text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дарыгер Владимир Хорошев жылаңайлак жүрүүнүн пайдасы жана ага кандай жер ыңгайлуу экенин Sputnik радиосунун обосунда айтып берди. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги Буттун таманында биологиялык активдүү чекиттер арбын жайгашкан. Адам жылаңайлак басканда биологиялык активдүү чекиттерге массаж болуп, ал организмге таасир этет. Хорошевдин айтымында, алгач жылаңайлак жүрүүгө ыңгайлуу жер таап алуу керек. Буга эң жакшы вариант - шагыл. Башкача айтканда, таштак жер. Чөп менен кумда да бут кийимди чечип басса болору айтылды."Кумда деле, чөптө деле жылаңайлак жүргөн пайдалуу. Бирок таштак жердики абдан жакшы. Мындай жерде таманга эле массаж болбостон, муун дагы машыгат",— деген дарыгер. Медик эң жакшы шарт түзүлгөн учурда дагы жылаңайлак эки-үч сааттан ашык баспаш керектигин эскерткен. Себеби көп адамдар май тамандуулук менен жабыркайт. Дарыгер бут кийими жок асфальтта, бетондо жылаңайлак жүрбөш керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Европа бир ирет колдонуучу пластик буюмдарды пайдаланууга толугу менен тыюу салганын Euronews жазды. Мындай мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Ал Евробиримдиктин бардык мамлекеттерине рыноктон пластик буюмдардын бардыгын алууга жана 2021-жылдын 3-июлунан тарта аларды чыгарууга тыюу салууга милдеттендирген. Өлкөлөргө колунда болгон пластиктердин запасын сатып түгөтүүгө бир жыл убакыт берилет да, андан соң аталган мыйзам орноп, аны кыйшаюусуз аткарууга туура келет. © REUTERS / YARA NARDI Рим папасына пластик бөтөлкөлөрдөн папамобиль жасалат ЕБдеги бельгиялык депутат Фредерик Ристин айтымына караганда, аталган биримдикте бул кадам менен пластиктен жасалган, бир гана жолу колдонуп, ыргытыла турган буюмдарга тыюу салынат. Алар тамак жей турган ашкана буюмдары, шариктердин таякчалары, кофе аралаштыргычтар, азык салган контейнерлер ж.б. оокаттар. Депутат пластик таштандынын 80 пайызы деңиз, океандарды булгап, сууда уулуу заттарды пайда кыларын айткан. Андан сырткары, деңиз жаныбарларынын жана адамдын өмүрүнө кадимкидей кооптуулук жаратып жатканын кошумчалаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарды бирден бак-дарак сугарууга чакырат. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы билдирди. Мэрия жакынкы күндөрү баш калаада күн кескин ысый турганын эскертти."Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу таңкыс болот. Урматтуу шаардыктар, сиздер да четте калбай бирден даракка, жашыл бакка, жок дегенде үйүңүзгө жакын жердеги өсүмдүккө суу куюңуздар. Шаардагы төрт акимчилик, мэриянын бардык кызматтары шаардагы бадал, дарактарды сугарууга киришет", — деп айтылат билдирүүдө. Мэрия Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги менен шаарга берилүүчү сугат суунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашкан. Келерки аптадан тарта жеткиликтүү көлөмдө суу келе баштайт. Мэрия дарактарды эртең менен 9:00гө чейин же кечки 19:00дөн кийин сугаруу керектигин эскертти.
Sputnik_kg
Окуйм деген далалаты болсо биринчи курстарды жакшы колдоого алышат. Бул документтерди тапшыруудан тарта жолго кеткен акчаны кайтарып берүү жана медициналык камсыздандырууну камтыйт. Бул туурасында аталган ЖОЖдун маалымат кызматынан кабарлашты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Окууга өтүү оңой: ЖОЖдун эшиги дайыма ачык СФУ өкүлдөрүнүн айтымына караганда, кирип жаткандагы сынактар менен документтерди онлайн тартибинде берсе болот: зарыл документтердин баарын сүрөткө тартып же сканерлеп жиберген жетиштүү. ЖОЖдун Бишкек шаарындагы тармактар боюнча багыт берген борборунан адистиктерди тандоо боюнча кеп-кеңеш алса болот. СФУнун кызматкерлери сайттын стистемасында жеке кабинетти ачууга жана тиешелүү документти сканерлөөгө көмөктөшөт. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит"Учурда катталып, андан соң онлайн тартибинде документтерди жана экзамен тапшырууга болот. Абитуриент сынактан өтүү убактысын өзүнө ылайыктуу сааттарда тандап алат. Система саат 10:00дөн тарта атайын жүгүртмө менен ачык болот. Убакыт боюнча айырманы эске алып, балдарга түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз. Башкысы ал шашпай, толкунданбай, болушунча ылайыктуу шартта экзамен тапшырып алышы керек", – деген СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит. Университетте түз телефондор жана колдо көрсөтүү боюнча атайын чат иштейт. Анда абитуриенттерге ЖОЖго катталууга, зарыл болгон документтерди толтуруп, жиберүүгө көмөк көрсөтүлөт. Эгерде биринчи курстун студенти өзүнүн сайттын системасындагы жеке кабинетине кайсы бир маалыматты калтырууну унутуп калса, ага сөзсүз байланышка чыгышат. Россияга жиберер алдында абитуриентке ал жакка баруунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүрүп беришет. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева"Негизинен документтер боюнча түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мага бардыгын түшүндүрүп берген кураторду жиберишти. Ал миграциялык кагаздарды толтуруу, каттоого туруу, аны канча убакытта жасап берери, даяр болгондорун кантип алып кетүү туурасында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди", – деди СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева. Кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Ал эми акча төлөп окуган студенттер үчүн жеңилдик берген системалар каралган. Университеттен адам окугусу келген жакка тапшыруу керектигин жана окуу жай таланттуу студенттерге көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экендигин айтышты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Кантип келип, досторду кандай таап, камсыздандырууну кантип кылса болот Стипендия мүмкүнчүлүгүнөн сырткары СФУга тапшырган кыргызстандыктарга ЖОЖдун өзүнүн ар кыл бонустары да каралган. Анын ичинде окуй турган жерге чейинки жол кирени (15 миң рубль) кайтарып берүү бар. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Студентка четвертого курса Политехнического института СФУ Раида Токтоева"Биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым. Ал илимий изилдөөгө жана коомдук иштерге берилген 23 миң сом эле. Кийинчерээк коомдук ишке гана аралашып, 14 миң ала баштадым. Бул менин бир айлык эң зарыл деген чыгымдарымды жабат. Билгениме караганда, ар бир тармактагы ишмердүүлүк үчүн 10 миң рубль которулат. Бул илимий, коомдук, чыгармачыл жана спорт багыты болушу мүмкүн", – деп түшүндүрдү Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Мезит ата-энелердин баласын алыска жөнөтүп жатканда кабатыр болгонун түшүпү турганын айткан."Биз баласын үйүнөн алыс жиберип жаткан, биринчи курстун студенттеринин ата-энелерин жакшы түшүнөбүз. Кабатырланып, өзгөчө баласынын ден соолугун көп ойлошот. Андыктан, жакшы, толук кандуу полисти компенсация кылып беребиз, ага үнөмдөп кереги жок", – деди Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Чет элдик студенттер менен ЖОЖдун өзүнчө департаменти иштейт. Адаптацияга өтө көңүл бурушат."Эл аралык департаменттин түзүмүндө чет элдик студенттерди адаптация кылуу боюнча социалдык-маданий бөлүм иш алып барат. СФУда Элдердин достугу борбору иштейт, ал башка өлкөлөрдөн келген студенттердин союзу. Чет элдик бардык студенттер ачык жана тез достошуп кетишет. Жогорку курстагылар кийинкилерге активдүү жардам беришет. Жакында балдар аэропорттон өз өлкөсүнүн делегацияларын тосуп алышты", – деген Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Биринчи курстагы чет элдик студенттер үчүн орус тилин үйрөткөн бекер курс бар. Андан сырткары, экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот. Ар бир институтта тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ал эми ар бир жатаканада тьюторлор иш алып барат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Жашаган жай, инфраструктура жана бош убакыт СФУнун студенттик шаарчасы экологиялык таза райондо жайгашкан."Университетте коридор жана батир тибиндеги жатакана бар. Чет элдик студенттердин көбү жаңы типтеги имараттарда экиден турушат. Окуу жайдын жатаканасында жашоонун баасы 1500 рубль", – деди Мезит. Ал жай 11,5 миң студентке эсептелген. Бул жерден чет мамлекеттен жана чет жактагы шаарлардан келип окуган студенттердин бардыгына орун табылат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске"Биринчи курста коридор тибиндеги жатаканада жашадым. Азыр эң жаңы делген имараттардын биринде турам, бирок мурдагы жайыма кайтып барууга каршы эмес элем. Себеби эскирээк болгону менен анда студенттик маанай дароо сезилет. Жаңы жерде алар менен сейрегирээк кездешесиң", – деген Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт, тагыраагы, дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Бардык конференция менен иш-чаралар, майрамдар өткөн жай кол сунсаң жеткидей жерде. Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен комплекс жана китепкана да өтө алыс эмес. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске"Көптөрдүн ичинен СФУну тандап алганымдын себеби бул жерде жаштар үчүн жакшы нерселер бар. Каалаган багытыңды тандап алып, өзүңдү көрсөтүп, сынап көр. Сүрөтчү болгуң келеби? Медиамектепке кел. Алып баруучулукка кызыксаң, ал үчүн да атайын курстар иштейт. Кыскасы, бул жерде каалаган нерсеңе үйрөнсөң болот", – деп айтып берди Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Бүгүнкү университет Бүгүн Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Алардын ичинен 140 студент Кыргызстандан барган. Жыл сайын КМШ мамлекеттеринде билим берүү көргөзмөлөрү жана тестирлөө өтүп турат. Анда СФУ өкүлдөрү абитуриенттерди ЖОЖдун мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801-орунда турат. Ал эми Россия ичинде мыкты 20 университеттин катарына кирет.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шылуундар (алдамчылар) ноутбуктун камерасы аркылуу банктык картадагы маалыматтарды билип алышат. Мындай пикирди "ТОК-медиа" уюмунун SMM бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Кочергин "Говорит Москва" радиосунун эфиринен айтканын РИА Новости жазды. Эксперт бирөөнүн ноутбугун бузуп кирүү оңой экендигин белгилейт."Бул аябай жеңил жана жеткиликтүү. Компьютерге кирүү негизинен кыйын деле эмес. Эгер сиз троян вирусу бар флеш-дискти колдонгон болсоңуз, алар сиздин компьютериңизге кире алышат. Муну маалыматтарыңызды алып, качан гана сизди шантаж кыла баштаганда билесиз. Адамдар көп учурда компьютер алдында карта менен төлөм жүргүзүшөт, сыр сөздөрдү киргизет, картадагы маалыматтар ноутбуктун камерасы аркылуу көрүнүп калат", — деген Кочергин. Адис өзүнүн ноутбугундагы камеранын объективин жаап коёрун кошумчалаган. Кочергин эгерде компьютерге зыяндуу программалар кирген болсо, анда аны шылуундардын колунан келген иш деп ойлой берсе болорун айтты. Ал буюмду программисттерге бериш керек жана толугу менен сканерлетүү зарыл же системаны кайрадан орнотуу керек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлерине турак жай курулушу башталды. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 11-июль күнү, Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак жайдын пайдубалына атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев капсула салды."Белгилей кетишибиз керек, бул салынып жаткан үйлөргө мамлекеттик бюджеттен же мамлекеттик ишканалардан каражат алынган жок. Бул биздин шериктештерибиз менен жүргүзгөн чоң саясаттын негизинде, ошолордун жардамы менен салынып жатат", — деди Ташиев. Турак жай комплекси 205 батирлүү, балдар бакчасы, унаа токтоочу жайы болот, мындан тышкары, чакан сейил багын камтыйт. Бул көп кабаттуу үйдөн жергиликтүү калк арасындагы үйгө муктаж жарандар үчүн да 10 батир бөлүнүп берилери айтылды. Буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак жай курулган эмес.
Sputnik_kg
Америкалык менен ирландиялык мушкерлердин таймашы кыска убакытта аяктады. Биринчи раунддун аяк ченинде Конордун буту сынып кетти. Дарыгерлер беттешти улантууга ага уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды.Беттештен кийинки маегинде Порье таймаштын башында атаандаштын лоукик (бутка тебүү) чабуулун тоскондо "кырс" деген дабыш чыкканын сезгенин айтты. Бул учур биринчи раунд бүтө электе болгон."Ошол тепкиде анын сөөгүнөн жарака кетти окшойт. Катуу тепкен болчу. Мага бир нерсе болгондой сезилди. Ошондо жарака кеткен болсо, кийин анын ошол бутуна оордук келгенде сынып кетти окшойт. Ал мени өлтүрүп саларын, октагондон сөөгүм чыгарын айтып күпүлдөгөн эле. Өлүм тууралуу сөздөрдү айтууга болбойт. Маселен, мен анын үй-бүлөсүнө жакшынакай болуп барышын каалайм", — деди Порье. Мушкер беттеште үстөмдүк кылганын кошумчалады. © YouTube / UFC Russia Конордун сынган буту, Жалгастын жеңиши. UFC турниринин видео топтому"Чынында ал мурдагы беттештегидей түз соккулары башыма тийип жатты. Мен аны байкабай да калып жаттым. Селдейе түшкөнүм менен ишенимдүү турдум. Тейкдаундарым ийгиликтүү болуп жатты. Ал менин мээлейимди илип алып, сокку урдурбай койду, муну мен калыска да айттым. Конор таза эмес оюн жүргүздү", — деген ал. Беттеш жаракат менен аяктаганы капаланткан жокпу деген суроого ал "бирөөгө ор казсаң, тайыз каз" деген таризде жооп берди."Конор беттешке чейин эмнелерди гана айткан жок. Мен аларды этибарга албай эле машыгууну уланта бердим. Мындай боло берет. Мен аны уттум", — деп Порье сөзүн жыйынтыктады. Макгрегор өз кезегинде атаандаштык муну менен бүтпөй турганын кыйытты."Мен аны бокста уруп  жаттым. Бутка катуу тептим. Ал болсо аралыкты кыскартуу үчүн дароо менин бутума жармашты. Беттеш муну менен бүтпөйт! Керек болсо октагондон сыртта да чечишип алам, мага эми баары бир. Ал менин бир да соккумду тосо алган жок", — деген ирландиялык мушкер. Конор ошондой эле сөөгү шыйрагынан сынганына карабай бутуна турганын кошумчалады."Бул акылдан адаштырган бизнес… Каап, ушундай кырсык болуп кетти. Шайтан алгырдыкы десе", — деди мушкер. Макгрегор ошондой эле беттештен кийин канваста (октагондун полу) отуруп, адатынча Порьенин жубайына байланышкан сөздөрдү да айтып жатты. Ага ачууланган америкалыкты командалаштары октагондон сыртка алып кетишти.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти. — Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек... — Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр. © Фото / из семейного архива Сыдыкбековых Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен. Жазуучу жубайы Асылгүл менен бирге үч уул, бир кызды тарбиялашты — Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы? — Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен. Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген. © Фото / Александр Федоров Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өткөн — Апаңыз менен кандайча баш кошуптур? — Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү. — Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу? — Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу. © Sputnik / Александр Федоров Сабырбек Сыдыкбеков: атамдын бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу — Кандайча жазуучу болуп калган? — Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи. Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу. — Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек? © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен — "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да. Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес. Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү. © Sputnik / Александр Федоров Залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан "Мен 1000 жыл жашадым" китеби тууралуу — Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз? — Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым. Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң... — Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон? — Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет. © Sputnik / Асель Сыдыкова Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл: 33 жыл өттү, дале жүрөк ыйлайт Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом. Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан. © Sputnik / Чернов Сабырбек Сыдыкбеков: Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан — Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле? — Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу. Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт.  Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү. — Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле? © Фото / из личного архива Азата Акматова Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам — Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт. Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу. — Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды? — Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Вакцинадан баш тарткандар өзүнүн эле ден соолугун тобокелге салып тим болбостон, "жаңы штаммдарды жараткан фабрика" катары кызмат кылууда. Мындай пикирин Вандербильт университетинин (АКШ) Медициналык борборунун профессору Уильям Шаффнер билдиргенин РИА Новости кабарлады. Аталган медборбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, доктор Шаффнердин айтымында, учурда адамдын организми коронавирустун жаңы варианттарын тараткан бирден-бир жол болуп жатат."Вакцина албагандар канчалык көп болсо, вирустун өөрчүп, көбөйүшүнө ошончолук арбын мүмкүнчүлүктөр жаралууда . Андан ары жүрүп отуруп жаңы, коркунучтуу мутацияга өтүп кетип жатат", — деп түшүндүргөн адис. Анын айтымында, бир катар өзгөрүүлөр вируска эч кандай таасир бербейт же такыр эле алсыратып салат. Бирок капыстан болгон мутация көп кишини ооруга чалдыктыруу жөндөмүнө ээ. © AFP 2021 / DIEGO RAMOS"Индия" штаммынын жаңы жагдайлары: ашказаны ооругандарды да жөн калтырбайт"Эгерде мутация ошончолук "ийгиликтүү" болуп кетсе, вирустун жаңы вариантын жаратат. Бирок ал үчүн "иштетип" кете турган нерсе керек, мындай учурду эмделбеген адам пайда кылып берет", — деген бүтүм чыгарган профессор. Учурда коронавирустун улам жаңы пайда болгон штаммдары адам баласына кооптуулук жаратып, өмүрлөрдү алып кетүүдө. Окумуштуулар алардын ичинен азыр "дельтаны" өзгөчө белгилеп, көрсөтүп жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Москва — Казань — Екатеринбург М-12 трассасынын курулушуна Кыргызстан, Өзбекстан жана Беларустан сегиз миңдей мигрантты иштетүү пландалып жатат. Бул тууралуу вице-премьер Марат Хуснуллинге таянып " Известия" жазды. © Sputnik / Алексей Майшев Москвадагы "Киргизия" кинотеатрынын реконструкциядан кийинки көрүнүшү. Видео Курулуш иши 2022-жылы башталып, жолдун негизги бөлүгү 2023-жылы ачылары айтылат. 2024-жылы жумушчулар трассаны жакшыртуу менен алектенсе, сентябрга чейин аны Тюмень менен Челябинскиге чейин узартып салмакчы. 28-июнда Хуснуллин унаа жолунун долбоору курулуш материалдарынын кымбатташына жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги көйгөйүнө кабылганын билдирген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Олимпиадалык оттун келишине байланышкан салтанат Токиодогу Комазава паркында башталды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды. © REUTERS / Issei Kato Токио Олимпиадасынын ачылыш аземине VIP-коноктор гана киргизилиши мүмкүн Азем башталар алдында мелдешти өткөрүүгө каршы болгондор стадиондун жанында акция уюштурушту. Алардын "Олимпиаданы токтот!", "Биз Олимпиадагы каршыбыз!" деген чакырыктары салтанат өтүп жатканда стадиондо да угулуп турду. Токионун губернатору Юрико Коике борборго Олимпиаданын оту келгени боюнча докладды кабыл алды. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан эстафета быйыл март айында Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты."Өткөн жылдын март айында бул от Грециядан Японияга алып келинген. Олимпиада жылдырылды, биз отту жыл бою сактадык. Мына акыр-аягы 25-мартта Фукусимада эстафета старт алды. Олимп оту 47 префектуранын 46сында болуп, бүгүн Токиого келди. Олимпиаданын оту бардык кыйынчылыктарга карабай, бүтүндөй өлкө элинин күчү менен үмүт отунун символу катары борборго жетти", — деген губернатор. Аземде борбордук префектурада эстафета башталганы тууралуу жар салынды. Эстафета эң алгач Матида шаарында өтөт. 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет. Азем Япония өкмөтү коронавирустун жайылганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан бир нече сааттан кийин башталды. Ошондуктан ал санитардык нормаларды так сактоо менен өтөт. Иш-чара элди катыштырбай эле өткөрүү чечими кабыл алынгандыктан, келгендер аккредитацияланган журналисттер жана уюштуруучулар менен эле чектелди. © Sputnik / Наталья Селиверстова Токио Олимпиадасында Кыргызстандын туусун ким көтөрүп өтөрү белгилүү болду Олимпиадага эки апта калганда Япония өкмөтү Токиодо 12-июлдан 22-августка чейин өзгөчө абал режимин киргизгенин жарыялады. Токиодо акыркы эки аптадан бери ковид жуктургандардын саны туруктуу өсүп жатат. Шаршемби күнү 920 учур катталып, 13-майдан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Токио Олимпиадасы 23-июлда башталып, 8-августка чейин созулат. Ал ойнотулган спорттун түрлөрү (33) жана категориялары (339) боюнча эң масштабдуу болуп калат. 19 миңдей спортчу катышары, аларды коштоочулар 41 миңге чейин кыскартылары айтылууда. Оюндарга чет жактан келген көрүүчүлөр киргизилбейт. Япониялыктар да расмий ачылышына жана жабылышына, Токио шаарында өткөн бардык мелдештерге кирбейт. Мындан сырткары, Токиого канатташ Сайтама, Тиба жана Канагава префектураларында да оюндар күйөрмансыз өтөт. Ошол эле маалда эпидемиологиялык кырдаал жакшы болгон Мияги, Фукусима, Ибараки жана Сидзуока аймактарында чектелген сандагы көрүүчүлөрдү стадиондорго киргизүү пландалып жатат. Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга ыктыярчылар менен кошо 300 миң киши (190 миң Олимпиадага жана 110 миң Паралимпиада) тартылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген 150 миң доза вакцина да алып келинди. Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19 Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19 1 / 2 © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19 Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди Өткөн аптада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Sinopharm вакцинасы облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлө турганын айткан: Бишкек — 240 миң доза; Ош шаары — 110 миң; Ош облусу — 175 миң; Чүй облусу — 200 миң; Ысык-Көл облусу — 120 миң; Жалал-Абад облусу — 165 миң; Баткен облусу — 80 миң; Нарын облусу — 80 миң; Талас — 80 миң.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Пункт Курманжан датканын эстелигинин алдында жайгашкан. Вакцина алууну каалаган жарандар бүгүн саат 17:00дөн тарта барып медиктерге кайрылса болот. Ал жарандын жанында паспорту болушу керек. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды © Sputnik / Табылды Кадырбеков Пункт Курманжан датканын эстелигинин алдында жайгашкан. Вакцина алууну каалаган жарандар бүгүн саат 17:00дөн тарта барып медиктерге кайрылса болот © Sputnik / Табылды Кадырбеков Ал жарандын жанында паспорту болушу керек © Sputnik / Табылды Кадырбеков 1 / 3 © Sputnik / Табылды Кадырбеков Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды Мэрия коронавирустун жайылышына бөгөт коюунун эң эле натыйжалуу ыкмасы вакцина алуу экенин эскерет. Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июлда, Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm препараты алып келинди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алай районундагы Сары-Ой жайлоосу аптаптуу ысык маалында Ош облусунда ички туризмдин очогуна айланды. Внутренний туризм на пастбище Сары-Ой в Ошской области © Фото / Зульфия Тургунова Внутренний туризм на пастбище Сары-Ой в Ошской области © Фото / Зульфия Тургунова Внутренний туризм на пастбище Сары-Ой в Ошской области © Фото / Зульфия Тургунова Внутренний туризм на пастбище Сары-Ой в Ошской области © Фото / Зульфия Тургунова Внутренний туризм на пастбище Сары-Ой в Ошской области © Фото / Зульфия Тургунова 1 / 5 © Фото / Зульфия Тургунова Внутренний туризм на пастбище Сары-Ой в Ошской области Бул эс алуу жайына келгендер шаркырап аккан сууну карап мээ сергитип, арчалуу тоолорго чыгып, ак мөңгүлүү зоолорду жакындан көрө алышат. Sputnik Кыргызстан Сары-Ой жайлоосунан сүрөт баян сунуштайт. Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыста жайгашкан. Май айынын экинчи жарымынан тарта туристтерге эшигин ачат. Бул жерге Оштун тургундары эле эмес, чет өлкөлүк туристтер дагы келип жатат. Аларга боз үйдө эс алып, кымыз ичип көчмөн элдин жашоосун көрүп кетүүгө шарт түзүлөт. Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болуп жаткандыктан Сары-Ойго агылган элдин саны арбын.
Sputnik_kg
Окуйм деген далалаты болсо биринчи курстарды жакшы колдоого алышат. Бул документтерди тапшыруудан тарта жолго кеткен акчаны кайтарып берүү жана медициналык камсыздандырууну камтыйт. Бул туурасында аталган ЖОЖдун маалымат кызматынан кабарлашты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Россиянын Красноярск аймагындагы Сибирь Федералдык Университети Окууга өтүү оңой: ЖОЖдун эшиги дайыма ачык СФУ өкүлдөрүнүн айтымына караганда, кирип жаткандагы сынактар менен документтерди онлайн тартибинде берсе болот: зарыл документтердин баарын сүрөткө тартып же сканерлеп жиберген жетиштүү. ЖОЖдун Бишкек шаарындагы тармактар боюнча багыт берген борборунан адистиктерди тандоо боюнча кеп-кеңеш алса болот. СФУнун кызматкерлери сайттын стистемасында жеке кабинетти ачууга жана тиешелүү документти сканерлөөгө көмөктөшөт. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит"Учурда катталып, андан соң онлайн тартибинде документтерди жана экзамен тапшырууга болот. Абитуриент сынактан өтүү убактысын өзүнө ылайыктуу сааттарда тандап алат. Система саат 10:00дөн тарта атайын жүгүртмө менен ачык болот. Убакыт боюнча айырманы эске алып, балдарга түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз. Башкысы ал шашпай, толкунданбай, болушунча ылайыктуу шартта экзамен тапшырып алышы керек", – деген СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит. Университетте түз телефондор жана колдо көрсөтүү боюнча атайын чат иштейт. Анда абитуриенттерге ЖОЖго катталууга, зарыл болгон документтерди толтуруп, жиберүүгө көмөк көрсөтүлөт. Эгерде биринчи курстун студенти өзүнүн сайттын системасындагы жеке кабинетине кайсы бир маалыматты калтырууну унутуп калса, ага сөзсүз байланышка чыгышат. Россияга жиберер алдында абитуриентке ал жакка баруунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүрүп беришет. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева"Негизинен документтер боюнча түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мага бардыгын түшүндүрүп берген кураторду жиберишти. Ал миграциялык кагаздарды толтуруу, каттоого туруу, аны канча убакытта жасап берери, даяр болгондорун кантип алып кетүү туурасында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди", – деди СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева. Кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Ал эми акча төлөп окуган студенттер үчүн жеңилдик берген системалар каралган. Университеттен адам окугусу келген жакка тапшыруу керектигин жана окуу жай таланттуу студенттерге көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экендигин айтышты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Кантип келип, досторду кандай таап, камсыздандырууну кантип кылса болот Стипендия мүмкүнчүлүгүнөн сырткары СФУга тапшырган кыргызстандыктарга ЖОЖдун өзүнүн ар кыл бонустары да каралган. Анын ичинде окуй турган жерге чейинки жол кирени (15 миң рубль) кайтарып берүү бар. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Раида Токтоева: биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым."Биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым. Ал илимий изилдөөгө жана коомдук иштерге берилген 23 миң сом эле. Кийинчерээк коомдук ишке гана аралашып, 14 миң ала баштадым. Бул менин бир айлык эң зарыл деген чыгымдарымды жабат. Билгениме караганда, ар бир тармактагы ишмердүүлүк үчүн 10 миң рубль которулат. Бул илимий, коомдук, чыгармачыл жана спорт багыты болушу мүмкүн", – деп түшүндүрдү Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт. Окуу корпустарынан сырткары дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Мезит ата-энелердин баласын алыска жөнөтүп жатканда кабатыр болгонун түшүпү турганын айткан."Биз баласын үйүнөн алыс жиберип жаткан, биринчи курстун студенттеринин ата-энелерин жакшы түшүнөбүз. Кабатырланып, өзгөчө баласынын ден соолугун көп ойлошот. Андыктан, жакшы, толук кандуу полисти компенсация кылып беребиз, ага үнөмдөп кереги жок", – деди Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун чет элдик студенттер менен өзүнчө департаменти бар. Алар адаптацияга өтө көңүл бурушат. Чет элдик студенттер менен ЖОЖдун өзүнчө департаменти иштейт. Адаптацияга өтө көңүл бурушат."Эл аралык департаменттин түзүмүндө чет элдик студенттерди адаптация кылуу боюнча социалдык-маданий бөлүм иш алып барат. СФУда Элдердин достугу борбору иштейт, ал башка өлкөлөрдөн келген студенттердин союзу. Чет элдик бардык студенттер ачык жана тез достошуп кетишет. Жогорку курстагылар кийинкилерге активдүү жардам беришет. Жакында балдар аэропорттон өз өлкөсүнүн делегацияларын тосуп алышты", – деген Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда каалаган багытты тандап алып, студент өзүн көрсөтүп, мүмкүнчүлүгүн сынай алат. Маселен, сүрөтчү болгусу келсе, медиамектеп бар. Биринчи курстагы чет элдик студенттер үчүн орус тилин үйрөткөн бекер курс бар. Андан сырткары, экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот. Ар бир институтта тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ал эми ар бир жатаканада тьюторлор иш алып барат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Бүгүнкү күндө Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Жашаган жай, инфраструктура жана бош убакыт СФУнун студенттик шаарчасы экологиялык таза райондо жайгашкан."Университетте коридор жана батир тибиндеги жатакана бар. Чет элдик студенттердин көбү жаңы типтеги имараттарда экиден турушат. Окуу жайдын жатаканасында жашоонун баасы 1500 рубль", – деди Мезит. Ал жай 11,5 миң студентке эсептелген. Бул жерден чет мамлекеттен жана чет жактагы шаарлардан келип окуган студенттердин бардыгына орун табылат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирь Федералдык Университети Россия мыкты 20 университетинин катарына кирет."Биринчи курста коридор тибиндеги жатаканада жашадым. Азыр эң жаңы делген имараттардын биринде турам, бирок мурдагы жайыма кайтып барууга каршы эмес элем. Себеби эскирээк болгону менен анда студенттик маанай дароо сезилет. Жаңы жерде алар менен сейрегирээк кездешесиң", – деген Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт, тагыраагы, дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Бардык конференция менен иш-чаралар, майрамдар өткөн жай кол сунсаң жеткидей жерде. Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен комплекс жана китепкана да өтө алыс эмес. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске"Көптөрдүн ичинен СФУну тандап алганымдын себеби бул жерде жаштар үчүн жакшы нерселер бар. Каалаган багытыңды тандап алып, өзүңдү көрсөтүп, сынап көр. Сүрөтчү болгуң келеби? Медиамектепке кел. Алып баруучулукка кызыксаң, ал үчүн да атайын курстар иштейт. Кыскасы, бул жерде каалаган нерсеңе үйрөнсөң болот", – деп айтып берди Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Бүгүнкү университет Бүгүн Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Алардын ичинен 140 студент Кыргызстандан барган. Жыл сайын КМШ мамлекеттеринде билим берүү көргөзмөлөрү жана тестирлөө өтүп турат. Анда СФУ өкүлдөрү абитуриенттерди ЖОЖдун мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801-орунда турат. Ал эми Россия ичинде мыкты 20 университеттин катарына кирет.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алай районундагы Сары-Ой жайлоосу аптаптуу ысык маалында Ош облусунда ички туризмдин очогуна айланды. Алай районундагы Сары-Ой жайлоосу аптаптуу ысык маалында Ош облусунда ички туризмдин очогуна айланды © Фото / Зульфия Тургунова Бул эс алуу жайына келгендер шаркырап аккан сууну карап мээ сергитип, арчалуу тоолорго чыгып, ак мөңгүлүү зоолорду жакындан көрө алышат. Sputnik Кыргызстан Сары-Ой жайлоосунан сүрөт баян сунуштайт © Фото / Зульфия Тургунова Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыста жайгашкан. Май айынын экинчи жарымынан тарта туристтерге эшигин ачат © Фото / Зульфия Тургунова Бул жерге Оштун тургундары эле эмес, чет өлкөлүк туристтер дагы келип жатат. Аларга боз үйдө эс алып, кымыз ичип көчмөн элдин жашоосун көрүп кетүүгө шарт түзүлөт © Фото / Зульфия Тургунова Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болуп жаткандыктан Сары-Ойго агылган элдин саны арбын © Фото / Зульфия Тургунова 1 / 5 © Фото / Зульфия Тургунова Алай районундагы Сары-Ой жайлоосу аптаптуу ысык маалында Ош облусунда ички туризмдин очогуна айланды Бул эс алуу жайына келгендер шаркырап аккан сууну карап мээ сергитип, арчалуу тоолорго чыгып, ак мөңгүлүү зоолорду жакындан көрө алышат. Sputnik Кыргызстан Сары-Ой жайлоосунан сүрөт баян сунуштайт. Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыста жайгашкан. Май айынын экинчи жарымынан тарта туристтерге эшигин ачат. Бул жерге Оштун тургундары эле эмес, чет өлкөлүк туристтер дагы келип жатат. Аларга боз үйдө эс алып, кымыз ичип көчмөн элдин жашоосун көрүп кетүүгө шарт түзүлөт. Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болуп жаткандыктан Сары-Ойго агылган элдин саны арбын.
Sputnik_kg
Токио Олимпиадасына саналуу күндөр калды. Бүт аалам жүзүн бура турган спорттук ири иш-чарада кыргызстандыктар да күч сынашат. Аларга дем-күч болсун деген ниетте Sputnik Кыргызстан радиосуна дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевди чакырып, Олимпиадага карай түйшүктүү жолу тууралуу маектештик. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев — Агай, сизди дүйнө эли Москва Олимпиадасынын чемпиону катары билет. Спорттогу өмүр жолуңуз, жетишкендиктериңиз тууралуу абдан көп сөз болгон. Бирок сиздин атыңызды дүйнөгө тааныткан Олимпиадага карай жолуңуз тууралуу көпчүлүк биле бербесе керек. Сиз үчүн бул жол абдан татаал болду. Кандай башталды эле, ким жол көрсөткөн? — Пайдубал бекем болсо үй бышык болот эмеспи. Андыктан эмгекти сүйүү, психологиялык туруктуулук, тарбия, аракет кичинекей кезде эле башталса керек. Мисалы, ар бир адам жашоодо багытын туура таба алса, кыйынчылыктарга карабай көп мүмкүнчүлүктөрдү ача аларына ишендим. Семён Иткин аттуу машыктыруучуга жолугуп, аны менен таанышып калганым жашоомдогу ийгиликтеримдин негизи болду. Себеби спортто күчтүү машыктыруучу, педагог болбосо талантыңды көрсөтүү татаал болот экен. Бул жеке гана спортко тиешелүү эмес. Кайсы гана тармак болбосун, жол көрсөткөн насаатчы керек. Машыктыруучумдун кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, көрөгөчтүгү мени бийиктерге жеткирди. Спортто багымды ачкан машыктыруучумдун эмгеги нар көтөргүс. Агайымдын туура дисциплинасынын натыйжасында үч жылдын ичинде СССРдин спорт чебери болууга жетиштим. 1975-жылы союздук мелдешти утуп, 1976-жылы СССРдин эл аралык даражадагы спортунун чебери наамын алдым. Койгон максаттарыма жете баштаганда машыгууга олуттуу карап, аракетти токтоткон жокмун. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев — СССРдин курамасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын катарында болгон. Анткени бир эле салмакта көп спортчунун ортосунда күрөш жүргөн. Ошондой күчтүү курама командага кантип кошулуп калдыңыз? — Оор атлетика боюнча курама команданын катарына кошулуу эбегейсиз чоң эмгекти талап кылган. Бүткүл союздук жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап, коло, күмүш медаль ута баштадым. Атаандаштык абдан күчтүү болгонун ар бир спортчу билчү. Мындайда чыдамы күчтүүлөр гана акырына чейин калган. Бирок эң негизгиси спортто акыл маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле туура тамактануу режимин түзүү бизди башка спортчулардан айырмалап турган. Советтик мезгилде капиталисттик өлкөлөр менен социалисттик мамлекеттин ортосунда спорттук да, идеологиялык да атаандаштык бар эле. Эл аралык мелдештерде СССРдин атынан эң күчтүүлөрү гана улуу державанын намысын коргогон. Мисалы, оор атлетика боюнча биринчи болуу үчүн бир эле салмакта күчү жагынан бирдей 6-7 спортчу ат салышкан. Алардын көбүнүн Европа чемпионатын, дүйнө биринчилигин утууга чеберчилиги жетмек. Бирок машыктыруучулар ошолордун арасынан жүрүм-туруму, команда менен иштей билгени, спорттук дисциплинасына карап тизмеге кошкон. Киевде СССР биринчилигин утканымда кураманын негизги фаворити Монреаль олимпиадасынын чемпиону Александр Воронин жаракатына байланыштуу мелдешке чыккан эмес. Бирок Палонски, Гнатов, Петров, Андреев сыяктуу күчтүү атлеттер бар эле. Ошондо Воронин жаракатынан толук жакшы боло элек деп мени Европа чемпионатына алып барышты. Бизде чет өлкөгө мелдешке барарда атайын чогулуштар болчу. Мага "Каныбек, турнирде экинчи же үчүнчү орунду алып берсең кубанычта болобуз" дешти. 1978-жылы Чехословакиянын Гавиржов шаарында өткөн ири чемпионатта биринчи орунду алдым. Ошол эле жылы АКШнын Гёттисбург шаарында дүйнө чемпионатына 52 килограмм салмакта кайрадан тизмеге мени коюшту. Кураманын машыктыруучулары дале Воронинге ишенип, ал дайыма фаворит эсептелген. Мен экинчи номерде турнирлерге катышып тургам. Ошондуктан дүйнө биринчилигинде 2-орунга илинсем ыраазы болушмак. Бирок польшалык Тадеуш Голикти артка калтырып, жалпы 240 килограммды көтөрүп, алтын медаль утуп алгам. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев — Александр Воронин жаракатынан толук сакайгандан кийин кайрадан мыкты жыйынтыктарды көрсөтө баштаган эле. Аны жеңип алуу канчалык кыйын болду? — Ар бир мелдеш сайын Москва Олимпиадасы жакындап, көп спортчулар өзүн көрсөтүп, ири спорттук иш-чаранын катышуучусу болууну самаган. Кантсе да Олимпиада деген спорттук мелдештердин эң бийиги да. Воронин эң акыркы учурга чейин ишенимдүү лидер болуп турду. Кыргызда "Күч атасын тааныбайт" дейт эмеспи. Ошондо күчкө ойду, акылды жана тактикалык системалардын баарын кошуп гана аракет кылыш керек эле. Бул жол чындыгында татаал болду. 1979-жылы айтылуу Воронин жаракатынан толук сакайды. Олимпиадалык курама командага кириш үчүн кызуу атаандаштык жүрө баштады. Европа биринчилигине Воронинди алып кетишти. Ал чемпион болуп кайтты. Ал эми СССРдин биринчилигинде андан беш килограмм оор жүктү көтөрүп, союзда мыкты болдум. Жалпы көрсөткүчтөр боюнча Александрдан жакшы жыйынтыкка жетиптирмин. Акыркы тизмени аныктоо үчүн алдыда дүйнө чемпионаты бар болчу. Эч качан жеңил салмакта экиден спортчу турнирде катышкан эмес. Бирок дүйнө чемпионатына мени да, Воронинди да алып бармай болушту. Мелдешке чейин салмак кууп, тиешелүү көрсөткүчтү кармаш керек. Саша экөөбүз бир бөлмөдө калып, чечүүчү мелдешке даярдык көрдүк. Бассам, турсам да жаныман чыкпай жүрдү. Башталганга аз калганда алдын ала таразага түшкөнүбүздө менин салмагым туура 52 килограмм, аныкы 51 килограмм 950 грамм чыкты. Мелдешке 15 мүнөттөй калган. Чүчү кулакта салмакты аныктоого мен биринчи номерди алып чыктым. Ошондо тактикалык амалкөйлүктү колдонууга туура келди. Эгерде таразага түшүүгө кечигип калсаң, эреже боюнча эң акыркы болуп катталасың. Ошентип болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым. Мындай учурлар адамды чыйралтып, ар түрдүү чечимдерди чыгара билгенге үйрөтөт. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев — Олимпиадалык курамды аныктоодо акыркы чечимди чыгаруу абдан оор болгон. Машыктыруучулар кантип сизди тандап калды? — Ворониндин катышуусунда өткөн мелдеште аны мен утуп алган учурда да ал биринчи бойдон кармалып турду. Олимпиада чемпионунан мыкты болгонум мага оор атлетикада бир топ кадыр-барк алып келди. Кандай гана мелдеш болбосун, команданы бир дагы жолу уят кылган жокмун. Ошентип кураманын мүчөлөрүнөн кээ бирлери келип, Олимпиадага мени барат десе, башкалары Александр барат деп сөз кыла башташты. Эң кызыгы, машыктыруучулар спортчулардан кураманы аныктоо үчүн ойлорун билип көрүүнү чечип, жашыруун тизмени аныктап көрүшкөн. Мага келип татыксыз атлеттерди чийип салуумду айтышты. Мен каршы болгонумда "анда Олимпиадага барбайсың" деди. Николай Колесников менен чогуу жашайм, жарым орто салмакта Виктор Мазин бар, ал казакстандык. Колесников дүйнөнү, Олимпиаданы уткандыктан аны тизмеден алып салдым. Василий Алексеев, Давид Ригерт, Колесников мени чийиптир, анткени ал Воронин менен дос эле. Мунун баары кийин белгилүү болду да. Анткени ар бири ири иш-чаранын бир бөлүгү болгусу келген. Олимпиадага 20 күн калганда насаатчылар Александр Воронин экөөбүздү жарышка салып көрүп, күчтүүсүн аныктайлы дешти. Бардык жагынан машыктыруучулар байкап көрүштү. Өзүмдү татыктуу көрсөтүп, бир да ката кетирген жокмун. Тагдыр чечүүчү бөлүк мелдешке каттоодон өтүү эле. Бардык салмак боюнча 13 спортчунун баары келди. Аккредитациядан өткөндөрдүн тизмесин 52 килограмм салмактан баштап, "Каныбек Осмоналиев" деп дароо менин атымды атады. Өзүмө келе албай, бир аз түшүнбөй калдым. Бир аздан кийин 56 килограмм салмактагы Юрий Саркисянды чакырды. Ошондо гана Александр Воронин калып, мен СССРдин атынан Москва Олимпиадасына катыша турганымды түшүндүм. Бул менин жашоомдогу эң жоопкерчиликтүү, чоң мааниге ээ, жемиштүү жол болду... © пресс-служба ГАМФКиС Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт. Кыргыздын атын чыгарайын, ушундай улуу эл бар экенин көрсөтөйүн, кыргыз өңүн дүйнөгө дүңгүрөтөйүн деген изги тилектер менен Олимпиадага жөнөгөм. Ал эми калганы өзүнчө кеп...
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолунун 128-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында балдарды ташып келе жаткан автобустар жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады. Билдирмеге караганда, автоинспекторлор Ысык-Көлдөгү лагерден беш автобус менен кайткан балдарды коштоп келе жаткан."Боом капчыгайына жеткенде бир жеңил унаанын айдоочусу руль башкара албай жолдун ортосуна туруп калган. Алдыда келе жаткан автоинспекторлор аны көрүп токтогон. Артындагы эки автобус токтоп, үчүнчүсү алаксып кеткенби, айтор, токтобой келип алдыдагыларын сүзгөн. Натыйжада үч автобус жана Honda Fit, Odyssey унаалары кагышкан", — деп айтылат маалыматта. Облустук ЖКККБнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы жүргүнчү аял жана төрт-беш бала ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу экени айтылат.
Sputnik_kg
Токио Олимпиадасына саналуу күндөр калды. Бүт аалам жүзүн бура турган спорттук ири иш-чарада кыргызстандыктар да күч сынашат. Аларга дем-күч болсун деген ниетте Sputnik Кыргызстан радиосуна дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевди чакырып, Олимпиадага карай түйшүктүү жолу тууралуу маектештик. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев — Агай, сизди дүйнө эли Москва Олимпиадасынын чемпиону катары билет. Спорттогу өмүр жолуңуз, жетишкендиктериңиз тууралуу абдан көп сөз болгон. Бирок сиздин атыңызды дүйнөгө тааныткан Олимпиадага карай жолуңуз тууралуу көпчүлүк биле бербесе керек. Сиз үчүн бул жол абдан татаал болду. Кандай башталды эле, ким жол көрсөткөн? — Пайдубал бекем болсо үй бышык болот эмеспи. Андыктан эмгекти сүйүү, психологиялык туруктуулук, тарбия, аракет кичинекей кезде эле башталса керек. Мисалы, ар бир адам жашоодо багытын туура таба алса, кыйынчылыктарга карабай көп мүмкүнчүлүктөрдү ача аларына ишендим. Семён Иткин аттуу машыктыруучуга жолугуп, аны менен таанышып калганым жашоомдогу ийгиликтеримдин негизи болду. Себеби спортто күчтүү машыктыруучу, педагог болбосо талантыңды көрсөтүү татаал болот экен. Бул жеке гана спортко тиешелүү эмес. Кайсы гана тармак болбосун, жол көрсөткөн насаатчы керек. Машыктыруучумдун кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, көрөгөчтүгү мени бийиктерге жеткирди. Спортто багымды ачкан машыктыруучумдун эмгеги нар көтөргүс. Агайымдын туура дисциплинасынын натыйжасында үч жылдын ичинде СССРдин спорт чебери болууга жетиштим. 1975-жылы союздук мелдешти утуп, 1976-жылы СССРдин эл аралык даражадагы спортунун чебери наамын алдым. Койгон максаттарыма жете баштаганда машыгууга олуттуу карап, аракетти токтоткон жокмун. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: 1978-жылы Чехословакиянын Гавиржов шаарында өткөн ири чемпионатта биринчи орунду алдым. Ошол эле жылы АКШнын Гёттисбург шаарында дүйнө чемпионатына 52 килограмм салмакта кайрадан тизмеге мени коюшту — СССРдин курамасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын катарында болгон. Анткени бир эле салмакта көп спортчунун ортосунда күрөш жүргөн. Ошондой күчтүү курама командага кантип кошулуп калдыңыз? — Оор атлетика боюнча курама команданын катарына кошулуу эбегейсиз чоң эмгекти талап кылган. Бүткүл союздук жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап, коло, күмүш медаль ута баштадым. Атаандаштык абдан күчтүү болгонун ар бир спортчу билчү. Мындайда чыдамы күчтүүлөр гана акырына чейин калган. Бирок эң негизгиси спортто акыл маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле туура тамактануу режимин түзүү бизди башка спортчулардан айырмалап турган. Советтик мезгилде капиталисттик өлкөлөр менен социалисттик мамлекеттин ортосунда спорттук да, идеологиялык да атаандаштык бар эле. Эл аралык мелдештерде СССРдин атынан эң күчтүүлөрү гана улуу державанын намысын коргогон. Мисалы, оор атлетика боюнча биринчи болуу үчүн бир эле салмакта күчү жагынан бирдей 6-7 спортчу ат салышкан. Алардын көбүнүн Европа чемпионатын, дүйнө биринчилигин утууга чеберчилиги жетмек. Бирок машыктыруучулар ошолордун арасынан жүрүм-туруму, команда менен иштей билгени, спорттук дисциплинасына карап тизмеге кошкон. Киевде СССР биринчилигин утканымда кураманын негизги фаворити Монреаль олимпиадасынын чемпиону Александр Воронин жаракатына байланыштуу мелдешке чыккан эмес. Бирок Палонски, Гнатов, Петров, Андреев сыяктуу күчтүү атлеттер бар эле. Ошондо Воронин жаракатынан толук жакшы боло элек деп мени Европа чемпионатына алып барышты. Бизде чет өлкөгө мелдешке барарда атайын чогулуштар болчу. Мага "Каныбек, турнирде экинчи же үчүнчү орунду алып берсең кубанычта болобуз" дешти. 1978-жылы Чехословакиянын Гавиржов шаарында өткөн ири чемпионатта биринчи орунду алдым. Ошол эле жылы АКШнын Гёттисбург шаарында дүйнө чемпионатына 52 килограмм салмакта кайрадан тизмеге мени коюшту. Кураманын машыктыруучулары дале Воронинге ишенип, ал дайыма фаворит эсептелген. Мен экинчи номерде турнирлерге катышып тургам. Ошондуктан дүйнө биринчилигинде 2-орунга илинсем ыраазы болушмак. Бирок польшалык Тадеуш Голикти артка калтырып, жалпы 240 килограммды көтөрүп, алтын медаль утуп алгам. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: башталганга аз калганда алдын ала таразага түшкөнүбүздө менин салмагым туура 52 килограмм, аныкы 51 килограмм 950 грамм чыкты. Мелдешке 15 мүнөттөй калган — Александр Воронин жаракатынан толук сакайгандан кийин кайрадан мыкты жыйынтыктарды көрсөтө баштаган эле. Аны жеңип алуу канчалык кыйын болду? — Ар бир мелдеш сайын Москва Олимпиадасы жакындап, көп спортчулар өзүн көрсөтүп, ири спорттук иш-чаранын катышуучусу болууну самаган. Кантсе да Олимпиада деген спорттук мелдештердин эң бийиги да. Воронин эң акыркы учурга чейин ишенимдүү лидер болуп турду. Кыргызда "Күч атасын тааныбайт" дейт эмеспи. Ошондо күчкө ойду, акылды жана тактикалык системалардын баарын кошуп гана аракет кылыш керек эле. Бул жол чындыгында татаал болду. 1979-жылы айтылуу Воронин жаракатынан толук сакайды. Олимпиадалык курама командага кириш үчүн кызуу атаандаштык жүрө баштады. Европа биринчилигине Воронинди алып кетишти. Ал чемпион болуп кайтты. Ал эми СССРдин биринчилигинде андан беш килограмм оор жүктү көтөрүп, союзда мыкты болдум. Жалпы көрсөткүчтөр боюнча Александрдан жакшы жыйынтыкка жетиптирмин. Акыркы тизмени аныктоо үчүн алдыда дүйнө чемпионаты бар болчу. Эч качан жеңил салмакта экиден спортчу турнирде катышкан эмес. Бирок дүйнө чемпионатына мени да, Воронинди да алып бармай болушту. Мелдешке чейин салмак кууп, тиешелүү көрсөткүчтү кармаш керек. Саша экөөбүз бир бөлмөдө калып, чечүүчү мелдешке даярдык көрдүк. Бассам, турсам да жаныман чыкпай жүрдү. Башталганга аз калганда алдын ала таразага түшкөнүбүздө менин салмагым туура 52 килограмм, аныкы 51 килограмм 950 грамм чыкты. Мелдешке 15 мүнөттөй калган. Чүчү кулакта салмакты аныктоого мен биринчи номерди алып чыктым. Ошондо тактикалык амалкөйлүктү колдонууга туура келди. Эгерде таразага түшүүгө кечигип калсаң, эреже боюнча эң акыркы болуп катталасың. Ошентип болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым. Мындай учурлар адамды чыйралтып, ар түрдүү чечимдерди чыгара билгенге үйрөтөт. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым — Олимпиадалык курамды аныктоодо акыркы чечимди чыгаруу абдан оор болгон. Машыктыруучулар кантип сизди тандап калды? — Ворониндин катышуусунда өткөн мелдеште аны мен утуп алган учурда да ал биринчи бойдон кармалып турду. Олимпиада чемпионунан мыкты болгонум мага оор атлетикада бир топ кадыр-барк алып келди. Кандай гана мелдеш болбосун, команданы бир дагы жолу уят кылган жокмун. Ошентип кураманын мүчөлөрүнөн кээ бирлери келип, Олимпиадага мени барат десе, башкалары Александр барат деп сөз кыла башташты. Эң кызыгы, машыктыруучулар спортчулардан кураманы аныктоо үчүн ойлорун билип көрүүнү чечип, жашыруун тизмени аныктап көрүшкөн. Мага келип татыксыз атлеттерди чийип салуумду айтышты. Мен каршы болгонумда "анда Олимпиадага барбайсың" деди. Николай Колесников менен чогуу жашайм, жарым орто салмакта Виктор Мазин бар, ал казакстандык. Колесников дүйнөнү, Олимпиаданы уткандыктан аны тизмеден алып салдым. Василий Алексеев, Давид Ригерт, Колесников мени чийиптир, анткени ал Воронин менен дос эле. Мунун баары кийин белгилүү болду да. Анткени ар бири ири иш-чаранын бир бөлүгү болгусу келген. Олимпиадага 20 күн калганда насаатчылар Александр Воронин экөөбүздү жарышка салып көрүп, күчтүүсүн аныктайлы дешти. Бардык жагынан машыктыруучулар байкап көрүштү. Өзүмдү татыктуу көрсөтүп, бир да ката кетирген жокмун. Тагдыр чечүүчү бөлүк мелдешке каттоодон өтүү эле. Бардык салмак боюнча 13 спортчунун баары келди. Аккредитациядан өткөндөрдүн тизмесин 52 килограмм салмактан баштап, "Каныбек Осмоналиев" деп дароо менин атымды атады. Өзүмө келе албай, бир аз түшүнбөй калдым. Бир аздан кийин 56 килограмм салмактагы Юрий Саркисянды чакырды. Ошондо гана Александр Воронин калып, мен СССРдин атынан Москва Олимпиадасына катыша турганымды түшүндүм. Бул менин жашоомдогу эң жоопкерчиликтүү, чоң мааниге ээ, жемиштүү жол болду... © пресс-служба ГАМФКиС Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт Менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт. Кыргыздын атын чыгарайын, ушундай улуу эл бар экенин көрсөтөйүн, кыргыз өңүн дүйнөгө дүңгүрөтөйүн деген изги тилектер менен Олимпиадага жөнөгөм. Ал эми калганы өзүнчө кеп...
Sputnik_kg
Токио Олимпиадасына саналуу күндөр калды. Бүт аалам жүзүн бура турган спорттук ири иш-чарада кыргызстандыктар да күч сынашат. Аларга дем-күч болсун деген ниетте Sputnik Кыргызстан радиосуна дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевди чакырып, Олимпиадага карай түйшүктүү жолу тууралуу маектештик. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: Семён Иткин аттуу машыктыруучуга жолугуп, аны менен таанышып калганым жашоомдогу ийгиликтеримдин негизи болду — Агай, сизди дүйнө эли Москва Олимпиадасынын чемпиону катары билет. Спорттогу өмүр жолуңуз, жетишкендиктериңиз тууралуу абдан көп сөз болгон. Бирок сиздин атыңызды дүйнөгө тааныткан Олимпиадага карай жолуңуз тууралуу көпчүлүк биле бербесе керек. Сиз үчүн бул жол абдан татаал болду. Кандай башталды эле, ким жол көрсөткөн? — Пайдубал бекем болсо үй бышык болот эмеспи. Андыктан эмгекти сүйүү, психологиялык туруктуулук, тарбия, аракет кичинекей кезде эле башталса керек. Мисалы, ар бир адам жашоодо багытын туура таба алса, кыйынчылыктарга карабай көп мүмкүнчүлүктөрдү ача аларына ишендим. Семён Иткин аттуу машыктыруучуга жолугуп, аны менен таанышып калганым жашоомдогу ийгиликтеримдин негизи болду. Себеби спортто күчтүү машыктыруучу, педагог болбосо талантыңды көрсөтүү татаал болот экен. Бул жеке гана спортко тиешелүү эмес. Кайсы гана тармак болбосун, жол көрсөткөн насаатчы керек. Машыктыруучумдун кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, көрөгөчтүгү мени бийиктерге жеткирди. Спортто багымды ачкан машыктыруучумдун эмгеги нар көтөргүс. Агайымдын туура дисциплинасынын натыйжасында үч жылдын ичинде СССРдин спорт чебери болууга жетиштим. 1975-жылы союздук мелдешти утуп, 1976-жылы СССРдин эл аралык даражадагы спортунун чебери наамын алдым. Койгон максаттарыма жете баштаганда машыгууга олуттуу карап, аракетти токтоткон жокмун. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: 1978-жылы Чехословакиянын Гавиржов шаарында өткөн ири чемпионатта биринчи орунду алдым. Ошол эле жылы АКШнын Гёттисбург шаарында дүйнө чемпионатына 52 килограмм салмакта кайрадан тизмеге мени коюшту — СССРдин курамасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын катарында болгон. Анткени бир эле салмакта көп спортчунун ортосунда күрөш жүргөн. Ошондой күчтүү курама командага кантип кошулуп калдыңыз? — Оор атлетика боюнча курама команданын катарына кошулуу эбегейсиз чоң эмгекти талап кылган. Бүткүл союздук жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап, коло, күмүш медаль ута баштадым. Атаандаштык абдан күчтүү болгонун ар бир спортчу билчү. Мындайда чыдамы күчтүүлөр гана акырына чейин калган. Бирок эң негизгиси спортто акыл маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле туура тамактануу режимин түзүү бизди башка спортчулардан айырмалап турган. Советтик мезгилде капиталисттик өлкөлөр менен социалисттик мамлекеттин ортосунда спорттук да, идеологиялык да атаандаштык бар эле. Эл аралык мелдештерде СССРдин атынан эң күчтүүлөрү гана улуу державанын намысын коргогон. Мисалы, оор атлетика боюнча биринчи болуу үчүн бир эле салмакта күчү жагынан бирдей 6-7 спортчу ат салышкан. Алардын көбүнүн Европа чемпионатын, дүйнө биринчилигин утууга чеберчилиги жетмек. Бирок машыктыруучулар ошолордун арасынан жүрүм-туруму, команда менен иштей билгени, спорттук дисциплинасына карап тизмеге кошкон. Киевде СССР биринчилигин утканымда кураманын негизги фаворити Монреаль олимпиадасынын чемпиону Александр Воронин жаракатына байланыштуу мелдешке чыккан эмес. Бирок Палонски, Гнатов, Петров, Андреев сыяктуу күчтүү атлеттер бар эле. Ошондо Воронин жаракатынан толук жакшы боло элек деп мени Европа чемпионатына алып барышты. Бизде чет өлкөгө мелдешке барарда атайын чогулуштар болчу. Мага "Каныбек, турнирде экинчи же үчүнчү орунду алып берсең кубанычта болобуз" дешти. 1978-жылы Чехословакиянын Гавиржов шаарында өткөн ири чемпионатта биринчи орунду алдым. Ошол эле жылы АКШнын Гёттисбург шаарында дүйнө чемпионатына 52 килограмм салмакта кайрадан тизмеге мени коюшту. Кураманын машыктыруучулары дале Воронинге ишенип, ал дайыма фаворит эсептелген. Мен экинчи номерде турнирлерге катышып тургам. Ошондуктан дүйнө биринчилигинде 2-орунга илинсем ыраазы болушмак. Бирок польшалык Тадеуш Голикти артка калтырып, жалпы 240 килограммды көтөрүп, алтын медаль утуп алгам. © Sputnik / Дмитрий Донской Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: башталганга аз калганда алдын ала таразага түшкөнүбүздө менин салмагым туура 52 килограмм, аныкы 51 килограмм 950 грамм чыкты. Мелдешке 15 мүнөттөй калган — Александр Воронин жаракатынан толук сакайгандан кийин кайрадан мыкты жыйынтыктарды көрсөтө баштаган эле. Аны жеңип алуу канчалык кыйын болду? — Ар бир мелдеш сайын Москва Олимпиадасы жакындап, көп спортчулар өзүн көрсөтүп, ири спорттук иш-чаранын катышуучусу болууну самаган. Кантсе да Олимпиада деген спорттук мелдештердин эң бийиги да. Воронин эң акыркы учурга чейин ишенимдүү лидер болуп турду. Кыргызда "Күч атасын тааныбайт" дейт эмеспи. Ошондо күчкө ойду, акылды жана тактикалык системалардын баарын кошуп гана аракет кылыш керек эле. Бул жол чындыгында татаал болду. 1979-жылы айтылуу Воронин жаракатынан толук сакайды. Олимпиадалык курама командага кириш үчүн кызуу атаандаштык жүрө баштады. Европа биринчилигине Воронинди алып кетишти. Ал чемпион болуп кайтты. Ал эми СССРдин биринчилигинде андан беш килограмм оор жүктү көтөрүп, союзда мыкты болдум. Жалпы көрсөткүчтөр боюнча Александрдан жакшы жыйынтыкка жетиптирмин. Акыркы тизмени аныктоо үчүн алдыда дүйнө чемпионаты бар болчу. Эч качан жеңил салмакта экиден спортчу турнирде катышкан эмес. Бирок дүйнө чемпионатына мени да, Воронинди да алып бармай болушту. Мелдешке чейин салмак кууп, тиешелүү көрсөткүчтү кармаш керек. Саша экөөбүз бир бөлмөдө калып, чечүүчү мелдешке даярдык көрдүк. Бассам, турсам да жаныман чыкпай жүрдү. Башталганга аз калганда алдын ала таразага түшкөнүбүздө менин салмагым туура 52 килограмм, аныкы 51 килограмм 950 грамм чыкты. Мелдешке 15 мүнөттөй калган. Чүчү кулакта салмакты аныктоого мен биринчи номерди алып чыктым. Ошондо тактикалык амалкөйлүктү колдонууга туура келди. Эгерде таразага түшүүгө кечигип калсаң, эреже боюнча эң акыркы болуп катталасың. Ошентип болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым. Мындай учурлар адамды чыйралтып, ар түрдүү чечимдерди чыгара билгенге үйрөтөт. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым — Олимпиадалык курамды аныктоодо акыркы чечимди чыгаруу абдан оор болгон. Машыктыруучулар кантип сизди тандап калды? — Ворониндин катышуусунда өткөн мелдеште аны мен утуп алган учурда да ал биринчи бойдон кармалып турду. Олимпиада чемпионунан мыкты болгонум мага оор атлетикада бир топ кадыр-барк алып келди. Кандай гана мелдеш болбосун, команданы бир дагы жолу уят кылган жокмун. Ошентип кураманын мүчөлөрүнөн кээ бирлери келип, Олимпиадага мени барат десе, башкалары Александр барат деп сөз кыла башташты. Эң кызыгы, машыктыруучулар спортчулардан кураманы аныктоо үчүн ойлорун билип көрүүнү чечип, жашыруун тизмени аныктап көрүшкөн. Мага келип татыксыз атлеттерди чийип салуумду айтышты. Мен каршы болгонумда "анда Олимпиадага барбайсың" деди. Николай Колесников менен чогуу жашайм, жарым орто салмакта Виктор Мазин бар, ал казакстандык. Колесников дүйнөнү, Олимпиаданы уткандыктан аны тизмеден алып салдым. Василий Алексеев, Давид Ригерт, Колесников мени чийиптир, анткени ал Воронин менен дос эле. Мунун баары кийин белгилүү болду да. Анткени ар бири ири иш-чаранын бир бөлүгү болгусу келген. Олимпиадага 20 күн калганда насаатчылар Александр Воронин экөөбүздү жарышка салып көрүп, күчтүүсүн аныктайлы дешти. Бардык жагынан машыктыруучулар байкап көрүштү. Өзүмдү татыктуу көрсөтүп, бир да ката кетирген жокмун. Тагдыр чечүүчү бөлүк мелдешке каттоодон өтүү эле. Бардык салмак боюнча 13 спортчунун баары келди. Аккредитациядан өткөндөрдүн тизмесин 52 килограмм салмактан баштап, "Каныбек Осмоналиев" деп дароо менин атымды атады. Өзүмө келе албай, бир аз түшүнбөй калдым. Бир аздан кийин 56 килограмм салмактагы Юрий Саркисянды чакырды. Ошондо гана Александр Воронин калып, мен СССРдин атынан Москва Олимпиадасына катыша турганымды түшүндүм. Бул менин жашоомдогу эң жоопкерчиликтүү, чоң мааниге ээ, жемиштүү жол болду... © пресс-служба ГАМФКиС Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт Менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт. Кыргыздын атын чыгарайын, ушундай улуу эл бар экенин көрсөтөйүн, кыргыз өңүн дүйнөгө дүңгүрөтөйүн деген изги тилектер менен Олимпиадага жөнөгөм. Ал эми калганы өзүнчө кеп...
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды."Министрлер кабинети "Альфа Телеком" (акциянын 100 пайызы), "Кепилдик фондун" (14,09 пайызы), "Керемет банкын" (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын" (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү", — деп жазды депутат. Sputnik Кыргызстан редакциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага орун басары Канат Рыскуловго кайрылды. Чиновник аталган төрт компаниядагы мамлекеттик пакеттин баарын сатуу пландалып жатканын айтып берди."Жума күнү бул долбоорду колдоо боюнча токтом чыккан. Процедурага ылайык, программа эми Жогорку Кеңештин токтому менен да бекитилиши керек. Мындан соң аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлмөкчү", — деди Рыскулов. Ал тизмеде 32 объект бар экенин белгилеп, жогоруда аталгандар да кошулганына токтолду. Калган 28 объект боюнча эч нерсе деген жок. Активдер тууралуу кыскача маалымат"Керемет банк" (алгач "Азия универсал банкынын" активдеринин базасында "Залкар банк" болуп түзүлүп, кийин "Росинбанк" болуп өзгөргөн. 2019-жылдан бери ушул аталышта) — негизги акционери Улуттук банк (97,45 пайыз); © Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айыл банк" жана дагы эки объектинин акциясын сыртка сатуу сунушталууда"Кепилдик фонду" ААК — акцияларынын 85 пайызынан көбү Улуттук банкка таандык, калганы мамлекетке тиешелүү. Фонддун милдети — банктан насыя алууда чакан жана орто ишкерлик субъектилерине кепилдик берүү; Евразиялык сактык банкы — банктын сайттагы маалыматтарына ылайык акциясынын 66,6 пайызы Маммүлкө тиешелүү. Андан кийин фонд дагы 10 пайызына кошумча ээлик кылып калган. Ушу тапта банкта Убактылуу администрациянын атайын режими иштейт;"Альфа Телеком" ЖАК — уюлдук оператор, акциясынын 100 пайызы Маммүлккө таандык. Компанияны сатууга бир нече ирет аракет болгон, бирок биринен да майнап чыккан эмес.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды."Министрлер кабинети "Альфа Телеком" (акциянын 100 пайызы), "Кепилдик фондун" (14,09 пайызы), "Керемет банкын" (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү", — деп жазды депутат. Sputnik Кыргызстан редакциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага орун басары Канат Рыскуловго кайрылды. Чиновник аталган төрт компаниядагы мамлекеттик пакеттин баарын сатуу пландалып жатканын айтып берди."Жума күнү бул долбоорду колдоо боюнча токтом чыккан. Процедурага ылайык, программа эми Жогорку Кеңештин токтому менен да бекитилиши керек. Мындан соң аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлмөкчү", — деди Рыскулов. Ал тизмеде 32 объект бар экенин белгилеп, жогоруда аталгандар да кошулганына токтолду. Калган 28 объект боюнча эч нерсе деген жок. Активдер тууралуу кыскача маалымат"Керемет банк" (алгач "Азия универсал банкынын" активдеринин базасында "Залкар банк" болуп түзүлүп, кийин "Росинбанк" болуп өзгөргөн. 2019-жылдан бери ушул аталышта) — негизги акционери Улуттук банк (97,45 пайыз); © Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айыл банк" жана дагы эки объектинин акциясын сыртка сатуу сунушталууда"Кепилдик фонду" ААК — акцияларынын 85 пайызынан көбү Улуттук банкка таандык, калганы мамлекетке тиешелүү. Фонддун милдети — банктан насыя алууда чакан жана орто ишкерлик субъектилерине кепилдик берүү; Евразиялык сактык банкы — банктын сайттагы маалыматтарына ылайык, акциясынын 66,6 пайызы Маммүлккө тиешелүү. Андан кийин фонд дагы 10 пайызына кошумча ээлик кылып калган. Ушу тапта банкта Убактылуу администрациянын атайын режими иштейт;"Альфа Телеком" ЖАК — уюлдук оператор, акциясынын 100 пайызы Маммүлккө таандык. Компанияны сатууга бир нече ирет аракет болгон, бирок биринен да майнап чыккан эмес.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандагыдай кооз табият эч жерде жок, бирок туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөгө саясий туруктуулук зарыл. Мындай пикирин РФтин эмгек сиңирген экономисти, Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов билдирди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жолу" аталыштагы Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнө катышты. Бельянинов журналисттин "Евразия мамлекеттеринин ортосунда туризмдин мүмкүнчүлүгү канчалык, мындан Каыргызстан кандай пайда көрө алат?" деген суроосуна жооп берген."Саясий туруксуздук болгондо туризм өнүкпөйт... Кыргызстандагыдай ажайып, өзгөчө жерлерди башка жактан таба албайсың. Кереметтүү Ысык-Көлдөн тышкары уникалдуу тоолору бар. Деген менен туристтерди тартуу үчүн алардын коопсуздугун, тийиштүү шарттарды камсыздоо зарыл", — деген Бельянинов. Ал революция өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө тескери таасирин тийгизерин белгиледи."Өнөктөштөр менен отуруп сүйлөшүү керек, мисалы биз Кыргызстандын элдер ассамблеясы менен байланышып турабыз. Кыргызстанда көп улуттагы элдер жашайт, орус тили мыкты жайылган. Шарт түзсөңөр эл өзү барат", — деген ал. © Sputnik / Владимир Трефилов Бельянинов: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө эки нерсе жардам берет Евразия элдеринин Ассамблеясынын иш багыттарынын бири бул элдик дипломатия болуп саналат. Өткөн аптада, 9-июлда, ассамблеянын отуруму өткөн. Анда уюмдун төрт жылда аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылып, пландар талкууланган. Евразия элдеринин Ассамблеясы бул мамлекеттик эмес уюмдардын жана активдүү турмуштук позициясы бар адамдардын эл аралык союзу болуп саналат. Евразиялык интеграциянын баалуулугун жана идеяларын ишке ашырууга умтулуу, тынчтыкты коргоо, достукту бекемдөө, өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилени чыңдоо — уюмдун негизги багыттары.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандагыдай кооз табият эч жерде жок, бирок туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөгө саясий туруктуулук зарыл. Мындай пикирин РФтин эмгек сиңирген экономисти, Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов билдирди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жолу" аталыштагы Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнө катышты. Бельянинов журналисттин "Евразия мамлекеттеринин ортосунда туризмдин мүмкүнчүлүгү канчалык, мындан Кыргызстан кандай пайда көрө алат?" деген суроосуна жооп берген."Саясий туруксуздук болгондо туризм өнүкпөйт... Кыргызстандагыдай ажайып, өзгөчө жерлерди башка жактан таба албайсың. Кереметтүү Ысык-Көлдөн тышкары уникалдуу тоолору бар. Деген менен туристтерди тартуу үчүн алардын коопсуздугун, тийиштүү шарттарды камсыздоо зарыл", — деген Бельянинов. Ал революция өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө тескери таасирин тийгизерин белгиледи."Өнөктөштөр менен отуруп сүйлөшүү керек, мисалы биз Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен байланышып турабыз. Кыргызстанда көп улуттагы элдер жашайт, орус тили мыкты жайылган. Шарт түзсөңөр эл өзү барат", — деген ал. © Sputnik / Владимир Трефилов Бельянинов: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө эки нерсе жардам берет Евразия элдеринин ассамблеясынын иш багыттарынын бири бул элдик дипломатия болуп саналат. Өткөн аптада, 9-июлда, ассамблеянын отуруму өткөн. Анда уюмдун төрт жылда аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылып, пландар талкууланган. Евразия элдеринин ассамблеясы бул мамлекеттик эмес уюмдардын жана активдүү турмуштук позициясы бар адамдардын эл аралык союзу болуп саналат. Евразиялык интеграциянын баалуулугун жана идеяларын ишке ашырууга умтулуу, тынчтыкты коргоо, достукту бекемдөө, өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилени чыңдоо — уюмдун негизги багыттары.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 9-июлга карата жалпысынан 127 591 киши коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады."Өлкөдө күнүнө 1000ден ашык адам вакцина алууда. Ушул жуманын башынан бери төрт күн ичинде 6000ге чукул адам эмделди. 5-июлда вакцина алгандардын саны 121 601ди түзсө, 9-июлда бул сан 127 591ге жеткен. Анын ичинен 83 001и вакцинанын экинчи дозасын сайдырышкан", — деп айтылат маалыматта. Бишкек шаары — 42 793; Ош шаары — 9 601; Чүй облусу — 21 887; Ош облусу — 14 269; Ысык-Көл облусу — 11 032; Талас облусу — 4 577; Нарын облусу — 4 720; Жалал-Абад облусу — 13 693; Баткен облусу — 5 019. Белгилей кетсек, бүгүн, 9-июлда, Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы келиши күтүлүүдө.
Sputnik_kg
Финансылык сабаттуулук боюнча изилдөө Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (OECD) методикасы менен адамдын финансылык билимине, жөндөмүнө жана мамилесине карап аныкталат. Мындай маалыматты Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Теңизбаев: Кыргызстанда финансылык сабаттуулук орто деңгээлде Анын айтымында, калктын финансылык сабаттуулугу боюнча эл аралык жакшы көрсөткүч 21 пайыз болсо, Кыргызстанда 12 пайызды түзөт."Финансылык сабаттуулук маселеси өзгөчө пандемия учурунда абдан актуалдуу болуп турат. Улуттук банк өлкөдөгү абалды 2012-жылдан бери көзөмөлдөп, көңул буруп келет. Мисалы, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (OECD) изилдөөлөрүнүн натыйжасында өлкөдөгү финансылык сабаттуулук деңгээли аныкталып келет. Уюмдун методикасына таянып, изилдөө жүргүзгөндө адамдын финансылык билими, жөндөмү жана акчага жасаган мамилеси каралып, абалды байкоого болот. Евразия өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жогору эмес, бирок орточо көрсөткүчтө экенин айтсак болот. Андыктан бул багытты өркүндөтө турган импульс бар", — деди Теңизбаев. Ошондой эле адис калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу максытында 2017-2020-жылдар аралыгында өкмөттүн программасы түзүлүп, жаш курактарына байланыштуу окуу куралдары иштелип чыккандыгын кошумчалады.
Sputnik_kg
Окуйм деген далалаты болсо биринчи курстарды жакшы колдоого алышат. Бул документтерди тапшыруудан тарта жолго кеткен акчаны кайтарып берүү жана медициналык камсыздандырууну камтыйт. Бул туурасында аталган ЖОЖдун маалымат кызматынан кабарлашты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Россиянын Красноярск аймагындагы Сибирь Федералдык Университети Окууга өтүү оңой: ЖОЖдун эшиги дайыма ачык СФУ өкүлдөрүнүн айтымына караганда, кирип жаткандагы сынактар менен документтерди онлайн тартибинде берсе болот: зарыл документтердин баарын сүрөткө тартып же сканерлеп жиберген жетиштүү. ЖОЖдун Бишкек шаарындагы тармактар боюнча багыт берген борборунан адистиктерди тандоо боюнча кеп-кеңеш алса болот. СФУнун кызматкерлери сайттын стистемасында жеке кабинетти ачууга жана тиешелүү документти сканерлөөгө көмөктөшөт. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит"Учурда катталып, андан соң онлайн тартибинде документтерди жана экзамен тапшырууга болот. Абитуриент сынактан өтүү убактысын өзүнө ылайыктуу сааттарда тандап алат. Система саат 10:00дөн тарта атайын жүгүртмө менен ачык болот. Убакыт боюнча айырманы эске алып, балдарга түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз. Башкысы ал шашпай, толкунданбай, болушунча ылайыктуу шартта экзамен тапшырып алышы керек", – деген СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит. Университетте түз телефондор жана колдо көрсөтүү боюнча атайын чат иштейт. Анда абитуриенттерге ЖОЖго катталууга, зарыл болгон документтерди толтуруп, жиберүүгө көмөк көрсөтүлөт. Эгерде биринчи курстун студенти өзүнүн сайттын системасындагы жеке кабинетине кайсы бир маалыматты калтырууну унутуп калса, ага сөзсүз байланышка чыгышат. Россияга жиберер алдында абитуриентке ал жакка баруунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүрүп беришет. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева"Негизинен документтер боюнча түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мага бардыгын түшүндүрүп берген кураторду жиберишти. Ал миграциялык кагаздарды толтуруу, каттоого туруу, аны канча убакытта жасап берери, даяр болгондорун кантип алып кетүү туурасында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди", – деди СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева. Кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Ал эми акча төлөп окуган студенттер үчүн жеңилдик берген системалар каралган. Университеттен адам окугусу келген жакка тапшыруу керектигин жана окуу жай таланттуу студенттерге көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экендигин айтышты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууда россиялык студенттердей эле мүмкүнчүлүккө ээ болот. Кантип келип, досторду кандай таап, камсыздандырууну кантип кылса болот Стипендия мүмкүнчүлүгүнөн сырткары СФУга тапшырган кыргызстандыктарга ЖОЖдун өзүнүн ар кыл бонустары да каралган. Анын ичинде окуй турган жерге чейинки жол кирени (15 миң рубль) кайтарып берүү бар. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Раида Токтоева: биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым."Биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым. Ал илимий изилдөөгө жана коомдук иштерге берилген 23 миң сом эле. Кийинчерээк коомдук ишке гана аралашып, 14 миң ала баштадым. Бул менин бир айлык эң зарыл деген чыгымдарымды жабат. Билгениме караганда, ар бир тармактагы ишмердүүлүк үчүн 10 миң рубль которулат. Бул илимий, коомдук, чыгармачыл жана спорт багыты болушу мүмкүн", – деп түшүндүрдү Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт. Окуу корпустарынан сырткары дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Мезит ата-энелердин баласын алыска жөнөтүп жатканда кабатыр болгонун түшүпү турганын айткан."Биз баласын үйүнөн алыс жиберип жаткан, биринчи курстун студенттеринин ата-энелерин жакшы түшүнөбүз. Кабатырланып, өзгөчө баласынын ден соолугун көп ойлошот. Андыктан, жакшы, толук кандуу полисти компенсация кылып беребиз, ага үнөмдөп кереги жок", – деди Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун чет элдик студенттер менен өзүнчө департаменти бар. Алар адаптацияга өтө көңүл бурушат. Чет элдик студенттер менен ЖОЖдун өзүнчө департаменти иштейт. Адаптацияга өтө көңүл бурушат."Эл аралык департаменттин түзүмүндө чет элдик студенттерди адаптация кылуу боюнча социалдык-маданий бөлүм иш алып барат. СФУда Элдердин достугу борбору иштейт, ал башка өлкөлөрдөн келген студенттердин союзу. Чет элдик бардык студенттер ачык жана тез достошуп кетишет. Жогорку курстагылар кийинкилерге активдүү жардам беришет. Жакында балдар аэропорттон өз өлкөсүнүн делегацияларын тосуп алышты", – деген Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда каалаган багытты тандап алып, студент өзүн көрсөтүп, мүмкүнчүлүгүн сынай алат. Маселен, сүрөтчү болгусу келсе, медиамектеп бар. Биринчи курстагы чет элдик студенттер үчүн орус тилин үйрөткөн бекер курс бар. Андан сырткары, экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот. Ар бир институтта тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ал эми ар бир жатаканада тьюторлор иш алып барат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Бүгүнкү күндө Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Жашаган жай, инфраструктура жана бош убакыт СФУнун студенттик шаарчасы экологиялык таза райондо жайгашкан."Университетте коридор жана батир тибиндеги жатакана бар. Чет элдик студенттердин көбү жаңы типтеги имараттарда экиден турушат. Окуу жайдын жатаканасында жашоонун баасы 1500 рубль", – деди Мезит. Ал жай 11,5 миң студентке эсептелген. Бул жерден чет мамлекеттен жана чет жактагы шаарлардан келип окуган студенттердин бардыгына орун табылат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирь Федералдык Университети Россия мыкты 20 университетинин катарына кирет."Биринчи курста коридор тибиндеги жатаканада жашадым. Азыр эң жаңы делген имараттардын биринде турам, бирок мурдагы жайыма кайтып барууга каршы эмес элем. Себеби эскирээк болгону менен анда студенттик маанай дароо сезилет. Жаңы жерде алар менен сейрегирээк кездешесиң", – деген Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУдагы экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот. Билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт, тагыраагы, дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Бардык конференция менен иш-чаралар, майрамдар өткөн жай кол сунсаң жеткидей жерде. Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен комплекс жана китепкана да өтө алыс эмес. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен жай - спорт комплекс өтө алыс эмес."Көптөрдүн ичинен СФУну тандап алганымдын себеби бул жерде жаштар үчүн жакшы нерселер бар. Каалаган багытыңды тандап алып, өзүңдү көрсөтүп, сынап көр. Сүрөтчү болгуң келеби? Медиамектепке кел. Алып баруучулукка кызыксаң, ал үчүн да атайын курстар иштейт. Кыскасы, бул жерде каалаган нерсеңе үйрөнсөң болот", – деп айтып берди Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске Бүгүнкү университет Бүгүн Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Алардын ичинен 140 студент Кыргызстандан барган. Жыл сайын КМШ мамлекеттеринде билим берүү көргөзмөлөрү жана тестирлөө өтүп турат. Анда СФУ өкүлдөрү абитуриенттерди ЖОЖдун мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801-орунда турат. Ал эми Россия ичинде мыкты 20 университеттин катарына кирет.
Sputnik_kg
Окуйм деген далалаты болсо биринчи курстарды жакшы колдоого алышат. Бул документтерди тапшыруудан тарта жолго кеткен акчаны кайтарып берүү жана медициналык камсыздандырууну камтыйт. Бул туурасында аталган ЖОЖдун маалымат кызматынан кабарлашты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Россиянын Красноярск аймагындагы Сибирь Федералдык Университети Окууга өтүү оңой: ЖОЖдун эшиги дайыма ачык СФУ өкүлдөрүнүн айтымына караганда, кирип жаткандагы сынактар менен документтерди онлайн тартибинде берсе болот: зарыл документтердин баарын сүрөткө тартып же сканерлеп жиберген жетиштүү. ЖОЖдун Бишкек шаарындагы тармактар боюнча багыт берген борборунан адистиктерди тандоо боюнча кеп-кеңеш алса болот. СФУнун кызматкерлери сайттын стистемасында жеке кабинетти ачууга жана тиешелүү документти сканерлөөгө көмөктөшөт. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит"Учурда катталып, андан соң онлайн тартибинде документтерди жана экзамен тапшырууга болот. Абитуриент сынактан өтүү убактысын өзүнө ылайыктуу сааттарда тандап алат. Система саат 10:00дөн тарта атайын жүгүртмө менен ачык болот. Убакыт боюнча айырманы эске алып, балдарга түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз. Башкысы ал шашпай, толкунданбай, болушунча ылайыктуу шартта экзамен тапшырып алышы керек", – деген СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит. Университетте түз телефондор жана колдо көрсөтүү боюнча атайын чат иштейт. Анда абитуриенттерге ЖОЖго катталууга, зарыл болгон документтерди толтуруп, жиберүүгө көмөк көрсөтүлөт. Эгерде биринчи курстун студенти өзүнүн сайттын системасындагы жеке кабинетине кайсы бир маалыматты калтырууну унутуп калса, ага сөзсүз байланышка чыгышат. Россияга жиберер алдында абитуриентке ал жакка баруунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүрүп беришет. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева"Негизинен документтер боюнча түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мага бардыгын түшүндүрүп берген кураторду жиберишти. Ал миграциялык кагаздарды толтуруу, каттоого туруу, аны канча убакытта жасап берери, даяр болгондорун кантип алып кетүү туурасында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди", – деди СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева. Кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Ал эми акча төлөп окуган студенттер үчүн жеңилдик берген системалар каралган. Университеттен адам окугусу келген жакка тапшыруу керектигин жана окуу жай таланттуу студенттерге көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экендигин айтышты. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууда россиялык студенттердей эле мүмкүнчүлүккө ээ болот. Кантип келип, досторду кандай таап, камсыздандырууну кантип кылса болот Стипендия мүмкүнчүлүгүнөн сырткары СФУга тапшырган кыргызстандыктарга ЖОЖдун өзүнүн ар кыл бонустары да каралган. Анын ичинде окуй турган жерге чейинки жол кирени (15 миң рубль) кайтарып берүү бар. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Раида Токтоева: биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым."Биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым. Ал илимий изилдөөгө жана коомдук иштерге берилген 23 миң сом эле. Кийинчерээк коомдук ишке гана аралашып, 14 миң ала баштадым. Бул менин бир айлык эң зарыл деген чыгымдарымды жабат. Билгениме караганда, ар бир тармактагы ишмердүүлүк үчүн 10 миң рубль которулат. Бул илимий, коомдук, чыгармачыл жана спорт багыты болушу мүмкүн", – деп түшүндүрдү Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт. Окуу корпустарынан сырткары дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Мезит ата-энелердин баласын алыска жөнөтүп жатканда кабатыр болгонун түшүпү турганын айткан."Биз баласын үйүнөн алыс жиберип жаткан, биринчи курстун студенттеринин ата-энелерин жакшы түшүнөбүз. Кабатырланып, өзгөчө баласынын ден соолугун көп ойлошот. Андыктан, жакшы, толук кандуу полисти компенсация кылып беребиз, ага үнөмдөп кереги жок", – деди Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУнун чет элдик студенттер менен өзүнчө департаменти бар. Алар адаптацияга өтө көңүл бурушат. Чет элдик студенттер менен ЖОЖдун өзүнчө департаменти иштейт. Адаптацияга өтө көңүл бурушат."Эл аралык департаменттин түзүмүндө чет элдик студенттерди адаптация кылуу боюнча социалдык-маданий бөлүм иш алып барат. СФУда Элдердин достугу борбору иштейт, ал башка өлкөлөрдөн келген студенттердин союзу. Чет элдик бардык студенттер ачык жана тез достошуп кетишет. Жогорку курстагылар кийинкилерге активдүү жардам беришет. Жакында балдар аэропорттон өз өлкөсүнүн делегацияларын тосуп алышты", – деген Мезит. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУда каалаган багытты тандап алып, студент өзүн көрсөтүп, мүмкүнчүлүгүн сынай алат. Маселен, сүрөтчү болгусу келсе, медиамектеп бар. Биринчи курстагы чет элдик студенттер үчүн орус тилин үйрөткөн бекер курс бар. Андан сырткары, экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот. Ар бир институтта тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ал эми ар бир жатаканада тьюторлор иш алып барат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Бүгүнкү күндө Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Жашаган жай, инфраструктура жана бош убакыт СФУнун студенттик шаарчасы экологиялык таза райондо жайгашкан."Университетте коридор жана батир тибиндеги жатакана бар. Чет элдик студенттердин көбү жаңы типтеги имараттарда экиден турушат. Окуу жайдын жатаканасында жашоонун баасы 1500 рубль", – деди Мезит. Ал жай 11,5 миң студентке эсептелген. Бул жерден чет мамлекеттен жана чет жактагы шаарлардан келип окуган студенттердин бардыгына орун табылат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирь Федералдык Университети Россия мыкты 20 университетинин катарына кирет."Биринчи курста коридор тибиндеги жатаканада жашадым. Азыр эң жаңы делген имараттардын биринде турам, бирок мурдагы жайыма кайтып барууга каршы эмес элем. Себеби эскирээк болгону менен анда студенттик маанай дароо сезилет. Жаңы жерде алар менен сейрегирээк кездешесиң", – деген Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета СФУдагы экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот. Билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт, тагыраагы, дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Бардык конференция менен иш-чаралар, майрамдар өткөн жай кол сунсаң жеткидей жерде. Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен комплекс жана китепкана да өтө алыс эмес. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен жай - спорт комплекс өтө алыс эмес."Көптөрдүн ичинен СФУну тандап алганымдын себеби бул жерде жаштар үчүн жакшы нерселер бар. Каалаган багытыңды тандап алып, өзүңдү көрсөтүп, сынап көр. Сүрөтчү болгуң келеби? Медиамектепке кел. Алып баруучулукка кызыксаң, ал үчүн да атайын курстар иштейт. Кыскасы, бул жерде каалаган нерсеңе үйрөнсөң болот", – деп айтып берди Токтоева. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Сибирь Федералдык Университетинде кыргызстандык 140 студент билим алат. Бүгүнкү университет Бүгүн Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Алардын ичинен 140 студент Кыргызстандан барган. Жыл сайын КМШ мамлекеттеринде билим берүү көргөзмөлөрү жана тестирлөө өтүп турат. Анда СФУ өкүлдөрү абитуриенттерди ЖОЖдун мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат. © Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801-орунда турат. Ал эми Россия ичинде мыкты 20 университеттин катарына кирет.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 2100-жылга карата Жер планетасындагылардын орточо курагы 126-130 жашты түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу " Известия" басылмасы Вашингтон университетинин окумуштууларынын айтканына таянып жазды. © Sputnik / Константин Михальчевский Узакка жашайм дегендер күнүнө беш жолу тамактанышы керектиги айтылды Адистер демография боюнча жасалган божомолдордун анализин жүргүзүп, узак жашоо боюнча эл аралык маалыматтар топтомун изилдеп чыккан. Андан сырткары, улгайгандардын карылык куракта жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн да байкоого алышкан. Окумуштуулар бул жүз жылдыкта адамзат 126-130 жылга чейин жашайт деген ыктымалдуулук 99 пайыз экенин аныкташкан. Изилдөөлөр Жердин жашоочуларынын 13 пайызы 130 жылдык юбилейин тосорун көрсөткөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандык FIFA ( Дүйнөлүк футбол уюму ) калысы Нурдин Букуев Дүйнө чемпионатындагы беттештерди тейлөөгө чакырылды. Бул кабарды өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы тастыктады. Футзал боюнча 2021-жылдагы дүйнөнүн мыкты командасын аныктаган мелдеш 12-сентябрдан 3-октябрга чейин Литва өлкөсүндө өтөт. Ага 24 курама команда катышып, ат салышат."Бул мелдеш Букуев үчүн рекорддук болуп эсептелет, тагыраагы, Дүйнө чемпионатына бешинчи ирет чакырылып жатат. FIFA уюмунун кыргызстандык калысы буга чейин төрт чемпионатты тейлеген. Чакыруу Кыргызстандын футболдук союзуна келип, Букуев катышууга макулдугун берген", — деп билдирди маалымат кызматы. Букуев Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси. Футзал адиси Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин тейлөө көксөгөн максаты экенин, 2021-жылы Литвада өтө турган мелдеште көздөгөн кыялы орундалып калышы ыктымалдыгын Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын Республикалык кароо сынагын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Сынак мыкты манасчыларды коомчулукка таанытып, улуу өнөрдү жайылтуу максатында уюштурулууда. © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР Айтса санаты бүтпөгөн Саякбай. Улуу манасчынын көпчүлүк көрө элек сүрөттөрү 18 Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. Иш-чаранын 1-баскычы район, шаар, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлсө, 2-3-баскычтары Бишкекте 5-августта боло турганы кабарланды. Алдыңкы орунду камсыз кылган манасчыларга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылып, Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат. Кароо-сынакка катышууну каалагандар паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана арызды министрликтин ncc07@mail.ru электрондук дарегине жибере алышат. Байланыш номерлери: 0312 66-24-04, 0774 36-95-10, 0709 21-07-33.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң рулдуу автоунааларды кураштырган, жаңылаган тетиктерди сырттан алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Министрлик 2015-жылы рулу оң тарабында жайгашкан автокөлүктөрдү өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбегендигин белгилейт. Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу автоунааларды кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө."Бул норманы оң рулдуу унааларды жаңыртуу үчүн пайдаланышууда. Анда кузовду алмаштырууга уруксат берилген. Ошону менен бирге иш жүзүндө каттоо учурунда эски транспорт каражатын каттоо документтерине жаңы машинанын маалыматтары киргизилип колдонулат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен токтомго өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты", — деп жазылган документте. © Sputnik / Евгений Епанчинцев Автоэксперт техникалык тейлөөдө акча үнөмдөөнүн жолдорун айтты Мындан улам руль оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына жаңы кузовдорду орнотууга, мурда жарактан чыккан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн. Мунун коммуналдык чарба, айыл чарба, жолдорду курууга (күтүү) пайдаланылган ( автокрандар, автобургулоочулар, автобетон аралаштыргычтар, чачып, жууган машиналар ) жана өкмөт тарабынан аныкталган транспортторго тиешеси жок экендиги айтылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Bloomberg агенттиги коронавируска каршы эң көп вакцина алган алдыңкы мамлекеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Агенттиктин иликтөөсүнө ылайык, эмдөө боюнча Бириккен Араб Эмирлиги Сейшел аралдарынан алдыга озуп кеткен. БАЭде калкынын 72,3 пайызы эмделген. Тагыраагы, 15,5 миллион адам коронавируска каршы вакцина алган. Ал эми Сейшел аралдарында вакцинанын 138 миң дозасы колдонулган. Бул калктын 71,7 пайызына жетиши керек. Рейтингдин үчүнчү сабына Бахрейн илинген. Аталган мамлекетте калктын 69,7 пайызы эмделип, 2,07 миллион вакцина колдонулду. Бешилтикке Мальта (683 миң доза вакцина, эмделгендер 69,1 пайыз) жана Кайман аралдары (89,6 миң доза, 68,9 пайыз эмделгендер) кирген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 437 кишиден коронавирус табылып, 568 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Жуктургандар: Бишкек шаары — 924; Ош шаары — 50; Чүй облусу — 142; Баткен облусу — 87; Ош облусу — 85; Жалал-Абад облусу — 78; Ысык-Көл облусу — 33; Талас облусу — 10; Нарын облусу — 7. Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 132 070ке жетип, анын ичинен 113 212 бейтап айыкты: Бишкек шаары – 315; Ош шаары – 65; Чүй облусу – 54; Ош облусу – 33; Нарын облусу – 3; Ысык-Көл облусу – 27; Жалал-Абад облусу – 58; Баткен облусу – 13. Акыркы 24 саат ичинде, тилекке каршы, вирус тогуз кишинин өмүрүн алды. Ушуну менен көз жумгандардын саны жалпысынан 2 046га жетти. Каза болгондор: Бишкек шаары – 3; Чүй облусу – 1; Ысык-Көл облусу – 2; Жалал-Абад облусу — 1; Ош шаары – 1; Ош облусу — 1. Азыркы тапта 4 126 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 193 кишинин абалы оор болсо, 176 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Bloomberg агенттиги коронавируска каршы эң көп вакцина алган алдыңкы мамлекеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. © Sputnik / Михаил Воскресенский Жаңы штаммды силер жаратып жатасыңар! АКШлык дарыгердин кайрылуусу Агенттиктин иликтөөсүнө ылайык, эмдөө боюнча Бириккен Араб Эмирлиги Сейшел аралдарынан алдыга озуп кеткен. БАЭде калкынын 72,3 пайызы эмделген. Тагыраагы, 15,5 миллион адам коронавируска каршы вакцина алган. Ал эми Сейшел аралдарында вакцинанын 138 миң дозасы колдонулган. Бул калктын 71,7 пайызына жетиши керек. Рейтингдин үчүнчү сабына Бахрейн илинген. Аталган мамлекетте калктын 69,7 пайызы эмделип, 2,07 миллион вакцина колдонулду. Бешилтикке Мальта (683 миң доза вакцина, эмделгендер 69,1 пайыз) жана Кайман аралдары (89,6 миң доза, 68,9 пайыз эмделгендер) кирген.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик искусствонун башында турган инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт. Кой кайтарып чоңойгон. Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон. Үйдө үй-бүлө башчысы комузду жакшы чертсе, апасы менен эжеси жакшы ырдаган. Өспүрүм эл арасында ырчы, комузчулардын өнөрүн көрүп шыктанып, жаштайынан музыкага жакын өскөн. Алматыга жөө жеткен. Октябрь революциясынан кийин элеттеги мектепти бүтүрүп Абдылас музыкалык билим алууну көксөп, ата-энесин эптеп көндүрүп Алматы шаарын көздөй сапар алат. Өзү курактуу эки өспүрүм менен бир жума бою жөө жүрүп көздөгөн жерине жетип, ал жактан Айыл чарба техникумунун даярдоо курсуна кабыл алынып, бир жылдан кийин Казакстандын агартуу институтундагы кыргыз группасына которулат. Коңшу республикада жердештери менен Кубанычбек Баялиновдун калемине таандык "Куйручук" комедиясын коюп, чыгармачыл топтордун ишине аралашат. © Sputnik / Александр Федоров / Абдылас Малдыбаев Белгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаев Актёр, аткаруучу, композитор... 20 жашында Фрунзеде жаңы ачылган педагогикалык техникумда окуусун улантып, сабактарынан бошогондо өзүнүн көксөгөнүн издеп ийримдерге катышып, оркестр, чыгармачыл топтордун катарына кошулган. Болочоктогу атактуу композитор менен бирге ал кезде Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Гапар Айтиев билим алган. Окууну бүткөндөн кийин театрдын студиясында иштеп, композитор Петр Шубинден да сабак алат. Андан соң драма театрга ишке кирип Атай Огонбаев, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбырай Туманов, Муса Баетов, Карамолдо Орозов, Калык Акыев, Шаршен Термечиков менен замандаш болуп, айрымдары менен чогуу эмгектенген. Ошол куттуу театрда актёр болуп образ жаратып, тенор үндүү ырчы "Алтын күз", "Ажал ордуна", "Көкүл", "Кыз-Жибек", "Евгений Онегин" спектаклдерине катышып, убакыттын өтүшү менен өзүнүн обондорун жарата баштайт. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты 33 жаштагы СССРдин эл артисти. 30-жылдары мыкты аткаруучу ондогон обон чыгарып, кыргыздын жазма акындары менен тыгыз иштешип эл арасында кеңири таанылган. Аалы Токомбаевдин эле жүздөн ашык ырын обонго салган. 30-жылдардын ортосунда Фрунзеге москвалык Владимир Власов, Владимир Фере келип, улуттук музыканы мыкты түшүнгөн адис катары Абдылас Малдыбаев экөөнү коштоп жүрөт. Чыгармачыл инсандар биргеликте Кыргыз ССРинин борборунда опера театрын ачууга аракет кылып, үчөө ал жылдары кыргыз артисттери үчүн мыкты чыгармаларды жаратып, кыргыз профессионалдык музыкасын негиздеген. Алар Жусуп Турусбековдун "Ажал ордунда" чыгармасынын негизинде музыкалык драмасын сунуштаган. Кийинки жылдары ар кыл жанрдагы бир топ эмгектерди жаратып, эң негизгиси, "Манас" эпосуна таянып биринчи улуттук "Айчүрөк" операсын жазышкан. Ал эмгек 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында коюлуп, Малдыбаев 33 жашында СССРдин эл артисти наамына татыган. Фронтко жөнөтпөй койгон. Композитор жалпы союздук деңгээлдеги атак-даңкка ээ болгонуна карабай 1940-жылы Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы улуттук студияга билим алганы кетет. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип окуусун токтотууга мажбур болот. Ал жылдары жаш талант башкалар сыяктуу эле фронтко кетүүнү көздөгөн, бирок жогору жактагылар жибербей койгон. Музыкант патриоттук ырларды, романстарды жазып, 1947-жылы консерваторияга кайра келип окусун уланткан. © Sputnik / Александр Федоров Белгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаев Коомдук ишмер, гимндин автору. Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган. Композитор 1950-жылдардын ортосунда Мурааталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жетектеп, 30 жылдай Композиторлор союзунун башында турган. Эмгек Кызыл Туу орденинин үч жолку ээси коомдук-саясий иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты Уул-кыздары да ата жолу менен кеткен. Таланттуу музыканттын аялы Батина Малдыбаева көп жыл театрда актриса болуп иштеген. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Толкун пианист, дагы бир кызы Жылдыз кыргыз кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи композитор, профессор жана КРдин эл артисти. Ал эми уулу Болот дирижёрлукту аркалап, көп убакыт билим берүү тармагында эмгектенип келет. Симфония жаратууну кыялданган. Абдылас Малдыбаев 1970-жылы "Манас" операсынын музыкасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, кийинки жылдары балдар музыкасына кайрылып, мектеп окуучулары үчүн окуу куралын жазат. Ал өзүнүн чыгармачылыгында ар кыл жанрдагы жүздөгөн эмгек жаратып, 70-жылдары Ала-Тоо жөнүндө симфония жазууну кыялданып жүрүп, 1978-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Азыр анын ысымын борбор калаадагы Опера жана балет академиялык театры жана бир көчө алып жүрөт.
Sputnik_kg
Инвестициялар министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү ведомство менен аталган компаниянын ортосунда Бишкекте монорельстик транспорттук система куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Буга чейин борбор калаа мэриясы "Бишкек монорельстик транспорт системасы" долбоорун иштеп чыккан. Муниципалитет жерден 5-7 метр бийикте курулган бир рельстүү жол аркылуу вагондорду каттатууну пландап жатат. Долбоордун негизги максаты — жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү жана коомдук транспорттун ишинин сапатын жакшыртуу. Рельстердин узундугу 37 чакырымды түзүп, анда 31 станция болмокчу. Эки линияда 150-180 кишини батырган вагондор каттайт. Эске салсак, бул маселе 2006-жылы көтөрүлгөн. Сегиз жыл өткөндөн кийин мэрия маселени иштеп чыгууга киришкени белгилүү болгон. 2016-жылы "Бишкек башкы архитектура" ишканасы шаардын 2025-жылга чейинки генералдык планын көрсөтүп, анда монорельстик жол дагы камтылган. Sputnik редакциясы монорельстик системанын кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери бар экенин билип көрдү. Монорельс — эстакада аркылуу рельс менен жүрүп, эл ташыган транспорттун бир түрү. Адатта ири аэропорттордун ичинде же шаар менен аэропорттун ортосунда, айрым учурда чоң-чоң эс алуу парктарында колдонулат. Алгачкы монорельстердин бири Германиянын Вупперталь шаарында 1901-жылы курулган. Ал ушул күнгө чейин иштеп, жылына 20 миллион жүргүнчү ташыйт. Ылдамдыгы саатына 60 чакырымга жетип, жолдун көпчүлүк бөлүгү суунун үстүнөн өтөт. Россияда жападан жалгыз Москва монорельси бар. 2000-жылдардын башында анын курулушуна 6,3 миллиард рубль кеткен. Узундугу — 4,7 чакырым. 2017-жылдан кийин чыгымы көп деп таап, жаап салышкан. Жылына аны тейлөө үчүн 800 миллион рубль кетчү. Артыкчылыктары: шаардын жолдорунда орун ээлебейт жана тыгындарды азайтат; метрого караганда курулушуна азыраак акча кетет; башка транспорттор менен дээрлик кагышпайт; эки рельстүү транспортко караганда чукул бурулуштардан жакшы өтөт; Кемчилиги: поезддер бийиктиктен кулап кетиши мүмкүн; авария болгон учурда вагондор токтотулса, айрымдарынан жүргүнчүлөр чыга алышпайт; тейлөө акысы кымбатыраак; монорельстик жолдор ири көлөмдө жүргүнчүлөрдү тейлей албайт; илинме монорельс кээде термелиши мүмкүн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өзбекстанда TikTok баштаган бир катар социалдык тармактар иштебей калды. Буга жеке маалыматтар тууралуу мыйзам бузуу себеп экенин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. Ага ылайык, маалымат жана телекоммуникация жаатында көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик инспекция Twitter, TikTok жана "ВКонтакте" жеке маалыматтарды бузган тармактардын реестрине киргизилгенин билдирди."Өзбекстандын аймагында бул ресурстарды колдонууга кемчиликтер аныкталып бүтмөйүн чектөө киргизилет", — деп билдирген мекеме. © Sputnik / Рамиль Ситдиков Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты Бир нече күн мурун өлкө президенти Шавкат Мирзиёев TikTok тармагындагы блогерлердин Амир Темир менен Алишер Навоини эстеликтерине шек келтирген видеолорун сынга алганы айтылат. Коңшу өлкөдө 2019-жылдын октябрында "Жеке маалыматтар жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирген. Анда жарандар тууралуу жеке маалыматтарды өздөрүнүн уруксаты менен гана чогултууга болору жазылган.
Sputnik_kg
© Фото / пресс-служба ЖК Кол чаап, чуу түшүп... Маалыматты манипуляциялоо мыйзамы өтпөй калды. Видео Эл өкүлдөрү Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан. Натыйжада төрага Талант Мамытов 5-июлдан 30-июлга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясына чакырган. Жалпы жыйындар шаршемби, бейшемби күндөрү өтмөкчү. Белгилей кетсек, регламентке ылайык, парламент 30-июнда каникулга тараган болчу.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кандай учурда COVID-19ду аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгы ката чыгып калышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде терапевт, токсиколог, жогорку категориядагы дарыгер Алексей Водовозов айтып берди. Роспотребнадзор мекемеси анализ туура чыгышы үчүн тест тапшырганга чейинки үч саат ичинде тамактанбай, тишти жана мурун көңдөйүн жуубай турууну сунуштайт."Эгер анализ тапшырар алдында киши суу ичип же чылым чегип койсо, вирустун кайсы бир бөлүктөрү "жуулуп" кетет дагы кийин анализ башкача чыгып калат", — деди Водовозов. © AFP 2021 / DIEGO RAMOS"Индия" штаммынын жаңы жагдайлары: ашказаны ооругандарды да жөн калтырбайт Ошондой эле адис анализ үчүн материалды алып жаткан учур дагы өтө маанилүү экенин кошумчалады."Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска анализ алып жатканда зондду адамдын мурдуна көзүнөн жаш чыгып кеткиче, тагыраагы, тереңирээк киргизүүнү сунуштайт. Бери жагынан алынган анализ дагы туура эмес чыгып калышы ыктымал", — деди адис. Ал кошумчалагандай, анализдин ката чыгып калган жыйынтыгынан улам дарылоо кечиктирилип, оору күчөп кетиши толук мүмкүн.
Sputnik_kg
Чек ара жаңжалынан жабыркап учурда чатырда жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн турак жайы августтун аягына чейин бүткөрүлөт. 31-август эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ачкычтарын колдоруна тапшырууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Абдикарим Алимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Алимбаев: чатырда жашап жаткандар 31-августка чейин үйлөрүнө киришет Анын айтымында, жалпысынан 140 турак жай курулууда."Чек ара коогалаңынан кыргыз тарап жалпы 1,5 миллиард сомго чукул чыгымга учураганын атайын комиссия иликтеп чыкты. Мунун ичинде жарандардын турак жайы, мал-мүлкү, автоунааларынан тарта социалдык объектилерге чейин камтылган. Окуядан жабыркаган жалпы 140 үй катталган. Алардын бардыгынын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары, каза тапкан 36 адамдын жакындарына Баткен шаарына өзүнчө үйлөр салынып жатат. Аны жергиликтүү курулуш компаниялары, ишкерлер колго алган. Аталган объектилердин баарын августтун аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз", — деди Алимбаев. Облус жетекчиси, мындан сырткары, социалдык имараттардын курулуш иштери да пландык негизде жүрүп жатканын кошумчалады. Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 218 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 17 оорукана даярдалган. 5-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын тогузунда гана орун бар. Ал эми сегизинде бош орун калбай калган. Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 4; № 2 клиникалык төрөт үйү — 28; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 3; Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10; Республикалык наркология борбору — 23; Улуттук госпиталдын мобилдик бөлүмү — 10; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 38; Улуттук госпиталдын терапия бөлүмү — 3; Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 99. Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда 1 437 бейтаптан коронавирус табылып, 9 бейтап каза тапты.
Sputnik_kg
2015-жылы башталган Балыкчы — Корумду жолу — өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Бул тууралуу Бектурсун Дыканбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Дыканбаев: Балыкчы — Корумду жолунун курулушу качан бүтөрү белгисиз Анын айтымында, аталган трассанын курулуш иштери 80 пайызга аяктаган."Балыкчы — Корумду жолунун жалпы аткарыла турган жумушу 4 миллиард 617 миллион сомго бааланып, мамлекеттик "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 4 миллиард 409 миллион сом менен каржыланган. Азыр 104 чакырым жолдун 84 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөн. 2020-жылы эпидемиологиялык абалга байланыштуу азыркы күндө акча тартыш болуп жатат. Ал эми Талас — Тараз — Суусамыр жолуна салынган жалпы инвестиция 49 жарым миллион АКШ долларын түзөт. Жолдун узундугу 200 чакырым. Талас шаарына чейинки 105 чакырымында жумуштар бүткөн. Калган 95 чакырым аралыкка каражат чогултуу иштери жүрүп жатат", — деди Дыканбаев. Адис каражаттын жетишсиздигинен Балыкчы — Корумду жолунун курулуш иштери качан бүтөрү белгисиз экенин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Караганда облусунун Улытау районунда талаадан өрт чыгып, жүздөгөн мал кырылганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от "Вечерняя Караганда" (@vk_gazeta) Интернетке колдонуучулар куйкаланып калган койлор менен өрттөнүп жаткан талаанын сүрөт жана видеолорун чыгарууда. Окуя болгон жерге райондун акими менен Караганданын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы учуп кеткен. Облустун 17 аймагында өрттүн очогу көзөмөлгө алынып, 350 кишиден турган өрт өчүрүүчүлөр менен ыктыярчылардын тобу иштеп жатат. Жалпысынан 70 техника тартылган.
Sputnik_kg
Кыска мөөнөттө жасалма интеллект жасап жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачса болот. Мындай пикирин Мирбек Окенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Окенов: жасалма интеллект боюнча адистерге суроо-талап жогору Анын айтымында, жасалма интеллект жасоого каражат көп талап кылынгандыктан өнүгүү жай жүрүүдө."Кыргызстанда жасалма интеллект түзүү 10 баллдан үч деген баа берсе болот. Бирок биздеги абал өтө жаман эмес. Дүйнөдө да бул тармак толук иликтенип, жолго коюла элек. Философиялык жактан пикирлер кагылышы болууда. Кээ бирлери анын жакшы тараптарын санап жатса, башкалары адамзатты жок кылат деген ойлору менен бөлүшүүдө. Эгерде туура кадамдарды таштасак, тез убакытта өнүгүүнү колго ала алабыз. Азыркы абалыбыздын төмөн болуп жатканы каражаттын тартыштыгы. Мисалы, жасалма интеллектти ишке киргизүү үчүн абдан кубаттуу компьютерлер керек. Орто Азияда биздин өзүбүздүн ордубуз бар. Буга чейин компьютерлер болгону анализ чыгарып, жардамчы болуп келсе, эми маалыматты анализдеп, чечим чыгарып, анын негизинде иш жүзүнө ашыра баштады. Жасалма интеллект боюнча адистерге дүйнө жүзү боюнча суроо-талап жогорулап, анын маанилүүлүгү артууда, — деди Окенов. Ошондой эле адис өлкөдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүлүшү маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект багытындагы чоң секирик экендигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы Кыргызстанда жалпысынан канча киши коронавируска каршы эмделгенин айтты. 5-июль саат 8:00гө карата өлкөдө 121 601 киши коронавируска каршы вакцина алды. Анын ичинен 81 174 адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырган. Облустар боюнча: Бишкек шаары — 39 131; Ош шаары — 9 019; Чүй — 21 640; Ош — 13 504; Ысык-Көл — 10 877; Талас — 4 539; Нарын — 4 718; Жалал-Абад — 13 269; Баткен — 4 904. Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда 1 437 бейтаптан коронавирус табылып, 9 бейтап каза тапты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Салык кызматы Ошто мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн алты май куюучу жайга 210 миң сом айып салды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Ош шаары жана облусунда жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органынын серверине реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайларда сатылуучу отун жөнүндө фискалдык маалыматтарды жашыруу фактысы табылган. © Sputnik / Табылды Кадырбеков 1-июлдан тарта ишкерлер жаңы кассалык аппараттарда иштеши керек Тагыраак айтканда, "МПА", "Ош ойл", "Кыргызстан", "Россия нефть", "Кыргыз Мунай" жана "Памир-Алай" май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун ( ЕАЭБ ТЭИ ТН коду ) онлайн-режиминде Салык кызматына берген эмес. Эскерте кетсек, май куюучу жайларда өткөн жылдын 1-июлунан баштап контролдук-кассалык чек басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга, ошондой эле ал маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүгө милдеттендирилген. Мындай тартипти бузган жеке ишкерге 12,5 миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом айып салынат. Салык кызматы күйүүчү май рыногундагы ишкерлерди талап кылынган ченемдерге ылайык иш алып барууга чакырат.
Sputnik_kg
Айтыш кыргыз-казакта эле бар деген туура эмес. Анткени көп улуттарда буга окшош өнөрлөр бар. Бул тууралуу Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Радио Кайыпов: Түркияда акындар эриндеринин ортосуна ийне коюп алып айтышат Анын айтымында, жазуу келгенде көп улуттарда бул өнөр жоголуп кеткен."Тарыхта алгач адамдарда топ-топ болуп ырдоо маданияты калыптанган. Анын ичинен таланты барлар жеке ырдоого бөлүнүшкөн. Бара-бара уйкаштык, обону менен ырдоону өздөштүрүп, кийин талантын, дараметин сыноо үчүн бири-бири менен айтыша баштаган. Учурда элдик жана акындар айтышы деп бөлүнөт. Элдик дегени топко бөлүнүп алып айтышуу болсо, акындар айтышы азыр биз күбө болуп жаткан айтыштар. Бул бардык элдерде болгон, айрымдарында азыр деле кездешет. Кийин жазманын пайда болушу менен көптөгөн улуттар бул өнөрдү жоготуп алышкан. Ал эми кыргыздарда жазмалыкты жоготуп алганда, фольклор өнүгүп, 19-кылымда төкмөлүк өнүгүп, жогорку чегине жеткен. 20-кылымдын башында кайрадан жазууга ээ болуп, ошол оозеки сакталып калгандарды жазып, изилдөөгө мүмкүндүк түзүлдү. Андыктан учурда коомчулуктагы айтыш өнөрү кыргыз менен казакка эле таандык деген пикир туура эмес. Ошол эле Сергей Есенин, Владимир Маяковскийлер төгүп жиберген учурлары бар. Азыр деле Түркияда акындарды "ашык" деп коёт. Алар атайын акындар рестораны деген бар, ошолордо айтышып, алым сабак ырдайт. Эрзурум, карс акындарында айтыш ушунчалык өнүккөн. Буга бир мисал келтире кетейин. Аларда "леп деймез" делет, которгондо эрин тийбес дегенди түшүндүрөт. Барпынын "эки илебиң кызыл гүл" дегени ошол эриниң кызыл деген мааниде. Ошол "леп деймез" ыкмасына ылайык, эки эринди тийгизбей ырдап, б, м, п деген сыяктуу тыбыштарды колдонбой ырдашат. Эки эрин тийип кетпеш үчүн эки эриндин ортосуна ийне коюп алышат. Демек, азербайжан, өзбек, түрк жана башка улуттарда деле төкмөлүк бар", — деди Кайыпов. Окумуштуу төкмөлүк өнөр түбөлүк сакталбай турганын кошумчалады.
Sputnik_kg
Энерготашуучулардын наркын божомолдоо — берекесиз иш. Бирок рыноктогу абалды талкуулоо кызыктуу. Башкысы азыркы баалардын канчалык туруктуу экенинде, себеби рыноктун мыйзамына ылайык кымбат баа кошумча сунуштарды, андан соң рыноктун сууй түшүшүн өбөлгөлөйт. Ошондой жагдай түзүлүшү мүмкүнбү? Бул жагынан караганда мунай, газ рыногундагы кырдаал окшошуп да кетет, айырмаланып да турат. Окшоштугу – кошумча сунуштун потенциалдуу булактарынын биринде, атап айтканда, Кошмо Штаттардагы сланецтик мунай жана газ казуу... Айырмачылыгы – кымбат баага реакция кылуунун ылдамдыгында. Мунай жаатында баары бачым жүрөт. Кырдаалга РИА Новости баам салды. Адегенде мунайдан баштайлы. Мында кымбат баанын себептери белгилүү. Суроо-талап калыбына келүүдө, ал эми чектөөлөр акырындап жоюлуп жатканы менен ОПЕК+ келишими дале күчүндө. Бирок күнүнө төрт миллиондон ашуун баррель мурдагыдай эле ушул макулдашуунун алкагында бекитилген бойдон. Ага катар эле ОПЕК+ келишиминин чегинен тыш жерлерде сланецтик мунай казуу акыркы жылдары жетиштүү инвестицияланбаганынан улам сунуш токтоп калган. Ошондуктан америкалык сланецтик мунай казууга кызыгуу күч алды. Окуялардын өнүгүшүнүн стандарттык логикасы анык, акыркы жылдары анын тегерегинде рынокто тактика түзүлүүдө: өтө кымбат мунай сланецтик кен казууну өбөлгөлөп, бул сунуштун өсүшүнө жана баанын төмөндөшүнө түртөт. ОПЕК+ тобунун рыногундагы мунай таңсыктыгы жана ашыкча болуп турган маалда кен казууну жогорулатып же азайтуу абзел. © Sputnik / Евгений Одиноков Россия бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин карайт Теорияда баары түшүнүктүү, бирок иш жүзүндө бул ыкманы ишке ашыруу алкагында ОПЕК+ келишиминин катышуучулары арасында талаш-тартыштарга күбө болуп келебиз. Бааларды кымбат деңгээлде кармап турууну жактагандардын жүйөсү да бар: сланецти калыптандыруу абдан жай жүрүп, америкалык мунай казуу дээрлик жогорулай элек. Бургулоочу орнотмолордун саны ушул тапта болгону 40 пайызга гана жанданган, жогорулашы да мүмкүн. Башкача айтканда, бул ирет америкалык сланецчилер маңызында ОПЕК+ келишимине кошулгандай эле болду. Кен казууну көбөйтпөстөн, баа жогору кармалып турган убакта карыздарын, акционерлерге акчаларын кайтарууну ылайык көрүштү. Анткен менен 75-80 доллар да – алар үчүн көлөмдү жогорулатууну ойлонууга азгыра турган баа. Кантсе да мында белгисиздиктин үч фактору бар. Биринчиден, ОПЕК+ келишиминдеги жаңы пикир келишпестиктердин белгилери. Бул азыркы чектөөлөрдүн узартылышы менен да, жаңжал, анан да кен казуу көлөмүнүн көбөйүшү менен да аякташы ыктымал. Экинчиден, АКШдагы кен казуунун өсүшүн өбөлгөлөй турган мунайдын кымбат баасы. Ал эми үчүнчүдөн, "иран фактору". Бирок газ рыногу да андан кем эмес, мында да баалар көп жылдык максимумдарды көрсөтүүдө. Себептер көп, азыр алар айкын да болуп турат. Анткен менен жарым жылдай эле убакыт мурун рынокто таптакыр башкача маанай эле. Азыр суюлтулган жаратылыш газы Азияга кетүүдө, Европада көмүркычкыл эмиссиясына квоталардын баасы жогорулоодо. Биз мында келечектеги суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун жоромолдоодон алыспыз, таразанын эки табагында тең белгисиздиктер бар. Анан да газ жаатында аба-ырайы фактору да роль ойнойт. Газдын кымбат баасы да туруксуз деген пикирлер көп айтылат, анткени андай жагдайда АКШ бүт дүйнөнү суюлтулган жаратылыш газына толтурмак. Баары бат эле алмашып турган мунай рыногунан айырмаланып, суюлтулган жаратылыш газын алуу үчүн кошумча заводдорду курууга туура келет. Ал эми буга кеминде эле дагы төрт жыл керек. © AP Photo / Lolita Baldor Орустар эле эмес... Жаңы оюнчу америкалыктарды сүрүп чыгаруудабы? АКШда газдын ички баасы да кыйла өстү, бирок азыркы баанын тушунда деле суюлтулган табигый газын экспорттоочулар глобалдык рынокто дурус пайда көрүүдө. Бирок мунайчылар кааласа, нефтинин бааларынын азыркы толкунун да тез эле өздөштүрүп алышы ажеп эмес. Ал эми газ тармагында андайга жол берилбейт. Акыркы жылдары дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер арасында төмөнкүдөй бир пикир кеңири таралган: "Газпром" АКШда суюлтулган жаратылыш газынын жаңы заводдорун курууга түрткү болбош үчүн Европада баалардын өсүшүнө жол бербөөгө бар күчүн жумшайт. Чындап эле, көпчүлүк учурда "Газпром" Европага экспорт көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылган. Мындайда экспортту жогорулатуу негизги максат эмес, болгону жогоруда аталган жагдай буга себеп болгон. Бирок абал өзгөрдү. "Газпром" ушул тапта "Түндүк агым — 2" долбоорунун ишке киришин күтүп, ошондон улам газды Украина аркылуу жеткирүүгө ашыккан жок. Европалык газ сактагычтарындагы таңсыктык "Түндүк агым – 2нин" ишке берилишине саясий тоскоолдуктарды азайтары турулуу иш. Кандай болгон күндө да мурда иштеген концепция азыр жокко чыгарылган. Ага катар эле кымбат баанын тушунда "Газпром" кошумча киреше табат. Ошентсе да азырынча биз Кошмо штаттарда суюлтулган жаратылыш газ заводдорун куруу боюнча акыркы инвестициялык чечимдердин кабыл алынганын байкай элекпиз. Бирок глобалдык суроо-талап жана сунуштардын узак мөөнөттүү балансында америкалык суюлтулган газга кыйла үлүш түшөт. Ошондуктан АКШда бул багыттагы жаңы заводдордун курулушу толук мүмкүн, бирок рынокко анын таасири бир нече жыл өткөндө гана байкалары бышык.
Sputnik_kg
ОШ, 5-июл. — Sputnik. Алай районунда жол кырсыгынан 57 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди. Окуя 1-июль күнү саат 15:00дөр чамасында Ош — Эркечтам унаа жолунун 177-чакырымында, тактап айтканда, Талдык ашуусунда болгон. © YouTube / УВД ДЖАЛАЛ-АБАД Үрөй учурат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарынын видеосун топтоду Өзгөн районунун 59 жаштагы тургуну Т.З. Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып рулун башкара албай жолдун оң тарабындагы бетон тосмону сүзүп, аласалып кеткени айтылат. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун 58 жаштагы жубайы М.Х. ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми бир жаштагы небереси ооруканада жатат. Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik."Түндүк электр" ишканасы карызын төлөбөй жүргөн 6,1 миң абоненттин жарыгын эртең, 6-июлдан тарта, өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады. Аталган абоненттердин карызы беш миллион эки жүз миң сомду түзөт. Жарык "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. "Түндүк электр" абоненттерин карызды төлөөгө чакырат. © AFP 2021 / FRANCK FIFE Ошто салыкты жашырган 6 май куюучу жайга айып салынды. Тизме Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" http://kyr.se.kg/balance деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат. Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" түнү-күнү иштеген 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат. Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА банк" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары жана "Айыл банк", "ДосКредоБанк", "БТА банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Талибдер менен болгон кагылышуудан кийин Тажикстан Афганистандын дагы 1000ден ашык аскерин чек арадан өткөрдү. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүнө таянып Sputnik Тажикстан кабарлады. Ага ылайык, 5-июлга караган түнү "Талибан" согушкерлери Бадахшан провинциясындагы алты уездди басып, толугу менен көзөмөлүнө алган. Анын ичинде Тажикстан менен чектешкен Хохон, Шикай, Нусай, Мохимай, Шугнон жана Султон Ишкашим уезддери бар."Куралдуу кагылышуудан кийин Тажикстан өз аймагына Афганистандын 1 037 аскерин чек арадан өткөрдү. Жеке курамды сактоо үчүн Шохон аймагынан 104, Рузвайдан 213, Нулванддан 83, Хумрогиден 173, Темден 312, Ишкашимден 102 жана Лангардан 50 адам кирген", — деп айтылат билдирмеде. WAKIL KOHSAR Афганистан: АКШ аскерлери чыгары менен Баграм авиабазасы талоондо калды Маалым болгондой, чек арадагы аталган аймактар тажик чек арачыларынын көзөмөлүндө. Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Өкмөттүн күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз кагылышуу чек арада жайгашкан төрт облуста болуп жатат. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын 28 районунун 18и өткөн. Май айынан бери талибдер Афганистандын 150дөн ашык районун басып алышкан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Афганистандын өкмөттүк күчтөрү талибдер басып кирип жаткан түндүк региондоруна контрчабуул пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохибге таянуу менен билдирди. Ал талибдер америкалык жана чет өлкөлүк күчтөр чыгып кетип жаткандагы вакуумду пайдаланып, эскертүүсүз чабуул койгонун белгилеген. “Албетте, сөзсүз түрдө контрчабуул жасалат. Бул афган коопсуздук күчтөрүнө капыстан басып кирүү болду, себеби биз согушту эмес, тынчтыкты күтүп турганбыз”, — деген пикирин билдирген Мохиб. © Sputnik / Сайед Али АКШ Борбор Азиянын үч өлкөсүнөн 9000 афганга баш калкалоо берүүнү суранууда Ошондой эле ал Афганистан эли эркин болгусу келгенин жана алар талибдерди афган өкмөтүнүн курамынан көргүсү келерин айткан. Аны менен катар “Талибдер кыймылы Афганистанды башкарып, афган эли кандай жашашы керектигин таңуулоосун каалабайт” деген билдирүү жасаган. Мурдараак БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү, Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиянын башчысы Дебора Лайонс майдан бери талибдер Афганистандын 370 районунун 50сүн басып алганын билдирген. Бул учурда АКШнын жана НАТОнун аскерлери өлкөдөн чыгып бараткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясында коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйыны өтүп, ага эксперт-консультант катары пульмонолог Талантбек Сооронбаев жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордун жетекчилери чакырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, жыйында пульмонолог ордо калаада эпидемиологиялык кырдаал кыйындап жаткандыктан бир катар сунуштарын айтты."Дарыгер оор учурлар боюнча консилиум өткөрүп туруу үчүн ар бир медициналык жайда мультидисциплинардык команда түзүлүшү керектигин сунуштады. Ошондой эле ооруну натыйжалуу дарылоо үчүн сөзсүз кандагы газга анализ жасоо зарылдыгына токтолду. Кандагы газ организм кычкылтекке канчалык каныккандыгын көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Бишкекте өткөн суткада эле 924 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен 76сында оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Оору жуктургандардын 111и стационарга жаткырылган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik."Талибан" кыймылынын делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анда кыймылдын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен."Жолугушууда Ислам эмирлигинин (талибдердин башкаруу системасынын өзүнө-өзү койгон аталышы — ред.) делегациясы афган жерлерин кимдир-бирөөгө каршы колдонбоо боюнча позициясын дагы бир ирет кайталады", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, алар коңшу өлкөлөр менен чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштей берерин белгилеген. © AFP 2021 / NASEER SADEQ Союздаштар кол сунат: тажик-афган чек арасында ЖККУнун ыкчам тобу иштөөдө Делегациянын Москвага болгон сапары эки күнгө созулат. Аны "Талибан" кыймылынын Катардагы саясий офисинин жетекчилеринин бири, афган жарандары менен байланышуу боюнча департаменттин башчысы Шахабуддин Делавар жетектеп келген. Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдер согушуп жатат. Алар өлкөнүн көпчүлүк айыл аймактарын басып алып, ири шаарларга дагы чабуул коюуда. "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Айрым афган аскерлери Тажикстандын аймагына качып кирүүдө. Ал эми Тажикстан абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюмундагы союздаш өлкөлөрдөн жардам сураган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Мыйзамсыз баюуга шектелген Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төлөгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Атайын кызмат өткөн айда анын кызмат абалынан пайдаланып, материалдык киреше алуу максатында жеке компанияларга көп кабаттуу үй куруу үчүн уруксат кагаздарын мыйзамсыз бергендигин аныктаган."Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Уланбек Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта. Факт боюнча жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктундагы ("Билип туруп мыйзамсыз аракет жасоо") кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылды. Уланбек Азыгалиев 2019-2020-жылдары Бишкектин шаар куруу жана архитектура департаментинин суроолору боюнча вице-мэр болуп иштеген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда бир жаран жаңылыштыгын мойнуна алып, "Йакын-Инкар" диний уюмунан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, диний экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кочкордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анда Б.у.Ш. аттуу жарандын өлкө аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар экендиги аныкталган."30-июнда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.у.Ш. жаңылыштыгын мойнуна алып, бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты. Ошондой эле райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга чакырды", — деп айтылат маалыматта. УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдар боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.
Sputnik_kg
2021-жылы маданий иш-чара Франциянын көгүлтүр жээгинде болду. 74-жолу уюштурулуп жаткан Канн кинофестивалы 6-июлда башталган, 17сине чейин созулмакчы. Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн кызыл килемге чогулган мыкты актёр, актриса жана режиссёрлорду көрүңүз.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) эл аралык байкоочулар тобун Молдовага жетектеп барат. Бул тууралуу ПАА кеңешинин катчылыгы маалымдады. Молдовада парламенттик шайлоо өтөт. Матраимовду эл аралык байкоочулар тобунун коодинатору кылып КМШ ПАА кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко дайындаган."Парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары шайлоого узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүштү. Добуш берүү күнү КМШ ПААнын жүздөн ашуун байкоочусу республиканын өзүндө жана башка өлкөдөгү шайлоо участкаларында иштейт. ПААнын байкоочулары КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында щайлоого мониторинг жүргүзөт. Ал миссияны ПААнын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий жетектейт", — деп айтылат маалыматта. Молдовадагы парламенттик шайлоо 11-июлга дайындалган. Ага 20 саясий партия, эки блок жана бир көз карандысыз талапкер катышууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын айрым райондору электр энергиясыз калды. Буга авариялык кырдаал себеп болгонун Sputnik Кыргызстанга "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Жарык өчкөндүгү боюнча чакыруу Чүй проспектисиндеги объектилерден, Осмонкул, Гоголь, Сүйүмбаев жана Ибраимов көчөлөрүнөн да келип түштү. Мындан сырткары, шаардыктар "Бишкек сегодня" https://t.me/bishkektoday Telegram-тобунан да айтып чыгышты. Электрдин үзгүлтүккө учурашынын так себеби азырынча белгисиз. Ремонттоочу топ аны калыбына келирүүгө киришкени айтылды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын айрым райондору электр энергиясыз калды. Буга авариялык кырдаал себеп болгонун Sputnik Кыргызстанга "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. © AFP 2021 / CHRIS DELMAS Жаңы тариф киргизүүнү токтото туралы. Депутаттардын сунушу Жарык өчкөндүгү боюнча чакыруу Чүй проспектисиндеги объектилерден, Осмонкул, Гоголь, Сүйүмбаев жана Ибраимов көчөлөрүнөн да келип түштү. Мындан сырткары, шаардыктар " Бишкек сегодня" Telegram-тобунан да айтып чыгышты. Электрдин үзгүлтүккө учурашынын так себеби азырынча белгисиз. Ремонттоочу топ аны калыбына келирүүгө киришкени айтылды.
Sputnik_kg
Америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өкмөт жакшы куралданган душман менен бетме-бет жалгыз калды. Бул кудум туура 32 жыл мурун Афганистандан советтик армия чыгып кеткенденден кийинки көрүнүштү эске салат. Тарыхтын кайталанып-кайталанбаганы жана согуш кандай кесепеттерге алып келгени туурасында РИА Новости агенттиги репортаж даярдады. 90-жылдардагы балалык жана жаштык Кабулдуктар бири-бирине Жо Байдендин "Талибандын" талаа командири Абдулла Гани Барадар менен өбүшүп жаткан сүрөтүн салууда. Кадимки Леонид Брежнев менен Эрик Хоннекердин түспөлү. Калаа тургундары арасында америкалык лидер курал-жарагы менен техникасын моджахеддерге атайылап таштап кеткен деген тамаша күчөп жатат. Талибдердин согуш талаасындагы ийгилиги эки ача пикирди жаратууда: АКШ менен НАТОну жеңип, өлкө аймагынан баскынчылардын куулушу бир жагынан сыймыкка бөлөп жатса, "Талибандын" өз эмирлигинде орноткон тартиби көптөрдүн эсинен кете элек."Алар "Байден, курал үчүн рахмат!" деп жатышса керек", — дешет кабулдуктар. © Ruptly Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео Америкалыктар талибдер менен 20 жыл согушту, албетте, аларга жардам берүүнү деле ойлобосо керек. Афганистандын Вашингтонго ыктаган азыркы өкмөтү бийлик деп өз элин эмес АКШны эсептеп, бир жаңылды. Эми союздаштары кеткенден кийин режим абада калкып, кырдаал бийликтин тарапташтары аз экенин көрсөтүп койду. Бул тууралуу жергиликтүү саясатчылар ачык да, жашырынып да айтып жүрүшөт. Самандар телефонунан өбүшүп жаткан саясатчылардын мемин көрсөтүп, андан соң кайра олуттуу боло түштү. 1996-жылы, талибдер Кабулга эч каршылык көрбөй кирип келгенде, ал болгону 10 жашта эле. Афганистан Ислам Эмирлигинин борборунда өткөн бала чагын, жаштыгын эстеп кетти. "Тартип бекем болчу, уурулукка жол берилчү эмес. Колуңду чаап салышчу. Бүттү, ошентип колу жок калчусуң, ай-буйга келишчү эмес" деп эскерет Самандар."Чынын айтсам, туура эмес эле болчу. Кимди көрсөтсө ошол ууру болуп калар эле, балким анын таптакыр күнөөсү жоктур. Ошентсе да уурулук кылганы үчүн колдон ажыратуу — жакшы иш эмес". Самандар этият сүйлөйт, согуш жүргөн Афганистанда тилиң тишиңе күбө. Дароо жеткиришет. Ошентсе да көңүлүнө көк таштай тийген учурду айтып алды: "Болгон нерсенин баарына кийлигишишчү. Жинсыга да тыюу салышкан, улуттук кийим кий деп кыйнашар эле, же анысы улуттук болсочу, Пакистандан алып келинген кийим. Жинсы кийген боз бала элем, жеткиришиптир. Камчы менен сабашкан. Ооруганын сурабаңыз. Анан да элдин көзүнчө сабалганым аябай катуу тийген". Шишкебекчи Халик да 1996-жылы кичинекей бала эле. Атасын өлтүрүп кеткенден кийин жети жаштагы бала бүлөгө баш болот."Ошондон бери баарынын милдети менин мойнумда. Эми "Талибан" келет. Жашаш керек", — дейт ал. Халик эртеңки күнгө баш ооруткусу келбейт, келечек алдап коерун жакшы түшүнүп калган. 20 жыл мурун америкалыктардын келгенине абдан кубанган эле, эми алар жок. "Мындан көрө таптакыр эле келбей коюшса болмок экен, эптеп баары ордуна келмек да". Советтер Союзу тууралуу да айтып, СССР Афганистанга көп нерсе куруп кеткенин белгиледи. Туткундан качуу Изатулло айрым шарт менен сүйлөшүүгө макул болду. Жолдон айдоочуну коопсуз жердеги дүкөнгө токтотуп, тамеки — мыйзамдуу баңгизат сатып алды. Эч ким ага кой-ай дебейт, камуфляж кийген Изатуллодон баарын күтүүгө болот. Таксист кайтарым акчаны көпкө чейин санады окшойт, жини келген Изатулло рулдун жанында турган акчанын баарын алып кетти. Жанынан түңүлгөн айдоочу унчуккан да жок. Кафеде Изатулло офицердик погондорун жашырып келген жоолугунун учун эки жакка жыйнап койду. Спецназдын да белгилерин алып салган. Туткундалышы да кадимкидей эле болгон. © REUTERS / JALIL AHMAD"Талибан"* – 2021". Кыймылдын абалы азыр кандай?"Курчап алышты, ок түгөнгөн. Туткунга түшкөндөрдү бөлүштү. Адатта дайым ушундай кылышат, мындан улам башкалардын эмне болгону боюнча кабарым жок. Анан колумду байлап, оттон алып чыккан бычак менен кескилей башташты. Эмнеге дейсизби? Жок, сырымды билели деле дешкен жок, жөн гана өч алышты. Биз көбүн жок кылганбыз да", — деди ал. Изатулло эсин жоготкон кишидей болуп жатып калган. Ошондой эле болуптур, баңгизат колдонгон согушкер көпкө чейин кыйнаган экен. Ошентип аны жерде жаткан боюнча таштап кетишет. Изатулло бычак таап, жиптерди кесип, качып чыккан. Жеңин түрсө колунун баары кесик. Курткасын да өйдө кылды эле, денесинин баарында бычактын изи."Талибдер жолуман чыксабы?.. Кандай эмне кыласың, буга чейин деле өлтүрүп келгем, эми деле ошентем. Алар эч кимди аябайт. Согушка бир нерсе сайгандан кийин чыгышат, эмне сайып жатышканын бир кудай билет", — дейт жоокер. Туткундан качып чыккан спецназдын эч ким менен элдешкиси жок. Сүйлөшүүгө кызыгы тарап кеткендей. Бир маалда аябай каржалып турганын айтты: жаракат алгандан кийин көпкө чейин өзүнө келе албай жүргөн, пенсиясы жарытпайт. Акча алгандан кийин автоунааларды аралап, жолду кесип эле өтүп кетти. Афганистандыктардын баары эле ушинтип жүрөт деңизчи, бирок Изатулло эки жакты да караган жок. Айдоочулар андан өздөрү кыйгап өтүүгө аракет кылып жатышты. Узак согуштун баатырлары Кабул — дарбазалар шаары, расмий имараттар дарбаза менен курчалган. Бардык жерде баатырлардын сүрөтү илинген, Ахмад Шах Масуддун сүрөтү көбүрөөк. "Панжшер арстаны" мультфильм каармандары менен биргеликте кондитердик дүкөндө да илинип турат. "Афган балдары үчүн кимиси кыйын: Масудбу же Спайдерменби?" деген тамашалуу суроого дүкөнчү: "Алар мультик көрөт да, ошентсе да Масуд го. Анткени өлкөдө согуш жүрүп жатат. Балдарга ата-энелери айтып берет", — деп жооп берди. Масуд легендарлуу саясатчы Бурхануддин Раббани тарабынан негизделген "Афганистандын ислам коому" саясий партиясынын командири эле. Раббани Афганистандын президенти болуп, кийинчерээк, Каршылык маалында (1996-2001-жылдар) "Талибан" менен күрөшкөн Түндүк Альянсты жетектеп келген. 2011-жылы жан кечтинин колунан каза тапкан. Бурхануддиндин баласы Салахуддин Раббани ички иштер министри болуп, ушу тапта атасы түптөп кеткен партияны жетектейт. © Sputnik / Сайед Али Борбор Азия "америкалык" афган качкындарынын айласын кантип табат? Салахуддин Раббани өлкө 1990-жылдарга кайтты дегенге кошулбайт. "Эл аралык коомчулук афган эли тарапта. Ал эми талибдер көп эле нерсенин башын айтып жатышат, бирок эл алардын системасын, динди интерпретациялашын кабыл албайт, маселе ушунда. Экинчи жагынан коомчулуктун түркүн катмарынан турган инклюзивдүү өкмөт зарыл. Афганистан — мультиэтникалык өлкө, биздин күчүбүз да ушул ар түрдүүлүктө", — дейт маектеш."Афган эли чет өлкөлүктөр качандыр бир кезде кетерин жакшы билчү. Бирок аскерлерди чыгарып кеткен ыкма биз күткөндөй болгон жок, жоопкерчиликсиз кадам жасашты. Дохада келишимге кол коюлгандан кийин эле аскерлер чыгарыла баштады, өлкөдө күчүнө ишене түшкөн талибдер менен макулдашуу процессине катышпаган өкмөт калды. Тынчтык сүйлөшүүлөрдө эч кандай прогресс болгон жок. Бирок талибдердин азыркы ийгилигине карабастан алар артка чегинет. Жеңилүү аларды сүйлөшүүгө барууга аргасыз кылат". Афган маселесин күч менен чечүү мүмкүн эмес, бир пикирге келүү абзел. Муну "Талибан" да жакшы түшүнүп турат. Коштошуп жаткан маалда Раббани: "Баграмда болдуңузбу? Чындап эле качып кетишиптирби?" деп сурады. Жооп уккан соң колун сунуп: "Жеңилсе да советтик жоокерлер күндүз кадыр-баркы менен чыгып кетти эле", — деди. Сыягы, бул тарых кайталанат деген учур эмес окшойт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Шейшемби, 6-июль күнү, Бишкектин кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. Бригадалар Бишкекте жана жаңы кошуштарда трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт. Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар: 9:00дөн 17:00гө чейин — Байтик баатыр, Москва, Тыныстанов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, Жаш гвардия проспектисиндеги № 38а дарегинде, 10-кичи райондогу № 3 үйдө жана Керемет, 110-квартал (Месароша, Профсоюзная көчөлөрү) конуштарында; 9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Арча, Арча-Бешик (Набережная, Ойсул-Ата, Термечиков, Миң-Куш, Абдрахманов, Кара-Коо, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү) жана Ак-Өргө (Өмүр, Алты-Бакан, Мажүрүм, Саадак, Ак-Көчө, Тогуз-Канат, Күн-Көчө көчөлөрү) конуштары; 9:30дан 18:00гө чейин — Суванбердиев көчөсүндөгү № 102 үй.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Искакова коронавирус менен симптомсуз ооругандар кантип аныкталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүрүп берди. © Sputnik / Виталий Белоусов Кыргызстанда жалпы 121 601 киши коронавируска каршы эмделди Белгилей кетсек, мэрия коронавирус аныкталгандарды симптому менен жана симптомсуз ооруп жаткандар деп экиге бөлүп берет. 3-июлга карата ордо калаада 907 кишиден коронавирус табылып, анын 431инен эч кандай симптом байкалган эмес. Ал эми 5-июлга карата 924 адамдан коронавирус аныкталса, анын 76сы симптомсуз экени айтылган. Симптому жоктордон медиктер коронавирусту кантип аныктап жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерге кайрылган."Коронавирус аныкталган адамдар менен байланышта болгондордон, маселен, жолдошу, балдары же жакындарынан да анализ алынат. Бул учурда айрымдарында оорунун эч кандай белгилери жок, бирок ПЦР-тести оң жыйынтык көрсөтүп жатат. Булар симптомсуз ооругандарга кирет. Мындан сырткары, коронавирус менен симптомсуз ооругандар чет өлкөгө кетчүлөр арасынан аныкталууда. Аларда дарттын эч кандай белгилери (жыт, даам сезбей калуу, жөтөл, дене тап көтөрүлүү) жок, бирок тест тапшырса эле COVID чыгууда", — деди Искакова. Белгилей кетсек, коронавирус жуктургандар ордо калаада көп катталууда. Алсак, өткөн суткада жалпы өлкө боюнча 1 437 кишиден дарт табылган.
Sputnik_kg
Таланты менен сулуулугу жуурулушкан ырчынын ажары көпчүлүк жигиттин көзүн күйгүзөт. Мындай кыздын кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнө жылаңач калгандан коркуш керек деген принциби бар. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ырчы Сырга Сагынбекова менен чыгармачылык жолу, көңүлүн калтырган сынактар жана сезимдерин козгогон мырзалар тууралуу маек курду. — Кечигип келгениңизге караганда күндүн ысыгына карабай катуу иштеп жаткан окшойсуз. — Жаңы ырларды жаздырып, жайында клиптерди тарттырганга жетишип калайын деп күйпөлөктөп жүрөм. "Манас" университетинин "Түрк дүйнөсү" оркестринде солист болуп жана коммерциялык долбоорлордун үстүндө да иштеп жатам. © Фото / Руслан Мыктаев Жаш ырчы Сырга Сагынбекова жагымдуу чыгармалары менен элге таанылып келе жатат — Анда маегибиздин башында туулуп-өскөн жериңиз, ата-энеңиз тууралуу азыноолак айтып берсеңиз. — Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынан болом. Ошол жактан мектепти бүтүп келип Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшыргам. Мында көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүн аяктадым. Магистратураны болсо Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайынын Көркөм билим берүү факультетинде окудум. Ата-энем айылда турушат, соода-сатык тармагында чакан бизнеси бар. Алар баатыр ата-эне (күлүп), жети бир туугандын алтынчысымын. Айылдагы карапайым адамдар болгону менен дүйнө таанымы кенен. Кыздарга андай кесип болбойт же балдарга жарашпайт дебей, ар бирибизди өз каалообузга, шыгыбызга карап окутушту. — Ата-энеңиз бизнесмен болсо сизге ырчылык өнөр кайдан келди? — Таятам чыгармачылыкка жакын киши болгон деп калышат. Апамдын айтуусуна караганда, таятамдын колунан комуз түшпөй, түнү ойгонуп кетсе да чертип чыкчу экен. Атам кээде ыр жазып, бир аз обон созуп калат. Бир туугандарым да музыка сүйүүчүлөргө кирет, бирок профессионалдуу түрдө алектенишпейт. Мен айылда эле музыкалык мектепте окуп, маданият үйүндө болгон бардык концерттерде ырдачумун. Ошондо эле конкурстарга катышып, борборго чейин келип кеткем. © Фото / Руслан Мыктаев Сырга Сагынбекова: Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын. — Бала чагыңыздан эле ырчы атка конгон турбайсызбы. — Ал да туура. Бирок айылда көбүнчө сүрөтчү кыз катары таанышчу. Анткени окуучу кезде көп убакыт документке сүрөт тартып, фотограф болуп иштегем. — Окубай туруп бир жолу ырдап койгон видеосунан кийин жылдыз болуп кеткендер да бар эмеспи. Музыкалык билим алуу канчалык деңээлде маанилүү деп ойлойсуз? © Фото / Рамазан Аманов Селсаяктар менен иштеген Ажар: блогерликтен айына 200 миң сом табам — Албетте, тубаса өнөрү барлар көп. Бирок эмгек менен өнөрүңдү өркүндөтүп, талыкпай билим алган эң жакшы нерсе. "Бат күйгөн нерсе бат өчөт" деген сөз бар го. Ошондой эле билим сага келечегиңди түзө турган пайдубал болуп бере алат. Чыгармачылыгыңдын өмүрү узун болот. Андан дагы жылдызың жанып бир күн өчө турган мезгил келгенде "мындан ары эмне кылам?" деген ой пайда болот. Ошол мезгилде жок дегенде мугалим болуп калууга алган билимиң жардам берет. Өнөрүң болуп, билимиң жок болсо татыктуу мугалим болуу кыйын. — Окуу жайды бүтүрүп деле ырчылыкты алып кете албагандар арбын. Сиздин кайсы ырыңыз чыгармачылыкка чыйыр салды. — Айылдан жаңы келгенде бир теледолбоорго катышып, алдыңкы орундарды алгам. Ошондо эле мени айылдагылар телевизордон көрүп, таанып калышкан. Бирок ошол кезде жаштык кылдым окшойт, атаандаштыктын айынан конкурстарга катышуудан көңүлүм калган. Эл аралык сынакка чакыруу алып, ага да барбай калдым. Коомчулук алдына көп чыкпай эле окууга баш отум менен кирип кеттим. Окуумду жакшы бүтүрүп алгандан кийин гана чыгармачылыкка кадам таштадым. "Супермен" деген ырымды эл жакшы кабыл алып, ошондон кийин тааныла баштадым окшойт. Андан кийин "Дале" деген дуэтибиз өз угармандарын таба алды. © Фото / Баяман Осмонов Сырга Сагынбекова: шаарга жаңы келгенде сынактарга көп катыштым, кийин көңүлүм калды — Имидж, стиль жаратуу да кыйын иш, продюсерлер менен иштешесизби? — Баары эле өзүмдүн идеям, дос-жарларым, дизайнер курбуларым гана жардамдашып турушат. Ооба, продюсер менен иштешиш керек. Сунуш кылгандар деле жок эмес, бирок өзүмдүн адамымды таба албай жүрөм. — Социалдык тармакта ачуу да, таттуу да пикирлерди жазып турушат. Хейтерлерге туруштук бере аласызбы? © Фото / Давлет Казыбеков Кыргызстандагы алгачкы рэпер кыз Тамга: бир клип тартып кыйраттык деп жүрүппүз — Бардык адамдарга бирдей жакпайсың да. Бир колуң ачылып калса деле "жап" дей беришет. Өзүмө жакса эч кимге карабай жасай берем. Мени өкүндүргөнү — билимине же адамдык сапатына эмес, кийген кийимине карап сын айткандары. Ал болгону чүпүрөк да. Кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек. Эң башкысы ата-энем дайыма колдогону мага жетиштүү. Калганын өзүм тандайм. — Негизи ырчылар бири-бирин жарнамалап, чогуу жүргөндөрүн көп көрөбүз. Байкашымча сиздин досторуңуз башка чөйрөдөн, анан көбү эркектер. Мунун себеби эмнеде? — Ооба, чындыгында көбү эркектер экен. Ырчылар менен да жакшы мамиледемин, арасынан досторум дагы бар. Бирок алар дагы балдар экен (күлүп). Кичинекейимден эле ушундаймын. Билбейм, мүнөзүм эркектердикине окшош болгондугуна байланыштуу болушу мүмкүн. © Sputnik / Асель Сыдыкова Сырга Сагынбекова: кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек. — Кимди карап түздөнөсүз? Балким, ырчылардын арасынан кумириңиз бардыр. — Апамдан башка эч кимди кумир тута албайм. Ырчылардын баарынан эле жакшы жактарын алсаң болот. Кыргыз ырчыларынын арасынан кичинекейимде Каныкей Алымбекованын ырларын угуп суктанып жүргөм. Анан, албетте, Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын. — Сизге кайсы жерде ырдаган көбүрөөк жагат? — Оркестр менен ырдагандан ырахат алам. Мага көбүнчө жандуу ырдаган ыңгайлуу. Башкалар мындай ырдагандан коркуп турса мен, тескерисинче, фонограмма менен чыкканда качан уят болуп калам деп кооптоно берем. — Instagram баракчаңыздан колго тартылган сүрөттөрүңүздү көрүп калдым, сүрөтчүлүк өнөрүңүз да бар окшойт. Дегеле бош убактыңызда эмне менен алектенесиз? — Бошоп калсам сүрөт тартканды жакшы көрөм. Анда эс алып калам. Негизи аябай кызыгып, академияга да окусамбы деп ойлоп, ишке ашпай калган. Азыр сүрөт тартуунун башка техникаларын да үйрөнөйүн деп жүрөм. Андан башка бийлеп турам. Фортепиано жана гитараны черте алам. Андан башка мыкты болбосо да комузда кол ойното билем. © Фото / Руслан Мыктаев Сырга Сагынбекова: көп жана жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган, мактанчаак жигиттерге жолобойм — Өзүңүз жазган ырлар да барбы? — Ооба, жогоруда айткан "Суперменим" деген ыр өзүмдүн чыгармаларымдан. Бирок ал деле чыгармачыл кишилердин жардамы менен жаралган. Негизи досторум менен биргелешип иш алып барам, текстин мен жазсам, обонун башка бирөө же обонун мен текстин алар жазып чыгарабыз. —Демек, “супермениңизге” арнап чыгарган турбайсызбы? — Супермендей көргөн бирөөгө арнагам (күлүп). Бир досум экөөбүз ыр жазмак болуп, ага бир кезде жактырып жүргөн баланы укмуш сүрөттөп берипмин. Ал мени шылдыңдап "тим эле аны “супермен” кылып салдың го, "Сен, сен, сен, суперменим" деп кой да" деп калды. Ага жооп кылып мен да "Болоюн мен, мен, супер келин" деп улап каткырып жатып калдык. Ушундай да текст болмок беле деп жатып жакшы бир чыгарма жаралып калды. — Анан ошол “супермениңиз” барбы дагы деле? — Жок, ал жөн гана сырттан жактырып жүргөн жигит болчу да. — Анда азыркы “супермениңиз” ким болду экен?.. — Дале күтүп жүрөм. © Photo : Robin Mush Лейлектен АКШга жеткен Нурмухаммед: жүрөк өйүгөн кыялым үчүн келе бердим — Мырзалардын кайсы сапатын баалайсыз же эмнеси сизден алыстатат? — Өзүн да, бирөөнү да чектебеген, дүйнө таанымы кенен жана адамгерчиликтүү болсо жакшы. Мен көп анан жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган жана мактанчаак жигиттерге жолобойм. — Ошондой жигит сиздин кайсы мүнөзүңүзгө чыдашы керек болот. — Тамак жасай албайм (күлүп), эркемин, эмоционалдуумун, бетке айтам. — Келечекке кандай максат койдуңуз? — Болгон күчүмдү чыгармачылыкка жумшайм. Эң негизгиси маданиятка салым кошуп, эл аралык конкурстарга катышкым келет. Анан коомдо болуп жаткан көйгөйлүү темаларды ыр менен көрсөткөнгө аракет кылам.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Афганистандагы жана афган-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Песковдун айтымында, АКШнын жана алардын союздаштарынын аскерлери чыгып кетип жаткан Афганистандагы кырдаал терс нук алып, абалды туруксуздаштыруу байкалууда."Кошумча контингент тууралуу айта албайм. Албетте, кырдаалдын өнүгүшүнө жараша (биз, тилекке каршы, абал жакшы эмес маанайда өрчүп жатканын көрүп турабыз) биздин аскерлер тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Негизинен биз америкалык жана алардын союздаштарынын күчтөрү Афганистандан чыгарылгандан кийинки кырдаал катуу тынчсызданууга алып келерин бир нече жолу кайталап айтып келгенбиз", — деди Песков журналисттердин Россия Тажикстанга кошумча контингент жөнөтүүнү пландап жатабы деген суроосуна жооп берип жатып. Ошондой эле ал Кремль кырдаалга өзгөчө маани берүү менен байкоо салып жатканын, тилекке каршы, туруксуздаштыруу күч алганын белгилеген. WAKIL KOHSAR Афганистан: АКШ аскерлери чыгары менен Баграм авиабазасы талоондо калды Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Өкмөттүн күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз кагылышуу чек арада жайгашкан төрт облуста болуп жатат. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын 28 районунун 18и өткөн. Май айынан бери талибдер Афганистандын 150дөн ашык районун басып алышкан. Ал эми бүгүн талибдер менен болгон кагылышуудан кийин Тажикстан Афганистандын дагы 1000ден ашык аскерин чек арадан өткөргөнү белгилүү болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Азиялык паралимпиадалык комитет Кыргызстандагы паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Мындай пикирди аталган эл аралык уюмдун президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда айтканын өкмөт билдирди. Рашеддин айтымында, долбоорлордун бири катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн параатлет машыктыруучулары үчүн орус тилиндеги окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу ыктымал. © Sputnik / Мээрим Догдурбекова Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео Марипов менен Рашед аль-Усайми Кыргызстан менен Азия Паралимпиадалык комитетинин кызматташуусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республикада 77 спорт федерациясы иштейт. Анын катарында Паралимпиадалык комитет жана параспорттук федерациялар бар. Мариповдун айтымында, кабыл алынган "Спорт Кыргызстан" программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектептеринде келечектүү паралимпиадалык жана сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган. 2019-жылы спорт мектептеринде мындай жети жана коомдук башталыштагы алты топ ачылган. Соңунда Марипов эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +29…+31, Чолпон-Атада +21…+23 градуска жетет.
Sputnik_kg
Кыргызстандык спортчулардын Олимпиадага кийип бара турчу параддык кийими талкуу жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары ал 2016-жылкы формадан айырмаланбай калганын белгилеп "спортук иш-чарага кайра-кайра эле чапан кийип бара береби" деп сындап жатышат. Аны менен катар эркектердин кийимине сакура гүлүнүн чапталышы нааразычылык жаратууда. Ошондой эле Кыргызстандын желеги түшүрүлбөй калганы да талкууга себепчи болду. Мындан улам Sputnik Кыргызстан кошуна жана жакынкы мамлекеттердин спортчулары Токио Олимпиадасында кандай форма кийип чыгарын көрсөтүүнү чечти. Эскерте кетсек, улуттук команданын азырынча параддык кийими гана тартууланды. Кыргызстан © Фото / пресс-служба НОК КР Парадная форма олимпийской сборной Кыргызстана Улуттук олимпиада комитетинин билдиришинче, форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Башына ак калпак кийишет. Бир спортчуга даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Аны "Дилбар" мода үйү тиккен, алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени айтылат. Казакстан Олимпиада кийимдердин дизайнын, материалын жана элементтерин спортчулар өздөрү тандап, натыйжада 35 спортчудан турган комиссия чечим кабыл алган. © Фото / пресс-служба НОК РК Форма команды Казахстана на Олимпийских играх в Токио Расмий формасын казакстандык дизайнерлер, спорттук кийимдерин испаниялык Joma компаниясы даярдаган. Анда көк, көгүлтүр жана ак түскө басым жасалган. Ал спорттук-кэжуал стилинде тигилип, бардык шартта кийүүгө ыңгайлуу жана бырышпай турганы белгиленет. Спорттук да, параддык да кийиминде желектин сүрөтү камтылган. Өзбекстан Коңшу өлкөдө формалардын дизайнын иштеп чыгуу конкурсуна 100 адам катышып, анын ичинен мыктысын тандап алышкан. Салтанаттуу жүрүшкө эркектер костюм шым, кыз-келиндер костюм, юбка кийип чыгат. © Фото / пресс-служба НОК РУз Презентация спортивной экипировки и парадной формы ОИ 2020 года для делегаций Узбекистана"Кийимдер Өзбекстандын желегинин түсүндөй. Ак түстү бардык эле өлкө колдонот. Андыктан биз ак менен жашыл түстү айкалыштырууга аракет кылдык. Форма Токионун ысык жана нымдуу климатында кийип жүрүүгө аябай ыңгайлуу", — деп айткан дизайнер Элнора Ризаева. Ошондой эле Өзбекстандын баалуу маданий мурастарын символдоштурган элементтер бар. Спорттук да, параддык да кийимине желектин сүрөтү түшүрүлгөн. Тажикстан Тажикстандын олимпиадалык делегациясынын формаларынын комплектине сыйлоо аземине кийүүчү, спорттук футболка, баш кийим, бут кийим, саат, рюкзак жана башкалар камтылган. Спорттук кийимдер улуттук мотивде жасалгаланып, Тажикстандын желегинин түсү колдонулган. © Фото / пресс-служба Олимпийского комитета РТ С​спортивная и официальная форма делегации Таджикистана в ОИ 2020 года Форманын дизайнын компетенттүү дизайнерлер, окумуштуулар жана чет өлкөлүк адистер эки жылда иштеп чыкканы белгиленет. Россия © Sputnik / Екатерина Чеснокова Презентация официальной формы Олимпийской команды России на ОИ-2020 Спорттук кийимдери Россия желегинин түсүнөн алып тигилген. Бирок өлкөнүн аты жазылып, анын жанына сөзсүз түрдө нейтралдуу өлкө катары барганын көрсөткөн логотип коюлушу керек деген талап коюлган. Себеби Россиянын желегин көтөрүп чыгууга тыюу салынган. Беларусь © Sputnik / Виктор Толочко Презентация спортивной формы для белорусских олимпийцев в Токио 2020-жылдын башында Улуттук олимпиада комитети бир катар спортчуларды чакырып, сунушталган кийимдердин үлгүсүнө баа берүүнү өтүнгөн. Беларусь буга чейин формаларды чет өлкөдөн тиктирчү, быйыл алгачкы ирет ата мекендик дизайнерлерге тапшырган. Мында ачык жашыл жана кара көк түскө басым жасалган. Формасында Беларустун жаратылышы — талаа, дарыя, токойлор чагылдырылган. Муну иштеп чыгууга эки жылдык убакыт талап кылынганы айтылды. Молдова © Sputnik / MIHAI CARAUS Презентация официальной формы Олимпийской команды Молдовы на ОИ-2020 Экипировкалары күнүмдүк, спорттук мелдешке кийүүчү жана параддык болуп үчкө бөлүнөт. Күнүмдүк кийимдеринин асты кара, үстү ак түстө, улуттук элементтер камтылып тигилген. Расмий формасы классикалык кара костюм, ийинине Молдованын желеги коюлган. Ал эми спорттук формасынын шымы кара, үстүңкү бөлүгү көгүлтүр түстө. Грузия Параддык кийимди грузиялык дизайнер тиккен, ал эми спорттук формаларды япониялык компанияга буюртма беришкен. © Фото / Национальной олимпийский комитет Грузии Презентация официальной формы Олимпийской команды Грузии на ОИ-2020 Форма Грузиянын желегине түспөлдөштүрүлүп, ак жана кызыл түс колдонулган. Ага Олимпиаданын логотиби, грузиндердин улуттук символдору чапталган. Ошондой эле спортчулар байыркы кабалахи баш кийимин кийип чыгары айтылат. Украина Украиналык спортчуларды PEAK деп аталган чет элдик компания кийиндирген. Заманга бап келген формаларды иштеп чыгып жатканда спортчулардын өздөрүн катыштырып жана Улуттук олимпиада комитетинин атлеттер комиссиясын кошо чакырышкан. © Фото / пресс-служба НОК Украины Украиналык спортчуларды PEAK деп аталган чет элдик компания кийиндирген"Олимпиадага барчулардын кийими азыркы дизайнердик модага дал келет. Токионун климаты эске алынып жеңил, жука кездемеден тигилген. Коллекцияга колдонулган түстөр улуттук сары-жашыл өңгө ылайык келип, жарашып турат. Бул үмүт жана ишенимди билдирет", — деп айтылган Украинанын Улуттук олимпиада комитетинин сайтында.
Sputnik_kg
© AFP 2021 / Pratya Chutipaskul Унааңызды пил токтотту беле? Трассадагы кызыктуу "жолугушуулардан" 15 сүрөт 15 Спорт журналисттери айрым учурларда атлеттердин сыйлоо аземинде кулап кеткенин, оюн учурунда кийимин жоготуп алганын же күлкүлүү кыймылдарды жасаган учурларын тартып калышат. Жыл сайын 2-июлда Спорт журналисттеринин эл аралык күнү белгиленет. Анын негизделишине тарыхый окуя себеп болгон. 1924-жылы дал ушул күнү Парижде (Франция) Спорттук прессалардын эл аралык ассоциациясы (International Sports Press Association, AIPS) түзүлгөн. 1995-жылы дал ушул уюм 2-июлду кесиптик майрам катары бекитүүнү сунуштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин дарыгерлери COVID-19 менен ооруп айыккандарга ден соолугун андан ары кантип караш керектиги боюнча бир катар кеңештерди берип, үйдө, иште болбосун кыймылдап туруу зарылдыгын айтышты. Муниципалитеттин тараткан маалыматында маанилүү делген бир нече эрежени сактоо зарылдыгы эскертилген."Тамак-аштын курамында белок, углевод, витамин жана май болушу шарт. Андан сырткары үйдө, иште болбосун кечке отуруп албай кыймылдап туруу керек. Дагы бир эстен чыгарбай турган нерсе — санитардык жеке гигиенанын сакталышы. Медициналык беткап кийип, аны мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу зарыл. Колду улам жууп турган жакшы, эгерде ага шарт болбой баратса, антисептик менен тазалоо кооптуулуктун алдын алат", — деп кеңеш берген медиктер. © Sputnik / Виталий Белоусов Кыргызстанда жалпы 121 601 киши коронавируска каршы эмделди Ал эми коронавирустан жаңы айыккан организмге ичкилик менен тамекинин "бычак" экени айтылган. Адистер дарыны да эсепсиз колдоно бериштин кажети жоктугун эскертишкен. Андан көрө булчуңдарга көнүгүүлөрдү жасап, ал дем алууга да өзүнүн таасирин тийгизгидей болушу керектигин билдиришкен. Кыргызстанда бир катар башка мамлекеттердей эле коронавирус күчөп жатат. Соңку сутканын статистикасына таянсак, 1 437 кишиден коронавирус табылып, 9 киши кайтыш болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Гаитинин президенти Жовенель Моизди өлтүрүүгө шектелип кармалган америкалыктар сурак учурунда жалданган адамдарга мамлекет башчысын жок кылуу милдети жүктөлбөгөнүн билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости аймактык басылмаларга таянып жазды. Акыркы маалыматтарга караганда, камакка алынган шектүүлөрдүн арасында гаити тектүү эки америкалык Жеймс Солаж жана Жозеф Венсан бар."Алар котормочулук кылганбыз дешти. Жалданма аскерлердин максаты президент Моизди өлтүрүү эмес, тергөөчү, соттун буйругу менен камакка алуу болгон", — деп басылмага кармалгандардын көрсөтмөсүнө таянып судья Клеман Ноэль билдирген. Солаж "бул жумушту интернеттен таптым" деп айткан. Ал Гаитиге бир ай, ал эми жалданган кишилер үч ай мурда келген. Судья шектүүлөрдүн автоунаасынан ок атуучу курал менен долларлардан тышкары Моиздин үйүндө орнотулган видеобайкоо камерасынын серверин жана анын аялынын чектерди эсептеген китепчесин табышкан. Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону кабарланган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок аялдын ооруканада жатканы, абалы оор экени, үч жерине ок тийгени маалымдалган. Гаитинин укук коргоо органдары кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн тактап, алардын 26сы Колумбиянын жараны экендигин аныкташкан. Анын 17си кармалып, жетөө жок кылынган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен тегефон аркылуу тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматынан билдиришти."Путин тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана эки тараптуу кызматташтыктын негизинде Тажикстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди”, — деп айтлат билдирүүдө. Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алып, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда. © AFP 2021 / ZAKERIA HASHIMI Кремль афган-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты РИА Новости агенттигине Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өздүк маалымат булактары билдиргенине караганда, чек ара сызыгынын 70 пайыздан ашыгын талибандар көзөмөлдөп турат. Мындан улам Рахмон мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн Коопсуздук Кеңешинин мүчлөрүнө, күч органдарынын жетекчилерине конкреттүү кадамдарды сунуштоону тапшырды. Ошондой эле өз жарандарынын коопсуздугу жана чек арадагы мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн тажик-афган чек арасына 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо боюнча чечим кабыл алынды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен тегефон аркылуу тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматынан билдиришти."Путин тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана эки тараптуу кызматташтыктын негизинде Тажикстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди”, — деп айтылат билдирүүдө. Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алып, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда. © AFP 2021 / ZAKERIA HASHIMI Кремль афган-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты РИА Новости агенттигине Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өздүк маалымат булактары билдиргенине караганда, чек ара сызыгынын 70 пайыздан ашыгын талибандар көзөмөлдөп турат. Мындан улам Рахмон мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн Коопсуздук Кеңешинин мүчлөрүнө, күч органдарынын жетекчилерине конкреттүү кадамдарды сунуштоону тапшырды. Ошондой эле өз жарандарынын коопсуздугу жана чек арадагы мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн тажик-афган чек арасына 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо боюнча чечим кабыл алынды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен тегефон аркылуу тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматынан билдиришти."Путин тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана эки тараптуу кызматташтыктын негизинде Тажикстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди”, — деп айтылат билдирүүдө. Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алып, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда. © AFP 2021 / ZAKERIA HASHIMI Кремль афган-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты РИА Новости агенттигине Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өздүк маалымат булактары билдиргенине караганда, чек ара сызыгынын 70 пайыздан ашыгын талибандар көзөмөлдөп турат. Мындан улам Рахмон мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө, күч органдарынын жетекчилерине конкреттүү кадамдарды сунуштоону тапшырды. Ошондой эле өз жарандарынын коопсуздугу жана чек арадагы мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн тажик-афган чек арасына 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо боюнча чечим кабыл алынды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги жазды. Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийин маалымат жыйын өткөрдү."Тыкыр аракеттин арты менен өлкөгө Орхан Инанды алып келинип, сотко өткөрүлдү. Биз элди, мамлекетти сатып кеткендерге кан төгүп, моралдык жана материалдык чыгым келтирүүсүнө жол бербейбиз”, — деди Эрдоган. Президент кошумчалагандай, FETO мүчөлөрүнө каршы иш-аракеттердин аркасы менен Түркияга дүйнөнүн ар кайсы жеринен 100дөн ашык киши жеткирилген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги жазды. Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунан кийин маалымат жыйын өткөрдү."Тыкыр аракеттин арты менен өлкөгө Орхан Инанды алып келинип, сотко өткөрүлдү. Биз элди, мамлекетти сатып кеткендерге кан төгүп, моралдык жана материалдык чыгым келтирүүсүнө жол бербейбиз”, — деди Эрдоган. Президент кошумчалагандай, FETO мүчөлөрүнө каршы иш-аракеттердин аркасы менен Түркияга дүйнөнүн ар кайсы жеринен 100дөн ашык киши жеткирилген. Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген. Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Sputnik_kg
20 жаштагы Айчүрөк Төлөнова улуттук команданын формасы менен алгачкы ирет 2017-жылы Үч улуттун кубогу (Кубок трёх нации) мелдешинде Казакстандын курама командасына каршы оюнга чыккан. Ошондон бери КРдин негизги голкипери. Кыргыздын спортчу кызы Беларустун командасына кантип келип калганын, жаңы клубдагы алгачкы беттештер кандай өткөнүн, футболдогу башкы максаты жана башка жагдайлар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди. — Айчүрөк, беларустук клубда бир нече беттештерди өткөрдүңүз. Сиз ойногон беттештерде "Немандын" дарбазасына гол боло элек. Оюндарда кандай сезимдер болду? — Чынын айтсам, көп деле толкундоолор, беттеш учурунда да көп кыйынчылык болгон жок. Анткени аутсайдер (жадыбалда акыркы саптагылар) командалар менен кез келген оюндарга чыктым. Машыктыруучу тажрыйба топтосун деп мага мүмкүнчүлүк берип жатат. — Курамда негизги дарбазачы болуу оңойго турбаса керек? — Ооба, бул кыйын. Башка командага келгенде адегенде өзүңдүн мыктылыгыңды көрсөтүп, ишенимге кирүү керек. Бул үчүн талыкпаган машыгуу, белгилүү бир убакыт талап кылынат. — Командалаш кыздар менен бат эле тил табышып алгандырсыз?.. — Мен буга чейин да Казакстанда ойногом. Чет жакка чыгууда тажрыйбам бар. Ошондуктан азыркы жамаатка да бат эле көнүп кеттим. Командада баары колдоп, кеп-кеңештерин берип келишет. — Клубга кошулгандан кийин бир топ убакыт оюнга чыкпай жүрдүңүз окшойт? — Командада өзүңдүн ордуңду табуу карьера үчүн маанилүү. Жаңы келгенде машыгып жатып булчуңум чоюлуп кетип, жеңил жаракат алып калгам. Толук сакайганча машыгууга да, ойноого да болбойт деп дарыгерлер көрсөтмө беришкен. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg) — Айчүрөк, негизи бул командага кантип келип калдыңыз? Тандооңузга эмне себеп болду? — Келишим сунуштап чакырышты. Казакстандын Астана шаарынын командасынан чакыруу болуп, анын шарттарын карап, макулдук бергени жаткан жерден Беларустан байланышка чыгышты. Жагдайдын баарын түшүндүрүп, ата-энем менен кеңештим. Алар "Неманга" бар деп кеңеш беришти. Ошентип бул жакты тандадым. Негизи мен мурда да "Неман" клубунун кароосуна келгем. Машыгуу учурунда колумду чыгарып алгам. Келишим жоктугунан Кыргызстанга барып дарыланууга туура келген. Кийин пандемия болуп кетти. "Немандын" машыктыруучусу ошол мезгилде да мени менен такай байланышта болуп жүрдү. Эми дагы чакырып, келишим түздүк. — Демек, сиз менен клубдун ортосунда буга чейин эле байланыштар болгон экен да. Алар сиздин оюнга, командага барышыңызга кантип кызыкдар болуп калганын айтыштыбы? — Мени биринчи машыктыруучум футболдук агентке сунуштаган. Кийин мен аларга оюндарымдын видеосун жибергем. Ошентип башталган... Буга чейин мен Казакстандын "СДЮШОР-8" деген командасында ойногом. Кыргызстандын курама командасынын дарбазасын коргоп жүргөнүмдө оюндарыма назар салышса керек... Өзбекстандын бир катар командалары да чакырышты. Ата-энемден алыс кетпейин деп алардан баш тарткам. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Келишим канча мөөнөткө түзүлдү, шарты кандай? — Эки жылга түзүлдү. Эми бул жакта эки сезон ойнойм. Тараптар өз шарттарыбызды белгилеп, макулдашуу болгон. — Футболго кантип кызыгып калдыңыз эле? — Менден кичүү сиңдим футболго катышчу. Аны стадионго узатып барып-келип жүрүп эле мен да кызыгып калдым. Кийин бир мелдештерине кошуп алып, мен аларга дарбазачы болуп бергем. Ошондон баштап мени чакырышып, суранып жүрүп дарбазачы кылып алышкан. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) Кийин Светлана Покачалова аттуу машыктыруучу улам чакырып, анан дарбазачы болуп кеттим. Башында машыгууга келгим келбей жүргөм. Эрежелерди деле жакшы билчү эмесмин, кийин акырындап көнүп, кызыгып кеттим. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Дарбазачы болуунун рахматына караганда наалаты көп эмеспи, анткени он мыкты соккуну тосуп, бир топ киргизип алсаң сындын астында каласың? — Ооба, ал туура. Бирок дарбазачы болуу да өзүнчө жөндөмдү талап кылат. Анын жакшылыгы, терс жактары боюнча айтсаң сөз көп. Кызыгына кирип алсаң, чыга албай каласың (күлүп). Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Дарбазачы болуп туруп расмий оюндарда гол киргизген учурларыңыз болду беле? — Жок. Андай учур машыгуулардагы оюндарда эле болбосо, расмий беттештерде дарбазаны таштап, андай тобокелчиликтерге бара элекмин. Негизи, айрым учурларда чабуулчулар чабалдык кылганда бара калып гол киргизгиң келип кетет (күлүп). — Дарбазачы болуу үчүн спортчу кандай сапат, артыкчылыктарга ээ болушу керек? — Топту тосууда эң оболу шамдагайлык талап кылынат. Ыкчам секирүү, келе жаткан топтун багытын, ылдамдыгын туура аныктай билүү зарыл. — Сиз үчүн кандай соккуларды тосуу кыйын? — Жакындан тебилген, баш менен багытталган соккуларды тосуу кыйын. Биринчиден, сокку кыска аралыктан болот. Экинчиден, анын багытын табуу кыйын. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1)
Sputnik_kg
20 жаштагы Айчүрөк Төлөнова улуттук команданын формасы менен алгачкы ирет 2017-жылы Үч улуттун кубогу (Кубок трёх нации) мелдешинде Казакстандын курама командасына каршы оюнга чыккан. Ошондон бери КРдин негизги голкипери. Кыргыздын спортчу кызы Беларустун командасына кантип келип калганын, жаңы клубдагы алгачкы беттештер кандай өткөнүн, футболдогу башкы максаты жана башка жагдайлар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди. — Айчүрөк, беларустук клубда бир нече беттештерди өткөрдүңүз. Сиз ойногон беттештерде "Немандын" дарбазасына гол боло элек. Оюндарда кандай сезимдер болду? — Чынын айтсам, көп деле толкундоолор, беттеш учурунда да көп кыйынчылык болгон жок. Анткени аутсайдер (жадыбалда акыркы саптагылар) командалар менен кез келген оюндарга чыктым. Машыктыруучу тажрыйба топтосун деп мага мүмкүнчүлүк берип жатат. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg) — Курамда негизги дарбазачы болуу оңойго турбаса керек? — Ооба, бул кыйын. Башка командага келгенде адегенде өзүңдүн мыктылыгыңды көрсөтүп, ишенимге кирүү керек. Бул үчүн талыкпаган машыгуу, белгилүү бир убакыт талап кылынат. — Командалаш кыздар менен бат эле тил табышып алгандырсыз?.. — Мен буга чейин да Казакстанда ойногом. Чет жакка чыгууда тажрыйбам бар. Ошондуктан азыркы жамаатка да бат эле көнүп кеттим. Командада баары колдоп, кеп-кеңештерин берип келишет. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Клубга кошулгандан кийин бир топ убакыт оюнга чыкпай жүрдүңүз окшойт? — Командада өзүңдүн ордуңду табуу карьера үчүн маанилүү. Жаңы келгенде машыгып жатып булчуңум чоюлуп кетип, жеңил жаракат алып калгам. Толук сакайганча машыгууга да, ойноого да болбойт деп дарыгерлер көрсөтмө беришкен. — Айчүрөк, негизи бул командага кантип келип калдыңыз? Тандооңузга эмне себеп болду? — Келишим сунуштап чакырышты. Казакстандын Астана шаарынын командасынан чакыруу болуп, анын шарттарын карап, макулдук бергени жаткан жерден Беларустан байланышка чыгышты. Жагдайдын баарын түшүндүрүп, ата-энем менен кеңештим. Алар "Неманга" бар деп кеңеш беришти. Ошентип бул жакты тандадым. Негизи мен мурда да "Неман" клубунун кароосуна келгем. Машыгуу учурунда колумду чыгарып алгам. Келишим жоктугунан Кыргызстанга барып дарыланууга туура келген. Кийин пандемия болуп кетти. "Немандын" машыктыруучусу ошол мезгилде да мени менен такай байланышта болуп жүрдү. Эми дагы чакырып, келишим түздүк. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Демек, сиз менен клубдун ортосунда буга чейин эле байланыштар болгон экен да. Алар сиздин оюнга, командага барышыңызга кантип кызыкдар болуп калганын айтыштыбы? — Мени биринчи машыктыруучум футболдук агентке сунуштаган. Кийин мен аларга оюндарымдын видеосун жибергем. Ошентип башталган... Буга чейин мен Казакстандын "СДЮШОР-8" деген командасында ойногом. Кыргызстандын курама командасынын дарбазасын коргоп жүргөнүмдө оюндарыма назар салышса керек... Өзбекстандын бир катар командалары да чакырышты. Ата-энемден алыс кетпейин деп алардан баш тарткам. — Келишим канча мөөнөткө түзүлдү, шарты кандай? — Эки жылга түзүлдү. Эми бул жакта эки сезон ойнойм. Тараптар өз шарттарыбызды белгилеп, макулдашуу болгон. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Футболго кантип кызыгып калдыңыз эле? — Менден кичүү сиңдим футболго катышчу. Аны стадионго узатып барып-келип жүрүп эле мен да кызыгып калдым. Кийин бир мелдештерине кошуп алып, мен аларга дарбазачы болуп бергем. Ошондон баштап мени чакырышып, суранып жүрүп дарбазачы кылып алышкан. Кийин Светлана Покачалова аттуу машыктыруучу улам чакырып, анан дарбазачы болуп кеттим. Башында машыгууга келгим келбей жүргөм. Эрежелерди деле жакшы билчү эмесмин, кийин акырындап көнүп, кызыгып кеттим. — Дарбазачы болуунун рахматына караганда наалаты көп эмеспи, анткени он мыкты соккуну тосуп, бир топ киргизип алсаң сындын астында каласың? — Ооба, ал туура. Бирок дарбазачы болуу да өзүнчө жөндөмдү талап кылат. Анын жакшылыгы, терс жактары боюнча айтсаң сөз көп. Кызыгына кирип алсаң, чыга албай каласың (күлүп). — Дарбазачы болуп туруп расмий оюндарда гол киргизген учурларыңыз болду беле? — Жок. Андай учур машыгуулардагы оюндарда эле болбосо, расмий беттештерде дарбазаны таштап, андай тобокелчиликтерге бара элекмин. Негизи, айрым учурларда чабуулчулар чабалдык кылганда бара калып гол киргизгиң келип кетет (күлүп). Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Дарбазачы болуу үчүн спортчу кандай сапат, артыкчылыктарга ээ болушу керек? — Топту тосууда эң оболу шамдагайлык талап кылынат. Ыкчам секирүү, келе жаткан топтун багытын, ылдамдыгын туура аныктай билүү зарыл. — Сиз үчүн кандай соккуларды тосуу кыйын? — Жакындан тебилген, баш менен багытталган соккуларды тосуу кыйын. Биринчиден, сокку кыска аралыктан болот. Экинчиден, анын багытын табуу кыйын. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1)
Sputnik_kg
Саламатсыздарбы, менде акыркы кезде тынчтык бербеген бир көйгөй болууда. Ушул тапта жакындарымдын коопсуздугунан абдан коркуп турам. Өзүм 28 жаштамын. Шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Бир жыл мурда бир жигит менен таанышып, мамилебиз жакшырып, ал тургай баш кошо турган да болгонбуз. Бирок барган сайын ал адамдын сырлары ачылып, кыялы чыгып, бет кабы сыйрыла баштады. © AFP 2021 / PHILIPPE HUGUEN Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты Өтө кызганчаак экенин мурда эле байкагам. Бирок зөөкүр экендиги эми билинип жатат. Чалып ар кайсы шылтоону айтып кызганып, мээмди жеген адат таап алды. Телефонду өчүрүп салсам, “сүйлөшпөсөң кошунаңдын бир нерсесин өрттөйм же дагы башкаларды жасап кетем” деп коркутат. Мындай кадамды андан күтүүгө болот. Айла жок угуп отурам. Телефондон эле сөз менен ыйлатып, жаман акыбалга алып келип коёт. Жүрөк оорулуу да болуп калдым окшойт. Ошол окуядан кийин ага турмушка чыкпасымды ачык айтып, тынчымды албоосун сурангам. Эми менден бир жагымсыз “сюрприз” күтө бер деп жазып жатат. Ар нерсени айтып, опузалайт. Ишенбейин десем, чын эле эч нерседен кайра тартчудай эмес. Буга турмушка чыксам мени бир нерсе кылып коюшу толук мүмкүн. Бир туугандары менен деле катышпайт экен. Ата-энесиникине анда-санда эле барбаса эч ким менен мамилеси жок. Агаларына билдирейин десем, алар кайра буга айтып салсачы деп корком. Эмне кылышымды билбей, жүрөкзаадамын. Психологдун кеңешин уккум келет. Кандай мамиле кылып, кутулсам болот. Психолог Айгүл Ысыкеева: — Бул кат — жакында эле болгон Айзаданын окуясына абдан окшош экен. Жигиттин кызганганынан анын өзүн-өзү баалоосу жана ишеними өтө төмөн экендигин байкоого болот. Башка эркектердин андан өйдө экендигин көргөн кыз таштап кетет деген коркунуч менен жашайт. Ошол себептен бөлөк кишилерди жолоткусу келбейт. Кайнатам эжемди экинчи аялым бол деп жанын койбой... Ызаланган келиндин каты Ар кандай коркутуулары — шантаж, манипуляция жана агрессия болуп эсептелинет. Болгону ушундай жол менен кызды өзүнө баш ийдиргиси келип жатат. Бул кыз чындап эле ушундай адам менен өмүр бою коркунучта жашагысы келеби? Ушул жагын ойлонушу керек. Үй-бүлөнүн пайдубалы зулумдук, коркутуу менен эмес, сүйүүдөн курулушу зарыл. Жигиттин “күч менен зордоп эле үй-бүлө куруп алса болот” деген туура эмес түшүнүгү бар. Мындай адамдан артты карабай качуу абзел. Эгерде коркутуулары дагы да күчөсө милицияга, жакындарына билдирип, ачыктаса туура болмок. Себеби андайлар ачыктыктан коркот. Негизи булар психикалык жактан  көп жабыркаган адамдар. Мындай кишилер психологго да көп барышпайт. Барса да психологиясын оңдогонго көп убакыт керек. Эгер каалоосу болсо гана оңолуусу мүмкүн Бул жигит менен бактылуу болуу мүмкүн эмес. Анткени өзү да бактысыз. Кыз да мындай адамды кантип жакындатып алгандыгы жөнүндө ойлонушу зарыл. Мүмкүн ишенчээк же өтө жумшак мүнөзүнүн кесепетиби? Баарын жакшылап таразалап, ойлонуп чыгууга туура келет.
Sputnik_kg
20 жаштагы Айчүрөк Төлөнова улуттук команданын формасы менен алгачкы ирет 2017-жылы Үч улуттун кубогу (Кубок трёх наций) мелдешинде Казакстандын курама командасына каршы оюнга чыккан. Ошондон бери КРдин негизги голкипери. Кыргыздын спортчу кызы Беларустун командасына кантип келип калганын, жаңы клубдагы алгачкы беттештер кандай өткөнүн, футболдогу башкы максаты жана башка жагдайлар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди. — Айчүрөк, беларустук клубда бир нече беттештерди өткөрдүңүз. Сиз ойногон беттештерде "Немандын" дарбазасына гол боло элек. Оюндарда кандай сезимдер болду? — Чынын айтсам, көп деле толкундоолор, беттеш учурунда да көп кыйынчылык болгон жок. Анткени аутсайдер (жадыбалда акыркы саптагылар) командалар менен кез келген оюндарга чыктым. Машыктыруучу тажрыйба топтосун деп мага мүмкүнчүлүк берип жатат. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg) — Курамда негизги дарбазачы болуу оңойго турбаса керек? — Ооба, бул кыйын. Башка командага келгенде адегенде өзүңдүн мыктылыгыңды көрсөтүп, ишенимге кирүү керек. Бул үчүн талыкпаган машыгуу, белгилүү бир убакыт талап кылынат. — Командалаш кыздар менен бат эле тил табышып алгандырсыз?.. — Мен буга чейин да Казакстанда ойногом. Чет жакка чыгууда тажрыйбам бар. Ошондуктан азыркы жамаатка да бат эле көнүп кеттим. Командада баары колдоп, кеп-кеңештерин берип келишет. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Клубга кошулгандан кийин бир топ убакыт оюнга чыкпай жүрдүңүз окшойт? — Командада өзүңдүн ордуңду табуу карьера үчүн маанилүү. Жаңы келгенде машыгып жатып булчуңум чоюлуп кетип, жеңил жаракат алып калгам. Толук сакайганча машыгууга да, ойноого да болбойт деп дарыгерлер көрсөтмө беришкен. — Айчүрөк, негизи бул командага кантип келип калдыңыз? Тандооңузга эмне себеп болду? — Келишим сунуштап чакырышты. Казакстандын Астана шаарынын командасынан чакыруу болуп, анын шарттарын карап, макулдук бергени жаткан жерден Беларустан байланышка чыгышты. Жагдайдын баарын түшүндүрүп, ата-энем менен кеңештим. Алар "Неманга" бар деп кеңеш беришти. Ошентип бул жакты тандадым. Негизи мен мурда да "Неман" клубунун кароосуна келгем. Машыгуу учурунда колумду чыгарып алгам. Келишим жоктугунан Кыргызстанга барып дарыланууга туура келген. Кийин пандемия болуп кетти. "Немандын" машыктыруучусу ошол мезгилде да мени менен такай байланышта болуп жүрдү. Эми дагы чакырып, келишим түздүк. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Демек, сиз менен клубдун ортосунда буга чейин эле байланыштар болгон экен да. Алар сиздин оюнга, командага барышыңызга кантип кызыкдар болуп калганын айтыштыбы? — Мени биринчи машыктыруучум футболдук агентке сунуштаган. Кийин мен аларга оюндарымдын видеосун жибергем. Ошентип башталган... Буга чейин мен Казакстандын "СДЮШОР-8" деген командасында ойногом. Кыргызстандын курама командасынын дарбазасын коргоп жүргөнүмдө оюндарыма назар салышса керек... Өзбекстандын бир катар командалары да чакырышты. Ата-энемден алыс кетпейин деп алардан баш тарткам. — Келишим канча мөөнөткө түзүлдү, шарты кандай? — Эки жылга түзүлдү. Эми бул жакта эки сезон ойнойм. Тараптар өз шарттарыбызды белгилеп, макулдашуу болгон. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Футболго кантип кызыгып калдыңыз эле? — Менден кичүү сиңдим футболго катышчу. Аны стадионго узатып барып-келип жүрүп эле мен да кызыгып калдым. Кийин бир мелдештерине кошуп алып, мен аларга дарбазачы болуп бергем. Ошондон баштап мени чакырышып, суранып жүрүп дарбазачы кылып алышкан. Кийин Светлана Покачалова аттуу машыктыруучу улам чакырып, анан дарбазачы болуп кеттим. Башында машыгууга келгим келбей жүргөм. Эрежелерди деле жакшы билчү эмесмин, кийин акырындап көнүп, кызыгып кеттим. — Дарбазачы болуунун рахматына караганда наалаты көп эмеспи, анткени он мыкты соккуну тосуп, бир топ киргизип алсаң сындын астында каласың? — Ооба, ал туура. Бирок дарбазачы болуу да өзүнчө жөндөмдү талап кылат. Анын жакшылыгы, терс жактары боюнча айтсаң сөз көп. Кызыгына кирип алсаң, чыга албай каласың (күлүп). — Дарбазачы болуп туруп расмий оюндарда гол киргизген учурларыңыз болду беле? — Жок. Андай учур машыгуулардагы оюндарда эле болбосо, расмий беттештерде дарбазаны таштап, андай тобокелчиликтерге бара элекмин. Негизи, айрым учурларда чабуулчулар чабалдык кылганда бара калып гол киргизгиң келип кетет (күлүп). Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Дарбазачы болуу үчүн спортчу кандай сапат, артыкчылыктарга ээ болушу керек? — Топту тосууда эң оболу шамдагайлык талап кылынат. Ыкчам секирүү, келе жаткан топтун багытын, ылдамдыгын туура аныктай билүү зарыл. — Сиз үчүн кандай соккуларды тосуу кыйын? — Жакындан тебилген, баш менен багытталган соккуларды тосуу кыйын. Биринчиден, сокку кыска аралыктан болот. Экинчиден, анын багытын табуу кыйын. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1)
Sputnik_kg
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. 11-июлда күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткен облусунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +24...+29 градус болот. Күндүн табы Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Sputnik_kg
Азыр талибдер өлкөдөгү бийликти тартып алууга умтулуп, өкмөттүк күчтөр менен айыгышкыс күрөш жүргүзүп, провинциялардын көп бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Ага катар эле террордук уюм эл аралык аренадагы легитимдүүлүккө жетишүүгө аракет кылууда. Талибдердин делегациясы 8-июлда Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышты. Буга катар эле ЖККУнун генерал-полковник Анатолий Сидоровдун жетекчилиги алдындагы ыкчам тобу ушул тапта тажик-афган чек арасында. Россиянын Тышкы иштер министрлиги кырдаал курчуп кете турган болсо Тажикстандагы 201-россиялык базаны чечкиндүү түрдө ишке тартуу үчүн тийиштүү нерселердин баары даяр экенин билдирет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган кыймыл туурасында кеңири токтолгон. Подмосковьеде 9-июлда теракты уюштурууну пландаган ИМ* согушкери кармалды. Таң калычтуу түрдө бул окуялар бири-бирине тыгыз байланышкан. "Талибандын"* Шахабуддин Делавар шейх башында турган төрт кишилик делегациясы Москвага Афганистандагы азыркы кырдаалды талкуулоо үчүн келди. Пикир алмашышты, Россия Афган ислам республикасынын түндүгүндөгү абалдын курчушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Кыймылдын расмий өкүлү Мохаммад Сохаил Шахин 8-июлда талибдер Афганистандын территориясын Россияга жана коңшу өлкөлөргө багытталган аракеттер үчүн пайдаланууга жол бербестигин билдирди. © REUTERS / Omar Sobhani Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү Москва алардан Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбоого убада жана Афганистандын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык миссиялардын коопсуздугуна кепилдик алды. Ал ортодо аталган республикадан чет элдик күчтөрдүн чыгарылышы 8-июлда дээрлик аяктап калды. Афганистанда Кабулдагы АКШ элчилигин кайтарган 600 чакты америкалык деңиз пехотачылары гана калды. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден "Талибан"* радикалдуу кыймылы 2001-жылдан бери дал ушул убакта аскердик багытта кыйла күчтөнгөнүн (бул Пентагондун 20 жылдык аскердик аракеттеринин натыйжасы экени талашсыз) белгиледи. Кабулдагы азыркы өкмөт менен кыймылдын тынчтык боюнча (2020-жылдын 29-февралындагы АКШ жана "Талибандын"* ортосундагы) сүйлөшүүлөрүн соңку күндөрү эстөөгө да болбой калды. Талибдер азыр Афган ислам республикасынын 70 пайызга жакынын, чектешкен түндүк райондорунун баарын көзөмөлдөйт. Эми өлкөдөгү калктын саны боюнча экинчи чоң калаа – Кандагарга аяк басышты. Талибдердин саясий кеңсесинин "жакшы ниеттерине" карабастан, коалициянын кетишинен кийинки кыймылдын жеңиши чектеш мамлекеттерге залалын тийгизет деп чочулатат. Чек арадагы жагдай ЖККУнун генерал-полковник Анатолий Сидоровдун жетекчилиги алдындагы ыкчам тобу Москвадан Тажикстанга келип, тажик-афган чек арасынын кооптуу тилкелериндеги кырдаалга тик учактын бортунан жана жерде көз салууда. Айрыкча "Калай-Хумб" чек ара отрядына айрыкча көңүл бөлүнүүдө. Дал ошол райондон Афганистандын өкмөттүк армиясынын аскерлери чек арадан жапырт өтүүгө мажбур болушкан. Генерал-полковник Анатолий Сидоров Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын күчтөрүнүн тажик-афган чек арасындагы коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгын жогору баалаган. Бул туурасында Sputnik агенттигине ЖККУнун басма сөз кызматы билдирген. Ыкчам топ ЖККУ форматында биргелешкен чаралар боюнча сунуштарды даярдоодо. Ошондой эле РФ өз союздаштарына карата агрессивдүү аракеттерге жол бербөө үчүн Тажикстандын Афганистан менен чек арасында 201-россиялык аскердик базанын күчтөрүн пайдаланышы мүмкүн. ЖККУнун алдын алуу чаралары коркунучтарга ылайык. Тынчтыкты баалагандай тышкы саясий билдирүүлөрүнө карабастан "Талибан"* Ислам мамлекети* жана "Аль-Каидадан"* кол үзө элек. Афганистандын территориясында чектешкен Борбор жана Түштүк Азия мамлекеттерине коркунуч туудурган кандайдыр "үчтүк союз" бар. Түндүк провинциялардагы – Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын чек араларынын боюндагы талибдердин активдүүлүгү Афганистандагы чек ара дегенди тааныбаган отуз чакты террордук топ үчүн ылайыктуу жагдай түзөт. Москвада талибдер Афганистандын "бүтүндөй территориясына үстөмдүк кылууну" көздөбөстүгүн, диалог жолу менен "көз карандысыз жана эркин исламдык мамлекеттик тутумду" түзүүгө даярдыгын билдиришти. © Sputnik / Владимир Астапкович Максатыбыз бийлик эмес. Талибдер Афганистанда эмнени көздөп жатканын айтышты Ошону менен бирге эле "Талибан"* шайлоону туура көрбөйт, уламалардын билимине негизделип, шарият принциптери боюнча түзүлгөн күчтүү жана туруктуу "таза ислам өкмөтүн" жактайт. Талибдер башка эч кандай тутумду кабыл албастыгын баса белгилешет. Радикалдуу исламды тутунган "Талибан"* бүтүндөй Афганистанды катаал диний принциптерге негизделген эмирликке айландырууга далбас урат. Эркектер сакал коёт, аялдар паранжа жамынат, мектепке эркек балдар гана барат, болор-болбос жоруктар үчүн адамдардын колу же буту кесилет, талиб мыйзамдарын бузгандар дарга асылат. Светтик радио, теле көрсөтүү, кино жана театрга толук тыюу салынганын айтпай эле коёлу Афганистанга иш сапарга барганымда Кабулдагы илмийген бир мугалим кыздын айткандары эсимде. 1996-жылы бийликке талибдер келгенде университетке кирип келишип, орус тилин окуткандары үчүн гана аны жана кесиптештерин ур-токмокко алышкан. Кабулду бул жолку багындырууда эле алар согушту жыйыштырып, жакшылык үрөнүн сээп калары арсар. Талибдер чейрек кылымдан бери атаандаштарына автоматтан ок атат, алар мекендештери менен талашып-тартышууда башка жүйөлөрдү келтирүү эмне экенин эбак унуткарышкан. Бул "каардуу (орто кылымдык) бийлик афган жергесинде өзүнө "тектеш" "Аль-Каиданы" бардык базалары жана машыктыруучу лагерлери менен кайра "тирилтери" шексиз. Ага атаандашкан ИМ* структурасы да Афганиистандагы таасирин кеңейтип, ар кыл өлкөлөрдөн жаңы террорчуларды тартары бышык. "Талибан"* менен тынчтык келишимин же "кол салбоо пакты" эч кимге коопсуздукту кепилдебейт, тескерисинче чоң көйгөйлөргө тушуктурат. Чыгыш деген Чыгыш. Афганистандын учурдагы абалын жакшы түшүнүү, өзүнүн жана коңшуларынын болочогун болжоо үчүн уюмдун өткөнүнө бир үңүлгөн оң. Батыш багынды, Чыгыш туткундарды албайт"Талибан"* буга дейре Афганистандын 15 млн чакты адам жашаган аймагын гана көзөмөлдөгөн. Расмий бийликтин өкүлдөрү бул провинцияларда негизги шаарларда бар эле, ал эми "коргон" сыртындагы территория талибдерге жана анын союздаштарына таандык эле. "Өз" жерлеринде согушкерлер псевдомамлекеттик структураларды түзүп, создуктурбай соттоп, салык жана жыйымдарды жергиликтүү элден чогултушкан. Көзөмөлдөнгөн фирмалардын Батыштын Афганистанды кайра курууга багытталган акчасына "жолу" бар эле. Каражаттын басымдуу бөлүгү Гильменд провинциясындагы апийим талааларынан алынат. Эки жыл мурун эле аталган райондун 80 пайызы согушкерлердин карамагында болчу. Апийимдик сырьё талибдерге 60 пайыздан ашуун киреше алып келет. Эске салсак, "Талибан"* 2010-жылдан кийин талаа командирлерине героин өндүрүп жана сатууга уруксат берген. Топтолгон каражатты курал сатып алууга жана аткычтарды кармоого жумшашкан. Гуманитардык чөйрө – Кабулда эле. Өлкө аймагындагы согуштук аракеттер жана терактылар "сезондук" мүнөздө болчу. Быйыл жазда чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышы талибдерге жаңы эргүү берип, провинциялардын көпчүлүгүндө өкмөттүк күчтөрдү толук жок кылууну көздөгөн ырайымсыз согушту баштап туру. Америкалыктар менен кызматташ жарандардын көзүн жазалашат, бул жаатта "Талибан"* менен ИМ* көп деле айырмаланбайт. "Жаңы талибдер" – 1990-жылдардагы фанат студенттер эмес, жакшы жабдылган, согуштук тажрыйбасы мол кесипкөйлөр отряддары. Он миллиондогон доллар заманбап куралдарга, түнкүсүн көз салуучу жабдыктарга, артиллериялык октун лазердик мээлөөчү тутумдарына, жеңил миномётторго жумшалган. Чет элдик аскердик инструкторлор жалданат. Афганистандын аймагында талибдердин 16дан кем эмес адистештирилген машыктыруучу базасы бар, тынымсыз окуу жана машыгууларды өткөрүп турушат. Азыр согушкерлер дрон чыгаруучу өз өндүрүшүнө да ээ. Кыймыл зооттолгон оор техника жана чабуулдук авиацияны колдоно турган бөлүктөргө каршы оор операцияларды өткөрүүгө жөндөмдүү. Башкаруу вертикалы, борборлоштурулган аскердик жетекчилик, офицердик кадрларды жана техникалык адистерди даярдоо системасы түзүлүп, бирдиктүү логистика жолго коюлган. © Sputnik / Сайед Али Борбор Азия "америкалык" афган качкындарынын айласын кантип табат? НАТО чалгындоо кызматы: "Стратегия жана тактиканы талдоо, тыкыр пландоо жана аягына чыгаруу, башкача айтканда сабаттуу штабдык иш "Талибанда"* кадыресе жана массалык көрүнүшкө айланган" - деп мүнөздөгөн. Бул – дасыккан армия. Өлкөнүн уезддеринин көпчүлүгү акыркы бир жарым айда эле талибдердин колуна кокустан өткөн жок. Сүйлөшүүлөрдөн соң шашылыш түрдө Баграм авиабазасында 30 танк, 50 зооттолгон машина жана 800дөн ашуун транспорттук каражаттарды таштай качкан америкалыктардай эле өкмөттүк күчтөрдүн да согушкусу келбей калат. Таасирдүү Die Zeit басылмасы: "Афганистанда согуш башталгандан берки 20 жылда АКШ башында турган Батыш багынды" - деп жазды. Бирок Афганистандын баяны ушуну менен эле токтоп калбайт. Жеңиш дагы жаңы эрдиктерди жасоого эргүү берет. Талибдер кайсы чекте токтой турганы эч кимге белгисиз. Түндүк багыт "ислам эмирлигин" жайылтуу үчүн кыйла төп келиши мүмкүн. "Талибандын"* лидерлери "мүмкүнчүлүк коридорун" аныктап, Тажикстан менен Кыргызстандын жетекчилигине тышкы саясий кеңештерин берүүгө тырышып, ошондой эле Түштүк Кавказдагы армян-азербайжан жаңжалындагы жеке позициясын белгилөөдө. Бара-бара "Талибан"* Өзбекстан, Тажикстан жана Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндө да көп тарапташтарын табары ажеп эмес. Эгер 1990-жылдардын экинчи жарымында Афганистандын түндүгүндө талибдерди этникалык өзбек Рашид Дустум жана этникалык тажик Ахмад Шах Масуддун отряддары токтотуп (Ташкент жана Душанбенин колдоосунда) калышкан болсо, эми элди уюштурган лидер жана инсандар жок (Дустум мурункудай жаш эмес, жарадар да болгон, анан да чет жерде дарыланып жүрөт). Учурда согуштун радикалдуу сценарийлерин ЖККУ, Иран, Пакистан жана Кытайдын адистери талдоодо. Эгер Кандагарга кайра кайрылсак, расмий маалыматтар боюнча мында 1994-жылы мурдагы моджахед, Мохаммад Омар молдо радикалдуу маанайдагы исламчыл студенттерди – "Аллахтын окуучулары" деген чакан топту чогултуп, өлкө аймагында Исламды тазалоо жана такыбалар бийлигин орнотуу үчүн согушка баштап чыккан. Эки жылдан кийин талибдер Кабулду басып алышкан. Көпчүлүк эксперттер "анти-моджахеддер" кыймылынын баш көтөрүшү – пакистандык атайын кызматтардын "эмгеги". Андан кийин Пакистан өкмөтү он жылдап талибдерди курал менен жабдып, ал эми Сауд Аравиясы каражат менен камсыздап келген. Жөн эмес, албетте, бул менен ал Афганистанды чабалдатуу, Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөргө өз таасирин жана дивиденддерин өстүрүүнү көздөгөн. Бүгүнкү күндө стратегиялык жана саясий чечимдерди 18 кишиден (министрлер, дипломаттар, губернаторлор, аскер жетекчилери жана диний ишмерлерден) турган "Талибандын"* консультативдик кеңеши чыгарат. Тактика жана аларды ишке ашырууга аскердик, маданий, каржылык, билим берүүчү, ошондой эле чалгындоо, соттор боюнча комиссиялар ,ТИМ жана ИИМ жооп берет. Ушул таптагы "Талибанды"* айдан ачык эмес, ошентсе да сырттан башкаруу ыктымалдыгы Афганистандагы жаңжалдын өнүгүшүн болжоону кыйла кыйындатат. * – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип жатканда былтыр октябрда толкуган 20 миң адамдын кайсы талабы эске алынганын сурады. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова биринчи талабы эмнеге шайлоого катышуу үчүн партия аркылуу кириш керек, көз карандысыз, чыныгы лидерлер, татыктуу жарандар шайлоого өзүнчө катыша албастыгында болгонун айтты. Эл партиялардын монополиясына каршы чыкканын белгиледи. Бирок Момбеков чыныгы талап башка болгонун билдирди."Андай эмес, ошол аянтка чыккан элдин арасында биз болгонбуз. Алар административдик жана финансылык ресурстарга каршы чыккан. Бүгүн силер ага жол ачып, 35 аймакка бөлүп койдуңар, жалаң бай-манаптарды келтирип жатпайсыңарбы кайра. Ушулбу силердин реформаңар? Октябрда өлгөн Үмүттүн арбагын ойлоп койбойсуңарбы. Кечирип коюңуз, бул мыйзам иштебейт. Октябрь окуясынын зыянын Сооронбай Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз. Анын мөөнөтү кыскарып, сиздики узарып калды. Башка эч ким пайда көргөн жок. Аянтка чыккандардын баары жаштар болгон, алар эми шайлана албайт. Базарком, банкир, олигархтар гана келет", — деди Момбеков. Андан соң Шайлдабекова депутаттын пикирине кошуларын айтып, бирок ошол учурда саясий эрк керек болгонун белгиледи. © Фото / Пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Тиллаев: бул мыйзам долбоору өтсө, өлкөдө тополоң, революция болот"Ооба, добуш сатып алуу жана административдик ресурска каршы чыгышкан. Бирок аны менен күрөшүүгө мыйзамдар эле эмес, саясий эрк дагы керек болчу. Укук коргоо органдарынын эффективдүү реакциясы, көп фактор зарыл эле. Эң башкысы, талапкерлер массалык түрдө мыйзам бузууга барбаш керек болчу", — деди БШК төрайымы. Мындан улам Момбеков октябрда аянтка 20 миң адам чогулганда шайлоонун жыйынтыгын дароо жокко чыгарып салганда "карышкыр ток, кой аман" калмактыгын айтты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Быйылкы июнь айы адам баласы климатка көз сала баштагандан берки эң ысык мезгил болуп, өзгөчө Канада жабыркады. Бул тууралуу ВВС жазып, бул мамлекетте жүздөгөн кишилер көз жумганын кошумчалады. Бирок канча адамдын аптаптан өлгөнүн тастыктап, бирок маалымат кеч берилип жаткандыктан так цифраларды көрсөткөн эмес."Быйыл Түндүк Америка, Европа, Россиянын айрым аймактары менен Азиянын кээ бир мамлекеттери ысыктын азабын тартууда. Климатты карап туруучу европалык Copernicus программасы быйылкы жайда ысык боюнча бир топ рекорддор жаңыланганын билдирди", — деп айтылат макалада. Ал эми Оксфорд университетинин Айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча институтунун профессору Фредерика Отто аптаптуу аба ырайы адамдын өмүрүн  башка жаратылыш кырсыктарындай эле алып кетип жатканын айтат."Учурда ысыктан улам үйүндө жүрүп билинбей эле өлүп калгандар көп. Антейин десең, көчөдө баратып эсин жоготуп, ошол жерде үзүлүп жаткандар дагы аз эмес", — деди ал. Мындан улам окумуштуулар жакынкы 10 жылдан тарта эле кургак жерлердин көпчүлүгү чөлгө айланып, атургай планета жашоого жараксыз болуп каларын божомолдоодо.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина алууну каалагандар эми онлайн сервистен тышкары 118 кызматы аркылуу катталып, жазыла алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, аталган кызматтын милдеттери кеңейтилип, 118 кызматынын операторлору эмдөө процедурасына байланыштуу суроолорго жооп бере башташат."Аталган кызматка чалуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу министрлик анын жумушун күчөтүү боюнча чечим кабыл алган. Операторлордун саны көбөйтүлүп, ишке үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, КММАнын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылды. Алар үчүн атайын окутуулар өткөрүлүп, кайрылган калк менен туура диалог жүргүзүүнү үйрөтүштү", — деп айтылат маалыматта. Аталган кызматтын операторлору иш графигине жараша ысык тамак-аш менен камсыз болору кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия-1" телеканалындагы эфиринде өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолун айтып бергенин РИА Новости жазды. Адистин билдиришинче, дене тарбия көнүгүүлөр бардык курактагы адамдарга, анын ичинде дарты, жадагалса шишик оорусу барларга да жардам берет."Ракка кабылгандар төшөккө көп жатат эмеспи. Эгерде айрым көнүгүүлөрдү аткарып турса өмүрүн узартууга жардам берет", — деген дарыгер. © REUTERS / VASILY FEDOSENKO Бул жүз жылдыкта адамзат канча жашка чейин өмүр сүрөрү айтылды Мясников адамдын дене-бою чымыр болуусу үчүн сөзсүз эле фитнес-клубга баруунун кажети жок экенин айткан."Лифт бар экенин унуткула. Бир жакка жөө деле баргыла. Жок дегенде күнүнө беш чакырым жөө жүргүлө. Отурбагыла, көбүрөөк туруп жана баскыла", — деген медик. Ал элди чуркоого, сууга сүзүүгө жана башка денени кыймылга келтире турган, ошол эле учурда спорттун өтө көп күч келтирип жибербеген түрлөрү менен машыгууга чакырган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Телефондогу сүйлөшүүлөрдү үчүнчү тарап тыңшап жатканынын негизги белгилерин " Прайм" агенттигине "ИТ-Резерв" компаниясынын директору, кибер коопсуздук боюнча адис Павел Мясоедов айтып берди. Анын пикиринде, мурда телефондо сүйлөшүп жатканда ортодо тоскоолдуктар болуп, жакшы угулбай калса, сөздү бирөөлөр тыңшап жатат деп ойлочубуз. Бирок сүйлөшүүнүн сапаты начар болушунун себептери көп."Азыр телефондогу маектештердин ортосунда тыңчы бар экенин билгизип турган негизги белги — аппараттын кубатынын бат короп кетиши. Болгондо да тегиз коробой, ээси бирөө менен сүйлөшүп же жазышып бүткөндөн кийин көп кетип калат. Анткени тыңчылар орноткон тиркемелер көп энергия жейт", — деди адис. Ошондой эле ал жарнамаларга көңүл бурууга чакырды. © Sputnik / Асель Сыдыкова Аидланова: смартфонубуз биз жөнүндө маалыматтын 90 пайызына ээ"Смартфон ээси кимдир-бирөө менен кайсы бир товарды же буюмду талкуулап бүткөндөн көп өтпөй эле белгисиз номерлерден дал ошол товарларды сунуштай башташат. Бул учурда колдонуучу телефонун бирөөлөр тыңшап жатканынан күмөн санабашы керек", — деди  Мясоедов. Адис мындай тыңчылардан сактануу үчүн тиркемелерди абайлап көчүрүп, аларды колдонуу шарттарын тыкыр карап чыгууну сунуштайт. Ошондой эле тиркемени колдонордо камерага, микрофонго, галереяга уруксат берүүдө сак болуу керектигин эскертет.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери контрабандалык товарлар боюнча 1 301 факты аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Мамлекеттик бажы кызматы аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн 2021-жылдын I жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган. Жалпысынан 1 301 мыйзам бузуу фактысы аныкталган, анын ичинен: 1 188 иш козголуп, 5 118 500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлүп, 25 308 897 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн; Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 113 материал тергөө органдарына өткөрүп берилген, келтирилген зыян 64 458 328 сом өлчөмүндө өндүрүлгөн; Бажылык мыйзам бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 288 475 сом суммасында бажы төлөмдөр казнага түшкөн."Натыйжада алты айлык иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча 121,2 миллион сом түшкөн. Ошондой эле былтыркы жарым жылдыкта 605 гана бузуу аныкталса, быйылкы көрсөткүч 115 пайызга көп болду", — деп айтылган маалыматта. Аны менен бирге бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 46,5 миллион сомго же 62,4 пайызга көбөйгөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Быйылкы июнь айы адам баласы климатка көз сала баштагандан берки эң ысык мезгил болуп, өзгөчө Канада жабыркады. Бул тууралуу ВВС жазып, бул мамлекетте жүздөгөн кишилер көз жумганын кошумчалады. Бирок канча адамдын аптаптан өлгөнүн тастыктап, бирок маалымат кеч берилип жаткандыктан так цифраларды көрсөткөн эмес."Быйыл Түндүк Америка, Европа, Россиянын айрым аймактары менен Азиянын кээ бир мамлекеттери ысыктын азабын тартууда. Климатты карап туруучу европалык Copernicus программасы быйылкы жайда ысык боюнча бир топ рекорддор жаңыланганын билдирди", — деп айтылат макалада. © Sputnik / Владимир Песня Дарыгер ысыкта өнөкөт оорулар күч аларын айтты Ал эми Оксфорд университетинин Айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча институтунун профессору Фредерика Отто аптаптуу аба ырайы адамдын өмүрүн  башка жаратылыш кырсыктарындай эле алып кетип жатканын айтат."Учурда ысыктан улам үйүндө жүрүп билинбей эле өлүп калгандар көп. Антейин десең, көчөдө баратып эсин жоготуп, ошол жерде үзүлүп жаткандар дагы аз эмес", — деди ал. Мындан улам окумуштуулар жакынкы 10 жылдан тарта эле кургак жерлердин көпчүлүгү чөлгө айланып, атургай планета жашоого жараксыз болуп каларын божомолдоодо.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Парламент менен Башкы прокуратура бийликтин коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-аракетин текшериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook баракчасына жазды."Бийлик "коронавирус менен күрөшүп жатабыз" деп ишендиргени менен кырдаал курчугандан-курчуп бара жатат. Күнүнө миңдеген адамдан вирус табылып, өлүм да азайбай келет. Ооруканаларда орун жок, вакцина жок. Өкмөт аны эми гана сатып алганы жатат, балким, албайт дагы. Бизге акысыз берилген вакцинаны да ташып келе албай жатабыз. Учак жок. Антейин десең жетекчилер командировкаларга, дарыланууга учуп эле кетип жатышат. Министр болсо "вакцина адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип калышы ыктымал" деп отурат. Кыргызстанда ансыз деле скептиктер көп, дарыгер мындайды айтып жатса, анда биз кыйроо алдында турабыз. Жакында дүйнө бизди дубал менен курчап коёт", — деп тынчсызданган Никитенко. © AFP 2021 / VYACHESLAV OSELEDKO Антитело пайда болбоптур. Бейшеналиев COVID жуктурган себебин түшүндүрдү Депутат бийлик кызыл зонада иштеген медиктерге акысын төлөп бермек тургай, аларды тойгуза албай жатканын белгилеп, саламаттык сактоо тармагына колунан иш келген, тажрыйба жагынан күчтүү адамды алып келүү зарылдыгына токтолгон."Тыңыраак министрди дайындап, штабдын ишин күчөтүү керек. Министрлер кабинети, президенттин аппараты, жок дегенде ушул ишти колго алып, иштеп баштагылачы!" — деген Никитенко. Эл өкүлү Жогорку Кеңеш менен башкы прокуратура бул кылмышты иликтеп башташы керектигин кошумчалаган.
Sputnik_kg
Аналитиктер өлкө кайтарылбас чекке жеткенин белгилешет. Чындап эле ушундайбы же жокпу, биздин өнөктөш РИА Новости талдап көргөн. Кайтарылбас чекке карай Индекс 37 экономикалык көрсөткүч боюнча эсептелет. Алардын арасында насыялоо көлөмү, жумушсуздук боюнча жөлөк пулга тапшырыктар, вакансия саны, ички авиакаттамдар жана ал тургай отелдердин толушу тууралуу маалыматтар да камтылат. Moody"s Analytics компаниясы туризмдеги көйгөйлөрдүн айынан америкалык экономиканын айтылуу күчүн кайтарууга болбойт деген бүтүмгө келди. Питтсбург университетинен саясат таануучу Омер Зарплинин баамында пандемиянын айынан бул тармак АКШда 69 пайызга түшкөн. Европа биримдигинде дээрлик 90, ал эми Улуу Британияда 73 пайызга кыскарган. Эмгек форматынын түзүлүшү да өз түзөтүүлөрүн киргизген. Көптөгөн америкалыктар үйдөн иштөөдө. Жумушсуздук боюнча да эки эсе көп кайрылууда. © Sputnik / Максим Богодвид Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт? Фондулук рынок аркылуу, адатта, америкалыктардын же чет өлкөлүк инвесторлордун бош каражаттарынын өсүш эсебинен экономикага салым салууну көбөйтүү да – көйгөйлөрдүн бири. Каражат экспортко кетчү технологияларга жумшалары күтүлөт. Америкалык үлкөн концерндердин бөлөк өлкөлөрдө заводдору бар. Инвестициялар жаңы жумушчу орундарын түзөт, буга ылайык салык төгүмдөрү артып, экономика өнүгөт. АКШдагы рыноктун бир нече пайызга эле кыскарышы да импорттоочу мамлекеттерди олуттуу көйгөйлөргө кептеши мүмкүн."Тобокелдик зонасында — Мексика, Канада, Япония бар. Ал эми инфляция Европада да ушундай эле процесстерди козгошу мүмкүн", — деп эскертет Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин статистика кафедрасынын доценти Ольга Лебединская. S&P500 индекси эбак тарыхый максимуму менен соодалашып турганын белгилейт Moody"s Analytics компаниясынын экономисти Марк Занди. Кескин көрүнүштөр да болушу ыктымал. Эгер Федералдык резервдик тутум базалык пайыздык ченди көбөйтө турган болсо америкалык компаниялардын акциялары 10-20 пайызга арзандап кетет. Былтыр жөнгө салуучу орган экономиканы жана керектөөчүлүк суроо-талапты жандандыруу үчүн көрсөткүчтү дээрлик нөлгө түшүргөн. Бирок эми инфляция божомолдордон ашып түшүп, Федералдык резервдик тутум ченди жогорулатууга аргасыз болот. Мурда каржылык саясат тобокелдүү активдерге суроо-талапка жагымдуу жагдай түзүп берер эле. Жакында кырдаал өзгөрөт. Бирок 30 пайыздан ашык ылдыйлабастыгын айтат Марк Занди. Эгер акциялар кескин арзандап кетсе, экономикалык өсүш жайлайт (рецессия). Бирок экономист андай болушу күмөн экенин белгилейт. Америкалык экономиканын кыйрашы: миф же чындыкпы? Базалык чендин жогорулашы насыялардын кымбатташына жана мамлекеттик карызды тейлөө чыгымдарын кыйла арттырат. Ошондуктан америкалык экономика жана доллар апта сайын кыйрай турганы да болжонууда. Калыбына келтирүү индексинде жалпы экономикалык гана эмес, багыттардын, айрыкча пандемияда жабыркаган тармактардын абалы да эске алынат. Андай жагдайга мейманкана бизнеси, авиакаттамдар, ошондой эле чакан жана орто ишкердик кабылды. Жалпысынан Кошмо Штаттар тез калыптанууда. Эң оболу энергетикалык ресурстарга баанын өсүшү буга өбөлгө болууда. Мындан сырткары, IT-технологиялар, атап айтканда, софт экспортунда 20-25 пайыздык өсүш байкалат. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун соңку божомолунда, америкалык ИДП ушул жылдын экинчи кварталынан кийин эле пандемияга чейинки деңгээлге кайтат. Экономикага коронавирустук каатчылыкты жоюу үчүн триллион доллар салынгандыктан, жумушсуздуктун көбөйүшү да көбүнесе жасалма көрүнүш катары баалоого болот. Сентябрда андай төгүмдөр токтотулат. Күзгө дейре эмдөөдөн улам авиакаттамдар жанданып, мейманканалар кайрадан толо башташы да ажеп эмес. Демек, туризмдин да арышы өр алат. © AP Photo / Mark Lennihan Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды Албетте, күүлөнүп турган инфляцияны да тоготпой койгонго болбойт. Май айында АКШда керектөөчү баалар жылдык маанисинде беш пайызга өстү, бул – 2008-жылдын августунан берки рекорддук көрсөткүч. Баары – азык-түлүк, кийим-кече, тиричилик техникасы, машиналар кымбаттады. Бирок мындай жагдай утурумдук экенин айтат Федералдык резервдик системанын төрагасы Жером Пауэлл. Жөнгө салуучу органдын талдоочулары жыл жыйынтыгы боюнча инфляция 3,4 пайызды, ал эми келерки жылы — 2,1 пайызды түзөрүн жоромолдошот. Жером Пауэлл эмгек рыногундагы абалдын да жакшырарын белгилейт. Жакынкы айларда жаңы жумушчу орундары түзүлөрү күтүлөт. Май айында жарыяланган вакансия көлөмү рекордду каккан, тагыраагы, бош орундардын саны тогуз миллиондон ашуун. Калктын мурдагыдай иш менен камсыз болушу үчүн ыргакты ылдыйлатпоо маанилүү. Бул эмдөөнү да тездетип, пандемиялык факторлорду жалпы чабалдатат. Жөнгө салуучунун баамында, быйыл жумушсуздук төрт жарым пайызга чейин азаят."Коронакаатчылыгын көп салыштыруу адатка айланган улуу депрессия кайталанбайт. Керектөөнүн глобалдык коллапсы болбойт, инфляция акырындап турукташат. Көбөйтүлгөн фондулук рыноктон Федералдык резервдик системанын акчалай каражаттары гана артка кайтарылат", — деп түшүндүрөт "Финансыны тескөө жогорку мектеби" аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган. Америкадан алдыга озуп… Адатта кыйроонун артынан өсүш келет. Ушул тапта абал жаңырууда. Дүйнөлүк экономика күтүлгөндөн да бат калыптанып жатканын белгилейт Эл аралык валюталык фонду. Кытай бардык үлкөн оюнчулардан алдыга озуп, каатчылыкка чейинки өсүш көрсөткүчтөрүнө жетти. Кошмо Штаттар да учурду колдон чыгарбайт. Америкалыктарда жаңы экономикалык циклге секирик жасоого ресурс жетишерлик. Пандемиянын кесепеттери менен Россия да күрөшүүдө. Калкты жана бизнести колдоого эки жарым триллион рубль бөлүнгөн. Бул – федералдык бюджеттин он пайызы. Бирок азырынча чакан ишкердик жана тейлөө тармагы кыйынчылыктарды жеңе албай турат. Анткен менен январь-февраль айларында ички авиакаттам 2019-жылдагы көрсөткүчтөн ашты. © AFP 2021 / KENZO TRIBOUILLARD НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат"Эки жыл сабыр кылуу зарыл. Ишканалардын басымдуу бөлүгү жабыр тартты, көпчүлүк ишсиз калды. Биринчи жарым жылдыкта юридикалык жактардын жабылгандарына караганда эки эсе аз катталды", — деп маалымдайт Михаил Коган. Россияда инфляция маселеси Кошмо Штаттардагыдай курч эмес. Керектөөчүлүк баалардын өсүшү өткөн айда жылдык маанисинде алты жарым пайызга жеткенин маалымдайт Росстат. Бул 2016-жылдын жай мезгилинен берки максимумду түзөт. Дүйнөдө тез кымбаттап бараткан товарлардын алдыңкы сабында – жашылча жана курулуш материалдары. Бирок майда мындан да начар көрүнүш эле. РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковдун айтымында, инфляциянын өсүшү басаңдоодо. Мекеме ушул айда терс көрүнүштөр аяктап, августта дефляция болорун боолголойт. Бирок талдоочулардын тыянактары оптимисттик маанайда эмес. Инфляциялык басым ички да, тышкы да каналдар боюнча жогорулоодо. Ошондуктан июлда РФ Борбордук банкы дагы бир ирет негизги чендин көлөмүн арттырат. 11-июлда россиялык каржылык жөнгө салуучу аны 0,5 пайызга көтөрдү. 2022-жылы жети пайызга чыгышы ыктымал. Мындай шарттарда өкмөт салык маневрлерин жана жаңы чектөө чараларын ойлонууга тийиш экенин айтышат экономисттер. Өлкө экономикасы аздыр-көптүр калыбына келе баштаганын реалдуу кирешелердин өсүшү айгинелейт. Азырынча капчыктар бошогондон бошоп барат. Биринчи кварталда көрсөткүч каатчыл 2014-жылдагыга караганда тогуз жарым пайызга төмөн эле.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин мажбурлоо же коркутуу жолу менен коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүдөн алыс болууга чакырды. Маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Акыйкатчынын 115 түз байланыш кызматы аркылуу өлкөнүн бардык аймактарынан даттанып жатканы айтылды."Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган коронавируска каршы вакцинация жүргүзүүнү айрым жетекчилер кызматкерлерин мажбурлоо менен аткартып жатканын айтып, арыздангандар көп болууда. Көпчүлүгү "бизди жетекчилик вакцина албасаңар жумуштан бошотобуз, айлыгыңарды кыскартабыз" деген кысымдар болуп жатканын, ал эми алар вакцина сайдыргысы келбегендигин билдиришүүдө", — деп жазылат маалыматта. Акыйкатчы институту мажбурлоо фактылары аныкталган учурда жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын эскерткен."Ошол эле учурда вакцина алуу — адамдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн дүйнө мамлекеттеринин бирдиктүү саясаты экенин эске алуубуз зарыл. Илдетке каршы эмделүү туура кадам экенине кошулабыз. Бирок мажбурлоо эмес, өз ыктыяры менен барышы үчүн активдүү үгүт иштерин жүргүзүүнү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоону Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуштайбыз", — деп жазылган пресс-релизде. © Sputnik / Тимур Батыршин Алматыда вакцинага каршы үгүттөгөндөргө кызыл зонага экскурсия уюштурулду Ошондой эле коркутуу же мажбурлоо менен эмдөөгө алып келип жатса укук коргоо органдары баа бериши керектиги белгиленет. Эгер алар тараптан чара көрүлбөсө, Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылууга укугу бар деп кошумчалашты. Ал эми мындан бир нече күн мурда мамлекеттик органдардын башчыларына, облустардын жетекчилерине, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тез арада уюштуруу тапшырылган. Андан сырткары, президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүү милдетин жүктөгөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу Афганистандагы курчуп жаткан кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына таянып кабарлады."Өлкө башчылары аймактык көйгөй боюнча пикир алмашып, биринчи кезекте Афганистандагы кырдаалды талкуулашты", — деп айтылат билдирмеде. Маалым болгондой, тараптардын күн тартибиндеги маселелерин талкуулоодо орус-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилесине жогорку баа берилген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча кырдаал "өтө жогорку деңгээлде" турукташканын билдирди. Бул тууралуу аталган уюмга шилтеме берүү менен РИА Новости жазды."Эгерде оорунун графигин карай турган болсок, акыркы жумаларда турукташуу болгонун, бирок бул өтө жогорку деңгээлде ишке ашканын көрүүгө болот", — деди Райан. © Sputnik / Максим Блинов COVID: кайсы учурда ПЦР-тест жаңылышы мүмкүн Ошондой эле ал айрым мамлекеттерде оору кескин азайганын, ошол эле учурда кээ бир мамлекеттерде өсүү байкалып жатканын кошумчалаган. Бул коронавирустун башка штаммдары пайда болуп жатканы, эпидемияга каршы чаралардын жумшартылганы жана элдин байланышы көбөйгөнү менен байланыштуу экенин айткан. ДССУнун чукул оорулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Мария Ван Керкхове кырдаал "эки ача" мүнөзгө ээ деген. Анын айтымында, Түндүк жана Түштүк Америкада вирус азайганы менен башка континенттерде жуктуруп алгандардын саны өсүүдө.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle FC лигасынын Кыргызстанда өтө турган мелдешинин анонсун жарыялады. Instagram баракчасындагы постунда ал 3-августта Кыргызстанга келерин билдирген. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov) Аталган лиганын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт."Кыргызстан, 3-августта Eagle FC мелдешинен жолугушканга чейин…", — деп жазат промоушендин ээси. Анда башкы беттеште лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев чемпиондук наамын коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу менен кез келет. Лига кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга лигадагы кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгонун билдирген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиянын экспорт-импорттук банкы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) жаңы долбоорлору үчүн 27 миллион долларлык каржылоо линиясын ачат. Бул тууралуу фонд төрагасы Артём Новиков менен банк башкармалыгынын төрагасы Азер Муталим оглы Талыбов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле тараптар август айына чейин Кыргызстанга Россияда өндүрүлгөн жогорку технологиялык жана айыл чарба жабдууларын жеңилдетилген шартта лизингдик программа аркылуу жеткирүү маселесин чече турган болушту."Бул программанын аркасы менен кыргызстандык ишкерлер Россияда өндүрүлгөн алдыңкы техникага жетип, долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — дешти фонддон. Буга чейин Новиков Кыргызстанда саясий абал турукташып калганына байланыштуу фонд 1-июлдан тарта долбоорлорду каржылоосун баштаганын айткан.
Sputnik_kg
Ашык-кеми жок үч айдан кийин, бүгүн Кыргызстандагы аталган үч ири шаарлардын депутаттарын шайлоо процесси кайра жүрүп жатат. Sputnik Кыргызстан үч калаадагы добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салып, окурмандарга маалымат берип турмакчы. Бул материалдан шайлоо боюнча сүрөт, видеолорду көрүп, тексттерди окуп тура аласыз. Тексттик баяндама улам жаңыланып турмакчы.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткендин Лейлек районуна алып келинген жети мобилдүү клиника өз ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мобилдүү клиникалардын даярдыгын текшеришти. Аны Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду "Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында гранттык негизде алып берген."Клиникалар чек ара чырында жабыр тарткан, шарты оор айылдардын жашоочуларын медициналык кароодон өткөрүп баштады. Алар акысыз текшерилип, дарыланышат. Көчмө клиниканы уюштуруу аркылуу калк арасында ар кандай ооруларды алдын алуу чарасы көрүлүүдө", — деп жазылган маалыматта. Мобилдүү клиника аркылуу Баткен облусунун жашоочулары жеринде гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алып, ошондой эле УЗИ жана рентген диагностикасынан өтө алышат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткендеги куралдуу кол салууда каза болгон 27 адамдын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жаракат алган 67 жаранга 50-100 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсация, жолдор" аталышындагы брифингге катышты. Жунушалиевдин айтымында, жалпы жонунан компенсация төлөөгө 51 миллион 556 миң сом каралган."Албетте, компенсация алуу үчүн тийиштүү процедуралардан өтүшү керек. Бул 27 үй-бүлө бардык документин толуктаган, башкаларга дагы процедуралардан өтүп бүтөрү менен кенемте төлөнөт", — деди Жунушалиев. Ошондой эле ал алган жараатынын оордугуна карап 50 миңден 100 миң сомго чейин 67 жабырлануучуга компенсация төлөнгөнүн кошумчалады. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 мекендеш жаракат алган. Бул окуядан кийин кыргыз бийлиги каза тапкандардын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жарадарларга 50-100 миң сомдон төлөп берүүнү убадалаган. Каражат республикалык бюджеттен алынат.
Sputnik_kg