text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алып, анын капитаны Атабек Азисбековго мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Желек салт боюнча ири мелдешке аттанган команданын капитанына өлкө башчысы тарабынан тапшырылышы керек. Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын жан сакчысынан коронавирус аныкталгандыктан президент Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Буга байланыштуу ал иш-чарага катыша алган эмес."Сиздер катуу атаандаштык менен күрөшөсүздөр. Бирок анын баарын басып өтүп, ийгиликтүү кайтасыздар деп ишенем. Биздин команданын Токиодогу Олимпиада оюндарына катышышы өлкөгө сыймык алып келет. Жаштарды патриоттуулукка тарбиялайт. Өлкө боюнча сиздерди чын жүрөктөн колдоп, сүрөп, трибунадан Кыргызстандын гимни жаңырышын күтөбүз", — деди Марипов. Ошондой эле ал Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин белгиледи. Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Ал эми биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет. © Фото / Национальный олимпийский комитет Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденин алды. Сүрөт Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Дагы бир спортчу Паралимпиадага лицензия уткан. Тагыраагы, балбандар: Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр: Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов, ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров Токидо намыс талашмакчы. Ошондой эле Паралимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган. Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Маалыматты салтанатка катышкан Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Sputnik Кыргызстанга тастыктады. Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев 1 / 4 © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Анын айтымында, кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым."Форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Бир кишиге даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Мунун баары Улуттук олимпиадалык комитеттин эсебинен жасалды", — деген ал. Социалдык тармактарга кыргызстандык спортчулардын параддык формасы жарыяланып, колдонуучулар баракчаларында бөлүшүп жатышат. Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. © Фото / пресс-служба НОК КР Кыргызстандык спортчулардын параддык формасы Тагыраагы, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Паралимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган. © Фото / пресс-служба НОК КР Кыргызстандык спортчулардын параддык формасы Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда өтөт. Промоушен мелдештин анонсун өзүнүн Facebook баракчасына чыгарды. Анда UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, лиганын негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов мелдештин атайын коногу катары келери айтылат. © AP Photo / John Locher ММА тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтинги жарыяланды Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. 3-августка белгиленген мелдештин башкы беттешинде лиганын жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен кез келет. EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон. Уюмдун 38-мелдешинде кыргызстандык атактуу мушкерлердин бири Данияр Бабакулов 27 айлык тыныгуудан кийин кайрадан октагонго чыгат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата "Дорога памяти" деп аталган интернет-долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Долбоорду Россиянын Коргоо министрлиги иштеп чыккан. Портал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери тууралуу маалыматтардын электрондук базасы болуп эсептелет."Коргоо министри Россияда "Патриот" паркында "Дорога памяти" аттуу галериясын ачат. Анда заманбап технологиянын жардамы менен согуш ардагерлеринин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта. Каалоочулар сайтына кирип согушка катышкан жакын адамдарынын сүрөтүн киргизип, аты-жөнүн жаза алат. Ал жакта сүрөттү кантип жүктөп, киргизүү тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата "Дорога памяти" деп аталган интернет-долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Долбоорду Россиянын Коргоо министрлиги иштеп чыккан. Портал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери тууралуу маалыматтардын электрондук базасы болуп эсептелет."Коргоо министри Россияда "Патриот" паркында "Дорога памяти" аттуу галереясын ачат. Анда заманбап технологиянын жардамы менен согуш ардагерлеринин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта. Каалоочулар сайтына кирип, согушка катышкан жакын адамдарынын сүрөтүн киргизип, аты-жөнүн жаза алат. Ал жакта сүрөттү кантип жүктөп, киргизүү тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22…+27, Нарын аймактарында +21…+26 градусту көрсөтөт. Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарларында +33…+35, Чолпон-Атада +21…+23 градусту көрсөтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 1-июндан, Орхан Инанды жоголгон күндөн тарта эле анын сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Бул тууралуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев парламентте билдирди. Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетишине Шаршеевди күнөөлөдү."Кыргызстандын жараны чек арадан чыгарылып кетти. Сиз күнөөлүүсүз да. 1-июнда бөгөт койгон экенсиздер, бирок иш жүзүндө чыгып кетип жатпайбы...", — деди Нурбаев. © Фото / пресс-служба МВД КР Министр Ниязбеков: тышкы чалгынчыларга бөгөт коюу ИИМдин милдетине кирбейт Чек ара кызматынын төрагасы бул иш боюнча Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын айтты. “1-июнда эле Орхан Инандыны сыртка чыгарылып кетишине бөгөт коюлуп, бардык чек араларга, кезметтерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Ал кантип чыгып кеткени тууралуу иликтөө иши жүрүп атат. Жыйынтыгы менен белгилүү болот”, — деди Шаршеев. Ал эми Нурбаев "бул калпыстык үчүн кечирим сурап, иштен кете аласызбы?" деп сурады. Ага Шаршеев эгер буйрук берилсе кетүүгө даяр экенин айтты. Андан соң депутат буйрук берилишин күтпөй өзү арыз жазып кетишин сунуштады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Маалыматты салтанатка катышкан Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Sputnik Кыргызстанга тастыктады. Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев 1 / 4 © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Анын айтымында, кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым."Форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Бир кишиге даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Мунун баары Улуттук олимпиадалык комитеттин эсебинен жасалды", — деген ал. Социалдык тармактарга кыргызстандык спортчулардын параддык формасы жарыяланып, колдонуучулар баракчаларында бөлүшүп жатышат. Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. © Фото / пресс-служба НОК КР Кыргызстандык спортчулардын параддык формасы Тагыраагы, балбандар: Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр: Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Паралимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган. © Фото / пресс-служба НОК КР Кыргызстандык спортчулардын параддык формасы Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ушул күздө Афганистандын Улуу жана Кичүү Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда Памирдеги кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы, гумжардам жеткирүү иштерин уюштуруу жана техникалык маселелери талкууланган. © Фото / пресс-служба Государственной службы миграции Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты Кеңешменин жыйынтыгы менен ушул жылдын күз мезгилинде гуманитардык экспедиция уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилгени айтылат. Мында азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарларды гана алып барбастан, Памирдеги кыргыздар медициналык кароодон өткөрүлөт. Ошондой эле экспедициянын программасында медициналык препараттарды да жеткирүү, айыл чарба ишмердүүлүгүн изилдөө, жашаган калктын санын аныктоо камтылган.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерге кайрылып, ДССУ, Роспотребнадзордун сайттарын карап эмдөө тууралуу пайдалуу жана керектүү суроолорго жооп издеди. Суроолордун айрымдарына Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова жооп берди. Вакцина кимдерге, кайсы учурда сайылбайт? Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө вакцинанын курамындагы кайсы бир компонентке аллергиясы барларга, дары-дармекке аллергия болгондорго, кош бойлууларга, бала эмизип жаткандарга жана 18 жашка чейинкилерге сунушталбайт. Мындан сырткары, гормоналдык дарылануудан өтүп жаткандар да дарыгердин уруксаты менен гана эмделиши керек. Алсак, рак илдетине кабылгандардын айрымдарына онколог гормоналдык дары-дармекти жазып берет. Бул учурда вакцина онкологдун уруксаты менен гана сайылат. Гемодиализ алып жаткандарга да эмдөө дарыгердин уруксаты менен гана жасалат. © Sputnik / Игорь Егоров Кыргызстанда убактылуу 868 эмдөө пункту ачылат Мындан сырткары, адамдын дене табы көтөрүлүп же сасык тумоонун кандайдыр бир белгиси байкалган учурда, коронавирус менен ооруган адам менен жакындан байланышта болгон адамга да убактылуу сайылбайт. Вакцина алар алдында медициналык жайдын кызматкери эмделчү адамдын дене табын, сатурациясын бир сыйра ченейт. Андан кийин атайын анкета толтуртат. Эгер вакцина алам деп кайрылган адамдын жооптору талапка дал келсе анда эмделет. Буга чейин Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасын бөрү жатыш, конъюнктивит менен жабыркагандар, ошондой эле кайсы бир илдет курчуп турган учурунда препаратты сайдырбай туруу керектигин айткан. Кош бойлуу мезгилде билбей вакцина алып алса эч нерсе болбойбу? Негизи албаш керек. Бирок кокустан сайдырып алса, анда гинекологго көрүнүп, УЗИ, доплер сыяктуу аппараттарга түшүп, дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Коронавируска каршы вакцина балалуу болууга терс таасирин тийгизбейби? Кыргызстандын адистери бул суроого так жооп беришкен жок, ал тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти. Роспотребнадзордун сайтында жазылгандай, Россияда өндүрүлгөн вакциналар тукумга кандай таасир этери боюнча бардык сыноодон өтүп, алгач жаныбарларга жасалып көргөн. Анда терс таасири байкалган эмес. Буга чейин россиялык вирусологдор "Спутник V" адамдын генине таасир тийгизбей турганын билдирип, анын курамындагы аденовирустар адамдын организминде көбөйө албасын белгилешкен. © Sputnik / Игорь Егоров Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө Вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин коронавирус жуктуруп алса эмне болот? © Sputnik / Евгений Одиноков Эмдөөдөн кийин антитело калыптанбаса эмне болот. Адистин пикири Ишенапысованын айтымында, адатта иммунитет вакцинанын экинчи дозасын алгандан бир жумадан кийин иштелип чыгат. Вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин коронавирус жуктуруп алган учурлар катталууда, бирок дарт жеңил формада өткөнү белгиленди. Инкубациялык мезгилде оору жуктуруп албаш үчүн вакцина алган адам көпчүлүк менен аралашуудан этиятташы керек. Башкалар сыяктуу бет кап тагынып, аралыкты сактаганы дурус. Анткени вакцина алган адамга коронавирус кайра жукпайт деген кепилдик жок. Болгону эмделген адам кокус оору жуктуруп алса, дартты жеңил көтөрөт. Вакцина алгандан кийин эмне кылбаш керек? Коронавируска вакцина алгандан кийин айрымдарда сасык тумоонуку сыяктуу белгилери байкалышы ыктымал. Алсак, денеси оорлошуп, ичи өтүп, башы ооруп, дене табы көтөрүлүп, булчуңдары ооруйт. Бирок бул процесс көпкө созулбайт. Коронавируска каршы вакцина алган адам үч күнгө чейин жуунбай коё турганы оң. Ошондой эле үч күнгө чейин спирт ичимдигин ичпей, денесине күч келтирбей, оор жумуштарды жасабай, оор көтөрбөй турушу керек. Вакцинаны каалаган жерде алса болобу? Ооба. Вакцина алуу үчүн жашаган жеринен документ суралбайт. Маселен, айылдан шаарга көп убакытка келип калгандар болсо вакцинаны Бишкектен алса болот. Мындан сырткары, ар бир аймакта эмдөө пунктулары ачылган. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Старт вакцинации против коронавируса в Кыргызстане Вакцина алуу үчүн кандай документ керек? Вакцина алууну каалагандардын жанында өздүгүн тастыктаган документ, паспорту болушу зарыл. Эгер паспорту жок болсо, жеке персоналдык номерин (ИНН) айтса болот. Вакцинаны кайдан алса болот? Бишкектеги даректер Ушу тапта Россиянын "Спутник V" вакцинасы мурдагыдай айрым бир топко гана эмес каалоочулардын баарына сайылууда. Шаардыктар "Спутник V" вакцинасын төмөнкү даректерден ала алышат: Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93; Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02; Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк борбору — 62 09 62; 0550 151 528; Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №8 үй-бүлөлүк борбору — 63 51 22, 0505 286 670; Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №2 үй-бүлөлүк борбору — 64 45 57, 0505 111 330. Мындан сырткары, Бишкектин аймагында жарандарга Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасы сайылууда. Даректери: Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун №14, 16 үй-бүлөлүк борбору; Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун № 4, 9 үй-бүлөлүк борбору; Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун № 15, 19 үй-бүлөлүк борбору; Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун № 12, 17 үй-бүлөлүк борбору; Курулушчулардын бейтапканасы; Калыс-Ордо конушундагы дарылоо амбулаториясы; Учкун, Бакай-Ата конуштарындагы дарылоо амбулаториясы; Кара-Жыгач конушундагы дарылоо амбулаториясы; Ак-Бата конушундагы дарылоо амбулаториясы; Ак-Босого конушундагы дарылоо амбулаториясы; Тунгуч кичи районундагы дарылоо амбулаториясы; Темир жол ооруканасынын бейтапканасы. Вакцинага байланыштуу суроолор боюнча 31-32-97, 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлерине кайрылууга болот. Белгилей кетсек, аптанын аягында өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасынын келиши күтүлүүдө.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik."Талибан" радикалдык кыймылы Афганистандын 398 районунун ичинен 162син каратып алгандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Акыркы аптада баш-аягы 162 район "Ислам эмиратынын" бийлигине өттү", — деп журналисттерге кабарлаган талибдердин Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухейль Шахин. Алардын маалыматына караганда, баарынан көп Бадахшан провинциясынан каратылып, саны 23кө жеткен. Алардын ичинде Тажикстан менен 910 чакырымдай жери чектешкен Вакхан району да бар. Афганистандын Коргоо министрлиги согуштук операциялар менен абадан жасалган соккудан улам ар кайсы аймактан радикалдык кыймылдын 261 мүчөсү өлүп, 200гө жакыны жаракат алгандыгын билдирди. © AFP 2021 / NOORULLAH SHIRZADA АКШ Афганистан боюнча тажик жана өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлеринин ортосунда согуш жүрүп жатат. Алар аталган республиканын ири шаарларына тап коюп, бир топ райондорун басып алышты. Афганистандагы туруксуздук АКШ администрациясынын союздаштары менен кошулуп, 11-сентябрга чейин афган жергесинен аскерлерин алып чыгып кетүүгө убада кылгандан бери күчөп жатат. 2020-жылы Вашингтон жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Доха шаарында Афганистандагы от күйгөн 18 жылдан бери биринчи ирет тынчтык келишимине кол койгон. Анда 14 айдын ичинде чет элдик аскерлерди алып чыгып кетүү жана туткундарды алмашкан соң афган аралык диалогду баштоо туурасында айтылган эле. Ушул шаршембиде, тагыраагы, 2021-жылдын 7-июлунда Афганистан өкмөтү менен "Талибандын" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды.
Sputnik_kg
Жеңил салмак категориясында негизги беттешке Ислам Махачев менен Тиаго Мойзес чыкты. Махачев төртүнчү раундда атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Ислам Махачев UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун бала кезинен бери чогуу өскөн жакын досу экени белгилүү. Роликте башка мушкерлердин да октагондогу кызыктуу учурлары камтылган.
Sputnik_kg
© AFP 2021 / Timothy A. Clary Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт 18 Мындан 20 жыл мурда шоколад өндүрүшүнүн жарманкесин уюштура баштаган Сильви Дус бул таттуу азыкты мода дүйнөсүнө чейин аралаштырган. Азыр дизайнерлер жибек, шифон, нооту кездемелеринен тышкары шоколадды дагы кийим-кечекке пайдаланышат. Азыр шоколаддан жасалган адеми кийимдерди адистер кондитер дүйнөсүнө кошорун же тикмечилердин эмгеги деп айтарын билбей калышкан. Шоколаддан кийим жараткан чеберлердин арасында Пако Рабан, Соня Рикель, Черутти, Игорь Чапурин, Юлия Далакян, Маша Цигаль бар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Уурдалган Орхан Инандынын жубайынын адвокаты Таалайкүл Токтакунова Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга адвокат өзү билдирди. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Депутаттар Жапаровго Чек ара, УКМК жана ИИМ башчыларын жазалоону сунуштады Ал кыргыз жаранынын уурдалышына күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн кылмыш ишин козгоону талап кылууда. Ошону менен бирге Башкы прокуратуранын Түркиядан Инандыны эл аралык нормаларга ылайык Кыргызстанга кайтарып беришин талап кылуусун суранган. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы арыз түшкөнүн тастыктап, Бишкек ШИИБде адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши бар экенин белгиледи. Маалыматка ылайык, адвокаттын арызы ошол сотко чейинки өндүрүштүн алкагында каралмакчы. Ошондой эле бул иш Бишкек шаарынын прокурорунун жеке көзөмөлүндө турганы кошумчаланды."Уурдоого Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин катыштыгы болушу мүмкүн деген маалымат боюнча Аскер прокуратурасына тийиштүү тапшырма берилди. Эгер катыштыгы болсо иш-аракетине жараша юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны кармоо боюнча атайын операция ийгиликтүү өтүп, өлкөгө алып келингенин билдирген. Мындан улам кечээ ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Аны Кыргызстандын укук коргоо органдары бир айдан бери издеп жаткан эле.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik."Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Колдоруна "Президент мырза, жараныңызды коргоңуз," "Агайыбызды кайтаргыла" деген плакаттарды көтөргөн 50дөй жаран чогулуп, Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабын коюуда. Арасында мугалимдин жубайы дагы бар."Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. © Sputnik / Сталбек Абижалил уулу Колдоруна "Президент мырза, жараныңызды коргоңуз," "Агайыбызды кайтаргыла" деген плакаттарды көтөргөн 50дөй жаран чогулуп, Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабын коюуда. © Фото / Сталбек Абижалил уулу 1 / 2 © Sputnik / Сталбек Абижалил уулу"Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны кармоо боюнча атайын операция ийгиликтүү өтүп, өлкөгө алып келингенин билдирген. Мындан улам кечээ ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Аны Кыргызстандын укук коргоо органдары бир айдан бери издеп жаткан эле.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бейшемби, 8-июль күнү, Бишкектин кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. Бригадалар Бишкекте жана жаңы конуштарда трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт. Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар: 9:00дөн 17:00гө чейин — Саманчин (№ 5 үй) көчөсү, Айтматов проспектиси (№ 303, 325 үйлөр), Гастелло, Панфилов, Горький көчөлөрүнүн жана Ашхабад тар көчөсүнүн айрым бөлүктөрү; 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушу (Арча-Бешик, Магистраль көчөлөрү); 9:30дан 18:00гө чейин — Суванбердиев, Бектенов, Юнусалиев көчөлөрүнүн, Бийский, Нежинский тар көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жана 12-кичи район (№ 65/2, 62, 63, 64, 65, 69 үйлөр); 9:30дан 19:00гө чейин — Орто-Сай айылы (Предгорная, Иманалиев, Балык Кумар, Южная, Лесхоз көчөлөрү); 9:35тен 18:20га чейин — Үсөнбаев, Ибраимов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Гаитиде президентин резиденциясына кол салуу болуп, мамлекет башчы Жовенель Моиз көз жумду. Бул тууралуу Gazette Haiti порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозефтин ЖМКларга берген маалыматына караганда, президентке ок тийип, канайым дагы жаракат алган, кийинчерээк көз жумган. Маалыматка караганда, резиденцияга бир нече белгисиз адам кол салган. Алардын айрымдары испан тилинде сүйлөшкөн. © Sputnik / Максим Богодвид Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео Бул мамлекет башчынын өмүрүнө коркунуч жаралган алгачкы учур эмес. Ушул жылдын февраль айында полиция мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылгандарды токтотуп калган. 53 жаштагы Моиз дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн сап башында турган Гаитиге 2015-жылы президент болуп шайланган. Бирок атаандаштары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, териштирүүлөр болуп отуруп, 2016-жылдын аягында кайрадан добуш берүү болгон. Анда дагы утуп алган Моиз расмий түрдө 2017-жылдын февраль айынан тарта иштей баштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Маалыматты салтанатка катышкан Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Sputnik Кыргызстанга тастыктады. Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев 1 / 4 © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Анын айтымында, кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым."Форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Бир кишиге даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Мунун баары Улуттук олимпиадалык комитеттин эсебинен жасалды", — деген ал. Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. © Фото / пресс-служба НОК КР Кыргызстандык спортчулардын параддык формасы Тагыраагы, балбандар: Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр: Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Паралимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган. © Фото / пресс-служба НОК КР Кыргызстандык спортчулардын параддык формасы Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Гаитиде президенттин резиденциясына кол салуу болуп, мамлекет башчы Жовенель Моиз көз жумду. Бул тууралуу Gazette Haiti порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозефтин ЖМКларга берген маалыматына караганда, президентке ок тийип, канайым дагы жаракат алган, кийинчерээк көз жумган. Маалыматка караганда, резиденцияга бир нече белгисиз адам кол салган. Алардын айрымдары испан тилинде сүйлөшкөн. © Sputnik / Максим Богодвид Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео Бул мамлекет башчынын өмүрүнө коркунуч жаралган алгачкы учур эмес. Ушул жылдын февраль айында полиция мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылгандарды токтотуп калган. 53 жаштагы Моиз дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн сап башында турган Гаитиге 2015-жылы президент болуп шайланган. Бирок атаандаштары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, териштирүүлөр болуп отуруп, 2016-жылдын аягында кайрадан добуш берүү болгон. Анда дагы утуп алган Моиз расмий түрдө 2017-жылдын февраль айынан тарта иштей баштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Гаитиде президенттин резиденциясына кол салуу болуп, мамлекет башчы Жовенель Моиз көз жумду. Бул тууралуу Gazette Haiti порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозефтин ЖМКларга берген маалыматына караганда, президентке ок тийип, канайым дагы жаракат алган, кийинчерээк ал да көз жумган. Маалыматка караганда, резиденцияга бир нече белгисиз адам кол салган. Алардын айрымдары испан тилинде сүйлөшкөн. Here are the mercenaries that assassinated the tyrant of #Haiti. They were Spanish speaking! Who hired them? Where was his security? Clearly, he was taken out by the same entities (local bourgeoisie mafia or foreign imperialists) that imposed him on the people. pic.twitter.com/6JKjgeBD2n — Madame Boukman - Justice 4 Haiti 🇭🇹 (@madanboukman) July 7, 2021 ​ © Sputnik / Максим Богодвид Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео Бул мамлекет башчынын өмүрүнө коркунуч жаралган алгачкы учур эмес. Ушул жылдын февраль айында полиция мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылгандарды токтотуп калган. 53 жаштагы Моиз дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн сап башында турган Гаитиге 2015-жылы президент болуп шайланган. Бирок атаандаштары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, териштирүүлөр болуп отуруп, 2016-жылдын аягында кайрадан добуш берүү болгон. Анда дагы утуп алган Моиз расмий түрдө 2017-жылдын февраль айынан тарта иштей баштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Гаитиде президенттин резиденциясына кол салуу болуп, мамлекет башчы Жовенель Моиз көз жумду. Бул тууралуу Gazette Haiti порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф президентке ок тийип, канайым дагы жаракат алганын, кийинчерээк ал дагы көз жумганын билдирген. Маалыматка караганда, резиденцияга бир нече белгисиз адам кол салган. Алардын айрымдары испан тилинде сүйлөшкөн. Here are the mercenaries that assassinated the tyrant of #Haiti. They were Spanish speaking! Who hired them? Where was his security? Clearly, he was taken out by the same entities (local bourgeoisie mafia or foreign imperialists) that imposed him on the people. pic.twitter.com/6JKjgeBD2n — Madame Boukman - Justice 4 Haiti 🇭🇹 (@madanboukman) July 7, 2021 ​ © Sputnik / Максим Богодвид Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео Бул мамлекет башчынын өмүрүнө коркунуч жаралган алгачкы учур эмес. Ушул жылдын февраль айында полиция мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылгандарды токтотуп калган. 53 жаштагы Моиз дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн сап башында турган Гаитиге 2015-жылы президент болуп шайланган. Бирок атаандаштары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, териштирүүлөр болуп отуруп, 2016-жылдын аягында кайрадан добуш берүү болгон. Анда дагы утуп алган Моиз расмий түрдө 2017-жылдын февраль айынан тарта иштей баштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Тажикстан коңшу Афганистандагы абалдын кооптулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюму боюнча союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды. Аталган уюмдун туруктуу кеңешинин жыйынында Душанбенин өкүлү Хасан Султонов Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы эң узун мамлекет экенин белгилеген."Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат", — деди Султонов. Анын айтымында, Тажикстан кырдаал ЖККУ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Султонов түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгын белгилеген. © AP Photo / Allauddin Khan Талибдер АКШ эсебинен күчтөнүүдөбү? Колундагы курал кайдан Эскерте кетсек, ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерелр айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейиин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. 2020-жылы Вашингтон Дохада "Талибандын" өкүлдөрү менен 18 жылга созулган согуштан кийин тынчтык келишимине кол койгон. Анда чет элдик контингенттин республикадан чыгып кетүүсү, туткундарды алмашуу жана афган аралык сүйлөшүүнү баштоо каралган. ЖККУ катчылыгынын өкүлдөрү аталган аймакка барып, абалды көрүп келишкен. Алар уюмдун кеңешине кырдаал боюнча маалымат берип турмакчы.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Машыгуу сборуна Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору тартылды. Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Машыгуу сборуна Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору тартылды. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди. © Фото / пресс-служба Минобороны КР 1 / 5 © Фото / пресс-служба Минобороны КР Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады."Тоолуу рельефт жана өзгөчөлүктөр эске алынып бир катар максаттар коюлган. Анын катарында тоо шартындагы тоскоолдуктарды жеңүү үчүн билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү өркүндөтүү; инструкторлорду аскерлерди тоо шартында даярданууга үйрөтүү боюнча чеберчилигин жогорулатуу, алган билимдерин практикада колдонуу тапшырмалары аткарылды", — деп айтылат билдирүүдө. Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү. Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди. Чалгындоо аймагында издөө иштерин жүргүзүү, буктурма уюштуруу аракеттери көрсөтүлдү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Тажикстан коңшу Афганистандагы абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюму боюнча союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды. Аталган уюмдун туруктуу кеңешинин жыйынында Душанбенин өкүлү Хасан Султонов Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы эң узун мамлекет экенин белгилеген."Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат", — деди Султонов. Анын айтымында, Тажикстан кырдаал ЖККУ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Султонов түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгын белгилеген. © AP Photo / Allauddin Khan Талибдер АКШ эсебинен күчтөнүүдөбү? Колундагы курал кайдан Эскерте кетсек, ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. 2020-жылы Вашингтон Дохада "Талибандын" өкүлдөрү менен 18 жылга созулган согуштан кийин тынчтык келишимине кол койгон. Анда чет элдик контингенттин республикадан чыгып кетүүсү, туткундарды алмашуу жана афган аралык сүйлөшүүнү баштоо каралган. ЖККУ катчылыгынын өкүлдөрү аталган аймакка барып, абалды көрүп келишкен. Алар уюмдун кеңешине кырдаал боюнча маалымат берип турмакчы.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги кол салуудан улам каза тапкан өлкө президенти Жовенель Моиздин жубайы Мартин Моиз да көз жумду деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү Dia басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды. Буга чейин резиденцияга кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жарааттарынан улам каза болгону айтылган. Гаити элчилигинин маалыматы боюнча ушу тапта Моиз айымдын абалы оор, бирок туруктуу. Ушу тапта аны АКШнын Майами шаарына алып кетүүгө аракеттер көрүлүп, учак дардалган. Gazette Haiti порталынын жазганына караганда биринчи айымга үч жерине ок тийген. Ал эми жубайлардын балдары "коопсуз жерде" экени белгиленди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Машыгуу сборуна Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору тартылды. Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Машыгуу сборуна Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн тоодо машыгуу бөлүмдөрүнүн инструкторлору тартылды. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү. © Фото / пресс-служба Минобороны КР Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди. © Фото / пресс-служба Минобороны КР 1 / 5 © Фото / пресс-служба Минобороны КР Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда аскерлердин тоо шартында машыгуусу аяктады."Тоолуу рельефт жана өзгөчөлүктөр эске алынып бир катар максаттар коюлган. Анын катарында тоо шартындагы тоскоолдуктарды жеңүү үчүн билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, инструкторлорду аскерлерди тоо шартында даярданууга үйрөтүү боюнча чеберчилигин жогорулатуу, алган билимдерин практикада колдонуу тапшырмалары аткарылды", — деп айтылат билдирүүдө. Машыгуу учурунда аскер кызматкерлери түйүндөрдү чечүү, коопсуздук системасын пайдалануу, таштардан, аскалуу жерлерде жүрүүгө үйрөнүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле жаракат алгандарга дарыгерлерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жеткирүү жолдорун үйрөнүштү. Мындан сырткары, тоо шартында чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелди. Чалгындоо аймагында издөө иштерин жүргүзүү, буктурма уюштуруу аракеттери көрсөтүлдү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койду. Мындай чечим этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында кабыл алынганы айтылат. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарлыкта жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткаруу, жасалган иштер жөнүндө маалыматты президенттик администрациянын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип туруу тапшырылды. Жободо жеңилдетилген тартипте жарандык алууга керектүү документтер жана бийликтин аракеттери көрсөтүлгөн. Документ менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги кол салуудан улам каза тапкан өлкө президенти Жовенель Моиздин жубайы Мартин Моиз да көз жумду деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү Dia басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды. Буга чейин резиденцияга кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону айтылган. Гаити элчилигинин маалыматы боюнча, ушу тапта Моиз айымдын абалы оор, бирок туруктуу. Аны АКШнын Майами шаарына алып кетүүгө аракеттер көрүлүп, учак даярдалган. Gazette Haiti порталынын жазганына караганда, биринчи айымга үч жерине ок тийген. Ал эми жубайлардын балдары "коопсуз жерде" экени белгиленди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Казакстандын үч аймагында коронавируска каршы вакцинация жасатпаган кишилерге паспорт саткан медицина кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын коррупцияга бөгөт коюу агенттигинин төрагасы Марат Ахметжановдун айтымына таянып кабарлады."Эми вакцинация тууралуу жасалма паспорт жасай башташыптыр. Кечээ өлкөнүн үч аймагынан мындай документ сатып жаткан медиктер кармалды. Алар эмделбеген эле адамдарга жасалма документ даярдап, вакцинаны болсо жок кылышкан. Өзүңөр көргөндөй, алар элдин ден соолугунан пайдаланып байып, ал эми бюджеттин акчасын асманга чачышкан", — деди Ахметжанов. Маалым болгондой, медиктер Нур-Султан шаарында жана Акмола, Алматы облустарында кармалышкан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Эртең участкадан тышкары 4 миңдей шайлоочу добуш берет Маалыматка ылайык, жалпысынан үч шаардын 617 517 тургуну депутаттарды шайлоо укугуна ээ болгон. Анын ичинен Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу катталган. Ушул жекшемби күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо өтөт. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 пайызынан жогорку добушун алган партиялар жеңүүчү аталат. Шайлоо өттү деп таануу үчүн босого чек коюлган эмес.
Sputnik_kg
Алдыңкы медиаэксперт, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү камсыздандыруу фондунун маалымат кызматынын өкүлү Света Байтикова менен баарлашып, коронавирустун тегерегиндеги кырдаалды талдадык. — Былтыр COVIDге кабылгандардын көпчүлүгүндө жөтөл, тер басуу, энтигүү жана сатурациянын төмөндөшү байкалат. Быйыл адамдар кадимки гриппке окшош белгилерди айтууда. Мутацияланган вирус өз клиникасын өзгөрттү дешке болобу? — Азыр өлкөдө сасык тумоонун убагы эмес. Адатта ал көктөмдө же күзүндө башталат. Ал эми коронавирустун маалы болбойт. Кытай, британ же индиялык штаммдардын чоң айырмачылыгы деле жок. Ал эми эти катуу ысыдыбы, шайы кетип, тердеп жатабы — мунун баары жеке адамга жараша. Бирок былтыр бир ноокас үч-төрт кишиге жугузса, азыр бул эки эсеге өстү. Жаңы штаммдын клиникасы тез өрчүйт, инкубациялык мөөнөтү өтө кыска: жуккандан өпкөнүн кагынышына дейре аз эле убакыт. Анан да дене табы көтөрүлбөй туруп эле бул абалга өтүп кетиши да мүмкүн. Илдеттин белгилери былтыркыдай эле — баш катуу ооруйт, ичеги-карындын иштеши бузулат ж.б. Баары адамдын дартты кантип көтөргөнүнө жараша. © Фото / Алишер Алиев Алдыңкы медиаэксперт, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү камсыздандыруу фондунун маалымат кызматынын өкүлү Света Байтикова — Суткасына ондогон жарандарыбыздан, анын ичинде дарыгерлерден айрылган "кара июлдан" бери туура бир жыл өттү. Жоготуулар дале болууда. Бул убакыт деле бизди эч нерсеге үйрөтө албагандай... — Жакында биз "кызыл" зонанын врачтарына коронавирустук инфекциянын оор формасына кабылган бейтаптардын саны өсүп, алигүнчө өлүм катталып жатканы эмнеге байланыштуу экенин сурадык. Себеби "кызыл" зонадагы бир жылдык тынымсыз иш, топтолгон тажрыйба жана клиникалык протоколдор коронавируска кабылгандар арасындагы өлүм санын кыскартууга тийиш эле. Врачтар: "Эгер былтыр улгайган бейтаптар көп түшсө, быйыл 28 жаштан өйдө жаштар көп кабылууда. Алар антибиотиктин бир нече түрүн, ал түгүл стационар, кайра жандандыруу бөлүмүндө, өтө оор учурларда дарыгерлер жаза турган дары-дармектерди ичип, негизинен үйдө дарыланууда. Өздөрү билип гормондорду да туш келди пайдаланып жатышат. Ошондон соң гана вирустук жана бактериялык инфекциялардан тышкары аларда кандидоз (грибок) да күч алганда бизге кайрылууда. Ал эми бул ого бетер абалды оорлотот! Адамдар өздөрү аңдабастан бизди аргасыз абалга кептөөдө, алардан кийин дарылоочу каражат калбай калууда", – деп жооп беришти. — Азыр күндүзгү стационарлар иштебей үй-бүлөлүк дарыгерлер ноокастарды бейтапканалардан мобилдик бригадаларды үйдөн күткүлө деп жөнөтүүдө. Ал эми алар барганча бир нече сутка өтөт. Мындайда эмне кылуу зарыл? — Саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерин тыңдоо абзел! Эгер өзүңүздө же жакындарыңызда COVID-19дун белгилери байкалса, башкаларга жугузбоо үчүн үйдө отуруу керек. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда 118 номерине же жакынкы бейтапканага телефон чалсаңыз, алар кеңеш берип, үйдө дарыланууну жазышат. Мобилдик бригада келип, ПЧР-тестин акысыз алышат. Эгер дене табы 38 градустан көтөрүлсө, аны ибупрофен, аспирин (эгер ичеги-карын оорусу болбосо), парацетамол (эгер боор оору болбосо) менен түшүрүү керек. Эгер жөтөл (кургак, какырык менен) башталса дароо рентген же компьютердик томографияга тарттырууга чуркабастан, жашаган жериңизге жооптуу врачка телефон чалыңыз. Ал сизге бронхолитиктерди жазат. Эгер ичиңиз өтсө, бул же ичеги-карын инфекциясы (жуулбаган жашылча-жемиш же башка жеп алган болсоңуз, өзүңүз талдап көрүңүз), же коронавирус болушу ыктымал. Дааратканага барган соң сууну унитаздын капкагын жаап туруп агызыңыз. ПЧР-тесттин жыйынтыгы "терс" деп чыккан күндө да ичегилерде вирус бир айдан ашуун активдүү фазада калат. Жакындарыңыз туалетке сизден соң 30 мүнөт өткөндө киргени дурус. — Бул жеңил формада ооругандарга туура келсе керек. Ооруканага жатуусу зарыл ноокастар кайда кайрылат? Мобилдик бригада стационарга жеткире алабы? — Мобилдик бригада ооруканага жайгаштырбайт. Ал дарылануу боюнча, анын ичинде стационарлардагы бош орундар тууралуу кеңеш берет, тамак жана мурундан коронавируска мазок алышат. Аны 118ге чалып чакырууга болот. Ушул тапта чакыруулардын көптүгүнөн бригадалар үч сутка аралыгында келүүдө. Эгер бир нече күн катар дене табы түшпөсө (анча жогору болбосо да) жана демиге берсе, мобилдик бригаданы күтпөй тез жардам чакыртыңыз. Рентген, томографиядан өтүүнүн кереги жок, врачтар клиникалык картинага карап эле коронавирус болуп-болбогонун билишет. Тез жардам ооруканага жаткыруу менен түздөн-түз алектенет. Жашаган жериңиздеги врач менен байланышта болуп, телефон чалып, кеңешип туруңуз. Коркпоңуз, паникага алдырбаңыз, врачтын кеңештеринен чыкпаңыз. — Мобилдик бригада же тез жардам келгенче абалды жеңилдетип, негизгиси өзүңө зыян келтирип албоо үчүн эмне кылууга болот? — Организмдин ууланышын, баш ооруну басаңдатуу үчүн суюктукту көбүрөөк ичүү керек. Муну ар бир адам билүүгө тийиш! Кусууга түрткү болгудай литрлеп эмес, кичинеден, улам ууртап турган оң. Бул эмнеге жардам берет? Организмде вирус көбөйүп кеткенде токсиндердин (вирус, грибок же инфекциялык субстанциялардын уулуу материалдары) чыгындысы канга түшөт. Мындан улам организм ууланат, баш жана булчуңдардын ооруганы ошондон. Токсиндердин көп топтолуп, эти катуу ысыгандыктан ноокастын каны коюуланып кетет. Бул инсульт жана инфарктка кептеши ыктымал. © Sputnik / Виталий Белоусов Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги Суюктук көп ичип, дааратканага тез-тез барып, көп тердеген оң, токсиндер заара жана тер менен чыгат. Малина, лимон, карагат менен чай ичиңиздер, аларда С витамини көп. Коронавируска кабылганда С гана тургай, Д витамининин да деңгээли түшөт. Бизде күн жакшы тиет, негизинен биз аталган витаминдин таңсыктыгынан жабыр тартпашыбыз керек. Бирок ал тез бузулат, ошондуктан аны адаттагыдай кичинеден эмес, 5тен 10го чейинки эл аралык ченемде тамак менен чогуу түшкө чейин ичүү керек. Цинк да 75-85 миллиграммдык өлчөмдө зарыл. Ал вирустун көбөйүшүн басаңдатып, организмге аны менен күрөшүүгө көмөктөшөт. Үч витамин тең – вируска каршы күрөштө өтө маанилүү жардам. Муну эске алып койгон оң. Анан да маанайды бийик тутуңуздар. Дарыгерлерге жардамыңыздар болсун: антибиотиктерди башаламан пайдалана бербегиле!
Sputnik_kg
© YouTube / Guardian News Аюуларды коркутат дешти. Үрөйдү учурган роботтордун видеосу Бир кабатты бүтүн ээлеген жарнама экрандан чыгып жатканын бир караган киши байкабайт. Капыстан көргөндө адамдын көңүлү алп мышыкка бурулуп, ал качан кулап кетет же жердегилерди көздөй секирбес бекен деген суроолуу сезим пайда болот. Жазуулар чыкканда гана анын 3D мерчеминде экени билинет. 155 чарчы метрлик экран орнотулган жер, тагыраагы, Синдзюку бекети эл эң көп жүргөн аймак болуп саналат. Жарнамалардын ортосунда Microad Digital Signage жана Yunika компаниялары жасаган алп мышык чыга калып турат. Санарип жаныбардын эртең мененки саат жетиде ойгонуп, түн оокумуна чейин жүргүнчүлөрдү бирде чочутуп, бирде таң калдырып турары айтылды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Нымдуу салфеткалар, өндүрүүчүлөр айткандай, чындап эле микробдор менен бактерияларды өлтүрө алабы? Бул суроого Sputnik радиосунун эфиринде медицина илимдеринин доктору, дерматолог жана трихолог Юлия Галлямова жооп берди. Адистин айтымында, алар көчөдө, транспортто жүргөндө өтө ыңгайлуу. Бирок суу менен самынды эч качан алмаштыра албайт."Колдогу же дененин башка жериндеги кирди кетирүү үчүн агып турган суу жана самын зарыл. Ошондой эле кир жерди 10 секунддан кем эмес убакыт бою эзип жууш керек. Нымдуу салфетка менен сүргөндөн кийин көзгө таза көрүнгөнү менен тери анчалык тазарбайт", — деди Галлямова. Ошондой эле адис нымдуу салфетканын курамына негизинен терини жумшартуучу каражаттар менен суу гана кирерин, ал эми бактерияларды спирттелген сатфеткалар гана өлтүрөрүн айтты. Саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча колду тазалоочу антисептикалык каражаттын 70 пайызы спирттен турушу керек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир айдын аралыгында цементтин баасы 13 пайызга, кирпич беш пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди. Статком тарабынан өлкөнүн 18 калктуу конуштарындагы бааларга мониторинг жүргүзүлгөн. © Sputnik / Григорий Сысоев Өлкөдө кайсы курулуш материалы канчага кымбаттады. Тизме Анда июнь айында 50 килограмм цемент орточо 355,1 сомдон сатылып, май айына салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өскөн. Ал эми 1000 даана кирпич орто эсеп менен 7 840 сомго бааланып, мурунку айга караганда 5 пайызга көтөрүлгөн. Цементтин эң эле жогорку баасы Кара-Балта шаарында (50 килограммы 400 сом), Чаек айылында (399,9 сом) жана Нарын шаарында (394,9 сом) катталган. Эң арзаны Жалал-Абад, Өзгөн (300 сом) жана Ноокат (320 сом) шаарында сатылууда. Ал эми эң кымбат кирпичтер Токмок (1000 даанасы 13 228,8 сом), Исфана (12 000 сом) жана Ноокат (10 247 сом) шаарларында сатылат. Арзанын Кара-Суу (2 978,1 сом), Кербен (3 741,7 сом) жана Өзгөн (5 899,2 сом) шаарларынан табууга болот.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Айрым азык-түлүк, суусундуктар организмдеги маанилүү органдардын бири болгон боорго коркунуч алып келет. "Доктор Питер" порталы илимий иликтөөлөргө таянып боорду талкалай турчу азык, суусундуктарды тизмектегенин РИА Новости жазды. Анда айтылгандай, дарыгерлер биринчи кезекте курамында канты бар азыктардан оолак болууну эскертишкен. Маселен, газдалган суусундуктар. Анда химиялык заттар, ароматизатор жана боордун иштөөсүнө тоскоол болгон кошулмалар бар."Жемишти да этияттап колдонбосо, курамында фруктоза көп. Туз да боорду талкалай турчу азыктардын катарында. Спирт ичимдиги, айрыкча, күчтүүлөрү боордун иштөөсүн бузат", — деп айтылат маалыматта. Боорго зыян делген азыктардын катарында крекер бар. Анын курамы рафинаддалган углевод, кант, ак ундан гана турат. Адистер колбасаны майлуу эмес этке (тоок, индюк эти) алмаштырууну сунуштап, куурулган тамак да боорго "бычак" экенин эскертишкен.
Sputnik_kg
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда эмнелер көрсөтүлгөн? Эгер ал ишке ашып калса кимдер, кайсы учурда аралыктан иштейт жана ал айлык акы, иштөө графигине таасирин тийгизеби? Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, мыйзам долбоору тууралуу юристтин да пикирин билди. Мыйзам долбоорунун максаты Мыйзам долбоору азыркы кырдаалга жана бардык тармактын санариптешип жатканына байланыштуу кызматкерлердин үйдөн иштешин жөнгө салуу максатында сунушталууда. Анда жазылгандай, бул мыйзам кабыл алынса кызматкер үчүн үйүндө отуруп иштөөгө юридикалык мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы Эмгек кодексинде кызматкердин аралыктан иштөөсү тууралуу жазылган эмес. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса эмне өзгөрөт? Аралыктан иштөөнү каалаган адис менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими түзүлөт. Эмгек келишими электрондук форматта болуп, ага электрондук кол тамгалар коюлат. © Sputnik / Евгений Одиноков Киреше жок, айлыгы 130 миң сом. Беш IT-мекеменин башчылары эмнеге иштен алынган Келишимде кызматкерге иш берүүчү тарабынан берилген жабдыктарды, программалык-техникалык каражатты, маалымат коргоо каражаттарын пайдалануу милдеттери тууралуу кошумча шарттар көрсөтүлөт. Башкача айтканда, адис аралыктан иштей турган болсо, жумуш берүүчү аны техникалык каражат менен камсыз калышы керек. Эгер адис аралыктан иштөөдө өзүнүн жабдууларын колдонсо, иш берүүчү ага компенсация төлөп берет. Анын өлчөмү жана тартиби макулдашуу боюнча белгиленери айтылган. Айта кетчү жагдай, компенсациянын өлчөмү жана тартиби мыйзам долбоорунда так жазылган эмес. Айлык маяна кандай берилет? Документте адис аралыктан иштесе деле жумушка барып иштегендей айлык акысы толук сакталат деп жазылган."Кандай шартта иштебесин жыйынтык көрсөтсө болду" деген норманы да колдонсо болот. Тактап айтканда, жумушчу кайда иштебесин кадимки тартипте иштеп жаткандай жыйынтык көрсөтсө айлык акысы кармалбай берилет. Ал эми өргүү, сый акылары түзүлгөн эмгек келишимине жараша төлөнөрү айтылган. © Sputnik / Акылбек Батырбеков Кыргызстанда 19-июлда жумуш күнү кыскартылат Мыйзам долбоорунда кайсы категориядагы адамдар жана кайсы тармактын өкүлдөрү (маселен, медик, милиция) аралыктан иштей алары так жазылган эмес. Документте өлкөдө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кызматкер аралыктан иштөөгө которулушу мүмкүн экендиги белгиленген. Бирок мында да кайсы тармактын өкүлдөрү аралыктан иштей алары так айтылган эмес. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаалда адис аралыктан иштөөгө убактылуу которулуп, кийин кадимки тартипке кайтып келгенде анын иш орду сакталышы керектиги жазылган. Мыйзам долбоору боюнча юристтин пикири Юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров Эмгек кодексине сунушталып жаткан аралыктан иштөө боюнча мыйзам долбоору коомго керек экенин айтып, бирок ал чала бүтүп калганын белгилеген. Анын айтымында, мыйзам долбоору юридикалык жана техникалык жактан толуктоого муктаж. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров Биринчиден, мыйзам орус жана кыргыз тилинде эки башка жазылып калган. Экинчиден, сунушталып жаткан документ Россиянын 2013-жылы чыккан мыйзамынан көчүрүлгөн. Юрист Кыргызстан менен Россияда жашоо-шарт эки башка экенин белгилеп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын шартына дал келбейт деп эсептейт. © Sputnik / Александр Астафьев Бир кызматкерге эле 100 миң сомдой кенемте төлөө керек. Кыскартуунун жол-жобосу"Менимче, бул мыйзам долбоорун өзүбүзгө ылайыктуу кылып кайрадан иштеп чыгуу керек. Азыркы сунуштап жаткан документти кабыл алуу мүмкүн эмес. Анда көп нерсе так жазылбай калган. Маселен, адис аралыктан иштей турган болсо, жумуш берүүчү техникалык каражат менен камсыз кылышы керек деп жазылып жүрөт. Ишкананын ар бир кызматкерди техникалык каражат менен камсыз кылууга дарамети жетеби, бузулуп калса ким жооптуу болот деген сыяктуу пунктулар көрсөтүлгөн эмес. Юридикалык жактан териштире келгенде мунун баары так болбосо ызы-чуусу көп болот. Документтин башында эле эмгек келишими электрондук форматта болуп, электрондук кол тамга тууралуу түшүнүк берилип жатат. Кыргызстанда электрондук кол тамга боюнча атайын мыйзам бар. Ага ылайык, электрондук кол тамга жөн эле берилбейт. Аны алуу үчүн паспорт менен барып, катталып акча төлөө керек. Анын акчасын ким төлөйт? Айтор, толуктай турчу жерлери өтө эле көп. Мындан тышкары, бул документте башка да мыйзамдын нормалары жазылып, аралашып калган", — деди Бакиров. Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан демилгечи Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башкы адиси Айдай Аскарбекова бул азырынча жөн гана долбоор экенин айтып, толуктоого муктаж болгондуктан коомдук талкууга коюлганын кошумчалады. Мыйзам долбоору менен каалоочулар өкмөттүн сайтына кирип, "коомдук талкуу" деген бөлүмдөн таап, тааныша алат. Сунуш-пикирлерин да ошол жакка калтырса болот.
Sputnik_kg
YouTube сервисине жүктөлгөн видеодо рулда бара жаткан айдоочу сыра ичкенин көрүүгө болот. Автоунаа катуу ылдамдыкта, жол эрежелерин бузуп бара жатат. Муну байкаган башка айдоочу телефон аркылуу ЖКККББнын нөөмөт бөлүмүнө кабарлайт. Андан соң жол инспекторлору ичип алган адамды токтотушат."Автоунаа кырсыктарынын көпчүлүгү жол кыймылынын эрежелеринин одоно бузулушу менен байланыштуу. Мисалы, ашынган ылдамдык, каршы тилкеге чыгуу, аралыкты сактабагандык, жөө адамдар өтүүчү чийиндерге көңүл бурбоо жана мас болуп айдоо", — дешти ЖКККББнын маалымат кызматынан. Жол эрежелерин бузгандарды көрсөңүз (0312) 63-09-00, 63-09-01, 63-07-49, 100 (чалуу акысыз) номерлерине чалып же (0703) 63-09-00, (0708) 88-61-14 Whatsapp номерлерине кабарлаңыз.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Англия курама командасы Европа-2020 чемпионатынын финалына чыкты. Жарым финалдык баскычта команда Дания оюнчуларын 2:1 эсебинде жеңип алды. Оюн Лондондогу Уэмбли стадионунда өтүп, жеңүүчү 15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктөн (жалпы 30 мүнөт) соң аныкталды. Беттештин 30-мүнөтүндө даниялыктардын жарым коргоочусу Миккель Дамсгор айып аянтынын сыртынан тээп гол киргизип эсепти ачты. Арадан 10 мүнөт өткөндө англиялыктар чабуул уюштуруп, капталдан чыгарылган топту даниялыктардын коргоочусу Симон Кьер өз дарбазасына киргизип алды. © Фото / пресс-служба ФФКР Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатынын оюндарын тейлөөгө чакырылды Кошумча берилген 15 мүнөттүктүн биринчи бөлүгүндө даниялыктардын коргоочулары өз айып аянттарынын ичинде атаандаштын чабуулчусу Рахим Стерлингди жыкканы үчүн беттештин калысы Данни Маккели пенальти койду. Бул мүмкүнчүлүктү Гарри Кейн пайдаланып, Англияны алдыга алып чыкты. Беттеште мындан башка гол болгон жок. Эми Англия Евро-2020 мелдешинин финалында Италия менен кез келет. Италиялыктар кечээ Испания курамасын утуп финалга чыккан. Финалдык беттеш 11-июлда Лондондо өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Америкада брабансон тукумундагы эң алп ат Чоң Жейк өлдү. Дүйнөдөгү эң чоң жылкы тууралуу National Geographic жазды. Ат Гиннес рекорддор китебине 2010-жылы кирген. Жалынан баштап ченегенде узундугу 210,2 сантиметр, салмагы 1 133 килограммга жеткен. Мындай рекордду 11 жылда эч ким жаңылай алган эмес. Ал фермадагы башка жылкыларга караганда эки эсе көп жеп, бир күндө эки чака дан жана чоң таңгак чөп корогон. Алп атты үч жашында сатып жиберишкен. Мурдагы ээлери ал туулганда эле 109 килограмм болгонун, бул адаттагы кулундардан 45 килограммга чоң экенин айткан. Ошол эле учурда Чоң Жейктин ата-энеси брабансон тукумундагы кадимки эле жылкылар экенин белгилеген. Брабансондор Бельгиядан чыккан. Адатта алардын бою 170 сантиметрге, салмагы 900 килограммга жетет. Орточо эсеп менен 18 жыл жашайт. Чоң Жейкти чарбадагы оор жумуштарды жасоого колдонушкан, бирок былтыртадан бери коронавирус жукпасын деп сарайдан чыгарбай калышкан. Акыры 20 жыл жашап өлгөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эгер мамлекеттер ортосунда дары-дармек, вакцина бирдей бөлүштүрүлбөсө, коронавирус менен күрөшүү боюнча илимий жетишкендиктер бир тыйынга татыбай калат. Бул тууралуу ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды."Вакцина өндүрүү жана таратуу бирдей болбой жаткандыктан, коронавирустун жаңы штаммдары вакцинадан алдыга озуп кетүүдө. Бул экономикалык жактан бутка туруп, кайра калыпка келүүгө коркунуч туудурат", — деди Гебрейесус. Ал коронавирустан көз жумгандар дүйнөдө 4 миллиондон ашканын айтып, бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин божомолдогон. © REUTERS / AJENG DINAR ULFIANA ДССУ: дүйнө пандемиянын эң кооптуу учуруна жетти"Калкынын басымдуу бөлүгү эмделген айрым мамлекеттер пандемия бүтүп калгандай чектөөлөрдү ала башташты. Башка өлкөлөргө вакцина бирдей жетпей жаткандыктан, ал мамлекеттерде ооругандардын саны өтө көп болуп жатат", — деген ДССУ башчысы. Гебрейесус кычкылтек, дары-дармек Азия, Африка, Латын Америкада жетишсиз болуп, өлүм учурлары көп катталып жатканын белгилеп, адамзатты пандемия менен биргелешип күрөшүүгө чакырган. Муну менен бирге ал G20 мамлекеттерин пандемияны токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө үндөдү. Гебрейесус сентябрга чейин бардык мамлекеттин калкынын 10 пайызын, ушул жылдын аягына чейин 40 пайызын, ал эми кийинки жылдын ортосуна чейин 70 пайызын эмдөө ДССУнун башкы максаты экенин эске салган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 238 кишиден коронавирус табылып, 757 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Жуктургандар: Бишкек – 693; Ош – 67; Чүй облусу – 151; Ош облусу – 82; Талас облусу – 15; Нарын облусу – 17; Ысык-Көл облусу – 38; Жалал-Абад облусу – 86; Баткен облусу – 89. Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 135 739га жетип, анын 115 513ү айыкты. Сакайгандар: Бишкек – 401; Ош шаары – 79; Чүй облусу – 101; Ош облусу – 44; Талас облусу – 8; Нарын облусу – 10; Ысык-Көл облусу – 15; Жалал-Абад облусу – 74; Баткен облусу – 25. © REUTERS / Willy Kurniawan/File Photo ДССУ башчысы: жаңы штаммдар вакцинадан озуп кетип жатат Тилекке каршы, бир сутка ичинде оору 10 бейтаптын өмүрүн алган. Анын алтоо Бишкекте, үчөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда дарыланып жаткан. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медиктин коронавирус жуктурганы аныкталды. Азыркы тапта ооруканаларда 4 525 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 186 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Гаити полициясы президент Жовенель Моизди өлтүрүү үчүн жалданган төрт кишини жок кылып, экөөнү колго түшүрдү. Бул тууралуу RTNH телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды. Мамлекеттик резиденцияга кол салуудан кийинки иш-аракеттер боюнча полициянын жетекчиси Леон Шарль маалымат жыйын өткөрүп, анда барымтага алынган үч полиция кызматкери бошотулганын айтты. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф өлкөдө кырдаал көзөмөлгө алынганын белгилеп, элди тынчтанууга чакырды. © AFP 2021 / HECTOR RETAMAL Гаити элчилиги президенттин жубайы көз жумду деген маалыматты төгүндөдү Коңшу Доминикан Республикасында Гаити президентине жети түштүк америкалыктан турган топ кол салышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууну жергиликтүү баңгизат сатуучулар уюштурган. Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону айтылган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок ал ооруканада, абалы оор экени кошумчаланып, үч жерине ок тийгени маалымдалган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дүйнөдө коронавирусту үчүнчү ирет жуктуруп алгандар болууда, дарт мурдагыдан да оор өтүп жатат. Бул тууралуу инфекционист, медициналык борбордун жетекчиси Евгений Тимаковго таянуу менен РИА Новости жазды."Мындайча айтканда, вирус иммундук тоскоолдуктардын бардыгын жеңип экинчи-үчүнчү жолу деле жуга берет. Көп учурда үчүнчүнүн башкаларга салыштырмалуу кесепети оор болот", — деген медик Россиядагы эпидемиологиялык кырдаалга арналган маалымат жыйында. Тимаков өлкөдөгү үчүнчү толкун менен байланышкан индиялык штаммдын (дельтанын) өзгөчөлүгүн белгилей кетти. Анын айтымында, инфекция жуктурган бир жуманын ичинде адамдын абалы оорлошуп, ооруканага жаткырууга туура келет. © REUTERS / Willy Kurniawan/File Photo ДССУ башчысы: жаңы штаммдар вакцинадан озуп кетип жатат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2нин төрт түрүн "тынчсыздандыруучу" тизмеге киргизген: альфа (Британия), бета (Түштүк Африка), гамма (Бразилия) жана дельта (Индия). Эксперттердин айтымында, акыркысы Ухандан чыккан вирустан да эки эсе коркунучтуу, ошого карабай дагы мутацияланып жатат. Жакында эле анын дельта-плюс түрү пайда болгон. Москванын мэри Сергей Собянин шаардыктардын 90 пайызында индиялык штамм аныкталганын билдирген. Ал эми Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасы коронавиурстун бардык түрүнөн коргой аларына ишендирген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди. Бишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека Милициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган. © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека Муну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат. © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека 1 / 3 © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека Бишкек шаардык милициясы уурдалган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркиянын да, Кыргызстандын да паспортун колдонуп жүргөнүн билдирди Милициянын маалыматына ылайык, Инанды Түркиянын жарандыгы тууралуу паспорту болуп туруп 2012-жылы 28-июнда Кыргызстандын ID, ал эми 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алган."Орхан Инанды Кыргызстандын паспортун алгандан кийин Түркиянын паспортун колдонуп 27 жолу чек арадан өткөн. Тагыраак айтканда, 2014-2018-жылдары Кыргызстандан Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Россия, Түркия жана Индияга учкан. Ал паспортунун мөөнөтү 2024-жылдын 27-июнуна чейин жарактуу болгон. Ал эми 2018-жылдан кийин кыргыз паспортун 9 жолу колдонуп, Россия, Казакстан жана Индияга учуп турган", — деп айтылат маалыматта. © AFP 2021 / HENDRIK SCHMIDT Жапаровдун маалымат катчысы: бийлик Инандыны Түркияга өткөрдү деген шектенүү абсурд Муну менен Инанды эки мамлекеттин тең паспортун колдонуп жүргөнү айтылат."Ошол эле учурда Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөнүн жана Түркиянын жарандыгынан баш тартпаганын белгилей кетүү керек", — деп билидиришти милициядан. Мындан сырткары, тиешелүү кызматтар тарабынан 2019-жылы Инандынын кыргыз паспортун алышынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, иликтене баштаганы белгиленди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте коронавирус менен ооругандарга орун жетпей баратса, дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орун ачуу пландаштырылган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Билдирмеге караганда, башка аймактарга салыштырмалуу Бишкекте ооругандар көп болгондуктан, адистер ооруканадагы бош орундарга эки саат сайын мониторинг жүргүзүп турушат."Зарыл болгон учурда дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орундарды даярдоо пландалууда. Аймактарда орун жетиштүү", — деп айтылат маалыматта. Өлкөдөгү дарыканаларда коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармек жана медициналык каражаттар жетиштүү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дубайда Жебел-Али портундагы мунай сактоочу жайдын аймагында катуу жарылуу болгону айтылды. Бул тууралуу "Аль-Араби аль-Жадид" гезитине таянуу менен РИА Новости жазды. Al-Arabiya телеканалы билдиргендей, окуя токтоп турган кемеде болгон."Учурда Дубайдын жарандык коргонуу департаменти Жебел-Али портундагы кеменин бортунда контейнердин жарылуусунан чыккан өрттү өчүрүүдө", — деп билдирген өкмөт. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Бийлик өрттү көзөмөлгө алганын билдирген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы арбитраждык сотко кыргыз өкмөтүнө каршы кошумча доо арыз жазып, "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасын "Кумтөр" кенин мыйзамсыз тартып алды деп айыптап чыкты. Бул тууралуу ишкананын сайтында кабарланды. Канадалык компания КР өкмөтү менен "Кыргыз алтын" ишканасын "кенди ээлеп алуу жана мурдагы инвестициялык келишимдерди бузуунун негизинде келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликке тартууну" өтүнүүдө. Ошондой эле Centerra Gold Inc. өзүнүн ири акционери "Кыргыз алтынды" тышкы башкаруучу болумуш болуп, кенди өз көзөмөлүнө алуу үчүн өкмөт менен сүйлөшүп алып иш кылууда" деп айыптап жатат. Ошол эле учурда "Кыргыз алтындын" 100 пайыз акциясына өкмөт ээлик кылары белгилүү. Эске салсак, канадалык компания Кыргызстанды 16-май күнү сотко берген. Centerra кенди сырттан башкаруу чечимин жокко чыгарууга аракет кылууда. Териштирүүлөр БУУнун Эл аралык соода комиссиясынын эрежелерине ылайык, Стокгольм шаарында (Швеция) өткөрүлөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы арбитраждык сотко кыргыз өкмөтүнө каршы кошумча доо арыз жазып, "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасын "Кумтөр" кенин мыйзамсыз тартып алды деп айыптап чыкты. Бул тууралуу ишкананын сайтында кабарланды. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Уурдаганыңарды кайтаргыла! "Кумтөр" жамааты Centerra жетекчисине жооп берди Канадалык компания КР өкмөтү менен "Кыргыз алтын" ишканасын "кенди ээлеп алуу жана мурдагы инвестициялык келишимдерди бузуунун негизинде келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликке тартууну" өтүнүүдө. Ошондой эле Centerra Gold Inc. өзүнүн ири акционери "Кыргыз алтынды" тышкы башкаруучу болумуш болуп, кенди өз көзөмөлүнө алуу үчүн өкмөт менен сүйлөшүп алып иш кылууда" деп айыптап жатат. Ошол эле учурда "Кыргыз алтындын" 100 пайыз акциясына өкмөт ээлик кылары белгилүү. Эске салсак, канадалык компания Кыргызстанды 16-май күнү сотко берген. Centerra кенди сырттан башкаруу чечимин жокко чыгарууга аракет кылууда. Териштирүүлөр БУУнун Эл аралык соода комиссиясынын эрежелерине ылайык, Стокгольм шаарында (Швеция) өткөрүлөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип дагы бир депутаттыкка талапкер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди. Кечээ, 7-июлда, түнкү саат 22.00дөр чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "шайлоочулардын добуштарын сатып алууга" шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинди. Ал Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер экени аныкталган."Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынды. Тиешелүү көрсөтмөлөр топтолуп, күбөлөр суралууда. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу дагы кошумча маалымат берилет", — деп айтылат кабарда. Ал эми кечээ да добуш сатып алуу фактысы менен кармалган депутаттыкка талапкер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилгени айтылат. Белгилей кетсек, ушул жекшемби күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча №608/609 жүргүнчү поезди күн сайын каттайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. Бишкектиктер Балыкчыга поезд менен күндө 19-июлдан тарта 31-июлга чейин бара алат. Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин беш вагон, жумадан жекшембиге чейин тогуз вагон жүрөт. © Sputnik / Асель Сыдыкова Матмуратов: Европа өлкөлөрүнө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн Поезд Бишкектеги станциядан эртең менен 07:00дө чыгып, Балыкчыдагы станцияга 11:59да жетет. Кайра ошол эле күнү саат 17:15те поезд борбор калаага чыгып, саат 22:03тө келип калат. Жол акысы чоңдор үчүн 69 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 34 сом, ал эми беш жашка чейинкилерге бекер (эгерде бир кишинин бир баласы болсо). Билеттерди Темир жол бекетинин кассасынан же поезддин өзүнөн сатып алса болот. Коронавируска каршы чектөөлөргө байланыштуу жүргүнчүлөр вагондун ичинен маска тагынышы керек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Онкологиялык оорусу бар бейтаптарды коронавируска каршы эмдөө боюнча илимий изилдөөлөр аз, бирок коронавирус оор формада өтүп, өлүм учурлары катталып жаткандыктан, рак менен жабыркаган кишиге вакцина саюу зарыл. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун клиникалык иш боюнча жетекчисинин орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбеков брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, рактан бир нече жыл мурда дарыланган жана азыркы убакытта ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптар жеке дарыгери менен кеңешип, коронавируска каршы эмделсе болот. Ал эми азыркы тапта шишикке каршы дарыланып жаткандардын (химиотерапия алып, операция жасалгандар) иммунитети алсыз болушу мүмкүн. Адис белгилегендей, булар коронавирус жуктуруп алса, тумоо оор формада өтүшү ыктымал. Ошол эле маалда эмдөө натыйжалуу да болбой калышы мүмкүн."Кандай гана болбосун аларды карап жаткан дарыгери менен акылдашып, кеңешип туруп эмделе турчу бейтап катары эсептөө керек. Башкача айтканда, дарыгери уруксат берсе вакцина саюу зарыл", — деди Дөөлөтбеков. Маалым болгондой, 2020-жылы ракка кабылган 5 377 бейтап каттоого алынган. Былтыр онкологиялык оору менен алышып 3 539 адам көз жумган. Азыркы тапта рак оорусу менен жабыркаган 28 586 киши каттоодо турат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Шарджа — Бишкек — Шарджа багыты боюнча авиакаттамдар жандандырылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Каттам жумасына үч жолу шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Бул багытта 16-июлдан тарта Air Arabia авиакомпаниясынын учактары ишке киргизилет. Маалыматта "Манас" эл аралык аэропорту учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында авиакомпанияларды тартып, жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүп жатканы белгиленет.
Sputnik_kg
Кумтөр кенинин тегерегиндеги териштирмей республиканын соңку тарыхында тынымсыз кайталанат. Борбор Азиядагы эң ири алтын кени өлкөгө өнүгүү үчүн эбегейсиз ресурстарды бермек, бирок кыргызстандыктар, куру дегенде көпчүлүк долбоордон андай каражаттын келгенин сезе албады. Талаштын негизги предмети — канадалык компания жана КРдин ортосундагы кирешени бөлүштүрүү болууда. Кумтөр — Centerra Gold Inc. ишканасына кирешенин басымдуу бөлүгүн алып келген негизги актив. Мисалы, 2020-жылы аталган компанияга кен пайданын 58 пайызын камсыз кылган. Ал тургай жалпы кирешенин 90 пайыздан ашуунун камсыздаган жылдар да болгон. Кумтөрдү улутташтыруу негизги саясий тренддердин бирине айланганы таң каларлык деле эмес. Бул маселе ар бир мамлекеттик төңкөрүштөн кийин көтөрүлчү. Бирок Садыр Жапаровдун тушунда гана өкмөт кескин кадамдарга барып, кенди көзөмөлгө алып, өз алдынча иштете баштады. Анткен менен бул ушуну менен токтоп калчудай эмес. Кыргызстан көп нерсени тобокелге салган жаңы окуя башталып туру. Кумтөрдүн тарыхы 1978-жылга барып такалат, советтик геологдор кенди ошол жылы табышат. Он бир жылдан кийин аны өздөштүрүү долбоору түзүлөт, бирок иштетүүнү кийинкиге жылдырышат. Кээ бири буга өндүрүштүн кымбаттыгы себеп болгон дешсе, айрым версияларда экологияга залал келтирбеш үчүн токтотулган деп да айтылат. Көз карандысыздык алганы кенге инвесторду Кыргызстан өз алдынча издөөгө киришет. 1991-жылы КРдин тунгуч президенти Аскар Акаев «Сиабеко–Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорациясын түзүү жөнүндө жарлык чыгарат. Жетекчилигине СССРден Канадага жер которуп, Seabeco компаниясын түптөгөн ишкер Борис Бирштейнди дайындайт. Кийин анын ошол ишканасы алдамчылык жана акча адалдоого айыпталып жабылганы белгилүү. Ошол убакта уран казуу менен алектенген канадалык Cameco Corporation («Камеко») ишканасы «Сиабеконун» ортомчулугу менен Кумтөрдү иштетүүгө укук алат. Ал жылдары эле кендин тегерегинде биринчи талаш-тартыштар жаралат, корпорация менен кызматташууну Аскар Акаев жана анын өкмөтү жактайт. 1992-жылы «Камеко» менен башкы макулдашууга кол коюлат, бирок легендарлуу парламенттин (1990–1994) депутаттары караманча каршы чыгышкан. «Кылдаттык менен талдап чыккан соң Акаевге шашылбоо керектигин айттык. Канадалык гана компания катышкандай болбосун деп тендер жарыялоону сунуштадык. Мисалы, россиялык же казакстандык ишкананы тандоого эмнеге болбосун деп сурадык. Акаев таптакыр кулак салбай чечим чыгарууга ашыккан. Шарттар Кыргызстандын пайдасына эмес, Кумтөрдүн эсебинен айрым адамдардын байыгысы бар экени айдан ачык болуп тургандыктан макул болгон жокпуз. Бирок Акаев өз жарлыктары менен аракет көрүүгө өтүп, «Камекону» түртмөлөй берди. Ал эми 1994-жылы бийлигин күчтөндүрүү үчүн жасалма түрдө парламенттин өзүн-өзү таркатуусу боюнча демилге көтөрдү», — дейт легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев. 1994-жылы Кыргыз өкмөтү алып, алтын кен казуучу фабриканын курулушун баштаган. Ошентип, туура үч жылдан соң – 1997-жылы алтындын коммерциялык өндүрүшү старт алган. Кыргызстан менен "Камеконун" ортосундагы үлүштү бөлүп, «Кумтөр голд компани» жабык акционердик (КГК) коомун түптөшкөн. Ошондо «Кумтөр» төмөнкүдөй шарттарда иштетилген: КГКнын 2/3 акциялары Кыргызстанга, ал эми 1/3 — «Камекого» таандык; КГКга 2009-жылга дейре 10070 гектар ижарага берилет; Концессиялык келишим 2042-жылга чейин иштейт; «Камеко» жана ага тектеш компанияларга, ошондой эле чет өлкөлүк подрядчиктердин өкүлдөрүнө 2003-жылга чейин салык же кандайдыр жыйым алынбайт (жер ижара акысынан тышкары). «Камекону» салыктан бошоткон жеңилдик мөөнөтү бүткөндө канадалык өнөктөш өз келишимин сунуштайт. Анда Centerra Gold Inc. ишканасын түптөө, ага «Кумтөр голд компанини» жана «Камеконун» бардык активдерин берип (үч тоо-кен долбоорун жана акционердик заемдордогу үлүштөр), андан соң үлүштү бөлүштүрүү камтылган. Кыргызстандын өкмөтү макул болгон. Ошол реструктуризациядан кийин өлкө атынан «Кыргыз алтынга» Centerra 33 пайыздык, «Камекого» — 67 пайыз деп белгиленет. 2004-жылы Centerra IPO чыгып, акцияларды Торонтодогу фондулук биржага чыгарат. Үлүш төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: Кыргызстандын үлүшүнүн кыскарышы акциялардын бир бөлүгүнүн сатылышына байланыштуу болгон. Ошондон тарта өлкө Кумтөрдүн көзөмөлүн иш жүзүндө колдон чыгарган. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бийлик алтынды акцияга алмашкан, бул – кыйла тобокелдүү актив эле. «Камеконун» бардык активдери ойдон чыгарылган, алтындын кору салыштырылгыс болгон. Кимдир бирөөнү күнөөлөш кыйын, бирок коррупциялык элементтер аралашкандай. Алтынды акцияга алмашуу кирешесиз. Түз эле пайданы алып туруш керек болчу, ошондо биз бүгүнкүдөй өлбөстүн күнүн көрбөйт элек», — деп кейийт геолог, парламенттин алгачкы чакырылышынын депутаты Гани Асаналиев. 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы өкмөткө токтомду жокко чыгарууга кеңеш берген, бирок ал чечимди аткарышкан эмес. 2005-жылы да парламенттин ушул эле палатасы токтомду мыйзамсыз деп тапкан, анткен менен жагдайга бул эч кандай таасир эте алган эмес. Ошондон эки ай өтпөй өлкөдө биринчи мамлекеттик төңкөрүш болуп, Аскар Акаев башында турган бийлик кулатылат. 2007-жылы өкмөт кайрадан Кумтөр менен алышат, андан майнап чыгып Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен. Бирок ошол тушта парламент менен министрлер кабинети алмашып кетип, баары кагаз бетинде гана калган. 2009-жылы КГКнын жер ижаралоо мөөнөтү аяктап, Кумтөр маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Расмий түрдө сүйлөшүүлөрдү ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын «Кыргыз алтындын» директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев жүргүзгөн. Жаңы келишим түзүлүп, ага ылайык «Камеко» ишканасы «Кыргыз алтынга» акцияларынан бөлүшкөн, ал эми Centerra КРдин пайдасына эмиссия кылган. Ошону менен бирге эле канадалыктарга иштетүүгө кошумча аянт берилип, долбоордук компаниялар салык төлөөдөн 2042-жылга дейре бошотулган. Натыйжада төмөнкүдөй жагдай түзүлөт: Кыргызстанга Centerra компаниясындагы үлүшү 15,66 %дан 32,75 %га өскөн; Концессиялык аянт 10 миңден 26,3 миң гектарга кеңейтилген; Долбоордук компаниялар 2042-жылга чейин салык (макулдашууларда каралгандардан сырткары) төлөбөй турган болгон. «Кыргыз алтынга» өз акцияларынан бөлүшкөн «Камеко» долбоордон чыгып, өз пакетин 908 миллион Канада долларына (бул АКШ долларына которгондо 863 миллион долларга чамалайт) CIBC World Markets Inc. жана RBC Capital Markets жетектеген камсыздандыруучу компаниялардын синдикатына сатып жиберген. Ошондон көп өтпөй Кыргызстанда кайрадан бийлик алмашып, Курманбек Бакиев өлкөдөн качат. Абал турукташкан соң ошондогу жаңы бийлик да Кумтөр маселесине киришет. 2012-жылы премьер-министр Өмүрбек Бабанов концессиялык аянтты кеңейткен мурдагы өкмөттүн токтомун жокко чыгарат. Мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал канадалык компаниянын түптөлгөндөн берки ишин, анын ичинде ишкананын экологиялык нормаларды сактап-сактабаганын да талдайт. Интернеттин өнүгүшү, коомдун саясатташканы жана башкаруунун жаңы тутуму ачыктыкка шарт түзгөн. Кыргызстандыктар Кумтөрдүн тегерегиндеги кырдаалга тыкыр көз салып турган. Мамлекеттик комиссия бул иште башынан бери мыйзам бузуулар болгон деген тыянакка келген. Подрядчикти тандоо механизми ачык жүргөн эмес, курулуштун баасын кымбат көрсөтүшкөн, «Камеко» кендин өзүн күрөөгө коюп, инвестиция издеген. Комиссия чыгарган жыйынтыктарга таянсак, Кыргызстан 2003–2004-жылдардагы келишимден эң көп жоготууга учураган. Ошондой эле корутундуда «Камеко» (Бороо, Гацуурт жана REN) активдеринин наркы ашыкча бааланганы, акционердик заёмдору карызга эмес, акцияга которулганын, бул компаниянын үлүшүн бир кыйла жогорулатканы белгиленген. Мамлекеттик комиссиянын отчётунда Кыргызстандын активдерин баалоодо «Камеконун» 1992–1994-жылдагы маалыматтары пайдаланылып, запастын (237 тоннадан 57си) жана болжонгон ресурстардын бир бөлүгү (200 тоннадан 21и гана) эске алынган. «Centerra компаниясында иштетилген эки — Кумтөр жана Бороо (анан калса Бороо жабылуу алдында) кендери бар, калган сегиз тилке изилдөө, чалгындоо же даярдык баскычында. Ошол эле убакта Кумтөр Centerra компаниясына негизги киреше алып келүүчү бирдик болуп саналат, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы пайдасынын дээрлик 92 пайызын түзгөн», — деп маалымдаган мамлекеттик комиссия ошондогу тыянагында. 2009-жылы шарттарды кайра карап чыгууга 2003–2004-жылдардагы келишимдер негиз болгон, комиссия анын Кыргызстандын кызыкчылыгына мурдагыдай эле туура эмес келет деген пикирди тутунган. Отчётто ошондой эле башка акчалай жоготуулар, "шектүү каржылык операциялар" жана Centerra компаниясынын майнапсыз башкаруусу тууралуу да фактылар камтылган. Мамлекеттик комиссиянын отчётунда экологиялык зыян туурасында: жер кыртышынын бузулушу, Петров көлүнөн сууну акысыз пайдалануу, мөңгүлөрдү бүлүндүрүү жана булгоо, залалдуу заттардын чыгарылышы боюнча да айтылат. Бул уулуу калдык сактагычка алтынды кенден бөлүп алгандан кийинки калган бардык зыяндуу заттар түшөт Жумушчу топ 2009-жылдагы макулдашуудан баш тартууга кеңеш берип, мөңгүлөрдү бүлүндүрүүгө тыюу салып, жер алдындагы казууга, ал тургай жемкорлукка айыптоо менен канадалык менеджерлерди сотко берүүнү сунуштаган. «Пара берүүгө аралашкан Centerra Gold Inc. жана Cameco Corporation менеджерлерин сотко берүүгө кыргыз тараптын акысы бар. Канаданын Королдук атчан полициясынын жемкорлукка каршы бөлүмүндө, Канада жана АКШдагы биржа жана баалуу кагаздар комиссиясына паракорчулук, кирешени адалдоо жана жемкорлук шеги менен иликтөөнү демилгелөө зарыл. Ошондой эле кыргыз тарап акционер катары эң маанилүү маалыматтарды жашырып коюу, инвестор жана акционерлерди жаңылтуу жана алдоо боюнча Торонтонун фондулук биржа органына — баалуу кагаздар боюнча Онтарио комиссиясына жана Нью-Йорк штатынын баалуу кагаздар жаатындагы ыйгарым укуктуу органына даттана алат», — деген корутунду чыгарган мамлекеттик комиссия. Компания менен кезектеги сүйлөшүүлөр башталган. 2013-жылы өкмөт өзүнүн Centerra компаниясындагы үлүшүн Кумтөр долбооруна 50 пайыздык үлүш менен катышуу укугуна алмашкан. Жогорку Кеңеш 67 пайыздык үлүштү талап кылып, андай макулдашууну колдоодон баш тарткан. Ошол тушта Ысык-Көл облусунун тургундары 2009-жылдагы келишимди бузууну жана Кумтөрдү улутташтырууну талап кылып митингге чыккан. Ошондо ЖК депутаты Садыр Жапаров улутташтырууну катуу жактаган. КРдин Мамлекеттик экотехинспекциясы «Кумтөр голд компанини» жергиликтүү сотко берип, канадалык инвестор менен сот процессин баштаган. Адегенде доо арызды кабыл алышкан эмес, бирок 2016-жылы кыргызстандык соттор талапты канааттандырган. Сот жараяны жүрүп жаткан чакта Centerra Кыргызстандын расмий макулдугусуз эле Thompson Creek компаниясын сатып алат. Анын айынан республиканын үлүшү 26,1 пайызга түшкөн. Кийин компанияны саткан директор Centerra ишканасына келип, жаңы актив дээрлик эки пайызга түшүп кеткен. 2014-жылы өкмөт КРдин Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Алар мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө себеп болгон иштерге тыюу салууга тиешелүү эле. Бирок документте Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө өзгөчөлүк берилген. Сунуш катуу сынга кабылган. Министрлер кабинети буга "Кумтөр" бюджетке көп каражат төгөрүн, ишкананын ишин токтотууга болбостугун жүйө катары келтиришкен. Андан мурдараак Centerra жер алдындагы долбоорду токтотуп, муну чыгымдарды азайтуу менен түшүндүрүшөт. Бирок геологдор жер алдында кен казуу мөңгүлөрдүн көп бөлүгүн сактап каларын кан какшап кайталашат. Мыйзам коомдук талкуудан өтүп, парламентте каралганча Кумтөр боюнча сот процесстери эл аралык инстанцияларга жеткен. 2016-жылы Centerra созулуп кеткен талаштан улам Кыргызстандын өкмөтүн сотко берип, чечилбей жаткан маселе долбоордун ишине жолтоо болууда деген доомат койгон. Тараптар макулдашып, 2017-жылы Суу кодексине өзгөртүүлөр парламент тарабынан кабыл алынган. Ошол мыйзам долбооруна Алмазбек Атамбаев өз президенттигинин акыркы күнү кол койгон. «Мөңгүлөр аба ырайынан улам эрип, климаттын глобалдык өзгөрүшү жүрүүдө. Документтерди, эксперттердин пикирлерин карап жатам. СССР кезинен берки каталог, эски маалыматтарды алып чыктым. Кыргызстанда 6 771 мөңгү бар. Мыйзам экөөнө гана тиешелүү — бул жалпы аянттын 0,14 пайызы. Кен 23 жыл мурда иштетиле баштаган. Эмнеге дал азыр бул маселе көтөрүлүүдө?» — деген Атамбаев ошол өзгөртүүлөрдү кабыл алуудан бир нече күн мурунку маалымат жыйынында. Ошондой эле ал канадалык компаниядан кенди иштетүүнүн кесепеттерин жоюу керектигин талап кылуу зарылдыгын кошумчалаган. Эки жылдан кийин өкмөт 2009-жылдагы макулдашууну бекитип, экологиялык дооматтардан баш тартып, Centerra менен келишим түзөт. Ал үчүн инвестор 2026-жылга чейин 150 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилет. 2019-жылдын аягында кенде дагы бир кырсык болот: кенди иштетүү зонасында мөңгүнүн жылышынан улам көчкү жүрүп, эки жумушчуну басып калат. Алардын сөөгү ошол бойдон табылган эмес. Кейиштүү окуялардын бири 2012-жылы да болгон. Лысый мөңгүсү жылып, вахталык кыштакты талкалаган. Кудай жалгап кырсыкта жоготуулар болгон эмес. Ошол кырсык мөңгүлөрдүн жылышына көз салуучу системаны орнотууга себепчи болгон. Эң ири кырсык 1998-жылы катталган. Алтын казуучу компаниянын натрий цианидин ташып бараткан жүк ташыган автоунаасы Барскоон дайрасына кулайт. Жакынкы кыштактан беш миңге чукул тургун коопсуз жайга көчүрүлөт. Анда өкмөткө доо арыздан баш тартып жана жоопкерчиликти өзүнө алуусу үчүн кыргыз өкмөтүнө 4,5 миллион доллар төлөп берилген. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан соң бийликке Кумтөрдү улутташтырууну жактаган Садыр Жапаров келди. Кыргызстандыктар анын негизги убадаларынын бирин кантип аткарарын күтүп жатышкан. Мурда эл аралык доолордон жана кенди өз алдынча иштетүүдөн чочулаган бийлик кенди улутташтыруудан баш тартып келгени жагдайды ого бетер кызыткан. Ошондуктан улутташтырууга чакырыктар популизм катары сыпатталчу. Жаңы бийлик активдүү аракеттерге быйыл май айында өттү. Парламент экологиялык талаптар бузулган шартта Кумтөрдү убактылуу сырттан башкарууга алууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Эртеси күнү жергиликтүү сот «Кумтөр голд компани» ишканасынан экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн 3 миллиард доллар, андан соң камсыздандыруучу төгүмдөр боюнча карыздары үчүн дагы 25 миллион доллар өндүрүү чечимин чыгарды. Май айынын ортосунда Жогорку Кеңеш КГКны текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын тышкы башкарууну киргизүү жөнүндөгү сунушун кароого киришти. Жыйында коомго Тенгиз Бөлтүрүк тааныштырылды. Өкмөт ал кишини тышкы башкаруучу кылып дайындоону чечкен. Ал өзү канадалык инженер лицензиясына ээ, 13 өлкөдөгү 18 тоо-кен долбоорунда тажрыйбасы бар экенин, Садыр Жапаровдун чакыруусу боюнча келгенин айткан. Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын декабрында президенттин демилгеси менен тийиштүү маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк алуу үчүн Тенгиз Бөлтүрүктү Centerra директорлор кеңешине Кыргызстандын өкүлү катары дайындашкан. Ошондой эле мурда Тенгиз Бөлтүрүк кыргыз бийлигине Centerra менен макулдашууну бузуп, компаниянын менеджерлерин жана мурдагы премьер-министрлерди жоопко тартууга чакырып келгенин билдирген. Мамлекеттик комиссия Centerra тараптан бир катар, атап айтканда, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндө калдыктарды сактоо боюнча мыйзам бузууларга жол берилгенин белгилеген. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманованын айтымында, КРдин Суу кодексине киргизилген түзөтүүлөрдү мөңгүлөр зонасында ишмердикке уруксат берген, бирок калдыктарды сактоо бир нече мыйзам менен тыюу салынган. Комиссия КГК жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кеткенин жана мөңгүлөрдүн жылышына көз салуучу системаны сырттан өчүргөнүн да кабарлаган. Анын маалыматына таянсак, кен иштетиле баштагандан бери Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми канадалык компания — 11,5 миллиард доллар тапкан. Алтын кору кенде Centerra ишканасынын расмий маалыматтарына караганда алда канча көп. Ошентип тышкы башкаруу Тенгиз Бөлтүрүккө тапшырылды. Мамлекет баары бир кенди өз алдынча иштете алары анык болуп чыкты. Алгачкы айда IT-система калыптандырылды, 44 миң унций алтын сатылып, 40,3 миллион доллар алынды, калдыктар мөңгүлөрдөн ылдый жакта сактала баштады. Өкмөт мурда Centerra баш тартып келген жер алдында кен казууга өтүүнү пландоодо. Канадалык компания кыргызстандыктарга кайрылуусун өз сайтында кыргыз жана орус тилдеринде жарыялады. Эки айга чукул убакыттан бери аны улам жарнамалоодо, эгер Google сервисинен «Кумтөр» же «Centerra» деп издесеңиз, ошол кайрылуу алдыңкы сапка чыгат. Анда эл аралык стандарттарда иш алып барганын, ал эми Кыргызстандын өкмөтү кенди негизсиз айыптоолордун негизинде тартып алганы жазылган. Centerra мындай аракеттер өлкө экономикасына жана инвестициялык климатка коркунуч туудурарын белгилейт. Кайрылууда компания долбоорго 3,4 миллиард доллар инвестициялаганы, дагы 2 миллиард доллар салуу пландалганы да айтылат. Centerra мурдагыдай эле диалогго даяр экенин, бирок кыргыз бийлиги баш тартып жатканын кабарлайт. «Биз кыргыз калкы менен Кыргызстанга да, компаниябызга да пайда алып келген узак кызматташуубуз менен сыймыктанабыз. Абдан сонун бул өлкөгө инвестициялоону уланта албай турганыбыз көңүл чөгөртөт», — деп жыйынтыктайт кайрылуусун Centerra Gold Inc. президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри. Ишкана маалымат каражаттарына тараткан билдирүүлөрүндө коопсуздук тутумдарын өчүрбөгөнүн, бирок IT-системага кирүүнү убактылуу токтотконун моюнга алат. Centerra сүйлөшүүлөргө даяр экенин дайым кайталап келет. Жагдайга Канада өкмөтү да көңүл буруп, бул окуяларга кейип турганын белгилөө менен тышкы иштер жана соода министрлери чогуу билдирүү жасашты. Бул менен бирге эле Centerra өз канатындагы компанияларды, атап айтканда, КГКны банкроттук жол-жоболорду баштоо менен Нью-Йорктун Түштүк округунун сотуна кайрылып доодон куткарууга тырышты. Бирок андай амалга жол берилген жок. Сот Кыргызстандын укугун кечирээк этаптарда аны буйрук чөйрөсүнөн чыгарууну талап кыла турган укугун калтырды. Мындан сырткары, компания канадалык сот аркылуу Тенгиз Бөлтүрүктү тышкы башкаруудан четтетүүгө да аракет кылууда. Өлкө бийлиги Centerra жетекчилиги мыйзам бузууларды, экологияга келтирилген зыянды качан моюнга алганда гана сүйлөшүүлөрдү баштаарын билдирген. «Компания келтирген зыяндарды моюнга алып жана Кыргызстандын өкмөтү койгон доолорго маани бермейинче анын жетекчилиги менен сүйлөшүүнүн кажети жок. Өкмөттүн жана президенттин пикирин билем, бул менин жеке кайрылуум эмес. Менимче, алар акыры акыл-эс менен караган чечимге келет деп ойлойм. Ал эми кыргыз тарап менен мурдагыдай, өйдөдөн туруп алып сүйлөшүүгө жол берилбейт. Скотт Перриге (Centerra президенти — ред.) да, директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө да декабрь жана февралдагы жыйындарда эскерткенин кабарлайт. Айтымында, ал: "Мындан ары диалог эмес, монолог болот. Биз айта турганды силер тыңдайсыңар. Мамлекеттик комиссиянын чечими мына, биз ишти баштайбыз. Муну тааныбай турган болсоңор, өкмөттүн чечимине жараша аракетке өтөбүз. Кенди башкарууну колго алабыз, ал акыры өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн иштей баштайт», — деген экен. КГКны текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы жана учурда министрлер кабинетинин орун басары Акылбек Жапаров Кыргызстан сүйлөшүүлөр жүрө турган болсо төмөнкү шарттарды коёрун маалымдаган: республика Centerra акцияларынын көзөмөл пакетин алат, өлкөнүн «Кумтөрдөгү» үлүшү 80-90 пайызды түзүшү шарт. Эгер алар буга көнбөсө, КР макулдашууну бузат. Министрлер кабинети сот жараянын утууга мүмкүнчүлүгү жакшы экенине ынанат, анткени жүйөлөр күчтүү деп эсептейт. Анан да сот көбүнчө экологияны коргоо чечимин кабыл алат деген үмүттө. Сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын Кошмо Штаттарда мыктылардын катарындагы Arnold & Porter жана Goodmans LLP юридикалык компаниялары коргойт. Экономист Кубат Рахимов кандай болгон күндө да сот процесси бир нече жылга созуларын боолголойт Анын пикиринде, Канада тарап Кыргызстандан алтын сатып алууга тыюу салынышына таасир этүүгө жөндөмдүү, анда алтын куймаларын КРдин Улуттук банкы гана сатып алат. Бул алтын-валюталык резервдерди кайра бөлүштүрүүгө түртөт, ал эми андай жагдай өз кезегинде инфляцияны күчөтүшү мүмкүн. «Батыштын корпоративдик ааламы дүйнө жүзү боюнча улуттук өкмөттөр менен тирештер жаатында тажрыйбага бай. Ошондуктан күчтүү позицияга карабастан сотто жеңип чыгуу оңойго турбайт. Бирок Centerra ишканасынын өндүрүшүнүн 70 пайызын Кумтөр түзөт. Башкача айтканда, канадалык компанияга азыр жыргатарлык абал эмес, андан көрө ал үчүн макулдашууга көнгөн пайдалуу. Анан да Кыргызстан соттун чечимине жараша аракет этерине кепилдик жок. Centerra акцияларын фонддордон жана «Кыргыз алтындан» сатып алып, кыргыз тарапка бардык нормаларды сактоого кепилдик берип, жер алдында казууга өтүп, калдык сактагычты калыбына келтирип, өндүрүшкө инвестиция кыла турган үчүнчү оюнчунун пайда болушу да мүмкүн жана бул – кыйла пайдалуу вариант. Мындай учурда канадалыктар өз жолун улап, аброюн сактап калмак. Ал эми Кыргызстан акцияларды сатуудан акча таап (бул котировкаларга жараша 500-800 миллион), өзү үчүн жакшыраак шарттарды соодалашып алмак». Ал ортодо Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Кумтөрдү иштетүү жаатында макулдашууларды түзүүдөгү жемкорлук фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө 1992–2019-жылдары айрым жогорку жана башка кызматтагы адамдар билип туруп Кыргызстанга пайдасыз келишимдерди түзүүдө Cameco Corporation жана Centerra Gold Inc. өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүгө барышканын белгилейт. Тийиштүү орган ЖКнын мурдагы жана азыркы депутаттарынын бир нечесин, арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун инисин, ошондой эле аткаминерлерди, анын ичинде экс-премьер Өмүрбек Бабановду камакка алды. Адистер жемкорлук фактысы далилденсе, бул эл аралык сотто Кыргызстандын сүйлөшүү позицияларын бекемдей турганын айтышат. Автор Максат Элебесов Дизайнер Даниил Сулайманов Фото Табылды Кадырбеков, Султан Досалиев, Эламан Карымшаков, Игорь Егоров, Акылбек Батырбеков Текстти которгон Айнагүл Сапарбек кызы Маалымат булактары КРдин Юстиция министрлигинин, «Кумтөр Голд Компани» жана Centerra Gold Inc. расмий сайттары, расмий билдирүүлөр
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына барчу Кыргызстандын улуттук командасынын капитаны болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди."Мамлекет башчы Садыр Жапаров балбан Азисбековго Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш салтанатында көтөрүлө турган Кыргызстандын мамлекеттик туусун тапшырат", — деп айтылган аталган федерациянын маалыматында. Токио Олимпиадасынын расмий ачылышы 23-июлда Токио шаарындагы улуттук стадиондо өтүп, ал 8-августка чейин созулат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы өтмөк, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал быйылкы жылга калтырылган болчу. Эске салсак, төрт жылда бир өтүүчү эң ири спорттук мелдешке Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Тагыраагы, күрөш боюнча тогуз, жеңил атлетика боюнча төрт, ошондой эле оор атлетика, дзюдо, фехтование, ок атуу, сууда сүзүү боюнча бирден лицензия бар. Атабек Азисбеков 2019-жылы дүйнө чемпионатында бешинчи орунду камсыздап, өлкөдө биринчилерден болуп Токио оюндарына лицензия алууга жетишкен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров"Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койду. Мындай чечим этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында кабыл алынганы айтылат. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. © Фото / пресс-служба ГРС Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарлыкта жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткаруу, жасалган иштер жөнүндө маалыматты президенттик администрациянын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип туруу тапшырылды. Жободо жеңилдетилген тартипте жарандык алууга керектүү документтер жана бийликтин аракеттери көрсөтүлгөн. Документ менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында өтө жагымсыз жагдай түзүлдү. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул окуя депутаттар мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат угуп, суроолор берилип жаткан учурда болгон."Өлкөдөгү хаостон тажаганбы, бийликке кыжыры келгенби же жөн гана ичи бураганбы, айтор, Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин бири үчүнчү кабаттагы депутаттардын биринин кабинетинин алдында өзүнүн "аргументтерин" таштап кетиптир. Андан кийинки жытты айтып болбойт. Жоопкерчиликсиздик гана буруксуп турду", — деди парламентарий. Бул окуя кайсы депутаттын кабинетинин алдында болгону белгисиз бойдон калды. Кечээ Жогорку Кеңеште "Сапат" лицейлер тармагынын жетекчиси Орхан Инандынын уурдалышы боюнча жыйын болгон. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул жаңылыкты сарказм менен кабыл алышты. Мисалы, журналист Семетей Аманбеков "белгисиз баатыр" тууралуу мындай пост жазды. Пиар-адис Марс Черикчиев бул окуя боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, кезексиз жыйын өткөрүүнү "сунуштады". Ал эми Азиз Пиримкулов аттуу колдонуучу жүктүн баары карапайым элге, бул мисалда тазалоочу болуп иштеген кыз-келиндерге түшөт деген пикирин жазды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жума күнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас өрөөнүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл чөлкөмүндө +19…+24, Нарын аймагында +18…+23 градусту түзөт. Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ошто +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна кол койду. Документ президенттин сайтына эмес, "Эркин Тоо" гезитине жарыяланган. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-июнда кабыл алып, Жапаров 26-июнда кол койгон. Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар каржы булактары, кирешелеринин өлчөмү, чыгымдары тууралуу Мамлекеттик салык кызматына отчет берип турушу керек. Парламент бул мыйзам долбоорун былтыр да сунуштап, бирок коомчулукта жаралган чуудан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койгон эмес. Бейөкмөт уюмдар менен батыш мамлекеттеринин КРдеги элчиликтери бул өзгөртүүлөргө каршы болуп чыгышкан. Жакында эле Франциянын Кыргызстандагы элчиси Жапаров менен болгон жолугушууда мыйзам долбоору тынчсыздануу жаратып жатканын айткан. Президент элчиден анын өлкөсүндө бейөкмөт уюмдар мамлекеттик каржы тууралуу отчёт берип турган мыйзам барбы деп сураганда, дипломат "бар" деп жооп берген."Эмнеге сиздерде отчётту ачык берип турушат, ал эми бизде андай болбошу керек? Мен ушул эле суроону Дональд Луга, Американын Кыргызстандагы элчисине да бергем. Ал да жооп бере алган эмес. Биз дагы каржы кайдан келип жатканын көргүбүз келет. Бул кылмыш эмес да. Миллиард доллардан ала берсин, биз ага кубанычта гана болобуз. Бирок ал акчалар кайда кетип жатканын көргөзүшү керек. Мыйзамда ушул нерсе эле жазылган. Мындан кыйкым издөөнүн кажети жок", — деген Жапаров. Мамлекет башчы ушул эле маселени Финляндиянын элчиси менен https://www.youtube.com/watch?v=jPI1mQHrTSU жолукканда да көтөргөн. Жапаров бул "биздин мамлекетте тартип болуп, силерде башаламан болсун" деген принципке окшоп каларын айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. 2021-2022-окуу жылына кесиптик орто билимге окутууда билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. 2021-2022-окуу жылына 4 131 бюджеттик орун каралган. Министрлик жана ведомстволордун маалыматына ылайык, бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Билим берүү жана илим министрлиги - 2309 орун; Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги - 1335 орун; Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 427 орун; Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги - 60 орун.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаада үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишеним телефондору иштеп жатканын эскертет. Муниципалитет коронавирус менен ооругандардын саны өсүп, шаарда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон турганын белгилейт. Бүгүн 693 адамдан COVID-19 аныкталган."Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы грипп, КРВИ, коронавирустун алдын алуу жана күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Борбор калаада медиктердин 37 мобилдик бригадасы иштеп жатат. Соңку бир суткада 822 дарекке барып, 993 адамдан ПЦР-анализ алды. Мобилдик бригадалар 118 телефон чалуу борборуна түшкөн чакыруунун негизинде барарын белгилейбиз", — деп жазылат маалыматта. Ошондой эле ооруга чалдыккан шаардыктарды Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен кеңеш алып, илдеттен баштапкы стадиясында кутулууга чакырат. Мэрия медиктер ар дайым жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Аны менен катар үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун жетекчилеринин, дарыгерлеринин жана ишеним телефондорунун номерлерин жарыялады. Октябрь райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери Ленин райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери Свердлов райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча алты партия жеңишке жетти. Мандат алышы мүмкүн болгон талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлер, учурдагы депутаттар жана жумушсуздар. Арасында бир ырчы бар. Автоматтык эсептөөчү урнада добуштардын 99,12 пайызы саналгандан кийинки маалыматына ылайык Бишкек шаардык кеңешинин 45 мандаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:"Эмгек" партиясы — 11 мандат: Балакин Сергей Борисович, 33 жашта, "ГрандЭлектроникс" ЖЧКнын директорунун өнүктүрүү боюнча орун басары; Алымбаева Элизавета Бердиевна, 55 жашта, жеке ишкер; Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович, 35 жашта, "Имарат Прогресс" курулуш компаниясынын башкы директору; Акунова Лира, 56 жашта, "Кулан-Ата Алайку" компаниясынын директору; Абдиев Бактыбек Кемелович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Досалиев Эльмир Акуналыевич, 37 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Кенжебаева Светлана Козубаевна, 56 жашта, жумушсуз; Долотбаков Самат Желденович, 37 жашта, жеке ишкер; Султанов Токтосун Султанович, 46 жашта, жумушсуз; Жумагулова Махабат Сагыновна, 43 жашта, жумушсуз; Чалов Ильяз Алмазович, 32 жашта, "Атиаз" ЖЧКнын башкы директору."Ата-Журт Кыргызстан" — 9 мандат Сурапбаев Таалайбек Каримжанович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Токтогулов Максат Сарылбекович, 34 жашта, жумушсуз; Ашырова Айканыш Жоомартовна, 32 жашта, жумушсуз; Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, 39 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Досиев Эдик Шарипович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Нусубалиева Мээрим Макулбековна, 37 жашта, жеке ишкер; Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 41 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Сыдыков Кудайберген Сагынович, 34 жашта, "Темир-Инвест" ЖЧКнын директору; Ашанбаева Өмүркан Бактыбековна, 30 жашта, Свердлов райондук Жарандык актылардын абалын каттоо, паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;"Ишеним" — 8 мандат Аматов Рысбай Аматович, 46 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Исмаилов Сайдахмат Аблезович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Идырова Рамина Рамазановна, 33 жашта, жумушсуз; Акылбеков Асылбек Акылбекович, 40 жашта, "Нарынгидроэнергострой" акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси; Тиллебаев Арнас Маматкадырович, 23 жашта, жумушсуз; Сатыбалдиева Гүлнара Терекбаевна, 61 жашта, "Альфа Көк-Жар" компаниясынын башкы директору; Нурдинов Шаукет Абдулгазисович, 52 жашта, "Лэнкфорд" ЖЧКнын башкы директору; Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович, 38 жашта, "Москва үйү" маданий-ишкердик борбору" компаниясынын башкы директору; Ынтымак" — 7 мандатов Алымбеков Максат Жумакадырович, 37 жашта, Бишкек шаардык мэриянын аппарат жетекчиси; Эргешов Казыбек Кочкорович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Сариев Таалайбек Жолдошбаевич, 47 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Халилова Гульназ Мажитовна, 49 жашта, "БиАСТ Кг" компаниясынын башкы директору; Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта, "Кайнар" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү."Социал-демократтар" — 5 мандат Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, 28 жашта, партия лидеринин орун басары; Темиркулов Таалай Орунбекович, 38 жашта, жеке ишкер; Дүйшөкеева Элнура Качкыновна, 37 жашта, "Moda bella" компаниясынын директору; Абдуллажанов Султанбек Мухтарович, 31 жашта, "Баасыз Строй" ЖЧКнын директору; Сарылдык уулу Илгиз, 27 жашта, "Тянь-Шань Форель" ЖЧКнын башкы директору."Өнүгүү-Прогресс" — 5 мандат Абдыллабек уулу Манас, 40 жашта, жумушсуз; Абдраимов Жылдызбек Асанкулович, 39 жашта, жумушсуз; Садыкова Чолпонай Алмасбековна, 26 жашта, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты; Карымшаков Фархад Саалиевич, 28 жашта, ЖК аппаратында эксперт; Исламов Мухамедазиз Алимжанович, 31 жашта, "Евразия инвестициялык тобу" компаниясында юрист. Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Жалпысынан 104 693 адам добуш берди же шайлоочулардын 24.54 пайызы катышты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча алты партия жеңишке жетти. Мандат алышы мүмкүн болгон талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлер, учурдагы депутаттар жана жумушсуздар. Арасында бир ырчы бар. Автоматтык эсептөөчү урнада добуштардын 99,12 пайызы саналгандан кийинки маалыматына ылайык Бишкек шаардык кеңешинин 45 мандаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:"Эмгек" партиясы — 11 мандат: Балакин Сергей Борисович, 33 жашта, "ГрандЭлектроникс" ЖЧКнын директорунун өнүктүрүү боюнча орун басары; Алымбаева Элизавета Бердиевна, 55 жашта, жеке ишкер; Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович, 35 жашта, "Имарат Прогресс" курулуш компаниясынын башкы директору; Акунова Лира, 56 жашта, "Кулан-Ата Алайку" компаниясынын директору; Абдиев Бактыбек Кемелович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Досалиев Эльмир Акуналыевич, 37 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Кенжебаева Светлана Козубаевна, 56 жашта, жумушсуз; Долотбаков Самат Желденович, 37 жашта, жеке ишкер; Султанов Токтосун Султанович, 46 жашта, жумушсуз; Жумагулова Махабат Сагыновна, 43 жашта, жумушсуз; Чалов Ильяз Алмазович, 32 жашта, "Атиаз" ЖЧКнын башкы директору."Ата-Журт Кыргызстан" — 9 мандат Сурапбаев Таалайбек Каримжанович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Токтогулов Максат Сарылбекович, 34 жашта, жумушсуз; Ашырова Айканыш Жоомартовна, 32 жашта, жумушсуз; Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, 39 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Досиев Эдик Шарипович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Нусубалиева Мээрим Макулбековна, 37 жашта, жеке ишкер; Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 41 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Сыдыков Кудайберген Сагынович, 34 жашта, "Темир-Инвест" ЖЧКнын директору; Ашанбаева Өмүркан Бактыбековна, 30 жашта, Свердлов райондук Жарандык актылардын абалын каттоо, паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;"Ишеним" — 8 мандат Аматов Рысбай Аматович, 46 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Исмаилов Сайдахмат Аблезович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Идырова Рамина Рамазановна, 33 жашта, жумушсуз; Акылбеков Асылбек Акылбекович, 40 жашта, "Нарынгидроэнергострой" акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси; Тиллебаев Арнас Маматкадырович, 23 жашта, жумушсуз; Сатыбалдиева Гүлнара Терекбаевна, 61 жашта, "Альфа Көк-Жар" компаниясынын башкы директору; Нурдинов Шаукет Абдулгазисович, 52 жашта, "Лэнкфорд" ЖЧКнын башкы директору; Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович, 38 жашта, "Москва үйү" маданий-ишкердик борбору" компаниясынын башкы директору; Ынтымак" — 7 мандат Алымбеков Максат Жумакадырович, 37 жашта, Бишкек шаардык мэриянын аппарат жетекчиси; Эргешов Казыбек Кочкорович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Сариев Таалайбек Жолдошбаевич, 47 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Халилова Гульназ Мажитовна, 49 жашта, "БиАСТ Кг" компаниясынын башкы директору; Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта, "Кайнар" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү."Социал-демократтар" — 5 мандат Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, 28 жашта, партия лидеринин орун басары; Темиркулов Таалай Орунбекович, 38 жашта, жеке ишкер; Дүйшөкеева Элнура Качкыновна, 37 жашта, "Moda bella" компаниясынын директору; Абдуллажанов Султанбек Мухтарович, 31 жашта, "Баасыз Строй" ЖЧКнын директору; Сарылдык уулу Илгиз, 27 жашта, "Тянь-Шань Форель" ЖЧКнын башкы директору."Өнүгүү-Прогресс" — 5 мандат Абдыллабек уулу Манас, 40 жашта, жумушсуз; Абдраимов Жылдызбек Асанкулович, 39 жашта, жумушсуз; Садыкова Чолпонай Алмасбековна, 26 жашта, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты; Карымшаков Фархад Саалиевич, 28 жашта, ЖК аппаратында эксперт; Исламов Мухамедазиз Алимжанович, 31 жашта, "Евразия инвестициялык тобу" компаниясында юрист. Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Жалпысынан 104 693 адам добуш берди же шайлоочулардын 24.54 пайызы катышты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар "Кыргыз телеком" ишканасынын директорлор кеңешине коркутуу, кысым көрсөтүп жатат деген маалыматты четке какты. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тууганын бошотуп жибергени үчүн күч түзүмдөрү аталган компаниянын ишине кийлигишип, басым кылып жатат деген маалыматтар тараган."УКМК "Кыргыз телеком" ишканасынын директорлор кеңешинин ишине коркутуу, кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Улуттук коопсуздук органдары "Кыргыз телекомдун" ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок", — деп жооп берген аталган ведомство. Коопсуздук комитети ведомствону жана анык жетекчисинин атын жамынгандарга катуу чаралар көрүлөт деген билдирүү тараткан. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Абайлагыла! Ташиев бийликти сындагандарга эскертүү берген видео"УКМК жана анын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин атым жамынып жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго мыйзамдын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет", — деп айтылган маалыматта. Улуттук коопсуздук боюнча комитеттен эгерде алардын кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүү жана башка кадамдар жасалса аталган ведомствого түз чалууну айтышкан. УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылуу керектигин белгилешти.
Sputnik_kg
Учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы жок болуп, даяр обон, ыргактарга түшүп кетишүүдө. Мындай пикирин Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Кайыпов: учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы, табигый стили жок Анын айтымында, илгери ар бир акындын өз обону, стили болгон."Ысмайыл Борончиев, Калык Акиев, Барпы Алыкулов, Жеңижоктун (Өтө Көкө уулу) өз обону болгон. Аны атайын ырчы, обончуларга чыгартып колдонгон эмес. Ыргагы темпераментине, стилине, ал тургай кебетесине туура келе турган. Кийинки акындардан Ашыраалы Айталиевдин башын чайкап, бир бакырып анан унчукпай калып кайра ырдап баштаганы ага туура келет, жарашат, башкага анча төп келбейт. Бул жагынан алганда учурдагы төкмөлүк өнөрдө ушул нерселерди жоготуптурбуз. Даяр ыргактар менен ырдап, өз стилин таба албай келишет. Кээ бирлери казактын обонуна салып төгүп жатканы байкалууда. Негизи ар бир акындын өзүнүн табигый ыргагы, стили болуш керек. Себеби ал акындык өнөрдүн табиятын ачат. Мисалы, Идрис Айитбаев өзү ылдам сүйлөйт, ошого туура келген ритм тааптыр. Бирок ал обон өнүгүп өзүнүкү боло элек. Баян Акматов деген акын эпикалык чыгармаларды аткарат. Ошол жакка ыктап, айрым учурда кол ойнотуп күү чертип кетүүдө. Азыркы төкмөлөр Токтогулдай, Эсенамандай, Калыктай, Жеңижоктой өзүнүн обондорун, ыргактарын, ыкмаларын таап алса жакшы болмок. Бул жагынан кемчилик байкалууда", — деди Кайыпов. Ошондой эле ал учурдун төкмөлөрү публицистикалык маанидеги ырларды жана кошокторду жакшы өнүктүрүп жатканын кошумчалады. Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор шаардагы алты балдар бакчасынан коронавирус илдетине кабылгандар аныкталып, мекемелер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калган мектепке чейинки мекемелер кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок, алардын баары кезеги менен жабылып, имараттары жаңы окуу жылына даярдалат. Мэрия шаарыдктарды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырууда."Баш калаада вирус жуктургандардын саны улам өсүп жатат. Ошондуктан мэрия сизден бул ишке кайдыгер карабай, дайыма бет кап тагынып, антисептик колдонуп, колду таза жууп, имараттарды желдетип турууну өтүнөт. Шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Келгиле, өзүбүздүн ден соолугубузга жана жакындарыбызга кылдат көңүл буралы. Өзүңөргө жакшы карагыла!", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө. Эскерте кетсек, бүгүн, 8-июлда 1 238 кишиден коронавирус табылса, анын 693ү Бишкек шаарынан аныкталды.
Sputnik_kg
Балага үч жашка чейин эле китеп окуп берүү керек. Жомоктордогу каармандарды туурап, үндү өзгөртүп, анан да дайыма бир убакытта окуп берүү анын кийин китепкөй инсан болуп өсүшүн шарттайт. Бул тууралуу Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Психолог балдарды кантип китеп окууга кызыктырса болорун айтты Анын айтымында, жомок китепти сатып алууда тандоону баланын өзүнө берген жакшы."Азыркы учурда ата-энелер балдарынын китеп окууга анчейин кызыкпай жатканын айтышат. Бирок ошол эле учурда алар смартфон, телевизордон мультфильм көрүп жатпайбы. Демек, биз бала төрөлгөндөн эле анын кызыгуусун китепке бурсак болот. Ал үчүн чүрпө кезинен эле жомок китептерди окуп берүү керек. Бул түшүнбөйт дебей, кыска тексттерден баштап, аны үндү кооздоп, жай, кызыктуу кылып окуп берүү зарыл. Анан да ар дайым бир убакытта кайталаган туура. Бала бара-бара ушуга көнөт. Наристе чоңоюп калганда китеп тандоону өзүнө бериңиз. Бүгүн кайсы жомокту уккуң келет деп сурап, ал тандаган окуяны оюнчуктардын жардамы менен элестүү жеткиргенге аракеттениңиз. Андан соң жомокту бала менен биргеликте талдап, ага суроо узатып, оюн угуңуз. Ата-эненин мына ушундай билинбеген, бирок өтө маанилүү аракеттери эрезеге жеткенде китеп окуганды жактырган адамдын калыптанышына шарт түзөт", — деди Абакова. Психолог мындай балдардан көбүнесе ойлоп тапкыч, окумуштуу, дизайнер же башка багыттагы чыгармачыл инсандар чыгарын кошумчалады. Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор шаардагы алты балдар бакчасынан коронавирус илдетине кабылгандар аныкталып, мекемелер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калган мектепке чейинки мекемелер кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок алардын баары кезеги менен жабылып, имараттары жаңы окуу жылына даярдалат. Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырууда."Баш калаада вирус жуктургандардын саны улам өсүп жатат. Ошондуктан мэрия сизден бул ишке кайдыгер карабай, дайыма бет кап тагынып, антисептик колдонуп, колду таза жууп, имараттарды желдетип турууну өтүнөт. Шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Келгиле, өзүбүздүн ден соолугубузга жана жакындарыбызга кылдат көңүл буралы. Өзүңөргө жакшы карагыла!", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө. Эскерте кетсек, бүгүн, 8-июлда 1 238 кишиден коронавирус табылса, анын 693ү Бишкек шаарынан аныкталды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор шаардагы алты балдар бакчасынан коронавирус илдетине кабылгандар аныкталып, мекемелер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Дагы 19 бала бакча оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Алар жаңы окуу жайына даярдалат. Калган мектепке чейинки мекемелер кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок алардын баары кезеги менен жабылып, имараттары жаңы окуу жылына даярдалат. Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырууда."Баш калаада вирус жуктургандардын саны улам өсүп жатат. Ошондуктан мэрия сизден бул ишке кайдыгер карабай, дайыма бет кап тагынып, антисептик колдонуп, колду таза жууп, имараттарды желдетип турууну өтүнөт. Шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Келгиле, өзүбүздүн ден соолугубузга жана жакындарыбызга кылдат көңүл буралы. Өзүңөргө жакшы карагыла!" — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө. Эскерте кетсек, бүгүн, 8-июлда, 1 238 кишиден коронавирус табылса, анын 693ү Бишкек шаарынан аныкталды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, алты партия жеңишке жетти. Мандат алышы мүмкүн болгон талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлер, учурдагы депутаттар жана жумушсуздар. Арасында бир ырчы бар. Автоматтык эсептөөчү урнада добуштардын 99,12 пайызы саналгандан кийинки маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 45 мандаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:"Эмгек" партиясы — 11 мандат: Балакин Сергей Борисович, 33 жашта, "ГрандЭлектроникс" ЖЧКнын директорунун өнүктүрүү боюнча орун басары; Алымбаева Элизавета Бердиевна, 55 жашта, жеке ишкер; Иманалиев Бактиярбек Бейшенбекович, 35 жашта, "Имарат Прогресс" курулуш компаниясынын башкы директору; Акунова Лира, 56 жашта, "Кулан-Ата Алайку" компаниясынын директору; Абдиев Бактыбек Кемелович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Досалиев Эльмир Акуналыевич, 37 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Кенжебаева Светлана Козубаевна, 56 жашта, жумушсуз; Долотбаков Самат Желденович, 37 жашта, жеке ишкер; Султанов Токтосун Султанович, 46 жашта, жумушсуз; Жумагулова Махабат Сагыновна, 43 жашта, жумушсуз; Чалов Ильяз Алмазович, 32 жашта, "Атиаз" ЖЧКнын башкы директору."Ата-Журт Кыргызстан" — 9 мандат Сурапбаев Таалайбек Каримжанович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Токтогулов Максат Сарылбекович, 34 жашта, жумушсуз; Ашырова Айканыш Жоомартовна, 32 жашта, жумушсуз; Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, 39 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Досиев Эдик Шарипович, 33 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Нусубалиева Мээрим Макулбековна, 37 жашта, жеке ишкер; Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 41 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Сыдыков Кудайберген Сагынович, 34 жашта, "Темир-Инвест" ЖЧКнын директору; Ашанбаева Өмүркан Бактыбековна, 30 жашта, Свердлов райондук жарандык актылардын абалын каттоо, паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;"Ишеним" — 8 мандат Аматов Рысбай Аматович, 46 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Исмаилов Сайдахмат Аблезович, 51 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Идырова Рамина Рамазановна, 33 жашта, жумушсуз; Акылбеков Асылбек Акылбекович, 40 жашта, "Нарынгидроэнергострой" акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси; Тиллебаев Арнас Маматкадырович, 23 жашта, жумушсуз; Сатыбалдиева Гүлнара Терекбаевна, 61 жашта, "Альфа Көк-Жар" компаниясынын башкы директору; Нурдинов Шаукет Абдулгазисович, 52 жашта, "Лэнкфорд" ЖЧКнын башкы директору; Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович, 38 жашта, "Москва үйү" маданий-ишкердик борбору" компаниясынын башкы директору; Ынтымак" — 7 мандат Алымбеков Максат Жумакадырович, 37 жашта, Бишкек шаардык мэриянын аппарат жетекчиси; Эргешов Казыбек Кочкорович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Сариев Таалайбек Жолдошбаевич, 47 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Халилова Гульназ Мажитовна, 49 жашта, "БиАСТ Кг" компаниясынын башкы директору; Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта, "Кайнар" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү."Социал-демократтар" — 5 мандат Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, 28 жашта, партия лидеринин орун басары; Темиркулов Таалай Орунбекович, 38 жашта, жеке ишкер; Дүйшөкеева Элнура Качкыновна, 37 жашта, "Moda bella" компаниясынын директору; Абдуллажанов Султанбек Мухтарович, 31 жашта, "Баасыз Строй" ЖЧКнын директору; Сарылдык уулу Илгиз, 27 жашта, "Тянь-Шань Форель" ЖЧКнын башкы директору."Өнүгүү-Прогресс" — 5 мандат Абдыллабек уулу Манас, 40 жашта, жумушсуз; Абдраимов Жылдызбек Асанкулович, 39 жашта, жумушсуз; Садыкова Чолпонай Алмасбековна, 26 жашта, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты; Карымшаков Фархад Саалиевич, 28 жашта, ЖК аппаратында эксперт; Исламов Мухамедазиз Алимжанович, 31 жашта, "Евразия инвестициялык тобу" компаниясында юрист. Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Жалпысынан 104 693 адам добуш берди же шайлоочулардын 24.54 пайызы катышты.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти. — Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек... — Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр. © Фото / из семейного архива Сыдыкбековых Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен. Жазуучу жубайы Асылгүл менен бирге үч уул, бир кызды тарбиялашты — Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы? — Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен. Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген. © Фото / Александр Федоров Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өткөн — Апаңыз менен кандайча баш кошуптур? — Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү. — Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу? — Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу. © Sputnik / Александр Федоров Сабырбек Сыдыкбеков: атамдын бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу — Кандайча жазуучу болуп калган? — Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи. Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу. — Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек? © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен — "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да. Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес. Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү. © Sputnik / Александр Федоров Залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан "Мен 1000 жыл жашадым" китеби тууралуу — Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз? — Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым. Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң... — Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон? — Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет. Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом. Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан. © Sputnik / Чернов Сабырбек Сыдыкбеков: Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан — Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле? — Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу. Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт.  Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү. — Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле? © Фото / из личного архива Азата Акматова Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам — Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт. Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу. — Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды? — Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Америкадагы Колорадо штатынын тургуну, төрт баланын энеси Хейди Рассел коронавируска каршы вакцина алгандар арасында ойнотулган лотереяда 1 миллион доллар утуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Май айында штаттын губернатору Жаред Полис эмделгендердин арасында лотерея ойнотуларын жар салып, беш киши 1 миллион доллардан утарын айткан. Каражат штаттын вакцинация үчүн бөлүнгөн акчасынан алынган."Утушум төрт баламды чоңойтконго жардам берет. Ошондой эле бул акчанын эсебинен башкаларга дагы колдоо көрсөтө алам деп ишенем", — деди Хейди Рассел. Анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы акчаны пайдалуу нерсеге гана сарпташыбыз керек деп эсептейт. Кыздарынын бири келечекте колледждеги билим алуу акысын төлөөгө үмүттөнүп жатат. Эске салсак, ар кайсы мамлекеттерде элди вакцинага кызыктыруу үчүн ар кандай лотереялар ойнотулуп, кызыктыруучу белектер берилүүдө.
Sputnik_kg
Форум B2B (business to business) форматында туризм тармагындагы ишкерлер, серепчилер ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болот. Мындай маалыматты Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Шатманов: Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт Анын айтымында, эл аралык форумда инвестиция тартуу, келишимдерди түзүү жолдору каралат."Туризмди өнүктүрүү максатында Кыргызстанда түрдүү көргөзмөлөр уюштурулуп келген. Пандемияга байланыштуу бир катар иш-чаралар токтоп калды. Быйыл өлкө башчысы Садыр Жапаров туристтик сезонду ачып берди. Чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү конокторго атайын көргөзмө уюштурулду. Маданий мурастарды жайылтуу аркылуу да көптөгөн долбоорлор каралууда. Мындан тышкары, Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Кыргызстанда ири форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Ага КМШ мамлекеттеринен гана эмес алыскы өлкөлөрдүн туристтик бизнесте ийгиликтүү болгон серепчилер, ишкерлер В2В форматында тажрыйба алмашуу максатында чогулушат. Форумда өлкө туризмин өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү маселелери да каралат", — деди Шатманов. Ошондой эле жетекчи санариптештирүүнүн алкагында долбоорлор каралып жаткандыгын кошумчалады. Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Sputnik_kg
Германияда канышалык доор көпкө узабай калды окшойт, мындан үч ай мурун баары өз нугу менен бараткандай сезилип, Ангела Меркелдин ордуна күзүндө жаңы фрау канцлери келет деген ой бекем болчу. Өлкөдөгү саясий абалга Петр Акопов баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды. Канцлерликке 40 жаштагы Анналена Бербокту алып чыккан "Жашылдар" партиясы тездик менен эл оозуна алына баштаган, рейтинги азыркы ХДС-ХСС партиясынан озуп, 30 пайыздык чекке жетип калган учурлары болгон. Сентябрда өтчү шайлоодо "жашылдар" жаңы коалицияга кирип тим болбостон, ал жактагы негизги күчкө айланып, канцлердин креслосун ээлеп калат дегенден эч ким дээрлик күмөн санабай калган. © Фото / пресс-служба МИД РФ Лавров АКШ, Европа, тышкы саясат жана өзгөрүлмөлүү позициялар туурасында Бирок Анналена Бербоктун жылдызы канчалык тез жанса, ошончолук ылдам өчүп бараткандай. Немец медиаларынан түшпөгөн Бербоктон эл тажай баштады. Албетте, өмүр баянындагы дал келбестиктер, декларацияда көрсөтүлбөгөн төлөмдөр, китебиндеги плагиат да буга өз салымын кошту. Кимден ката кетпеген деңизчи, ошентсе да майда-барат нерсенин баары чогулуп отуруп "жашылдарды" бир топ өмгөктөтүп койду, азыр рейтинги 17-20 пайызга чейин түшүп кетти. Мындагы эң эле жагымсыз нерсе — бийликтеги коалиция өз позициясын бекемдей баштады. ХДС-ХСС партиясынын Меркелдин убагындагыдай 35 пайызы жок, бирок бүгүнкү күнгө 28 пайыз деле жаман эмес. Ал эми кадыр-баркы таптакыр эле түшүп кеткен СДПГ күтүүсүз жерден аброюн кайтарып, эми "жашылдар" менен бирдей көрсөткүчкө ээ болуп калды. Бул сентябрдан кийин азыркы коалиция сакталып калат дегендик эмес, Меркелдин кетиши сыяктуу эле коалициянын да жок болору турулуу иш. Бирок социал-демократтардын баш көтөрүп, Меркелдин мураскору Амин Лашеттин оозго алынышы жаңы коалицияны, оңбу-солбу, эски партиялар түзөрүн көрсөтүп койду. Албетте, коалицияга "жашылдар" деле чакырылат, мында партия башкы ролду кой, экинчиге да жетпей калышы мүмкүн. Ал эми бул Россия үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Анткени "жашылдар" азыр ачык эле атлантикалык оюн көрсөтүп жатат. Партиянын 40 жыл мурун НАТОго, аскердик аракеттерге каршы түзүлгөнүн эске алсак, бул күлкүлүү көрүнүш. Жок, "жашылдар" милитарист болуп кеткен жок, бирок партия глобалисттик долбоорлорго, структураларга баш-оту менен кирип, бул өз кезегинде Россия — Германия мамилесин жөнгө салууга кедергисин тийгизип келет. Мындай абал өзгөчө "Түндүк агым — 2" менен болгон окуяда ачык көрүнүп турат. Бербок дээрлик аягына чыгып калган долбоордон баш тартууда. Анын айтымында, газ түтүгү Украинанын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан имиш, аны керек болсо Путин да тастыктаптыр (ойдон чыгарылган нерсе экени көрүнүп турбайбы). Түтүк ЕБдин жана "чыгыштагы коңшуларынын", б.а., Украинанын тышкы саясий кызыкчылыгына жооп бербейт экен. Европанын тышкы саясий кызыкчылыгына деги эмне жооп берет? Американын суюлтулган газын алуубу? Украинаны атлантизациялоо планыбы? Мындан тышкары, Бербок "Түндүк агым - 2" Европанын энергетикалык көз карандысыздыгына жолтоо болуп жатат деп эсептөөдө. Бирок энергиянын бардык булактарынан баш тартып энергетикалык көз карандысыздык тууралуу кантип сөз кылууга болот? Жашыл энергетика өтө кымбат, кадимки энергетиканы алмаштыра албайт. Муну глобалисттердин "жашыл келечек" тууралуу пропагандасына карабай немецтердин басымдуу бөлүгү жакшы түшүнүп турат. © Sputnik / Дмитрий Лельчук Миллиарддаган доллардан кол жууп... "Түндүк агым — 2" октябрга чейин бүтөбү"Жашылдар" рейтингинин түшкөнүн өтө оор кабыл алып жатышат, керек болсо Бербок аял болгону үчүн ушундай жемеге калды деген да сөз болууда. Бирок Меркелдин 16 жылдык бийлигинен кийин мындай кеп суу кечпей калары шексиз. Ыксыз кепке бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле жакшы жооп берди. Ал "ысыкка чыдай албасаңыз, ашканада эмне жүрөсүз" деген эски макалды эске салды. Анналена Бербок үчүн шайлоо өнөктүгү өтө оор болду окшойт, бирок баарынан да "жашылдар" саясий аренада "сен мага тийбе, мен сага тийбейин" таризде жүрүп көнүп калган шекилдүү. Кылымдар тогошуп жаткан маалда алар бийлик коалициясынын курамында болуп (Герхард Шредердин өкмөтү), Баден-Вюртембергди он жылдан бери "жашыл" Винфрид Кречманн башкарып келди. Буларды федералдык деңгээлде эч ким деле олуттуу кабыл алчу эмес. Ал эми азыр "элдик партиялар" "ХДС-ХСС менен СДПГ) башынан кечирип жаткан каатчылык маалында "жашылдарды" акырын "муунтуп" коюшту. Негизги ролго аракет кылган, мисалы, "Германия үчүн альтернатива" партиясына жасалган мамилени эске алсак, "жашылдарга" өтө эле этият мамиле жасалды. Алдыга жулунган партияларга тыюу сала албай, аны жөн гана желмогуз көрсөтүп, көңүл сыртында калтырып (башка партияларга аталган уюм менен ар кандай деңгээлде иштешүүгө тыюу салып), чет өлкөлөр (албетте, Россия) менен кызматташат деп айыптап, атайын кызматтын көзөмөлүндө болуп жатышпайбы. "Жашылдар" мындайга туш болбойт, анткени "Альтернатива" бийлик истеблишментине жакпаган чынында контрэлиталык партия. © AP Photo / Manu Fernandez Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери Ал эми "жашылдар" — чет жактын таасири күчтүү системалык оюнчулардын бири. Бирок бул атлантикалык, глобалисттик структуралардын таасири экени немец элитасын ойго салып келет. Андыктан "жашылдарды" өз ордуна, олуттуу адамдардын кичи өнөктөшү катары жылдырып коюп жатышат. Мындай адамдар Германияны Меркель кеткенден кийин деле бийлейт, алсак ошол эле 78 жаштагы Вольфганг Шойбле. Бул адамдын канцлер болууга меркелдерге чейин эле мүмкүнчүлүгү бар болчу. Меркель озуп кетти, бирок Шойбле таасирин да, дымагын да ошол тейде сактап калды. Бир жакка кетейин деген да ою жок, ал азыр өлкөдөгү "номер экинчи адам", кайрадан парламентке талапкерлигин коюп жатат. Германияны мындан ары баштап-көздөп кетүүгө "жашыл" Анналенанын дарамети чектелүү эмеспи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ эки кыз сууга чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Кечээ кечке жуук 102 кызматына Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө 16 жана 18 жаштагы кыздар чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ эки кыз сууга чөгүп кеткен © Фото / пресс-служба МЧС КР Кечээ кечке жуук 102 кызматына Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө 16 жана 18 жаштагы кыздар чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. © Фото / пресс-служба МЧС КР 1 / 2 © Фото / пресс-служба МЧС КР Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ эки кыз сууга чөгүп кеткен Кечки саат жетилерде издөө иштерин жүргүзүү үчүн үч куткаруучу барган. Суудан кыздардын биринин сөөгү саат 19:30да, ал эми экинчисиники саат 21:10до табылган. Куткаруучулар маркумдарды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунда польшалык альпинист кечээ, 7-июлда, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты."7-июль күнү болжол менен саат 7:15тер чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган Б.П. аттуу жараны жүрөгү кармап каза болду", — деп билдиришти милициядан. © YouTube / Life Новости Тарт, кеттик! Эльбруста муздун жаракасына түшүп кеткен кишини куткарган видео Маалыматта 2-июлда базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык 2 альпинист келгени айтылган."Эки күндөн соң 4400 метр бийиктикке, дагы эки күндөн соң 4800, ал эми 7-июлда 5100 метр бийикке чыккан. Кайра түшүп келе жаткан учурда саптын алдындагы П. Б. эс-учун жоготуп жыгылган. Жасалма дем алдыруу кылганы менен өзүнө келе албай каза болгон", — деп кабарланды. Милициядан бул окуядан кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын айтышты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер бюджетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын алты айында коррупция жана мыйзамсыз баюу беренелери боюнча 34 кылмыш иши козголган. Анын алкагында жогорку кызматтарда иштеген 32 адам кармалган. Алар мамлекетке 26 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталып, учурда 6 миллиард сомго чукулу кайтарылды."Биздин укук коргоо органдарынын тарыхында буга чейин мынчалык жыйынтык болгон эмес. Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылдын 10 айында болгону 100 миллион сом кайтарылган, ал эми биз быйыл алты айда эле 6 миллиард сомдон ашык өндүрдүк. Буга байланыштуу өлкөдө коррупция боюнча кырдаал өзгөрдү", — деди Ташиев. Ошондой эле ал кимден канча өндүрүлгөнүн санап берди: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Марат Аманкулов — 50 миллион сом; Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров — 20 миллион сом; Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев — 20 миллион сом; ИИМдин мурдагы кызматкери, бизнесмен Жалил Атамбаев — 100 миллион сом; Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев — 50 миллион сом; Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов — 75 миллион сом (дагы 75 миллион сом кайтарат); Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев — 70 миллион сом (дагы 44 миллион сом кайтарат); Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Аймаматов — 74 миллион сом (дагы 26 миллион сом кайтарат); Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов — 125 миллион сом (дагы 25 миллион сом кайтарат); Бишкектин экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев — 25 миллион сом (дагы 5 миллион сом кайтарат).
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Афганистандан чыккан качкындар Кыргызстандын аймагына да кириши ыктымал. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди. Анын айтымында, Афганистандагы кырдаал Тажикстан менен Өзбекстанга эле эмес, Борбор Азиянын бүт аймагына коркунуч алып келиши мүмкүн."Америка Афганистандан аскерлерин чыгарып кетери менен ислам кыймылдарынын мүчөлөрү Борбор Азия мамлекеттерине багыт ала баштады. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Сириядагы согушкерлер Афганистанда кырдаал курчуганда аталган мамлекет аркылуу кайра кайта баштады. Ал жакка биздин да жарандар кеткен. Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен кошо биз да сырткы коркунучка даярдык көрүп жатабыз. Бул маселе боюнча иштер активдүү жүрүүдө", — деди Ташиев. © Sputnik / Жоомарт Ураимов 6 млрд. сом кайтарылды. Ташиев кимден канча акча өндүрүлгөнүн санап берди Ал журналисттин "Тажикстан ЖККУдан жардам сураса Кыргызстан да көмөк көрсөтөбү?" деген суроосуна "ооба, ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүүгө туура келет" деп жооп берди. Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Өкмөттүн күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз кагылышуу чек арада жайгашкан төрт облуста болуп жатат. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын бир нече аймагы өтүп, афган чек арачылары аргасыздан Тажикстандын аймагына кире баштады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik."Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды ушул жылдын февраль айында уурдалып, бирок үч күндөн кийин табылган. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди."Инандыны уурдоо аракеттери мурда деле болгон. Андыктан биз өзү менен сүйлөшүп, биз менен кызматташып жүрчү. Ушул жылдын февраль айында аны уурдашкан. Үч күндөн кийин биз аны таап, өлкөдөн алып чыгып бара жаткан жеринен куткарып, артка кайтарып алганбыз. Муну анын жубайына жана кызматкерлерине айтканбыз.  Мындан тышкары, биз ага өз коопсуздугу үчүн башка өлкөгө чыгып кетүүнү сунуштаганбыз. Документ тууралоо жагынан жардам беребиз дегенбиз. Бирок ал анткен жок", — деди Ташиев. Орхан Инандынын жоголушу © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека ШИИБ: Инанды Түркия жарандыгынан баш тартпай, эки паспорт колдонуп жүргөн"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген. Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан. Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын дарыгерлери батына албагандыктан чет өлкөдөн операция жасатууга аргасыз болгон. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты."Эмне үчүн өзүбүдөн эмес, чет өлкөгө барып дарыланат деген кептерди угуп жатам. Муну айтпай жүрдүм эле, азыр айтканга туура келип жатат. Мен ооруга чалдыкканда, сөзсүз түрдө чет өлкөдө операция кылууга туура келди. Себеби бул жактагы биздин дарыгерлер операция кылууга батына алышпады. Андыктан чет өлкөгө барууну сунушташты", — деди Ташиев. Ошондой эле ал февралда чет өлкөдө операция жасатканын, кайра эки айдан кийин дагы барып кароодон өтүшү зарыл болгонун белгиледи. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Ташиев: Орхан Инандыны февраль айында уурдашкан, биз куткарып калганбыз"Мамлекетибиздеги кооптуу кырдаалдан улам мен беш айдан кийин барып текшерилип келдим. Мына көрүп жатасыңар, энергия топтоп келип маалымат жыйын берип жатам. Азыр баары жакшы. Алдын ала айтып коёюн, алты айдан кийин да барып текшерилем. Ошондо дагы кетип калды дебегиле", — деди УКМК төрагасы. Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Ал эми 2021-жылдын февраль айында Германияда жүрөгүнө операция жасалган. Апрель айынын соңунда дагы Германияга кетип, бирок кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам кайтып келген. Соңку ирет Ташиев 2-июлда ден соолугун калыбына келтирүү үчүн кайра учуп кеткен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik."Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимдерде экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун колу жок болуп чыкты. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Маалымат жыйын учурунда журналист Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча 2009-жылкы келишимдин автору экенин өзү тастыктаганын айтып, "ал да суракка чакырылабы?" деп сурады."Автор экенин билбейм, бирок келишимдерде колу жок болуп чыкты. Тергөөдө анын катыштыгы азырынча аныкталган жок. Эгер ал коррупциялык иштерге барган болсо жоопко тартабыз. Керек болсо камайбыз. Эгер күнөөсү болсо Акылбек Жапаровду да аяп отурбайбыз", — деди Ташиев. Ошондой эле ал "Кумтөр" иши боюнча баары ээлеген кызматына карабай жоопко тартыларын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев"Кумтөр" иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы премьер-министр боюнча комментарий берди. Ал кармалгандардын баары боюнча жетиштүү далилдер бар экенин айтты."Өмүрбек Бабановду эч ким камай албайт деп ойлогон. Колубуздан келет, аны эркинен ажыратууга да бара алабыз. Баары ага эч ким тие албайт деп ойлогон. Биз кармадык, себеби анын коррупциялык иштери боюнча айныгыс далилдер бар. Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровго да эч ким тие албайт дешкен. Аларды дагы камадык, иштин эпизодунда далилдер турат", — деди Ташиев. Ошондой эле ал үч саясатчынын тарапташтары калп эле актап жатат деген пикирин билдирип, эгер ак болсо тергөө бүткөндөн кийин чыгарын айтты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда "Кумтөр" кениндеги иш боюнча мурдагы президенттердин арасынан кимдер жоопкерчиликке тартыларын билдирди."Тергөөнүн негизинде экс-президент Курманбек Бакиевге иш козголду. Алмазбек Атамбаевге азыр иш козголуп жатат. Ал эми Аскар Акаевге издөө жарыяланды", — деди Ташиев. Журналисттердин Сооронбай Жээнбеков тууралуу суроосуна "азырынча Жээнбековго эч нерсе жок" деп жооп берди."Эгерде Сооронбай Жээнбековго бир нерсе табыла турган болсо, аны да жоопко тартабыз. Бирок азырынча ага карата эч нерсе жок", — деди Ташиев. Буга чейин Ташиев "Кумтөр" кени боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президенттер камалышы мүмкүн экенин айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкөдө коррупция боюнча кырдаал өзгөрүп, бир да судья пара албай калды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ишенимдүү түрдө билдирди. Ал Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан сот тармагы боюнча чоң иштер жасалганын белгиледи."Коомчулукта коррупция боюнча кырдаал өзгөрдү. Буга чейин сот органдарында бардык чечимдерди кабыл алууда пара берип келишкен. Азыр судьяларга барып пара берип көргүлөчү, бири дагы ала албайт. Мен ишенимдүү түрдө айта алам, учурда өлкөдө бир дагы судья пара албай калды. Мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарышат. Эгер дагы пара алып баштаган болсо кайрадан жоопко тартабыз", — деди Ташиев. Ошону менен бирге ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан баштап сот органында иштеген бир нече кызматкер жоопко тартылганын эске салып, ошондон кийин абал өзгөргөнүн белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда "Кумтөр" кениндеги иш боюнча мурдагы президенттердин арасынан кимдер жоопкерчиликке тартыларын билдирди."Тергөөнүн негизинде мурунку президент Курманбек Бакиевге иш козголду. Алмазбек Атамбаевге азыр иш козголуп жатат. Ал эми Аскар Акаевге издөө жарыяланды", — деди Ташиев. Журналисттердин Сооронбай Жээнбеков тууралуу суроосуна "азырынча Жээнбековго эч нерсе жок" деп жооп берди."Эгерде Сооронбай Жээнбековго бир нерсе табыла турган болсо, аны да жоопко тартабыз. Бирок азырынча ага карата эч нерсе жок", — деди Ташиев. Буга чейин Ташиев "Кумтөр" кени боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президенттер камалышы мүмкүн экенин айткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын Чашмагилдан ашуусунда болгон атышууда кыргызстандык чек арачыны Тажикстандын аскерлери кармап, ичкери алып кирип кеткен. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады."Өлкөнүн Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды", — деп айтылат таратылган маалыматта. © Sputnik / Игорь Егоров Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатышат. Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар. Бул материалды даярдоо үчүн 2 113 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык. 2021-жылдын июнь айында борбор калаадагы батирлердин орточо баасы бир аз төмөндөдү. Мисалы, бир бөлмөлүү "хрущевкалар" орто эсеп менен 2500 долларга арзандады. Жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлерге болгон баа башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк өстү. Баарынан да ичин ээси жасап ала турган бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы арзандаган. Эки бөлмөлүү батирлерди орточо эсеп менен алганда 5500 долларга арзан сурашты. Ичин ээси жасап ала турган бир бөлмөлүү батирлер 3400гө арзандады. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, июнда бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду: 104-серия — 30 400 доллар ( 26 000ден 35 500 миңге чейин); 105-серия — 29 700 ( 20 500 — 36 500); 106-серия — 31 900 ( 26 000 — 46 100);"хрущевка" — 25 300 ( 16 500 — 29 200); Индивидуалдуу типтегилери — 28 300 ( 15 000 — 44 000); Ичин кожоюну өзү жасап ала тургандары — 30 600 (18 000 — 47 000). Эки бөлмөлүү батирдин орточо баасы: 104-серия — 36 700 доллар (28 500 — 49 500); 105-серия — 40 000 ( 25 500 — 57 000); 106-серия — 43 600 (32 000 — 61 500);"хрущевка" — 31 800 ( 21 500 — 39 500); Индивидуалдуу типтегилери — 39 100 ( 15 000 — 76 500); Ичин кожоюну өзү жасап ала тургандары — 45 200 ( 24 000 — 103 000). Үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы: 104-серия — 44 000 долларов (32 500 — 72 000); 105-серия — 52 300 ( 33 500 — 82 000); 106-серия — 56 500 ( 30 000 — 76 500);"хрущевка" — 40 300 ( 29 500 — 47 000); Индивидуалдуу типтегилери — 54 800 ( 22 500 — 110 000); Ичин кожоюну өзү жасап ала тургандары — 76 700 (35 500 — 198 000).
Sputnik_kg
ЮНЕСКО манасчы, дастанчы, төкмө акындарды материалдык эмес, руханий баалуулуктардын шедеври деп тааныган. Бул өнөргө мамлекет тараптан кандайдыр колдоо болбосо заманбап жашоодо популярдуулугу азайып, жок болуп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Самат Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Көчөрбаев: улуттук өнөргө мамлекет сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүшү абзел Анын айтымында, салттуу өнөр боюнча азыр мамлекеттик деңгээлдеги идеологияны жүргүзүү актуалдуу."Кыргызстанда салттуу музыка жаатында жакшы, алгылыктуу иштер болуп жатат. Алсак, комуз, Манас күнү, салттуу музыка жумалыгы жана "Айтыш", "Устат-шакирт" коомдук фонду, министрлик уюштурган иш-чаралар көп эле. Бирок учурда мамлекеттик деңгээлдеги идеологияны жүргүзүү актуалдуу. Биз азыр айтып жаткан иш-чаралар системалуу эмес. Майда иш-чаралар булак болсо, аны чоң дайранын агымына кошуп, инновациялык өнүгүү менен биздин салттуу баалуулуктарды таанып, сактай алабыз. Башкасын кое туралы, биз тил маселесинде кандай бечел саясат жүргүзүп жатабыз. Учурда улуттук аспап менен дүйнөлүк чыгармалар аткарылып жатат. Дүйнөлүк музыка искусствосунда фьюжн деген стиль бар. Ал — улуттук музыка менен чет элдик музыканын айкалышуусу. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Прогресске, жаңычылдыкка умтулган ыкма деп айтат элем. Мунун жардамы менен салттуу музыканы жайылтып, таанытса болот. Азыр жаштар комуз, сыбызгы, чопо чоордо чет элдин хитке айланган жана классикалык чыгармаларын ойноп жатышат. Бул керек болсо кыргыздын аспаптарынын сонун мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, айгинелейт", — деди Көчөрбаев. Манасчы коомдун, жаштардын аң-сезимин өстүрүп, маданиятка көңүлүн бурдурса, анда өнөрдү алып жүргөн адамдар жана угармандар да сөзсүз болорун кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын (ККК) милдетин ушул эле ведомствонун 6-башкармалыгы аткарат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Эске салсак, өлкө президентинин жарлыгы менен июнь айынын аягында аталган кызмат жоюлган. Ташиевдин айтымында, анда иштеген кызматкерлер жумушсуз калган жок."Алар бир эле башкармалыктын кызматкерлери эмес. Кызмат жоюлганы менен андагылар башка бөлүмдөрдө иштесе болот. Эми КККнын милдетин УКМКнын 6-башкармалыгы (Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкы башкармалык) аткарып калат. Демек, мындан ары деле коррупцияга каршы иштеп, кызматтык кылмыштарды иликтей беребиз", — деди Ташиев. Анын айтымында, аталган кызмат жарым жыл ичинде мамлекетке 6 миллиард сом кайтарып берди. Былтыркы жылдын 10 айында бул көрсөткүч 100 миллион сомго гана жеткен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде маршрутка оодарылып кетип, жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу " Короче" телеграм тайпасына жарыяланды. Кадрдан жолдун боюнда капталынан жаткан кичи автобусту көрүүгө болот. Кишилер салондун ичиндегилерди чыгарууга аракеттенип, бир катарлары ары жактан чуркап келе жатат. Маалыматтарга караганда, жол кырсык Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 17:30дарда болгон. Бишкек шаардык кайгуул милициясы окуяны тастыктап, калган маалыматтар такталып жаткандыгын айтышты. Учурда ал жерде милиция иштеп жаткандыгын кошумчалашты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда президентти баш кылып бийлик өкүлдөрүн сындагандар жоопкерчиликке тартылат деген эскертүү берди. Анын айтымында, айрым саясий күчтөр коомчулукту радикалдаштырууга аракеттенип, кээ бири төңкөрүш кылууга чакырыктарды жасап жатат."Интернетте калп эле кыйкырып, мамлекет башчыны жана бийлик өкүлдөрүн жөнү жок сындап жаткандарга эскертип коёюн. Убакыт келгенде жоопкерчиликке тартыласыңар. Ар бириңерди каттоого алабыз, ал тургай чет өлкөдөгүлөрдү да жазабыз. Аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн башка мамлекеттер менен келишим түзөбүз. Ошондуктан тизгинди тарткыла", — деди Ташиев. Ал "күзүндө парламенттик шайлоодон кийин революция болот" деп элди адаштырып жаткандар аёосуз жазаланарын эскертти. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Өлкөдө азыр бир да судья пара албай калды. Ташиевдин билдирүүсү"Эч кандай революция болбойт! Биз элдик бийликпиз, андайга жол бербейбиз. Мындан ары Кыргызстанга төңкөрүштүн кереги жок. Биз революциясы жок өзүбүз кетебиз. Урматтуу саясатчылар, саясий экстремисттер этияттап сүйлөгүлө! Айрым саясатчылар ар нерсени сүйлөп коёт, аны башка бир экстремисттер колдонуп кетет. Эгер акылга келбей ар нерсени айта берсеңер, мамлекетке коркунуч алып келе турган болсоңор эч кимди аябайбыз. Кайсы саясатчы, мамлекеттик ишмерди болбосун жоопко тартууга акыл, күч, духубуз жетет", — деди Ташиев. УКМК төрагасы азыркы маалда өлкө сырттан келе турган коркунучтардан сактанып, элди биримдикте болууга чакырды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда президентти баш кылып бийлик өкүлдөрүн сындагандар жоопкерчиликке тартылат деген эскертүү берди. Анын айтымында, айрым саясий күчтөр коомчулукту радикалдаштырууга аракеттенип, кээ бири төңкөрүш кылууга чакырыктарды жасап жатат."Интернетте калп эле кыйкырып, мамлекет башчыны жана бийлик өкүлдөрүн жөнү жок сындап жаткандарга эскертип коёюн. Убакыт келгенде жоопкерчиликке тартыласыңар. Ар бириңерди каттоого алабыз, ал тургай чет өлкөдөгүлөрдү да жазабыз. Аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн башка мамлекеттер менен келишим түзөбүз. Ошондуктан токтогула", — деди Ташиев. Ал "күзүндө парламенттик шайлоодон кийин революция болот" деп элди адаштырып жаткандар аёосуз жазаланарын эскертти. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Өлкөдө азыр бир да судья пара албай калды. Ташиевдин билдирүүсү"Эч кандай революция болбойт! Биз элдик бийликпиз, андайга жол бербейбиз. Мындан ары Кыргызстанга төңкөрүштүн кереги жок. Биз революциясы жок өзүбүз кетебиз. Урматтуу саясатчылар, саясий экстремисттер этияттап сүйлөгүлө! Айрым саясатчылар ар нерсени сүйлөп коёт, аны башка бир экстремисттер колдонуп кетет. Эгер акылга келбей ар нерсени айта берсеңер, мамлекетке коркунуч алып келе турган болсоңор эч кимди аябайбыз. Кайсы саясатчы, мамлекеттик ишмерди болбосун жоопко тартууга акыл, күч, духубуз жетет", — деди Ташиев. УКМК төрагасы азыркы маалда өлкө сырттан келе турган коркунучтардан сактанып, элди биримдикте болууга чакырды.
Sputnik_kg
НАТОдогулар Кара деңизден альянс алыс кетпестигин ушундай кадамдар менен так билдиришти. Ал түгүл деңиздеги ордун бекемдеп, Россиянын территориялык сууларынын жанында чагымчылыктарын уланта бермекчи. Ушул жагдайдан кеп салган макала РИА Новости сайтына жарык көргөн. Трибунадан берилген убада НАТОнун башкы катчысынын Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай Түндүк атлантикалык альянс союздаштарын жана өнөктөштөрүн колдоо үчүн Кара деңизде каларын кабарлады."Кемелердин сүзүү эркиндиги жана Крым – Россия эмес, Украина экени маселесине келгенде НАТОнун позициясы так. Окуя болгон маалда ("Дефендер" эсминеци катышкан инцидент — ред. тактоосу) НАТОнун союздаштары бул принциптерди коргоодо бекемдикти көрсөтүшкөн", — деди Аппатурай. Өз кезегинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб да англиялык аскерди кемелер "Украинанын территориялык сууларына кирүүнү улантарын билдирген. Эсминец бараткан багыт Одессадан Грузиядагы Батумиге чейинки эң кыска эл аралык жол деп атады."Украиналык территориялык суулар аркылуу эл аралык жоболорго ылайык тоскоолсуз өтүүгө толук укугубуз бар. Биз муну улантабыз", — деп баса белгиледи британиялык аткаминер. © Фото / Министерство обороны РФ Мыкты үлгүлөр. Россия учкучсуз аппараттарды экспорттоого киришет Россияга НАТО өлкөлөрүнүн Аскердик-деңиз күчтөрү тараптан мындан ары да чагымчылдыктар болору айкын. Раабдын сөздөрүнө жооп көп күттүрбөдү. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков деңиздеги мамлекеттик чек аралардан макулдашпастан өтүүгө аракет жасалган учурда Москва бардык тийиштүү чараларды көрөрүн белгиледи. Мындай окуяларга жол бербөөнүн эң майнаптуу ыкмасы тек гана эрежелерди бузбоо экенин кошумчалады. Айтмакчы, "Дефендер" өткөн күндүн эртеси анын "эрдигин" голландиялыктар кайталоого тырышкан. Россиянын Коргоо министрлиги Нидерланды Аскердик-деңиз күчтөрүнүн нейтралдуу сууларда сүзүп жүргөн Evertsen фрегаты багытын өзгөртүп, Керчен кысыгын көздөй бет алган. Чек ара эрежелерин бузууга жол бербеш үчүн РФ Аба-космостук күчтөрүнүн учактары эскертүү иретинде кемеге жакын учушкан. Ал эми голландиялыктар истребителдер бир нече саат "чабуул жасагандай" болуп, "абдан жапыз жана жакын" учушту деп даттанышкан. Алар учактардан "аба – жер бети" тибиндеги бомба жана ракеталарды көргөнүн да айтышкан. РФ Аскердик илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Судаков Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрү үчүн азыр Россия менен жаңжалды улам козгоп туруу маанилүү. Ошондуктан алар Кара деңизде чагымчылдыктарды уланта берет, россиялык территориялык суулар аркылуу мыйзамсыз сүзүп өтүүлөр байма-бай болот. Анан калса чек ара эрежелерин эми бир-бирден кемелер эмес, бир нече вымпелден турган кербендер бузушу мүмкүн."Айрыкча алар мамлекеттин аялуу маалында – адатта өлкөдө маанилүү бир окуяга болжол менен 90 күн калган убакта активдешет. РФте – бул сентябрга белгиленген Мамлекеттик Думага шайлоо. Ушул тапта кеңири масштабдуу менталдык жана маалыматтык гибриддик согуш жүрүүдө", — деп түшүндүрөт Судаков. Кыйышпас достор Акыркы жылдары НАТО Кара деңизге көп каттай баштады. Альянстын кемелери мында ар кыл форматтагы машыгууларды өткөрүп, шарттуу душман – окуунун уламышы боюнча адатта Россия белгиленет. НАТОнун жакын союздаштары – иш жүзүндө толук кандуу аскердик флотко ээ болбогон Грузия жана Украина. Грузиялык Аскердик-деңиз күчтөрү 2008-жылдагы жаңжалдан кийин жок экени белгилүү. Шарттуу түрдө Жээктеги күзөт гана ишке жөндөмдүү, ага флоттун ички курамын жана бир нече катерди кошушкан. Күбөлөрдүн айтымында, Грузияны тынчтыкты мажбурлоо операциясынын жүрүшүндө Россиянын Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрү Поти портундагы аскердик белгиси бар бардык катер жана кемелерди жардырышкан. Дагы бир нече вымпелди россиялык моряктар коопсуздук аймагы деп жарыяланган Абхазия жээктериндеги салгылашта жок кылышкан. © Фото / пресс-служба МИД РФ Лавров АКШ, Европа, тышкы саясат жана өзгөрүлмөлүү позициялар туурасында Акваторияны Кара деңиз флотунун эки чоң десанттык жана бир-эки чакан ракеталык кеме күзөтүп турган. Алар чек араны бузуп, жакындап келе жаткан грузиялык аскердик катерлердин тобун көрүшөт. Грузиялык эки чакан ракеталык катер кемеге каршы ракеталар менен чөктүрүлүп, калгандары чегинген. Бүгүнкү күндө НАТО, атап айтканда, АКШ грузиялык флотту кайра жандандыруу далалатында. Түркия да Тбилисиге ыкчам күзөт катерин берди, америкалыктар дагы экөөнү калыбына келтирип, жаңылоого көмөктөштү. Ошондой эле Грузияга Жээктеги күзөттөн алынган эки кемени тартуу кылышты. Булардан тышкары Вашингтон грузиялык сүзүүчү каражаттарды оңдоого бир нече миллион доллар бөлдү. НАТО моряктары коопсуздукту колдоо жана өнөктөштүктү чыңдоо акцияларынын алкагында Грузия портторуна көп катташат. Биргелешкен окууларды улам өткөрүп турушат. Май айында эле күзөтүүчү "Гамильтон" кемеси жана Грузиянын Жээк күзөтүнүн катерлери деңизде бир нече машыгуу өткөрүштү. Украина флоту да кейиштүү абалда. 2014-жылы ансыз да аз сандагы Аскердик-деңиз күчөрүндө жарактуу кемелер дээрлик калган эмес. Берилген баалар менен потенциалынын 80 пайызга жакынын жоготушкан. Бүгүнкү күндө Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүндө 30 чакты кеме бар, бирок жарактуусу сейрек. Вымпелдердин көпчүлүгүнүн кыймылдаткычтары, радиолокациялык станциялары жана курал тутумдары иштебей калган. Бирок НАТО грузиялык флотко караганда украиналык Аскердик-деңиз күчтөрүнө көбүрөөк көмөктөшөт. Америкалыктар союздаштарынын флотторун Mark VI күзөт катеринен 16 бирдик жана Island классындагы мурда пайдаланылган эки катер менен бекемдөөгө убада беришкен. Англиялыктар Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жоокерлерин окутуу үчүн бүтүндөй программа иштеп чыккан. Аларга навигация, ыкчам пландоо, деңиз чалгындоосу, ок атуу даярдыгы жана кемелерди сактап калууга күрөшкө машыктырышат. Жакында Киев менен Лондон аскердик чөйрөдө кызматташууну чыңдоо жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Анын алкагында британиялыктар Кара деңизде жана Азов жээктеринде эки база курууну пландоодо. Наточулар Монтре конвенциясынан буйтап мында согуштук кемелерди жайгаштыра алары айтылат. Анан да украиналыктарга жаңы вымпелдерди куруу жана эскилерин жаңыртууга кол кабыш кылышат. Шайкеш жооп Кандай болгон күндө да Россиянын Кара деңиз флоту – азыр аймактагы негизги күч. Соңку жылдары бирикме түп-тамырынан бери жаңырып, эми ал – РФ Аскердик-деңиз флотундагы эң заманбап жана күрөшкө жөндөмдүүлөрдүн бири. 260 чакты кеме, катер, суу түбүндөгү кайык жана камсыздоочу кемелер менен жабдылган. Суу бетиндеги аскердик вымпелдер 70тин тегерегинде, анын ичинде авиаташуучу топторду жок кылууга багытталган флагмандык "Москва" ракеталык крейсери бар. Ал деңиздеги дээрлик бардык буталарын кыйрата алат. Кеме 1980-жылдардан бери пайдаланылат, бирок жакында эле толук заманбапташтырылды. Бул ага дагы ондогон жылдар бою майнаптуу кызмат өтөөгө мүмкүндүк берет. © Фото / ФСБ РФ Россия британиялык эсминецтин чагымчыл аракетине кескин жооп кайтарды. Себеби РФтин Аскердик-деңиз флотунда Кара деңиз флоту алгачкылардан болуп дүйнөдөгү жапжаңы жана дабышсыз – 636.3 долбоорундагы суу түбүндө жүрүүчү "Варшавянка" дизелдик кайыктарын өздөштүрдү. Кара деңизде бирикменин алты субмаринасы НАТОнун Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кадамдарына көз салып, Жер ортолук деңизге күзөтүүгө чыгып турушат. Флоттун мурдагы командачысы адмирал Владимир Комоедов жыйырма жыл мурун эле баары башкача болгонун айтат. Аскердик күчү боюнча бирикме, маселен, түркиялык флоттон беш эсе артта эле. Ал эми аймакка Жер ортолук деңизден НАТОнун тобу сүзүп кирсе, алардын артыкчылыгы он же ал түгүл жыйырма эсе экени байкалчу."Мени дайындаган убакта флотто суу түбүндөгү бир жарым кайык — бир "Варшавянка" жана 641 долбоорундагы дагы бир кеме ремонтто болчу. Азыр кайыктар жетиштүү, таптакыр башкача куралданган, тактикалык гана тургай ыкчам-стратегиялык милдеттерди аткара алат", — деп белгилейт адмирал. 2016-жылы кара деңизчилер 11356 долбоорунун "Калибр" канаттуу ракеталары менен куралданган ыраак аралыкка багытталган көп буталуу заманбап фрегаттарды алышкан. Ошондой эле күзөтүүчү жана чакан ракеталык кемелер менен жабдылган. Айтор, Кара деңиз флотунда ушул тапта түндүк атлантикалык альянстын бардык чагымчылдыктарына "жооп" табылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Организминде тестостерондун деңгээли төмөн болгон эркек киши COVID-19ду оор кабыл алат, көп учурда аягы өлүм менен бүтөт. Бул тууралуу маалыматты италиялык окумуштуулардын билдирүүсүнө таянып, " Известия" жазды. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тестостерондун деңгээли канчалык төмөн болсо, ал киши жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, ооруканада көп жатары анык болду."Биз ден соолугу чың эркектерге салыштырмалуу тестостерондун деңгээли өтө төмөн, коронавирус жугузган бейтаптар көп болот деп күткөн эмеспиз. Бул эмнеге байланыштуу экени белгилүү: тестостерондун деңгээли канчалык төмөн болсо, анын абалы ошончолук оорлоп, өлүм кооптуулугу жогорулайт. Мен 25 жылдык иш тажрыйбамда мындайды көргөн эмесмин", — деген Сан-Раффаэл ооруканасынын урология жана эндокринология боюнча адиси, профессор Андреа Солония. Илимпоздор COVID-19 жуктуруп тез жардам менен барган 286 эркек бейтап менен 2020-жылдын февраль-май айларында кан тапшырган ден соолугу чың 305 ыктыярчыны салыштыргандан соң ушундай тыянакка келишти.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын Чашмагилдан ашуусунда болгон атышууда кыргызстандык чек арачыны Тажикстандын аскерлери кармап кеткен. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады."Өлкөнүн Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды", — деп айтылат таратылган маалыматта. © Sputnik / Игорь Егоров Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатышат. Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Өлүм учурларынын көбү ордо калаада катталган. Бишкек — 6; Чүй облусу — 2; Ош шаары — 1 Ош облусу — 1. Учурда ооруканаларда 4 585 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 1 310 бейтаптын абалы оор болсо, 198 кишиники өтө оор деп бааланды. Азыркы тапта 13 282 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Саясий партиялар өздөрү партиялык институтту дискредитация кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Бүгүн парламентте президент тарабынан сунуштаган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгеси каралды. Ага ЖК депутаттарын бир мандаттуу округдан 35, партиялык система менен 55 мандат берүү нормасы киргизилген."Партиянын ичиндеги коррупцияны көрүп жатабыз, партияларга жакшы шарттар түзүлгөн. 10 жыл бою өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да партиялар маанилүү институт. Ошондуктан 55 орун берилген", — деди Шайлдабекова. Андан соң депутат Мирлан Жеенчороев чыгып БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айтты. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Фамилиясын жаза албагандарчы? ЖК депутаты болууга жогорку билим талап кылынбайт"Сиз өзүңүздөгү төөнү башканын көзүнө түртүп жатасыз. Саясий чөйрөдө хамелеондор чоң көйгөй жаратат. 2017-жылы эбегейсиз административдик ресурс колдонгондо, атаандашына кылмыш ишин козгогондо сиз башыңызды катып отуруп алгансыз. Ал эми 2020-жылы эки партия акча таратып, админресурс колдонгону боюнча сизге толтура арыз жазганда чечим кабыл албай койгонсуз. Саясий, карьералык кызыкчылыгыңардын негизинде унчукпай отуруп алдыңар. Партияларда, албетте, күнөө бар, бирок эң чоң күнөө үч-төрт шайлоону өткөргөндөрдө", — деди Жеенчороев. Ошондой эле депутат Шайлдабекованын буга чейин "ЖКда отурган партиялар өзүнүн институтун дискредитация кылып, ишинин маңызын билбей койду" дегенин сындады."Кечээ күнү эле биз менен иштешип, жети жыл бою кол кармашып жүргөн киши бүгүн өзүнүн саясий боёгун жоготуп, ушинтип атырылып жатат. Бул бери жагын айтканда тарбиясыздык, этикага жатпайт. Күнөөнү бир тарапка шылтап коюп мен тазамын дегенден алыс болушу керек. Уят болот!" — деди депутат. Бирок БШК төрайымы антип эч кимге интервью бербегенин айтып, депутатты туура эмес маалымат таратпоого чакырды. Мындан улам Жеенчороев Шайлдабекованын пикири тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккан материалды окуп берди. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Үй-бүлөсүнүн байлыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды шайлоо мыйзамынын чоо-жайы Андан соң Шайлдабекова ЖМКга чыккан маалыматтар үчүн жооп бербестигин айтып, ошол эле учурда кайра "эмне чынында андай эмеспи?" деп суроо салды. Ага жооп берген депутат БШК өзү коррупциялашып кеткенин билдирип, дискредитация тууралуу айтканда "кээ бир партиялар" деп сүйлөөгө чакырды. Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан Шайлдабекова партиялар өзүн-өзү дискредитациялаганы боюнча маалыматты шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу коомдук талкууда айткан пикирине таянып жазган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөнүн  мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Бул боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Ал  23-июнда бизнесмендер менен  жолукканда айтылган сунуш, көйгөйлөрдү эске алуу менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүнө убада берген."Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу.  Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн шарт түзүп берүү", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлган. Анын милдетин башка бөлүмү аткарарын Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-июлда өткөн маалымат жыйында айтты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт, ал эми бир катар аймактарда ысык 41 градуска чейин чыгат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады. Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41, Талас өрөөнүндө +32…+37, Ысык-Көл аймагында +29…+34, Нарын чөлкөмүндө +27…+32 градус болот. Синоптиктер күндүн табы Бишкекте +37…+39, Ош шаарында +39…+41, Чолпон-Атада +30…+32 градуска көтөрүлөрүн  билдиришти.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн, 8-июлда Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгондугу тууралуу маалыматты УКМКнын Чек ара кызматы тастыктады. Кабарга караганда атышуу саат 17:00гө чукул кыргыз-тажик тараптын аскерлеринин ортосунда болгон."Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районунун Наумин ашуусунда ат менен күзөтүп жүрүп, Чашмагилдан ашуусуна жеткенде аларга тажик чек арачылары кол салган. Андан улам ок атышуу болгон", — деп жазылган маалыматта. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Баткендин башчысы Алимбаев: "Айылды таштабайбыз" деген аялдарды көргөндө шердендим Кырдаалды териштирүү боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн башчылары окуя болгон жерге чыгып кеткен. Маалымат кызматы эки тараптын чек ара өкүлдөрү аталган факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзөрүн кабарлады. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат.
Sputnik_kg
Бир нече күн мурун үйгө кетип бара жатып, маршрутканын эң акыркы (төрт кишилик) орундугуна отуруп калдым. Жанымда менден болжол менен 5-6 жаш кичүү бала отурган. Башында эле эки тарабында тең аял кишилер отурганына карабай колу-бутун кенен таштап коюп, өзү жалгыз келе жаткандай мамилеси жаккан эмес. Өз аялдамама жеткени калганда "мени өткөрүп иесизби?" десем, жайылып отурган жеринен козголуп да койбой, бир аз гана артка жылымыш этип "өтө бер, эмне баптайсыңбы?" десе болобу? Мен ошол тейде өтүш үчүн дене боюм менен ага жабышып өтүшүм керек эле. Көзүмдүн чекчейе түшкөнүн андан кийинки орундукта отурган кыз көрө калып, "мен дагы түшөм, бул бала мен отурган жерге жылып алсын" деп безеленип ийди. Менин "коңшум" ал жылып кеткенден кийин гана араң козголду. Көз карашынан бир дагы уялуу же өкүнүү сезилген жок. Ичинен мени итке-кушка, оюна келген башка толгон-токой жаман нерселерге теңегени көрүнүп эле турду. Ачыгын айтыш керек, мен деле сыртка угулбаган үнүм менен аны бир топ тилдедим. Өмүрүндө биринчи жана акыркы жолу көргөн адамды бир нече мүнөттүн ичинде ушунча бушайман кылган кишинин дайыма жанында жүргөндөр кантип жатат болду экен деген ой кетти. Бир туруп оптимисттенип, балким маанайы жоктур, чарчап келе жаткандыр деп коем. Бирок тарбия көргөн киши чарчамак түгүл, жатып калса деле аялзатына андай орой мамиле жасабайт эле. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргыздын дасторкон четиндеги университети. Баланын кулагы кандай сөзгө бышат Өзүм дагы эркек балдардын энеси болгондуктан мындай жагдайлардан кийин санаа тартат экенсиң. Балким мен дагы туура эмес тарбия берип, уулдарым көңдөй, алсыз, арсыз, мурдунан аркыны көрбөгөн орой, алды-артын карабаган, же өзгө, же өзгөгө жарыгы тийбеген бир акмак болуп чоңойсо кантем? Коомубузда аялдардын эркек тарабынан кордолгон, ал тургай өмүрүнөн ажырап калган мисалдары аз эмес. Бирөөнүн мончоктой кызын ала качып барып, отурбай койгон жеринен зордоп, өлтүрүп коюп жатышат. Балдарынын энесинин мойнуна дөңгөлөк илип алып сабагандар дагы болгон... Психолог Нуриза Батырбекованын айткандарына караганда, башкаларга карата мындай мамилени өзүнө ишенбеген, жан дүйнөсүндө комплекси бар адамдар жасайт . Анда кантип психологиялык жактан телегейи тегиз эр жигитти тарбиялаш керек? © Sputnik / Асел Сыдыкова Психолог Нуриза Батырбекова Буга жооп издеп отуруп, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов менен сүйлөшүп калдым. Агайдын пикиринде, жакшы эркек болуш үчүн бала кичине кезинен тарта эркек экенин сезип, мойнунда чоң жоопкерчилик бар экенин билиши керек. © Фото / Чынгыз Мурзаев Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов"Илгери кыргыздар эркек баланын тарбиясына туулгандан тарта өзгөчө көңүл бурушкан. Мисалы, мурда эркек баланын гана тушоосу кесилчү. Сүннөткө отургузганда чоң той өткөрүп, элден бата алып, тай мингизишчү. Мында бала өзүнүн маанилүү, керектүү адам экенин сезет. Ошентип 11-12 жашынан колуна курал алып, жаа тартып, өзүн жоокер элестетет. Мындай балдардан кийин чыныгы эр-азаматтар чыккан", — дейт профессор. Ошондой эле ал азыркы тарбиянын чоң өксүгү эркелик экенине токтолду. © Фото / из личного архива Мелиса Мураталиева Эл качан бузулат? Салт менен кааданын айырмачылыгы тууралуу маек"Айрым энелер балдарын аша чаап эркелетип, "эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген принцип менен тарбиялап жатышат. Кийин ошондой балдардан кыз ала качкандар, бандиттик топторду түзгөндөр, аял кишиге кол көтөргөндөр чыгууда. Баланы уруп-согуп эмес, түшүндүрүү, үйрөтүү жолу менен катуу кармаш керек", — деди Муратов. Баланын тарбиясындагы эненин ролуна психолог Саадат Сыдыкова дагы чоң маани берди. Анын айтымында, келечекте татыктуу инсан боло турган баланы тарбиялагысы келген эне өзү эмоционалдык жактан туруктуу болушу керек. Тагыраагы, баласын ар тараптан колдоп, ошол эле учурда ага эркиндик берип, тандоосун сыйлашы зарыл. Ал эми ата-эне өз оюн гана таңуулап, басмырлап турган балдардан көбүнесе коркок, алсыз адамдар чоңоет. © Sputnik / Эркин Садыков Психолог Саадат Сыдыкова Билген адамдардын мындай кеп-кеңешин уккан соң уулдарымдын тарбиясындагы айрым нерселерге ынанып, айрымдарына оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизе баштадым. Балким менден башкаларга дагы мунун пайдасы тиер. Эмнеси болсо дагы аталарыбыз, ага-инилерибиз, уулдарыбыз таянар тообуз болсун. Кыргыздын жигиттеринен акылы тунук, билимдүү, алдуу-күчтүү, намыскөй, аялзатына ызат мамиле кыла билген эр-азаматтар чыксын!
Sputnik_kg