lang
stringclasses
3 values
title
stringlengths
3
277
original_text
stringlengths
69
182k
processed_text
stringlengths
42
181k
category
stringlengths
4
50
processed
bool
2 classes
url
stringlengths
33
293
date
stringlengths
10
24
ky
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат уюлдук телефонундагы оюнду ойноп отурду
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйынында депутаттын уюлдук телефонунан чыккан музыка башкаларды алаксытты. Оюндан чыккан үн 1 мүнөткө созулуп, палатанын акыркы катарында угулуп турду. Музыка жакын отурган депутаттарды, журналисттерди жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында чакырылган студенттер менен конокторду алаксытып жатты. Башка депутаттар телефондон чыккан музыкага көңүл бурбай, түшүнүү менен кабыл алышты. Айта кетсек, буга чейин төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды жыйынга телефондорду таштап кирүүгө чакырган. 2016-жылдын 11-февралдагы жыйынында ал иш учурунда телефон менен сүйлөшүп жаткан депутаттарды сынга алган. "Жыйында өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер айтылып жатканда, 3 депутат телефон менен сүйлөшүп жатты. Ачык айтканда, бул сыйлабагандык. Бир эске тутуп койсоңор. Эгер маанилүү болсо, сыртка чыгып сүйлөшкүлө. Эмне кыйналасыңар? Жыйынга ар бирибиз телефондорубузду таштап киришибиз керек" ,- деп эскерткен төрага. Белгилей кетчү жагдай, Жогорку Кеңештин имаратына конокторго уюлдук телефондорду алып кирүүгө тыюу салынган. Кире беришинде бардык телефондор күзөт кызматы тарабынан алынып, сакталып турат.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйынында депутаттын уюлдук телефонунан чыккан музыка башкаларды алаксытты. Оюндан чыккан үн 1 мүнөткө созулуп, палатанын акыркы катарында угулуп турду. Музыка жакын отурган депутаттарды, журналисттерди жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында чакырылган студенттер менен конокторду алаксытып жатты. Башка депутаттар телефондон чыккан музыкага көңүл бурбай, түшүнүү менен кабыл алышты. Айта кетсек, буга чейин төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды жыйынга телефондорду таштап кирүүгө чакырган. 2016-жылдын 11-февралдагы жыйынында ал иш учурунда телефон менен сүйлөшүп жаткан депутаттарды сынга алган. "Жыйында өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер айтылып жатканда, 3 депутат телефон менен сүйлөшүп жатты. Ачык айтканда, бул сыйлабагандык. Бир эске тутуп койсоңор. Эгер маанилүү болсо, сыртка чыгып сүйлөшкүлө. Эмне кыйналасыңар? Жыйынга ар бирибиз телефондорубузду таштап киришибиз керек" ,- деп эскерткен төрага. Белгилей кетчү жагдай, Жогорку Кеңештин имаратына конокторго уюлдук телефондорду алып кирүүгө тыюу салынган.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141915
2016-03-17
ky
Бишкекте кыргыз-чех достугун даңазалаган көргөзмө ачылды (фоторепортаж)
Бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик тарых музейинде кыргыз-чех достугунун символуна айланган "Интергельпо" кооперативинин 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмө кыргыз жерине иш сапары менен келген Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегацияга, КРнын Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Көргөзмөгө тарыхый материалдар – сүрөттөр, документтер, “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрүнө тиешелүү болгон буюмдар, продукциянын үлгүлөрү, КРнын Мамлекеттик тарых музейинин фондунда сакталган сыйлыктары коюлган. Көргөзмөнүн алкагында 1925-жылдардагы “Интергельпо” жумушчуларынын кыргыз жергесине келгени тууралуу кыска метраждуу даректүү фильм тартууланды.
Бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик тарых музейинде кыргыз-чех достугунун символуна айланган "Интергельпо" кооперативинин 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмө кыргыз жерине иш сапары менен келген Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегацияга, КРнын Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Көргөзмөгө тарыхый материалдар – сүрөттөр, документтер, “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрүнө тиешелүү болгон буюмдар, продукциянын үлгүлөрү, КРнын Мамлекеттик тарых музейинин фондунда сакталган сыйлыктары коюлган.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141887
2016-03-17
ky
Алмазбек Атамбаев 2002-жылкы Аксы окуясы болгон жерге барды
Бүгүн, 17-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ошко болгон сапарын жыйынтыктап, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна келди. Учурда президент Аксы окуясында курман болгондорду эскерүүгө катышып жатат. Алгач курман болгондор үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан кийин өлкө башчы сөз сүйлөөгө киришти. Иш-чарага облус башчысы, коомдук активисттер, Аксы окуясынын катышуучулары катышууда. Эске салсак, 2002-жылы дал ушул күнү Аксыда көтөрүлүш чыккан. Алар ошол кезде камакка алынган Азимбек Бекназаровду бошотууну талап кылышкан. Бирок күч органдары элге ок чыгарып, 6 адам каза болгон.
Бүгүн, 17-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ошко болгон сапарын жыйынтыктап, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна келди. Учурда президент Аксы окуясында курман болгондорду эскерүүгө катышып жатат. Алгач курман болгондор үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан кийин өлкө башчы сөз сүйлөөгө киришти. Иш-чарага облус башчысы, коомдук активисттер, Аксы окуясынын катышуучулары катышууда. Эске салсак, 2002-жылы дал ушул күнү Аксыда көтөрүлүш чыккан. Алар ошол кезде камакка алынган Азимбек Бекназаровду бошотууну талап кылышкан.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141903
2016-03-17
ky
Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоону артка жылдыруу демилгеси өтпөй калды
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында депутаттар Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоону артка жылдырууну сунушташты. Маселенин тактай турган жагдайлары бар экенин айткан депутаттар бир аптага токтото турууну, мындан эч нерсе өзгөрүп кетпесин белгилешти. Эсептөө палатасы аудиторлорсуз бош калганын айтышып, сунушка каршы чыккандар дагы болду. Сунуш добушка коюлуп, маселени артка жылдыруу демилгеси өтпөй калды. 39 депутат "макул", 45 депутат "каршы" деп добуш берди. Маселе бүгүн парламент жыйынында каралат.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында депутаттар Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоону артка жылдырууну сунушташты. Маселенин тактай турган жагдайлары бар экенин айткан депутаттар бир аптага токтото турууну, мындан эч нерсе өзгөрүп кетпесин белгилешти. Эсептөө палатасы аудиторлорсуз бош калганын айтышып, сунушка каршы чыккандар дагы болду. Сунуш добушка коюлуп, маселени артка жылдыруу демилгеси өтпөй калды. 39 депутат "макул", 45 депутат "каршы" деп добуш берди.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141893
2016-03-17
ky
Улуттук университеттин эсеп бөлүмүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин борбордук эсеп бөлүмүнүн жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Муну 17-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, эсеп бөлүмүнүн кызматкерлери жалган маалыматтарды жазуу менен 2014-жылдын октябрь айынан 2015-жылдын ноябрь айына чейин студенттердин окуусуна төлөнгөн акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 380 миң сом зыян келтирилген. Факт боюнча аталган кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин борбордук эсеп бөлүмүнүн жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Муну 17-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, эсеп бөлүмүнүн кызматкерлери жалган маалыматтарды жазуу менен 2014-жылдын октябрь айынан 2015-жылдын ноябрь айына чейин студенттердин окуусуна төлөнгөн акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 380 миң сом зыян келтирилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141901
2016-03-17
ky
Депутат: "Эмне үчүн Жогорку Кеңеш Москвадагы метродо аялды куткарган мекендешибизге сыйлык тапшырган жок?"
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков эрдик кылган кыргыз жарандарын парламент тарабынан сыйлоо керектигин айтты. "Эмне үчүн Жогорку Кеңеш Москвадагы метродо аялды куткарган мекендешибизге сыйлык тапшырган жок? Ага грамота тапшырып, эрдигин даңазалап койсок жакшы болмок. Мындан тышкары жакында сууга чөгүп кеткен баланы куткарган жигиттерибиз бар. Аларды бул жакка чакырып, куттуктап койсок жакшы болор эле. Жаш балдар үчүн мыкты үлгү болмок" ,- деп сунуштады депутат. Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев " Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык катты мекендешибиз Марат Исаевге тапшырсак жакшы болмок" деп демилгелеген. Төрага Асылбек Жээнбеков М.Исаевди сыйлоо боюнча маселе каралып жатканын айткан.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков эрдик кылган кыргыз жарандарын парламент тарабынан сыйлоо керектигин айтты. "Эмне үчүн Жогорку Кеңеш Москвадагы метродо аялды куткарган мекендешибизге сыйлык тапшырган жок? Ага грамота тапшырып, эрдигин даңазалап койсок жакшы болмок. Мындан тышкары жакында сууга чөгүп кеткен баланы куткарган жигиттерибиз бар. Аларды бул жакка чакырып, куттуктап койсок жакшы болор эле. Жаш балдар үчүн мыкты үлгү болмок" ,- деп сунуштады депутат. Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев " Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык катты мекендешибиз Марат Исаевге тапшырсак жакшы болмок" деп демилгелеген.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141905
2016-03-17
ky
СУПЕРСТАН: "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, жадакалса шейшеп да таза болот. Бишкектин таза болушу үчүн эмне кыла аласыңар?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бишкек таза болуш үчүн эмне кыла аласыңар?" деген тема кызуу талкууланууда. "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, жадакалса шейшеп да таза болот. Кыргыз жеринде мыйзамдын жоктугу өкүндүрөт. Мисалы, Орусияда аялдамада тамеки чексең айып салынат. Атайын тамеки чекчү жайга барып чегип келесиң. Аялдамада, сейил бакта, коомдук жайда чеккениңди полиция кызматкерлери көрүп калышса, камап салышат. Мына ушуга окшогон мыйзам керек. Ал эми кыргыз өлкөсүндө "штраф" деп жазып, маңдайында асылып турган жерге таштанды төгүшөт. Айта берсең сөз көп. Ар бирибиз тазалыкты өзүбүздөн баштасак жыйынтык берет деп ишенем" ,- дейт форумчулардын бири. Башка колдонуучу: "Таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруш керек жана адамдардын өзүн көчөдө алып жүрүү маданиятын өстүрбөсө жыйынтык чыкпайт. Ар бири туш тарапка таштанды таштай берсе, анан кантип таза шаар кура алабыз?"- дейт. Дагы бир колдонуучу: "Көчөдөгү, арыктагы таштандылар өзүнөн-өзү пайда болбойт же асмандан түшпөйт. Сүйлөгөндө тилибиз буудай кууруйт, бул жерде "Кантебиз?" деп жазып отурсак, ким тазалайт эле? "Патриотпуз" дешет көбү, көчөдөгү бир кагазды алып коюштан уялып, көрмөксөн болуп өтүп кетишет. А ушундай эле патриоттукту көрсөткүңөр келсе, жаштар, тазалап баштагыла, жаз да келди. Автор, өзүңүз бир нерсе кылдыңызбы?"- деген билдирүү калтырган. Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бишкек таза болуш үчүн эмне кыла аласыңар?" деген тема кызуу талкууланууда. "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот, жадакалса шейшеп да таза болот. Кыргыз жеринде мыйзамдын жоктугу өкүндүрөт. Мисалы, Орусияда аялдамада тамеки чексең айып салынат. Атайын тамеки чекчү жайга барып чегип келесиң. Аялдамада, сейил бакта, коомдук жайда чеккениңди полиция кызматкерлери көрүп калышса, камап салышат. Мына ушуга окшогон мыйзам керек. Ал эми кыргыз өлкөсүндө "штраф" деп жазып, маңдайында асылып турган жерге таштанды төгүшөт. Айта берсең сөз көп. Ар бирибиз тазалыкты өзүбүздөн баштасак жыйынтык берет деп ишенем" ,- дейт форумчулардын бири. Башка колдонуучу: "Таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруш керек жана адамдардын өзүн көчөдө алып жүрүү маданиятын өстүрбөсө жыйынтык чыкпайт. Ар бири туш тарапка таштанды таштай берсе, анан кантип таза шаар кура алабыз?"- дейт. Дагы бир колдонуучу: "Көчөдөгү, арыктагы таштандылар өзүнөн-өзү пайда болбойт же асмандан түшпөйт. Сүйлөгөндө тилибиз буудай кууруйт, бул жерде "Кантебиз?" деп жазып отурсак, ким тазалайт эле? "Патриотпуз" дешет көбү, көчөдөгү бир кагазды алып коюштан уялып, көрмөксөн болуп өтүп кетишет. А ушундай эле патриоттукту көрсөткүңөр келсе, жаштар, тазалап баштагыла, жаз да келди. Автор, өзүңүз бир нерсе кылдыңызбы?"- деген билдирүү калтырган. Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141897
2016-03-17
ky
Өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
16-март күнү саат 20:51де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти. Очогу Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кутургу айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырымда, Ак-Булуң айылынан түндүк-батышка карай 13 чакырымда, Күрмөнтү айылынан түндүк-батышка карай 15 чакырымда, Түп айылынан түндүк-батышка карай 26 чакырымда жайгашты. Жер титирөө Кутургу айылында 3 балл, Ак-Булуң, Күрмөнтү айылдарында 2,5, Түп айылында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
16-март күнү саат 20:51де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти. Очогу Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кутургу айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырымда, Ак-Булуң айылынан түндүк-батышка карай 13 чакырымда, Күрмөнтү айылынан түндүк-батышка карай 15 чакырымда, Түп айылынан түндүк-батышка карай 26 чакырымда жайгашты. Жер титирөө Кутургу айылында 3 балл, Ак-Булуң, Күрмөнтү айылдарында 2,5, Түп айылында 2 балл болгон.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141895
2016-03-17
ky
КИНОЗАЛ: Кыргыз жеринде сынга кабылган, Азиядагы мыкты тасмалардын бири - "Бешкемпир"
SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүндөгү кызыктуу тасмалардын бири - "Бешкемпир" тасмасы. Тасма 1998-жылы тартылган. Драма жанрындагы фильмдин режиссёру - Актан Арым Кубат . Тасмадагы башкы каармандардын образын актёр-актрисалар Мирлан Абдыкалыков , Альбина Имашева жаратышкан. “Бешкемпир” фильмин жөн жерден тарткан жокмун, өзүмдүн башымдан өткөн турмушумду чагылдыргым келген",- деген режиссёр тасмада асыранды баланын балалыгын жана айыл турмушун көрсөткөн. Башкы каармандын ролун ойногон Мирлан Абдыкалыков бой жетип, атасынын жолун жолдоп, учурда тасма тартуу менен алек. "Бешкемпир” тасмасындагы “кум айымды” жасап алып эрмектешкен эпизод тууралуу актёр мындай дейт: "Уялганым менен, режиссёрдун көз карашын чагылдыруу керек экендигин да эске алдым. Бул “кум айымда” чындыкка камтылган жашоо бар эле да. Жашы жете элек ар бир эле баланын өзүнүн оюну бар экендиги сыр эмес го. Азыр карап отурсам, кыргыз клиптеринде мындан да өткөн уятсыздыкты көрсөтүп жатышпайбы. Учурда өзүмдүн жарнама, клип тарткан “Селкинчек” деген студиям бар. Атамдын ишин аркалап жатам десем да болот. Бала кезимден кино жаатында эмгектенип, эми деле бул тармактан алыстаган жокмун" . Жогорудагы эпизод кыргыз коомчулугунда бир топ сындарга кабылган. "Кыргыздын менталитетине жат көрүнүш..." деген сындар айтылган. "Бешкемпир" тасмасы Азиядагы эң мыкты тасмалардын катарына кирген. Тасманы толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
порталынын "Кинозал" бөлүмүндөгү кызыктуу тасмалардын бири - "Бешкемпир" тасмасы. Тасма 1998-жылы тартылган. Драма жанрындагы фильмдин режиссёру - Актан Арым Кубат . Тасмадагы башкы каармандардын образын актёр-актрисалар Мирлан Абдыкалыков , Альбина Имашева жаратышкан. “Бешкемпир” фильмин жөн жерден тарткан жокмун, өзүмдүн башымдан өткөн турмушумду чагылдыргым келген",- деген режиссёр тасмада асыранды баланын балалыгын жана айыл турмушун көрсөткөн. Башкы каармандын ролун ойногон Мирлан Абдыкалыков бой жетип, атасынын жолун жолдоп, учурда тасма тартуу менен алек. "Бешкемпир” тасмасындагы “кум айымды” жасап алып эрмектешкен эпизод тууралуу актёр мындай дейт: "Уялганым менен, режиссёрдун көз карашын чагылдыруу керек экендигин да эске алдым. Бул “кум айымда” чындыкка камтылган жашоо бар эле да. Жашы жете элек ар бир эле баланын өзүнүн оюну бар экендиги сыр эмес го. Азыр карап отурсам, кыргыз клиптеринде мындан да өткөн уятсыздыкты көрсөтүп жатышпайбы. Учурда өзүмдүн жарнама, клип тарткан “Селкинчек” деген студиям бар. Атамдын ишин аркалап жатам десем да болот. Бала кезимден кино жаатында эмгектенип, эми деле бул тармактан алыстаган жокмун" . Жогорудагы эпизод кыргыз коомчулугунда бир топ сындарга кабылган. "Кыргыздын менталитетине жат көрүнүш..." деген сындар айтылган. "Бешкемпир" тасмасы Азиядагы эң мыкты тасмалардын катарына кирген.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141881
2016-03-17
ky
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү менен башталды
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйыны Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү менен башталды. Төраганын орун басары Нурбек Алимбековдун айтымында, аталган датага байланыштуу окуя орун алган Боспиек айылында жана Бишкек шаарында куран окутулуп, бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышмакчы. Айта кетсек, бүгүн, 17-мартта эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду. Тагыраак айтканда, аталган окуя 2002-жылы катталган. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жалпы жыйыны Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү менен башталды. Төраганын орун басары Нурбек Алимбековдун айтымында, аталган датага байланыштуу окуя орун алган Боспиек айылында жана Бишкек шаарында куран окутулуп, бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышмакчы. Айта кетсек, бүгүн, 17-мартта эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду. Тагыраак айтканда, аталган окуя 2002-жылы катталган. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141891
2016-03-17
ky
Талас шаарында унаа оңдоочу жайда өрттөнгөн унаанын ичинен күйүп кеткен адамдын денеси табылды
Талас шаарында унаа оңдоочу жайда өрттөнгөн унаанын ичинен күйүп кеткен адамдын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан Гольф 3 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Унаанын ичинен эркек адамдын күйгөн жансыз денеси табылган, учурда анын өздүгү жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Талас шаарында унаа оңдоочу жайда өрттөнгөн унаанын ичинен күйүп кеткен адамдын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан Гольф 3 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141899
2016-03-17
ky
Бишкекте таштандылардын арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды
Бишкекте таштандылардын арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Муну бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жаңы төрөлгөн кыздын жансыз денеси 16-март күнү саат 11:00 чамасында таштанды төгүүчү жайдан табылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ымыркайды Б.Н. аттуу жаран таштанды аралап жүргөн маалда таап алганын аныкташкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте таштандылардын арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Муну бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жаңы төрөлгөн кыздын жансыз денеси 16-март күнү саат 11:00 чамасында таштанды төгүүчү жайдан табылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ымыркайды Б.Н. аттуу жаран таштанды аралап жүргөн маалда таап алганын аныкташкан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141889
2016-03-17
ky
Президент Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту
Президент Алмазбек Атамбаев 16-мартта Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту. Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып, калкты өзгөчө айыл чарба багытындагы долбоорлорду насыя менен камсыздоо пландарына токтолду. Азыркы учурда аймактардагы көйгөйлүү делген - ишкерлер жана элет эмгекчилерине жеңилдетилген насыяларды берүү, унаа жолдорун куруу, элди таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи. Президент кыргыз өлкөсү өнүгүү жолуна түшкөндүгүн айтуу менен бирге көздөгөн максаттарга жетүүнүн эң негизги өбөлгөсү элдин биримдиги жана өлкөдөгү туруктуулук экенин белгилегенин билдиришти президенттик аппараттан.
Президент Алмазбек Атамбаев 16-мартта Ош шаарынын жана Ош облусунун активи менен жолугушту. Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып, калкты өзгөчө айыл чарба багытындагы долбоорлорду насыя менен камсыздоо пландарына токтолду. Азыркы учурда аймактардагы көйгөйлүү делген - ишкерлер жана элет эмгекчилерине жеңилдетилген насыяларды берүү, унаа жолдорун куруу, элди таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141869
2016-03-17
ky
Кадамжай районунда баланы сүзүп кеткен айдоочуга карата кылмыш иши козголо элек
Баткен облусунун Кадамжай районундагы 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча айдоочуга карата кылмыш иши козголо элек. Муну 17-март күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти. Маалым болгондой, кечээ күнү Абдыкадыр Орозбеков айылында Өзбекстандын Фергана облусунан Сох анклавына бара жаткан автобусту башкарган 59 жаштагы К.Равшанжан аттуу айдоочу 2-класстын С.Элдар аттуу окуучусун сүзүп, ал оор жаракаттарынан улам каза болуп калган. Айдоочу учурда убактылуу кармоочу жайда, ага карата кылмыш иши козголо элек.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча айдоочуга карата кылмыш иши козголо элек. Муну 17-март күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан порталына билдиришти. Маалым болгондой, кечээ күнү Абдыкадыр Орозбеков айылында Өзбекстандын Фергана облусунан Сох анклавына бара жаткан автобусту башкарган 59 жаштагы К.Равшанжан аттуу айдоочу 2-класстын С.Элдар аттуу окуучусун сүзүп, ал оор жаракаттарынан улам каза болуп калган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141879
2016-03-17
ky
Таш-Көмүрдө 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Акыркы эки күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кызды издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок издөө иштери азырынча өз натыйжасын бере элек. Кызды издөө иштери бүгүн да улантылмакчы.
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Акыркы эки күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кызды издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок издөө иштери азырынча өз натыйжасын бере элек.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141885
2016-03-17
ky
Кыргыз мамлекети бактылуу өлкөлөрдүн арасынан 85-орунду ээледи
Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын Колумбия университетинин адистери тарабынан жарыяланган бактылуулук индексинде Кыргыз Республикасы 85-орунду ээледи. Алдынкы ондукка кирген өлкөлөр: Дания, Швейцария, Исландия, Норвегия, Финляндия, Канада, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Австралия, Швеция. Ал эми Өзбекстан 49, Казакстан 54, Орусия 56, Түркмөнстан 65, Тажикстан 100-орунду алганы жарыяланды. АКШ 13, Улуу Британия 23, Кытай 83, Украина 123-орунда. 2016-жылкы изилдөөдө эң бактысыз мамлекеттер деп Сирия, Того жана Бурунди табылды.
Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын Колумбия университетинин адистери тарабынан жарыяланган бактылуулук индексинде Кыргыз Республикасы 85-орунду ээледи. Алдынкы ондукка кирген өлкөлөр: Дания, Швейцария, Исландия, Норвегия, Финляндия, Канада, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Австралия, Швеция. Ал эми Өзбекстан 49, Казакстан 54, Орусия 56, Түркмөнстан 65, Тажикстан 100-орунду алганы жарыяланды. АКШ 13, Улуу Британия 23, Кытай 83, Украина 123-орунда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141863
2016-03-17
ky
Баткен облусунда автобустун айдоочусу 2-класстын окуучусун сүзүп кетип, ал каза тапты
Баткен облусунун Кадамжай районунда автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалым болгондой, жол кырсыгы 16-март күнү 14:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда катталган. Анда Изус 37 үлгүсүндөгү автобусту башкарган К.Равшанжан аттуу айдоочу 9 жаштагы Орозбеков айылынан Элдар С. аттуу баланы сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам бала окуя болгон жерден каза тапкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Каза болгон бала Охна айылынын 2-классынын окуучусу экени маалым. Учурда кылмышка шектүү өзбек жараны убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Баткен облусунун Кадамжай районунда автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалым болгондой, жол кырсыгы 16-март күнү 14:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда катталган. Анда Изус 37 үлгүсүндөгү автобусту башкарган К.Равшанжан аттуу айдоочу 9 жаштагы Орозбеков айылынан Элдар С. аттуу баланы сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам бала окуя болгон жерден каза тапкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Каза болгон бала Охна айылынын 2-классынын окуучусу экени маалым.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141875
2016-03-17
ky
Чемпиондор Лигасы. "Бавария" өз үйүндө "Ювентуска" утулуп жатып, акыркы мүнөттөрдө жеңишти илип кетти. "Барселона" болсо "Арсеналды" оңой эле утуп алды
17-мартка караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында акыркы 2 беттеш орун алды. Бул күнкү беттештердин ичинен "Арсеналдын" биринчи оюнда эле өз үйүндө утулганын эске алсак (2:0), "Барселона" - "Арсенал" беттешинде кызуу тиреш дээрлик болгон жок. Себеби каталондуктар 18-мүнөттө эсепти ачып, "Арсеналдын" конокто жеңишке жетишүү тилеги таш капты. 2 оюндун жыйынтыгында жалпы эсепте 5:1 эсебинде жеңишке жетишкен "Барса" чейрек финалчылардын катарын толуктады. "Барселона" (Испания) - "Арсенал" (Англия) - 3:1 Голдор: Неймар (18-мүнөттө), Суарес (65-мүнөттө), Месси (88-мүнөттө) - Эльнени (51-мүнөттө). "Арсеналдын" оюнчулары Алексис Санчес менен Месут Өзил... Ал эми Мюнхенде өткөн беттеште анык финалдагыдай оюн болду. Германиянын чемпиону 1-таймда эки гол өткөрүп жиберди. Албетте, оюнга кайтуу үчүн "Бавариянын" футболчулары болгон аракетин көрүштү, бирок көп убакыт алардын мүмкүнчүлүктөрү текке кетип, топ дарбазага кирбей жатты. 73-мүнөттө гана Роберт Левандовскинин голу үй ээлерине психологиялык артыкчылык алып келип, оюн уланды. "Ювентус" 3 мүнөт чыдаганда чейрек финалга жолдомо алмак, бирок немис футболчулары 91-мүнөттө эсепти теңеп алышты. Кошумча 15 мүнөттүктөр, албетте, үй ээлеринин "кызматында" болду. "Бавария" (Германия) - "Ювентус" (Италия) - 4:2 Голдор: Поль Погба (5-мүнөттө), Хуан Куадрадо (28-мүнөттө) - Роберт Левандовски (73-мүнөттө), Томас Мюллер (91-мүнөттө). Тиагу Алькантара (108-мүнөттө), Коман (110-мүнөттө). * Мелдештин чейрек финалына төмөнкү 8 команда чыкты: "Атлетико" (Испания), "Бавария" (Германия), "Барселона" (Испания), "Бенфика" (Португалия), "Манчестер Сити" (Англия), ПСЖ (Франция), "Реал" (Испания), "Вольфсбург" (Германия). * Чүчү кулак таштоо аземи 18-мартка пландалган. * Чейрек финалдык беттештер 5-6-апрелге (алгачкы оюндар) жана 12-13-апрелге (жооптук оюндар) пландалган.
17-мартка караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында акыркы 2 беттеш орун алды. Бул күнкү беттештердин ичинен "Арсеналдын" биринчи оюнда эле өз үйүндө утулганын эске алсак (2:0), "Барселона" - "Арсенал" беттешинде кызуу тиреш дээрлик болгон жок. Себеби каталондуктар 18-мүнөттө эсепти ачып, "Арсеналдын" конокто жеңишке жетишүү тилеги таш капты. 2 оюндун жыйынтыгында жалпы эсепте 5:1 эсебинде жеңишке жетишкен "Барса" чейрек финалчылардын катарын толуктады. "Барселона" (Испания) - "Арсенал" (Англия) - 3:1 Голдор: Неймар (18-мүнөттө), Суарес (65-мүнөттө), Месси (88-мүнөттө) - Эльнени (51-мүнөттө). "Арсеналдын" оюнчулары Алексис Санчес менен Месут Өзил... Ал эми Мюнхенде өткөн беттеште анык финалдагыдай оюн болду. Германиянын чемпиону 1-таймда эки гол өткөрүп жиберди. Албетте, оюнга кайтуу үчүн "Бавариянын" футболчулары болгон аракетин көрүштү, бирок көп убакыт алардын мүмкүнчүлүктөрү текке кетип, топ дарбазага кирбей жатты. 73-мүнөттө гана Роберт Левандовскинин голу үй ээлерине психологиялык артыкчылык алып келип, оюн уланды. "Ювентус" 3 мүнөт чыдаганда чейрек финалга жолдомо алмак, бирок немис футболчулары 91-мүнөттө эсепти теңеп алышты. Кошумча 15 мүнөттүктөр, албетте, үй ээлеринин "кызматында" болду. "Бавария" (Германия) - "Ювентус" (Италия) - 4:2 Голдор: Поль Погба (5-мүнөттө), Хуан Куадрадо (28-мүнөттө) - Роберт Левандовски (73-мүнөттө), Томас Мюллер (91-мүнөттө). Тиагу Алькантара (108-мүнөттө), Коман (110-мүнөттө). * Мелдештин чейрек финалына төмөнкү 8 команда чыкты: "Атлетико" (Испания), "Бавария" (Германия), "Барселона" (Испания), "Бенфика" (Португалия), "Манчестер Сити" (Англия), ПСЖ (Франция), "Реал" (Испания), "Вольфсбург" (Германия). * Чүчү кулак таштоо аземи 18-мартка пландалган.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141873
2016-03-17
ky
Бүгүн эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду
Бүгүн, 17-мартта эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду. Бул датага байланыштуу окуя орун алган Боспиек айылында куран окутулуп жана башка бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышмакчы. Айта кетсек, 2002-жылы эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.
Бүгүн, 17-мартта эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясына 14 жыл болду. Бул датага байланыштуу окуя орун алган Боспиек айылында куран окутулуп жана башка бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чарага Аксы окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышмакчы. Айта кетсек, 2002-жылы эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141877
2016-03-17
ky
Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 17 жаштагы кыз кармалды
Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 17 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 41 жаштагы Д.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу бий ийримдеринин биринен белгисиз адам анын 13 жаштагы кызынын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы К.Ж. аттуу кыз кармалган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 17 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 41 жаштагы Д.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу бий ийримдеринин биринен белгисиз адам анын 13 жаштагы кызынын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы К.Ж. аттуу кыз кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141865
2016-03-17
ky
ТОП-Лига-2016. Оштогу беттеште "Алайдын" футболчулары "Ала-Тоонун" дарбазасына 4 гол киргизишти
16-мартта Бишкекте жана Ош шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алды. Бул күнү Ош шаарында өлкө чемпиону "Алай" нарындык "Ала-Тоону" кабыл алды. SUPER.KG порталына "Алайдын" машыктыруучусу Айбек Татанов билдиргендей, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо кызыктуу беттеш болду. Машыктыруучу "Алайдын" футболчулары өсүп жатканын, бул жыйынтык футболчулардын өз ара жакшы түшүнүшө баштаганынан улам экенин айтты. Голдорго токтолсок, алгач "Ала-Тоонун" дарбазасына пенальти коюлуп, Алиа Силла таамай чыгуу менен эсепти ачты. Андан кийинки голду Миролим Ахмедов киргизсе, Евгений Верёвкин 2 гол жаратуу менен эсеп артыкчылыгын 4 голго жеткирди. Бул жеңишти эсепке алганда, "алайлыктар" 2 турдун жыйынтыгында лидерликке көтөрүлүштү.
16-мартта Бишкекте жана Ош шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алды. Бул күнү Ош шаарында өлкө чемпиону "Алай" нарындык "Ала-Тоону" кабыл алды. порталына "Алайдын" машыктыруучусу Айбек Татанов билдиргендей, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо кызыктуу беттеш болду. Машыктыруучу "Алайдын" футболчулары өсүп жатканын, бул жыйынтык футболчулардын өз ара жакшы түшүнүшө баштаганынан улам экенин айтты. Голдорго токтолсок, алгач "Ала-Тоонун" дарбазасына пенальти коюлуп, Алиа Силла таамай чыгуу менен эсепти ачты. Андан кийинки голду Миролим Ахмедов киргизсе, Евгений Верёвкин 2 гол жаратуу менен эсеп артыкчылыгын 4 голго жеткирди.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141871
2016-03-17
ky
Бишкекте "мечиттердин биринен 4 электрондук саатты алдамчылык жолу менен алган" деп шектелген жаран кармалды
Бишкекте "мечиттердин биринен 4 электрондук саатты алдамчылык жолу менен алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 52 жаштагы К.О. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу мечиттердин биринен анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 4 электрондук саатка ээ болуп алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте "мечиттердин биринен 4 электрондук саатты алдамчылык жолу менен алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 52 жаштагы К.О. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу мечиттердин биринен анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 4 электрондук саатка ээ болуп алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141867
2016-03-17
ky
АФИША, 17-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр” тасмасы көрсөтүлө баштайт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 12:50, 17:10, 21:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 11:00, 14:50, 19:00, 22:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 10:30, 13:50, 19:50, 23:10. "Сюрприз" тасмасы. 12:10, 15:30, 19:50, 21:40. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:50. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 10:50, 14:30, 18:20, 22:00 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 12:30, 16:20. “Чүкө баатыр” тасмасы. 20:10, 23:50. Замандаш зал “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 12:50, 17:10, 21:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 11:00, 14:50, 19:00, 22:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 10:30, 13:50, 19:50, 23:10. "Сюрприз" тасмасы. 12:10, 15:30, 19:50, 21:40. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:50. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 10:50, 14:30, 18:20, 22:00 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 12:30, 16:20. “Чүкө баатыр” тасмасы. 20:10, 23:50.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/141829
2016-03-17
ky
ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ : Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер жана балбан Баяман Эркинбаев көзү тирүү болгондо 49 жашка чыкмак
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" Эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун президенти, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев көзү тирүү болгондо 49 жашка чыкмак. Баяман Эркинбаев 1967-жылы 17-мартта Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин Спорт чебери, Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу, Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып Кыргыз Республикасынын, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы Токой чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, ал жерде эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында Баяман-Палван деген атка да ээ болгон. Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңы-Арык" тамеки ферменттөөчү заводунда тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук күрөш федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген. Баяман Эркинбаев КРнын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, шайлоочуларынын ишенимин арттыруу менен турмуш-тиричилик маселелеринин жакшыруусу үчүн чоң иштерди аткарган. Депутаттардын тобу менен эгемендүүлүктүн калыптануу мезгилинде көптөгөн маанилүү мыйзамдардын кабыл алынуусуна демилгечи болгон. Баяман Эркинбаев көз жумардын алдында бир топ коркутууларга учураган. Алгач ага 2004-жылы 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 23:00дө "Кыргыз фильм" киностудиясынын жанында машинасына отурганда кол салуу болгон. Ал адам өлтүргүчтүн ою ишке ашкан эмес, ошондой эле иштин бети ачылбай калган. Баямандын байкашынча, ага кол салган адам орус улутундагы, спорт кийимин кийген адам болгон. Баяман Эркинбаев "бул атайын даярдалган саясий оюн" деп билдирген. Ал эми 2005-жылы 21-сентябрда саат 22:00дө аны Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Баяман Эркинбаевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. 17-марттын жылнаамасы .
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" Эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун президенти, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев көзү тирүү болгондо 49 жашка чыкмак. Баяман Эркинбаев 1967-жылы 17-мартта Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин Спорт чебери, Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу, Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып Кыргыз Республикасынын, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы Токой чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, ал жерде эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында Баяман-Палван деген атка да ээ болгон. Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңы-Арык" тамеки ферменттөөчү заводунда тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук күрөш федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген. Баяман Эркинбаев КРнын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, шайлоочуларынын ишенимин арттыруу менен турмуш-тиричилик маселелеринин жакшыруусу үчүн чоң иштерди аткарган. Депутаттардын тобу менен эгемендүүлүктүн калыптануу мезгилинде көптөгөн маанилүү мыйзамдардын кабыл алынуусуна демилгечи болгон. Баяман Эркинбаев көз жумардын алдында бир топ коркутууларга учураган. Алгач ага 2004-жылы 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 23:00дө "Кыргыз фильм" киностудиясынын жанында машинасына отурганда кол салуу болгон. Ал адам өлтүргүчтүн ою ишке ашкан эмес, ошондой эле иштин бети ачылбай калган. Баямандын байкашынча, ага кол салган адам орус улутундагы, спорт кийимин кийген адам болгон. Баяман Эркинбаев "бул атайын даярдалган саясий оюн" деп билдирген. Ал эми 2005-жылы 21-сентябрда саат 22:00дө аны Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Баяман Эркинбаевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141851
2016-03-17
ky
Патриоттуулук, бекем достукту даңазалаган "Чүкө баатыр" комедиясынын жабык көрсөтүүсүнөн фоторепортаж
Борбордогу "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр" аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Кинокомедия жанрында тартылган тасмада бекем достук, көздөгөн максатка умтулуу тууралуу жана кыялдарды орундатууга дайыма мүмкүнчүлүк бар экендиги баяндалат. Тасмадагы ар бир диалог куйкум тамаша менен коштолуп, жашоодогу чыныгы көрүнүштөр чагылдырылган. Апасы, атасы, жадакалса ал жактырган сулуу кыздын да "колуңдан эч нерсе келбейт" деген шылдыңдарына туш болгон жигит алардын айткандары чындыкка дал келбестигин далилдемей болот. Жөнөкөй жигит Зияш намыстанып өзүн күчтүү, баатыр жигит экенин далилдейм деген максатта "Чүкө баатыр" наамын алып, досу менен биргеликте эрдиктерди жасап элге таанылууну чечет. Албетте, мындай баатырларды алдыда көптөгөн сыноолор, кыянаттык жана сүйүү күтүп турган болот. Айта кетсек, "Чүкө баатыр" комедиясы 17-марттан тарта өлкөдөгү бир катар кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
Борбордогу "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр" аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Кинокомедия жанрында тартылган тасмада бекем достук, көздөгөн максатка умтулуу тууралуу жана кыялдарды орундатууга дайыма мүмкүнчүлүк бар экендиги баяндалат. Тасмадагы ар бир диалог куйкум тамаша менен коштолуп, жашоодогу чыныгы көрүнүштөр чагылдырылган. Апасы, атасы, жадакалса ал жактырган сулуу кыздын да "колуңдан эч нерсе келбейт" деген шылдыңдарына туш болгон жигит алардын айткандары чындыкка дал келбестигин далилдемей болот. Жөнөкөй жигит Зияш намыстанып өзүн күчтүү, баатыр жигит экенин далилдейм деген максатта "Чүкө баатыр" наамын алып, досу менен биргеликте эрдиктерди жасап элге таанылууну чечет. Албетте, мындай баатырларды алдыда көптөгөн сыноолор, кыянаттык жана сүйүү күтүп турган болот.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141861
2016-03-17
ky
Бишкек шаарында "Чүкө баатыр" аттуу кинокомедиянын бет ачары болду
Бүгүн, 16-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр" комедиясынын бет ачары өттү. Аземге тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышты. Тасмада башкы каармандын образын жараткан Зияш Турдубеков төмөнкүлөргө токтолду: "Азыр элдин баары батыш кинолорун көрүп, андагы баатырларды "супер баатыр" деп атап алышкан. Кыргыз элинде деле баатырларыбыз көп болгон. Ошондуктан кыргыз баатыры тууралуу тасма тартууну туура көрдүк. Бул идеяны ойлоп жүргөнүмө 4 жыл болгон. Буюрса, тасма бүгүн элдин сынына коюлду. Туура сынын, баасын беришет деп ойлойм" .
Бүгүн, 16-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр" комедиясынын бет ачары өттү. Аземге тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышты. Тасмада башкы каармандын образын жараткан Зияш Турдубеков төмөнкүлөргө токтолду: "Азыр элдин баары батыш кинолорун көрүп, андагы баатырларды "супер баатыр" деп атап алышкан. Кыргыз элинде деле баатырларыбыз көп болгон. Ошондуктан кыргыз баатыры тууралуу тасма тартууну туура көрдүк. Бул идеяны ойлоп жүргөнүмө 4 жыл болгон. Буюрса, тасма бүгүн элдин сынына коюлду.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141853
2016-03-16
ky
КҮНСЕРЕП: Мартта берилчү жаңы автоунаа номурларынан дайын жок... Ишкер аялы менен балдарын үйүнө киргизбей жатат...
Бүгүн, 16-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Өлкөдө автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар качан берилери белгисиз . 2015-жылдын декабрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик номурлар жаңыланарын жарыялап, аракеттер башталганын маалымдаган эле. Мекеме сунуштаган үлгү жактырылып, аны бекитүүгө премьер-министр Темир Сариев буйрук чыгарган. "Жаңы номурлар 2016-жылдын мартында бериле баштайт, даярдалып бүттү" деп билдиришкен расмий органдар. Март ортолоп калганы менен, жаңы номурлардан азырынча кабар жок. Мамкаттоо кызматынан бүгүн, 16-мартта так жооп билдире алышпады. Тийиштүү компания менен келишим түзүлгөнү, бардык процедуралар бүтсө берилип баштай турганы тууралуу гана жооп узатылды... Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кийинки жыйынында электр энергиясынын тарифтери боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Комитеттин акыркы жыйынында "Электр энергиясын импорттоо болбой жатса деле эмнеге элди 2 сом 16 тыйындан төлөтүп жатасыңар?" деген суроого өкмөт өкүлдөрү так жооп айта алышкан эмес . Депутаттар свет үчүн карапайым эл негизсиз чыгым болуп жатканын айтышып, тарифтерди кайра карап чыгууну сунушташты... Белгилей кетсек, 2 сом 16 тыйын деген тариф мурунку жылдары Казакстандан электр энергиясын сатып алып жаткан маалда коюлган. "Электр энергиясын сатып алып жатабыз, ошого светтин баасы көтөрүлдү" дешкен. 2015-жылдын октябрынан бери сырттан электр энергиясын сатып алуу боло элек, бирок тарифтер өзгөрүүсүз калууда. Бишкекте бүгүн, 16-мартта чуулуу ишкердин үй-бүлөлүк чырына байланыштуу жаңы жагдайлар ачылды. Тагыраагы, ишкер Нарынбек Сариев жубайын 3 баласы менен үйүнө киргизбей жатканын айтып жубайы Анара Сариева SUPER.KG порталына кайрылды. "Кароолчуга "келсе киргизбегиле" деп дайындап коюптур. Жолдошум көрүнгөн шылтоону айтып, менин үстүмдөн иш козгото албай жатат", - дейт жубайы. Белгилей кетсек, ишкер Нарынбек Сариев аялынын үстүнөн Октябрь РИИБине арыз менен кайрылганын айткан. Анда аялы белгисиз бир адамдын коштоосунда үйүнө кирип сейфтеги документтерди уурдап кеткенин маалымдаган эле. Райондук милиция маалыматты четке кагып, "документ уурдоо фактысы боюнча ишкер арыз жазган эмес" деп билдирди. Өкмөт жол кырсыктарын азайтуу, "ала таякты" тоготпос айдоочуларды тизгиндөөгө дагы бир аракет баштаганы жатат. Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов эми эреже бузгандарга ыкчам чара көрүлөрүн билдирди. Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилди. Эми жол кыймылын Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлору көзөмөлдөшөт. Алардын көкүрөгүнө (кийимине) 8 саат тынымсыз иштөөгө жөндөмдүү видеокамералар тагылат. Жаңы орган 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилип, 1-июлдан баштап аймактарда иштеп баштамакчы. Өзгөрүү канчалык жыйынтык берерин убакыт көрсөтөт. Алмазбек Атамбаев Ош шаарына иш сапары менен барды. Суу тосмонун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы жергиликтүү тургундарды элди бөлгөн адамдарга азгырылбоого чакырды . "Кыргыздар бөлүнгөн эмес, бузукуларга ишенбегиле. Ош шаары менен кыргыздар сыймыктанат. Кээ бир адамдар кан төгүлгөн сайын акча табышат. Аларга келечек, ынтымактын кереги жок, байлык гана керек. Эмдиги жылы президенттиктен кеткенден кийин айылымда калам. Кудайга шүгүр, Кудай бизге жардам берип жатат. Апрель айындагы окуяны туура нукта чагылдыра албай жатабыз. Ал окуя Аксыдан башталган. Силер көп нерсе билбейсиңер, жакында баарын көрсөтөбүз",- деди президент.
Бүгүн, 16-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Өлкөдө автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар качан берилери белгисиз . 2015-жылдын декабрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик номурлар жаңыланарын жарыялап, аракеттер башталганын маалымдаган эле. Мекеме сунуштаган үлгү жактырылып, аны бекитүүгө премьер-министр Темир Сариев буйрук чыгарган. "Жаңы номурлар 2016-жылдын мартында бериле баштайт, даярдалып бүттү" деп билдиришкен расмий органдар. Март ортолоп калганы менен, жаңы номурлардан азырынча кабар жок. Мамкаттоо кызматынан бүгүн, 16-мартта так жооп билдире алышпады. Тийиштүү компания менен келишим түзүлгөнү, бардык процедуралар бүтсө берилип баштай турганы тууралуу гана жооп узатылды... Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кийинки жыйынында электр энергиясынын тарифтери боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Комитеттин акыркы жыйынында "Электр энергиясын импорттоо болбой жатса деле эмнеге элди 2 сом 16 тыйындан төлөтүп жатасыңар?" деген суроого өкмөт өкүлдөрү так жооп айта алышкан эмес . Депутаттар свет үчүн карапайым эл негизсиз чыгым болуп жатканын айтышып, тарифтерди кайра карап чыгууну сунушташты... Белгилей кетсек, 2 сом 16 тыйын деген тариф мурунку жылдары Казакстандан электр энергиясын сатып алып жаткан маалда коюлган. "Электр энергиясын сатып алып жатабыз, ошого светтин баасы көтөрүлдү" дешкен. 2015-жылдын октябрынан бери сырттан электр энергиясын сатып алуу боло элек, бирок тарифтер өзгөрүүсүз калууда. Бишкекте бүгүн, 16-мартта чуулуу ишкердин үй-бүлөлүк чырына байланыштуу жаңы жагдайлар ачылды. Тагыраагы, ишкер Нарынбек Сариев жубайын 3 баласы менен үйүнө киргизбей жатканын айтып жубайы Анара Сариева порталына кайрылды. "Кароолчуга "келсе киргизбегиле" деп дайындап коюптур. Жолдошум көрүнгөн шылтоону айтып, менин үстүмдөн иш козгото албай жатат", - дейт жубайы. Белгилей кетсек, ишкер Нарынбек Сариев аялынын үстүнөн Октябрь РИИБине арыз менен кайрылганын айткан. Анда аялы белгисиз бир адамдын коштоосунда үйүнө кирип сейфтеги документтерди уурдап кеткенин маалымдаган эле. Райондук милиция маалыматты четке кагып, "документ уурдоо фактысы боюнча ишкер арыз жазган эмес" деп билдирди. Өкмөт жол кырсыктарын азайтуу, "ала таякты" тоготпос айдоочуларды тизгиндөөгө дагы бир аракет баштаганы жатат. Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов эми эреже бузгандарга ыкчам чара көрүлөрүн билдирди. Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилди. Эми жол кыймылын Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлору көзөмөлдөшөт. Алардын көкүрөгүнө (кийимине) 8 саат тынымсыз иштөөгө жөндөмдүү видеокамералар тагылат. Жаңы орган 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилип, 1-июлдан баштап аймактарда иштеп баштамакчы. Өзгөрүү канчалык жыйынтык берерин убакыт көрсөтөт. Алмазбек Атамбаев Ош шаарына иш сапары менен барды. Суу тосмонун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы жергиликтүү тургундарды элди бөлгөн адамдарга азгырылбоого чакырды . "Кыргыздар бөлүнгөн эмес, бузукуларга ишенбегиле. Ош шаары менен кыргыздар сыймыктанат. Кээ бир адамдар кан төгүлгөн сайын акча табышат. Аларга келечек, ынтымактын кереги жок, байлык гана керек. Эмдиги жылы президенттиктен кеткенден кийин айылымда калам. Кудайга шүгүр, Кудай бизге жардам берип жатат. Апрель айындагы окуяны туура нукта чагылдыра албай жатабыз. Ал окуя Аксыдан башталган.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141785
2016-03-16
ky
17-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Ал эми Бишкекте күндүн узактыгы 12 саат 1 мүнөттү түзөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +2°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 12 саат 1 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:17де чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:16да чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 06:59да чыгып, 19:00дө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 3-5 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:25те чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -1°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:03тө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт, абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +2°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 12 саат 1 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +4°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:17де чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:16да чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 06:59да чыгып, 19:00дө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 3-5 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:25те чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -1°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:03тө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт, абанын температурасы төмөндөйт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141831
2016-03-16
ky
ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарына өлкө башчысынын келгендигине байланыштуу шаардагы дүкөндөр жабылып, жол кыймылына чектөөлөр киргизилди
Бүгүн, 16-мартта Ош шаарына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин келгендигине байланыштуу шаарда дүкөндөр жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Коомдук унаалар да жүрбөй, эл жол боюнда терезелери караңгылатылган унаалар өтүп жатканын карап турду. Каатчылык маалында минтип дүкөндөрбүздүн жабылышы соодабызга терс таасирин тийгизет экен", - деди окурман.
Бүгүн, 16-мартта Ош шаарына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин келгендигине байланыштуу шаарда дүкөндөр жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 16-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Коомдук унаалар да жүрбөй, эл жол боюнда терезелери караңгылатылган унаалар өтүп жатканын карап турду.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141845
2016-03-16
ky
ЭЛДИК КАБАР: Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, унаанын ичиндеги аялдар жана жаш балдар жабыркашты
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, унаанын ичиндеги аялдар жана жаш балдар ар түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу окурман бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Портер менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, ар түрдүү жаракаттарды алган жабырлануучулар сыртта "Тез жардам" кызматын күтүп отурушту. Унаанын ичинде аялдар жана жаш балдар да бар экен", - деп билдирди окурман.
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, унаанын ичиндеги аялдар жана жаш балдар ар түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу окурман бүгүн, 16-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Портер менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, ар түрдүү жаракаттарды алган жабырлануучулар сыртта "Тез жардам" кызматын күтүп отурушту.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141849
2016-03-16
ky
ТОП-Лига-2016. "Кара-Балта" футболдук клубу "Алдиерди" 4:2 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болду
Бүгүн, 16-мартта Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алды. Анда алгачкылардан болуп "Кара-Балта" клубу куршабдык "Алдиер" менен беттешти. КРнын Футбол Лигасынан кабарлашкандай, беттеш 4:2 эсебинде жыйынтыкталып, кара-балталыктар мелдештеги алгачкы 3 упайына ээ болушту. Кошумчалай кетсек, алгачкы турда "Кара-Балта" нарындык "Ала-Тоого" 4:1 эсебинде утулса, "Алдиер" ал турда оюн өткөргөн эмес.
Бүгүн, 16-мартта Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алды. Анда алгачкылардан болуп "Кара-Балта" клубу куршабдык "Алдиер" менен беттешти. КРнын Футбол Лигасынан кабарлашкандай, беттеш 4:2 эсебинде жыйынтыкталып, кара-балталыктар мелдештеги алгачкы 3 упайына ээ болушту.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141839
2016-03-16
ky
Алай районунун таштанды таштоочу полигону толугу менен тазаланып, жакын арада жашылдандырылат (фото)
Ош облусунун Алай районунун таштанды таштоочу полигону толугу менен тазаланып, жакын арада жашылдандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, буга чейин акыр-чикир төгүлүп келген жайга көчөттөр отургузулат. "Таштанды төгүүчү жай аймактан бир топ алыс жерге көчүрүлөт. Учурда анын кайсы жерде орун алары расмий түрдө белгиленбегендиктен, акыр-чикир бир жерге чогултулуп жатат. Жергиликтүү бийликтин айтымында, буга чейин инспекциянын кызматкерлери эскертүү кагаздарын берип, таштанды таштоочу жайды көчүрүү боюнча билдирген. Эскертмелердин негизинде иштер аткарылганын кошумчалашты "Тазалык" ишканасынын өкүлдөрү ”,- деп айтылат маалыматта.
Ош облусунун Алай районунун таштанды таштоочу полигону толугу менен тазаланып, жакын арада жашылдандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, буга чейин акыр-чикир төгүлүп келген жайга көчөттөр отургузулат. "Таштанды төгүүчү жай аймактан бир топ алыс жерге көчүрүлөт. Учурда анын кайсы жерде орун алары расмий түрдө белгиленбегендиктен, акыр-чикир бир жерге чогултулуп жатат. Жергиликтүү бийликтин айтымында, буга чейин инспекциянын кызматкерлери эскертүү кагаздарын берип, таштанды таштоочу жайды көчүрүү боюнча билдирген.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141827
2016-03-16
ky
Ош шаарында келечекте дагы бир суу резервуары курулат
Ош шаарында келечекте дагы бир суу резервуары куруларын бүгүн, 16-мартта Оштогу суу кампанын ачылышында аталган шаардын мэри билдирди. "Бүгүнкү ачылган суу кампа менен токтобойбуз. Учурда 3-резервуардын ордун даярдап жатабыз, аны да келечекте улантабыз. Бүгүнкү суу кампа 60 миңден ашуун же тургундардын 21,8 пайызын таза суу менен камсыз кылат. Негизинен суунун жетишпестиги ушул аймакта көп сезилчү. Бул кампага суу 7,5 чакырым алыстыкта жайгашкан жер астындагы суулардан алынып келинет", - дейт мэр. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев адамдын денеси 80 пайыз суудан турарын эскертип кетти. "Ош шаарында көптөн бери ичүүчү суу тартыштыгы өкүм сүрүп келген эле. Эми бул суу резервуарынын ачылышы менен маселе 20 пайызга чечилди. Суу маселесине мындан ары да көңүл бурулат. Адам өзү 80 пайыз суудан турат, билбегендер үчүн айта кетейин. Биз тиги дүйнөгө эч нерсени алып кете албайбыз. Башкаларды тактайга салып койсо, мусулмандарды эч нерсеси жок коёт", - дейт Атамбаев.
Ош шаарында келечекте дагы бир суу резервуары куруларын бүгүн, 16-мартта Оштогу суу кампанын ачылышында аталган шаардын мэри билдирди. "Бүгүнкү ачылган суу кампа менен токтобойбуз. Учурда 3-резервуардын ордун даярдап жатабыз, аны да келечекте улантабыз. Бүгүнкү суу кампа 60 миңден ашуун же тургундардын 21,8 пайызын таза суу менен камсыз кылат. Негизинен суунун жетишпестиги ушул аймакта көп сезилчү. Бул кампага суу 7,5 чакырым алыстыкта жайгашкан жер астындагы суулардан алынып келинет", - дейт мэр. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев адамдын денеси 80 пайыз суудан турарын эскертип кетти. "Ош шаарында көптөн бери ичүүчү суу тартыштыгы өкүм сүрүп келген эле. Эми бул суу резервуарынын ачылышы менен маселе 20 пайызга чечилди. Суу маселесине мындан ары да көңүл бурулат. Адам өзү 80 пайыз суудан турат, билбегендер үчүн айта кетейин. Биз тиги дүйнөгө эч нерсени алып кете албайбыз.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141838
2016-03-16
ky
"Кумтөр Голд Компани" Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдуу тапшырды
2016-жылдын 10-мартында “Кумтөр” компаниясынын медициналык бөлүмүнүн өкүлдөрү Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна ультрадобуштук диагностика үчүн америкалык өндүрүштөгү санарип аппарат жана көп функциялуу бейтаптын керебетин тапшырышты. Жабдыктарды кайрымдуулук катарында берүү чечими ОҮМБдан өткөн жылдын декабрында келген УДИ аспабын алууга көмөктөшүү өтүнүчүнөн улам “Кумтөр Голд Компанинин” Демөөрчүлүк жардам боюнча комитети тарабынан кабыл алынган. Ал учурда мекемеде ушундай бир гана аппарат иштеп жаткан. “Кумтөр” компаниясы көп жылдардан бери Каракол шаарындагы ОҮМБ менен тыгыз кызматташып, ал мекемеден алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери туруктуу медициналык изилдөөдөн өтөрүн эске сала кетсек. "Биздин өтүнүчүбүздү аткарган “Кумтөр” компаниясына чоң рахмат. Каракол шаарындагы ОҮМБ аймактын 40 миңдей жашоочусун тейлейт. Эми бизде алда канча тез жана натыйжалуу иштөө мүмкүнчүлүгү жаралды",- деп ыраазычылык билдирди Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо системинин координатору Эсенбек Сатылканов . "Кумтөр Голд Компанинин" медициналык бөлүмүнүн менеджери Анара Дөөлөтова "Кумтөр" компаниясы ОҮМБга, ошондой эле облустун райондук медициналык мекемелерине да колдоо көрсөтүү улантыларын белгиледи.
2016-жылдын 10-мартында “Кумтөр” компаниясынын медициналык бөлүмүнүн өкүлдөрү Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна ультрадобуштук диагностика үчүн америкалык өндүрүштөгү санарип аппарат жана көп функциялуу бейтаптын керебетин тапшырышты. Жабдыктарды кайрымдуулук катарында берүү чечими ОҮМБдан өткөн жылдын декабрында келген УДИ аспабын алууга көмөктөшүү өтүнүчүнөн улам “Кумтөр Голд Компанинин” Демөөрчүлүк жардам боюнча комитети тарабынан кабыл алынган. Ал учурда мекемеде ушундай бир гана аппарат иштеп жаткан. “Кумтөр” компаниясы көп жылдардан бери Каракол шаарындагы ОҮМБ менен тыгыз кызматташып, ал мекемеден алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери туруктуу медициналык изилдөөдөн өтөрүн эске сала кетсек. "Биздин өтүнүчүбүздү аткарган “Кумтөр” компаниясына чоң рахмат. Каракол шаарындагы ОҮМБ аймактын 40 миңдей жашоочусун тейлейт. Эми бизде алда канча тез жана натыйжалуу иштөө мүмкүнчүлүгү жаралды",- деп ыраазычылык билдирди Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо системинин координатору Эсенбек Сатылканов .
Эмгек жарчысы
false
https://www.super.kg/kabar/news/141787
2016-03-16
ky
17-мартта Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат
Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, эртең, 17-мартта Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Маалым болгондой, бул "Белинский" суу тосмосундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Жыйынтыгында К.Акиев, М.Күрөңкеев, Логвиненко көчөлөрү, Чүй кең көчөсү, Панфилов көчөсү, Жибек-Жолу кең көчөсү, Абдрахманов жана Абдумомунов көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда таза суу эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин берилбейт. "Бишкек суу-канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, эртең, 17-мартта Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Маалым болгондой, бул "Белинский" суу тосмосундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Жыйынтыгында К.Акиев, М.Күрөңкеев, Логвиненко көчөлөрү, Чүй кең көчөсү, Панфилов көчөсү, Жибек-Жолу кең көчөсү, Абдрахманов жана Абдумомунов көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда таза суу эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141835
2016-03-16
ky
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандар жөлөк пулга байланыштуу суроолор менен көп кайрылышат
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандар жөлөк пулга байланыштуу суроолор менен көп кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мекемеге жыл башынан бери кайрылгандардын саны 30 пайызга көбөйгөн. “Жыл башынан бери 500 жаран кайрылды. Алардын 283ү кат түрүндө, 172 адам коомдук кабылдамага кайрылса, 55 адам мекеменин жетекчилиги тарабынан кабыл алынган, дагы 40 жаран министр менен жолуккан. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Нарын облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары", - деп айтылат маалыматта.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандар жөлөк пулга байланыштуу суроолор менен көп кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мекемеге жыл башынан бери кайрылгандардын саны 30 пайызга көбөйгөн. “Жыл башынан бери 500 жаран кайрылды. Алардын 283ү кат түрүндө, 172 адам коомдук кабылдамага кайрылса, 55 адам мекеменин жетекчилиги тарабынан кабыл алынган, дагы 40 жаран министр менен жолуккан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141713
2016-03-16
ky
Чех жана кыргыз парламенттеринин төрагалары Сириядан орусиялык күчтөрдүн чыгарылышы тууралуу өз ойлорун айтышты
Бүгүн, 16-мартта Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков орусиялык күчтөрдүн Сириядан кетиши тууралуу өз ойлорун айтышты. "Биз баарыбыз макул болсок керек: Сириядагы конфликтти чечүү жолу – бул тынчтык жолу жана келишимдерге келүү. Эгер Орусия бул аймактагы өз аскерлеринин санын азайтууну чечсе, анда бул, албетте, туруктуулукка багытталган кадам. Эми бул кадамдан кийин орус тарап башка кадамдарды жасашы керек: тынчтыкты сактоо, макулдашууга ниеттенүү",- деди Гамачек. Асылбек Жээнбеков өз кезегинде орусиялык күчтөрдү Сириядан чыгаруу боюнча чечимди колдогонун билдирди. "Ар бир кагылышуу сүйлөшүү менен аяктайт. Канчалык сүйлөшүүлөр тез бүтсө, дүйнөгө ошончолук жакшы болот. Биз билгендей, Сирияда учурда ок атышууну токтотуу боюнча жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Эгер Орусия өзүнүн аскердик күчтөрүн чыгаруу боюнча чечимге келсе, анда Сирияда абал жөнгө салына баштаптыр десек болот" ,- деди Жээнбеков. Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 15-марттан тарта Сириядан негизги күчтөрдү чыгарууга буйрук берген.
Бүгүн, 16-мартта Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков орусиялык күчтөрдүн Сириядан кетиши тууралуу өз ойлорун айтышты. "Биз баарыбыз макул болсок керек: Сириядагы конфликтти чечүү жолу – бул тынчтык жолу жана келишимдерге келүү. Эгер Орусия бул аймактагы өз аскерлеринин санын азайтууну чечсе, анда бул, албетте, туруктуулукка багытталган кадам. Эми бул кадамдан кийин орус тарап башка кадамдарды жасашы керек: тынчтыкты сактоо, макулдашууга ниеттенүү",- деди Гамачек. Асылбек Жээнбеков өз кезегинде орусиялык күчтөрдү Сириядан чыгаруу боюнча чечимди колдогонун билдирди. "Ар бир кагылышуу сүйлөшүү менен аяктайт. Канчалык сүйлөшүүлөр тез бүтсө, дүйнөгө ошончолук жакшы болот. Биз билгендей, Сирияда учурда ок атышууну токтотуу боюнча жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Эгер Орусия өзүнүн аскердик күчтөрүн чыгаруу боюнча чечимге келсе, анда Сирияда абал жөнгө салына баштаптыр десек болот" ,- деди Жээнбеков.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141822
2016-03-16
ky
Оштогу суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактарын таза суу менен камсыздайт
Оштогу суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактарын таза суу менен камсыздайт. Бул тууралуу суу кампанын бүгүнкү ачылышында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев айтты. "2014-жылы ушул багытта 23 миллион АКШ доллары жумшалган. Ушул жылдын аягына чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет. Жаан жаайбы, кар жаайбы, таза суу үзгүлтүксүз берилет. Эгер мурда жаан жааганда 2-3 күндөп суу токтоп калса, мына ушул иш-чаралар бүткөндө таза суу көйгөйү болбойт. Бул суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактык кеңештерин таза суу менен камсыздайт. Келечекте Кең-Сай массивине да ушул суу кампаларынан таза суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жалпысынан суу кампага кеткен акчанын көлөмү сметалык баасы боюнча 68 миллионду түзөт, ал эми тендердик баасы 48 миллионго барабар", - дейт Кадырбаев. Маалыматка ылайык, бул суу кампанын кубаттуулугу 6000 куб метрди түзөт.
Оштогу суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактарын таза суу менен камсыздайт. Бул тууралуу суу кампанын бүгүнкү ачылышында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев айтты. "2014-жылы ушул багытта 23 миллион АКШ доллары жумшалган. Ушул жылдын аягына чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет. Жаан жаайбы, кар жаайбы, таза суу үзгүлтүксүз берилет. Эгер мурда жаан жааганда 2-3 күндөп суу токтоп калса, мына ушул иш-чаралар бүткөндө таза суу көйгөйү болбойт. Бул суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактык кеңештерин таза суу менен камсыздайт. Келечекте Кең-Сай массивине да ушул суу кампаларынан таза суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жалпысынан суу кампага кеткен акчанын көлөмү сметалык баасы боюнча 68 миллионду түзөт, ал эми тендердик баасы 48 миллионго барабар", - дейт Кадырбаев.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141830
2016-03-16
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ : Ильяз Абдыразаковдун иниси Нияздан жаңы клип - "Сени сагынганда..."
Бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталынын "Видеоклиптер" бөлүмү жаңы клип менен толукталды. Эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаковдун иниси Нияз Абдыразаковдун "Сени сагынганда..." аттуу ырынын клиби кошулду. Клиптин режиссёру - Нурсултан Кубатов . "Мен изденүүнү токтотпойм" деген ырчы менен байланышып, "Клипти тартууда кандай кызыктар болду?" деп собол салдык. "Болгон аракетибизди сарптап, жакшы клип тартууга аракет кылдык. Эл - тараза, эл - сынчы, андыктан кандай клип болгонун эл айтып, баасын берсин. 2000 долларлык аппаратты жана фотоаппаратты арабыздагы жигиттердин бири машинасы менен тебелеп кетсе болобу. Ошого карабай клипке орточо чыгым сарпталды. Баары тааныштар болгондуктан, тартуу процесси жеңил эле болду", - дейт ырчы. Нияз Абдыразаковдун "Сени сагынганда..." ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.
Бүгүн, 16-мартта порталынын "Видеоклиптер" бөлүмү жаңы клип менен толукталды. Эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаковдун иниси Нияз Абдыразаковдун "Сени сагынганда..." аттуу ырынын клиби кошулду. Клиптин режиссёру - Нурсултан Кубатов . "Мен изденүүнү токтотпойм" деген ырчы менен байланышып, "Клипти тартууда кандай кызыктар болду?" деп собол салдык. "Болгон аракетибизди сарптап, жакшы клип тартууга аракет кылдык. Эл - тараза, эл - сынчы, андыктан кандай клип болгонун эл айтып, баасын берсин. 2000 долларлык аппаратты жана фотоаппаратты арабыздагы жигиттердин бири машинасы менен тебелеп кетсе болобу. Ошого карабай клипке орточо чыгым сарпталды. Баары тааныштар болгондуктан, тартуу процесси жеңил эле болду", - дейт ырчы.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141815
2016-03-16
ky
Ош. Алмазбек Атамбаев "силер көп нерсе билбейсиңер, жакында баарын көрсөтөбүз" деп айтты
"Ак үйдө эс алуучу бөлмө бар. Анда эки сүрөт бар: бири Чуңкурчак, экинчиси Сулайман-Тоо. Эс алганда экөөнү карайм",- деди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарында суу кампанын ачылышында. "Тоонун тегерегинде жайгашкан шаар - биздин сыймык", - деген президент буларды айтты: "Кээ бир адамдар кан төгүлгөн сайын акча табышат. Аларга келечек, ынтымактын кереги жок, байлык гана керек. Эмдиги жылы президенттиктен кеткенден кийин айылымда калам. Кудайга шүгүр, Кудай бизге жардам берип жатат. Апрель айындагы окуяны туура бербей жатабыз. Ал окуя Аксыдан башталган. Силер көп нерсе билбейсиңер, жакында баарын көрсөтөбүз".
"Ак үйдө эс алуучу бөлмө бар. Анда эки сүрөт бар: бири Чуңкурчак, экинчиси Сулайман-Тоо. Эс алганда экөөнү карайм",- деди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарында суу кампанын ачылышында. "Тоонун тегерегинде жайгашкан шаар - биздин сыймык", - деген президент буларды айтты: "Кээ бир адамдар кан төгүлгөн сайын акча табышат. Аларга келечек, ынтымактын кереги жок, байлык гана керек. Эмдиги жылы президенттиктен кеткенден кийин айылымда калам. Кудайга шүгүр, Кудай бизге жардам берип жатат. Апрель айындагы окуяны туура бербей жатабыз. Ал окуя Аксыдан башталган.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141825
2016-03-16
ky
Бишкекте Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 101 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт
Эртең, 17-мартта Улуттук китепканада кыргыз элинин улуу классик акыны Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 101 жылдыгына арналган поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти. Маалым болгондой, Алыкул Осмоновдун музейинде өтүүчү поэзия кечесине Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектептин окуучулары, №3-кесиптик лицейдин студенттери, жаш акындар, акындын талантын сыйлаган окурмандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Айта кетсек, кыргыз адабиятынын классиги, акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Кыргыз Республикасынын азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажыраган Алыкул Осмонов 5 жашынан Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө (1920-1929-жылдары) тарбияланат. 1936-жылга чейин "Чабуул" журналынын, "Ленинчил жаш" гезитинин редакцияларында иштеп, чыгармачылыкка багыт алган. Алгачкы ыры 1930-жылы жарыяланса, 1935-жылы "Таңдагы ырлар" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы басылып чыккан. Чыгармачылыгынын урунттуу учурун айгинелеген "Махабат" жыйнагы (1945-жылы) жана өмүрүнүн акыркы беш жылында жарык көргөн "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Балдар үчүн", "Менин жерим – ырдын жери", "Жаңы ырлар" жана башка ырлар жыйнактары кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн.
Эртең, 17-мартта Улуттук китепканада кыргыз элинин улуу классик акыны Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 101 жылдыгына арналган поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти. Маалым болгондой, Алыкул Осмоновдун музейинде өтүүчү поэзия кечесине Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектептин окуучулары, №3-кесиптик лицейдин студенттери, жаш акындар, акындын талантын сыйлаган окурмандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Айта кетсек, кыргыз адабиятынын классиги, акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Кыргыз Республикасынын азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажыраган Алыкул Осмонов 5 жашынан Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө (1920-1929-жылдары) тарбияланат. 1936-жылга чейин "Чабуул" журналынын, "Ленинчил жаш" гезитинин редакцияларында иштеп, чыгармачылыкка багыт алган. Алгачкы ыры 1930-жылы жарыяланса, 1935-жылы "Таңдагы ырлар" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы басылып чыккан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141813
2016-03-16
ky
Нооруз-2016. Бишкектин көптөгөн аймактарында чакан концерттер, спорттук мелдештер, сүмөлөк ооз тийгизүү иш-чаралары өтөт
21-Март - Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы бир катар иш-чараларды уюштурат. Майрамдык иш-чаралар 19-мартта башталат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 19-март, 20-март - Саат 10:00. Бишкектин Билим берүү башкармалыгы билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн иш-чара уюштурат; - 20-мартта саат 18:00дө Ак-Тилек жаңы конушунда тургундарга сүмөлөк ооз тийгизилет. 21-март - Саат 10:00дөн 13:30га чейин "Ала-Тоо" аянтында театрлаштырылган иш-чара жана чакан концерт өтөт; - Саат 11:30дан 17:00гө чейин эски аянтта спорттук иш-чаралар, концерт жана ИИМдин дипломатиялык корпусунун катышуусунда көргөзмө орун алат; Буга катар 21-мартта Бишкектин райондук администрациялары тарабынан уюштурулган иш-чараларга күбө болууга мүмкүн. Биринчи Май районунда - Саат 11:00дө №61-мектептин алдында маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт; - Саат 13:00дө Щербаков, Көлмө, Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында массалык маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Анда жаш таланттардын катышуусунда чакан концерт, кичи футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер орун алат. - 21-мартта саат 10:00дө Кара-Жыгач багында жана Бакай-Ата конушунда орто мектептин жана музыкалык мектептердин окуучулары жергиликтүү тургундарга чакан концерт тартуулашат; - Эне-Сай конушунда саат 10:30дан 13:30га чейин Нооруз белгиленет; - Учкун жаңы конушунда саат 11:30да жергиликтүү аксакалдардын катышуусундагы иш-чарада сүмөлөк таратылып, концерт коюлат; - Саат 11:00дөн 14:00гө чейинки аралыкта Дордой жана Дордой-2 конуштарында концерт, улуттук оюндар боюнча мелдештер жана майрамдык түштөнүү болот; - Саат 12:00дөн 15:00гө чейин Келечек конушунда №87-мектепте концерт жана спорттук мелдештер болот. Свердлов районунда - 19-20-март күндөрү саат 14:00дө Свердлов районунда №16-мектептин аймагында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт. Ленин районунда - Саат 14:00дөн 17:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында майрамдык иш-чара болот. Ошондой эле бул райондо "Жаз - Нооруз-2016" балдар сынагы уюштурулат. Буга катар спорттук иш-чараларды, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү көрүүгө болот; - Саат 11:00дө Арча-Бешик конушунда тургундарга улуттук тамактар тартылат; - Саат 12:00дө "Манас" кинотеатрынын алдында улуттук тамактар тартылат; - Саат 14:00дө Ак-Ордо конушунда майрамдык иш-чаралар уюштурулат; Октябрь районунда - 19-20-мартта “Сейтек” лицейинде, Асанбай жана Көк-Жар кичи райондорунда кичи футбол жана баскетбол боюнча мелдештер өтөт; - Саат 14:00дөн 16:00гө чейин Ататүрк атындагы сейил багында "Нооруз-2016" деген аталыштагы концерт өтөт. Концертке балдар музыкалык мектептеринин тарбиялануучулары жана “Таберик” ансамблинин таланттары өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Буга катар мастер-класстар, асфальтка сүрөт тартуу, спорттук мелдештер орун алат; - Балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын арасында “Ыр кесе” болот. Ошондой эле "Менин талантым сен үчүн, Кыргызстан" фестивалынын райондук туру өтөт; - Мектептерде дил баян жана сүрөт сынактары, ачык сабактар, бий сынактары өтөт.
21-Март - Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы бир катар иш-чараларды уюштурат. Майрамдык иш-чаралар 19-мартта башталат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 19-март, 20-март - Саат 10:00. Бишкектин Билим берүү башкармалыгы билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн иш-чара уюштурат; - 20-мартта саат 18:00дө Ак-Тилек жаңы конушунда тургундарга сүмөлөк ооз тийгизилет. 21-март - Саат 10:00дөн 13:30га чейин "Ала-Тоо" аянтында театрлаштырылган иш-чара жана чакан концерт өтөт; - Саат 11:30дан 17:00гө чейин эски аянтта спорттук иш-чаралар, концерт жана ИИМдин дипломатиялык корпусунун катышуусунда көргөзмө орун алат; Буга катар 21-мартта Бишкектин райондук администрациялары тарабынан уюштурулган иш-чараларга күбө болууга мүмкүн. Биринчи Май районунда - Саат 11:00дө №61-мектептин алдында маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт; - Саат 13:00дө Щербаков, Көлмө, Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында массалык маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Анда жаш таланттардын катышуусунда чакан концерт, кичи футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер орун алат. - 21-мартта саат 10:00дө Кара-Жыгач багында жана Бакай-Ата конушунда орто мектептин жана музыкалык мектептердин окуучулары жергиликтүү тургундарга чакан концерт тартуулашат; - Эне-Сай конушунда саат 10:30дан 13:30га чейин Нооруз белгиленет; - Учкун жаңы конушунда саат 11:30да жергиликтүү аксакалдардын катышуусундагы иш-чарада сүмөлөк таратылып, концерт коюлат; - Саат 11:00дөн 14:00гө чейинки аралыкта Дордой жана Дордой-2 конуштарында концерт, улуттук оюндар боюнча мелдештер жана майрамдык түштөнүү болот; - Саат 12:00дөн 15:00гө чейин Келечек конушунда №87-мектепте концерт жана спорттук мелдештер болот. Свердлов районунда - 19-20-март күндөрү саат 14:00дө Свердлов районунда №16-мектептин аймагында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт. Ленин районунда - Саат 14:00дөн 17:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында майрамдык иш-чара болот. Ошондой эле бул райондо "Жаз - Нооруз-2016" балдар сынагы уюштурулат. Буга катар спорттук иш-чараларды, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү көрүүгө болот; - Саат 11:00дө Арча-Бешик конушунда тургундарга улуттук тамактар тартылат; - Саат 12:00дө "Манас" кинотеатрынын алдында улуттук тамактар тартылат; - Саат 14:00дө Ак-Ордо конушунда майрамдык иш-чаралар уюштурулат; Октябрь районунда - 19-20-мартта “Сейтек” лицейинде, Асанбай жана Көк-Жар кичи райондорунда кичи футбол жана баскетбол боюнча мелдештер өтөт; - Саат 14:00дөн 16:00гө чейин Ататүрк атындагы сейил багында "Нооруз-2016" деген аталыштагы концерт өтөт. Концертке балдар музыкалык мектептеринин тарбиялануучулары жана “Таберик” ансамблинин таланттары өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Буга катар мастер-класстар, асфальтка сүрөт тартуу, спорттук мелдештер орун алат; - Балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын арасында “Ыр кесе” болот. Ошондой эле "Менин талантым сен үчүн, Кыргызстан" фестивалынын райондук туру өтөт;
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141777
2016-03-16
ky
Алмазбек Атамбаев: "Кыргыздын бабалары эч качан бөлүнгөн эмес, бузукуларга ишенбегиле"
"Кыргыздын бабалары эч качан бөлүнгөн эмес, бузукуларга ишенбегиле" ,- деп айтты мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-мартта Ош шаарында суу кампанын ачылышында сүйлөп жатып. "Мен муну бүгүн айтып кетишим керек. Менин ата-бабам Чүйгө барганда чүйлүктөр мени президенттикке чейин көтөрүштү. Дагы бир жолу бузукуларга жол берсеңер, Оштун тургундарын сыйлоо оор болот. Ошондуктан мен силерден абдан өтүнөм, бөлүнбөгүлө, бузукуларга жол бербегиле. Ош шаары менен кыргыздар сыймыктанышат" ,- деди Атамбаев.
"Кыргыздын бабалары эч качан бөлүнгөн эмес, бузукуларга ишенбегиле" ,- деп айтты мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-мартта Ош шаарында суу кампанын ачылышында сүйлөп жатып. "Мен муну бүгүн айтып кетишим керек. Менин ата-бабам Чүйгө барганда чүйлүктөр мени президенттикке чейин көтөрүштү. Дагы бир жолу бузукуларга жол берсеңер, Оштун тургундарын сыйлоо оор болот. Ошондуктан мен силерден абдан өтүнөм, бөлүнбөгүлө, бузукуларга жол бербегиле.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141823
2016-03-16
ky
Борбор калаада жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза таап, аны сүзүп качып кеткен айдоочу соттун чечими менен үй камагына алынды
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну Свердлов райондук соту үй камагына калтырды. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу 16-март күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, окуя 12-март күнү болжол менен саат 00:20да болгон. Анда Мерседес 211 үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Жибек-Жолу көчөсүнөн батыш тарапка баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Окуянын күбөсү унаанын артынан айдап барып айдоочуну токтоткон, бирок айдоочу унаасын калтырып качып кетүүгө үлгүргөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Э.Н. аттуу шаар тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 14-март күнү Свердлов райондук соту айдоочунун баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну Свердлов райондук соту үй камагына калтырды. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу 16-март күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, окуя 12-март күнү болжол менен саат 00:20да болгон. Анда Мерседес 211 үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Жибек-Жолу көчөсүнөн батыш тарапка баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Окуянын күбөсү унаанын артынан айдап барып айдоочуну токтоткон, бирок айдоочу унаасын калтырып качып кетүүгө үлгүргөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Э.Н. аттуу шаар тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 14-март күнү Свердлов райондук соту айдоочунун баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141819
2016-03-16
ky
Бишкекте "Тез жардамдын" кызматкерлерине карата күч колдонуп, ызы-чуу салган жаранга карата кылмыш иши козголгон жок
Бишкекте “Тез жардам” кызматынын кызматкерлерине карата күч колдонуп, жумуш телефонун сындырып, ызы-чуу чыгарган жарандын үстүнөн арыз түшкөн жок. Аталган жаран милиция бөлүмүнө алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө коё берилген. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 15-мартта саат 19:44 чамасында “Тез жардам" кызматына "Чүй кең көчөсү жана Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде 50 жаштагы адам өзүн жаман сезип жатат" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер ал жерде 39 жаштагы адамдын жүрөк тушу ооруксунуп жатканын аныкташкан. Жаран өз сөзүндө бир нече күндөн бери алкоголдук ичимдиктерди ичип жатканын айткан. Ал Кардиология борборуна жеткирилип, тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөн. Ооруканага келатканда жаран өзүн жаман сезип жатканын айтып, унааны токтотууну талап кылган. Ал арада кызматкерлер менен урушуп, айдоочуга карата күч колдонгон. Көп өтпөй аталган жаран "Тез жардам" кызматынын имаратына келип жардам сураган. Кызматкерлер ал ооруканага барып кайрылуусу керектигин билдиришкен. Буга бейтап ызы-чуу салып, "жогорку мекемелерге арыз жазам" деп коркуткан. Кийин аны милиция кызматкерлери алып кетишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Бишкекте “Тез жардам” кызматынын кызматкерлерине карата күч колдонуп, жумуш телефонун сындырып, ызы-чуу чыгарган жарандын үстүнөн арыз түшкөн жок. Аталган жаран милиция бөлүмүнө алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө коё берилген. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 15-мартта саат 19:44 чамасында “Тез жардам" кызматына "Чүй кең көчөсү жана Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде 50 жаштагы адам өзүн жаман сезип жатат" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер ал жерде 39 жаштагы адамдын жүрөк тушу ооруксунуп жатканын аныкташкан. Жаран өз сөзүндө бир нече күндөн бери алкоголдук ичимдиктерди ичип жатканын айткан. Ал Кардиология борборуна жеткирилип, тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөн. Ооруканага келатканда жаран өзүн жаман сезип жатканын айтып, унааны токтотууну талап кылган. Ал арада кызматкерлер менен урушуп, айдоочуга карата күч колдонгон. Көп өтпөй аталган жаран "Тез жардам" кызматынын имаратына келип жардам сураган. Кызматкерлер ал ооруканага барып кайрылуусу керектигин билдиришкен. Буга бейтап ызы-чуу салып, "жогорку мекемелерге арыз жазам" деп коркуткан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141809
2016-03-16
ky
Бактардын артына жашынып унаа тоскон кайгуул-милициясынын кызматкерлерине чара көрүлөт
“ Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери эми бактардын артына жашынып туруп иш алып барышпайт ”,- деди бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов . Анын айтымында, ар бир кызматкерге атайын маршруттар бекитилген. Бактын артына жашынып унаа тосушкан болсо, чара көрүлөт. “ Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери аларга бөлүнгөн жол тилкесин иретке келтирүү менен алек болушат. Ал жерде унаа тыгындарын болтурбоо, жол эрежелери бузулуп же кырсык болсо, ошону карашат. Учурда Бишкек шаары менен Чүй облусу кызматтык унаалар менен камсыздалган. Мындан тышкары 12 жеке унаа келишимдин негизинде ишке тартылган. Алар менен инспекторлор жумушка чыгышса болот. Бирок унаа сөзсүз түрдө токтоого уруксат болгон жерде туруп, аба ырайы жаман болгон учурда гана инспектор ичине кирип протокол түзө алат. Мындан тышкары кызматтык эмес унаа менен мыйзам бузуучунун аркасынан кубалоого тыюу салынган ”,- деди орун басар.
“ Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери эми бактардын артына жашынып туруп иш алып барышпайт ”,- деди бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов . Анын айтымында, ар бир кызматкерге атайын маршруттар бекитилген. Бактын артына жашынып унаа тосушкан болсо, чара көрүлөт. “ Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери аларга бөлүнгөн жол тилкесин иретке келтирүү менен алек болушат. Ал жерде унаа тыгындарын болтурбоо, жол эрежелери бузулуп же кырсык болсо, ошону карашат. Учурда Бишкек шаары менен Чүй облусу кызматтык унаалар менен камсыздалган. Мындан тышкары 12 жеке унаа келишимдин негизинде ишке тартылган. Алар менен инспекторлор жумушка чыгышса болот. Бирок унаа сөзсүз түрдө токтоого уруксат болгон жерде туруп, аба ырайы жаман болгон учурда гана инспектор ичине кирип протокол түзө алат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141803
2016-03-16
ky
Ош шаарында каршы тилкеге чыгып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканадан каза тапты
Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө кечээ, 15-мартта айдоочу сүзүп кеткен жөө жүрүүчү 1 сааттан кийин каза болуп калды. Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну ур-токмокко алууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сузуки Лиана үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу каршы тилкеге чыгып, жол боюнда турган 2-3 аялды сүзүп кете жаздаган. Катуу келаткан унааны көргөн аялдар качууга үлгүрүп, алардын бири жетишпей калган. Катуу соккудан улам жабырлануучу 10 метрдей аралыкка учуп барып кулаган. Аял ооруканага жеткирилип, оор жаракаттардан улам 1 сааттан кийин көз жумган. Анын артында бир кызы жана уулу калганы маалым болду. "Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну сабаганга аракет кылган. Териштирүү иштеринин алкагында айдоочу таңга маал Бишкектен келип, уктабай жүргөнү аныкталган. Ал кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков.
Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө кечээ, 15-мартта айдоочу сүзүп кеткен жөө жүрүүчү 1 сааттан кийин каза болуп калды. Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну ур-токмокко алууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сузуки Лиана үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу каршы тилкеге чыгып, жол боюнда турган 2-3 аялды сүзүп кете жаздаган. Катуу келаткан унааны көргөн аялдар качууга үлгүрүп, алардын бири жетишпей калган. Катуу соккудан улам жабырлануучу 10 метрдей аралыкка учуп барып кулаган. Аял ооруканага жеткирилип, оор жаракаттардан улам 1 сааттан кийин көз жумган. Анын артында бир кызы жана уулу калганы маалым болду. "Окуя болгон жерге чогулган эл айдоочуну сабаганга аракет кылган. Териштирүү иштеринин алкагында айдоочу таңга маал Бишкектен келип, уктабай жүргөнү аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141795
2016-03-16
ky
Төрага Жээнбеков: "Чехия өлкөбүздө чакан ГЭСтерди курууга 190 миллион доллар бөлүп бергени жатат"
Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди курууга 190 миллион доллар бөлүп берүү боюнча Чехия менен меморандум жана алдын ала макулдашуулар түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, 2 чехиялык энергокомпания кыргыз өлкөсүнүн аймагында чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар. "Мындай инвестициялар дагы башка тармактарга да бөлүнөрүнө ишенебиз. Чехия бүгүнкү күндө Борбор жана Чыгыш Европанын эң өнүккөн мамлекеттеринин бири болуп саналат. Чехияда өнөр жай, унаа куруу жана башка тармактар мыкты өнүккөн. Бул өлкөнүн бюджети абдан жакшы, туруктуу. Биз мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланышыбыз керек" ,- деди Жээнбеков.
Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди курууга 190 миллион доллар бөлүп берүү боюнча Чехия менен меморандум жана алдын ала макулдашуулар түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, 2 чехиялык энергокомпания кыргыз өлкөсүнүн аймагында чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар. "Мындай инвестициялар дагы башка тармактарга да бөлүнөрүнө ишенебиз. Чехия бүгүнкү күндө Борбор жана Чыгыш Европанын эң өнүккөн мамлекеттеринин бири болуп саналат. Чехияда өнөр жай, унаа куруу жана башка тармактар мыкты өнүккөн. Бул өлкөнүн бюджети абдан жакшы, туруктуу.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141812
2016-03-16
ky
Чехия парламентинин төрагасы: "Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок"
Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок. Мындай жеке пикирин бүгүн, 16-мартта журналисттерге Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек билдирди. Анын айтымында, Орусияга каршы санкциялар Сириядагы окуяларга байланыштуу эмес, Украинадагы жана Крымдагы окуялардан улам салынган. "Менин оюм боюнча, Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок. Бирок орус тарап Минск келишимдеринде камтылган милдеттерди аткармайынча бул санкциялар жокко чыгарылбайт. Тилекке каршы, аталган милдеттер аткарылбай жатат, Украинада кырдаал басылбай жатат. Ошондуктан мен Орусияга каршы санкциялардын жакын арада жокко чыгарылышын көрбөй турам" , - деди Гамачек.
Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок. Мындай жеке пикирин бүгүн, 16-мартта журналисттерге Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек билдирди. Анын айтымында, Орусияга каршы санкциялар Сириядагы окуяларга байланыштуу эмес, Украинадагы жана Крымдагы окуялардан улам салынган. "Менин оюм боюнча, Орусияга каршы санкциялар жокко чыгарылса жакшы болмок. Бирок орус тарап Минск келишимдеринде камтылган милдеттерди аткармайынча бул санкциялар жокко чыгарылбайт. Тилекке каршы, аталган милдеттер аткарылбай жатат, Украинада кырдаал басылбай жатат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141810
2016-03-16
ky
СУПЕРСТАН: "Кыз-жигит кафеде "счётту" чогуу төлөшү керекпи же..."
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз-жигит "счётту" чогуу төлөшү керекпи же..." деген теманы талкуулоо уланууда. Белгилүү бир окуя тууралуу автор буларды жазган: "Соңку кабар" жакта бир жаңылык жүрөт го, кыз-жигит кафеде отурушуп, анан эсеби 10 миң сом болуп чыгып келсе, жигит байкуш чы-ыыз кайым болуп кетиптир... Ушундан улам, достор, суроо... Силерде кандай? Жаңы таанышкан кыз же жигит, чогуу тамактанып калсаңар, эсепти кандай кылып төлөйсүңөр? Дегеле, ушундай абалда кандай кыласыңар?" Тема көпчүлүктү кызыктырды. Колдонуучулардын бири: "Кыргызда жакшы сөз бар го, "көрпөңө карап бутуңду сун" деген. Акчасы жок болсо, жолугушууда не бар? Достор болсо го бир жөн. Чогуу төлөйсүң. Анан жигит менен кыз отурган жерде жигит эле мырзалык сапатын көрсөтүп койсо болсо керек", - дейт. Башка колдонуучу: "Бир жакшы сөз бар, "эч ким эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес" деген. Менин оюмча, жигит кыз үчүн анын эсебин төлөөгө милдеттүү эмес. Эгерде кыз жигиттин карындашы, эжеси, болочоктогу жубайлыкка талапкер болбосо... Ошондуктан ар ким өз эсебин өзү төлөшү керек деп эсептейм. Бирөөнүн эсебинен тамак ичип, курсагын тойгузган "чайка" кыздарды мен кайырчылар менен "паразиттерге" теңейм", - деп жазды. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз-жигит "счётту" чогуу төлөшү керекпи же..." деген теманы талкуулоо уланууда. Белгилүү бир окуя тууралуу автор буларды жазган: "Соңку кабар" жакта бир жаңылык жүрөт го, кыз-жигит кафеде отурушуп, анан эсеби 10 миң сом болуп чыгып келсе, жигит байкуш чы-ыыз кайым болуп кетиптир... Ушундан улам, достор, суроо... Силерде кандай? Жаңы таанышкан кыз же жигит, чогуу тамактанып калсаңар, эсепти кандай кылып төлөйсүңөр? Дегеле, ушундай абалда кандай кыласыңар?" Тема көпчүлүктү кызыктырды. Колдонуучулардын бири: "Кыргызда жакшы сөз бар го, "көрпөңө карап бутуңду сун" деген. Акчасы жок болсо, жолугушууда не бар? Достор болсо го бир жөн. Чогуу төлөйсүң. Анан жигит менен кыз отурган жерде жигит эле мырзалык сапатын көрсөтүп койсо болсо керек", - дейт. Башка колдонуучу: "Бир жакшы сөз бар, "эч ким эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес" деген. Менин оюмча, жигит кыз үчүн анын эсебин төлөөгө милдеттүү эмес. Эгерде кыз жигиттин карындашы, эжеси, болочоктогу жубайлыкка талапкер болбосо... Ошондуктан ар ким өз эсебин өзү төлөшү керек деп эсептейм. Бирөөнүн эсебинен тамак ичип, курсагын тойгузган "чайка" кыздарды мен кайырчылар менен "паразиттерге" теңейм", - деп жазды.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141801
2016-03-16
ky
ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Ырчы Айпери Сыдыкова бүгүн туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосот
Бүгүн, 16-мартта тал чыбыктай буралган ырчы Айпери Сыдыкова 30 жашка толду. Андыктан ырчы айым өздүк майрамын кандай белгилеп жатканына кызыгып, өзү менен байланыштык. Айпери Сыдыкова туулган күнүн белгилөө үчүн тааныштарынын бирин чакырып, экинчисин унутуп калса, таарынып калышары мүмкүн болгондуктан, үй-бүлөсүнүн кучагында гана өткөрүүнү чечкен. "Таң эртеден бери эле тааныштарым куттуктап жатышат. Туулган күнгө бирин чакырып, экинчисин чакырбай койсоң таарынышат экен. Андыктан бул жылы туулган күнүмдү үй-бүлөм менен белгилөөнү чечтим",- деп билдирди. 16-марттын жылнаамасы .
Бүгүн, 16-мартта тал чыбыктай буралган ырчы Айпери Сыдыкова 30 жашка толду. Андыктан ырчы айым өздүк майрамын кандай белгилеп жатканына кызыгып, өзү менен байланыштык. Айпери Сыдыкова туулган күнүн белгилөө үчүн тааныштарынын бирин чакырып, экинчисин унутуп калса, таарынып калышары мүмкүн болгондуктан, үй-бүлөсүнүн кучагында гана өткөрүүнү чечкен. "Таң эртеден бери эле тааныштарым куттуктап жатышат. Туулган күнгө бирин чакырып, экинчисин чакырбай койсоң таарынышат экен. Андыктан бул жылы туулган күнүмдү үй-бүлөм менен белгилөөнү чечтим",- деп билдирди.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141807
2016-03-16
ky
Жеке ишкер Нарынбек Сариев жубайын үч баласы менен үйүнө киргизбей жатканын келинчеги Анара Сариева билдирди
Жеке ишкер Нарынбек Сариев аялын жана балдарын үйүнөн кубалап чыгарып, киргизбей жатканын жубайы Анара Сариева SUPER.KG порталына 16-март күнү билдирди. Анара айымдын айтымында, жеке ишкер мыйзамдуу түрдөгү жубайын жана өз балдарын үйүнөн кууп чыкканын, алар азыркы тапта тайларынын үйүндө туруп жатышканын айтты. “ Мен үч балам менен өз үйүмө кире албай жатам. Жолдошум үй кароолчуга бизди киргизбөөгө буйрук берген экен. Анысын кой, ал улам бир шылтоолорду айтуу менен менин үстүмдөн кылмыш ишин козгото албай жатат” ,- деди Сариева. Эскерте кетсек, буга чейин Анара Сариева маалымат жыйын өткөрүп, жолдошу Нарынбек Сариев аларга тийиштүү мүлктү бөлгүсү келбей жатканын билдирген.
Жеке ишкер Нарынбек Сариев аялын жана балдарын үйүнөн кубалап чыгарып, киргизбей жатканын жубайы Анара Сариева порталына 16-март күнү билдирди. Анара айымдын айтымында, жеке ишкер мыйзамдуу түрдөгү жубайын жана өз балдарын үйүнөн кууп чыкканын, алар азыркы тапта тайларынын үйүндө туруп жатышканын айтты. “ Мен үч балам менен өз үйүмө кире албай жатам. Жолдошум үй кароолчуга бизди киргизбөөгө буйрук берген экен. Анысын кой, ал улам бир шылтоолорду айтуу менен менин үстүмдөн кылмыш ишин козгото албай жатат” ,- деди Сариева.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141799
2016-03-16
ky
Ош шаарында "боюнан алдыруу үчүн 5500 сом талап кылган" деген шек менен жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери кармалды
Ош шаарында "боюнан алдыруу үчүн 5500 сом талап кылган" деген шек менен жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери боюнан алдыруу үчүн көп суммадагы акча талап кылып жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жеке менчик клиникада иштеген Ош шаардык төрөт үйүнүн бөлүмдөрүнүн биринин башчысы 5500 сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Ош шаарында "боюнан алдыруу үчүн 5500 сом талап кылган" деген шек менен жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери боюнан алдыруу үчүн көп суммадагы акча талап кылып жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жеке менчик клиникада иштеген Ош шаардык төрөт үйүнүн бөлүмдөрүнүн биринин башчысы 5500 сом акча алып жаткан жеринен кармалды.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141805
2016-03-16
ky
Унаанын айнектерин талкалап, бейбаштык фактысына шектелген шаар тургуну кармалды
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда бейбаштык фактысына шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 16-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 11-мартта Бишкек шаарынын 36 жаштагы У.А. аттуу тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 11-март күнү саат 15:00 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылынан болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз адам Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасынын алдынкы жана сол жагындагы терезелерин сындырып кеткенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 10 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Бишкек шаарынын Ч.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда бейбаштык фактысына шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 16-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 11-мартта Бишкек шаарынын 36 жаштагы У.А. аттуу тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 11-март күнү саат 15:00 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылынан болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз адам Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасынын алдынкы жана сол жагындагы терезелерин сындырып кеткенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 10 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Бишкек шаарынын Ч.У. аттуу тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141789
2016-03-16
ky
Чүйдө унаасын башкара албай калган айдоочу эки унааны сүзүп, өзү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди
Чүй облусунда унаасын башкара албай калган айдоочу эки унааны сүзүп, өзү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 16-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 15-март күнү болжол менен саат 13:00дө Аламүдүн айылынын 60 жаштагы тургуну Г.А. БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен Ленин айылында баратып унаасын башкара албай жолдун четине чыгып кеткен. Ошол маалда Бирлик айылынын К.Н. аттуу тургунуна тийиштүү Тойота Виш унаасын жана Бишкек шаарынын тургуну А.Рга тийиштүү ВАЗ 21070 үлгүсүндөгү унааларды сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен БМВ унаасынын айдоочу жаракат алып, Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Чүй облусунда унаасын башкара албай калган айдоочу эки унааны сүзүп, өзү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 16-март күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 15-март күнү болжол менен саат 13:00дө Аламүдүн айылынын 60 жаштагы тургуну Г.А. БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен Ленин айылында баратып унаасын башкара албай жолдун четине чыгып кеткен. Ошол маалда Бирлик айылынын К.Н. аттуу тургунуна тийиштүү Тойота Виш унаасын жана Бишкек шаарынын тургуну А.Рга тийиштүү ВАЗ 21070 үлгүсүндөгү унааларды сүзүп кеткен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141797
2016-03-16
ky
Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлоруна берилчү видеокамералар 3 метр бийиктиктен куласа да сынбай, 8 саатка чейин тынымсыз иш алып бара алат
Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлоруна берилчү видеокамералар 3 метр бийиктиктен куласа да сынбай, 8 саатка чейин тынымсыз иш алып бара алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, аталган жабдык кызматкерлердин төшүнө орнотулуп, 8 саат бою тынымсыз иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Үч нөөмөт менен иштеген инспекторлордун ар биринин атына жазылган бул видеокамералар алар тарабынан өчүрүлбөйт жана сынып же иштебей калган маалда кызматкер жоопко тартылат. Инспектор тамактанган маалда нөөмөттө турган адамга канча убакытка кетерин билдирип коюп турат. Видеокамера ар бир милиция кызматкерине эмес, инспекторлоруна гана берилет. Айта кетсек, бүгүн жаңы түзүлгөн мекеменин кызматкерлеринин кийими көрсөтүлдү. Жаңы долбоор эки баскыч менен ишке ашат. Биринчи баскычка ылайык, Патрулдук кайгуул-милиция кызматы 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилет. Ал эми экинчи баскычта 1-июлдан баштап республиканын башка аймактарында толук кандуу ишке кирет.
Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлоруна берилчү видеокамералар 3 метр бийиктиктен куласа да сынбай, 8 саатка чейин тынымсыз иш алып бара алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, аталган жабдык кызматкерлердин төшүнө орнотулуп, 8 саат бою тынымсыз иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Үч нөөмөт менен иштеген инспекторлордун ар биринин атына жазылган бул видеокамералар алар тарабынан өчүрүлбөйт жана сынып же иштебей калган маалда кызматкер жоопко тартылат. Инспектор тамактанган маалда нөөмөттө турган адамга канча убакытка кетерин билдирип коюп турат. Видеокамера ар бир милиция кызматкерине эмес, инспекторлоруна гана берилет. Айта кетсек, бүгүн жаңы түзүлгөн мекеменин кызматкерлеринин кийими көрсөтүлдү. Жаңы долбоор эки баскыч менен ишке ашат. Биринчи баскычка ылайык, Патрулдук кайгуул-милиция кызматы 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141783
2016-03-16
ky
Кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттешине эң арзан билет 184 сомдон, эң кымбат билет 9 миң сомдон сатылууда
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жана Азия чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында 29-мартта Тажикстан курамасы Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларын кабыл алат. Борбордук стадиондо өтө турган беттешке саат 17:00дө (Бишкек сааты боюнча) старт берилет. Бул беттешке карата учурда Тажикстандын Футбол федерациясы кызуу даярдык көрүп жатат. Тандоо турунун акыркы оюнуна карата билеттер 24-мартта сатыла баштайт. Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлагандай, сатыкка чыккан билеттер 3 категорияга бөлүнгөн: биринчи, VIP жана VVIP. Маалыматка ылайык, 1-категориядагы билеттердин баасы 20 сомонини түзөт (сомго которгондо 184 сом). VIP категориясындагы билеттер 50 сомониге бааланууда (461 сом). Ал эми VVIP категориясындагы билеттердин баасы 1000 сомони (9220 сом) турат. Бул категориядагы билетти сатып алгандарга VVIP трибунада чектөө коюлбайт, көп артыкчылык берилет.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жана Азия чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында 29-мартта Тажикстан курамасы Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчуларын кабыл алат. Борбордук стадиондо өтө турган беттешке саат 17:00дө (Бишкек сааты боюнча) старт берилет. Бул беттешке карата учурда Тажикстандын Футбол федерациясы кызуу даярдык көрүп жатат. Тандоо турунун акыркы оюнуна карата билеттер 24-мартта сатыла баштайт. Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлагандай, сатыкка чыккан билеттер 3 категорияга бөлүнгөн: биринчи, VIP жана VVIP. Маалыматка ылайык, 1-категориядагы билеттердин баасы 20 сомонини түзөт (сомго которгондо 184 сом). VIP категориясындагы билеттер 50 сомониге бааланууда (461 сом). Ал эми VVIP категориясындагы билеттердин баасы 1000 сомони (9220 сом) турат.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141793
2016-03-16
ky
ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Бүгүн "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу туулган күнүн досторунун курчоосунда өткөрөт
Бүгүн, 16-мартта "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу 24 жашка чыгат. Самат өздүк майрамын кантип белгилеп жатканына кызыгып, байланышка чыктык. Самат Эркинбек уулу туулган күнүндө шаан-шөкөттү көп жактырбагандыктан, достору менен эле бирге белгилей турганын айтты. "Өздүк майрамды белгилөө бүгүнкү планымда деле жок. Негизи, туулган күнүмдө майрамдабайм деле. Албетте, достор менен чогулуп бир аз майрамдасак керек",- деген жооп узатты. 16-марттын жылнаамасы .
Бүгүн, 16-мартта "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу 24 жашка чыгат. Самат өздүк майрамын кантип белгилеп жатканына кызыгып, байланышка чыктык. Самат Эркинбек уулу туулган күнүндө шаан-шөкөттү көп жактырбагандыктан, достору менен эле бирге белгилей турганын айтты. "Өздүк майрамды белгилөө бүгүнкү планымда деле жок. Негизи, туулган күнүмдө майрамдабайм деле. Албетте, достор менен чогулуп бир аз майрамдасак керек",- деген жооп узатты.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141779
2016-03-16
ky
Тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды
Балыкчы – Тамчы – Корумду унаа жолун, «Манас» аэропорту жолун калыбына келтирүүгө, малды идентификациялоого техникалык жабдууларды сатып алууга жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын иштөө мөөнөтү 2016-жылдын 4-майына чейин узартылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутаттык комиссиянын курамы төмөнкү депутаттар менен толукталды: КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев , Гүлкан Молдобекова , Искендер Матраимов ; «Республика – Ата Журт» фракциясынан Максат Сабиров , Таабалды Тиллаев ; «Кыргызстан» фракциясынан Кубанычбек Нурматов . Эске салсак, буга чейин депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Канатбек Исаев («Кыргызстан»), Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Абылкайыр Узакбаев («Өнүгүү – Прогресс»), Талант Мамытов («Республика – Ата Журт») кирген.
Балыкчы – Тамчы – Корумду унаа жолун, «Манас» аэропорту жолун калыбына келтирүүгө, малды идентификациялоого техникалык жабдууларды сатып алууга жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын иштөө мөөнөтү 2016-жылдын 4-майына чейин узартылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутаттык комиссиянын курамы төмөнкү депутаттар менен толукталды: КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев , Гүлкан Молдобекова , Искендер Матраимов ; «Республика – Ата Журт» фракциясынан Максат Сабиров , Таабалды Тиллаев ; «Кыргызстан» фракциясынан Кубанычбек Нурматов .
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141791
2016-03-16
ky
СУПЕРСТАН: Араксыз той өткөрүүгө болобу?
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Араксыз той өткөрүү" деген тема кызуу талкууланууда. "Бир тойдо 250-300 бөтөлкө арак ичип коюшкандан кийин "той-мааракелерди араксыз өткөрүү" дегенге ишенбей кетесиң. Элибизге акырындык менен ыйман, акыл, намыс кирип, ошол күн да келип калар. Балээнин баары ошол дүңгүрөтүп той өткөрүүдөн келип чыгып жатат. Тойлорго бир аз чектөө болсо, балким, араксыз тойлор деле өтмөк..." - дейт форумчулардын бири. Башка форумчу: "Тойду араксыз өткөрөм дегениңер "Мен нан жебейм, суу эле ичем. Нан жесем курсагым тойбой калат" дегендей болуп калыптыр го..." - деп жазды. Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Араксыз той өткөрүү" деген тема кызуу талкууланууда. "Бир тойдо 250-300 бөтөлкө арак ичип коюшкандан кийин "той-мааракелерди араксыз өткөрүү" дегенге ишенбей кетесиң. Элибизге акырындык менен ыйман, акыл, намыс кирип, ошол күн да келип калар. Балээнин баары ошол дүңгүрөтүп той өткөрүүдөн келип чыгып жатат. Тойлорго бир аз чектөө болсо, балким, араксыз тойлор деле өтмөк..." - дейт форумчулардын бири. Башка форумчу: "Тойду араксыз өткөрөм дегениңер "Мен нан жебейм, суу эле ичем. Нан жесем курсагым тойбой калат" дегендей болуп калыптыр го..." - деп жазды. Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141771
2016-03-16
ky
Өнөр жай ишканаларына суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр киргизилүүдө
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексине, “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты - өнөр жай максатындагы суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү киргизүү процедурасын жөнөкөйлөтүү. "Долбоор аркылуу Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында аракеттеги мыйзамдардан Жогорку Кеңештин компетенциясындагы жаратылыш ресурсу катарында сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө алынып, өкмөткө берилүүдө" ,- деди депутат. Талкууда депутат Аида Салянованын сунушу менен өзгөчө абалдын зоналары жана экологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын укуктук режимин белгилөө жана сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн негизги өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча жеңилдиктерди белгилөө Жогорку Кеңештин компетенциясында калтырылып жатканы белгилүү болду. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексине, “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты - өнөр жай максатындагы суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү киргизүү процедурасын жөнөкөйлөтүү. "Долбоор аркылуу Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында аракеттеги мыйзамдардан Жогорку Кеңештин компетенциясындагы жаратылыш ресурсу катарында сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө алынып, өкмөткө берилүүдө" ,- деди депутат. Талкууда депутат Аида Салянованын сунушу менен өзгөчө абалдын зоналары жана экологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын укуктук режимин белгилөө жана сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн негизги өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча жеңилдиктерди белгилөө Жогорку Кеңештин компетенциясында калтырылып жатканы белгилүү болду.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141781
2016-03-16
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Орусиянын Иркутск облусунда 35 миңдей кыргыз жашайт
Орусия телеканалдарынын бири Иркутск аймагында жашаган кыргыздар тууралуу берген кызыктуу сюжет SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Englishman). Материалда Иркутск шаарында кафе иштеткен кыргыз жараны Эмилбек Бакиров жөнүндө сөз болуп, анын шаар тургундарын чыгыш даамдарынын 20дай түрү менен 7 жылдан бери тамактандырып келери айтылат. "Совет доорунда миңдеген кыргыздар Иркутск шаарына жогорку билим алууга келишкен. Көпчүлүгү мында калып, үй-бүлө курушкан. Учурда аймакта 35 миңден ашуун кыргыз жашаса, мунун 10 миңдейи эмгек мигранттары",- дейт баяндамачы. Сюжетте кыргыздын улуттук буюмдары: камчы, комуз, Сибирге сүргүнгө айдалган акын Токтогул Сатылгановдун өмүр баяны, анын күүлөрү тууралуу сөз болду. Видеону көрүү үчүн шилтеме .
Орусия телеканалдарынын бири Иркутск аймагында жашаган кыргыздар тууралуу берген кызыктуу сюжет порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Englishman). Материалда Иркутск шаарында кафе иштеткен кыргыз жараны Эмилбек Бакиров жөнүндө сөз болуп, анын шаар тургундарын чыгыш даамдарынын 20дай түрү менен 7 жылдан бери тамактандырып келери айтылат. "Совет доорунда миңдеген кыргыздар Иркутск шаарына жогорку билим алууга келишкен. Көпчүлүгү мында калып, үй-бүлө курушкан. Учурда аймакта 35 миңден ашуун кыргыз жашаса, мунун 10 миңдейи эмгек мигранттары",- дейт баяндамачы. Сюжетте кыргыздын улуттук буюмдары: камчы, комуз, Сибирге сүргүнгө айдалган акын Токтогул Сатылгановдун өмүр баяны, анын күүлөрү тууралуу сөз болду.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141763
2016-03-16
ky
Улуттук статистика комитети: Эки айда өндүрүштүн көлөмү салыштырмалуу 34,8 пайызга төмөндөдү
2016-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 26,5 миллиард сомду түзүп, 2015-жылдын январь-февралындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 34,8 пайызга төмөндөдү. "Кумтөр" кен казуу ишканасын эсепке албаганда, төмөндөө 4,2 пайызды түздү. Бул тууралуу 16-мартта Улуттук статистика комитети кабарлады. Өнөр жайдагы өндүрүмдүн төмөндөшүнүн негизги себептери: баалуу металлдар (56,5 пайызга), минералдык продуктулар (40 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн көлөмүнүн (66,8 пайызга), кийимдерди өндүрүүнүн көлөмүнүн (34,9 пайызга) олуттуу кыскарышы. Электр энергиясын өндүрүү, аны берүү жана бөлүштүрүүнүн көлөмү 10,6 пайызга кыскарды.
2016-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 26,5 миллиард сомду түзүп, 2015-жылдын январь-февралындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 34,8 пайызга төмөндөдү. "Кумтөр" кен казуу ишканасын эсепке албаганда, төмөндөө 4,2 пайызды түздү. Бул тууралуу 16-мартта Улуттук статистика комитети кабарлады. Өнөр жайдагы өндүрүмдүн төмөндөшүнүн негизги себептери: баалуу металлдар (56,5 пайызга), минералдык продуктулар (40 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн көлөмүнүн (66,8 пайызга), кийимдерди өндүрүүнүн көлөмүнүн (34,9 пайызга) олуттуу кыскарышы.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141745
2016-03-16
ky
Бишкектеги базарлардын биринен капчык уурдоого шектелип 2 кыз кармалды
Бишкектеги базарлардын биринен капчык уурдоого шектелип 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну кайрылган. Ал 15-март күнү "Дордой" базарынан белгисиз адамдар сумкасындагы 7070 сом акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы О.Г. жана 16 жаштагы А.А. аттуу кыздар кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкектеги базарлардын биринен капчык уурдоого шектелип 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну кайрылган. Ал 15-март күнү "Дордой" базарынан белгисиз адамдар сумкасындагы 7070 сом акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы О.Г. жана 16 жаштагы А.А. аттуу кыздар кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141767
2016-03-16
ky
Борбордо баңгизат менен 21 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды
Борбор калаада баңгизат менен 21 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында 15-март күнү саат 02:00 чамасында Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Нарын облусунун 21 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан жалпы салмагы 26 граммды түзгөн гашиш табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбор калаада баңгизат менен 21 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында 15-март күнү саат 02:00 чамасында Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Нарын облусунун 21 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан жалпы салмагы 26 граммды түзгөн гашиш табылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141769
2016-03-16
ky
Бишкекте "Улуу ойчул Жусуп Баласагынга 1000 жыл" деген аталыштагы көчмө көргөзмө ачылды (фоторепортаж)
Быйыл кыргыз жеринде Тарых жана маданият жылына карата айтылуу "Кут алчу билим" (“Кутадгу билиг”) чыгармасынын автору, ойчул, акын, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган атайын иш-чаралар уюштурулмакчы. Алардын алгачкысы бүгүн, 16-мартта Бишкектеги М.Фрунзе атындагы музейде орун алды. Музейде "Улуу ойчул Жусуп Баласагынга 1000 жыл" деген аталыштагы көчмө көргөзмөнүн ачылышы болду. Көргөзмөнүн ачылыш аземине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов , Эл жазуучусу Төлөгөн Козубеков , тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов жана студенттер, окуучулар катышышты. Көргөзмөдө Жусуп Баласагындын өмүр таржымалы, кыргыздар, тарыхый-архитектуралык курулуштар тууралуу макалалар, сүрөттөр жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар министр баштаган топко, студенттерге сүрөттөрдүн тарыхы, ойчулдун өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу айтып беришти. Көргөзмө Бишкекте Улуттук китепканада, Мамлекеттик тарых музейинде жана М.Фрунзе атындагы музейде өткөрүлүп жатат.
Быйыл кыргыз жеринде Тарых жана маданият жылына карата айтылуу "Кут алчу билим" (“Кутадгу билиг”) чыгармасынын автору, ойчул, акын, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган атайын иш-чаралар уюштурулмакчы. Алардын алгачкысы бүгүн, 16-мартта Бишкектеги М.Фрунзе атындагы музейде орун алды. Музейде "Улуу ойчул Жусуп Баласагынга 1000 жыл" деген аталыштагы көчмө көргөзмөнүн ачылышы болду. Көргөзмөнүн ачылыш аземине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов , Эл жазуучусу Төлөгөн Козубеков , тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов жана студенттер, окуучулар катышышты. Көргөзмөдө Жусуп Баласагындын өмүр таржымалы, кыргыздар, тарыхый-архитектуралык курулуштар тууралуу макалалар, сүрөттөр жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар министр баштаган топко, студенттерге сүрөттөрдүн тарыхы, ойчулдун өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу айтып беришти.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141749
2016-03-16
ky
Ишеним кат менен унаа сатып алган айдоочулар ага карата салынган айып тууралуу каттардан кабары жок жүрө берип, унаасынан айрылып калуусу мүмкүн
Ишеним кат менен унаа сатып алган айдоочулар ага карата салынган айып тууралуу каттардан кабары жок жүрө берип, унаасынан айрылып калуусу мүмкүн. Муну бүгүн, 16-мартта журналисттерге ИИМдин башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө катталган унаалардын 67-70 пайызынын айдоочулары генералдык ишеним кат менен жүрүшөт. " Жолдоо жүрүү эрежесин бузган айдоочуга айып анын унаасы кимге катталган болсо, ошого барат. Мисалы, унаа Баткенде жол эрежесин бузуу боюнча тизмеге катталган болсо, бирок анын анык ээси Бишкекте болсо, айып тууралуу билдирүү борбордогу дарекке барат. Аны төлөбөй койгон ээсине бир айдан кийин туум жазыла баштайт. Айыпты 5 жыл ичинде жаппай койгон маалда Баткенде жүргөн унаа конфискация болот. Ошондуктан айдоочулар айдап жүргөн унаасын тезинен өзүнө каттатуусу зарыл" ,- дейт Абдыжалиев.
Ишеним кат менен унаа сатып алган айдоочулар ага карата салынган айып тууралуу каттардан кабары жок жүрө берип, унаасынан айрылып калуусу мүмкүн. Муну бүгүн, 16-мартта журналисттерге ИИМдин башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө катталган унаалардын 67-70 пайызынын айдоочулары генералдык ишеним кат менен жүрүшөт. " Жолдоо жүрүү эрежесин бузган айдоочуга айып анын унаасы кимге катталган болсо, ошого барат. Мисалы, унаа Баткенде жол эрежесин бузуу боюнча тизмеге катталган болсо, бирок анын анык ээси Бишкекте болсо, айып тууралуу билдирүү борбордогу дарекке барат. Аны төлөбөй койгон ээсине бир айдан кийин туум жазыла баштайт. Айыпты 5 жыл ичинде жаппай койгон маалда Баткенде жүргөн унаа конфискация болот.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141761
2016-03-16
ky
Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз видеокамерадан бир айда 30 миллион сом акча түшөт
"Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз видеокамера бир айда болжолдуу түрдө 30 миллион сом акча таап коëт" ,- деди ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев 16-мартта өткөргөн маалымат жыйынында. Ал акчага ай сайын 8 видеокамера сатып алууга болот. "Аталган видеокөзөмөл бир күндө айыбы 1 миллион сомго тете болгон жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды тартып калууда. Алардан түшкөн каражаттар жеке бир компанияга эмес, мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Бул нерсе жаңы долбоордун эффективдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт. Ал акчага ар бир айда 8 камера сатылып алынса, шаардын башка бөлүктөрүнө да ушундай жабдыктарды койсок болот", - деди ал.
"Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз видеокамера бир айда болжолдуу түрдө 30 миллион сом акча таап коëт" ,- деди ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев 16-мартта өткөргөн маалымат жыйынында. Ал акчага ай сайын 8 видеокамера сатып алууга болот. "Аталган видеокөзөмөл бир күндө айыбы 1 миллион сомго тете болгон жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды тартып калууда. Алардан түшкөн каражаттар жеке бир компанияга эмес, мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Бул нерсе жаңы долбоордун эффективдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141751
2016-03-16
ky
Бишкекте 11 жаштагы кызын сабаган жаранга кылмыш иши козголду, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн
Бишкекте 11 жаштагы кызын сабаган жаранга кылмыш иши козголду, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Октябрь райондук прокуратурасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга борбордогу №3-балдар ооруканасына атасы тарабынан сабалган кыз келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп, анын алкагында 45 жаштагы С.Н. аттуу жаран 11 жаштагы Н.А. аттуу кызын сабап койгону аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилген. Бул факт боюнча кечээ, 15-мартта Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кызын сабаган жаранга карата "жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бишкекте 11 жаштагы кызын сабаган жаранга кылмыш иши козголду, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта порталына Октябрь райондук прокуратурасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга борбордогу №3-балдар ооруканасына атасы тарабынан сабалган кыз келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп, анын алкагында 45 жаштагы С.Н. аттуу жаран 11 жаштагы Н.А. аттуу кызын сабап койгону аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141747
2016-03-16
ky
Алмазбек Атамбаев Чехия парламентинин спикери менен жолугушту
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 16-мартта Бишкекке иш сапары менен келген Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек менен жолугушту. Президент өлкөлөр ортосундагы тыгыз достук мамиленин негизи СССР мезгилинде эле калыптанганын, Кыргыз Республикасы кыргыз-чех кызматташтыгын өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи. Чехия спикери Бишкекке болгон иш сапары эки тараптуу мамилелерди жандантууга түрткү берерине үмүттөнөрүн билдирди. Кыргыз мамлекетинин демократияны бекемдөө жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, Кыргыз Республикасы адилеттүү шайлоо өткөрүү боюнча аймактагы уникалдуу өлкө экенин айтты. Жолугушууда Бишкекте өтүүчү Кыргыз-чех бизнес-форуму тууралуу да пикир алышуу болгонун билдиришти президенттик аппараттан.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 16-мартта Бишкекке иш сапары менен келген Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек менен жолугушту. Президент өлкөлөр ортосундагы тыгыз достук мамиленин негизи СССР мезгилинде эле калыптанганын, Кыргыз Республикасы кыргыз-чех кызматташтыгын өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи. Чехия спикери Бишкекке болгон иш сапары эки тараптуу мамилелерди жандантууга түрткү берерине үмүттөнөрүн билдирди. Кыргыз мамлекетинин демократияны бекемдөө жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, Кыргыз Республикасы адилеттүү шайлоо өткөрүү боюнча аймактагы уникалдуу өлкө экенин айтты.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141753
2016-03-16
ky
Бишкекте "3700 долларын тартып алган" деп алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында "3700 долларын тартып алган" деп алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал чала таанышы ишенимине кирүү менен 3 жыл мурун алган 3700 долларын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы Ж.И. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарында "3700 долларын тартып алган" деп алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал чала таанышы ишенимине кирүү менен 3 жыл мурун алган 3700 долларын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы Ж.И. аттуу жаран кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141759
2016-03-16
ky
Өлкөдө ломбард ишин мыйзам аркылуу жөнгө салуу демилгеси парламентте талкууланды
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ломбард ишин мамлекеттик жөнгө салууга багытталган «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө ломбард иши лицензиялык уруксат берүү алуу аркылуу жүргүзүлүп келип, кийин мындай талап жоюлуп кеткендиктен, ал Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салынып калган. "Ломбард тармагында азыр талаш-тартыштар арбын. Алардын баарын Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салуу мүмкүн эмес. Ломбард иши мамлекеттик жөнгө салуу алкагынан сырткары калбашы керек. Ошондон улам аны мамлекеттик жөнгө салуу максатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мында ломбард ишин уюштуруу тартиби менен ыраатташтыруу чаралары камтылды" ,- деп айтылат маалыматта. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ломбард ишин мамлекеттик жөнгө салууга багытталган «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө ломбард иши лицензиялык уруксат берүү алуу аркылуу жүргүзүлүп келип, кийин мындай талап жоюлуп кеткендиктен, ал Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салынып калган. "Ломбард тармагында азыр талаш-тартыштар арбын. Алардын баарын Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салуу мүмкүн эмес. Ломбард иши мамлекеттик жөнгө салуу алкагынан сырткары калбашы керек. Ошондон улам аны мамлекеттик жөнгө салуу максатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мында ломбард ишин уюштуруу тартиби менен ыраатташтыруу чаралары камтылды" ,- деп айтылат маалыматта.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141757
2016-03-16
ky
Чехиянын депутаттары Бишкектеги Өчпөс отко гүл коюшту
Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган чех парламентинин делегациясы Бишкектеги Өчпөс отко гүл койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, гүл коюу аземине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков , Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. "Чех парламентинин делегациясы 16-17-март аралыгында Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат. Ошондой эле делегация мүчөлөрү Кыргыз-чех бизнес-форумуна, өлкөдөгү «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышмакчы" ,- деп айтылат маалыматта.
Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган чех парламентинин делегациясы Бишкектеги Өчпөс отко гүл койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, гүл коюу аземине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков , Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. "Чех парламентинин делегациясы 16-17-март аралыгында Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141755
2016-03-16
ky
Улуу Британияда пенсионерлердин абалын көзөмөлдөөчү таштанды челектери колдонула баштады
Улуу Британияда атайын аппарат орнотулган таштанды челектери колдонула баштады. Алар улгайган адамдардын таштанды төгүп жатканына дайыма байкоо салып турушат. Эгерде пенсионер 2 апта таштанды таштаганы келбей калса, анда таштанды салуучу челектеги сенсордук аппарат медицина кызматкерлерине кабар жөнөтөт. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы кечээ, 15-мартта жазып чыкты. Сенсор орнотулган контейнерлер Бат жана Түндүк-Чыгыш Сомерсет шаарларында колдонула баштады. Кабарлоочу контейнерлер таштандыны керекке жаратуу жана калдыктарды чогултуу кызматындагыларга таштанды идиштеринин толгон же толбогонунан да кабар берип турушат. Эксперттердин божомолунда, 10 жылдын ичинде өлкө кабар бергичи бар таштанды челектер менен камсыздалат.
Улуу Британияда атайын аппарат орнотулган таштанды челектери колдонула баштады. Алар улгайган адамдардын таштанды төгүп жатканына дайыма байкоо салып турушат. Эгерде пенсионер 2 апта таштанды таштаганы келбей калса, анда таштанды салуучу челектеги сенсордук аппарат медицина кызматкерлерине кабар жөнөтөт. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы кечээ, 15-мартта жазып чыкты. Сенсор орнотулган контейнерлер Бат жана Түндүк-Чыгыш Сомерсет шаарларында колдонула баштады. Кабарлоочу контейнерлер таштандыны керекке жаратуу жана калдыктарды чогултуу кызматындагыларга таштанды идиштеринин толгон же толбогонунан да кабар берип турушат.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/141719
2016-03-16
ky
Өлкөдө жаңы үлгүдөгү автоунаа номурларын берүү баштала элек
Республикада автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды берүү процесси баштала элек. Маалыматты 16-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда жаңы номурларды берип баштоого даярдануу иштери жүрүүдө. "Жакында тийиштүү компания менен келишим түзүлгөн. Номурлар жакын арада бериле башташы керек. Кайсы мезгилден баштап берилерин так айта албайбыз" ,- деп билдиришти мекемеден. Өкмөттүн тийиштүү буйругуна ылайык, мындан ары бардык мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын автоунааларына бирдей көрүнүштөгү номурлар берилет . Жеке менчик автоунааларга берилген номурларга катталган аймагын көрсөтүп туруучу коддор жазылат. Мисалы, Бишкек шаарына катталган унаанын номуруна 01, Ош шаарында катталган унаалардын номуруна 02, Баткен облусу боюнча 03 деген код берилет. Белгилей кетсек, эски үлгүдөгү номурларды алмаштыруу шарт эмес. Ээси автоунааны сатканда гана эскиси чечилип, ордуна жаңы номурлар тагылмакчы.
Республикада автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды берүү процесси баштала элек. Маалыматты 16-мартта порталына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда жаңы номурларды берип баштоого даярдануу иштери жүрүүдө. "Жакында тийиштүү компания менен келишим түзүлгөн. Номурлар жакын арада бериле башташы керек. Кайсы мезгилден баштап берилерин так айта албайбыз" ,- деп билдиришти мекемеден. Өкмөттүн тийиштүү буйругуна ылайык, мындан ары бардык мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын автоунааларына бирдей көрүнүштөгү номурлар берилет . Жеке менчик автоунааларга берилген номурларга катталган аймагын көрсөтүп туруучу коддор жазылат. Мисалы, Бишкек шаарына катталган унаанын номуруна 01, Ош шаарында катталган унаалардын номуруна 02, Баткен облусу боюнча 03 деген код берилет. Белгилей кетсек, эски үлгүдөгү номурларды алмаштыруу шарт эмес.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141743
2016-03-16
ky
Жол-кайгуул кызматын реформалоо укук бузууларга тезирээк чара көрүүгө шарт түзөт
"Жол-кайгуул кызматын реформалоо укук бузууларга тезирээк чара көрүүгө шарт түзөт". Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилди. " Буга чейин жарандарыбыз кандайдыр бир кылмыш же мыйзам бузуучулук болуп жатканда Жол-кайгуул кызматына кайрылышканда инспекторлор "мунун биздин кызматка тиешеси жок, милицияга билдиргиле" деп коюшчу. Ошондой эле жол кырсыгы катталганда жакын жерде жүргөн Кайгуул-күзөт кызматына кайрылган жарандарыбыз тиешелүү жардам ала алышчу эмес. Мындан ары буга окшогон маселе болбойт, себеби эки кызмат биригип, жарандарга тиешелүү жардам бат көрсөтүлөт. Жаңычылык ИИМдин тышкы кызматтарынын ишин иретке келтирет, укук коргоо органдарынын имиджин өзгөртөт. Башкаруу аппаратын кыскартууга мүмкүндүк берип, ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн башкаруу түзүмүн жөнөкөйлөтөт. Мыйзам бузуучулук жана кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө тезирээк чара көрүү үчүн шарт түзүлөт" ,- деди Саркулов.
"Жол-кайгуул кызматын реформалоо укук бузууларга тезирээк чара көрүүгө шарт түзөт". Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилди. " Буга чейин жарандарыбыз кандайдыр бир кылмыш же мыйзам бузуучулук болуп жатканда Жол-кайгуул кызматына кайрылышканда инспекторлор "мунун биздин кызматка тиешеси жок, милицияга билдиргиле" деп коюшчу. Ошондой эле жол кырсыгы катталганда жакын жерде жүргөн Кайгуул-күзөт кызматына кайрылган жарандарыбыз тиешелүү жардам ала алышчу эмес. Мындан ары буга окшогон маселе болбойт, себеби эки кызмат биригип, жарандарга тиешелүү жардам бат көрсөтүлөт. Жаңычылык ИИМдин тышкы кызматтарынын ишин иретке келтирет, укук коргоо органдарынын имиджин өзгөртөт. Башкаруу аппаратын кыскартууга мүмкүндүк берип, ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн башкаруу түзүмүн жөнөкөйлөтөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141735
2016-03-16
ky
Бишкекте массалык мушташ болуп, бирок милиция кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартпай жатканын жабырлануучу тараптын жакындары айтышты
Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын биринде болгон массалык мушташтан жабыр тарткан жарандардын туугандары 16-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Октябрь РИИБинин кызматкерлери эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатканын айтып даттанышты. Алар акыйкаттыкты издеп, өлкө башчыга жана ИИМ жетекчисине кайрылуу жасашты. Алардын айтымында, 2015-жылдын 23-декабрында Шабдан баатыр жана Дружба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуучу жайдын кызматкерлери белгисиз 15 адам менен биргеликте С.Марат, Ж.Тилек, Ч.Нурсултан, А.Кутман аттуу 24-27 жаштагы жарандарды сабап, алар көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилишкен. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келип, бирок аларга тийиштүү аймак эместигин айтып кетип калышкан. Мушташ эс алуучу жайдын сырттан байкоочу камерасына жазылып калган. Аталган факт боюнча Октябрь РИИБи кылмыш ишин козгоп, фактыга шектүү катары бир адамды кармашкан. "Видеоматериалда бир эмес, 10го жакын балдар сабагандыгы көрүнүп турат. Эмнеге калган балдардын өздүгүн аныктап, аларды жоопко тартышпайт? Бизде акыйкаттык барбы?" - деп айтышты жабырлануучу тараптын жакындары.
Бишкек шаарынын эс алуучу жайларынын биринде болгон массалык мушташтан жабыр тарткан жарандардын туугандары 16-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Октябрь РИИБинин кызматкерлери эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатканын айтып даттанышты. Алар акыйкаттыкты издеп, өлкө башчыга жана ИИМ жетекчисине кайрылуу жасашты. Алардын айтымында, 2015-жылдын 23-декабрында Шабдан баатыр жана Дружба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуучу жайдын кызматкерлери белгисиз 15 адам менен биргеликте С.Марат, Ж.Тилек, Ч.Нурсултан, А.Кутман аттуу 24-27 жаштагы жарандарды сабап, алар көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилишкен. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келип, бирок аларга тийиштүү аймак эместигин айтып кетип калышкан. Мушташ эс алуучу жайдын сырттан байкоочу камерасына жазылып калган. Аталган факт боюнча Октябрь РИИБи кылмыш ишин козгоп, фактыга шектүү катары бир адамды кармашкан. "Видеоматериалда бир эмес, 10го жакын балдар сабагандыгы көрүнүп турат. Эмнеге калган балдардын өздүгүн аныктап, аларды жоопко тартышпайт?
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141733
2016-03-16
ky
Бишкекте көпүрөдөн секирген айым оор жаракаттарды алып, ооруканага түштү
Бишкекте Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөдөн 29 жаштагы айым секирип, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматына саат 20:13 чамасында "аял көпүрөдөн секирип кетти" деген билдирүү келип түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабырлануучу башынан, белинен оор жаракаттарды алып, балтыр сөөгүнүн жабык сыныгы менен ооруканага жеткирилген. Жабырлануучунун айтымында, ал өз өмүрүн кыйгысы келген.
Бишкекте Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөдөн 29 жаштагы айым секирип, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматына саат 20:13 чамасында "аял көпүрөдөн секирип кетти" деген билдирүү келип түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабырлануучу башынан, белинен оор жаракаттарды алып, балтыр сөөгүнүн жабык сыныгы менен ооруканага жеткирилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141737
2016-03-16
ky
Борбордогу жаңы конуштардын биринен 3 бала иске ууланып калды
Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринен 3 бала иске ууланып калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 15-мартта саат 20:18 чамасында "Тез жардам" кызматына "Ала-Тоо-2 жаңы конушунда 8 жашар эки бала жана 5 жаштагы бала иске ууланып калды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери жаш балдар иске ууланышканын аныктап, балдарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринен 3 бала иске ууланып калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 15-мартта саат 20:18 чамасында "Тез жардам" кызматына "Ала-Тоо-2 жаңы конушунда 8 жашар эки бала жана 5 жаштагы бала иске ууланып калды" деген билдирүү түшкөн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141739
2016-03-16
ky
Бишкекте Чехия парламентинин төрагасы иш сапары менен жүрөт
Бишкекте Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегация иш сапары менен жүрөт. Чехия спикерин 15-мартта "Манас" аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тосуп алышты. Делегация 16-17-март күндөрү Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат. Ошондой эле Соода-өнөр жай палатасы уюштурган Кыргыз-чех бизнес-форумуна, кыргыз жериндеги "Интергельпо" чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышмакчы.
Бишкекте Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган парламенттик делегация иш сапары менен жүрөт. Чехия спикерин 15-мартта "Манас" аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тосуп алышты. Делегация 16-17-март күндөрү Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141731
2016-03-16
ky
Баткен облусунда "жер тилкесин талашуудан улам агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды
Баткен облусунда "жер тилкесин талашуудан улам агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 13:00 чамасында милицияга ооруканага Баткен шаарынын Сайдиман-Ажы көчөсүндө жайгашкан эт сатуучу дүкөндөн бычакталган 56 жаштагы Сайдимамат Б. аттуу жаран келип түшкөнү маалымдалган. Ал оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп калган. Саат 16:09 чамасында Кызыл-Жол айылындагы үйлөрдүн биринен маркумдун 53 жаштагы Айнагүл Б. аттуу аялынын бычакталган жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси, 50 жаштагы Сайитказы Б. кармалган. Аны кармоо учурунда жанынан ашкана бычагы жана башка далил буюмдар табылган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, агасы экөөнүн ортосунда жер талаш маселесинен улам пикир келишпестиктер болуп келген. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркумдардын артында 5 баласы калганы маалым болду.
Баткен облусунда "жер тилкесин талашуудан улам агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 13:00 чамасында милицияга ооруканага Баткен шаарынын Сайдиман-Ажы көчөсүндө жайгашкан эт сатуучу дүкөндөн бычакталган 56 жаштагы Сайдимамат Б. аттуу жаран келип түшкөнү маалымдалган. Ал оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп калган. Саат 16:09 чамасында Кызыл-Жол айылындагы үйлөрдүн биринен маркумдун 53 жаштагы Айнагүл Б. аттуу аялынын бычакталган жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси, 50 жаштагы Сайитказы Б. кармалган. Аны кармоо учурунда жанынан ашкана бычагы жана башка далил буюмдар табылган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, агасы экөөнүн ортосунда жер талаш маселесинен улам пикир келишпестиктер болуп келген. Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141727
2016-03-16
ky
Бишкектик тургун министр Мелис Турганбаевди "бизнесимди тартып алды" деп айыптоодо
Алдамчылыкка шектелип жаткан Кубат Карабаевдин апасы Халима Карабаева 15-мартта маалымат жыйын өткөрүп, депутат Акылбек Жапаров , ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков анын бизнесин тартып алышканын, уулуна козголгон иш буюртма экенин билдирди. Ички иштер министрлиги айтылган маалымат чындык эместигин маалымдады. "Жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт, бул ишке ички иштер министринин таптакыр тиешеси жок. Ички иштер органдарында жылына 60 миңдей иш иликтенет, министр тергөө иштерине кийлигишпейт жана кийлигише да албайт",- деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы. Министрлик окуянын чоо-жайы тууралуу төмөнкү маалыматты таратты: "2012-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май РИИБине М.Ш. аттуу жаран кайрылып, 2012-жылдын мартында алдамчылык аркылуу баасы 27 000 доллар турган Лексус LS430, баасы 45 000 доллар турган Лексус GX, баасы 17 500 доллар турган БМВ-Х5 автоунааларына ээлик кылып, андан кийин автоунааларды ломбардга күрөөгө коюп, дайынын таптырбай кеткен Кубат аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 89 500 долларды түзөт. Факт боюнча Биринчи Май райондук соту кылмыш ишин ачып, 2012-жылдын октябрында кылмышка шектүү катары 1983-жылдын 17-июнунда туулган Кубат Карабаев кармалып, соттун токтому менен камакка алынган. 2012-жылдын декабрында кылмыш иши өндүрүштөн токтотулуп, Биринчи Май райондук прокуратурасына жиберилген. Жыйынтыгында материалдар сотко жөнөтүлгөн. 2013-жылдын июль айынын башында Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабырлануучу М.Ш. аттуу жарандын кепилдиги менен айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн эч жакка кетпөөгө милдеттендирген. 2014-жылдын майында кылмыш иши тергөө мүчүлүштүктөрүн толуктоо үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасынын прокуроруна кайтарылат. 2014-жылдын декабрында 5 томдук кылмыш иши изилдеп, андан соң райондук сотко жиберүү үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунун кароосунда. Айыпталуучу тараптын жактоочу алмаштыруу тууралуу өтүнүчүнө байланыштуу процесс убактылуу токтотулган. Ал эми Юруслан Тойчубековго коррупциялык кылмыштар боюнча издөө жарыяланган. Анын жүргөн жери азырынча белгисиз". Министрлик 2012-жылы К.Карабаев "малайзиялык жаран биргеликте бизнес кылууга макулдашып, бирок алдап, 76 000 долларымды алып кетти" деп Свердлов РИИБине арыз жазганын кошумчалады. Факт боюнча ачылган кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет элдик жаран табыла электиги айтылды.
Алдамчылыкка шектелип жаткан Кубат Карабаевдин апасы Халима Карабаева 15-мартта маалымат жыйын өткөрүп, депутат Акылбек Жапаров , ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков анын бизнесин тартып алышканын, уулуна козголгон иш буюртма экенин билдирди. Ички иштер министрлиги айтылган маалымат чындык эместигин маалымдады. "Жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт, бул ишке ички иштер министринин таптакыр тиешеси жок. Ички иштер органдарында жылына 60 миңдей иш иликтенет, министр тергөө иштерине кийлигишпейт жана кийлигише да албайт",- деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы. Министрлик окуянын чоо-жайы тууралуу төмөнкү маалыматты таратты: "2012-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май РИИБине М.Ш. аттуу жаран кайрылып, 2012-жылдын мартында алдамчылык аркылуу баасы 27 000 доллар турган Лексус LS430, баасы 45 000 доллар турган Лексус GX, баасы 17 500 доллар турган БМВ-Х5 автоунааларына ээлик кылып, андан кийин автоунааларды ломбардга күрөөгө коюп, дайынын таптырбай кеткен Кубат аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 89 500 долларды түзөт. Факт боюнча Биринчи Май райондук соту кылмыш ишин ачып, 2012-жылдын октябрында кылмышка шектүү катары 1983-жылдын 17-июнунда туулган Кубат Карабаев кармалып, соттун токтому менен камакка алынган. 2012-жылдын декабрында кылмыш иши өндүрүштөн токтотулуп, Биринчи Май райондук прокуратурасына жиберилген. Жыйынтыгында материалдар сотко жөнөтүлгөн. 2013-жылдын июль айынын башында Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабырлануучу М.Ш. аттуу жарандын кепилдиги менен айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн эч жакка кетпөөгө милдеттендирген. 2014-жылдын майында кылмыш иши тергөө мүчүлүштүктөрүн толуктоо үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасынын прокуроруна кайтарылат. 2014-жылдын декабрында 5 томдук кылмыш иши изилдеп, андан соң райондук сотко жиберүү үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунун кароосунда. Айыпталуучу тараптын жактоочу алмаштыруу тууралуу өтүнүчүнө байланыштуу процесс убактылуу токтотулган. Ал эми Юруслан Тойчубековго коррупциялык кылмыштар боюнча издөө жарыяланган. Анын жүргөн жери азырынча белгисиз". Министрлик 2012-жылы К.Карабаев "малайзиялык жаран биргеликте бизнес кылууга макулдашып, бирок алдап, 76 000 долларымды алып кетти" деп Свердлов РИИБине арыз жазганын кошумчалады.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141729
2016-03-16
ky
Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын кызматтан өз ыктыяры менен кетүүсүн Жогорку Кеңеш жактырды
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы ээлеген кызматынан бошотууну жактырышты. Депутаттардын 84ү "макул", 2си "каршы" добуштарын беришти. Айта кетсек, Э.Ибраимова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 10-мартта президент Алмазбек Атамбаев аталган арыздын негизинде Эльмира Ибраимованы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Элмира Ибраимова аталган кызматка 2012-жылдын 10-ноябрына дайындалган.
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы ээлеген кызматынан бошотууну жактырышты. Депутаттардын 84ү "макул", 2си "каршы" добуштарын беришти. Айта кетсек, Э.Ибраимова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. 10-мартта президент Алмазбек Атамбаев аталган арыздын негизинде Эльмира Ибраимованы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141725
2016-03-16
ky
Бишкекте жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочу табыла элек
Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочу табыла элек. Аны издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. Маалыматка ылайык, бычактап туруп изин жашырып кеткен экинчи айдоочуну издөө иштери 25-февралдан бери жүрүүдө. "Окуя болгон күндөн бери аталган айдоочуну издөө иштери тынымсыз жүрүүдө. Азырынча ал табыла элек",- деди Казабаев. Эске салсак, 25-февраль күнү саат 15:30 чамасында Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап, изин суутуп кеткен. Бычактан жаракат алган айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.
Бишкек шаарында жол кырсыгынан кийин айдоочуну бычактап кеткен экинчи айдоочу табыла элек. Аны издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. Маалыматка ылайык, бычактап туруп изин жашырып кеткен экинчи айдоочуну издөө иштери 25-февралдан бери жүрүүдө. "Окуя болгон күндөн бери аталган айдоочуну издөө иштери тынымсыз жүрүүдө. Азырынча ал табыла элек",- деди Казабаев. Эске салсак, 25-февраль күнү саат 15:30 чамасында Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап, изин суутуп кеткен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141715
2016-03-16
ky
Орусияда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран 16 жылга эркинен ажырады
Орусиянын Курган облусунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран 16 жылга эркинен ажыратылганын 16-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, 2015-жылдын апрель айында кыргыз жараны казак чек арасынан Орусияга 1 килограммдан ашуун героинди өткөрүүгө аракет жасаган. Айыпталуучу баңгизатты кеңейтме столдун тактайынын астына катып, аны автобустун айдоочусу менен Екатеринбург шаарына жөнөтүп койгон. Аталган фактыга шектүү катары кыргыз жараны Бахрам Ахмеджанов кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча Курган облустук соту Ахмеджановду күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратты.
Орусиянын Курган облусунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран 16 жылга эркинен ажыратылганын 16-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, 2015-жылдын апрель айында кыргыз жараны казак чек арасынан Орусияга 1 килограммдан ашуун героинди өткөрүүгө аракет жасаган. Айыпталуучу баңгизатты кеңейтме столдун тактайынын астына катып, аны автобустун айдоочусу менен Екатеринбург шаарына жөнөтүп койгон. Аталган фактыга шектүү катары кыргыз жараны Бахрам Ахмеджанов кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141711
2016-03-16
ky
Таш-Көмүр шаарында 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана изделүүдө (фото)
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Теңдик айылынын тургуну, 2003-жылы туулган Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кечээ, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кызды издөө иштерин жүргүзүп, 15 чакырым аралыктагы Нарын дарыясынын жээгинен, бүтө элек үйлөрдүн ичтеринен, адырлардан жана сайлардан издешкен. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган. Ал эми бүгүн издөө иштери улантылмакчы.
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Теңдик айылынын тургуну, 2003-жылы туулган Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кечээ, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кызды издөө иштерин жүргүзүп, 15 чакырым аралыктагы Нарын дарыясынын жээгинен, бүтө элек үйлөрдүн ичтеринен, адырлардан жана сайлардан издешкен. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141717
2016-03-16
ky
"Google", "Apple", "Facebook", "Twitter" жана башка белгилүү компаниялардын кызматкерлери тамактанган жайлар (фото)
Тамактануу - адам өмүрүндөгү маанилүү учур. Айрыкча жумуш учурунда даамдуу тамактануу кызматкердин иштөө жөндөмдүүлүгүн жана маанайын көтөрөрү анык. Белгилүү компаниялар "ийгиликке жетүүнүн жолу - кызматкерлердин ашказаны аркылуу" деген принципти карманышат сыяктуу. Себеби дүйнөгө белгилүү компаниялардын башкы кеңселериндеги тамактануучу жайлар дүйнөдөгү эң мыкты делген ресторандардан ашса ашат, бирок кем калбайт. Төмөндө атактуу компаниялардын кызматкерлери бекер тамактанган ашкана жана андагы тамак-аштардын сүрөттөр топтомдору. "Google" компаниясынын борбордук кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Андагы кызматкерлерге "Hemispheres" кафесинде 3 маал түрдүү тамак берилет. Тамактануу учурунда терезеден Манхэттендин керемет көрүнүшүн көрүүгө болот. Бул кафе тууралуу интернетте "иштеген жумушуңдан көңүл калышын кааласаң, "Google`да" иштеген досуң менен ал тамактанган кафеге бар" деген пикирлер айтылат. "Apple" компаниясынын штаб-квартирасы Купертино шаарында жайгашкан (АКШ, Калифорния). Анын негизги ашканасы "Caffè Macs" деп аталып, тамактары бекер. Мексика, италиялыктардын, япон, испан, француз ашканасы жана фастфуд бар. Меню дайыма жаңыланып турат. "Facebook" жакында эле Калифорниянын Менло-Парк шаарчасынан жаңы башкы кеңселүү болду. Кеңсенин кызматкерлери "Epic Cafe" деген кафеде 3 маал тамактана алышат. Америка жана Азия элдеринин ашканасы бар. Тамакты үйгө бекер алып кетсе да болот, ал эми кеңсенин коноктору үчүн арзандатуулар каралган. "Twitter`дин" башкы кеңсеси Сан-Франциско (АКШ, Калифорния) шаарында жайгашкан. Бул жердин кызматкерлери да бекер тамактана алышат. Менюдагы тамактар түрдүү хештег жана ысымдар менен берилет. Мисалы, #comfort food, #tenderloin, @birdfeeder... "Dropbox" компаниясынын штаб-квартирасы да Сан-Франциско (АКШ, Калифорния) шаарында жайгашкан. Андагы кафетерий "Tuck Shop" деп аталып, 400 чарчы метрге жакын аянтты ээлейт. Анда дүйүм тамактан чектөөсүз алса болот. Компания дүйнөнүн мыкты ресторандарында иштеп келген ашпозчуларын өзгөчө баалайт. "AdMе.ru` нун" штаб-квартирасы Казань шаарында жайгашкан. Мына ушул жайда даамдуу тамактанып, дүйнөнү кызыктуу кылууга аракет кылышат.
Тамактануу - адам өмүрүндөгү маанилүү учур. Айрыкча жумуш учурунда даамдуу тамактануу кызматкердин иштөө жөндөмдүүлүгүн жана маанайын көтөрөрү анык. Белгилүү компаниялар "ийгиликке жетүүнүн жолу - кызматкерлердин ашказаны аркылуу" деген принципти карманышат сыяктуу. Себеби дүйнөгө белгилүү компаниялардын башкы кеңселериндеги тамактануучу жайлар дүйнөдөгү эң мыкты делген ресторандардан ашса ашат, бирок кем калбайт. Төмөндө атактуу компаниялардын кызматкерлери бекер тамактанган ашкана жана андагы тамак-аштардын сүрөттөр топтомдору. "Google" компаниясынын борбордук кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Андагы кызматкерлерге "Hemispheres" кафесинде 3 маал түрдүү тамак берилет. Тамактануу учурунда терезеден Манхэттендин керемет көрүнүшүн көрүүгө болот. Бул кафе тууралуу интернетте "иштеген жумушуңдан көңүл калышын кааласаң, "Google`да" иштеген досуң менен ал тамактанган кафеге бар" деген пикирлер айтылат. "Apple" компаниясынын штаб-квартирасы Купертино шаарында жайгашкан (АКШ, Калифорния). Анын негизги ашканасы "Caffè Macs" деп аталып, тамактары бекер. Мексика, италиялыктардын, япон, испан, француз ашканасы жана фастфуд бар. Меню дайыма жаңыланып турат. "Facebook" жакында эле Калифорниянын Менло-Парк шаарчасынан жаңы башкы кеңселүү болду. Кеңсенин кызматкерлери "Epic Cafe" деген кафеде 3 маал тамактана алышат. Америка жана Азия элдеринин ашканасы бар. Тамакты үйгө бекер алып кетсе да болот, ал эми кеңсенин коноктору үчүн арзандатуулар каралган. "Twitter`дин" башкы кеңсеси Сан-Франциско (АКШ, Калифорния) шаарында жайгашкан. Бул жердин кызматкерлери да бекер тамактана алышат. Менюдагы тамактар түрдүү хештег жана ысымдар менен берилет. Мисалы, #comfort food, #tenderloin, @birdfeeder... "Dropbox" компаниясынын штаб-квартирасы да Сан-Франциско (АКШ, Калифорния) шаарында жайгашкан. Андагы кафетерий "Tuck Shop" деп аталып, 400 чарчы метрге жакын аянтты ээлейт. Анда дүйүм тамактан чектөөсүз алса болот. Компания дүйнөнүн мыкты ресторандарында иштеп келген ашпозчуларын өзгөчө баалайт. " нун" штаб-квартирасы Казань шаарында жайгашкан.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/141661
2016-03-16
ky
Электр үчүн эмнеге 2 сом 16 тыйындан төлөтүп жатканын өкмөт өкүлдөрү өздөрү билишпейт
Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин депутаттары электр энергиясынын тарифтерин талкуулашты. Муну бүгүн, 16-мартта ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев орто мөөнөттүү тариф саясаты 2017-жылга чейин бекитилгенин, керектөөчүлөр көбөйгөнү менен, электр өндүрүүдө мурдагыдай эле 7 ГЭС, 2 ЖЭБ иштеп жатканын билдирди. Алдыда электр энергиясын импорттоо пландалып жатканы айтылды. Талкууда депутаттар электр энергиясы импорттолбогон учурда тариф 1 сом 38 тыйын болушу керектигин айтып, учурда жарандар эмне үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканын сурап, жооп ала алышпады. Тарифтер 2 сом 16 тыйын деп негизсиз көтөрүлгөнүн белгилешти. Жыйынтыгында тарифтерге тийиштүү токтомду кайра карап чыгуу жана импорттоло турган электр кубатын эсепке алуу менен тарифтерди тактоо үчүн өкмөткө 45 күн мөөнөт берилди. Ал эми электр энергиясы импорттолбогон шартта тариф эмне үчүн 2 сом 16 тыйын болуп жаткандыгы боюнча так маалыматты комитет кийинки жыйында уга турган болду.
Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин депутаттары электр энергиясынын тарифтерин талкуулашты. Муну бүгүн, 16-мартта ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев орто мөөнөттүү тариф саясаты 2017-жылга чейин бекитилгенин, керектөөчүлөр көбөйгөнү менен, электр өндүрүүдө мурдагыдай эле 7 ГЭС, 2 ЖЭБ иштеп жатканын билдирди. Алдыда электр энергиясын импорттоо пландалып жатканы айтылды. Талкууда депутаттар электр энергиясы импорттолбогон учурда тариф 1 сом 38 тыйын болушу керектигин айтып, учурда жарандар эмне үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканын сурап, жооп ала алышпады. Тарифтер 2 сом 16 тыйын деп негизсиз көтөрүлгөнүн белгилешти. Жыйынтыгында тарифтерге тийиштүү токтомду кайра карап чыгуу жана импорттоло турган электр кубатын эсепке алуу менен тарифтерди тактоо үчүн өкмөткө 45 күн мөөнөт берилди.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141703
2016-03-16
ky
Кадамжай районунда чек арачылар таштын астына катылган аңчылык куралдарды жана окторду табышты
Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арачылар сайсыз аңчылык куралдарын жана ок табышты. Бул тууралуу 16-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 15-мартта "Айдаркен" чек ара отряды Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Боорум аймагында таштардын астына катылган калибри 16 миллиметрдик эки сайсыз аңчылык куралын жана калибри 16 миллиметрлик 5 даана ок табышты. Ошондой эле табылган каптын ичинде консерва жана нан болгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин чек арачылар куралдарды Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүгүнө өткөрүп беришти.
Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арачылар сайсыз аңчылык куралдарын жана ок табышты. Бул тууралуу 16-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 15-мартта "Айдаркен" чек ара отряды Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Боорум аймагында таштардын астына катылган калибри 16 миллиметрдик эки сайсыз аңчылык куралын жана калибри 16 миллиметрлик 5 даана ок табышты. Ошондой эле табылган каптын ичинде консерва жана нан болгон.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141697
2016-03-16
ky
Чемпиондор Лигасы. Испаниялык "Атлетиконун" футболчулары ПСВны пенальтилер сериясында утушту, "Манчестер Сити" тарыхында 1-жолу чейрек финалга чыкты
16-мартка караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында жооптук беттештер орун алды. Бул күндүн жыйынтыгында 2 оюнда тең 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Жыйынтыгында испаниялык "Атлетико" голландиялык ПСВны пенальтилер сериясына утса (8:7 эсебинде), англиялык "Манчестер Сити" алгачкы оюндагы жеңишинин эсебинен кийинки турга чыкты. Украиналык "Динамону" уткан "Манчестер Сити" тарыхында алгачкы жолу чейрек финалга чыкты. "Атлетико" (Испания) - ПСВ (Голландия) - 0:0 (пенальтилер сериясы - 8:7) "Манчестер Сити" (Англия) - "Динамо" (Киев, Украина) - 0:0 Кошумчалай кетсек, 2015-2016-сезонунда аталган лигада чейрек финалга буга чейин "Реал" (Испания), "Бенфика" (Португалия), ПСЖ (Франция), "Вольфсбург" (Германия) командалары чыккан.
16-мартка караган түнү ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында жооптук беттештер орун алды. Бул күндүн жыйынтыгында 2 оюнда тең 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Жыйынтыгында испаниялык "Атлетико" голландиялык ПСВны пенальтилер сериясына утса (8:7 эсебинде), англиялык "Манчестер Сити" алгачкы оюндагы жеңишинин эсебинен кийинки турга чыкты.
Спорт
true
https://www.super.kg/kabar/news/141699
2016-03-16
ky
Сокулукта эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бири бычактан алган жаракаттарынан улам каза болду
Сокулук районунда эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бири бычактан алган жаракаттарынан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 13-март күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын №1-ооруканасына бир нече бычак жаракаттары менен 21 жаштагы Ж.Н. аттуу Сокулук районунун тургуну келип түшкөн. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Учкун айылынын 19 жаштагы Н.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү да бычактан алган жаракаттарынан Сокулук районунун аймактык ооруканасында жатат. Териштирүү иштеринин алкагында эки жаран уруштан улам бычакташып кеткени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Сокулук районунда эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бири бычактан алган жаракаттарынан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 13-март күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын №1-ооруканасына бир нече бычак жаракаттары менен 21 жаштагы Ж.Н. аттуу Сокулук районунун тургуну келип түшкөн. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Учкун айылынын 19 жаштагы Н.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү да бычактан алган жаракаттарынан Сокулук районунун аймактык ооруканасында жатат. Териштирүү иштеринин алкагында эки жаран уруштан улам бычакташып кеткени аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141687
2016-03-16
ky
Өлкө аймагында 19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
Өлкө аймагында 16-марттан 19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 17-18-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, 16-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде 0... -2°С болуп, үшүк жүрүүсү күтүлүүдө. 18-19-мартта күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2-7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6-11°, тоо этектеринде 1-6° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 2-7° суукка чейин төмөндөйт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет.
Өлкө аймагында 16-марттан 19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 17-18-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, 16-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде 0... -2°С болуп, үшүк жүрүүсү күтүлүүдө. 18-19-мартта күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2-7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6-11°, тоо этектеринде 1-6° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 2-7° суукка чейин төмөндөйт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141691
2016-03-16
ky
Борбордо "алдамчылык жолу менен 3 унааны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды
Борбордо "алдамчылык жолу менен 3 унааны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы Чүй облусунун тургуну кайрылган. Ал М.Ж. аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен Тойота-ЛХ 470, Хонда Авансер жана Опель Зафира үлгүсүндөгү унааларын "сатып берем" деп тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы М.Ж. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбордо "алдамчылык жолу менен 3 унааны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы Чүй облусунун тургуну кайрылган. Ал М.Ж. аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен Тойота-ЛХ 470, Хонда Авансер жана Опель Зафира үлгүсүндөгү унааларын "сатып берем" деп тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы М.Ж. аттуу шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141693
2016-03-16
ky
Борбордогу айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет
Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасына Чехиянын Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачектин расмий сапары менен келишине байланыштуу борбордогу айрым көчөлөргө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин, Махатма Ганди көчөсүнө чейинки бөлүккө, Манас кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй кең көчөсү, Раззаков, Абдумомунов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ян Гамачектин расмий сапары 2 күнгө созулмакчы. Чехия делегациясы Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрөрү, мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасы уюштурган кыргыз-чех бизнес-форумуна да катышары маалым.
Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасына Чехиянын Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачектин расмий сапары менен келишине байланыштуу борбордогу айрым көчөлөргө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин, Махатма Ганди көчөсүнө чейинки бөлүккө, Манас кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй кең көчөсү, Раззаков, Абдумомунов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ян Гамачектин расмий сапары 2 күнгө созулмакчы.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141685
2016-03-16
ky
Бир жума дайынсыз болуп, кийин табылган эки курбунун бири чоң энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин айтып берди
Өткөн жумада Бишкек шаарынын тургундары Айжан Суранбекова менен анын курбусу Мээрим Мырзабекова 7-8 күндөй дайынсыз болуп, кийин өздөрү кайтып келишкен. Эки курбунун бири Айжан чоң энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин айтканын SUPER.KG'ге күч органдарындагы ишенимдүү булактарыбыз билдиришти. Кыздар милицияга кайда жүрүшкөнүн айтып беришип, ата-энелери менен бирге үйлөрүнө жиберилген. " Ленин РИИБине борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин эки студенти ата-энесинин коштоосунда келип кетишти. Эки саат убакыт аралыгында кыздар кайда жана эмне кылып жүргөндөрүн айтып беришти. Бир жума бою элди дүрбөлөңгө салып, дайынсыз жоголгон курбу кыздардын бири Айжан үйүнөн кеткен күнү чоң энеси экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, ал таарынып кетип калганын айтты. Эки курбу Ысык-Көл облусуна кетип калгандан кийин өздөрү изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтарды окуп, эмне кылышарын билбей калышкан. Жакындарынан коркуп, телефондорун улам күйгүзүп, кайра өчүрүп турушкандарын да кошумчалашты. Курбуларды жакындары издеп, милицияга арыз жазгандарын уккандан кийин алар шаарга кайтып келишип, кыздардын бири агасына СМС жазып, коркуп жатканын билдирген. Кийин аны агасы алып кетип, кыздар үйлөрүнө кайтып барышкан. Кыздар жана алардын жакындары менен сүйлөшүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргөн соң, алар үйлөрүнө коё берилди" , - деп билдирди булак.
Өткөн жумада Бишкек шаарынын тургундары Айжан Суранбекова менен анын курбусу Мээрим Мырзабекова 7-8 күндөй дайынсыз болуп, кийин өздөрү кайтып келишкен. Эки курбунун бири Айжан чоң энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин айтканын 'ге күч органдарындагы ишенимдүү булактарыбыз билдиришти. Кыздар милицияга кайда жүрүшкөнүн айтып беришип, ата-энелери менен бирге үйлөрүнө жиберилген. " Ленин РИИБине борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин эки студенти ата-энесинин коштоосунда келип кетишти. Эки саат убакыт аралыгында кыздар кайда жана эмне кылып жүргөндөрүн айтып беришти. Бир жума бою элди дүрбөлөңгө салып, дайынсыз жоголгон курбу кыздардын бири Айжан үйүнөн кеткен күнү чоң энеси экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып, ал таарынып кетип калганын айтты. Эки курбу Ысык-Көл облусуна кетип калгандан кийин өздөрү изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтарды окуп, эмне кылышарын билбей калышкан. Жакындарынан коркуп, телефондорун улам күйгүзүп, кайра өчүрүп турушкандарын да кошумчалашты. Курбуларды жакындары издеп, милицияга арыз жазгандарын уккандан кийин алар шаарга кайтып келишип, кыздардын бири агасына СМС жазып, коркуп жатканын билдирген. Кийин аны агасы алып кетип, кыздар үйлөрүнө кайтып барышкан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141623
2016-03-16
ky
Бишкекте уурулукка шектелип 24 жаштагы шаар тургуну кармалды
Бишкекте уурулукка шектелип 24 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Р. Д. аттуу айым кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, өздүк буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Б.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнүн бул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар экени маалым болду. Келтирилген чыгымдын суммасы 4,5 миң сомду түзүүдө. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте уурулукка шектелип 24 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы Р. Д. аттуу айым кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, өздүк буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Б.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнүн бул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар экени маалым болду. Келтирилген чыгымдын суммасы 4,5 миң сомду түзүүдө.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141689
2016-03-16
ky
АФИША, 16-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Сюрприз" жана "Бир мешок акча" тасмалары көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 12:50, 17:10, 21:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 11:00, 14:50, 19:00, 22:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 10:30, 13:50, 19:50, 23:10. "Сюрприз" тасмасы. 12:10, 15:30, 21:40. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:50. "Манас" кинотеатры Чоң зал "Дивергент, глава 3: За стеной". 11:00, 16:00, 21:00, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 13:30, 18:30. Көк зал “Три девятки” тасмасы. 10:40, 22:40. "Зверополис 3D" тасмасы. 12:30, 16:30, 20:40. “По ту сторону двери” тасмасы. 14:30,18:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Японочка ” тасмасы. 11:10, 14:50, 18:30, 22:10. "Бир мешок акча" тасмасы. 13:00, 16:40, 20:20, 23:55. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал "Доктор Айболот" тасмасы. 10:40, 14:20, 18:10, 21:50. "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 12:20, 16:10, 20:00, 23:40. Замандаш зал "Сюрприз" тасмасы. 11:00, 12:40, 16:10, 19:30, 22:50. “Эне жүрөгү” тасмасы. 14:20, 17:50, 21:10.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 12:50, 17:10, 21:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 11:00, 14:50, 19:00, 22:50. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 10:30, 13:50, 19:50, 23:10. "Сюрприз" тасмасы. 12:10, 15:30, 21:40. “Бир мешок акча” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 13:30, 18:30. Көк зал “Три девятки” тасмасы. 10:40, 22:40. "Зверополис 3D" тасмасы. 12:30, 16:30, 20:40. “По ту сторону двери” тасмасы. 14:30,18:40. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Японочка ” тасмасы. 11:10, 14:50, 18:30, 22:10. "Бир мешок акча" тасмасы. 13:00, 16:40, 20:20, 23:55. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал "Доктор Айболот" тасмасы. Операция "Махаббат" тасмасы. 12:20, 16:10, 20:00, 23:40. Замандаш зал "Сюрприз" тасмасы. 11:00, 12:40, 16:10, 19:30, 22:50.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/141651
2016-03-16
ky
ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Мындан 14 жыл мурун Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болгон
* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы обончу Исирадин Аманбаев Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Исирадин Аманбаев 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган. Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси берилген. * Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болуп, 5 адам каза тапкан. Аксы окуясы Курманбек Бакиев башында турган өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келген. * Мындан 99 жыл мурун, 1917-жылы "Maybelline" компаниясы кирпик үчүн тушь чыгарып, аны “көздөрүңүз үчүн биринчи заманбап косметика” деп жарыялаган. Алгач кирпик боёктун негизи вазелинден турган, ал эми боёочу каражат катары жыгачтын күлү колдонулган. * Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы көптөгөн соода маркаларынын жүзүнө айланган америкалык актёр жана фотомодель Брайан Лео Бьянкини оор депрессиядан улам өзүнө өзү кол салган. Брайан Лео Бьянкини 1978-жылы 16-июлда Сан-Францискодо туулган. Бала кезинде спорттун күрөш түрү менен машыгып, көптөгөн таймаштарга катышып жеңүүчү болгон. Колледжди аяктаган соң моделдик бизнеске аралашып, "Reebok", "Versace", "Abercrombie & Fitch" сыяктуу соода маркаларынын жарнамаларына тартылган. Ошондон улам атактуулугу арткан модель "Vanity Fair", "Glamour", "Cosmopolitan", "Playgirl", "Мen’s Fitness" ж.б. журналдардын биринчи беттерине чыккан. Ал эми 2000-жылы актёрдук карьерасында дебют жасап, "Девушка для девушки" тасмасында роль жараткан. * Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы Польшанын Тересполь шаарында Москва-Ницца каттамы менен бара жаткан поездде аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган француз жараны кармалган. Анын аялы Орусиянын жараны болгон. Аялы үчүн шенген визасын ала албаган соң, аны чемоданга салып өтүүнү чечкен. Тересполь шаарындагы чек ара отрядында жүргүнчүнүн чоң чемоданы шек жаратып, текшерүүгө алынган. Чемодандын ичиндеги айым өзүн жакшы сезгендиктен, медициналык жардамга муктаж болгон эмес. Польшанын мыйзамына ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылганы үчүн жубайлар 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон. 16-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар .
* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы обончу Исирадин Аманбаев Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Исирадин Аманбаев 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган. Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси берилген. * Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болуп, 5 адам каза тапкан. Аксы окуясы Курманбек Бакиев башында турган өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келген. * Мындан 99 жыл мурун, 1917-жылы "Maybelline" компаниясы кирпик үчүн тушь чыгарып, аны “көздөрүңүз үчүн биринчи заманбап косметика” деп жарыялаган. Алгач кирпик боёктун негизи вазелинден турган, ал эми боёочу каражат катары жыгачтын күлү колдонулган. * Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы көптөгөн соода маркаларынын жүзүнө айланган америкалык актёр жана фотомодель Брайан Лео Бьянкини оор депрессиядан улам өзүнө өзү кол салган. Брайан Лео Бьянкини 1978-жылы 16-июлда Сан-Францискодо туулган. Бала кезинде спорттун күрөш түрү менен машыгып, көптөгөн таймаштарга катышып жеңүүчү болгон. Колледжди аяктаган соң моделдик бизнеске аралашып, "Reebok", "Versace", "Abercrombie & Fitch" сыяктуу соода маркаларынын жарнамаларына тартылган. Ошондон улам атактуулугу арткан модель "Vanity Fair", "Glamour", "Cosmopolitan", "Playgirl", "Мen’s Fitness" ж.б. журналдардын биринчи беттерине чыккан. Ал эми 2000-жылы актёрдук карьерасында дебют жасап, "Девушка для девушки" тасмасында роль жараткан. * Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы Польшанын Тересполь шаарында Москва-Ницца каттамы менен бара жаткан поездде аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган француз жараны кармалган. Анын аялы Орусиянын жараны болгон. Аялы үчүн шенген визасын ала албаган соң, аны чемоданга салып өтүүнү чечкен. Тересполь шаарындагы чек ара отрядында жүргүнчүнүн чоң чемоданы шек жаратып, текшерүүгө алынган. Чемодандын ичиндеги айым өзүн жакшы сезгендиктен, медициналык жардамга муктаж болгон эмес. Польшанын мыйзамына ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылганы үчүн жубайлар 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141681
2016-03-16
ky
КҮНСЕРЕП: Бишкекте энергетика көйгөйү талкууланды... Кылмышка шектүүнү качырган милиция кызматкерлери камакта калышты
Бүгүн, 15-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Кыргыз мамлекетинде 120 миллион адамга жетчү энергетикалык ресурс бар, бирок өлкө бүгүн 6 миллион адамды электр энергиясы менен толук камсыздай албай жатат. Мындай пикирди бүгүн, 15-мартта Бишкекте өткөн парламенттик угууда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутат аталган тармактан күткөн үмүттөр акталбаганын, энергетика системиндеги коррупция дагы эле былк этпей жатканын моюнга алды. Мунун себеби деп баягы сөздөр дагы айтылды... Электр энергиясынын дефицити, начар башкаруу, атаандаштыктын жоктугу, ири коррупция, техникалык жана коммерциялык жоготуулар... 2010-жылдан бери айтылат... Депутаттын айтымында, дал ушул кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргени жатат. Республикада 2016-жылдын январына карата орточо айлыктын суммасы 13 190 сомду түздү. Каржы министрлиги 15-мартта тараткан мындай маалымат окурмандар арасында кызуу талкууга түштү. Көпчүлүгү министрликтин мындай маалыматын "жомок" деп аташып, өлкөдө орточо айлык 5-6 миң сомдон ашпай турганын белгилешти. Орточо айлык акы Эмгек кодексинин 159-беренесинин негизинде аныкталары маалым. Мугалимдердин, жөнөкөй дарыгерлердин айлыгы 10 миң сомго жетип-жетпей турганы да ырас. Өлкөдө 2 миң сом айлыкка иштегендер, айына 60-70 миң сом маяна алгандар дагы бар экенин белгилей кетүү керек. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына кандай көзөмөл жүрүп жатканы тууралуу маалымат алды. Тагыраак айтканда, өлкө жетекчиси 15-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып , аталган багытта прокуратура органдарынын азыркы ишмердүүлүгү тууралуу башкы прокурордун маалыматын укту. Коррупция менен күрөшүү аракеттери тууралуу пикир алышуу орун алганы белгилүү болду. Алмазбек Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо жана мамлекет алдындагы милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдардын сакталышы маанилүү экенин белгиледи. Бишкекте "милиция кызматкеримин" деп шаардыктарды текшерип жүргөн адам (сүрөттө) кармалды . Милицияга шаар тургуну кайрылып, 6-кичи райондо 9-март күнү саат 14:00 чамасында мас абалдагы милиция кызматкери анын өздүгүн тактоочу документтерин сураганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында милиция формасын кийген 34 жаштагы жаран колго түшүп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ушул эле күнү Жогорку Соттун маалымат кызматы кылмышка шектүүнү качырып жиберген Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери камакта калтырылганын маалымдады . Айыпкерди сот залынан коштоп чыккан күзөтчүлөргө карата “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган. Тагыраагы, кылмышкерди жазага тартчулар өздөрү кылмышка шектелүүдө. Орган кызматкерлери кылмышка шектүүнү автоунаага салып алып үйүнө барышкан. Андан кийин чогуу саунада эс алууга үлгүрүшкөн, бирок айыпталуучу ошол жерден дайынын таптырбай кеткен. Ошондон кийин качканы да, качыргандары да кармалып, учурда камакта отурушат. Ушундай... Мындай окуяларды кыргыздар "карышкырга кой кайтартып..." деп коюшат...
Бүгүн, 15-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Кыргыз мамлекетинде 120 миллион адамга жетчү энергетикалык ресурс бар, бирок өлкө бүгүн 6 миллион адамды электр энергиясы менен толук камсыздай албай жатат. Мындай пикирди бүгүн, 15-мартта Бишкекте өткөн парламенттик угууда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутат аталган тармактан күткөн үмүттөр акталбаганын, энергетика системиндеги коррупция дагы эле былк этпей жатканын моюнга алды. Мунун себеби деп баягы сөздөр дагы айтылды... Электр энергиясынын дефицити, начар башкаруу, атаандаштыктын жоктугу, ири коррупция, техникалык жана коммерциялык жоготуулар... 2010-жылдан бери айтылат... Депутаттын айтымында, дал ушул кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргени жатат. Республикада 2016-жылдын январына карата орточо айлыктын суммасы 13 190 сомду түздү. Каржы министрлиги 15-мартта тараткан мындай маалымат окурмандар арасында кызуу талкууга түштү. Көпчүлүгү министрликтин мындай маалыматын "жомок" деп аташып, өлкөдө орточо айлык 5-6 миң сомдон ашпай турганын белгилешти. Орточо айлык акы Эмгек кодексинин 159-беренесинин негизинде аныкталары маалым. Мугалимдердин, жөнөкөй дарыгерлердин айлыгы 10 миң сомго жетип-жетпей турганы да ырас. Өлкөдө 2 миң сом айлыкка иштегендер, айына 60-70 миң сом маяна алгандар дагы бар экенин белгилей кетүү керек. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына кандай көзөмөл жүрүп жатканы тууралуу маалымат алды. Тагыраак айтканда, өлкө жетекчиси 15-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып , аталган багытта прокуратура органдарынын азыркы ишмердүүлүгү тууралуу башкы прокурордун маалыматын укту. Коррупция менен күрөшүү аракеттери тууралуу пикир алышуу орун алганы белгилүү болду. Алмазбек Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо жана мамлекет алдындагы милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдардын сакталышы маанилүү экенин белгиледи. Бишкекте "милиция кызматкеримин" деп шаардыктарды текшерип жүргөн адам (сүрөттө) кармалды . Милицияга шаар тургуну кайрылып, 6-кичи райондо 9-март күнү саат 14:00 чамасында мас абалдагы милиция кызматкери анын өздүгүн тактоочу документтерин сураганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында милиция формасын кийген 34 жаштагы жаран колго түшүп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ушул эле күнү Жогорку Соттун маалымат кызматы кылмышка шектүүнү качырып жиберген Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери камакта калтырылганын маалымдады . Айыпкерди сот залынан коштоп чыккан күзөтчүлөргө карата “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган. Тагыраагы, кылмышкерди жазага тартчулар өздөрү кылмышка шектелүүдө. Орган кызматкерлери кылмышка шектүүнү автоунаага салып алып үйүнө барышкан. Андан кийин чогуу саунада эс алууга үлгүрүшкөн, бирок айыпталуучу ошол жерден дайынын таптырбай кеткен. Ошондон кийин качканы да, качыргандары да кармалып, учурда камакта отурушат. Ушундай...
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141647
2016-03-15
ky
16-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаашы күтүлөт. Ал эми Бишкекте күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөттү түзөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +7°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +9°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 52 мүнөт. Күн саат 07:17де чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ - АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:16да чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:25те чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:00дө чыгып, 18:59да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 3-5 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:25те чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:03тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +7°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:18де батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +9°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 11 саат 52 мүнөт. Күн саат 07:17де чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ - АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +8°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:16да чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:25те чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:00дө чыгып, 18:59да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 3-5 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 11 саат 59 мүнөт. Күн саат 07:25те чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-5 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 11 саат 58 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:03тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз жамгыр жаайт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/141667
2016-03-15