text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору бекитилип, парламенттин үч окуусунда кабыл алынды. Ага ылайык, элдик апрель революциясы дем алыш күндөрдүн тизмесине киргизилди. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүчүлөр белгилеп кеткендей, апрель окуясы Кыргызстандын эли үчүн зор тарыхый мааниге ээ.2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын кайра жаралуусу болуп калды. Элдик апрель ынкылабынын натыйжасы өлкөбүздүн эркиндигине, өнүгүшүнө жана демократиялуу мамлекет болуп эркин шайлоо өткөрүү укугуна жана жемкорлук менен күрөшүүгө жол ачты, -деп билдирди ЖК депутаттары.
Saat_kg
Өмүрбек Текебаев апрель революциясынын активдүү катышуучусу катары убактылуу өкмөттүн иши тууралуу айтып берүүнү туура көргөн. Анын айтымында, китепти жазуу идеясын ага экс-президент Роза Отунбаева сунуштаган. Роза Исаковна иш сапарында башка өлкөлөрдө убактылуу өкмөт жөнүндө китептер бар экенин билиптир. Биз убактылуу өкмөт тууралуу китеп жазсак туура болот деп ойлодук. Жумуштардын көбүнөн китептин жарыяланышы созулуп кеткен, дейт Текебаев. Саясатчы китепте экинчи революцияын келип чыгышынын себептери жана убактылуу өкмөт азыркы учурга чейин кандай иштерди аткарды деген суроого жооп жазылганын белгиледи.kg. Революция бир күндө болбойт. Кээ бирөөлөр убактылуу өкмөт 3 ай ичинде революция жасаган деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул 20 жылдык иш, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн 20 жыл күрөш, деди ал. Китептин ачылышына экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Темир Сариев, Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмильбек Каптагаев, ЖКнын мурунку жана азыркы депутаттары катышты.
Saat_kg
Террористтик уюм видео жарыялап, Батыш өлкөлөрүндө жаңы жардырууларды өткөрөбүз деп жар салды. Тасмада Лондондо (Улуу Британия), Берлинде (Германия) жана Римде (Италия) чабуул жасалышы мүмкүндүгү айтылган. Кечээ Парижде, бүгүн Брюсселде болсо, эртең кайсы жерде болушун Аллах билет. Балким Лондондо, же Берлинде, же Римде, деп видеодо англисче уюмдун мүчөлөрүнүн бири айтты. Тасмада буга чейинки чабуулдардын кадрлары коюлган.Reuters жазгандай, роликте Лондондогу Коомдор палатасынын жана Римдеги Колизейдин сүрөттөрү дагы бар. Мартта Брюсселде (Бельгия) болгон жардыруулардан 31 киши каза тапкан. Ал эми былтыр ноябрда Парижде (Франция) 130 адам набыт болгон. Ислам мамлекети жардырууларга жоопкерчиликти өзүнө алган.
Saat_kg
Америкалык Facebook корпорациясы өзүнө тиешелүү болгон WhatsApp мессенжеринде 1 млрддан ашкан колдоонуучулардын өздүк маалыматтарын шифрдөөгө өттү. Бул тууралуу сервистин негиздөөчүлөрү Ян Кум менен Брайан Эктон компаниянын блогуна жазып чыгышканын РБК сайты маалымдайт. Колдонуучулардын өздүк маалыматтарынын коопсуздугу биздин компаниянын маанилүү максаттарынын бири эле. Анын техникалык иштерин ишке ашырганыбызды силерге кубануу менен билдиргибиз келет. Мындан ары WhatsAppтагы маалыматтар толугу менен жабык түрдө болот деп билдиришет алар. Шифрдөө бул жазышуу, сүрөт, видео файлдар жана башка маалыматтарды жазышып жаткан эки адам гана биле тургандай кылып жабуу болуп саналат. Бир нече адамдардан турган WhatsAppтын ичиндеги топторго да тиешелүү. Жеке адамга тиешелүү маалыматтарды киберкылмышкерлер, хакерлер же мамлекеттик органдар билип алышы мүмкүн болгондуктан, мындан ары ал мүмкүнчүлүктөр үчүнчү тараптар үчүн жабык болуп калат.
Saat_kg
Масштабдуу веломарафон 6-майга белгиленди. Жарышка бир гана кыргыз спортчулары эмес, Казакстандан да келген коноктор катышат. Споттук иш-чара Кемин районунан башталып, Чолпон-Атадгаы Рух ордо комплексине чейин болоору күтүлүүдө. Марафон Көчмөндөр оюунун секретариаты тарабынан колдоого алынып, азыр уюштуруу иштери катуу жүрүүдө. Буюрса чоң марафон уюштурганы жатабыз. Азыр финиш Балыкчы шаарында болобу же Рух ордодобу тактап атабыз. Баш байге боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө, деп Saat.kgге дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди.
Saat_kg
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтчү Олимпиадада быйыл кыргыз коомчулугу спортчулардан медалдарды күтөт. Буга чейин 9 лицензия алынса, азыркы учурда 12 лицензия утуу пландалууда. Анда эмесе спортчулардын тизмеги төмөндө. Жеңил атлетика.ru20 жаштагы жаш спортчу Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Ташкент шаарында жеӊил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилигине катышып, 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынаган. Анда аталган аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, 2-орун менен кошо Олимпиадалык ченемин толтура алды. Юлия Андреева (Архипова). Сүрөт: wikipedia. Рио-де-Жанейро-2016 Олимпиадасына алгачкы катышуу укугун Кыргызстандын белгилүү күлүгү Юлия Андреева алган. Ал ушул жылдын май айында Чехиядагы марафондо 2 саат 37 мүнөт 37 секундада келе алган .Юлия Пекинде (58-орун) жана Лондондо өткөн Олимпиадаларга (60-орун) катышкан. Жөө күлүк Юлия кыргыз марафонунун күзгүсү болуп келет. Андыктан, Бразилияда өзүнүн мыкты жагын көрсөтө алат деген ишеним чоӊ. Грек-рим күрөшү.kg. Азия чемпиону аталган Арсен Эралиев буга чейин Лондон-2012 олимпиадасына катышкан. Балбандардан биринчи болуп Арсен Эралиев жолдомо алды. Ал сентябрь айында Лас-Вегаста (АКШ) өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта мыкты беш балбандын катарына кире алган. Кыз-келиндер арасындагы күрөш.kg. Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо алган эле. Азыркы учурда, жалгыз балбан кызынан кыргыз элининин үмүтү чоң. Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, аны 10:5 эсебинде утуп алган. Эркин Адылбек уулу. Көк майкачан Эркин Адылбек уулу.akipress. Эркин Адылбек уулу Кытайда өткөн лицензиялык таймашта 81 килограммга чейин салмак категориясында алдыңкы үч мыкты спортчунун катарына илинди. Үчүнчү орун үчүн мелдеште Эркин Адылбек уулу түркмөнстандык Азиз Ачилов менен беттешип, 3:0 эсеби менен утуп алган эле. Грек-рим күрөшү.kg. Астанада өткөн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнирде Кенжеев индиялык балбан менен кармашып, аны 8:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалдык беттеште жапон балбаны Тайчи Оканы 2:0 эсебинде жеңип, Олимп оюндарына жолдомо алган. Ушул эле турнирде Магомед Мусев менен Мурат Рамонов да лицензияга ээ болушкан. Эркин күрөш.kg. Чейрек финалда 97 кг салмакта Жапония, Өзбекстан, Индиядан өз атаандаштарын жеңген спортчу капчыгыбызга дагы бир лицензия алып келген. Айта кетчү нерсе, спортчу финалда Казакстандык балбан менен күрөшүп, алтын медалга ээ болгон. Грек-рим күрөшү.kg. Дал ушул эле турнирде казак балбанынан утулуп, күмуш медаль тагынса да жолдомо утуп алган дагы бир спортчу. Жеңил атлетика.orgSIM-2015 Сибир эл аралык марафонунда уткан Мария Карабицкая 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 38 мүнөт 35 секунд убакытта чуркап өтүп, коло байгени ээлеген. Жыйынтыгында, кыргыз спортчусу Олимпиадалык лицензияга ээ болду. Эске сала кетсек Жайкы Олимпиала оюндары 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинен спортчулар катышаары күтүлүүдө. Алгачкы жолу Косово жана Түштүк Судан мамлекеттеринин спортчулары катышат. Учурда Кыргызстандын 9 лицензиясы бар. Анын алтоосу балбандарга, үчөө жеңил атлеттерге таандык. Дагы сууда сүүзү жана дзюдо боюнча жолдомолорду алуу пландалууда. Андан сырткары келе жаткан Параолимпиадалык оюндарына Кыргызстандык 2 спортчу лицензияга жетишти. Алар Эсен Калиев жана Жыргал Орозбаев (экөө тең пауэрлифтинг)
Saat_kg
Түнү Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюндары өттү. Өз үйлөрүндө Бавария 1:0 эсебинде Бенфиканы, Барселона болсо Атлетико Мадридди 2:1 менен утуп алды. Бавария (Германия Бенфика (Португалия) матчтындагы жалгыз гол оюндун эң башында кирди. 2-мүнөттө сол капталдан көтөрүлгөн топту Артуро Видаль башы менен дарбазанын бурчуна жиберди. Андан кийин курч учурлар болгону менен эсеп өзгөргөн жок. Португалиялыктар жообун бир жумадан кийин Лиссабондо кайтарганга аракет кылышат. Барселона-Атлетико Мадрид (экөө тең Испания) оюнунда алгач коноктор ишеничтүүрөөк ойноп башташты. Биринчи таймда Атлетиконун чабуулчусу Фернандо Торрес гол киргизип, тыныгууга жакын кызыл карта алып, оюндан четтетилди. Барселона көпчүлүктө калганын өз пайдасына колдонуп, экинчи таймда эки гол киргизүү менен матчты жеңе алды. Суарес дубль менен айырмаланды. Командалардын экинчи оюну 13-апрелде өтөт. Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында бүгүн ПСЖ менен Манчестер Сити беттешсе, Вольфсбург үйүндө Реал Мадридди тосуп алат. Оюндар Бишкек убакыты боюнча түнкү 12:45 те башталат.
Saat_kg
Сакалдын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жарадар болду. Ага операция жасалып, тирүү калды. Октор колуна жана ичине тийген. Кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Кечээги атышуу Сакал каймана аты бар кримтөбөл Улан Токтосунов менен Камчы Көлбаевдин топторунун криминалдык араздашуулары. Бул тууралуу K-Newsка укук коргоо органдарынан айтып беришти.5-апрелде Чүй менен Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болду. Өтүп бараткан унаадан көчөдө турган адамга ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында, жарадар болгон адам ооруканага жеткирилген.
Saat_kg
2014-жылдын аягына карата Өзбекстандын карызы 889,3 млн долларды түзгөн. Бирок өзбек бийликтери $43,1 млн карызын гана моюнуна алган. Карызды кечүү жарлыгына Орусия президенти Владимир Путин кол койду. Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Орусияга $25 млн которот. Ошону менен эки өлкөнүн бири-бирине карызы жок болот деп Slon жазып чыкты.2014-жылы Маскөө менен Ташкент макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, эки тарап ССРБдин (СССР) таркашына байланыштуу дооматтарынан жана карыздык талаштарынан баш тартышмак.
Saat_kg
ИИМдин ички аскерлеринин базасында түзүлгөн Улуттук гвардия Орусиянын президенти Владимир Путинге түз баш ийет. Гвардия терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөнүн Путин жарыялады. Чечим кабыл алынды. Улуттук гвардия ИИМ менен биргеликте буга чейин ОМОН, СОБР жана башкалар аткарып келген кызматтарды аткара бермекчи, деп орус президентинин айтканын РБК жазды. Сүрөт: ria. Маалым болгондой, гвардиянын жетекчиси болуп генерал Виктор Золотов дайындалды. Ал 2014-жылдан бери ички аскерлерди баштап келген. 2013-жылга чейин болсо президенттин коргоо кызматын жетектеген.
Saat_kg
Чүй проспекти менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде атышуу болду. Милиция кабарлагандай, көчөдө турган адамды өтүп бараткан унаанын ичинен атышкан. Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерде турушат. Аймакты изилдеп, гильзаларды издеп жатышат. Октон жарадар болгон эркек киши Улуттук хирургия борборуна жеткирилди, деп борбордук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Жабыркаган адам Асылбек Дүйшеев экени анык болду. Ал Сакал каймана атып бар кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакын адамы катары белгилүү.
Saat_kg
Панамалык архив жайылып кеткенден кийин Исландиянын өкмөт башчысы Сигмюндюр Гюннлёйгссон кызматын таштады. Журналисттердин колуна түшкөн документтерде премьердин офшордук компаниясы жазылган. Аны Сигмюндюр декларацияга киргизген эмес эле деп жазат Meduza.Iceland prime minister resigns over allegations he hid millions in investmentshttps://t.co/DdjhZmkYZL #PanamaPapers pic.com/2Eau8vv1Om BBC Breaking News (@BBCBreaking) 5 апреля 2016 г.4-апрелде Рейкьявикте премьер-министрдин кетишин талап кылган массалык акция өткөн. Эл Исландиянын парламентинин алдындагы аянтка чогулган. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 23 миң киши катышты. Бул Рейкьявик калкынын 10%ынан ашык.
Saat_kg
Ошто берген курутту жеп олтуруп меймандос, кең пейил, эмгекчил, жөнөкөй, жан. Гүл өстүргөн күнөсканадүйнөсү миллионер, дыйкан, багбан, ишкер, фермер башкысы жакшы адамдарды эстеп кеттим. Беш күн жүрсөм дагы жашоочулардын кең пейилине, мээнеткеч, адамгерчилигине баа бердим. Элин колунда жакшы нерсеси болсо жей кал деп берген апама окшоштурдум. Мурда Ош жөнүндө терс сөздөрдү угуп жүрсөм, шаарга киргенде ал ойлорум абага тарагандай жок болуп кетти. Оштун босогосун аттаганда эле көзүң Сулайман-Тоого урунат. Тоонун үстүнө чыкканда көнүлүң көтөрүлүп, бүт ааламдын үстүнөн карап тургандай сезим пайда болот. Бийиктен шаар алаканга салгандай эле көрүнөт экен. Канча кылымдык тарыхты камтыган бул улуу тоодо ар бир келген адам сүрөткө түшөт да, мен сыяктуу биринчи facebookка жайгаштырат. Тоодон ылдый түшсөң, Оштун ортосунан Ак-Буура дарыясы агып өтөт. Суунун боюнан эс алып олтурсаң өзүнчө эле керемет. Анан Ошко баргандар сөзсүз самсасын жебесең, анда сууга барып суу ичпей келген адамдай эле болосуң. Шаардан самсанын түрүн тандап жесең, Алайга барып гүлчөтайды, Өзгөнгө барып аш жейсин. Ар бири өзгөчө даамдуу. Араванда болсо бадыраң, капуста, пияз, помидорлор бышып жатат. Ошко болгон сапарымда эң бир кызыктуусу жана жагымдуусу болуп бул Кара-Суудагы гүл өстүргөн күнөскананы көргөнүм болду. 2 гектар аянтта өстүрүлгөн гүлдөрдүн 8 түрү өсүп, Ош, Баткен, Жалал-Абадды гүл менен камсыз кылат. Курманжан-датка айылы. Ал эми тазалыгы өзүнчө бир сөз. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот деген улуу инсандын сөзүн Оштогу туугандар эле колдонуп, күнүмдүк жашоосунда пайдалангандай эле сезилип кетти. Түнкү саат 12 де чыксаң деле сырттан бир таштанды таба албайсың. Айтоор, Ошко болгон сапарым мыкты деңгээлде өттү. Мындан кийин бат-баттан Ошко барып турам деп чечтим да, борборду көздөй сапар алдым. Аш үстүнд.
Saat_kg
Айыл чарба ишкерлерине жардам катары атайын колдонмо иштелип чыкты. Аны бардык региондордогу Android системасындагы смартфон колдонгон дыйкандар жана фермерлер колдоно алышат.Charba колдонмосунан чарбакерлер жарнак катары өндүргөн продукцияларын жана мал-жандыгын чыгарып тура алат. Анда башкалардын жарыяларын да көрө алышат. Мындан тышкары, алып-сатарлар да кабардар болуп, керек учурда келип, дүңүнөн алып кетип турушат. Сүрөт: saat. Анын негизинде продукцияны экспорттоо да оңой ишке ашат. Бул колдонмо айыл чарба ишмерлеринин түйшүгүн бир аз да болсо жеңилдетет болуш керек, деген оюн билдирет уюштуруучулардын бири Сатар Турсункул уулу. Колдонмо уюлдук телефонго Play Market программасы аркылуу бекер көчүрүлөт. Ичине айыл чарба, өндүрүш, сервис жана ар кыл деген бөлүмдөр жайгаштырылган.
Saat_kg
Улуу Чыңгыз атабыз айтылуу Маңкурт тууралуу бекеринен жазып кеткен эмес экен да. Көзү жетип, көөдөнү менен туйуп, жан сыздаткан оорусун келечек урпактарынын жүрүм турумун түз айта албаса да, кыйыр түрдө, сыйда жазып кетиптир. Сен маңкуртсуң десек чок баскандай секирип чычалай турганыбыз турган иш. Бирок чындык бакыйып көрүнүп турбайбы, аны кантип жаап жашырабыз? Бразилиялын Сан-Паулу шаарында адамдын төбө чачын тик тургузуп, жакасын кармап кудайга тобо келтирчү окуя катталды. Капинас айыл аймагында энеси жаңы төрөлгөн баласын таштандыга ыргытып салган. Аны кадимки эле ит таштандынын арасынан таап алып, аяр тиштеп, өмүрүн сактап калган.ru. Бул окуяга күбө болгондор дароо тез жардам бөлүмүнө кайрылышкан. Ошол учурда бейкүнөө наристе жаңы гана төрөлгөн, киндиги да кесилген эмес. Мээримдүү иттин жардамы менен кыз бала аман калды. Итчелик да мээрим төгө албаган кыздын энеси издөөгө берилген.ru. Карга да баласын аппагым дейт, ушул каргачада камкор боло албай, биз адамдар жаныбарлардан да төмөн түшүп баратабызбы? Керек болсо итче да боло албай, өз жаныбыздан жаралган балдарыбызга мээрим төгө албай койдукпу? Анан да маңкурт десе арданып койобуз, нак маңкурттун өзү экенибизди моюнга алгыбыз жок. Эңөкүнүнчтүүсү, бечара Жоламан кыйноо аркылуу маңкуртка айланса, биз эч кыйноосуз эле өз эркибиз менен баш ийип бергенибизде.ru.ru.
Saat_kg
Өнүгүүсү жагынан башка аймактарды артта калтырган дүйнөдө бир нече региондор бар. Алардын катарында дүйнөдө экономикалык гана эмес, саясий, маданий жактан үстөмдүгүн көргөзүп, ири державалар менен тең тайлашкан Европа биримдиги, АСЕАН, Араб Лигасы өңдүү биримдиктер бар. Аталган уюмдар бирдиктүү соода-экономикалык, аскердик, саясий, социалдык жана маданий жаатында кызматташып, чек аралары ар дайым бири-бирине ачык. Ал эми Борбор Азияда андай биримдиктин жоктугунан дүйнөдө региондук жактан эң артта калган аймак катары кала берүүдө. Бизде да биримдик болгон1990-жылдардын башында саясий өз алдынчалыкты алган көз карандысыз постсоветтик Борбор Азия мамлекеттери ынтымакты, биримдикти издөө, пикир келишпестикти артта калтыруу үчүн алгачкы кадамдарды жасаган. Региондо өз ара пикирге жетишүү максатында 1993-жылы 4-январда Ташкентте Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу болгон. Бул жыйында региондогу саясий жана экономикалык абалдарды толук талкуулашкан.1994-жылы Кыргызстанда (Чолпон-Ата) Борбордук Азия мамлекеттеринин үч президенти Аскар Акаевдин, Нурсултан Назарбаевдин жана Ислам Каримовдун жолугушуусу өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө үч өлкөнүн ортосунда бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Бул интеграциялык бирикме биринчи башталганда Борбордук Азиялык (ЦАС) аталышын алган. Ошентип, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы саясий реалдуулук болуп калган.1994-жылы 8-июлда Алматы шаарында өткөн Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусу болуп, маанилүү документтерге кол коюлган. 1995-жылы Алматыда, Дашховузда, Бишкекте, Нукуста жана Жамбылда, 1996-жылдын январында Көкчетауда президенттердин жолугушуулары өткөн. Бул жолугушуулар үч тараптуу бир катар макулдашууга, аларды өнүктүрүүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгууга алып келген. Сүрөт: www1998-жылы 26-июнда Бишкекте Борбордук Азиялык биримдиктин өкмөт башчыларынын отуруму өткөрүлүп, анда Тажикстандын жетекчилиги да катышкан. Ошону менен регионалдык топтун курамы үчүлтиктен төртүлтүккө чейин кеңейген жана Борбордук Азиялык Экономикалык Коомчулук (ЦАЭС) деп аталып, расмий түрдө күчүнө кирген.2001-жылы декабрда Ташкентте өткөн жолугушууда Борбордук Азиялык Экономикалык Коомчулукту Борбордук Азиялык кызматташтык уюмуна (ОЦАС) кайра түзүүнү чечишкен. Ал эми 2002-жылы 28-февралда 4 өлкөнүн президенттери жогоруда аталган уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ишмердүүлүктүн кеңейиши менен катар бул уюм региондор үчүн жалпы мааниге ээ болгон проблемаларды гана чечпестен, ар бир мүчө мамлекеттин да проблемаларын чечкен. Ошондой эле, жалпы региондогу экономикалык чөйрө, коопсуздук саясатына, терроризм коркунучтары менен күрөшүү, диний экстремизм жана баңги трафигине тиешелүү бир катар макулдашуулар кабыл алынган. Борбор Азиялык биримдик эмне үчүн ыдырады?1998-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна (ВТО) кириши Борбордук Азиялык кызматташтык уюмундагы өнөктөштөр тарабынан терс кабыл алынган.2004-жылы октябрда Борбордук Азиялык кызматташтык уюмунун саммитинде бул уюмга Орусия кирген. Бирикменин чегинде бажы биримдиги түзүлүп, ага Өзбекстан кирбей калган. Ошого карабастан уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтык кеңири өнүгүүгө ээ боло алган жок. Мисалы, Казакстан өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында Борбордук Азия кызматташтык уюмунун ичиндеги тарифтик эмес сооданы жөнгө салууну бир тараптуу жүргүзгөн. Өзбекстандын газ жана соода тарифтерине, Кыргызстан менен Тажикстан суу-энергетикалык ресурстарын чектөөчү курал катары пайдаланган. Мындай жагдайлар чөлкөмдүн өз ара өнүгүүсүнө тоскоол болуп, ажырымдарды күчөткөн. Ошондой эле Борбор Азиялык өлкөлөрдүн Евразиялык интеграциялык уюмдарга кирүүсү да өз ара мамилелерди салкындаткан. Алардын катарында ШКУ (ШОС), ЖККУ (ОДКБ), ЕАЭБ ж. Мындан тышкары чөлкөмдөгү саясий окуялар да Борбор Азиялык биримдиктин ынтымагын ыдыраткан. Анжиян, Ош окуялары, Кыргызстандагы бийлик алмашуулар, Өзбекстандын ЖККУ (ОДКБ) уюмунан чыгып кетиши, чек араны бир тараптуу жабуу, чектөөлөрдү киргизүү, чек ара тилкелерин тосмолонушу биримдиктин ишин токтотту. Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү бир гана Орусия баш болгон КМШ, ЖККУнун самитинде жолугушат, Кытай жетектеген ШКУнун алкагында гана кездешет. Күндөн-күнгө ырбап бараткан чек ара жаңжалдар, суу-энергетикалык талаштар, күйүүчү май, газ маселелери, бажы чектөөлөрү, мамлекет башчыларынын салкын мамилелери чөлкөмдүн өнүгүүшүн артка тартып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын ири ГЭС куруу долбоорлору түздүктө жайгашкан өлкөлөрдү, айрыкча Өзбекстандын кескин каршылыгын жаратты. Дал ушундай көрүнүштөр Борбор Азия өлкөлөрүн бириктире алган жок. Мындай карма-каршылык Борбор Азия элдерин бири-бирине душман көрсөтүү менен карым-катнашты алыстатып барат. Бүгүн Борбор Азия мамлекет башчылары өз ара таарынычтарын токтотуп, жалпы элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп, кайрадан бир пикирге келүүсү менен Европа Бирмдиги, АСЕАН өңдүү биримдике жетишүүбүз керек.
Saat_kg
Дүйнөдөгү эң кубаттуу деп эсептелген 126 өлкөнүн армияларына баа берилип, анда Кыргызстан 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыкты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду ээлеген. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 13-катарда турат. Өткөн жылкы анализ боюнча өлкөбүз 78-катарда, ал эми Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 54, Казакстан 66, Тажикстан 81, ал эми Түркмөнстан 90-орунга ээ болгон. Уюмдун эсеби боюнча кыргыз армиясында 150 танк, 438 бронетранспортер, 30 өзү жүрүүчү техника, 159 оор техника, 6 аскерий учак, 4 транспорттук учак болуп, бир жылдык аскердик бюджет 240 млн долларды түзгөн. Рейтинг түзүүдө армиянын саны, кургактагы, суудагы, абадагы аскердик техникалардын саны, баш-аягы 50 фактор эске алынган. Ошондой эле, өлкөлөрдүн армияга короткон экономикалык ресурсун, тышкы карызын жана географиялык абалы да каралган. Кыргыз куралдуу күчтөрүндө өткөн жылга салыштырмалуу эч кандай өзгөрүү болгон эмес. 78-орундан 110-орунга түшүп кеткендиги жаңы жабдуулардын, аскердик техникалардын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Согуш оту бүтпөгөн Ооганстан, Ирак, Сирия жана Африканын өлкөлөрү Кыргызстандын алдында. Алдыңкы беш сапта АКШ, Орусия, Кытай, Индия жана Франция турат.
Saat_kg
Мындан 2 жыл мурун мамлекеттик расмий сатып алуулардын порталы ишке киргизилген. Бул убакытта zakupki.kg дарегинде жайгашкан сайт кандай иштеп жатканына мониторинг жүргүзүлдү. Порталдын негиздөөчүсу Мирбек Эргешбаевдин айтымында, электрондук сатып алуулардын эң негизги артыкчылыгы коррупцияга бөгөт коюлушунда. Операциялар электрондук түрдө жүргүзүлүп, портал аркылуу баардык маалыматтар ачык айкын көрсөтүлүп турат. Жыйынтык жакшы, каттоодон өткөн сатып алуучу органдардын саны 2176 ны түзсө, алардын 2042 си активдүү иш алып баргандар. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе, бул порталда сатып алуулар жалаң гана мамлекеттик мекемелер ортосунда жүргүзүлбөй, жеке менчик иш каналар да өз ишин жүзөгө ашыра алат, деп айтып берди ал. Буга чейин сатып алуулардын көбү көмүскөдө калып, тиешелүү гана адамдар билип келсе, порталда баарына ачык көрүнүп турат. Көмүскө болгон жерде өзүңөр билгендей коррупция да болот эмеспи. Бул сатып алуу порталы өтө чоң иш болду, себеби төмөндөгү көрүнүштөргө аз да болсо бөгөт коё алдык. Бирок портал иштеп жатса да, мыйзам бузуулар болуп жатат. Алсак, сатып алуу иштеринин 30-40% гана портал аркылуу иш алып барышса, калгандары эски система менен иш алып барып жатышат, дейт Экономикалык өнүктүрүүгө жана билим берүүгө көмөктөшүү фондунун директору Данияр Муканбетов. Портал ачылган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 89 млрд сомдук буйрутмалар катталган. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев журналисттерге кабарлагандай, сайтта 9 миң 53 кызмат көрсөтүүчү ишкана катталган.
Saat_kg
Ош дыйканы Сүрөт: saat. Евразиялык экономикалык биримдиктеги (ЕАЭБ) мамлекеттердин арасында продукцияларды экспорттодо өзүнүн санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптары бар. Алар толук аткарылган күндө гана мал чарба продукцияларын экспорттоого мүмкүн. Былтыркы жылы дыйкан, фермерлер өндүргөн продукциясын экспорттой албай бир топ чыгымга учураган. Алай районунун Корул айылынын тургуну Арапбай Табалдиев беш жылдан бери ферма менен алектенип, бука, кой багып келет. Эки фермада толгон букаларды 6, 7 ай кармап багат. Азыр бизде буларды кайда өткөрөбүз деген суроо түйшөлтүп турат. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин деле этти өткөрүп бере турган жерлер жок болуп жатат. Жакында болот дейт, ошол үчүн баарын кармап турабыз, деп айтып берди ал. Фермер эттин баасы түшүп кеткени түйшүк жаратканын айтат. Лабораториялар курулганда көйгөйдөн чыгат элек деп күтүп отурат. Малын ай сайын дарылап турат. Мамлекет этти өткөргөнгө шарт түзүп берсе, фермасын кеңейтүүнү көздөйт. Картөшкө былтыр айыл жеринде 5 сомдон сатылды, сыртка экспорттолгон жок. ЕАЭБге кирип, Казакстан, Орусияга сатабыз деген дыйкандар салган акчасын актай албай калышты. Аларда деле 7-8 сомдон экен. Андыктан бул жактан 5 сомдон алып, ал жакка жибериштин кажети жок болду, дейт айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык маркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков. Адистин айтымында, быйыл деле жашылчанын кымбатташы күмөн. Картөшкөнү азайтып, ордуна беде айдашса жакшы болмок. Дыйкандар көбүнчө айтылганды эмес, өзү билгенди эккендиктен сата албай кыйналып жатышат, деп кошумчалады ал. Буудай аянты кыскарды2014-жылы 89 миң тоона төө бурчактын 23 миңи экспорттолгон. Былтыр 90 миң тонна өстүрүлүп, 39 миңи четке сатылды. Былтыркы жылы буудай 300 миң гектар жерге айдалса, быйыл аны 9 миң гектарга азайтуу пландалды. Казакстан менен Орусиянын дан азыктары биздикине салыштырмалуу сапаттуу. Аларга сата албайбыз, тескерисинче, Кыргызстанга келет. Сатып алуучуга сапат керек. Жумабек Асылбековдун айтымында, 2007-жылы этти Орусияга экспорттоого чектөө коюлган. Учурда эл аралык стандартка туура келген Бишкек менен Ошто 2 лаборатория аккредитациядан өттү. Бүгүнкү күндө алар 18 ишканага сертификат берди: 12 си сүт чыгарган, бирөөсү эт, экөөсү мал, үчөө балык өндүргөн ишканалар. Жемиштердин курамында минералдык заттар чегинен көп болбосо, каротиндик оорулары жок, коопсуз болсо, жашылча-жемиштерди экспорттоодо быйыл тоскоолдуктар болбойт. Эт менен сүттү чыгарууда бир топ кыйынчылыктар жаралат. Мындан 10 жыл мурун Орусия Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлгө бөлүнгөн каражат аз деп кеткен. 2015-жылга чейин 30-40 млн сомду түзүп келди. 2016-жылдан баштап 130 млн сомго чейин көбөйдү. Бул сумма дары-дармекке жетпейт. Аба аркылуу жугуучу оорулардын вакцинасын фермерлерге сатып бериш керек. Айылда көбүнчө акча жок, андай дарыларды сайышпайт. Сүт менен этти экспортоодогу негизги көйгөйдүн тамыры ушул жакта жатат, деп билдирди ветеринардык жана айыл чарба продукциясы боюнча көз карандысыз эксперт Самат Алиев. Адис кошумчалагандай, малды оорулардан сактап, жакшы караганда гана этин сатууга ыңгайлуу болот. Быйыл Орусияда өндүрүш бир топ өсүшү боможолдонууда. Кыргыз дыйкандары экспорттой турган продукцияларды өндүрсө, ЕАЭБ менен чектелбей, Иран, Ирак сыяктуу мамлекеттерге саткандын жолун издөө керек деген ойдо. капуста талаасы Сүрөт: saat. Дыйкандар жашылча-жемиштерин сыртка кантип экспорттой алат?1. Дыйкан өзү жашаган аймактагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайсы жашылча-жемишин сата тургандыгын көрсөткөн билдирме жазат2. Ошол билдирменин негизинде инспектор айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жер-жемишти оорусу, зыянкеч курт-кумурска жокпу текшерүү үчүн жөнөтөт. Продукция 3 күндүн ичинде текшерилет, эгер таза чыкса фитосанитардык сертификат берилет. Бул кызмат бекер жүргүзүлөт. Кайсы мамлекетке алып барбасын, ал жерден дагы жергиликтүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Эгер зыяндуу организм табылса сатууга тыюу салынып, жок кылынат.
Saat_kg
Бишкек шаарындагы 98 кесиптик лицейинин чач тарач-стилисттери Жазгы экспромт деп аталган кезектеги сынагын тапшырышты. Окуучулардын сынагына каалоочулар жана абитуриенттер күбө болду. Чач жасалга, визаж, стилистика жана колористика боюнча билим алып жаткан окуучу кыздар үйрөнгөн өнөрлөрүн бири-бирине жасап, подиумда көргөзмөгө чыгарышты. Арасында эки улан да бар.kg. Окуучулар он ай окушат. Жети ай чач, тырмак жасалгасын жана боёнтууну үйрөнүп чыгышат. Калган үч айды сулуулук салондоруна барып сыноодон өтүп келишет. Бүтүрүүчүлөргө диплом жана эки сертификат тапшырылат. 90% жумуш менен камсыз болот дегенге кепилдик бар. Кээ бири жогорку окуу жайларына тапшырып окуусун улантып кетишет же чет өлкөгө барып кесиби менен иштешет, дейт окутуучу Бермет Бейшенова. Кесиптик лицей байланыш, маалыматтык технология жана кардарларды тейлөө бөлүмдөрү боюнча адистерди даярдап чыгат. Жылына 200 ашык окуучу билим алат. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу борбору аркылуу жумушсуз жарандар келип, кыска мөөнөттүү курстарды бүтүп кетишет. Билим берүү бюджеттик негизде жүрөт.
Saat_kg
Бишкектеги Эркиндик 34 көп кабаттуу үйүнүн жер төлөөсүн Бишкек шаардык статистика комитетинин башчысы Сейитбеков мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу басма сөз жыйынында үйдүн жашоочусу Алла Семенченко билдирди. Анын айтымында, Сейитбеков башында өзү сатып алып, андан кийин аялына жаздырып койгон. Бул иш боюнча 28-мартта Бишкек шаардык сотто С. Сейитбеков утуп алган. Бирок жашоочулар соттун чечимине макул эмес экенин айтышып, ишти кайрадан карап чыгуу үчүн аппеляцияга беришкен. Биздин укук коомдук фондунун өкүлү, укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төөлөсү жашоочуларга керектелиши керек. Азыркы учурда соттор туура эмес чечимдерди чыгарышууда. Менчиктештирип алгандар жер төөлөдө азырынча эч нерсе иштетип жаткан жок. Себеби соттон утулуп калса жөн гана чыгаша чыгып калат дешүүдө. Башкы прокурор Индира Жолдубаевага коррупциялык схемаларды жоюп берүүсү үчүн кайрылат элек, -дейт Умуралиева. Ошондой эле укук коргоочу жаңы мэрдин келиши үмүт арттыра турганын айтты. Катышуучулар Бишкек шаарынын мэри мындай маселелерди карап чыгышын суранышты.
Saat_kg
Стокгольмдо (Швеция) жайгашкан SIPRI эл аралык институту 2015-жылы армиясын кармоого эң көп каражат короткон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Дүйнө жүзүндө аскерий чыгымдар 2011-жылдан бери быйыл биринчи жолу көбөйгөнү белгиленет. Баардык мамлекеттер биригип, былтыр аскерлерге 1,7 трлн доллар короткон. 2014-жылга салыштырмалуу чыгымдар 1%га өстү. Аскерий чыгымдардын өсүшү көбүнесе Азия жана Океаниянын, Чыгыш жана Борбордук Европанын, ошондой эле, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн эсебинен болду. АКШ $596 млрд. Жеральд Р учак ташыгычы. Америка Кошмо Штаттары аскерий чыгымдар боюнча биринчиликти бербей келет. 2014-жылга караганда былтыр армиясына 2,4%га азыраак каражат короткону менен дүйнөдөгү эң чоң аскерий бюджетке ээ. Жалпы дүйнөлүк аскерий чыгымдардын 36%ы АКШга туура келет2. Кытай $215 млрдDongFeng 21 баллистикалык ракетсы. Кытай Эл Республикасы армиясынын бюджетин былтыр 7,4%га көбөйттү. 2 млн 300 миң аскери бар коңшу өлкөгө дүйнөлүк чыгымдардын 13% туура келет3. Сауд Арабиясы $87,2 млрд. Сауд армиясындагы франциялык La Fayette фрегаты2015-жылга чейин аскерий чыгымдар боюнча 3-орунда туруктуу Орусия келе жаткан. Бирок былтыр Сауд Арабиясы армиясынын бюджетин 5,7%га көбөйтүп, үч лидердин катарына кошулду. Дүйнөлүк аскерий чыгымдардын 5,2% ушул өлкөгө таандык4. Орусия $66,4 млрд4++ муунундагы Су-35 учагы. Орусия дагы былтыр аскерлерине чыгымдарын 7,5%га көбөйттү. Ошентсе дагы, Федерация 2015-жылы бул рейтингде 4-орунга түшүп калды. Орусияга дүйнөлүк чыгымдардын 4% туура келет.
Saat_kg
Юсуп Абдрахмановдун 1916-жыл. Сталинге каттар аттуу китеби кыргызчага которулду. Китеп премьер-министр Темир Сариевдин демилгеси менен мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан которулган. Комиссиянын айтымында, китепте 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу баалуу кабарлар камтылган. Күндөлүктөр. Сталинге каттар китеби апрель айында 2000 нуска менен чыгуусу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, китеп Юсуп Абрахмановдун өз колу менен жазылган күндөлүктөрүнүн, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүнүн топтомунан туруп, орус тилинде басылып чыккан.
Saat_kg
Ажылык сапарына баруучуларды каттоо иши 11-апрелден 11-майга чейин жүргүзүлөт. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын облустук, шаардык казыяттарында жана райондук хатибияттарында жүргүзүлөт.kgге муфтияттан кабарлашкандай, каттоо өнөкөтү өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүлүп, 34 каттоо пункту ишке кирмекчи. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек жана Ош шаарларында каттоо иши казыяттарда гана жүргүзүлөт. Ал эми Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында ажыларды каттоо казыяттарда жана райондордо өтүп, 29 каттоо пункту иштейт. Буга чейин ажылыкка барып келгендерге кайрадан барууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Быйыл жылдагыдай эле Сауд Арабиясы тарабынан 3865 орун берилет. Быйылкы өзгөчөлүк катары биз тамак-аш жакшыргандыгын айта алабыз. Расмий түрдө ажылыкка баруунун баасы бекитиле элек, деп билдирди муфтияттын маалымат катчысы Максат Отобаев. Айта кетчү нерсе, быйыл да ажылыкка баруучулардан муфтиятка 90 доллар төлөнүп берилет.
Saat_kg
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт. Колдон колго коомдук фондунун адиси Наргиза Конушалиеванын Saat.kgге билдирүүсү боюнча, концерттен чогулган каражат аутизмден жабыркаган балдардын билим алуусуна жумшалат. Иш-чара аутизмди таануу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду. Аутизм баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оору. 1,5 3 жаш аралыгындагы балдарда пайда болот. Аталган фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстанда мындай оору менен жабыркагандардын саны эсептелген эмес. Фонддун болжолдуу маалыматы боюнча, өлкөдө 215 бала аутизм оорусу менен жабыркайт.
Saat_kg
Режиссёр Элнура Осмоналиеванын Сейде кыска метраждуу тасмасы Канн фестивалындагы Short Film Corner программасына кошулду. Кинематографты өнүктүрүү фондунан белгилешкендей, фестивалдын бул бөлүгү дүйнө жүзү боюнча кино тартууга үндөйт. Бул жерде түрдүү эл аралык фестивалдардын уюштуруучулары тасмаларды тандашат. Андан тышкары, телеканалдар мыкты жаңы кинолорду сатып алууга аракет кылышат. Биз буга чейин кабарлагандай, бул программага Нуржамал Дамирдин Фрунзе жана Кымбат Адылбекованын Таксист тасмалары дагы кошулган, деп фонддон айтып беришти. Сейде картинасынын дүйнөлүк бет ачары 2015-жылдын сентябрында Венециялык кинофестивалдын Горизонттор программасында өткөн. 2016-жылдын январында тасма америкалык Сандэнс шаарында, ал эми февралда атактуу Клермон-Ферране (Франция) фестивалында коюлган.
Saat_kg
Тасманы журналист, фотограф, документалист Жаңыл Жусупжан тарткан. 1 саат 45 минутага созулган бул тасмада автор жеке өзүнүн башынан өткөргөн жана уккан окуяларды баяндайт. Ал аркылуу өз жерин жоготуу, жакындарынан ажыроо, сагыныч сезимин чагылдырат.9-апрелде Бишкектеги Кино үйүндө Каратегинден кат аттуу документалдуу тасманын бет ачары болуп өттү. Саясий окуялардын артынан тарыхый мекенин таштап кеткен кыргыздар тууралуу, жарандык согушта жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөр жөнүндө баяндалат. Ошондой эле Жерге-Талдын айылдарын, сууларын, тоолорун, жайлоолорун, кыргыздардын турмуш-тиричилигин, кыргыздар менен тажиктердин мамилесин чагылдырылат. Тасманын тартылышна 2 жылдан ашуун убакыт коротулган. Фильм жаратууга Франция, Германия жана Чехия өлкөлөрү көмөктөшкөнүн автор Saat. Каратегинден кат документалдуу тасмасы жакын арада элге көрсөтүлбөйт. Дүйнөлүк фестиваль, конкурстарга катышкандан кийин гана жалпы журтка жарыяланат. Эске сала кетсек, бул тасма Кыргызстандан тышкары ар кайсы өлкөнүн курамында жашаган кыргыздардын алгачкы тасмасы.
Saat_kg
Дүйнөдөгү эң кубаттуу деп эсептелген 126 өлкөнүн арасынан Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыккан. Өлкөбүздүн армиясынын саны жана курал түрлөрү боюнча так маалымат айтылбаганы менен түрдүү булактардан жалпы көрүнүштү түзүүгө болот. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны 15 миң адам. Көбүнесе контрактык негиздеги аскерлер түзөт. Кургактыктагы аскерлери Түндүк жана Түштүк-батыштагы аймактык командачылыгы болуп экиге бөлүнөт. Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын карамагында Биринчи мотоатышуу бригадасы (Ош ш.), 24-бригадалык Илбирс спецназы жана өзүнчө батальондор бар. Түндүк аймактык башкармалыгына 8-мотоатышуу дивизиясы (Токмок ш.), экинчи мотоатышуу бригадасы (Кой-таш) жана Илбирсге окшогон 25-бригадалык Скорпион спецназы (Токмок), ошондой эле өзунчө батальондор кирет. Үчүнчү зениттик-артилериялык бригада да кошулат. Кыргызстандын өзгөчө ички саясатына жараша атайын дайындоочу күчтөргө абдан көңүл бурулат. Коргоо министирлигинин карамагында айтылып өтүлгөн Илбирс жана Скорпиондон тышкары Улуттук Гвардия, Пантера жана ШЕР спецназын кошсок болот. Булардын милдети кылмыштуулук жана терроризмге каршы операцияларды жүргүзүү болуп саналат. Өзүнүн атайын бөлүктөрү мамлекеттик президентти коргоо кызматында да (Арстан отряды) бар. Баңги заттарды жүгүртүүгө каршы КЫРГЫЙ спецназы жана чек ара кызматы деп саналган Бөрү жана Арстан кирет. Бул отряддар өзбек жана тажик чек арасында турган чек арачыларды колдоп, наркотрафикке каршы иш-чараларды жүргүзүп турушат. Кыргыз армиясында 215 ге жакын T-72 танктары, 30 дан 42 ге чейин БРДМ-2, 400 гө жакын БПМ жана БМД (274 кө жакын БПМ-1, 113 БПМ-2), 300 дөн ашык БТР (200 МТЛБ, 122 ге жакын БТР-70, 15 БТР-80). Бул бронтехниканын жарымы улуттук гвардия (ИИМ ИК) жана мамлекеттик чек ара аскерлерине тийиштүү. Артилеррия өзүнө 30 САУ (12 2 С9, 18 2 С1), 141 буксирлөөчү курал-жарактарды, 304 миномет ( 250 БМ-37, 6 2 С12, 48 М-120), 21 РСЗО БМ-21 камтыйт. 62 ПТРК (26 Малютка, 12 Конкурс, 24 Фагот) и 18 ПТО МТ-12.Чек ара жана ички аскерлерлерде 4 ЗРК Стрела-10, 400 гө чейин ПЗРК Стрела-2/-3, 24 ЗСУ Шилка, 24 зениттик курал-жарактар ЗУ-23-2 и С-60 бар. Кыргызстандын аскердик аба күчтөрүндө негизинен транспорттук авиация бар. 100 гө жакын Ми. Г-21 истребителдери бар болгону менен, азыркы кезде алардын баары керектен чыккан. Курал-жарак колдоно алчу жалгыз учактар болуп 4 окуу l-39 (жеңил штурмовик катары колдонулат) эсептелинет. Ошондой эле, 2 Ту-154 жана 2 Боинг-737 жүргүнчү ташуучу самолет бар. Алар өлкөбүздүн башкаруучуларына таандык. Онго жакын Ми-24 тик учагы жана жана 9 аскердик вертолёт бар. Өлкөбүздөгү жалгыз жөнөкөй жана реактивдүү торпеда чыгарган завод Дастан аскер-өнөр жай комплекси болуп эсептелинет. Кыргызстандын өзүнө бул завод деңиз аскердик күчтөрү жок болгондуктан кереги деле жок. Көпчүлүк чыгарган продукциялары Индияга экспортолот. Өлкөбүздүн аймагында Орусияга караштуу Кантта жайгашкан 999 чу авиабаза бар. Бул орто эсеп менен 10 аскердик тик учак жана 15 вертолет.
Saat_kg
Өкмөт мүчөлөрүн бошотууда премьер-министрдин укуктарын чектеген мыйзам пунктарнын алып салуу сунушталууда. Президент өз сунушун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Белгилей кетсек, мурунку жумада премьер-министр Темир Сариев транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушун президентке жолдогон. Президенттин аппараты транспорт министрин иштен алуу боюнча өкмөт башчысынын сунушун артка кайтарган.
Saat_kg
26 өкмөт башчынын ичинде премьер-министрдин милдетин аткаруучулар дагы бар. Бул кызматта эң узак отурган Апас Жумагулов болуп саналат. Ал өкмөт башында 5 жыл иштеген. Ал эми милдет аткаруучу катары Алмамбет Матубраимов 1 күн министрлер кабинетин башкарган. Мындан тышкары, белгилеп кетчү нерсе экс-президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана азыркы ажо Алмазбек Атамбаев өз убагында премьер-министрлик кызматты өтөшкөн. Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев эки жолу өкмөт башчы болушкан.1 ичинен 271. 1991-жылдын 21-январынан 29-ноябрына чейин2. Андрей Иордан (милдет аткаруучу). 1991-жыл 29-ноябрь 1992-жыл 10-февраль3. 1992-ж. 10-февралы - 1993-ж. 1992-жылдын 26-февралына чейин милдет аткаруучу4. Алманбет Матубраимов (милдет аткаруучу). 13-декабры 14-декабры5. 1993-ж. 14-декабры - 1998-ж. Кубанычбек Жумалиев . 14-марты 23-декабры. 1998-жылдын 25-мартына чейин милдет аткаруучу7. Борис Силаев (милдет аткаруучу). 1998-жыл 23-декабры 25-декабры8. 1998-ж. 4-апрели9. Борис Силаев (милдет аткаруучу). 4-апрели - 1999-ж. Амангелди Муралиев. 12-апрели - 2000-ж. 1999-жылдын 21-апрелине чейин жана 2000-жылдын 11-декабрына чейин милдет аткаруучу11. 2000-ж. 21-декабры - 2002-ж. Николай Танаев. 22-майы - 2005-ж. 2002-жылдын 30-майына чейин милдет аткаруучу13. 2005-ж. 15-августу. 2005-жылдын 28-мартына чейин милдет аткаруучу14. 2005-ж. 20-июнь - 2005-ж. К. Бакиев президенттикке койгон учурда ал үчүн милдет аткаруучу16. 2007-ж. Алмазбек Атамбаев. 29-марты 2007-ж. Искендербек Айдаралиев (милдет аткаруучу). 28-ноябры 24-декабры19. 2007-ж. 24-декабры - 2009-ж. Данияр Усенов. 21-декабры 2010-ж. Роза Отунбаева (милдет аткаруучу). 7-апрели 17-декабры24. Аалы Карашев (милдет аткаруучу). 1-сентябры 5-сентябры 25. 2012-ж. 5-сентябры - 2014-ж. Жоомарт Оторбаев. 25-марты 2015-ж. 2014-жылдын 3-апрелине чейин милдет аткаруучу27. 2015-ж. 1-майы - бүгүнкү күнгө чейин.
Saat_kg
Темир Сариев 2015-жылдын 1-майынан баштап премьер-министри болуп иштөөдө. Дээрлик бир жылда өкмөт башчысынын тушунда ишке киргизилген 10 ири ишкананы сунуштайбыз. Кийинки материалда Сариевдин чуу чыгарган 10 демилгесин тартууламакчыбыз. Ак-Суу районундагы крахмалды иштетүүчү завод.kg11-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы крахмалды кайра иштетүү заводу ишке кирди. Ишкана Түштүк Кореянын инвесторлорунун каржылоосу менен курулган. Завод 40-50 адамды жумуш менен камсыз кылат. Сокулук районундагы логистикалык борбор.kg Кыргызстанда алгачкы ири жашылча-жемиштерди сактоочу Агропродукт Азия логистикалык борбору өз ишин аткара баштады. Заманбап шарттарга жооп берген, европалык стандарттын жана голландиялык үлгүнүн негизинде курулган борбор 2700 чарчы метр аянтка жайгашкан. Борбордо үч миң тоннага чейин жашылча-жемишти сактоо мүмкүнчүлүк бар. Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы мал союучу комбинат Сүрөт: saat. Дүйнөлүк стандартка жооп берген цех төрт ай аралыгында курулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн АКШ долларына барабар. Аталган комбинат күнүнө 50 бодо мал жана 100 ашык майда малдарды союп жетишет. Мал соючу комбинаттан сырткары жаратылыш газын алууга жана жер семирткичтерди чыгарууга да бардык шарттар түзүлгөн. Бозымчак жез кени.kz. Комбинат сентябрда толук кубаттуулукта ишке берилди. Андан жылына мамлекеттин казынасына 400 млн сом которулат, ошол эле учурда миңден ашуун жумушчу орун пайда болот. Талды-Булак Солжээк алтын кени.kg. Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Талды-Булак Солжээк алтын кени 1- декабрда ишке берилди. Алтын казууга салынган инвестициялардын жалпы суммасы 184 млн долларды түзөт. Компаниянын 60%на үлүшүнө кытай тарап, ал эми 40%на Кыргызалтын ААК ээлик кылат. Базар-Коргон районундагы Cotton Textile Factory пахта заводу Сүрөт: gov. Завод премьер-министр Темир Сариевдин ар бир райондо 10 дон ишкана ачуу боюнча тапшырмасынын негизинде ачылган. Жүзгө жакын адам штеген завод жылына 20 миң тонна пахта өндүрөт. Жаңы ишканалардын бири катары Базар-Коргон районундагы Cotton Textile Factory пахта заводунда ачылган май цехин атоого да болот. Пахтанын чигитинен май чыгарып, анын калдыгынан кир самын жасап, дыйкандарга берип жатышат. Мунай кайра иштетүүчү SV Rink LTDзаводу.org. Таш-Көмүр шаарында жылына 800 тонна мазут, мунай продукцияларынын калдыктарын кайра иштетүүчү SV Rink LTD жоопкерчилиги чектелген коому 2015-жылдын 1-сентябрында ишке киргизилди. Ишканада 70 жумушчу орун түзүлдү. Завод жылына 8 миң тонна мазут, 4 миң тонна бензин, 20 миң тонна дизелдик күйүүчү май өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Жалал-Абад шаарында Кыргыз-Иран биргелешкен кондитердик цехи.kg. Ишкана үчүн ирандык инвесторлор 20 млн сомдук каражат жумшашкан. Германиядан технологияларды алып келип орнотушкан. Бир нөөмөттө 8 тонна кондитердик азыктарды иштеп чыгарат. Жумушчулардын саны 200 адамга чейин көбөйөт. Жылына 115 млн сомдук продукция өндүрүп чыгарат. Смай-Гыда бут кийим заводу.kg. Базар-Коргон районунда жаңы ачылган ишканалардын бири Смай-Гыда ЖЧК заводу болуп саналат. Бул завод жеңил бут кийим чыгарып, ишканада 30 адам иш менен камсыз болгон. Асфальт чыгаруучу завод.kg. Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагына JICA программасынын алкагында күнүнө 30 тонна асфальт чыгаруучу завод ишке киргизилип, 17 жаңы жумушчу орун түзүлгөн. Завод жапон грантынынын эсебинен бекер курулду. 2015-жылдын август айында пайдаланууга берилди. Завод Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун асфальт менен камсыз кылат.
Saat_kg
Жаздын келиши менен талаа иштери башталды. Дыйкандарды эмне эгем, жалгыз киреше булагы быйыл туруктуу болобу деген суроо түйшөлтөт. Бул жылы картошка, жүгөрү, дан эгиндери, кант кызылчасы кирешелүү болот деген айыл чарба министрлигинин божомолу ишеничтүүбү? Былтыр картошканы жылдагыдан көп эккен Ысык-Көл дыйкандары өз продукциясын базар баасынан арзан сатууга аргасыз болушкан. Карапайым фермерлердин ЕАЭБке мүчө болуп кирип соодабыз жакшы болот деген оюн таш капкан өңдүү. Дүңүнөн 4-6 сомдон кетсе, чекене баасы 8-10 сомдон болуп жатты.org. Ушул эле көрүнүш Таласта байкалды. Төө бурчак жылдагыдан арзан болуп, аны эккен дыйкандар нараазы болуп митингге чыккан. Премьер-министр Темир Сариев кыргыздар бизге витамин жетишпейт, төө буурчакты тамак-ашка көбүрөөк колдонолу деген кеңешин айтып өткөн. 2013-жылы килограммы 100 сомдон сатылган төө буурчактын баасы былтыр 30 сомдон ашпады. Түштүк жергесиндеги көрүнүш дал ушундай. Пахтанын баасы эң эле көтөрүлгөнү 38 сом. Бирок баары бир эле дыйкан тобокелге салып, пахта эгет. Өкмөттүн айтымында, быйыл кант кызылчасынын айдоо аянттарын көбөйтүү керек. Бирок көп дыйкандар кант кызылчасын эгүүдөн өткөн жылы эле баш тартышкан, себеби мээнети көп болгону менен пайдасы аз болууда дешет алар. Бир гектарды бир киши иштете албайт, ал эми жумушчуларды алуу бул дагы ашыкча каражат. Азыркы учурда, сатуучулар шекерди четтен алып келишет. Бул кант кызылчасынын арзандыгынын дагы бир себеби. Ал өрүк гүлдөгөндө себилет, ошондуктан, азыр да тобокелге салып айдагандар жок эмес. Ысык-көл облусунун дыйканы Айбек Сыдыков акыркы жылдары буудайга басым жатканын айтат. Жаздын бир күнү жылды багат, биз жаз келээри менен эле талаа иштери менен алек болуп калабыз. Негизи картошка арзан кетет, актабайт. Буудай себебиз, мен үч гектар жериме былтыр буудай сээп, 9 тонна алдым. Анын килограммы 17-20 сомдон кетип, жакшы пайда берди. Үйгө ун кылганга да кенен жетти. Айылдаштарыбыз 10 гектарлап себишет. Буудай, арпа жакшы киреше алып келет, дейт ал. Дагы бир фермер Бекболсун Ташкожоев беде себээрин айтып өттү. Сарымсак, капуста түшүм жакшы бергенин айтат. Жерим өтө деле чоң эмес. Ошентсе деле жерден бир топ килограмм алып, аны 200-250 сомдон саттык. Капустадан жакшы түшүм түшөт деп угуп, капуста да айдагам, бирок адашып капустанын башкачасын алып алыптырмын. Кызыл капуста деп аталат экен. Мындай өсүмдүктү базардан эле көрчү элем, өстүрсө болоорун билбептирмин, деп ою менен бөлүштү дыйкан. Кызыл капустаны 250-300 сомго чейин алышкандыктан, аны эмки жылы дагы себейин деп турам деген Бекболсун Ташкожоев беде дагы жакшы киреше алып келээрин айтат. Үрөнду 280-300 сомдон алса, бир жылда эки, жакшы болсо үч жолу түшүм алып, бир түктү 100-150 сомдон өткөрсө болот дейт. Ошондой эле ал күнөсканаларга кызыгып жатканын, бирок кандай кылып куруп, эмнеден баштаарын билбей турам деп кошумчалады.
Saat_kg
Быйыл Кыргызстанга келе турган туристтердин санын 20%га көтөрүү көздөлүп жатат. Туризм департаменти сентябрда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата да чет элдик коноктор көбөйөт деп үмүттөнүүдө. Департамент учурда Кыргызстанды таанытуу максатында Орусиянын Маскөө, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы иш сапарда жүргөн убагы. Орусиялык туроператорлордун Кыргызстанга кызыгып жатышканын департаменттин директору Азамат Жаманкулов билдирет. Барган шаарларыбызда Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасап айтып берип жатабыз. Орусиялыктар тарабынан кызыгуу пайда болуп, алар Кыргызстанга келүүнүн шарттары, маршруттар жана коопсуздук жөнүндө суроолорун узатып жатышат, дейт ал. Жаманкулов шарттарды жакшыртуу максатында туристтердин коопсуздугу үчүн ички иштер министрлиги жана салматтыкты сактоо министрлиги менен иштешип жатканын кошумчалады. Ысык-Көл аймагындагы пансионаттар менен да чогулуш өткөрүүнү дагы пландалууда. Туристтердин саны канча пайызга көбөйөөрү азыр белгисиз. Бирок, белгилүү себептерден улам Түркия менен Египетке болгон орусиялык туристтердин агымы буулуп, алардын кайсы бир бөлүгү бизге келет деген үмүттөр бар. Сентябрь айында боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата да чет элдик коноктордун санынын арта турганын белгилей кетүү керек, деп жыйынтыктады ал.
Saat_kg
Жумушчу кесиптердин арасынан тигүүчүлөрге суроо-талап баарынан чоң. Ал эми кызматкерлердин арасында мугалимдер. Мэрия билдиргендей, тигүүчүлөр 876 вакансия менен биринчи орунда турат. Айдоочуларга 238 бош орун сунушталууда. Ашпозчуларга 216 орун бар, сатуучуларга 137, наабайчыларга 103.Кызматкерлердин арасында окутуучуларга 139 орун сунушталса, кассирлерге 126 вакансия каралган. Дагы 83 кишиге кыймылсыз мүлк агентинин жумушу сунушталып, дарыгерлерден тышкары 72 медайым изделет.
Saat_kg
Анын ордуна Жогорку Раданын төрагасы Владимир Гройсмандын келиши күтүлүүдө. Жергиликтүү Эспресо ТВ телеканалына чыккан эфиринде ал Бүгүн күндөн баштап жасай турган ишим өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарынан да кененирээк деп көрүп жатам деп айтты. Эфирде Арсений Яценюк аны кызматтан алуу сунушу парламентке 12-апрелде киргизиле турганын билдирди. Ал, ошондой эле, жумушун таштоого Украинадагы саясий кризис түрткү болгонун кошумчалады. РБК жазгандай, өзүнүн Twitter аккаунтунда Яценюк саясий кризисти жасалма деп атады. Бир адамды алмаштыруу аракети саясатчыларды сокур кылып койду. Министрлер кабинетин өзгөртүү процесси ордунда туруп алып эле чуркаганга тете болуп калды, деди ал. Яценюк өлкөнүн туруктуулугун сактоо үчүн колунан келген аракетин көргөнүн кошумчалады. Петр Порошенконун блогу өкмөт башчылыгына Владимир Гройсманды көрсөтүүдө. Бул шартта өз ыйгарым укуктарымдан баш тартам, деп жыйынтады өкмөт башчысы.
Saat_kg
Пари-Сен Жермен Барселонанын чабуулчусу Неймарды алууну жайкы трансфердеги башкы максаты кылып алды. РБК кабарлагандай, Барселона футболчу менен 2018-жылга чейин түзүлгөн контрактты андан ары дагы узартууну көздөп жатат. Бирок ПСЖ Неймар үчүн Барселонага 193 млн евро берүүгө даяр экенин билдирди. Бул сумма бир нече жылда төлөнүп берилет. Андыктан, клуб каржылык жактан кыйынчылыкка туш болбойт. Мындан тышкары, париждиктер Неймарга жылына 20 млн евро маяна төлөп турмакчы. Бул жайында ПСЖдан кетип жаткан швециялык чабуулчу Златан Ибрагимовичтин айлыгынан 5 млн еврого көп.2015/2016 сезонунда Барселонада Неймар 14,5 млн евро акы алат. Футболчунун агенти Вагнер Рибейронун айтымында, Неймарга Париж абдан жагат.
Saat_kg
Аниме. Бул сөздөр бир нече жыл мурун эле кулакка өөн угулчу. Бүгүн дубалды кооздогон райтерлер, киндигине шакек тагып алган фриктер көнүмүш болуп баратат. Бир миллион калк жашаган Бишкекте далай субкультуралар бар болгону менен көңүл бура бербейиз. Мындан улам, көп кырдуу борборубуздун жаштары эмнеге кызыгаарына байкоо салып көрдүк. Фриктер жүрөктүн үшүн алган жүрүм-туруму, сырткы келбети менен таң калтырып келет. Денесинин көп бөлүгүндө татуировка тарттырган Татьяна бул жөн гана кооздук эле эмес, менин көз карашымды чагылдырган, менин оюмду берген нерсе дейт. Баары сага татуировканын эмне кереги бар? Каарыганда денеңдеги сүрөттөр жаман көрүнөт деп айта беришет. Менин айтаарым, каарысам, денем өзү жаман көрүнүп калат. Андыктан, эмне үчүн пирсинг коюу мага жагып атса, мен денемди тешпешим керек? Эмне үчүн денемди кооздоо мага жакса, кооздобошум керек, дейт Татьяна. Бизге өзүн Винс деп тааныштырган мырза Жашоо бир келет, жөнөкөй кызыксыз жашоо менен жашагым келбейт, дейт. Мен жөн гана абдан позитивдүү адаммын, бир орунда токтогум келбейт. Адамдар да мени карап, коркпостон, жашоодон болушунча ырахат алса дейт элем, деген ою менен бөлүштү ал. Винс адамдарды илгичтерге асуу боюнча Hell dolls (тозоктун куурчактары) фрик театрынын негиздөөчүсү. Бул жай 2006-жылдан бери иштейт. Геймерлер күн-түн дебей, виртуалдуу дүйнөдөн чыкпай ойногон балдар. Көбүнесе мектеп курагындагы өспүрүмдөр. Виртуалдуу дүйнө кызыктуурак, ошол эле DOTA, WARCRAFT оюндары менин оюмча ойлонуу процесстерин өнүктүрөт. Атүгүл, ойлонуп, пландап, тактика менен иштегенди үйрөнөсүң, - деген 14 жаштагы Иван токтобостон 16-17 саат ойной алаарын айтып өттү. Негизи, азыр интернет оюндарына кызыккандар өтө көп. Досторумдун арасында сүйлөшкөн темабыз эле ушул, деген оюнчу компьютер клубуна жөнөдү. Кытайда эки-үч күн тынбай компьютер ойноп, отурган жеринен көз жумган факттар катталган. Кыргызстанда андай учурлар жок болгону менен компьютердик клубдардын туруктуу тургундарын кездештирүүгө болот. Райтерлер бозоргон көчөлөрдүн зериктирген дубалдарын кызыл-тазыл сүрөттөргө боёгон чыгармачыл адамдар. Граффити мектебин уюштуруп, жаштарды үйрөтүп, өзү да укмуштуудай сүрөттөрдү тарткан Виктор Цой граффити жаштар арасында популярдуу боло баштаганын айтат. Мен 1991-жылдан бери граффити менен алектенем. Эстетикалык кооздуктан мурун бул сүрөттөрдүн мааниси дагы бар. Кээде заказдар да болот, аткарабыз. Эң башкысы, кылган ишим мага жагат, деген бул мырзанын талантына таң бердик. Жалпылап айтканда, адам кандай көз карашты карманбасын, жашоодон ырахат алып, коркпостон каалаганын кылган бул адамдарга суктанбай койбойсуң. Ал эми кылган иштерине, жүрүм-турумуна кандай ойдо болуу ар кимдин жеке каалоосуна жараша.
Saat_kg
Туризм департаменти Google компаниясы менен иштешип жатат. Компания көчөлөрдүн 3D форматтагы сүрөттөлүштөрүн, туристтик объектилерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Картага Кыргызстандын туристтер көп келе турган алдыңкы шаарлары кирген.7-8-майда Ысык-Көлдө туристтик чоң жарманке өтөт. Ошол иш чарага Google компаниясынын өкүлдөрүн да чакырганбыз. Алар көчөлөрдү жана керектүү объектилерди көрүүгө мүмкүн болгон онлайн картаны расмий түрдө тартуулашат, дейт туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.30-мартта департамент 2020-жылга чейинки туризмди өнүктүрүүнүн программасын сунуштаган. Ага келген туристтердин санын арбытуу жана Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытуу боюнча негизги пландар камтылган.
Saat_kg
Премьер-министр Темир Сариев пансионаттарды өткөрүү жарлыгына кол койду. Жакын арада өзбек тарап дипломатиялык каналдар аркылуу бул чечим жөнүндө кабардар болот. Совет союзу таркагандан кийин Рохат, Дилором, Золотые пески жана Бустор пансионаттарын Өзбекстан иштетип келген. Өкмөт аларды Кыргызстандын эсебине которууну чечти. Премьер-министр кол койду, деп өкмөттөн кабарлашты. Бирок өкмөттө бул чечим кыргыз-өзбек чек арасында орун алган чууга байланышы бар-жоктугун такташкан жок. Эске сала кетсек, өзбек тарап эч эскертүүсүз талаштуу аймакта блок постторду коюп, аскерлерин жана техникасын киргизген.
Saat_kg
24-март күнү жол кайгуул кызматынын (ЖКК) Бишкек боюнча төраыйымы Зумрад Джанабаеванын кармалышы коомдо чоң талкуу жаратты. Анын тергөө абагына киргизилиши жарандык активистердин арасында дароо нааразычылык пайда кылды. Социалдык түйүндөрдө талкуулангандан кийин Джанабаева ден соолугуна байланыштуу үй камагына которулду. Ага карабастан, кайгуул кызматынын борбордогу жетекчисин камалышы дале көңүл чордонунда. Жарандык активисттер пресс-конференция өткөрүп, Зумрад Джанабаевага колдоосун билдиришти. Мен жөнөкөй жаран катары, айдоочу катары акыркы жылдары ЖККда көптөгөн өзгөрүүлөр жүргүзүлгөнүн айта алам. Дал ушундай кызматчыларды биз милициянын катарынан көргүбүз келет. Жакында эле түзүлгөн патрулдук милициянын башчысы катары биз Зумрад Джанабаеваны татыктуу деп эсептейбиз, дейт катышуучулардын бири Улан Жумаков. Коомдук активист Айбек Баратов Джанабаева тергөө абагына киргизилгенине нааразы. Ал оор кылмыш кылбагандан кийин тергөө абагына алуунун кереги жок болчу. Менин оюмча, болгону жөн гана өлкөдөн чыкпоо туралуу колкат жетиштүү болмок. Ошондуктан, бул саясий буйрутмабы деген ойлор келип атат, дейт ал. ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Алихан Рустамов министрлик өз кызматкерлерин коргоого чамасы жетпей атат деп нааразычылыгын айтып өттү. Кармалган же кандайдыр бир кылмышта күнөөлүү болгон кызматкерге бизде эң чоң юридикалык бөлүм болсо да жардам бере албайт экенбиз. ИИМ жада калса адвокат менен камсыз кылбайт, деди катышуучу. Эске сала кетсек, 26-март та Октябрь райондук соту Джанабаевага карата 20 күнгө 1-тергөө изоляторуна кармоо өкүмүн чыгарган. 2-апрелде сот бул чечимин үй камагына алмаштырды.
Saat_kg
Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык Биримдикке (ЕАЭБ) киргенине 8 айдын жүзү болду. Коомдо уюмга кирүүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери дале кызуу талкууланып келет. Кризис кирдиби? ЕАЭБге 2015-жылдын августунда киргенден тартып Кыргызстанда экономикалык каатчылык башталганын экономисттер айтып келишет. Статистикалык комитеттин билдиришинче, былтыр тышкы өлкөлөр менен соода жүргүзүү 23,7%га төмөндөгөн. Өлкө кризисте экенин өкмөт башчысы Темир Сариев дагы танбайт. Кризистен чыгуу үчүн өкмөт адаттан тыш чечимдерди кабыл алышы керек, деп ал бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында айткан. Ал арада серепчилер Кыргызстанда экономикалык каатчылык эмнеден пайда болгонун талкуулашты. Себептерин изилдөө үчүн жалпы ЕАЭБдеги абалга көз салышты. Кризистин башталышын калк ичинде уюмга кирүү менен байланыштырып келишет. Ириңдеткен биримдикпи? Экономист Улан Рыскелдиев учурдагы абалды бир гана уюмга киришибизге такай беген туура эмес деген ойдо. ЕАЭБге биз дүйнөлүк экономикалык каатчылык болуп жаткан убакта кирип калдык. Бирок, ага карабастан, союздаш Казакстан менен Орусиягагы девальвацияга салыштырмалуу сомдун наркын жакшы кармап турдук. Эми конкуренция күчөп турган убакта айыл чарба продукцияларын экспорттоону жөнгө салып кетишибиз керек, дейт ал. Анын айтымында, ЕАЭБга кирип ушундай шарттарга кириптер болуу күтүүсүз болгон жок. Экономиканы турукташтыруу жана жакшыртуу дароо эле боло койбойт. Кеминде эки жылдай убакыт керек. Бул бир чоң кемененин багытын дароо башка бир тарапка буруп жиберүү сыяктуу эле көрүнүш дейт эксперт. Серепчи Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, ата-мекендик ишкерлер жаңы шарттарга көнө албай жатат. Советтер союзу тарагандан кийин да коллективдүү чарбага көнүп калган эл үчүн ыңгайсыз абал жаралган. Дордой, Мадина жана Кара-Суу базарларындагы ишмердүүлүктүн солгундашы да бизге ошондой таасир калтырып жатат. Жолун тапкычакты кыйналабыз. Ошондуктан, өлкөнүн экономикалык моделин өзгөртө турган убакыт келди, дейт ал. Анын айтымында, азырынча өлкөнүн агротармагы майда жана алсыз болгондуктан, ишкерлер биримдиктин ичинде да өзүн көрсөтө албай жатат. Ошондуктан аларга өзүнүн ишмердүүлүк талаасын, платформасын түзүп берүү керек.
Saat_kg
Учурда көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан жаңы типтеги тайгазанды куруу сунушу болуп жатат. Тайгазандын куруу демилгесин көтөргөн жаш архитектор Бекжан Шыгаев жаңы тайгазан тууралуу айтып берди. Мурдагы тай казандын көрксүз болгону менин жаңы тайгазан ойлоп табуума түрткү болду. Өзүңүздөр билгендей быйыл көчмөндөр оюндары масштабдуу деңгээлде өткөнү турат. Кыргызстанга кеминде кырк өлкөдөн коноктор келет, ал эми көчмөндөр оюндарынын көзгө басары көк бөрү эмеспи. Тай казандын бетине чапталган дөңгөлөктөр чындыгында өтө көрксүз көрүнөт жана биздин нукура баалуулуктарыбызга дөңгөлөктүн кесиги аралашып кетүүсү жакшы көрүнүш эмес деп эсептейм. Тайказандын диаметри (түбү) 4,5 м, бийиктиги 1,2 м, чөйчөгү 0,5 м. Кошумча тайказандын этегин 20 см тик кылып, жогору көздөй конус абалда жантайып кетет. Этегин 20 см тик кылганымдын себеби, ат тай казандын бетиндеги шырдакты сыя баспоо үчүн жана чылага малынбаш үчүн кылдым. Негизинен, стандарттык бир өлчөмү болбогондуктан, ар ким ар кандай салууда. Мен ошону бир тартипке келтирүүнү сунуштап жатам.kg. Мен сунуштаган тайказан бир жерге курулбайт. Иш чаралар Ысык-Көлдө, Соң-Көлдө же Суусамырда болсун, жүктөп барып коюп алып көк бөрү тарта бергендей көчмө болот. Тай казандын ички түзүлүшү бышык 10 см калыңдыктагы желим (резина) бачок болот (эки бөлүк). Алып барганда ичине болжол менен 7 кубдун тегерегиндеги кум салынат. Ал нык болгондуктан, калың резина айрылбайт жана иш-чара бүткөндө кумду төгүп салып жеңил-желпи көчүп кеткенге ыңгайлуу. Ал эми үстүнө булгаары жабылат. Булгаары айрылып кетпеш үчүн артына кийиз коюлуп, шырылса эч нерсе болбошун атайын адистер айтууда. Негизгиси улакчы жабыркабаш үчүн булгаарынын алдына өтө жумшак эмес, өтө катуу эмес желим төшөлөт. Тайказан топурактан же темирден жасалса адам өмүрүнө залалы тийип калышы мүмкүн. Мисалы, жакында эле бир улакчы тай казанга жыгылып, боору жарылып кеткен. Кудай жалгап аман калды. Көчмөндөр оюндарында өлкөнүн намысы корголуп жаткандыктан, улакчыларыбыз жашоосун арнап коюшу мүмкүн. Ошол себептен максималдуу түрдө тайказанды коопсуз кылуу керек.kg. Бул тайказан кадимки тайказандан баасы кымбат болушу мүмкүн, бирок улакчынын өмүрүнөн кымбат эмес. Ал эми капталына кыргыздын орнаменти түшүрүлгөн шырдак жабылат. Шырдакты ат сыя басып айрыбаш үчүн артына бышык таар коюлуп шырылат. Шырдак аттын бутуна чалынып же кирдебеш үчүн жерден 20 см көтөрүлүп турат. Мындай тай казанды жогорку деңгээлдеги иш-чаралага гана колдонулушун сунуштайт элем. Менимче, тай казандын кооздугуна көңүл бөлүп, келген конокторго өзүбүздүн баалуулуктарыбызды таанытышыбыз керек.
Saat_kg
Бишкек шаарында мындан бир ай мурун доллардын баасы 72,50 сомдон кем эмес болсо, бүгүнкү күндө долларга болгон нарк 67,30 сомго түштү. Бир айдын ичинде АКШ долларынын 5,2 сомго арзандашын серепчилер суроо-талаптын аздыгы менен байланыштырышат.kg. АКШ долларына болгон баа 50-55 сомго чейин төмөндөөсү мүмкүн. Себеби, буга чейин кыймылсыз мүлктөр АКШ доллары менен бааланса, азыркы күндө сом менен сатылып жатат. Мындан улам долларга болгон суроо талап күндөн-күнгө солгундоодо, дейт Эко. Исламик банкынын валюталар курсу боюнча адиси Вячеслав Петров. Анын айтымында, бул көрүнүш да доллардын кескин арзандашына себепкер болууда.
Saat_kg
Бишкек шаардык Тазалык муниципалдык ишканасы көчөлөрдү жууй баштады. Калаанын көчөлөрүн жууганга шаар тургундарынын арыздануулары түрткү болгон. Ансыз да унаа батпай, бырыксып турган көчөлөр кышында себилген кумдун эсебинен да чаңдап кеткен. Төрт районго төрттөн унаа берилип, ар биринин айдоочусу бекитилип, кадимки ишине киришти. Иш тартиби да такталып берилген. Кызматкерлер ар күнү таңкы 4:30 дан 7 ге чейин көчөлөрдү жуушат. Жаан-чачындуу күндөрү гана көчөлөр жуулбайт. Бул иш сентябрь айынын аягына чейин үзгүлтүксүз уланат дейт ишкананын план толтуруу бөлүмүнүн башчысы Мурат Эсенов.
Saat_kg
30-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония 300 артисттен турган чыгармачыл топ менен Казакстандын Алматы шаарына барып, отчёттук концерт берип келди. Филармониянын директору Кыргызбай Осмоновдун айтымында, өлкө тарыхында мындай чоң гастроль болгон эмес. Быйылкы жылы кыргыз маданиятында өзгөчө бир окуя болду. Казакстандын Мухтар Ауезов атындагы академиялык драм театрында 10 бөлүктөн турган программадагы концерт эки элдин ортосундагы достукту бекемдеди десем болот, деди ал журналисттер менен жолугушууда. Концерт Тарых жана маданият жылына, Улуу ойчул Жусуп Баласагындын миң жылдыгына жана Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын 80 жылдыгына карата өттү. Буга чейин филармониянын 110 артисти Каракол шаарына барып, концерт койгон. Бул саамалык мындан ары 10-18-майга чейин Нарын шаарында, андан кийин Шанхай (Кытай), Ошто уланат.
Saat_kg
Бүгүн кыз-келиндерге карата жасалган зордук-зомбулукка каршы ак үйдүн алдында акция өтөт.kgге укук коргоочу Төлөкан Исмаилова айтып бергендей, алар бийликтен сот системасын реформа кылууну талап кылышат. Азыркы учурда сот капчыктуулардын кызыкчылыгына иштеп жатат. Буга далил катары ишкер Алканов 13 жашар кызга бачабаздык кылган. Кайрадан ал кыздарды түрмөгө каматып отурат. Бул соттордун сатылма экенин жана акча бардык нерсени чечип коё турганын далилдеди. Ошондой эле акцияда башка зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин маселеси дагы каралат, дейт ал. Эске салсак, 2014-жылы ишкер Райкан Алканов Таласта өз үйүнөн бычакталган. Окуяга шектүү катары 15, 16 жана 24 жаштагы кыздар кармалып, Алкановго кол салды деген жүйө менен эркинен ажыратылган.
Saat_kg
8-9-апрелде Талас-Агро 2016 көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Талас ЖИА (Жаш Ишкерлер Ассоциациясы) тарабынан үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Аты айтып тургандай агро көргөзмөнүн багыты айыл чарба продукцияларына жана техникаларына арналмакчы. Көргөзмөгө башка аймактардагы жана коңшу Казакстандын Тараз, Чымкент жана Кызыл-Ордо шаарларынан да ишкерлер чакырылды. Чакан заводдорду куруу боюнча Орусиялык Сельхоз. Лидер компаниясы да тажрыйбалары менен бөлүшөт. Жергиликтүү ишкерлердин колунан жасалган техникалардын тетиктери, төө буурчактын башка түрлөрү жана ЖИАнын чакан сүт заводдорунун продукциялары да көргөзмөгө катышат. Бул көргөзмөдө ишкер Миргазы Оморовдун интенсивдүү көчөттөрү менен тааныша аласыздар. Анын тажрыйбасында текшерилген көчөттөр отургузулгандан кийин 1-2 жылдын ичинде түшүм бере баштайт. 1 гектар жерге 3 миңден ашык көчөт отургузууга мүмкүн жана бир эле көчөт 100 кг ашык жана тез түшүм бере алат дейт Талас жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев.
Saat_kg
Бийлик менен оппозиция араздашып, ортодо карапайым эл кыйналып жатат. Аларды бир чечимге келтирүү үчүн Бишкекте бүгүн үчүн жыйын өтөт. Бул тууралуу Saat.kgге экс-акыйкатчы, активист Турсунбек Акун билдирди. Эки жак бир чечим кабыл алуусу керек. Жыйында митинг жолу менен эмес, тынчтык жолу менен сүйлөөшүүлөр болот, дейт ал. Иш-чарага өкмөттүн, президенттик аппараттын, оппозиция өкүлдөрүнүн, ЖКнын фракцияларынын лидерлеринин катышуусу күтүүлүдө. Ал элдин ынтымагы үчүн атайын Жарандык Форумдун башкаруу комитети түзүлгөнүн айтты. Турсунбек Акун комитеттин жетекчиси болуп дайындалган.
Saat_kg
Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташуучу он жаңы автобус алынып келди. Аларды Кытайдын Үрүмчү шаардык башкармалыгы белек катары тартуулаган. Бишкек мэриясынын айтымында, бул 35 жүргүнчүнү тейлей алган автобустар жакынкы күндөрү ишке кирбейт. Себеби, бул транспорт газ менен жүрөт. Кыргызстанда мындай автобустар буга чейин жок болгондуктан, Кытайдан атайын кызматкерлер келип, биздин айдоочуларды уйрөтөт. Андан соң гана жаңы автобустар калкты тейлөөгө ишке киришет.
Saat_kg
30-40 литр сүт берген уйлар жана жарым тонна таза эт берген асыл тукумдуу букаларды көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатат. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын жайыт комитетинин жетекчиси Жунус Исмаилов Бишкектен атайын билим алып келген. Ал беш жылдан бери каталогдору көтөрүп алып, мал базарларга, үйлөргө барып, уруктандыруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөт. Батыш мамлекеттеринде этти экспорттошот. Ар бир уйдан 70, 80 литрге чейин сүт алып, малдын эсебинен байып жатышат дейт ал. Азыр жаш кадрларды окутуп жатабыз, аймактардан келип үйрөнүп жатышат. Бул иш боюнча өкмөт, айыл өкмөтү тарабынан да жардам берилип жатат. Бизде азыр симентал породасындагы бир, эки жашар музооолор 100, 80 миң сомдон турат. Лимузин тукумундагы букалар 400, 380 кг эт берет, деп айтып берди Исмаилов. Сүрөт: www. Анын айтымында, маркетингди жолго коюу зарылчылыгы бар. 30 литр сүт алган фермерлер сүтүн сата албай жатышат. Базар баасы 11, 12 сом. Сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, этти супермаркеттерге өткөрүп, экологиялык таза этти чет өлкөлөргө эспорттош керектигин айтат. Чоң букаларды касаптар да албай жатышат, себеби 400 кг эт күн ысыкта сатылбай, карайып кетет. Симентал, абердин ангус, гольштина, швиц тоо-ташка, ал эми норвегиялык, кызыл деген пародалар суукка, биздин шартка ыңгайлуу. Эт керектерге көгүш бельгиялык деген эт багытындагыларды аргындаштырып берип жатыбыз, деп кошумчалады адис. Биринчи жылы 23 уй уруктандырылган. Кийинки жылдары 90, 400 мал аргындаштырылганын айтат. Быйыл жыл башынан бери Кара-Суу районунда 400 төн ашуун уйга асыл тукумдуу урук сайылды.
Saat_kg
Алматы шаарында (Казакстан) аралашкан пирамида боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык бильярдчы ийгилик жарата алды. Жарым финалда Азиз Мадаминов өзбекстандык Александр Сидоров менен беттешти. Оюн башынан тарта тең жүрүп, бүйүр кызытты. Алгачкы партияда мекендешибиз атаандашын 8:7 ге жеңе алды. Экинчи партияда Мадаминов кайрадан 2:0 эсебинде алга оозуп чыкты. Бирок, Сидоров 8 ташты катары менен киргизип, жалпы эсеп 1:1 болуп калды. Үчүнчү партияда кыргызстандык спортчу ишеничтүүрөөк ойноп, 7:0 эсеби менен алдыга чыккан. Бирок ал акыркы ташын киргизе албай калып, Өзбекстандын өкүлү катары менен 8 шар атып, партияны жеңди.Сидоров төртүнчү партияда дагы алдыга чыгып, 6:0 эсебинде жеңип баштаган. Мунусунда кыргызстандык бильярдчы 8 ташты биринин артынан бирин киргизип, жалпы эсепти кайрадан теңей алды.Тең оюн улана берип, партиялар боюнча эсеп 3:3 кө жетти. Андан ары Мадаминов алдыга оозунуп, эки партияны катары менен утту 5:3.Финалга чыгуу үчүн ал акыркы партияны жеңиши керек эле. Бирок Сидоров эсепти теңей алды 5:5.Чечүүчү партияда пирамиданы өзбекстандык спортчу жарды. 8 ташты удаа киргизип, Сидоров жеңүүчү аталды. Ошентип, Мадаминов үчүнчү орунга ээ болуп, коло медалды багындыра алды.
Saat_kg
Валюталар курсу эркин болгондуктан калк насыя алып, төлөй албай калууда. Мындан улам валюталык башкаруу системасына өтүү керек. Ушундай талап менен Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы жыйын өткөрдү. Экономист Кубан Чороев акча системасы элдин кызыкчылыгына иштебей, тескерисинче, карызга батырып жатканын айтат. Элдин насыя алып төлөй албай калганына эч кимди күнөөлөгөн жокпуз. Буга туура эмес финансылык система күнөөлүү. Мисалы, бизде пайыздардын ченеми 35-40 болуп жатат. Валюталык башкаруу системасына өтсөк, пайыздар кескин түрдө төмөндөйт. 7-8 %дан ашпай калат, дейт ал. Буга чейин аталган кыймыл жыйын өткөрүп, резолюция кабыл алган. Алардын айтымында, бийликтерден эч кандай жооп болгон эмес. Улуттук банк, Жогорку Кеңеш биздин сунушубузду аткаргысы келбей жатканына көзүбүз жетти. Президентке үмүт артып жатабыз. Бир чоң саясий чечим кабыл алат деп келдик, деди Чороев. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валюталык башкаруу системасына өтүүгө болбой турганын түшүндүрдү. Валюталык башкаруу системасынын мааниси курсту фиксация кылуу. Фиксация кылганда биздин валюталык резерв тез аранын ичинде түгөнөт. Кудай сактасын, согуш же жаман нерселер болуп кетсе, валюталык резерв 3 айга жетиш керек, КРУБ башчысы. Жыйындын катышуучулары колдоруна Биз валюталык башкаруу системасын киргизүүнү талап кылабыз өңдүү жазууларды көтөрүп чыгышкан.
Saat_kg
Быйыл борбор калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүүчү үчүн 4 миңге жакын көчөт отургузулат. Мэриянын кабарлашкандай, алардын 1,3 миңи дарак, үч миңге чукулу бадал болот. Андан тышкары 312 миң жашыл тосмо эгилип, 22 миң 155 түп роза отургузулат. 100 миң чаарчы метр аймакка шибер чөптөрү өстүрүлөт. Ал эми 2016-жылдын кыш-жаз мезгилинде 746 бак, 524 ийне жалбырактуу дарак, 335 бадал жана 82 миң 90 жашыл тосмолор отургузулат.
Saat_kg
Жеңилдетилген ипотека бюджеттик кызматкерлерге берилет деп айтылаар замат турак жайлуу болобуз деп сүйүнгөндөр көбөйдү. Бирок кызматкерлер азыркы учурда бул ипотекадан баш тартышканын айтышууда29-февралда медицина кызматкерлери ипотеканын талаптарына нааразылыгын билдирип, өкмөткө кат жазып жиберишкен. Ал эми мугалимдер болсо, жеңилдетилген ипотекадан биротоло баш тартып жаткандыгы маалым болду.69 мектеп-гимназиясынын окутуучусу Назгүл Жумагулова ипотека берилээрин угуп, сүйүнгөнүн айтат. Бирок, үйдүн баасынын 10 же 20 пайызын төлөөгө чамасы жетпейт дейт. Биздин айлык менен ипотеканы төлөө үчүн кайрадан кредит алуу айласы эле калат, деп нааразы. Ушундай эле ой менен 30 мектептеги кесиптештери бөлүштү. Биздин айлык акы өзү 7 миңдин эле тегерегин түзөт. Анан турмуш тиричилигие эптеп жетип атса, кантип ипотекага ай сайын 13-14 миң таап төлөйбүз, дейт мектептин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Софья Заляева. Макул, жалпы баадан 10 пайызды берсек дагы, 14 пайыздык үстөктү кантип төлөйбүз? Ал эле эмес, банктан акча алсаң үстөк пайыз арзаныраак, деп кошумчалады мектептин мугалими Асель Умаралиева.
Saat_kg
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары электр энергиясына болгон карызын төлөй баштады. Бул тууралуу Saat.kgге Кыргыз Чоролору коомдук бирикмесинин өкүлү Замирбек Көчөрбаев билдирди. Анын айтымында, аталган бирикме электр энергияга болгон карызы көп пансионаттарга кайрылуу жасаган. Ошондой эле биз Чыгыш Электр ишканасына да кайрылганбыз. Эс алуу жайлары электр энергияга болгон карыздарын төлөбөсө, тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экенибизди билдиргенбиз. Кечээ Чыгыш Электр эс алуу жайлар карыздарын төлөй баштаганын айтып, рейдге чыгуунун зарылчылдыгы жок экенин билдиришти, дейт бирикменин мүчөсү. Көчөрбаевдин айтымында, буга карабастан, чоролор 5-апрелде Ысык-Көлгө барып, пансионаттар карызын төлөй баштаганын текшере турган болушту. Коомго бул уюм Кырк Чоро деген аталыш менен таанылып калган. Бирок, расмий түрдө бирикме Кыргыз Чоролору деп аталганын айтышат.
Saat_kg
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуп, кандай өзгөрүүлөр болгонун, өлкөгө кандай мүмкүнчүлүктөрдү бергени тууралуу серепчилер тегерек столдо талкуулашты. Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, уюмга кошулуу менен Кыргызстан өлкө ичиндеги туруктуулукту сактап кала алды. Өз убагында ЕАЭБке кирип алганыбыз Кыргызстан үчүн жакшы таасирин көрсөтүп жатат. Себеби, 2015-2016-жылдар көп сандаган митингдер менен коштолот эле. Үчүнчү революция да болуп кетиши мүмкүн болчу дейт ал. Эксперт Кыргызстан биримдикке кирип, Орусия жана Казакстандагы жарандарынын шарттарын жеңилдете алганын айтат. Өзбек, тажик мигранттары депортацияланып жатат. Ал эми биздин мигранттардын укуктары жергиликтүү ишкерлердики менен теңелди. Эгерде алар да чыгарып жиберилип, кайтып келе турган болсо, жумушсуздуктун айынан көтөрүлүштөр чыгат болчу, деген оюн билдирди Жумакадыр Акенеев. Кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү 2015-жылдын 12-августунда алынган Сүрөт: tengrinews. Жакында болуп өткөн өзбек-кыргыз чек ара маселесинде ЕАЭБдин жардамы тийди дейт серепчи. Анткени, Кыргызстандын жери ЕАЭБдин жери болуп эсептелинет деп кошумчалай кетти ал. Катышуучу эксперттердин бири, Чикаго университин профессору Жаныбек Адышев уюмга киргенден кийин Кыргызстан кыйынчылыктарга туш болгонун айтты. Чынында Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүгө толук кандуу даяр эмес экени да байкалды. Мисалы, техникалык жактан даяр эметигинен, ветеринария тармагынын чабалдыгынан Кыргызстан Орусияга сүттү экспорттой албай жатат. Теңге менен рублдун туруксуздугунан улам башаламандыктар болуп, баалардын ар түрдүү болуусунан аткезчилик күч алууда, деди ал.
Saat_kg
2002-жылы Хурсанбек Байбабаев бош жаткан жерди сатып алып, 6 гектарга киляс олтургузган. Арадан 14 жыл өтүп, бул көчөттөр Байбува дыйкан чарбасына айланды. Бүгүнкү күндө чарбаны 7 бир тууган иштетет. Балдарым, бир туугандарым менен иштетебиз, мындан тышкары 8 жумушчу бар. Жылына эски көчөттөрдү жаңылап, кышында кыйып турабыз. Менин атестат, дипломум да жок, 6 классты эле бүткөнмүн. 32 жылдан бери дыйканчылык менен алектенем. Бул жактан тышкары 1 гектар жерге картошка эккенмин, дейт Хурсанбек Байбабаев. Дыйкан кокон киляс менен бирге аары да кармайт. Бүгүнкү күндө 130 бал челеги бар. Аарылар кокон килястын гүлүнө конуп, бал берет. Аны Байбабаев райондун ичинде 150 сомдон сатат.kg. Кокон киляс июндун башында бышып, Орусияга, Кытайга жана Казакстанга экспорттолот. 6 гектар бактан ал жылына 45, 50 тоннага чейин түшүм алаарынан айтат. Дыйкан кошумчалап кеткендей, кокон килясы 25 жылда карыйт.
Saat_kg
Шаарда күзөт күнү-түнү жүргүзүлүп турат деп Бишкек боюнча патрулдук милиция полкунун командири Эрлан Атантаев ишендирди. Борбордо экипаждардын саны 50%га көбөйдү. Мындан ары кызматкерлер даракка жашынышпайт. Ал үчүн жоопко тартып, жумуштан кетиргенге чейин барабыз, деди ал жаңы кызматтын бет ачаарында. Анын айтымында, жол патрулдук милиция батальону түзүлгөндөн бери милиционерлер чакыргында келбей жатат деген арыздануулар токтоду.
Saat_kg
Доллардын курсу 69,99 сомго чейин түшкөнүнө байланыштуу 1 м3 табигый газдын тарифи 15,83 сомго чейин арзандады. Өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн салыктарды эске алганда газдын 1 куб метри 19,25 сомду түздү. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамагенттигинин буйруктарына ылайык, Газпром Кыргызстан ЖЧКсы АКШ долларынын расмий курсуна жараша ай сайын тарифтерди өзгөртүп турат деп маалымдайт компаниянын басма сөз кызматы.
Saat_kg
Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынганына 26 жыл болду. Документке ылайык, товарлардын этикеткалары, андагы жазуулар, нускамалар бардыгы кыргызча жазылып келүүгө тийиш. Ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин ал сакталбай жатат. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган мекеме болуп мамлекеттик тил боюнча комиссия эсептелет. Комиссиянын котормо, жарнама, терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов бул маселе боюнча өкмөткө кайрылып, натыйжа чыкпай келгенин айтат. Мамлекеттик тил боюнча мыйзам таптакыр сакталбай жатат деп айта албайм. 3 жылдан бери айрым товарлардын, дары-дармектердин нускамалары кыргызча жазылып жатат. Биздин колубуздан келбей жаткан иш бул четтен келген товарлардан мурда ата-мекендик өндүрүштө чыгып жаткан товарлардын жазуулары кыргызча жазылбай жатканы, дейт ал.kg. Комиссияннын өндүрүүчүлөргө түздөн-түз көрсөтмө бергенге укугу жок. Бирок мекеме ишканаларга каттарды жазып турат. Молдокановдун айтымында, аларды тескей турган Жогорку Кеңешке, өкмөткө, экономика министрлигине, башкы прокуратурага бир канча жолу кайрылышкан. Натыйжа чыкпай жатат. Мына акыркы жолу экономика министрлигинен жооп алдык. Алар бул боюнча атайын инспекциялар бар экенин билдирген. Ооба андай инспекциялар бар. Бирок алар дагы бул маселени көз жаздымынан чыгарып коюп жатышат, деп кошумчалады адис.kg. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 29-беренесинде чет өлкөдөн келген товарлардын нускамаларын кыргызчага которуу импорттоп жаткан ишкананын эсебинен экени жазылып турат. Комиссия товарын импорттоп жаткан мекемени котормо боюнча көзөмөлгө албайт. Мисалы кошуна Өзбекстан, Казакстанда чет өлкөдөн импортолуп жаткан товарларды бажыга киргенде эле көзөмөлгө алышат. Эгер этикеткалар кирип жаткан мамлекеттин тилинде болбосо, алар киргизбей коёт. Бизде да мыйзам боюнча ошондой болуш керек, дейт бөлүм башчы. Товарлардын нускамалары кыргыз тилинде жазылбаганы элдин маалымат алуу укугун бузуп жатканын Аалы Молдоканов баса белгиледи. Маселени чечүү үчүн административдик чаралар көрүлүшү керек деген ойдо. Бирок административдик кодексте мамлекеттик тил мыйзамын сактабагыны үчүн айыпка тартуу беренеси жок. Биздин мыйзамдын өзүндө мындай жалпыланган бүдөмүк күңүрт берене бар. Анда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына тийиштүү мекемелер, алардын жетекчилери жооптуу деп жазып койгон. Тикеден-тике ким экени ачык айтылган эмес. Элдин кыргыз тилинде маалымат алуу укугу бузулуп келе жатканын моюнга алыш керек, деп жыйынтыктады комиссия өкүлү.
Saat_kg
Торугарт унаа жолу жана Иркештам унаа жолу өткөрүү пункттары 2-4-апрель күндөрү жабык болот. Жеке адамдар, транспорттук каражаттар жана жүктөр 5-апрелден тарта өткөрүлө баштайт. Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, бул Кытайда өтүп кеткендерди эскерүү күнүн белгилеп жатышкандыгына байланыштуу. Чек араны жабуу кытай тараптын демилгеси болду.
Saat_kg
Түштүк Корея Көчмөндөр оюндарына Ссирым күрөшү менен катышат. Ал корей элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Бел боо күрөштөрүнүн бир түрү болуп эсептелет. Анда бир адам экинчисин белиндеги атайын сатпа деп аталган курунан кармап тартып, ар түрлүү ыкмалардын жардамы менен жерге жыгат. Эрежелери боюнча кыргыз күрөшүнө окшош, бирок анда эркин күрөштүн элементтери бар. Ссирымда буттан алып жыгууга жол берилет. Күрөштүн келип чыгышын биздин заманга чейинки 668-жылдардагы Когурё, Пэкче жана Силланын үч илтик хандыгына туштап айтышат. Экинчи вариантын 13-14 кылымдарга Юань династиясында монгол элинин күрөштөрүнүн таасири астында келип чыккан дешет. Күрөш жөнөкөй, ыңгайлуу болгондуктан аны дыйкандар менен балыкчылар көп уюштурган. Белинен алып жерге көтөрүп чабуу каршылашты жеңүүдө жакшы ыкма болгон. Ссирым жырткыч жаныбарлар менен алышууда, башка уруулар менен болгон чыр-чатактарда да алгачкы коомдогу адамдардын өзүн-өзү коргоодогу коопсуздугу үчүн да пайдалуу эле. Ссирым күрөшү улуттук майрамдарда сөзсүз түрдө өткөрүлүп турган. Өзгөчө Тано деп аталган улуттук майрам ал күрөшсүз өткөрүлгөн эмес. Андан жеңүүчүгө эң күчтүү адам деген наам берилип, байыркы дыйкандар үчүн сыйлуу тартуу болгон бука ыйгарылган. Азыр болсо бул күрөш спорттогу алдыңкы оюндардын катарына кирип, Түштүк Кореяда жылына төрт жолу мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп турат.
Saat_kg
27-мартта Кыргызстан боюнча 21 айылдык жана 6 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында, аймактарды башкарууга жаш муундун өкүлдөрү өткөнү байкалды. Жергиликтүү кеңештерге өткөндөрдүн арасында жогорку окуу жайын бүтүрө элек студенттер дагы бар. Саясатта тажрыйбасы жок жаш депутаттар улуураак партия жетекчилеринин куралы болуп калбайбы деген кооптонуу жаралат. Саясий серепчи Бакыт Бакетаев жаштардын саясатка аралашып жатканы жакшы көрүнүш, бирок кемчиликтери бар деген ойдо. Жаштардын депутат болуусу жакшы. Бирок жалаң жаштар келсе да болбойт. Улуу муундагылар, орто жаштагылар жана жаштар аралаш болуш керек. Бирок жаш муундагыларга абайлагыла деп айтат элем. Себеби, саясат деген кыйын. Ойлонуп мамиле кылуу абзел, дейт эксперт. Өзүнүн эскертүүсүн Бакыт Бакетаев бир жолу уят болсо, саясатта өмүрү кыска болуп калат деп түшүндүрөт. Алар жаштыкка алдырып, башка бирөөлөрдүн саясий оюндарына кирип кеткенин өздөрү түшүнбөй калган учурлар болот. Саясат деген эмне экенин түшүнүп, анан аралашуусу керек, деп кошумчалады ал. Жаш талапкерлер өздөрү болсо улуулардын сөзүн сүйлөп калат деген пикирлерге кошулбайт. Эч кандай саясий күчтөргө курал болбойбуз. Биз башканы укпайбыз, маселелерди ич ара өзүбүзчө чечебиз, дейт Каракол шаардык кеңешине өткөн 21 жашар Азамат Айтбаев. Анын айтымында, жаштар жаңы идеяларды сунуштап, эл менен жаңыча байланыштарды түзө алат. Жасап жаткан жумуштары боюнча интернет аркылуу кабарлап, шайлоочулар менен түз байланышта болуп турат. Социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү бюджет жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ачык маалымат жазып турам, дейт Азамат.
Saat_kg
Башкортостан, Чувашия жана Москвадагы кондитердик заводдор кыргыз жаңгагын сатып алуу боюнча келишимдерди түзүүдө. Буга чейин жаңгактар Иран, Туркияга экспортолуп келсе, быйыл Орусия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиеванын айтымында, 2015-жылы Жалал-Абаддан 40 тонна айыл чарба продукциясы экспортолуп, анын көпчүлүгүн жаңгактын маңызы түзгөн. Бул жылы Жалал-Абадда былтыркыга салыштырмалуу жаңгак бактары жакшы бүчүр байлагандыктан, экспортту 3 эсе көбөйтүү пландары бар экенин облус жетекчиси кошумчалай кетти.
Saat_kg
Облустун фермерлери жер-жемиштерди күнөсканада өстүрүүгө өтүп жатканы байкалууда. 2014-жылы Жалал-Абадда болгону 95 күнөскана бар болсо, 2015-жылы 393 кө чейин көбөйгөн. Алардын эң чоңу 8 гектар жерде жайгашкан. Жалал-Абад облусунун жетекчиси Жумагүл Эгембердиеванын айтымында, күнөскана мол түшүм берип, чоң киреше алып келет. Андыктан, миллионер дыйкандардын көбөйгөнү болоор иш. Маселен, Ноокен районунда иштеген дыйкан жылына 5 млн сом пайда көрөөрүн белгиледи. Бул жылы биз Кытайдай келген делегация менен бирге тамчылатып суугаруу боюнча семинар өткөргөнү жатабыз, деп пландары менен бөлүшө кетти ал.
Saat_kg
Былтыр 2014-жылкыга салыштырмалуу жумуш берүүчүлөр бир топ азайды. Буга Кыргызстандагы каатчылык таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу эмгек рыногун изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча баяндамада айтылды. Анализди жүргүзгөн германиялык эл аралык кызматташтык коомунун адиси Чолпон Каракул кызынын айтымында, экономикалык кризис жумуш берүүчүлөрдүн шарттарын бир топ оорлотту. Мындан улам, жаңы иш орундарынын түзүү 2014-жылдагыдай темпте болгон жок. Деген менен, айрым тармактарда жумушчу күчтөрдүн жетишсиздиги байкалат. Өзгөчө бажы жана салык тармагында көйгөйлөр бар. Мыкты адистер жетишпей келгени дагы деле маселе бойдон калууда, дейт Чолпон Каракул кызы. Ал былтыркы жылы эмгек рыногунда көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр болбогонун кошумчалады. Биринчи кезекте мектеп мугалимдери, ошондой эле дарыгерлер, ашпозчулар жетишпей келет. Ал эми тигүүчүлөргө суроо-талап дагы деле көп болууда, дейт адис. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жыл башында өлкөдө орточо айлык 12 миң 848 сомду түзгөн. Эки жыл мурун ал 10 765 сомго барабар эле. Ал эми жумушсуздар 8 пайызды түзөт.
Saat_kg
3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. 25 спорт түрүнүн арасынан бүйүр кызыткан эң кызыктуу оюндар менен тааныштырууну улантабыз. Жирит же чавган түрктөрдүн байыртадан келе жаткан улуттук ат оюндарына кирет. Аны түрктөр бир канча кылым мурда Борбордук Азиядан Анталияга алып кетишкен. Осмон түрктөрү XVI кылымда эрежелеринин катуулугуна жана татаалдыгына карап жиритти аскерий оюндардын катарына да киргизишкен. Адам өмүрүнө кооптуу болгону үчүн аталган оюнга 1826-жылы тыюу салынган. Бирок, кийин кайра жанданып, азыр Түркиянын көп жерлеринде, өзгөчө айылдарда, майрамдарда жана үйлөнүү тойлорунда сөзсүз түрдө ойнотулат. Оюндун эрежеси боюнча, атайын даярдыгы бар эки тайпа болушу керек. Алардын саны ар бир тайпада 6, 8 же 12 киши болот. Тайпалар бири-биринен 70-120 м алыстыкта турушу керек. Ат үстүндөгү оюнчунун оң колунда бир найза, экинчисинде бир нече сандагы кошумча найзалар болот. Эки тарапка тизилген тайпалаштардын бири экинчисин атын атап чакырат. Келе жатканда найзасын ага ыргытып, өзү артка качып жөнөйт. Чакырылган оюнчу найзасын эми аны көздөй ыргытат. Аны утурлай экинчи катардагы оюнчу чыгып найза ыргытып артка качат. Эми кайрадан биринчи катардагы оюнчу чыгат. Ошентип отуруп кээ бир оюнчулар каршылашына бир нече жолу найза ыргытканга жетишишет. Оюнчулар көптөгөн жаракаттарды алышат. Көзү агып түшүп, найза башына катуу тийип, майып болуп калган учурлар көп кездешет. Кээде өлүм менен аяктайт. Жириттен каза болгондорду баатырларча курман болду деп, арыз-доомат артышпайт. Андай аталар менен балдары сыймыктанат. Бир кездеги тыюу салуу да ошондон улам келип чыккан. Өлүмдөр менен жаракаттар аз болсун деп диаметри 2-3 см, узундугу 70-100 см найзаны учун тоголок кылып эмен дарагынан, кийин теректен жасап калышкан. Оюнчулар улуттук кийим кийишип, оюн музыканын коштоосунда өтөт. Жиритти Иран, Ооганстан жана Борбор Азиядагы түрктөр да ойноп келишет. Бул оюнду бир кезде европалыктар менен арабдар да ойношкон. Эми жириттин этно оюн катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе жатышы чоң кызыгууну жаратып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытаары күтүлүүдө.
Saat_kg
Соңку жылдары өлкөбүздө футболго кызыккандардын саны өсүп баратканын байкасак болот. Чемпиондор лигасынын матчтары бизде түнү көрсөтүлгөнү менен, кафе-барларда киши жыш. Чет өлкөлүк командалар келгенде стадионго өтүү оңой эмес. Мунун артынан футбол ойногондордун дагы саны артып баратат. Кичи футбол аянтчаларынын көбөйүп жатканы буга далил. Футбол майдандары өзгөчө борбор калаабызда кулач жаюуда. Узундугу 42 метр, туурасы 25 метрден ашпаган аянтча спорт менен машыкпаган адамдарга да ыңгайлуу. Бул жерге ар кандай адамдар келишет. Көпчүлүгү 18 ден 25 жашка чейинки жаш балдар. Бирок, 65 жаштагы атанын ар жума сайын келип, жаштарга үлгү болуп, ойноп кеткени мени таң калтырат, дейт аянтчалардын биринин администратору Медер Баитов.kg. Бишкекте футбол аянтчасынын бир сааттык ижарасы 800 дөн 2000 сомго чейин турат. Баасы жайгашкан жерине жана шарттарына жараша болот. Орто эсеп менен, 5 адамдан турган эки команда саатына 500 сомдон чыгарып ойнойт. Медердин айтымында, дем алыш күндөрүнө аянтчаны алдын ала алып коюшат. Чындыгында күн санап футболго кызыккандар көбөйүп жатат. Күнүнө бештен ашык оюн болот. Өзгөчө жекшемби жана ишемби күндөрү көп кайрылышат, деп кошумчалай кетти ал. Футбол ойноочулар менен катар талаа ээлеринин арасындагы атаандаштык дагы өсүп келет. Аянтча куруу чоң чыгым талап кылаары маалым. Жер тилкесин эсепке албаганда орточо майданга 60-70 миң доллар сарпталат. Ошого карабастан жаандан кийинки козу карындардай көбөйүп жатканы бул бизнес кирешелүү экенинен кабар берет.
Saat_kg
Футбол, формула 1, ат жарыштары сыяктуу мелдештер дүйнөдөгү эң кымбат спорт түрлөрү деп эсептелет. Атактуу футболчулар жылына 100 млн долларга чейин киреше табышат. Ал эми федерациялардын бюджети чакан мамлекеттердикинен дагы көп. Маселен, 2014-жылкы бир айлык дүйнө чемпионатында ФИФА 4 млрд доллар пайда көргөнү маалым. Ошол эле жылы Кыргызстандын бюджетинин кирешеси бүгүнкү курс менен 1,5 млрд долларга жеткен эмес. Дүйнөлүк спорт түрлөрүнө Кыргызстанда кызыгуу чоң болгону менен эл ичинде улуттук оюндардын кадыр-баркы чоңураак. Арасынан эң экстремалдуусу жана каражат көп айланган спорт түрү деп көк бөрүнү атаса болот. Көк бөрү боюнча убагында дүңгүрөгөн Кабылан командасында ойноп, азыркы учурда Ысык. Көлдө ойногон Болот уулу Алимдин айтымында, улак тартыш кыргыз жигити сыймыктануу менен ойной турган оюн. Акыркы жылдарды жакшы өнүгүп келе жаткан көк бөрүнүн келечеги алдыда. Бирок, баары бир казак туугандарыбыздан артта калат экенбиз. Кызыгы, аларда кадимки эле улакчыларды тарбиялап өстүрчү, ойногонду үйрөтчү мектептер бар. Кыргыздын көк бөрүсү андай деңгээлге жете элек. Бирок кубандырганы, көк бөрүнү колдогон мекендештерибиз көп экен. Негизи, көк бөрү Камчы Көлбаев спонсор болуп турган убакта аябай эле жакшы болгон. Ал колдоп турчу, мен анда Кабыланда ойночу элем. Байгелер миллиондоп коюлуп, ар бир улакчы 15 миңден 70 миң сомго чейин алчубуз. Көчмөндөр оюнунда да ойнодук, быйыл да ойнойбуз. Балдарыбыз Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан үчүн ойношту. Алар ар бир оюнга 100$, үч оюнга 300$ доллар төлөп беришти, дейт Алим Болот уулу. Намысты колдон бербеген кыргыз жигиттери казактар менен да ойноп, баш байгени жеңген учурлар көп эле болот. Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз деген Кара. Ой командасынын улакчысы Улан Дүйшөбаев азыркы учурда көк бөрү популярдуу, бирок арзан эмес дейт. Бир улак алсан эле 4-5 миңдин башы. Жакшы оюн көрсөтүш үчүн жакшы ат керек, күлүк аттар 10 миң 40 миң долларга чейин барат. Көк бөрү бир гана адамдын эмес, аттардын да оюну. Жакында эле командага 22 миң долларга ат алдык. Өзүбүздүн ат корообуз бар, дейт ал. Атты багып, жемин алуу үчүн да акча каражат көп кетет. Мелдештерге чыкканда жолго, жатаканага деп атып 50 миңге чейин акча коройт. Айыл өкмөтү колдон келген жардамын берээрин айтат дейт улакчы. Көк бөрүчүлөр кыйратып акча таппасак дагы намыс үчүн, өз ырахатыбыз үчүн ойнойбуз, - деп кошумчалай кетти дагы бир ушул эле команданын оюнчусу Айбек Сыдыков. Акыркы учурда көк бөрүнүн көрүчүүлөр катарын бир гана кыргыздар эмес, чет элдик жарандар да түзүүдө. Кызыгуу менен караган туристтер үчүн оюндарды туристтик мекемелер уюштуруп берип, командага 15-20 миң сом төлөшөт. Республикалык масштабда болгон турнирлер көп акчаны талап кылат. Байге миллиондоп сайылып, жеңил унаалар да бат-баттан коюлуп турат. Көк бөру 5-6 миң сом менен ойнолчу оюн эмес. Бул престиждүү оюн, көп каражатты талап кылат. Улакчылар бул менен гана чектелип калбай, өздөрү да мелдештерди уюштуруп турушат. Облустук масштабдагы оюн уюштуруу үчүн жалпысынан 10 миң долларга чейин каражат кетет дейт көчмөн оюнун өнүктүргүсү келген улакчылар.
Saat_kg
Кайдан кыз алам дегендердин кулагына күмүш сырга. Биз бул макалада жети дубаныбыздын кайсы бөлугүндө мыкты келин жашаарын изилдеп көрдүк. Анда эмесе, баштадык. Эгер сиз Жалал-Абаддан кыз алсаңыз, анда жыргайсыз. Абаддык келиндер эң эле эмгекти сүйгөн аялзаты. 40 градус ысыкта тандырга нан жаап, апаңыздын кашы менен бир тегеренип турган келин сизге сөзсүз жагат. Жумуштун майын чыгара кылып, бала карап, анын ортосунда сизге акелеп кайрылып көңүлүңүздү алып турган бул келин мактоолорго гана татыктуу. Көлдүк келиндер өмүрүнүн аягына чейин жугүнүп өтүшөт. Таң калдыңызбы? Өзү 40 жашта болсо да, 60 жаштагы кайын эжесине жүгүнүп турган келин кимге жакпасын? Туристик сезондун ачылышы менен мүмкүнчүлүктү колдон коё бербеген көлдүк келин эки айдан пайда көргөнгө жетишип, эс алабыз деп келген туугандарын да жайланыштырып, коноктогонго жетишип, кыштын камын көрө башташы керек. Бул ар бирөөнүн колунан келе бербечү нерсе. Камырды туура жаюу өзүнчө эле искусство. Дал ушул искусствону мыкты өздөштүргөн, сабырдуу, фантазиясы күчтүу таластык келиндерге сөз жок. Айта кетчү нерсе, Таласка келин болуп барсаңыз, дал ушул камыр менен сындаласыз. Күнүгө эле камырдан түрлөнтүп тамак жасоо оңой дейсиңерби? Андыктан таластык келиндерибиз да оңой эмес. Бул облустун келиндери кайын энесине сөз кайтармак турсун, тике карабаган жандар. Баткендин келиндеринин ыйманына тобоо дейсиң. Көз тийбесин, эң негизгиси. Кайын эне менен кайын атаны бул жакка коёлу. Баткендик келиндер кайын сиңдисине сиз деп кайрылат. Бул келиндер оокатты да мыкты кылып, тергеп да, сыйлап да коюуга жетишет. Чүйдүн келиндерине өзгөчө сөз. Чүйдүн келиндери таң атпай туруп короо шыпырбайт, алар жумушка жөнөшөт. Чүйдүн келиндери тандырга нан жаппайт, алар нан жапкан наабайчыларды иштетет. Жолдошун да, баласын да багып кете алган чуйлүк келиндер кайда болбосун, өзүн да, үй-бүлөсүн да караганга жетишет. Катыра аш басып, эшик алдынын тазалыгы боюнча алдыга эч кимди салбаган оштук келиндер. Таң атпай туруп, ата-апасына даарат алганга суу даярдап берген оштук келиндер. Айтор, мактай берсе сөз бүтпөйт. Оштук келиндер мыктылыкты колдон бербейт го. Нарындын кызгалдак келиндери, эң эле кыргыздын чыдамкай кыздары. Түштүктө 40 градус ысыкта тандырга нан жапса, нарындын келиндери 40 градус суукта нан жасашат. Койду кайтарып да, союп да, жиликтеп да койчу нарындык келиндерге ким жетсин? Мына окурман, кимиси тың деген суроого жооп издеп жатып, кыргыз келиндеринин колунан баары келет экен деп көзүбүз жетти. Жалпы кыргыз кыздарына мактоолор болсун. Кайсы жерден алсаңыз да, мыктысына туш болосуз.
Saat_kg
Ооматы кеткен Дордой базарынын абалынын күн санап начарлап, дүкөн кыдырып шопинг кылгандардын саны өтө эле азайып кеткени соодагерлер менен жеке ишкерлердин ишине бүлүк салды көрүнөт. Соодагерлер калктын калың катмары анда-санда гана кийим-кече сатып алганы болбосо, адамдар дээрлик кийимге муктаж болбой калгандай туюлганын айтышат. Борбор Азия базарларынын эң ириси болгон Дордойдун күнү тууп турган мезгилдерде миңдеген жарандар, анын ичинде шаар тургундары үй-бүлөсүн бакчу. Ырыскысын ушул жерден таап, оокатын кылчу. Казакстандан бери келип, базар ичиндеги тыгындан басып жүрүү да кыйынга турчу. Базардагы сооданын аз убакыттын ичинде 80-90% начарлап кеткени ишкерлердин абалын чакчалекейге салды көрүнөт. Дордойдун негизги соода өнөктөштөрү болгон ЕАЭБга кирген өлкөлөр менен товар айлантуусу 7,7%га азайганын статистикалык комитет билдирет. Андан сырткары, Казакстандагы Хоргос ири соода түйүнүн ачылышы да Дордойду рынокто экинчи планга сүрүп жатканы байкалат. Быйылкы жыл ата-мекендик тигүүчүлөр үчүн да оор болчудай. Алардын продукциясы экспорттолуп жана өзүбүздү да кийим-кече менен камсыз кылып, өлкө бюджетине чоң киреше алып келгени бышык. Тигүүчүлөрдүн ишине Кытайдан келген чийки материалдын бажы төлөмү кескин кымбаттаганы да кедергисин тийгизген. Андан сырткары, ага өзбек жеңил өнөр жайы да атаандаштык кылууда.200 минден ашуун адам иш менен камсыз болуп турчу тикмечилердин абалы олку-солку. Бирде иш менен камсыз болсо, бирде маянасы кармалып, иш которуп, башка цехтерге өтүп кетишүүдө. Калктын кайсы бир бөлүгү дүкөндөрдөн кийим кече сатып алууну ынгайлуу көрөт. Бир-эки жыл мурун доллар бүгүнкүдөй кымбаттай электе, Дордой менен дүкөндөрдөгү кийимкечелердин баасы бирдей болуп, айырмасы аз болуп калган эле. Ал убакта базар кыдырууну каалабагандар дүкөндөрдү тандап калышкан. Ал эми азыркы учур башка болгондуктан, базардан да, дүкөндөрдөн да адам саны азайганын байкаса болот. Мурун дүкөндөрдү кыдырып Түркиядан, Индиядан импорттолгон кийимдердин сапатына карап тандап сатып алчубуз. Алар базардагы жергиликтүү тигүү цехтеринин жана Кытайдан келген кийим-кечелер менен салыштыра келгенде алда канча өйдө турат. Азыр өзүбүзгө кийим алганды унуттук, балдарды анда-санда кийинтип жатабыз. Мектеп жашында болгондуктан аларга кийим алып бербесек болбойт да. Көбүнчө базарга барабыз, сапатынан мурда баасын бычышканга шашабыз дейт шаар тургуну Айзада. Таза жана жүрүүгө ыңгайлуу болгон соода борборлорун кыдырып шопинг жасоо көпчүлүккө жагат. Сатуучулардын тейлөөсү, кийинип-чечинүүгө болгон шарттар да көңүл жылытаарлык. Болгону капчыкта каражат болсо гана көксөгөндөрүңө жетчүдөй туюлат. Ири соода борборлорундагы дүкөндөрдө шаан-шөкөт менен коштолгон акциялар да утур-утуру болуп турат. Учурга баам салып карасак, ар бир экинчи дүкөндө 50%, 70% жана 80% арзандууталар деген жарыяны көрүүгө болот. Бирок ошондо да алар көп учурда бош, мурункудай жык-жыйма эл көрүнбөйт. Анда-санда бала көтөргөн кыз-келиндерди, жөн гана сейилдеп жүргөн жаштар учурайт. Сатуучулар элдин басымдуу бөлүгү иштегендиктен, кечинде жумуштан кийин келет деп күтүшөт. Дем алыш күндөрү болгон ишеним да күч. Замира айым ири соода борборлорунун биринде ижарага дүкөн алып иштетип келет. Анын дүкөнү 5 жыл мурун жаңы ачылганда абдан кирешелүү болгон. Улам солгундап отуруп, акыркы жарым жыл абдан начарлап кеткенин айтат. Ал тургай ижара акысын төгө албай, сатуучу кыздарынын айлык маянасын чыгарууга чамасы жетпей, азыркы учурда өзү отуруп иштөөдө. Эртеден кечке чейин кардар күтүү менен алекпиз. Ар бир кардарга өзгөчө мамиле кылганга аракет кылабыз. Бирок чөнтөгүндө акчасы жок адамдын бир буюмду жактырып канчалык көзү өтүп турса да, алганга чамасы жетпесе айла жок да. Арзандатып берүүбүзду суранышат. Алардын каалоосуна карап арзандатчу болсок, өзүбүзгө эч нерсе калбайт. Анан калса да бул жерде отуруп психолог да болуп калат экенсин. Кээ бир тажатма кардарлар бар. Эч нерсе албайт экенин киргенде эле билесиң. Ар бир кийимди кийим көрүп, ар кандай суроолорду берип ачууңа тиет, дейт ал. Бишкек парк, Вефа, Бета Сторес 1, 2, Дордой Плаза, Рахат Палас жана Караван соода борборлорунда ижара акысы шарттарына карап кымбат келет. Учурдагы абалга байланыштуу жеңилдиктерди, ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге аракет кылышат. Айрымдары мурун ижараны доллар менен берип келсе, каатчылыкты утурлай сомго өтүшкөн. Кээ бири долларды бир баага фиксация кылып берсе, Караван соода борбору ижарачыларынын көбүнөн кол үзгөндөн кийин ижара баасын 40-50% арзандаткан.
Saat_kg
Кытай, Корея жана Жапонияда малдын плацентасынан жасалган косметика каражаттары жана дарылар Кыргызстанга али келе элек. Бирок интернеттеги маалыматтарга таянсак, бул каражаттарга суроо-талап чоң экенин көрөбүз. Себеби плацента баалуу компоненттерге жана витаминдерге өтө бай келет жана жаңы клеткаларды жаратууга жөндөмдүү. Плацента бул кадимки жаңы туулган баланын тону же малдын чөбү. Эне менен баланы байланыштырып, сыртынан каптап туруучу зат. Ал жашартуучу касиетке ээ. Малдын чөбүнөн жогорку сапаттагы бет майдын, маскалардын, шапмундардын, бальзамдардын түрлөрү, дары-дармектер, ветеринариялык биопрепараттар жана жер семирткичтер да жасалат. Мындай каражаттарды өндүрүү үчүн жапон ишкерлери кыргыз мал чарбачылыгына да кайрылып турушат. Кыргызстанда жылкынын плацентасы сегиз жылдан бери Жапонияга экспорттолуп келет. Агроэкспортсервис компаниясы плацентаны экспорттоону 2008-жылы баштаган. Андан бери компания келишимдин негизинде Жапон компанияларына 30 тонна жылкынын чөбүн жиберген. Чогултуу иштери март айынан июнга чейин созулат. Өлкө боюнча малды эң көп өстүргөн Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор райондорунун жашоочулары жылкынын чөбүн мал союлгандан соң ыргытып жибербестен, өткөрүп пайдасын көрүшөт. Айылдарда атайын фирма жана тургундар менен иштешкен кичи агенттер бар. Алар ортодон кабыл алып, фирмага өткөрүп берип турат. Плацента кабыл алып иштеген Базаркүл айым алгач жапондор өздөрү келип, көрүп кетишкенин айтат. Ошондо атайын муздаткычын да ала келишкен экен. Аны орноштуруп, жылкынын чөбүн ала башташкан. Муздаткычка жөн эле салып койгонго да болбойт. Алгач аны жууп тазалап, кургатабыз. Фирма тарабынан атайын желим баштыкча берилет. Ошого жалпагынан ороп, -20 градуста тоңдуруп коёбуз. Чогултуп туруп алып кетишет. Плацентанын бир килограммы жүз сом турат, дейт ал. Жылкынын чөбүн өткөргөндөрдүн саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайды. Чөптү экспорттогон компания буга чейин Нарын облусунан алса, эми Ысык-Көл жана Чүйгө байкоо салып жатат. Чогулган плацентаны жапондорго экспорттойбуз. Кантип, кандай косметика каражаттары жасалып жатканы бизге белгисиз. Бизге айтышпайт деле, деп бөлүштү Агроэкспортсервис компаниясынын башкы директору Данил Асанов. Негизи, жылкынын, койдун, уйдун жана чочконун чөбү иштетилет. Өзгөчө жылкыныкы аллергия пайда кылбаганы үчүн баалуу болуп эсептелет. Пайдалуу болгону үчүн малдар аны тууп бүтөрү менен өздөрү жеп алган үчурлар болот. Мал доктурлардын айтымында уйдун өзүнүн чөбүн жеп алуусу сүт берүүсүн азайтат. Ошондуктан уй баккан фермерлер кайтарып, жедирбегенге аракет кылышат. Байыркы мезгилдерде эле адамдар тондун канчалык денгээлде пайдалуу экенин билип, Кытай, Индия, Грекия жана Египетте кеңири колдонушкан. Белгилүү орус офтальмологу В. Филатов плацентанын курамын изилдеп чыгып, 1934-жылы баланын тоңдурулган плацентасын биринчи жолу иш тажрыйбасына колдонуп көргөн. Ал анын жарааттар жана күйүк үчүн табылгыс дары экенине ынанган.1950-60-жылдары жапон окумуштуулары плацентаны 80 ооруга дабаа экенин изилдеп чыгышкан. Баланын тону азыркы мезгилде кээ бир тыюу салынбаган өлкөлөрдө колдонулат. Окумуштуулар адам плацентасынын опурталдуу экенин айтып чыгышкандан кийин гана ал колдонуудан дээрлик сүрүлүп чыкты. Анда билинбегени менен ВИЧ сыяктуу түрлүү жугуштуу инфекциялар бар болгондуктан улам колдонуудан калган. Көп өлкөлөрдө моралдык-этикалык жактан туура эмес деп эсептелгендиктен жана мыйзам жол бербегендиктен баланын тонун колдонууга тыюу салынган. Алардын арасында Кыргызстан да мындай ишмердүүлүктөн алыс.
Saat_kg
Буга чейин биз төрт тарабы төп келишкен, телегейи тегиз супер келинчекти издеп, жети дубанды кыдырып чыккан элек. Бирок балдар эле кыздарды издейт бекен? Эми билегинде каруусу бар, жетимиш өнөргө шыгы бар жигиттерге издөө салабыз. Эл арасында тамаша иретинде ар кайсы дубандын жигиттеринин артыкчылыктары айтылып жүрөт. Маселен, Токтогул жергеси таланттардын жергеси дешсе, Таластан балбан же төкмөчүлөр көп чыгат эмеспи. Нарындын жигиттери баардык ишке жөндөмдүү келет. Оор басырыктуу, бирөөнүн оюн уга билген, кыйынчылыкка сынып калбаган, адамдарды сыйлай билген эр-азаматтар. Бирок тоолук кыргыздардын символу болгон нарындыктар мама-папалаганын койбой калды көрүнөт. Чүй, Бишкектин мырзалы күнөсканадагы бадыраңдай. Тыкан, келбеттүү болуу менен бирге ысык-суук көтөрүмдүү эмес. Саркеч кийинүү жашоо образына айланган. Ашың калса калсын, ишиң калбасын деген сөз Жалал-Абаддын жигиттерине туура келет. Бул мырзалар мээнеткеч болуп, кармаган жеринен кан чыгарат. Дегенибиз, булар эмнени баштабасын жумушун мыкты деңгээлде аягына чыгарат. Таластыктар колунда эч нерсеси жок турса да тоону томкоргондой сүйлөшөт. Кээде анысы аларга зыянын дагы тийгизет. Алардын артыкчылыгы таланттарга бай келишет. Санап көрсөк, заманыбыздын төкмөлөрүнүн көпчүлүгү Талас жергесинен чыккан. Оштук мырзалар аябай сыйчыл болушат. Сенек сөздөн сестенип, өзү теңдүүлөрдү деле сиз дей беришет. Тырышчаактыгынан бат эле бутуна турганы өзгөчөлөнтүп турат. Баткен жактан жигиттер кара жумушка тың келишет. Бирди эки кылган, эртеңкинин камын көбүрөөк ойлогон мырзалар. Көлдүктүн сөзү чептен бек. Убадасына туруктуу болуп, майда-барат нерселерге көңүл бурушпайт. Башкалар жылдап иштеп тапкан акчаны жайдын үч айында чогултат. Ат жалында шамал менен жарышкан көчмөн кыргыздын жигиттери жердигине карабай, баары өнөрлүү, баары талантту. Керек жерде сүрдүү, шартка карап ийкемдүү. Бул Манастын урпактарына тиешелүү мүнөз!
Saat_kg
Чечилбеген чек аранын аркасынан кыргыз, өзбек, тажик элдеринин ынтымагы бузулууда. Бирок Фергана өрөөнүндө жашап келген элдер эзелтен бир муштумга түйүлүп, жоонун мизин биргеликте майтарып келгени белгилүү. 22 миң чаарчы км чөлкөмгө буга чейин үч ири эл кантип чырдашпай батышып келгенин тарых беттеринен издеп көрдүк. Кезегинде чек араны элдин жайгашуусуна карабастан бөлүнүүсү, суугат, жайыт маселелеринин курчушу, эң негизгиси, мамлекет жетекчилеринин бир пикирге келе албастыгы бир тууган элдерди бири-бирине жек көргөздүрүп бара жатат. Эгер мындай көрүнүш улана берсе анда тамыры бир, тарыхы бир боордош элдердин ата-бабадан келе жаткан ынтымагына, карым-катнашына доо кетиши мүмкүн. Фергана чөлкөмүндөгү элдер эч качан араздашкан эмес, тескерисинче биригип бир нече душмандын мизин майтарышкан. Керек болсо дүйнөнүн жарымын басып алган Александр Македонский Фергананын ичкери жагына кире албай, кайтууга мажбур болгон. Ошондой эле б. ч. II кылымда Фергана өрөөнүндө түзүлгөн Даван мамлекети Хань империясынын 100 миңден ашуун аскерине туруштук берип, кытайлар аргасыз кайтып кетишкен.1709-жылы Фергана чөлкөмүндө кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик ж. улуттардан турган Кокон хандыгын түптөшкөн. 1740-50-жылдары калмактар менен болгон айыгышкан кармашта жергиликтүү эл душмандарды биротоло кууп чыгып, калмактарды кайтып келгис кылышкан эле. 1758-жылы Цинь империясы Жуңгар хандыгын талкалап, 1759-жылы Фергана өрөөнүнө 9 миң аскери менен басып кирген. Жергиликтүү калк аскерлердин 7 миңин кырып салышып, 2 миң аскери гана качууга араң үлгүргөн. Цинь империясы Ферганага мындан кийин жологон эмес. Фергана калкынын биримдигин Падышалык өкмөттүн колониялык эзүүсүнө каршы 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүндө көрө алабыз. Анда кыргыздар, өзбектер, сарттар, тажиктер, кыпчактар чогуу көтөрүлүшкө чыгышкан эле. 1917-жылы Фергана чөлкөмүндө кыргыз, казак, өзбек, тажик, сарт, кыпчактардан турган Кокон автономиясы түзүлгөн. Большевиктер тарабынан бул автономия жок кылынгандыктан, кийин анын тарапташтары Совет бийлигине каршы азаттык, улуттук күрөшкө чогуу чыгышкан. Бул кийинчерээк басмачылар кыймылы деп аталып, ал СССР аймагында эң узакка созулган согуш болгон. Тактап айтканда Ферганада чек ара деген маселе болбой, элдердин ынтымакта гана жашап келишкен. Бул чөлкөмдөгү чек ара маселеси, улуттардын араздашуусу 1924-жылдан башталат. Бул маселе улам күчөп олтуруп, 1991-жылдан кийин эгемендүүлүгүн алган ар бир мамлекет өзүнүн аймагын зым тосмолор менен тосуп алып, кирип чыгууда чектөөлөрдү киргизгенге чейин жетти. Чарбачылыгында өндүргөн түшүмдү өз ара соода-сатык мамилелерин жүргүзгөн, бири-биринен дос тутуп, куда-сөөк болуп жашаган эл, бир ууч адамдардын кесепетинен мамилелери сууп бара жатат. Ошондуктан талаш маселелерди, чарбачылыкка байланышкан көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечип бирге өнүгүүгө жол алышыбыз керек. Кылымдар бою бир канча баскынчылардын мизин кайтарган бир чөлкөмдүн эли бүгүн да бир муштум болуп биригип, карым-катнашты кайрадан улантуу учурдун талабы.
Saat_kg