейт. Бул пилоттор, жердеги техникалык инженер, диспетчер, учактын ичин тазалагандар жана башка адистер. Ал эми борт коштоочулардын жумушу психологиялык жактан оор деп айтат элем. Баарыбыз эле жүргүнчү катары кетип баратканда учак кармалса, аба ырайынан улам учпай калса дароо борт коштоочуларга кыйкырабыз. Анан чарчабай ар бирине кичинекей балага түшүндүргөндөй чоо-жайын айтып беребиз. Кандай гана абал болбосун жылмайып, эмоцияңды көрсөтпөйсүң. — Стюардессаларга жаш боюнча чектөө барбы? — 21 жаштан баштап стюардесса болуп иштесе болот. Ал эми Америка, Британиянын авиакомпанияларында улгайган стюардесса апалар бар. Биринчиден, ал жакта жаш боюнча чектөө жок, экинчиден, биз сыяктуу айына 90-100 саат учушпайт. Алар кыска сапарларды тейлейт. Кадимки жумушка барып келгендей эле иштешет. Борт коштоочулук алардын негизги кесиби. Ал эми Ортоңку Чыгыштагы компанияда иштеген менин кесиптештеримдин 99 пайызынын кесиби башка. Саякаттоо же тажрыйба топтоо максатында келип, кетишет. © Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Стюардесса: инструкцияны аткарбаган адамдар кыжырды келтирет — Өзгөчө кырдаалдарга кандай даярдык көрөсүздөр? — Учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат. Авариялык эшиктерди ачып, жүргүнчүлөр чыгарылат. Авиация эбак өнүккөн Европа өлкөлөрүндө экипаждын мүчөлөрүнө көз караш башкача. Алардын айтканын так аткарбаса туура эмес бир нерсе болуп кетерин, эгер авариялык абал болсо, борт коштоочулар өмүрүн сактап каларын билишет. Ошондуктан аларды урматтап, сыйлашат. Ал эми анча өнүгө элек өлкөлөрдө адамдардын түшүнүгү, аң-сезими ошол нерсеге жете элек. Алдыңкы өлкөлөргө учканда жүргүнчүлөр минтсем, тигинтсем болобу деп сурашат, ал эми өнүгүү жолундагы мамлекеттин адамдары көбүнчө өзүм билемдикке салышат. — Сиздин тажрыйбаңызда өзгөчө кырдаалдар болду беле? Абалдан кантип чыктыңыз? — Биздин авиакомпания эң акыркы үлгүдөгү жаңы чыккан учактарды алат. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жокмун. Болгону бир жолу учактын дөңгөлөгү чыкпай калышы мүмкүндүгүн, жерге катуу конорубузду айтып калышты. Жүргүнчүлөргө билдирбей кабинаны даярдап турдук. Мында самолёт курсагы менен жерге сүрүлүп, өрт чыгып же шосседен чыгып кетиши мүмкүн эле. Бирок кудай жалгап андай болгон жок. — Экипаждын ортосунда кандайдыр сүйлөшүү тили барбы, балким "сленг" колдоносуздар? — Авиацияга байланыштуу техникалык сөздөр менен гана сүйлөшөбүз. © Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Стюардесса: учуунун алдында авиакомпаниянын имидж бөлүмү бизди башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшеришет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат — Ал эми тамак-аш жөнүндө эмне айтууга болот. Учактын тамагын жейсизби? Кызматкерлердин менюсу өзгөчөлөнөбү же жүргүнчүлөрдүкүндөй элеби? — Экипаждын тамагы жүргүнчүлөрдүкүндөй эле. Жер-жемиш берилет. Учактын тамагын кээде жейм, айрым учурда үйдөн атайын тамак даярдап алам. — "Көйгөйлүү" жүргүнчүлөр көп кездешеби? — Ооба, алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди. Кээ бир жүргүнчүлөр бир нерсени жарылып кетчүдөй болуп сурай албай, айта албай отурган болот. Мен ачык адаммын. Андыктан адамдардан эмне жакпай жатат, эмне болду, баары жакшы элеби деп сурап турам. Айрымдары ашыкча чай же суу сурагандан уялышат. Бул адамдарды түшүнүү менен карап, тилин тапканга аракет кылам. — Жүргүнчүлөр кандай кылыктары менен кыжырыңызды келтирет? — Инструкцияны аткарбаган адамдар болот. "Учканы жатабыз курду тагыныңыз, столду жабыңыз" деп суранганда эмнеге, эмне үчүн же өзүм билем дегендер болот. Кээде турбуленттуулук болуп жатканда баспай, отуруңуз деп айтсаң, "а сен неге отурбай басып жүрөсүң" деп талашып-тартышат. Бул эми билимдин жетишсиздиги, маданиятсыздыктын белгиси деп айтат элем. Менин байкаганым боюнча айтсам, чоң кызматтагы адамдар, чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет. Кылар ишиң жок, тийишип, курулай айтып жаткан жериң жок да. Адамдар ушул нерсени түшүнсө. Бирок маданиятсыз адамдарды дароо ордуна коёбуз. Бара-бара адамдар жүргүнчү болуунун этикасын үйрөнүп жатышат. © Sputnik / Асель Сыдыкова Рысбаева: алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди — Биздин жүргүнчүлөр менен чет элдиктер ортосунда жүрүм-турум жагынан айырмаланышабы? © Фото / Артем Громаков Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги — Биздин жарандар менен жүргүнчү болуп эле учпасам, экипаждын мүчөсү катары уча элекмин. Байкаганым учак конору менен уруксат бериле электе эле курду чечип тура калып, чыгууга шашышат. Курду тагын деген белги өчмөйүнчө турууга болбойт. Себеби учак толук токтошу зарыл. Багажды ачып жүктөрүн алышат, экипаждын отургула деген сөзүн кулакка илишпейт. Кежирликти коюп, коопсуздукту да ойлой жүрүшүбүз керек деп айтат элем. Ал эми Казакстан, Өзбекстандын жүргүнчүлөрүн коштоп учтум. Таң калып карашат. Россиялыктар да орус тилин кайдан билесиз деп көп сурашат. Биздин компанияда Орто Азиядан кызматкерлер аябай аз болчу. Орусча сүйлөгөн адамды жолуктурсам, бир тууганымды көргөндөй эле сүйүнчүмүн. Азыр азиаттар көбөйүп калды. — Учак жарым-жартылай толуп же бир эле жүргүнчү менен учкан учурлар болобу? — Ооба, өзгөчө былтыр пандемия учурунда жүк, дары-дармек, ошону менен бирге үч-төрт жүргүнчү менен учуп калдык. Өткөн жылы чоң компаниялар гана учуп жатты. Мындай көрүнүш гигант компанияларда болчу эмес. © Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Рысбаева: учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат — Кандайдыр бир бонус, премия берилеби? Виза жагы кандай болот? — Премия берилбейт. Бирок башка авиакомпанияларга салыштырмалуу айлык акы көбүрөөк. Себеби биз мамлекетке салык төкпөйбүз. Маянаны толук алабыз. Визага келе турган болсок, башында айрым мамлекеттерге, мисалы, Сингапур, Австралияга биринчи жолу кирип жатканда каттоодон өтөбүз, ал эми Америкага дипломат, экипажга атайын виза берилет. Калган башка мамлекеттерге лицензия менен кире беребиз. Жаныбызда дайыма паспорт, экипаждын мүчөсү деген сертификат болот. Паспортко ар бир учууда мөөр басылбайт. — Тажрыйбаңызда эң узак жана эң татаал сапар болдубу? — Татаал деп айтпайм. Эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак сапар деп рекорддук көрсөткүч болгон. Мындан тышкары, Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. OPEN FC мушкерлер уюмунун алгачкы эл аралык гран-при мелдешинин Бишкекте өтө турган финалынын постери чыкты. Аталган лига аны өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от OPEN FIGHTING CHAMPIONSHIP (@open_fc_mma) Финалдык таймашта кыргызстандык мушкер Алимардан Абдыкааров армениялык Айк Казарян менен беттешет. Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар."14-августта Бишкекте OPEN FC 8 эл аралык ири мелдеш өтөт. Көрүүчүлөр лиганын алгачкы эл аралык гран-при мелдешинин финалына ортоктош болушат. Анда кыргызстандык Алимардан Абдыкааров менен Айк Казарян таймашат", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров жарым финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип уткан. Кыргыз спортчусу чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимовду бүк түшүргөн. © Sputnik / Виталий Тимкив Хабибдин мушкерлер уюму Кыргызстанда өтүүчү мелдешинин постерин чыгарды OPEN FC 8 мелдешинде ошондой эле лиганын жарым жеңил салмак категориясында кыргыз мушкери Бакытбек Дүйшөбеков менен бразилиялык Бруно Роверстин чемпиондук наам үчүн таймашы болот. Спорттук иш-чара баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Мындай чечимди промоушендин жетекчилиги кыргызстандык мушкердин гран-при мелдешинин финалына чыкканы үчүн кабыл алган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. АКШнын Колорадо университетинин окумуштуулары беш мүнөттүк жөнөкөй көнүгүү дары-дармексиз эле кан басымды төмөндөтүп, кан тамырлардын иштешин жакшыртарын аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгы Journal of the American Heart Association басылмасына чыкты. Сөз болуп жаткан көнүгүү IMST (Inspiratory Muscle Strength Trainingа) деп аталат. Ал 1980-жылдары курч кармаган респиратордук оору менен жабыркагандардын диафрагмасын жана башка дем алуу булчуңдарын бекемдөө максатында жасалган. Мында бейтап атайын шайман аркылуу дем жутканда аба кайра ичке күч менен тартылып турат. © Sputnik / Владимир Песня Варикозу бар адамдарга күнгө какталуу зыян экени айтылды Жаңы изилдөөгө кан басымы нормадан жогору болгон 50дөн 79 жашка чейинки 36 киши катышкан. Ыктыярчылардын жарымы IMST көнүгүүсүн жасап, натыйжада алардын кан басымы бир кыйла төмөндөгөн. Адатта мындай жыйынтык жумасына беш жолу жарым сааттан жөө басып жүргөндөрдө болору айтылат. Аны катышуучулар беш мүнөттүк көнүгүү аркылуу эле жасап коюшканы белгиленди. Мындан сырткары, көнүгүү жасагандардын тамырынын иштеши 45 пайызга жакшырып, ал эми тамырларды кеңейтүүгө жардам берген азот кычкылы бир топ жогорулаган. Ошондой эле көнүгүү жүрөк оорусун алдын алары айтылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 571 бейтап айыкты. Ал эми илдетти 1485 киши жуктуруп, 10 адам өтүп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Ооруну жеңгендер: Бишкек — 264; Ош шаары — 76; Чүй — 70; Ош — 68; Талас — 7; Нарын — 5; Ысык-Көл — 9; Жалал-Абад — 46; Баткен — 26. Жалпы жонунан 111 269 бейтап сакайды. Жуктургандар: Бишкек — 923; Ош шаары — 33; Чүй — 165; Ош — 109; Талас — 22; Нарын — 24; Ысык-Көл — 38; Жалал-Абад — 91; Баткен — 80. Пандемиядан бери оору 127 880 кишидеy аныкталды. Анын 80 миңден ашыгы лабораториялык жактан, калган 50 миңдейи клиникалык-эпидемиологиялык белгилери менен аныкталган. Өткөн суткада 10 киши ооруну жеңе албай калды. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Баткенде, бирөө Таласта, дагы бирөө Жалал-Абадда катталды. Пандемиядан бери 2019 киши каза тапты. Ошондой эле учурда республиканын ооруканаларында 3 691 бейтап жатат. Анын ичинен 332 кишинин абалы канааттандырарлык, 2253ү орто, 948и оор жана 158и өтө оор абалда. Мындан сырткары, 9 815 киши амбулатордук түрдө дарыланууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 571 бейтап айыкты. Ал эми илдетти 1485 киши жуктуруп, 10 адам өтүп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Ооруну жеңгендер: Бишкек — 264; Ош шаары — 76; Чүй — 70; Ош — 68; Талас — 7; Нарын — 5; Ысык-Көл — 9; Жалал-Абад — 46; Баткен — 26. Жалпы жонунан 111 269 бейтап сакайды. Жуктургандар: Бишкек — 923; Ош шаары — 33; Чүй — 165; Ош — 109; Талас — 22; Нарын — 24; Ысык-Көл — 38; Жалал-Абад — 91; Баткен — 80. Пандемиядан бери оору 127 880 кишидеy аныкталды. Анын 80 миңден ашыгы лабораториялык жактан, калган 50 миңдейи клиникалык-эпидемиологиялык белгилери менен аныкталган. Пресс-служба мэра и правительства Москвы"Спутник V" баарына сайылууда. Бишкектеги эмдөө жайларынын дареги Өткөн суткада 10 киши ооруну жеңе албай калды. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Баткенде, бирөө Таласта, дагы бирөө Жалал-Абадда катталды. Пандемиядан бери 2019 киши каза тапты. Ошондой эле учурда республиканын ооруканаларында 3 691 бейтап жатат. Анын ичинен 332 кишинин абалы канааттандырарлык, 2253ү орто, 948и оор жана 158и өтө оор абалда. Мындан сырткары, 9 815 киши амбулатордук түрдө дарыланууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 571 бейтап айыкты. Ал эми илдетти 1 485 киши жуктуруп, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Ооруну жеңгендер: Бишкек — 264; Ош шаары — 76; Чүй — 70; Ош — 68; Талас — 7; Нарын — 5; Ысык-Көл — 9; Жалал-Абад — 46; Баткен — 26. Жалпы жонунан 111 269 бейтап сакайды. Жуктургандар: Бишкек — 923; Ош шаары — 33; Чүй — 165; Ош — 109; Талас — 22; Нарын — 24; Ысык-Көл — 38; Жалал-Абад — 91; Баткен — 80. Пандемиядан бери оору 127 880 кишиден аныкталды. Анын 80 миңден ашыгы лабораториялык жактан, калган 50 миңдейи клиникалык-эпидемиологиялык белгилери менен аныкталган. Пресс-служба мэра и правительства Москвы"Спутник V" баарына сайылууда. Бишкектеги эмдөө жайларынын дареги Өткөн суткада 10 киши ооруну жеңе албай калды. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Баткенде, бирөө Таласта, дагы бирөө Жалал-Абадда катталды. Пандемиядан бери 2019 киши каза тапты. Ошондой эле учурда республиканын ооруканаларында 3 691 бейтап жатат. Анын ичинен 332 кишинин абалы канааттандырарлык, 2253ү орто, 948и оор жана 158и өтө оор абалда. Мындан сырткары, 9 815 киши амбулатордук түрдө дарыланууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ош шаарынын базарларында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, 1-июлда вице-мэр Эмил Шадыхановдун катышуусунда жыйын өтүп, анда калаадагы коронавирус боюнча кырдаал талкууланган. Штабда азыркы тапта дарыканаларда дары-дармек жетиштүү экени айтылды. Шадыханов дары-дармекке болгон бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берип, анын запасы жок дегенде эки айга жеткидей болушу керектигин белгиледи."Жакын арада коронавируска каршы вакцинанын 110 миң дозасы келет. Ошондуктан калк арасында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анын үстүнө Кыргызстанда эмдөө акысыз. Базар, кичи базарларда атайын пунктулар ачылат. Ал жактан каалоочулар вакцина ала алышат. Тиешелүү органдардын жетекчилерине бул боюнча тапшырма берилди", — деди вице-мэр. Ош шаарында мобилдик топтор күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тамактануучу жайларга кардардын санын азыраак киргизүү боюнча жаңы эрежелер коюлганы кошумчаланды. Мындан сырткары, ири компаниялардын жетекчилигине кызматкерлеринин тобокел тобуна киргендерин аралыктан иштөөгө жиберүү сунушталганы белгиленген.
Sputnik_kg
Мурда юридикалык окуу жайга мамлекеттик, жогорку кызматтарда иштеш үчүн окушса, азыр прогматикалык жакка өтүп баратабыз. Бул тууралуу Мирдин Ахметов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Ахметов: 2019-жылы юридикалык академия университет болуп өзгөргөн Анын айтымында, кибер кылмышка каршы күрөшүү үчүн юридикалык университетте IT академия ачылган."2003-жылы республиканын илимий потенциалын топтоо жолу менен юриспруденция тармагында билим алууну уюштуруу жана ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы түзүлгөн. Андан бери коомдогу талаптар алмашып, 2019-жылы академия университет болуп өзгөрүп, юридикалык багытка жакын башка дагы адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Учурда окуу жайда бакалавр, специалитет, үзгүлтүксүз билим берүү системасында билим берилет. Мурда юридикалык окуу жайга мамлекеттик, жогорку кызматтарда иштеш үчүн окушса, азыр прогматикалык жакка өтүп баратабыз. Юрист кесибине тапшырып жаткан балдар мурдагыдай эле адам укугун коргоо максатында жана билимин жеке турмушунда колдонуу үчүн келишүүдө. Айрым башка кесиптин ээлери экинчи билимин ушул жаатта алып жатат. Окуу жай университет болгондон бери юриспруденция менен бирге IT академия ачылган. Бул адистер кибер кылмышка каршы иштешет", — деди Ахмедов. Ал учурда адвокат, прокурор, сот жана башка адистиктер өз-өзүнчө окутулуп, даярдалып жатканын кошумчалады. Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Көпчүлүк өнөкөт оорулар күндүн ысышы менен күч алат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаарынын Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельников билдирди. Дарыгердин айтымында, аптаптуу ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын 50 пайызын, бронхити барлардын 10-12 пайызын, астмасы барлардын 30 пайызын эски дарты кыйнайт."Негизи эле кышка караганда жайында ооруп калуу коркунучу көбүрөөк. Ысып турган организмге суук бат тийип, иммунитет тез төмөндөйт. Мындай учурда өнөкөт оорулар гана козголбостон, вирус менен бактериялар бат жугат. Негизи ысыктын өзү организмге чоң стресс алып келгендиктен, жайкысын ооруп калуу өтө оңой", — деди Тяжельников. Кыргызстанда өтүп бараткан апта адаттан тыш ысык болду. Буга чейин Кыргызгидромет 10-июлга чейин абанын температурасы 36дан 41 градуска чейин жетип, андан кийин ысык бир аз мизин кайтарарын божомолдогон.
Sputnik_kg
Ролик спорттук компаниянын YouTube каналына жүктөлгөн. Видеодон Френсис Нганну, Камару Усман, Кори Сэндхаген, Иржи Прохазки Эндсон Барбозанын, кыздардан Роуз Намаюнастын беттештерин көрүүгө болот. Айрымдары чемпиондук наамга жетип же аны сактап калса, кээси бел кур үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алып, карьерасындагы мыкты беттештердин бирин өткөрүшкөн.
Sputnik_kg
Өлкөнүн ирригациялык фонду чарба аралык (каналдар, гидротехникалык курулмалар, насостук станциялар) жана чарба ичиндеги болуп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Министр: сугат суу көйгөйүнүн бир нече себеби бар Анын айтымында, өлкөнүн ирригациялык системасы эскирген."Чарба аралык фонд республикалык бюджеттен каржыланып, суу тармактар тарабынан эксплуатацияланат. Өлкөдө 5 873 чакырым чарба аралык канал, 7 800дөй гидротехникалык курулма, 113 насостук станция, 50 чоң, кичине суткалык, 13 декадалык суу сактагыч бар. Булардын ичинен эң акыркысынын курулганына 40 жылдан ашты. Ошондой эле чарба ичиндеги каналдар, арыктар жана башка курулмалар дагы эскирди. Бул көйгөйлөргө кошумча жамгыр жаабай, табигый процесстерден улам суунун аз келип жатышы жана эң негизгиси кооперациялардын жоктугу да себеп болуп жатат. Анткени мурда бир чоң аянтка бир эле өсүмдүктүн түрү эгилип, ошол аянттын баарына бир учурда суу берилчү. Учурда ал жерлер жеке менчикке берилип, аянттар бир, эки гектарлык болуп бөлүнгөн. Аларга өсүмдүктөрдүн бир нече түрү эгилип, ар кандай убакта суу берилүүдө. Мына ушундай көптөгөн көйгөйлөрдүн жыйындысынан улам учурда сугат суу тартыштыгы жаралууда", — деди Жаныбеков. Ошондой эле ал чарба ичиндеги каналдар, арыктар Суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансында экенин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Украинанын Винницкий облусунун 10 жаштагы тургуну карылыктан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ага ылайык, кызынын өлүмү тууралуу энеси Facebook баракчасы аркылуу билдирген."Ирочкам көз жумду. Кечээ анын жүрөгү токтоп калды. Бул ирет сени сактап кала албаганым үчүн кечир", — деп жазган ал. © AFP 2021 / NARINDER NANU Индияда балдардын коронавирустан кийинки оорусу жаралды Кыз сейрек кездешкен, айыккыс прогерия дартынан жабыркап келген. Мында тери жана ички органдар өзгөрүп, организм тез картая баштайт. Башында бир нече ай наристе кадимки балдардай эле өсөт, андан кийин картаюу бир нече эсеге тездей турганы айтылды. Тери кургак болуп, бырыш басып, баш чоңоюп, ээк жагы өспөй калат. Маалым болгондой, прогерия дарты менен жабыркагандар бир жыл ичинде 10 жылга картайып кетет. Аталган дартка балдар чалдыкканда орточо 13 жыл гана жашай алышат. Медиктер каза болгон Иринага 5 жашында диагноз коюшканы белгилүү болду.
Sputnik_kg
Балдарды "бөө келатат", "сени жеп кетет", "доктур укол сайып салат" деп коркутуу же ойноп жатып ал үчүн коркунучтуу нерселерди айтып берип чочутуу психикасына олуттуу зыян алып келет. Бул тууралуу Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Абакова: баланы коркутуп ойнотуу психикасына зыян Анын айтымында, бала бир нерседен коркуп калганын айтып берип жатса улуулар олуттуу көңүл буруп, аны тынчтандырып коюусу өтө зарыл."Коркуу экиге бөлүнөт. Бар нерседен коркуу, чочуу жана колго кармалып, көзгө көрүнбөгөн жагдайда деле элестетип корко берүү. Бул фобия деп аталат. Ал жөн жерден эле пайда болуп калбайт. Биринчиден, бала кичинекейинде коркуп калган болсо, ал өзү унутуп калган учурда да кийин фобияга айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, жыгылып кетсе кийин бийиктикке чыккандан коркуп, кичинесинде караңгыдан чочулаган бала чоңойгондо жабык имараттардан же туннелдерден, лифтке чыкканда аба жетпегендей энтигип калат. Демек, фобия биз бала кезде кабылган коркунучтардан пайда болот. Ошондуктан кичинекей бөбөктөрдү чочутуп ойнотпоо керек. Өзү бир нерседен коркуп калган учурда да ата-энеси тынчтандырып, ошол замат көңүл буруусу зарыл", — деди Абакова. Психолог кош бойлуу аял эмнеден корксо ал баласына да өтөрүн кошумчалады. Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдө коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн 10 ооруканада бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ведомствонун 2-июль саат 8:00гө берген маалыматына караганда, жалпысынан 409 орун бош. Алар: Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 10; № 2 клиникалык төрөт үйү — 35; Улуттук кардиология борбору — 3; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 17; Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10; Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталы — 17; Республикалык наркология борбору — 5; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 84; Улуттук госпиталь: терапия бөлүмү — 30; Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 198. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 485 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.
Sputnik_kg
Өлкөнүн ирригациялык фонду чарба аралык (каналдар, гидротехникалык курулмалар, насостук станциялар) жана чарба ичиндеги болуп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Министр: сугат суу көйгөйүнүн бир нече себеби бар Анын айтымында, өлкөнүн ирригациялык системасы эскирген."Чарба аралык фонд республикалык бюджеттен каржыланып, суу тармактар тарабынан эксплуатацияланат. Өлкөдө 5 873 чакырым чарба аралык канал, 7 800дөй гидротехникалык курулма, 113 насостук станция, 50 чоң, кичине суткалык, 13 декадалык суу сактагыч бар. Булардын ичинен эң акыркысынын курулганына 40 жылдан ашты. Ошондой эле чарба ичиндеги каналдар, арыктар жана башка курулмалар дагы эскирди. Бул көйгөйлөргө кошумча жамгыр жаабай, табигый процесстерден улам суунун аз келип жатышы жана эң негизгиси кооперациялардын жоктугу да себеп болуп жатат. Анткени мурда бир чоң аянтка бир эле өсүмдүктүн түрү эгилип, ошол аянттын баарына бир учурда суу берилчү. Учурда ал жерлер жеке менчикке берилип, аянттар бир, эки гектарлык болуп бөлүнгөн. Аларга өсүмдүктөрдүн бир нече түрү эгилип, ар кандай убакта суу берилүүдө. Мына ушундай көптөгөн көйгөйлөрдүн жыйындысынан улам учурда сугат суу тартыштыгы жаралууда", — деди Жаныбеков. Ошондой эле ал чарба ичиндеги каналдар, арыктар Суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансында экенин кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдө коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн 10 ооруканада бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ведомствонун 2-июль саат 8:00гө берген маалыматына караганда, жалпысынан 409 орун бош. Алар: Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 10; № 2 клиникалык төрөт үйү — 35; Улуттук кардиология борбору — 3; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 17; Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10; Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталы — 17; Республикалык наркология борбору — 5; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 84; Улуттук госпиталь: терапия бөлүмү — 30; Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 198. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 485 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Акыркы суткада республика боюнча 3 583 киши коронавирустан коргогон вакцинаны алды. Анын ичинде 1 126 адам эмдөөнүн экинчи этабынан өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Ал эми жалпы жонунан 118 239 адам вакцина сайдырып, анын 80 107и экинчи дозасын алды. Статистиканы карай турган болсок, коронавирустан коргогон вакцинаны эң көп Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары алган. Борбор калаада 36 944, облуста 21 381 адам эмдөөдөн өткөн. Эске сала кетсек, кыргызстандыктарга Россиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылууда. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу "Спутник V" вакцинасы мурдагыдай айрым бир топко гана эмес каалоочулардын баарына сайыла баштады.
Sputnik_kg
Жаңжалда 220 объект, 138 турак жай талкаланганын ӨКМ жарыялаган. Үй-жайынан ажыраган жүздөгөн үй-бүлө убактылуу чатырларда күн кечирүүдө. Sputnik Кыргызстан радиосу өлкөнүн министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаевди кепке тартты. — Абдикарим Карбекович, учурда облуста абал кандай? Чатырларда жашап жаткан элдин күнү эмне болду? — Чек арага жакын жашаган калктын чочулоосу дагы деле бар. Аларды түшүнсө болот. Ушунча жылдан бери тирүү чеп болуп жашап келишет. Коргоп, бейпил күн кечиришине шарт түзүп бергендин ордуна бийлик 29 жылдан бери куру убада менен сооротуп келген. Жыйынтыгында минтип кыргыз-тажик чек арасында мурда болуп көрбөгөндөй кандуу окуяга туш болуп отурабыз. 36 жараныбыздан айрылдык. Дагы ондогон адамдар ар кандай жаракаттарды алып, учурда ден соолугу менен күрөшүп жашап жатышат. Аскердик техниканын аткылоосунун алдында калган эл турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырады. Мунун баары жергиликтүү тургундардын үрөйүн учуруп, үшүн алды. Бул азыркы бийликке, бизге тез аранын ичинде чек ара маселесин чечүү керектигин көрсөттү. Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз-тажик чек арасын өзүбүздүн кызыкчылыкка тууралап чечип коё турган бир нече ыңгайлуу учур болгон. Тилекке каршы, кезегинде тиешелүү жетекчилер андан колдонуп кала алышкан эмес. Эми азыр абал башка. Ошентсе да биз бул маселени мамлекеттин, элдин, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечкенге далалаттанып жатабыз. Эки мамлекет тарабынан тең түзүлгөн атайын комиссия бар. Алар бири-бири менен тыгыз иштешүүдө. Кезегинде мен да бул комиссияга мүчө болгом. Ал учурларда батыл аракет жасап, чечим кабыл ала алган эмеспиз. Оор участокторго келгенде эптеп эле убакыт өткөрүп, маселе ачык бойдон калып келген. Ал эми азыркы түзүлгөн чек ара боюнча комиссиянын дымагы күч. Буюрса, тарыхый чечимдерди кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы чыр чыгарган маселелерге чекит кое алышат деп үмүт артып турам. Ушул жылдын июль айында Тажикстандын комиссиясы Кыргызстанга келет. Келишимдер ушундай түзүлгөн. Бул жактан да карталардын негизинде чек араны тактоо иштери жүрөт. Албетте, оңой эмес иш жасоо керек болуп турат. Кээ бир аймактарды алмашууга, айрым жерлерди берүүгө, башкасын алууга туура келет. Мына ушунун баарын эки тараптын тең кызыкчылыгын сактоо менен ишке ашыруу керек. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Полковник Абдикарим Алимбаев: чек арага жакын жашаган калктын чочулоосу дагы деле бар. Аларды түшүнсө болот. Ушунча жылдан бери тирүү чеп болуп жашап келишет. Коргоп, бейпил күн кечиришине шарт түзүп бергендин ордуна бийлик 29 жылдан бери куру убада менен сооротуп келген — Облуста көчөнүн бир тарабында тажик жарандары жашаса, экинчи бетинде кыргыздар отурукташкан айылдар бар. Мындай жерлерде элдин бири-бири менен мамилеси, жашоосу кандай болууда? — Ооба, бул айылдар эки тараптын тең тургундары үчүн ыйык кичи мекени, ата журту. Алар жылдар бою эле кошуналык ынак мамилени сактап, ынтымакта жашап келишкен. Апрель окуяларынан кийин эки тараптан тең чочулоолор болуп, биз өз жарандарыбызды көчүрүп баралы десек "эмнеге аркы беттеги тажик кошуналардын жарыгы күйбөй турат, алар келип жашабаса, демек, дагы ок атылышы мүмкүнбү" деген суроолор жаралып жатты. Биз тажик тарапка кайрылып, алар дагы жергиликтүү тургундарын өз үйлөрүнө кайтарып келүүсү керектигин айтып, тез арада элдин бейпил жашоосун камсыздаганга аракет кылдык. Учурда эки тараптын тең эле тургундары келип, өз тамдарында күн кечиришүүдө. Элди коопсуздандырган абалдан чыгарып, тынч тиричилиги үчүн жума сайын Согди облусунун губернатору, райондорунун акимдери, чек ара кызматынын жетекчилери жана башка тиешелүү органдарынын башчылары менен биргеликте так ошол чек ара тилкесинде жолугушуу өткөрүп жатабыз. Анда бир жума ичинде мурда түзүлгөн протоколдор бузулдубу, ким тарабынан, кандай учурда деген маселелер көтөрүлүп, алдыдагы жумага чогуу жасалуучу иш пландар бекитилип жатат. © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР Чек арада чеп болгон "Бөрүлөр". Спецназ тууралуу баян Мындан сырткары, эки мамлекеттин милиция кызматкерлери кыргыз, тажик аралаш жашаган айылдарда биргеликте нөөмөт жүргүзүшүүдө. Буга чейин мындай милиция кызматтары түзүлгөн эмес. Ошондой эле бул тартип сакчылар көзөмөлдөгөн атайын өткөрүү пунктулары ачылган. Ал жерде 24 саат бою эки өлкөдөн экиден төрт милиция кызматкери чек арадан кирип чыккандарды каттоого алып, маселен, кыргызстандык болсо кайра айылга кайтып кирдиби, ур-токмокко алынып калган жокпу деген сыяктуу маселелерди жеринде көзөмөлдөп турушат. Аралаш жашаган аймактарда тургундар мал издеп же тууганыныкына барыш үчүн деле чек араны кесип өтүшү керек болот да. Ушундай учурларда бул милиция кызматкерлеринин эмгеги чоң. Алар айыл аралап коомдук тартипти сактоо учурунда да кандайдыр бир чыр-чатак чыккан болсо, эгер ал кыргыз жарандарына тиешелүү болсо биздин милиция, тажикстандык үй-бүлөдө жаралган түшүнбөстүк болсо өздөрүнүн тартип сакчылары абалды жөнгө салат. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда турмуш-тиричиликке байланышкан майда маселе болсо дароо ошол жерден эки тараптын милициясы биргеликте чечкенге аракеттенишет. Бул биргеликте иш алып баруу жергиликтүү тургундарды себепсиз беймаза болуудан арылтат экен. Маселен, мурда тажик жарандарынын чыр-чатагын чечүү үчүн өздөрүнүн милициясы баратса, аны көргөн биздикилер чочулай берчү же тескерисинче эле. Эми бул маселе чечилди. — Кандуу окуяда 36 адам көз жумду. Жүздөгөн үйлөр, мекемелер талкаланды, өрттөлдү. Аларды калыбына келтирүү иштери кайсы баскычка келип жетти? Жабыркаган үй-бүлөлөр суукта чатырда жашабай, өз тамдарына кирип калышабы? — Алгач 136 турак үй деп тизме түзүлгөн. Кийинчерээк дагы төрт там кошулду. Ошону менен учурда 140 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, 36 каза болгон жаранга аталып Баткен шаарында 36 там салынууда. Бул шаарда курулуп жаткан үйлөр 70-80 пайызга чейин аяктап калды. Анын курулушун биздин патриот жаштар, кыргыздын эл кыйналганда четте карап турбаган улан-кыздары колго алган. Башкача айтканда, ички донорлордун демилгеси, жардамы менен ишке ашууда. Ал эми 140 үй дагы Лейлек районунда чек арага жакын жайгашкан айылдарда талкаланган үйлөр. Алардын ээлери ушу тапта чатырда жашап турушат. Бул тамдар президент тарабынан табылган каражатка курулууда, Түркия көмөк иретинде салып берип жаткандары да бар. Мындан сырткары, бала-бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилерди да калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул курулуштардын бардыгын 31-августка чейин бүткөрүп, жабыркаган элди жаңы үйлөрүнө киргизүүнү пландап, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей ишке ашырабыз. Суукта эл чатырларда жашап калышына жол бербейбиз. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Полковник Абдикарим Алимбаев: алгач 136 турак үй деп тизме түзүлгөн. Кийинчерээк дагы төрт там кошулду. Ошону менен учурда 140 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, 36 каза болгон жаранга аталып Баткен шаарында 36 там салынууда Муну менен катар Түркия тарабынан Баткен шаарына заманбап стадиондун курулушу мерчемделүүдө. Ал Орто Азияда жок стадион болот. Чийилген долбоору даяр, эски стадиондун ордуна курулат. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Баткенге келип, сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул аталган мамлекет тарабынан баткендиктерге белек болмокчу. Эл да макулдугун берип, кызыгуу менен күтүп жаткан маалы. Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусунда да бир канча документтерге кол коюлган. Анын алкагында Фергана облусу менен Баткен облусунун достук алакасы да айтылган болчу. Жакында эле бизге ферганалыктар келип, эки заманбап, чоң мектеп куруп берүүнү убадалашты. Баткен районунун Самаркандек айылына 400 орундуу, Лейлек районунун Маргун кыштагына 300 орундуу билим уялары курулмакчы. — Кыйынчылык башка түшкөндө бир муштумдай бириккен кыргыз эли бул ирет да четте карап турган жок. Ушул кыргыз-тажик окуясынан жабыркаган аймактарга жардам иретинде карапайым калк, ал тургай эмгек мигранттары да акча которуп жатышты эле. Канча суммада каражат топтолду, кандай максатта колдонулуп жатат? — Туура. Башыбызга мүшкүл түшкөндө бир билекке бириге калган асыл сапатыбыз бар. Эгер дайыма ушундай ынтымакта жашасак, алдыбызга ат салдырбаган өлкө болор элек. Апрелдеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга көмөк иретинде акча которуп, башка жардамдарды берген бардык кыргызстандыктарга Баткен элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Элди ээнсиретип башына түшкөн мүшкүлдө жалгыз калтырбай, башка облустун тургундары колдоп кеткени жергиликтүү тургундарга абдан чоң дем-күч берди. Атайын ачылган эсепке 115 миллион сом каражат чогулду. Ал акча жабыркаган айылдын тургундары үчүн жиберилгендиктен так ушул максатта жумшайлы деп пландадык. Ошол талкаланган аймактын эли, депутаттары, өкмөтү менен жолугуп, муктаждыктарынын тизмеси түзүлгөн. Андыктан бул каражат жаңжалдан жабыркаган айылдарга бала бакча, спорттук аянтча же башка бир социалдык маселелерин чечүүгө коротулат. — Буга чейин Маргундагы аскер шаарчасынын курулушу президент Жапаров барып капсула салып кеткенден кийин токтоп калгандыгы тууралуу маалымат тарады эле. Учурда бул объектте иш улануудабы? — Ооба, курулуш иштери пландык негизде эле жасалып жатат. Ушул жерден мен бир нерсени баса белгилеп айтып кетким келет. Аскер шаарчасы, ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнүн күйүп кеткен мекемесинин калыбына келтирилиши жана башка аскердик макамдагы мекемелердин курулуш иштери ачыкталбашы керек. Сүрөткө, видеого тартылып интернет аркылуу калкка жайылбашы шарт. Алардын каеринде эмне жайгашып жаткандыгын жөнөкөй жарандар билүүсү зарыл эмес. Биз мындай маалыматтарды таратуу менен кайра эле өзүбүзгө коркунуч жаратып жатпайбызбы. Курулуш сыр бойдон сакталуусу абзел. Ушуга биздин эл, массалык маалымат каражаттары, блогерлер түшүнүү менен мамиле жасаса жакшы болор эле. Мени капаланткан бир маселе бар. Ушул Баткен окуясынан кийин облуска кимдер гана келген жок. Ар ким ар түрдүү маалыматтарды таратып жатты. Өзгөчө айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү "ылай чаап жаткан кетмениңдин сабы кыйшык экен" деген сыяктуу болбогон сөздү айтып, обу жок сын-пикирлерди жарыялашты. Бул эми ээнбаштык да. Тартип деген болушу шарт. Адам каны төгүлгөн, жер, суу сыяктуу стратегиялык маанидеги көйгөйлөр көтөрүлгөн жаңжал болуп отурат. Дүйнө бизди карап турат. Ошол жердеги тирүү чеп болуп жашап жаткан элди сыйлап болсо да мындай учурда бардыгыбыз өз өлкөбүздүн патриоту болушубуз керек да. © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткене Полковник Абдикарим Алимбаев: башыбызга мүшкүл түшкөндө бир билекке бириге калган асыл сапатыбыз бар. Эгер дайыма ушундай ынтымакта жашасак, алдыбызга ат салдырбаган өлкө болор элек — Облуска өзгөчө макам берилери айтылды эле... — Бул боюнча республикалык деңгээлде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары баш болгон бардык тиешелүү органдардан мүчөлөр кирген. Азыр облусту өнүктүрүү иш планы жазылып жатат. Анын алкагында аткарылчу бир топ жумуштар мерчемделүүдө. Алсак, жергиликтүү тургундарды салыктардан бошотуу, пенсия, жөлөк пулун жогорулатуу, Баткендин аймактарына ишкерлик кылам деген бизнесмендерге жеңилдик берүү сыяктуу пунктулар бар. Программанын мөөнөтүн алгач 10 жылга деп, кийин беш жылга кыскартуу маселеси көтөрүлдү. Менин жеке пикиримде үч жылга ылайыктасак да жакшы болот эле. Мунун бардыгы иштин жүрүшүндө белгилүү болот. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер Ошондой эле жергиликтүү калктын балдарын жогорку окуу жайларга окутуп, кайра облуска адис кылып кайтаруу маселеси да курч турат. Бул багытта Коргоо министрлиги менен сүйлөшүп 10 баланын билим алуусуна жетиштик. Алар окууну бүткөн соң кайра өздөрүнүн кичи мекенине келип чек арачы болуп эмгектенишет. Мындай кадамдар көп социалдык маселелерди чечет. Биринчиден, жаштардын аймактан чыгып кетүүсүн азайтат. Экинчиден, ошол келген жаш кадрдын жашай турган жери, үй-бүлөсү менен чогуу болуусу сыяктуу көйгөйлөр жаралбайт. Анын үстүнө жергиликтүү балдар жердин ыгын жакшы билет эмеспи. Өз көздөрү менен көрүп чоңойгон, маселени ичинен түшүнөт дегендей. — Баткен облусун жетектеп калуу планыңызда бар беле же бул сиз үчүн күтүүсүз болдубу? — Мен аскер адамымын. Иш тажрыйбамдын көп бөлүгүн чек арада өткөрдүм. Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн канча жылдан бери ичтен билген кишилердин биримин. Бирок эч убакта аскердик кызматымдан алыстап Баткенге губернатор болуп калам деп ойлогон эмесмин. Мен үчүн бул сунуш күтүүсүз болду. Үй-бүлөмдү тынчсыздандырды. Ушундай оор абалда мертинип турган облуста иш алып баруу канчалык кыйынга турарын түшүнүп турдум. Антсе да мен бул сунушту аскер адамы болгондуктан буйрук катары, жетектөө эмес элге кызмат кылуу милдети катары кабылдадым. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жаңжалдан кийин Баткенде көргөнүм үрөйүмдү учурду. Ыктыярчы дарыгердин маеги Алгачкы суткаларда аскер формамды кийип эле иштеп жүрдүм. Эл менен түн бир убакка чейин чатырларда болуп, орозо учурунда алар менен чогуу ооз ачып, таң атпай кайра келип ал-акыбалдарынан кабар алып жаттым. Ушундай оор күндөрдө мага дем-күч берип таң калтырганы — жергиликтүү тургундардын кайраты болду. Бир метр жерибизди бербейбиз, эч жакка кетпейбиз, айылыбызды таштабайбыз деп турган ак жоолукчан айымдарды көргөндө шердендим. Эркектеринин патриоттуулугу өзүнчө мактоого татыйт. Ар бир ошол жердеги жай тургундан майтарылбаган жоокерди көрө алдым. Алар мага, мен аларга кубат берип ал күндөрдөн да чыктык. Азыркыга чейин акимдерге, суу чарбачылыгы, электр энергиясы, паспорт, документтер боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери, айтор, бардык тармактагы жетекчилер менен бирге таң заардан каш карайганча тыным албай, ар бир маселени жеринен чечип иштегенге аракеттенип жатабыз. Бизди аскер адамдарындай көрүп жатат деген сөздөр артымдан айтылып калганын да угуп жатам. Бирок бизден мамлекет, кызмат азыр ушуну талап кылууда. Биринчи кезекте бардык жерде тартип болушу керек. Ошондо гана ирети менен иш жасалып, жылыш болот.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө эпидемиологиялык абал улам начарлап бара жатат. Азыр жергиликтүү бийлик чектөө киргизген жок, бирок зарылдык жаралса чектеген чаралар кабыл алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова айтты. Өкмөттүн маалымат кызматы коронавируска каршы республикалык штабдын кезектеги жыйыны өткөнүн кабарлады."Республикада эпидемиологиялык абал улам начарлап бара жатат. Азыр жергиликтүү бийлик чектөө киргизген жок, бирок зарылдык жаралса чектеген чаралар кабыл алынат. Жакында Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза кытайлык вакцина алып келинет. Андыктан элге вакцина саюуну тездетип, болушунча көп кишини эмдөө зарыл. Вакцинация жүргүзүүчү жайлардын күн-түн дебей иштөөсүн камсыздоо кажет", — деген ал. Мындан улам Бишкек шаарында элди эмдеген жайларды көбөйтүү иштери жүрүп жатканын айткан. Вакцина саюу ири соода борборлорунда ачылган жайларда жана аптекаларда жүргүзүлөрү маалым болду. Соңку суткада Кыргызстанда коронавирусту 1 485 киши жуктуруп, 10 бейтап каза болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда автоунаалардын тыгыны жаралганын айтып, бирок абал туруктуу экенин билдирди. Чек ара кызматы бардык пунктулар кадимки тартипте иштеп жатканын белгиледи."Ак-Тилек" пунктунда автоунаалардын тыгыны бар. Азыркы тапта 119 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Мындай көрүнүш айрыкча дем алыш жана базар күндөрү көп болот", — деп айтылат маалыматта. Чек ара кызматы Кыргызстандын аймагына жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө жок экенин белгилеп, жеңил автоунаалар менен жөө адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатканын кошумчалады. Ал эми башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес. Атайын кызмат айдоочуларды абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырып кеткен.
Sputnik_kg

Kyrgyz_News_Corpus

The Kyrgyz News Corpus dataset is a collection of news in the Kyrgyz language collected from various news sites using web scraping and contains 256364 news.

This corpus contains news on various topics, including politics, economics, culture, sports and others. Each entry in the dataset is a separate news item, including the text and the source.

This dataset can only be used for research purposes such as natural language processing, thematic modeling, and more. It can be useful for researchers, developers and students interested in analyzing texts in the Kyrgyz language and related tasks.

References

All of our achievements were made achievable thanks to the robust AI community in Kyrgyzstan and the contributions made by individuals within the AkylAI project (by TheCramer.com). We also express our gratitude to the Kyrgyz news agencies for their work, which allowed us to create this dataset.

Next

We work on creation Kyrgyz Spell checker and grammar corrector. Please feel free to reach out timur.turat@gmail.com or rkizmailov@gmail.com if you are interested in any forms of collaborations!


license: cc-by-nc-4.0

language: - ky

Downloads last month
5
Edit dataset card