text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Иммунолог жана аллерголог Владимир Болибок коронавируска каршы вакцина алгандан кийин спирт ичимдиктеринен эмне үчүн оолак болуп туруу керектигин түшүндүрдү. Дарыгердин пикирин " Российская газета" басылмасы жазды. Адистин айтымында, вакцина алгандан кийин антитело пайда боло баштайт. Бул учурда организм өзгөчө сезимтал болуп, зыяндуу нерселерди өтө оор кабыл алат."Ичимдик аз өлчөмдө дагы ууланууга алып келиши мүмкүн. Боор менен уйку без жабыркайт. Ошондой эле эмдөөдөн кийин бир нече күн бою мончого түшүп же чыйрыгып калбоо керек. Стресстик абалдан дагы адам өзүн оолак кармаганы жакшы", — деди Болибок. Сөзүнүн аягында дарыгер вакцина адамдын спирт ичимдиктерин ичкенине карабай иштей берерин, бирок препарат менен ичимдиктин "кездешпей" эле койгону туура экенин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 233 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Жуктургандар: Бишкек шаары – 789; Ош шаары – 44; Чүй облусу – 139; Ош облусу – 32; Талас облусу – 9; Нарын облусу – 13; Ысык-Көл облусу – 35; Жалал-Абад облусу – 83; Баткен облусу – 89. Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 133 303кө жетсе, анын ичинен 113 975 адам дартты жеңген. Айыккандар: Бишкек шаары – 410; Ош шаары – 83; Чүй облусу – 94; Ош облусу – 55; Талас облусу – 8; Нарын облусу – 9; Ысык-Көл облусу – 16; Жалал-Абад облусу – 63; Баткен облусу – 25. Тилекке каршы, бир сутка ичинде сегиз адам коронавирустун курмандыгы болгон. Ушуну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 054кө жетти. Каза тапкандар: Бишкек — 4; Ысык-Көл — 3; Баткен — 1. Азыркы тапта 4 158 бейтап стационарларда дарыланууда. Анын ичинен 1 193 адам оор абалда жатса, 177 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бир суткада 30 медиктен коронавирус аныкталган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Япония өкмөтү Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине бийик даражалуу өкүлдөрдү, чет мамлекеттен келген конокторду, ошондой эле мелдештин демөөрчүлөрүн жана дипломаттарды гана киргизүү маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Asahi Shimbun Digital басылмасына таянып "Известия" жазды. VIP-коноктордун саны мурда айтылган 10 миңден кыйла аз болору айтылууда. Мындан сырткары, коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн иш-чара 21:00дөн кийин көрүүчүлөрсүз өтөт. Калган убактарда оюн жайларына күйөрмандар жарым-жартылай киргизилет. Олимпиаданы өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери 8-июлдагы сүйлөшүүдө талкууланат. Ага Токионун губернатору жана Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах катышат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот Япониянын премьер-министри Есихидэ Суга оюндар таптакыр көрүүчүсүз өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Басылманын белгилешинче, премьер стадиондордо аз сандагы көрүүчүлөр болушун каалаган, бирок башкаруучу партиянын мүчөлөрү көрүүчүлөрдүн кирүүсүнө толук тыюу салуу керек деп чыгышууда. 21-июнда Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары жергиликтүү 10 миң көрүүчүгө жана спорттук оюн жайларынын 50 пайызы толгудай лимит бекиткен. Деген менен эпидемиологиялык абалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режиминен улам көрүүчүлөр стадионго киргизилбей калышы мүмкүн. Олимпиада жана Паралимпиада оюндары өткөн жылы Токиодо өтмөк. COVID-19 пандемиясынан улам мелдеш 2021-жылга калтырылган. Эми мелдеш 23-июлдан 8-августка чейин чет элдик көрүүчүлөрсүз өтөт. Мелдештин аталышы Токио-2020 бойдон сакталууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги финансылык пирамидалар кылмыш жана жарандарды сызга отургузуу ыкмасы экенин эске салып, алардан сактануу жолдорун айтып берди. Финансылык пирамиданын белгилери: кыска мөөнөт ичинде байып кетүүнү убадалашат; башка адамдарды тартып келүүнү талап кылышат; ишкананын документтерин көрсөтүшпөйт; күмөн санаткан келишимдер."Финансылык пирамиданын түрлөрү абдан көп. Бардыгынын негизги максаты — адамдардын ишенчээктигинен пайдаланып, алардын акчасын алуу. Бекер эч нерсе болбойт. Кайсы бир уюмга кирип же топко кошулардан мурда Юстиция министрлигинин, Улуттук банктын, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтынан ишкананын расмий катталгандыгы, ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алып алган туура", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. Мыйзам боюнча кайсы гана ишкана болбосун зарыл болгон учурда уставын жана башка документтерин көрсөтүүгө милдеттүү. Кайсы бир себептер менен мындай кылуудан баш тартса же создуктуруп жүрсө, демек, тынчсызданууга себеп бар. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Абиров: каржы пирамидасын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат Финансы пирамидасын уюштургандар Жазык кодексинин 214-беренесине ("Финансылык пирамидаларды түзүү") ылайык жоопко тартылат. Маалыматка караганда, ИИМ ушул тапта Ысык-Көл жана Талас облусунда финансылык пирамидаларды уюштургандарга каршы кылмыш ишин тергеп жатат. Ошондой эле Бишкек, Ош шаарлары, Ош, Жалал-Абад облустары боюнча финансылык шылуундарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Министрликтен эскерткендей, эгер жаран аны кимдир бирөө алдап жатканын байкаса, милицияга кайрылышы зарыл.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы карылар үйүндө коронавируска каршы чаралар көрүлүп, ал жерде жашагандар менен иштегендердин 80 пайызы коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Азыр ал жайдагылар тобокел тобуна киргендиктен карантинге жабылган."145 жашоочу жана 46 кызматкерге вакцина сайылган. 4 изолятор-койка ачылып, кызматкерлер график менен чыгып, аралыктан иштөөгө өткөн. Зарыл болгон санда жасалма дем алдыруучу аппараттар, медициналык бет каптар, кол каптар, антисептик, коргоочу кийимдер, пульсоксиметрлер жана тепловизорлор алынган", — деп айтылат маалыматта. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери имараттын ичинде дезинфекциялык иштерди жүргүзгөн. © пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкекте эмдөө жайлары ачыла турган соода борборлору. Тизме Мэрия бишкектиктерди коронавируска байланышкан азыркы кырдаалдан улам санитардык эпидемиологиялык эрежелерди тыкыр сактоону суранууда."Шаарда өздөрү билбей, бирок инфекцияны алып жүргөндөр көп. Алар айланасындагыларды оорутуп жатат. Жоопкерчиликтүү болуп өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла", — деп эскертишти мэриядан. Кыргызстанда башка өлкөлөр сыяктуу эле COVID-19 менен ооругандардын саны суткасына миңден ашып жатат. Кечээ коронавирус сегиз адамдын өмүрүн алып кетти.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып Ат-Башы райондук акимчилигинен 100 миң доллар пара талап кылган алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн. Андан соң түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берүүнү убадалап жетекчиликтен 100 миң доллар талап кылган. © Фото / пресс-служба ГКНБ КР Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн Натыйжада ал УКМК тарабынан кармалып, Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандар болсо УКМКнын Нарын облусундагы (03522) 50849 ишеним телефонуна кайрылуу сунушталат.
Sputnik_kg
Эми дыйкандар биоорганикалык, органоминералдык препараттарды жеринен сатып алып, топурактын анализин жүргүзө алат. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Радио Жаныбеков: айыл чарбадагы артыкчылыктуу алты багыт белгиленди Анын айтымында, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн айыл чарба азык-түлүктөрүн органикага өткөрүү зарыл."Өлкөнүн айыл чарбасында жасала турган артыкчылыктуу алты багыт кабыл алынды. Алардын ичине азык-түлүк коопсуздугу, органикалык айыл чарба, климатка ыңгайлаштыруу, класстердик өндүрүш, санариптештирүү кирди. Кыргызстанда 1 миллион 268 миң гектар айдоо аянт, 1 миллион 725 ири мүйүздүү мал, 6 миллион 250 миң майда жандык жана 515 миң жылкы бар. Ал эми коңшу өлкөлөрдүн айдоо аянты көп, биз алар менен атаандаша албайбыз. Ошондуктан органикага басым жасашыбыз керек. Анткени өлкөдө бул багытта мүмкүнчүлүк кеңири. Ал үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Органикалык өндүрүштүн стандарттары кабыл алынды. Мындан тышкары, ар бир облуста препараттарды иштеп чыгуу боюнча лабораториялар курулуп, жабдыктар менен камсыздалууда. Бул фермерлерге биоорганикалык, органоминералдык препараттарды жеринен сатып алууга мүмкүндүк түзөт", — деди Жаныбеков. Министр ар бир облуста дыйкандардын топурактын анализин чыгаруусуна жол ачылганын кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер 1-сентябрдан коюлуп башташы мүмкүн. Бул тууралуу Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты."Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган болсо (Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору – ред.), аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир ай керектелет. Ошондо гана 15-августта министрлер кабинетинин токтомун күтөбүз. Документти өтүп кеткен (арткы) число менен киргизе албайбыз да, 1-сентябрдан (тарифтерди кымбаттатуу – ред.) баштайбыз деп пландап жатабыз", — деди Айдарова. © AFP 2021 / CHRIS DELMAS Жаңы тариф киргизүүнү токтото туралы. Депутаттардын сунушу Эске салсак, апрель айында президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушун айткан. Бийлик алгач абоненттерди категорияларга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк киловатт саатына 1,09 сомдон болсун деп бирдиктүү тарифти сунуштаган. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр кубаты менен жылуулукка жаңы тарифтерди киргизүүнү токтото турууну сунуштап кат жөнөткөн. Анда депутаттар өлкөнүн электр энергия системасынын абалын көрүп тургандыктарын айтып, тарифтерди көтөрүү социалдык жарылууга жана ири компаниялардын жабылышына алып келет деп эскертишкен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Айдарбек Абдыжалил уулу Россиянын Жогорку лигасында ойногон ЛКС (ЛипецкКомплексСтрой) футзалдык клубуна өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясы билдирди. Спортчу менен клуб канча убакытка келишим түзгөнү азырынча айтыла элек. Ал арада россиялык клуб трансфер боюнча өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап, кыргызстандык талантты катарына алганын жазган. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от ЛКС, мини-футбольный клуб (@lksclub_lipetsk)"ЛКС клубуна кыргызстандык талант өттү. Айдардын ЛКС курамында өзүнүн мыктылыгын көрсөтүүсүн, жаракат албай, көптөгөн голдорду киргизип, таза жеңиштерге жетүүсүн каалайбыз", — деп айтылат россиялык команданын социалдык баракчасында. 20 жаштагы спортчу буга чейин Кыргызстандын Суперлигасындагы "Жакшылык" (2018-2019), "Илбирс" (2019), "Мурас" (2020) командаларында ойногон. Өткөн сезондо Айдар Steelex командасынын катарында ойноп, Кыргызстандын чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Ал эми клуб менен өлкөнүн Футзал ассоциациясынын Кубогу мелдешин жеңген. 2020-жылы улуттук курама командага алынган.
Sputnik_kg
Азыр биз колдонуп жаткан билим берүү стандарты 2014-жылы кабыл алынган. Андан бери жети жылдан ашуун убакыт өттү. Ушул мезгил аралыгында билим берүү тутумуна болгон талаптар өзгөрдү. Бул тууралуу Чынара Аттокурова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Аттокурова: мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты өзгөрүүдө Анын айтымында, билим берүү мамлекеттик стандарты билим парадигмасынан компетенттүүлүккө өткөн."Билим берүү стандарты окууга коюлуучу негизги талаптар болуп эсептелет. Азыр маалымат секунда сайын өзгөрүп, коом өнүгүүдө. Ага ылайык, билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жаңыланып турушу керек. Негизги милдет балдарды коомдун социалдык, экономикалык жана маданий турмушуна кирүүгө даярдоо, турмуштук практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу. КР президентинин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына ылайык, билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу, инсандын өзүн-өзү тарбиялоо жана өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу, билим берүү тутумуна билим берүү процессин жогорку деңгээлде жүргүзө алган мугалимдерди тартуу пландалууда. Жаңы стандартта негизги түшүнүктөр жана терминдер кайра каралып чыгып, жаңылары киргизилди. Андан тышкары, билим берүү багыттарынын мазмуну кайра каралды. География сабагы социалдык-билим берүү чөйрөсүнөн табигый-илимий багытына которулса, информатика предмети "Технология" билим берүү чөйрөсүнөн математикалык сабакка өттү", — деди Аттокурова. Адис мамлекеттик билим берүү стандарты менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү мекемелери аткарууга милдеттүү болуп саналарын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Мукаш Базаркулов 86 жаш курагында дүйнө салды. Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты. Базаркулов 1935-жылдын 5-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлгөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн. 1965-жылдан тартып партиялык иште эмгектенген: партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин инспектору, 1971-1979-жылдары партиянын Талас райондук комитетинин экинчи, андан кийин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган. © Фото / сайт ОшГУ Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Некролог 1979-жылы ал Кыргыз ССРнин агартуу министри, ал эми 1988-жылы эл агартуу министри болуп дайындалып, 1991-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Мукаш Базаркулов Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, педагогикалык жаӊычыл ой-жүгүртүүлөрдү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн. Ал министр болуп турганда 348000 окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64000 балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган. Элдин ишенимине татып, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Депутат катары эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөө боюнча мыйзамдарды кабыл алууга да жигердүү катышкан. Ал Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы алгачкы Конституциясынын кабыл алынышына чоң салымын кошкон. Базаркуловго 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими", 2005-жылы "КР эл мугалими" ардак наамы ыйгарылган, 2000-жылы "Даӊк" медалы менен сыйланган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Мукаш Базаркулов 86 жаш курагында дүйнө салды. Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты. Базаркулов 1935-жылдын 5-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлгөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн. 1965-жылдан тартып партиялык иште эмгектенген: партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин инспектору, 1971-1979-жылдары партиянын Талас райондук комитетинин экинчи, андан кийин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган. © Фото / сайт ОшГУ Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Некролог 1979-жылы ал Кыргыз ССРинин агартуу министри, ал эми 1988-жылы эл агартуу министри болуп дайындалып, 1991-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Мукаш Базаркулов Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, педагогикалык жаӊычыл ой жүгүртүүлөрдү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн. Ал министр болуп турганда 348 000 окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64000 балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган. Элдин ишенимине татып бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Депутат катары эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөө боюнча мыйзамдарды кабыл алууга да жигердүү катышкан. Ал Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы алгачкы Конституциянын кабыл алынышына чоң салымын кошкон. Базаркуловго 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими", 2005-жылы "КР эл мугалими" ардак наамы ыйгарылган, 2000-жылы "Даӊк" медалы менен сыйланган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктардын Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин аймакка жардам кылуу үчүн атайын эсепке которулган акчасы эч жакка жумшалган эмес. Каражат жабыр тарткан аймакты колдоого жана зыян тарткан элге жардам көрсөтүүгө чыгымдалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. Мындай маалыматты ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсациялар, жолдор" деп аталган брифингде айткан. Жунушалиев өлкөнүн ичинде жана чет мамлекетте жашаган кыргызстандыктар Баткен облусуна жардам кылуу боюнча демилге көтөргөнүн эске салды. Коммерциялык уюмдар да көмөк көрсөтүү ниетин билдирип, мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүн айлык акысын которушкан. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев"Министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 116 миллион сом, ӨКМдин атайын эсебине 2,5 миллион сомдон ашык акча чогулган. Бүгүнкү күнгө чейин ал каражат эч жакка жумшалган эмес. Бул жумада акчаны эмнеге, кантип колдонуу тартиби аныкталат. Негизинен имараттарды, курулуштарды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, андан сырткары, чек ара жаңжалында жабыркап, зыян тарткандарга жардам кылууга кетет", — деп түшүндүрдү ал. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Баткендин башчысы Алимбаев: "Айылды таштабайбыз" деген аялдарды көргөндө шердендим Брифингде буга чейин Жунушалиев баткендиктер үчүн жеңил конструкцияда 46, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсү үчүн кирпичтен 36 үй курулуп жаткандыгын айткан эле. Мындан сырткары, социалдык объектилер — мектеп, бала бакча жана ФАПтар курулуп, оңдолуп-түзөлүп жаткандыгын билдирген. Турак үйлөр тартылган демөөрчүлөрдүн эсебинен, ал эми социалдык объектилердин арбыны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жана калыбына келтирилүүдө.
Sputnik_kg
Дубайда дайвинг үчүн дүйнөдөгү эң терең бассейнди ачышты. Анын тереңдиги 60,02 метрди түзөт. The National News басылмасынын жазганына караганда, 14 миллион литр сууну батыра алган бул бассейн Гиннестин рекорддор китебине кирди. Анда суу ичинде узакка дем ала турчу каражаттарды кийген кардарлар бассейнден "чөгүп кеткен шаардагы" кадимки кишилер жашаган сыяктуу жерлерди көрө алышат. Пейзаж, батир, автоунаа токтотуучу жайлар жана башка оокат кечелер бар.
Sputnik_kg
Жаш балдардын коргонуу иммундук системасы калыптанбагандыктан күндүн ысыгы түрдүү ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат Анын айтымында, аба ырайынын кескин ысышы жүрөк-кан тамыр оорулары бар улгайган адамдар үчүн да кооптуу."Күн ысыкта кийимге көңүл буруу зарыл. Терди сыртка чыгара тургандай шартты түзүү керек. Табигый кездемеден тигилген кийимдерди сунуштайм. Негизи ысыктан көп учурда бир жашка жана беш жашка чейинки курактагы наристелер жабыркайт. Анткени алардын коргонуу иммундук системасы калыптанган эмес. Ошол эле учурда жашы өтүп калган адамдар ортосунда да түрдүү көйгөйлөр жаралат. Мисалы, өнөкөт оорулары, өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар арасында кооптуу учурлар көп кездешет. Себеби организм толук кандуу иш алып барбагандыктан ысыктан кыйналышат. Андыктан күндүн ысыгында көчөгө чыгуу сунушталбайт. Жолдо жүргөндө сөзсүз суу ичип, акыбалына көз салып туруу кажет. Адатта ысык өтүүнүн белгилери болот. Кан коюуланып, анын кесепетинен баш ооруп, кан басым көтөрүлөт. Адам алсырап, кускусу келе баштаганда көлөкөгө баш тартат. Мындай учурда жанындагы адамга өзүн жаман сезип жатканын айтып, өтө олуттуу болсо тез жардам чакыруу керек", — деди Уезбаев. Адис коронавирустун жайылышы аба ырайынын ысышынан көз каранды эместигин кошумчалады.
Sputnik_kg
Өлкөдө 4000ден ашуун дарылык касиети бар өсүмдүк болсо, анын 2000ден ашууну чөп өсүмдүктөрү болуп эсептелет. Булардын көпчүлүгү тоолордон гана табылса, айрымдары дыйканчылык аймактарда, ал тургай шаардагы көчө бойлорунан да кездештирүүгө болот. Бул тууралуу Назира Арыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Арыкбаева: өлкөдө 4000ден ашуун дары чөп өсөт Анын айтымында, учурда калк арасында табигый өсүмдүктөр менен дарыланууга олуттуу көңүл бурула баштады."Кыргызстандын флорасы дарылык касиети бар өсүмдүктөргө бай келет. Мындан улам көчмөн кыргыз элинин улуттук фармацевтикалык билими болгон. Аны муундан-муунга мурас кылып калтырып келишкен. Чынында табигый чөптөрдөн алынган дарылар синтетикалык таблеткаларга караганда пайдалуу жана ден соолук үчүн коопсуз болот. Бирок аны туура тандоону, чогултууну, кургатууну, сактоону жана даярдоону кылдат өздөштүрүү зарыл. Айрым окшош чөптөрдү алмаштырып алып колдонгон учурда адамдын саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Ошол үчүн кургатылган дары чөптөрдү дарыканалардан гана сатып алуу керек. Кээ бир дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү шаар ичинен деле тапса болот. Тилекке каршы, алардан пайда жок, автомобиль газдарына, күйүүчү майга, чаңга чулганып, анан да ит, мышык тебелеп, тескерисинче, зыяндуу затка айланып калышы ыктымал", — деди Арыкбаева. Ал ботаникалык бактын илимий кызматкерлери өлкөдө жок 70тен ашык дары чөптүн түрүн башка мамлекеттерден алып келип, илимий изилдөөлөр үчүн өстүрүп жатышканын кошумчалады. Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз:
Sputnik_kg
Токмоктук жигит кыргызчаны достору жана кошуналарынан үйрөнгөн. Ал тилди кантип үйрөнүп алганын өзү да байкабай калганын айтып берген."Төрт жашымда Калмырза деген досум бар болчу. Аны ата-энеси Коля деп койчу. Ал адегенде мага кыргызча сүйлөсө мен ага орусча сүйлөчүмүн. Кийин мен өзүм кантип кыргызча сүйлөп кеткенимди байкабай калдым… Тил билгеним мага пайдасын абдан көп тийгизет", — деген Дима. Facebook/ Гуля Алмамбетова Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео Досторунун кеңеши менен бул жигит TikTok аккаунт ачкан. Ал кыргыз тилинде ирониялуу кыскача видеолорду жарыялап, жашоо-турмуш тууралуу баяндап турат. Катталуучулары менен сүйлөшөт. Учурда анын роликтери 140 миңге чукул лайк чогулткан. Жакында эле блогор кыргызча ыр жазган. Ал роликтерди "хайп үчүн эмес", элдин маанайын көтөрүү үчүн тартаарын белгилейт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри мамлекеттик бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков билдирди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков"Энергокомпанияларды чыңдоо үчүн аларды бириктирүү тууралуу сөз болуп жатат. Азыр баары иликтенип, анализ жасалууда. Бардык реформанын алдында иш канчалык натыйжа берерин карашыбыз керек. Эгер анализ экономикалык жактан пайда алып келсе, электр тогун бөлүштүрүүчү жана чыгаруучу компаниялар бириктирилет", — деди ал. Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев ведомство кыскартууларга жана чыгымдарды оптимизациялоого барышы керектигин айткан."Тарифтер энергетикалык компаниялардын чыгымдарына жараша түзүлөт. Бардык чыгымдарды кыскартып, оптимизация кылышыбыз керек. Бизде азыр төрт чоң бөлүштүрүүчү компания бар — "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр". Алар жадагалса керектүү жабдууларын толугу менен сатып ала албайт, түшкөн каражат чыгымдарын жаппайт. Андыктан бириктирүү тууралуу кеп козголду. Мисалы, азыр бир компания жабдууну бир жерден алса, экинчиси башка жактан алат. Анан сапаты жагынан аксайт", — деди Бекмурзаев. Ошондой эле ал баарын бириктирүү менен энергетика тармагында реформа жасаларын белгилеген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри мамлекеттик бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков билдирди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков"Энергокомпанияларды чыңдоо үчүн аларды бириктирүү тууралуу сөз болуп жатат. Азыр баары иликтенип, анализ жасалууда. Бардык реформанын алдында иш канчалык натыйжа берерин карашыбыз керек. Эгер анализ экономикалык жактан пайда алып келсе, электр тогун бөлүштүрүүчү жана чыгаруучу компаниялар бириктирилет", — деди ал. Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев ведомство кыскартууларга жана чыгымдарды оптимизациялоого барышы керектигин айткан. Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы"Тарифтер энергетикалык компаниялардын чыгымдарына жараша түзүлөт. Бардык чыгымдарды кыскартып, оптимизация кылышыбыз керек. Бизде азыр төрт чоң бөлүштүрүүчү компания бар — "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр". Алар жадагалса керектүү жабдууларын толугу менен сатып ала албайт, түшкөн каражат чыгымдарын жаппайт. Андыктан бириктирүү тууралуу кеп козголду. Мисалы, азыр бир компания жабдууну бир жерден алса, экинчиси башка жактан алат. Анан сапаты жагынан аксайт", — деди Бекмурзаев. Ошондой эле ал баарын бириктирүү менен энергетика тармагында реформа жасаларын белгилеген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Үч фазалуу электр энергиясын киргизип пайдаланган кыргызстандыктарга үйүн эртең менен жана кечинде электр кубаты менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин Электроэнергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков билдирди. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Энергетика министрлигинин Электроэнергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Энергетика министрлиги жаңы тарифтер, күзгү-кышкы мезгилге даярдык жана энергетикалык коопсуздук" деп аталган брифингге катышкан."Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз. Жылытуу үчүн электрди колдонууга азырынча тыюу жок. Бирок суунун аздыгынан жана электр энергиясынын жетишсиздигинен улам жылытуу жана суу менен жылытуу үчүн жаңы техникалык шарттарды берүүгө тыюу салынган. Ал эми буга чейин үч фазалуу электр кубатын киргизип алгандар эл жапырт колдоно турган маалда анысын өчүрөт. Бул катуу көзөмөлгө алынат. Электр менен үйүн жылыткан ар бир абонент менен график түзүлүп, анда токтун кубатын пайдалануунун убактысы көрсөтүлөт", — деген ал. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Электр энергиянын тарифин 1-сентябрдан тарта кымбаттатуу пландалууда Жээнбеков кошумчалагандай, электр менен жылытууга тыюу салуу электр кубаты жапырт колдонулган, башкача айтканда, 6:00дөн 9:00гө жана 17:00дөн 20:00-21:00гө чейинки маалда ишке кирет. Буга чейин кыргызстандыктардын электр кубатын жылытуу системасына колдонууга толук тыюу салынары тууралуу эскертилген болчу. Анда тыюу салуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткендигине жана электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу киргизилгени көрсөтүлгөн. "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы эскертүүлөр электр энергиясын жылытуу максатында пайдаланууга тыюу салуу көрсөтүлгөн жарандарга гана жиберилгенин белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жакынкы төрт ай ичинде COVID-19 дагы 22 жолу мутацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Vir Biotechnology компаниясы менен Темпл университетинин Геномика жана эволюциялык медицина институтунун (АКШ) изилдөөсүнө таянып medRxiv порталы жазды. Адистер SARS-CoV-2 вирусунун жабышчаак белогунун кандайча өзгөрөрүн алдын ала биле баштады. Мындан улам жакынкы айларда вирус 22 түрлүү мутация болору божомолдонууда. Айрым түрдөрү антителонун деңгээлин түшүрүп жиберүүгө жөндөмдүү болуп, вирустун бул варианттары планетага массалык түрдө жайылары айтылып жатат. Буга чейин бул окумуштуулар дельта штаммынын пайда болорун алдын ала айтышкан. Алар вирустун кандай мутация болорун атайын математикалык модель аркылуу аныкташат. Ушул тапта илимпоздор пайда болчу штаммдарды беш ай мурда биле аларын айтууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча республиканын позициясын билдирди. Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага Инандынын кармалгандыгы жана Түркияга жеткирилиши боюнча нота берилди."Кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү жана ага карата зордук-зомбулук болбошу керектигин талап кылды", — деп айтылат билдирүүдө. Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, ошол эле учурда аны кармоо боюнча атайын операция Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөнү айтылбаганын кошумчалады. ТИМден билдиришкендей, министрлик Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары өлкөгө кайтарууга жана анын укуктарынын сакталышына бардык аракеттерди жасамакчы. © Фото / пресс-служба МОУ "Сапат" Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу Эске салсак, Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Ал эми кечээ, 5-июль күнү, ЖМКлар Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин жар салганын жазып чыгышты. Эрдоган Түркиянын атайын кызматтары тыкыр аракеттин арты менен Инандыны өлкөгө алып келип, сотко өткөргөнүн айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жакынкы төрт ай ичинде COVID-19 дагы 22 жолу мутацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Vir Biotechnology компаниясы менен Темпл университетинин Геномика жана эволюциялык медицина институтунун (АКШ) изилдөөсүнө таянып medRxiv порталы жазды. © Sputnik / Виталий Белоусов Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги Адистер SARS-CoV-2 вирусунун жабышчаак белогунун кандайча өзгөрөрүн алдын ала биле баштады. Мындан улам жакынкы айларда вирус 22 түрлүү мутация болору божомолдонууда. Айрым түрдөрү антителонун деңгээлин түшүрүп жиберүүгө жөндөмдүү болуп, вирустун бул варианттары планетага массалык түрдө жайылары айтылып жатат. Буга чейин бул окумуштуулар дельта штаммынын пайда болорун алдын ала айтышкан. Алар вирустун кандай мутация болорун атайын математикалык модель аркылуу аныкташат. Ушул тапта илимпоздор пайда болчу штаммдарды беш ай мурда биле аларын айтууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча республиканын позициясын билдирди. Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага Инандынын кармалгандыгы жана Түркияга жеткирилиши боюнча нота берилди."Кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү жана ага карата зордук-зомбулук болбошу керектигин талап кылды", — деп айтылат билдирүүдө. Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, ошол эле учурда аны кармоо боюнча атайын операция Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөнү айтылбаганын кошумчалады. ТИМден билдиришкендей, министрлик Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары өлкөгө кайтарууга жана анын укуктарынын сакталышына бардык аракеттерди жасамакчы. © Фото / пресс-служба МОУ "Сапат" Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу Эске салсак, Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Ал эми кечээ, 5-июль күнү, ЖМКлар Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салганын жазып чыгышты. Эрдоган Түркиянын атайын кызматтары тыкыр аракеттин арты менен Инандыны өлкөгө алып келип, сотко өткөргөнүн айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча республиканын позициясын билдирди. Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага Инандынын кармалгандыгы жана Түркияга жеткирилиши боюнча нота берилди."Кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү жана ага карата зордук-зомбулук болбошу керектигин белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө. Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экенине токтолуп, ошол эле учурда аны кармоо боюнча атайын операция Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөнү айтылбаганын кошумчалады. ТИМден билдиришкендей, министрлик Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары өлкөгө кайтарууга жана анын укуктарынын сакталышына бардык аракеттерди жасамакчы. © Фото / пресс-служба МОУ "Сапат" Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу Эске салсак, Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Ал эми кечээ, 5-июль күнү, ЖМКлар Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салганын жазып чыгышты. Эрдоган Түркиянын атайын кызматтары тыкыр аракеттин арты менен Инандыны өлкөгө алып келип, сотко өткөргөнүн айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оорлошконуна байланыштуу кардарлар менен иштөөгө убактылуу чектөө киргизди. Ага ылайык, эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операциялар токтотулган. Мындай кадамдар СOVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында жасалууда. Эпидкырдаал жакшыргандан кийин кайра мурунку режиминде иштей баштайт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл аймагында +25…+30, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус ысыйт. Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +33…+35, Ошто +35…+37, Чолпон-Ата шаарында +24…+29 градусту көрсөтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан борбордук "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы фонтандын ортосунда өсүп турган мажүрүм талдардын бир бөлүгүн кыйып жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга соода борбордун директору Михаил Михин айтып берди. Обрезка ив у фонтанного комплекса ЦУМ © Sputnik / Табылды Кадырбеков Обрезка ив у фонтанного комплекса ЦУМ © Sputnik / Табылды Кадырбеков Обрезка ив у фонтанного комплекса ЦУМ © Sputnik / Табылды Кадырбеков Обрезка ив у фонтанного комплекса ЦУМ © Sputnik / Табылды Кадырбеков Обрезка ив у фонтанного комплекса ЦУМ © Sputnik / Табылды Кадырбеков 1 / 5 © Sputnik / Табылды Кадырбеков Обрезка ив у фонтанного комплекса ЦУМ Социалдык тармактарда фонтандагы мажүрүм талдарды кимдир-бирөөлөр кыйып жаткандыктарын жазышкан. Мэриядан бактар менчик аянтта болгондуктан, ал иштер менен "Жашыл чарба" алектенбегендигин билдиришти. Михин "Айчүрөктүн" администрациясы куурап калгандарын кыйып жатканын, себеби ал кишини басып калышы мүмкүн экендигин айтты."Кургап жана чирип калгандары бар экен. "Жашыл чарбага" кыйып берүүнү өтүнүп кат жазсам, ал менчик жер экендигин билдирип, башка сунуштарын айтышты. Былтыр коронавирустан улам кыйбай калганбыз. 2019-жылы аталган ишкананын кызматкерлерине бактардын кооптуу жерлерин көрсөткөм. Бир жума мурда эле бир бутагы сынып түштү, дагы жакшы айланасында эч ким жок болуп калды. Андыктан ушундай кадамга барууну, тагыраагы, аларды кыюуну чечтик", — деп түшүндүрдү башкы директор. Михин мажүрүм талдардын үч же төртөө кыйылганын айтты. 2016-жылы дарактарды кыйып салуу боюнча маселе көтөрүлүп, бирок анда атайын жабдуулар менен бекемдешкенин кошумчалады. Аталган дүкөндүн администрациясынан фонтандар 1974-жылы "Айчүрөк" курулганда аны менен кошо орнотулуп, талдар да ошол жылы отургузулганын айтышты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан борбордук "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы фонтандын ортосунда өсүп турган мажүрүм талдардын бир бөлүгүн кыйып жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга соода борбордун директору Михаил Михин айтып берди. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан борбордук "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы фонтандын ортосунда өсүп турган мажүрүм талдардын бир бөлүгүн кыйып жатышат © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга соода борбордун директору Михаил Михин айтып берди © Sputnik / Табылды Кадырбеков Социалдык тармактарда фонтандагы мажүрүм талдарды кимдир-бирөөлөр кыйып жаткандыктарын жазышкан © Sputnik / Табылды Кадырбеков Мэриядан бактар менчик аянтта болгондуктан, ал иштер менен "Жашыл чарба" алектенбегендигин билдиришти © Sputnik / Табылды Кадырбеков Михин "Айчүрөктүн" администрациясы куурап калгандарын кыйып жатканын, себеби ал кишини басып калышы мүмкүн экендигин айтты © Sputnik / Табылды Кадырбеков 1 / 5 © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкектин чок ортосунда жайгашкан борбордук "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы фонтандын ортосунда өсүп турган мажүрүм талдардын бир бөлүгүн кыйып жатышат Социалдык тармактарда фонтандагы мажүрүм талдарды кимдир-бирөөлөр кыйып жаткандыктарын жазышкан. Мэриядан бактар менчик аянтта болгондуктан, ал иштер менен "Жашыл чарба" алектенбегендигин билдиришти. Михин "Айчүрөктүн" администрациясы куурап калгандарын кыйып жатканын, себеби ал кишини басып калышы мүмкүн экендигин айтты."Кургап жана чирип калгандары бар экен. "Жашыл чарбага" кыйып берүүнү өтүнүп кат жазсам, ал менчик жер экендигин билдирип, башка сунуштарын айтышты. Былтыр коронавирустан улам кыйбай калганбыз. 2019-жылы аталган ишкананын кызматкерлерине бактардын кооптуу жерлерин көрсөткөм. Бир жума мурда эле бир бутагы сынып түштү, дагы жакшы айланасында эч ким жок болуп калды. Андыктан ушундай кадамга барууну, тагыраагы, аларды кыюуну чечтик", — деп түшүндүрдү башкы директор. Михин мажүрүм талдардын үч же төртөө кыйылганын айтты. 2016-жылы дарактарды кыйып салуу боюнча маселе көтөрүлүп, бирок анда атайын жабдуулар менен бекемдешкенин кошумчалады. Аталган дүкөндүн администрациясынан фонтандар 1974-жылы "Айчүрөк" курулганда аны менен кошо орнотулуп, талдар да ошол жылы отургузулганын айтышты.
Sputnik_kg
Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн. Мекендешибиздин сыры жөпжөнөкөй — кыялдарын орундатуу үчүн ал коркуу жана күмөнсүнүүнү жеңип, алдыга карай жылгандан тайманган эмес. Жеке чыйыры тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын окурмандарына баяндап берди. — Өзүңүз жөнүндө кеп салсаңыз. Кийим дизайнына кандайча кызыгып калдыңыз? — Ошто төрөлгөм. Бишкекке жер которуп, борбор калаада чоңойдук. Апамдын талыкпай мээнеттенгенин көрүп өстүм. Ал адегенде базарда кийим сатчу, кийин жеке иш түптөп, цех ачууну чечти. Бала кезде ошол жакта эле жүрчүмүн, иштин жүрүшүнө күндө күбө болом. Балалык менен куурчактарга кийим тигүүгө тырышам десеңиз. Апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү. Ачыгы, жогорку класстарда келечекте ким болорумду көп деле элестете алчу эмесмин. Бирок болочок тууралуу апам менен баарлашкандан кийин кийим дизайны менен алектенгим келерин аңдагам. Адистикти аныктап алган соң чет жердеги окуу жайга тапшырууга көп деле баш катырган эмесмин. Мага Кыргызстанда бул тармак чабал өнүккөн сымал туюлар эле. Ошондуктан Англияны, анан да дал Манчестер искусство мектебин тандоону чечтим. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Манчестердеги окуу жайга кантип тапшырдыңыз? — Адегенде англис тилин өздөштүрүп алуу абзел. Ал эми дизайнерлик үчүн чыгармачыл портфолио да зарыл. Башкысы — мөөнөтүн өткөрүп жибербеш керек! Эгер чет өлкөдө окугуңуз келсе, анан да стипендия алууну көздөп турсаңыз, документ топтоону акыркыга калтырган болбойт. Билсеңиздер керек, Бишкекте кыргызстандыктарга чет жакта окуу үчүн документ топтоо жана тапшырууга жардамдашкан чакан ишканалар толтура. Ошондой фирмалардын бирине кайрылгам, жаңылбаптырмын. Башта чет өлкөлүк студенттерди даярдаган атайын мектепте окудум, аны бүтүргөндөн кийин гана университетке өттүм. — Улуу Британияда билим алуу асмандын башындай сезиле берчү мага... © Фото / из личного архива Айтурган Жээнбековой Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны — Баары жогорку окуу жайга жараша. Азыр, менимче, инфляциядан улам акы өсүп кетти. Бирок, маселен, сен британиялык окуу жайга тапшырганыңда кандай акы көрсөтүлсө, кымбаттаганына карабастан дал ошол баада аяктайсың. Мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат. Ушул мамлекетти тандоомо дагы эки фактор таасир эткен. Менин факультетимде окуунун басымдуу бөлүгүн практика түзөт. Биз эргүү издөө, өз кийим топтомубузду, мүмкүн болгон буюмдарды жаратууну үйрөнчүбүз. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Манчестердеги жашоо жадыңызда эмнеси менен калды? — Шаарга бир нече күн дегенде араң көндүм. Англияда климат да, маданият да таптакыр башкача. Суукта көчөгө куртка, өтүк кийип чыксам, тегеректеги балдар-кыздардын баары футболкачан жүрүшкөнү эсимде! Көрсө андай нерсе кадыресе көрүнүш экен. Манчестер Лондонго караганда суугураак, жамгыр дээрлик тынбай жаайт. Кышкысын кар жаабаса да, суугу сөөктөн өтөт. Жергиликтүү тиричиликке көнүүгө да туура келди. Англиялыктарда бул багытта бардык нерсе: розеткадан тарта крандарга (ысык суу өзүнчө, муздагы өзүнчө агат) дейре бөлөкчө. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны Дагы бир кызык жагы: Англиядагы шаарларда үй-жайсыздар жайнайт, анткен менен алар салыштырмалуу жакшы жашашат: кап керебетте уктап, ит багып, акча сурашат. Балким, Британияда жумушсуздук үчүн чоң өлчөмдө жөлөк пул төлөнөрүнөн кабардар чыгарсыздар. Ал өмүр өткөнчө жашоого жетет. Манчестерде түнкүсүн турмуш кайнайт. Аптанын ар бир күнүндө жергиликтүү тургундардын клубу бар: дүйшөмбү күнү бири, шейшембиде башкасы... Жума же ишембиде үйдөн чыксаң, жергиликтүү жаштардын болушунча эс алып жатканына күбө болосуң. Ал эми манчестердик эки футболдук клубдун мелдеши тууралуу унчукпай эле коёюн. "Юнайтед" менен "Сити" ойногондо көчөдөгү көрүнүш кандайдыр революцияны эске салат. Бирок эртеси таңда көчөлөрдүн баары жайында, кечээ эч ким таштанды таштабагандай. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Андай шаарда ар ким эле жашап кете албайт окшойт... — Түк андай эмес! Манчестер — студенттик жылдарды өткөрүү үчүн эң ылайык калаа. Жашоо ал жакта, маселен, Лондонго караганда кыйла арзан. Мисалы, курбум экөөбүз шаардын чок ортосунда мыкты батирди ижарага алчубуз. Бирок баш калаада ошол эле каражатка шаардын чет жакасындагы эски үйдү арендага алууга болот. Манчестердин борборунда коляска сүйрөгөн же бала жетелеген энелерди сейрек кездештиресиң. Мага шаар калкынын дээрлик 70 пайызын студенттер түзгөндөй сезилчү. Студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар. — Кыргызстан менен Улуу Британиядагы турмуштун айырмачылыгын көп кеп кылабыз. Эки өлкөнүн жашоочуларынын окшоштугу барбы? — Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Окууну аяктаганыңызда эмнеге Кошмо Штаттарга аттандыңыз? Буга эмне түрткү болду? © Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым Француздардын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калган. Кыргызстандык ишкердин баяны — Америкада кыялдарымды орундатуу жеңилирээк болот го деп ойлодум. Нью-Йоркто билимимди жогорулатып, тажрыйба топтоону чечтим. Акыры мени бир ишканага кече жана үлпөт көйнөктөрү менен алектенген "көшөгө" артындагы жардамчы кылып алышты. Анткен менен дизайнер катары кыйла дасыктым, ири ишканаларда иш кантип уюштурула турганын ичинен көрдүм. Ошол эле компанияда мода индустриясынын башка өңүтүнө да күбө болдум. Моделдердин кызматы көп учурда катуу четке кагылат. — Америкалыктар жактырган кече көйнөктөрү кыргызстандыктардыкынан кандай айырмаланат? — Чынын айтайынбы? Эч айырмаланбайт. Балким, биздин кыздар жупунураак кийимдерди ылайык көрүшөр, бирок кече көйнөктөрү бардык жерде бирдей. Албетте, бул жакта да, аларда да эксперимент жасоого болот, бирок сөлөкөтү кадимки эле. Айтмакчы, Кыргызстанга келген сайын жергиликтүү кыздардын абдан жарашыктуу кийингенин байкайм. Алар модадан артта калбай, кийимдерди жараштырып кийгенди билишет. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Америкадан кийин Сингапурга жөнөпсүз. Эмнеге дагы жер которгуңуз келди? — Тынымсыз өнүгүү жолундагы өлкөлөрдү көрүү мага дайым кызык боло берчү. Создуктура бербейин деп Сингапурдан жумуш караштырууга кириштим. Ошол убакта колумда виза деле жок, тек гана – илгери үмүт!.. Натыйжада мени Versace, Valentino, Balenciaga жана башка бренддер кардарлары болгон бир PR-агенттиктин фэшн (мода) бөлүмү күтүп турган экен. Сингапурда жарым жыл ушул компаниялардын пиар-өкүлү болуп иштеп, алар тууралуу басылмаларга чыккан маалыматтарга көз салып, иш-чараларды өткөрүп, медиа өкүлдөрү жана социалдык медиадагы таасирдүү адамдар менен кат алышчумун. — Бейтааныш мамлекетке барып, анан да ушундай бир ишканага туш болуу кандай экенин мен элестете да албайм... — Абдан татаал болду! Биринчиден, сен бөтөн өлкөдө жалгызсың, бул дегеле жеңил эмес. Экинчиден, Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат. Жумушка бир саат эрте келгениме карабастан кээде кеңседе түнкү үчкө чейин калар элем. Мындай ири ишканалар менен кызматташууда жаңылыштыкка жол бере албайсың, бийик талаптарга шайкеш иш алып барууга тийишсиң. Бул убакыт аралыгында көп нерсени үйрөндүм, маселен, жеке тартип жана тайм-менеджментти өздөштүрдүм. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Сингапурдан эмнеге кеттиңиз? — Бул өлкөгө мода индустриясын башка өңүттөн көрүү үчүн баргам. Ичинен таанышкан соң баары бир кийим дизайнына көңүлүм көбүрөөк тартарын түшүнүп, Кошмо Штаттарга кайтууну чечтим. Бир аз жүрүп эле Кыргызстанга учуп келип, алган билим жана топтогон тажрыйбамды пайдаланып үй-бүлөмө кол кабыш кылдым. © Фото / из личного архива Гулзире Минбаевой Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери Апам дал ошол тушта калып боюнча бюро ачып жаткан эле. Ушул чакан бизнести колго алып, бир нече жумушчу жалдап, жергиликтүү ишканалар үчүн калып даярдоого кириштик. Ошондо кыргызстандыктар көп иштеп, аз маяна аларына ынандым. Эмгек акы деңгээли жумшалган күчтү актабайт. Мекенде 2020-жылдын аягына чейин иштеп, Кошмо Штаттарга кайттым. Башка мамлекеттер сымал эле Америка да пандемиянын жаңы толкунун баштан кечирүүдө. Бул айрыкча чоң шаарларга тиешелүү: Нью-Йорк жана Лос-Анжелесте көпчүлүк үйдөн иштөөдө. Жакында кырдаал турукташат деген үмүттөмүн. Ушул тапта жеке бизнесимди түптөп, кийим дизайнери катары илгерилөө үчүн "талант грин-картасына" документ тапшырып жатам.
Sputnik_kg
Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн. Мекендешибиздин сыры жөпжөнөкөй — кыялдарын орундатуу үчүн ал коркуу жана күмөнсүнүүнү жеңип, алдыга карай жылгандан тайманган эмес. Жеке чыйыры тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын окурмандарына баяндап берди. — Өзүңүз жөнүндө кеп салсаңыз. Кийим дизайнына кандайча кызыгып калдыңыз? — Ошто төрөлгөм. Бишкекке жер которуп, борбор калаада чоңойдук. Апамдын талыкпай мээнеттенгенин көрүп өстүм. Ал адегенде базарда кийим сатчу, кийин жеке иш түптөп, цех ачууну чечти. Бала кезде ошол жакта эле жүрчүмүн, иштин жүрүшүнө күндө күбө болом. Балалык менен куурчактарга кийим тигүүгө тырышам десеңиз. Апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү. Ачыгы, жогорку класстарда келечекте ким болорумду көп деле элестете алчу эмесмин. Бирок болочок тууралуу апам менен баарлашкандан кийин кийим дизайны менен алектенгим келерин аңдагам. Адистикти аныктап алган соң чет жердеги окуу жайга тапшырууга көп деле баш катырган эмесмин. Мага Кыргызстанда бул тармак чабал өнүккөн сымал туюлар эле. Ошондуктан Англияны, анан да дал Манчестер искусство мектебин тандоону чечтим. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн — Манчестердеги окуу жайга кантип тапшырдыңыз? — Адегенде англис тилин өздөштүрүп алуу абзел. Ал эми дизайнерлик үчүн чыгармачыл портфолио да зарыл. Башкысы — мөөнөтүн өткөрүп жибербеш керек! Эгер чет өлкөдө окугуңуз келсе, анан да стипендия алууну көздөп турсаңыз, документ топтоону акыркыга калтырган болбойт. Билсеңиздер керек, Бишкекте кыргызстандыктарга чет жакта окуу үчүн документ топтоо жана тапшырууга жардамдашкан чакан ишканалар толтура. Ошондой фирмалардын бирине кайрылгам, жаңылбаптырмын. Башта чет өлкөлүк студенттерди даярдаган атайын мектепте окудум, аны бүтүргөндөн кийин гана университетке өттүм. — Улуу Британияда билим алуу асмандын башындай сезиле берчү мага... © Фото / из личного архива Айтурган Жээнбековой Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны — Баары жогорку окуу жайга жараша. Азыр, менимче, инфляциядан улам акы өсүп кетти. Бирок, маселен, сен британиялык окуу жайга тапшырганыңда кандай акы көрсөтүлсө, кымбаттаганына карабастан дал ошол баада аяктайсың. Мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат. Ушул мамлекетти тандоомо дагы эки фактор таасир эткен. Менин факультетимде окуунун басымдуу бөлүгүн практика түзөт. Биз эргүү издөө, өз кийим топтомубузду, мүмкүн болгон буюмдарды жаратууну үйрөнчүбүз. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү — Манчестердеги жашоо жадыңызда эмнеси менен калды? — Шаарга бир нече күн дегенде араң көндүм. Англияда климат да, маданият да таптакыр башкача. Суукта көчөгө куртка, өтүк кийип чыксам, тегеректеги балдар-кыздардын баары футболкачан жүрүшкөнү эсимде! Көрсө андай нерсе кадыресе көрүнүш экен. Манчестер Лондонго караганда суугураак, жамгыр дээрлик тынбай жаайт. Кышкысын кар жаабаса да, суугу сөөктөн өтөт. Жергиликтүү тиричиликке көнүүгө да туура келди. Англиялыктарда бул багытта бардык нерсе: розеткадан тарта крандарга (ысык суу өзүнчө, муздагы өзүнчө агат) дейре бөлөкчө. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны Дагы бир кызык жагы: Англиядагы шаарларда үй-жайсыздар жайнайт, анткен менен алар салыштырмалуу жакшы жашашат: кап керебетте уктап, ит багып, акча сурашат. Балким, Британияда жумушсуздук үчүн чоң өлчөмдө жөлөк пул төлөнөрүнөн кабардар чыгарсыздар. Ал өмүр өткөнчө жашоого жетет. Манчестерде түнкүсүн турмуш кайнайт. Аптанын ар бир күнүндө жергиликтүү тургундардын клубу бар: дүйшөмбү күнү бири, шейшембиде башкасы... Жума же ишембиде үйдөн чыксаң, жергиликтүү жаштардын болушунча эс алып жатканына күбө болосуң. Ал эми манчестердик эки футболдук клубдун мелдеши тууралуу унчукпай эле коёюн. "Юнайтед" менен "Сити" ойногондо көчөдөгү көрүнүш кандайдыр революцияны эске салат. Бирок эртеси таңда көчөлөрдүн баары жайында, кечээ эч ким таштанды таштабагандай. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат — Андай шаарда ар ким эле жашап кете албайт окшойт... — Түк андай эмес! Манчестер — студенттик жылдарды өткөрүү үчүн эң ылайык калаа. Жашоо ал жакта, маселен, Лондонго караганда кыйла арзан. Мисалы, курбум экөөбүз шаардын чок ортосунда мыкты батирди ижарага алчубуз. Бирок баш калаада ошол эле каражатка шаардын чет жакасындагы эски үйдү арендага алууга болот. Манчестердин борборунда коляска сүйрөгөн же бала жетелеген энелерди сейрек кездештиресиң. Мага шаар калкынын дээрлик 70 пайызын студенттер түзгөндөй сезилчү. Студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар. — Кыргызстан менен Улуу Британиядагы турмуштун айырмачылыгын көп кеп кылабыз. Эки өлкөнүн жашоочуларынын окшоштугу барбы? — Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи — Окууну аяктаганыңызда эмнеге Кошмо Штаттарга аттандыңыз? Буга эмне түрткү болду? © Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым Француздардын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калган. Кыргызстандык ишкердин баяны — Америкада кыялдарымды орундатуу жеңилирээк болот го деп ойлодум. Нью-Йоркто билимимди жогорулатып, тажрыйба топтоону чечтим. Акыры мени бир ишканага кече жана үлпөт көйнөктөрү менен алектенген "көшөгө" артындагы жардамчы кылып алышты. Анткен менен дизайнер катары кыйла дасыктым, ири ишканаларда иш кантип уюштурула турганын ичинен көрдүм. Ошол эле компанияда мода индустриясынын башка өңүтүнө да күбө болдум. Моделдердин кызматы көп учурда катуу четке кагылат. — Америкалыктар жактырган кече көйнөктөрү кыргызстандыктардыкынан кандай айырмаланат? — Чынын айтайынбы? Эч айырмаланбайт. Балким, биздин кыздар жупунураак кийимдерди ылайык көрүшөр, бирок кече көйнөктөрү бардык жерде бирдей. Албетте, бул жакта да, аларда да эксперимент жасоого болот, бирок сөлөкөтү кадимки эле. Айтмакчы, Кыргызстанга келген сайын жергиликтүү кыздардын абдан жарашыктуу кийингенин байкайм. Алар модадан артта калбай, кийимдерди жараштырып кийгенди билишет. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар — Америкадан кийин Сингапурга жөнөпсүз. Эмнеге дагы жер которгуңуз келди? — Тынымсыз өнүгүү жолундагы өлкөлөрдү көрүү мага дайым кызык боло берчү. Создуктура бербейин деп Сингапурдан жумуш караштырууга кириштим. Ошол убакта колумда виза деле жок, тек гана – илгери үмүт!.. Натыйжада мени Versace, Valentino, Balenciaga жана башка бренддер кардарлары болгон бир PR-агенттиктин фэшн (мода) бөлүмү күтүп турган экен. Сингапурда жарым жыл ушул компаниялардын пиар-өкүлү болуп иштеп, алар тууралуу басылмаларга чыккан маалыматтарга көз салып, иш-чараларды өткөрүп, медиа өкүлдөрү жана социалдык медиадагы таасирдүү адамдар менен кат алышчумун. — Бейтааныш мамлекетке барып, анан да ушундай бир ишканага туш болуу кандай экенин мен элестете да албайм... — Абдан татаал болду! Биринчиден, сен бөтөн өлкөдө жалгызсың, бул дегеле жеңил эмес. Экинчиден, Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат. Жумушка бир саат эрте келгениме карабастан кээде кеңседе түнкү үчкө чейин калар элем. Мындай ири ишканалар менен кызматташууда жаңылыштыкка жол бере албайсың, бийик талаптарга шайкеш иш алып барууга тийишсиң. Бул убакыт аралыгында көп нерсени үйрөндүм, маселен, жеке тартип жана тайм-менеджментти өздөштүрдүм. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат — Сингапурдан эмнеге кеттиңиз? — Бул өлкөгө мода индустриясын башка өңүттөн көрүү үчүн баргам. Ичинен таанышкан соң баары бир кийим дизайнына көңүлүм көбүрөөк тартарын түшүнүп, Кошмо Штаттарга кайтууну чечтим. Бир аз жүрүп эле Кыргызстанга учуп келип, алган билим жана топтогон тажрыйбамды пайдаланып үй-бүлөмө кол кабыш кылдым. © Фото / из личного архива Гулзире Минбаевой Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери Апам дал ошол тушта калып боюнча бюро ачып жаткан эле. Ушул чакан бизнести колго алып, бир нече жумушчу жалдап, жергиликтүү ишканалар үчүн калып даярдоого кириштик. Ошондо кыргызстандыктар көп иштеп, аз маяна аларына ынандым. Эмгек акы деңгээли жумшалган күчтү актабайт. Мекенде 2020-жылдын аягына чейин иштеп, Кошмо Штаттарга кайттым. Башка мамлекеттер сымал эле Америка да пандемиянын жаңы толкунун баштан кечирүүдө. Бул айрыкча чоң шаарларга тиешелүү: Нью-Йорк жана Лос-Анжелесте көпчүлүк үйдөн иштөөдө. Жакында кырдаал турукташат деген үмүттөмүн. Ушул тапта жеке бизнесимди түптөп, кийим дизайнери катары илгерилөө үчүн "талант грин-картасына" документ тапшырып жатам.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Вашингтон Москва менен диалогдо үстөмдүк кылабыз деп ойлосо жаңылышат. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров индонезиялык "Ракьят Мердека" гезитине маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды."Думшандык аракеттерге чечкиндүү жана так кесе жооп кайтарабыз", — деди министр. Лавровдун айтымында, Женевадагы саммитте Россия президенти Владимир Путин кандай гана диалог жана кызматташуу болбосун Россия кызыкчылыктардын балансына жана тең ата мамилелерге артыкчылык бере турганын баса белгилеген. © Sputnik / Алексей Никольский Владимир Путин менен болгон түз эфирдин урунттуу учурлары Ошондой эле министр эки өлкөнүн президенттери жолугуп жатканда АКШ "каршылык" көрсөтпөгөнү менен көп өтпөй баягы эле позициясын улантып жатканын кошумчалады. Владимир Путин менен Жо Байдендин алгачкы жолугушуусу Швейцарияда 16-июнь күнү өткөн. Жыйынтыгында тараптар жолугушуу конструктивдүү маанайда болгонун айтышкан. Эки лидер айрым маселелер боюнча бир пикирде экени аныкталып, стратегиялык туруктуулук үчүн мындан ары дагы сүйлөшүүлөрдү уланта турганы белгилүү болгон.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Эртең, 7-июлда, Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Райондордун тизмеси: 9:00дөн 12:00гө чейин — Күлчоро көчөсүндө (№ 21 үйдө); 9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи райондо (№ 3 үйдө), Сыдыков көчөсүндө (№ 940 үйдө), Мурас-Ордо конушунда; 9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Арча, Арча-Бешик, Көлмө конуштарында, Чортеков, Күйүкова, 19-линия, Матисаков, Садырбаев, Абдумомунов, Үмөталиев, Рыскулов, Репин, Айни, Дагестан, Кызыл-Кыя, Талды-Суу көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Саруу, Измайловский кууш көчөлөрүндө; 9:00дөн 14:00гө чейин — Көлбаев көчөсүндө (№ 22, 24, 28, 30 үйлөрдө); 9:00дөн 18:00гө чейин — 11-кичи районунда (№ 20/1, 26, 27 үйлөрдө); 9:30дан 18:30га чейин — Тоголок Молдо, Тыныстанов, Орозбеков, Серов, Щусев, Васильев, Магадан, Логвиненко, Тельман, Щербаков жана Дзержинский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Дон, ЧЧК кууш көчөлөрүндө; 9:30дан 19:00гө чейин — 6-кичи райондо (№ 20а, 26, 27 үйлөрдө), Каралаев көчөсүндө (№ 13/2, 13а, 13/4, 13/7, 13/6, 13/10, 13/9, 15/2, 15/3, 15/4, 15а/1, 15а, 15в, 15/6, 15/5, 15/7, 15/9, 17/2 үйлөрдө), Сухэ-Батор көчөсүндө; 10:00дөн 17:00гө чейин — Рухий-Мурас конушунда; 13:00дөн 18:00гө чейин — Маяковский, Элебесов, Васильев, Фирсов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана Орто-Токой кууш көчөсүндө.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. Ага ылайык, жеңил атлетчи Олимпиадада 5 миң метр дистанцияда күч сынашмакчы. © Фото / Кабыл Макешов Кыргызстандык дагы бир балбан Токио Олимпиадасына жолдомо алды Эске салсак, ушуну менен Токио Олимпиадасына катышууга жолдомо алгандардын саны 18 болду. Тагыраагы, күрөш боюнча тогуз, жеңил атлетика боюнча төрт, ошондой оор атлетика, дзюдо, фехтование, ок атуу, сууда сүзүү боюнча бирден лицензия бар. Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттер аралык ассамблеясынын Вена (Австрия) шаарындагы жайкы отурумуна катышууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Бул отурумдун алкагында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы катары ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын вице-президенти, ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясындагы Азербайжан делегациясынын башчысы, Милли Межилистин депутаты Азай Гулиев менен жолуккан."Тараптар эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыктын, ошондой эле ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясы менен Түрк ПАнын алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта. Аны менен катар Икрамов Норвегия парламентинин депутаты – Ассамблеянын төрагасы кызматына талапкер Кари Хериксен менен да жолуккан. Анда коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү кызматташтык, бири-бирине көмөктөшүү маселелерин көтөргөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып Ат-Башы райондук акимчилигинен 100 доллар пара талап кылган алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн. Андан соң түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берүүнү убадалап жетекчиликтен 100 доллар талап кылган. © Фото / пресс-служба ГКНБ КР Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн Натыйжада ал УКМК тарабынан кармалып, Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандар болсо УКМКнын Нарын облусундагы (03522) 50849 ишеним телефонуна кайрылуу сунушталат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Англиялык жалпы практикалык дарыгер Хилари Жонс Улуу Британия коронавирустун жаңы мутацияларынын очогу болуп калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ITV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды. Анын айтымында, бул өлкөдө өкмөт вакцина салуу программасына катуу ишенип жатат. Бирок вирустан коргонуу үчүн башка дагы чаралар талап кылынат."Ооба, вакцина ооруну жеңилдетип, өлүмдүн санын азайтууда. Бизде альфа-мутация гана болсо, тынч отура бермекпиз. Бирок азыр Улуу Британияда мутациянын дельта варианты дагы бар. Ал өтө жугуштуу. Жакында өлкөдө күн сайын 50 миңдей адам COVID жугуза башташы мүмкүн. Мындайда вирус өтө ылдамдыкта мутация болуп, бат жайылат. Ошондо анык коронавирус фабрикасына айланабыз", — деди адис. © AFP 2021 / SAM YEH ДССУ дүйнөдө коронавирус боюнча кырдаал турукташып калганын билдирди Апта башында Улуу Братияда бир сутка ичинде 27 334 кишиден SARS-CoV-2 табылды. Учурда бул өлкөнүн элинин 64 пайызы толугу менен эмдөөдөн өткөнү кабарланган эле. Коронавирустун "индиялык" штаммы өткөн жылы пайда болгон. Адистер "дельта" деп атаган түрү илдеттин жеңил белгилеринен оор түрүнө тез өтүшү менен кооптуу экендигин айтышууда. Мындай "кадамы" менен адамдын организмине өзүнүн антителосун пайда кылган убактысын кыскартарын кошумчалайт дешкен.
Sputnik_kg
Эркектер аялдарга жагуу үчүн "дайыма күчтүү болушум керек" деген ойду карманып алышат, бирок мыйзам ченемдүү деп карай турчу нерселер бар дейт уролог. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы эркектерди ойго салган маселелер боюнча Заара жана эндоскопия клиникасынын жетекчиси, дарыгер-уролог, сексолог-андролог Нурбек Моңолов менен маектешти. — Эркектерди тукумсуздукка алып келген айрым ооруларды бала чагынан дарылаш керек экен. Уул баланын ден соолугуна кантип көңүл бурсак болот? — Чындыгында баланын кичинекей чагында көңүл бурулбай калган ооруларын кийин айыктыруу кыйын. Чоңойгондо бир илдет жуктуруп алса сакайтуу оңой болушу мүмкүн. Төрөлгөнгө чейин эркек баланын жумурткасы курсагында болот. Жарыкка келери менен анысы калтага түшөт. Ошон үчүн дарыгерлер муну дароо текшерет. Ата-эне баланын башы-көзүн кармалабай, жумурткасына да көңүл буруп, акушерлерден кызыгып сурашы керек. — Түшпөй калганда крипторхизм деп коюшат эмеспи? — Крипторхизм жана эктопия деп бөлүнөт. Биринчисинде жумуртка калтага түшүп келе жатып бир жерде токтоп калат. Экинчисинде жумуртка тубаса башка жерде өсүп калат. © Фото / Екатерина Коломыцина Сексолог-андролог Нурбек Моңолов — Төрөлгөндөн кийин эркек баланы кантип караш керек? — Балдарга буту туюк, калың шымдарды (ползунка), памперстерди жайдыр-кыштыр кийгизип коёбуз. Айрымдар эринип 3-4 жашка чейин памперс кийгизип коюшат экен. Такыр пайдаланбагыла дегенден алысмын, болгону кээде чечип желдетип туруу керек. Себеби чатка жел өтпөй, ысыганда жумурткаларга зыянын тийгизиши мүмкүн. Чоңойгондо баарыбыз эле инфекциялык ооруларга кабылабыз. Балдар арасында свинка деген коркунучтуу дарт бар. Без шишийт, анын ичинде жумуртка бези да шишип кетет. Ушуну алдын алып дарылап туруу керек. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта! Андан кийин өспүрүм кезине көңүл бургула. Эркек балага 12-13 жашында түк чыгып, сакал-мурут чыгып, бою-башы өсүп, үнү жооноюп, булчуңдары чоңоё баштайт. Бул убакта жумуртка менен жыныс мүчөсү да өсөт. Ошолорун да этияттык менен байкап, көйгөйлөр болсо дарыгерге кайрылуу керек. Анан жаштайынан кыймылда чоңойткула, бала деген чуркап ойношу керек да. Өзү тоголок, төштөрү кыздарга окшоп салаңдаган семиз балдарды көрүп жүрсөңөр керек. Ата-энеси да ою менен болуп тез даярдалуучу тамактарды, газдалган суусундуктарды алып беришет. Ашыкча салмак тукумсуздукка кептеши мүмкүн. — Айрым энелер жалпы мончого 2-3 жаштагы гана эмес, 4-5 жаштагы эркек балдарын алып барышат. Мунун баары баланын эсинде калабы жана кийин кандай таасир бериши мүмкүн? — Мени дагы апам мончого алып бара берчү. "Чоң эле балаңды эмнеге алып келдиң?" деп аялдар урушчу. Мончого баруу мен үчүн көйгөй эле кыскасы. Менимче, бир жашка чейин эле алып барган оң, канча эрте болсо ошончо жакшы. Эркек менен аялдын чек арасы бар экенин ата-эне түшүнүшү керек. Мындай көрүнүштөр жыныстык жашоодо чоң роль ойнойт. Негизи бардык эле балада биринчи таасир 3 жаштан 5-6 жашка чейин пайда болот. Эркек балдарда кайсы кызды жакшы көрөм, кыздарда кайсы бала жагат деген тандоолор калыптанып баштайт. Беш жашында ал башкача экенин түшүнөт. Жадагалса бул убакта туура эмес багыттар болуп кетиши мүмкүн. Эркектер эркектерди, кыздар кыздарды жакшы көргөн учурлар кездешип жатпайбы. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Сексолог-андролог Нурбек Моңолов Биз унутуп калат деп ойлойбуз. Туура, мээде унутулуп калат. Бирок биздин көмүскө туюмубуз, аң-сезимибиз болот. Аны эстей албайбыз, мээбиздин түпкүрүндө сакталып калган да. Кээде ошолор белги берип турат, бирок эмне болуп жатканын түшүнбөйбүз. Маселен, адам 3-5 жашында кордук көрсө жаман маалыматтар анда сакталып, жүрөгүндө так калат. Жашоо өтө берет, бирок бир нерсе жетишпегендей кайгы-капада жүрөт. Бардыгыбызда ошондой көйгөй бар, бирок билбейбиз. Психологго кайрылсаңыздар түйүнүн чечип берет. — Кыздар кыздарды, балдар балдарды жактырган учурлар тууралуу айтып калдык. Бул организмденби же психологиялык көйгөйбү? — Тубаса болсо эч нерсе кыла албайбыз, Кудай ушундай кылып жаратты. Ата-эне, коом басым жасайбы же дарылайбызбы, өзгөрбөй турган нерсе. Америкада, Европада 1990-жылга чейин муну психикалык оору катары дарылай беришчү, бирок оңолуп кеткендер болгон эмес. Натыйжада муну менен күрөшүүнүн пайдасы жок деген чечимге келишкен. Гомосексуализмдин кийин пайда болгон түрү бар. Ага зордук-зомбулук, коомдогу көрүнүштөр таасирин тийгизет. Мындай учурлар жабык мекемелерде, тагыраагы, жалаң эркектер окуган аскердик, диний жайларда, түрмөлөрдө болушу ыктымал. Афганистан, Иран сыяктуу жабык өлкөлөрдө да болот. Сүйлөшүү, сүйүшүү, чоңойгондо биринчи сексуалдык тажрыйба кыздар менен болушу керек. Андай мамлекеттерде эркек менен кыздар бала бакчага, мектепке чогуу барбайт, кыз-жигит болушпайт. Баары бир гормондор иштеп турат, анан биринчи нерселер эркек менен болушу мүмкүн. Бирок бул кийин оңолуп кетет. © Фото / Екатерина Коломыцина Сексолог-андролог Нурбек Моңолов — Мындай көрүнүштөргө ата-энелер да күнөөлүүбү? — Байкасаңар, кээде жакшы ата-эненин балдары начар чыгып калат же ичип-чеккен, баңгилердин балдары жакшы адам болуп калат. Жашоо ар кандай, эмне жазылганын бир Кудай өзү билет. © AFP 2021 / NOEL CELIS Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн Бирок баланын чоңоюшуна, албетте, ата-эне жана айлана-чөйрө таасир берет. Ата-эне кээде байкабай балдарынын көзүнчө жыныстык катнаш кылып алат. Кыргыздарда шарт жок, баарыбыз бир-эки бөлмөдө турабыз да. Баланын мээсине сиңген нерсе сөзсүз сыртка чыгышы керек. Кандай болуп чыгат, аны билбейбиз. Буга кошумча уят кинолор да таасир этет. Үй-бүлөдөгү мамиле да маанилүү. Биз көп учурда баланы милдеттүүсүң деп чоңойтобуз, ал жадагалса идиш-аяк сындырып алганга акысы жок, идеалдуу болушу керек. Ката кетирсе бала уялат, стресс, депрессия болот. Аны айрымдар зордук-зомбулук же сексуалдык энергия менен чыгарат. Ошондуктан ата-энелер балага жол көрсөтүүчү гана болушу керек. — Жашыруун деле болбосо керек, порнографиялык кинолорду өспүрүм балдар дагы көрөт экен. Бул нерседен арылтуу үчүн бала менен кантип сүйлөшүү керек? — Бала 1-класстан баштап жыныстык органдарга кызыгып баштайт. Кокус уят кино көрүп же колу менен мастурбация кылып жатканда кармалып калса чоң трагедия кылып жибербеш керек. Ата-энесинин көрүп калганы эле чоң стресс, анан тилдеген эки эсе санаага салат. Баланын мээси калыптанган эмес, кичинекей стресс эле чоң көйгөйгө алып келет. Ошол үчүн туура түшүндүрүү керек. Мисалы, "балам, эч нерсе болбойт, бул нормалдуу нерсе, акыры бул жолго келесиң, бирок сага азырынча эрте, окууга көңүл бур" деп коюш керек. Эгерде чоң көйгөй катары көрсөтсөк, ага, тескерисинче, кызыгуусу артат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Сексолог-андролог Нурбек Моңолов — Жасалма жол менен кумар алып жүргөндөр кийин деле ошого көнүп кетет деп айтышат. Мунун кандай пайда жана зыян жактары бар? — Мастурбациянын көп түрү бар. Ал, мисалы, кыздар менен балдарда 3-4-5 жашында да болот. Бала өзү түшүнбөйт, бирок жыныстык мүчөсүн кармалап мастурбация кылышы мүмкүн. Көрүп калсаңар деле алаксытып коюш керек. Анткени ал жаман ою менен, жыргайын деген максатта кылып жаткан жок. Аны адатта изилдөө ою менен жасайт. Кармаласа жыныстык мүчөсү бир нерсени сезип кетет да. Алаксытып, оюнчук берип койсо өтүп кетет. Өспүрүм куракта жыныс органдары жетилип жатканда мастурбация жасоо да нормалдуу эле нерсе, бул да өзүңдү изилдөө. Биринчи тажрыйбаны баарыбыз эле аял менен ала албайбыз, үйлөнө элекпиз дегеним. Ошон үчүн бардык эле эркек ушул жолдон өтөт, андыктан трагедия эмес. Ата-эне өспүрүм баласы мастурбация жасап жатканын көрсө урушуп, моралдык жактан басым кылбай, көрмөксөнгө салып коюшу керек. Бул өтүп кете турчу нерсе, андан кийин үйлөнүп жыныстык жашоосу башталат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Урогинеколог: заарасын кармай албай кыйналган аялдар көп, бирок айбыгып айтпайт Анан мастурбацияны айласыздан же убактылуу жасагандар болот. Маселен 30-35 жаштагы эркектин аялы көпкө бир жакка кетти же такыр жок деп коёлу. Ал гормондорду чыгаруу үчүн жасалма жол менен кумарга батат. Бул да нормалдуу. Анан нормалдуу эместер дагы бар, ал нерв оорулары менен байланыштуу. Баарыбыз стресс болобуз. Аны бирөө арак менен, кээси ушак менен, ырдап-бийлеп, айрымдар ушул мастурбация менен чыгарат. Күнүнө 10-15 жолу кыла бериши мүмкүн. Бул жаман нерсе, башка иш кылбай эле ушу менен алектенип калат. Андай адамдар дарыгерге кайрылганы оң. Ал эми гиперсексуалдуу адамдар башка. Алар мастурбация эмес түгөйү менен узак убакытта катнашка барууну каалашат. Бирок бул эки кишиге тең жагышы керек. Эгер өнөктөшүн зордоп жатса мамилеге жарака кетет. © Фото / Екатерина Коломыцина Сексолог-андролог Нурбек Моңолов — Ден соолук тууралуу жазганыбызга байланыштуу ар кандай суроолор келет. Анын ичинде эркектер жыныстык мүчөнү кантип чоңойтуу керектигин көп сурашат. — Ооба, чындыгында менден да көп сурашат. Биринчиден, бул тууралуу көп ойлонбой, Кудай берген мүчө менен жашай берүү керек. Порнографиялык кинолорду азыраак көргүлө, ал жакка актёрлор тандалып, видеону атайын ракурс менен тартышат. Ушундай видеолорду көргөн эркектер башына көп көйгөйдү үйүп, меники да чоң болушу керек турбайбы деп ойлоно беришет. Негизи эркектердин 90 пайызынын мүчөсү окшош келет. Бирок аял кишиге мүчө менен жагабыз деген ой мээсине сиңип калган. Аялга жагуу оңой эле. Ага мамиле, эмоция керек, бактылуу кылгыла, мүчөнү акыркы орунга койгула. Ал биринчи болсо мамиленин деле келечеги жок. © Sputnik / Федоренко Владимир Эркектерге муздак көлмөгө түшүүнүн кандай пайдасы же зыяны бар экени айтылды Бирок эми мүчөнүн калыңдыгын, узундугун чоңойткон жолдору бар. Аябай эле көйгөй болуп жатса кайрылгыла. Эгерде ушунун айынан үй-бүлө бузулганы жатса биз жардам берүүгө даярбыз. Ал эми кыздарга жагып, көңүл ачам десеңер кереги жок, бул арзан жасалбайт. Биз кайрылгандарга эмне максатта чоңойторун сурайбыз, кээде жубайын да чакырабыз. Келишпестиктер көп учурда мүчөнүн айынан эмес болуп чыгат. Анан ата-энелерге дагы бир жолу балдарга памперсти узак убакыт, терисин дем алдырбай кийгизбегиле деп айтат элем. Себеби жумурткадагы гормондор эркектик мүчөнүн өсүшүнө жооп берет. — Ошондой эле бел кубатты кантип көтөрүү керек деген суроо баарын кызыктырса керек. — Эркек ар дайым күчтүү болуш керек деген бир миф бар. Аял киши менен күндө кошулсам, күндө күчтүү болушум керек деп ойлошот. Бул деген маанай же табит сыяктуу. Бир күнү тамакты жакшы жейсиң, кийинкиде аз жейсиң дегендей эле. Ошол сыңары төшөктө бирде күчтүү, бирде алсыз болушуң мүмкүн, бул трагедия эмес. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Сексолог-андролог Нурбек Моңолов Жаш болсоңор туура тамактанып, спорт менен алектенип, ашыкча салмактан арылып, бел кубатты бекемдеп туруу керек. Бирок 35-40 жаштан кийин ал төмөндөй баштайт. Бул убакытта эркектик күчкө ар кандай оорулар таасир эткендиктен аларды алдын алып, дарылап туруңуздар. — Эркектик алсыздык боюнча дагы сизге көп кайрылса керек? — Алар менен сүйлөшө келгенде бул деле чоң көйгөй эмес болуп чыгат. Өздөрү мээсине ошону түйүп алат да, жаш кезде түндө 2-3 жолу, кээде 10 жолу катнашка барчу элем дей беришет. Бирок активдүүлүк убакыттын өтүшү менен түшөт. Кээде бир жумада бир жолу, жадагалса бир айда бир болгонуңа ыраазысың. 25-35-45 жаштагы жана андан кийинки жашоо башка экенин түшүнүү керек. Бирок урологдор эркектик алсыздыкка да жардам бере алат. — Мырзаларга кеңешиңиз... — Эркектик мүчөнү, бел кубатты эмес, биринчи орунда касиетиңерди көтөргүлө. Чыныгы мырзалык сапаттарга ээ болуп, өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү камсыздай алгандай болгула. Социалдык жактан ийгиликтүү болсоңор калган көйгөйлөр билине бербейт.
Sputnik_kg
1944-жылы экинчи дүйнөлүк согуш малында СССР көп адамдарын жоготуп, демографиялык маселе жаралган. Ошондон улам Баатыр эне ордени негизделип, көп балалуу аялдарга ар кандай жеңилдиктер көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Сманбаева: пенсия курагындагы Баатыр энелерге кошумча 1000 сом берилет Анын айтымында, "Баатыр эне" сыйлыгын алуу үчүн керектүү документтер 1-февралга чейин берилиши керек."СССР убагында он жана андан көп баланы төрөп, тарбиялаган энелер Баатыр эне ордени менен сыйланышкан. Ошону менен бирге көп балалуу энелерге үчүнчү даражадагы Эне даңкы ордени, экинчи даражадагы Эне медалы берилген. Жалпысынан энелерге арналган алты мамлекеттик сыйлык болгон. 1991-жылдан баштап 1997-жылга алар мамлекеттик сыйлыкты алышкан эмес. 1996-жылы КРдин жалпы мамлекеттик сыйлыктары негизделип, ошонун ичине Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалы киргизилген. Жобо боюнча орден менен он же андан көп балалуу, аларга татыктуу тарбия берген энелер сыйланган. 2011-жылдан баштап бул сан кыскартылып жети балалуу энелер Баатыр эне статусуна ээ боло баштады. Азыр жети баласынын бири сот жообуна тартылган жана баласы каза болуп калган энелер орден менен сыйлана алышпайт. Ал эми сот жообуна тартылган баласынын соттуулугу жоюлган болсо сыйлык ыйгарыла берет. Азыртадан баштап документ чогулта башташ керек. Ал үчүн №2 формадагы сыйлоо баракчасы өздүк документтердин негизинде туура, так, катасыз толтурулушу шарт. Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү керек. Энесинен өзүнчө түтүн булаткан балдардын ар биринин жашаган жериндеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалым каты же болбосо иштеген жерлеринен тастыктаган документ зарыл. Аскер кызматын өтөп жүргөн уулдары болсо, ал тууралуу тастыктаган маалым кат керектелет", — деди Сманбаева. Адис пенсия курагындагы баатыр энелерге социалдык фонд тарабынан берилген пенсиясына ай сайын 1000 сом кошумча жөлөкпул катары кошуларын айтты. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
Ал педагог болуу менен жаштарга насаат айткан санат ырларын арбын чыгарган. Токтогул, Барпы, Ботобай, Ташмат, Амира, Арзыбай деген ырчылар менен үзөңгүлөш жүрүп, алар тууралуу көптү билген, көп окуган киши болгон. Sputnik Кыргызстан "Бала ырчы" деген ылакап менен эл-журтка таанылган Сыдык Алайчы уулу тууралуу 10 факт сунуштайбыз. Туулган жери, ата-теги, балалыгы. Бала ырчы Сыдык 1894-жылы ошол кезде азыркы Кара-Суу районуна караштуу Асанбек-Чек деп аталган жерде туулган, кийин чамасы байлардын (Асанбек Алымбек датканын уулу) аты менен аталып калган дешкенби, бул айылды Кыргыз-Чек деп өзгөртүшкөн. Оштон Алай тарапка чыга бериштеги, шаардын Сулайман Тоосу көрүнүп турган айыл. Атасы Алайчы годогочун (кодогочун) уруусунан болгон. © Sputnik / Табылды Кадырбеков 20 жолу үйлөнүп, 21 ирет баласы чарчап калган Барпы акын жөнүндө 15 факт Атасынан үч жашында айрылып, эки ага, эки ини, бир эжеси менен апасы Ажардын колунда калат. Энесинен да тогуз жашында айрылган. Ата-эненин дидарына тойбой "агада алты жыл, жеңеде жети жыл жүрүп", "адырдан шыбак чаап", "жылаңаяк, жылаңбаш он алты бада баккан", "малайлыктан алты пул албай", "аркасына отун артып", өгөй жеңеден өксүү тарткан. Өгөй атасы Сапар эжеси Сарагүлдү он төрт жашында күйөөгө берип, агалары өзүнчө кетип, иниси каза болот. Сапар менен жеңеси Майрам бала он үчкө келгенде Оштон өзбектердин субай малдарын алып келип кайтартат. Каримжан деген байдын коюн багат. Кийин бир аз эр жетип эптеп аял алганда анысын тартып алышкан. Ноокатта күрөшкө түшүп, жамбашын сындырып, дагы бир азапка кабылган. Мына ушундай оор балалык, жаштык, кыйын күндөр аны чыйрак өстүрүп гана калбай, адам катары, акын катары турмуштун ак-карасын иргөөгө, жамандык менен жакшылыкты, куниктик менен пакизалыкты, байлык менен жоктукту, ачтык менен токтукту, ыймандуулук менен ыймансыздыкты ж.б. карама-каршы дүйнөнүн не бир контрасттарын таанып-билүүгө үйрөткөн. Ботобай ырчыга шакирттикке өтөт. Бул тууралуу адабиятчы Орозова мындай деп жазат: "Турмуштун азабынан ар кимдин малын багып, жан сактайт. Атасынын бир тууган карындашынын күйөөсү Абдибайит деген жездеси Булак-Башыга (азыркы Өзбекстандын Анжиан облусуна караган жер – М.А.) алып кетип, өзүнүн иниси Калматка малайлыкка берет. Калмат Сыдыкты жакшы карап, кийиндирип, эмгек акысын төлөп турат. Табиятынан ырга шыктуу Сыдыктын өнөрүн байкаган Калмат алгач ирет Курбанбай дегендин тоюна алып барып ырдатат. 16 жаштагы Сыдык ошол тойдо ата-энеден ажырап, ага менен жеңенин көзүн карап, көрүнгөндүн малын багып, жарытылуу акы албай, өлбөстүн күнүн көргөн балалыгын ырдап өтөт. Баланын ырын угуп отурган белгилүү ырчы Ботобай ошол күнү кечинде Сыдыкты жездесинен сурап, жылына 40 сом төлөмөк болуп алып кетет. Мына ушул окуядан кийин Сыдыктын тагдырында чоң бурулуш болот. Бир жагынан тоюнуп, кийинип, кызмат акысын алып тыңып калат. Экинчи жагынан ал таланттуу ырчынын шакирти болуу менен ырчылык өнөрдүн чоң мектебине аралашат. Акындын өзүнөн жазылган бардык маалыматтарда чыгармачылык шыгынын өсүшүнө Ботобай ырчынын ар тараптуу жардамы болгон" (Орозова Г. Сыдык Алайчиев. китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 5-т. Б.: Шам, 2002. – 343-344-б.). © CC BY-SA 4.0 / Petar Milošević Жетимди көрсөңөр дилин оорутпагыла. Кул Кожо Акмат тууралуу 15 факт Барпы апыздын батасын алган. Аны менен Барпы апыз Созоктун Чөкө-Төбө деген жеринде Шүкүраалы атасына аш берип аткан жерде айтышат. Ортого пул коюлуп, айтыш катуу өтөт. Жаш ырчыны Ботобай баштаган улуу ырчылар сүрөп отуруп, ага жеңишти ыйгарып жиберишет. Ошондо Ачыдан келген Барпы акын "Даңкын угуп жүрчү элем, укканымча бар экен, тарбиялап өстүрсө, боло турган бала экен" деп баа берип, өзү баладай, бой-келбети да кичирээк болгону үчүн "Бала ырчы" деген ылакап аты менен оозго алынып кетет. Ал да Барпыга окшоп комузсуз, төгүп ырдаган. Жыйырма алты жыл мугалим катары бала окуткан. Ал 1927-жылы сабатсыздыкты жоюу боюнча ликбездер ачылганда, сабат ачуу боюнча мугалим болгон. Бул жагынан аны Кара-Суунун Дүйшөнү деп койсок болот. Ошондон тартып, 1953-жылга чейин советтик мектептерде мугалим болуп иштеген, ал эмгектери үчүн "Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим" деген атактуу наам алган. Сабат ачууга чакырган жана мектеп тууралуу ырлары. Бала ырчы Сыдык жаза да, төгө да билген. Анын ырларындагы идеяларынын маанилүү бөлүгү – билим алууга чакырык, билимге, илимге үндөө менен байланышат. Ал мугалим катары, социалисттик коомдун жараны катары билимдин маанисин туура түшүнгөн. "Ликбез тууралуу ыр" деген чыгармасында "кары-жашың баарыңар, кагаз-калем алыңар" деп өткөн кылымдын 20-30-жылдарынын ураанын үндөөчүлүк, үгүттөөчүлүк, чакырыктык тон менен берсе, "Мектеп" деген ырында ал советтик мекемени жумулган көздү ача турган, кара менен акты ылгата турган жай экендигин айтат. Акын билимдүү менен билимсизди абдан таамай салыштырат. Билимдүү – озот, жетик, бекем, адам, билгир, дилгир, узун кеп сүйлөйт, ыраакты көздөйт; билим – канат; билимдүүнүн – көзү курч, алыстан келет, ою чоң нуска. Билимсиз – бечел, наадан, паамсыз, сөзү мурч, жарыштан чыкпайт, тузу жок, ою эң кыска. Андыктан жаштардын милдети – обу жок элирбей, өмүрдү бошко кетирбей, окуп билим-илим алуу экендигин насааттайт. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Бирөөнүн келини болгон Көксулууну кайра алдыртып. Жеңижок акын жөнүндө 11 факты Жакшы аял жана жаман аял. Акын адам мүнөздөрүн, киши сапаттарын бири-бирине контрасттуу коюп, дал ошол карама-каршылыктан кайсынысы оң, кайсынысы терс экендигин, кандай адамдарга теңелбөө керектигин, ал эми кандай адамдардан үлгү алуунун зарылдыгын ыбараттаган. Акындын турмуш тажрыйбасынан жана кыргыз этнопедагогикасынан жыйнап келип, өз заманынын этикалык эреже-нормаларынан улам айтып жаткан аял тууралуу түшүнүктөрүн карап көрөлү. Жакшы аял: "сүлөөсүндөй керилет, сүйлөргө сөздөн эригет", "кысып сүйлөйт өзүнү, кылбатта айтат сөзүнү", "аптада жууйт чачыны, кушкер кылат ашыны", "секиндеп элге билгизбей, серпип сүйлөйт кашыны", "килем согуп, жүн кылат, үйүнүн ичин гүл кылат", "тапканың чачпай талаага, бирди тапсаң, миң кылат". Ал эми жаман аял: "айында жуут чачыны", "арам кылат ашыны", "эринин эски көйнөгүн чулгап алат башына", "иш кылыштан эригет, бекерликке берилет", "безгекке окшоп теригет", "ачуусу келсе арылдап, аюуга окшоп булкунат, адамга карап жулкунат". Кыргыз эл акындарынын поэтикалык маданиятында жакшы аял менен жаман аялдын, жакшы кыз менен жаман кыздын, жакшы жигит менен жаман жигиттин, жакшы киши менен жаман кишинин салыштырма образдары өтө кеңири жана ар тараптуу түзүлгөн. Сыдык Алайчы уулу да ошол традицияны карманат. Ал кезде "жаман" жана "жакшы" эки сөз, эки этикалык категория, таразанын эки табагы сыяктуу адамдарды эки уюлга бөлүп турган. Табактын кайсыл тарабы оодук болсо, ал адамга жанашкан же андан жаа бою качышкан. Ал эми андай ылгоонун, адамдарды эки лагерге бөлүп кароонун чен-өлчөмү кандай, адамдардын сапаттары тараза менен тартылбагандан кийин аны кандай билишет деген суроо коюлбай калбайт. Мунун эң башкы критерийи – турмуш, улуу адамдардын башынан өткөн тажрыйбалары, эпикалык педагогикалык билимдер. Кыргыздар ал учурда үй-бүлө курууга өзгөчө жоопкерчилик менен караган. Аны үчүн жар тандоо керек, кандай кыз мыкты аял болорлугу, кандай жигит мыкты күйөө болорлугу элдик акындар – элдик тарбиячылар тарабынын абдан кылдат жана терең иштелип чыккан. Элибизде эне тарбиясы, ата тарбиясы, ага-эже тарбиясы, чоң ата, чоң эне тарбиясы, кайын эне, кайын эне, жеңе тарбиясы деген сыяктуу эле ырчылар тарбиясы өзгөчө мааниге ээ болгон, "палан ырчы айткандай кыз паландын кызы" деп ата-энелер үйлөнө турган жигитке акын түзгөн идеалдуу кызды таап беришкен, ырчынын критерий менен идеалдуу жар изделген. Сыдык Алайчы уулунун түшүнүгүндө эр жигиттин жашоосунда эң керектүү эки зат бар, алар – жакшы аял жана жакшы ат, бул экөө бири-бирин толуктап турат. Мисалы, "алдыңда күлүк ат болсо, кутулуп кетпейт кууганың", "жакшы аял алгандын, ажырап кетпейт тууганың", "ооматы келген жигиттин күлүк болот мингени, күлүп сүйлөйт сүйгөнү" ж.б. Демек, кыргыз салтындагы жылкы философиясы менен аял этномаданияты параллель каралуу менен бул эки түшүнүктүн педагогикалык мааниси ачылып берилет. Дөөлөт философиясы. Акындын оюнда адамдын моралдык сапатын сыноонун бир өлчөмү – бул ага дөөлөт берүү. Кыргыздар кээ бир адамдарды "дөөлөтүнө мас болгон" десе, кээ бирлерди "дөөлөтүн көтөрө алат", "дөөлөтүн көтөрө албайт", "дөөлөтү башынан ашып-ташыган" дешет. Дал ошол дөөлөт менен адамдын адамдыгы сыналат. Муну ал: Жаманга дөөлөт келгенде, Көтөрө албай мас болот. Жакшыга дөөлөт келгенде, Шүгүрүн бажаз келтирип, Куп бечара пас болот, - деп, дөөлөттүн эки түрдүү адамдын эки түрдүү кабыл алуусун көрсөтүү менен биз кайсыны тандашыбыз керектигин айтып берет. Акындын этикалык философиясында "эр жигиттин башында эчен түрдүү иш болот, ниети туура жигитке, түгөнбөс дөөлөт туш болот", демек, ал ошол башындагы иштерден туура ниет менен гана чыга алса, түгөнбөгөн дөөлөткө туш келет. © CC BY-SA 4.0 / Zossolino Жоголуп кеткен "Дивани лугат-ат-түрк". Махмуд Кашгари тууралуу 12 факт Болот этикалык философиясы. Жаштарга айтылган санат, насыят анын "Болот" деген ырында дагы бир бийиктикке чыгат. Кыргыз эл педагогикасында "мындай кылсаң, андай болот", "андай кылсаң, мындай болот" деген нравалык-моралдык терме айтылып келет. "Жаман болот", "убал болот" деген тыйымдар жандуу жаратылышыбызды да, жансыз табиятыбызды да, адамдын ички маданиятын да ар дайым аруу сактап келген. Мисалы, акындын ырында мындайча интерпретацияланат: "жаман менен достошсоң, акыры бир күн доо болот", "жашында иштеп мал таппай, жалкоолонгон адамдар карыганда кар болот", "барыш-келиш кылбасаң, ага, ини, карындаш, бир-бирине жат болот" ж.б. Ушинтип турмуштун ар кандай көрүнүштөрү санакталат, адептик жүрүш-туруштун, адам кылыктарынын оңунун жыйынтыгы, терсинин жыйынтыгы акыры келип, натыйжасы "андай болот", "мындай болот" деп отуруп, акын узун сабак ибарат кылат жана ал аркылуу адамдарды жакшы боло турган жыйынтыктарга алып келүүчү иш-аракеттерди аткарууга чакырат. Өдөмү жок жигиттер Өз малын эптеп сата албайт. Башына мүшкүл иш түшсө, Чоркоктор сөзүн айта албайт. Маңдай-тескей жоо келсе, Баатырлар жоодон кайта албайт. Адаби жоктор уялбайт. Бейсаатка сөз айтсаң. Мойнун бурап тил албайт, - деп, эптүү болууга, чоркок болбоого үндөйт. Бала ырчынын мурастары. Акындын ырлары алгачкы жолу 1981-жылы чыккан Сулайман Кайыпов түзгөн "Эл ырчылары" деген китепке бир бөлүк болуп жана ошол эле жылы жарык көргөн Жаки Таштемиров чогултуп жарыялаган "Алайчиев С. Бала ырчы. Ырлар" деген чакан китепчеге кирген. Фольклорчу Гүлбара Орозова анын чыгармачылыгын изилдеп, "Кыргыз адабиятынын тарыхы" деген китепке киргизген, өзүнчө жыйнагын түзүп, ага баш сөзүн жазган. © CC BY 2.0 / John Pavelka / Gorkut Ata Statue at Independence Monument Аял бүткөндүн эң жаманы — кесир аял. Коркут ата тууралуу 10 факт Урпактары. Сыдык Алайчы уулу 1983-жылга чейин жашады. Кыргыз-Чектин кадырлуу аксакалы болду. Айылдагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплекси (узак жылдан берки директору Алтымыш Топчубаев) ошол кишинин атын алып жүрөт. Сыдык ырчы менен Таажи апанын улуу баласы Акбаралы мектепте мугалим, директор болуп жүрүп, Ош пединститутунун адабият кафедрасына окутуучулукка өтүп, андан Москвадагы Максим Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуп, "Манас" эпосундагы баатырдык мотивдер боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Эпостун текстин орус тилине сөзмө-сөз которууга катышкан, тилекке каршы, эрте өтүп кетти. Экинчи уулу Баатыралы философия илимдеринин доктору, ал губернатор, элчи, ректор болуп иштеген, өткөн жылы анын ысымы Оштогу кыргыз-өзбек университетине ыйгарылган. Кийинки уулдары Бакирали, Закирали, Касымали, Али – баары тең жогорку билим алып, педагогдук кесиптерде жана жетекчилик кызматтарда иштеди. Небереси Данияр Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалап келди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милициянын шаардык түзүмү атайын даярдыктан өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милициянын шаардык түзүмү атайын даярдыктан өттү. © Фото / Пресс-служба ГУВД города Бишкек Эске салсак, жергиликтүү кеңешке шайлоо эртең, 11-июлда, өтөт. © Фото / Пресс-служба ГУВД города Бишкек ШИИБ шаардыктарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарып, бет кап тагынып, аралыкты сактоого чакырды. © Фото / Пресс-служба ГУВД города Бишкек 1 / 3 © Фото / Пресс-служба ГУВД города Бишкек Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милициянын шаардык түзүмү атайын даярдыктан өттү. Эске салсак, жергиликтүү кеңешке шайлоо эртең, 11-июлда, өтөт."Бишкекте шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыз кылууга 1 200 милиция тартылат", — деп айтылат маалыматта. ШИИБ шаардыктарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарып, бет кап тагынып, аралыкты сактоого чакырды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын аймактарында жана өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +35...+40, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +36...+41, Таласта +34...+39, Ысык-Көлдө +27...+32 жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болот. Күндүн табы Бишкекте +38...+40, Ош калаасында +39...+41, ал эми Чолпон-Атада +27...+29 градуска көтөрүлөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik."Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана РФтин эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча Федералдык агенттигинин (Россотрудничество) "Тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн" медалы менен сыйланды. Череменина менен катар эле анын башка кесиптештери да сыйлыкка татыган. Алар "Sputnik Өзбекстан" долбоорунун шеф-редактору Дмитрий Ключевский жана Чет тилдердеги берүүлөрдүн бириккен дирекциясынын башка тилдегилер менен иштөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Менсеф Матни.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik."Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана РФтин эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча Федералдык агенттигинин (Россотрудничество) "Тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн" медалы менен сыйланды. Череменина менен катар эле анын башка кесиптештери да сыйлыкка татыган. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Бишкекте "Жеңиш ырлары" SOPRANO, "Турецкий хорунун" аткаруусунда жаңырды Алар "Sputnik Өзбекстан" долбоорунун шеф-редактору Дмитрий Ключевский жана Чет тилдердеги берүүлөрдүн бириккен дирекциясынын башка тилдегилер менен иштөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Менсеф Матни. Медаль Россотрудничество менен тыгыз кызматташып, орус тилин, маданиятын жайылтып, мекендештерди колдоо боюнча маанилүү долбоорлорду алып баргандарга жана ушул өңүттө эмгектерди жасагандарга ыйгарылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулду төлөбөгөн айдоочулардын автоунаасын каттоону убактылуу токтотууну сунуштады. Муну менен эреже бузган айдоочу автоунаанын документте катталган ээсин издеп калары, азыр тескерисинче болуп жатканы белгиленет."Демилге автотранспорт ээлеринин мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо жана автокөлүктүн жаңы ээлеринин айып пул боюнча көйгөйүн чечүү максатында иштелип чыкты", — деп айтылат маалыматта. Автоунаанын документтеги ээси бардык калкты тейлөө борборлоруна жана "Унаа" мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылып, транспортту убактылуу каттоодон чыгарып салса болот. Анын кайрылуусунун негизинде электрондук маалыматтык базага киргизилип, арыз ээсине үч жылдык мөөнөткө каттоо токтотулганы туурасында маалым кат берилет. © Sputnik / Илья Наймушин Оң рулдуу унааларга тетиктерди сырттан киргизүүгө тыюу салуу сунушталды"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында катталган эреже бузуулардын айып пул жана туумдарын каттоодон чыгарып салганга чейин төлөө зарыл. Андан кийин автоунааны айдоого тыюу салынат. Муну Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору көзөмөлдөйт. Унааны айдап жүргөн жаран үч жылдык мөөнөттүн ичинде айып пулдарды төлөп, унаанын ээси менен мунаса келсе, кайра айдоо укугу берилет. Эгер үч жылга чейин ээси келбесе автоунаа толугу менен каттоодон алынып, жүрүүгө тыюу салынат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык айдоочуларга сатып жатканда жоопкерчиликти алыстатуу үчүн дароо жаңы ээсинин наамына өткөрүп берүүнү сунуштайт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жолтандабасы менен пансионаттын пляжына чейин кирип келген айдоочунун видеосун күбө " Бишкек сегодня" Telegram тайпасына жиберди. Анын айтымында, окуя бүгүн, 6-июлда, "Толкун" пансионатынын аймагында болгон. Кадрдан Mercedes Gelandewagen көл жээгине чейин келип чаңызгытып жатканын көрүүгө болот. Окуянын күбөсү айдоочу кымбат баалуу автоунаа менен суунун ичине чейин киргенин белгилейт. Кыргызстанда пляждык зоналарга автоунаа менен кирүүгө тыюу салынат. Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстанга автоинспекторлор эреже бузган айдоочуну табууга жардам берерин билдирди. Андан ары мыйзам боюнча Мамлекеттик экотехинспекция айып салат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кетти. Бул тууралуу РИА Новости алардын Башкы командачылыгына таянып кабар таратты."Чыгарып кетүү иштери улантылууда. Башкы командачылыктын баамында, чыгарып, ташып кетүү иштеринин 90 пайыздан ашыгы бүтүп калды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле АКШнын Коргоо министрлиги жүк ташуучу 1000 авиакаттам менен 17 миң даана ар кандай жабдууларды жүктөп кеткени айтылат. Мындан сырткары, Афганистандын Коргоо министрлигине жети объектини калтырып кеткен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Эртең, жекшембиде (Бишкек убактысы боюнча), Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин көптөн күттүргөн беттеши болот. Америкалык жана ирландиялык спортчу Лас-Вегаста өтө турчу UFC 264 турниринин башкы беттешинде жолугат. Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши. Алгач, 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген. © AP Photo / John Locher ММА тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтинги жарыяланды Атлеттер кечээ беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөргөн. Анын аягында жүз карашуу учурунда өзүн кармай албаган ирландиялык мушкер атаандашын сол буттап тепкен. Бирок сокку америкалыкка тийген эмес. Спортчуларды промоушендин президенти Дана Уайт жана уюштуруучулар арачалап калган. Иш-чара кызуу талаш-тартыш менен өтүп, спортчулар бири-биринин сазайын бере турганын убадалаган. Макгрегор Порье "октагондо иттей качарын" айтып ачуусуна тийген. Конор беттешке чейин атаандашына психологиялык басым жасоо максатында анын аялы Жоли Порье ага билдирүү жөнөткүсү келгенин айтып тийишкен. ЖМКлардын маалыматына караганда, Макгрегор азыркы кармашында 10 миллион доллар, ал эми Порье 3 миллион доллардай табат. UFC 264 турниринин негизги беттештери Бишкек убактысы боюнча 8:00дө, ал эми Порье менен Макгрегордун кармашы болжолу менен 10:00дө башталат. Түз эфирди кайдан көрүүгө болот: UFC Fight Pass уюмдун бардык беттештерин түз эфирден көрсөтөт (Кыргызстанда видеосервиске катталып гана кошулууга болот); РЕН-ТВ телеканалы да түз алып берет; Мелдешти акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрүүгө болот. ММА боюнча профессионалдык карьерасында Макгрегор 22 жолу утуп, беш ирет жеңилген. Ал эми Порье 27 жеңишти камсыздап, алты ирет утулган. Экөө тең 32 жашта.
Sputnik_kg
Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн. Мекендешибиздин сыры жөпжөнөкөй — кыялдарын орундатуу үчүн ал коркуу жана күмөнсүнүүнү жеңип, алдыга карай жылгандан тайманган эмес. Жеке чыйыры тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын окурмандарына баяндап берди. — Өзүңүз жөнүндө кеп салсаңыз. Кийим дизайнына кандайча кызыгып калдыңыз? — Ошто төрөлгөм. Бишкекке жер которуп, борбор калаада чоңойдук. Апамдын талыкпай мээнеттенгенин көрүп өстүм. Ал адегенде базарда кийим сатчу, кийин жеке иш түптөп, цех ачууну чечти. Бала кезде ошол жакта эле жүрчүмүн, иштин жүрүшүнө күндө күбө болом. Балалык менен куурчактарга кийим тигүүгө тырышам десеңиз. Апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү. Ачыгы, жогорку класстарда келечекте ким болорумду көп деле элестете алчу эмесмин. Бирок болочок тууралуу апам менен баарлашкандан кийин кийим дизайны менен алектенгим келерин аңдагам. Адистикти аныктап алган соң чет жердеги окуу жайга тапшырууга көп деле баш катырган эмесмин. Мага Кыргызстанда бул тармак чабал өнүккөн сымал туюлар эле. Ошондуктан Англияны, анан да дал Манчестер искусство мектебин тандоону чечтим. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн — Манчестердеги окуу жайга кантип тапшырдыңыз? — Адегенде англис тилин өздөштүрүп алуу абзел. Ал эми дизайнерлик үчүн чыгармачыл портфолио да зарыл. Башкысы — мөөнөтүн өткөрүп жибербеш керек! Эгер чет өлкөдө окугуңуз келсе, анан да стипендия алууну көздөп турсаңыз, документ топтоону акыркыга калтырган болбойт. Билсеңиздер керек, Бишкекте кыргызстандыктарга чет жакта окуу үчүн документ топтоо жана тапшырууга жардамдашкан чакан ишканалар толтура. Ошондой фирмалардын бирине кайрылгам, жаңылбаптырмын. Башта чет өлкөлүк студенттерди даярдаган атайын мектепте окудум, аны бүтүргөндөн кийин гана университетке өттүм. — Улуу Британияда билим алуу асмандын башындай сезиле берчү мага... © Фото / из личного архива Айтурган Жээнбековой Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны — Баары жогорку окуу жайга жараша. Азыр, менимче, инфляциядан улам акы өсүп кетти. Бирок, маселен, сен британиялык окуу жайга тапшырганыңда кандай акы көрсөтүлсө, кымбаттаганына карабастан дал ошол баада аяктайсың. Мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат. Ушул мамлекетти тандоомо дагы эки фактор таасир эткен. Менин факультетимде окуунун басымдуу бөлүгүн практика түзөт. Биз эргүү издөө, өз кийим топтомубузду, мүмкүн болгон буюмдарды жаратууну үйрөнчүбүз. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү — Манчестердеги жашоо жадыңызда эмнеси менен калды? — Шаарга бир нече күн дегенде араң көндүм. Англияда климат да, маданият да таптакыр башкача. Суукта көчөгө куртка, өтүк кийип чыксам, тегеректеги балдар-кыздардын баары футболкачан жүрүшкөнү эсимде! Көрсө андай нерсе кадыресе көрүнүш экен. Манчестер Лондонго караганда суугураак, жамгыр дээрлик тынбай жаайт. Кышкысын кар жаабаса да, суугу сөөктөн өтөт. Жергиликтүү тиричиликке көнүүгө да туура келди. Англиялыктарда бул багытта бардык нерсе: розеткадан тарта крандарга (ысык суу өзүнчө, муздагы өзүнчө агат) дейре бөлөкчө. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны Дагы бир кызык жагы: Англиядагы шаарларда үй-жайсыздар жайнайт, анткен менен алар салыштырмалуу жакшы жашашат: кап керебетте уктап, ит багып, акча сурашат. Балким, Британияда жумушсуздук үчүн чоң өлчөмдө жөлөк пул төлөнөрүнөн кабардар чыгарсыздар. Ал өмүр өткөнчө жашоого жетет. Манчестерде түнкүсүн турмуш кайнайт. Аптанын ар бир күнүндө жергиликтүү тургундардын клубу бар: дүйшөмбү күнү бири, шейшембиде башкасы... Жума же ишембиде үйдөн чыксаң, жергиликтүү жаштардын болушунча эс алып жатканына күбө болосуң. Ал эми манчестердик эки футболдук клубдун мелдеши тууралуу унчукпай эле коёюн. "Юнайтед" менен "Сити" ойногондо көчөдөгү көрүнүш кандайдыр революцияны эске салат. Бирок эртеси таңда көчөлөрдүн баары жайында, кечээ эч ким таштанды таштабагандай. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат — Андай шаарда ар ким эле жашап кете албайт окшойт... — Түк андай эмес! Манчестер — студенттик жылдарды өткөрүү үчүн эң ылайык калаа. Жашоо ал жакта, маселен, Лондонго караганда кыйла арзан. Мисалы, курбум экөөбүз шаардын чок ортосунда мыкты батирди ижарага алчубуз. Бирок баш калаада ошол эле каражатка шаардын чет жакасындагы эски үйдү арендага алууга болот. Манчестердин борборунда коляска сүйрөгөн же бала жетелеген энелерди сейрек кездештиресиң. Мага шаар калкынын дээрлик 70 пайызын студенттер түзгөндөй сезилчү. Студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар. — Кыргызстан менен Улуу Британиядагы турмуштун айырмачылыгын көп кеп кылабыз. Эки өлкөнүн жашоочуларынын окшоштугу барбы? — Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи — Окууну аяктаганыңызда эмнеге Кошмо Штаттарга аттандыңыз? Буга эмне түрткү болду? © Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым Француздардын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калган. Кыргызстандык ишкердин баяны — Америкада кыялдарымды орундатуу жеңилирээк болот го деп ойлодум. Нью-Йоркто билимимди жогорулатып, тажрыйба топтоону чечтим. Акыры мени бир ишканага кече жана үлпөт көйнөктөрү менен алектенген "көшөгө" артындагы жардамчы кылып алышты. Анткен менен дизайнер катары кыйла дасыктым, ири ишканаларда иш кантип уюштурула турганын ичинен көрдүм. Ошол эле компанияда мода индустриясынын башка өңүтүнө да күбө болдум. Моделдердин кызматы көп учурда катуу четке кагылат. — Америкалыктар жактырган кече көйнөктөрү кыргызстандыктардыкынан кандай айырмаланат? — Чынын айтайынбы? Эч айырмаланбайт. Балким, биздин кыздар жупунураак кийимдерди ылайык көрүшөр, бирок кече көйнөктөрү бардык жерде бирдей. Албетте, бул жакта да, аларда да эксперимент жасоого болот, бирок сөлөкөтү кадимки эле. Айтмакчы, Кыргызстанга келген сайын жергиликтүү кыздардын абдан жарашыктуу кийингенин байкайм. Алар модадан артта калбай, кийимдерди жараштырып кийгенди билишет. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании — Америкадан кийин Сингапурга жөнөпсүз. Эмнеге дагы жер которгуңуз келди? — Тынымсыз өнүгүү жолундагы өлкөлөрдү көрүү мага дайым кызык боло берчү. Создуктура бербейин деп Сингапурдан жумуш караштырууга кириштим. Ошол убакта колумда виза деле жок, тек гана – илгери үмүт!.. Натыйжада мени Versace, Valentino, Balenciaga жана башка бренддер кардарлары болгон бир PR-агенттиктин фэшн (мода) бөлүмү күтүп турган экен. Сингапурда жарым жыл ушул компаниялардын пиар-өкүлү болуп иштеп, алар тууралуу басылмаларга чыккан маалыматтарга көз салып, иш-чараларды өткөрүп, медиа өкүлдөрү жана социалдык медиадагы таасирдүү адамдар менен кат алышчумун. — Бейтааныш мамлекетке барып, анан да ушундай бир ишканага туш болуу кандай экенин мен элестете да албайм... — Абдан татаал болду! Биринчиден, сен бөтөн өлкөдө жалгызсың, бул дегеле жеңил эмес. Экинчиден, Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат. Жумушка бир саат эрте келгениме карабастан кээде кеңседе түнкү үчкө чейин калар элем. Мындай ири ишканалар менен кызматташууда жаңылыштыкка жол бере албайсың, бийик талаптарга шайкеш иш алып барууга тийишсиң. Бул убакыт аралыгында көп нерсени үйрөндүм, маселен, жеке тартип жана тайм-менеджментти өздөштүрдүм. © Фото / из личного архива Айзат Умаркуловой Айзат Умаркулова: Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат — Сингапурдан эмнеге кеттиңиз? — Бул өлкөгө мода индустриясын башка өңүттөн көрүү үчүн баргам. Ичинен таанышкан соң баары бир кийим дизайнына көңүлүм көбүрөөк тартарын түшүнүп, Кошмо Штаттарга кайтууну чечтим. Бир аз жүрүп эле Кыргызстанга учуп келип, алган билим жана топтогон тажрыйбамды пайдаланып үй-бүлөмө кол кабыш кылдым. © Фото / из личного архива Гулзире Минбаевой Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери Апам дал ошол тушта калып боюнча бюро ачып жаткан эле. Ушул чакан бизнести колго алып, бир нече жумушчу жалдап, жергиликтүү ишканалар үчүн калып даярдоого кириштик. Ошондо кыргызстандыктар көп иштеп, аз маяна аларына ынандым. Эмгек акы деңгээли жумшалган күчтү актабайт. Мекенде 2020-жылдын аягына чейин иштеп, Кошмо Штаттарга кайттым. Башка мамлекеттер сымал эле Америка да пандемиянын жаңы толкунун баштан кечирүүдө. Бул айрыкча чоң шаарларга тиешелүү: Нью-Йорк жана Лос-Анжелесте көпчүлүк үйдөн иштөөдө. Жакында кырдаал турукташат деген үмүттөмүн. Ушул тапта жеке бизнесимди түптөп, кийим дизайнери катары илгерилөө үчүн "талант грин-картасына" документ тапшырып жатам.
Sputnik_kg
Расмий өкүлдөр терроризм жеңилгенин айтышат. Бирок бул сөздөр болгону саясий көз жазгыруу гана болушу ыктымал. Америкалык жоокерлерди эми кайда жөнөтүшөт? Ирак тынч жашоо кечиреби? Ушул жана башка жагдайларды талдаган Софья Мельничук, Ксения Мельникованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган."Ирак Жакынкы Чыгышта Кошмо Штаттар үчүн абдан маанилүү. Бүт иш чыйырым бою биз анын иштерине тереңден аралашып келдик", — дейт Жо Байден. Анан да Ак үйдө Ирак премьер-министри Мустафа аль-Каземини кабыл алды. © AFP 2021 / HOSHANG HASHIMI Талибдер чек арада. ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кандай арга табышат? 2003-жылы америкалыктар аталган өлкөгө басып киргенде азыркы президент сенатор болчу. Ирактагы согуш аракеттери аяктаганы боюнча Ак үй алгач жолу 2010-жылы жар салган. Байден ал кезде вице-президент эле. Бирок төрт жыл өткөн соң Ислам мамлекетине* каршы "Кебелбес чечкиндүүлүк" операциясы башталган. Эми Жо Байден Ирактагы аскердик миссия аяктаганын расмий түрдө маалымдоодо."Биздин Ирактагы ролубуз эми дайым жеткиликтүү болуп, Ирак коопсуздук күчтөрүн окутуп, көмөктөшүүдө", — деп түшүндүрдү АКШ президенти. Кененирээк айтылган жок. Ал тургай Байден декабрга дейре Иракта кайсы күчтөр калары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген жок."Бул ошол убактагы окуяларга жараша болот", — деп тактоого аракет кылды Ак үйдүн спикери Жен Псаки. Пентагондогулар Кошмо Штаттар "Жакынкы Чыгыштын көйгөйлөрүнө көз жумбастан аларды чечүүнүн башка жолун табууга тийиш" экенин белгилешти. Өлкөгө бир аз аскер калтырышат. Мындан ары көңүлдүн баары "Кытай жана Россиядан "соккон" коркунучтарга бурулат". Соңку маалыматтар боюнча, Иракта 2,5 миң америкалык аскер бар. Былтыр жыл аягында президент Дональд Трамп контингентти кыскарткан. Багдаддан түндүккө карай 160 чакырым нары жайгашкан Айн аль-Асад жалгыз америкалык базасы бар. Тобокелдиктер токтоп калган жок 2017-жылы Ислам мамлекетин* жеңгендиги боюнча жарыяланганына карабастан азыр да терактылар токтой элек. Өткөн аптада исламчылар Багдад базарларынын биринин жанындагы автобусту жардырууга жоопкерчиликти алышты. Кеминде эле анда 30 киши набыт болгон. © Sputnik / Михаил Воскресенский Россия Өзбекстан менен тажик-афган чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрөт Америкалыктарга Иран колдоп келген согушкерлер отряддары чабуул коюп келишет. Быйыл март айында Айн аль-Асад базасын ракеталар менен аткылашкан. Бир киши көз жумган. Базага үч айга чукул убакыт мурун жардыргыч тагылган учкучсуз кол салса, июлда ракеталар чабуул коюп, үч киши жараланган. Мустафа аль-Каземи – Вашингтон үчүн санаалаш премьер-министр. Ал Иранга байланышкан топторду уяткарууга тырышкан. Бирок ошол эле убакта Сирия менен чек аралар боюндагы иранчыл түзүмдөргө урулган америкалык авиациянын соккусун Ирактын суверенитетин бузуу деп сындаган. Өз кезегинде АКШда өлкөнүн калыптанышында премьердин ийгиликтерин белгилешкен. Июнь айында Багдадга иорданиялык Абдулла II жана Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси келип кетти. Бул киши – 1990-жылдан бери аталган өлкөгө келген биринчи египеттик лидер. Кошмо Штаттар эл аралык COVAX программасынын алкагында Иракка Pfizer вакцинасынан 500 миң ченем берүүгө да милдеттенме алган. Байден препарат жакынкы жумаларда жеткирилерин билдирген. Чөлкөмдө илдет илештиргендердин саны артып, ооруканаларды жалын чалмаган учурлар да көбөйдү. Булардан сырткары, Вашингтон парламенттик шайлоого байкоо салуу боюнча БУУнун миссиясына 5,2 миллион доллар бөлмөкчү. Мындай саясий иш-чара улам жылып отуруп, эми быйыл октябрга белгиленген. Эксперттердин пикиринде, шайлоодо азыркы премьер-министр аль-Каземинин мүмкүнчүлүгү дурус эле."Саясий көз жазгыруу" Анткен менен АКШнын Ирактан толук чыгарылышы туурасында кеп жок экенин белгилешет серепчилер. Вашингтон бул маанилүү стратегиялык аянтча үчүн көпкө күрөшүп келгенин айтат саясат таануучу, Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин эксперти Елена Супонина. Анын оюнда, күчтөрдүн чыгарылышы тууралуу билдирүү "саясий көз жазгыруу". Себеби америкалык шайлоочуларга берилген убадаларды аткаруу абзел. © Sputnik / Павел Львов Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар Ирак коомчулугунун пикири да маанилүү. "Жергиликтүү саясатчылар Мустафа аль-Каземини кысмакка алып келишет. Өлкөдөгү саясий кырдаал жөнөкөй эмес, премьердин орду анчалык бекем эмес", — дейт ал."Жети жыл мурун Кошмо Штаттар Иракка кайткан убакта терроризмге жарыяланган согуш реалдуулук болчу. Америкалыктар ИМди* жеңүүдө негизги ролду ойногон. Албетте, алар колдонгон ыкмалар боюнча суроо көп. Маселен, Мосул шаары дээрлик толук талкаланып калды" – деп эске салат чыгыш таануучу жана публицист Андрей Онтиков. Азыр Ирак бийлиги өзү америкалыктарды чыгып кетүүнү өтүндү. "Дональд Трамп Ирактагы базага учуп келгенде АКШ элчиси аз жерден ирактык премьерге ал жакка барып, президентке кезигүүнү буюргандай эле болгон. Ал баш тартат. Ошол окуя маалымат каражаттарына чыгып, чоң жаңжал болгон, — дейт А.Онтиков. — Ошондон кийин америкалыктар Багдад аэропортуна сокку уруп, Сулейманини өлтүрүшкөн. Америкалык күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө кайрадан айтыла баштаган". Ошентсе да АКШнын аскер кызматкерлери дароо үйгө кайтары арсар экенин боолголойт Чыгыш таануу боюнча изилдөө борборунун илимий кызматкери Данила Крылов."Болду-болбоду адаттагыдай эле бир араб өлкөсүнөн экинчисине, бул учурда Сирияга басым жасалат. Россиянын коргоо министри америкалык аскер кызматкерлери Ирактан Сирияга келип турушканын бир нече ирет кабарлашкан", — деп болжойт эксперт. Ирактагы штабдарды, топтолгон чалгын маалыматтарын аскердик блоктон дипломатиялык блокко которулары толук ыктымал."Америкалыктар дипломатиялык иммунитетти чалгындоо жана башка атайын кызматтар үчүн пайдаланары эбак эле белгилүү", — деп кошумчалайт Крылов. Кытайга бурулган көңүл Америкалыктардын көпчүлүгү бөлөк чөлкөмдөргө көңүл бөлбөстөн терроризм менен күрөшкөнчө Ыраакы Чыгышта Кытай күчтөнүп алды деген ойдо. Эми бул – АКШ үчүн негизги кооптуулук, күчтөрдүн баарын ага бурууга туура келет. Бир топ убакыттан тарта Борбордук эмес, Тынч океандык аскердик командачылыкка артыкчылык берилет. © REUTERS / Carlo Allegri Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду Кытай менен улуу державалык тирештин жаңы доорунун логикасы АКШнын максаттарын кайра баштан карап, кайда кандай басым жасарына акыл калчоого мажбур кыларын белгилейт Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун алдындагы Перспективдүү америкалык изилдөөлөр борборунун директору Максим Сучков."Тиреш узакка созулушу мүмкүн, андыктан ресурстарды пайдаланууда ылгоого аргасыз кылат. Жакынкы Чыгыш Вашингтонду көптөн бери опкоолжутуп келген, бирок Обама менен Трамптын ал жакта аскердик жайгашууну оптималдаштыруу аракеттерине Пентагон каршы чыккан", — дейт ал. Жыйынтыгы анчалык ийгиликтүү экени күмөн. Америкалыктар Иракта өз алдынча коргонууга жөндөмдүү тутумду түзө алышкан жок. Алардын өлкөдөн жыйналып чыгышы менен эле террордук кооптуулук жок болуп кетпейт. Жаңы шарттарда америкалык инструкторлор жана кеңешчилер кантип иштей турганын убакыт көрсөтөт. *Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Диетолог Татьяна Разумовская спорт менен машыкпаган жана диетага отура албагандар үчүн ашыкча салмактан арылуунун жолдорун айтты. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды. Диетолог арыктоодо уйку өтө маанилүү роль ойнорун белгиледи."Эгер уйку мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурап, канбай калса, табитти басаңдаткан лептин гормонунун деңгээли азайып, адамды ачка кылган герлин менен кортизол гормондору көп бөлүнүп чыга баштайт. Кортизол гормону бөлүнүп чыкканда адам тамакты көп жеп, курсак тарапты май басат", — деген адис. Спорту жок арыктайм деген киши тамактануу рационуна клетчатканы кошкону оң экени айтылды. Маалым болгондой, андагы булалар канда холестерин менен канттын деңгээлин жөнгө салып, ичегиге оң таасир тийгизет. © Photo : Pexels : Castorly Stock Капуста организмди холестеринден арылтып, кан тамырды тазалайт"Күнүнө 20-40 граммдан курамында клетчатка бар тамак жеш керек. Ошондой эле кургатылган жер-жемиш, жаңгактын, ботконун түрү, жашылча да ашыкча болбойт. Арыктоодо белок да маанилүү. Мейли сүт азыктары, эт, балык, жумуртка болсун, сөзсүз жеп туруш керек", — деди диетолог. Белгилей кетсек, клетчатка жемиштердин ичинен кургатылган өрүктө (100 граммга 18 грамм), кургатылган алмада (14,9 грамм), кара өрүктө (9 грамм), авокадодо (6,8 грамм), курмада (алты грамм) көп болот. Ал эми жашылчалардын ичинен брокколиде (3 грамм), баклажан жана кызылчада (2,5 граммдан) мол болот. Бул тууралуу буга чейин онколог жана проктолог Елена Смирнова билдирген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздүк курамды өрт маалында кие турчу кийимдер менен камсыз кылууну карап жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздүк курамды өрт маалында кие турчу кийимдер менен камсыз кылууну карап жатат © Фото / пресс-служба МЧС КР / Асан Торобеков Ага ылайык, учурда министрлик атайын кийимдерди чыгаруучу чет өлкөлүк фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө © Фото / пресс-служба МЧС КР / Асан Торобеков 1 / 2 © Фото / пресс-служба МЧС КР / Асан Торобеков Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздүк курамды өрт маалында кие турчу кийимдер менен камсыз кылууну карап жатат Ага ылайык, учурда министрлик атайын кийимдерди чыгаруучу чет өлкөлүк фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө."Ал кийимдер отко, жогорку температурага жана тез тутануучу суюктуктарга туруштук бере алат", — деп жазылган маалыматта. Жакында эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата оор инженердик техника тапшырылган. Ал каражаттарды Азия өнүктүрүү банкы гранттык негизде алып берген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Дарбыз азыгы тамак сиңирүүдө пайдалуу касиетке ээ. Бул тууралуу россиялык диетолог Ольга Капийчукка таянып " Известия" жазды. Анын белгилешинче, дарбыз 90 пайыз суудан тургандыктан, адамдын чаңкоосун кандырат. Мындан сырткары, курамында тамак сиңирүүгө пайдалуу таасир тийгизүүчү өсүмдүк клетчаткасы, ошондой эле темир, магний жана аскорбин кислотасы бар. © Фото / Pixabay/ bridgesward Ичегини кайсы суусундук жакшы тазалайт? Адистин кеңеши Дарбыз ошондой эле антиоксиданттык жана денедеги суюктуктарды сүрүп чыгаруучу касиетке ээ экени кошумчаланды. Капийчук белгилегендей, бул азык углеводго бай болгондуктан адамды керектүү энергия менен камсыз кылат. Ал ортодо адис диабет илдетине чалдыккан жана бөйрөгү ооругандарга дарбыз жебегиле деп кеңеш берет. Диетолог дарбызды август айынан тарта сатып алууга чакырат. Адистин айтымында, сатыкка чыгаруу максатында өстүрүлгөн дарбызга ашыкча жер семирткичтер себилет, бул адамдын организми үчүн зыян.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия-1" телеканалындагы эфиринде кыз-келиндерге эркектер жасачу кара күч көнүгүүлөрү болбойт деген түшүнүктү жокко чыгарганын РИА Новости жазды."Аялдарга дагы мындай көнүгүүлөр абдан пайдалуу. Албетте, эркектердикиндей оор эмес, андан жеңилирээк гантелдерди көтөрүп коюп турса, остеопороз сыяктуу ооруларды алдын алууга жардам берет. Негизи эле сөөктү бекемдеп туруш үчүн мындай көнүгүүлөр өтө зарыл", — деди Мясников. Медиктин айтымында, аэробикалык, денени чоё турган жана кара күч көнүгүүлөрүн аял-эркек дебей аралаштырып жасап туруу керек. Спорттук көнүгүүлөр ден соолукка пайдалуу болгондуктан адис аларды жашоо образынын ажырагыс бөлүгү кылып алган жакшы экенин айтат.
Sputnik_kg
Окуяны жергиликтүү ветеринар-хирург Киран Эйвери айтып бергендигин " National Geographic Россия" сайты жазды. Баткак улам соруп бара жаткан ургаачы пилди көптөп жатып сууруп алышкан. Анын сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды. Another incredible community conservancy elephant rescue! Repost by NRT Director Kieran Avery. “Yesterday was an epic... This poor mum [elephant] ended up stuck in that well for 24 hours - what looked like a simple rescue turned out to be a serious challenge" Kieran Avery. pic.twitter.com/SzO151hJnN — Wildfriends Africa (@WildfriendsUG) February 15, 2021 ​Ири жаныбардын капсалаңга кабылганын көргөн жергиликтүү эл жаратылышты коргоочуларга кабарлаган. Мындай окуяга күбө болуп жүргөн куткаруучулар трактор жана керектүү буюм-тайымдарды кошо ала келишкен. Алар пилди жазы курлар менен арчындап чыгышкан. Доктор Эйверинин айтымында, ыңгайын таап таңбаса, коркуп кеткен жаныбар чиренип же буттарын кергенде адамдар жаракат алып, ал тургай техника талкаланып да калышы мүмкүн. Images by @kieranavery. Another incredible rescue of a young female elephant stuck in thick mud by our team, @kwskenya, @loisaba_conservancy and community members in Nannapa Conservancy, Oldonyiro. #rescue #elephants #ele #NorthernKenya #saveelephants pic.twitter.com/sQI0bas27q — @nrt_kenya (@NRT_Kenya) June 18, 2021 ​Алп жаныбарды куткаруу операциясы бир жарым сааттай созулган. Адистердин айтымына караганда, пил ал жерде бир суткадай жатып, баткак акырындап соро баштаган. Адамдар куткаргандан кийин пил түз эле үйүрүнө, токойду карай кеткен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 16-июлда Жалал-Абадда дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган "Өчпөс өмүр" аттуу илимий конференция өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университитети уюштурууда."Илимий конференцияда Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат", — деп жазылат билдирмеде. Эртеси, 17-июль күнү, Сузак районунун Барпы айылында "Аалым Чубак ажы Жалилов" атындагы мечиттин ачылыш салтанаты боло турганы кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина алгандан кийин организмде антитело калыптанбаса эмне болорун " Прайм" агенттигине Европа медициналык борборунун дарыгери, терапевт Александр Доленко айтып берди. Адистин пикиринде, массалык эмдөө жүргүзүлүп жаткандыктан көпчүлүктү препараттан кийин пайда болгон антителонун деңгээли кызыктырып жаткан кез."Негизи антитело көп же жетишсиз деген түшүнүк жок. Мынча антитело болсо организмди вирустан ишенимдүү коргой алат деп дүйнөдө эч ким бир көрсөткүчтү белгилеген эмес", — деди терапевт. © Sputnik / Алексей Куденко Ууланасың! Адис вакцина алган адам ичимдик ичип алса эмне болорун айтты Анын айтымында, иммунитеттин өзгөчөлүгүнө жараша айрым кишилерде вакцинадан кийин антитело калыптанбай калышы мүмкүн."Мындай учурлар өтө сейрек, улгайган адамдарда чанда кездешип жатат. Бирок антитело жок болсо вакцина организмди таптакыр коргобойт деген туура эмес", — деди дарыгер. Сөзүнүн аягында адис антителонун бар же жок экенин билүү үчүн вакцинанын экинчи компонентин алган соң 21 күн өткөндөн кийин анализ тапшыруу туура болорун айтты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова кыргызстандыктар жаңы тариф боюнча электр энергиясына жана жылуулукка канча төлөп калары туурасында айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова"Эгер сиз бир айда 500 киловатт-саат жаккан болсоңуз, жаңы тариф боюнча 163 сомго көбүрөөк төлөйсүз. Ал эми күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт-саатка чейин колдонсоңуз, анда, тескерисинче, былтыркыга салыштырмалуу 92 сом үнөмдөйсүз. Эмнеге үнөмдөйсүз? Азыркы тариф боюнча 700 киловатт-сааттан кийин 77 тыйындык тариф 2,16 сомго жогорулайт. Жаңы баа менен 1000 киловатт-саатка чейин 1,09 сом болот. Эгер айына 2000 киловатт-саат колдонсоңуз, өткөн жылкыдан 268 сомго көп чыгат", — деди Айдарова. Агенттиктин директорунун орун басары жылуулук үчүн тарифтер кандай жогорулаганы туурасында дагы түшүндүрүп берди. Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы"Бир бөлмөлүү батирде жашагандар былтыркыдан 204 сомго көп төлөйт. Эки бөлмөсү барлардыкы 279 сомго өсөт. Эгер үч бөлмөлүү болсо (61 чарчы метр) төлөмү 366 сомго көбөйөт. Мындай ыкма менен эсептегенде тиричилик үчүн колдонулган керектөөчүлөргө азыраак күч келет", — деди Айдарова. Ошондой эле ал жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалып жатканын кошумчалады. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров апрелде электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнү сунуштаган. Башында бийлик калктын жашоо шартына карап категория боюнча тариф киргизүүгө камынган. Бирок кийинчерээк министрлер кабинети баарына бирдей тариф (киловатт-саатына 1,09 сом) коюуну сунуштады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Италия курама командасы Европа-2020 чемпионатынын жарым финалында Испания командасын жеңип, алгачкы финалист болду. Оюн Англиядагы Уэмбли стадионунда өтүп, негизги бөлүк 1:1 эсеби менен аяктаган. Беттештин 60-мүнөтүндө Федерико Кьеза гол киргизип, италиялыктарды алдыга алып чыкты. Негизги бөлүктүн бүтөрүнө 10 мүнөт калганда Альвара Мората гол киргизип, эсепти теңеди. 15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктө (жалпы 30 мүнөт) эсеп өзгөргөн жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан соң аныкталган. Мында италиялыктар мыкты чыкты. Эми Италия Евро-2020 мелдешинин финалында Англия — Дания жубунун жеңүүчүсү менен кез келет. Экинчи жарым финалдык оюн 8-июлга караган түнү 01:00дө башталат. Европа биринчилигинин финалы 11-июлда Англиянын борбору Лондондо өтөт. Буга чейинки Евро-2016 мелдешин Португалия курамасы жеңген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 160 орун бош. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 7-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, анын тогузунда гана орун бар. Ал эми калган тогузунда бош орун калбай калган. Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 4; № 2 клиникалык төрөт үйү — 16; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 3; Улуттук онкология жана гематология борбору — 1; Республикалык наркология борбору — 20; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 78; Аскер госпиталы — 2; Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 10; Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 26.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 198 адамдан коронавирус табылып, 781 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Жуктургандар: Бишкек шаары – 717; Ош шаары – 60; Чүй облусу – 142; Ош облусу – 75; Талас облусу – 4; Нарын облусу – 20; Ысык-Көл облусу – 39; Жалал-Абад облусу – 53; Баткен облусу – 88. Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 134 501ге жетсе, анын ичинен 114 756 адам дартты жеңген. Айыккандар: Бишкек шаары – 358; Ош шаары – 73; Чүй облусу – 99; Ош облусу – 94; Талас облусу – 8; Нарын облусу – 27; Ысык-Көл облусу – 29; Жалал-Абад облусу – 62; Баткен облусу – 31. Тилекке каршы, бир сутка ичинде тогуз адам коронавирустун курмандыгы болгон. Ушуну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 063кө жетти. Каза тапкандар: Бишкек шаары – 4; Чүй облусу – 2; Баткен облусу – 2; Жалал-Абад облусу – 1. Азыркы тапта 4 253 бейтап стационарларда жатат. Ал эми үйдө дарылангандардын саны 12 315 адамды түздү. Бир суткада 30 медиктен коронавирус аныкталган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдан келчү Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы облустар боюнча кандай бөлүштүрүлө турганын брифингде айтты. Маалым болгондой, келе турган вакциналар облустарга төмөндөгүдөй көлөмдө бөлүнөт: Бишкек — 240 миң доза; Ош шаары — 110 миң; Ош облусу — 175 миң; Чүй облусу — 200 миң; Ысык-Көл облусу — 120 миң; Жалал-Абад облусу — 165 миң; Баткен облусу — 80 миң; Нарын облусу — 80 миң; Талас — 80 миң.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жасоону ыкчам жүргүзүү үчүн убактылуу 868 эмдөө пункту ачылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифинг учурунда маалымдады."868 эмдөө пунктунун 521и мамлекеттик медициналык мекемелерде, 11и жеке менчик медициналык жайларда, 116сы жалпы билим берүүчү окуу жайларда, 25и соода-эс алуу жайларында, 53ү спорттук мекемелерде, 63ү ири базарларда ачылмакчы", — деди Бакашова. Мындан сырткары, калкты эмдөө үчүн 78 мобилдик бригада уюштурулган. Бакашова вакцинаны сактоо үчүн эмдөө пунктуларынын бардыгы муздаткыч, ал эми мобилдик топтор термоконтейнер менен жабдыла турганын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. АКШ Афганистандан аскерин чыгарып кеткен соң аралыктан туруп жардам көрсөтүү аракеттери боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирбиге шилтеме берип РИА Новости жазды. Өткөн аптада Вашингтонго Өзбекстан менен Тажистандын тышкы иштер министрлери барып келген. Шейшемби күнү Пентагон жетекчиси Ллойд Остин Афганистан темасы боюнча түркиялык кесиптештери менен сүйлөшөт."Сүйлөшүүлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин айта албайм. Бирок АКШ Афганистанга коңшу мамлекеттер менен диалогун улантат. Алар афган аскер күчтөрүнө кандай жардам бере алары талкууланат", — деди Кирби. © Фото / Master Sgt. Alejandro Licea АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кеткенин кабарлады 5-июль күнү Россия президенти Владимир Путин тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу тажик-афган чек арасындагы оор кырдаалды талкуулап, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана эки тараптуу кызматташтыктын негизинде Тажикстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Эртеси күнү Путин бул маселени Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу талкуулаган. Эске салсак, АКШ Афганистандагы аскердик күчүнүн 90 пайызын чыгарып кеткен. Ошол эле учурда Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда.
Sputnik_kg
Кыргызстанда муфтийликти шайлоо бир нече айга созулуп, улам жылып, акыры 26-июнда бир добуш менен Замир кары Ракиев бекиди. Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан, ага чейин муфтийдин орун басары болчу. Буга чейин өлкөнүн мусулмандарынын башчылыгында муфтияттагы каржы махинациясынан кийин кызматтан кеткен Максат ажы Токтомушев турчу. Азыркы муфтий 43 жашта, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билимин жогорулаткан. Муфтийликке чейин Бишкек шаарынын казысы эле, ага чейин муфтийдин орун басары болуп иштеген. — Кызматка келишиңиз менен куттуктайбыз, бирок бул сиз үчүн сыймык эмес, жоопкерчилик болуп жатса керек. Алгачкы иш жумаңыз кызматтык дайындоолор менен өттү окшойт, азыр эмне менен алектенип жатасыздар? — Бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Өзүңүз айткандай, сыймыктанып же кубана турчу нерсе эмес, бул чоң жоопкерчилик. Эл-журтубузга кызмат кылышыбызды тилеп, дуба кылып коюшуңуздарды бардыгыңыздардан суранып кетер элем. Кызматка келгениме 10 күндүн тегереги болду. Алгач жаңы структураны түзөлү дедик. Ажылыкка деп акча төлөп койгондор бар, алардан каражатыбызды кайтарып бергиле деген арыз түшүп жатат. Ажылыкты уюштуруу менен иштеген Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) отчётторун угуп жатабыз. Ушул сыяктуу майда иштер менен алекпиз. Келечекте кудайым буюрса конференцияларды өткөрүүнү ниет кылып турабыз. 16-июлда Жалал-Абад шаарында маркум Чубак ажынын элесине арналган "Өчпөс өмүр" деген илимий конференция өтөт. Андан соң аалымдарыбыздын бардыгын чогултуп, Кыргызстанда мындан кийинки диний абалды жана ханафий масхабды жайылтууну талкуулайбыз. — Аалымдар кеңешинин көпчүлүк добушу менен кызматка бекидиңиз. Шайлоого чейин эле сизди болот деген кептер чыгып кеткен. Жеке өзүңүз кандай жыйынтык күттүңүз эле? — Бул кызматты ыймандуу адам жүрөгүнөн каалабайт. Мына мен ушул жерден айта кетейин, чын жүрөгүмдөн каалаган жокмун бул нерсени, ошондуктан күтүүсүз болду же күткөм деп айта албайт экенсиң. Бирок жүктөлгөндөн кийин аткарыш керек. Адамдар арасында ар кандай кеп сүйлөнө берет экен, тигил болот, бул болот деп айта беришет. Озуйпаны, милдетти мойнубузга жүктөштү. Кудайдын буйругу болду, элдин дуба-тилеги менен элибизге кызмат кылам деп турам. © Sputnik / Максат Элебесов Муфтий Замир кары Ракиев: Салт-санаабызды жеригендер бар, өзүбүздүн кыргыз экенибизди сыйлайлы. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт-санаабыздын 99 пайызы эч качан динибизге каршы келбейт. — Талапкерлигиңизди өз каалооңуз менен койдуңузбу, сунуштар да болгонбу? Муфтийди шайлоо үчүнчү аракет менен өттү, бирок талапкер экениңизди акыркы сынакта эле көрдүк. — Ислам түшүнүгүндө адам кызмат үчүн чуркап, жулунбаш керек, Кудайдын жардамы болушу абзел. Шайлоо кыштан бери эле жылып келди, жан талашсам ошондо эле коёт элек. Канчалаган сунуштар болду, бардыгынан баш тартып келдим. Бирок акыркы кезде кээ бир аксакалдар "чалмакей чалынып кетти, биздин динибиз уят болбосун, баркы түшүп калбасын, жаш кезде барып кызмат кылып бер" дешти. Ошолорду угуп, оюм бышканда макул болдум. — Кыргызстан мусулмандарынын курултайы биринчи ирет чагымчыл аракеттерден, экинчи жолу эпидемиологиялык абалга байланыштуу деп өтпөй калды, бирок үчүнчүсү оору андан да күчөп турганына карабай болду. Шайлоого эмне себептен интрига аралашып кетти? — Буйрук экен. Биринчи учурда орозо жакындап калды, мен буга байланыштуу көңүл бурган жокмун. Экинчиси абалга байланыштуу дедик. Үчүнчүсүн кандай болсо да жылдырбайлы деп чечтик. — Мен кечирим сурайм, сизди муфтий болду деген жаңылыктардын астына "сакалы жок экен" деген комментарийлер көп жазылды. Ошондой сын пикирлерден улам өстүрдүңүзбү, деги эле дин кызматындагы адамдарда сөзсүз сакал болушу керекпи? — Сакал биздин динибизде сүннөт болуп эсептелинет. Аны Пайгамбарыбыз кылган. Бирок кээ бир шартка байланыштуу аткара да албай калабыз, муну туура түшүнүү керек. Мен да кээ бир себептер менен ушундай кыска эле сакал алып жүрмөй болдум. © Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий: 10-15 жыл мурун адамдар кантип даарат алууну, мечитке келүүнү, кантип намаз окууну сурашчу. Азыр кантип соода кылам, кантип шериктеш болом, банк системасында ислам принциптери кандай өнүгүшү керектигин сурашат, адамдардын деңгээли абдан өстү. — Кызматка келген ар бир муфтийдин өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Сиз башынан эле дин менен каада-салтты чогуу алып кетүү керек деген позицияңызды билдирип кеттиңиз. — Бул нерсени айтсам да сын-пикирлер жазылууда. Салт-санаабызды жеригендер бар, өзүбүздүн кыргыз экенибизди сыйлайлы. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт-санаабыздын 99 пайызы эч качан динибизге каршы келбейт. Динде эреже бар, кайсы бир калктын салт-санаасы, үрп-адаты динге каршы келбесе ал дин болуп эсептелинет. Ошондуктан салтыбызды жерибейли. Илгертеден бери кийип келе жаткан чепкен, калпагыбыз бар. Түлөө, той, ырым-жырымдардын ысырапкорчулуктарын кыскартып, жакшынакай адаттары менен өткөрө берели. Динибизге шайкеш келген салт-санааны дин тутунгандар четке какпайлы, бирге алып кетели деген ойду айткым келет. Түшүнүп-түшүнбөй эле жумурткадан кыр издеп, жалган жалаа жаап, ачуу сөз айтып, даражабызды түшүргөндөн алыс бололу. Муну мен өзүмдү коргоп айткан жокмун. Адамдар бири-бирибизге этият, аяр мамиле кылсак, чындык болсо бетке айтып, жай түшүндүрүү керек. — Жогоруда өзүбүздүн улуттук кийимибиз деп калдык. Хиджаб менен кыргыздын кийиминин ортосунда талаш-тартыш болуп жүрөт, бул боюнча пикириңиз кандай? © Sputnik / Табылды Кадырбеков Улакчы, балчы жана чуулуу окуялары. Максат ажы Токтомушев тууралуу 9 факты — Мен хиджаб боюнча эч нерсе дей албайм, бул Кудайдын аялдар үчүн парзы. Мурдатан эле белгилүү дин аалымдарыбыз Чубак ажы, Абдышүкүр ажы, Максат ажы жана башкалар менен жоолук маселеси чыкканда айымдар кыргыздын оюулары түшүрүлгөн, өздөрүнө жарашыктуу кийимдерди кийсе деп сүйлөшүп келгенбиз. Эми ушуну калыптандырышыбыз керек. Аялдар мындай хиджаб кийгендерди көргөндө таасирленгендей болушу керек. Тигүүчүлөргө кыздарга жарашыктуу, калкыбызга өөн учуратпай турган формаларды тигишсе деп айта кетет элем. Муну колго алгандар да бар, аларга ыраазычылык. Билесиздер, араб мамлекеттеринде өзүнүн калкына жараша хиджаб кийишет. Кыргызстандыктар да бир түрлүү кийимге өтүп алса жакшы болот эле. Бирок хиджабга, аны кийгендерге асыла бербеш керек, ал нерсе жакшылыкка алып барбайт. — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында кандай реформаларды жасагыңыз келет, иш планыңыз менен бөлүшө кетсеңиз. — Кыргызстан элинин дээрлик 90 пайызы мусулман, элибиз динчил экенин билесиздер. Жаштарыбыз ыйман жолунда. Азыр ыймандан кабар жок адамды жолуктуруу деле мүмкүн болбой баратат. Жума намаздагылардын 95 пайызы жаштар. Бизде динде эркиндик бар, ошондуктан өнүктү. 10-15 жыл мурун адамдар кантип даарат алууну, мечитке келүүнү, кантип намаз окууну сурашчу. Азыр кантип соода кылам, кантип шериктеш болом, банк системасында ислам принциптери кандай өнүгүшү керектигин сурашат, адамдардын деңгээли абдан өстү. Реформа тууралуу айтсам. Дин өзү толук нерсе, ага өзгөртүү киргизилбейт. Диндин жайылышына, бул багыттагы иштерге бардык муфтий жан үрөп кызмат кылган. Алар туура эмес иштеп кеткен, биз реформа жасайбыз деп айта албайбыз. Бирок адамдардын жаңылануусуна жараша кадам ташташыбыз керек. Биздин планыбызда ханафий масхабын жана Матуриди акыйдасын жайылтуу турат. Ошондой элдеги диний лидерлерди, коомдорду, уюм, фонддорду, динге кызмат кылган адамдардын бардыгынын баштарын бириктирип, бир бүтүн кылалы деп жатабыз. Мындан сырткары, "Ыйман кербени" деп оозунда сөзү, билими бар аалымдарды аймактарды кыдыртып, насаат айттыралы деген ойлор бар. Диний билим берүүнү өнүктүрүү, медреселердин сапаттарын жакшыртуу жана башка пландарыбыз боюнча иштеп жатабыз. Муфтияттын тегерегинде кандай гана чыр болбосун, негизи эле бардык жерде мал, дүнүйө талашуудан башталат. Бул адамдын табиятында бар нерсе экен. Ажылык сапарындагы акча тууралуу көп кеп кылышат, эл бизде акча заводу бардай көрөт. Азыр ажылыкты уюштурууну муфтияттан бөлүүнү ойлонуп жатабыз. Муфтиятты адамдар диний багыт, руханий азык бере турган мекеме катары элестеткидей кылгыбыз келет. © Sputnik / Максат Элебесов Замир кары Ракиев: Дин өзү толук нерсе, ага өзгөртүү киргизилбейт. Диндин жайылышына, бул багыттагы иштерге бардык муфтий жан үрөп кызмат кылган. Алар туура эмес иштеп кеткен, биз реформа жасайбыз деп айта албайбыз. — Айрымдар муфтиятка араб фондуларынан акча түшөт деп айтып жүрүшөт. — Араб бир туугандар ачкан көптөгөн кайрымдуулук фонддору бар. Аны биздикилер исламий фонд экен дешет. Алар башка кайрымдуулук уюмдары сыяктуу эле бизге тиешеси жок, өздөрүнүн жол-жобосу менен иштейт. Башкы диний мекеме катары бизге урмат-сый менен мамиле кылышат, бирок акча беришпейт, каржы булагыбыз эмес. Мечиттерди саларда каршы эмес экениңерди билдирип койгула деген каттарды жөнөтөт. Ага Экотехинспекция, Архитектура кызматы, жергиликтүү бийлик уруксат берсе биз да макул болобуз. Биз араб фонддоруна айрым гана учурларда, мисалы, семинар же конференция өткөрөрдө кайрылып калабыз. Себеби муфтиятта каржы булагы жок. Ажылыкты уюштуруп бергенибиз үчүн мыйзам боюнча каражат бөлүнчү эле, эки жылдан бери ал дагы жок. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Чубак ажынын элесине арналган илимий конференция өтөт — Учурда муфтият каржылык жактан кыйналып жатабы? — Ооба, абдан аксап жатат. Ажылык сапар катары менен болбой калды. Мурунку бухгалтериядан ката кеткенин билесиздер, аудиттер текшерүүнү улантып жатышат. Жакында арыз жазган 300 кишинин каражатын кайтаралы деп жатабыз. Кыргызстан боюнча 205 киши жетекчилик кызматта иштейт. Беш-алты айдан бери эч нерсе албай отурушат, мындан ары да Кудайдан жардам сурап ишибизди уланта берели. — Кыргызстандыктар диний билимди чет мамлекеттерден да алары маалым. Бирок өлкөлөрдүн диний багыттарынын өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары болушу мүмкүн. Буга байланыштуу студенттерден кайсы жактан окуй турганына жана бул жакка келгенде эмне менен алектенерине көзөмөл жүргүзө аласыздарбы? — Биздин студенттер исламий багытта Малайзия, Сауд Аравия, Кувейтте, Иордания, Египет, Түркияда, Пакистанда, Индияда, Бангладеште жана башка өлкөлөрдө окушат. Илгери Сириядан да билим алышчу. Ар бир элдин өзүнүн үрп-адаты, салт-санаасы жана окуткан ыкмалары бар. Биринин мектеби экинчисине окшобойт. Ажылыкка барганда Аравиядагы студент балдарга "жигиттер, келечекте Кыргызстанга кызмат кылышыбыз керек. Ханафий мазхабын терең өздөштүргүлө, башка үрп-адаттарга кирип албагыла" деп эскертебиз. Эң негизгиси диндин багытын өзгөртпөсө болду. Ал эми жашаган мамлекеттеги үрп-адат, салт-санаа деген баары бир жугуп калат. Бул жакка келсе бат эле оңолуп кетишет. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары сырттан окуп келгендерде көйгөй жок. © Фото / пресс-служба ДУМК / Белек Нурланов Муфтий: Муфтияттын тегерегинде кандай гана чыр болбосун, негизи эле бардык жерде мал, дүнүйө талашуудан башталат. Бул адамдын табиятында бар нерсе экен. — КДМБ экстремисттик уюмдардын таасири жана ишмердүүлүгү менен кантип күрөшөт? Тыюу салынган уюмга кирип кеткендер органдарга сурак бергенде көбүнчө "алардын максатын билбей эле кошулуп кеткенин" айтышат. Бул диний билимдин аздыгынанбы? Арасында каражатка кызыгып кеткендери да болсо керек. © Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова Чубак ажынын сейрек сүрөттөрү. Күлгүн жаштык, атактуулук, шум ажал 16 — Муфтият жазалай турчу орган эмес, аны тиешелүү кызматтар аткарат. Биздин ишибиз адамдарга руханий байлык сунуу. Муфтийдин орун басары болуп иштеп турганымда канчалаган балдар келишти. Жихад деген түшүнүктөрдү айтып, биздин үрп-адатка туура келбеген же сүйлөшө келсеңиз диний билими жок, алар интернетти казып жатып же досторуна таасирленип дин деген ушул экен деп башка жакка кирип кеткен. Бирок адамдын аң-сезими менен эсептешүү өтө кыйын. Бир нече ирет сүйлөшүп, жолуккандан кийин дин ушул турбайбы деп канчалаган бала намаз окуп, китеп окуп туура багытка түшүп кетишти. Диний билимдин жетишсиздигинен тышкары каражатка да азгырылып кетиши мүмкүн, бирок бул тууралуу толук маалыматым жок. Ошол үчүн келечекте мектептерге ыйман сабагы, дин түшүнүгү сыяктуу сабактарды киргизип, балдарга жаштайынан туура багыт берип, сабатын жоёлу деген аракеттер көрүлүп келет. — Өзүңүз тууралуу суроо берсем. Ата-тегиңиз динди бекем карманган адам болуптур. Сиз өзүңүз канча жашыңыздан тарта терең өздөштүрүп баштадыңыз? — Биздин ата-бабаларыбыздын бардыгы атактуу карылар, молдолор экен. Мен динди өзүмдүн атаман үйрөндүм. Союз жаңы тарап, адамдар динден алыстап жаткан учур эле. Атам Балыкчы шаарындагы Чойбек ажыдан, андан кийин Бишкектеги борбордук мечиттеги Абдулмажит кары акеден окутту. 16-17 жашыбыздан баштап куран жаттап, 1999-жылдын аягында Египетке кеттик. Алгач медреседе мугалим болуп иштедим. 2009-жылы Чубак ажы муфтий кезде Нарынга казы болуп бер деп жөнөттү, бир жылдан кийин ага орун басар болдум. Анан муфтиятта окуу бөлүмүнүн башчысы, Бишкектин казысы кылышты. 10 жылдан ашуун диний кызматтарда жүрүп муфтий болдум. — Үй-бүлөңүз да динди бекем карманабы? — Ооба, келинчегим менен Египетте чогуу окуп жүрүп үйлөндүк. Колубуздан келишинче Алла-Тааланын парзын аткарып келе жатабыз. Эки кыз, бир уулубуз бар. © Sputnik / Максат Элебесов Замира кары Ракиев: Муфтият жазалай турчу орган эмес, аны тиешелүү кызматтар аткарат. Биздин ишибиз адамдарга руханий байлык сунуу. — Динде төрт аял алууга уруксат, бирок биздин мыйзам буга жол бербейт. Көп аялдуулукка көз карашыңыз кандай? — Эми буга динибизде уруксат берилген. Кайсы мамлекетте болсок ошол жактын мыйзамдарына ылайык жашоо керек. Уруксатты милдет катары көрүп алган адамдарыбыз бар. Бирок ар бир адам бул нерседен пикир чыгарат. "Андай кыл, мындай кыл" дей албайбыз. Кудай кимге кандай насип кылса ошондой болот. — Дагы бир коомдогу көйгөй. Динибизде да, салтыбызда дагы ала качуу жок, мыйзамда буга тыюу салынган. Бирок заманбап жашоодо ала качуунун арты суюлбай келет. Канткенде эркектерди жаман адаттан арылтабыз? © Фото / пресс-служба ДУМК Абдишүкүр Нарматов да бар. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси чыкты — Динибизде ала качуу жок. Никенин шарттарында үйлөнө турчу улан менен кыз көңүлүнөн жубай болуп берүүгө макул болушу керек. Ала качып жатса каяктагы макулдук бар? Бирөөнү зордоп жубайлыкка алуу күнөө. Аялзатынын динде орду чоң. Пайгамбарыбыз биз арзып жаткан бейиш энелердин таманынын астында деп аялдын, эненин даражасын кыска сөз менен жеткирип кеткен. Мырзаларга кайрыларым, андай жолго барбай жакшынакай куда түшүп, исламдын шарттарын аткарып үйлөнүү керек. Буга ата-энелер да көңүл буруңуздар. Канчалаган кыздардын тагдыры талкаланып, балдар кесилип кетип жатат. Мыйзамдагы жазаны ойлогула. Ала качып, жолдон бири-бирин өлтүргөндөр (Айзаданын окуясы) болуп атат. Кыска дүнүйөдө адамча жашап кетишибиз керек, балдарга бул жолго барбагыла демекмин. — Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз? Динде дүнүйөнү да унутпаш керек дейт, жумуштан тышкары эмне менен алектенесиз? — Муфтийликке келгенден бери бош убактым деле болбой калды. Эртең менен жумушка келип, түн бир оокумда кетем. Бош убактым кичине уктап алганга жетип жатат. Мурда балдарыбыздын окуусуна көңүл буруп, тоого, көлгө барып эс алып, башкалардай туугандар менен алака кылып, достор менен жолугат элек. Азыр колубуз бошобой эле калды. Маркум Чубак ажы менин ишим эле илим экен деп айтчу. Ошол сыяктуу ишибиз дин кызматкери болуп жатат, кошумча ишим жок. © Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий: Атам Балыкчы шаарындагы Чойбек ажыдан, андан кийин Бишкектеги борбордук мечиттеги Абдулмажит кары акеден окутту. 16-17 жашыбыздан баштап куран жаттап, 1999-жылдын аягында Египетке кеттик. — Кыргызстандыктарга каалоо-тилегиңиз жана пандемияга байланыштуу кайрылууңуз менен маекти жыйынтыктайлы. — Жалпы Кыргызстанга тынччылык, ынтымак каалайм. Кудайга көбүрөөк жүз буралы, жакын бололу. Учурда ааламдын бардыгында кыйынчылык болуп жатат, пандемия колу-бутубузду тушап койду. Оору менен ойнобош керек. Өмүр аманат, аманатка кыянат кылбайлы. Өзүбүздү гана эмес башкалардын дагы ден соолугун ойлоп, дарыгерлердин айтканын аткаралы. Мындайды ар бирибиз диний көз караш менен карайлы, кырсык балээде Кудай күчүн көрсөтүп жаткандай. Кудайдан кечирим сурап, тобо кылалы. Сабырдуу бололу, шүгүрчүлүктү көп айтып, бири-бирибизге зыяныбызды тийгизбейли. Кудай жакшылыктарын жамгырдай жаадырган болсун, жаратканым колдосун демекчимин.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү кайрадан эле мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканына тынчсызданды. Эл өкүлү Самат Исманов 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышына негиз болгон мыйзам бузуулар кайрадан кайталанып жатканын билдирип президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлүнө кайрылды."Мына кайра шайлоого үч күн калды, бул шаарлардагы шайлоо жөн бүтпөйт сыңары. Кайрадан эле адамдарды каттоого тургузуу, ооруканага жаткыруу, ар бир участокто 50-100дөн бейтап бар экен. Туура эмес иштер кайра эле болуп жатат, эми жыйынтыгы кандай болот? Ошону карап койсоңуздар", — деди Исманов. Ал эми Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи. © Sputnik / Павел Бедняков Шаардык кеңешке депутат болом деген ырчы, актёр, журналисттер"Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан пайда жок болууда. Айрым партиялар административдик ресурс колдонуп, жарандарды каттоого коюп жатат, кайра эле квартал башчылары ишке киришти. Эми мынча саясий эрк, күч колдонулгандан кийин аягына чыгарып койсо жакшы болот эле. Укук коргоо органдары кол шилтеп калышты, ошого тапшырма берип коюңуздар", — деди Маматалиев. Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Sputnik_kg
"Techaim" коомдук фонду 2019-жылы кыздарды маалыматтык технология жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү максатында жети кыз тарабынан негизделген. Бул тууралуу Асел Сатылганова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Сатылганова: "Techкыздар" окутуу долбооруна 270 кыз катышты Анын айтымында, "Techкыздар" долбоору Кыргызстандагы аялуу топтогу үй-бүлөнүн кыздарына багытталган."Techкыздар" бул жаратман жаштар долбоорунун бир компоненти. Долбоорго 11 айыл аймактагы 13 жаштан 19 жашка чейинки 270 кыз катышты. Бул кыздардын 70 пайызы аялуу топтон тандалып алынган. Алсак, толук эмес үй-бүлөнүн, мигранттардын балдары, жетим, жарым жетим кыздар катышты. Долбоор беш айга созулуп, үч ай мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, SMM, графикалык дизайнер, видеомонтаж сыяктуу санариптик көндүмдөр үйрөтүлдү. Долбоордун катышуучулары беш адамдан турган топко бөлүнүп, тапшырма боюнча ар бири коомго керектүү маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгышты. Андан соң эл аралык Technovation Girls Challenge таймашына 270 кыздын 170и катышып, бир команда жарым финалга чыкты. Бул иш-чара Америкада өтмөк. Бирок пандемиядан улам онлайн катышмай болушту. Конкурстун жыйынтыгында команда орун ала турган болсо, демоверсия тиркемесин ишке ашырууга каржылык колдоо алышат. Ал эми ушул эле сынак Кыргызстанда да өтүп, анда биздин эки команда номинацияга ээ болду", — деди Сатылганова. Куратор долбоорго катышкан кыздар бүтүрүүчү класстын окуучулары болгондуктан, алар менен психологдор иштеп, профориентация боюнча тесттен өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эми ал өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча КР аскер прокурорунун жардамчысы өтүнүч келтирип, сот аны 6-июль күнү жактырган."Шектүү Тимур Файзиевге карата камакка алуу чарасы каралган болчу. Эми ал сотко чейинки жана сот өндүрүштөрү аяктагыча өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди", — деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда Башкы прокуратурадан, буга чейин айрым ЖМКлар жазып чыккандай, Файзиевге карата кылмыш иши токтотулбаганын билдиришти. © Sputnik / Кирилл Каллиников УКМК жетекчилигинин "жакындары" Бишкек тургунун 65 миң долларга алдап кетти"Кылмыш иши токтогон жок, аны УКМК иликтеп жатат", — дешти көзөмөл органынан. 28-май күнү Аскер прокуратурасы Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкектин аймагынан жер алууда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Мындан тышкары, курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн деп дагы айыпталып жатат. Биринчи май райондук соту Файзиевдин сыртынан бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертти. Анда айтылгандай, ушул жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин турак үйлөр, батирлер (ишкердик максатта колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Жаңы тариф боюнча электр кубаты менен жылуулуктун төлөмү канчага көбөйөт Жарандар салык органына барбай эле төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Акчаны каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот. Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер — электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот. Салык кызматы бул боюнча толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун билдирди.
Sputnik_kg
Ат-Башыда логистикалык борборду куруу боюнча долбоор элге ачыкталып, маалыматтык өнөктүк сапаттуу жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Мамбеткадыров: Ат-Башыга логистикалык борбор куруу долбоору ачыкталышы керек Анын айтымында, Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу саясий жана экономикалык жагынан каралышы керек."Ат-Башы районунда логистикалык борбор курулса, Нарын облусуна экономикалык жактан пайда болмок. Жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, кандайдыр бир локомотив болот деген үмүт бар эле. Бирок буга чейинки бийлик жетиштүү деңгээлде маалыматтык өнөктүк жүргүзгөн эмес. Ал тургай жергиликтүү бийлик, ошол борборду кура турган инвестициялык топтун чоңу дагы толук маалымат бере албады. Мындан улам жергиликтүү калк каршы чыгып, долбоор токтотулган. Ошондуктан бул жолу долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук бекем сакталышы керек. Эмне курулат, ким курат, кандай иш жүргүзүлөт деген суроолорго так жооптор берилиши зарыл. Кадимки үгүт өнөктүгү жүргүзүлүп келгендей маалыматтык кампания жасалышы шарт. Жергиликтүү калктын ар бирине түшүнүктүү болгудай аракеттер көрүлүшү керек. Мындан тышкары, келишим юристтер тарабынан талданып, дыкат иш жүргүзүлүшү абзел. Кийин Кумтөрдөй болуп соттошуу иштерине чейин жетпегендей болуусу зарыл", — деди Мамбеткадыров. Серепчи логистикалык борборду Ат-Башы районунун борборуна куруу пайдалуу боло турганын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев пандемия маалында жана ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлар кандай тамактанышы керектигин брифинг учурунда айтып берди. Кардиолог жашылча-жемиш көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калганын белгилеп, күнүнө кеминде 400 граммдан ашык жашылча-жемиш жеп туруу зарыл экенин айтты."Майлуу, куурулган, оор тамактарды аз жеп, кофенин көлөмүн да кыскартуу керек. Күнүнө 1-2 чөйчөк жетиштүү. Ысыкта суюктук ичүү зарыл, бирок жүрөк-кан тамыр оорусу барларга аны күнүнө 2-2,2 литрден ашырууга болбойт. Тамактын тузун кемирээк кылып жегенге көнүп, ысыкта муздатылган тамактарды ичкенге аракет кылыш керек", — деди Сарыбаев. Медик жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандар коронавирустан эки эсе сактанып, санитардык нормаларды кылдаттык менен аткарышы керектигин эскертти. Ошондой эле дем алуу жана дене тарбия машыгууларын жасап туруу зарылдыгына токтолду."Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар жөө басып, сууга сүзүп, велосипед тээп машыкса болот. Бирок ошол машыгуу учурунда көңүл бөлчү нерселер бар. Биринчиден, машыгууда пульс нормадан 30 пайызга ашпаш керек. Маселен, машыкканга чейин пульс 80ди көрсөтсө, машыгып жатканда 110дон ашып кетсе дароо токтотуу зарыл. Сатурацияны да карап турган оң. Эгер 91ден ылдый түшүп кетсе, токтотуп дарыгер менен кеңешүүнү сунуштайм. Үчүнчүдөн, кан басым. Машыгуу учурунда кан басым 170-110дон көтөрүлүп же түшүп кетсе, анда машыгууну коё турган жакшы", — деди Сарыбаев. Дарыгер кокус жүрөк-кан тамыр оорусу бар адам коронавирус жуктуруп алса, мурда ичип жүргөн дарыларын таштабай иче бериши керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев пандемия маалында жана ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлар кандай тамактанышы керектигин брифинг учурунда айтып берди. Кардиолог жашылча-жемиш көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калганын белгилеп, күнүнө кеминде 400 граммдан ашык жашылча-жемиш жеп туруу зарыл экенин айтты."Майлуу, куурулган, оор тамактарды аз жеп, кофенин көлөмүн да кыскартуу керек. Күнүнө 1-2 чөйчөк жетиштүү. Ысыкта суюктук ичүү зарыл, бирок жүрөк-кан тамыр оорусу барларга аны күнүнө 2-2,2 литрден ашырууга болбойт. Тамактын тузун кемирээк кылып жегенге көнүп, ысыкта муздатылган тамактарды ичкенге аракет кылыш керек", — деди Сарыбаев. Медик жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандар коронавирустан эки эсе сактанып, санитардык нормаларды кылдаттык менен аткарышы керектигин эскертти. Ошондой эле дем алуу жана дене тарбия машыгууларын жасап туруу зарылдыгына токтолду. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат"Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар жөө басып, сууга сүзүп, велосипед тээп машыкса болот. Бирок ошол машыгуу учурунда көңүл бөлчү нерселер бар. Биринчиден, машыгууда пульс нормадан 30 пайызга ашпаш керек. Маселен, машыкканга чейин пульс 80ди көрсөтсө, машыгып жатканда 110дон ашып кетсе дароо токтотуу зарыл. Сатурацияны да карап турган оң. Эгер 91ден ылдый түшүп кетсе, токтотуп дарыгер менен кеңешүүнү сунуштайм. Үчүнчүдөн, кан басым. Машыгуу учурунда кан басым 170-110дон көтөрүлүп же түшүп кетсе, анда машыгууну коё турган жакшы", — деди Сарыбаев. Дарыгер кокус жүрөк-кан тамыр оорусу бар адам коронавирус жуктуруп алса, мурда ичип жүргөн дарыларын таштабай иче бериши керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Салыктык жана социалдык фонддун төгүмдөрү боюнча карызы бар ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушталды. Аталган демилге бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды. © Sputnik / Зульфия Тургунова Баткен жаңжалында жабыркаган ишкерлерди салыктан бошотуу пландалууда Белгилей кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу эгер ишкерлер салыктык жана социалдык фонддун төгүмдөрүнүн негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө туум жана айып пулдан толугу менен бошотуу мыйзамы кабыл алынган. Ал эми декабрга чейин төлөсө 50 пайыздык жеңилдик берилет. 2020-жылдын 1-июлуна чейинки социалдык фондго болгон бардык карызына, ал эми салык боюнча алты жылдык карызына жогорудагыдай жеңилдик берүү каралган. Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев пандемия шартынан улам жеңилдик берүү мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу сунушталганын билдирди.
Sputnik_kg
Сепилге 5 тоннага чукул кум керектелген. Сүрөт тартып, кызыктуу элестерди түшүрүш үчүн Даниядагы мыкты деген 30 скульптор иштеген."Сепилден биздин жашоонун тарыхын чагылдырган эпизоддорду байкай аласыздар. Алардын арасында коронавирусту да көрсөттүк. Фрескада аталган илдет менен кантип күрөшүп жатканыбызды да чагылдырдык. Мунараны жакшылап карасаңыздар COVID-19дун элесин да табууга болот. Муну менен коронавирустун биздин планетага кандай таасир тийгизгенин айтып бердик", — деген долбоордун жетекчиси Жон Андерсен. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от FAR TIL FIRE PIGER & LILLEBROR (@fartilfirepiger) Сепил көпкө кармалып турсун деген максатта 20 метрлик курулуштун сыртына атайын клей сыйпап чыгышкан. Кумдан ар кыл сепилдерди, ири фигураларды жасоо Даниянын улуттук салтына да кирет десек болот. Эске салсак, мурдагы рекорд Германияда төрт жыл мурда коюлган эле.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жарым жыл ичинде Кыргызстанда финансылык пирамида түзүү боюнча 906 факты катталды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Кайсы облуста канча учур катталды: Ысык-Көл облусу — 886; Ош облусу — 16; Талас облусу — 3; Баткен облусу — 1. Жарандар тарткан материалдык чыгымдын суммасы 34 миллион 731 миң сомго жетти. ИИМден билдиришкендей, финансылык пирамида системасы менен иштеген төмөнкү уюмдарга карата иликтөө иштери жүрүп жатат:"Улан-Амал";"Балыкчы-Ынтымак";"Ырыскы";"Ак куу";"Ак тилек";"Жүрөккө-жүрөк";"Жүрөккө-жүрөк Тоң";"Кут";"Нью-Миллениум";"Манийклуб";"Эл биримдиги". Буга чейин милиция финансылык пирамиданы аныктоо жолдорун айтып берген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун Баткен облусуна ачууну сунуштады. Бүгүн парламентте аталган фондду түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Экономика жана финасы министринин орун басары Султан Ахматовдун айтымында, фонддун алгачкы капиталы 16 миллион, жалпы суммасы 50 миллион евро."Баткенди өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда Кыргыз-венгер фондун Баткенге ачууну сунуштадым эле. Ушуну ойлонуп көрдүңүздөрбү? Анткени чек аралаш жашагандар, ишкерликти өнүктүрөм дегендер үчүн ушул 16 миллион еврону берсе жакшы болмок. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бар, кыргыз-өзбек жана түрк фонддору ачылганы турат. Бирөөсүн Баткенге жайгаштырсак чек арадагы элге артыкчылык берген болот элек", — деди Акаев. Министрдин орун басары бул демилгени эске алып, фонддун кеңешине сунуштай турганын билдирди. Ошондой эле ал алгачкы капиталдагы 16 миллион евро 30-сентябрга чейин Улуттук банктын эсебине түшөрүн, андан кийин ишин баштай турганын белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жарым жыл ичинде Кыргызстанда финансылык пирамида түзүү боюнча 906 факты катталды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Кайсы облуста канча учур катталды: Ысык-Көл облусу — 886; Ош облусу — 16; Талас облусу — 3; Баткен облусу — 1. Жарандар тарткан материалдык чыгымдын суммасы 34 миллион 731 миң сомго жетти. ИИМден билдиришкендей, финансылык пирамида системасы менен иштеген бир нече уюмга карата иликтөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин милиция финансылык пирамиданы аныктоо жолдорун айтып берген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik."Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Ташкент — Тамчы — Ташкент маршруттук каттамын тосуп алды. Бул жайкы туристтик мезгилдин алгачкы каттамы экенин "Манас" эл аралык аэропорту" билдирди. Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл облусуна Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, 40 жүргүнчүнү жеткирди. Авиакомпания каттамды жумасына бир жолу, тагыраагы, жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.
Sputnik_kg
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бул тармакты тескеген министрликтин жетекчилигинде туруктуулук болуш керек. Бул тууралуу Карыпбек Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Радио Асанов: айыл чарба көйгөйүн чечүү үчүн жетекчиликте туруктуулук болушу абзел Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн дан эгиндерин өстүрүүгө артыкчылык берилиши зарыл."Азык-түлүк коопсуздугуна анча маани берилбей келген. Соңку убакта буга приоритет берилип, көңүл бурулууда. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо нандын орду жогору. Андыктан дан эгиндерин эгүүгө басым жасалышы шарт. Кыргызстанга болгону 750 миң тонна буудай жетиштүү. Ал үчүн 200 миң гектар сугат аянт керек. Өлкөдө 350 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилгени менен түшүмдүүлүгү начар. Союз учурунда гектарынан 40-60 центнерден түшүм алынчу. Азыр эптеп эле буудайды үрөн деп дотациялашууда. Айыл чарба тармагында көйгөйлөрдү чечүү үчүн кеминде төрт-беш жыл талап кылынат. Ошондуктан аталган тармакты башкарган жетекчиликте туруктуулук болушу абзел. Бат-баттан министр алмаша берсе натыйжа көрсөтүү кыйын. Учурдагы министрликтин жетекчилиги бул көйгөйлөрдү колго алып жатканы колдоого татырлык. Айыл чарбасында эң негизгиси үрөн болсо, ал эми мал чарбачылыгында асыл тукум болуп эсептелет. Ошондуктан аталган тармакты иретке келтирүү аракети көрүлүп жатканы жакшы", — деди Асанов. Ошондой эле ал мамлекеттик запастагы жерди министрликтин карамагына өткөрүү зарылдыгы эбак жетилгенин кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз жакшы болгондуктан туристтерди тартууда бир топ мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мындай пикирин Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Матмуратов: Европа өлкөлөрүнө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн Анын айтымында, Европага аба каттамдарын ачуу убактысы азырынча тактала элек."Негизи туризмдин өнүгүшү үчүн авиацияга көңул буруу зарыл. Туристтерди тартууда негизги шарттар каралса абалыбыз жакшырат. Мисалы, транзиттик рейстерди ачууну карап чыксак болот. Бизге эң көп Москва, Стамбул жана Дубай шаарларынан учактар түз каттайт. Бирок бул жаатта да атаандаштык курч болгондуктан эл аралык каттамдардын санын көбөйтүү абзел. Алсак, Түштүк Кореяга түз каттам ачылса Азия өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны көбөйөт. Учурда Сеулга түз рейс жок. Алар менен учурда бардык тармак боюнча кызматташуу жүрүүдө. Демек, алаканы жакшыртып, мүмкүнчүлүктү колдонуу керек. Ошол эле учурда Европага да каттамдарды ачуу боюнча иштер каралууда. Биздин көп студенттер ал континентте билим алууда", — деди Матмуратов. Ошондой эле адис өлкөдөгү туризмдин өнүгүшү үчүн авиация индустриясына чоң көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн, 7-июлдан тарта, Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордо нур тездеткич аппараттар ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Анын ишке киришине арналган салтанатка министр Алымкадыр Бейшеналиев менен аталган борбордун кызматкерлери катышты. Наркы кымбат бул медициналык жабдууларды "Кумтөр Голд Компани" бөлгөн каражатка сатып алышкан. Жети миллион долларга нур тездеткич эки-комплекс, томография жасай турган компьютер жана дагы башка зарыл аппараттар алынган."Бул мамлекеттин эң көп суммада биринчи ирет сатып алган медициналык жабдуусу болду. Биздин максат — Кыргызстандын элине онкологиялык оорулардан дарылоонун сапатын көтөрүү жана жеткиликтүү кылуу. Бул дартты жана анын кесепетинен болгон өлүмдү азайтуу. Нур тездеткичтердин жардамы менен онкологиялык бейтаптарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты жакшырат", — деген министр Бейшеналиев. Өлкөдөгү жаман кеселден жапа чеккендерге нур тездеткич — бардык ткань жана органдарда пайда болгон арты кайырсыз шишиктерди дарылоодо колдонулчу радио-нур аппаратынын зарылдыгы бар. Жабдуу шишикке жогорку кубаттуулуктагы рентген нурларын жеткирүүнү камсыздайт, мында нур шишикти гана жабыркатып, айланасындагы таза ткандарга зыян тийгизбейт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарындагы массалык мушташтын чоо-жайы тууралуу жана мекендештерге кандай юридикалык жардам берилип жаткандыгы боюнча маалымат берди. Эске салсак, Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигрант ортосунда массалык мушташ болгонун көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ болгон. Элчиликтен билдиришкендей, 10-июлда кыргызстандык балдардын бычактан жаракат алып тез жардам унаасында ооруканага кетип бара жаткан фото жана видео тараган."Бул окуя бильярд клубунда болуп, белгисиз адамдар Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кетишкен. Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Чыр-чатактын катышуучулары окуяны түшүндүрүп берүү үчүн элчиликке чакырылган", — деп айтылат билдирүүдө. Ар кандай башаламандыкты болтурбоо максатында жабырлануучулар кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоо, тынчтыкты сактоо жана Россиянын мыйзамдарын сактоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Бирок буга чейин таркатылган фото жана видеолор боюнча социалдык тармактарда такталбаган маалыматтар жайылтылып, талкуулар боло баштаган."Андан ары социалдык тармактарда белгисиз топтор жарандарды Москвадагы "Кузьминки" метросунун аймагына чогулуп, кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда улуттар аралык жаңжал чыгарууга үндөй баштаган", — деп жазылат билдирүүдө. © Sputnik / Анна Соловьева Москвада мушташкан мигранттарды депортациядан тышкары дагы кандай жаза күтөт Мигранттар арасындагы кагылышууну болтурбоо максатында полицияга кабар берилген. Бирок буга карабастан, түн ортосунда агрессивдүү маанайдагы мигранттардын ортосунда көрсөтүлгөн жерде катуу кагылышуу болгон. Ага жалпысынан 180дей адам катышкан. Укук коргоо органдары тарабынан 103 адам кармалган, анын ичинен 72си Кыргызстандын жараны. Бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу жарандарга укуктук жана башка жактан колдоо көрсөтүү үчүн полиция бөлүмүнө барды. Ошондой эле Россиянын аймагында чыр-чатактардын алдын алуу максатында элчилик тарабынан такталбаган маалыматтарды таратпоо жөнүндө жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явыз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн чиновник менен элчинин жолугушуусу кечээ, 6-июлда, болгон. Анда элчи түрк бийлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кайда экенин, аны менен консулдук кызматкердин жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү боюнча кыргыз тарап жиберген нота тууралуу маалымдады. Өз кезегинде министрдин орун басары кыргыз тараптын өтүнүчү Юстиция министрлигине жиберилерин билдирди. Ал ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, жеке өзү анын кайсы жакта экенинен кабары жоктугун айткан."Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги апта башында жазып чыккан. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп айткан. Ал арада президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кыларын билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik."Чыгыш электр" жана "Ош электр" компаниялары үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро алынат. Аталган каражаттын 8 миллион евросу кредит, 3 миллиону гранттык негизде берилет. Бул боюнча келишим 2017-2018-жылдары түзүлүп ратификациядан өткөн. Бүгүн Жогорку Кеңешке аталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизип, гранттык акчаны акыркы керектөөчүгө чейин акысыз негизде берүү сунушталды. Улуттук энергетикалык холдингдин башкы директору Асхат Бердиев бул грантка 82 миң электрондук эсептегич, прибор жана узундугу 700 чакырым электр тогун өткөрүүчү зым сатып алуу пландалганын билдирди."Бул эсептегичтер жөнөкөй калкка бекер, коммерциялык тармактарга акы төлөтүп орнотулат. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын талабы менен азыр гранттык макулдашууга өзгөртүү киргизип жатабыз. Негизинен "Ош электрге" 4 миллион кредит, 1 миллион евро грант, "Чыгыш электрге" 4 миллион кредит, 2 миллион евро грант берилет. Аталган кредиттерди Экономика жана финансы министрлиги 1 пайыздык коюм менен алып, энергетикалык компанияларга 1,25 пайыз менен рекредитациялайт. Ал эми гранттык каражат акыркы керектөөчүгө чейин акысыз жеткирилет", — деди Бердиев. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга 200 млн. доллар кредит алып жатат Ал эми Улуттук энергохолдингдин Корпоративдик иш алып баруу жана укуктук камсыздоо департаментинин директору Тилек Айталиев энергетика тармагына алынган жалпы кредиттердин суммасы азыркы валюта курсу менен 130 миллиард сомго жеткенин билдирди. Атап айтканда, "Электр станциялары" 58 миллиард, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы 66 миллиард сом карыз. Айталиев каражаттын басымдуу бөлүгү ушул эки компанияга берилгенин белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ош шаарында добуш сатып алууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, бүгүн саат 11:37де добуш сатып алуу фактысы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Анын негизинде Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үй текшерүүгө алынып, үйдөн 61 жаштагы Р.Ш., 61 жаштагы Л.Б. жана 41 жаштагы И.Х. кармалган. 41 жаштагы шектүүдөн 115 миң сом жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош БШК төрайымы Ошко барып эреже бузуу боюнча шаар бийлигине эскертүү берди Шектүүлөр тергөө кызматына алып келингенден кийин шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин тарапташы экени аныкталган. Учурда факты боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен сотко чейинки өндүрүш башталган. БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон. Кайра шайлоо 11-июлда өтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явыз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн чиновник менен элчинин жолугушуусу кечээ, 6-июлда, болгон. Анда элчи түрк бийлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кайда экенин, аны менен консулдук кызматкердин жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү боюнча кыргыз тарап жиберген нота тууралуу маалымдады. © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека ИИМ: Орхан Инандынын кантип уурдалганын иликтей баштадык Өз кезегинде министрдин орун басары кыргыз тараптын өтүнүчү Юстиция министрлигине жиберилерин билдирди. Ал ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, жеке өзү анын кайсы жакта экенинен кабары жоктугун айткан."Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги апта башында жазып чыккан. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп айткан. Ал арада президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кыларын билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орхан Инанды кандай жагдайда, кантип уурдалып кеткендигин аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты."Учурда Орхан Инандынын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна себеп болгон жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө", — деп айтылган таратылган маалыматта. ИИМ Орхан Инандыны издөө боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чараларынын хронологиясын жарыялады. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен жоголгон адамды Кыргызстандын көп аймактарынан издешкен."Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда, айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлгөн. Аны ички иштер органдарынын миңден ашык кызматкерлери издеген. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган. Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш толугу менен ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон", — деп билдиришти ИИМден. 5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган бир ай мурда дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды атайын жасалган ийгиликтүү операциянын негизинде Түркияга жеткирилгендигин айткан. Бул боюнча Кыргызстан ТИМи Түркия элчиси Ахмет Садык Доганга нааразылык нотасын тапшырган. Орхан Инандынын жоголушу © Sputnik / Алексей Мальгавко Орхан Инанды жоголгонго чейин тартылган кадрлар жарыяланды"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген. Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Тышкы коркунуч жана сырттан келген чалгынчылардын иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков билдирди. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат."6-июлда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан чыгарылып кеткени туурасында маалымат тарап, ар кандай ой-пикирлер жаралган. Бул жерде маанилүү нерсени белгилеп кетейин, мыйзамга ылайык, өлкө ичиндеги жалпы коомдук-коопсуздук ички иштер органдарына жүктөлгөн. Эл эми сырттан келген коркунучтарга жана чалгындоо иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт", — деди Ниязбеков. Ошондой эле ал тергөө учурунда Инанды чек ара аймагынан өтпөгөндүгү боюнча кагаз жүзүндө расмий тастыктамалар алынгандыгын белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явыз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн чиновник менен элчинин жолугушуусу кечээ, 6-июлда, болгон. Анда элчи түрк бийлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кайда экенин, аны менен консулдук кызматкердин жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү боюнча кыргыз тарап жиберген нота тууралуу маалымдады. © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека ИИМ: Орхан Инандынын кантип уурдалганын иликтей баштадык Өз кезегинде министрдин орун басары кыргыз тараптын өтүнүчү Юстиция министрлигине жиберилерин билдирди. Ал ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, жеке өзү анын кайсы жакта экенинен кабары жоктугун айткан."Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги апта башында жазып чыккан. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп айткан. Ал арада президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кыларын билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын бир жараны менен алмашууну сунуштады. Эл өкүлү Инандыны кайтарып келүү канчалык реалдуу экенин сурады. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев түрк элчиси аны Түркиянын жараны катары кабылдап жатканын, бирок расмий түрдө жооп бере электигин билдирди."Кыргызстанда кылмыш кылып абакта отурган Түркиянын жарандары менен Орхан Инандыны алмашуу маселесин көтөрүш керек. Башка вариант жок да, туурабы? Болбосо кинолордон көргөндөй биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Менин жеке пикиримде ал кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз керек", — деди Маматалиев. Ал эми ички иштер министри Уланбек Ниязбеков учурда Түркиянын 10дон ашуун жараны Кыргызстандын абактарында отурганын айтып, "алар менен алмашса болот" деген пикирин билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев"Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын бир жараны менен алмашууну сунуштады. Эл өкүлү Инандыны кайтарып келүү канчалык реалдуу экенин сурады. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев түрк элчиси аны Түркиянын жараны катары кабылдап жатканын, бирок расмий түрдө жооп бере электигин билдирди."Кыргызстанда кылмыш кылып абакта отурган Түркиянын жарандары менен Орхан Инандыны алмашуу маселесин көтөрүш керек. Башка вариант жок да, туурабы? Болбосо кинолордон көргөндөй биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Менин жеке пикиримде ал кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз керек", — деди Маматалиев. Ал эми ички иштер министри Уланбек Ниязбеков учурда Түркиянын 10дон ашуун жараны Кыргызстандын абактарында отурганын айтып, "алар менен алмашса болот" деген пикирин билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 1-июндан, Орхан Инанды жоголгон күндөн тарта эле анын сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Бул тууралуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев парламентте билдирди. Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине Шаршеевди күнөөлөдү."Кыргызстандын жараны чек арадан чыгарылып кетти. Сиз күнөөлүүсүз да. 1-июнда бөгөт койгон экенсиздер, бирок иш жүзүндө чыгып кетип жатпайбы...", — деди Нурбаев. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Министр Ниязбеков: тышкы чалгынчыларга бөгөт коюу ИИМдин милдетине кирбейт Чек ара кызматынын төрагасы бул иш боюнча Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын айтты. Ал эми Нурбаев "бул калпыстык үчүн кечирим сурап, иштен кете аласызбы?" деп сурады. Ага Шаршеев эгер буйрук берилсе кетүүгө даяр экенин айтты. Андан соң депутат буйрук берилишин күтпөй өзү арыз жазып кетишин сунуштады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев"Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын бир жараны менен алмашууну сунуштады. Эл өкүлү Инандыны кайтарып келүү канчалык реалдуу экенин сурады. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев түрк элчиси аны Түркиянын жараны катары кабылдап жатканын, бирок расмий түрдө жооп бере электигин билдирди."Кыргызстанда кылмыш кылып абакта отурган Түркиянын жарандары менен Орхан Инандыны алмашуу маселесин көтөрүш керек. Башка вариант жок да, туурабы? Болбосо кинолордон көргөндөй биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Менин жеке пикиримде, ал кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз керек", — деди Маматалиев. Ал эми ички иштер министри Уланбек Ниязбеков учурда Түркиянын 10дон ашуун жараны Кыргызстандын абактарында отурганын айтып, "алар менен алмашса болот" деген пикирин билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россия Афганистандагы кырдаалга байланыштуу өнөктөш мамлекетти коргоо үчүн Тажикстандагы 201-аскердик базасынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кол кабыш кылууга даяр. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды. Министр бул тууралуу Лаостогу сапарында айтты."Биз өнөктөштөрүбүзгө каршы агрессияга жол бербөө үчүн колдон келген аракеттерди кылабыз. Анын ичинде Тажикстандын чек арасындагы аскердик базанын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга даярбыз", — деди Лавров. Анын айтымында, президент Владимир Путин Тажикстан жана Өзбекстандын жетекчилери менен кырдаал тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен да пикир алышууда. Лавров белгилегендей, Россия Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында өз милдеттерин аткарат. Ал эми уюмдун катчылыгынын мүчөлөрү чек ара аймагында болуп келишти."Москва Афганистандагы абалга көз салып, кырдаал курчуп бара жатканын түшүнүп турат. Буга АКШ жана НАТО аскерлеринин шашылыш түрдө чыгарылышы дагы бир жагынан себеп болууда", — деди Лавров. Ал ортодо Тажикстандагы Россия аскерлери С-300 ракеталык комплекстеринин даярдыктарын текшерип көргөнү айтылат. © AFP 2021 / NOORULLAH SHIRZADA АКШ Афганистан боюнча тажик жана өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Эске салсак, АКШ Афганистандагы аскердик күчүнүн 90 пайызын чыгарып кеткен. Ошол эле учурда Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда. БУУнун маалыматына караганда, алар 370 райондун 50сүн ээлеп алышкан. Тажикстан менен чек аранын 70 пайызын ээлеп турганын да айтылууда. Ал ортодо Афганистандагы саясий абалды жөнгө салуу боюнча Катар мамлекетинде өтүп жаткан эки тараптын ортосундагы сүйлөшүлөр токтоп калды. 18 жылга созулган согуштан кийин 2020-жылы Доха шаарында кол коюлган келишимге ылайык өлкөдөн чет элдик аскерлер чыгарылып, туткундагыларды алмашууга шарт түзмөк.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik."Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кеткен. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков парламентте билдирди. Анын айтымында, Инанды буга чейин УКМКга чакыртылып, аны уурдоо аракети болуп жатканы тууралуу эскертилген."Ал өзүнүн жан сакчыларын көбөйткөн. Биз тараптан кеп-кеңештер айтылып, жанына үч-төрт жан сакчы алып жүргөн. Ал эми уурдалган күнү жан сакчылары бир жакка суранып кеткен", — деди Мамасадыков. Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явыз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн чиновник менен элчинин жолугушуусу кечээ, 6-июлда, болгон. Анда элчи түрк бийлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кайда экенин, аны менен консулдук кызматкердин жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү боюнча кыргыз тарап жиберген нота тууралуу маалымдады. © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека ИИМ: Орхан Инандынын кантип уурдалганын иликтей баштадык Өз кезегинде министрдин орун басары кыргыз тараптын өтүнүчү Юстиция министрлигине жиберилерин билдирди. Ал ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин белгилеп, жеке өзү анын кайсы жакта экенинен кабары жоктугун айткан."Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги апта башында жазып чыккан. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп айткан. Ал арада президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кыларын билдирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 1-июндан, Орхан Инанды жоголгон күндөн тарта эле анын сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Бул тууралуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев парламентте билдирди. Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине Шаршеевди күнөөлөдү."Кыргызстандын жараны чек арадан чыгарылып кетти. Сиз күнөөлүүсүз да. 1-июнда бөгөт койгон экенсиздер, бирок иш жүзүндө чыгып кетип жатпайбы...", — деди Нурбаев. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Министр Ниязбеков: тышкы чалгынчыларга бөгөт коюу ИИМдин милдетине кирбейт Чек ара кызматынын төрагасы бул иш боюнча Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын айтты. “1-июнда эле Орхан Инандыны сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга, кезметтерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Ал кантип чыгып кеткени тууралуу иликтөө иши жүрүп атат. Жыйынтыгы менен белгилүү болот”, — деди Шаршеев. Ал эми Нурбаев "бул калпыстык үчүн кечирим сурап, иштен кете аласызбы?" деп сурады. Ага Шаршеев эгер буйрук берилсе кетүүгө даяр экенин айтты. Андан соң депутат буйрук берилишин күтпөй өзү арыз жазып кетишин сунуштады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги I жана II топтогу майыптарды өлкөнүн жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы босого баллды төмөндөттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. © Sputnik / Виктор Чернов Москвадагы Щепкин атындагы окуу жай 25 актёрду окутуп берүүгө даяр Мындай жеңилдик медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден башкасына каралган. Бул кадам Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын, Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын жана программасынын ченемдерин ишке ашыруу, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында жасалган."Ошентип гранттык орундарга босого балл негизги тест боюнча 100 балл, акы төлөп окутуунун бардык формаларына босого балл негизги тест боюнча 95 деп белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин босого балл бюджеттик бөлүмдө 110, контракт менен билим алгандар үчүн 105 болчу. Белгилей кетсек, азыркы билим берүү системасы инсандын жекече билим алуу муктаждыктарына дал келүүсүнө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутууга бирдей шарттарды камтыган инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанды теңине албастыгын дүйнөгө жар салды деп сыпаттады. Эл өкүлү кыргыз бийлиги Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча Түркиянын жетекчилиги менен макулдашып алышы мүмкүн деген божомолун айтты."Өкмөттүн өкүлүнө жана башкасына бир нерсе айтып кетким келет. Мүмкүн Эрдоган менен сүйлөшөбүз деп берген болсо, ал биздин жетекчиликти "кидать" этти. Дүйнөгө жар салып бизди уят кылды, эгемендүүлүккө шек келтирди. "Кыргызстан бизге эмне болуп калыптыр" деп дүйнөгө мактанды. Ушуну эске алгыла", — деди Нурбаев. Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алып, анын капитаны Атабек Азисбековго мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Желек салт боюнча ири мелдешке аттанган команданын капитанына өлкө башчысы тарабынан тапшырылышы керек. Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын жан сакчысынан коронавирус аныкталгандыктан президент Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Буга байланыштуу ал иш-чарага катыша алган эмес."Сиздер катуу атаандаштык менен күрөшөсүздөр. Бирок анын баарын басып өтүп, ийгиликтүү кайтасыздар деп ишенем. Биздин команданын Токиодогу Олимпиада оюндарына катышышы өлкөгө сыймык алып келет. Жаштарды патриоттуулукка тарбиялайт. Өлкө боюнча сиздерди чын жүрөктөн колдоп, сүрөп, трибунадан Кыргызстандын гимни жаңырышын күтөбүз", — деди Марипов. Ошондой эле ал Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин белгиледи. Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Ал эми биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет. © Фото / Национальный олимпийский комитет Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденин алды. Сүрөт Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Дагы бир спортчу Паралимпиадага лицензия уткан. Тагыраагы, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов, ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров Токидо намыс талашмакчы. Ошондой эле Параолимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган. Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.
Sputnik_kg