lang
stringclasses
3 values
title
stringlengths
3
277
original_text
stringlengths
69
182k
processed_text
stringlengths
42
181k
category
stringlengths
4
50
processed
bool
2 classes
url
stringlengths
33
293
date
stringlengths
10
24
ky
Майрамдын жүрүшүндө Бишкек шаары акырындык менен таштандыга толо баштады (фото)
Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамдын жүрүшүндө Бишкек шаары акырындык менен таштандыга толо баштады. Өзгөчө “Ала-Тоо” аянтынын тегерегиндеги сейил бак, бульварлар ар майрам сайын акыр-чикирге толуп, гүлдөр жана көк майсан тепселенип калат. Бул ирет дагы шаар жетекчилиги ар кайсы жерге таштанды үчүн чоң челектерди койгону менен, ушундай көрүнүштү байкоого болот. Дагы бир көрүнүш: Панфилов багынын кире бериш жагы, Кыргыз драма театрынын бир капталы, Өкмөт үйүнүн маңдайы ачык асман астындагы тамактануучу жерге айланды. Бир жагында шишкебек жасалып жатса, экинчи тарабында чоң казандагы палоо, чаралардагы ашлян-фу... Мунун баарын ар кайсы жерге отуруп жеген шаардыктарды байкоого болот.
Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамдын жүрүшүндө Бишкек шаары акырындык менен таштандыга толо баштады. Өзгөчө “Ала-Тоо” аянтынын тегерегиндеги сейил бак, бульварлар ар майрам сайын акыр-чикирге толуп, гүлдөр жана көк майсан тепселенип калат. Бул ирет дагы шаар жетекчилиги ар кайсы жерге таштанды үчүн чоң челектерди койгону менен, ушундай көрүнүштү байкоого болот. Дагы бир көрүнүш: Панфилов багынын кире бериш жагы, Кыргыз драма театрынын бир капталы, Өкмөт үйүнүн маңдайы ачык асман астындагы тамактануучу жерге айланды. Бир жагында шишкебек жасалып жатса, экинчи тарабында чоң казандагы палоо, чаралардагы ашлян-фу...
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142367
2016-03-21
ky
Ош ОИИБи. Ош облусунда 2-класста окуган кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды
Ош облусунун Ноокат районунда 2-класста окуган кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын 21-мартта SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 19-март күнү Жаңы-Ноокат айылынын Ломоносов орто мектебинин окуучусу мектептен үйүнө келип колунун кан тамырын кесип, өз өмүрүнө кол салган. Ал алган жаракаты менен аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын ата-энеси кызы мектепке жакшы эле кеткенин, бул жоругуна эмне себеп болгонун билбей жатышканын айтышкан. Кыз азыркы тапта ооруканада. Аны менен психологдор сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Ош облусунун Ноокат районунда 2-класста окуган кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын 21-мартта порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 19-март күнү Жаңы-Ноокат айылынын Ломоносов орто мектебинин окуучусу мектептен үйүнө келип колунун кан тамырын кесип, өз өмүрүнө кол салган. Ал алган жаракаты менен аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын ата-энеси кызы мектепке жакшы эле кеткенин, бул жоругуна эмне себеп болгонун билбей жатышканын айтышкан. Кыз азыркы тапта ооруканада.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142363
2016-03-21
ky
Карылар үйүндө Ноорузга карата иш-чара уюштурулду (фоторепортаж)
Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы карылар үйүндө Нооруз майрамына карата маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чарага социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, уюштуруучулар жана аталган үйдүн тургундары катышышты. Анда Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды, кыргыз элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады. "Бүгүн кыргыз жеринде Нооруз майрамы белгиленип жатат. Элибизде бир гана жакшылыктар болсун, үйүңүздөрдө кут-береке орносун",- деген министр элдин аярлуу катмарларына бир гана майрамдарда эле эмес, дайыма көңүл бурулуп, жашоо шартын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу буларды билдирди: "Ата-энелерибизге, карыларыбызга ар дайым көңүл бурууга тийишпиз. Тилекке каршы, жакындары жок, кароосуз калган карыларыбыз да бар. Өзүңүздөр көргөндөй, бул жайда алардын жашоо шарты жакшы, былтыр тамак-аштын, дары-дармектин бир күндүк нормасын 2 эсеге көбөйттүк. Бардык нерсе болгону менен, буларга көңүл жетишпейт. Ошондуктан майрамдарда маданий иш-чараларды өткөрүп, көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылабыз. Майрам күндөрү эле эмес, башка күндөрү да ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп турат".
Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы карылар үйүндө Нооруз майрамына карата маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чарага социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, уюштуруучулар жана аталган үйдүн тургундары катышышты. Анда Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды, кыргыз элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады. "Бүгүн кыргыз жеринде Нооруз майрамы белгиленип жатат. Элибизде бир гана жакшылыктар болсун, үйүңүздөрдө кут-береке орносун",- деген министр элдин аярлуу катмарларына бир гана майрамдарда эле эмес, дайыма көңүл бурулуп, жашоо шартын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу буларды билдирди: "Ата-энелерибизге, карыларыбызга ар дайым көңүл бурууга тийишпиз. Тилекке каршы, жакындары жок, кароосуз калган карыларыбыз да бар. Өзүңүздөр көргөндөй, бул жайда алардын жашоо шарты жакшы, былтыр тамак-аштын, дары-дармектин бир күндүк нормасын 2 эсеге көбөйттүк. Бардык нерсе болгону менен, буларга көңүл жетишпейт. Ошондуктан майрамдарда маданий иш-чараларды өткөрүп, көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылабыз.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142357
2016-03-21
ky
Өлкөбүздүн булуң-бурчунда Нооруз майрамы белгиленип жатат (фото)
Бүгүн, 21-мартта өлкөбүздүн бардык аймактарында Нооруз майрамы өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленүүдө. Ар бир облуста, шаарда, айылда бүгүн өзгөчө маанай. Концерттик программалар, оюн-зооктор, көргөзмөлөр тургундарга жакшы маанай тартуулап, кубанычка бөлөөдө. SUPER.KG порталы бул майрамды белгилеп жаткан аймактардагы тургундардан кабар алып, окурмандарга жеткирүү максатында фоторепортаж тартуулайт. Баткен облусу "Майрамдык иш-чарага Баткен шаарынын мэри, КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү, аким жана дагы башкалар катышышты. Майрам концерт менен коштолуп, көргөзмө-жарманкелер уюштурулду. Куттуктоо сөздөрү айтылып, жакшы ийгиликтерди жараткандар атайын сыйлыктар менен сыйланышты",- дейт Баткен облустук администрациясынын өкүлү Алимбек Матмуратов . Ош шаарында 21-Март - Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , өкмөттүн Ош облусу боюча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов , шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов , Кытай Эл Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Казакстандын Ош шаарындагы консулдары катышып, шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү. "Чыгыш элдеринде Нооруз жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз Ноорузду дайыма жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдап келген. Нооруз байыртадан эле жаңы башаттардын башталышы болгон, анткени жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр ачат. Жашоо уланат. Ноорузда элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилейли. Ылайым бул күндүн урматына ар бир инсандын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! Ушул жылы касиеттүү кыргыз жерибизде, анын ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин! Жалпы кыргыз элине кут уялап, Ата Мекенибиздин келечеги кең болсун!" - деди калаа башчысы Кадырбаев. Шаардын борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, ар улуттун каада-салттарынан көрүнүштөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын түрлөрү, ыр-бийлер уюштурулган. Майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту. Нооруз майрамы Талас облусунун бардык район, айылдарында өткөрүлгөнү тууралуу КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтосунов SUPER.KG порталына билдирди. "Нооруз майрамы облустун бардык аймактарында өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. Жыл сайын сүмөлөк бышыруу салты райондорго бөлүнчү, быйыл Кара-Буура районуна түшүп, "Манас-Ордодо" салтанаттуу түрдө сүмөлөк бышырылып, каалоо-тилектер айтылды. Майрамда театрлаштырылган шоу, концерт, тамак-аш, улуттук кийим көргөзмөлөрү өткөрүлдү. Ошондой эле салбуурун, чүкө оюндары, кыргыз көчү жана дагы башка кыргыздын салттары көрсөтүлүп, эл улуттук кийим менен жөө жүрүшкө чыкты. Жалпысынан майрамга 5 миңдей адам катышты. Азыр да оюндар жана концерттер уланууда",- дейт Токтосунов. Нарын шаарынын борбордук аянтында да Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктоо сөзүн айтты. "Андан соң театрлаштырылган оюн-зоок программасы тартууланып, Ноорузга арналган иш-чара улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, спорттук мелдештер менен коштолду. Мындан сырткары жергиликтүү ишкерлер тарабынан майрамга келген көрүүчүлөргө акысыз тамактар таратылды. Ал эми майрамдык иш-чаралар шаардыктар жана коноктор үчүн кечки саат 17:30дан баштап эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланмакчы", - дейт Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы.
Бүгүн, 21-мартта өлкөбүздүн бардык аймактарында Нооруз майрамы өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленүүдө. Ар бир облуста, шаарда, айылда бүгүн өзгөчө маанай. Концерттик программалар, оюн-зооктор, көргөзмөлөр тургундарга жакшы маанай тартуулап, кубанычка бөлөөдө. порталы бул майрамды белгилеп жаткан аймактардагы тургундардан кабар алып, окурмандарга жеткирүү максатында фоторепортаж тартуулайт. Баткен облусу "Майрамдык иш-чарага Баткен шаарынын мэри, КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү, аким жана дагы башкалар катышышты. Майрам концерт менен коштолуп, көргөзмө-жарманкелер уюштурулду. Куттуктоо сөздөрү айтылып, жакшы ийгиликтерди жараткандар атайын сыйлыктар менен сыйланышты",- дейт Баткен облустук администрациясынын өкүлү Алимбек Матмуратов . Ош шаарында 21-Март - Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , өкмөттүн Ош облусу боюча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов , шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов , Кытай Эл Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Казакстандын Ош шаарындагы консулдары катышып, шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү. "Чыгыш элдеринде Нооруз жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз Ноорузду дайыма жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдап келген. Нооруз байыртадан эле жаңы башаттардын башталышы болгон, анткени жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр ачат. Жашоо уланат. Ноорузда элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилейли. Ылайым бул күндүн урматына ар бир инсандын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! Ушул жылы касиеттүү кыргыз жерибизде, анын ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин! Жалпы кыргыз элине кут уялап, Ата Мекенибиздин келечеги кең болсун!" - деди калаа башчысы Кадырбаев. Шаардын борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, ар улуттун каада-салттарынан көрүнүштөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын түрлөрү, ыр-бийлер уюштурулган. Майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту. Нооруз майрамы Талас облусунун бардык район, айылдарында өткөрүлгөнү тууралуу КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтосунов порталына билдирди. "Нооруз майрамы облустун бардык аймактарында өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. Жыл сайын сүмөлөк бышыруу салты райондорго бөлүнчү, быйыл Кара-Буура районуна түшүп, "Манас-Ордодо" салтанаттуу түрдө сүмөлөк бышырылып, каалоо-тилектер айтылды. Майрамда театрлаштырылган шоу, концерт, тамак-аш, улуттук кийим көргөзмөлөрү өткөрүлдү. Ошондой эле салбуурун, чүкө оюндары, кыргыз көчү жана дагы башка кыргыздын салттары көрсөтүлүп, эл улуттук кийим менен жөө жүрүшкө чыкты. Жалпысынан майрамга 5 миңдей адам катышты. Азыр да оюндар жана концерттер уланууда",- дейт Токтосунов. Нарын шаарынын борбордук аянтында да Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктоо сөзүн айтты. "Андан соң театрлаштырылган оюн-зоок программасы тартууланып, Ноорузга арналган иш-чара улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, спорттук мелдештер менен коштолду. Мындан сырткары жергиликтүү ишкерлер тарабынан майрамга келген көрүүчүлөргө акысыз тамактар таратылды.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142341
2016-03-21
ky
ЭЛДИК КАБАР. Окурман: "Телефон алдамчы "Арг лотонун" акциясынан үй кинотеатрын уттуңуз!" деди"
Телефон аркылуу алдаган адам "Арг лото" компаниясынан үй кинотеатрын уттуңуз!" деп бирдик салып берүүнү суранганын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, алдамчы өзүн Виктор Сергеевич деп тааныштырып, орус тилинде маек жүргүзгөн. "Алдамчы менин номерим бактылуу 10 номердин катарына киргенин айтып, Нооруз майрамына карата жүргүзүлгөн акцияны "Заманадан" көрсөткөнүн маалымдады. Мындан тышкары "бул акция Бишкектин мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жатат" деди. Маектин соңунда алдамчы анын телефон номерине 475 бирдик салыш керек экенин айтты" ,- дейт окурман. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы мэрия Нооруз майрамына карата эч кандай акция өтпөгөнүн жана лотерея ойнотулбаганын SUPER.KG порталына билдирди.
Телефон аркылуу алдаган адам "Арг лото" компаниясынан үй кинотеатрын уттуңуз!" деп бирдик салып берүүнү суранганын окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, алдамчы өзүн Виктор Сергеевич деп тааныштырып, орус тилинде маек жүргүзгөн. "Алдамчы менин номерим бактылуу 10 номердин катарына киргенин айтып, Нооруз майрамына карата жүргүзүлгөн акцияны "Заманадан" көрсөткөнүн маалымдады. Мындан тышкары "бул акция Бишкектин мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жатат" деди. Маектин соңунда алдамчы анын телефон номерине 475 бирдик салыш керек экенин айтты" ,- дейт окурман.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142359
2016-03-21
ky
Кара-Көл шаарында жүк ташуучу унаа оодарылып кетти (фото)
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу 21-март күнү SUPER.KG порталына Токтогул РИИБинен билдиришти. Маалым болгондой, 19-март күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 393-чакырымында жол кырсыгы катталган. Аталган каттам менен бараткан Мерседес Акрос үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу унаасын башкара албай калгандыктан унаа оодарылып кеткен. Унаанын айдоочусу Чүй облусунун Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну болгон. Аталган кырсыктан жабырлануучулар болгон жок.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу 21-март күнү порталына Токтогул РИИБинен билдиришти. Маалым болгондой, 19-март күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 393-чакырымында жол кырсыгы катталган. Аталган каттам менен бараткан Мерседес Акрос үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу унаасын башкара албай калгандыктан унаа оодарылып кеткен. Унаанын айдоочусу Чүй облусунун Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну болгон.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142349
2016-03-21
ky
Өкмөттө кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал талкууланды
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Коргоо кеңешинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, УКМКнын жетекчилигинин катышуусу менен жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Маалым болгондой, жыйында чек арадагы жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланды. "Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү органдардын жетекчилери өлкө чек арасындагы абал жана аны бекемдөө аракеттери боюнча маалымат беришти. Маалыматка ылайык, өлкө чек арасындагы коопсуздукту күчөтүү боюнча иш-аракеттер улантылууда. Премьер-министр Темир Сариев өлкө чек арасын бекемдөө боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасын берди" ,- деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Коргоо кеңешинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, УКМКнын жетекчилигинин катышуусу менен жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Маалым болгондой, жыйында чек арадагы жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланды. "Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү органдардын жетекчилери өлкө чек арасындагы абал жана аны бекемдөө аракеттери боюнча маалымат беришти. Маалыматка ылайык, өлкө чек арасындагы коопсуздукту күчөтүү боюнча иш-аракеттер улантылууда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142353
2016-03-21
ky
Бишкекте Нооруз майрамында сейил бактардагы шар, балмуздак, суу саткандардын жана оюн ойноткондордун күнү тууп жатат
Бүгүн, 21-мартта кыргыз жеринде Нооруз майрамы шаңдуу белгиленип жатат. Бишкекте шаардын борбордук аянтына, эски аянтка жана сейил бактарга чыккан элдин санын болжоп да айтуу мүмкүн эмес. Эл сүмөлөк жеп, түрдүү тамак-аштардан даам сызып, сейилдеп жүрөт. Жаш балдарды ойнотом дегендер жакын жактагы сейил бактарга агылууда. Сейил бакта оюн ойноткондордун, балмуздак, суу саткандардын соодасы мыкты болуп, күнү тууп жатат. Сейил бактарда оюн аянттарында калың топтор кезек күтүп жатышат.
Бүгүн, 21-мартта кыргыз жеринде Нооруз майрамы шаңдуу белгиленип жатат. Бишкекте шаардын борбордук аянтына, эски аянтка жана сейил бактарга чыккан элдин санын болжоп да айтуу мүмкүн эмес. Эл сүмөлөк жеп, түрдүү тамак-аштардан даам сызып, сейилдеп жүрөт. Жаш балдарды ойнотом дегендер жакын жактагы сейил бактарга агылууда. Сейил бакта оюн ойноткондордун, балмуздак, суу саткандардын соодасы мыкты болуп, күнү тууп жатат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142351
2016-03-21
ky
Бишкекте сүмөлөк саткандар бааны ар башка коюшууда: 100 граммы 35 сомдон 50 сомго чейин (фото)
“Ала-Тоо” аянтындагы салтанаттуу иш-чарадан чыккан шаардыктар жана калаа коноктору Панфилов атындагы сейил бакка агылып келишүүдө. Учурда аталган жайда элдин көптүгүнөн бут коёрго жер жок. Сейил бактагы бардык оюн-зоок аттракциондорунда кезек күткөндөрдү көрүүгө болот. Ошондой эле Нооруздун символу болгон сүмөлөк жакшы өтүүдө. Муну билген сатуучулар бааларды каалагандай коюп, бири 100 граммын 35 сомдон сатса, башкалары 50 сомдон сатып жатышат. Үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү менен келген шаардыктар 1 литрин 250 сомдон алышууда. Сүмөлөктөн тышкары май токоч, балмуздак, таттуу алмаларды жерге коюп саткандар өтө көп.
“Ала-Тоо” аянтындагы салтанаттуу иш-чарадан чыккан шаардыктар жана калаа коноктору Панфилов атындагы сейил бакка агылып келишүүдө. Учурда аталган жайда элдин көптүгүнөн бут коёрго жер жок. Сейил бактагы бардык оюн-зоок аттракциондорунда кезек күткөндөрдү көрүүгө болот. Ошондой эле Нооруздун символу болгон сүмөлөк жакшы өтүүдө. Муну билген сатуучулар бааларды каалагандай коюп, бири 100 граммын 35 сомдон сатса, башкалары 50 сомдон сатып жатышат. Үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү менен келген шаардыктар 1 литрин 250 сомдон алышууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142345
2016-03-21
ky
Темир Сариев: "Нооруз – адамдарды кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам!"
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөбүздүн жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Өкмөт башчынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун, кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун майрамы – Нооруз менен чын дилимден куттуктайм! Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп, бири-бирин жаңы күн, тунук пейил, таза ыйман менен куттуктап, сүмөлөк кайнатып, таттуу тилектерди тилеп келишкен. Нооруз – бул табияттын жаңылануусу. Жер кулпуруп, жаз келген улуу майрам. Нооруз – адам жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдирет. Ар бир инсан, ар бир адам өз турмушунда ошол адамдык бакытты каалайт жана тилек кылат. Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, бардар жашоо болсун деп жакшы ниетти ыроолойбуз. Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең! Алдыбызда биз ашчу улуу белдер турат, ал үчүн каруубуз бир колдо, күчүбүз бир билекте чогуу болуп, ынтымактын, ырашкерликтин, биримдиктин туусун бийик көтөрүп, элибиз үчүн, жерибиз үчүн, жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек менен бирге баралы! Ар бирибиз коомдогу алган ордубузга, көз карандысыз түрдө жаратман эмгек аркылуу өлкөбүздүн келечеги үчүн салымыбызды кошолу. Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Мекенибиз мындан ары карай да өсүп-өнүү жолунда болсун! Тилектер орундалсын, үмүттөр акталсын, таттуу кыялдар турмушка ашсын!"
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөбүздүн жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Өкмөт башчынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун, кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун майрамы – Нооруз менен чын дилимден куттуктайм! Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп, бири-бирин жаңы күн, тунук пейил, таза ыйман менен куттуктап, сүмөлөк кайнатып, таттуу тилектерди тилеп келишкен. Нооруз – бул табияттын жаңылануусу. Жер кулпуруп, жаз келген улуу майрам. Нооруз – адам жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдирет. Ар бир инсан, ар бир адам өз турмушунда ошол адамдык бакытты каалайт жана тилек кылат. Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, бардар жашоо болсун деп жакшы ниетти ыроолойбуз. Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең! Алдыбызда биз ашчу улуу белдер турат, ал үчүн каруубуз бир колдо, күчүбүз бир билекте чогуу болуп, ынтымактын, ырашкерликтин, биримдиктин туусун бийик көтөрүп, элибиз үчүн, жерибиз үчүн, жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек менен бирге баралы! Ар бирибиз коомдогу алган ордубузга, көз карандысыз түрдө жаратман эмгек аркылуу өлкөбүздүн келечеги үчүн салымыбызды кошолу. Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Мекенибиз мындан ары карай да өсүп-өнүү жолунда болсун!
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142347
2016-03-21
ky
Орусияда кыргыз жараны "чогуу иштеген адамды бычактап салды" деп шектелүүдө
Орусияда кыргыз жараны "чогуу иштеген адамды бычактап салды" деп шектелип жатканын "Наурфо.ру" маалымат агенттиги 21-март күнү жазып чыкты. Маалыматка караганда, Орусиянын Миасс шаарында 27 жаштагы кыргыз жараны өзү менен чогуу иштеген 23 жаштагы адамды бычактап салган. Жабыр тарткан адам оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Ал эми айыпталып жаткан кыргыз жараны кармалып, ага карата Орусиянын мыйзамдары боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Орусияда кыргыз жараны "чогуу иштеген адамды бычактап салды" деп шектелип жатканын "Наурфо.ру" маалымат агенттиги 21-март күнү жазып чыкты. Маалыматка караганда, Орусиянын Миасс шаарында 27 жаштагы кыргыз жараны өзү менен чогуу иштеген 23 жаштагы адамды бычактап салган. Жабыр тарткан адам оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Ал эми айыпталып жаткан кыргыз жараны кармалып, ага карата Орусиянын мыйзамдары боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142329
2016-03-21
ky
Борбордо дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн Ноорузга карата тамак-аш жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмө-жарманкеси ачылды (фото)
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата борбор калаанын эски аянтында өлкөдө жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири - Бишкек мэриясы. Көргөзмө-жарманкеге өлкөдөгү 21 элчилик катышып, ар улутка тиешелүү болгон сувенирлер, кол өнөрчүлүк буюмдары, дизайнерлик кийимдер, экологиялык таза азык-түлүктөр, китептер көргөзмөгө коюлган. Жарманкеде ар түрдүү тамак-аштар сатылып, андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Майрамдык иш-чаранын алкагында боз үй тигүү, чий куурчак жасоо жана ала кийизди иштеп чыгуу боюнча тематикалык мастер-класстар уюштурулуп, тогуз коргоол жана ордо улуттук оюндары өткөрүлөт.
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата борбор калаанын эски аянтында өлкөдө жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири - Бишкек мэриясы. Көргөзмө-жарманкеге өлкөдөгү 21 элчилик катышып, ар улутка тиешелүү болгон сувенирлер, кол өнөрчүлүк буюмдары, дизайнерлик кийимдер, экологиялык таза азык-түлүктөр, китептер көргөзмөгө коюлган. Жарманкеде ар түрдүү тамак-аштар сатылып, андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142335
2016-03-21
ky
Теолог Кадыр Маликовго кол салууга шектүү жаран Түркиядан Бишкекке алынып келинди
Диний адис Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келинди. Маалыматты бүгүн, 21-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да кайтарып алуу маселеси каралып жатканы айтылды. Шектүүнү кыргыз жерине ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери алып келишип, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында. Министрлик аталган жаранды экстрадициялоого көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигине, Түркиянын полициясы менен Миграциялык кызмат боюнча департаментине ыраазычылык билдирди.
Диний адис Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келинди. Маалыматты бүгүн, 21-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да кайтарып алуу маселеси каралып жатканы айтылды. Шектүүнү кыргыз жерине ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери алып келишип, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142339
2016-03-21
ky
Казакстанда өткөн парламенттик шайлоодо "Нур Отан" партиясы 82 пайыз добуш алуу менен алдыга чыкты
Казакстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 3 саясий партия 7 пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, "Нур Отан" партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүн топтоп, биринчи орунда турат. Казакстандын коммунисттик эл партиясы жана "Ак жол" партиясы 7 пайыздык босогодон араң өткөнү байкалууда. Ал эми калган 3 партия бул парламентке өтүүгө керектүү көлөмдөгү добуштарды топтой алган жок. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй: "Нур Отан" партиясы - 82 пайыз; "Ак жол" демократиялык партиясы - 7,22 пайыз; Коммунисттик эл партиясы - 7,17 пайыз; "Ауыл" Элдик-демократиялык патриоттук партиясы - 2,05 пайыз; Социал-демократиялык жалпы улуттук партия - 1,21 пайыз; "Бирлик" партиясы - 0,35 пайыз. "Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 9 миллион 791 165 адам кирген. Шайлоого 7 миллион 500 миңге жакын жаран катышты" ,- деп жазышат басылмалар.
Казакстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 3 саясий партия 7 пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, "Нур Отан" партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүн топтоп, биринчи орунда турат. Казакстандын коммунисттик эл партиясы жана "Ак жол" партиясы 7 пайыздык босогодон араң өткөнү байкалууда. Ал эми калган 3 партия бул парламентке өтүүгө керектүү көлөмдөгү добуштарды топтой алган жок. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй: "Нур Отан" партиясы - 82 пайыз; "Ак жол" демократиялык партиясы - 7,22 пайыз; Коммунисттик эл партиясы - 7,17 пайыз; "Ауыл" Элдик-демократиялык патриоттук партиясы - 2,05 пайыз; Социал-демократиялык жалпы улуттук партия - 1,21 пайыз; "Бирлик" партиясы - 0,35 пайыз. "Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 9 миллион 791 165 адам кирген.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142331
2016-03-21
ky
Борбор калаада Нооруз майрамына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда
Бүгүн, 21-мартта борбор калаада Нооруз майрамына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүштү. Майрамдык иш-чаралардагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 2850 милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү негизги майрамдык иш-чаралар өтүүчү "Ала-Тоо" аянтынын аймагында иш алып барышат. Ошондой эле “Аккула” ат майданында өтүүчү ат оюндарында да күч органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери эртең мененки саат 07:00дөн баштап борбордогу майрамдык салтанаттар аяктагыча иш алып барышмакчы.
Бүгүн, 21-мартта борбор калаада Нооруз майрамына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүштү. Майрамдык иш-чаралардагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 2850 милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу `ге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү негизги майрамдык иш-чаралар өтүүчү "Ала-Тоо" аянтынын аймагында иш алып барышат. Ошондой эле “Аккула” ат майданында өтүүчү ат оюндарында да күч органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142333
2016-03-21
ky
ЭЛДИК КАБАР : Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленүүдө
Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бул тууралуу окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдиришти. Алардын айтымдарында, иш-чарага 700гө жакын адам келди. "Майрамга Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги жана шаардык депутаттар катышууда. Иш-чара саат 10:00дө башталды" ,- дешет окурмандар.
Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бул тууралуу окурмандар порталына WhatsApp аркылуу билдиришти. Алардын айтымдарында, иш-чарага 700гө жакын адам келди. "Майрамга Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги жана шаардык депутаттар катышууда.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142327
2016-03-21
ky
Баткен. Лейлек районунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза таап, 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алды
Лейлек районунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза таап, 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына маркумдардын тууганы билдирди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-мартта Лейлек районунда орун алган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Лексус унаасынын эки жүргүнчүсү (аялдар) оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Унаанын айдоочусу жана унаадагы 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алып аймактык ооруканага жеткирилген, алардын абалы оор бойдон калууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, КамАЗдын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Лексус менен сүзүшкөн.
Лейлек районунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза таап, 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта порталына маркумдардын тууганы билдирди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-мартта Лейлек районунда орун алган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Лексус унаасынын эки жүргүнчүсү (аялдар) оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Унаанын айдоочусу жана унаадагы 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алып аймактык ооруканага жеткирилген, алардын абалы оор бойдон калууда.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142321
2016-03-21
ky
Бишкекте Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө (фоторепортаж)
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Нооруз салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Элдик майрам салттуу түрдө Умай эненин катышуусу менен башталып, кыргыз элинин, жеринин жаркын келечегине, бакубат жашоосуна арналган каалоолор менен ачылды. Шаар башчысы Албек Ибраимов өз сөзүндө буларды айтты: "Урматтуу шаар тургундары, ардактуу коноктор! Сиздерди жаркыраган жаз майрамы - Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Элибиз жылдын, жаратылыштын жаңырышы катары кадырлап тосуп келген улуу күн - Нооруз майрамы жергебизге тынчтык, элибизге ырыс-ынтымак тартуулап, ыйык Ала-Тообуздун асманы ачык болсун! Нооруз майрамында ар улуттун көргөзмөсү уюштурулуп жатканы бизди кубандырат. Акыркы жылдары Ноорузду майрамдоо бир гана түрк, перс тилдүү элдерде, бүтүндөй мусулман калкында эмес, дүйнө жүзүндө да кеңири кулач жаюуда. Анткени бул майрам адамдарды гумандуулукка, ынтымак менен тынчтыкка, сабырдуулукка чакыргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге жаз айындай жаркын маанай, мээрими төгүлгөн, ырыс-дөөлөттүү узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм". Учурда тургундарга сүмөлөк таратылып, шаңдуу концерт болууда. Көргөзмөлөр уюштурулуп, анда кыргыз элинин улуттук тамактары көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле аянтта эки жаштын баш кошкону өзгөчөлүк тартуулады.
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Нооруз салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Элдик майрам салттуу түрдө Умай эненин катышуусу менен башталып, кыргыз элинин, жеринин жаркын келечегине, бакубат жашоосуна арналган каалоолор менен ачылды. Шаар башчысы Албек Ибраимов өз сөзүндө буларды айтты: "Урматтуу шаар тургундары, ардактуу коноктор! Сиздерди жаркыраган жаз майрамы - Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Элибиз жылдын, жаратылыштын жаңырышы катары кадырлап тосуп келген улуу күн - Нооруз майрамы жергебизге тынчтык, элибизге ырыс-ынтымак тартуулап, ыйык Ала-Тообуздун асманы ачык болсун! Нооруз майрамында ар улуттун көргөзмөсү уюштурулуп жатканы бизди кубандырат. Акыркы жылдары Ноорузду майрамдоо бир гана түрк, перс тилдүү элдерде, бүтүндөй мусулман калкында эмес, дүйнө жүзүндө да кеңири кулач жаюуда. Анткени бул майрам адамдарды гумандуулукка, ынтымак менен тынчтыкка, сабырдуулукка чакыргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге жаз айындай жаркын маанай, мээрими төгүлгөн, ырыс-дөөлөттүү узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм". Учурда тургундарга сүмөлөк таратылып, шаңдуу концерт болууда. Көргөзмөлөр уюштурулуп, анда кыргыз элинин улуттук тамактары көрсөтүлүп жатат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142328
2016-03-21
ky
Балдарын бейтааныш адамга таштап Орусияга иштегени кеткен аялдын балдары учурда күйөөсүнүн агасыныкында, өзү өлкөдөн кайрадан чыгып кеткен
Балдарын бейтааныш адамга таштап Орусияга иштегени кеткен аялдын балдары учурда күйөөсүнүн агасыныкында. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу айлындагы өкүлү Куттубек Абдуллаев SUPER.KG порталына билдирди. "Балдарын таштап иштегени кеткен аял ушул жылдын башында келген. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Балдарымды эч кимге бербейм, өзүм багам" деп аларды алып кеткен. Кийинчерээк күйөөсүнүн агасына убактылуу камкордукка таштап, кайрадан иштегени Орусияга кетти. Аларды көзөмөлдөөгө милдеттендирген буйрук чыгарып бердик. Мыйзам боюнча, эгер ал 6 айда келбесе, алардан кабар албаса жана тууган-уруктары чыкпаса гана "балдарын таштап кетти" деп айымды энелик укуктан ажыратсак болот. Биз ай сайын балдарга барып мониторинг жүргүзүп, алардын жашоо шартынан кабар алып турабыз", - дейт Абдуллаев. Ошондой эле балдардын апасы июнь айына чейин кайтып келбесе, балдарды расмий түрдө күйөөсүнүн агасы өз карамагына өткөрүп алары белгилүү болду. "Үстүбүздөгү жылдын июнь айында апасынын Орусияга кеткенине 6 ай болот. Эгер ал балдарына кайтып келбесе, күйөөсүнүн агасы аларды расмий түрдө өз карамагына алууга даяр экенин билдирген. Биз да өз кезегибизде анын балдарды багууга шарты бары-жогун караган соң гана андай укукту бере алабыз", - деди Социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу айылындагы өкүлү. Эске сала кетсек, 3 жана 4 жашар балдардын энеси наристелерин Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калганын жана ага издөө жарыялоо суранычы менен окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 2015-жылы 12-октябрда кайрылган .
Балдарын бейтааныш адамга таштап Орусияга иштегени кеткен аялдын балдары учурда күйөөсүнүн агасыныкында. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу айлындагы өкүлү Куттубек Абдуллаев порталына билдирди. "Балдарын таштап иштегени кеткен аял ушул жылдын башында келген. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Балдарымды эч кимге бербейм, өзүм багам" деп аларды алып кеткен. Кийинчерээк күйөөсүнүн агасына убактылуу камкордукка таштап, кайрадан иштегени Орусияга кетти. Аларды көзөмөлдөөгө милдеттендирген буйрук чыгарып бердик. Мыйзам боюнча, эгер ал 6 айда келбесе, алардан кабар албаса жана тууган-уруктары чыкпаса гана "балдарын таштап кетти" деп айымды энелик укуктан ажыратсак болот. Биз ай сайын балдарга барып мониторинг жүргүзүп, алардын жашоо шартынан кабар алып турабыз", - дейт Абдуллаев. Ошондой эле балдардын апасы июнь айына чейин кайтып келбесе, балдарды расмий түрдө күйөөсүнүн агасы өз карамагына өткөрүп алары белгилүү болду. "Үстүбүздөгү жылдын июнь айында апасынын Орусияга кеткенине 6 ай болот. Эгер ал балдарына кайтып келбесе, күйөөсүнүн агасы аларды расмий түрдө өз карамагына алууга даяр экенин билдирген. Биз да өз кезегибизде анын балдарды багууга шарты бары-жогун караган соң гана андай укукту бере алабыз", - деди Социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу айылындагы өкүлү.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142313
2016-03-21
ky
Баткен облусунда 3 миллион 672 миң сомго бааланган баңгизат менен эки адам кармалды (фото)
Баткен облусунда 3 миллион 672 миң сомго бааланган баңгизат менен эки адам кармалды. Муну Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 18-март күнү аталган кызматтын кезектеги атайын иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында Баткен облусунун Кулунду айылынан 60 жаштагы М.Ш. аттуу жаранга тийиштүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде Тажикстандын 43 жаштагы М.С. аттуу жараны да бар болгон. Алар баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендиктен токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда ичинен 11 грамм апийим, 8 килограмм 573 граммдан ашуун гашиш табылган. Табылган зат болжол менен 3 миллион 672 миң сомго баалана турганы белгиленген. Кармалган адамдар бул заттарды Ооганстандан алып келе жатышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын буга окшогон кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.
Баткен облусунда 3 миллион 672 миң сомго бааланган баңгизат менен эки адам кармалды. Муну Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 18-март күнү аталган кызматтын кезектеги атайын иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында Баткен облусунун Кулунду айылынан 60 жаштагы М.Ш. аттуу жаранга тийиштүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде Тажикстандын 43 жаштагы М.С. аттуу жараны да бар болгон. Алар баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендиктен токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда ичинен 11 грамм апийим, 8 килограмм 573 граммдан ашуун гашиш табылган. Табылган зат болжол менен 3 миллион 672 миң сомго баалана турганы белгиленген. Кармалган адамдар бул заттарды Ооганстандан алып келе жатышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142317
2016-03-21
ky
Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылды: "Урматтуу мекендештер! Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан жаздын келишинин, жаратылыштын жаңылануусунун башаты болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Кылымдар кыйырынан келаткан Нооруз – илгери үмүттүн, тынчтыктын, токчулуктун жарчысы. Абалтан ата-бабаларыбыз күн менен түн тогошкондо элди биримдикке үндөп, касташканды жараштырып, достошконго ымала арткан. Жараткандан баба дыйкандын ак эмгеги молчулукту камсыз кылышын тилеген. Бүгүн дагы ошол жөрөлгөнү улай, Улустун улуу күнүн адам баласын арууланткан асыл ой, жаркын келечекти көздөгөн арымдуу максаттар менен тосуп жатабыз. Кылымдарды карыткан улуттук маданиятыбызды жана көөнөргүс тарыхыбызды аздектеп, мамлекеттүүлүктү бекемдөө ишин тереңдетип уланта берели. Бейпил жашообуздун түбөлүгү түз болсун. Кудай буюрса, ынтымагыбыздын аркасында бардык убактылуу кыйынчылыктарды жеңип, телегейи тегиз, өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошулабыз. Дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен!"
Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылды: "Урматтуу мекендештер! Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан жаздын келишинин, жаратылыштын жаңылануусунун башаты болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Кылымдар кыйырынан келаткан Нооруз – илгери үмүттүн, тынчтыктын, токчулуктун жарчысы. Абалтан ата-бабаларыбыз күн менен түн тогошкондо элди биримдикке үндөп, касташканды жараштырып, достошконго ымала арткан. Жараткандан баба дыйкандын ак эмгеги молчулукту камсыз кылышын тилеген. Бүгүн дагы ошол жөрөлгөнү улай, Улустун улуу күнүн адам баласын арууланткан асыл ой, жаркын келечекти көздөгөн арымдуу максаттар менен тосуп жатабыз. Кылымдарды карыткан улуттук маданиятыбызды жана көөнөргүс тарыхыбызды аздектеп, мамлекеттүүлүктү бекемдөө ишин тереңдетип уланта берели. Бейпил жашообуздун түбөлүгү түз болсун. Кудай буюрса, ынтымагыбыздын аркасында бардык убактылуу кыйынчылыктарды жеңип, телегейи тегиз, өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошулабыз.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142323
2016-03-21
ky
ЖЫЛНААМА, 21-МАРТ : Бүгүн күн менен түн теңелип, Нооруз майрамы майрамдалат
Нооруз - бул жаңыруу менен тазаруу, ынтымактын мааракеси! "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дечү. Совет бийлигинин учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Кыргыз Республикасы бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен. 21-марттын жылнаамасы .
Нооруз - бул жаңыруу менен тазаруу, ынтымактын мааракеси! "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дечү. Совет бийлигинин учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Кыргыз Республикасы бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142319
2016-03-21
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Кара-Кулжанын жаштары Бишкек шаарында кайрымдуулук жасашты
Элдин ынтымагын бекемдөө, жаштарды эмгекке үндөө аракети. SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн "Алайкуу жаштарынын кайрымдуулук иштери" (ник: Gupa) деген темадагы видеодо кайрымдуулуктун жакшы үлгүсү көрсөтүлдү. Материалда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жаштары алдын ала Бишкек шаарындагы Абай-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан карылар үйүнө барып, кандай жардам керектигин билишип, андан кийин чогулуп ишембилик өткөрүп жатканы айтылат. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
Элдин ынтымагын бекемдөө, жаштарды эмгекке үндөө аракети. порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн "Алайкуу жаштарынын кайрымдуулук иштери" (ник: Gupa) деген темадагы видеодо кайрымдуулуктун жакшы үлгүсү көрсөтүлдү. Материалда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жаштары алдын ала Бишкек шаарындагы Абай-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан карылар үйүнө барып, кандай жардам керектигин билишип, андан кийин чогулуп ишембилик өткөрүп жатканы айтылат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142277
2016-03-21
ky
Бишкек. Өлкөбүздүн жети облусунун өкүлдөрү Ноорузга карата "Сүмөлөк" фестивалына катышышты (фоторепортаж)
Бишкектеги этнокомплекстердин биринде кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына карата "Сүмөлөк" фестивалы башталды. Анда аймактардан келген катышуучулар атайын дасторкон жайып, боорсок бышырышып, келген конокторго ооз тийгизип жатышты. Маданий иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Дана Абдыбекова "Сүмөлөк" фестивалы тууралуу буларга токтолду: "Бул фестивалды "Кыргыз даамы" долбоорунун алкагында уюштуруп жатабыз. Республикалык деңгээлде уюштурулуп жаткандыктан, даярдыктарга 2 айдай убакыт кетти. Фестиваль кыргыз жеринде тынчтык, кут-береке болуп, элибиз өнүгүп-өссүн, ынтымак болсун деген максатта өтүп жатат. Өлкөбүздүн 7 облусундагы аймактардан катышуучулар келишип, жалпы 12 казан сүмөлөк бышырылууда. Түнү менен кайнатылып, улуттук оюн-зооктор да өткөрүлөт. Тамактын жаманы болбойт эмеспи, андыктан бул же тиги сүмөлөк жакшы болуптур деп бөлбөйбүз. "Сүмөлөк" фестивалына катышкандарга чакан белектерибиз бар. Баарын жетиштүү деңгээлде сыйлаганга аракет кылабыз". Фестивалдын катышуучулары, коноктору каалоо-тилектерин жазып жатышты. Нооруз майрамына карата түрдүү тамакка толгон дасторкон жайылып, келген коноктор даам ооз тийип жатышты. Өзгөчө сый тамакка айланган "Боз үй" даамы. Боорсок бышырылды. Аймактардан келген катышуучулар казан асып, түнү менен сүмөлөк кайнатышты. Алас, алас, алас! Ар балээден калас... Ош облусунан келген катышуучулар дасторкон үстүндө конок тосушууда. Фестивалда ырлар ырдалып, оюндар уюштурулуп, шаан-шөкөт менен коштолду. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да маданий иш-чаранын коногу болуп, элибизде тынчтык, токчулук, өсүп-өнүгүү болсун деп тилек айтып, сүмөлөк аралаштырды. Оңдон солго: ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер жана саясатчы Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков. Нооруз майрамында ак элечек, улуттук көйнөгүн кийип келген энелер, чачын беш көкүл кылып өргөн секелек кыздар да болду. Фестивалдын коногу. Кичинекей балдар баарынан да селкинчек тебүүгө кызыгышты.
Бишкектеги этнокомплекстердин биринде кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына карата "Сүмөлөк" фестивалы башталды. Анда аймактардан келген катышуучулар атайын дасторкон жайып, боорсок бышырышып, келген конокторго ооз тийгизип жатышты. Маданий иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Дана Абдыбекова "Сүмөлөк" фестивалы тууралуу буларга токтолду: "Бул фестивалды "Кыргыз даамы" долбоорунун алкагында уюштуруп жатабыз. Республикалык деңгээлде уюштурулуп жаткандыктан, даярдыктарга 2 айдай убакыт кетти. Фестиваль кыргыз жеринде тынчтык, кут-береке болуп, элибиз өнүгүп-өссүн, ынтымак болсун деген максатта өтүп жатат. Өлкөбүздүн 7 облусундагы аймактардан катышуучулар келишип, жалпы 12 казан сүмөлөк бышырылууда. Түнү менен кайнатылып, улуттук оюн-зооктор да өткөрүлөт. Тамактын жаманы болбойт эмеспи, андыктан бул же тиги сүмөлөк жакшы болуптур деп бөлбөйбүз. "Сүмөлөк" фестивалына катышкандарга чакан белектерибиз бар. Баарын жетиштүү деңгээлде сыйлаганга аракет кылабыз". Фестивалдын катышуучулары, коноктору каалоо-тилектерин жазып жатышты. Нооруз майрамына карата түрдүү тамакка толгон дасторкон жайылып, келген коноктор даам ооз тийип жатышты. Өзгөчө сый тамакка айланган "Боз үй" даамы. Боорсок бышырылды. Аймактардан келген катышуучулар казан асып, түнү менен сүмөлөк кайнатышты. Алас, алас, алас! Ар балээден калас... Ош облусунан келген катышуучулар дасторкон үстүндө конок тосушууда. Фестивалда ырлар ырдалып, оюндар уюштурулуп, шаан-шөкөт менен коштолду. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да маданий иш-чаранын коногу болуп, элибизде тынчтык, токчулук, өсүп-өнүгүү болсун деп тилек айтып, сүмөлөк аралаштырды. Оңдон солго: ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер жана саясатчы Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков. Нооруз майрамында ак элечек, улуттук көйнөгүн кийип келген энелер, чачын беш көкүл кылып өргөн секелек кыздар да болду. Фестивалдын коногу.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142291
2016-03-21
ky
СУПЕРСТАН: "Уктаганда коңурук тарткан адамдын эртең менен башы ооруп, жүрөгү айланып, бат ачуусу келет"
Уктаганда коңурук тарткандар жана таптакыр тартпагандар бар. Айрымдар коңурук тартууну адат же нерв системинен дешсе, айрымдар муну оору деп эсептешет. Айрыкча жаш баланын коңурук тартуусуна өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылып келет. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коңурук тарткан адамга көз карашыңар" деген тема талкууланууда. Пикирлер түрдүү: "Коңурук тарткан адамдын жүрөгү же дем алуу органдары начар деп уккам". "Катуу чарчаганда элдин баары эле коңурук тарта баштайт". "Адам чалкалап жатканда коңурук тартат жана бул жат көрүнүш эмес. Мазактаган адамдардын өзүн мазакташ керек". "Коңурук тартуу дагы тукум кууса керек, чарчап деле тартпагандар бар. Коңурук тарткандарды көмкөрөсүнөн жаткырса деле тарта берет". "Коңурук тарткан адамдын эртең менен башы ооруп, жүрөгү айланып, бир нерселерге бат ачууланат. Тез ойлоно да, бир нерселерди бат эстей да албайт. Анткени түндө дем алуунун бузулуусунан улам организмге, анын ичинде мээге аба жетишерлик деңгээлде барбай, мээнин иштеши бузулган болот. Ошондуктан эгер коңурук тартуу өнөкөткө айланып, бир нече жылга созулуп кетсе, анда кабыл алуу менен эс тутум жоголо баштайт. Жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Уктаганда коңурук тарткандар жана таптакыр тартпагандар бар. Айрымдар коңурук тартууну адат же нерв системинен дешсе, айрымдар муну оору деп эсептешет. Айрыкча жаш баланын коңурук тартуусуна өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылып келет. порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коңурук тарткан адамга көз карашыңар" деген тема талкууланууда. Пикирлер түрдүү: "Коңурук тарткан адамдын жүрөгү же дем алуу органдары начар деп уккам". "Катуу чарчаганда элдин баары эле коңурук тарта баштайт". "Адам чалкалап жатканда коңурук тартат жана бул жат көрүнүш эмес. Мазактаган адамдардын өзүн мазакташ керек". "Коңурук тартуу дагы тукум кууса керек, чарчап деле тартпагандар бар. Коңурук тарткандарды көмкөрөсүнөн жаткырса деле тарта берет". "Коңурук тарткан адамдын эртең менен башы ооруп, жүрөгү айланып, бир нерселерге бат ачууланат. Тез ойлоно да, бир нерселерди бат эстей да албайт. Анткени түндө дем алуунун бузулуусунан улам организмге, анын ичинде мээге аба жетишерлик деңгээлде барбай, мээнин иштеши бузулган болот. Ошондуктан эгер коңурук тартуу өнөкөткө айланып, бир нече жылга созулуп кетсе, анда кабыл алуу менен эс тутум жоголо баштайт. Жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142273
2016-03-21
ky
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Муну Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, кылмышка шектелген жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 22 жаштагы тургуну. Азыркы тапта кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Муну Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, кылмышка шектелген жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 22 жаштагы тургуну.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142309
2016-03-21
ky
Алмазбек Атамбаев: "Нооруз майрамында адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотушат" (куттуктоо сөзү)
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: "Кымбаттуу мекендештер! Баарыңыздарды улуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Нооруз – тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал - табият менен адам тиричилигинин ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы. Күн менен түн теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат, дасторконуна берекесин жайнатышат. Бул күн - түгөнбөс түйшүктөрдөн бир саам эсибизди жыйып, “Өмүрдүн маңызы эмнеде?” деген суроого жооп издей турган учур. Быйылкы Нооруз майрамы мамлекетибиздин эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө. “Мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден күчтүү балбан жок” деп “Манаста” айтылгандай, бул кыска аралыкта кыргыз жарандары кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөрдү. Кыргыз эли, кыргыз жарандары руханий кайра жаралууну башынан кечирүүдө. Ата-бабаларыбыздын мыкты салттары менен жөрөлгөлөрү кулач жайып, өткөн тарыхыбызга кайрылуу жанданды. “Мен – кыргызстандыкмын!” деген сыймыктануу сезими жүрөгүбүзгө ширелүүдө. Улуу Нооруз элибизге күч-кубат берсин, өмүр гүлүн чачсын. Кыска өмүрдү нускалуу, маңыздуу жашап, жакшылыктарга толтуралы".
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: "Кымбаттуу мекендештер! Баарыңыздарды улуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Нооруз – тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал - табият менен адам тиричилигинин ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы. Күн менен түн теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат, дасторконуна берекесин жайнатышат. Бул күн - түгөнбөс түйшүктөрдөн бир саам эсибизди жыйып, “Өмүрдүн маңызы эмнеде?” деген суроого жооп издей турган учур. Быйылкы Нооруз майрамы мамлекетибиздин эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө. “Мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден күчтүү балбан жок” деп “Манаста” айтылгандай, бул кыска аралыкта кыргыз жарандары кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөрдү. Кыргыз эли, кыргыз жарандары руханий кайра жаралууну башынан кечирүүдө. Ата-бабаларыбыздын мыкты салттары менен жөрөлгөлөрү кулач жайып, өткөн тарыхыбызга кайрылуу жанданды. “Мен – кыргызстандыкмын!” деген сыймыктануу сезими жүрөгүбүзгө ширелүүдө. Улуу Нооруз элибизге күч-кубат берсин, өмүр гүлүн чачсын.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142315
2016-03-21
ky
ЖЫЛНААМА, 21-МАРТ : Мындан 101 жыл мурун кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов туулган
Мындан 101 жыл мурун, 1915-жылы 21-мартта кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган. Алыкул Осмонов - кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш ленинчил" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери", "Ата Журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экенин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж.б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драма жараткан. Кийин Алыкул Осмоновдун көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган. 21-марттын жылнаамасы .
Мындан 101 жыл мурун, 1915-жылы 21-мартта кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган. Алыкул Осмонов - кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш ленинчил" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери", "Ата Журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экенин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж.б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драма жараткан. Кийин Алыкул Осмоновдун көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142311
2016-03-21
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Неймар, Месси менен жарнамага тартылган кыргыз каскадёру чет элдиктерге өнөрүн көрсөттү
Белгилүү футболчулар Месси, Неймар менен бирге жарнамага тартылган кыргыз каскадёру тууралуу уккан чыгарсыз. Испанияда каскадёр, акробат, актёр катары таанылган кыргыз жигити Чыңгыз Асанбек уулунун трюктары тартылган видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн (ник: sport_lover). Видеодон Чыңгыздын мыкты трюктарын, дүйнөгө белгилүү “Порт Авентура” көңүл ачуучу сейил багында көрсөткөн өнөрүн көрүүгө болот. Кыргыз жигитинин чет элде мындай ийгилик жаратып жүргөнү сыймык. Видеолорду көрүү үчүн шилтемелер .
Белгилүү футболчулар Месси, Неймар менен бирге жарнамага тартылган кыргыз каскадёру тууралуу уккан чыгарсыз. Испанияда каскадёр, акробат, актёр катары таанылган кыргыз жигити Чыңгыз Асанбек уулунун трюктары тартылган видео порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн (ник: sport lover). Видеодон Чыңгыздын мыкты трюктарын, дүйнөгө белгилүү “Порт Авентура” көңүл ачуучу сейил багында көрсөткөн өнөрүн көрүүгө болот. Кыргыз жигитинин чет элде мындай ийгилик жаратып жүргөнү сыймык.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142285
2016-03-21
ky
Кыргыз жарандары Казакстандагы парламенттик шайлоодо байкоочу болушту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстанда өткөн Мажилис парламентине депутаттарды шайлоого 17 адамды жиберди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, кыргыз жергесинен барган делегациянын курамына КРнын БШК мүчөлөрү, КРнын Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана КРнын Казакстандагы элчилигинин өкүлдөрү киришти. Байкоочулар өздөрүнүн милдеттерин Астана, Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында аткарышты. Айта кетсек, кечээ, 20-мартта Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоодо мандат үчүн 6 партиянын өкүлдөрү ат салышты. Жарышка түшкөндөр: “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары. Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн. Мажилистин курамы 107 депутаттан турат: 98и партиялык тизме боюнча шайланып, 9у Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан жылдырылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстанда өткөн Мажилис парламентине депутаттарды шайлоого 17 адамды жиберди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, кыргыз жергесинен барган делегациянын курамына КРнын БШК мүчөлөрү, КРнын Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана КРнын Казакстандагы элчилигинин өкүлдөрү киришти. Байкоочулар өздөрүнүн милдеттерин Астана, Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында аткарышты. Айта кетсек, кечээ, 20-мартта Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоодо мандат үчүн 6 партиянын өкүлдөрү ат салышты. Жарышка түшкөндөр: “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары. Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142301
2016-03-21
ky
Бүгүн Бишкектеги көк бөрү мелдешинде "Сары-Өзөн" жана "Достук" командалары финалда беттешет, ат майданда түрдүү ат оюндары болот
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин финалы жана эр эңиш, ат чабыш жана салбуурун орун алат. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору менен тиешелүү федерациялар тарабынан уюштурулуп жаткан ат оюндарынын жалпы байге фонду 1 миллион 682 миң сомду түзөт. Оюндар жана сааттары: Саат 9:00 -10:00. Салбуруун 10:00-11:30. Көк бөрү мелдешинде "Талас" жана "Бөрүлү" командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүшөт 11:30-12:00. Эң эңиш боюнча финалдык беттештер 12:00-14:00. Ат чабыш 14:00- 15:30. Көк бөрү боюнча "Сары-Өзөн" - "Достук" командаларынын беттеши (финал)
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин финалы жана эр эңиш, ат чабыш жана салбуурун орун алат. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору менен тиешелүү федерациялар тарабынан уюштурулуп жаткан ат оюндарынын жалпы байге фонду 1 миллион 682 миң сомду түзөт. Оюндар жана сааттары: Саат 9:00 -10:00. Салбуруун 10:00-11:30. Көк бөрү мелдешинде "Талас" жана "Бөрүлү" командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүшөт 11:30-12:00. Эң эңиш боюнча финалдык беттештер 12:00-14:00. Ат чабыш 14:00- 15:30.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142307
2016-03-21
ky
21-25-март күндөрү депутаттар аймактарды кыдырышат
21-25-март күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн аймактарында иш жүргүзүшөт. Тиешелүү токтом парламенттин 17-марттагы жыйынында бир добуштан кабыл алынган. Төрага Асылбек Жээнбековдун айтымында, Нооруз майрамына карата депутаттар эл менен жолугушууларды өткөрүшөт. "Жаз мезгилинде депутаттар аймактарга барып, жергиликтүү тургундардын маселелерин, көйгөйлөрүн угуп келиши маанилүү" ,- деди төрага.
21-25-март күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн аймактарында иш жүргүзүшөт. Тиешелүү токтом парламенттин 17-марттагы жыйынында бир добуштан кабыл алынган. Төрага Асылбек Жээнбековдун айтымында, Нооруз майрамына карата депутаттар эл менен жолугушууларды өткөрүшөт.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141961
2016-03-21
ky
Түркия. "Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар" деп шектелип 5 адам кармалды
"Түркиянын Стамбул шаарында 19-мартта орун алган жардырууга тиешеси бар" деп 5 адам кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ИИМинин башчысы Эфкан Алага шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, мындан тышкары шаардын борборунда өзүн өзү жардырган адам Мехмет Озтюрк "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү болгону аныкталды. Ал 1992-жылы Түркиянын Газиантеп шаарында туулганы белгилүү болду. "Аталган жардыруудан кийин Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы 7 районунда коменданттык саат киргизилген. 20-21-мартта Нооруз майрамына байланыштуу 200 миң полиция кызматкери коомдук тартипти сактайт" ,- деп жазышат басылмалар. Айта кетсек, 2016-жылдын 19-мартында Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө жардыруу орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Мындан улам 5 адам (алардын бири өзүн өзү жардырган жан кечти) каза тапкан, 36 адам жаракат алган.
"Түркиянын Стамбул шаарында 19-мартта орун алган жардырууга тиешеси бар" деп 5 адам кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ИИМинин башчысы Эфкан Алага шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, мындан тышкары шаардын борборунда өзүн өзү жардырган адам Мехмет Озтюрк "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү болгону аныкталды. Ал 1992-жылы Түркиянын Газиантеп шаарында туулганы белгилүү болду. "Аталган жардыруудан кийин Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы 7 районунда коменданттык саат киргизилген. 20-21-мартта Нооруз майрамына байланыштуу 200 миң полиция кызматкери коомдук тартипти сактайт" ,- деп жазышат басылмалар. Айта кетсек, 2016-жылдын 19-мартында Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө жардыруу орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142305
2016-03-21
ky
АФИША, 21-МАРТ: "Манас" кинотеатрында “Бир мешок акча” жана "Чүкө баатыр" тасмалары көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10. "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00, 22:40. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142279
2016-03-21
ky
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 20-МАРТ: Кыргыз тарап Аксыдагы элдин коопсуздугу үчүн кошумча аскер күчүн тартканы тастыкталды
21:32. Кыргыз тарап Аксыдагы элдин коопсуздугу үчүн кошумча аскер күчтөрүн тартты. Маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тастыктады. "Азыр биздин аскерлер техникасы менен алар кай жерде турса, так ошол жерге жайгашты. Кошумча күч да барды", - деп билдирди Акаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу. 19:35. Мээрим Кубанычбек кызы аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ош-Бишкек жолунан тартылган аскердик техникалардын сүрөттөрүн жарыялады. "Түштүктөн досторум жиберишти. Сүрөттөрдү Бишкек-Ош жолунан тартыптыр. Аскердик техникалар өзбектер аскерлерин койгон чек ара аймагына бара жаткандай", - деп жазды. 15:30 Кыргыз тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймактан өзбек чек арачыларын жана аларга тийиштүү техникаларды чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү жасады. “Учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Өзбекстан тарап менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Аталган аймакта абал туруктуу. Эч кандай курал колдонуу фактылары катталган жок. Айрым маалымат агенттиктери жазып чыккандай, "кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аймакка жетиштүү техникалар тартылган жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери иш алып барууда”, - деп айтылат маалыматта. 14:45 Кербен - Ала-Бука унаа жолунда абал өзгөрүүсүз, буга жергиликтүү калк абдан тынчсызданууда, провокация жараткандар да жок эмес. Бул тууралуу SUPER.KG проталына Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди. “Калк арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө, жакынкы айыл аймактарында жооптуулар күзөттө туруп, күнү-түнү иш алып барып жатышат. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамына байланыштырды. Эгер кырдаал өзгөрсө, майрамдан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Эл арасындагы "блокпост коюлган аймак өзбек тарапка сатылып кеткен" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мамлекет аралык, өкмөт алдындагы бир катар комиссиялар бар, эгер жер сатылган болсо, андай маалыматты ушулар гана бере алат. Айта кетчү нерсе, өзбек тарап ал жерди биздики деп айтканы менен, фактыга таянганда, ал аймак кыргыз жерине таандык. Өзбек чек арачылары блокпосттон ID-карта, айдоочулук күбөлүк менен да, эч кандай документи жокторду да өткөрүп жатышат. Бул эл аралык нормаларга туура келбейт", - деди ал. 12:21 Аксынын жаштары кыргыз жоокерлерине гуманитардык жардам уюштуруп жатышат. Алар кыргыз-өзбек чек арасында күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткан жоокерлерге чылым, суусундук жана тамак-аш алып бармай болушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Жергиликтүү эл маселенин чечилишинин кечигип жатканына нааразы болууда. Абал туруктуу. 9:56 Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кербен - Ала-Бука унаа жолунда абал өзгөрүүсүз. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Чек арачылар окуя башталган күндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Өзбекстан тараптан эч кандай жооп же расмий билдирүү боло элек. Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.
21:32. Кыргыз тарап Аксыдагы элдин коопсуздугу үчүн кошумча аскер күчтөрүн тартты. Маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тастыктады. "Азыр биздин аскерлер техникасы менен алар кай жерде турса, так ошол жерге жайгашты. Кошумча күч да барды", - деп билдирди Акаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу. 19:35. Мээрим Кубанычбек кызы аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ош-Бишкек жолунан тартылган аскердик техникалардын сүрөттөрүн жарыялады. "Түштүктөн досторум жиберишти. Сүрөттөрдү Бишкек-Ош жолунан тартыптыр. Аскердик техникалар өзбектер аскерлерин койгон чек ара аймагына бара жаткандай", - деп жазды. 15:30 Кыргыз тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймактан өзбек чек арачыларын жана аларга тийиштүү техникаларды чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү жасады. “Учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Өзбекстан тарап менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Аталган аймакта абал туруктуу. Эч кандай курал колдонуу фактылары катталган жок. Айрым маалымат агенттиктери жазып чыккандай, "кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аймакка жетиштүү техникалар тартылган жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери иш алып барууда”, - деп айтылат маалыматта. 14:45 Кербен - Ала-Бука унаа жолунда абал өзгөрүүсүз, буга жергиликтүү калк абдан тынчсызданууда, провокация жараткандар да жок эмес. Бул тууралуу проталына Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди. “Калк арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө, жакынкы айыл аймактарында жооптуулар күзөттө туруп, күнү-түнү иш алып барып жатышат. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамына байланыштырды. Эгер кырдаал өзгөрсө, майрамдан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Эл арасындагы "блокпост коюлган аймак өзбек тарапка сатылып кеткен" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мамлекет аралык, өкмөт алдындагы бир катар комиссиялар бар, эгер жер сатылган болсо, андай маалыматты ушулар гана бере алат. Айта кетчү нерсе, өзбек тарап ал жерди биздики деп айтканы менен, фактыга таянганда, ал аймак кыргыз жерине таандык. Өзбек чек арачылары блокпосттон ID-карта, айдоочулук күбөлүк менен да, эч кандай документи жокторду да өткөрүп жатышат. Бул эл аралык нормаларга туура келбейт", - деди ал. 12:21 Аксынын жаштары кыргыз жоокерлерине гуманитардык жардам уюштуруп жатышат. Алар кыргыз-өзбек чек арасында күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткан жоокерлерге чылым, суусундук жана тамак-аш алып бармай болушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Жергиликтүү эл маселенин чечилишинин кечигип жатканына нааразы болууда. Абал туруктуу. 9:56 Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кербен - Ала-Бука унаа жолунда абал өзгөрүүсүз. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Чек арачылар окуя башталган күндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Өзбекстан тараптан эч кандай жооп же расмий билдирүү боло элек.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142295
2016-03-20
ky
Жанар Акаев, Аксыдагы кырдаал боюнча: "Элди кан төгүүгө, согушка үндөө - чекилик"
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча элди сабырдуулукка чакырды. Депутат 20-мартта социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган билдирүүсүндө айрымдарды жалган маалымат таратпоого чакырды. "Чек арадагы кырдаал баарыбызды тынчсыздандырды. Өзбекстан "Ноорузга карата" деген шылтоо менен талаштуу аймакка аскерин киргизгени өтө одоно болду, тактала элек жерге кирип келүүгө алардын эч кандай акысы жок болчу! Биз дагы, өкмөт, Чек ара кызматынын жетекчиси, жергиликтүү бийликтер окуя болгон жерде жүргөн айылдыктар менен тынбай байланышып, окуянын өнүгүшүнөн үзбөй кабардар болуп турабыз. Бул маселени бир гана дипломатия, сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечкен туура болот. Аксы, Ала-Букага барып, жолугушууларды өткөргөндөн эч бир депутат коркпойт, болгону ушундай кырдаалда партия, фракциялардын ал жерде элди дүрбөтүп, саясий иш-чарага айлантуунун зыяндан башка пайдасы жок. Бул маселени өкмөт чечүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Баарыбыздын улуттук сезимибиз ойгонуп ачууланып турабыз, карыш жерди башкага карматкыбыз келбейт, ага жол да берилбейт, бирок ушундай учурда тынчтыкты тилеп, элди сабырдуулукка үндөгөндүн ордуна кээ бирлер тим эле ушундан да упай топтоп, маашырланып, "атышуу башталды" деген калп маалыматтарды таратып, элдин ого бетер үшүн алганы өкүнүчтүү. Бийликтин кемчилигин сындаш керек, бирок элди согушка, кан төгүүгө үндөө - чекилик. Азыр биздин аскерлер техникасы менен алар кай жерде турса, так ошол жерге жайгашты. Кошумча күч да барды. Мендеги маалыматтар боюнча, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынан жакында эле өзбек жарандарын биздин тиешелүү органдар чыгарышкан, андан башка да объекттерди Кыргыз Республикасына өткөрүү иштери активдүү башталган. Мунун баары кошунабызды азыркыдай жооп кылганга түрттү окшойт. Нооруздан кийинки абалды күтүп туралы, майрамдан соң аскер техникасын чыгарып кетет деген да маалымат бар. Баарыбыз Кудайдан тынчтык тилеп, жакшылыктан үмүт кылып туралы", - деди Жанар Акаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча элди сабырдуулукка чакырды. Депутат 20-мартта социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган билдирүүсүндө айрымдарды жалган маалымат таратпоого чакырды. "Чек арадагы кырдаал баарыбызды тынчсыздандырды. Өзбекстан "Ноорузга карата" деген шылтоо менен талаштуу аймакка аскерин киргизгени өтө одоно болду, тактала элек жерге кирип келүүгө алардын эч кандай акысы жок болчу! Биз дагы, өкмөт, Чек ара кызматынын жетекчиси, жергиликтүү бийликтер окуя болгон жерде жүргөн айылдыктар менен тынбай байланышып, окуянын өнүгүшүнөн үзбөй кабардар болуп турабыз. Бул маселени бир гана дипломатия, сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечкен туура болот. Аксы, Ала-Букага барып, жолугушууларды өткөргөндөн эч бир депутат коркпойт, болгону ушундай кырдаалда партия, фракциялардын ал жерде элди дүрбөтүп, саясий иш-чарага айлантуунун зыяндан башка пайдасы жок. Бул маселени өкмөт чечүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Баарыбыздын улуттук сезимибиз ойгонуп ачууланып турабыз, карыш жерди башкага карматкыбыз келбейт, ага жол да берилбейт, бирок ушундай учурда тынчтыкты тилеп, элди сабырдуулукка үндөгөндүн ордуна кээ бирлер тим эле ушундан да упай топтоп, маашырланып, "атышуу башталды" деген калп маалыматтарды таратып, элдин ого бетер үшүн алганы өкүнүчтүү. Бийликтин кемчилигин сындаш керек, бирок элди согушка, кан төгүүгө үндөө - чекилик. Азыр биздин аскерлер техникасы менен алар кай жерде турса, так ошол жерге жайгашты. Кошумча күч да барды. Мендеги маалыматтар боюнча, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынан жакында эле өзбек жарандарын биздин тиешелүү органдар чыгарышкан, андан башка да объекттерди Кыргыз Республикасына өткөрүү иштери активдүү башталган. Мунун баары кошунабызды азыркыдай жооп кылганга түрттү окшойт. Нооруздан кийинки абалды күтүп туралы, майрамдан соң аскер техникасын чыгарып кетет деген да маалымат бар.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142297
2016-03-20
ky
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 19-МАРТ: Кыргыз тарап дагы Аксыдагы чек арага 2 БТР койду
19-март 21:15 Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев кыргыз элин провокацияга алдырбоого чакырды. "Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен жиберилген нотага эч кандай жооп келе элек. Учурда Өзбекстан тараптан расмий жооп күтүүдөбүз", - деди ал. 17:40 "Өзбек чек арачылары менен болгон с үйлөшүүлөр жыйынтыксыз болууда. Учурда аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат",- дейт "Ала-Бука" чек ара отрядынын командири Бакытбек Жангазиев. 17:20 "Учурда абал тынч, жол кыймылы бар. Өзбек чек арачылары тарабынан текшерүүлөр токтой элек. БТРлер дагы деле турат. Аймакка губернатор келип, Ала-Букага кетти" ,- деп Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов билдирди. 17:00 Өкмөттүн маалымат кызматы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди. "Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө" ,- дешти өкмөттүн маалымат кызматынан. 15:35 Өкмөттүн маалымат кызматы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын билдирди: "Кырдаал көзөмөлдө турат, тиешелүү мекемелердин жооптуу кызматкерлери өз иштерин аткарышууда" . 15:00 Кыргыз тарап дагы Аксыдагы чек арага 2 БТР койду. Муну 19-мартта SUPER.KG порталына Аксы районунун Кашка-Суу айылынын тургуну кабарлады. Учурда аймакта абал туруктуу. Кыргыз тараптан 50-60тай жоокер кырдаалды көзөмөлдөп турат. "Жогору жактан өкүлдөр келе жатыптыр, ошолорду күтүп жатышат. Азырынча сүйлөшүүлөр болгон жок", - дейт жергиликтүү тургун. 14:50 Бүгүн аталган аймакка кыргыз тараптын да техникалары тартылып, учурда бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Кечээтен бери чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Буга чейин аталган чек арага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткени айтылган. Учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, 18-мартта эртең менен өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алып башташкан. Өзбекстан тарап мындай аракетин "Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө, терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүрдү, бирок кыргыздардын аймагына кирип алганын моюнга албай жатат. Ал эми жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышууда. Аймактагы кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.
19-март 21:15 Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев кыргыз элин провокацияга алдырбоого чакырды. "Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен жиберилген нотага эч кандай жооп келе элек. Учурда Өзбекстан тараптан расмий жооп күтүүдөбүз", - деди ал. 17:40 "Өзбек чек арачылары менен болгон с үйлөшүүлөр жыйынтыксыз болууда. Учурда аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат",- дейт "Ала-Бука" чек ара отрядынын командири Бакытбек Жангазиев. 17:20 "Учурда абал тынч, жол кыймылы бар. Өзбек чек арачылары тарабынан текшерүүлөр токтой элек. БТРлер дагы деле турат. Аймакка губернатор келип, Ала-Букага кетти" ,- деп Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов билдирди. 17:00 Өкмөттүн маалымат кызматы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди. "Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө" ,- дешти өкмөттүн маалымат кызматынан. 15:35 Өкмөттүн маалымат кызматы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын билдирди: "Кырдаал көзөмөлдө турат, тиешелүү мекемелердин жооптуу кызматкерлери өз иштерин аткарышууда" . 15:00 Кыргыз тарап дагы Аксыдагы чек арага 2 БТР койду. Муну 19-мартта порталына Аксы районунун Кашка-Суу айылынын тургуну кабарлады. Учурда аймакта абал туруктуу. Кыргыз тараптан 50-60тай жоокер кырдаалды көзөмөлдөп турат. "Жогору жактан өкүлдөр келе жатыптыр, ошолорду күтүп жатышат. Азырынча сүйлөшүүлөр болгон жок", - дейт жергиликтүү тургун. 14:50 Бүгүн аталган аймакка кыргыз тараптын да техникалары тартылып, учурда бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Кечээтен бери чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Буга чейин аталган чек арага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткени айтылган. Учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, 18-мартта эртең менен өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алып башташкан. Өзбекстан тарап мындай аракетин "Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө, терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүрдү, бирок кыргыздардын аймагына кирип алганын моюнга албай жатат. Ал эми жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышууда. Аймактагы кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142223
2016-03-20
ky
21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн 0°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 13 мүнөт. Күн саат 07:02де чыгып, 19:15те батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 07:02де чыгып, 19:15те батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 07:11де чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 13 мүнөт. Күн саат 06:52де чыгып, 19:22де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:08де чыгып, 19:21де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 07:17де чыгып, 19:28де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 06:52де чыгып, 19:04тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -5°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн 0°C Күндүз +19°C Күндүн узактыгы 12 саат 13 мүнөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 07:02де чыгып, 19:15те батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 07:11де чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 13 мүнөт. Күн саат 06:52де чыгып, 19:22де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +17°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 07:17де чыгып, 19:28де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 06:52де чыгып, 19:04тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -5°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 12 саат 12 мүнөт. Күн саат 06:56да чыгып, 19:09да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142281
2016-03-20
ky
ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайда өрүк бактары эч кандай уруксаты жок кыйылууда
Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында өрүк бактары эч кандай уруксаты жок кыйылууда. Аны кыйгандар ал жерге күрүч өстүрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Күрүчтүн 1 килограммы 50 сомдон 100 сомго чейин сатылса, өрүктүн 1 килограммынын баасы андан жогору. Өрүк бактары канчалаган жыл бою өскөн жана андан пайда көбүрөөк го. Өрүк бактарын кыюуга ким уруксат бергени белгисиз", - дейт окурман.
Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында өрүк бактары эч кандай уруксаты жок кыйылууда. Аны кыйгандар ал жерге күрүч өстүрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Күрүчтүн 1 килограммы 50 сомдон 100 сомго чейин сатылса, өрүктүн 1 килограммынын баасы андан жогору. Өрүк бактары канчалаган жыл бою өскөн жана андан пайда көбүрөөк го.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142283
2016-03-20
ky
ЭЛДИК КАБАР: Аксыда 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин чечүүнү талап кылды
Аксы районунун Өлөң-Булак айылында 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жыйынга район акими, жергиликтүү милиция башчылары жана бийлик өкүлдөрү катышты. Азырынча эч кандай жыйынтык жок",- дейт окурман.
Аксы районунун Өлөң-Булак айылында 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жыйынга район акими, жергиликтүү милиция башчылары жана бийлик өкүлдөрү катышты.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142287
2016-03-20
ky
ЖЫЛНААМА, 20-март: Бүгүн ырчы Назми 38 жашын белгилейт
Бүгүн, 20-мартта ырчы Назми Байзакова 38 жашын белгилейт. Өздүк майрамы менен куттуктап, туулган күнүн кантип белгилеп жатканын билүү үчүн ырчы менен байланыштык. "Түнкү саат 12ден өткөндөн кийин жолдошум, балдарым туулган күнүм менен куттукташты. Майрамдык торт жеп, чакан кече уюштурдук. Бүгүн сырттагы аба ырайы да, менин маанайым да эң сонун. Таң аткандан бери досторум, жакындарым телефон чалып, куттуктап жатышат. Мага үйдөгүлөр сюрприз даярдашыптыр. Азырынча көрсөтүшө элек. Кечти күтүп жатам", - дейт ырчы күлүп. 20-марттын жылнаамасы.
Бүгүн, 20-мартта ырчы Назми Байзакова 38 жашын белгилейт. Өздүк майрамы менен куттуктап, туулган күнүн кантип белгилеп жатканын билүү үчүн ырчы менен байланыштык. "Түнкү саат 12ден өткөндөн кийин жолдошум, балдарым туулган күнүм менен куттукташты. Майрамдык торт жеп, чакан кече уюштурдук. Бүгүн сырттагы аба ырайы да, менин маанайым да эң сонун. Таң аткандан бери досторум, жакындарым телефон чалып, куттуктап жатышат. Мага үйдөгүлөр сюрприз даярдашыптыр. Азырынча көрсөтүшө элек. Кечти күтүп жатам", - дейт ырчы күлүп.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142161
2016-03-20
ky
Казакстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө
Бүгүн, 20-мартта Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо мандат үчүн 6 партиянын өкүлдөрү ат салышууда. Жарышка түшкөндөр: “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары. Белгилей кетсек, парламенттин Төмөнкү палатасын таратууну депутаттар өздөрү демилгелешип, өлкө башчысы колдогон. Нурсултан Назарбаев Мажилис төрагасы Кабибулла Жакупов , премьер-министр Карим Масимов жана Сенат жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен консультация жүргүзүп, жолугушууда кезексиз шайлоо өз убагында жасалчу кадам экенин, өлкө алдында турган милдеттерди ишке ашыруу үчүн элдин ишенимине негизделген жаңы мандат алуу зарылдыгын белгилешкен. Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн. Мажилистин курамы 107 депутаттан турат: 98и партиялык тизме боюнча шайланып, 9у Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан жылдырылат.
Бүгүн, 20-мартта Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо мандат үчүн 6 партиянын өкүлдөрү ат салышууда. Жарышка түшкөндөр: “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары. Белгилей кетсек, парламенттин Төмөнкү палатасын таратууну депутаттар өздөрү демилгелешип, өлкө башчысы колдогон. Нурсултан Назарбаев Мажилис төрагасы Кабибулла Жакупов , премьер-министр Карим Масимов жана Сенат жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен консультация жүргүзүп, жолугушууда кезексиз шайлоо өз убагында жасалчу кадам экенин, өлкө алдында турган милдеттерди ишке ашыруу үчүн элдин ишенимине негизделген жаңы мандат алуу зарылдыгын белгилешкен. Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142275
2016-03-20
ky
СУПЕРСТАН: "Жакшы кожойке же төшөктө мыктысы" деген тандоо турса, экинчисин тандамакмын..."
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайсынысы? Кожойке же төшөктө мыктысыбы?" деген тема талкууланууда. "Улуу сөздө уят жок" демекчи, колдонуучулар үй-бүлө маселелерин талкууга алышып, өз ойлорун бөлүшүүдө. Автор мындай дейт: "Баарыбыз эле жыныстык жашоо үй-бүлөлүк жашоонун бир бөлүгү экенин билебиз. Мырзалар, сиздер аялыңыздардын кандай болушун каалайт элеңиздер? 1. Үй оокатына тың, бирок төшөктө сиз ойлогондой эмес. 2. Үй оокатына анча эмес, төшөктө сиз ойлогондой мыкты". Пикирлер мындай: "Мен экинчисин тандайм. Yй оокатына тың болгонy менен, төшөктө мен ойлогондой болбосо, жашоо кызыксыз болот го". "Мен биринчисин тандамакмын. Экинчисин айтсам, бир-эки айдан кийин "опытный" болуп калат эмеспи". "Эч нерсени билбегенин алып, өзүң үйрөтүп алганың жакшы". "Тамак начар болсо, секс дагы начар болот, тамакты сонун, даамдуу жасаса, күч да болот..." "Көрө-көрө көсөм болосуң" дегендей, баарын өздөштүрүү акырындан болот. Төшөк маселеси бир китеп эмес, анын түрү көп. Мен сүйүктүүмдү эле тандамакмын, эч нерсесине карабай". Талкууга катышкыңыз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайсынысы? Кожойке же төшөктө мыктысыбы?" деген тема талкууланууда. "Улуу сөздө уят жок" демекчи, колдонуучулар үй-бүлө маселелерин талкууга алышып, өз ойлорун бөлүшүүдө. Автор мындай дейт: "Баарыбыз эле жыныстык жашоо үй-бүлөлүк жашоонун бир бөлүгү экенин билебиз. Мырзалар, сиздер аялыңыздардын кандай болушун каалайт элеңиздер? 1. Үй оокатына тың, бирок төшөктө сиз ойлогондой эмес. 2. Үй оокатына анча эмес, төшөктө сиз ойлогондой мыкты". Пикирлер мындай: "Мен экинчисин тандайм. Yй оокатына тың болгонy менен, төшөктө мен ойлогондой болбосо, жашоо кызыксыз болот го". "Мен биринчисин тандамакмын. Экинчисин айтсам, бир-эки айдан кийин "опытный" болуп калат эмеспи". "Эч нерсени билбегенин алып, өзүң үйрөтүп алганың жакшы". "Тамак начар болсо, секс дагы начар болот, тамакты сонун, даамдуу жасаса, күч да болот..." "Көрө-көрө көсөм болосуң" дегендей, баарын өздөштүрүү акырындан болот. Төшөк маселеси бир китеп эмес, анын түрү көп. Мен сүйүктүүмдү эле тандамакмын, эч нерсесине карабай".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142245
2016-03-20
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: Күндүн суугуна карабай тартылган клип - Нурмат Садыровдун "Торгоюм" аттуу ырынын клиби
"Медиа-порталдагы" көпчүлүктүн купулуна толгон клиптердин бири - Нурмат Садыровдун "Торгоюм" ырынын клиби. Режиссёру - Эрнист Сыдыков . Тартуу учурундагы кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клипке кыздарды кастинг аркылуу тандап алдык. Күн суук болгонуна карабай бийлеп жылынып, клип тартууну улантып жаттык. Жакшы кадрлар бар эле, анын баарын клипке кошо алган жокпуз. Клип элдин назарына коюлгандан кийин жылуу пикирлерди уктук. Биз үчүн ошол жетишкендик, себеби эл баарын таразалайт, баасын берет эмеспи. Тойлорго барып ырдап калганда да жаш балдар клиптеги мени туурап бийлеп калышат. Албетте, бул адамды кубандырат" . Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
"Медиа-порталдагы" көпчүлүктүн купулуна толгон клиптердин бири - Нурмат Садыровдун "Торгоюм" ырынын клиби. Режиссёру - Эрнист Сыдыков . Тартуу учурундагы кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клипке кыздарды кастинг аркылуу тандап алдык. Күн суук болгонуна карабай бийлеп жылынып, клип тартууну улантып жаттык. Жакшы кадрлар бар эле, анын баарын клипке кошо алган жокпуз. Клип элдин назарына коюлгандан кийин жылуу пикирлерди уктук. Биз үчүн ошол жетишкендик, себеби эл баарын таразалайт, баасын берет эмеспи. Тойлорго барып ырдап калганда да жаш балдар клиптеги мени туурап бийлеп калышат. Албетте, бул адамды кубандырат" .
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142262
2016-03-20
ky
ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: Бүгүн Ырчы Автандил 27 жашка толду
Бүгүн, 20-мартта кыргыз шоу дүйнөсүнүн жаш ырчыларынын бири Автандил туулган күнүн белгилейт. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап, өздүк майрамды кантип өткөрүп жатканын билүү үчүн байланышка чыктык. "Маанай эң сонун. Бүгүнкү майрамды досторум менен белгилейин деп жатам. Жалаң жигиттер кечке маал эс алуучу жайлардын бирине барып, майрамдап келебиз", - деп билдирди ал. 20-марттын жылнаамасы.
Бүгүн, 20-мартта кыргыз шоу дүйнөсүнүн жаш ырчыларынын бири Автандил туулган күнүн белгилейт. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап, өздүк майрамды кантип өткөрүп жатканын билүү үчүн байланышка чыктык. "Маанай эң сонун. Бүгүнкү майрамды досторум менен белгилейин деп жатам. Жалаң жигиттер кечке маал эс алуучу жайлардын бирине барып, майрамдап келебиз", - деп билдирди ал.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142171
2016-03-20
ky
"Ала-Тоо" аянтына кыргыз-өзбек чек арасындагы маселени чечип берүү талабы менен активисттер чогулууда
Бүгүн, 20-мартта борбордогу "Ала-Тоо" аянтына кыргыз-өзбек чек арасындагы маселени чечип берүү талабы менен активисттер чогулууда. Маалыматка ылайык, учурда аянтка 15ке жакын активист чогулду, дагы башка жаштардын кошулуусу күтүлүп жатат. Чогулгандардын жалгыз талабы - эл өкүлдөрүнүн Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолундагы маселени тез арада чечип берүүсү. Айта кетсек, 19-мартта да "Ала-Тоо" аянтына 50гө жакын активист чогулуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы маселени чечүүнү жана бийлик өкүлдөрүнүн биринин аларга жолугуусун талап кылышкан. Бирок 1 сааттан ашуун убакыт турган активисттерге эч ким чыгып жолуккан эмес.
Бүгүн, 20-мартта борбордогу "Ала-Тоо" аянтына кыргыз-өзбек чек арасындагы маселени чечип берүү талабы менен активисттер чогулууда. Маалыматка ылайык, учурда аянтка 15ке жакын активист чогулду, дагы башка жаштардын кошулуусу күтүлүп жатат. Чогулгандардын жалгыз талабы - эл өкүлдөрүнүн Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолундагы маселени тез арада чечип берүүсү. Айта кетсек, 19-мартта да "Ала-Тоо" аянтына 50гө жакын активист чогулуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы маселени чечүүнү жана бийлик өкүлдөрүнүн биринин аларга жолугуусун талап кылышкан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142267
2016-03-20
ky
КИНОЗАЛ : "Бир тууганчик" тасмасындагы башкы каармандар тасмада эле эмес, жашоодо да бир туугандай жакын
Комедиялык жанрдагы тасманын режиссёрлору - Асхат Табалдиев, Данияр Болотбеков . Анда Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу, Эланора Аликова роль жаратышкан. Тасмада эле эмес, жашоодо да бир туугандай жакын экендиктерин "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу айтып келишет. Бакыт: "Жеңишти көрөрүм менен эле бул тасмага ылайык келерин байкагам. Андан башка актёр болсо, жеткиликтүү аткара алмак эмес", - деп маектеринин биринде билдирген эле. Тасма 27 жашында сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун киргизген Бакыт аттуу жигит жөнүндө. Алдыда боло турчу үйлөнүү тою тууралуу кабарлоо үчүн жалгыз гана эң жакын адамы болгон атасына барганда, атасы да үйлөнө турганын угат. Бакыт бир гана өгөй энелүү эмес, Аман аттуу инилүү да болот. Амандын акылы кыска болгону менен, ичинде кири жок, ак көңүл, боорукер жигит. Бакыттын мына ушул жаңы туугандуу болушу менен анын жашоосунда төңкөрүш болуп, жашоосу, жумушу, келечектеги үй-бүлөсү бузулат. Мунун баары кызыктуу окуялар менен коштолот. Тасманы толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
Комедиялык жанрдагы тасманын режиссёрлору - Асхат Табалдиев, Данияр Болотбеков . Анда Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу, Эланора Аликова роль жаратышкан. Тасмада эле эмес, жашоодо да бир туугандай жакын экендиктерин "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу айтып келишет. Бакыт: "Жеңишти көрөрүм менен эле бул тасмага ылайык келерин байкагам. Андан башка актёр болсо, жеткиликтүү аткара алмак эмес", - деп маектеринин биринде билдирген эле. Тасма 27 жашында сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун киргизген Бакыт аттуу жигит жөнүндө. Алдыда боло турчу үйлөнүү тою тууралуу кабарлоо үчүн жалгыз гана эң жакын адамы болгон атасына барганда, атасы да үйлөнө турганын угат. Бакыт бир гана өгөй энелүү эмес, Аман аттуу инилүү да болот. Амандын акылы кыска болгону менен, ичинде кири жок, ак көңүл, боорукер жигит. Бакыттын мына ушул жаңы туугандуу болушу менен анын жашоосунда төңкөрүш болуп, жашоосу, жумушу, келечектеги үй-бүлөсү бузулат. Мунун баары кызыктуу окуялар менен коштолот.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141833
2016-03-20
ky
ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ : Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 75 жашын белгилейт
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 75 жашын белгилемекчи. Дарика Жалгасынова 1941-жылы 20-мартта Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган. Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган. Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталат. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Кыргыз улуттук филармониясында, Кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот. 20-марттын жылнаамасы .
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 75 жашын белгилемекчи. Дарика Жалгасынова 1941-жылы 20-мартта Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган. Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган. Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталат. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Кыргыз улуттук филармониясында, Кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142199
2016-03-20
ky
АФИША, 20-МАРТ: "Манас" кинотеатрында “Бир мешок акча” тасмасы көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00, 22:40. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142251
2016-03-20
ky
Дүйнөдө "Жердин сааты" аттуу эң ири массалык экологиялык акция өтүүдө
Бүгүн, 19-мартта "Жердин сааты" аттуу дүйнөдөгү эң ири массалык экологиялык акция өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын колдоосуна арзыган "Жердин сааты" акциясы 2007-жылы Сиднейде Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен старт алган. Акция саат 20:30дан 21:30га чейин жарыкты жана электр жабдыктарын өчүрүү климаттын өзгөрүү көйгөйү менен күрөшүү үчүн иш-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгын көрсөтүү болуп саналат. Буга чейин аталган иш-чарага биздин өлкөбүздүн да бир катар аймактары катышкан. Айта кетсек, акция старт алгандан кийин бир жыл өтпөй бул демилгени 100 миллион киши колдоого алган. 2013-жылы бул иш-чараны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаар, 2 миллиард киши катышкан. Быйыл бул акцияга дагы 178 мамлекет кошулганы маалым болду.
Бүгүн, 19-мартта "Жердин сааты" аттуу дүйнөдөгү эң ири массалык экологиялык акция өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын колдоосуна арзыган "Жердин сааты" акциясы 2007-жылы Сиднейде Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен старт алган. Акция саат 20:30дан 21:30га чейин жарыкты жана электр жабдыктарын өчүрүү климаттын өзгөрүү көйгөйү менен күрөшүү үчүн иш-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгын көрсөтүү болуп саналат. Буга чейин аталган иш-чарага биздин өлкөбүздүн да бир катар аймактары катышкан. Айта кетсек, акция старт алгандан кийин бир жыл өтпөй бул демилгени 100 миллион киши колдоого алган. 2013-жылы бул иш-чараны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаар, 2 миллиард киши катышкан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142263
2016-03-19
ky
Футбол боюнча улуттук курам Тажикстанга каршы беттешке 10 күн калганда машыгуу сборун баштады (фоторепортаж)
Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы бүгүн, 19-мартта Бишкекте машыгуу сборун баштады. Сбор 29-мартта орун алчу Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттешине көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өтүүдө. Алгачкы машыгууда футболчулар чуркап, топ менен иштөө, прессинг, коргонуудан чабуулга чыгуу ыкмаларын жасашты. Анда башкы машыктыруучу Александр Крестининге Игорь Кудренко , Самат Сүймалиев , Владимир Сало жана Владислав Волков сыяктуу адистер көмөктөшүүдө. Алгачкы машыгууга 18 оюнчу катышты. 23 футболчудан турган курамга жакынкы күндөрү Антон Землянухин ("Сисакет" клубу, Таиланд), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Виктор Майер ("Меппен", Германия) жан Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия) сыяктуу футболчулар менен толукталары күтүлүүдө. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин курамга чакырган 23 футболчу: Курам төмөнкүчө: Дарбазачылар: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия), Руслан Амиров ("Алга"), Валерий Кашуба ("Дордой"). Коргоочулар: Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (баары "Дордой"), Турсунали Рустамов ("Алай") Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман), Ахлетдин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия) Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте ("Дордой").
Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы бүгүн, 19-мартта Бишкекте машыгуу сборун баштады. Сбор 29-мартта орун алчу Тажикстан - Кыргыз Республикасы беттешине көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өтүүдө. Алгачкы машыгууда футболчулар чуркап, топ менен иштөө, прессинг, коргонуудан чабуулга чыгуу ыкмаларын жасашты. Анда башкы машыктыруучу Александр Крестининге Игорь Кудренко , Самат Сүймалиев , Владимир Сало жана Владислав Волков сыяктуу адистер көмөктөшүүдө. Алгачкы машыгууга 18 оюнчу катышты. 23 футболчудан турган курамга жакынкы күндөрү Антон Землянухин ("Сисакет" клубу, Таиланд), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Виктор Майер ("Меппен", Германия) жан Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия) сыяктуу футболчулар менен толукталары күтүлүүдө.
Спорт
true
https://www.super.kg/kabar/news/142260
2016-03-19
ky
Нооруз-2016. Көк бөрү мелдешинде Оштун "Достук" командасы айтылуу "Таласты" утуп, финалга чыкты (фоторепортаж)
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү мелдешинин жарым финалы орун алды. Алгачкы беттеште Суусамырдын "Сары-Өзөн" командасы Чүйдүн "Бөрүлү" командасын 5:2 эсебинде утуп, финалга чыккан. Экинчи финалдык жолдомо үчүн Оштун "Достук" командасы менен таластык "Талас" кез келди. Жааган жамгырдан улам ылай болуп калган майданда командалар жакшы оюн көрсөтө алышкан жок. Оюнда жогорку ылдамдык, тирештер болгону менен, тай казанга улак 2 гана жолу түштү. "Достук" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетишип, финалга жолдомо алды. Кошумчалай кетсек, "Достук" жана "Сары-Өзөн" командаларынын ортосундагы финалдык беттеш 21-мартта орун алат. Ушул эле күнү "Талас" жана "Бөрүлү" командалары 3-орунду талашышмакчы.
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү мелдешинин жарым финалы орун алды. Алгачкы беттеште Суусамырдын "Сары-Өзөн" командасы Чүйдүн "Бөрүлү" командасын 5:2 эсебинде утуп, финалга чыккан. Экинчи финалдык жолдомо үчүн Оштун "Достук" командасы менен таластык "Талас" кез келди. Жааган жамгырдан улам ылай болуп калган майданда командалар жакшы оюн көрсөтө алышкан жок. Оюнда жогорку ылдамдык, тирештер болгону менен, тай казанга улак 2 гана жолу түштү. "Достук" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетишип, финалга жолдомо алды. Кошумчалай кетсек, "Достук" жана "Сары-Өзөн" командаларынын ортосундагы финалдык беттеш 21-мартта орун алат.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142259
2016-03-19
ky
Нооруз-2016. Көк бөрү мелдешинде "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлүнү" 5:2 эсебинде утуп, финалга чыкты (фоторепортаж)
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү мелдешинин жарым финалы орун алды. Анда 2 беттеш эл назарында болду. Алгач "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлү" менен беттешсе, экинчи оюнда "Достук" командасы менен "Талас" командасы кез келди. Оюнга билеттер 150 сомдон сатылганына жана жаан жаап, күн суук болгонуна карабай, ат майданга эл толо келген. Сыртта кире албай тургандардын саны да аз эмес. Жыйынтыгында алгачкы жарым финалдык беттеште "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлүнү" 5:2 эсебинде утуп, финалга чыкты. Оюнда "Бөрүлү" атаандашына тең ата ойной алган жок.
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү мелдешинин жарым финалы орун алды. Анда 2 беттеш эл назарында болду. Алгач "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлү" менен беттешсе, экинчи оюнда "Достук" командасы менен "Талас" командасы кез келди. Оюнга билеттер 150 сомдон сатылганына жана жаан жаап, күн суук болгонуна карабай, ат майданга эл толо келген. Сыртта кире албай тургандардын саны да аз эмес. Жыйынтыгында алгачкы жарым финалдык беттеште "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлүнү" 5:2 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142229
2016-03-19
ky
Казакстандагы мелдеште Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо утуп чектелбей, алтын медаль тагынды (фото)
Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Казакстанда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеште алтын медаль тагынды. Азия чемпиону 58 килограмм салмакта килемге чыккан. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал Өзбекстан, Вьетнам, Түндүк Кореянын спортчуларын утуп, финалга чыккан. Финалга чыгуу менен спортчу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган. Финалдык беттеште ал монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, 10:5 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.
Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Казакстанда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеште алтын медаль тагынды. Азия чемпиону 58 килограмм салмакта килемге чыккан. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал Өзбекстан, Вьетнам, Түндүк Кореянын спортчуларын утуп, финалга чыккан. Финалга чыгуу менен спортчу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142253
2016-03-19
ky
20-мартта өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн 0°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:03тө чыгып, 19:14тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:03тө чыгып, 19:14тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:13тө чыгып, 19:22де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:12де чыгып, 19:21де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 12 саат 9 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:28де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 06:53тө чыгып, 19:04тө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -3°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 06:58до чыгып, 19:08де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн 0°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:03тө чыгып, 19:14тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:03тө чыгып, 19:14тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:13тө чыгып, 19:22де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:12де чыгып, 19:21де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 07:10до чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 12 саат 9 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:28де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 10 мүнөт. Күн саат 06:53тө чыгып, 19:04тө батат. Жамгыр жаайт Жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -3°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 06:58до чыгып, 19:08де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, жамгыр жаайт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142255
2016-03-19
ky
Авиакырсыкта каза болгон стюардесса Жылдыз Насирдинованын жакындары Орусияга жөнөтүлгөнү жатат
Ростов-на-Дону шаарында авиакырсыктан каза тапкан стюардесса, Кыргыз Республикасынын жараны Жылдыз Насирдинованын жакындары Орусияга жөнөтүлгөнү жатат. Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен билдиргендей, учурда маркумдун жакындарына тийиштүү көмөк көрсөтүлүүдө. Муну менен элчиликтин консулдук кызматынын өкүлү, диаспора мүчөлөрү алектенип жатканы айтылды. Стюардессанын жакыны чет өлкөдө окуянын алкагында жасалчу тийиштүү процедуралардан өтөт. Окуя элчиликтин атайын көзөмөлүнө алынды. Айта кетсек, 19-марттын түнүндө Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби кырсыктаган учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгон деп болжолдонууда.
Ростов-на-Дону шаарында авиакырсыктан каза тапкан стюардесса, Кыргыз Республикасынын жараны Жылдыз Насирдинованын жакындары Орусияга жөнөтүлгөнү жатат. Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен билдиргендей, учурда маркумдун жакындарына тийиштүү көмөк көрсөтүлүүдө. Муну менен элчиликтин консулдук кызматынын өкүлү, диаспора мүчөлөрү алектенип жатканы айтылды. Стюардессанын жакыны чет өлкөдө окуянын алкагында жасалчу тийиштүү процедуралардан өтөт. Окуя элчиликтин атайын көзөмөлүнө алынды. Айта кетсек, 19-марттын түнүндө Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142247
2016-03-19
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Кадимки автобуста жашаган адамдар жүргүнчүлөрдү таң калтырышууда
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө кадимки жүргүнчү ташыган автобуста жашагандардын жашоосун чагылдырган видео жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодон кадимки жүргүнчү ташуучу автобуста колун-бетин жууп, кийимдерин алмаштырып, тамактанып, "жашап" жүргөн адамдарды көрүүгө болот. Жүргүнчүлөрдүн аларды таң калуу менен да, жийиркенүү менен да караганы байкалат. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө кадимки жүргүнчү ташыган автобуста жашагандардын жашоосун чагылдырган видео жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодон кадимки жүргүнчү ташуучу автобуста колун-бетин жууп, кийимдерин алмаштырып, тамактанып, "жашап" жүргөн адамдарды көрүүгө болот. Жүргүнчүлөрдүн аларды таң калуу менен да, жийиркенүү менен да караганы байкалат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142241
2016-03-19
ky
Түркияда жан кечти өзүн өзү жардырып, эки адам каза тапты
Бүгүн, 19-мартта Стамбулда дагы бир жарылуу болуп, анда 2 адам каза таап, 10го жакын адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, жардыруу Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Учурда бул жардырууну эч бир террордук кыймыл мойнуна ала элек. Айта кетсек, 13-мартта Анкарадагы Кызылай аянтындагы жардыруудан 37 адам каза таап, 125и жабыркаган эле.
Бүгүн, 19-мартта Стамбулда дагы бир жарылуу болуп, анда 2 адам каза таап, 10го жакын адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, жардыруу Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Учурда бул жардырууну эч бир террордук кыймыл мойнуна ала элек.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142243
2016-03-19
ky
ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ : Мындан 185 жыл мурун АКШда биринчи жолу банкты тоноо болгон
Мындан 185 жыл мурун, 1831-жылы 19-мартта АКШда биринчи жолу банкты тоноо болгон. Англиялык иммигрант Эдвард Смит ачкычтын көчүрмөлөрүн колдонуу менен Нью-Йорктогу "City Bank of New York" банкынын имаратына кирип, ошол убакта эң көп деп эсептелген 245 000 долларды тоноп кеткен. Бирок укук коргоо органдары тарабынан ууру тез эле кармалып, уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып алышкан. Бул кылмышы үчүн Эдвард Смит 5 жылга эркинен ажыратылган. 19-марттын жылнаамасы .
Мындан 185 жыл мурун, 1831-жылы 19-мартта АКШда биринчи жолу банкты тоноо болгон. Англиялык иммигрант Эдвард Смит ачкычтын көчүрмөлөрүн колдонуу менен Нью-Йорктогу "City Bank of New York" банкынын имаратына кирип, ошол убакта эң көп деп эсептелген 245 000 долларды тоноп кеткен. Бирок укук коргоо органдары тарабынан ууру тез эле кармалып, уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып алышкан. Бул кылмышы үчүн Эдвард Смит 5 жылга эркинен ажыратылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142195
2016-03-19
ky
Темир Сариев авиакырсыкка байланыштуу Дмитрий Медведевге көңүл айтты
Премьер-министр Темир Сариев Орусиядагы авиакырсыкта каза болгон Жылдыз Насирдинованын жана башкалардын жакындарына көңүл айтты. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге жолдогон катында премьер: "Ростов-на-Донудагы жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым" ,- деп билдирди. Эскерте кетсек, Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби кырсыктаган учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгон деп болжолдонууда.
Премьер-министр Темир Сариев Орусиядагы авиакырсыкта каза болгон Жылдыз Насирдинованын жана башкалардын жакындарына көңүл айтты. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге жолдогон катында премьер: "Ростов-на-Донудагы жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым" ,- деп билдирди. Эскерте кетсек, Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142239
2016-03-19
ky
СУПЕРСТАН: "Акыркы күндөрү пластикалык операция жасаткан жасалма сулууларды көрүп азгырылып жатам"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сулуу болгум келет, супсулуу..." темасы талкууланууда. Автор: "Акыркы кезде жасалма сулууларды көрүп азгырылып кетип жатам. Эгер кө-өөп акчам болсо, эмнемди жасатат элем деп ойлонуп жүргөн учурум. Мен татуаж, евросурма жасатмакмын, анан кошумча "попа" да мага ашыктык кылмак эмес эле. Араңарда мага окшоп кыялдангандар барбы? Кимдин кайсы жери "жасалма" же келечекте "оңдоп-түздөйүн" деген планы бар?"- деп суроо калтырган. Көпчүлүк колдонуучулар мурдун, көзүн, бетин жана башка дене мүчөлөрүн оңдотууну каалашса, дагы бири: "Акчам болсо, анан апам уруксат берсе, далыма "прям" толугу менен эки учуп турган канатты татуировка кылып тарттырмакмын. Бул менин кыялым! Аткарылабы же жокпу, билбейм... Бирок өлгүчө ушул тилегимди ишке ашыргым келет. "Мына ушул сулуулуктун шедеври" деп өзүмө сыймыктанып өтмөкмүн",- деп жазган. Буларга каршы да пикирлер айтылбай койгон жок: "Адам өзү супсулуу болуп жаралган. Чочко же бир дагы жаныбар эмессиңер го, нааразы болгудай?! Адамдын сулуулугу - мүнөзү. Укмуш сулуу болсоң да, кыялың иттей болсо, сулуулугуң бир тыйын. Андыктан мүнөздү оңдосо, ошол сулуу болот". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз .
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сулуу болгум келет, супсулуу..." темасы талкууланууда. Автор: "Акыркы кезде жасалма сулууларды көрүп азгырылып кетип жатам. Эгер кө-өөп акчам болсо, эмнемди жасатат элем деп ойлонуп жүргөн учурум. Мен татуаж, евросурма жасатмакмын, анан кошумча "попа" да мага ашыктык кылмак эмес эле. Араңарда мага окшоп кыялдангандар барбы? Кимдин кайсы жери "жасалма" же келечекте "оңдоп-түздөйүн" деген планы бар?"- деп суроо калтырган. Көпчүлүк колдонуучулар мурдун, көзүн, бетин жана башка дене мүчөлөрүн оңдотууну каалашса, дагы бири: "Акчам болсо, анан апам уруксат берсе, далыма "прям" толугу менен эки учуп турган канатты татуировка кылып тарттырмакмын. Бул менин кыялым! Аткарылабы же жокпу, билбейм... Бирок өлгүчө ушул тилегимди ишке ашыргым келет. "Мына ушул сулуулуктун шедеври" деп өзүмө сыймыктанып өтмөкмүн",- деп жазган. Буларга каршы да пикирлер айтылбай койгон жок: "Адам өзү супсулуу болуп жаралган. Чочко же бир дагы жаныбар эмессиңер го, нааразы болгудай?! Адамдын сулуулугу - мүнөзү. Укмуш сулуу болсоң да, кыялың иттей болсо, сулуулугуң бир тыйын. Андыктан мүнөздү оңдосо, ошол сулуу болот".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142233
2016-03-19
ky
Орусияда кырсыкка учураган учактан 28 жаштагы кыргыз жараны да каза тапканы аныкталды
Ростов-на-Донуда кырсыкка учураган учактан кыргыз жараны, стюардесса Жылдыз Насирдинова каза тапканын жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктаган учактын экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын арасында стюардесса, Кыргыз Республикасынын жараны, 28 жаштагы Жылдыз Насирдинова да бар. Айта кетсек, Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби кырсыктаган учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгон деп болжолдонууда.
Ростов-на-Донуда кырсыкка учураган учактан кыргыз жараны, стюардесса Жылдыз Насирдинова каза тапканын жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктаган учактын экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын арасында стюардесса, Кыргыз Республикасынын жараны, 28 жаштагы Жылдыз Насирдинова да бар. Айта кетсек, Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142231
2016-03-19
ky
Балбандар Магомед Мусаев менен Мурат Рамонов "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышты
Казакстанда күрөш боюнча өтүп жаткан мелдеште кыргыз балбандары Магомед Мусаев менен Мурат Рамонов "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышты. Балбандарга бул ийгиликти багынтуу үчүн мелдештин финалына чыгуу жетиштүү болду. Магомед Мусаев 97 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча килемге чыгып, жарым финалда индиялык спортчуну 5:3 эсебинде утуп алды. Ал эми грек-рим күрөшүнөн кармаш өткөргөн Мурат Рамонов 130 килограмм салмакта Олимпиадага жолдомо утту. Ал чечүүчү беттеште өзбекстандык балбан менен бет келип, 4:0 эсебинде утту. Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште буга чейин Жанарбек Кенжеев жана Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, жолдомолорго ээ болушкан.
Казакстанда күрөш боюнча өтүп жаткан мелдеште кыргыз балбандары Магомед Мусаев менен Мурат Рамонов "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алышты. Балбандарга бул ийгиликти багынтуу үчүн мелдештин финалына чыгуу жетиштүү болду. Магомед Мусаев 97 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча килемге чыгып, жарым финалда индиялык спортчуну 5:3 эсебинде утуп алды. Ал эми грек-рим күрөшүнөн кармаш өткөргөн Мурат Рамонов 130 килограмм салмакта Олимпиадага жолдомо утту. Ал чечүүчү беттеште өзбекстандык балбан менен бет келип, 4:0 эсебинде утту.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142227
2016-03-19
ky
"Ала-Тоо" аянтына жаштар чогулуп, бийликтен Аксыдагы чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылышууда
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына 50дөн ашуун киши чогулуп, Аксы районундагы чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Мунарбек уулу Мирбек билдирди. Маалыматка ылайык, аянтка чогулгандар бийликтен эки күндөн бери элди тынчсыздантып жаткан Кербен - Ала-Бука жолундагы чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылышууда. Активисттер учурда бийлик тарабынын өкүлдөрүн күтүп жатышат.
Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына 50дөн ашуун киши чогулуп, Аксы районундагы чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу порталына уюштуруучулардын бири Мунарбек уулу Мирбек билдирди. Маалыматка ылайык, аянтка чогулгандар бийликтен эки күндөн бери элди тынчсыздантып жаткан Кербен - Ала-Бука жолундагы чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылышууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142221
2016-03-19
ky
Казакстандагы мелдеште балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Казакстанда күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш уланууда. Мелдештин экинчи күнүндө 12 жолдомо ойнотулуп жатат. 58 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова мелдештин финалына жетип, Олимпиадага жолдомо алды. Ал тандоо турунда Өзбекстандын балбаны Саломат Кучимованы утту (3:0). Ал эми чейрек финалда А.Тыныбекова вьетнамдык Зи Лоан Фамды 4:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда болсо балбаныбыз түндүк кореялык Сун Йонг менен кез келип, 7:7 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Жыйынтыгында Айсулуу акыркы аракеттин эсебинен жеңишке жетишип, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Казакстанда күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш уланууда. Мелдештин экинчи күнүндө 12 жолдомо ойнотулуп жатат. 58 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова мелдештин финалына жетип, Олимпиадага жолдомо алды. Ал тандоо турунда Өзбекстандын балбаны Саломат Кучимованы утту (3:0). Ал эми чейрек финалда А.Тыныбекова вьетнамдык Зи Лоан Фамды 4:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда болсо балбаныбыз түндүк кореялык Сун Йонг менен кез келип, 7:7 эсебиндеги тең чыгуу катталды.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142222
2016-03-19
ky
ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ : АКШнын президенти Жорж Буш мындан 13 жыл мурун Иракка каршы согуш баштоо тууралуу буйрук чыгарган
АКШнын президенти Жорж Буш мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы 19-мартта Иракка каршы согуш баштоо тууралуу буйрук чыгарган. Ал эми 20-мартта Америка Кошмо Штаттары эртең менен, Бишкек убактысы боюнча 7:30да Иракка каршы согуш баштаган. Өлкөнүн борбор калаасы Багдад шаарына кеминде 40 ракета атылып, көптөгөн 900 килограммдык бомбалар ташталган. 19-марттын жылнаамасы .
АКШнын президенти Жорж Буш мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы 19-мартта Иракка каршы согуш баштоо тууралуу буйрук чыгарган. Ал эми 20-мартта Америка Кошмо Штаттары эртең менен, Бишкек убактысы боюнча 7:30да Иракка каршы согуш баштаган. Өлкөнүн борбор калаасы Багдад шаарына кеминде 40 ракета атылып, көптөгөн 900 килограммдык бомбалар ташталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142197
2016-03-19
ky
ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ : Мындан 37 жыл мурун мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков каза болгон
Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы 19-мартта Кыргыз Республикасынын КП (б) БКнын биринчи катчысы, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон. Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде: 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышында депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, мындан башка орден жана медалдар менен сыйланган. 19-марттын жылнаамасы .
Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы 19-мартта Кыргыз Республикасынын КП (б) БКнын биринчи катчысы, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон. Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде: 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышында депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, мындан башка орден жана медалдар менен сыйланган.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142193
2016-03-19
ky
Дубайдан Орусияга учуп келген учак кырсыктап, 62 адам каза тапты
Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, 62 адам каза тапты, анын ичинен төртөө жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, учактын ичиндеги 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгону болжолдонуп жатат. Каза тапкан жарандардын көбү орусиялыктар экени айтылууда.
Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, 62 адам каза тапты, анын ичинен төртөө жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, учактын ичиндеги 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгону болжолдонуп жатат.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142217
2016-03-19
ky
Баткен облусунда таштанды таштоочу талаадан адамдын жансыз денеси табылды
Баткен облусунда таштанды таштоочу талаадан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-мартта саат 14:30 чамасында Айдаркен шаары менен Эшме айылынын ортосундагы таштанды таштоочу талаадан киши колдуу болгон европа улутундагы, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин денеси табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө.
Баткен облусунда таштанды таштоочу талаадан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-мартта саат 14:30 чамасында Айдаркен шаары менен Эшме айылынын ортосундагы таштанды таштоочу талаадан киши колдуу болгон европа улутундагы, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин денеси табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142215
2016-03-19
ky
СУПЕРСТАН: "Аксыдагы чек ара кырдаалы толук иликтенмейинче кызуу кандуулукка алдырбоо керек"
Аксы - Ала-Бука жолуна өзбек чек арачыларынын блокпост коюп алышы SUPER.KG порталынын колдонуучулары тарабынан да кызуу талкууланууда. Порталдын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз-өзбек чек ара маселеси" деген тема ачылып, колдонуучулар кырдаал боюнча пикир калтырышууда. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынын такталбаган жерге кирип алышы, аларга кыргыз тараптан жетиштүү чара көрүлбөй жаткандыгы, бийлик өкүлдөрүнө, жалпы кыргыз журтчулугуна кайрылуулар, нааразычылыктар, ошону менен бирге сабырдуулукка чакырган билдирүүлөр жазылууда. "Бул жерде башка бир нерсе жаткандай... Жок жерден алардын бийлигине күч келдиби, ал жерге киргиле дегидей?! Кызуу кандуулукка алдырбай туруу керек. Кызуу кандуулуктан 2010-жылы кандай кандуу окуя болуп кетти. Маселе толук иликтенмейинче бир тараптуу чечим чыгарбоо керек",- дегендер болууда. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Аксы - Ала-Бука жолуна өзбек чек арачыларынын блокпост коюп алышы порталынын колдонуучулары тарабынан да кызуу талкууланууда. Порталдын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз-өзбек чек ара маселеси" деген тема ачылып, колдонуучулар кырдаал боюнча пикир калтырышууда. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынын такталбаган жерге кирип алышы, аларга кыргыз тараптан жетиштүү чара көрүлбөй жаткандыгы, бийлик өкүлдөрүнө, жалпы кыргыз журтчулугуна кайрылуулар, нааразычылыктар, ошону менен бирге сабырдуулукка чакырган билдирүүлөр жазылууда. "Бул жерде башка бир нерсе жаткандай... Жок жерден алардын бийлигине күч келдиби, ал жерге киргиле дегидей?! Кызуу кандуулукка алдырбай туруу керек. Кызуу кандуулуктан 2010-жылы кандай кандуу окуя болуп кетти. Маселе толук иликтенмейинче бир тараптуу чечим чыгарбоо керек",- дегендер болууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142213
2016-03-19
ky
Жалал-Абад облусунда 5 килограммдан ашуун баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды
Жалал-Абад облусунда 5 килограммдан ашуун баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Ош-Бишкек унаа жолунун 323-чакырымынан, Токтогул районунан борбор калаанын 42 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалган. Ага тиешелүү буюмдарын текшерүү маалында колунда көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен скотч менен оролгон, кара куурай жыттанган зат табылган. Тиешелүү экспертизадан ал жалпы салмагы 5 килограмм 300 грамм гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Жалал-Абад облусунда 5 килограммдан ашуун баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Ош-Бишкек унаа жолунун 323-чакырымынан, Токтогул районунан борбор калаанын 42 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалган. Ага тиешелүү буюмдарын текшерүү маалында колунда көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен скотч менен оролгон, кара куурай жыттанган зат табылган. Тиешелүү экспертизадан ал жалпы салмагы 5 килограмм 300 грамм гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142175
2016-03-19
ky
Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды (толукталды)
Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 19-мартта президенттик аппараттан билдиришти. Эскерте кетсек, Улукбек Марипов 18-мартта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулган. У.Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Кыргыз, орус тилдерин билет. Акыркы ээлеген кызматтары - президенттин жардамчысы, президенттик аппараттан башчысынын биринчи орун басары. Эсептөө палатасын буга чейин Элмира Ибраимова жетектеп келген .
Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 19-мартта президенттик аппараттан билдиришти. Эскерте кетсек, Улукбек Марипов 18-мартта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулган. У.Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Кыргыз, орус тилдерин билет. Акыркы ээлеген кызматтары - президенттин жардамчысы, президенттик аппараттан башчысынын биринчи орун басары.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142201
2016-03-19
ky
Бишкекте өткөрүлгөн кол күрөштө атактуулар күч сынашты (фоторепортаж)
Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде кечээ, 18-мартта "Атактуулар арасында кол күрөш" иш-чарасында кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү күч сынашты. Иш-чаранын уюштуруучусу Гүлзара Кокенова : "Иш-чаранын максаты - өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу. Жаштар белгилүү адамдарды кумир тутушат эмеспи, андыктан шоу дүйнө өкүлдөрүн жаштарга үлгү болуп берүүгө чакырдык. Спорттун башка түрлөрү боюнча сынактар көп эле өтөт. Ал эми кол күрөш боюнча алгачкы ирет өтүп жатат" ,- деп билдирди. Иш-чарага ырчылар Роза Шакирова, Замир Арыкбаев, Гүланда, Гүлнур Асанова, Азиза, Аяна Касымова, Нурболот Теӊизбек, Асел Кадырбекова, Руслан Абылов, Данияр Эрматов, "Жебе" тобунун жигиттери, "тамашоучулар" Санжар Мыкыев, Зияш Турдубеков, Кубат Кубанычбеков, шоумен Бакыт Байсариев, чакырылган коноктор жана башкалар катышышты. Жыйынтыгында эркектер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Зияш Турдубеков 1-орунду алса, Санжар Мыкыев 75 килограммга чейинки салмакта үчүнчү, Кубат Кубанычбеков 75 килограммдан жогору салмакта 2-орунду алды. Ал эми кыздар арасында 60 килограммга чейинки салмакта Гүлнур Асанова, ал эми Роза Шакирова 60 килограммдан жогору салмакта 1-орунду алышты.
Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде кечээ, 18-мартта "Атактуулар арасында кол күрөш" иш-чарасында кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү күч сынашты. Иш-чаранын уюштуруучусу Гүлзара Кокенова : "Иш-чаранын максаты - өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу. Жаштар белгилүү адамдарды кумир тутушат эмеспи, андыктан шоу дүйнө өкүлдөрүн жаштарга үлгү болуп берүүгө чакырдык. Спорттун башка түрлөрү боюнча сынактар көп эле өтөт. Ал эми кол күрөш боюнча алгачкы ирет өтүп жатат" ,- деп билдирди. Иш-чарага ырчылар Роза Шакирова, Замир Арыкбаев, Гүланда, Гүлнур Асанова, Азиза, Аяна Касымова, Нурболот Теӊизбек, Асел Кадырбекова, Руслан Абылов, Данияр Эрматов, "Жебе" тобунун жигиттери, "тамашоучулар" Санжар Мыкыев, Зияш Турдубеков, Кубат Кубанычбеков, шоумен Бакыт Байсариев, чакырылган коноктор жана башкалар катышышты. Жыйынтыгында эркектер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Зияш Турдубеков 1-орунду алса, Санжар Мыкыев 75 килограммга чейинки салмакта үчүнчү, Кубат Кубанычбеков 75 килограммдан жогору салмакта 2-орунду алды.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142187
2016-03-19
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Брюс Лиге куюп койгондой окшош жигит көпчүлүктүн көңүлүн бурду
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө Ооганстандын борбору Кабул шаарынын жаш тургуну легендарлуу Брюс Лиге окшош экендиги тууралуу видео жүктөлдү (ник: Zor_go). Материалда ооганстандык Аббас Ализада: "Ооганстандык Брюс Ли болгум келет. Ооганстандык гана эмес, Брюс Ли сыяктуу дүйнөгө таанылгым келет. Келечекте Голливуд жылдызына айланууну кыялданам" ,- дейт. Аббас Кабулдагы жакыр үй-бүлөнүн баласы. Алар 10 бир тууган. Анын талантын Али Кахер аттуу чебер байкап, канатына алган. Ошондой эле "ооганстандык Брюс Ли" азырынча өзүн эч ким колдой электигин, бийлик же башкалар тарабынан колдоо көрсөтүлбөгөнүн айтат. Видеону көрүү үчүн шилтеме .
порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө Ооганстандын борбору Кабул шаарынын жаш тургуну легендарлуу Брюс Лиге окшош экендиги тууралуу видео жүктөлдү (ник: Zor go). Материалда ооганстандык Аббас Ализада: "Ооганстандык Брюс Ли болгум келет. Ооганстандык гана эмес, Брюс Ли сыяктуу дүйнөгө таанылгым келет. Келечекте Голливуд жылдызына айланууну кыялданам" ,- дейт. Аббас Кабулдагы жакыр үй-бүлөнүн баласы. Алар 10 бир тууган. Анын талантын Али Кахер аттуу чебер байкап, канатына алган. Ошондой эле "ооганстандык Брюс Ли" азырынча өзүн эч ким колдой электигин, бийлик же башкалар тарабынан колдоо көрсөтүлбөгөнүн айтат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142211
2016-03-19
ky
“Супер сулуу” сынагы кайрадан старт алды! Жеңүүчү Бали аралына жолдомого ээ болот
Сүйүнчү! Ажарлуу, назик, чырайлуу кыздардын кулагына күмүш сырга! Сиз көптөн күткөн “Супер сулуу” сынагы кайрадан старт алды. Кыштын ызгаардуу күндөрүндө экзотикалуу Бали аралына барып эстен кеткис күндөрдү өткөрүүнү каалайсызбы? Анда шашылыңыз. Балким, сынактын жеңүүчүсү так сиз болуп, Бали аралына жолдомону утуп аларсыз. “Супер сулуу” сынагына бою 165 сантиметрден жогору болгон, 1988-жылдан 1998-жылга чейин туулган сулуу, жылдыздуу, кымча бел бийкечтер катыша алышат. Кошумча маалымат үчүн (0312) 32-33-27, (0557) 75-63-54 номерлерине, star@super.kg электрондук дарегине же "Супер-Инфо" гезитинин кеңсесине (Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү-402) кайрылсаңыздар болот.
Сүйүнчү! Ажарлуу, назик, чырайлуу кыздардын кулагына күмүш сырга! Сиз көптөн күткөн “Супер сулуу” сынагы кайрадан старт алды. Кыштын ызгаардуу күндөрүндө экзотикалуу Бали аралына барып эстен кеткис күндөрдү өткөрүүнү каалайсызбы? Анда шашылыңыз. Балким, сынактын жеңүүчүсү так сиз болуп, Бали аралына жолдомону утуп аларсыз. “Супер сулуу” сынагына бою 165 сантиметрден жогору болгон, 1988-жылдан 1998-жылга чейин туулган сулуу, жылдыздуу, кымча бел бийкечтер катыша алышат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142167
2016-03-19
ky
Чек ара кызматы: Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда
Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Кечээтен бери аталган аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. "Кечээ аталган аймакка Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткен. Учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Эки өлкөнүн ортосундагы расмий келишимдерге ылайык, такталбаган аймакка аскерлерди киргизүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу кечээ расмий түрдөгү билдирүү жөнөтүлгөн, азырынча ага эч кандай жооп келе элек",- деп билдиришти аталган кызматтан. Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, 18-март күнү кечке маал өзбекстандык агенттиктердин бири өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен Аксы - Ала-Бука жолунда өзбек жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүү жасаган.
Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Кечээтен бери аталган аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. "Кечээ аталган аймакка Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткен. Учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Эки өлкөнүн ортосундагы расмий келишимдерге ылайык, такталбаган аймакка аскерлерди киргизүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу кечээ расмий түрдөгү билдирүү жөнөтүлгөн, азырынча ага эч кандай жооп келе элек",- деп билдиришти аталган кызматтан. Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142209
2016-03-19
ky
ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ : Мындан 99 жыл мурун "кыргыз театрынын Умай энеси" атыккан Сабира Күмүшалиева туулган
Мындан 99 жыл мурун, 1917-жылы 19-мартта кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн сахна чебери, "кыргыз театрынын Умай энеси" атыккан, кыргыз жана советтик театр жана кино актрисасы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева Бишкек шаарынын Төкөлдөшүндө туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрүп, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан. Сабира Күмүшалиева эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгон. Муну режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасындагы Карыз аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен көрсө болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон. Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрына кабыл алынып, алгачкы жолу Касымалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон. 1957-жылы театр искусствосу жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти", андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган. Ал Даңк медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы Эл аралык жана Казак Республикасынын "Алтын көпүрө", Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын ээси болгон. Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам-бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугуна да данакер болгон, ошондой эле кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда да роль жараткан. Улуу актриса "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямадагы кадыр түн" ж.б. кинолордо кайталангыс образдарды жараткан. Мындан сырткары "Уркуя" тасмасында, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган. Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. 19-марттын жылнаамасы .
Мындан 99 жыл мурун, 1917-жылы 19-мартта кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн сахна чебери, "кыргыз театрынын Умай энеси" атыккан, кыргыз жана советтик театр жана кино актрисасы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева Бишкек шаарынын Төкөлдөшүндө туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрүп, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан. Сабира Күмүшалиева эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгон. Муну режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасындагы Карыз аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен көрсө болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон. Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрына кабыл алынып, алгачкы жолу Касымалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон. 1957-жылы театр искусствосу жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти", андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган. Ал Даңк медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы Эл аралык жана Казак Республикасынын "Алтын көпүрө", Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын ээси болгон. Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам-бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугуна да данакер болгон, ошондой эле кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда да роль жараткан. Улуу актриса "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямадагы кадыр түн" ж.б. кинолордо кайталангыс образдарды жараткан. Мындан сырткары "Уркуя" тасмасында, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган. Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142191
2016-03-19
ky
Экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу камакка алынды
Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу Тимур Тойчубеков тергөө бүткүчө камакка алынды. Мындай чечимди 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарып, айыпталуучу №1-СИЗОго жеткирилди. Тимур Тойчубеков "орусиялык банктардын биринен мыйзамсыз ири суммада акча алган" деп айыпталууда. Маалыматка таянсак, компаниялардын биринин жетекчиси Тимур Тойчубеков башка компания менен биргеликте жылдык 12 пайыздык үстөгү менен 500 миң доллар насыя алууда орусиялык банктардын бирине жалган маалыматтарды көрсөтүп, өзүнүн компаниясына караштуу жер тилкеси менен акцияларын күрөөгө койгон. Банктан тийиштүү сумманы алары менен эки компаниянын башчысы (Т.Тойчубеков менен шериги Ч.Т.) "насыя боюнча келишим жараксыз" деген Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберишкен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүүнүн атасы, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков "кызматта турганда компаниялардын бирине мыйзамсыз күбөлүк берген жана пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошоткон" деп айыпталып, учурда эл аралык издөөдө жүрөт .
Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу Тимур Тойчубеков тергөө бүткүчө камакка алынды. Мындай чечимди 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарып, айыпталуучу №1-СИЗОго жеткирилди. Тимур Тойчубеков "орусиялык банктардын биринен мыйзамсыз ири суммада акча алган" деп айыпталууда. Маалыматка таянсак, компаниялардын биринин жетекчиси Тимур Тойчубеков башка компания менен биргеликте жылдык 12 пайыздык үстөгү менен 500 миң доллар насыя алууда орусиялык банктардын бирине жалган маалыматтарды көрсөтүп, өзүнүн компаниясына караштуу жер тилкеси менен акцияларын күрөөгө койгон. Банктан тийиштүү сумманы алары менен эки компаниянын башчысы (Т.Тойчубеков менен шериги Ч.Т.) "насыя боюнча келишим жараксыз" деген Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберишкен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142207
2016-03-19
ky
АФИША, 19-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр” тасмасы көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:10, 14:50, 19:10, 23:00. "Эне жүрөгү” тасмасы. 13:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:10, 21:10. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 10:30, 20:10. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 16:00, 22:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:00, 18:20. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00, 22:40. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 11:10, 14:50, 19:10, 23:00. "Эне жүрөгү” тасмасы. 13:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 17:10, 21:10. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:00, 18:20. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10 "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142155
2016-03-19
ky
Өзбекстан Аксыдагы аскер киргизилген аймакты "биздин жер" деп билдирүү жасады
Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолундагы өзүнүн жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүүдө. Муну өзбекстандык podrobno.uz агенттиги өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен 18-мартта кечке маал жарыялады. Аталган жерге аскер жайгаштыруусун коңшу өлкө "Нооруз майрамына карата өлкөнүн коопсуздугун күчөтүү" деп түшүндүрдү. Мындан тышкары аскердик техникалар менен жоокерлер Өзбекстандын аймагында турганын, жарандарды текшерүү такталбаган аймакка кирбөө тууралуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми 18-мартта "Маданият унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун бир тараптуу жабылышын оңдоп-түзөө иштерине байланыштырып, бул боюнча кыргыз тарапка тийиштүү тартипте кабар берилгени айтылды. Муну менен катар Өзбекстандын аталган комитети тараптардын Чек ара кызматтарынын мамилесинин татаалдашып кетпеши үчүн кыргыз кесиптештерин туура эмес маалымат таратуудан карманууга чакырууда. Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алышууда. Кыргыз тарап бүгүн кечке чейин коңшулаш өлкөнүн мындай аракетинин себебин биле албай турду. Жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышууда. Жолдогу блокпост жана аскерлер алына элек. Аймактагы кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолундагы өзүнүн жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүүдө. Муну өзбекстандык агенттиги өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен 18-мартта кечке маал жарыялады. Аталган жерге аскер жайгаштыруусун коңшу өлкө "Нооруз майрамына карата өлкөнүн коопсуздугун күчөтүү" деп түшүндүрдү. Мындан тышкары аскердик техникалар менен жоокерлер Өзбекстандын аймагында турганын, жарандарды текшерүү такталбаган аймакка кирбөө тууралуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми 18-мартта "Маданият унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун бир тараптуу жабылышын оңдоп-түзөө иштерине байланыштырып, бул боюнча кыргыз тарапка тийиштүү тартипте кабар берилгени айтылды. Муну менен катар Өзбекстандын аталган комитети тараптардын Чек ара кызматтарынын мамилесинин татаалдашып кетпеши үчүн кыргыз кесиптештерин туура эмес маалымат таратуудан карманууга чакырууда. Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен өзбекстандык чек арачылар Кыргыз Республикасынын эки районун байланыштырган жолду аскердик техникалар менен тосуп, ары-бери каттагандарды текшерүүгө алышууда. Кыргыз тарап бүгүн кечке чейин коңшулаш өлкөнүн мындай аракетинин себебин биле албай турду. Жергиликтүү тургундар өзбекстандык чек арачылар кыргыз тарапка тийиштүү жайыттарды талашып жатканын айтышууда. Жолдогу блокпост жана аскерлер алына элек.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142205
2016-03-18
ky
КҮНСЕРЕП: Аксыда өзбек чек арачылары жол тосушту... Апрель баатырлары оппозициядан элди козгобоону талап кылышты...
Бүгүн, 18-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Өлкөнүн чек арасында бүгүн күтүүсүз окуя катталды. Таңкы саат 7:40 чамасында Ала-Бука районундагы тактала элек аймакка өзбекстандык чек арачылар бастырып киришти . Коңшулаш өлкөнүн аскерлери аймакка 2 КамАЗ жана эки БТР киргизишип, Аксы - Ала-Бука райондорун байланыштырган жолго блокпост коюп алышты... Аймакта ондогон (айрым маалыматтарда 200дөй деп айтылууда) өзбекстандык чек арачылар турат. Жергиликтүү тургундар өзбек тарап жер талашып жатканын айтышууда. Бирок өлкөбүздүн Чек ара кызматы "өзбек чек арачыларынын максаты түшүнүксүз" деп билдирди SUPER.KG порталына. Албетте, кырдаалдын жөнгө салынышы сүйлөшүүлөргө жараша болот. Бирок коңшулардын мындай өзүм билемдигине, өлкөнүн эки районун бириктирген трассаны тосуп алышып аймакта жашаган кыргыздарды кыйнашына жол берилбеши зарыл! Мындайда өлкө жетекчилиги чечкиндүүлүк көрсөтүшү шарт. Аймактагы элдин коопсуздугу биринчи орунда турган маселе. Азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды. Кыргыз тарап жолго коюлган блокпостторду алууну талап кылууда. Өзбекстан бүгүн "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын өз аймагына киргизүүнү токтотту. Кыргыз Республикасы "Баймак-унаа жол", "Кең-Сай-унаа жол" жана "Кадамжай-унаа жол" пункттарын өзбек жарандары үчүн жапты... Айылдарда жашаган жөнөкөй тургундардын чечкиндүү кадамы олуттуу кемчиликтерди жоюуга таасир этери дагы бир жолу далилденди. Жакында Баткендин Кулунду айылынын тургундарынын бири "Достук айылындагы оорукананын төшөктөрү жыртылып, кирдеп бүткөн. Бейтаптар акча төлөп жатышат, жаңыларына алмаштырып койбойбу?" деп билдирип, быйыл февралда тартылган сүрөттөрүн жөнөткөн эле. Маалымат "Элдик кабарга" чыгып, колдонуучулар кызуу талкуулашты. Көпчүлүк оорукананын жетекчилигин айыпташты... Азыркы учурда аталган ооруканада эски төшөктөр жок. Качан алмашканы белгисиз, бирок бардык палаталарда жаңы матрастар, шейшептер... Муну аталган оорукананын атынан SUPER.KG порталына байланышка чыккан жергиликтүү тургун кабарлап , жапжаңы матрастар салынган оорукана палаталарынын сүрөттөрүн жөнөттү. Элдин үнү жетти, оңолууга тийиш болуп, бирок оңолбой жаткан кемчиликтер жоюлду деген ушу... 2010-жылкы Апрель окуясынын катышуучулары оппозиционер Адахан Мадумаровго "тынч жаткан элди козгобо" дешти. "Апрель байрагы" кыймылы бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, иштей турган маалда митинг, нааразычылык акцияларын уюштуруу орунсуз экенин белгилешти. "27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөнү жатат. Андыктан Адахан Мадумаров, Бектур Асанов сыяктуу оппозициячылар тынч жаткан элди козгобой, айтчу сөзүн депутаттарга айтышса жакшы болмок",- дейт кыймылдын мүчөсү Канатбек Ирсалиев. Кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылуунун артынан даңазалуу адамдары шылдыңдоого жол берилүүдө. Мындай пикир бүгүн Бишкек шаарында өткөн конференцияда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Аалы Молдоканов билдирди . Комиссиянын кызматкери башкы кемчилик көчө аттарын орусча жазууда жатканын айтат. "Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде көчө аталыштары мамлекеттик тилде гана жазылып, туура айтылат",- деди Молдоканов. Мындай кемчиликти тийиштүү органдар сөзсүз эске алууга тийиш. Кыргыз тилин өнүктүрүүдө мындан да олуттуу тоскоолдуктар турат. Башкысы - мамлекетте кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүгө муктаждык жок.
Бүгүн, 18-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Өлкөнүн чек арасында бүгүн күтүүсүз окуя катталды. Таңкы саат 7:40 чамасында Ала-Бука районундагы тактала элек аймакка өзбекстандык чек арачылар бастырып киришти . Коңшулаш өлкөнүн аскерлери аймакка 2 КамАЗ жана эки БТР киргизишип, Аксы - Ала-Бука райондорун байланыштырган жолго блокпост коюп алышты... Аймакта ондогон (айрым маалыматтарда 200дөй деп айтылууда) өзбекстандык чек арачылар турат. Жергиликтүү тургундар өзбек тарап жер талашып жатканын айтышууда. Бирок өлкөбүздүн Чек ара кызматы "өзбек чек арачыларынын максаты түшүнүксүз" деп билдирди порталына. Албетте, кырдаалдын жөнгө салынышы сүйлөшүүлөргө жараша болот. Бирок коңшулардын мындай өзүм билемдигине, өлкөнүн эки районун бириктирген трассаны тосуп алышып аймакта жашаган кыргыздарды кыйнашына жол берилбеши зарыл! Мындайда өлкө жетекчилиги чечкиндүүлүк көрсөтүшү шарт. Аймактагы элдин коопсуздугу биринчи орунда турган маселе. Азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды. Кыргыз тарап жолго коюлган блокпостторду алууну талап кылууда. Өзбекстан бүгүн "Маданият-унаа жол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын өз аймагына киргизүүнү токтотту. Кыргыз Республикасы "Баймак-унаа жол", "Кең-Сай-унаа жол" жана "Кадамжай-унаа жол" пункттарын өзбек жарандары үчүн жапты... Айылдарда жашаган жөнөкөй тургундардын чечкиндүү кадамы олуттуу кемчиликтерди жоюуга таасир этери дагы бир жолу далилденди. Жакында Баткендин Кулунду айылынын тургундарынын бири "Достук айылындагы оорукананын төшөктөрү жыртылып, кирдеп бүткөн. Бейтаптар акча төлөп жатышат, жаңыларына алмаштырып койбойбу?" деп билдирип, быйыл февралда тартылган сүрөттөрүн жөнөткөн эле. Маалымат "Элдик кабарга" чыгып, колдонуучулар кызуу талкуулашты. Көпчүлүк оорукананын жетекчилигин айыпташты... Азыркы учурда аталган ооруканада эски төшөктөр жок. Качан алмашканы белгисиз, бирок бардык палаталарда жаңы матрастар, шейшептер... Муну аталган оорукананын атынан порталына байланышка чыккан жергиликтүү тургун кабарлап , жапжаңы матрастар салынган оорукана палаталарынын сүрөттөрүн жөнөттү. Элдин үнү жетти, оңолууга тийиш болуп, бирок оңолбой жаткан кемчиликтер жоюлду деген ушу... 2010-жылкы Апрель окуясынын катышуучулары оппозиционер Адахан Мадумаровго "тынч жаткан элди козгобо" дешти. "Апрель байрагы" кыймылы бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, иштей турган маалда митинг, нааразычылык акцияларын уюштуруу орунсуз экенин белгилешти. "27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөнү жатат. Андыктан Адахан Мадумаров, Бектур Асанов сыяктуу оппозициячылар тынч жаткан элди козгобой, айтчу сөзүн депутаттарга айтышса жакшы болмок",- дейт кыймылдын мүчөсү Канатбек Ирсалиев. Кыргыз тилине кайдыгер мамиле кылуунун артынан даңазалуу адамдары шылдыңдоого жол берилүүдө. Мындай пикир бүгүн Бишкек шаарында өткөн конференцияда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Аалы Молдоканов билдирди . Комиссиянын кызматкери башкы кемчилик көчө аттарын орусча жазууда жатканын айтат. "Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде көчө аталыштары мамлекеттик тилде гана жазылып, туура айтылат",- деди Молдоканов. Мындай кемчиликти тийиштүү органдар сөзсүз эске алууга тийиш. Кыргыз тилин өнүктүрүүдө мындан да олуттуу тоскоолдуктар турат.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142135
2016-03-18
ky
Москванын муфтийи кыргыз жараны Марат Исаевди салтанаттуу түрдө сыйлады
Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырды. Бул тууралуу шаардык муфтияттын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өттү. Эскерте кетсек, 11-февралда кыргыз жараны Марат Исаев Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашкан . Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 15-февралда, Орусиянын президенти Владимир Путин 10-мартта М.Исаевди сыйлаган.
Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов метродо аялды куткарган Марат Исаевге ыраазычылык кат жана белек тапшырды. Бул тууралуу шаардык муфтияттын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара Собор мечитинде миңдеген адамдардын катышуусунда өттү. Эскерте кетсек, 11-февралда кыргыз жараны Марат Исаев Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашкан .
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142169
2016-03-18
ky
Балбан Жанарбек Кенжеев Казакстандагы мелдештин финалында кытайлык балбанга утулуп калды
Учурда Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште ал кытайлык Фей Пег менен беттешип, 8:6 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыгында ал мелдештин күмүш медалын тагынды. Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште финалга чыккан балбандар Бразилиядагы Олимпиадага жолдомо камсыздашты. Жанарбек Кенжеев азырынча бул мелдеште жолдомо алган жалгыз кыргыз спортчусу.
Учурда Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдеш өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев финалга чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште ал кытайлык Фей Пег менен беттешип, 8:6 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыгында ал мелдештин күмүш медалын тагынды. Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште финалга чыккан балбандар Бразилиядагы Олимпиадага жолдомо камсыздашты.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142189
2016-03-18
ky
Сакал коюп имиджин өзгөртүү кезеги эми "Чоро" тобундагы Нурболот Теӊизбекке жетти
Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тобу" наамын алган "Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек бүгүн, 18-мартта борбор калаада болуп жаткан "Атактуулар арасында кол күрөш" сынагына имиджин өзгөртүп келди. Учурда кыргыз шоу дүйнөсүндө модага айланып бараткан сакал коюу кезеги эми 25 жаштагы ырчыга жеткен көрүнөт. Учурда мындай стилге өткөн ырчылар аз эмес. Алсак, жакында эле мындай имиджге ырчылар Арсен, Урмат Усенов, шоумен Бакыт Байсариев жана башкалар өтүшкөн.
Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тобу" наамын алган "Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек бүгүн, 18-мартта борбор калаада болуп жаткан "Атактуулар арасында кол күрөш" сынагына имиджин өзгөртүп келди. Учурда кыргыз шоу дүйнөсүндө модага айланып бараткан сакал коюу кезеги эми 25 жаштагы ырчыга жеткен көрүнөт. Учурда мындай стилге өткөн ырчылар аз эмес.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142185
2016-03-18
ky
Чек ара кызматы: Өзбек чек арачылары блокпост койгонун "үстүдөн ушундай буйрутма болгон" деп түшүндүрүштү
Кыргыз мамлекетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен өзбек чек арачыларынын жолугушуу учурунда алар "үстүдөн ушундай буйрутма болгон" деп билдиришкенин SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн бүгүн, 18-мартта кабарлашты. Маалым болгондой, өзбек чек арачылары эмне себептен блокпост коюп, текшерүүгө алып жаткандарын өздөрү түшүндүрө алышкан эмес, алар буйрутманы аткарып жаткандыгын баса белгилешкен. " Кербен - Ала-Бука унаа жолундагы кыргыз чек арасына жооптуу чек арачылар тургузулган. Учурда ал аймакка күчөтүлгөн режим киргизилди. Мамлекеттик деңгээлде бул маселе боюнча расмий түшүндүрүүлөр берилген жок. Кыргыз чек арачылары жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар элдин коопсуздугун сактоо үчүн аталган каттам менен жүрбөй турууга чакырууда" , - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Кыргыз мамлекетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен өзбек чек арачыларынын жолугушуу учурунда алар "үстүдөн ушундай буйрутма болгон" деп билдиришкенин порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн бүгүн, 18-мартта кабарлашты. Маалым болгондой, өзбек чек арачылары эмне себептен блокпост коюп, текшерүүгө алып жаткандарын өздөрү түшүндүрө алышкан эмес, алар буйрутманы аткарып жаткандыгын баса белгилешкен. " Кербен - Ала-Бука унаа жолундагы кыргыз чек арасына жооптуу чек арачылар тургузулган. Учурда ал аймакка күчөтүлгөн режим киргизилди. Мамлекеттик деңгээлде бул маселе боюнча расмий түшүндүрүүлөр берилген жок. Кыргыз чек арачылары жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142179
2016-03-18
ky
19-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн үшүк жүрөт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн 0°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:12де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:12де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:14тө чыгып, 19:22де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:12де чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:11де чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:27де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:02де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +7°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:00до чыгып, 19:07де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн 0°C Күндүз +8°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:12де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:12де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:14тө чыгып, 19:22де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:12де чыгып, 19:20да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн 1°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:11де чыгып, 19:19да батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн үшүк жүрөт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +11°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 07:20да чыгып, 19:27де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, үшүк жүрүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн 0°C Күндүз +9°C Күндүн узактыгы 12 саат 7 мүнөт. Күн саат 06:55те чыгып, 19:02де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +7°C Күндүн узактыгы 12 саат 4 мүнөт. Күн саат 07:00до чыгып, 19:07де батат. Жамгыр жаайт Абанын температурасы төмөндөйт, жамгыр жаайт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142159
2016-03-18
ky
Кыргыз режиссёру Нуржамал Дамирдин кыска метраждуу "Фрунзе" тасмасы Эл аралык Канн фестивалынын каталогдоруна кошулду
Кыргыз режиссёру Нуржамал Дамирдин кыска метраждуу "Фрунзе" тасмасы үстүбүздөгү жылдын 11-22-майларында өтө турган Эл аралык Канн фестивалынын каталогдоруна кошулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Нуржамал Дамир 2013-жылы "Өгүз аял" тасмасын тартып, ийгиликке жетишкен. Белгилүү франциялык киноэксперт Жоэль Шапрондун айтымы боюнча, аталган фестивалдын "Short Film Corner" бөлүмүндө дүйнө жүзү боюнча тартылган кыска метраждуу тасмаларды көрүүгө болот. Ал жакта эл аралык фестивалдардын уюштуруучулары өздөрүнүн форумдарына жайгаштырууга тасмаларды тандашат, андан сырткары ар кандай телеканалдардын өкүлдөрү мыкты тасмаларды сатып алууга аракет кылышат.
Кыргыз режиссёру Нуржамал Дамирдин кыска метраждуу "Фрунзе" тасмасы үстүбүздөгү жылдын 11-22-майларында өтө турган Эл аралык Канн фестивалынын каталогдоруна кошулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Нуржамал Дамир 2013-жылы "Өгүз аял" тасмасын тартып, ийгиликке жетишкен. Белгилүү франциялык киноэксперт Жоэль Шапрондун айтымы боюнча, аталган фестивалдын "Short Film Corner" бөлүмүндө дүйнө жүзү боюнча тартылган кыска метраждуу тасмаларды көрүүгө болот.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142181
2016-03-18
ky
"Бишкек шаарынын жылуулук борборун жакшыртуу" улуттук долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан 750 адиске өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилди
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматында кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча өтүнүч каттар уруксат берүүчү ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан отурумда каралды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Отурумда буга чейин юридикалык жана жеке жактардан түшкөн кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча 57 өтүнүч жана чет элдик жарандардан жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча 13 арыз каралды. Жыйынтыгында 1458 адисти кыргыз жергесинде иштетүүгө жана 13 чет элдик жаранга ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилди. Анын ичинде "Бишкек шаарынын жылуулук борборун жакшыртуу" улуттук долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан 750 адиске өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилди. Түшкөн кайрылуулардын санына карабастан, аталган комиссия тарабынан жума сайын отурум өткөрүлүшү пландалууда.
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматында кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча өтүнүч каттар уруксат берүүчү ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан отурумда каралды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Отурумда буга чейин юридикалык жана жеке жактардан түшкөн кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча 57 өтүнүч жана чет элдик жарандардан жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча 13 арыз каралды. Жыйынтыгында 1458 адисти кыргыз жергесинде иштетүүгө жана 13 чет элдик жаранга ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилди. Анын ичинде "Бишкек шаарынын жылуулук борборун жакшыртуу" улуттук долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан 750 адиске өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142177
2016-03-18
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Украина парламентинде депутаттар дагы тополоң чыгарышты
Украинада Жогорку Раданын депутаттары жыйында өздөрүн адекватсыз көрсөткөнү тууралуу видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Englishman). Материалда кечээ, 17-мартта Жогорку Раданын залында мүлктү атайын конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттардын ортосунда чыр чыкканы айтылат. Мыйзам долбоору каралып жатканда талаш-тартыш катуу жүрүп, депутаттардын бири мыйзам долбоорунун автору Сергей Пашинскийди түртүп жиберет. Маалымат булактарында чыр-чатак экинчи жолу да ушул эле мыйзам долбоору каралып жатканда уланып, ага депутат айым катышкандыгы айтылууда. Видеону көрүү үчүн шилтеме.
Украинада Жогорку Раданын депутаттары жыйында өздөрүн адекватсыз көрсөткөнү тууралуу видео порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Englishman). Материалда кечээ, 17-мартта Жогорку Раданын залында мүлктү атайын конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттардын ортосунда чыр чыкканы айтылат. Мыйзам долбоору каралып жатканда талаш-тартыш катуу жүрүп, депутаттардын бири мыйзам долбоорунун автору Сергей Пашинскийди түртүп жиберет. Маалымат булактарында чыр-чатак экинчи жолу да ушул эле мыйзам долбоору каралып жатканда уланып, ага депутат айым катышкандыгы айтылууда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142165
2016-03-18
ky
Жанарбек Кенжеев: "Олимпиадага жолдомо алып, кыргыз элин сүйүндүрсөм деп тилеп жүргөм"
Бүгүн, 18-мартта Казакстандагы күрөш мелдешинде финалга чыгып, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган Жанарбек Кенжеев ийгилиги тууралуу ой бөлүштү. "Алгачкы беттеште Индиянын балбанын уттум. Андан соң япониялык балбан менен кармашып, жеңишке жетиштим. Негизи, буга көп убакыттан бери даярданып жаткам. Жолдомо алып, кыргыз элимди сүйүндүрөм деген тилегим бар болчу. Кудай буюрса, максатыма жеттим. Аябай кубанып турам. Финалда Кытайдын балбаны менен күрөшөм. Беттешке мыкты даярдыктамын",- дейт Жанарбек Кенжеев. Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган Олимпиадага 4 спортчубуз жолдомо алган. Алар: жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева , Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев.
Бүгүн, 18-мартта Казакстандагы күрөш мелдешинде финалга чыгып, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алган Жанарбек Кенжеев ийгилиги тууралуу ой бөлүштү. "Алгачкы беттеште Индиянын балбанын уттум. Андан соң япониялык балбан менен кармашып, жеңишке жетиштим. Негизи, буга көп убакыттан бери даярданып жаткам. Жолдомо алып, кыргыз элимди сүйүндүрөм деген тилегим бар болчу. Кудай буюрса, максатыма жеттим. Аябай кубанып турам. Финалда Кытайдын балбаны менен күрөшөм. Беттешке мыкты даярдыктамын",- дейт Жанарбек Кенжеев. Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган Олимпиадага 4 спортчубуз жолдомо алган.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142173
2016-03-18
ky
Шашылыш билдирүү! 19-20-мартта өлкөнүн айрым дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт
19-20-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...2° градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 2016-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-209 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) жана Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
19-20-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...2° градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 2016-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-209 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) жана Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142163
2016-03-18
ky
СУПЕРСТАН: "Кызга калың берүү салты туурабы?"
Кыргыздын байыркы салттарынын бири - кызга калың берүү. Бул эки жаштын баш кошуусундагы жөрөлгөлөрдүн бири гана. Мындан башка да толтура салт-санаа, ырым-жырымдар бүгүнкү күндө да кадимкидей колдонулуп, муундан-муунга өтүп келет. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кызга калың төлөө салты туурабы?" деген темада талкууланууда. Автор "Кызга калың төлөө салты тууралуу оюңар кандай?" деп суроо калтырган. Форумчулар суроого: "Энеге сүт акы берсе болот, ал эми калыңды кыздын энеси кайра эле төшөк-жаздык, эмерек алып берет, андан көрө эки жаш өздөрү эле үй алып, ичин толтуруп алганы жакшы". "Шариятта калың берүү жок. Калыңдын ордуна мехр берилет. Мехрдин калыңдан айырмасы - мехр кыздын колуна, калың кыздын ата-энесине берилет. Эгер кызга мехр берилсе, кыз өз эрки менен ата-энесине же кайра күйөөсүнө берип койсо да болот" . "Калың бербей, сеп албай үйлөнсө жакшы болмок. Чыгым да азыраак кетет. Андан көрө эки жашты бутуна тургузуп коюшсун, акчалары ашып-ташып жатса. Анысы аз келгенсип, малды баалашып жаткансып баалашышат, анан "бул минтип, тиги тигинтип...", "устукан албай калып, чапан жаппай калып"... Ыраазы болгон киши жок, баары эле нааразы" . "Учурда "калың бергенге каршымын" деген жигиттер Кудай буйруп, ата болуп, өз кызы бой жетип, аны турмушка узатууда калыңды очойтуп эле сурайт. Эч качан "калың бербегиле, кызыма калың беришиңерге каршымын" деп айтпайт" ,- деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Кыргыздын байыркы салттарынын бири - кызга калың берүү. Бул эки жаштын баш кошуусундагы жөрөлгөлөрдүн бири гана. Мындан башка да толтура салт-санаа, ырым-жырымдар бүгүнкү күндө да кадимкидей колдонулуп, муундан-муунга өтүп келет. порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кызга калың төлөө салты туурабы?" деген темада талкууланууда. Автор "Кызга калың төлөө салты тууралуу оюңар кандай?" деп суроо калтырган. Форумчулар суроого: "Энеге сүт акы берсе болот, ал эми калыңды кыздын энеси кайра эле төшөк-жаздык, эмерек алып берет, андан көрө эки жаш өздөрү эле үй алып, ичин толтуруп алганы жакшы". "Шариятта калың берүү жок. Калыңдын ордуна мехр берилет. Мехрдин калыңдан айырмасы - мехр кыздын колуна, калың кыздын ата-энесине берилет. Эгер кызга мехр берилсе, кыз өз эрки менен ата-энесине же кайра күйөөсүнө берип койсо да болот" . "Калың бербей, сеп албай үйлөнсө жакшы болмок. Чыгым да азыраак кетет. Андан көрө эки жашты бутуна тургузуп коюшсун, акчалары ашып-ташып жатса. Анысы аз келгенсип, малды баалашып жаткансып баалашышат, анан "бул минтип, тиги тигинтип...", "устукан албай калып, чапан жаппай калып"... Ыраазы болгон киши жок, баары эле нааразы" . "Учурда "калың бергенге каршымын" деген жигиттер Кудай буйруп, ата болуп, өз кызы бой жетип, аны турмушка узатууда калыңды очойтуп эле сурайт. Эч качан "калың бербегиле, кызыма калың беришиңерге каршымын" деп айтпайт" ,- деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142151
2016-03-18
ky
Бишкекте 5-11-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча китептер жетишсиз жана окуу программасына туура келбейт
Бишкектеги Октябрь районунда 5-11-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча китептер жетишсиз жана окуу программасына туура келбейт. Бул тууралуу маалымат аталган райондун билим берүү уюмдарынын кыргыз тилинен жана адабиятынан окуу китептери жөнүндө анализинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, кыргыз тилинен окуу куралдары 1-2-3-4, 8, 10-11-класстын окуучулары үчүн жетиштүү жана бардык талаптарга шайкеш келип, балдардын арасында окууга болгон кызыгууну арттырат. Ал эми 5-6-7, 9-класстын окуучулары үчүн кыргыз тил китеби эң эле эски, керектен чыккан жана жетишсиз. Кыргыз адабияты сабагы 5-класстан баштап окутула баштайт. Бул китеп 5-6-7-8, 10-11-класстын окуучулары үчүн окуу программасына туура келбейт. Анткени окуу куралдары 2000, 2003, 2006 жана 2013-жылдарда басылып чыгып, 2014-жылы жаңы кабыл алынган окуу программасына шайкеш келбейт. Бир гана 9-класстын окуучулары үчүн китептердеги чыгармалардын айрымдары бекитилген программага дал келет. " Башка окуу китептери болбогондугуна байланыштуу ушул окуу куралдары менен иш жүргүзүлөт ",- деп түшүндүрүлөт маалыматта.
Бишкектеги Октябрь районунда 5-11-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча китептер жетишсиз жана окуу программасына туура келбейт. Бул тууралуу маалымат аталган райондун билим берүү уюмдарынын кыргыз тилинен жана адабиятынан окуу китептери жөнүндө анализинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, кыргыз тилинен окуу куралдары 1-2-3-4, 8, 10-11-класстын окуучулары үчүн жетиштүү жана бардык талаптарга шайкеш келип, балдардын арасында окууга болгон кызыгууну арттырат. Ал эми 5-6-7, 9-класстын окуучулары үчүн кыргыз тил китеби эң эле эски, керектен чыккан жана жетишсиз. Кыргыз адабияты сабагы 5-класстан баштап окутула баштайт. Бул китеп 5-6-7-8, 10-11-класстын окуучулары үчүн окуу программасына туура келбейт. Анткени окуу куралдары 2000, 2003, 2006 жана 2013-жылдарда басылып чыгып, 2014-жылы жаңы кабыл алынган окуу программасына шайкеш келбейт. Бир гана 9-класстын окуучулары үчүн китептердеги чыгармалардын айрымдары бекитилген программага дал келет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142147
2016-03-18
ky
Кыргыз-өзбек чек арасы: "Блокпост койгон жерге чогулуп барган айыл тургундарын өзбекстандык чек арачылар жолотпой жатышат" дейт жергиликтүү тургун (фото)
"Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолуна блокпост койгон өзбекстандык чек арачыларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургундар өздөрү барышты". Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Падыша-Ата айылынын тургуну Нурсултан Абдрасулов билдирди. "Өзбекстандык чек арачыларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким бара элек. Айыл тургундары буга аябай тынчсызданышууда. Учурда айылдардан чогулган 30дай киши блокпосттун жанында турат. Бирок куралчан өзбекстандык чек арачылар "жакындабагыла" деп блокпост тарапка эч кимди жолотпой жатат. Жолго блокпост коюп, жолдун чекесин зым тосмолор менен да тосуп коюшуптур", - деди Н.Абдрасулов.
"Аксы районунун аймагына караштуу Кербен - Ала-Бука унаа жолуна блокпост койгон өзбекстандык чек арачыларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Буга тынчсызданган жергиликтүү тургундар өздөрү барышты". Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта порталына Падыша-Ата айылынын тургуну Нурсултан Абдрасулов билдирди. "Өзбекстандык чек арачыларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким бара элек. Айыл тургундары буга аябай тынчсызданышууда. Учурда айылдардан чогулган 30дай киши блокпосттун жанында турат. Бирок куралчан өзбекстандык чек арачылар "жакындабагыла" деп блокпост тарапка эч кимди жолотпой жатат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142145
2016-03-18
ky
ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ : "Клон" сериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толгон бразилиялык актриса Жованна Антонелли 40 жашын белгилөөдө
"Клон" сериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толгон бразилиялык актриса Жованна Антонелли 40 жашын белгилөөдө. Жованна Антонелли 1976-жылы 18-мартта Рио-де-Жанейродо төрөлгөн. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. 11 жашынан тарта кичинекей Жованнанын таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт. Алгач “Тропиканка” аттуу теленовеллада тартылып, көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык алтын таажыны 2001-жылы “Клон” сериалына тартылганда тагынган. Учурунда бул сериал 90дон ашык өлкөдө популярдуу болгон. 18-марттын жылнаамасы .
"Клон" сериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толгон бразилиялык актриса Жованна Антонелли 40 жашын белгилөөдө. Жованна Антонелли 1976-жылы 18-мартта Рио-де-Жанейродо төрөлгөн. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. 11 жашынан тарта кичинекей Жованнанын таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт. Алгач “Тропиканка” аттуу теленовеллада тартылып, көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык алтын таажыны 2001-жылы “Клон” сериалына тартылганда тагынган. Учурунда бул сериал 90дон ашык өлкөдө популярдуу болгон.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142137
2016-03-18
ky
Орус футболунун бир кездеги жүзү Андрей Аршавин карьерасын Казакстанда улантат
Орусиянын футбол боюнча курамасынын бир кездеги лидери Андрей Аршавин карьерасын Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунда улантат. Казакстандык басылмалар кабарлагандай, футболчу клуб менен 1 жылдык келишим түздү. Келишим дагы 1 жылга узартылышы мүмкүн. 34 жаштагы футболчу буга чейин Орусиянын "Зенит" клубунан "Кубань" клубунун курамына кошулган. Көп өтпөй келишим бузулуп, эки тарап кызматташууну токтоткон. Кошумчалай кетсек, Аршавин Орусия курамасынын лидери катары 2008-жылы Европа чемпиондугунда өзүн көрсөтүп, курама менен коло медаль уткан. Көп өтпөй ал Англиянын "Арсенал" футболдук клубунда ойноп баштаган. "Арсеналдын" курамында ал испаниялык "Барселонага" 1 гол жана "Ливерпулдун" дарбазасына 1 оюнда 4 гол киргизип, коомчулуктун көңүлүн бурдурган.
Орусиянын футбол боюнча курамасынын бир кездеги лидери Андрей Аршавин карьерасын Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунда улантат. Казакстандык басылмалар кабарлагандай, футболчу клуб менен 1 жылдык келишим түздү. Келишим дагы 1 жылга узартылышы мүмкүн. 34 жаштагы футболчу буга чейин Орусиянын "Зенит" клубунан "Кубань" клубунун курамына кошулган. Көп өтпөй келишим бузулуп, эки тарап кызматташууну токтоткон. Кошумчалай кетсек, Аршавин Орусия курамасынын лидери катары 2008-жылы Европа чемпиондугунда өзүн көрсөтүп, курама менен коло медаль уткан. Көп өтпөй ал Англиянын "Арсенал" футболдук клубунда ойноп баштаган.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142149
2016-03-18
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: Учурдагы жаштардын таанышуусун чагылдырган Жакут Сыдыков менен Наргиза Айтемированын "Алло" аттуу клиби
Акыркы кезде көпчүлүк "Алло-оо, алло-оо" деп ырдап калганы байкалууда. Ал тургай кичинекей балдар да бул ырга телефондон клип тартууга үлгүрүштү. Ал эми интернетте айрымдар "Бул ыр казактардан которулуп алынган. Жакшы ырдалган эмес" дешсе, башкалары "Биздин ырларды деле казактар ырдап жүрүшпөйбү, көрө албагандар ар нерсе деп айта беришет" деп эки жаатка бөлүнүп, кызуу талкуулашууда. Ал эми казактардын Торегали Тореали жана Ерке Есмахан аткарган "Алло" чыгармасы да көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан. "Алгач эки казак бир туугандардын аткаруусундагысын көрүп, өзүбүз алардын уруксаты жок которуп ырдаганбыз. Кийин уруксат алып кышында, 20-январда клип тартып, 25-январда элге көрсөттүк. Казактардын аткаруусундагы клип жайында тартылса, биз жаз жана күздү көрсөтүп, элди "клипти казактардан биринчи тартып алгансыңар го" деп таң калтырдык", - дейт куудул, ырчы Жакут Сыдыков . Клип кышында тартылса да, анда кыш мезгилинен бир да кадр көрүнбөйт, өзгөчөлүгү дал ушунда десек болот. Ал эми аткаруу жагынан карасак, кыргыз ырчылары ырды жакшы аткара алышкан. Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
Акыркы кезде көпчүлүк "Алло-оо, алло-оо" деп ырдап калганы байкалууда. Ал тургай кичинекей балдар да бул ырга телефондон клип тартууга үлгүрүштү. Ал эми интернетте айрымдар "Бул ыр казактардан которулуп алынган. Жакшы ырдалган эмес" дешсе, башкалары "Биздин ырларды деле казактар ырдап жүрүшпөйбү, көрө албагандар ар нерсе деп айта беришет" деп эки жаатка бөлүнүп, кызуу талкуулашууда. Ал эми казактардын Торегали Тореали жана Ерке Есмахан аткарган "Алло" чыгармасы да көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан. "Алгач эки казак бир туугандардын аткаруусундагысын көрүп, өзүбүз алардын уруксаты жок которуп ырдаганбыз. Кийин уруксат алып кышында, 20-январда клип тартып, 25-январда элге көрсөттүк. Казактардын аткаруусундагы клип жайында тартылса, биз жаз жана күздү көрсөтүп, элди "клипти казактардан биринчи тартып алгансыңар го" деп таң калтырдык", - дейт куудул, ырчы Жакут Сыдыков . Клип кышында тартылса да, анда кыш мезгилинен бир да кадр көрүнбөйт, өзгөчөлүгү дал ушунда десек болот. Ал эми аткаруу жагынан карасак, кыргыз ырчылары ырды жакшы аткара алышкан.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142119
2016-03-18
ky
Ош шаарында “Нооруз-2016” элдик майрамын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө
Ош шаарында “Нооруз-2016” элдик майрамын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында шаар ичиндеги аянттар, эс алуу жана сейил бактары майрамга карата жасалгаланып, элдик көөнөрбөс каада-салттарга ылайык өткөрүлөт. Шаардын борбордук аянтында майрамга карата “Ынтымактуу элден ырыс кетпейт” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт көрсөтүлөт. Мындан тышкары “Биз таланттарды издейбиз”, “Эң мыкты элдик бий жамааты”, “Эң мыкты азем бийи”, “Балдар тарткан эң мыкты сүрөт”, "Эне жөнүндө ырлар" сынактарын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Борбордук аянтта “Кадыр түн” тосуу каадасын өткөрүү максатында сегиз канат, алты канат боз үйлөр тигилип, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп, жаштар үчүн дискотекалар өткөрүлөт.
Ош шаарында “Нооруз-2016” элдик майрамын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында шаар ичиндеги аянттар, эс алуу жана сейил бактары майрамга карата жасалгаланып, элдик көөнөрбөс каада-салттарга ылайык өткөрүлөт. Шаардын борбордук аянтында майрамга карата “Ынтымактуу элден ырыс кетпейт” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт көрсөтүлөт. Мындан тышкары “Биз таланттарды издейбиз”, “Эң мыкты элдик бий жамааты”, “Эң мыкты азем бийи”, “Балдар тарткан эң мыкты сүрөт”, "Эне жөнүндө ырлар" сынактарын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142141
2016-03-18
ky
Кыргыз тарап Өзбекстандан Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алууну талап кылды
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рашидовго Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен нота тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын элчиси КРнын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. "Өзбек тарап жасап жаткан аракеттер кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн экени жолугушууда айтылды. Жолугушуунун соңунда Д.Сыдыков өзбек тарап эл аралык укуктун нормаларын жана 1996-жылдын 24-декабрында КР менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө кабыл алынган келишимди сактайт деген үмүтүн билдирди" ,- деп айтылат маалыматта. Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени белгилүү. Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтоткон. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат. Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-автожол", "Кең-Сай-автожол" жана "Кадамжай-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапкан.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рашидовго Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен нота тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын элчиси КРнын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. "Өзбек тарап жасап жаткан аракеттер кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн экени жолугушууда айтылды. Жолугушуунун соңунда Д.Сыдыков өзбек тарап эл аралык укуктун нормаларын жана 1996-жылдын 24-декабрында КР менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө кабыл алынган келишимди сактайт деген үмүтүн билдирди" ,- деп айтылат маалыматта. Айта кетсек, бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени белгилүү. Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтоткон. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142143
2016-03-18
ky
Эки буту ампутацияланган Элмиранын протез кийип басууга мүмкүнчүлүгү бар
Эки буту ампутацияланган Элмира Гимазитдинова Оштогу "Боорукердик" жатак-үйүнө жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Гүлзина Раева билдирди. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Жим көчөсүнүн 8-үйүнүн 8-батиринин тургуну, Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 1991-жылдын 24-июлунда туулган Элмира Гимазитдинова менен жолугуп, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Дарыгердин айтуусуна караганда, Элмиранын ден соолугу жакшы, жараатынын бүтүшүнө аз калган. Анын өздүгүн тастыктаган паспорту бир тууган иниси Чолпонбек Рашит уулунан алынган. "Батирдин санитардык абалы талапка жооп бербейт, жамгыр жааган мезгилде батирдин чатырынан суу агат, капиталдык оңдоону талап кылат. Элмиранын эжеси Гүлзия Гимазитдинова 1986-жылы туулган, II топтогу майып, 2500 сом өлчөмүндө жөлөк пул Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан чегерилип, бүгүнкү күндө алып жатат. Агасы Ришат Гимазитдинов эч жерде иштебейт. Бул үй-бүлөдө жалгыз эле Элмиранын 1993-жылы туулган иниси Рашит уулу Чолпонбек базарда бирөөнүн жүгүн түшүрүп иштейт. Күнүнө 200-300 сом өлчөмүндө акча таап, тапкан акчасы эч нерсеге жетпегендигинен кошуналары материалдык жактан жардам беришет. Атасы Рашит Гимазитдинов 2005-жылы, апасы Зинакан Өмүралиева 2011-жылы каза болгон. Изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгында Элмира Гимазитдинованын үй-бүлөсү материалдык колдоого муктаж экени аныкталды", - дейт Гүлзина Раева. Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Элмира мурун эле психикалык жактан жабыркап, тиешелүү ооруканадан дарыланып, II топтогу майыптыкка чыгып, 2012-2014-жылдары 1500 сом жөлөк пул алып жүрүп, бирок мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жөлөк пул чегерилбей калганын кабарлады. "Бүгүнкү күндө Элмиранын майыптыгы Ош шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан кайрадан такталууда. Социалдык кызматкерлер мөөнөтсүз 1-топтогу майыптыкка чыгарышты. Учурда оор абалын, жардамга өтө муктаж экенин баса белгилеп, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен материалдык жардам берүүнү сунуштадык. Эгер туугандары каршы болушпаса, "Боорукердик" жатак-үйүнө жайгаштырабыз. Анан үйүнүн чатырын оңдоп-түзөп беребиз. Элмиранын буттарына протез кийип басканга мүмкүнчүлүгү бар экен", - дейт Раева.
Эки буту ампутацияланган Элмира Гимазитдинова Оштогу "Боорукердик" жатак-үйүнө жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Гүлзина Раева билдирди. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Жим көчөсүнүн 8-үйүнүн 8-батиринин тургуну, Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 1991-жылдын 24-июлунда туулган Элмира Гимазитдинова менен жолугуп, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Дарыгердин айтуусуна караганда, Элмиранын ден соолугу жакшы, жараатынын бүтүшүнө аз калган. Анын өздүгүн тастыктаган паспорту бир тууган иниси Чолпонбек Рашит уулунан алынган. "Батирдин санитардык абалы талапка жооп бербейт, жамгыр жааган мезгилде батирдин чатырынан суу агат, капиталдык оңдоону талап кылат. Элмиранын эжеси Гүлзия Гимазитдинова 1986-жылы туулган, II топтогу майып, 2500 сом өлчөмүндө жөлөк пул Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан чегерилип, бүгүнкү күндө алып жатат. Агасы Ришат Гимазитдинов эч жерде иштебейт. Бул үй-бүлөдө жалгыз эле Элмиранын 1993-жылы туулган иниси Рашит уулу Чолпонбек базарда бирөөнүн жүгүн түшүрүп иштейт. Күнүнө 200-300 сом өлчөмүндө акча таап, тапкан акчасы эч нерсеге жетпегендигинен кошуналары материалдык жактан жардам беришет. Атасы Рашит Гимазитдинов 2005-жылы, апасы Зинакан Өмүралиева 2011-жылы каза болгон. Изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгында Элмира Гимазитдинованын үй-бүлөсү материалдык колдоого муктаж экени аныкталды", - дейт Гүлзина Раева. Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Элмира мурун эле психикалык жактан жабыркап, тиешелүү ооруканадан дарыланып, II топтогу майыптыкка чыгып, 2012-2014-жылдары 1500 сом жөлөк пул алып жүрүп, бирок мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жөлөк пул чегерилбей калганын кабарлады. "Бүгүнкү күндө Элмиранын майыптыгы Ош шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан кайрадан такталууда. Социалдык кызматкерлер мөөнөтсүз 1-топтогу майыптыкка чыгарышты. Учурда оор абалын, жардамга өтө муктаж экенин баса белгилеп, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен материалдык жардам берүүнү сунуштадык. Эгер туугандары каршы болушпаса, "Боорукердик" жатак-үйүнө жайгаштырабыз. Анан үйүнүн чатырын оңдоп-түзөп беребиз.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142059
2016-03-18