lang
stringclasses
3 values
title
stringlengths
3
277
original_text
stringlengths
69
182k
processed_text
stringlengths
42
181k
category
stringlengths
4
50
processed
bool
2 classes
url
stringlengths
33
293
date
stringlengths
10
24
ky
Чүй облусунда зордуктоого шектелип Кант шаарынын 34 жаштагы тургуну кармалды
Чүй облусунун Озёрное айылында 22 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 18-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-март күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал саат 02:30 чамасында 25-30 жаштардагы белгисиз адам Озёрное айылындагы суу сактагычтын жанына алып барып зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Кант шаарынын 34 жаштагы Е.К. аттуу тургуну кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Чүй облусунун Озёрное айылында 22 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 18-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-март күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал саат 02:30 чамасында 25-30 жаштардагы белгисиз адам Озёрное айылындагы суу сактагычтын жанына алып барып зордуктаганын билдирген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142125
2016-03-18
ky
"Бишкек жана Чүйдөн кымбат баалуу унааларды алып, "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен изин жашырып кеткен" деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
"Бишкек жана Чүй облусунан кымбат баалуу унааларды алып, "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен изин жашырып кеткен" деп бир катар фактыларга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлерине " Азамат аттуу жигит кымбат баалуу унааларды "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен алып, изин жашырып кетти" деген билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары ушул сыяктуу кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 34 жаштагы Д.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Бишкек ШИИББи бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0550) 10-26-80, (0553) 10-26-31, (0552) 10-25-06.
"Бишкек жана Чүй облусунан кымбат баалуу унааларды алып, "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен изин жашырып кеткен" деп бир катар фактыларга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлерине " Азамат аттуу жигит кымбат баалуу унааларды "акчасын бөлүп берем" деген шылтоо менен алып, изин жашырып кетти" деген билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары ушул сыяктуу кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 34 жаштагы Д.А. аттуу шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142133
2016-03-18
ky
Бишкек милициясы: "Имараттын кыштары басып калып каза болгон куруучунун иши териштирилип жатат"
Бишкек шаарында жаңыдан салынып жаткан имараттардын биринин кыштары кулап, анын алдында калып каза болгон куруучунун ишин Биринчи Май РИИБи териштирип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 18-март күнү билдирди. Маалым болгондой, окуя кечээ саат 17:30 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Анда 42 жаштагы Б.А. аттуу жумушчу иштеп жаткан маалда үстүнө дубалдын кышы кулап кеткен. Ага тийиштүү биринчи жардам көрсөтүлүп, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин каза болгон.
Бишкек шаарында жаңыдан салынып жаткан имараттардын биринин кыштары кулап, анын алдында калып каза болгон куруучунун ишин Биринчи Май РИИБи териштирип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 18-март күнү билдирди. Маалым болгондой, окуя кечээ саат 17:30 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Анда 42 жаштагы Б.А. аттуу жумушчу иштеп жаткан маалда үстүнө дубалдын кышы кулап кеткен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142129
2016-03-18
ky
Токтогул. Эл электр энергиясына болгон бааны 0,9 тыйындан ашырбоо, алтын кенин иштетпөө талаптары менен митингге чыкты
Бүгүн, 18-мартта Токтогул шаарында Токтогул районунун айылдарынан чогулган жарандардын катышуусунда митинг орун алды. Анда бийликке 7 талап коюлганын SUPER.KG порталына Кубан аттуу тургун билдирди. Анын айтымында, андагы негизги талап электр энергиясынын баасын 0,9 тыйындан ашырбоо болду. Ошондой эле чогулгандар Чолпон-Ата айылында Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын да айтышты. Кошумчалай кетсек, катышуучулардын так саны белгилүү эмес. Митинг эртең менен башталып, саат 12де аяктаган.
Бүгүн, 18-мартта Токтогул шаарында Токтогул районунун айылдарынан чогулган жарандардын катышуусунда митинг орун алды. Анда бийликке 7 талап коюлганын порталына Кубан аттуу тургун билдирди. Анын айтымында, андагы негизги талап электр энергиясынын баасын 0,9 тыйындан ашырбоо болду. Ошондой эле чогулгандар Чолпон-Ата айылында Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын да айтышты. Кошумчалай кетсек, катышуучулардын так саны белгилүү эмес.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142127
2016-03-18
ky
Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышууга Бишкектен жетекчилерден эч ким жөнөгөн жок
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара такталбаган аймакка өзбекстандык аскерлердин келишинен улам чыккан кырдаал менен таанышууга Чек ара кызматынын жетекчилигинен эч ким жөнөгөн жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасынын аталган аймагында эки мамлекеттин жергиликтүү аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, өзбек аскерлери кандай максат менен чек ара такталбаган аймакка кирип келишкени түшүнүксүз болууда. Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жериндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени белгилүү. Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтоткон. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат. Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-унаа жол", "Кең-Сай-унаа жол" жана "Кадамжай-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапкан.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара такталбаган аймакка өзбекстандык аскерлердин келишинен улам чыккан кырдаал менен таанышууга Чек ара кызматынын жетекчилигинен эч ким жөнөгөн жок. Бул тууралуу порталына аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасынын аталган аймагында эки мамлекеттин жергиликтүү аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, өзбек аскерлери кандай максат менен чек ара такталбаган аймакка кирип келишкени түшүнүксүз болууда. Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жериндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени белгилүү. Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтоткон. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142131
2016-03-18
ky
Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте сүрөт көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)
Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги соода борборлорунун биринде 21-март - Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чараны "Жакшылыктын нуру" аттуу КРнын Даун илдети менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин бирикмеси уюштуруп жатат. Аталган уюмдун мүчөсү Виктория Токтосунованын айтымында, мындай көргөзмөнү алар биринчи ирет өткөрүшүүдө. “ 2013-жылы биз аталган күнгө карата атайын буклет даярдаганда Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин арасынан бирөө гана баласын сүрөткө тартууга уруксат берген. Учурда биздин уюмга мүчө болгондордун жарымы сүрөт көргөзмөгө катышууга макул болушту. Биздин максат мындай балдарга коомчулуктагы көз карашты өзгөртүү болуп саналат. Көбү бул балдарды оорулуу, эч нерсеге жарабайт деп ойлошот, чындыгында, андай эмес. 21-март жергебизде Нооруз майрамы дагы болгондуктан, биз иш-чараларыбызды эртерээк өткөрөлү деп чечтик. Эртең ошондой эле Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси жана алардын катышуусу менен чакан концерт өткөрүлөт. Ал эми көргөзмө эртең дагы уланат ”,- деди Токтосунова.
Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги соода борборлорунун биринде 21-март - Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чараны "Жакшылыктын нуру" аттуу КРнын Даун илдети менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин бирикмеси уюштуруп жатат. Аталган уюмдун мүчөсү Виктория Токтосунованын айтымында, мындай көргөзмөнү алар биринчи ирет өткөрүшүүдө. “ 2013-жылы биз аталган күнгө карата атайын буклет даярдаганда Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелеринин арасынан бирөө гана баласын сүрөткө тартууга уруксат берген. Учурда биздин уюмга мүчө болгондордун жарымы сүрөт көргөзмөгө катышууга макул болушту. Биздин максат мындай балдарга коомчулуктагы көз карашты өзгөртүү болуп саналат. Көбү бул балдарды оорулуу, эч нерсеге жарабайт деп ойлошот, чындыгында, андай эмес. 21-март жергебизде Нооруз майрамы дагы болгондуктан, биз иш-чараларыбызды эртерээк өткөрөлү деп чечтик. Эртең ошондой эле Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси жана алардын катышуусу менен чакан концерт өткөрүлөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142121
2016-03-18
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Дүкөндө аял акча уурдоо үчүн жаш баланы "маска" катары пайдаланды
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө дүкөндөн акча уурдап басып кеткен адамдын жашыруун камерага тартылып калган видеосу жүктөлдү (ник: Brokovich). Материалда кылмышкер кичинекей баланы өзүнө "маска" катары пайдаланып, бирөөнүн баштыгына кол салгандыгы көрсөтүлөт. Видеонун түшүндүрмөсүндө окуя кечээ, 17-мартта Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринен катталгандыгы, уурулук кылган аял баштыктагы 35 000 сомду алып, капчыкты таштап кеткени жазылган. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө дүкөндөн акча уурдап басып кеткен адамдын жашыруун камерага тартылып калган видеосу жүктөлдү (ник: Brokovich). Материалда кылмышкер кичинекей баланы өзүнө "маска" катары пайдаланып, бирөөнүн баштыгына кол салгандыгы көрсөтүлөт. Видеонун түшүндүрмөсүндө окуя кечээ, 17-мартта Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринен катталгандыгы, уурулук кылган аял баштыктагы 35 000 сомду алып, капчыкты таштап кеткени жазылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142111
2016-03-18
ky
Бир катар президенттер Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамына карата куттукташты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин бүгүн, 18-мартта бир катар өлкөлөрдүн президенттери Нооруз майрамы менен куттукташты. Президенттик аппараттан билдиргендей, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани , Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын лидери Си Цзиньпинден куттуктоо телеграммалары келди. Ооганстандын президенти келе жаткан жаңы жылда мамлекеттер жана элдер ортосундагы достук мамилелер эки тараптын кызыкчылыктары үчүн өнүгө берерине ишенимин билдирди. Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда булар айтылды: “Казакстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да бекемдей берерине ишенем". Президенттер Кыргыз Республикасынын башчысына бекем ден соолук, өлкөгө гүлдөп-өнүгүү каалашты.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин бүгүн, 18-мартта бир катар өлкөлөрдүн президенттери Нооруз майрамы менен куттукташты. Президенттик аппараттан билдиргендей, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани , Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын лидери Си Цзиньпинден куттуктоо телеграммалары келди. Ооганстандын президенти келе жаткан жаңы жылда мамлекеттер жана элдер ортосундагы достук мамилелер эки тараптын кызыкчылыктары үчүн өнүгө берерине ишенимин билдирди. Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда булар айтылды: “Казакстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да бекемдей берерине ишенем".
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142115
2016-03-18
ky
Бишкек шаарындагы батирлердин биринен үй эмеректерин уурдоого шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарындагы батирлердин биринен үй эмеректерин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 17-мартта милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 13-мартта түнкү саат 00:00 чамасында Георгий аттуу киши анын батиринен кир жуучу машинасын, уктоочу бөлмөгө коюлуучу эмеректерди, муздаткыч, стол менен отургучтарын уурдап кеткенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында 62 жаштагы В.Г. аттуу жаран кармалып, учурда иликтөө жүрүүдө.
Бишкек шаарындагы батирлердин биринен үй эмеректерин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 17-мартта милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 13-мартта түнкү саат 00:00 чамасында Георгий аттуу киши анын батиринен кир жуучу машинасын, уктоочу бөлмөгө коюлуучу эмеректерди, муздаткыч, стол менен отургучтарын уурдап кеткенин билдирген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142093
2016-03-18
ky
Темир Сариев өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек ара маселесин талкуулады
Бүгүн, 18-мартта премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкө чек араларын бекемдөөнүн чаралары боюнча жыйын өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органдар өз милдетин так аткарышы керектигин белгиледи. Мындан тышкары өкмөт башчы тиешелүү органдарга чек аралаш аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Бүгүн, 18-мартта премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкө чек араларын бекемдөөнүн чаралары боюнча жыйын өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органдар өз милдетин так аткарышы керектигин белгиледи.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142123
2016-03-18
ky
Кыргыз-өзбек чек арасы: "Бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай, чек арачыларыбыз өзбек аскерлерин бир чакырым алыстыкта аңдып турушат" деди активист
Бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон . Жергиликтүү активист Камчыбек уулу Шекербектин SUPER.KG порталына билдиргени боюнча, учурда маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатат. “ Ала-Бука районунун такталбаган чек арасына бүгүн, 18-мартта саат 08:00 чамасында өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны токтотуп, көзөмөл пунктун уюштуруп алышкан. Биздин чек арачылар азыркы тапта өзбек аскерлерин чек арадан бир чакырым алыстыкта аңдып турушат. Буга чейин чек ара маселесин тактоо боюнча митингдерди уюштуруп, маселени чечип берүү талабын койгонбуз. Бирок бийлик спорт менен машыгып жүргөн балдар аркылуу бизди таркатканга аракет кылган. Ошондуктан бүгүнкү күндө ушундай кырдаал жаралып жатат ”,- деди активист.
Бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон . Жергиликтүү активист Камчыбек уулу Шекербектин порталына билдиргени боюнча, учурда маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатат. “ Ала-Бука районунун такталбаган чек арасына бүгүн, 18-мартта саат 08:00 чамасында өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны токтотуп, көзөмөл пунктун уюштуруп алышкан. Биздин чек арачылар азыркы тапта өзбек аскерлерин чек арадан бир чакырым алыстыкта аңдып турушат. Буга чейин чек ара маселесин тактоо боюнча митингдерди уюштуруп, маселени чечип берүү талабын койгонбуз. Бирок бийлик спорт менен машыгып жүргөн балдар аркылуу бизди таркатканга аракет кылган.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142113
2016-03-18
ky
2 оюнда кыргыз футболчуларын ута албаган Иордания курамасын "Тоттенхэмдин" мурунку машыктыруучусу Харри Реднапп машыктырат
Футбол боюнча Иордания курамасы англиялык адис Харри Реднапп менен келишим түздү. Реднапп аталган кураманы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун кийинки баскычында жетектемекчи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин иорданиялык футболчуларды бельгиялык Пол Пут машыктырып келген. Анын жетекчилиги астында Иордания Бишкекте кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калган. Кошумчалай кетсек, тандоо турунда "В" тайпасында Иордания курамасы Австралиядан кийинки орунду ээлеп, 2-орунда атын жазып келүүдө. Алар 24-мартта Бангладеш курамасы менен, 29-мартта Австралия менен беттешмекчи. Харри Реднапп буга чейин "Куинз Парк Рейнжерс", "Вест Хэм", "Саутгемптон" жана "Тоттенхэм" сыяктуу англиялык командаларды машыктырган.
Футбол боюнча Иордания курамасы англиялык адис Харри Реднапп менен келишим түздү. Реднапп аталган кураманы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун кийинки баскычында жетектемекчи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин иорданиялык футболчуларды бельгиялык Пол Пут машыктырып келген. Анын жетекчилиги астында Иордания Бишкекте кыргыз футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калган. Кошумчалай кетсек, тандоо турунда "В" тайпасында Иордания курамасы Австралиядан кийинки орунду ээлеп, 2-орунда атын жазып келүүдө. Алар 24-мартта Бангладеш курамасы менен, 29-мартта Австралия менен беттешмекчи.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142117
2016-03-18
ky
ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ : 57 жыл мурун “Жанна д`Арк”, “Такси”, “Ажыдаардын өпкөнү”, "Люси" сыяктуу белгилүү тасмалардын жаратуучусу Люк Бессон туулган
Мындан 57 жыл мурун, 1959-жылы 18-мартта франциялык атактуу режиссёр жана продюсер Люк Бессон Парижде төрөлгөн. Ал Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган. Продюсер, сценарист, актёр, режиссёр, оператор Люк Бессон кичинекейинде бул кесиптер тууралуу эч нерсе уккан эмес. Анын ата-энеси аквалангисттер болгон. Кичинекей Люк да чоңойгондо деңиз дүйнөсүн изилдеген биолог болууну самаган, бирок тагдыр аны жашынан эле чоң киного аралаштырып жиберген. 19 жашында Голливудга кеткен жаш режиссёр ал жерде кино тартпай эле чоң режиссёрлорго чай, кофе даярдап иштеген. Кайрадан Парижге келип, адегенде майда клиптерди тартып, “чоң” режиссёрлордун жардамчысы болуп иштеп, ошол эле убакта өзүнүн “Бөрүнүн тасмасы” деген чакан киностудиясын ачып алат. Акчасы аз болгондуктан, жаш режиссёр “дудук” жана ак-кара фильмдерди тарткан. “Жер төлө”, “Никита”, “Леон” деген тасмалары жарык көргөндө режиссёр киностудиясын “Дельфиндин тасмасы” деп өзгөртөт. Голливуд Бессонду “Бешинчи элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. “Бешинчи элемент” режиссёрду гана эмес, актёрлор Брюс Уиллис менен Гэри Олдманды жана режиссёрдун жубайы супермодель Милла Йововичти (кийинчерээк ажырашып кетишкен) атак-даңкка жеткирген. Мындан сырткары ошол эле Милла Йовович менен “Жанна д`Арк”, Сами Насери менен “Такси 1-4”, Жет Ли менен “Ажыдаардын өпкөнү”, Скарлетт Йоханссон менен "Люси" жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун талашсыз күчтүү режиссёр экендигин далилдеген. 18-марттын жылнаамасы .
Мындан 57 жыл мурун, 1959-жылы 18-мартта франциялык атактуу режиссёр жана продюсер Люк Бессон Парижде төрөлгөн. Ал Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган. Продюсер, сценарист, актёр, режиссёр, оператор Люк Бессон кичинекейинде бул кесиптер тууралуу эч нерсе уккан эмес. Анын ата-энеси аквалангисттер болгон. Кичинекей Люк да чоңойгондо деңиз дүйнөсүн изилдеген биолог болууну самаган, бирок тагдыр аны жашынан эле чоң киного аралаштырып жиберген. 19 жашында Голливудга кеткен жаш режиссёр ал жерде кино тартпай эле чоң режиссёрлорго чай, кофе даярдап иштеген. Кайрадан Парижге келип, адегенде майда клиптерди тартып, “чоң” режиссёрлордун жардамчысы болуп иштеп, ошол эле убакта өзүнүн “Бөрүнүн тасмасы” деген чакан киностудиясын ачып алат. Акчасы аз болгондуктан, жаш режиссёр “дудук” жана ак-кара фильмдерди тарткан. “Жер төлө”, “Никита”, “Леон” деген тасмалары жарык көргөндө режиссёр киностудиясын “Дельфиндин тасмасы” деп өзгөртөт. Голливуд Бессонду “Бешинчи элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. “Бешинчи элемент” режиссёрду гана эмес, актёрлор Брюс Уиллис менен Гэри Олдманды жана режиссёрдун жубайы супермодель Милла Йововичти (кийинчерээк ажырашып кетишкен) атак-даңкка жеткирген. Мындан сырткары ошол эле Милла Йовович менен “Жанна д`Арк”, Сами Насери менен “Такси 1-4”, Жет Ли менен “Ажыдаардын өпкөнү”, Скарлетт Йоханссон менен "Люси" жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун талашсыз күчтүү режиссёр экендигин далилдеген.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142065
2016-03-18
ky
ЭЛДИК КАБАР: Аксынын жолуна өзбек чек арачылары койгон блокпост (фото)
Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука жолуна өзбекстандык чек арачылар блокпост коюшуп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип жатат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Окурмандын айтымында, өзбек тарап кыргыздардын Оро-Башы, Сары-Булак жайыттарын талашууда. Сүрөттөгү таш менен коюлган тосмо өзбекстандык чек арачылар топтолуп турган жерге чейинки кичинерээк тосмо. Бул жол Аксынын Кашка-Суу айылын Ала-Бука району менен байланыштыруучу жол экени айтылды.
Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука жолуна өзбекстандык чек арачылар блокпост коюшуп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип жатат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Окурмандын айтымында, өзбек тарап кыргыздардын Оро-Башы, Сары-Булак жайыттарын талашууда. Сүрөттөгү таш менен коюлган тосмо өзбекстандык чек арачылар топтолуп турган жерге чейинки кичинерээк тосмо.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142105
2016-03-18
ky
СУПЕРСТАН: "Манас баатыр тарыхый инсанбы же элдин кыялынан жаралган жомокпу?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Манас деген баатыр бар болгонбу?" деген тема талкууланууда. Темада айрым колдонуучулар Манас баатыр болбогондугун, ал жөн гана көркөмдөлгөн чыгарма экенин айтышса, башка колдонуучулар Манас баатырдын болгондугун, анын прототиптерин келтиришип ишенбегендерди ишендирүүгө аракет кылышууда. Манастын тарыхый инсан экенине ишенбегендер мындай пикирде: "Мисалы, мен ишене албайм, себеби канча жыл мурункуну жөн эле бир киши түшүнөн көрүп айткан. Эгер чын болсо, азыркыга чейин тукумдары уланып келмек. Аты эле айтып турбайбы, дүйнөдөгү эң чоң чыгарма" деп"... "Эми бул эл оозунда жаралган эпос да, улам кылымдар өткөн сайын кошулуп, көркөмдөлүп жатып, азыркы биз билген эпос жаралган. Жоокерчилик заманда жашаган элдин кыялы, боштондукка болгон үмүт-максаттары оозеки чыгармага айланып, дүйнөдөгү эң чоң чыгарма пайда болгон".. . "Мисалга, Чыңгыз хан болгон, аны бүт дүйнө билет, дүйнө тарыхында жазылган. Болгон окуяны тарыхка жазат, Манас неге дүйнөлүк тарыхта жок?"... Манас тарыхый инсан экенин айткандардын биринин пикири мындай: "Манас бар! Ал жок болсо, түшкө кайдан кирмек эле? Манас баатыр болбосо, аны ким жоктон чыгарма кылып айтмак эле? Албетте, кошумча-алымчалар болгон дечи. Башкасын билбейм, Манас Каныкейге үйлөнгөндө калыңын аксылыктар төлөгөнү анык. Ишенбесеңер, кыргызы болобу, букаралык тажиги болобу (ал убакта сарт дешкен) сурап көргүлө"... Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз .
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Манас деген баатыр бар болгонбу?" деген тема талкууланууда. Темада айрым колдонуучулар Манас баатыр болбогондугун, ал жөн гана көркөмдөлгөн чыгарма экенин айтышса, башка колдонуучулар Манас баатырдын болгондугун, анын прототиптерин келтиришип ишенбегендерди ишендирүүгө аракет кылышууда. Манастын тарыхый инсан экенине ишенбегендер мындай пикирде: "Мисалы, мен ишене албайм, себеби канча жыл мурункуну жөн эле бир киши түшүнөн көрүп айткан. Эгер чын болсо, азыркыга чейин тукумдары уланып келмек. Аты эле айтып турбайбы, дүйнөдөгү эң чоң чыгарма" деп"... "Эми бул эл оозунда жаралган эпос да, улам кылымдар өткөн сайын кошулуп, көркөмдөлүп жатып, азыркы биз билген эпос жаралган. Жоокерчилик заманда жашаган элдин кыялы, боштондукка болгон үмүт-максаттары оозеки чыгармага айланып, дүйнөдөгү эң чоң чыгарма пайда болгон".. . "Мисалга, Чыңгыз хан болгон, аны бүт дүйнө билет, дүйнө тарыхында жазылган. Болгон окуяны тарыхка жазат, Манас неге дүйнөлүк тарыхта жок?"... Манас тарыхый инсан экенин айткандардын биринин пикири мындай: "Манас бар! Ал жок болсо, түшкө кайдан кирмек эле? Манас баатыр болбосо, аны ким жоктон чыгарма кылып айтмак эле? Албетте, кошумча-алымчалар болгон дечи. Башкасын билбейм, Манас Каныкейге үйлөнгөндө калыңын аксылыктар төлөгөнү анык. Ишенбесеңер, кыргызы болобу, букаралык тажиги болобу (ал убакта сарт дешкен) сурап көргүлө"...
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142107
2016-03-18
ky
Ысык-Көлдөн табылган байыркы сөөктү изилдөөгө жалгыз палеонтолог табылды, учурда иштеп жатат
Ысык-Көлдөн табылган байыркы жандыктын сөөгүн изилдей турган адис - палеонтолог табылып, учурда табылганы изилдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтымында, 3 адамдан турган окумуштуулардын тобу сөөк табылган Жыргалаң дарыясынын жанында иштеп жатат. “ Буга чейин Улуттук илимдер академиясында байыркы жаныбарлардын сөөктөрүн изилдей турган адис - палеонтолог жок делинип келген , көрсө, бир окумуштуу бар экен. Учурда биз жардын боорунда туруп, татаал шартта сөөктү акырындап толугу менен чыгарып алуу аракетин көрүүдөбүз. Бул табылганы чыгарып, андан ары изилдөө үчүн Бишкекке алып келебиз. Алдын ала иш сапарыбыз 2 күн болот деп белгиленген. Бирок аба ырайынын начар болуп жатканы үчүн канча жүрөрүбүз азырынча белгисиз ”,- деди академиянын өкүлү. Эскерте кетсек, байыркы жандыктын баш сөөгүн жергиликтүү тургундар Ак-Суу районунун аймагынан жакында табышкан. Ал мамонттун сөөгү болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
Ысык-Көлдөн табылган байыркы жандыктын сөөгүн изилдей турган адис - палеонтолог табылып, учурда табылганы изилдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтымында, 3 адамдан турган окумуштуулардын тобу сөөк табылган Жыргалаң дарыясынын жанында иштеп жатат. “ Буга чейин Улуттук илимдер академиясында байыркы жаныбарлардын сөөктөрүн изилдей турган адис - палеонтолог жок делинип келген , көрсө, бир окумуштуу бар экен. Учурда биз жардын боорунда туруп, татаал шартта сөөктү акырындап толугу менен чыгарып алуу аракетин көрүүдөбүз. Бул табылганы чыгарып, андан ары изилдөө үчүн Бишкекке алып келебиз. Алдын ала иш сапарыбыз 2 күн болот деп белгиленген. Бирок аба ырайынын начар болуп жатканы үчүн канча жүрөрүбүз азырынча белгисиз ”,- деди академиянын өкүлү. Эскерте кетсек, байыркы жандыктын баш сөөгүн жергиликтүү тургундар Ак-Суу районунун аймагынан жакында табышкан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142103
2016-03-18
ky
Милиция: "Кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч"
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесинде абал тынч. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү милициядан билдиришти. Белгилүү болгондой, аталган аймактагы кыргыз-өзбек чек арасында укук бузуулар катталган жок. Учурда эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон .
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесинде абал тынч. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта порталына жергиликтүү милициядан билдиришти. Белгилүү болгондой, аталган аймактагы кыргыз-өзбек чек арасында укук бузуулар катталган жок. Учурда эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142101
2016-03-18
ky
Японияда тамак сактоого боло турган кол саатты ойлоп табышты
Япониялыктар тамакты ташып жүрүүгө ылайыкташтырылган кол саатты ойлоп табышты. Саат "Bento Watch" деп аталып, заманбап жашоо ритминде ар дайым колдо жүргөнү менен пайдалуу. Ал тамак үчүн атайын телескоптук таякчалар менен жабдылган. Бул тууралуу "КиевПравда" басылмасы кечээ, 17-мартта жазып чыкты. Алгачкы үлгүнүн үстүндө өлкөдөгү белгилүү ашпозчу, саат устасы, жадакалса хирург да иштеген. Ар бир саат колго жасалып чыккандыктан, азырынча мындай гаджеттерди массалык түрдө чыгаруу пландала элек.
Япониялыктар тамакты ташып жүрүүгө ылайыкташтырылган кол саатты ойлоп табышты. Саат "Bento Watch" деп аталып, заманбап жашоо ритминде ар дайым колдо жүргөнү менен пайдалуу. Ал тамак үчүн атайын телескоптук таякчалар менен жабдылган. Бул тууралуу "КиевПравда" басылмасы кечээ, 17-мартта жазып чыкты. Алгачкы үлгүнүн үстүндө өлкөдөгү белгилүү ашпозчу, саат устасы, жадакалса хирург да иштеген.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142095
2016-03-18
ky
Бишкекте курулуп жаткан имараттын дубалы кулап, бир куруучу каза тапты
Бишкекте курулуп жаткан имараттардын биринин дубалы кулап, бир куруучу каза болду. SUPER.KG'ге 18-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришкендей, 17-март күнү болжол менен саат 15:28де "курулуп жаткан имараттын дубалы кулап, жабырлануучулар бар" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барышкан "Тез жардам" кызматкерлери оор жаракаттарды алган жабырлануучуга биринчи жардамды көргөзүшүп, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алган жаракаттарынан улам куруучу ооруканадан каза болуп калды.
Бишкекте курулуп жаткан имараттардын биринин дубалы кулап, бир куруучу каза болду. 'ге 18-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришкендей, 17-март күнү болжол менен саат 15:28де "курулуп жаткан имараттын дубалы кулап, жабырлануучулар бар" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барышкан "Тез жардам" кызматкерлери оор жаракаттарды алган жабырлануучуга биринчи жардамды көргөзүшүп, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142099
2016-03-18
ky
Жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган “Көркөм сөздүн чебери” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)
Бүгүн, 18-мартта Улуттук китепканада Тарых жана маданият жылынын алкагында прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган “Көркөм сөздүн чебери” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө жазуучунун бардык китептери, гезит-журналдык публикациялар, ал жөнүндөгү ой-пикирлер, макалалар орун алган. Иш-чарага акын-жазуучулар, маданий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Айта кетсек, Каимов чыгармачылыгын 1942-жылы ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби "Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-жылы чыккан. Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын "Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган. Каимовдун орус тилинде "Ночь на перевале” (1958), "Атай” (1968), "Маршруты дружбы” (1970), "Степная звезда” (1972), "Жажда” (1985) жыйнактары чыккан. Каимов Ардак белгиси ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Бүгүн, 18-мартта Улуттук китепканада Тарых жана маданият жылынын алкагында прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган “Көркөм сөздүн чебери” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө жазуучунун бардык китептери, гезит-журналдык публикациялар, ал жөнүндөгү ой-пикирлер, макалалар орун алган. Иш-чарага акын-жазуучулар, маданий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Айта кетсек, Каимов чыгармачылыгын 1942-жылы ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби "Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-жылы чыккан. Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын "Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган. Каимовдун орус тилинде "Ночь на перевале” (1958), "Атай” (1968), "Маршруты дружбы” (1970), "Степная звезда” (1972), "Жажда” (1985) жыйнактары чыккан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141981
2016-03-18
ky
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлеринин орточо айлыгы 70 миң сом
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери айына орто эсеп менен 70 миң сомдон алышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында аталган компаниянын башчысы Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компанияда 17 адам иштейт. "Аталган көлөмдөгү айлык акы банк кызматкерлериникинен азыраак" ,- деди Жээнбаева. Депутаттар мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыктары аз экенин белгилеп, мындан улам аларга мамлекеттик ипотека алууга мүмкүн эмес экенин айтышты. "Мугалимдер жана медициналык кызматкерлер турак жайга муктаж. Айрыкча жаш адистер. Алар ипотеканы төгүш үчүн айына 12-15 миң сомду кайдан табышат?" - дешти депутаттар. Талкуунун жыйынтыгында фракция мамлекеттик ипотеканын шарттарын өзгөртүүнү өкмөткө сунуштады.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери айына орто эсеп менен 70 миң сомдон алышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында аталган компаниянын башчысы Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компанияда 17 адам иштейт. "Аталган көлөмдөгү айлык акы банк кызматкерлериникинен азыраак" ,- деди Жээнбаева. Депутаттар мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыктары аз экенин белгилеп, мындан улам аларга мамлекеттик ипотека алууга мүмкүн эмес экенин айтышты. "Мугалимдер жана медициналык кызматкерлер турак жайга муктаж. Айрыкча жаш адистер. Алар ипотеканы төгүш үчүн айына 12-15 миң сомду кайдан табышат?" - дешти депутаттар.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142097
2016-03-18
ky
Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары тактайчаларга орус тилинде жазылганы үчүн даңазалуу эркек адамдарыбыз шаардыктар тарабынан аялдардай аталып калууда
"Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары тактайчаларга орус тилинде жазылганы үчүн даңазалуу эркек адамдарыбыз шаардыктар тарабынан аялдардай аталып калууда". Мындай пикирин бүгүн, 18-мартта жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов билдирди. Анын айтымында, борбордогу көчөлөрдүн аталыштары жазылган тактайчаларды кыргыз тилинде жазып илүү зарыл. "Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин ар көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Мисалы, Бөкөнбаев атындагы көчөсүн Боконбаева деп, Күрөңкеев көчөсүн Күрөңкеева деп аташат. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык жерде көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде жазылып, туура айтылат. Бизде аталыштарды орус тилинде жазуу - жаңылыштык. Бишкекте эки эле көчө айымдардын атынан коюлган: Бүбүсара Бейшеналиева менен Уркуя Салиева. Аалы Токомбаевдин атын алып жүргөн көчө "А.Токомбаева" деп жазылып турат. Аны кээ бири көзү тирүү балерина Айсулуу Токомбаева атындагы көчө экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Биздин тургундар баарын туура эмес атап көнүп калышкан" ,- деди Молдоканов.
"Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары тактайчаларга орус тилинде жазылганы үчүн даңазалуу эркек адамдарыбыз шаардыктар тарабынан аялдардай аталып калууда". Мындай пикирин бүгүн, 18-мартта жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов билдирди. Анын айтымында, борбордогу көчөлөрдүн аталыштары жазылган тактайчаларды кыргыз тилинде жазып илүү зарыл. "Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин ар көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Мисалы, Бөкөнбаев атындагы көчөсүн Боконбаева деп, Күрөңкеев көчөсүн Күрөңкеева деп аташат. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык жерде көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде жазылып, туура айтылат. Бизде аталыштарды орус тилинде жазуу - жаңылыштык. Бишкекте эки эле көчө айымдардын атынан коюлган: Бүбүсара Бейшеналиева менен Уркуя Салиева. Аалы Токомбаевдин атын алып жүргөн көчө "А.Токомбаева" деп жазылып турат. Аны кээ бири көзү тирүү балерина Айсулуу Токомбаева атындагы көчө экен деп ойлоп калышы мүмкүн.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142067
2016-03-18
ky
Бишкекте "10 жаштагы кызды окуу бөлмөсүнө камап алып, ыплас аракеттерди жасаган" деп шектелген мугалим кармалды
Бишкекте "10 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деп шектелген мугалим кармалды. Муну 18-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милицияга арыз менен Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну кайрылган. Ал февраль айынын башында Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан балдар борборунун мугалими кошумча сабактарга катышып жүргөн 10 жаштагы кызынын дене-башын кармалап, ыплас аракеттерге барганын, мындай аракеттерди окуу бөлмөсүнүн эшигин бекитип алып жасаганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы С.В. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте "10 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деп шектелген мугалим кармалды. Муну 18-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милицияга арыз менен Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну кайрылган. Ал февраль айынын башында Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан балдар борборунун мугалими кошумча сабактарга катышып жүргөн 10 жаштагы кызынын дене-башын кармалап, ыплас аракеттерге барганын, мындай аракеттерди окуу бөлмөсүнүн эшигин бекитип алып жасаганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы С.В. аттуу тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142087
2016-03-18
ky
Президент ишкердикти өнүктүрүү, ишкерлерди текшерүүнү кыскартууга багытталган жарлыкка кол койду
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты - ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү, укук коргоо жана салык органдарынын ишин тартипке салуу, ишкерлерди текшерүүнү мониторингдөө. Жарлыкта өкмөткө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте мамлекеттик башка органдарды тартуу менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишин негизсиз текшерүүлөрдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоо моделин иштеп чыгып, ишке киргизүү сунуш кылынган. Текшерүүлөрдү каттоонун ачык жана ыкчам механизмдерин камсыз кылуунун зарылчылыгы, алдынкы технологияларды, анын ичинде аларды эсепке алуунун электрондук формасын, текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетте жарыялоону киргизүү белгиленген. Мындан тышкары Башкы прокуратурада жана ага баш ийген аймактык прокуратураларда бардык текшерүүлөрдүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү сунуш кылынат. Бул текшерүүлөрдүн санын кыскартууга көмөктөшүп, ишкердик субъекттер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары бузулганы аныкталган учурда прокуратура органдары чукул арада мыйзамдуулукту бузууларды четтетүүгө милдеттүү болушары белгиленди.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты - ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү, укук коргоо жана салык органдарынын ишин тартипке салуу, ишкерлерди текшерүүнү мониторингдөө. Жарлыкта өкмөткө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте мамлекеттик башка органдарды тартуу менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишин негизсиз текшерүүлөрдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоо моделин иштеп чыгып, ишке киргизүү сунуш кылынган. Текшерүүлөрдү каттоонун ачык жана ыкчам механизмдерин камсыз кылуунун зарылчылыгы, алдынкы технологияларды, анын ичинде аларды эсепке алуунун электрондук формасын, текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетте жарыялоону киргизүү белгиленген. Мындан тышкары Башкы прокуратурада жана ага баш ийген аймактык прокуратураларда бардык текшерүүлөрдүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү сунуш кылынат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142091
2016-03-18
ky
Балбан Жанарбек Кенжеев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды
Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 18-мартта күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш башталды. Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча өтүп жаткан мелдешке Азия чөлкөмүнөн 24 мамлекеттин балбандары катышууда. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы да бар. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кармаштар өтүүдө. 85 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбаныбыз Жанарбек Кенжеев мелдештин финалына чыкты жана Олимпиадага жолдомо алды. Жобого ылайык, ар бир салмакта финалга чыккан балбандар Олимпиадага жолдомо алышат. Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган Олимпиадага 4 спортчубуз жолдомо алган. Алар: жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева , Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев.
Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 18-мартта күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш башталды. Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча өтүп жаткан мелдешке Азия чөлкөмүнөн 24 мамлекеттин балбандары катышууда. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы да бар. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кармаштар өтүүдө. 85 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбаныбыз Жанарбек Кенжеев мелдештин финалына чыкты жана Олимпиадага жолдомо алды. Жобого ылайык, ар бир салмакта финалга чыккан балбандар Олимпиадага жолдомо алышат. Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган Олимпиадага 4 спортчубуз жолдомо алган.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142089
2016-03-18
ky
Чүй облусунда 3 жаран баңгизат менен кармалды
Чүй облусунда мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 18-март күнү Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун Люксембург айылынан Ысык-Ата районунун 23 жаштагы Д.Н., 24 жаштагы Н.Д. жана Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы С.У. аттуу тургуну кармалган. Текшерүү маалында Д.Н. аттуу жаранга тиешелүү буюмдардын арасынан 87 таблетка түрүндөгү жалпы салмагы 559 граммдан ашуун гашиш табылган. Аталган факт боюнча "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Чүй облусунда мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 18-март күнү Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун Люксембург айылынан Ысык-Ата районунун 23 жаштагы Д.Н., 24 жаштагы Н.Д. жана Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы С.У. аттуу тургуну кармалган. Текшерүү маалында Д.Н. аттуу жаранга тиешелүү буюмдардын арасынан 87 таблетка түрүндөгү жалпы салмагы 559 граммдан ашуун гашиш табылган. Аталган факт боюнча "мыйзамсыз түрдө баңгизатты даярдоо, сактоо, таркатуу жана аны сатууга даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142079
2016-03-18
ky
КИНОЗАЛ: Милиция кызматкерлери тууралуу алгачкы кыргыз киносу - "Участковый"
"Кинозал" бөлүмүндөгү тарбиялык мааниси жакшы тасмалардын бири - комедиялык детектив жанрындагы "Участковый" тасмасы. Тасма 2013-жылы тартылган. Режиссёру - Санжар Абдыжапаров . Башкы каармандардын образдарын Эркин Үсөнбаев, Аскат Сулайманов, Нуриза Сабыржанова жаратышкан. "Участковый" тасмасы – милиция кызматкерлери тууралуу алгачкы кыргыз киносу. Тасмада чындык алдыга коюлуп, "погончондорду" уяткара турган дагы, сыймыктандыра турган дагы окуялар камтылган. Анда ИИМ академиясынын бүтүрүүчүсү, шаарда чоңойгон Эркинди чоң атасы эл-жерин таанысын деп Бакан-Тоо айылына, аймактык тескөөчү Саламаттын жардамчысы кылып жиберет. Чоң атасы отставкадагы генерал болгондуктан, анын тааныштары аркылуу дароо чоң кызматка отурам деген Эркин алгач айылга баргысы келбейт. Алдыда аны милициянын жумушундагы кооптуу абалдар, айылдагы көйгөйлөр жана чоң сүйүү күтүп турган эле. Эркин сыноолорду кантип жеңип чыгат? "Милиция жакшы иштесе, кыңыр иш дароо билинет" деген ураанды карманган милиция кызматкерлери кандай иш алып барышат? Суроолорго фильмде жооп бар. Тасманы толугу менен бул жерден көрсөӊүз болот.
"Кинозал" бөлүмүндөгү тарбиялык мааниси жакшы тасмалардын бири - комедиялык детектив жанрындагы "Участковый" тасмасы. Тасма 2013-жылы тартылган. Режиссёру - Санжар Абдыжапаров . Башкы каармандардын образдарын Эркин Үсөнбаев, Аскат Сулайманов, Нуриза Сабыржанова жаратышкан. "Участковый" тасмасы – милиция кызматкерлери тууралуу алгачкы кыргыз киносу. Тасмада чындык алдыга коюлуп, "погончондорду" уяткара турган дагы, сыймыктандыра турган дагы окуялар камтылган. Анда ИИМ академиясынын бүтүрүүчүсү, шаарда чоңойгон Эркинди чоң атасы эл-жерин таанысын деп Бакан-Тоо айылына, аймактык тескөөчү Саламаттын жардамчысы кылып жиберет. Чоң атасы отставкадагы генерал болгондуктан, анын тааныштары аркылуу дароо чоң кызматка отурам деген Эркин алгач айылга баргысы келбейт. Алдыда аны милициянын жумушундагы кооптуу абалдар, айылдагы көйгөйлөр жана чоң сүйүү күтүп турган эле. Эркин сыноолорду кантип жеңип чыгат? "Милиция жакшы иштесе, кыңыр иш дароо билинет" деген ураанды карманган милиция кызматкерлери кандай иш алып барышат? Суроолорго фильмде жооп бар.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142075
2016-03-18
ky
Депутаттар окуучуларды тамактандырууда жашылча-жемишке басым жасоо зарылдыгын айтышты
Кыргыз жериндеги мектептерде окуучунун бир күндүк тамактануусуна Бишкек шаарында 14 сом, аймактарда 7 сом бөлүнүүдө. Мындай пикирди парламент депутаты Евгения Строкова 17-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү менен жолугушууда айтты. Депутат балдарды тамактандырууда жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуу зарылдыгын, үйдө күндө окшош тамактануу болгон жагдайлар бар экенин белгилейт. "Коомдук тамактануучу жайлардын менюларында балыктарды сунуштаган учурлар акырындап көбөйө баштады. Бул жакшы көрүнүш. Чылымдын зыяндуулугу боюнча тамекинин кутуларындагы коркунучтуу сүрөттөр, спирттик ичимдиктердин идиштериндеги эскертүүлөр ден соолукту чыңдоого салымын кошот. Сергек жашоо образын калыптандырууда дене тарбияга басым жасалышы керек”,- дейт Строкова.
Кыргыз жериндеги мектептерде окуучунун бир күндүк тамактануусуна Бишкек шаарында 14 сом, аймактарда 7 сом бөлүнүүдө. Мындай пикирди парламент депутаты Евгения Строкова 17-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү менен жолугушууда айтты. Депутат балдарды тамактандырууда жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуу зарылдыгын, үйдө күндө окшош тамактануу болгон жагдайлар бар экенин белгилейт. "Коомдук тамактануучу жайлардын менюларында балыктарды сунуштаган учурлар акырындап көбөйө баштады. Бул жакшы көрүнүш. Чылымдын зыяндуулугу боюнча тамекинин кутуларындагы коркунучтуу сүрөттөр, спирттик ичимдиктердин идиштериндеги эскертүүлөр ден соолукту чыңдоого салымын кошот.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142083
2016-03-18
ky
Апрель окуяларынын катышуучулары Адахан Мадумаровду митинг уюштуруп, тынч жаткан элди козгобоого чакырышты
Бир катар коомдук бирикмелердин башын бириктирген "Апрель байрагы" коомдук бирикмеси бүгүн, 18-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке колдоо керектигин айтты. Алардын айтымында, жазгы талаа иштери башталып жатканда митинг уюштуруу, нааразычылык акцияларын уюштуруу орунсуз. "27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө шайлоо системине ишеним бар. Андыктан Адахан Мадумаров, Бектур Асанов сыяктуу оппозициячылар тынч жаткан элди козгобой, айтчу сөзүн депутаттарга айтышса жакшы болмок. Алардын сөзүн депутаттар трибунадан айтышмак. 24-мартта элди чогултуп, референдум өткөрөбүз деп жатышат. Антпей эле 27-мартта шайлоого келишсин. Эл кимди кааласа, ошону шайлап алат",- деди кыймылдын мүчөсү Канатбек Ирсалиев.
Бир катар коомдук бирикмелердин башын бириктирген "Апрель байрагы" коомдук бирикмеси бүгүн, 18-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке колдоо керектигин айтты. Алардын айтымында, жазгы талаа иштери башталып жатканда митинг уюштуруу, нааразычылык акцияларын уюштуруу орунсуз. "27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө шайлоо системине ишеним бар. Андыктан Адахан Мадумаров, Бектур Асанов сыяктуу оппозициячылар тынч жаткан элди козгобой, айтчу сөзүн депутаттарга айтышса жакшы болмок. Алардын сөзүн депутаттар трибунадан айтышмак. 24-мартта элди чогултуп, референдум өткөрөбүз деп жатышат. Антпей эле 27-мартта шайлоого келишсин.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142063
2016-03-18
ky
Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде болгон массалык мушташтын катышуучуларынын бирине карата кылмыш иши козголду
Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын биринде болгон массалык мушташтан жабыр тарткан жарандардын туугандары 16-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Октябрь РИИБинин кызматкерлери эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатканын айтып даттанышкан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 18-март күнү SUPER.KG порталына азыркы тапта аталган факт боюнча бир адам кармалып, ага карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми калган балдардын өздүгүн аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканы айтылды. Маалым болгондой, 2015-жылдын 24-декабрь күнү С.Марат, Ж.Тилек, Ч.Нурсултан, А.Кутман аттуу жарандар арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Алар 24-февраль күнү саат түнкү 3:00 чамасында Бишкектеги эс алуучу жайынын жанынан белгисиз адамдар аларды сабашканын билдиришкен. Факт боюнча териштирүү иштери жүрүп, мушташтын кесепетинен жабырлануучулар бир катар жаракаттарды алгандыгы үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Н.Ч., М.С., Т.Ж. аттуу жарандардын алган жаракаттары “жеңил зыян” катары бааланып, А.К. аттуу жарандын жаракаттары “орточо жаракат” деп бааланып чыккан. Аталган фактыга шектүү катары 28-декабрь күнү У.А. аттуу жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө Э.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалган, бирок жабыр тарткандар кармалган жарандын массалык мушташка тиешеси жок экенин билдиришкен. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Жазгүл Кенжалиева жана башка кызматкерлер келип, бирок аталган жай алардын аймактык бөлүмүнө тийиштиги жок экенин айтып кетип калышкан. Бул боюнча жабырлануучу А.Кутмандын апасы ИИМдин Коопсуздук кызматына арыз менен кайрылган. Ал жактан “Биринчи Май жана Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес” деген жыйынтык чыгарып беришкенин жабырлануучу тараптын жактоочусу Майрамбек Жумабеков билдирди.
Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын биринде болгон массалык мушташтан жабыр тарткан жарандардын туугандары 16-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Октябрь РИИБинин кызматкерлери эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатканын айтып даттанышкан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 18-март күнү порталына азыркы тапта аталган факт боюнча бир адам кармалып, ага карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми калган балдардын өздүгүн аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканы айтылды. Маалым болгондой, 2015-жылдын 24-декабрь күнү С.Марат, Ж.Тилек, Ч.Нурсултан, А.Кутман аттуу жарандар арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Алар 24-февраль күнү саат түнкү 3:00 чамасында Бишкектеги эс алуучу жайынын жанынан белгисиз адамдар аларды сабашканын билдиришкен. Факт боюнча териштирүү иштери жүрүп, мушташтын кесепетинен жабырлануучулар бир катар жаракаттарды алгандыгы үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Н.Ч., М.С., Т.Ж. аттуу жарандардын алган жаракаттары “жеңил зыян” катары бааланып, А.К. аттуу жарандын жаракаттары “орточо жаракат” деп бааланып чыккан. Аталган фактыга шектүү катары 28-декабрь күнү У.А. аттуу жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө Э.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалган, бирок жабыр тарткандар кармалган жарандын массалык мушташка тиешеси жок экенин билдиришкен. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Жазгүл Кенжалиева жана башка кызматкерлер келип, бирок аталган жай алардын аймактык бөлүмүнө тийиштиги жок экенин айтып кетип калышкан. Бул боюнча жабырлануучу А.Кутмандын апасы ИИМдин Коопсуздук кызматына арыз менен кайрылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142057
2016-03-18
ky
Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды
Бүгүн, 18-мартта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчы өлкөнүн сырткы чектеринин кол тийгистигин камсыздоо милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик чек араны коргоо жана чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты укту. "Райимберди Дүйшөнбиев мамлекеттик чек арада көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү бекеттерди заманбап жаңылоо иштеринин жүрүшү жөнүндө айтып берди. Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына чек ара бөлүктөрүнүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 18-мартта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчы өлкөнүн сырткы чектеринин кол тийгистигин камсыздоо милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик чек араны коргоо жана чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты укту. "Райимберди Дүйшөнбиев мамлекеттик чек арада көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү бекеттерди заманбап жаңылоо иштеринин жүрүшү жөнүндө айтып берди.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142077
2016-03-18
ky
Өлкөдө жылына онкологиялык оорулар боюнча 7250дөй адам дарыланат
Жогорку Кеңеш 17-мартта "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам кабыл алды. Демилгечилердин билдиришинче, мыйзамдын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын бардык онкологиялык оорулуу жарандары акысыз дарыланат деген жобого өзгөртүү киргизүү. Мыйзам аркылуу онкологиялык оорулууларга жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарылануу укугуна ээ жарандар, кошумча төлөмдөр шарты менен медициналык жардам алуучу адамдардын тизмеси аныкталып, кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү белгиленген. Ошондой эле түшкөн кошумча төлөмдөрдүн көлөмүн көзөмөлгө алуу жана анын мамлекеттик органдар менен коомчулук тарабынан пайдалануу механизмдери каралган. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук онкология борборунун көз карандысыз эксперттеринин маалыматына ылайык, жылына 7250 адам дарыланарын айтты. Химиотерапияны кошпогондо, 1 оорулуу адамдын дары-дармектери орточо 22 500 сом деп белгиленген. Республикалык бюджеттин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун дары-дармектер боюнча каржылоосу орточо 2475 сомду (11 пайыз) түзөт. Жетпей калган каражат оорулуу адамдардан алынат. Мындай төлөмдөрдүн өлчөмүнүн чектелбегени элдин нааразылыгын жаратып жатканы айтылды. Талкууда онкологиялык ооруларды дарылоого бюджеттен 120 миллион сом каралганы, андан тышкары кайрымдуулук уюмдарынан кошумча акча түшөрү, жалпысынан 200 миллион сомдой акча топтолору маалымдалды. Парламент депутаты Садык Шер-Нияз онкологиялык ооруларды дарылоо багытында 2016-жылдын республикалык бюджетинен кошумча 100 миллион сом суралганын, бирок бюджет тартыштыгына байланыштуу өтүнүч аткарылбай калганын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 17-мартта "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам кабыл алды. Демилгечилердин билдиришинче, мыйзамдын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын бардык онкологиялык оорулуу жарандары акысыз дарыланат деген жобого өзгөртүү киргизүү. Мыйзам аркылуу онкологиялык оорулууларга жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарылануу укугуна ээ жарандар, кошумча төлөмдөр шарты менен медициналык жардам алуучу адамдардын тизмеси аныкталып, кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү белгиленген. Ошондой эле түшкөн кошумча төлөмдөрдүн көлөмүн көзөмөлгө алуу жана анын мамлекеттик органдар менен коомчулук тарабынан пайдалануу механизмдери каралган. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук онкология борборунун көз карандысыз эксперттеринин маалыматына ылайык, жылына 7250 адам дарыланарын айтты. Химиотерапияны кошпогондо, 1 оорулуу адамдын дары-дармектери орточо 22 500 сом деп белгиленген. Республикалык бюджеттин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун дары-дармектер боюнча каржылоосу орточо 2475 сомду (11 пайыз) түзөт. Жетпей калган каражат оорулуу адамдардан алынат. Мындай төлөмдөрдүн өлчөмүнүн чектелбегени элдин нааразылыгын жаратып жатканы айтылды. Талкууда онкологиялык ооруларды дарылоого бюджеттен 120 миллион сом каралганы, андан тышкары кайрымдуулук уюмдарынан кошумча акча түшөрү, жалпысынан 200 миллион сомдой акча топтолору маалымдалды.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142071
2016-03-18
ky
Кыргыз-өзбек чек арасында өзбек аскерлери чогулушту
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканын билдиришти. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени маалым болду. Мындан улам кыргыз тарабынын сунушу менен саат 8:50дө Могол жеринде Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталган. Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтотту. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат. Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-автожол", "Кең-Сай-автожол" жана "Кадамжай-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапты.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканын билдиришти. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени маалым болду. Мындан улам кыргыз тарабынын сунушу менен саат 8:50дө Могол жеринде Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталган. Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтотту. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142069
2016-03-18
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: Ата-энеге болгон сый, сүйүү, сагынуу Мухтар Атаналиевдин "Ата-энеме кат" клибинде көрсөтүлгөн
"Медиа-порталдагы" элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, ата-энеге арналган ретро клиптердин бири - Мухтар Атаналиевдин "Ата-энеме кат" клиби. Клип 2001-жылы тартылган. Кандайча тартылып калганы тууралуу ырчы буларга токтолду: "Шаарда окуп, иштеп жүрүп айылга деле көп каттабай калат эмеспизби. "Ата-энем үчүн эмне жасай алам, же жанында дайыма боло албасам... Кантип ыраазы кылам, ак мээнетин кантип актайм?" деп көп ойлончумун. 2000-жылдары бир аз сыркоолоп жүргөн кезим эле. Бир күнү айылга ата-энемдин жанына барып, алардын жумуш жасап ары-бери басып жүргөнүн эстеликке деп видеого тарта келгем. Андан клип жасайм деген оюм жок болчу. Кийин айылдан тарта келген видеодогу кадрларды кошуп "Ата-энеме кат" ырына клип тарта салдык. Кээде бир ырдын сөзүн, обонун жазыш үчүн бир жылдай убакыт кетиши мүмкүн. Ал эми ата-энеме болгон сый, сүйүү, сагынуу ушунчалык күчтүү болгондуктанбы, "Ата-энеме кат" ырынын сөзү, обону, жадакалса клиби да бир күндө даяр болгон. Азыр өзүм тасма тартып жүргөндүктөн, ата-энем тууралуу толук көрсөтүү тартып, клипти кайра тартып чыгарсамбы деген оюм бар. Бирок убакыт тартыш. Буюрса, клип тартууга да жетишербиз" . Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
"Медиа-порталдагы" элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, ата-энеге арналган ретро клиптердин бири - Мухтар Атаналиевдин "Ата-энеме кат" клиби. Клип 2001-жылы тартылган. Кандайча тартылып калганы тууралуу ырчы буларга токтолду: "Шаарда окуп, иштеп жүрүп айылга деле көп каттабай калат эмеспизби. "Ата-энем үчүн эмне жасай алам, же жанында дайыма боло албасам... Кантип ыраазы кылам, ак мээнетин кантип актайм?" деп көп ойлончумун. 2000-жылдары бир аз сыркоолоп жүргөн кезим эле. Бир күнү айылга ата-энемдин жанына барып, алардын жумуш жасап ары-бери басып жүргөнүн эстеликке деп видеого тарта келгем. Андан клип жасайм деген оюм жок болчу. Кийин айылдан тарта келген видеодогу кадрларды кошуп "Ата-энеме кат" ырына клип тарта салдык. Кээде бир ырдын сөзүн, обонун жазыш үчүн бир жылдай убакыт кетиши мүмкүн. Ал эми ата-энеме болгон сый, сүйүү, сагынуу ушунчалык күчтүү болгондуктанбы, "Ата-энеме кат" ырынын сөзү, обону, жадакалса клиби да бир күндө даяр болгон. Азыр өзүм тасма тартып жүргөндүктөн, ата-энем тууралуу толук көрсөтүү тартып, клипти кайра тартып чыгарсамбы деген оюм бар. Бирок убакыт тартыш. Буюрса, клип тартууга да жетишербиз" .
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142035
2016-03-18
ky
ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында коопсуздук үчүн орнотулган тосмого студенттерди 280 сомдон чогултууга мажбурлоодо
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттердин коопсуздугу үчүн орнотулган тосмого 280 сомдон чогултууга мажбурлоодо. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Бул тосмолор окуу жайдын эсебинен орнотулушу керек болчу, бирок ал ишке кире элек тосмого ар бир студенттен 280 сомдон акча алууда. Жылдан-жылга окуу үчүн төлөм кымбаттоодо, бирок окутуучулардын эмгек акылары ошол эле бойдон. Калтырылган ар бир сабакка студенттерди 57 сомдон төлөтүшөт. Эч кандай көрүнүктүү оңдоо иштери жүрө элек, окуу жайдын жетекчилиги окутуучуларды өз каражаттарына оңдотууга мажбурлашат. Бул эле эмес, окуу жайда кандайдыр бир иш-чара уюштурулуп калса, ага да акча чогулткула деп чыгышат. Биз канчага чейин унчукпай, чыдашыбыз керек?!"- дейт окурман.
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттердин коопсуздугу үчүн орнотулган тосмого 280 сомдон чогултууга мажбурлоодо. Бул тууралуу окурман бүгүн, 18-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Бул тосмолор окуу жайдын эсебинен орнотулушу керек болчу, бирок ал ишке кире элек тосмого ар бир студенттен 280 сомдон акча алууда. Жылдан-жылга окуу үчүн төлөм кымбаттоодо, бирок окутуучулардын эмгек акылары ошол эле бойдон. Калтырылган ар бир сабакка студенттерди 57 сомдон төлөтүшөт. Эч кандай көрүнүктүү оңдоо иштери жүрө элек, окуу жайдын жетекчилиги окутуучуларды өз каражаттарына оңдотууга мажбурлашат. Бул эле эмес, окуу жайда кандайдыр бир иш-чара уюштурулуп калса, ага да акча чогулткула деп чыгышат.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142047
2016-03-18
ky
2016-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик кызмат өтөөгө чакыруу жөнүндө жарлык чыкты
Президент Алмазбек Атамбаев "Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин запаска бошотуу, 2016-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде, тийиштүү мыйзамдарга ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат: Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматкерлери жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун. Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2016-жылдын апрель-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыска мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматкерлерин, альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоо тапшырылсын. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Алмазбек Атамбаев "Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин запаска бошотуу, 2016-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде, тийиштүү мыйзамдарга ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат: Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматкерлери жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун. Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2016-жылдын апрель-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыска мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматкерлерин, альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоо тапшырылсын.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142061
2016-03-18
ky
Былтыр I жарым жылдыкта Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон
Былтыр I жарым жылдыкта Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жетекчиси Эльвира Ниязбекова жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, шаарда көрнөк-жарнак илген компаниялар алардын бөлүмгө келип тексттерин текшертишпейт. "Бизде көйгөйлүү маселелердин бири - көрнөк-жарнактардагы тил маселеси. Жарнама департаменти иштеп турганда алар жарнактардын тексттеринин эскиздерин бизге көрсөтүп, анан чыгарышчу. Департамент былтыр жоюлгандан бери буга байланыштуу маселе курчуду. Мисалы, 2014-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 662 кайрылуу түшүп, кыргыз тилине которууда көмөк көрсөтүлсө, былтыр кайрылгандардын саны 292ни гана түзүп калды. Мунун айынан борбордо илинген көрнөк-жарнактардын көбү мыйзамдарды одоно бузуу менен илинип калууда" ,- деди адис.
Былтыр I жарым жылдыкта Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жетекчиси Эльвира Ниязбекова жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, шаарда көрнөк-жарнак илген компаниялар алардын бөлүмгө келип тексттерин текшертишпейт. "Бизде көйгөйлүү маселелердин бири - көрнөк-жарнактардагы тил маселеси. Жарнама департаменти иштеп турганда алар жарнактардын тексттеринин эскиздерин бизге көрсөтүп, анан чыгарышчу. Департамент былтыр жоюлгандан бери буга байланыштуу маселе курчуду. Мисалы, 2014-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 662 кайрылуу түшүп, кыргыз тилине которууда көмөк көрсөтүлсө, былтыр кайрылгандардын саны 292ни гана түзүп калды.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142055
2016-03-18
ky
Бүгүн жума намаз алдында Москванын муфтийи метродо аялды куткарган Марат Исаевди сыйлайт
Бүгүн, 18-мартта Москвада жума намаз алдында шаардын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жергиликтүү муфтиятка шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, иш-чара Москва убактысы боюнча саат 12:30да (Бишкек убактысы боюнча 15:30да) Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өтмөкчү. "28 жаштагы Марат Исаев өзүн баатыр деп эсептебейт, бирок Орусиянын Муфтийлер кеңеши жана Орусиянын Мусулмандар диний башкармалыгы Кыргыз Республикасынын жаранынын эрдигин белгилөөнү чечишти" ,- деп айтылат маалыматтарда. Эскерте кетсек, 11-февралда кыргыз жараны Марат Исаев Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашкан .
Бүгүн, 18-мартта Москвада жума намаз алдында шаардын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жергиликтүү муфтиятка шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, иш-чара Москва убактысы боюнча саат 12:30да (Бишкек убактысы боюнча 15:30да) Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өтмөкчү. "28 жаштагы Марат Исаев өзүн баатыр деп эсептебейт, бирок Орусиянын Муфтийлер кеңеши жана Орусиянын Мусулмандар диний башкармалыгы Кыргыз Республикасынын жаранынын эрдигин белгилөөнү чечишти" ,- деп айтылат маалыматтарда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142051
2016-03-18
ky
"Супер ТВ" теле жаатында тажрыйбасы бар, креативдүү, келбеттүү, өзүнө ишенген журналист издейт
Ооба, эгер сиздин теле жаатында тажрыйбаңыз бар, ой чабытыңыз кенен, кызыктуу темаларды табууга жөндөмүңүз болсо, креативдүү идеяларга бай, сөздүн гүлүн терип жаза алсаңыз, келбетиңиз сүйкүмдүү, кыргыз жана орус тилин мыкты билсеңиз, анда сиз биз издеген журналистсиз. Өзүңүзгө ишенсеңиз, бизге иштейм деген каалооңуз күч болсо, резюмеңизди сүрөтүңүз менен admin@super.kg дарегине жөнөтүңүз. Ошондой эле иш убактысында (09:00дөн 18:00гө чейин) (0312) 47-39-39, (0557) 75-63-41 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот. P.S: Сөзсүз жогорку билим талап кылынат. Журналист SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүнө алынат.
Ооба, эгер сиздин теле жаатында тажрыйбаңыз бар, ой чабытыңыз кенен, кызыктуу темаларды табууга жөндөмүңүз болсо, креативдүү идеяларга бай, сөздүн гүлүн терип жаза алсаңыз, келбетиңиз сүйкүмдүү, кыргыз жана орус тилин мыкты билсеңиз, анда сиз биз издеген журналистсиз. Өзүңүзгө ишенсеңиз, бизге иштейм деген каалооңуз күч болсо, резюмеңизди сүрөтүңүз менен admin@super.kg дарегине жөнөтүңүз. Ошондой эле иш убактысында (09:00дөн 18:00гө чейин), номерлери аркылуу байланышсаңыз болот. P.S: Сөзсүз жогорку билим талап кылынат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/140825
2016-03-18
ky
Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө кастрация колдонула баштайт
Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасы (кастрация) колдонула баштайт. Бул тууралуу "Ньюсказ" басылмасы кечээ, 17-мартта жазып чыкты. Казак парламентинин сенаты "Балдарды коргоо" мыйзамына бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Анын ичинде педофилдерге ушул жазаны колдонуу да бар. "Химиялык бычуу - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылчу инъекция. Аны сайган соң адам өмүр бою ошол бойдон калбайт. Бул жаза медициналык мекемелердин соттук чечиминен кийин гана колдонулат", - деген сенатор Бырганым Айтимова . Химиялык бычуу учурда кайтарылчу процедуралардын катарына кирет. Анын бул түрүндө адамдын сексуалдык активдүүлүгү гана төмөндөйт. Эске салсак, химиялык кастрацияны педофилдерге колдонуу 2013-жылы биздин да өлкөдө сунушталган , бирок ошол бойдон каралбай, унутта калган.
Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасы (кастрация) колдонула баштайт. Бул тууралуу "Ньюсказ" басылмасы кечээ, 17-мартта жазып чыкты. Казак парламентинин сенаты "Балдарды коргоо" мыйзамына бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Анын ичинде педофилдерге ушул жазаны колдонуу да бар. "Химиялык бычуу - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылчу инъекция. Аны сайган соң адам өмүр бою ошол бойдон калбайт. Бул жаза медициналык мекемелердин соттук чечиминен кийин гана колдонулат", - деген сенатор Бырганым Айтимова . Химиялык бычуу учурда кайтарылчу процедуралардын катарына кирет. Анын бул түрүндө адамдын сексуалдык активдүүлүгү гана төмөндөйт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142049
2016-03-18
ky
"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Достук айылындагы ооруканада эски төшөктөр жок" деп билдирди оорукана өкүлү
"Баткенде Кулунду жалпы дагыгерлик борборунун Достук бөлүмүнүн палаталарында эски төшөктөр жок, бейтаптарга жакшы шарт түзүлгөн", - деп билдирди бүгүн, 18-мартта оорукананын атынан байланышка чыккан Алтынбек Султанов . "Оорукана бардык жагынан таза, матрастар эки жылда бир жаңыланат. Бейтаптардын арыздануусу үчүн атайын куту да коюлган", - дейт Султанов. "Төшөктөр маалымат "Элдик кабарга" чыккандан кийин алмаштырылдыбы?" деген суроого "жок, негизи эле ал жерде эски төшөктөр колдонулбайт" деген жоопту айтты. Белгилей кетсек, жакында окурмандардын бири "Элдик кабарга" аталган айылдагы оорукананын төшөктөрүнүн эскилиги жеткенин айтып , сүрөттөрүн жиберген эле. Окурман сүрөттөр 2016-жылдын февралында тартылганын кабарлаган. Төшөктөр эки жылда бир жаңыланса, мурункусунда 2014-жылдын февраль-март айларында, акыркы жолу 2016-жылдын февраль-март айларында жаңыланган болушу да мүмкүн...
"Баткенде Кулунду жалпы дагыгерлик борборунун Достук бөлүмүнүн палаталарында эски төшөктөр жок, бейтаптарга жакшы шарт түзүлгөн", - деп билдирди бүгүн, 18-мартта оорукананын атынан байланышка чыккан Алтынбек Султанов . "Оорукана бардык жагынан таза, матрастар эки жылда бир жаңыланат. Бейтаптардын арыздануусу үчүн атайын куту да коюлган", - дейт Султанов. "Төшөктөр маалымат "Элдик кабарга" чыккандан кийин алмаштырылдыбы?" деген суроого "жок, негизи эле ал жерде эски төшөктөр колдонулбайт" деген жоопту айтты. Белгилей кетсек, жакында окурмандардын бири "Элдик кабарга" аталган айылдагы оорукананын төшөктөрүнүн эскилиги жеткенин айтып , сүрөттөрүн жиберген эле. Окурман сүрөттөр 2016-жылдын февралында тартылганын кабарлаган.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142031
2016-03-18
ky
ЖЫЛНААМА, 18-март: Бүгүн актёр жана режиссёр Азамат Арыков 31 жашын белгилейт
"Кино – бул идеологиялык курал. Элге тарбиялык таасири бар, мекенди сүйүүгө үгүттөгөн тасмалар көбүрөөк тартылса жакшы болмок" деп тарбиялык маанидеги "Аят" тасмасын тартып, ушул эмгеги аркылуу таанылган актёр, режиссёр Азамат Арыков бүгүн, 18-мартта 31 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап, туулган күндү кандай белгилеп жатканын билүү үчүн актёр менен байланыштык. "Жумуш боюнча Нарында жүрөм. Андыктан азырынча туулган күндү майрамдоого убакыт жок. Бүгүнкү күн жумуш менен эле өтөт. Албетте, кечинде туулган күнүмдү достордун курчоосунда белгилеп коёбуз", - деди. 18-марттын жылнаамасы .
"Кино – бул идеологиялык курал. Элге тарбиялык таасири бар, мекенди сүйүүгө үгүттөгөн тасмалар көбүрөөк тартылса жакшы болмок" деп тарбиялык маанидеги "Аят" тасмасын тартып, ушул эмгеги аркылуу таанылган актёр, режиссёр Азамат Арыков бүгүн, 18-мартта 31 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап, туулган күндү кандай белгилеп жатканын билүү үчүн актёр менен байланыштык. "Жумуш боюнча Нарында жүрөм. Андыктан азырынча туулган күндү майрамдоого убакыт жок. Бүгүнкү күн жумуш менен эле өтөт. Албетте, кечинде туулган күнүмдү достордун курчоосунда белгилеп коёбуз", - деди.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142037
2016-03-18
ky
Башкы прокуратуранын имаратына кирүүгө аракет кылган мас абалдагы жаран кармалды
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине баш ийбей, бейбаштык фактысы менен шектелген адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду. Муну 18-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-март күнү саат 17:35 чамасында милицияга "Башкы прокуратуранын короосунда мас абалында белгисиз адам тынчтык бербей, эшигинин алдынан кетпей жатат" деген билдирүү түшкөн. Кызматкерлер окуя болгон жерге барышып, Бишкек шаарынын 44 жаштагы З.Е. аттуу тургунун кармашкан. Ал милиция кызматкерлерине баш бербей, имараттын ичине кирип кеткенге аракет кылган. Мас адамды Октябрь РИИБине киргизип жаткан маалда аймактык күзөт бөлүмүнүн Дэу Нексия үлгүсүндөгү кызматтык унаасынын сол терезесин сындырып салган. Ал адамга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине баш ийбей, бейбаштык фактысы менен шектелген адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду. Муну 18-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-март күнү саат 17:35 чамасында милицияга "Башкы прокуратуранын короосунда мас абалында белгисиз адам тынчтык бербей, эшигинин алдынан кетпей жатат" деген билдирүү түшкөн. Кызматкерлер окуя болгон жерге барышып, Бишкек шаарынын 44 жаштагы З.Е. аттуу тургунун кармашкан. Ал милиция кызматкерлерине баш бербей, имараттын ичине кирип кеткенге аракет кылган. Мас адамды Октябрь РИИБине киргизип жаткан маалда аймактык күзөт бөлүмүнүн Дэу Нексия үлгүсүндөгү кызматтык унаасынын сол терезесин сындырып салган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142045
2016-03-18
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: "Колуңдан келгенин кыл" дедиң беле? Колумдан келгенин көрсөтөйүнбү?" деген кыз башка кызды сабап жатат
Бишкектин жаңы конуштарынын биринде болгон кыздардын "разборкасы" SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: XxX_1). Акыркы кездерде ушул сыяктуу уруш-талаштардын көбөйгөнү өкүндүрбөй койбойт. Айымдарыбыз таш боорлукту адатка айландырып, анысы аз келгенсип ал "эрдигин" интернет айдыңына жарыялоого өтүштү. Аял деген эне, аял деген бүт дүйнөнү кармап турчу мээрман эмеспи. Мындай нерселерди сабырдуулук, акылдуулук менен чечүүгө болор... Материалда сабалып жаткан кыз берки кызды жана анын жакын адамын соцтармактарга жамандап жазганы үчүн андан өч алып жатканын алардын сөздөрүнөн байкоого болот. "Колуңдан келгенин кылып ал дедиң беле, көрсөтөйүнбү колумдан келгенин? Майрамбек сага "мырка" болуп калдыбы?"- деп сөгүнөт. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
Бишкектин жаңы конуштарынын биринде болгон кыздардын "разборкасы" порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: XxX 1). Акыркы кездерде ушул сыяктуу уруш-талаштардын көбөйгөнү өкүндүрбөй койбойт. Айымдарыбыз таш боорлукту адатка айландырып, анысы аз келгенсип ал "эрдигин" интернет айдыңына жарыялоого өтүштү. Аял деген эне, аял деген бүт дүйнөнү кармап турчу мээрман эмеспи. Мындай нерселерди сабырдуулук, акылдуулук менен чечүүгө болор... Материалда сабалып жаткан кыз берки кызды жана анын жакын адамын соцтармактарга жамандап жазганы үчүн андан өч алып жатканын алардын сөздөрүнөн байкоого болот. "Колуңдан келгенин кылып ал дедиң беле, көрсөтөйүнбү колумдан келгенин? Майрамбек сага "мырка" болуп калдыбы?"- деп сөгүнөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142033
2016-03-18
ky
Тарых жана маданият жылын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө
Тарых жана маданият жылын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн 17-марттагы жумушчу жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибинде кечиктирилгис социалдык чыгымдарды өз убагында бөлүп берүү жана Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Иш-чарада премьер-министр Темир Сариев Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарылчу иш-чараларды өз убагында аткарууга көңүл бурууга чакырды. "Өкмөт мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн жоопкерчилик толугу менен аткарылууга тийиш. Берилген тапшырмалар жана аларды сапаттуу аткаруу тартибине өзгөчө көңүл бурулат" ,- деди өкмөт башчы. Жыйындын жүрүшүндө кечиктирилгис чыгымдарды өз убагында бөлүп берүүнүн алкагында Тарых жана маданият жылын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө каралган каражаттарды макулдашуу маселеси талкууланды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, бул иш-чараларды өткөрүү жана даярдык көрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө. Керектелген каражатты каржылоо булактары табылып, тийиштүү органдар тарабынан макулдашуудан өткөн. Премьер-министр Темир Сариев бул иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси чоң экенин белгилеп, бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланууну тапшырды.
Тарых жана маданият жылын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн 17-марттагы жумушчу жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибинде кечиктирилгис социалдык чыгымдарды өз убагында бөлүп берүү жана Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Иш-чарада премьер-министр Темир Сариев Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарылчу иш-чараларды өз убагында аткарууга көңүл бурууга чакырды. "Өкмөт мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн жоопкерчилик толугу менен аткарылууга тийиш. Берилген тапшырмалар жана аларды сапаттуу аткаруу тартибине өзгөчө көңүл бурулат" ,- деди өкмөт башчы. Жыйындын жүрүшүндө кечиктирилгис чыгымдарды өз убагында бөлүп берүүнүн алкагында Тарых жана маданият жылын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө каралган каражаттарды макулдашуу маселеси талкууланды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, бул иш-чараларды өткөрүү жана даярдык көрүүгө 1,8 миллиард сом бөлүнүүдө. Керектелген каражатты каржылоо булактары табылып, тийиштүү органдар тарабынан макулдашуудан өткөн.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142041
2016-03-18
ky
СУПЕРСТАН: "Суициддин башкы себеби - тарбиянын жетишсиздиги, жашоого жеңил ой жүгүртүү"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Суицид жаш муундун моралдык трагедиясыбы?" деген тема талкууланып жатат. Темада коомдогу актуалдуу көйгөй козголуп, колдонуучулар арасында көптөгөн талаш-тартыштар болууда. Автор: "Жаш кезибизде биз суицидди кинолордон же чыгармалардан гана көрчүбүз. Өкүнүчтүүсү, акыркы учурларда бул илдет бизге өтө жакын келди. Барган сайын өзүн өзү өлтүрүү кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Достор, айткылачы, эмне себептен жаш балдар мындай кадамга барып жатышат? Бул кесепетти кантип жойсо болот?"- деген суроо салган. Айрым форумчулар: "Балага жетишерлик тарбия берилбегенден ушундай оору менен көптөгөн жаштар оорушат. Анткени азыр көпчүлүк ата-энелер турмуштун айынан чет жакка кетип жатышат. Анан жетишерлик тарбия албаган бала кичине кыйынчылыкка чыдабай өз жанын кыят да",- дешип ата-эненин тарбиясынан көрсө, башка колдонуучулар: "Бул нерсени жоготуу үчүн мектептерде психологиялык сабактарды өтүү керек",- дешет. Дагы бир колдонуучу буларды психологиялык жактан жабыркагандар катары эсептээрин айтып, төмөндөгүдөй маалымат кыстарып кеткен: " Өзүнүн жанына кыянаттык кылуу боюнча фактылар Литва, Корея, Гайана, Казакстан, Беларусь, Венгрия, Япония, Латвия жана башка өлкөлөрдө көп катталса, араб өлкөлөрүндө жокко эсе. Суициддин себептери: Руханий тарбияны жеткиликтүү алган эмес. Жашоо системин билбейт. Баалуулуктарын туура эмес коюп алган. Максатты туура эмес койгон. "Ар кандай кыйынчылык, азап келбесин, ар дайым бактылуу болуу" деген максаты жок. Жашоону жеңил-желпи ойлойт. Ар дайым бактылуулук, ийгилик, байлык, мансап менен жүргөндөргө да өтө кыйын абал келерин билишпейт. Акыркы учурда инсандарда өзүмчүлдүк мүнөз өтө күч алган. Туура эмес маалымат алуусу (террорчулук, сатанизм ж.б.). Зулумдуктун көбөйүшү. Кыргыз Республикасы үчүн - экономиканын алсыздыгы ". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Суицид жаш муундун моралдык трагедиясыбы?" деген тема талкууланып жатат. Темада коомдогу актуалдуу көйгөй козголуп, колдонуучулар арасында көптөгөн талаш-тартыштар болууда. Автор: "Жаш кезибизде биз суицидди кинолордон же чыгармалардан гана көрчүбүз. Өкүнүчтүүсү, акыркы учурларда бул илдет бизге өтө жакын келди. Барган сайын өзүн өзү өлтүрүү кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Достор, айткылачы, эмне себептен жаш балдар мындай кадамга барып жатышат? Бул кесепетти кантип жойсо болот?"- деген суроо салган. Айрым форумчулар: "Балага жетишерлик тарбия берилбегенден ушундай оору менен көптөгөн жаштар оорушат. Анткени азыр көпчүлүк ата-энелер турмуштун айынан чет жакка кетип жатышат. Анан жетишерлик тарбия албаган бала кичине кыйынчылыкка чыдабай өз жанын кыят да",- дешип ата-эненин тарбиясынан көрсө, башка колдонуучулар: "Бул нерсени жоготуу үчүн мектептерде психологиялык сабактарды өтүү керек",- дешет. Дагы бир колдонуучу буларды психологиялык жактан жабыркагандар катары эсептээрин айтып, төмөндөгүдөй маалымат кыстарып кеткен: " Өзүнүн жанына кыянаттык кылуу боюнча фактылар Литва, Корея, Гайана, Казакстан, Беларусь, Венгрия, Япония, Латвия жана башка өлкөлөрдө көп катталса, араб өлкөлөрүндө жокко эсе. Суициддин себептери: Руханий тарбияны жеткиликтүү алган эмес. Жашоо системин билбейт. Баалуулуктарын туура эмес коюп алган. Максатты туура эмес койгон. "Ар кандай кыйынчылык, азап келбесин, ар дайым бактылуу болуу" деген максаты жок. Жашоону жеңил-желпи ойлойт. Ар дайым бактылуулук, ийгилик, байлык, мансап менен жүргөндөргө да өтө кыйын абал келерин билишпейт. Акыркы учурда инсандарда өзүмчүлдүк мүнөз өтө күч алган. Туура эмес маалымат алуусу (террорчулук, сатанизм ж.б.). Зулумдуктун көбөйүшү. Кыргыз Республикасы үчүн - экономиканын алсыздыгы ".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142017
2016-03-18
ky
Сингапур шаары үчүнчү ирет "Дүйнөдөгү эң кымбат шаар" деп аталды
Сингапур шаары 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча "жашоо үчүн эң кымбат шаар" макамын үчүнчү ирет алды. Мындай жыйынтыкты британиялык "The Economist" басылмасы чыгарган. Рейтингге жалпы 133 шаар кирген. Экинчи орунда Цюрих (Швейцария), үчүнчү орунда Гонконг шаары турат. Алдынкы бештикте Женева, Париж шаарлары да бар. Москва шаары мурда жашоо үчүн кымбат 100 шаардын катарына кирген болсо, бул ирет рубль курсунун төмөндөшүнөн улам 113-орунга түшкөн.
Сингапур шаары 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча "жашоо үчүн эң кымбат шаар" макамын үчүнчү ирет алды. Мындай жыйынтыкты британиялык "The Economist" басылмасы чыгарган. Рейтингге жалпы 133 шаар кирген. Экинчи орунда Цюрих (Швейцария), үчүнчү орунда Гонконг шаары турат. Алдынкы бештикте Женева, Париж шаарлары да бар.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/141973
2016-03-18
ky
Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясында өрт чыгып, эки адам жабыркады
Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясында өрт чыгып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү саат 16:00 чамасында Жылуулук электр станциясындагы көмүрдү майдалоочу тегирмендин ичинен белгисиз жагдайлардан улам өрт чыгып, анын кесепетинен Новопокровка айылынын В.В. аттуу тургунунун башы, моюну, бети жана денесинин 90 пайызы күйүп калган. Андан сырткары Ю.Г. башы, денесинин өйдө жагы, денесинин 12 пайызы 1-2-3 даражадагы күйүк алып, борбордогу ооруканалардын биринин күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды. Окуя боюнча чогулган иш кагаздары Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясында өрт чыгып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү саат 16:00 чамасында Жылуулук электр станциясындагы көмүрдү майдалоочу тегирмендин ичинен белгисиз жагдайлардан улам өрт чыгып, анын кесепетинен Новопокровка айылынын В.В. аттуу тургунунун башы, моюну, бети жана денесинин 90 пайызы күйүп калган. Андан сырткары Ю.Г. башы, денесинин өйдө жагы, денесинин 12 пайызы 1-2-3 даражадагы күйүк алып, борбордогу ооруканалардын биринин күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142029
2016-03-18
ky
Нооруз майрамына байланыштуу борбордогу айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет
Бишкекте 21-Март - Нооруз майрамына карата айрым көчөлөрдө саат 09:00дөн баштап майрамдык иш-чаралар аяктагыча убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки Чүй кең көчөсүндөгү жол бөлүгү, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүктөгү Абдумомунов көчөсү, ошондой эле “Аккула” ат майданы жайгашкан Лев Толстой көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүктөгү Термечиков көчөсүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Андан сырткары ипподромдо ат оюндары уюштурулмакчы.
Бишкекте 21-Март - Нооруз майрамына карата айрым көчөлөрдө саат 09:00дөн баштап майрамдык иш-чаралар аяктагыча убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки Чүй кең көчөсүндөгү жол бөлүгү, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүктөгү Абдумомунов көчөсү, ошондой эле “Аккула” ат майданы жайгашкан Лев Толстой көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүктөгү Термечиков көчөсүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142027
2016-03-18
ky
Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 кыз кармалды
Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы М.А. аттуу кыз кайрылган. Ал "Алкан" базарынан саат 13:30 чамасында белгисиз эки кыз жынсы шымын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 17 жаштагы Р.Ю. жана А.Н. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте базарлардын биринен жынсы шым уурдоого шектелип 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы М.А. аттуу кыз кайрылган. Ал "Алкан" базарынан саат 13:30 чамасында белгисиз эки кыз жынсы шымын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 17 жаштагы Р.Ю. жана А.Н. аттуу тургундары кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142025
2016-03-18
ky
Борбор калаада "таанышынын унаасын күч колдонуу менен тартып алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды
Борбор калаада "таанышынын унаасын тартып алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-март күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 30 жаштагы С.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 20:30 чамасында Абдумомунов жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен иниси айдап жүргөн Мерседес-Бенц Е 320 үлгүсүндөгү унааны Улан аттуу таанышы күч колдонуу менен тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Э.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбор калаада "таанышынын унаасын тартып алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-март күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 30 жаштагы С.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 20:30 чамасында Абдумомунов жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен иниси айдап жүргөн Мерседес-Бенц Е 320 үлгүсүндөгү унааны Улан аттуу таанышы күч колдонуу менен тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Э.М. аттуу шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142007
2016-03-18
ky
ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ : 87 жыл мурун кыргыз ММКларында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган
Мындан 87 жыл мурун, 1929-жылы 18-мартта кыргыз ММКларында Нарында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон. Уникалдуу эстеликке чукул арада чара көрүлбөсө, тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна аны мал сарайга айландырышкан. Ал эми Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө бир нече оозеки уламыштар айтылып келет. Алардын биринде ошол аймакта жашаган элдерге кылган күнөөлөрү үчүн Жараткан катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза табышып, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Таш-Рабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр. Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда, Таш-Рабатты XVI кылымдарда Бухарадан баштап Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курган. Бирок Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган. Таш-Рабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп, эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын жашынып калуусу үчүн шарт түзгөн дешет. 18-марттын жылнаамасы .
Мындан 87 жыл мурун, 1929-жылы 18-мартта кыргыз ММКларында Нарында Таш-Рабат аттуу уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон. Уникалдуу эстеликке чукул арада чара көрүлбөсө, тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна аны мал сарайга айландырышкан. Ал эми Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө бир нече оозеки уламыштар айтылып келет. Алардын биринде ошол аймакта жашаган элдерге кылган күнөөлөрү үчүн Жараткан катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза табышып, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Таш-Рабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр. Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда, Таш-Рабатты XVI кылымдарда Бухарадан баштап Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курган. Бирок Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган. Таш-Рабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп, эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын жашынып калуусу үчүн шарт түзгөн дешет.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142013
2016-03-18
ky
АФИША, 18-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр” жана "Бир мешок акча" тасмалары көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:10, 19:10, 23:00. "Эне жүрөгү” тасмасы. 13:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:10, 21:10. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 10:30, 20:10. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 16:00, 22:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:00, 18:20. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00, 22:40. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:10, 19:10, 23:00. "Эне жүрөгү” тасмасы. 13:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:10, 21:10. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:00, 18:20. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/141975
2016-03-18
ky
Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын курамын шайлады (тизме)
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын курамын шайлады. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 1-турдан 6 талапкер, 2-турдан 3 талапкер жактырылды. 1-турдан шайлангандар: 1) Айжан Садыркулова (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 2) Улукбек Марипов (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 3) Эсентур Самыкбаев (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 4) Алмазбек Султанкулов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 5) Ишенбек Медетов (КСДП фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 6) Владимир Садовников ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 2-турдан шайлангандар: 7) Нурболот Мырзахметов ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 8) Акылбек Түмөнбаев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 9) Эркинбек уулу Эмилбек ("Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган талапкер) Эң аз "макул" деп добуш топтогон Нурбек Мурашев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 1-турдун натыйжасында шайлоодон четтетилген. Айта кетсек, Эсептөө палатасынын курамы 9 аудитордон турат. Бул курам 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын курамын шайлады. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 1-турдан 6 талапкер, 2-турдан 3 талапкер жактырылды. 1-турдан шайлангандар: 1) Айжан Садыркулова (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 2) Улукбек Марипов (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 3) Эсентур Самыкбаев (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 4) Алмазбек Султанкулов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 5) Ишенбек Медетов (КСДП фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 6) Владимир Садовников ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 2-турдан шайлангандар: 7) Нурболот Мырзахметов ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 8) Акылбек Түмөнбаев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 9) Эркинбек уулу Эмилбек ("Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган талапкер) Эң аз "макул" деп добуш топтогон Нурбек Мурашев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 1-турдун натыйжасында шайлоодон четтетилген. Айта кетсек, Эсептөө палатасынын курамы 9 аудитордон турат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142023
2016-03-17
ky
Издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу кармалды
Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу Тимур Тойчубеков кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, кармалган жаран алдамчылыкка шектелип, Интерполдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн өтүнүчүнүн негизинде колго түшүрүлдү. Ал "орусиялык банктардын биринен мыйзамсыз ири суммада акча алган" деп айыпталууда. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматка таянсак, компаниялардын биринин жетекчиси Тимур Тойчубеков башка компания менен биргеликте жылдык 12 пайыздык үстөгү менен 500 миң доллар насыя алууда орусиялык банктардын бирине жалган маалыматтарды көрсөтүп, өзүнүн компаниясына караштуу жер тилкеси менен акцияларын күрөөгө коюшкан. Банктан тийиштүү сумманы алары менен эки компаниянын башчысы (Т.Тойчубеков менен шериги Ч.Т.) "насыя боюнча келишим жараксыз" деген Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберишкен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүүнүн атасы, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков "кызматта турганда компаниялардын бирине мыйзамсыз күбөлүк берген жана пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошоткон" деп айыпталып, учурда эл аралык издөөдө жүрөт .
Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу Тимур Тойчубеков кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, кармалган жаран алдамчылыкка шектелип, Интерполдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн өтүнүчүнүн негизинде колго түшүрүлдү. Ал "орусиялык банктардын биринен мыйзамсыз ири суммада акча алган" деп айыпталууда. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматка таянсак, компаниялардын биринин жетекчиси Тимур Тойчубеков башка компания менен биргеликте жылдык 12 пайыздык үстөгү менен 500 миң доллар насыя алууда орусиялык банктардын бирине жалган маалыматтарды көрсөтүп, өзүнүн компаниясына караштуу жер тилкеси менен акцияларын күрөөгө коюшкан. Банктан тийиштүү сумманы алары менен эки компаниянын башчысы (Т.Тойчубеков менен шериги Ч.Т.) "насыя боюнча келишим жараксыз" деген Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберишкен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142021
2016-03-17
ky
Эсептөө палатасынын курамын шайлоо: "Дарыгерди сабаган" делген экс-депутат 2-турга өтпөй калды (тизме)
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Эсептөө палатасынын курамын шайлоо өтүүдө. 1-турдан аталган курамга 6 талапкер кирди. Алар: 1) Айжан Садыркулова (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 2) Улукбек Марипов (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 3) Эсентур Самыкбаев (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 4) Алмазбек Султанкулов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 5) Ишенбек Медетов (КСДП фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 6) Владимир Садовников ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. Ал эми парламенттик оппозициядан талапкерлер 2-турга калышты. Алар: 7) Нурболот Мырзахметов ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 49 "макул", 61 "каршы" добуш топтоду. 8) Акылбек Түмөнбаев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 48 "макул", 62 "каршы" добуш топтоду. 9) Эркинбек уулу Эмилбек ("Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган талапкер) 68 "макул", 42 "каршы" добуш топтоду. Эң аз "макул" деп добуш топтогон Нурбек Мурашев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) шайлоодон четтетилди. "Дарыгерди ур-токмокко алган" деп айыпталган экс-депутат 41 "макул", 71 "каршы" деген добуш топтоду. Айта кетсек, Эсептөө палатасынын курамы 9 аудитордон турат. Бул курам 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Эсептөө палатасынын курамын шайлоо өтүүдө. 1-турдан аталган курамга 6 талапкер кирди. Алар: 1) Айжан Садыркулова (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 2) Улукбек Марипов (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 3) Эсентур Самыкбаев (президент сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 4) Алмазбек Султанкулов ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 5) Ишенбек Медетов (КСДП фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. 6) Владимир Садовников ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган талапкер) 95 "макул", 17 "каршы" добуш топтоду. Ал эми парламенттик оппозициядан талапкерлер 2-турга калышты. Алар: 7) Нурболот Мырзахметов ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 49 "макул", 61 "каршы" добуш топтоду. 8) Акылбек Түмөнбаев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) 48 "макул", 62 "каршы" добуш топтоду. 9) Эркинбек уулу Эмилбек ("Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган талапкер) 68 "макул", 42 "каршы" добуш топтоду. Эң аз "макул" деп добуш топтогон Нурбек Мурашев ("Бир бол" фракциясы сунуштаган талапкер) шайлоодон четтетилди. "Дарыгерди ур-токмокко алган" деп айыпталган экс-депутат 41 "макул", 71 "каршы" деген добуш топтоду. Айта кетсек, Эсептөө палатасынын курамы 9 аудитордон турат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142015
2016-03-17
ky
Алыш боюнча мелдеште Н.Кожобеков, К.Келсинбеков жана М.Кочкоров сыяктуу балбандар өлкө эсебине алтын медалдарды утуп беришти (фоторепортаж)
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте өткөн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде 3 кыргыз балбаны алтын медаль тагынды. Мелдеште жалпысынан 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталган. Дагы 3 алтынды Түркмөнстандын балбандары өз эсептерине жаза алышты. Кошумчалай кетсек, Гран-при Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандарынын катышуусунда өттү. Уландар арасындагы жеңүүчүлөр: 60 кг - Ахал Айазов (Түркмөнстан) 70 кг - Мырзабек Кочкоров (Кыргыз Республикасы) 80 кг - Пиргули Гурбандурдыев (Түркмөнстан) 90 кг - Нурбек Кожобеков (Кыргыз Республикасы) 100 кг - Кадыр Келсинбеков (Кыргыз Республикасы) +100 кг - Ражабали Орозалиев (Түркмөнстан)
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте өткөн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде 3 кыргыз балбаны алтын медаль тагынды. Мелдеште жалпысынан 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталган. Дагы 3 алтынды Түркмөнстандын балбандары өз эсептерине жаза алышты. Кошумчалай кетсек, Гран-при Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандарынын катышуусунда өттү.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142019
2016-03-17
ky
КҮНСЕРЕП: Аксы окуясынын баатырлары эскерилди... Депутаттар жыйында телефондон оюн ойноп отурушту...
Бүгүн, 17-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Республикада бүгүн 2002-жылкы Аксы окуясы, каргашада курман болгон баатырлар эскерилди. Бишкекте жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында баатырлардын урматына тургузулган монументтерге гүлчамбар коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду. Президент Алмазбек Атамбаев кандуу окуя болгон жерден жергиликтүү тургундар менен жолугушуп , аксылыктардын эрдиги өлкө тарыхында жазылып каларын, окуянын мамлекеттин тагдырына тийгизген таасирин тизмектеди... Албетте, эрдик дайым эскерилүүгө, даңкталууга тийиш, бирок негизги суроо 14 жылдан бери жоопсуз калууда. "Аксыда элди атууга буйрук бергендер булар..." деп фамилиялары бүтүндөй өлкөгө жарыяланып, анан түрмөгө отургузулчу адамдар табылбаган бойдон калды. "Аткандар жооп берсин!" Ошол алааматта жердешин, жолдошун, атасын же агасын жоготкон аксылыктардын жалгыз тилегени ушул болчу. Бирок карапайым элдин түшүнүгү жеткен-жетпеген аргументтер айтылып, жыл өткөн сайын окуянын актуалдуулугу жоголууда. Аксы окуясы – бир депутаттын тагдырына гана тийиштүү маселе эмес. Бул – кыргыз өлкөсүндөгү авторитардык режимдин кулашы, өлкөнүн бүтүндүгү, эркиндик үчүн болгон курч мүнөздүү күрөштүн башаты. Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли муну унутпоого тийиш. Кыргыз мамлекети бактылуулук рейтингинде Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын Колумбия университетинин адистери тарабынан жарыяланган бактылуулук индексинде 85-орунду ээледи . Салыштырып караганда бул укмуш же "иттей жаман" көрсөткүч эмес. Тажикстан 100-орунда турса, Кытай өлкөбүздөн эки орун алдыда. Ал эми тизмени Сирия жана Африкадагы мамлекеттер жыйынтыктады. Рейтинг түзүүдө өлкөнүн ички дүң продукциясы, элдин жашоо шарты, айлана-чөйрөнүн абалына тийиштүү көрсөткүчтөр эске алынат. Өлкөбүздөгү бактылуулук баарынан мурун тынчтыкка негизделсе... Анткени ач курсак бир күнү тоёт, жыртык кийим бүтөлөт, бирок жоголгон тынчтыкты кайтаруу оңойго турбасын биле жүрөлү... Бүгүн парламентте адаттан тыш көрүнүштү SUPER.KG порталынын журналисти байкап, коомчулукка жарыялады. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын бири уюлдук телефонунан оюн ойноп отурду . Күтүүсүз жерден анын аппаратынан чыккан оюндун музыкасы залдагы депутаттарды алаксытып, артта отурган журналисттерге чейин 1 мүнөттөй угулуп турган. Депутаттын мындай жоругуна Жогорку Кеңеш менен таанышууга келген студенттер да күбө болушту. Депутаттардын жыйын залына телефон көтөрүп кирүүсү боюнча төрага А сылбек Жээнбеков буга чейин бир катар эскертүү берген. Карапайым калк шайлаган депутатынан көйгөй чечүүнү күтүп отурат. Ал эми ишенген кожолор минтип чак түштө, болгондо да иш учурунда "сууга агып" жатышат. Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында депутаттар Москва метросунда эрдик жасаган кыргыз жараны Марат Исаевди парламент сыйлай албай калганын айтышты. "Ага грамота тапшырып, эрдигин даңазалап койсок жакшы болмок. Парламентке чакырып куттуктап коюу керек эле. Бул жаш муун үчүн мыкты үлгү болмок" ,- деп билдиришти. Айтылган сөздө калет жок, бирок мындай демилгени неге Марат Исаев өлкөдөн чыгып кете электе көтөрүп чыкпады? Кыргыздын чыгаан уулу мекенине келип бир нече күн туруп, Бишкекте да болуп, жакында кайра Орусиядагы ишине кетти. Эмне үчүн биздин депутаттар түштөн кийин ойгонушту? Марат Исаевге сыйлык берчүлөр орден-медалын эчак тапшырып бүтүштү. Президент Владимир Путин , Москванын мэри баш болуп сыйлап, "азамат" деп колун кысышты. Туура, кыргыздын мыкты уулун сыйлоо тууралуу Жогорку Кеңеште деле өз убагында айтылган, бирок аткарылган жок. Депутаттардын бүгүнкү сөзү “жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” же коомчулукка камкор депутат көрүнүү үчүн айтылган жасалма сөз сыяктанып калды...
Бүгүн, 17-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Республикада бүгүн 2002-жылкы Аксы окуясы, каргашада курман болгон баатырлар эскерилди. Бишкекте жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында баатырлардын урматына тургузулган монументтерге гүлчамбар коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду. Президент Алмазбек Атамбаев кандуу окуя болгон жерден жергиликтүү тургундар менен жолугушуп , аксылыктардын эрдиги өлкө тарыхында жазылып каларын, окуянын мамлекеттин тагдырына тийгизген таасирин тизмектеди... Албетте, эрдик дайым эскерилүүгө, даңкталууга тийиш, бирок негизги суроо 14 жылдан бери жоопсуз калууда. "Аксыда элди атууга буйрук бергендер булар..." деп фамилиялары бүтүндөй өлкөгө жарыяланып, анан түрмөгө отургузулчу адамдар табылбаган бойдон калды. "Аткандар жооп берсин!" Ошол алааматта жердешин, жолдошун, атасын же агасын жоготкон аксылыктардын жалгыз тилегени ушул болчу. Бирок карапайым элдин түшүнүгү жеткен-жетпеген аргументтер айтылып, жыл өткөн сайын окуянын актуалдуулугу жоголууда. Аксы окуясы – бир депутаттын тагдырына гана тийиштүү маселе эмес. Бул – кыргыз өлкөсүндөгү авторитардык режимдин кулашы, өлкөнүн бүтүндүгү, эркиндик үчүн болгон курч мүнөздүү күрөштүн башаты. Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли муну унутпоого тийиш. Кыргыз мамлекети бактылуулук рейтингинде Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын Колумбия университетинин адистери тарабынан жарыяланган бактылуулук индексинде 85-орунду ээледи . Салыштырып караганда бул укмуш же "иттей жаман" көрсөткүч эмес. Тажикстан 100-орунда турса, Кытай өлкөбүздөн эки орун алдыда. Ал эми тизмени Сирия жана Африкадагы мамлекеттер жыйынтыктады. Рейтинг түзүүдө өлкөнүн ички дүң продукциясы, элдин жашоо шарты, айлана-чөйрөнүн абалына тийиштүү көрсөткүчтөр эске алынат. Өлкөбүздөгү бактылуулук баарынан мурун тынчтыкка негизделсе... Анткени ач курсак бир күнү тоёт, жыртык кийим бүтөлөт, бирок жоголгон тынчтыкты кайтаруу оңойго турбасын биле жүрөлү... Бүгүн парламентте адаттан тыш көрүнүштү порталынын журналисти байкап, коомчулукка жарыялады. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын бири уюлдук телефонунан оюн ойноп отурду . Күтүүсүз жерден анын аппаратынан чыккан оюндун музыкасы залдагы депутаттарды алаксытып, артта отурган журналисттерге чейин 1 мүнөттөй угулуп турган. Депутаттын мындай жоругуна Жогорку Кеңеш менен таанышууга келген студенттер да күбө болушту. Депутаттардын жыйын залына телефон көтөрүп кирүүсү боюнча төрага А сылбек Жээнбеков буга чейин бир катар эскертүү берген. Карапайым калк шайлаган депутатынан көйгөй чечүүнү күтүп отурат. Ал эми ишенген кожолор минтип чак түштө, болгондо да иш учурунда "сууга агып" жатышат. Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында депутаттар Москва метросунда эрдик жасаган кыргыз жараны Марат Исаевди парламент сыйлай албай калганын айтышты. "Ага грамота тапшырып, эрдигин даңазалап койсок жакшы болмок. Парламентке чакырып куттуктап коюу керек эле. Бул жаш муун үчүн мыкты үлгү болмок" ,- деп билдиришти. Айтылган сөздө калет жок, бирок мындай демилгени неге Марат Исаев өлкөдөн чыгып кете электе көтөрүп чыкпады? Кыргыздын чыгаан уулу мекенине келип бир нече күн туруп, Бишкекте да болуп, жакында кайра Орусиядагы ишине кетти. Эмне үчүн биздин депутаттар түштөн кийин ойгонушту? Марат Исаевге сыйлык берчүлөр орден-медалын эчак тапшырып бүтүштү. Президент Владимир Путин , Москванын мэри баш болуп сыйлап, "азамат" деп колун кысышты. Туура, кыргыздын мыкты уулун сыйлоо тууралуу Жогорку Кеңеште деле өз убагында айтылган, бирок аткарылган жок.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141955
2016-03-17
ky
Бишкек. 10 мамлекеттин катышуусундагы алыш күрөшү боюнча мелдеште 3 кыргыз кызы алтын медаль тагынды (фоторепортаж)
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдеши болду. Мелдешке кыргыз балбандарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандары катышты. Мелдеште кыз-келиндер арасында 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. 3 салмакта кыргыз кыздары жеңүүчү аталса, 3 салмакта түркмөнстандыктар алтын медалдарды тагынышты. Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык Гран-при мелдешинин бардык жеңүүчүлөрү: 55 килограмм салмакта - Анара Рыскулова (Кыргыз Республикасы) 60 кг - Маарим Момунова (Кыргыз Республикасы) 65 кг - Динара Хашиева (Түркмөнстан) 70 кг - Рано Узакова (Түркмөнстан) 75 кг - Шахан Мухаммедова (Түркмөнстан) +75 кг - Нагира Сарбашова (Кыргыз Республикасы)
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при мелдеши болду. Мелдешке кыргыз балбандарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Беларусь, Грузия, Молдова, Иран жана Орусиянын балбандары катышты. Мелдеште кыз-келиндер арасында 6 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. 3 салмакта кыргыз кыздары жеңүүчү аталса, 3 салмакта түркмөнстандыктар алтын медалдарды тагынышты.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142009
2016-03-17
ky
18-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү күтүлөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +1°C Күндүз +6°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:11де батат. Жамгыр жаайт Мезгил-мезгили менен жаан жашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +7°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:11де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +7°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:16да чыгып, 19:21де батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт, абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:14тө чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:13тө чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:22де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:01де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 3-5 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +6°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:01де чыгып, 19:06да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +1°C Күндүз +6°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:11де батат. Жамгыр жаайт Мезгил-мезгили менен жаан жашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +7°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:11де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +7°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:16да чыгып, 19:21де батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт, абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:14тө чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:13тө чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:22де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 06:57де чыгып, 19:01де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 3-5 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +6°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:01де чыгып, 19:06да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141985
2016-03-17
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: "Казактардын клибинин көчүрмөсү" деген сынга кабылган Сайкал Садыбакасованын "Мени алдаба" клиби
"Медиа-порталдагы" жаңы клиптердин бири - Сайкал Садыбакасованын "Мени алдаба" деген клиби интернетте кызуу талкууга алынган. Жадакалса казак боордоштор: " Биздин "Аюми" тобунун "Hey-La" деген клибинин формасынан баштап бийлегенине чейин көчүрмөсү. Башка идея жок калдыбы?"- деген сындарды айтышкан. Ал эми клипке айтылып жаткан мындай сындар тууралуу Сайкал Садыбакасова: " Мен булгаарыдан тигилген форманы 16 жашымдан бери кием. Казактардын клибин туурайм десем, анда дал өзүндөй кылып окшоштуруп коймокмун. Бирок анын мага эмне кереги бар? Мындай клиптер корейлерде деле толтура. Мен чыгармачыл адаммын, мындай сындарды көп эле угам, бирок көӊүлүмө жаккан нерсени кыла берем" ,- деп бизге берген маектеринин биринде билдирген эле. Клипти толугу менен бул жерден көрүп , өз бааӊызды берсеӊиз болот. Ал эми "Аюми" тобунун "Hey-La" клибин мындан табууга болот.
"Медиа-порталдагы" жаңы клиптердин бири - Сайкал Садыбакасованын "Мени алдаба" деген клиби интернетте кызуу талкууга алынган. Жадакалса казак боордоштор: " Биздин "Аюми" тобунун "Hey-La" деген клибинин формасынан баштап бийлегенине чейин көчүрмөсү. Башка идея жок калдыбы?"- деген сындарды айтышкан. Ал эми клипке айтылып жаткан мындай сындар тууралуу Сайкал Садыбакасова: " Мен булгаарыдан тигилген форманы 16 жашымдан бери кием. Казактардын клибин туурайм десем, анда дал өзүндөй кылып окшоштуруп коймокмун. Бирок анын мага эмне кереги бар? Мындай клиптер корейлерде деле толтура. Мен чыгармачыл адаммын, мындай сындарды көп эле угам, бирок көӊүлүмө жаккан нерсени кыла берем" ,- деп бизге берген маектеринин биринде билдирген эле. Клипти толугу менен бул жерден көрүп , өз бааӊызды берсеӊиз болот.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142011
2016-03-17
ky
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Д.З. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Ж.М. аттуу киши анын ишенимине кирүү менен " батирин күрөөгө коёбуз " деп сатуу келишимин түздүрүп, үйүн өзүнө каттатып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 43 жаштагы К.О. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Д.З. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Ж.М. аттуу киши анын ишенимине кирүү менен " батирин күрөөгө коёбуз " деп сатуу келишимин түздүрүп, үйүн өзүнө каттатып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 43 жаштагы К.О. аттуу тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142003
2016-03-17
ky
Бишкекте 60 миң сомго бааланган ноутбукту уурдоого шектелген 35 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте 60 миң сомго бааланган ноутбукту уурдоого шектелген 35 жаштагы жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан 17-мартта билдиришкендей, 2016-жылдын февраль айында 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.Б. милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде турган унаасынын ичинен 60 миң сомго бааланган ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Факт боюнча шектелип 35 жаштагы Жалал-Абад облусунун Н.Г. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектелген адамдын буга окшогон кылмыштардын бир катарына катыштыгы бар экени аныкталган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте 60 миң сомго бааланган ноутбукту уурдоого шектелген 35 жаштагы жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан 17-мартта билдиришкендей, 2016-жылдын февраль айында 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.Б. милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде турган унаасынын ичинен 60 миң сомго бааланган ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Факт боюнча шектелип 35 жаштагы Жалал-Абад облусунун Н.Г. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектелген адамдын буга окшогон кылмыштардын бир катарына катыштыгы бар экени аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141991
2016-03-17
ky
Чүй. Темир жолдон эки адамдын жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Беловодск айыл аймагындагы темир жолунда эки адамдын жансыз денеси табылганын SUPER.KG порталына 17-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 9-март күнү аталган аймактагы темир жолдон аял кишинин жансыз денеси табылган. Тергөө иштеринин алкагында маркум 2000-жылдан бери Психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы маалым болгон. Жакындарынын айтымында, ал аял үйүнөн чыгып, бир канча күн бою келбей койчу. Ошол эле аймакта 11-март күнү 30-35 жаш чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Машинисттин жана окуяга күбө болгондордун айтымында, поезд жакындап калган маалда ал рельске өзү эле жатып алган. Тергөө иштеринин алкагында каза болгон жаран жубайы менен урушкан соң ушул жолго барганы аныкталган. Поезддин алдына калардын алдында жубайынын уюлдук номуруна коштошуу билдирүүсүн жибергени да маалым болгон.
Чүй облусунун Беловодск айыл аймагындагы темир жолунда эки адамдын жансыз денеси табылганын порталына 17-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 9-март күнү аталган аймактагы темир жолдон аял кишинин жансыз денеси табылган. Тергөө иштеринин алкагында маркум 2000-жылдан бери Психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы маалым болгон. Жакындарынын айтымында, ал аял үйүнөн чыгып, бир канча күн бою келбей койчу. Ошол эле аймакта 11-март күнү 30-35 жаш чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Машинисттин жана окуяга күбө болгондордун айтымында, поезд жакындап калган маалда ал рельске өзү эле жатып алган. Тергөө иштеринин алкагында каза болгон жаран жубайы менен урушкан соң ушул жолго барганы аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142005
2016-03-17
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Бразилияда экс-президенттин жогорку кызматка дайындалышына каршылар көчөгө чыгышты
Учурда Бразилияда болуп жаткан митингдер тууралуу видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Be_a_hero). Материалда Бразилиянын бир канча жеринде өлкөнүн экс-президенти Лула да Силванын жаңы кызматка дайындалышына каршы чыккандар тууралуу баяндалат. Экс-президент жакында президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалган. Каршылар аны коррупционер катары күнөөлөшүүдө. Митингчилердин бири "Луланы министр кылууга болбойт, аны отставкага кетирүү керек! Мен жөн гана Бразилиянын коррупциядан тажаган карапайым тургунумун" десе, дагы бири "биз маскарапоз эмеспиз, болгону Бразилия мындан да жакшы башкаруучуга татыктуу" дейт. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
Учурда Бразилияда болуп жаткан митингдер тууралуу видео порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Be a hero). Материалда Бразилиянын бир канча жеринде өлкөнүн экс-президенти Лула да Силванын жаңы кызматка дайындалышына каршы чыккандар тууралуу баяндалат. Экс-президент жакында президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалган. Каршылар аны коррупционер катары күнөөлөшүүдө. Митингчилердин бири "Луланы министр кылууга болбойт, аны отставкага кетирүү керек! Мен жөн гана Бразилиянын коррупциядан тажаган карапайым тургунумун" десе, дагы бири "биз маскарапоз эмеспиз, болгону Бразилия мындан да жакшы башкаруучуга татыктуу" дейт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142001
2016-03-17
ky
Кыргыз жеринде эң көп күйөрман чогулткан 5 стадиондогу эсеп такталары (фотолор)
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) ай сайын жаңылануучу рейтингинде улуттук курамабыз жакын арада алдынкы 100дүккө кирүү алдында турат (албетте, Тажикстан курамасы менен жакшы жыйынтык көрсөткөн соң гана). Башка көрсөткүчтөрдү эсепке албаганда деле рейтинг Футбол федерациясына алдыга жылууга шык берип турары анык. Бирок учурда эл аралык мелдештерге катышып жаткан улуттук курамага көбүрөөк көңүл бурулуп, өлкө чемпиондугу экинчи планда калып жатканы сыр эмес. SUPER.KG порталы бул жагдайга мисал жана далил катары төмөндөгү макаланы сунуштайт. Макалада өлкө аймагында эң көп эл чогулткан, байма-бай оюндарды кабыл алып турган 5 стадиондогу эсеп такталарын (табло) көрсөтүп бермекчибиз. Футбол федерациясынын карамагындагы Футбол борбору Жайгашкан шаары: Бишкек Талаа ээси: "Алга" футболдук клубу, түрдүү курактагы улуттук курамалар, кыз-келиндер курамасы "Центральный" стадиону Жайгашкан шаары: Кант Талаа ээси: "Абдыш-Ата", "Наше пиво", "Живое пиво" "Дордой" спорткомплекси Жайгашкан шаары: Бишкек Команда: "Дордой" Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион Жайгашкан шаары: Ош Талаа ээси: "Алай" Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион Жайгашкан шаары: Бишкек Талаа ээси: Түрдүү курактагы улуттук курамалар Футбол федерациясынын алдындагы Футболдук Лиганын өкүлдөрүнө байланышып, "Мелдештин жобосу жана талаптардын катарында заманбап такта коюлушу керек деген талап барбы?" деген суроо салдык. Суроого төмөнкүдөй жооп беришти: "Негизи, мелдештин жобосунда такта алмаштыруу керек деген талап жазылган эмес. Футболдук клубдарга бул боюнча эскертүүлөр берилип келет. Каражат маселесинин тартыштыгынан улам айрым футболдук клубдар майдандагы такталарга көңүл бурмак тургай, форманын акчасынан кутула албай жатышат".
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) ай сайын жаңылануучу рейтингинде улуттук курамабыз жакын арада алдынкы 100дүккө кирүү алдында турат (албетте, Тажикстан курамасы менен жакшы жыйынтык көрсөткөн соң гана). Башка көрсөткүчтөрдү эсепке албаганда деле рейтинг Футбол федерациясына алдыга жылууга шык берип турары анык. Бирок учурда эл аралык мелдештерге катышып жаткан улуттук курамага көбүрөөк көңүл бурулуп, өлкө чемпиондугу экинчи планда калып жатканы сыр эмес. порталы бул жагдайга мисал жана далил катары төмөндөгү макаланы сунуштайт. Макалада өлкө аймагында эң көп эл чогулткан, байма-бай оюндарды кабыл алып турган 5 стадиондогу эсеп такталарын (табло) көрсөтүп бермекчибиз. Футбол федерациясынын карамагындагы Футбол борбору Жайгашкан шаары: Бишкек Талаа ээси: "Алга" футболдук клубу, түрдүү курактагы улуттук курамалар, кыз-келиндер курамасы "Центральный" стадиону Жайгашкан шаары: Кант Талаа ээси: "Абдыш-Ата", "Наше пиво", "Живое пиво" "Дордой" спорткомплекси Жайгашкан шаары: Бишкек Команда: "Дордой" Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион Жайгашкан шаары: Ош Талаа ээси: "Алай" Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион Жайгашкан шаары: Бишкек Талаа ээси: Түрдүү курактагы улуттук курамалар Футбол федерациясынын алдындагы Футболдук Лиганын өкүлдөрүнө байланышып, "Мелдештин жобосу жана талаптардын катарында заманбап такта коюлушу керек деген талап барбы?" деген суроо салдык. Суроого төмөнкүдөй жооп беришти: "Негизи, мелдештин жобосунда такта алмаштыруу керек деген талап жазылган эмес. Футболдук клубдарга бул боюнча эскертүүлөр берилип келет.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141947
2016-03-17
ky
Жогорку Кеңеш Эрлан Алимбаевди акыйкатчынын орун басарлыгына шайлады
Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-мартта өткөн жыйынындагы электрондук жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары кызмат ордуна Эрлан Алимбаев шайланды. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Эрлан Алимбаевди аталган кызматка шайланышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Ал эми Эрлан Алимбаев чоң ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирип, элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, ар дайым акыйкат болууга убада берди. Белгилей кетсек, Эрлан Абдылдаев 1979-жылы Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында туулган. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Ал бир катар эл аралык уюмдарда иштеп тажрыйба топтогон. Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун кеңешчиси болуп иштеп турган. Мыйзамга ылайык, ал Жогорку Кеңеште ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-мартта өткөн жыйынындагы электрондук жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары кызмат ордуна Эрлан Алимбаев шайланды. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Эрлан Алимбаевди аталган кызматка шайланышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Ал эми Эрлан Алимбаев чоң ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирип, элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, ар дайым акыйкат болууга убада берди. Белгилей кетсек, Эрлан Абдылдаев 1979-жылы Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында туулган. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Ал бир катар эл аралык уюмдарда иштеп тажрыйба топтогон. Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун кеңешчиси болуп иштеп турган.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141999
2016-03-17
ky
ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ : Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо, 80 жылдыгын белгилемек
Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо, 80 жылдыгын белгилемек. Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин аяктаган. 1965-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген. Салижан Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (1991-1993), КРнын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору жана башка кызматтарды аркалаган. Салижан Жигитов 2003-жылы "Акыйкат жана прогресс" партиясына мүчө болуп өткөн, 2004-жылы "Жаңы багыт" коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон. Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору, жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, татынакай ырлардын да ээси. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Салижан Жигитов 2006-жылы 10-февралда көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган. 17-марттын жылнаамасы .
Таланттуу акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов арабызда болгондо, 80 жылдыгын белгилемек. Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин аяктаган. 1965-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген. Салижан Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (1991-1993), КРнын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору жана башка кызматтарды аркалаган. Салижан Жигитов 2003-жылы "Акыйкат жана прогресс" партиясына мүчө болуп өткөн, 2004-жылы "Жаңы багыт" коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон. Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору, жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, татынакай ырлардын да ээси. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Салижан Жигитов 2006-жылы 10-февралда көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141971
2016-03-17
ky
Бишкекте "36 миң сомго бааланган балды уурдады" деп шектелген жаран кармалды
Бишкекте "36 миң сомго бааланган балды уурдады" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 17-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 24-февраль күнү 52 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, 36 миң сомго бааланган балды уурдап кетишкенин билдирген. Аталган фактыга шектелип Бишкек шаарынын Т.А. аттуу жараны кармалып, азыркы тапта териштирүү иштери жүрүүдө.
Бишкекте "36 миң сомго бааланган балды уурдады" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 17-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 24-февраль күнү 52 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, 36 миң сомго бааланган балды уурдап кетишкенин билдирген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141995
2016-03-17
ky
Өкмөт жооп берет: Жаш мугалимдерге мамлекеттен жер тилке жана 10 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылабы?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - 2015-жылдын сентябрь айынан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. “Жаш мугалимге мамлекеттен 3000 сом сыйлык катары берет” деп жатышат. Бирок башка аймактарда жер тилке жана 10 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылыптыр. Ушул жөнүндө кененирээк маалымат бересиздерби? Суроо калтырган Mahabatym . Жооп: - Өлкө аймагы боюнча жаш мугалимдерге так бир суммадагы акчалай жардам көрсөтүлбөйт. Бизде жалпы 56 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмү бар. Алардын ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жаш мугалимдерге жардам берүүгө аракет жасайт. Мисалы, мамлекет тарабынан каржыланган райондор жаш кадрларды убактылуу үй менен камсыздоого гана чамасы жетет. Ага караганда Нарын облусунун кээ бир райондорунда бийик тоолуу аймак деп айлыктарынын үстүнө 20-50 пайызга чейин кошумча акча бөлүнүп берилип жана убактылуу турак жай менен камсыз болот. Мисалы, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаш мугалимге ижарага үй берилет, коммуналдык төлөмдөрү каржыланат жана жол киреси төлөнүп берилет. Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Нургүл Мамбетакунова жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - 2015-жылдын сентябрь айынан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. “Жаш мугалимге мамлекеттен 3000 сом сыйлык катары берет” деп жатышат. Бирок башка аймактарда жер тилке жана 10 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылыптыр. Ушул жөнүндө кененирээк маалымат бересиздерби? Суроо калтырган Mahabatym . Жооп: - Өлкө аймагы боюнча жаш мугалимдерге так бир суммадагы акчалай жардам көрсөтүлбөйт. Бизде жалпы 56 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмү бар. Алардын ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жаш мугалимдерге жардам берүүгө аракет жасайт. Мисалы, мамлекет тарабынан каржыланган райондор жаш кадрларды убактылуу үй менен камсыздоого гана чамасы жетет. Ага караганда Нарын облусунун кээ бир райондорунда бийик тоолуу аймак деп айлыктарынын үстүнө 20-50 пайызга чейин кошумча акча бөлүнүп берилип жана убактылуу турак жай менен камсыз болот. Мисалы, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаш мугалимге ижарага үй берилет, коммуналдык төлөмдөрү каржыланат жана жол киреси төлөнүп берилет. Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Нургүл Мамбетакунова жооп берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141993
2016-03-17
ky
Чүйдө 23 жаштагы айдоочу кыз жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти
Чүй облусунда 23 жаштагы айдоочу кыз жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу 17-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 16-март күнү болжол менен саат 10:00дө Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталган. Анда Лексус үлгүсүндөгү унаасы менен Раздольный айылынын 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну Нарын облусунун 52 жаштагы Э.Т. аттуу тургуну жөө баратканда сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилип, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Чүй облусунда 23 жаштагы айдоочу кыз жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу 17-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 16-март күнү болжол менен саат 10:00дө Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталган. Анда Лексус үлгүсүндөгү унаасы менен Раздольный айылынын 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну Нарын облусунун 52 жаштагы Э.Т. аттуу тургуну жөө баратканда сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилип, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141987
2016-03-17
ky
Жогорку Кеңештин оппозициясынан вице-спикерликке Алтынай Өмүрбекова шайланды
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында парламенттик оппозициядан вице-спикер кызматына Алтынай Өмүрбекова ("Республика - Ата Журт") шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, анын талапкерлигине 72 депутат "макул" деп добуш берди. Өмүрбекованын атаандашы Чолпон Жакупова ("Бир бол") 41 добуш топтоду. Айта кетсек, Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары болушу керек: бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси оппозициядан. Парламенттин төрагасы - Асылбек Жээнбеков , коалициялык көпчүлүктөн анын орун басары - Нурбек Алимбеков . Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнө 4 фракция (КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс"), оппозициясына 2 фракция ("Республика - Ата Журт", "Бир бол") кирет.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында парламенттик оппозициядан вице-спикер кызматына Алтынай Өмүрбекова ("Республика - Ата Журт") шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, анын талапкерлигине 72 депутат "макул" деп добуш берди. Өмүрбекованын атаандашы Чолпон Жакупова ("Бир бол") 41 добуш топтоду. Айта кетсек, Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары болушу керек: бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси оппозициядан. Парламенттин төрагасы - Асылбек Жээнбеков , коалициялык көпчүлүктөн анын орун басары - Нурбек Алимбеков .
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141983
2016-03-17
ky
"Сүтак" тасмасы Германияда көрсөтүлө баштайт
Мирлан Абдыкалыков режиссёрлук кылган "Сүтак" тасмасы 11-апрелден тарта немис көрүүчүлөрүнө көрсөтүлөт. Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу аймагында жашаган жылкычы Табылдынын үй-бүлөсү тууралуу тасманы Германиянын Франкфурт-на-Майне, Пфорцхайм, Дрезден, Берлин, Карлсруэ жана Висбаден шаарындагылар көрө алышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында "Сүтак" тасмасы Германияда 3-8-ноябрь күндөрү өткөн фестивалга катышып, тасма аталган өлкөдө көрсөтүү жана DVD-дисктерге чыгаруу боюнча сыйлыкка татыган эле.
Мирлан Абдыкалыков режиссёрлук кылган "Сүтак" тасмасы 11-апрелден тарта немис көрүүчүлөрүнө көрсөтүлөт. Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу аймагында жашаган жылкычы Табылдынын үй-бүлөсү тууралуу тасманы Германиянын Франкфурт-на-Майне, Пфорцхайм, Дрезден, Берлин, Карлсруэ жана Висбаден шаарындагылар көрө алышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141953
2016-03-17
ky
Депутаттар Жогорку Кеңештин оппозициясынан вице-спикерди тандап жатышат. Аталган кызматка эки айым талапкер болду
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо өтүп жатат. Аталган кызматка эки талапкер бар. Алар: "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова жана "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова . Жыйында талапкерлерге эч ким суроо берген жок. Айта кетсек, Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары болушу керек: бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси оппозициядан. Бүгүнкү күндө парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков , коалициялык көпчүлүктөн анын орун басары Нурбек Алимбеков , ал эми оппозициядан орун басарынын оруну бош болууда. Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнө 4 фракция (КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс"), оппозициясына 2 фракция ("Республика - Ата Журт", "Бир бол") кирет.
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо өтүп жатат. Аталган кызматка эки талапкер бар. Алар: "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова жана "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова . Жыйында талапкерлерге эч ким суроо берген жок. Айта кетсек, Жогорку Кеңеште төраганын эки орун басары болушу керек: бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси оппозициядан. Бүгүнкү күндө парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков , коалициялык көпчүлүктөн анын орун басары Нурбек Алимбеков , ал эми оппозициядан орун басарынын оруну бош болууда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141977
2016-03-17
ky
Мамлекеттик салык кызматы эки айда 10 миллиард сом чогултту
2016-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы салыктардан 10 миллиард 169 миллион 600 миң сом чогултту. Мекеме план 100,2 пайызга аткарылганын билдирүүдө. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 2 миллиард 629 миллион 300 миң сомго же 34,9 пайызга жогорулаган. ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар пландагыдай 2 миллиард 486 миллион 200 миң сом эмес, 2 миллиард 777 миллион 700 миң сом түшкөн. План 111,7 пайызды түзүп же 291,5 миллион сомго ашык аткарылганы айтылат маалыматта.
2016-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы салыктардан 10 миллиард 169 миллион 600 миң сом чогултту. Мекеме план 100,2 пайызга аткарылганын билдирүүдө. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 2 миллиард 629 миллион 300 миң сомго же 34,9 пайызга жогорулаган. ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар пландагыдай 2 миллиард 486 миллион 200 миң сом эмес, 2 миллиард 777 миллион 700 миң сом түшкөн.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141979
2016-03-17
ky
ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ : 118 жыл мурун Жованни Капурро менен Эдуардо ди Капуа тарабынан жазылган белгилүү “'O sole mio” чыгармасы жарык көргөн
Мындан 118 жыл мурун, 1898-жылы 17-мартта Жованни Капурро менен Эдуардо ди Капуа тарабынан жазылган италиялыктардын дүйнөнүн көп тилине которулган “'O sole mio” чыгармасы жарык көргөн. Неополитан тилинде жазылган бул ыр кыргыз тилине "Менин күнүм" деп которулат. Көптөгөн башка тилдерге которулган бул чыгарманы убагында Энрико Карузо, Марио Ланца, Лучано Паваротти, Пласидо Доминго, Андреа Бочелли, Патрицио Буанне, Франко Корелли, Робертино Лоретти, Кристофер Ли сыяктуу белгилүү таланттар аткарышкан. 17-марттын жылнаамасы .
Мындан 118 жыл мурун, 1898-жылы 17-мартта Жованни Капурро менен Эдуардо ди Капуа тарабынан жазылган италиялыктардын дүйнөнүн көп тилине которулган “'O sole mio” чыгармасы жарык көргөн. Неополитан тилинде жазылган бул ыр кыргыз тилине "Менин күнүм" деп которулат. Көптөгөн башка тилдерге которулган бул чыгарманы убагында Энрико Карузо, Марио Ланца, Лучано Паваротти, Пласидо Доминго, Андреа Бочелли, Патрицио Буанне, Франко Корелли, Робертино Лоретти, Кристофер Ли сыяктуу белгилүү таланттар аткарышкан.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141957
2016-03-17
ky
Бишкекте 7-апрель революциясын эскерүү курултайы өттү (фоторепортаж)
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте 7-апрель революциясын эскерүү курултайы болуп өттү. Курултайга "Апрель байрагы", "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Элдик кайрат" коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү, Аксы окуясында каза болгондордун ата-энелери, Талас жана Нарын облустарынын тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Апрель революциясына арналган видеотүрмөк көрсөтүлүп, ар бир коомдук бирикменин өкүлдөрү өткөндү эскерип, учурдагы абал тууралуу кеп козгошту. Курултайдын уюштуруучусу "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин башчысынын орун басары Амантур Жамгырчиевдин айтымында, бүгүн 7 пункттан турган резолюция кабыл алынып, документ президент Алмазбек Атамбаевге , өкмөткө жана Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү. "Эскерүү курултайын быйыл экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Биздин максат Апрель баатырларын дагы бир жолу эскерүү, Апрель революциясы боюнча соттук иштердин аягына чыгышын талап кылуу, Бакиевдерди экстрадиция кылуу болуп саналат" ,- деди уюштуруучу. Иш-чаранын алкагында 7-апрель революциясынын баатырларынын эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте 7-апрель революциясын эскерүү курултайы болуп өттү. Курултайга "Апрель байрагы", "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Элдик кайрат" коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү, Аксы окуясында каза болгондордун ата-энелери, Талас жана Нарын облустарынын тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Апрель революциясына арналган видеотүрмөк көрсөтүлүп, ар бир коомдук бирикменин өкүлдөрү өткөндү эскерип, учурдагы абал тууралуу кеп козгошту. Курултайдын уюштуруучусу "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин башчысынын орун басары Амантур Жамгырчиевдин айтымында, бүгүн 7 пункттан турган резолюция кабыл алынып, документ президент Алмазбек Атамбаевге , өкмөткө жана Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү. "Эскерүү курултайын быйыл экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Биздин максат Апрель баатырларын дагы бир жолу эскерүү, Апрель революциясы боюнча соттук иштердин аягына чыгышын талап кылуу, Бакиевдерди экстрадиция кылуу болуп саналат" ,- деди уюштуруучу.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141959
2016-03-17
ky
СУПЕРСТАН: "Секске маани бербеген эркектер - корейлер, ал эми секссиз тура албагандар - гректер..."
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башка улуттагылар менен секс" деген тема талкууланууда. Автор "Кыздар, эмне үчүн башка улуттагылар менен көп жатууну каалайсыңар?" деп суроо салып, жооп катары түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдарынан мисал: "Жакканына жагат, жакпаганына жакпайт. Ар кимдин табити ар башка, кантип жалпы кыргыз кыздары бир типтүү балдарды жактырып калышсын? Балдар деле ошондой да. Кимгедир көзү жымшык жагат, кээ бирине көзү бакырайгандар. Башка улутту "капкара, сасык" дейсиңер, кайра "мусулмандар бир тууганбыз" дейсиңер. Өзүн башка улуттан жогору койгон туура эмес. Бизди деле башкалар "чёрный, чурка, сасык, тупой" дешсе сага жакпайт эмеспи. Бардык улутту сыйлаганды үйрөн"... "Башка улуттар менен жатсаң жат, бирок ошого турмушка чыксаң гана же башка улуттан аял алсаң гана жат! Көрүнгөн жерде, көрүнгөн адам менен кучакташып жүрүү - айбанчылык! Болбогон нерсени коюп, күйөөңөр менен же аялыңар менен жаткыла, ойноштук кылып күнөөгө батпай".. . Эркек-аял ортосундагы табият мыйзамына тийиштүү жалпы маалымат да жазылган: "Кокусунан бир журналдан окуп калдым, сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, эң кичинекей жыныс мүчөсү корей эркектерине, эң кичине көкүрөк корей айымдарына таандык. Эң чоң жыныс мүчө француздарда, ал эми сексти көп каалаган эл - гректер. Дүйнөдө жыныс мүчөсүн чоңойтууну каалагандар боюнча биринчи орунда гректер, экинчи орунда америкалыктар турат. Секске маани бербеген эркектер корей жана кытайлар экен. Алар секссиз жылдар бою жүрө беришет. Төшөктө нааразы, моокуму канбаган аялдар да кореянка, китаянкалар. Коңшу азиаттардан айырмаланып, япондор секске өтө көп маани беришет. Порнофильм жаратуу боюнча Япония учурда Америкадан да озуп кетиптир" . Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз .
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башка улуттагылар менен секс" деген тема талкууланууда. Автор "Кыздар, эмне үчүн башка улуттагылар менен көп жатууну каалайсыңар?" деп суроо салып, жооп катары түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдарынан мисал: "Жакканына жагат, жакпаганына жакпайт. Ар кимдин табити ар башка, кантип жалпы кыргыз кыздары бир типтүү балдарды жактырып калышсын? Балдар деле ошондой да. Кимгедир көзү жымшык жагат, кээ бирине көзү бакырайгандар. Башка улутту "капкара, сасык" дейсиңер, кайра "мусулмандар бир тууганбыз" дейсиңер. Өзүн башка улуттан жогору койгон туура эмес. Бизди деле башкалар "чёрный, чурка, сасык, тупой" дешсе сага жакпайт эмеспи. Бардык улутту сыйлаганды үйрөн"... "Башка улуттар менен жатсаң жат, бирок ошого турмушка чыксаң гана же башка улуттан аял алсаң гана жат! Көрүнгөн жерде, көрүнгөн адам менен кучакташып жүрүү - айбанчылык! Болбогон нерсени коюп, күйөөңөр менен же аялыңар менен жаткыла, ойноштук кылып күнөөгө батпай".. . Эркек-аял ортосундагы табият мыйзамына тийиштүү жалпы маалымат да жазылган: "Кокусунан бир журналдан окуп калдым, сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, эң кичинекей жыныс мүчөсү корей эркектерине, эң кичине көкүрөк корей айымдарына таандык. Эң чоң жыныс мүчө француздарда, ал эми сексти көп каалаган эл - гректер. Дүйнөдө жыныс мүчөсүн чоңойтууну каалагандар боюнча биринчи орунда гректер, экинчи орунда америкалыктар турат. Секске маани бербеген эркектер корей жана кытайлар экен. Алар секссиз жылдар бою жүрө беришет. Төшөктө нааразы, моокуму канбаган аялдар да кореянка, китаянкалар. Коңшу азиаттардан айырмаланып, япондор секске өтө көп маани беришет. Порнофильм жаратуу боюнча Япония учурда Америкадан да озуп кетиптир" . Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141943
2016-03-17
ky
Польшада 81 жаштагы пенсионер 13 жыл акча топтоп, кыялындагы унааны сатып алды
Польшада 81 жаштагы Михалина Боровчик-Ержеек аттуу пенсионер көп жыл бою чогулткан каражаттарына кыялындагы унааны сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, баасы 46 миң евро турган Subaru WRX STI үлгүсүндөгү унааны сатып алуу үчүн пенсионер 13 жыл бою акча топтогон. "Бул унаанын жүрөгү, жаны бар" деп унаасын айланчыктаган пенсионер учурда Польшанын шаарларын кыдырып жүргөнү маалым. Белгилей кетсек, Михалина Боровчик-Ержеек мамлекеттен алган пенсиясын гана карабастан, кыймылсыз мүлктөрүн ижарага берүүдөн да пайда көрөт.
Польшада 81 жаштагы Михалина Боровчик-Ержеек аттуу пенсионер көп жыл бою чогулткан каражаттарына кыялындагы унааны сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, баасы 46 миң евро турган Subaru WRX STI үлгүсүндөгү унааны сатып алуу үчүн пенсионер 13 жыл бою акча топтогон. "Бул унаанын жүрөгү, жаны бар" деп унаасын айланчыктаган пенсионер учурда Польшанын шаарларын кыдырып жүргөнү маалым.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141921
2016-03-17
ky
"Биздин Жумаш" деген аталышта Улуу Ата Мекендик согушка арналган долбоор старт алат
Жакында "Биздин Жумаш" деген аталышта Улуу Ата Мекендик согушка арналган долбоор старт алганы турат. "Агитбригада" коомдук кайрымдуулук фонду уюштуруп жаткан топ Орусия, Беларусь, Польша жана Германия өлкөлөрүн кыдырмакчы. Иш-чаранын максаты - дүйнөгө тынчтык орнотуу үчүн канын, жанын аябастан фашисттик кара күчтү тизгиндеген советтик жана кыргыз жоокерлерге таазим кылуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаштарды патриоттуулукка үндөө. Акция Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин кичи мекенинде старт алат. Алгач жоокердин туулган жери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району менен Каракол, Жети-Өгүз жана Тоңдогу мектеп окуучуларынын арасында "Бизге тынчтык тартуулаган өмүрлөрдү барктаймын" темасында дил баян сынагы өткөрүлөт. Андан соң Караколдо Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинги болмокчу. Кийинки бөлүктө Орусия, Беларусь, Польша жана Германиядагы салгылашууларда кыргыз жоокерлери эрдик көрсөткөн аймактарга жүрүш жасалат. "Жүрүш СССРдин жүрөгүн коргоодо кашык каны калганча душманга каршылык көрсөткөн панфиловчулардын Москвадагы мемориалдык жайында башталат. Акциянын негизги бөлүгү мекендешибиз Жумаш Асаналиевдин сөөгү жаткан Витебсктин алдында өтөт. Ал согуш учурунда жарадар болгон командирин куткарып, огу түгөнгүчө душманга айбат көрсөткөн. Акыры курчоодо калган тоо жүрөк кыргыз уулу колундагы соңку гранатасын жардырып, жакындап келген фашисттердин жолун бууган эле. Анын бул эрдигин беларусь эли "Биздин Жумаш" деп, күнү бүгүнкүгө чейин сыймыктануу менен эскерет", - дейт фонддун жетекчиси Керим Шатманов. "Былтыр жердешибиз Жумаш Асаналиевге куран окуп, эстелигине гүл коюп кетели деп жергиликтүү айдоочудан ал көчө кайда экенин сурадым. Таң калуу менен тиктеген айдоочу “ал биздин Жумаш да" дегенде жүрөгүм болк этти. Демек, биздин Жумаш алардын да Жумашы. Бул өтө баа жеткис. Ошон үчүн быйылкы жүрүштү "Биздин Жумаш" деп атадык",- деп кошумчалады К.Шатманов. Дүйнөнү канга боёгон кара күн башталган 75 жылдыкты утурлай өткөрүлө турган эскерүү акциясын колдоо керектигин белгилеген Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенко буларга токтолду: "Тилекке каршы, азыр да согуштар болууда. Андыктан бул иш-чара бүгүнкү күндүн талабы. 30 миллионго жакын адам өмүрүн алган Экинчи дүйнөлүк согушта беларусь эли 2,2 миллион адамынан айрылса, 400 миңинин дайыны чыкпай калган. Ал жылдары биздин жерде кыргыз жоокерлеринин да каны төгүлгөн. Алсак, Беларусь аймагындагы салгылаштарда көрсөткөн эрдиктери үчүн 20 кыргыз жоокери "Советтер Союзунун Баатыры" наамына татыган". Маалым болгондой, эки жыл мурун долбоорду эки адам гана баштаса, бүгүн алардын катары күн санап көбөйүүдө. Өткөн жылы иш-чараларды ишке ашырууга өлкө башчы, парламент төрагасы жана бир катар жаштар көмөк көрсөтүшкөн. Быйыл жүрүшчүлөрдүн катарын вокалист Элнура Самарбекова жана Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев толуктады. Долбоорго катышуу сунушун кубануу менен кабыл алган эл өкүлү башка кесиптештерин да үндөй турганын айтып: "Советтик аскерлер бир туугандай бир катарда туруп жеңишке жетишти. "Беларусь, орус - боордош эл" деген сөз мына ошондон калган да, бирок бүгүн аны жеригендер болууда. Ошондуктан мындай иш-чара аркылуу жаштарга өткөндү эсине салып, жеңишти советтик аскерлер камсыздаганын айтуу менен элдердин ынтымагын бекемдешибиз кажет",- деди. Жүрүштүн соңу Польша жана Германиядагы кыргыз жоокерлеринин сөөгү жаткан жерлерде жыйынтыкталат. Фонд жетекчисинин айтымында, Берлиндеги салгылашта 60 кыргыз жоокери курман болгон. Ар бир иш-чарада топтун өкүлдөрү жоокерлерге куран окуп, гүлчамбар коюшса, күндүн экинчи бөлүгүндө кыргыз жеринен барган ырчылар жана бийчилер жергиликтүү элге кыргыз маданиятын даңазалашмакчы.
Жакында "Биздин Жумаш" деген аталышта Улуу Ата Мекендик согушка арналган долбоор старт алганы турат. "Агитбригада" коомдук кайрымдуулук фонду уюштуруп жаткан топ Орусия, Беларусь, Польша жана Германия өлкөлөрүн кыдырмакчы. Иш-чаранын максаты - дүйнөгө тынчтык орнотуу үчүн канын, жанын аябастан фашисттик кара күчтү тизгиндеген советтик жана кыргыз жоокерлерге таазим кылуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаштарды патриоттуулукка үндөө. Акция Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин кичи мекенинде старт алат. Алгач жоокердин туулган жери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району менен Каракол, Жети-Өгүз жана Тоңдогу мектеп окуучуларынын арасында "Бизге тынчтык тартуулаган өмүрлөрдү барктаймын" темасында дил баян сынагы өткөрүлөт. Андан соң Караколдо Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинги болмокчу. Кийинки бөлүктө Орусия, Беларусь, Польша жана Германиядагы салгылашууларда кыргыз жоокерлери эрдик көрсөткөн аймактарга жүрүш жасалат. "Жүрүш СССРдин жүрөгүн коргоодо кашык каны калганча душманга каршылык көрсөткөн панфиловчулардын Москвадагы мемориалдык жайында башталат. Акциянын негизги бөлүгү мекендешибиз Жумаш Асаналиевдин сөөгү жаткан Витебсктин алдында өтөт. Ал согуш учурунда жарадар болгон командирин куткарып, огу түгөнгүчө душманга айбат көрсөткөн. Акыры курчоодо калган тоо жүрөк кыргыз уулу колундагы соңку гранатасын жардырып, жакындап келген фашисттердин жолун бууган эле. Анын бул эрдигин беларусь эли "Биздин Жумаш" деп, күнү бүгүнкүгө чейин сыймыктануу менен эскерет", - дейт фонддун жетекчиси Керим Шатманов. "Былтыр жердешибиз Жумаш Асаналиевге куран окуп, эстелигине гүл коюп кетели деп жергиликтүү айдоочудан ал көчө кайда экенин сурадым. Таң калуу менен тиктеген айдоочу “ал биздин Жумаш да" дегенде жүрөгүм болк этти. Демек, биздин Жумаш алардын да Жумашы. Бул өтө баа жеткис. Ошон үчүн быйылкы жүрүштү "Биздин Жумаш" деп атадык",- деп кошумчалады К.Шатманов. Дүйнөнү канга боёгон кара күн башталган 75 жылдыкты утурлай өткөрүлө турган эскерүү акциясын колдоо керектигин белгилеген Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенко буларга токтолду: "Тилекке каршы, азыр да согуштар болууда. Андыктан бул иш-чара бүгүнкү күндүн талабы. 30 миллионго жакын адам өмүрүн алган Экинчи дүйнөлүк согушта беларусь эли 2,2 миллион адамынан айрылса, 400 миңинин дайыны чыкпай калган. Ал жылдары биздин жерде кыргыз жоокерлеринин да каны төгүлгөн. Алсак, Беларусь аймагындагы салгылаштарда көрсөткөн эрдиктери үчүн 20 кыргыз жоокери "Советтер Союзунун Баатыры" наамына татыган". Маалым болгондой, эки жыл мурун долбоорду эки адам гана баштаса, бүгүн алардын катары күн санап көбөйүүдө. Өткөн жылы иш-чараларды ишке ашырууга өлкө башчы, парламент төрагасы жана бир катар жаштар көмөк көрсөтүшкөн. Быйыл жүрүшчүлөрдүн катарын вокалист Элнура Самарбекова жана Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев толуктады. Долбоорго катышуу сунушун кубануу менен кабыл алган эл өкүлү башка кесиптештерин да үндөй турганын айтып: "Советтик аскерлер бир туугандай бир катарда туруп жеңишке жетишти. "Беларусь, орус - боордош эл" деген сөз мына ошондон калган да, бирок бүгүн аны жеригендер болууда. Ошондуктан мындай иш-чара аркылуу жаштарга өткөндү эсине салып, жеңишти советтик аскерлер камсыздаганын айтуу менен элдердин ынтымагын бекемдешибиз кажет",- деди. Жүрүштүн соңу Польша жана Германиядагы кыргыз жоокерлеринин сөөгү жаткан жерлерде жыйынтыкталат. Фонд жетекчисинин айтымында, Берлиндеги салгылашта 60 кыргыз жоокери курман болгон.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141817
2016-03-17
ky
"Кумтөр" 2015-жылы өлкө бюджетине 9 миллиард сомдон ашуун салым кошкон
"Кумтөр Голд Компанинин" 2015-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары: Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр 2015-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 520 694 унция же 16 195,4 килограмм алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн өндүрүмдүн көлөмү 520 517 унция же 16 189,9 килограмм алтынды түзгөн. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 604,5 миллион долларды түзгөн. Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча: "Кумтөрдүн" 2015-жылдагы өлкө ИДПсындагы үлүшү 6,8 пайызды; "Кумтөрдүн" өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,5 пайызды; Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2015-жылы 39,7 пайызды түздү. Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар 2015-жылдын 12 айында компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулары 123 миллион доллардан ашкан. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы 31-декабрына карата курсу боюнча 9 миллиард 373 миллиондой сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр 2015-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товарлар жана кызматтар алынган үчүн жергиликтүү ишканаларга төлөмдөр, инфраструктура боюнча төлөмдөр, кайрымдуулук жана башка кошуп эсептелгенде) 256 миллион доллардан ашкан. Жалпысынан компания иштеген 1994-2015-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр 2 миллиард 964 миллион доллардан ашкан. Комментарий "Кумтөр Голд Компанинин" президенти Даниэль Дежарден компаниянын 2015-жылдагы ишмердүүлүк жыйынтыктарына: "Мен 2015-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Алтын өндүрүүнүн басымдуу көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген өткөн жылдарга салыштырмалуу, 2015-жылы алтын өндүрүү чейрек сайын текши болуп, пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн көлөмү 480-530 миң унция же 14,9-16,5 тонна чамасындагы алтынды түзмөкчү" ,- деп комментарий берди. 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти компаниянын корпоративдик сайтында: www.kumtor.kg
"Кумтөр Голд Компанинин" 2015-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары: Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр 2015-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 520 694 унция же 16 195,4 килограмм алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн өндүрүмдүн көлөмү 520 517 унция же 16 189,9 килограмм алтынды түзгөн. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 604,5 миллион долларды түзгөн. Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча: "Кумтөрдүн" 2015-жылдагы өлкө ИДПсындагы үлүшү 6,8 пайызды; "Кумтөрдүн" өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,5 пайызды; Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2015-жылы 39,7 пайызды түздү. Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар 2015-жылдын 12 айында компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулары 123 миллион доллардан ашкан. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы 31-декабрына карата курсу боюнча 9 миллиард 373 миллиондой сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр 2015-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товарлар жана кызматтар алынган үчүн жергиликтүү ишканаларга төлөмдөр, инфраструктура боюнча төлөмдөр, кайрымдуулук жана башка кошуп эсептелгенде) 256 миллион доллардан ашкан. Жалпысынан компания иштеген 1994-2015-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр 2 миллиард 964 миллион доллардан ашкан. Комментарий "Кумтөр Голд Компанинин" президенти Даниэль Дежарден компаниянын 2015-жылдагы ишмердүүлүк жыйынтыктарына: "Мен 2015-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Алтын өндүрүүнүн басымдуу көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген өткөн жылдарга салыштырмалуу, 2015-жылы алтын өндүрүү чейрек сайын текши болуп, пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн көлөмү 480-530 миң унция же 14,9-16,5 тонна чамасындагы алтынды түзмөкчү" ,- деп комментарий берди.
Эмгек жарчысы
false
https://www.super.kg/kabar/news/141821
2016-03-17
ky
Бишкектен жана Чүй облусунан 1 килограммдан ашуун баңгизат менен эки жаран кармалды
Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан акыркы эки күн аралыгында 1 килограммдан ашуун баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Маевка айылынан 59 жаштагы мурда соттолгон Ж.А. аттуу Кочкор районунун тургуну кармалган. Анын жашаган жеринен 263 граммдан ашуун марихуана табылган. Ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Новопавловка айылынан 31 жаштагы А.Ж. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын өздүк буюмдарын текшерүү маалында 1 килограмм 204 граммдан ашуун марихуана табылган. Учурда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан акыркы эки күн аралыгында 1 килограммдан ашуун баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Маевка айылынан 59 жаштагы мурда соттолгон Ж.А. аттуу Кочкор районунун тургуну кармалган. Анын жашаган жеринен 263 граммдан ашуун марихуана табылган. Ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Новопавловка айылынан 31 жаштагы А.Ж. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын өздүк буюмдарын текшерүү маалында 1 килограмм 204 граммдан ашуун марихуана табылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141951
2016-03-17
ky
Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калды
Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калды. Муну 17-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен таңкы саат 5:49да Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен үй эмеректери күйүп, анын кесепетинен бөлмөдөгү 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калган. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери тиешелүү медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жабырлануучу ооруканага баруудан баш тартып, үйүндө калган.
Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калды. Муну 17-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен таңкы саат 5:49да Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен үй эмеректери күйүп, анын кесепетинен бөлмөдөгү 70 жаштагы карыя түтүнгө ууланып калган. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери тиешелүү медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141939
2016-03-17
ky
Орусия Түркиядан алынып келинүүчү анар менен калемпирге дагы тыюу салды
Бүгүндөн баштап Орусия Түркиядан келген айыл чарба азыктарына жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. “Россельхознадзор” мекемесинин маалыматына ылайык, тыюу Орусияга карата киргизилген санкциялар менен байланышкан эмес. "Түркиялык анар менен таттуу калемпирди Орусияга түз жана башка өлкөлөр аркылуу алып келүүгө болгон тыюу 17-марттан тарта киргизилет. Түркия ырааттуу түрдө өсүмдүк зыянкечи бар продукцияны өлкөгө алып келип турган" ,- деп айтылат маалыматта. Айта кетсек, 2015-жылдын ноябрь айында Түркия орусиялык Су-24 аскер учагын Түркия-Сирия чек арасында атып түшүргөн. Мындан улам Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркияга карата санкцияларды киргизген. Алардын арасында кээ бир тамак-аштарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Санкциялык тизмеге апельсин, мандарин, жүзүм, алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кара өрүк, кулпунай, томат, бадыраң, пияз, түстүү капуста жана тоок менен күрптүн тоңдурулган бөлүктөрү кирген.
Бүгүндөн баштап Орусия Түркиядан келген айыл чарба азыктарына жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. “Россельхознадзор” мекемесинин маалыматына ылайык, тыюу Орусияга карата киргизилген санкциялар менен байланышкан эмес. "Түркиялык анар менен таттуу калемпирди Орусияга түз жана башка өлкөлөр аркылуу алып келүүгө болгон тыюу 17-марттан тарта киргизилет. Түркия ырааттуу түрдө өсүмдүк зыянкечи бар продукцияны өлкөгө алып келип турган" ,- деп айтылат маалыматта. Айта кетсек, 2015-жылдын ноябрь айында Түркия орусиялык Су-24 аскер учагын Түркия-Сирия чек арасында атып түшүргөн. Мындан улам Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркияга карата санкцияларды киргизген. Алардын арасында кээ бир тамак-аштарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141949
2016-03-17
ky
Александр Крестинин Тажикстанга каршы ойной турган кыргыз футболчуларынын 23үн иргеп алды (тизме)
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында футбол боюнча улуттук курамабыз 29-мартта Тажикстан курамасы менен беттешет. Дүйшөмбү шаарында өтчү беттешке карата улуттук курам даярдыгын 19-мартта баштайт. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул беттешке карата 23 футболчуну иргеп алды. Курам төмөнкүчө: Дарбазачылар: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия), Руслан Амиров ("Алга"), Валерий Кашуба ("Дордой"). Коргоочулар: Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (баары "Дордой"), Турсунали Рустамов ("Алай") Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия) Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте ("Дордой").
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында футбол боюнча улуттук курамабыз 29-мартта Тажикстан курамасы менен беттешет. Дүйшөмбү шаарында өтчү беттешке карата улуттук курам даярдыгын 19-мартта баштайт. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул беттешке карата 23 футболчуну иргеп алды.
Спорт
true
https://www.super.kg/kabar/news/141945
2016-03-17
ky
Монголиядагы табигый ресурстарды эффективдүү башкаруу боюнча жыйынга кыргыз өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда
Учурда Монголиянын Улан-Батор шаарында табигый ресурстарды эффективдүү башкаруу боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынан Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев баштаган делегация барган. Анда Мьянма, Түштүк Тимор жана Ооганстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда. Жыйында казылып алынуучу өндүрүштөрдү туура багытта колдонуу маселелери талкууланып, Австралия, Норвегия жана Канада сыяктуу мамлекеттердин бул жааттагы тажрыйбасы сөз болду. Сөз алган Д.Зилалиев Кыргыз Республикасынын ресурстарды башкаруу жаатындагы ийгиликтери, алган тажрыйбалары тууралуу айтып берди. "Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасынын тажрыйбасына кызыгышып, көп суроолорду беришти" деп жазылат маалыматта.
Учурда Монголиянын Улан-Батор шаарында табигый ресурстарды эффективдүү башкаруу боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынан Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев баштаган делегация барган. Анда Мьянма, Түштүк Тимор жана Ооганстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда. Жыйында казылып алынуучу өндүрүштөрдү туура багытта колдонуу маселелери талкууланып, Австралия, Норвегия жана Канада сыяктуу мамлекеттердин бул жааттагы тажрыйбасы сөз болду. Сөз алган Д.Зилалиев Кыргыз Республикасынын ресурстарды башкаруу жаатындагы ийгиликтери, алган тажрыйбалары тууралуу айтып берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141933
2016-03-17
ky
Өзгөн районунда айдоочу электр мамысын сүзүп, өзү жана 2 жүргүнчүсү жеңил жаракаттарды алды
Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл аймагында айдоочу электр мамысын сүзүп, өзү жана 2 жүргүнчүсү жеңил жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 623-чакырымында кечээ, 16-мартта саат 17:15 чамасында болгон. Анда Портер үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу жолдон чыгып, электр мамысын сүзүп алган. Натыйжада айдоочу жана жүргүнчүлөрү жеңил жаракаттарды алып, Куршаб айылындагы аймактык ооруканага жеткирилген.
Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл аймагында айдоочу электр мамысын сүзүп, өзү жана 2 жүргүнчүсү жеңил жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 623-чакырымында кечээ, 16-мартта саат 17:15 чамасында болгон. Анда Портер үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу жолдон чыгып, электр мамысын сүзүп алган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141931
2016-03-17
ky
Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан сарайдын чатыры жана 5 куб отун күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Гагарин көчөсүндө жашаган үй ээсинин 25 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайы жана 5 куб отун күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Гагарин көчөсүндө жашаган үй ээсинин 25 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайы жана 5 куб отун күйүп кетти.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141935
2016-03-17
ky
Бишкек. Өлкө башчынын атынан Аксы жана Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюлду (фото)
Бүгүн, 17-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдын Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондорго тургузулган эстеликке гүл коюлду. Президенттин маалымат кызматы өлкө башчы өзү учурда Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуяларынын 14 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышып жаткандыктан, эстеликке гүлдү президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов койгонун билдирди. Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 5 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.
Бүгүн, 17-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдын Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында курман болгондорго тургузулган эстеликке гүл коюлду. Президенттин маалымат кызматы өлкө башчы өзү учурда Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуяларынын 14 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышып жаткандыктан, эстеликке гүлдү президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов койгонун билдирди. Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 5 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141927
2016-03-17
ky
Альпинизм боюнча Бишкектин Ачык биринчилигине 4 команда катышып, жеңүүчүлөр аныкталды (фото)
1-15-март аралыгында Ала-Арча капчыгайында Бишкектин альпинизм боюнча Ачык биринчилиги болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 4 команда катышканын Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты. Аталган спорт түрүн жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин арттыруу максатында өткөн мелдеште "СКИФ" командасы 18 упай менен жеңүүчү аталды. Кийинки орунду "Ак-Сай" командасы ээлесе (16 упай), 3-орунду "СКИФ-2" командасы камсыздады (2 упай). "Каракол" командасы 2 упай менен 4-орунду ээледи.
1-15-март аралыгында Ала-Арча капчыгайында Бишкектин альпинизм боюнча Ачык биринчилиги болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 4 команда катышканын Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты. Аталган спорт түрүн жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин арттыруу максатында өткөн мелдеште "СКИФ" командасы 18 упай менен жеңүүчү аталды. Кийинки орунду "Ак-Сай" командасы ээлесе (16 упай), 3-орунду "СКИФ-2" командасы камсыздады (2 упай).
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141929
2016-03-17
ky
2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелинин бири да кызыл күн катары белгиленбегени, президенттин ою боюнча, туура эмес
2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелинин бири да кызыл күн катары белгиленбегени, президенттин ою боюнча, туура эмес. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында айтты. "2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттүүлүккө, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү. Бир оор жолдун үч ашуусу. Ошондуктан бул күндөр мамлекет тарабынан расмий белгиленген күндөрдүн катарында сөзсүз орун алышы керек. Антпесек болбойт. Мисалы, жылдын башында Улуттук китепкана түзгөн тийиштүү тизмеге ушул күндөрдүн бири кирбей калыптыр. Бул абдан туура эмес деп, тизмени оңдоттурдук. Анткени Аксы окуялары болбогондо, Март жана Апрель революциялары болбогондо, өлкөбүздүн келечеги бүдөмүк болмок. Бул күндөр кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Ошондуктан, менин оюмча, бул күндөр майрам күндөрүнүн катарына кирбесе да, расмий белгиленген күндөрдүн катарына кирип, мектеп китептеринде, календарларда сөзсүз орун алышы керек. Орусча айтканда, эти дни должны быть красными днями календаря. Бул биздин парзыбыз", - деди президент. Эскерүү иш-чарасынан соң президент тургундар менен сүрөткө түшүп, алар менен баарлашты.
2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелинин бири да кызыл күн катары белгиленбегени, президенттин ою боюнча, туура эмес. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында айтты. "2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттүүлүккө, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү. Бир оор жолдун үч ашуусу. Ошондуктан бул күндөр мамлекет тарабынан расмий белгиленген күндөрдүн катарында сөзсүз орун алышы керек. Антпесек болбойт. Мисалы, жылдын башында Улуттук китепкана түзгөн тийиштүү тизмеге ушул күндөрдүн бири кирбей калыптыр. Бул абдан туура эмес деп, тизмени оңдоттурдук. Анткени Аксы окуялары болбогондо, Март жана Апрель революциялары болбогондо, өлкөбүздүн келечеги бүдөмүк болмок. Бул күндөр кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Ошондуктан, менин оюмча, бул күндөр майрам күндөрүнүн катарына кирбесе да, расмий белгиленген күндөрдүн катарына кирип, мектеп китептеринде, календарларда сөзсүз орун алышы керек.
Саясат
true
https://www.super.kg/kabar/news/141928
2016-03-17
ky
Белгилүү актриса Анжелина Жоли сириялык качкындар жайгашкан лагерде жамгыр алдында калганына карабай маалымат жыйын өткөрдү
Бүткүл дүйнөгө белгилүү актриса Анжелина Жоли карьера, үй-бүлө жана БУУдагы элчилик жумушун да калтырбай алып кетүүгө үлгүрүүдө. Себеби актриса бир күнү Англияда жолдошу Брэд Питтин жаңы тасмага тартылып жаткан жерде аны колдоп-коштосо, экинчи күнү үй-бүлөсү менен Лос-Анжелес шаарында. Андан сырткары Жоли согуш жүрүп жаткан аймактарга барып качкындарды коргоо жана колдоо боюнча иш-чараларды да уюштурууга жетишүүдө. Бул тууралуу чет элдик "Hello.ru" басылмасы жазып чыкты. Актриса 15-март күнү Сирия менен чектешкен жерден 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Ливандагы Захла шаарында сириялык качкындардын көйгөйлөрү тууралуу атайын маалымат жыйын өткөрдү. Сыртта катуу жамгыр жаап жатканына карабастан, Жоли маалымат жыйынына чогулгандарга Европада жана Жакынкы Чыгыштагы качкындардын тагдыры тууралуу Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат берди. "Бүткүл дүйнөдө башкаруу органдары түзүлүшү керек. Бул нерсе бийликтегилерге качкындарга кандай жардам көрсөтүү керектигин жана болуп жаткан окуяны анализдеп, түшүнүүгө чоң салым кошот",- деди ал өз сөзүндө. Айта кетсек, 2014-жылдын июнь айында Улуу Британиянын канайымы Елизавета II Анжелина Жолинин гуманитардык ишмердигин баалап, ага кавалер айым титулун ыйгарган болчу.
Бүткүл дүйнөгө белгилүү актриса Анжелина Жоли карьера, үй-бүлө жана БУУдагы элчилик жумушун да калтырбай алып кетүүгө үлгүрүүдө. Себеби актриса бир күнү Англияда жолдошу Брэд Питтин жаңы тасмага тартылып жаткан жерде аны колдоп-коштосо, экинчи күнү үй-бүлөсү менен Лос-Анжелес шаарында. Андан сырткары Жоли согуш жүрүп жаткан аймактарга барып качкындарды коргоо жана колдоо боюнча иш-чараларды да уюштурууга жетишүүдө. Бул тууралуу чет элдик " басылмасы жазып чыкты. Актриса 15-март күнү Сирия менен чектешкен жерден 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Ливандагы Захла шаарында сириялык качкындардын көйгөйлөрү тууралуу атайын маалымат жыйын өткөрдү. Сыртта катуу жамгыр жаап жатканына карабастан, Жоли маалымат жыйынына чогулгандарга Европада жана Жакынкы Чыгыштагы качкындардын тагдыры тууралуу Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат берди. "Бүткүл дүйнөдө башкаруу органдары түзүлүшү керек. Бул нерсе бийликтегилерге качкындарга кандай жардам көрсөтүү керектигин жана болуп жаткан окуяны анализдеп, түшүнүүгө чоң салым кошот",- деди ал өз сөзүндө.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141765
2016-03-17
ky
Боспиек айылындагы Шейит мазарында жыл сайын Аксы окуясында каза болгондор эскерилип, куран окулат
Шейит мазарында жыл сайын Аксы окуясында каза болгондор эскерилип, куран окулат. Бул тууралуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Зулайка Көпөйөва бүгүн, 17-мартта кабарлады. "2002-жылдан баштап ушул күнү Шейит мазарында жыл сайын куран окуп, каза болгондорду эскерип келебиз. Быйыл бул окуяга 14 жыл болуп жатат. Анда эл Боспиек айылынын тушундагы аймакка чогулган. Андыктан мазар дагы ушул жерде", - дейт айыл өкмөтү. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү тургундар, облустук администрациянын өкүлдөрү катышышты. Андан сырткары коомдук ишмер Азимбек Бекназаров да жүрдү.
Шейит мазарында жыл сайын Аксы окуясында каза болгондор эскерилип, куран окулат. Бул тууралуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Зулайка Көпөйөва бүгүн, 17-мартта кабарлады. "2002-жылдан баштап ушул күнү Шейит мазарында жыл сайын куран окуп, каза болгондорду эскерип келебиз. Быйыл бул окуяга 14 жыл болуп жатат. Анда эл Боспиек айылынын тушундагы аймакка чогулган. Андыктан мазар дагы ушул жерде", - дейт айыл өкмөтү. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү тургундар, облустук администрациянын өкүлдөрү катышышты.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141923
2016-03-17
ky
Азимбек Бекназаров президент оппозицияны элге жаман көрсөтпөшү керектигин айтты
Аксынын Боспиек айылында бүгүн, 17-мартта 2002-жылкы окуянын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев , коомдук ишмер Азимбек Бекназаров , облус, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар, окуядан каза тапкандардын жакындары катышты. Иш-чарадан кийин Азимбек Бекназаров Бишкекте милиция Аксы окуясынын баатырларына арналып тургузулган эстеликке аксакалдарды гүл койдурбай койгонун билдирди. "Бул жерге президент келгени үчүн гана киргизишти окшойт",- деген коомдук ишмер президенттин 16-мартта Ош шаарында айткан сөздөрүн сындады. "Айтылбай турган сөздөр айтылды... Кантсе да президент, өлкөнүн жетекчиси... Аны бүткүл карапайым эл, саясатчылар, анын ичинде оппозиция өкүлдөрү да карап турушат", - деген Бекназаров өлкө жетекчиси оппозицияны элге жаман көрсөтпөшү керектигин белгиледи.
Аксынын Боспиек айылында бүгүн, 17-мартта 2002-жылкы окуянын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев , коомдук ишмер Азимбек Бекназаров , облус, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар, окуядан каза тапкандардын жакындары катышты. Иш-чарадан кийин Азимбек Бекназаров Бишкекте милиция Аксы окуясынын баатырларына арналып тургузулган эстеликке аксакалдарды гүл койдурбай койгонун билдирди. "Бул жерге президент келгени үчүн гана киргизишти окшойт",- деген коомдук ишмер президенттин 16-мартта Ош шаарында айткан сөздөрүн сындады. "Айтылбай турган сөздөр айтылды... Кантсе да президент, өлкөнүн жетекчиси...
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141925
2016-03-17
ky
ЭЛДИК КАБАР: Ак-Талаа районунун бир катар айылдарына барчу көпүрөнүн абалы коркунуч жаратууда
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун бир катар айылдарына барчу көпүрөнүн абалы коркунуч жаратууда. Көпүрөнү бириктирип турган цементтен жаракалар кетип, айрым жерлери тешилип да калган. Бул тууралуу окурман бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Бул көпүрө иштен чыгып, жараксыз абалга келсе, жергиликтүү тургундар эле кыйналышат. Жалгыз ушул көпүрө аркылуу өтөбүз, башка жолдор жок. Айланып өтүү үчүн Терек-Сай суусун кечип өтүүгө туура келет. Муну көргөн аймактык бийлик өкүлдөрү көпүрөнү оңдоого аракет кылышат, бирок айыл өкмөтүнүн каражаты майда-чүйдө иштерди бүтүрүүгө гана жетет. Бул чоң көйгөйгө бийлик өкүлдөрү көңүл бурса дейбиз. Айылдын тургундары бул көпүрө оңдолуп калар деген үмүт менен жашап келатышат ", - деди окурман.
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун бир катар айылдарына барчу көпүрөнүн абалы коркунуч жаратууда. Көпүрөнү бириктирип турган цементтен жаракалар кетип, айрым жерлери тешилип да калган. Бул тууралуу окурман бүгүн, 17-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Бул көпүрө иштен чыгып, жараксыз абалга келсе, жергиликтүү тургундар эле кыйналышат. Жалгыз ушул көпүрө аркылуу өтөбүз, башка жолдор жок. Айланып өтүү үчүн Терек-Сай суусун кечип өтүүгө туура келет. Муну көргөн аймактык бийлик өкүлдөрү көпүрөнү оңдоого аракет кылышат, бирок айыл өкмөтүнүн каражаты майда-чүйдө иштерди бүтүрүүгө гана жетет. Бул чоң көйгөйгө бийлик өкүлдөрү көңүл бурса дейбиз.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141911
2016-03-17
ky
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун антитеррордук штабдык машыгуусун уюштуруу боюнча протоколго кол коюлду
Кыргыз жеринде сентябрь айында командалык Шанхай Кызматташтык Уюмунун антитеррордук штабдык машыгуу иш-чарасы өтөт. "Тынчтык миссиясы-2016" деп аталган иш-чарага Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Кытайдын, Тажикстандын жана Орусиянын аскердик делегациялары катышат. Бүгүн, 17-мартта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда аталган мамлекеттердин аскердик делегацияларынын жетекчилеринин катышуусунда протоколго кол коюлду. Буга катар анда штабдык машыгууну каржылоо, аскердик техникалардын саны жана күжүрмөн курамдар боюнча сүйлөшүлдү. Июнь айында дагы бир отурум болуп, анда антитеррордук штабдык машыгууну уюштуруудагы аткарылчу иштер сүйлөшүлөт. Азырынча машыгууну 5-13-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөрүү пландалууда.
Кыргыз жеринде сентябрь айында командалык Шанхай Кызматташтык Уюмунун антитеррордук штабдык машыгуу иш-чарасы өтөт. "Тынчтык миссиясы-2016" деп аталган иш-чарага Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Кытайдын, Тажикстандын жана Орусиянын аскердик делегациялары катышат. Бүгүн, 17-мартта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда аталган мамлекеттердин аскердик делегацияларынын жетекчилеринин катышуусунда протоколго кол коюлду. Буга катар анда штабдык машыгууну каржылоо, аскердик техникалардын саны жана күжүрмөн курамдар боюнча сүйлөшүлдү. Июнь айында дагы бир отурум болуп, анда антитеррордук штабдык машыгууну уюштуруудагы аткарылчу иштер сүйлөшүлөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141919
2016-03-17
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: Алина Жетигенованын "Кыздын сыры" ырына тартылган ретро клип азыркыга чейин популярдуулугун жогото элек
SUPER.КG порталынын "Видеоклиптер" бөлүмүндө бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпогон ретро клиптер бар. Алардын бири - 1990-жылдардагы хит ыр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова аткарган "Кыздын сыры" ырынын клиби. Кыздардын эч кимге айта албаган сыры тууралуу чыгарманын азыр да күйөрмандары көп. Клип 1993-жылы "Мир" студиясы тарабынан тартылган. Тартуучу топтун жетекчиси - Азамат Имашов . Ошол кезде клиптердин көбү тоодо же гүлдөрдүн арасында тартылганы белгилүү. Ал эми бул клип башкалардан өзгөчөлөнөт. Популярдуу болгон клипти тартуу идеясы кимге таандык экенин сурап ырчынын өзүнө кайрылдык. "Ал кезде бири-бирине окшош клиптер көп тартылчу. Андыктан кызыктуу кылып тартуу үчүн Мерген Турган экөөбүз ушул клиптин идеясын ойлоп таптык. Мээнетибиздин акыбети кайтып, клип көпчүлүктүн купулуна толду. Жадакалса Орусиянын да бир нече шаарларында көрсөтүлгөн. Ийгилик, популярдуулук алып келген бул клиптен кийин мындай клип тарта алган жокмун",- дейт А.Жетигенова. Алина Жетигенованын "Кыздын сыры" ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.
SUPER.КG порталынын "Видеоклиптер" бөлүмүндө бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпогон ретро клиптер бар. Алардын бири - 1990-жылдардагы хит ыр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова аткарган "Кыздын сыры" ырынын клиби. Кыздардын эч кимге айта албаган сыры тууралуу чыгарманын азыр да күйөрмандары көп. Клип 1993-жылы "Мир" студиясы тарабынан тартылган. Тартуучу топтун жетекчиси - Азамат Имашов . Ошол кезде клиптердин көбү тоодо же гүлдөрдүн арасында тартылганы белгилүү. Ал эми бул клип башкалардан өзгөчөлөнөт. Популярдуу болгон клипти тартуу идеясы кимге таандык экенин сурап ырчынын өзүнө кайрылдык. "Ал кезде бири-бирине окшош клиптер көп тартылчу. Андыктан кызыктуу кылып тартуу үчүн Мерген Турган экөөбүз ушул клиптин идеясын ойлоп таптык. Мээнетибиздин акыбети кайтып, клип көпчүлүктүн купулуна толду. Жадакалса Орусиянын да бир нече шаарларында көрсөтүлгөн. Ийгилик, популярдуулук алып келген бул клиптен кийин мындай клип тарта алган жокмун",- дейт А.Жетигенова.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141883
2016-03-17
ky
Алмазбек Атамбаев: "Аксы окуясы элдин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол ачкан"
"Аксы окуясы элдин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол ачкан",- деп айтты президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Боспиек айылында 2002-жылы болгон Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасында. "Аксы окуясы Кыргыз Республикасынын тарыхына, көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да тагдырыма терең из салды. Аксылыктардын эрдиги ошол кездеги оппозицияга дем берип, намысын ойготкон, үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы жалтанбай күрөшүүгө баарыбызга күч берген. 11 жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында элибиз канын сүлүктөй соруп, сөөгүн курттай кемирген Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатты. Тилекке каршы, элдин кубанычы узакка созулбады, Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна элдин жеңишин уурдап, ач көздүгү, канкорлугу менен аша чапкан Бакиевдердин үй-бүлөсү келди. Бирок 2010-жылдын 7-апрелинде чыдамы түгөнгөн элибиз экинчи үй-бүлөлүк бийликти да кулатты. Бул канкор, ач көз үй-бүлө дагы элибизди сындыра алган жок", - дейт президент.
"Аксы окуясы элдин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол ачкан",- деп айтты президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Боспиек айылында 2002-жылы болгон Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасында. "Аксы окуясы Кыргыз Республикасынын тарыхына, көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да тагдырыма терең из салды. Аксылыктардын эрдиги ошол кездеги оппозицияга дем берип, намысын ойготкон, үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы жалтанбай күрөшүүгө баарыбызга күч берген. 11 жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында элибиз канын сүлүктөй соруп, сөөгүн курттай кемирген Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатты. Тилекке каршы, элдин кубанычы узакка созулбады, Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна элдин жеңишин уурдап, ач көздүгү, канкорлугу менен аша чапкан Бакиевдердин үй-бүлөсү келди. Бирок 2010-жылдын 7-апрелинде чыдамы түгөнгөн элибиз экинчи үй-бүлөлүк бийликти да кулатты.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141913
2016-03-17
ky
ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ : 14 жыл мурун эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон
Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы 17-мартта эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 5 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан. 17-марттын жылнаамасы .
Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы 17-мартта эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 5 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141917
2016-03-17
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Кыргыздын "көрбөйт деп ууру кылба" деген макалын чет элдиктер тамашалуу окуя менен тастыкташты
Адамдардын абийирин сыноо максатында уюштурулган тамашанын жүрүшү тартылган видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодо башкы каарман эл көп жерлерге барып, атайын баштыгын унутуп таштап кетет. Баштыкты көргөндөр аны ээсине алып барып беришеби же уурдап кетишеби? Тасманын кызыгы ушунда... Бир нече адам баштыкты көтөрө качып, көздөн оолак жерге барып ачып жаткан маалда атайын коюлган аппараттын жардамы менен "уурунун" бетине суюк зат чачылып айласын кетирди. Маанайды көтөрүүчү тасма... Элибизде ошондуктан "уурунун жолу кууш", "...көрбөйт деп ууру кылба" деген накыл кептер айтылат. Видеону көрүү үчүн шилтеме .
Адамдардын абийирин сыноо максатында уюштурулган тамашанын жүрүшү тартылган видео порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодо башкы каарман эл көп жерлерге барып, атайын баштыгын унутуп таштап кетет. Баштыкты көргөндөр аны ээсине алып барып беришеби же уурдап кетишеби? Тасманын кызыгы ушунда... Бир нече адам баштыкты көтөрө качып, көздөн оолак жерге барып ачып жаткан маалда атайын коюлган аппараттын жардамы менен "уурунун" бетине суюк зат чачылып айласын кетирди. Маанайды көтөрүүчү тасма... Элибизде ошондуктан "уурунун жолу кууш", "...көрбөйт деп ууру кылба" деген накыл кептер айтылат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141909
2016-03-17