text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik."Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү жерге коюлган түндүктөр өйдө көтөрүлөт. Бул туурасында мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев ЭлТР телеканалына билдирди. Анын айтымында, бул кыргыз элинин каада-салтын эске алуу менен жасалып жатат."Кыргыз элинде "түндүгүң түшкүр", "түндүгү түшүп калыптыр", "түндүгүң түшүп кетсин" деген сөз бар. Ошондуктан биздин коомчулук, аксакалдар "Ата-Бейитке" келген сайын түндүктүн жерге түшүп калганы туура эмес деп келишкен. Президентибиз Садыр Нургожоевич да ушул жерге келгенде элдин суранычын эске алган экен. Өзү түз көрсөтмө берип түндүгүбүздү көтөрүп койдук", — деди Абыкеев. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланды. Ал Нур-Султанга тургузулат Мамлекеттик катчы Айтматовдун айкелинин алдындагы түндүктү үй-бүлөсү менен макулдашпай туруп алып салышканын белгиледи. Ал эми мамлекет башчынын маалымат кызматы бул маселе боюнча президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин жазуучунун улуу Аскар Айтматов менен жолугуп сүйлөшкөнүн билдирди."Коомчулуктун пикирин оңдоо максатында Чыңгыз Төрөкуловичтин үй-бүлөсү менен макулдашпай туруп эле айкелиндеги түндүк алынып калган экен. Азыр биз Аскар Чыңгызович менен сүйлөштүк, ал киши деле түндүктү көтөрүүгө макул. Эскисин бир аз шөкөттөп, "Ата-Бейиттегидей" кылып өйдө көтөрө турган болдук", — деди мамлекеттик катчы. Ошондой эле ал Айтматов өз колу менен жазган китептин түп нускасынан алынган эскиздин үстүнө да түндүк коюлганын билдирди. Залкар жазуучу чыгармаларында дагы түндүктүн ыйыктыгы тууралуу көп жазганын эске салды. Ал эми теле алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык баракчасына бийлик өкүлдөрү жаралган жагдайга өкүнүүсүн билдирип, Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кечирим сураганын жазды."Президенттик администрациянын чиновниктери Садыр Жапаров мындай кырдаалга тынчсызданып турганын жана тез арада жөнгө салуу тапшырмасын бергенин айтышты", — деп жазган Молдокматова. Белгилей кетсек, буга чейин жазуучунун уулу Аскар Айтматов атасынын күмбөзүндөгү түндүк жоголгону тууралуу айтып чыккан болчу. Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. Өлүм алдындагы керээзи боюнча, ал атасы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун жанына көмүлгөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды. Ал бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда Кытайдын Sinopharm препараты менен журналисттердин көзүнчө эмдөөдөн өттү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайрадан өтүп жаткан шайлоодо саат 12:00гө чейин 77 026 киши добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди. Шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү: Бишкек шаары – 39 271 адам же жалпы шайлоочулардын 9,20 пайызы; Ош шаары – 30 940 же 20,26 пайыз; Токмок шаары – 6 815 же 17,89 пайыз. Бишкекте 18 партия, Ошто 8 жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Саат 10:00гө карата көрсөткүч 5,75 пайызды түзгөн болчу.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайрадан өтүп жаткан шайлоодо саат 12:00гө чейин 77 026 киши добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди. БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 11-апрелде жыйынтыгы жокко чыккан шаардык кеңештерди шайлоого салыштырмалуу бүгүн шайлоочулар көбүрөөк катышып жатканын айтты. Шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү: Бишкек шаары – 39 271 адам же жалпы шайлоочулардын 9,20 пайызы; Ош шаары – 30 940 же 20,26 пайыз; Токмок шаары – 6 815 же 17,89 пайыз. Бишкекте 18 партия, Ошто 8 жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Саат 10:00гө карата көрсөткүч 5,75 пайызды түзгөн болчу.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасынын өкмөтү аялдарга бир нече эркекке турмушка чыгууну мыйзамдаштырып берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ВВС жазды. Маалыматка караганда, бул өлкөнүн Конституциясы жарандарынын жеке жашоосуна бир топ эле эркиндикти берген. Мисалы, көп аялдуулук жана бир жыныстагы адамдардын баш кошушуна мыйзам каршы чыкпайт."Учурда гендердик тең укуктуулукту көздөгөндүктөн өкмөткө аялдарга дагы бир нече күйөлүү болууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылып, министрлер кабинети бул сунушту коомчулукка алып чыкты. Эл арасында бул боюнча эки ача пикирлер айтылып, каршы болгон тараптар көптүк кылууда", — деп айтылат макалада. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жеке жашоосуна, никесине нааразы болгон эркектер эртерээк көз жумат. Изилдөө Полиандрия (аялдын бир эле учурда бир нече эркекке турмушка чыгышы) көрүнүшү боюнча Түштүк Африкада изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор Коллис Мачоконун айтымында, коомчулукта ачык айтылбаганы менен мындай никеде жашап жүргөндөр жок эмес. Болгону коом тарабынан бул нерсе кабыл алынбагандыктан, эч ким ачык айтып, жемеге калгысы келбейт. Эл арасында дагы бир маселе жаратып жаткан нерсе, мындай үй-бүлөлөрдө кайсы баланын атасы ким экенин аныктоо кыйынга туруп, ДНК анализ жасатууга туура келери айтылууда.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 14:00гө карата добуш берүүлөрдүн саны 105 362 же 17.06 пайызды түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, Ош шаарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө, ал эми бишкектиктердин катышуусу солгун. Шаарлар боюнча: Бишкек – 55 515 адам же шайлоочулардын 13,01 пайызы; Ош – 40 695 же 26.65 пайыз; Токмок – 9 152 же 24.02 пайыз. Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти. — Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек... — Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр. — Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы? — Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен. Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген. © Фото / Александр Федоров Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өткөн — Апаңыз менен кандайча баш кошуптур? — Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү. — Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу? — Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу. © Sputnik / Александр Федоров Сабырбек Сыдыкбеков: атамдын бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу — Кандайча жазуучу болуп калган? — Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи. Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу. — Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек? © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен — "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да. Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес. Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү. © Sputnik / Александр Федоров Залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан "Мен 1000 жыл жашадым" китеби тууралуу — Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз? — Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым. Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң... — Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон? — Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет. © Sputnik / Асель Сыдыкова Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл: 33 жыл өттү, дале жүрөк ыйлайт Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом. Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан. © Sputnik / Чернов Сабырбек Сыдыкбеков: Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан — Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле? — Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу. Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт.  Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү. — Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле? © Фото / из личного архива Азата Акматова Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам — Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт. Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу. — Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды? — Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Афганистандын түндүк жактагы провинциялары согуш оту тутанган жерлерге тездик менен айланып бара жатат. Бул туурасында Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденко айтканын РИА Новости жазды."Талибдер Тажикстан менен чектешкен жерлерди өздөрүнүн көзөмөлүнө толук алышты. Эл аралык террордук "Ислам мамлекети", "Аль-Каида" сыяктуу уюмдардын бөлүктөрү өз позицияларын бекемдеп жатышат", — деген ал маегинде. © Sputnik / Саид Закерия Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш жерине застава курууга жардам берет Аны менен катар эле террорчулар Жакынкы Чыгыштагы жана Африканын түндүгүндөгү согуш болгон жерлерден курал кармагандарды Афганистанга тартып жатышат."Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккандарды өзүнүн катарына киргизип алуу үчүн азгыруу иштери учурда өтө активдүү жүрүп жатат. Баңгизат өндүрүшү рекорддук көрсөткүчкө жетти", — деп абалды сүрөттөп берген Руденко. Дипломат Афганистанда азыр жүрүп жаткан процесс Борбор Азияга түздөн-түз кооптуулук жаратат деп эсептейт."Коңшулардын тиешелүү кооптонууларын билип турабыз . Кооптуулук жараткан бул тобокелдиктердин кесепетин азайтуу үчүн ийиндеше алып барууну колдоого алуу маанилүү экени белгиленди. Тагыраагы, бул Россия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ жетекчилеринин 16-июлдагы IV жолугушуусунда талкууланып, анын соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды", — деп айтып берген. Руденко жогорудагы кооптуулуктардын жана туруксуздуктун жаралышына, согуш отунун тутанышына америкалык контингенттин Афганистандан шашылыш чыгарылып кетиши болду деп эсептээрин билдирди. Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда. * "Талибан" – Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жол инспекторлору Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пляжда чаң ызгыткан Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун тапты. Буга чейин социалдык тармактарда Gelandewagen автоунаасы көл жээгинде жүргөн видео чыккан. Күбөлөр анын сууга чейин кирип кеткенин жазышкан. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, жетекчилик видеону иликтеп чыгып, кийин 33 жаштагы айдоочу Чолпон-Ата шаарынан кармалды. Ал Чүй облусунун тургуну экени аныкталган. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, жетекчилик видеону иликтеп чыгып, кийин 33 жаштагы айдоочу Чолпон-Ата шаарынан кармалды © Фото / пресс-служба ГУОБДД Ал Чүй облусунун тургуну экени аныкталган © Фото / пресс-служба ГУОБДД 1 / 2 © Фото / пресс-служба ГУОБДД Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, жетекчилик видеону иликтеп чыгып, кийин 33 жаштагы айдоочу Чолпон-Ата шаарынан кармалды Ага карата Эреже бузуулар кодексинин 124-беренесине ("Автобейбаштык") ылайык протокол түзүлүп, 7500 сомдук айып пулга жыгылды. Автоунаа менен кол жээкке жакындап барууга тыюу салынгандыктан, бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына дагы маалымат берилди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 16:00гө карата 132 139 адам добуш берди же шайлоочулардын жалпы санынын 21.4 пайызын түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, шайлоого катышкан жарандардын саны Ош жана Токмок шаарларында 30 пайыздан ашты, ал эми Бишкекте 20 пайызга да жете элек. Шаарлар боюнча: Бишкек – 71 629 адам же шайлоочулардын 16.79 пайызы; Ош – 48 977 же 32.07 пайыз; Токмок – 11 533 же 30.27 пайыз. Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат. Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен Бишкекте — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто 38 100.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолунун 128-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында балдарды ташып келе жаткан автобустар жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады. Билдирмеге караганда, автоинспекторлор Ысык-Көлдөгү лагерден беш автобус менен кайткан балдарды коштоп келе жаткан."Боом капчыгайына жеткенде бир жеңил унаанын айдоочусу руль башкара албай жолдун ортосуна туруп калган. Алдыда келе жаткан автоинспекторлор аны көрүп токтогон. Артындагы эки автобус токтоп, үчүнчүсү алаксып кеткенби, айтор, токтобой келип алдыдагыларын сүзгөн. Натыйжада үч автобус жана Honda Fit, Odyssey унаалары кагышкан", — деп айтылат маалыматта. Облустук ЖКККБнын билдиришинче кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы жүргүнчү аял жана төрт-беш бала ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу экени айтылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 16:00гө карата 132 139 адам добуш берди же шайлоочулардын жалпы санынын 21.4 пайызын түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, шайлоого катышкан жарандардын саны Ош жана Токмок шаарларында 30 пайыздан ашты, ал эми Бишкекте 20 пайызга да жете элек. Шаарлар боюнча: Бишкек – 71 629 адам же шайлоочулардын 16.79 пайызы; Ош – 48 977 же 32.07 пайыз; Токмок – 11 533 же 30.27 пайыз; Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат. Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен Бишкекте — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто 38 100.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россиянын Тольятти шаарында хостелде жашаган Өзбекстандын 23 жараны ууланды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. Окуя бүгүн түнү болгон. Жабыркагандардын 13ү ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык экени айтылат. Факты боюнча Тольятти борбордук районунун прокурору Рамис Сабирзянов текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жарандарды жайгаштыруу жана тамактандырууну уюштуруу чөйрөсүндөгү ишкердиктин мыйзамдуулугуна баа берилет.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда жолтандабас менен жеңил автоунаа кагышып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Кырсык аталган жолдун 70-чакырымында, тагыраагы, Кара-Булак айылында болду."Lexus LX570 жана Toyota Corolla автоунаалары кагышып, жеринде бир аял менен бир эркек каза болду. Дагы үч киши жабыркады", — деп айтылат билдирүүдө. Кырсык болгон жерде тартылган видео " Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Жерине куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгондордун сөөктөрүн унаадан чыгарышкан. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткиргени айтылды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан 13 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди. Аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүчө: Бишкек шаарында – 8; Чүй обусунда – 3; Жалал-Абад облусунда – 1; Баткен облусунда – 1. Ушуну менен пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны жалпысынан 2 288ге жетти.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 18:00гө карата 132 139 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн. Мындай көрсөткүч шайлоочулардын жалпы санынын 25.22 пайызын түзөт. Дагы эки сааттан кийин, 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Шаарлардагы добуш берүүнүн саны: Бишкек – 85 411 адам же шайлоочулардын 20.02 пайызы; Ош – 56 610 же 37.07 пайыз; Токмок – 13 686 же 35.92 пайыз. Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен борбор калаада — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто 38 100.
Sputnik_kg
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Улукбек Марипов жубайы менен келип добуш берди. Сүрөттөр Аталган үч шаардын жашоочулары ушуну менен экинчи ирет депутаттарды тандап жатат. 11-апрелдеги шайлоо одоно мыйзам бузуу менен коштолгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 326 шайлоо участкасы ачылды. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен Бишкекте — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто 38 100. Кечээ 3 511 шайлоочу участкадан тышкары добуш берди. Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 18:00гө карата 132 139 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн. Мындай көрсөткүч шайлоочулардын жалпы санынын 25.22 пайызын түзөт. Дагы эки сааттан кийин, 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Шаарлардагы добуш берүүнүн саны: Бишкек – 85 411 адам же шайлоочулардын 20.02 пайызы; Ош – 56 610 же 37.07 пайыз; Токмок – 13 686 же 35.92 пайыз. Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен борбор калаада — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто — 38 100.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 18:00гө карата 155 707 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн. Мындай көрсөткүч шайлоочулардын жалпы санынын 25.22 пайызын түзөт. Дагы эки сааттан кийин, 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Шаарлардагы добуш берүүнүн саны: Бишкек – 85 411 адам же шайлоочулардын 20.02 пайызы; Ош – 56 610 же 37.07 пайыз; Токмок – 13 686 же 35.92 пайыз. Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен борбор калаада — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто — 38 100.
Sputnik_kg
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик искусствонун башында турган инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт. Кой кайтарып чоңойгон. Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон. Үйдө үй-бүлө башчысы комузду жакшы чертсе, апасы менен эжеси жакшы ырдаган. Өспүрүм эл арасында ырчы, комузчулардын өнөрүн көрүп шыктанып, жаштайынан музыкага жакын өскөн. Алматыга жөө жеткен. Октябрь революциясынан кийин элеттеги мектепти бүтүрүп Абдылас музыкалык билим алууну көксөп, ата-энесин эптеп көндүрүп Алматы шаарын көздөй сапар алат. Өзү курактуу эки өспүрүм менен бир жума бою жөө жүрүп көздөгөн жерине жетип, ал жактан Айыл чарба техникумунун даярдоо курсуна кабыл алынып, бир жылдан кийин Казакстандын агартуу институтундагы кыргыз группасына которулат. Коңшу республикада жердештери менен Кубанычбек Баялиновдун калемине таандык "Куйручук" комедиясын коюп, чыгармачыл топтордун ишине аралашат. © Sputnik / Александр Федоров / Абдылас Малдыбаев Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон Актёр, аткаруучу, композитор... 20 жашында Фрунзеде жаңы ачылган педагогикалык техникумда окуусун улантып, сабактарынан бошогондо өзүнүн көксөгөнүн издеп ийримдерге катышып, оркестр, чыгармачыл топтордун катарына кошулган. Болочоктогу атактуу композитор менен бирге ал кезде Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Гапар Айтиев билим алган. Окууну бүткөндөн кийин театрдын студиясында иштеп, композитор Петр Шубинден да сабак алат. Андан соң драма театрга ишке кирип Атай Огонбаев, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбырай Туманов, Муса Баетов, Карамолдо Орозов, Калык Акыев, Шаршен Термечиков менен замандаш болуп, айрымдары менен чогуу эмгектенген. Ошол куттуу театрда актёр болуп образ жаратып, тенор үндүү ырчы "Алтын күз", "Ажал ордуна", "Көкүл", "Кыз-Жибек", "Евгений Онегин" спектаклдерине катышып, убакыттын өтүшү менен өзүнүн обондорун жарата баштайт. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты 33 жаштагы СССРдин эл артисти. 30-жылдары мыкты аткаруучу ондогон обон чыгарып, кыргыздын жазма акындары менен тыгыз иштешип эл арасында кеңири таанылган. Аалы Токомбаевдин эле жүздөн ашык ырын обонго салган. 30-жылдардын ортосунда Фрунзеге москвалык Владимир Власов, Владимир Фере келип, улуттук музыканы мыкты түшүнгөн адис катары Абдылас Малдыбаев экөөнү коштоп жүрөт. Чыгармачыл инсандар биргеликте Кыргыз ССРинин борборунда опера театрын ачууга аракет кылып, үчөө ал жылдары кыргыз артисттери үчүн мыкты чыгармаларды жаратып, кыргыз профессионалдык музыкасын негиздеген. Алар Жусуп Турусбековдун "Ажал ордунда" чыгармасынын негизинде музыкалык драмасын сунуштаган. Кийинки жылдары ар кыл жанрдагы бир топ эмгектерди жаратып, эң негизгиси, "Манас" эпосуна таянып биринчи улуттук "Айчүрөк" операсын жазышкан. Ал эмгек 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында коюлуп, Малдыбаев 33 жашында СССРдин эл артисти наамына татыган. Фронтко жөнөтпөй койгон. Композитор жалпы союздук деңгээлдеги атак-даңкка ээ болгонуна карабай 1940-жылы Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы улуттук студияга билим алганы кетет. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип окуусун токтотууга мажбур болот. Ал жылдары жаш талант башкалар сыяктуу эле фронтко кетүүнү көздөгөн, бирок жогору жактагылар жибербей койгон. Музыкант патриоттук ырларды, романстарды жазып, 1947-жылы консерваторияга кайра келип окусун уланткан. © Sputnik / Александр Федоров Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган Коомдук ишмер, гимндин автору. Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган. Композитор 1950-жылдардын ортосунда Мурааталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жетектеп, 30 жылдай Композиторлор союзунун башында турган. Эмгек Кызыл Туу орденинин үч жолку ээси коомдук-саясий иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты Уул-кыздары да ата жолу менен кеткен. Таланттуу музыканттын аялы Батина Малдыбаева көп жыл театрда актриса болуп иштеген. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Толкун пианист, дагы бир кызы Жылдыз кыргыз кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи композитор, профессор жана КРдин эл артисти. Ал эми уулу Болот дирижёрлукту аркалап, көп убакыт билим берүү тармагында эмгектенип келет. Симфония жаратууну кыялданган. Абдылас Малдыбаев 1970-жылы "Манас" операсынын музыкасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, кийинки жылдары балдар музыкасына кайрылып, мектеп окуучулары үчүн окуу куралын жазат. Ал өзүнүн чыгармачылыгында ар кыл жанрдагы жүздөгөн эмгек жаратып, 70-жылдары Ала-Тоо жөнүндө симфония жазууну кыялданып жүрүп, 1978-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Азыр анын ысымын борбор калаадагы Опера жана балет академиялык театры жана бир көчө алып жүрөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кармалган орун басары Азамат Сагындык уулуна мүнөздөмө берди. Эске салсак, вице-мэрди УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен колго түшүргөн."Азамат Сагындык уулуна жумуш боюнча эч кандай доомат жок, бул системада 7-8 жылдан бери иштеп келет. Өзүм маалыматты прессадан уктум", — деди мэрдин милдетин аткаруучу. Кудайбергенов укук коргоо органдарынын атынан сүйлөй албай турганын, бирок жеке баасын бере аларын белгилеген. Анын айтымында, кеп Түгөлбай-Ата көчөсүндө жайгашкан кафе тууралуу болуп жатканын, буга чейин өзү ( Кудайбергенов - ред. ) аны түрттүрүүгө тапшырма берген. Шаар башчысы орун басарынын маселеси оң жагына чечилерине ишенерин кошумчалаган."Ал вице-мэр… Иш билги кызматкер жана жумуш боюнча эч кандай дооматым жок", — деген ал. © Фото / Улугбек Шамбетов УКМК: Бишкектин вице-мэри кафе ээсинен пара алуу иши боюнча кармалды Ошондой эле ага "Азамат Сагындык уулу иштен алынабы?" деген суроо берилгенде чаралар көрүлөрүн айткан.  Мындан сырткары, калаа башчысынан азыркы жана мурдагы мэрлер менен вице-мэрлердин улам кармалышы эмне менен байланыштуу экенин сурашканда, аны коррупция менен күрөшкө байланыштырды. 23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган. Атайын кызматтын билдиришинче, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата ( Линейная ) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн. 24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik_kg
Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын эсебинин негизинде чыгарылган Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жарыялайт. Инфографикада көрсөтүлгөн маалымат акыркы жыйынтык эмес. Массалык мыйзам бузуулардан улам апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп эсептелген. Ушундай эле себептерден улам Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде да шайлоо өтүп жатат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орун үчүн бюллетенде ирети менен жазылып, 18 партия ат салышууда. Алар: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы, Кыргызстандын жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл". Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат жети пайыздык босогодон өткөн партияларга бөлүштүрүлөт. Бишкек шаардык кеңешин шайлоо боюнча бардык маалыматтарды улам жаңыланып турган материалыбызга ыкчам жарыялап турабыз.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өттү. Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:"Ата-Журт Кыргызстан" — 32.61;"Биздин Кыргызстан" — 31.59;"Улуттар Биримдиги" — 14.82;"Бир Бол" — 7.38. Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Азыркы учурда АСУ санагы менен добуштардын 70.61 пайызы саналып бүттү. Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү. Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:"Эмгек" — 16.64 пайыз;"Ата-Журт Кыргызстан" — 13.37;"Ишеним" — 10.63;"Ынтымак" — 9.23;"Социал Демократтар" — 7.66;"Өнүгүү — Прогресс" — 7.51; Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Учурда АСУлардын 58 пайызы эсептелип бүттү. Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өттү. Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык, төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:"Ата-Журт Кыргызстан" — 32.61;"Биздин Кыргызстан" — 31.59;"Улуттар биримдиги" — 14.82;"Бир бол" — 7.38. Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Азыркы учурда АСУ санагы менен добуштардын 70.61 пайызы саналып бүттү. Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү. Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык, төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:"Эмгек" — 16.64 пайыз;"Ата-Журт Кыргызстан" — 13.37;"Ишеним" — 10.63;"Ынтымак" — 9.23;"Социал Демократтар" — 7.66;"Өнүгүү — Прогресс" — 7.51; Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Учурда АСУлардын 58 пайызы эсептелип бүттү. Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik_kg
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо калаа тургундарынын добуштары шайлоо участкалары боюнча алдын ала кандайча бөлүштүрүлгөнүн билдирди. Картада көрсөтүлгөн маалыматтар шайлоонун акыркы жыйынтыгы эмес. Шаардык кеңештеги орундарга 18 партия ат салышты: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", мигранттар, курулушчулар жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы, Кыргызстан жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл". Шаардык кеңешке шайлоо кайрадан өттү. 11-апрелдеги шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондой эле себеп менен Ош жана Токмок шаардык кеңештерине да шайлоо болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар канча мандат алары белгилүү болду. Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматына ылайык, мандат алты партияга бөлүнөт:"Эмгек" — 18,35 пайыз (11 мандат);"Ата-Журт Кыргызстан" — 14,09 пайыз (9 мандат);"Ишеним" — 12,54 пайыз (8 мандат);"Ынтымак" — 10,63 пайыз (7 мандат);"Социал-Демократтар" — 8,17 пайыз (5 мандат);"Өнүгүү-Прогресс" — 8,01 пайыз (5 мандат). Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Азыркы тапта АСУ добуштардын 91,23 пайызын санап бүттү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар канча мандат алары белгилүү болду. Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматына ылайык, мандат алты партияга бөлүнөт:"Эмгек" — 18,35 пайыз (11 мандат);"Ата-Журт Кыргызстан" — 14,09 пайыз (9 мандат);"Ишеним" — 12,54 пайыз (8 мандат);"Ынтымак" — 10,63 пайыз (7 мандат);"Социал-Демократтар" — 8,17 пайыз (5 мандат);"Өнүгүү-Прогресс" — 8,01 пайыз (5 мандат). Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Азыркы тапта АСУ добуштардын 91,23 пайызын санап бүттү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +21…+26 градус болот. Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +32…+34, Ошто +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +24…+26 градусту көрсөтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо беш партия өттү. Бул туурасында Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматында көрсөтүлгөн. Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Ага ылайык, шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетип, бир гана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз добуш менен өтпөй калган. Токмок шаарындагы алдын ала жыйынтык:"Бирге - Вместе" — 28.27 пайыз;"Эмгек" партиясы — 24.82;"Асыл Мурас-Жаштар" — 16.66;"Патриот Ынтымагы" — 13.69;"Эл Биримдиги" — 12.13; Баарына каршы — 1.73. Белгилей кетсек, бул расмий жыйынтык эмес, кол менен эсептөөнүн натыйжасында БШК тарабынан акыркы чечим кабыл алынат. Токмок шаардык кеңешинде өткөн партияларга 28 мандат бөлүштүрүлөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо беш партия өттү. Бул тууралуу Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматында көрсөтүлгөн. Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Ага ылайык, шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетип, бир гана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз добуш менен өтпөй калган. Токмок шаарындагы алдын ала жыйынтык:"Бирге - Вместе" — 28.27 пайыз;"Эмгек" партиясы — 24.82;"Асыл мурас - жаштар" — 16.66;"Патриот ынтымагы" — 13.69;"Эл биримдиги" — 12.13; Баарына каршы — 1.73. Белгилей кетсек, бул расмий жыйынтык эмес, кол менен эсептөөнүн натыйжасында БШК тарабынан акыркы чечим кабыл алынат. Токмок шаардык кеңешинде өткөн партияларга 28 мандат бөлүштүрүлөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Ош шаардык кеңешине өткөн партияларга канча мандат берилери белгилүү болду. Автоматтык эсептөөчү урнанын санагы боюнча төрт партияга мандат тиет:"Ата-Журт Кыргызстан" — 38,14 пайыз (18 мандат);"Биздин Кыргызстан" — 32,17 пайыз (15 мандат);"Улуттар Биримдиги" — 15,43 пайыз (8 мандат);"Бир Бол" — 8,92 пайыз (4 мандат). Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Материал добуштардын 93,59 пайызы санап бүткөн учурда даярдалды. Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Ош шаардык кеңешине өткөн партияларга канча мандат берилери белгилүү болду. Автоматтык эсептөөчү урнанын санагы боюнча төрт партияга мандат тиет:"Ата-Журт Кыргызстан" — 38,14 пайыз (18 мандат);"Биздин Кыргызстан" — 32,17 пайыз (15 мандат);"Улуттар биримдиги" — 15,43 пайыз (8 мандат);"Бир бол" — 8,92 пайыз (4 мандат). Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Материал добуштардын 93,59 пайызы санап бүткөн учурда даярдалды. Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik_kg
20 жаштагы Айчүрөк Төлөнова улуттук команданын формасы менен алгачкы ирет 2017-жылы Үч улуттун кубогу (Кубок трёх нации) мелдешинде Казакстандын курама командасына каршы оюнга чыккан. Ошондон бери КРдин негизги голкипери. Кыргыздын спортчу кызы Беларустун командасына кантип келип калганын, жаңы клубдагы алгачкы беттештер кандай өткөнүн, футболдогу башкы максаты жана башка жагдайлар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди. — Айчүрөк, беларустук клубда бир нече беттештерди өткөрдүңүз. Сиз ойногон беттештерде "Немандын" дарбазасына гол боло элек. Оюндарда кандай сезимдер болду? — Чынын айтсам, көп деле толкундоолор, беттеш учурунда да көп кыйынчылык болгон жок. Анткени аутсайдер (жадыбалда акыркы саптагылар) командалар менен кез келген оюндарга чыктым. Машыктыруучу тажрыйба топтосун деп мага мүмкүнчүлүк берип жатат. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg) — Курамда негизги дарбазачы болуу оңойго турбаса керек? — Ооба, бул кыйын. Башка командага келгенде адегенде өзүңдүн мыктылыгыңды көрсөтүп, ишенимге кирүү керек. Бул үчүн талыкпаган машыгуу, белгилүү бир убакыт талап кылынат. — Командалаш кыздар менен бат эле тил табышып алгандырсыз?.. — Мен буга чейин да Казакстанда ойногом. Чет жакка чыгууда тажрыйбам бар. Ошондуктан азыркы жамаатка да бат эле көнүп кеттим. Командада баары колдоп, кеп-кеңештерин берип келишет. — Клубга кошулгандан кийин бир топ убакыт оюнга чыкпай жүрдүңүз окшойт? — Командада өзүңдүн ордуңду табуу карьера үчүн маанилүү. Жаңы келгенде машыгып жатып булчуңум чоюлуп кетип, жеңил жаракат алып калгам. Толук сакайганча машыгууга да, ойноого да болбойт деп дарыгерлер көрсөтмө беришкен. — Айчүрөк, негизи бул командага кантип келип калдыңыз? Тандооңузга эмне себеп болду? — Келишим сунуштап чакырышты. Казакстандын Астана шаарынын командасынан чакыруу болуп, анын шарттарын карап, макулдук бергени жаткан жерден Беларустан байланышка чыгышты. Жагдайдын баарын түшүндүрүп, ата-энем менен кеңештим. Алар "Неманга" бар деп кеңеш беришти. Ошентип бул жакты тандадым. Негизи мен мурда да "Неман" клубунун кароосуна келгем. Машыгуу учурунда колумду чыгарып алгам. Келишим жоктугунан Кыргызстанга барып дарыланууга туура келген. Кийин пандемия болуп кетти. "Немандын" машыктыруучусу ошол мезгилде да мени менен такай байланышта болуп жүрдү. Эми дагы чакырып, келишим түздүк. — Демек, сиз менен клубдун ортосунда буга чейин эле байланыштар болгон экен да. Алар сиздин оюнга, командага барышыңызга кантип кызыкдар болуп калганын айтыштыбы? — Мени биринчи машыктыруучум футболдук агентке сунуштаган. Кийин мен аларга оюндарымдын видеосун жибергем. Ошентип башталган... Буга чейин мен Казакстандын "СДЮШОР-8" деген командасында ойногом. Кыргызстандын курама командасынын дарбазасын коргоп жүргөнүмдө оюндарыма назар салышса керек... Өзбекстандын бир катар командалары да чакырышты. Ата-энемден алыс кетпейин деп алардан баш тарткам. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Келишим канча мөөнөткө түзүлдү, шарты кандай? — Эки жылга түзүлдү. Эми бул жакта эки сезон ойнойм. Тараптар өз шарттарыбызды белгилеп, макулдашуу болгон. — Футболго кантип кызыгып калдыңыз эле? — Менден кичүү сиңдим футболго катышчу. Аны стадионго узатып барып-келип жүрүп эле мен да кызыгып калдым. Кийин бир мелдештерине кошуп алып, мен аларга дарбазачы болуп бергем. Ошондон баштап мени чакырышып, суранып жүрүп дарбазачы кылып алышкан. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) Кийин Светлана Покачалова аттуу машыктыруучу улам чакырып, анан дарбазачы болуп кеттим. Башында машыгууга келгим келбей жүргөм. Эрежелерди деле жакшы билчү эмесмин, кийин акырындап көнүп, кызыгып кеттим. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Дарбазачы болуунун рахматына караганда наалаты көп эмеспи, анткени он мыкты соккуну тосуп, бир топ киргизип алсаң сындын астында каласың? — Ооба, ал туура. Бирок дарбазачы болуу да өзүнчө жөндөмдү талап кылат. Анын жакшылыгы, терс жактары боюнча айтсаң сөз көп. Кызыгына кирип алсаң, чыга албай каласың (күлүп). Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1) — Дарбазачы болуп туруп расмий оюндарда гол киргизген учурларыңыз болду беле? — Жок. Андай учур машыгуулардагы оюндарда эле болбосо, расмий беттештерде дарбазаны таштап, андай тобокелчиликтерге бара элекмин. Негизи, айрым учурларда чабуулчулар чабалдык кылганда бара калып гол киргизгиң келип кетет (күлүп). — Дарбазачы болуу үчүн спортчу кандай сапат, артыкчылыктарга ээ болушу керек? — Топту тосууда эң оболу шамдагайлык талап кылынат. Ыкчам секирүү, келе жаткан топтун багытын, ылдамдыгын туура аныктай билүү зарыл. — Сиз үчүн кандай соккуларды тосуу кыйын? — Жакындан тебилген, баш менен багытталган соккуларды тосуу кыйын. Биринчиден, сокку кыска аралыктан болот. Экинчиден, анын багытын табуу кыйын. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от 🌊 (@tlnv_1)
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдө коңшу өлкө Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселени коюп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев билдирди. Депутат Осмон Турдумамбетов Кытайдан келген жүктөрдүн көлөмү качан көбөйөрүнө кызыкты."Бүгүнкү күндө чек ара аркылуу суткасына  30-35 автоунаа өтүп жатат. Аны көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу өлкө Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселени коюп жатат", — деди Мукашев. Эске салсак, учурда өлкөдө коронавирус күчөп жаткандыктан кыргызстандыктарды аталган илдеттен сактоо максатында жапырт эмдөө аракеттери башталды. Ал эми Республикалык штаб эмдөө жайларынын даректерин жарыялады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды. Ал бүгүн "Бишкек парк" соода борборунда Кытайдын Sinopharm препараты менен журналисттердин көзүнчө эмдөөдөн өттү. Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев 1 / 5 © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. COVID менен ооруган бейтаптар үч айдан тарта өмүрүнүн акырына чейин илдеттен кийинки кесепетке кабылышы ыктымал. Бул тууралуу жогорку категориядагы терапевт-дарыгер Алексей Водовозов " URA.RU" маалымат булагына айткан. Анын белгилешинче, илдеттен кийинки синдром адамда тез-тез пайда болот."Синдром ооругандардын болжол менен төрттөн үч бөлүгүндө төрт жумадан 12 жумага чейин, калгандарында 12 жумадан чеги аныкталбаган убакытка созулат", — деген медик. © Sputnik / Александр Гальперин COVID: вакцинанын экинчи дозасын албай койсо эмне болору айтылды Ал белгилегендей, бул синдромдун 20дан 60ка чейин белгиси болот. Анын катарында алсыроо, баш, муун жана булчуңдардын ооруганы, уйку көйгөйү, көкүрөктүн оорушу, депрессия жана терморегуляциянын бузулушу, когнитивдик функциялардын төмөндөшү бар. Адис "ковидден кийинки синдром" азырынча так аныктала электигин билдирди. Ден соолукту тезинен калыбына келтирүү үчүн Водовозов көп кыймылдоону жана басууну сунуштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда сел кичинекей кызды агызып кеткени тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады."Бүгүн саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарына кокту-колоттордон түшкѳн сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак—Кара-Дарыя жолун каптаган", — деп айтылат маалыматта. Кызды ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун издеп жатканы айтылды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жоон ичеги рагынын алгачкы белгилерин кантип байкаса болорун РИА Новости дарыгер-колопроктолог Анатолий Недозимованыйга шилтеме кылып жазды. Анын айтымында, илдет баштапкы баскычтарында дээрлик билинбейт. Бирок бул шишиктин өзгөчөлүгү — симптомдору ачык билингичекти маал-маалы менен канап турат. Онколог бейтаптар көбүнчө муну геморрой менен байланыштырып көңүл бурбай коёрун айткан."Болбосо ал жоон ичегидеги шишиктин эбак пайда болгонунан кабар берет", — деген Недозимованый. Дарыгер ооруну эрте аныктоо үчүн жыл сайын канга иммунохимиялык анализ тапшырып турууга кеңеш берди. Эгер оң болуп чыкса фиброколоноскопия (ФКС) ыкмасы менен изилдөөдөн өтүү керек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ленин районунда жайгашкан батирден 84 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады."Куткаруучулар Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачканда 1936-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылды", — деп айтылат маалыматта. ӨКМ кызматкерлери маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда сел кичинекей кызды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады."Бүгүн саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарына кокту-колоттордон түшкѳн сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак—Кара-Дарыя жолун каптаган", — деп айтылат маалыматта. Кызды ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун издеп жатканы айтылды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Шайлоо мыйзамдары боюнча демилге каралып жатканда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттар менен кайым айтышты. Эл өкүлү Марлен Маматалиев шайлоо маалында бардык партияга тегиз кароого чакырды. © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Марлен Маматалиев"Мен сизди акыйкаттуу, ачык-айкындуулуктун башында турган төрайым катары сыйлайм. Айрым депутаттар жагабы же жакпайбы, баарына бирдей карап берүүңүздөрдү өтүнөм. Ар кандай топтун сөзүнө кирбей адилеттүү болушуңузду каалайм. Ансыз деле Бишкек шаарында айрым партиялардын мыйзам бузуулары каралбай калды. Ошондой нерсе келечекте кайталанбасын, баарына бирдей мамиле кылыңыз", — деди Маматалиев. Буга БШК төрайымы депутат кызматтык абалынан пайдаланып жатканын кыйытуу менен жооп берди. © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Эки жолу чай берсе эрип кеттиңерби? Депутат шайлоо босогосу 5%га көтөрүлгөнүн айтты"Мен сизге салыштырмалуу кызматтык абалымды пайдаланбайм. Сиз мыйзамсыз аракеттерге барган өзүңүздүн партияңыздын иши тууралуу айтып жатасыз. Сиз мени ушинтип сүйлөөгө мажбур кылып жатасыз. Мен дагы сизге БШКнын ишине кийлигишүүдөн карманууну сунуштайм", — деди Шайлдабекова. Андан соң депутат ага суроо эмес, каалоо катары айтканын белгиледи."Антип мага комментарий бербей эле коюңуз. Керек болсо фактылардын баарын президентке бергем, дагы берем", — деди Маматалиев. Шайлдабекова БШК дагы ошондой принципти карманарын айтып, факты болсо берүүнү колдоорун билдирди. Ошол учурда депутат Шайлообек Атазов чыгып, депутатка каяша сүйлөгөн жетекчилер көбөйүп баратканын айтты. Мындан улам төрагага кайрылып, БШК төрайымын тартипке чакырууну сунуштады. © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Шайлообек Атазов"Бул эмне деген көрүнүш. Жогорку Кеңештин депутатына каяша сүйлөп отурат. Бул кимге таянып жатат? Депутат шаардык кеңешти шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып жатат. Бир партия добуш сатып алса, калганы карап отурду дейсиздерби? БШКнын адилетсиздигинен күздө революция болду. Дагы ошондой кайталанбасын деп чыркырап жатабыз", — деди Атазов. Андан соң спикер Талант Мамытов депутаттар чекиликтерди жоюу боюнча суроо берип жатканын айтып, буга комментарий бербей жооп узатууну эскертти. Шайлдабекова депутаттар дагы жекеликке өтпөшүн суранды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik."Манас" айылы маданий-этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча архитекторлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган комплекстен кабарлашты. Сынак КР президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлмөкчү."Каалоочулар 18-июлга чейин заявкаларын бере алат. Ал эми эмгектерин ушул жылдын 5-сентябрына чейин даярдап бүтүшү керек. Эки жеңүүчүгө кийин мамлекет тарабынан сый акы каралган. Азырынча байге фонду тактала элек", — деп айтылат билдирүүдө. © Sputnik / РИА Новости Тоголок Молдонун 160 жылдыгы: манасчылар арасында сынак жарыяланды Сынак боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн 0507 991799, 0552 677777 номерлерине кайрылса болот."Манас" айылы этнографиялык комплекси Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. 12 гектардан ашык жерди ээлеген борбор учурда Бишкек эркин экономикалык аймагынын карамагында. 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгына карата курулуп, анда кыргыздын маданиятын, каада-салтын жайылтуу максаты болгон. Тилекке каршы, анын аймагы кийин каралбай калган. 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков комплексти оңдоо тапшырмасын берген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан 1 242 адам сакайса, 1291 киши оору жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады. Айыккандар: Бишкек – 867; Ош шаары – 28; Чүй облусу – 141; Ош облусу – 64; Талас облусу – 22; Нарын облусу – 16; Ысык-Көл облусу – 17; Жалал-Абад облусу – 55; Баткен облусу – 32. Ушуну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 127 692 болду. Илдет илештирип алгандар: Бишкек - 939; Ош шаары - 17; Чүй облусу – 129; Ош облусу – 21; Талас облусу - 18; Нарын облусу - 26; Ысык-Көл облусу – 52; Жалал-Абад облусу – 15; Баткен облусу - 74. © AFP 2021 / JUNI KRISWANTO Коронавирустун жаңы штаммдарынын мурда байкалбаган симптомдору айтылды Былтыр марттан бери оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 151 607 болду. Штабдын маалыматында 10 киши каза болгону айтылды. Анын алтоо Бишкекте болсо, экөө Чүйдө, бир киши Таласта, дагы бирөө Баткенде дарыланып жаткан. Жалпысынан 2 196 киши оорунун курмандыгы болду. Ушу тапта стационардык дарыланууда 4 552 бейтап бар. Анын 66сынын абалы канааттандырарлык, 2 919 бейтаптыкы орто оор, 1 345 кишиники оор, 222 бейтаптыкы өтө оор экени белгилүү болду. Бир суткада 19 медиктен коронавирус чыкты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди © Фото / пресс-служба Минздрава и соцразвития КР Препаратты тапшыруу иш-чарасына КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, казак элчиси Рапиль Жошыбаев жана вакцинаны иштеп чыккан илимий борбордун өкүлдөрү катышты. © Фото / пресс-служба Минздрава и соцразвития КР 1 / 2 © Фото / пресс-служба Минздрава и соцразвития КР Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы алып келинди Препаратты тапшыруу иш-чарасына КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, казак элчиси Рапиль Жошыбаев жана вакцинаны иштеп чыккан илимий борбордун өкүлдөрү катышты."Вакцинаны казак өкмөтү президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен жеткирип отурат. Бул тууралуу буга чейин эки өлкөнүн лидерлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгон", — деди казак элчиси. Өз кезегинде министр Бейшеналиев Казакстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди."Казакстан былтыр жардам иретинде 400 даана өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу портативдик аппараттарды, 2 миллион даана медициналык бет кап берген. Ал эми бүгүн жеткирилген 25 миң доза вакцина менен 12,5 миң кишини эмдөөгө болот", — деди Бейшеналиев. Казакстандын Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары, QazVac вакцинасын иштеп чыккан адистердин бири Ергали Абдураимов препарат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына туура келерин жана аны менен 300 миңден ашык казакстандык эмделгенин айтты. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Жапаров: бир бейтапты дарылоого 1 миң доллар кетип жатат, сураныч, эмделгиле!"18 жаштан жогорку бардык каалоочуларды эмдесе болот. Эки компоненттин ортосунда башка вакциналардай эле 21 күн өтүшү керек. Ушул күнгө чейин олуттуу кыйыр таасирлери байкала элек", — деди окумуштуу. QazVac вакцинасы Казакстандын Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгып, жыл башынан бери коңшу өлкөдө кеңири пайдаланылууда. Ал коронавирустан 90 пайызга чейин коргой алары айтылат. Эске салсак, ушул убакка чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinofarm, Россиянын "Спутник V" жана швед-британия окумуштуулары биргеликте иштеп чыккан AstraZeneca вакциналарын алып жаткан.
Sputnik_kg
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки алдын ала жыйынтыгын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жарыялады. Белгилей кетчү нерсе, инфографикадагы бул көрсөткүчтөр шайлоонун акыркы жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Массалык мыйзам бузуулардан улам 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Ушундай эле себептерден улам Ош жана Токмок шаардык кеңештерине да шайлоо өтүп жатат. Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орун үчүн бюллетенде ирети менен жазылып, 18 партия ат салышууда. Алар: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", “Күч биримдикте” социалдык-саясий партиясы, Кыргызстандагы жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл". Аймактык шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтыкты 24-июлга чейин чыгарышы керек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Смартфон жай иштеп калган учурда андан зыянкеч программаларды дароо өчүрүү керек. Бул тууралуу " Прайм" агенттигине "Инфосистемы Джет" компаниясынын Маалыматтык коопсуздук борборунун адиси Екатерина Рудая билдирди. Анын айтымында, зыяндуу тиркемелер телефонго коргоочу программалар коюлбаган учурда кирет."Бейрасмий же күмөн санаткан тиркемелерди смартфонго көчүрбөй эле койгон туура. Адатта алар иштээрден мурда галереяга, микрофонго, камерага, номерлер сакталган китепчеге уруксат сурашат. Колдонуучу ага макулдугун берип коёт да, бара-бара телефондун иштеши жайлай берет. Андыктан телефонго антивирустук программа коюп, аны маал-маалы менен иштетип туруу керек", — деди адис. Ошондой эле Рудая бардык тиркемелерди App Store же Google Play сыяктуу расмий дүкөндөрдөн көчүрүүнү сунуштайт. Анын айтымында, тиркемелер буларга жүктөлөрдөн мурда бир нече ирет текшерүүдөн өтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев 7-августта АКШнын Хьюстон шаарында өтүүчү мелдеште кезектеги беттешине чыгат. Бул тууралуу өлкөдөгү бир катар спорттук пабликтер жазып чыгышты. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz) Рафаэль Физиев америкалык Бобби Грин менен таймашат. "Атаман" каймана аты бар кыргызстандык мушкер акыркы жолу 2020-жылдын декабрында UFC 256 мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешип, биринчи эле раундда нокаутка кетирип уткан. © YouTube / UFC Russia Конордун сынган буту, Жалгастын жеңиши. UFC турниринин видео топтому Грин соңку ирет өткөн жылы UFC Fight Night 181 мелдешинде бразилиялык Тиаго Мойзес менен таймашып утулган. Калыстар жеңишти бир добуштан анын атаандашына ыйгарышкан. 28 жаштагы Физиев ММА спортунда 10 беттешке чыгып, анын тогузунда жеңүүчү болгон. 2019-жылдын 20-апрелинде UFC лигасындагы дебюттук беттешинде россиялык Магомед Мустафаевге каршы чыгып, техникалык нокаут менен утулган. Анын атаандашы Грин 39 таймаштын 27син утуп, 11 жолу жеңилген. Дагы бир беттешинде тең чыккан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Улуттук статистика комитети былтыр Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи төмөндөп кеткени тууралуу маалыматты жарыялады. Билдирүүгө ылайык, соңку убакта калктын санынын өсүү темпи жылына 2-2,1 пайыз болуп турган. Бирок 2020-жылы бул көрсөткүч 1,7 пайызга чейин түшүп кеткен. Буга COVID-19 оорусуна байланыштуу адам өлүмү көбөйгөнү, төрөлгөн балдардын саны азайганы олуттуу таасир эткени айтылат. 2019-жылы 173,5 миң бала төрөлсө, өткөн жылы 158,1 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайт. Статистика Мындан сырткары, эпидкырдаалдан улам өзгөчө абал жарыяланган бул убакта эки айдай туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы тууралуу расмий органдардан күбөлүк берилбегени кыскаруунун бир себеби болгону белгиленет. 2021-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Алардын 66 пайызы айылда, 34 пайызы шаарда жашайт. Ошондой эле эркектер калктын 49,6, аялдар 50,4 пайызын түзөрү айтылат. Аны менен катар өлкөдө никеге турганга чейинки куракта (15-17) төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү Талас жана Чүй облустарында катталганы жазылган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Италия курама командасы Англияны утуп 2020-жылдагы Европа чемпиону болду. Мелдештин финалдык беттеши дүйшөмбүгө караган түнү Лондондо өттү. Оюндун үчүнчү эле мүнөтүндө англиялыктардын коргоочусу Люк Шоу эсепти ачып, командасын алга чыгарды. Экинчи бөлүктө (67-мүнөт) италиялыктардын коргоочусу Леонардо Бонуччи гол киргизип эсепти теңеди. Негизги бөлүктө жана кошумча берилген экстра-таймда гол болгон жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан аныкталды. Мында италиялыктар мыкты болуп, 3:2 эсеби менен утуп кетти. Континенттеги эң маанилүү футболдук мелдештин быйылкы финалын Бьорн Куйперс жетектеген калыстар тобу тейледи. Евро-2020 мелдеши өткөн жылдын жай айына белгиленген болчу. Коронавирус пандемиясынан улам ал 2021-жылга калтырылган. Оюндар 11-июндан тартып Европанын бир катар шаарларында болду. Жарым финалдык беттештер жана алтын медаль үчүн чечүүчү оюн Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өттү. Финалдык оюнга 67 миңден ашуун көрүүчү киргизилди.
Sputnik_kg
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо калаа тургундарынын добуштары шайлоо участкалары боюнча алдын ала кандайча бөлүштүрүлгөнүн билдирди. Картада көрсөтүлгөн маалыматтар добуштарды кол менен саноонун натыйжасына негизделген, бирок ал шайлоонун акыркы жыйынтыгы эмес. Шаардык кеңештеги орундарга 18 партия ат салышты: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", мигранттар, курулушчулар жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы, Кыргызстан жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл". Шаардык кеңешке шайлоо кайрадан өттү. 11-апрелдеги шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондой эле себеп менен Ош жана Токмок шаардык кеңештерине да шайлоо болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Коронавирустун мындан аркы штаммдары адамды өлтүрүүгө эмес, болушунча көбүрөөк жайылууга аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси, профессор Владимир Чулановдун пикирине таянып РИА Новости жазды."Коронавирустун улам жаңы чыккан штаммдары болушунча тез жана көбүрөөк тараганга аракет кылууда. Ошол эле учурда былтыркыга салыштырмалуу өлүмдүн саны азыраак. Мындан улам вирус адам баласын жок кылууга эмес, өзү көбөйүүгө аракет кылып жатат деп ишенимдүү айтсак болот. Бизди өлтүрүп салуу анын өзүнө пайдалуу эмес", — деди дарыгер. Анткен менен адис коронавирус болбой эле гриппке салыштырмалуу көбүрөөк адамдын жанын алып жатканын кошумчалады. Тагыраагы, ал пайда болгон бир жарым жылдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча коронавирустан расмий түрдө 4 миллиондон ашык кишинин өлүмү катталды. Ошондой эле Чуланов бул вирустун кесепеттери дагы оорураак экенин эске салып, дагы деле сак болууга чакырды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Техника министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жеткирилди. Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР Техника министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жеткирилди. © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР Долбоор аркылуу колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР 1 / 3 © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды Долбоор аркылуу колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн: Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи; ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи; Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжи; Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агроэкономикалык колледжи; Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи; Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи; Индустриалдык-педагогикалык колледж; ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи. Алдыңкы тажрыйба борборлоруна санариптик инновациялык окутуу үчүн кеңсе жана компьютердик жабдуулардын 7 148 предмети, окутуучулар жана студенттер үчүн лэптоптор, компьютердик жабдуулар, КФК, принтерлер, акустикалык жана радиосистемалар, видеокамералар жана телевизорлор берилген. Ошондой эле жатаканалардагы жашоо шартты жакшыртуу максатында медициналык бөлмөлөр үчүн жабдуулар, муздаткычтар, LED экрандар жана башкалар алынды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Техника министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жеткирилди. Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР Техника министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жеткирилди. © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР Долбоор аркылуу колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР 1 / 3 © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды Долбоор аркылуу колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн: Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи; ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи; Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжи; Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агроэкономикалык колледжи; Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи; Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи; Индустриалдык-педагогикалык колледж; ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи. © AFP 2021 / INA FASSBENDER Өкмөт Сауд Аравиядан алган кредитке 27 мектеп куруп жатат Алдыңкы тажрыйба борборлоруна санариптик инновациялык окутуу үчүн кеңсе жана компьютердик жабдуулардын 7 148 предмети, окутуучулар жана студенттер үчүн лэптоптор, компьютердик жабдуулар, КФК, принтерлер, акустикалык жана радиосистемалар, видеокамералар жана телевизорлор берилген. Ошондой эле жатаканалардагы жашоо шартты жакшыртуу максатында медициналык бөлмөлөр үчүн жабдуулар, муздаткычтар, LED экрандар жана башкалар алынды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып той берген жаранга карата козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди."Тергөөнүн жүрүшүндө биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчисине үйлөнүп той өткөргөн жарандын эки жубайы эки башка даректе жашай турганы белгилүү болгон. Кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган", — деп айтылат маалыматта. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Чүйдө кыз ала качкандарга козголгон иш токтотулду. Себеби Эске сала кетсек, июндун башында социалдык тармактарда Сузактын тургуну экинчи аял алганы, тоюнда биринчи жубайы балдары менен аларды куттуктап, бакыт каалады деген видео тараган. Милиция бул фактыны тастыктап, Жазык кодексинин 179-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен кылмыш ишин козгогон болчу. Адатта көп аял алгандардын күнөөсү аныкталса 100 миң сомдон ашуун айып пул төлөйт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жайкысын киши көп тердеп, мындан улам бир топ ыңгайсыздык жаралат. Дерматовенеролог Юлия Нагайцева Sputnik радиосунун эфиринде тердин бөлүнүшүн азайтуу жолдорун айтып берди."Тердөө — бул тирүү организмде боло турган нормалдуу көрүнүш, мындай жол менен дене өзүн катуу ысып кетүүдөн коргойт. Болгону анын жагымсыз жыты көйгөй жаратпаш үчүн гигиенаны сактоо керек. Биринчиден, эртели-кеч жуунган учурда колтукту бактерияларды жок кыла турган гель же самын менен жышып жууп коюу керек", — деди адис. Андан соң дарыгер антиперспирантка көңүл буруу керектигин айтат. © Фото / Pexels / Mikhail Nilov Ысып, табит тартпай жатканда кантип тамактануу керек? Адистин кеңеши"Азыр тердетпей турган каражаттар абдан көп. Адатта биз аны эртең менен үйдөн чыгарда пайдаланабыз. Бирок аны кечкисин жатар алдында колтукка сүйкөп же сээп коюу керек. Таң аткыча анын курамындагы алюминий хлориди май бездеринин иштөөсүн токтотуп коет дагы, ал күнү адам аз тердейт. Ал эми жагымдуу жыт берүүчү дезодаранттарды эртең менен себинүү керек", — деп түшүндүрдү дарыгер. Ошондой эле ал жайкысын көп тердебеш үчүн туура тамактануу керектигин эскертет. Мисалы, спирт ичимдиктери менен туздуу азыктар тердин көбүрөк бөлүнүп чыгышын шарттайт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Жуктургандар: Бишкек – 890; Ош – 18; Чүй облусу – 116; Ош облусу – 41; Талас облусу – 15; Нарын облусу – 23; Ысык-Көл облусу – 46; Жалал-Абад облусу – 71; Баткен облусу – 110. © AP Photo / Emilio Morenatti Инфекционист коронавирустун башкы максатын айтып берди Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин саны 140 978ге жетти. Анын ичинен 118 771 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алган. Анын алтоо Бишкектен, экөө Чүйдөн. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынан бирден адам каза тапкан. Кыргызстанда жалпысынан 2 113 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта 4 694 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 1 358 бейтаптын абалы оор болсо, 221 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 42 медиктен коронавирус табылган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунда болгон жол кырсыгынан дагы бир киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Эске салсак, кечээ, 11-июнь күнү, аталган жолдун 70-чакырымында, тагыраагы, Кара-Булак айылында Lexus LX570 жана Toyota Corolla автоунаалары кагышып, жеринде бир аял менен бир эркек каза болгон."Кырсык болгон жерде 69 жаштагы эркек киши менен 67 жаштагы аял каза тапкан. Кийин ооруканадан алган жарааттарынан улам 66 жаштагы дагы бир аял  көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө. Булардан тышкары эки киши жабыркаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо маалында шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМ кабарлады. Ага ылайык, журналга катталган маалыматтардын 38и номенклатуралык ишке чыгышталып, 16сы каралып жатса, экөө бириктирилип, дагы алтоо аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Токмокто "Ата-Журт Кыргызстандан" башка партиянын баары жеңишке жетти Эң көп мыйзам бузуу Бишкекте болгон. Тагыраагы, борбор калаа боюнча 37 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факт номенклатуралык ишке чыгышталып, ону каралып жатса, дагы бирөө бириктирилген. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси ("Добуштарды сатып алуу") боюнча үч факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Ош шаарындагы 12 маалыматтын тең жарымы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, дагы жарымы каралууда. Токмок шаарында 18 маалымат каттоого алынып, анын ичинен 15и номенклатуралык ишке чыгышталып, бирөө бириктирилди. Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча эки факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Sputnik_kg
Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынан тарта иштетилип баштаган. Анын салтанаттуу ачылышына президент Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путин видеоконференция форматында катышкан. Аталган кендеги алтындын запасы 90 тоннаны, ал эми күмүш 25 тоннаны түзөт. Жер-үй кенин иштетүү укугу россиялык "Альянс-Алтын" компаниясына таандык. Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Кенде жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат. © Sputnik / Акылбек Батырбеков Талкаланган мөңгү, эңшерилген кен. Кумтөрдүн азыркы көрүнүшү сүрөттөрдө 14 Компания "Бакубат Талас" жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду - жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башка долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүнөт. 2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алышкан. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду жүзөгө ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылдык 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган. 1-июлга карата кенге жасалган инвестициянын суммасы эки миллиард сомго жеткен. Анын ичинде 360 миллиону салык катары төгүлгөн. Инвестициянын жалпы көлөмү 610 миллион сомдон ашкан деп бааланууда. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү 15 Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген. Анын ар бир тоннасында орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Ишкана 99,99 үлгүсүндөгү 1 090 килограмм таза алтын алган. Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы мамлекет жетекчиси Садыр Жапаровдун бүгүнкү Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктаган сөзүн таратты. Төмөндө текст толугу менен берилет:"Ассалому алейкум, ардактуу мусулман мекендештер! Сиздерди Ислам дининин ыйык майрамдарынын бири Курман айт майрамы менен чын ыкластан куттуктайм. Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат. © Sputnik / Асель Акматалиева Токтогазы уулу: курмандыкка жылкы союуга болбойт Тагдырдын буйругу экен, эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолууда. Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды Жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Алла Таала шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин. Күчтүү коом капилеттен келген ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго жана өзгөрүүлөргө каршы даяр болушу керек. Үстүбүздөгү жыл ушундай сыноолор менен коштолсо да, биз бардыгын сабырдуулук, айкөлдүк жана туруктуулук менен жеңип, жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштайбыз. Кудай Таала ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын! Айтыбыз элибизге, жерибизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө маарек болуп, тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун! Жараткан Кыргызстаныбызды сактасын, баарыбызды кийинки Курман айтка чейин аман-эсен жеткирсин! Оомийин!".
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 14 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 227 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалымат бүгүн, 12-июль, саат 08:00гө карата берилди. Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 3; № 2 клиникалык төрөт үйү — 9; № 1 шаардык клиникалык оорукана — 21; №6 шаардык клиникалык оорукана — 1; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 5; Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10; Улуттук онкология жана гематология борбору — 8; Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталы — 5; Улуттук наркология борбору — 10; Аскердик госпиталь — 5; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 53; Улуттук госпиталдын нейро корпусу — 10; Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 39; Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 17; Фтизиатрия борбору, КММАнын №6 жатаканасы — 31. Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу эмдөөгө каршы көрсөтмөсү жок кош бойлуу аялдарга вакцина алуу сунушталат. Бул тууралуу Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун кош бойлуу аял эмдөөдөн өткөн."Эгер боюнда бар аял коронавирус жуктуруп алса, анда оору оор формада өтүшү ыктымал. Бала эрте төрөлүп же түйүлдүк өспөй калуу коркунучуна да кабылышы мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин сайдырууну сунуштайбыз", — деген Аскеров. © Sputnik / Георгий Зимарев Бир суткада 1 330 кишиден коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду Адис кош бойлуу аялдар ашыкча салмак менен жабыркаса, кант диабети, өнөкөт анемиясы, гипертония, жүрөк кемтигинен жабыркаса жана 35 жаштан ашкан куракта болсо тобокел тобуна кирерин белгилеген. Буларга вакцинаны сөзсүз алуу сунушталат."Ал эми дары-дармектерге, айрым азык-түлүккө аллергиясы бар, коронавирус жуктурган жана андан айыккандардын плазмасы менен дарыланган, ошондой эле тромбоз, тромбоцитопения синдрому бар кош бойлуу аялдарга вакцина жасоого болбойт", — деди адис. Ал ДССУ өнөкөт оору менен жабыркаган боюнда бар келиндерди кош бойлуулуктун 20-22 жумасынан кийин макулдугун алып эмдөөнү сунуштаганын кошумчалады.
Sputnik_kg
Кыргызстандын аймагында апийим Октябрь революциясына чейин эле өстүрүлүп, Кытайга сатыкка кымбат баада жөнөтүлүп турган. Ага көнүп калган кытай жарандары да арбын болгон. Совет бийлиги Жети-Суу облусуна орногондон кийин апийимди уруксаты жок өстүргөндөргө жаза каралып, бир катар чектөөлөр киргизилет. Мурда ээн-эркин өстүрүп, жыйналган түшүмдү Кытайга алып баргандардын жолу тосулуп, иши солгундаган. Айрым окумуштуулар Кыргызстанга апийимдин уругу XIX кылымдын 70-жылдары Кытайдан алып келинип, талаага себиле баштаганын айтып келишет. Союз маалында апийимди дарылык максатта өстүрүү Ысык-Көлдө улантылып, бара-бара Чүй, Талас, Нарын облусунун айрым райондорунун аймагына да айдай башташкан. Өзгөчө тоолордун курчоосундагы, суусу кенен Ысык-Көлдө себүү приоритет катары каралган. Анткени Казакстан, Украинада өстүрүлгөн апийимдин морфиндүүлүгү бир-эки гана пайыз болсо, көлдө өстүрүлгөн түрүндө 10-12 пайызга чейин жеткен. Ал эми согуш жылдары апийимден жасалган дары-дармектер жарадар болгон жоокерлерге кеңири колдонулуп, ага суроо-талап жогорулаган. Мындан улам кыргызстандык апийим өстүрүүчүлөр алдында СССРдин сапаттуу морфин даярдоосу үчүн апийим менен камсыз кылуу милдети турган. Апийим өстүрүү кара күчтү көп талап кылган. Аны себүүдө гана техника колдонулса, калган жумуштарды жергиликтүүлөр моюн оорутуп, кол жоорутуп жасашкан. Түшүмдү жыйноо маалында талаага 50 миңдей кыз-келиндер, эркектер, өспүрүмдөр күндө чыкчу. Жети-Өгүз районунун тургуну Өмүрбек Асанов апийимди өстүрүүнү аки-чүкүсүнө чейин билет. 83 жаштагы пенсионер апийим айдаганга ар бир үй-бүлөгө атайын аянт бөлүнүп берилип турганын эскерет."Мен бала кезимден баштап апийимди отоп, сугарып, түшүмүн чогултуп чоңойдум. Көбүнчө кыроо түшкөн ойдуң, кокту-колотторду түздөп, малалап сээп, өскөндө кадимкидей оточубуз. Бышкан кезде апийимдин башын кечке маал кесчүбүз. Сүтү кичине кургаганча таңкы саат төрттөн баштап кыроо кеткенче башка аспап менен кырып алчубуз... Жыл сайын апийим өстүрүүгө ар бир үй-бүлөгө жер бөлүнөр эле. Талаада милиция чоң секини орнотуп алып ошонун үстүнөн байкоо салып, карап турчу. Айылда аны уурдап, сатып байып кеткендер да болгон", — деди Асанов. Бара-бара тажрыйба топтоп, апийим өстүрүүнүн ыгын таап алган жергиликтүүлөр бир гектар жерден 60 килограммдан ашык түшүм алганга жетишкен. Жыйынтыгында дыйкандар мамлекетке жүздөгөн тонна апийим өткөрсө, Москва андан ондогон тонна өтө зарыл дары-дармек өндүрүп турган. 1960-1970-жылдары Кыргызстан дүйнө жүзүндө колдонулган апийимдин жалпы көлөмүнүн 16 пайызын камсыздаган. Мындан сырткары, Кыргызстандын айыл чарбасында апийим өстүрүү эң негизги багыттардын бирине айланып, жергиликтүү бийлик андан жакшы киреше тапкан. Окумуштуулар бул өсүмдүк тууралуу абдан көп илимий эмгектерди жазган. Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы зоналык сыноо станциясында "Тянь-Шань 27", "Тянь-Шань 20", "Пржевальский 46", "Тарбагатай 20" өңдүү түшүмү мол апийимдин жаңы сорттору иштелип чыккан. Жыл сайын түшүм жыйноо маалында СССРдин булуң-бурчунан эс алуучу катары келип Ысык-Көлдө апийим сатып алууга аракет кылгандардын саны өскөн. Мамлекет колхозчулардан бир килограмм апийимди 11 рублдан сатып алса, сырттан келгендер 600 рублга чейин сунуштачу. Баңгизат башка шаар, республикага жеткенде баасы бир нече миң рублга чейин жетчү. Андай чоң акчага кызыккан жергиликтүүлөр четтен келген ортомчу, кылмыштуу топтун сунуштарына азгырылып, талаадан апийимди уурдашкан. Эл арасында аны алтынга, малга, курал-жаракка, акчага, тамак-ашка, кийим-кечеге алмаштырган. Айнек идишке же полиэтилен баштыкка салып жерге көмүп коюп, кийин алып кетишчү; Апийим чогулткан аялдар чачына, койнуна, кийимине, баланы эмизип жатканда жалаягына катып коюшчу; Ата-энесин ээрчип келген балдар алып кетчү. Себеби аларды милиция текшерчү эмес; Андан сырткары, ээрчип келген ит, мышыкка кожоюндары апийимди байлап коюшчу. 1968-жыл, 26-январь, ИИМдин архивиндеги маалым кат КРде биринчилерден болуп баңгиликке каршы күрөшүү боюнча илимдин кандидаттыгын жактаган окумуштуу Карпек Курманов өзүнүн автобиографиялык эмгегинде 60-жылдардын соңунда Ысык-Көлдүн айылдарынын бириндеги абалды мындайча сүрөттөгөн."Үч жыл Ысык-Көлдө милиция менен жүрүп талаадан, кампадан апийимди уурдатпоонун түрдүү жолдорун, ыкмаларын издедим. Айылдарга барганда эшик-терезеси талкаланып каралбай калган далай үйлөрдү өз көзүм менен көрдүм. Сураштыра келсең, анын ээси же аялы апийим уурдап камалып кетсе, уул-кыздары балдар үйүнө өткөрүлгөн болот. Ошолордун баарын көрүп элдин арасында камалгандардын санын азайтуу үчүн бир нерсе кылуу зарыл экенин, аларга карата жазалоочу ыкмаларды гана колдонуу — улуттук генофондуна коркунучтуу таасир бере турганын түшүнчүмүн", — деп жазган Курманов. Милициянын полковниги Александр Зеличенко апийимдин айынан Ысык-Көлдө бир үй-бүлө бала-бакырасы менен өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн учурду эскерди."Ысык-Көлгө кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги болуп келгениме үч жума эле болгон. Жети-Өгүз районунун Саруу айылында апийимди алып-сатып иштейт деген кишинин, анын келинчегинин, кичинекей үч баласынын түндө өз үйүндө атып өлтүрүлгөн кандуу окуясына туш болдум. Үйүнө кирсем башына ок жеген кичинекей балдар көздөрү ачык, ата-энеси да ошол эле бөлмөдө жансыз жатат. Ошол кылмыш ишин ачуу үчүн республикадагы күчтүү тергөөчүлөр чогулуп атайын топ түзүлүп, түбү ошол айылдан чыккан милиционерлерди кичи мекенине алып келип, колуна аракка тыйын берип эл аралап маалымат тапкыла дечүбүз. Тергөөдө анын аркасы менен толтура башка кылмыштардын бети ачылган. Ал жылы катылып жаткан эски алтын тыйындарды, ири көлөмдөгү апийимди таап чыгып мамлекетке өткөрүп бергенбиз. Жергиликтүүлөр мыйзамсыз колдонуп жүргөн курал-жарактарды чогултканда бир жүк ташуучу автоунаа толуп калган. Аны жүктөп Фрунзедеги лабораторияга текшерүүгө жөнөткөнбүз. Ошончо күчтүү адистер чогулуп иликтесек дагы ошол трагедиялуу иштин аягына чыккан эмеспиз", — дейт Зеличенко. Апийим сатып алууга сырттан келгендер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине чейин кол салып, төбө чачты тик тургузган кылмыштарга барган. Мисалы, Ысык-Көлдүн бир районунун жетекчисинин башын кесип кеткен факты катталган. Ал окуя республикалык деңгээлдеги ызы-чууга айланган. Алардын көпчүлүгү гезит беттерине, радиого чыкпай, теледе көрсөтүлбөй, жашыруун бойдон калган. Андан сырткары, погончондор Боом капчыгайындагы кызыл көпүрөдө автоунааларды текшерип жүрүп, автобустан бир келинди апийим менен колго түшүргөн. Шектүү аялдын колундагы төшөккө оролгон ымыркайдын курсагынан жети килограмм апийим таап чыккан. Өлүк наристени көргөн милиционерлердин өздөрүнүн да жүрөгү түшүп калган. 60-70-жылдары Кыргызстандын сегиз районунда апийим эгилип, андан улам кылмыштардын саны кескин жогорулаган. 1969-71-жылдар аралыгында апийим менен 1 345 адам колго түшсө, анын 42си жашы жете элек, 596сы 18 жаштан 29 жашка чейинки курактагылар болгон. Ошондой эле талаада апийим уурдоого кыз-келиндер да аралашып, жашы-карысы дебей анын даамын таткандар көбөйгөн. Жада калса, аны мектеп окуучулары пайдалана баштаган. Бир жылдары кыргыз милициясы талаадагы түшүмдү кайтарууга күчү жетпей калганда башка союздук республикалардан жүздөгөн курсант, аскер кызматкерлерин, кинологдорду жардамга чакырууга мажбур болгон. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин эксперти, укук коргоо органдарында 45 жылдан бери иштеген отставкадагы полковник Тимур Исаковдун ал иштерге уюшкан кылмыштуу топтор катышкандыгын четке какпайт."ИИМдин архивиндеги эски иштерди карап чыксам, ал документтерде Кыргызстандын апийими Түркмөнстан, Казакстан, Москва, Сибирге чейин жеткирилгендиги көрсөтүлгөн. Ага кылмыш дүйнөсүндөгү уурулардын, уюшкан топтордун аралашкандыгын байкоого болот. Кылмышкерлердин жалпы кассасындагы акчага апийимди сатып алып түрмөлөргө киргизишкен. Аларга уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү аралашкан. Ал жылдары жөнөкөй адамдар каргашалуу бул зат менен алектенип, дыйкандардан сатып алып ташууга дааган эмес", — деди Исаков. (1962-67-жылдар) Сатып алгандар автоунаа, темир жол, учак менен башка республиканын аймагына өткөрүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында апийимдин айынан темир тор артына камалгандардын саны өсүп гана тим болбостон, башка республиканын жарандары да жапа чеккен. Ысык-Көлдүн апийими ортомчулар аркылуу Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Закавказье, жада калса Иранга чейин жеткен. Ошол кезде Кыргыз ССРин башкарып турган Турдакун Усубалиев өзүнүн китебинде ал учурду минтип баяндаган."Алгач биз чоң өлкөнү дары-дармек сырьёсу менен камсыздаган негизги республика болгонубузга сыймыктанчубуз, апийим өстүргөндөр өзүнчө эле эйфорияда жүрүшкөн. Апийим өндүрүшүн жогорулатып жатканда биздин республикага өлгүдөй коркунучтуу баңгилик — XX кылымдын чумасы келе жатканын билбептирбиз. Баңгизатка жетүүнү көздөгөндөрдү эч нерсе токтото албай калган. Алар талаада иштегендерге түшүм жыйнаганга чейин эле чоң акча берип жергиликтүүлөрдү мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбур кылган. Эгер ошол убакта апийим өстүрүү токтотулбаганда азыр эмне болмокпуз билбейм. Миңдеген адам ден соолугунан айрылып, Кыргызстан баңгизат менен шуулдангандардын ордосуна айланмак", — деп жазган Усубалиев. Кыргыз бийлигин түйшөлтүп, түн уйкусун бузган көйгөй 60-жылдардын башында Москвага кабарланган. Эл башында тургандар коңгуроо кагып, апийим өндүрүшүн токтотууну сунуштаган. Себеби анын кесепетинен көпчүлүк кыргызстандыктар жапа чеккен жана аны өстүрүү келечек муун үчүн өтө кооптуулукка айланып бара жаткан. Айыл чарба тармагынын ардагери, профессор Жамин Акималиевдин пикиринде, апийимди өстүрүүнү токтотууда Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевдин эмгеги зор болгон."Союз маалында Ысык-Көлдүн апийими сапаты боюнча дүйнө жүзүнө эталон болчу. Экономикалык жактан республикага жакшы эле пайда алып келген кирешелүү өсүмдүк эле. Бирок ал эл арасында баңгизат катары кеңири колдонулуп балакетке айланган. Аны колдонгондор көбөйүп, кылмыштуулук күч алганда Турдакун Усубалиев Москвага кайра-кайра барып жүрүп апийим айдаганды токтотконго эптеп көндүргөн. Негизи борбордогу Мамлекеттик пландоо комитетин андай сунуштарга оңой менен макулдатуу мүмкүн эмес эле. Ага чейин Исхак Раззаков дагы аракет кылганын замандаштарынан угуп калгам. Менимче, Раззаков менен Усубалиевдин ошол аракети элге жасаган акылмандыгы, баа жеткис иши болгон. Алардын көрөгөчтүгү менен улуттун саламаттыгы сакталып калган", — деди Акималиев. Ошентип, 1974-жылы гана СССР Министрлер Совети Кыргызстанда апийим өстүрүүнү токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат. Ал чечимди көпчүлүк кыргызстандыктар кубануу менен кабыл алган. Бирок апийимдин таасири Кыргызстандан көпкө чейин кеткен эмес. Убагында кынык алып калгандар аны мыйзамсыз тоо-таш, кокту-колотторго өстүрүүгө, түрмөгө камалып чыккандар көнгөн иши менен эле алектенүүгө аракет кылган. Апийимсиз жашай албай калгандар анын азабын далайга чейин тарткан. Борбор калаада 40 жылга жакын убакыттан бери дарыгер-нарколог болуп иштеген Элмира Исраилова ошол кезде ооруканага түшкөн бейтаптардын арасынан бай, колунда бар аялдарды да кездештиргенин айтат."Мен 1984-жылдан бери наркологияда иштеп келем. Ошондо деле бизде апийимге көнүп алгандар толтура эле. Бул баңгиликтин эң коркунучтуулугу — адам бир жолу сайынса эле көнүп калат. Андан соң кусуп-чычып, оозу-мурдунан токтобой шилекейи, маңкасы агып, шалдырап ал-күчтөн таят. Дене-башынын баары сыздатып, эч кимди жактырбай уйкусу качат. 90-жылдардын башында ашыкча доза сайынып алып каза болгондор көп болду. Бара-бара баңгилер өз дозаларын билип алышып, катуу кыйналган шериктерине өздөрү эле жардам берип коюшчу. Узак убакыттан бери колдонуп жүргөндөрдүн кан тамыры табылбай калганда алаасына сайышчу. Ал жердеги кан тамыр көп колдонулгандыктан чоң жара пайда болуп, айрымдарынын алаасы оюлуп кетчү. Ал жылдары кары-жашы дебей колдонушчу. Күйөөлөрү же күндөштөрү колунда бар аялдарды, көңүлдөштөрүн апийимге көндүрүп коюшчу. Колунда бар, жакшы турган аялдардын аркасы менен эркектер издегенин бат таап, чогуу сайынып коюп жүрө беришчү. Бизге түшкөн бейтаптар апийим өтө кымбат болгондугуна карабай оор кылмыштарды жасап тапкан фактылар аныкталган", — деди Бакирова. Дарыгер-нарколог акыркы жылдары кыргызстандыктар арасында апийим колдонгондор кескин азайып, таза эмес, түрдүү кошулмалары бар баңгизаттарды пайдалангандар көбөйгөнүн кошумчалайт. Жылдар өтүп, апийимдин элге тийгизген кесепети унутулуп калганда түрдүү күчтөр өлкө аймагында аны өстүрүү демилгесин көтөрөт. "Баңги саясатынын борбор азиялык борбору" коомдук фондунун жетекчиси, милициянын полковниги Александр Зеличенко апийимдин жыргалынан азабы көп экендигин дайым эскертип келет."Менин эсимде. 90-жылдары Кыргызстанда апийим өстүрүүнү кайрадан жандандыруу маселеси жабык эшик артында, тар чөйрөдө каралган. Ал жөнүндө маалымат көп узабай эл арасында тарап кеткенде Кыргызстандагы белгилүү эле адамдар Ысык-Көл аймагынан толтура жерлерди, үйлөрдү сатып ала баштаган. Биздеги айрым саясатчылар Кыргызстан кыйын учурга кептелгенде эле апийим өстүрүүнү жандандыруубуз керек деп чыгышат. Биз антсек, өлкөдө согуш башталат. Мен аларга "бул кооптуу нерсе, андан эч нерсе коргой албайт" деп жооп берем. Мына, Афганистанда эле учурда баңгизат колдонгон 2,5 миллиондой адам бар. Алар Кабулдун борборунда көпүрөнүн алдында тизилип отуруп алышат. Полиция кармап кетип ооруканага жаткырат. Бирок алар кайра эле топтолуп алышат. Алардын арасында ВИЧ/ СПИДге кабылгандар, башка илдеттер менен ооругандар толтура. Мамлекети азыр бул жарандарын эмне кыларын билбей отурат. Дегеним, апийим өзү менен кошо толгон-токой көйгөйлөрдү алып келет. Элдин ден соолугу начарлайт, демографиялык көрсөткүч төмөндөйт, көмүскө экономика күч алат, кылмыштуулук көбөйөт. Кыскасы, жыргалынан азабы көп", — дейт ардагер милиционер Эгер мындан 47 жыл мурда Кыргыз ССРинин аймагында апийим өстүрүү толук токтотулбаганда улуттун, мамлекеттин келечеги кандай болорун элестетүү өтө кыйын... Автор Мирбек Сакенов Жетекчи Эрнис Алымбаев Дизайнерлер Даниил Сулайманов, Тьерри Махасуру Видео, фото Мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архиви, Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргыз фильм" киностудиясы, Ысык-Көл облустук архиви Маалымат булагы Борбордук мамлекеттик архиви, Ысык-Көл облустук архиви, Аскар Жакишевдин "Хрестоматия по истории милиции Кыргызстана (1924-1991 гг.)" китеби, Карпек Курмановдун "Исповедь юриста" автобиографиялык чыгармасы, Турдакун Усубалиевдин "Надо знать прошлое, чтобы не ошибаться в будущем" китеби, Бириккен Улуттар Уюмунун "Столетие контроля над наркотиками" жыйнагы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасы, Жамиля Мажундун илимий макалалары, ачык маалыматтар
Sputnik_kg
70 жаштагы Брэнсон АКШнын Нью-Мехико штатындагы алгачкы жеке менчик Spaceport America космодромунан учту. Бул Virgin Galactic кемесинин толук экипаж менен алгачкы жолу абага көтөрүлүшү. Миллиардерди NASA уюмунун мурдагы кызматкери Бет Мозес, индиялык Сырыша Бандла жана инженер Колин Беннет коштоп барышты. © Photo : Roskosmos / Ivan Vagner Эң кооз көлдөрдүн бири! Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтү жарыяланды" Известия" басылмасынын жазганына караганда, космос кемесин 15-20 чакырым бийиктикке чейин учак менен көтөрүп чыгышты. Ал жактан Unity өз кыймылдаткычын иштетип, жогорку ылдамдыкта Жерден 80 чакырым алыстыкка чейин жетти. Экипаж мүчөлөрү ал жакта төрт мүнөттөй убакыт абада калкып турушту. Ага чейин Брэнсон өзүнүн Instagram баракчасына аны космоско узатып жаткан SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, “Алдыда укмуштуудай күн” деп жазган эле. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от Richard Branson (@richardbranson) 25-июнь күнү АКШнын Федералдык авиациялык башкармалыгы Virgin Galactic кемесине космоско коммерциялык негизде жүргүнчү алып барып келүүгө уруксат бергени белгилүү болгон. Жерди 80 чакырым алыстыктан көргүсү келгендерге билет баасы 250 миң доллар турат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы пайда болуп, ага эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков дайындалды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров эки жарлык чыгарган. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жаңы кызмат Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ишинин майнаптуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунан эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн. Афганистан, Россия, Англия сыктуу мамлекеттерде кошумча билим алып, өз кесиби боюнча эмгектенген. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Ал аркылуу кайра эле Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде кызмат өтөгөн. 2014-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы пайда болуп, ага эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков дайындалды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров эки жарлык чыгарган. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жаңы кызмат Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ишинин майнаптуулугун арттыруу максатында түзүлгөн. Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунан эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн. Афганистан, Россия, Англия сыктуу мамлекеттерде кошумча билим алып, өз кесиби боюнча эмгектенген. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Ал аркылуу кайра эле Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде кызмат өтөгөн. 2014-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавируска каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты."Президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылууга да тапшырма берилген. Ошол эле учурда бардык диний конфессиялардын өкүлдөрүнө, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакцина алуу сунушталган. Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ал эми президент Жапаровдун коронавируска каршы вакцина алганы тууралуу маалыматтар чыга элек. Буга чейин, тагыраагы, 25-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекет башчыга вакцина сайдыруунун кажети жоктугун айткан. Кыргызстанда учурда коронавирус күчөп турган чагы. Бир суткада 1 330 кишиден коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргызстанда калкты массалык эмдөө башталганын брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, Бишкек, Ош, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында эмдөө борборлору 24 саат иштемекчи."Убактылуу эмдөө пунктуларынын ишин уюштуруу үчүн шаарларда парк, сквер жана башка ушул сыяктуу эл көп чогулган жерлерге чатырлар орнотулат. 18 жаштан ашкан бардык каалоочулар коронавируска каршы вакцинаны акысыз ала алышат", — деди Бакашова. © Sputnik / Екатерина Чеснокова Кыргызстандыктарды COVID-19га каршы жапырт эмдөөдөн өткөрүү иши башталды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары вакцинаны биринчи кезекте медиктер, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, 60 жаштан жогору курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар аларын айтып, алардын саны 1 миллион 312 450 адамды түзөрүн белгилеген. Эске салсак, 11-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, аймактарга таратыла баштады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нуруйпа Муканова президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстанда жаңы кызмат пайда болуп, ага Таалатбек Масадыков дайындалды Эске салсак, буга чейин президенттин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. БШКнын маалыматтарынан өткөн референдумда Муканова президенттик башкарууну колдогон үгүттөө тобун жетектегендигин окууга болот.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Бишкекте эмдөө жүргүзүп жаткан жайлардын тизмесин жарыялады. Вакцина алуу үчүн жарандын жанында паспорту болушу керек. Медициналык мекемелер: №4 үй-бүлөлүк медицина борбору — Ибраимов көчөсү, 181; №35 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - №17 үй-бүлөлүк медицина борбору — Чоң-Арык айылы, Семетей көчөсү, 152; Темир жол ооруканасы — Крылов көчөсү, 5; №1 үй-бүлөлүк медицина борбору — Фучик көчөсү, 15; №7 үй-бүлөлүк медицина борбору — Тоголок Молдо көчөсү, 3; №2 үй-бүлөлүк медицина борбору — 3-я Линия көчөсү, 25; №3 үй-бүлөлүк медицина борбору — Логвиненко көчөсү, 30/1; №5 үй-бүлөлүк медицина борбору — Көлбаев көчөсү, 42; №19 үй-бүлөлүк медицина борбору — 5-кичи район, 16/1; №6 үй-бүлөлүк медицина борбору — Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75; №14 үй-бүлөлүк медицина борбору — Наманган көчөсү, 28; №8 үй-бүлөлүк медицина борбору — Чүй проспекти, 40; №9 үй-бүлөлүк медицина борбору — Курманжан Датка көчөсү, 109 А; Студенттер бейтапканасы — Рыскулов көчөсү, 8; №33 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - №13 үй-бүлөлүк медицина борбору — Калыс-Ордо конушу, Калыс-Ордо көчөсү; №15 үй-бүлөлүк медицина борбору — 6-кичи район, №1; №16 үй-бүлөлүк медицина борбору — Панфилов көчөсү, 4; №12 үй-бүлөлүк медицина борбору — Кривоносов көчөсү, 206 б; №10 үй-бүлөлүк медицина борбору — Бөкөнбаев көчөсү, 61; №11 үй-бүлөлүк медицина борбору — Киев көчөсү, 154; №13 үй-бүлөлүк медицина борбору — Токтогул көчөсү, 250; №18 үй-бүлөлүк медицина борбору — Тыныстанов көчөсү, 1. Жеке медициналык борборлор:"Малыш" — Ибраимов көчөсү, 181; Асымбекованын медицина борбору — Жал кичи району, Тыналиев көчөсү, 18;"Кроха" — Ибраимов көчөсү, 84/1;"Элкрит" — Ахунбаев көчөсү, 107;"Семья" — Ибраимов көчөсү, 42;"312" — Исанов көчөсү, 60;"Эдельвейс" — Асанбай кичи району, 8/2; КРЗиВРТ — Юнусалиев көчөсү, 300. Башка мекемелерде: Раззаков атындагы КМТУ — Айтматов проспекти, 66; Бишкек медициналык колледжи — Логвиненко көчөсү, 8; КУУ — Фрунзе көчөсү, 547; КММА — Ахунбаев көчөсү, 92;"Кенч" соода борбору — Киев көчөсү, 260/5;"Азия Молл" — Айтматов проспекти, 3;"Томми" — Токомбаев көчөсү, 17/2;"Космопарк" — Юнусалиев көчөсү, 40а;"Вефа" — Байтик баатыр көчөсү, 98;"Бишкек парк" — Киев көчөсү, 148;"Детский мир" — Чүй проспекти, 147;"Чынар" — Аламүдүн-1 кичи району, 63/1;"Ош" базары — Бейшеналиева көчөсү, 20;"Орто-Сай" базары — 7-кичи район;"Дордой" базары — Кожевенная көчөсү, 1;"Аламүдүн" базары — Курманжан Датка көчөсү, 150."Берекет универсал" — Фучик көчөсү, №20/3;"Таш-Рабат" — Горький көчөсү, 1г.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. – Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бүгүн, 20-июлда, өткөн курман айт намазынын сүрөттөрүн жарыялады. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөн курман айт намазынын сүрөттөрүн жарыялады. © Фото / пресс-служба ДУМК Айт намаз Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда, эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду. © Фото / пресс-служба ДУМК Майрамды утурлай Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өлкө жарандарын айт майрамы менен куттукташты. © Фото / пресс-служба ДУМК Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү. © Фото / пресс-служба ДУМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөн курман айт намазынын сүрөттөрүн жарыялады. © Фото / пресс-служба ДУМК 1 / 5 © Фото / пресс-служба ДУМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөн курман айт намазынын сүрөттөрүн жарыялады. Айт намаз Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда, эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду."Майрамды утурлай Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өлкө жарандарын айт майрамы менен куттукташты. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинини төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев жана муфтий Замир кары Ракиев "Диний баалуулуктар, Курман айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, куттуктоолорун айтышты", — деди муфтияттан. Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну эң бийик чегине жетти, 10-15 күндөн кийин анын мизи кайта баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди."Үч ай мурда эпидемиологиялык абалдын эң курч учурун июнь-июль айларына туура келет деп айткам. Менин оюмча биз эң жогорку чегине жеттик. Оору 10-15 күндөн кийин азая баштайт", — деди министр. Акыркы жумаларда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал өтө курчуп, күн сайын 1 миңден ашык кишиден вирус аныкталып жатат. Ошондой эле COVID-19 суткасына 10го чукул кишинин өмүрүн алууда.
Sputnik_kg
Англиянын батышындагы Глостер шаарынан келген Самуэль Григгс Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кичинесинен тарта музыка жана чет тилдерге кызыгарын айтып берди. Радио Григгс: комуз менен дастанды сүйүп калдым Ал немец, француз, испан, фарс, кыргыз, кытай тилдерин өздөштүргөн."Чынымды айтсам, Кыргызстанга келем деп ойлогон эмесмин. Маңдайыма жазылган окшойт. Англияда жүргөнүмдө Кыргызстан тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Буга чейин Кытайда окуган элем, кыргыз группалаштарым көп болчу. Ошол жерден Кыргыз мамлекети тууралуу кененирээк билдим. Группалаштарым менен Бишкек, Ысык-Көлгө да келип кеттим. Пандемия жаңы башталганда Пекинде элем. Ошол учурда кыргыз тилинин тарыхы, маданияты тууралуу изилдеп жаткам. Апам менен сүйлөшүп Кыргызстанга келүүнү чечтим. Алгач апам Кыргызстандын "стан" деген мүчөсүн укканда "барбай эле койсоңчу, ал жакта согуш, тынч эмес өлкө" деп ыйлап жиберди. Себеби маалыматы жок болгондуктан Афганистанга окшоштуруп алды окшойт. Анан мен апама Кыргызстан коопсуз, тынч өлкө экенин айтып бердим. Кытайда жүргөн кезде кыргыздардын салттуу музыкасы жөнүндө да көп уккам. Бул жакка келип эле комуз үйрөнүүнү чечтим. Ошентип искусство университетинен Самат (Көчөрбаев — ред.) агайды жолуктурдум. Чындап эле комузду, дастанды сүйүп калдым. Азыр дастан классынын биринчи курсун аяктадым", — деди Григгс. Ал учурда кыргыз тили боюнча курска барып, тилди дагы да тереңирээк билүү үчүн Мукай Элебаевдин "Узак жол", Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде жазылган "Бугу эне" жомогун окуганын айтып, ал эми кыргыз тилин өздөштүрөм дегендерге дастан үйрөнүүнү сунуштады.
Sputnik_kg
Кыргызстанда кен тапкандар анын наркынын 50 пайызын алат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Жолдошов: кен тапкандар анын наркынын 50 пайызын алат Анын айтымында, бул мүмкүнчүлүктү көпчүлүк колдонбойт."Тарыхый эстеликти таап алгандардан маалымат келип түшөт. Билдирүүнү көбүнчө жергиликтүү тургундар, туристтер же изилдөөчүлөр берет. Ошонун негизинде жергиликтүү бийликке тийиштүү чара көрүү боюнча кат жөнөтүлөт. Катта тарыхый эстеликти коргоого алуу, 50 метр аралыкка чейин бак-дарак отургузууга, ошол жерде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Андан кийин изилдөөчүлөр тарыхый эстелик тууралуу кеңири маалымат алат. Натыйжада уникалдуулугуна жараша каттоого алынат. Жарандарды стимулдаштыруу үчүн мыйзамда кен жана башка буюм табылса, анын наркы аныкталып 50 пайызын тапкан адамга берүү каралган. Тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүктү көптөр колдонбой келет. Кандайдыр буюм таап алса, аны болушунча жашырып башка рыноктор аркылуу сатууга аракет кылышат. Негизи тарыхый табылганы сатууга аракет кылгандар эстеликке кандайдыр бир зыян тийгизгени аныкталса жоопкерчиликке тартылат", — деди Жолдошов. Ошондой эле ал маданий мурастардын тарыхты аныктоодогу маанисин эске алып, табылгалар акча менен эсептелбеши керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Калктын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алганда мектептер мурдагыдай, кадимки тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 130 миң адам коронавируска каршы вакцина алды."Министрлик августтун ортосуна чейин 1 миллион 250 миң адамды эмдөөнү пландап жатат. Кыргызстанда калктын 70 пайызы эмделиши үчүн 2 миллион 137 миң адам  вакцина алышы зарыл. Бул процессти өкмөт, президент өз көзөмөлүнө алды. 1-сентябрга чейин Кытай, Россиядан дагы вакцина алалы деп жатабыз. Калктын 70 пайызы эмделип, коллективдик иммунитет пайда болгондо гана мурдагы жашоого кайтып, мектептерде окуучулар да кадимки тартипте окуй баштайт", — деди Бейшеналиев. Эске салсак, 11-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, калкты массалык түрдөө эмдөө башталды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкөдө бүгүн орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 2021-2022-окуу жылына 4 131 бюджеттик орун бөлүнгөн. Абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерди тариздөө интернеттеги маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт."Бул үчүн абитуриенттер мектепке же колледжге барып катталып, https/2020.edu.gov.kg/spuz сайтына кирүү үчүн логин жана сыр сөздү алышы зарыл. Андан кийин окуу жайды, адистикти тандашат. Кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт. Ар биринде бүтүрүүчү бюджеттик же акы төлөп окуу үчүн бирден өтүнмөнү жөнөтө алат. Айрым адистиктерде салттуу жана онлайн тартипте кошумча сынактар өткөрүлүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. Бүтүрүүчүлөр кенен маалыматты министрликтин сайтынан ала алат. Кыргызстанда учурда 153 колледж иш алып барат, алардын 48и мамлекеттик деп билдиришти. Кадрларды даярдоо 130 адистик боюнча жүргүзүлөт. Учурда колледждерде 96 миң адам окуса, 7 300 окутуучулар эмгектенет.
Sputnik_kg
Мектептерде Адам жана коом сабагына финансылык сабаттуулук боюнча 72 сааттык окуу куралы түзүлүп, окуучуларга акчаны туура колдонуу ыкмалары үйрөтүлөт. Мындай маалыматты Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Теңизбаев: финансылык сабаттуулук мектептерде окутулат Анын айтымында, мектеп окуучуларын, мугалимдерди окутуу үчүн атайын машыктыруучулар даярдалып, окутуу методдорун үйрөтүшөт."2016-жылы КР өкмөтү тарабынан атайын токтом кабыл алынып, 2016-2020-жылдарга карата калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы иштелип чыккан. Программа үч этапта ишке ашып, республикалык көп иш-чараларды камтыган. Ага ылайык, үч багыттагы маселелер каралган. Алсак, өспүрүмдөр, мектеп окуучуларына арналган финансылык сабаттуулук боюнча окуу сабактарды ачуу болгон. Экинчиден, чоңдор үчүн маалымат жеткирүү методикасы бекитилген. Үчүнчүдөн, калктын бардык катмарына тиешелүү жеткиликтүү маалыматтар таратылган. Мектептерде финсабат боюнча Адам жана коом сабагына атайын окуу куралдары даярдалып, 72 саат ичинде билим берилет. Чоңдор үчүн насыя алуунун туура ыкмалары, үй-бүлө бюджетин толтуруу сыяктуу темалар камтылган", — деди Теңизбаев. Ошондой эле адис финансылык сабаттуулук жаатында чоңдор үчүн тогуз негизги багыт боюнча окуу куралдары даярдалгандыгын кошумчалады.
Sputnik_kg
Никени бир катар себептер менен жараксыз деп табууну соттон талап кылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун"Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди. Анын айтымында, никени жокко чыгаруу суранычы менен никеге туруу укугу бузулган жарандар, анын өкүлдөрү же мамлекеттик органдар кайрыла алат."Никени жараксыз деп табууну соттон эгер нике 18 жашка чейинкилер менен түзүлсө, жашы жетпеген жубайынын ата-энеси, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же тиешелүү укук коргоо органдары (прокурор) талап кылууга укуктуу. Эгерде нике жубайлардын биринин ыктыярдуу макулдугусуз, мажбурлоо, алдоо жолу менен түзүлсө же никеге турууга жолтоо болгон жагдайлардын бар экендигин билбесе (мурдагы никеси бузулган эмес болсо ж.б.) нике жокко чыгарылышы ыктымал. Мындан тышкары, жубайлардын биринде жыныстык дарты же ВИЧ инфекциясы бар экендиги жашырылса, түгөйлөрдүн экинчиси сотко кайрыла алат. Никеде төрөлгөн балдардын укугуна анын жокко чыгарылышы таасир этпейт. Эгерде никеде катталгандар иши каралганга чейин үй-бүлө түзүп алган болсо, сот аны жалган деп таба албайт. Мисалы, жаран жеңилдетилген тартипте жарандык алуу үчүн башка өлкөнүн жараны менен никеге туруп, ортодо бала төрөлсө, сот бул никени жокко чыгаруу боюнча доо арызын канааттандыруудан баш тартат", — деди Бакиров. Юрист нике жараксыз деп табылса жубайлардын ортосундагы мүлктүк мамилелер, укугу жана милдеттери күчүн жогото турганын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын беш айында алтындын экспорту акчалай түрдө дээрлик 180 миллион долларга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. Ага ылайык, ушул жылдын январь-май айларында алтындын экспорту 4 тонна 135,7 килограммды (234,7 миллион доллар) түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде 7 тонна 973,9 килограмм (413,3 миллион доллар) алтын чет өлкөгө сатылган. © AFP 2021 / ADEK BERRY Беш айда Кыргызстандан 200 млн. доллардан көп акча чыгып кетти. Рекорд Эске салсак, мамлекеттик органдар баалуу металлдар аз казыларын өткөн жылы эле божомолдогон. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кумтөр (4,3 пайызга) менен Талды-Булак сол жээгиндеги (19 пайызга) кендин алтын аз камтылган жеринде казуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, "Кыргыз алтындын" өндүрүшү да азаяры күтүлүүдө. Бирок Жерүй жана Чаарат алтын кендерин ишке киргизүү пландалган. Белгилей кетсек, май айында Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилген. Бирок жаңы жетекчилик жумуш мурдагыдай тартипте жүрүп жатканын жана тиешелүү өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөшкөнүн айткан.
Sputnik_kg
Никени бир катар себептер менен жараксыз деп табууну соттон талап кылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун"Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди. Радио Юрист нике кандай учурда жараксыз деп табыларын айтып берди Анын айтымында, никени жокко чыгаруу суранычы менен никеге туруу укугу бузулган жарандар, анын өкүлдөрү же мамлекеттик органдар кайрыла алат."Никени жараксыз деп табууну соттон эгер нике 18 жашка чейинкилер менен түзүлсө, жашы жетпеген жубайынын ата-энеси, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же тиешелүү укук коргоо органдары (прокурор) талап кылууга укуктуу. Эгерде нике жубайлардын биринин ыктыярдуу макулдугусуз, мажбурлоо, алдоо жолу менен түзүлсө же никеге турууга жолтоо болгон жагдайлардын бар экендигин билбесе (мурдагы никеси бузулган эмес болсо ж.б.) нике жокко чыгарылышы ыктымал. Мындан тышкары, жубайлардын биринде жыныстык дарты же ВИЧ инфекциясы бар экендиги жашырылса, түгөйлөрдүн экинчиси сотко кайрыла алат. Никеде төрөлгөн балдардын укугуна анын жокко чыгарылышы таасир этпейт. Эгерде никеде катталгандар иши каралганга чейин үй-бүлө түзүп алган болсо, сот аны жалган деп таба албайт. Мисалы, жаран жеңилдетилген тартипте жарандык алуу үчүн башка өлкөнүн жараны менен никеге туруп, ортодо бала төрөлсө, сот бул никени жокко чыгаруу боюнча доо арызын канааттандыруудан баш тартат", — деди Бакиров. Юрист нике жараксыз деп табылса жубайлардын ортосундагы мүлктүк мамилелер, укугу жана милдеттери күчүн жогото турганын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова калкты массалык түрдө вакцина алууга милдеттендирүү керек деп эсептейт. Ал аймактык эксперттердин "Пикир" деп аталган  клубунун онлайн-аянтчасындагы "COVID-19дун Кыргызстандагы үчүнчү толкуну: калк жана мамлекет үчүн жаңы чакырыктар жана тобокелдиктер" конференциясына катышты. Депутат учурда эмдөөгө каршы фейк жаңылыктар көп экенин жана сапаттуу маалымат жеткирүү жагы аксап жатканын айтты."Адам укуктары тууралуу канча кыйкырып чыгышса дагы милдеттүү түрдө вакцина алдыруу боюнча аракеттер көрүлүшү керек", — деди Строкова. Учурда Кыргызстанда калкты коронавируска каршы эмдөө иштерине активдүү даярдык башталды. Жакынкы күндөрү президенттик аппаратта, министрлер кабинетинде иштегендерден тарта айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине чейин вакцина ала турган болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Эндокринология борборунун директору Наталья Добрынина Республикалык штабдын брифинги учурунда кант диабети менен жабыркаган кыргызстандыктарга коронавируска каршы кандай шартта эмделсе туура болорун айтып берди."Кант диабетинин биринчи жана экинчи тиби менен ооруган бейтаптарда башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын күчөп кетүү тобокелдиги абдан жогору. Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өрчүп кетүү тобокелдиги, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү менен байланыштуу. Андыктан кант диабети бар адамдардын коронавируска каршы эмделгени туура", — деди Добрынина. © REUTERS / JON NAZCA 70 пайыз! ДССУ коронавируска каршы күрөштөгү башкы максатты айтты Анткен менен адис эмдөө тууралуу чечим дарыгер бейтапты текшерип чыккандан кийин гана кабыл алынышы керектигин айтат."Вакцина бул топко кирген адамдардын саламаттыгына зыян келтирбейт деп учурда эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт. Бирок дүйнө жүзүндөгү адистер вакцинанын кыйыр таасирлерине караганда вирустун кесепеттери орураак экенин айтууда", — деди ал. Мындан тышкары, адис дүйнөлүк эксперттердин пикирине таянып, эмдөө жүргүзүү үчүн кант диабети менен ооругандардын артыкчылыктуу тобун атады. Алар: кан тамырларында көйгөйү бар бейтаптар; жүрөк-кан тамырларында коморбид диагнозу бар бейтаптар; 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптар; диализдеги бейтаптар; бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптар. Ал эми төмөнкү учурларда вакцина алууга болбойт: вакцина компоненттерине жогорку сезимталдык; оор аллергиялык реакциялар; эмдөөдөн кийинки оорунун күчөп кетиши (анафилактикалык шок, аллергиялык реакциялар, тырышуу синдрому, дене табынын 40 градуска чейин көтөрүлүшү); оорулардын күчөшү; кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили; 18 жашка чейинкилер.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Көптөгөн кыргызстандыктар "Спутник V" вакцинасынын келишин күткөн. Бул туурасында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Адис бул боюнча коронавирустун үчүнчү толкунуна байланышкан онлайн-талкууда сүйлөп жатып айтты. Исмаилова белгилегендей, кечээ Бишкекте акция өтүп, анда 250 киши эмделген."Эмдөө талаптагыдай жүрбөй жатат. Эсиңиздерде болсо, эң башында (ред - эмдөө кампаниясынын) адамдар өтө этияттык менен байкоо салышкан. Кытайдын вакцинасы келген күндө да көпчүлүк "Спутник V" препаратын күтүшкөн. Россиялык вакцина келгенде 65 жаштан ашкандар жана өнөкөт оорусу барларга гана сайылары айтылган", — деди Исмаилова. Эске салсак бул күндөрү коронавируска каршы эмдөө жайлары бир гана медициналык мекемелерде эмес, соода борборлору, базарлар жана окуу жайларда дагы ачылды.
Sputnik_kg
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар. Анын үчтөн бирин "Казак фильм" каржылап, массалык сценалардагы каармандарды костюм менен камсыздашат. Ал эми Россиянын Каро продакшн кинокомпаниясы тартуу аяктаган соң үн менен иштеп, 3D анимациясын жасап берет. Кыргызстандык ишкерлер президенттин тапшырмасы аркылуу долбоорго 300 миң доллар бөлүп жатат. Бул тууралуу Өмүрзак Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот Анын айтымында, тасма орус, немис, англис, кытай жана түрк тилдерине которулат."2012-жылы кино тармагына "Президент жана бомж" тасмасы менен келдим. Бул лента чет мамлекеттерде көрсөтүлгөн. Ошол учурда Мар Байжиев баш болгон улуу устаттар "Манас" эпосун тартууну продюсер катары колго алсаңчы деген сунуш, ойлорун айтып келишти. Ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп долбоорду баштадык. Ооба, "Манас" эпосуна кайрылгандан кооптонгон режиссёрлор көп болду. Биз да ошондон улам Семетейден баштап отурабыз. Себеби Манаста массалык сценалар, чабуул, басып алуулар арбын. Ал окуяны чагылдырыш үчүн өтө көп каражат керектелет. Семетейдин ар кандай варианттарын карап чыгып, пьесага токтолдум. Анда Семетейдин хан көтөрүлүшү менен аяктайт. Андан ары улантып, атасынын өчүн алып Семетейдин Коңурбайды өлтүрүп, кыргыз элине күнкорсуз бийлик орноткон учуру кошулду. Негизинен пьеса 40 жылдан бери кыргыз драма театрында коюлуп келген. "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар деп эсептелди. Анын 300 миң долларын кыргыз тарап өнөктөш катары бөлүп жатат. Мен бул каражатты президенттен ишкерлер мага карызга эле берип турсун, фильм сатыкка чыкканда кайтарып берем деп сурагам. Өлкө башчысы бизнесмендерди чакырып сүйлөшүп, алар аталган акчаны бөлүп жатышат", — деди Төлөбеков. Продюсер тасмада Семетей Ала-Тоого келип эл чогулуп дүңгүрөп аны хан көтөргөнү жана Коңурбай менен согушкан окуялары эң татаал эпизод болорун кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нарын шаарында Б.Т.Б. аттуу адам 118 майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп, мыйзамсыз пайда таап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, ал иш-аракеттерин жашыруу максатында бир катар чараларды көргөн. Учурда УКМК мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштерин улантууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Адистердин айтымында, майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгын жаратат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө бир мандаттуу сестема менен шайланган депутат мандатын тапшырса, анын ордун толтуруу үчүн кайра шайлоо өткөрүү сунушталууда. Аталган мыйзам долбоору тууралуу коомдук талкууда ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековадан бул жагдайдын логикасын сурады."Депутат кызматтан кеткенден кийин анын ордун толтуруу үчүн жаңы шайлоо дайындалат. Кыргызстандын тарыхында мындайды көргөнбүз. Бир мандаттуу шайлоодон кийин баарынын соттон башы чыкпай калган. Аягы көрүнбөгөн шайлоолор дагы соттук териштирүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Эмнеге экинчи орунду алган талапкерге мандатты өткөрүп берсе болбойт? Ортодогу айырмасы бир-эки эле добуш болушу мүмкүн", — деди Алтыбаева. © Фото / пресс-служба ЖК Кол чаап, чуу түшүп... Маалыматты манипуляциялоо мыйзамы өтпөй калды. Видео Шайлдабекова бир мандаттуу системада аз добуш алган талапкердин шайланууга укугу жок экенин айтты."Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы изилденди. Бардык жакта жаңы шайлоо дайындалат. Бул системада экинчи орунду алган талапкер шайланды деп эсептелбейт. Эгер көп добуш ала албаса, ага мандат берүү туура эмес болот", — деди БШК төрайымы. Ошондой эле ал президент деле мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотсо кайра шайлоо дайындаларын мисал келтирди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда кечээ болгон жол кырсыгынан каза болгондордун саны үчкө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жол кырсыгы Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там трассасынын 70-чакырымында катталган. Анда Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Lexus LX 570 жолтандабас кагылышып, эки адам каза болгону айтылган эле."Кырсык болгон жерде 69 жаштагы аксакал жана 67 жаштардагы аял көз жумган. Ал эми 66 жаштагы дагы бир аял кийинчерээк ооруканада каза болгон. Кырсыкка кабылган 70 жана 48 жаштардагы эки эркек адам ооруканага жеткирилген", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында. Кадрдан көрүнүп тургандай, унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланган. Жеринде куткаруучулар менен жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери иш алып барган. Тез жардам унаасынын медиктери жапа чеккендерди Алай райондук ооруканасына алып кетишкен.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектин чет жакасындагы айрым аймактарда газ үч күнгө, 13-16-июлда өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты."Бишкек шаарынын Проскуряков көчөсүндө жайгашкан 1971-жылы ишке берилген газ өткөргүчтүн жанында жайгашкан көгүлтүр от кудугунан сызылып чыгып жатканын токтотуу максатында жасалган иштерге байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Ал жердеги жумуштарды коопсуз жүргүзүү үчүн орто басымдагы газ өткөргүчтөр өчүрүлмөкчү", — деп айтылган маалыматта. Газ өчө турган жерлер: Аламүдүн айылы: Чугуев, Чоң Чүй каналы, Чернышевский көчөлөрүнүн аймагы; Аламүдүн дарыясынын кесилишкен аймагы — "Куликовский" кондитердик үйү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Бул тууралуу УОКтун Аткаруу комитетинин мүчөсү, КРдин Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов билдирди. Дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыккан Кубатовго сыйлыкты Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Анвар Оморканов тапшырып, бир катар жетекчилер катышкан. Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. © Фото / Национальный олимпийский комитет Дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыккан Кубатовго сыйлыкты Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Анвар Оморканов тапшырып, бир катар жетекчилер катышкан. © Фото / Национальный олимпийский комитет 1 / 2 © Фото / Национальный олимпийский комитет Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Спортчу жолугушууда бийиктикке чыгуу өтө оор болгонун, жеңишин кыргыз элине жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арнаганын белгилеген. Кыргызстандык Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Эдуард Кубатов: Эверестке баратканда өзүмдү жоготуп койгон учур болду Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген. Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп ага 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан. Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет. Эдуард Кубатов дагы эки чокуну — Денали (Түндүк Америка) жана Винсон Массифке (Антарктида) чыгып, "Дүйнөнүн жети чокусун" багындырууну пландап жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нью-Йорктун банкроттук боюнча соту канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөр кенинин активдерин жана банктагы эсебин убактылуу камакка алуу боюнча доо арызын четке какты. Бул тууралуу Law360 порталы жазды. Бул боюнча отурум 19-июлда өткөрүлгөн. Доо арыз Centerra Gold Inc. компаниясы тарабынан АКШнын Банкроттук боюнча федералдык кодексинин 11-главасына ылайык берилген. Ишкананын атынан Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын өкүлү Жеймс Бромли чыккан. Виртуалдык отурум учурунда судья Лиза Г. Бекерман Кыргызстандын өкмөтү кеп болуп жаткан даттануу боюнча жакшы билбегенин, ага толук маалымат жеткирилиши керектигин белгиледи."АКШнын Мыйзамдар жыйнагынын 1608, 28-бөлүмүнө ылайык, экинчи тарапта даттануу тууралуу маалымат жана сотко чакыруу болбогондон кийин мен мүлктү камакка алуу боюнча чечим чыгара албайм", — деди судья. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кумтөр. Кыргызстандын уурдалган келечеги Ал эми Бромли Кыргызстандагы соттук чечимдерге ылайык "Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компани" ишканаларынын жактоочулары өлкөдөн чыккан учурда камалышы мүмкүн экенин айтып, судьяны бул маселе боюнча тез арада чечим кабыл алууга чакырды. Ошондой эле Centerra ишканасынын жактоочусу Кыргызстандын соттору тарабынан чыгарылган өкүм компаниянын ишмердүүлүгүн улантуусуна дагы бөгөт коюшу керектигин айтат. Демек, кыргыз өкмөтү конфискациялаган мүлктү пайдаланууга болбойт. Анткен менен Кыргызстандын Arnold & Porter юридикалык компаниясында иштеген өкүлү Бенджамин Минц кыргыз өкмөтү эч бир мыйзамды бузбаганын айтууда. Анткени кылмыш иши козголгонго чейин, тагыраагы, 11-май күнү Жогорку Кеңеш өкмөткө ишкананы сырткы башкарууга алууга мүмкүндүк берген мыйзамды кабыл алган."Кыргызстан суверендүү мамлекет катары бул мыйзамдын аткарылышы боюнча бардык кадамдарды басып өттү", — деди Минц. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы активдерди камакка алуу боюнча иш буга чейин эле башталган арбитраждык процесстин алкагында каралышы керек. Ал эми банкроттук боюнча иштин козголушу мыйзам жагынан негизсиз болууда. Эки траптын тең аргументтерин уккан соң судья Бекерман кендин иштешине бөгөт коюуга негиз жок деген чечим кабыл алды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанга кезектеги жардамын көрсөттү. Бул тууралуу эл аралык уюмдун КРдеги өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жардам жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында берилген. Өкүлчүлүктүн Ош шаарындагы кампасына Россияда өндүрүлгөн 945 тонна байытылган ун түшүрүлдү. Ал өлкөдөгү 31 500дөн ашуун жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылат."Ар бир үй-бүлөгө эң керектүү азык катары 150 килограммдан байытылган ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Кээ бир долбоорлор ирригациялык тармактарды жана айдоо жерлерин кабылына келтирүүгө, токойлордун аянтын кеңейтүүгө, көпүрө жана дренаждык тутумдарды курууга багытталат. Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн жалпысынан 500дөн ашуун долбоор ишке ашырылат", — деп айтылат маалыматта. © Sputnik / Павел Бедняков Россия 365 тонна суу майды Кыргызстанга жардам катары берди Россия БУУнун аталган программасынын Кыргызстанга каржылык да, техникалык да көмөк көрсөтүүдөгү ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда Россия өкмөтү Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Россия Федерациясынын колдоосу менен БУУнун аталган программасы пандемия тушунда да ишмердүүлүгүн улантып келгени белгиленди.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү, ноябрга чейин 11 медицина мекемеси оңдолуп бүтөт. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү, ноябрга чейин 11 медицина мекемеси оңдолуп бүтөт. © пресс-служба мэрии города Бишкек Учурда №1 шаардык клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусу менен элеватордук түйүндөрүнүн чатырын жаңылоо иштери жүрүп жатканы айтылды. © пресс-служба мэрии города Бишкек 1 / 2 © пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкекте үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү, ноябрга чейин 11 медицина мекемеси оңдолуп бүтөт. Учурда №1 шаардык клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусу менен элеватордук түйүндөрүнүн чатырын жаңылоо иштери жүрүп жатканы айтылды. Ал эми №181 бала бакчанын 1-кабатындагы жылытуу системасы толугу менен оңдолгон. №162 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылуулук системасы капиталдык оңдоодон өткөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттеште сынган бутуна операция жасатты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Twitter баракчасына жазганын Р-Спорт билдирди. Порье менен Макгрегордун таймашы UFC 264 мелдешинин алкагында 11-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп, техникалык нокаут менен америкалык мушкер уткан. Биринчи раунддун аяк ченинде ирландиялык атлет бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алган. Беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Макгрегорду октагондон замбил менен алып кетишкен."Азыр эле операциядан чыктым. Баары жакшы өттү, өзүмдү мыкты сезип турам. Алдыда алты апта таяк менен жүрсөм, анан кайра спортко келем", — деген 38 жаштагы ирландиялык атлет. © YouTube / UFC Russia Акылдан алган бизнес… Порье менен Макгрегордун мушташтан кийинки сөзү. Видео Мушкердин менеджери Оди Аттар экс-чемпиондун жото жилигиндеги жоон жана ичке сөөктөрүнө үч сааттык операция жасалганын билдирди. Дарыгерлер ал акырындап толук бойдон калыбына келет деп ишендирди. Анын октагонго кайра чыгарын күтөбүз", — деген Аттар Twitter баракчасынан. 11-июлдагы таймаш атактуу мушкерлердин ич ара үчүнчү беттеши болду. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Бул ирландиялыктын карьерасында алгачкы жолу нокаутка түшүп утулган беттеши болгон.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нарында мыйзамсыз негизде криптавалюта иштеп тапкан майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. “Б. Т. Б. аттуу жаран жеке турак үйдө 118 майнингдик түзүлүштөрдү орнотуу менен криптовалюта иштетип турган”, - дешти УКМКдан. Адистердин айтымында, майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгын жаратат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12 июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова пандемия шартында туризм тармагын калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Жыйында айтылгандарга караганда, эл аралык адистер пандемия учурунда эң катуу жабыр таркан тармактардын сап башына туризмди алып чыгышкан. Бакашованын айтымында, тармакты бутуна тургузуу үчүн бир катар аракеттер көрүлүүдө. Алардын негизгиси жарандарды, өзгөчө конокторду тосуу менен алектенген мекемелердин кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү болуп эсептелет. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Кытай жүк ташууну көбөйтүү үчүн кыргызстандыктардын 70% эмделишин талап кылууда Маалымат кызматынан кабарлашкандай, Ысык-Көл облусунда рейддер жүргүзүлүп, жыйынтыгында туристтер менен иштешкен тогуз мекеменин жетекчилигине айрым эрежелер сакталбагандыгы үчүн айып салынды. Кеңешменин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди: Экономика жана финансы министрлигине — туризм тармагын калыбына келтирүү жана өнүктрүү. Бул жааттагы ишкерлер менен иштешип, COVID-19ду алдын алуу боюнча эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине — чет элдик жана жергиликтүү туристтердин өз учурунда ПЦР-анализ тапшыруусуна мүмкүнчүлүк түзүү; Тышкы иштер министрлигине — чет элдик туристтерге электрондук түрдө виза берүү системасынын ишин жакшыртуу.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жакында эле Индиянын түндүгүндө 60тай адам чагылган тийип каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости NDTV телеканалына таянып билдирди. Ага ылайык, ушул дем алыш күндөрү аймакка катуу жаан жаап, чагылган түшкөн. Жыйынтыгында Уттар-Прадеш штатында чагылган 41 адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурлары айыл жерлеринде катталып, чагылгандан көбүнчө аялдар менен балдар көз жумганы айтылды."Раджхастанда чагылган Амбер сепилине түшүп, жыйынтыгында сепилде селфи жасап жүргөн 11 турист мерт болгон. Мындан тышкары, дагы тогуз адам штаттын ар кайсы жеринде чагылган тийип көз жумган", — деп айтылат билдирмеде. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза тапкандардын жакындарына жана жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга акчалай компенсация төлөп берүүнү убадалаганы маалым болду.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нарын шаарында Б.Т.Б. аттуу адам 118 "майнинг-ферманы" жеке үйгө орнотуп, мыйзамсыз пайда таап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, ал иш-аракеттерин жашыруу максатында бир катар чараларды көргөн. Учурда УКМК мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштерин улантууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Адистердин айтымында, майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгын жаратат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда 16 жаштагы бала селге агып эмес, андан качып баратып жүрөгү кармап көз жумганы болжолдонууда. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тактады. Кечээ ӨКМ 17:30дар чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Лейлектин бир катар айылдарында сел жүрүп, анын кесепетинен 2005-жылы төрөлгөн бала көз жумганын кабарлаган."Такталган маалымат боюнча, Ак-Терек айылындагы 2005-жылы төрөлгөн А. у. А. аттуу баланы сел агызган эмес. Болжолдуу маалымат боюнча, ал суу ташкындан коопсуз жайга качып баратып жүрөгү кармап жыгылып, эс учун жоготкон. 103 кызматына айылдаштары кабарлашкан", — деп айтылат маалыматта. Табигый кырсык аймактардагы турак үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолдорду, ички чарбалык арыктарды жана көпүрөлөрдү бузуп кеткен. Ак-Терек айылында 25 турак үй, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосу, ички чарбалык унаа жолдор жабыркаган. Бүгүн жеринде тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундары кол кабыш кылып, кошумча инженердик техникалар тартылган.
Sputnik_kg