lang
stringclasses
3 values
title
stringlengths
3
277
original_text
stringlengths
69
182k
processed_text
stringlengths
42
181k
category
stringlengths
4
50
processed
bool
2 classes
url
stringlengths
33
293
date
stringlengths
10
24
ky
Ош. Күч түзүмдөрүнүн 206 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды (фоторепортаж)
Бүгүн, 15-мартта Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Ачкычтарды тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү катышканын мэриядан билдиришти. Шаар мэри жаңы батир алып жаткан кызматкерлерди куттуктап, ар бир күч түзүмдөрүнүн башчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды. “Өлкөбүздүн соңку тарыхында мамлекет тарабынан үй куруу, үйгө муктаж жарандарга үй берүү деген түшүнүк унутулуп бара жаткан. Акыркы эки-үч жылдан бери өлкө башчынын демилгеси жана аракети менен бул маселе ордунан козголуп, үйлөр курулуп, кызматтык батирлер берилип, ипотекалык систем жөнгө салына баштады. СССР деп аталган кубаттуу мамлекеттин мезгилинде деле күч түзүмдөрүнө бир мезгилде мынча батир берилген эмес. Буюрса, бул багыттагы жумуштар мындан ары да улантылуу менен жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар” ,- деди Кадырбаев. Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 1-2-3 бөлмөлүү жалпы 206 кызматтык батир берилди. Анын ичинен ИИМдин кызматкерлерине - 60, Коргоо министрлигине - 33, ӨКМга - 15, УКМКга - 30, Чек ара кызматына - 33, Мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматына - 10, Улуттук гвардияга - 14, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине - 11. Үйлөр шаардын Манас-Ата жана Достук аймактарында жайгашкан.
Бүгүн, 15-мартта Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Ачкычтарды тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев , ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү катышканын мэриядан билдиришти. Шаар мэри жаңы батир алып жаткан кызматкерлерди куттуктап, ар бир күч түзүмдөрүнүн башчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды. “Өлкөбүздүн соңку тарыхында мамлекет тарабынан үй куруу, үйгө муктаж жарандарга үй берүү деген түшүнүк унутулуп бара жаткан. Акыркы эки-үч жылдан бери өлкө башчынын демилгеси жана аракети менен бул маселе ордунан козголуп, үйлөр курулуп, кызматтык батирлер берилип, ипотекалык систем жөнгө салына баштады. СССР деп аталган кубаттуу мамлекеттин мезгилинде деле күч түзүмдөрүнө бир мезгилде мынча батир берилген эмес. Буюрса, бул багыттагы жумуштар мындан ары да улантылуу менен жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар” ,- деди Кадырбаев. Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 1-2-3 бөлмөлүү жалпы 206 кызматтык батир берилди. Анын ичинен ИИМдин кызматкерлерине - 60, Коргоо министрлигине - 33, ӨКМга - 15, УКМКга - 30, Чек ара кызматына - 33, Мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматына - 10, Улуттук гвардияга - 14, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине - 11.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141683
2016-03-15
ky
Футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы "Абдыш-Ата-99" командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды
16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өлкөнүн улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна даярданып жатат. Машыгуу сборунун алкагында өспүрүмдөр курамасы кечээ, 14-мартта “Абдыш-Ата-99″ командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Команданын машыктыруучусу Самат Сүймалиев кабарлагандай, оюн жогорку чыңалуу астында өтүп, командалар топ талашты көбүнчө майдандын борбордук бөлүгүндө өткөрүштү. Эки командада тең гол жаратууга жетиштүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу 15-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта Индияда өтөт. Футболчуларыбыз бул мелдеште кайсы тайпада ойной турганы 4-майда ташталчу чүчү кулактын жыйынтыгында белгилүү болот.
16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өлкөнүн улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна даярданып жатат. Машыгуу сборунун алкагында өспүрүмдөр курамасы кечээ, 14-мартта “Абдыш-Ата-99″ командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Команданын машыктыруучусу Самат Сүймалиев кабарлагандай, оюн жогорку чыңалуу астында өтүп, командалар топ талашты көбүнчө майдандын борбордук бөлүгүндө өткөрүштү. Эки командада тең гол жаратууга жетиштүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу 15-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта Индияда өтөт.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141657
2016-03-15
ky
ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти
Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу башынан оор жаракат алып, эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жабыркаган айым жөө адамдар өтүүчү жолдо бараткан. Айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып унаасын токтотууга аракет кылган, бирок үлгүрбөй калды. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишти. Жөө жүрүүчүлөр жолдон өткөндөн коркуп калышты, себеби айдоочулар жөө адамды өткөрүүнү каалашпайт же күткүсү келишпейт. Кырсык саат 16:25 чамасында болду", - дейт окурман.
Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу башынан оор жаракат алып, эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 15-мартта порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жабыркаган айым жөө адамдар өтүүчү жолдо бараткан. Айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып унаасын токтотууга аракет кылган, бирок үлгүрбөй калды. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишти. Жөө жүрүүчүлөр жолдон өткөндөн коркуп калышты, себеби айдоочулар жөө адамды өткөрүүнү каалашпайт же күткүсү келишпейт.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141669
2016-03-15
ky
Бишкекте француз тилдүү өлкөлөрдүн жумалыгынын алкагында “Франкофониянын 10 сөзү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)
Бүгүн, 15-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде француз тилдүү өлкөлөрдүн жумалыгынын алкагында “Франкофониянын 10 сөзү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага балдардын колунан жаралган 119 эмгек коюлган. Аталган жумалыктын алкагында “куу, кар куюн, ишенчээк, чырак, дүкөн, чакалап төккөн жамгыр, таасирдүү, барктуу, кичи автобус, кайраттуу” деген 10 сөздүн тематикасында сүрөт тартуу каралып, сынак уюштурулган. Бул иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги, Франциянын жана Швейцариянын кыргыз жергесиндеги элчиликтери жана Бишкектеги Франциялык альянс уюштурган. Сынактын жыйынтыгы менен 12 мыкты эмгек тандалып алынып, алардын ээлерине баалуу белектер берилди. Көргөзмө 19-мартка чейин созулат.
Бүгүн, 15-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде француз тилдүү өлкөлөрдүн жумалыгынын алкагында “Франкофониянын 10 сөзү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага балдардын колунан жаралган 119 эмгек коюлган. Аталган жумалыктын алкагында “куу, кар куюн, ишенчээк, чырак, дүкөн, чакалап төккөн жамгыр, таасирдүү, барктуу, кичи автобус, кайраттуу” деген 10 сөздүн тематикасында сүрөт тартуу каралып, сынак уюштурулган. Бул иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги, Франциянын жана Швейцариянын кыргыз жергесиндеги элчиликтери жана Бишкектеги Франциялык альянс уюштурган. Сынактын жыйынтыгы менен 12 мыкты эмгек тандалып алынып, алардын ээлерине баалуу белектер берилди.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141671
2016-03-15
ky
Как жасоо кандай сонун!
"Ысык-Көлдө мөмө-жемиштин түрлөрү арбын, аларды коромжусуз жыйнап, кайра иштеткенди колго алсак, элдин жашоо шарты кыйла жакшырмак” ,- деп сөзүн баштаган Гүлсара Чыныбаева: "Биз алгачкы кадамдарды жасап жатабыз. Эми аны кеңири жайылтып,тажрыйбамды жердештерим менен бөлүшсөм деген ниеттемин" ,- деди. Гүлсара Чыныбаева - Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну. Ысык-Көл облусун комплекстүү өнүктүрүү боюнча "КАРАГАТ+" программасынын алкагында "АВЕП" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун мүчөсү, фермердик топтун негиздөөчүсү. Аталган долбоор "Кумтөр" ишканасы тарабынан каржыланат. Долбоордун негизинде Челпек айылында чакан как кургатуучу цех ачылып, 90 миң сомдук 2 меш алынып келинген. Мешке бир салганда 20 килограмм мөмө-жемиш батат. Фермердик топ өткөн жылы 250 килограммга жакын как кургатып, продукциясын Бишкек шаарына алып барып килограммын 100 сомдун тегерегинде соодалашкан. Өздүк бакчадан жыйналган алма-өрүктөн, алмуруттан тышкары айыл тургундарынан да килограммын 5-10 сомдун тегерегинде сатып алышты. 1 килограмм алмадан болжолдуу 200 грамм как алынат экен. Мындан сырткары жапайы жер-жемиштерди: четиндин ашы, бөрү карагаттарды да кургатууга жетишти. "Быйыл да өндүрүшүбүздү кеңейтип, жер-жемиштерди быйылкыдан да көбүрөөк көлөмдө кургатсакпы деп турабыз. Сапат маселесине олуттуу карап, даяр продукцияны ийгиликтүү өткөрүп алуу багытында Каракол шаарынын мектеп, бала бакчалары менен кызматташсак деген оюбуз бар. Балдар үчүн биздин кактар абдан пайдалуу. Алар, биринчиден, таза кургайт, эч кандай чымын-чиркей конуп булгабайт. Экинчиден, жол-жобосу менен кургатылгандыктан, витаминдер толугу менен сакталып калат",- дейт фермер айым. Гүлсара Осмоналиева "КАРАГАТ+" долбоорунун дагы бир долбоору – мөмө-жемиштерди өстүрүү, түрлөрүн көбөйтүү, тамчылатып сугаруу системин колдонуу боюнча да иш алып барат. Анын огородунда демонстрациялык аянтча уюштурулуп, ага долбоордун эсебинен карагаттын жаңы сорттору отургузулду. Көчөттөр Польша мамлекетинен алынып келинген. Аянтчага карагаттын 2 сортунан 33 көчөт, малинанын жаңы сорту отургузулган. Жаңы түрлөрдүн баары жергиликтүү жаратылыш шартына тез кабыл алынып, туруктуу өсө баштады. "Жаңы көчөттөрдүн түшүмдүүлүгү жогору болчудай. Былтыр кенедей эки түптөн эле бир чака түшүм алдым. Жаз алды калемчелерди көбөйтүп, айылдаштарым менен бөлүшсөм деген оюм бар. Тамчылатып сугарууну да жалпы жайылтсак абдан жакшы болчудай, анткени демонстрациялык аянтчада колдонуп, анын пайдалуулугуна жогору баа бердим. Айрыкча суу жетишпеген жерлерге жеткизсек, түшүмдүүлүк кыйла жогорулап, сууну үнөмдөөгө дагы жакшы шарт түзүлөт эле" ,- дейт Гүлсара. "КАРАГАТ+" программасы фермердик топтордон түшкөн суроолордун негизинде маалыматтык окууларды тынымсыз уюштуруп турат. Бул боюнча фермердик топтун лидери төмөндөгүлөргө токтолду: «Долбоордун маалыматтык колдоосу жогорку деңгээлде. Биздин топтун 15 мүчөсү бар. Семинарлардан алган тажрыйбамды алар менен бөлүшүп турам. Келечекте ар бир айылдашым жерди иштетүү, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча билимин кеңейип, жашоо шарты жакшырса деген тилегим бар. "КАРАГАТ+" долбоору жылда "КАРАГАТ ФЕСТ" деген чоң иш-чара өткөрөт. Фестивалдын жүрүшүндө фермерлерге өз ара тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлүп, жасаган ишиңдин жыйынтыгына баа берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Аталган иш-чара быйыл биздин Ак-Суу районунда өткөрүлмөкчү. Ошондуктан бул маанилүү иш-чарага жакшы жетишкендиктер менен катышуу - биздин милдет".
"Ысык-Көлдө мөмө-жемиштин түрлөрү арбын, аларды коромжусуз жыйнап, кайра иштеткенди колго алсак, элдин жашоо шарты кыйла жакшырмак” ,- деп сөзүн баштаган Гүлсара Чыныбаева: "Биз алгачкы кадамдарды жасап жатабыз. Эми аны кеңири жайылтып,тажрыйбамды жердештерим менен бөлүшсөм деген ниеттемин" ,- деди. Гүлсара Чыныбаева - Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну. Ысык-Көл облусун комплекстүү өнүктүрүү боюнча "КАРАГАТ+" программасынын алкагында "АВЕП" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун мүчөсү, фермердик топтун негиздөөчүсү. Аталган долбоор "Кумтөр" ишканасы тарабынан каржыланат. Долбоордун негизинде Челпек айылында чакан как кургатуучу цех ачылып, 90 миң сомдук 2 меш алынып келинген. Мешке бир салганда 20 килограмм мөмө-жемиш батат. Фермердик топ өткөн жылы 250 килограммга жакын как кургатып, продукциясын Бишкек шаарына алып барып килограммын 100 сомдун тегерегинде соодалашкан. Өздүк бакчадан жыйналган алма-өрүктөн, алмуруттан тышкары айыл тургундарынан да килограммын 5-10 сомдун тегерегинде сатып алышты. 1 килограмм алмадан болжолдуу 200 грамм как алынат экен. Мындан сырткары жапайы жер-жемиштерди: четиндин ашы, бөрү карагаттарды да кургатууга жетишти. "Быйыл да өндүрүшүбүздү кеңейтип, жер-жемиштерди быйылкыдан да көбүрөөк көлөмдө кургатсакпы деп турабыз. Сапат маселесине олуттуу карап, даяр продукцияны ийгиликтүү өткөрүп алуу багытында Каракол шаарынын мектеп, бала бакчалары менен кызматташсак деген оюбуз бар. Балдар үчүн биздин кактар абдан пайдалуу. Алар, биринчиден, таза кургайт, эч кандай чымын-чиркей конуп булгабайт. Экинчиден, жол-жобосу менен кургатылгандыктан, витаминдер толугу менен сакталып калат",- дейт фермер айым. Гүлсара Осмоналиева "КАРАГАТ+" долбоорунун дагы бир долбоору – мөмө-жемиштерди өстүрүү, түрлөрүн көбөйтүү, тамчылатып сугаруу системин колдонуу боюнча да иш алып барат. Анын огородунда демонстрациялык аянтча уюштурулуп, ага долбоордун эсебинен карагаттын жаңы сорттору отургузулду. Көчөттөр Польша мамлекетинен алынып келинген. Аянтчага карагаттын 2 сортунан 33 көчөт, малинанын жаңы сорту отургузулган. Жаңы түрлөрдүн баары жергиликтүү жаратылыш шартына тез кабыл алынып, туруктуу өсө баштады. "Жаңы көчөттөрдүн түшүмдүүлүгү жогору болчудай. Былтыр кенедей эки түптөн эле бир чака түшүм алдым. Жаз алды калемчелерди көбөйтүп, айылдаштарым менен бөлүшсөм деген оюм бар. Тамчылатып сугарууну да жалпы жайылтсак абдан жакшы болчудай, анткени демонстрациялык аянтчада колдонуп, анын пайдалуулугуна жогору баа бердим. Айрыкча суу жетишпеген жерлерге жеткизсек, түшүмдүүлүк кыйла жогорулап, сууну үнөмдөөгө дагы жакшы шарт түзүлөт эле" ,- дейт Гүлсара. "КАРАГАТ+" программасы фермердик топтордон түшкөн суроолордун негизинде маалыматтык окууларды тынымсыз уюштуруп турат. Бул боюнча фермердик топтун лидери төмөндөгүлөргө токтолду: «Долбоордун маалыматтык колдоосу жогорку деңгээлде. Биздин топтун 15 мүчөсү бар. Семинарлардан алган тажрыйбамды алар менен бөлүшүп турам. Келечекте ар бир айылдашым жерди иштетүү, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча билимин кеңейип, жашоо шарты жакшырса деген тилегим бар. "КАРАГАТ+" долбоору жылда "КАРАГАТ ФЕСТ" деген чоң иш-чара өткөрөт. Фестивалдын жүрүшүндө фермерлерге өз ара тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлүп, жасаган ишиңдин жыйынтыгына баа берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Аталган иш-чара быйыл биздин Ак-Суу районунда өткөрүлмөкчү.
Эмгек жарчысы
false
https://www.super.kg/kabar/news/141605
2016-03-15
ky
Ошто 22 килограммдан ашуун баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 3 баланын энеси кармалды
Ош шаарында 22 килограммдан ашуун баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 3 баланын энеси кармалды. Бул тууралуу 15-март күнү Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 14-мартта Ош шаарынан 39 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Кармалган аял 2015-жылдан бери 22 килограмм 925 грамм баңгизатты мыйзамсыз түрдө жүгүртүүгө шектүү катары издөөдө болгон. Кылмышка шектүү азыркы тапта убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Ош шаарында 22 килограммдан ашуун баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 3 баланын энеси кармалды. Бул тууралуу 15-март күнү Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 14-мартта Ош шаарынан 39 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Кармалган аял 2015-жылдан бери 22 килограмм 925 грамм баңгизатты мыйзамсыз түрдө жүгүртүүгө шектүү катары издөөдө болгон.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141677
2016-03-15
ky
Өкмөт жооп берет: Сауд Арабияга, Америка Кошмо Штаттарына, Швейцарияга визаны кайдан ачтырса болот?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Ислам мамлекети болгон Сауд Арабиясына, Америка Кошмо Штаттарына, Швейцария мамлекетине кантип виза ачтырса болот? Дегеле биздин жарандарга ушул өлкөлөргө виза кыргыз өлкөсүнөн эле ачылабы? Латвияга визаны Казакстанга барып ачтырып жатат го. Суроо калтырган mani . Жооп: - Кыргыз Республикасынын жараны Сауд Арабия Падышалыгына барууну кааласа, анда Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын визасын алыш үчүн Бишкек шаарындагы АКШнын элчилигине кайрылуусу керек. Швейцария өлкөсүнүн визасын Швейцариянын Бишкектеги элчилигинен алат. Тилекке каршы, Латвиянын элчилиги Кыргыз Республикасынын аймагында жок. Ал өлкөнүн визасын Казакстандан алууга болот. Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Ислам мамлекети болгон Сауд Арабиясына, Америка Кошмо Штаттарына, Швейцария мамлекетине кантип виза ачтырса болот? Дегеле биздин жарандарга ушул өлкөлөргө виза кыргыз өлкөсүнөн эле ачылабы? Латвияга визаны Казакстанга барып ачтырып жатат го. Суроо калтырган mani . Жооп: - Кыргыз Республикасынын жараны Сауд Арабия Падышалыгына барууну кааласа, анда Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын визасын алыш үчүн Бишкек шаарындагы АКШнын элчилигине кайрылуусу керек. Швейцария өлкөсүнүн визасын Швейцариянын Бишкектеги элчилигинен алат. Тилекке каршы, Латвиянын элчилиги Кыргыз Республикасынын аймагында жок. Ал өлкөнүн визасын Казакстандан алууга болот. Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141673
2016-03-15
ky
Бүгүн президенттик аппараттын кызматкерлерине таандык 19 KG мамлекеттик номер жок кылынды
Бүгүн, 15-мартта президенттик аппараттын кызматкерлерине таандык 19 KG мамлекеттик номер жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. "000 KG сериясындагы акыркы мамлекеттик унаа номерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык тейлөө борбору тарабынан кесүү жолу менен жок кылынды. Бул унаа номерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Жогорку Сотко жана акыйкатчыга таандык болчу", - деп айтылат маалыматта. Эске салсак, 3-февралда депутаттарга таандык 120 комплект жана өкмөт мүчөлөрүнүн 23 номери жок кылынган . Бир гана жок кылынбай калган 01 KG номери Кыргыз Республикасынын Президентине таандык бойдон калат.
Бүгүн, 15-мартта президенттик аппараттын кызматкерлерине таандык 19 KG мамлекеттик номер жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. "000 KG сериясындагы акыркы мамлекеттик унаа номерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык тейлөө борбору тарабынан кесүү жолу менен жок кылынды. Бул унаа номерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Жогорку Сотко жана акыйкатчыга таандык болчу", - деп айтылат маалыматта. Эске салсак, 3-февралда депутаттарга таандык 120 комплект жана өкмөт мүчөлөрүнүн 23 номери жок кылынган .
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141679
2016-03-15
ky
Өкмөт: "2016-жылы 100 жаңы мектеп курулуп, 100 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлөт. Мунун баарына 6 миллиард сомго жакын акча жумшалат"
2016-жылы жалпы суммасы 5 миллиард 95 миллион сомго өлкө боюнча жаңы 100 мектеп курулуп, 100 мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык маселелерди чечүүдө калктын муктаж болгон катмарларына даректүү жардам берүү жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү билим берүүгө шарт түзүүгө артыкчылык берет. "Анын алкагында өкмөт 5,5-7 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү жаатында толугу менен камсыз кылуу боюнча өлкөнүн бардык аймактарын камтуу жаатында иштерди алып барууда. Мындан тышкары "Акылдуу мектеп" деп аталган программанын алкагында быйыл өлкөдөгү 1000ден кем эмес мектеп интернетке туташтырылат. Ошондой эле мамлекеттик жогорку окуу жайлар өлкөнүн экономикасынын тармактарын талаптарына жараша мамлекеттик ЖОЖдорду оптимизациялоонун экинчи этабы жүргүзүлөт" , - деп айтылат маалыматта.
2016-жылы жалпы суммасы 5 миллиард 95 миллион сомго өлкө боюнча жаңы 100 мектеп курулуп, 100 мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык маселелерди чечүүдө калктын муктаж болгон катмарларына даректүү жардам берүү жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү билим берүүгө шарт түзүүгө артыкчылык берет. "Анын алкагында өкмөт 5,5-7 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү жаатында толугу менен камсыз кылуу боюнча өлкөнүн бардык аймактарын камтуу жаатында иштерди алып барууда. Мындан тышкары "Акылдуу мектеп" деп аталган программанын алкагында быйыл өлкөдөгү 1000ден кем эмес мектеп интернетке туташтырылат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141675
2016-03-15
ky
Окуучулар арасында “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө” сынагы өткөрүлүүдө (фоторепортаж)
Өлкөдө окуучулар арасында “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө” аттуу темада сүрөт сынагы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле Тарых жана маданият жылына арналган. Учурда "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда сынакка катышууга бел байлаган окуучулар сүрөт тартып, аларды бул борборго өткөрүүдө. Иш-чарага 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар катыша алышат. Сынактын башкы максаты - көчмөн элдердин маданияты, мурасы тууралуу маалымдоо, көчмөн элдердин улуттук оюндарын өнүктүрүү менен бирге жаш муундарды патриоттуулукка, толеранттуулукка үндөө, ошондой эле кыргыз элинин тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу, зээндүү балдардын чыгармачылыгын колдоо. Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги уюштурууда. Белгилүү болгондой, сынактын катышуучуларынын эмгектерин атактуу сүрөтчүлөр, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, искусство таануучулар жана өлкөнүн көрүнүктүү кол өнөрчүлөрүнөн турган калыстар тобу бааламакчы. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, грамоталар жана дипломдор менен сыйланышат. Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы быйыл 25-майда чыгарылат. Тандалып алынган сүрөттөр 2016-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көргөзмөгө коюлат.
Өлкөдө окуучулар арасында “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө” аттуу темада сүрөт сынагы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле Тарых жана маданият жылына арналган. Учурда "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда сынакка катышууга бел байлаган окуучулар сүрөт тартып, аларды бул борборго өткөрүүдө. Иш-чарага 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар катыша алышат. Сынактын башкы максаты - көчмөн элдердин маданияты, мурасы тууралуу маалымдоо, көчмөн элдердин улуттук оюндарын өнүктүрүү менен бирге жаш муундарды патриоттуулукка, толеранттуулукка үндөө, ошондой эле кыргыз элинин тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу, зээндүү балдардын чыгармачылыгын колдоо. Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги уюштурууда. Белгилүү болгондой, сынактын катышуучуларынын эмгектерин атактуу сүрөтчүлөр, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, искусство таануучулар жана өлкөнүн көрүнүктүү кол өнөрчүлөрүнөн турган калыстар тобу бааламакчы. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, грамоталар жана дипломдор менен сыйланышат. Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы быйыл 25-майда чыгарылат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141653
2016-03-15
ky
Депутат Мээрбек Мискенбаев: "Темир Сариевдин өкмөтү май айына чейин жашай албайт"
"Премьер-министр Темир Сариевдин өкмөтү 2016-жылдын май айына чейин жашай албайт". Мындай пикирин бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди. Анын айтымында, Т.Сариевдин өкмөтү Данияр Үсөновдун өкмөтүнө салыштырмалуу начар иштеп жатат. "Электр энергиясына болгон тарифтин 1,5 сомго чейин көтөрүлгөнү эсиңердеби? Ал эми азыркы өкмөт 2 сом 16 тыйынга чейин кымбаттатканы жатат. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы "август айына чейин тарифтер кымбаттабайт" дейт, бирок өкмөт август айына чейин эмес, майга чейин жашай албайт" ,- деди депутат. Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев жыйында энергетикага байланыштуу маселелерди гана көтөрүү керектигин айтып, Мискенбаевди сабырдуу болууга чакырды. Эскерте кетсек, кечээ, 14-мартта да Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында депутат М.Мискенбаев Т.Сариевдин өкмөтүн сынга алган .
"Премьер-министр Темир Сариевдин өкмөтү 2016-жылдын май айына чейин жашай албайт". Мындай пикирин бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди. Анын айтымында, Т.Сариевдин өкмөтү Данияр Үсөновдун өкмөтүнө салыштырмалуу начар иштеп жатат. "Электр энергиясына болгон тарифтин 1,5 сомго чейин көтөрүлгөнү эсиңердеби? Ал эми азыркы өкмөт 2 сом 16 тыйынга чейин кымбаттатканы жатат. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы "август айына чейин тарифтер кымбаттабайт" дейт, бирок өкмөт август айына чейин эмес, майга чейин жашай албайт" ,- деди депутат. Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев жыйында энергетикага байланыштуу маселелерди гана көтөрүү керектигин айтып, Мискенбаевди сабырдуу болууга чакырды.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141665
2016-03-15
ky
Өкмөт жооп берет: Египетке визаны кайдан алса болот?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Египетке визаны кайдан ачат? Суроо калтырган tengara . Жооп: Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жарандары Египет Араб Республикасынын визасын алыш үчүн Египеттин Астана шаарындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Египетке саякат жасоо максатында барууну кааласа, анда тийиштүү туристтик компанияларга кайрылуу керек. Египеттин Астана шаарындагы элчилигинин дареги: Астана шаары, Дипломатиялык шаарча, Сарайшык көчөсү-24А, тел.: (0077172) 241830-286067, astana241830@gmail.com. Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Египетке визаны кайдан ачат? Суроо калтырган tengara . Жооп: Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жарандары Египет Араб Республикасынын визасын алыш үчүн Египеттин Астана шаарындагы элчилигине кайрылуусу зарыл. Ошондой эле Египетке саякат жасоо максатында барууну кааласа, анда тийиштүү туристтик компанияларга кайрылуу керек. Египеттин Астана шаарындагы элчилигинин дареги: Астана шаары, Дипломатиялык шаарча, Сарайшык көчөсү-24А, : (0077172) 241830-286067, Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141663
2016-03-15
ky
Бишкекте өлкөнүн баалуу кагаздар рыногуна ислам принциптерин киргизүү жолдору талкууланды
Кыргыз мамлекетинин баалуу кагаздар рыногуна каржылоонун ислам принциптерин киргизүү сунушталууда. Бишкекте 15-мартта тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып, ага депутаттар, каржы адистери, Сауд Арабия, Малайзия, Улуу Британиядан келген эксперттер катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Мыйзам долбоору менен ислам каржылоо долбоорунун тастыктама түрлөрү киргизилип жатат. Дүйнөлүк тажрыйба каржылоонун ислам принциби түрдүү тобокелчиликтер менен каржы кризистерине туруктуу болорун тастыктаганы айтылды. Ал негизинен шарият талаптарына таянат. Мисалы, үстөк пайыз албайт, кумар оюндары сыяктуу долбоорлорду каржылоодон жана андан табылган арам кирешелерден баш тартат. Долбоорлорду ишке ашыруу процессине өкмөт тараптан жаңы түзүлүүчү Шарият кеңеши көзөмөлдүк кылат.
Кыргыз мамлекетинин баалуу кагаздар рыногуна каржылоонун ислам принциптерин киргизүү сунушталууда. Бишкекте 15-мартта тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып, ага депутаттар, каржы адистери, Сауд Арабия, Малайзия, Улуу Британиядан келген эксперттер катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Мыйзам долбоору менен ислам каржылоо долбоорунун тастыктама түрлөрү киргизилип жатат. Дүйнөлүк тажрыйба каржылоонун ислам принциби түрдүү тобокелчиликтер менен каржы кризистерине туруктуу болорун тастыктаганы айтылды. Ал негизинен шарият талаптарына таянат. Мисалы, үстөк пайыз албайт, кумар оюндары сыяктуу долбоорлорду каржылоодон жана андан табылган арам кирешелерден баш тартат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141659
2016-03-15
ky
Дипломатиялык паспорту бар кыргыз жарандары Румынияга визасыз кире башташат
Кыргыз Республикасы менен Румыниянын визасыз катташуусу боюнча келишим ратификацияланат. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 15-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралды. Документтин расмий аталышы: “Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Румыния өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу". Макулдашуу дипломатиялык же кызматтык паспорттун ээлерин башка мамлекеттин аймагына киргенде, чыкканда же ошол өлкөдө жүргөндө 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотот. Азыркы учурда өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганын, Румыния менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын айтышат демилгечилер.
Кыргыз Республикасы менен Румыниянын визасыз катташуусу боюнча келишим ратификацияланат. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 15-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралды. Документтин расмий аталышы: “Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Румыния өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу". Макулдашуу дипломатиялык же кызматтык паспорттун ээлерин башка мамлекеттин аймагына киргенде, чыкканда же ошол өлкөдө жүргөндө 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотот.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141655
2016-03-15
ky
"Театрлар таймашы" дагы бир жеңүүчүнү аныктады
11-март күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Театрлар таймашы" болуп өттү. Анда Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры беттешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мар Байжиевдин "Төрт адам", Уильям Шекспирдин "Ричард III", Токтоболот Абдумомуновдун "Машырбек үйлөнөт" спектаклдеринен үзүндү аткарган актёрлор соңунда калыстар тарабынан берилген "Тарых жана маданият" деген темада кызыктуу оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты. Жыйынтыгында 0,2 упай айырма менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жеңишке жетишти. Бул таймаш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүүдө. Биринчи "Театрлар таймашында" Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик "Учур" жаштар театры 27-февралда ат салышкан. Анда Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жеткен. Театр өнөрүнө жаңылык киргизип, биринчи ирет болуп жаткан таймаш айлампа түрүндө өткөрүлүп, жеңип чыккан театрга 1 000 000 сом байге берилет.
11-март күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Театрлар таймашы" болуп өттү. Анда Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры беттешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мар Байжиевдин "Төрт адам", Уильям Шекспирдин "Ричард III", Токтоболот Абдумомуновдун "Машырбек үйлөнөт" спектаклдеринен үзүндү аткарган актёрлор соңунда калыстар тарабынан берилген "Тарых жана маданият" деген темада кызыктуу оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты. Жыйынтыгында 0,2 упай айырма менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жеңишке жетишти. Бул таймаш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүүдө. Биринчи "Театрлар таймашында" Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик "Учур" жаштар театры 27-февралда ат салышкан. Анда Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жеткен.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141639
2016-03-15
ky
Бишкек-Ош трассасына дагы 3 тоннель курулат
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 15-мартта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Келишимге ылайык, япониялык агенттик Ош-Баткен-Исфана жолунун жана Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринин курулушуна 116 миллион 470 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Насыя 0,1 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт экени айтылды. Насыяга Бишкек-Ош жолунун айрым кооптуу тилкелеринде кулаган таш жана көчкүдөн коргой турган галереялар да курулары маалымдалды. Мындан тышкары узундугу 700, 200, 100 метр болгон үч тоннель тешилет. Кайсы жерлерге курулары тууралуу кошумча маалымат берилет.
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 15-мартта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Келишимге ылайык, япониялык агенттик Ош-Баткен-Исфана жолунун жана Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринин курулушуна 116 миллион 470 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Насыя 0,1 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт экени айтылды. Насыяга Бишкек-Ош жолунун айрым кооптуу тилкелеринде кулаган таш жана көчкүдөн коргой турган галереялар да курулары маалымдалды. Мындан тышкары узундугу 700, 200, 100 метр болгон үч тоннель тешилет.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141649
2016-03-15
ky
"Сүтак" тасмасы Түркияда жана АКШда өтө турган кинофестивалдарга катышат
Кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун эмгегинен жаралган "Сүтак" тасмасы апрель айында өтө турган эки эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Тасма Түркияда 2016-жылдын 7-17-апрель күндөрү өтө турган Стамбул Эл аралык кинофестивалындагы "Алтын жоогазын" сынагына коюлган. Анда дүйнөдөгү даректүү, анимациялык тасмалар көрсөтүлөт. Аны менен катар "Сүтак" 18-Эл аралык "RiverRun" фестивалынын сынактык программасына катышат. Ал АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Уинстон-Сейлем шаарында ушул жылдын 7-апрелинде башталып, 17-апрелге чейин уланат. Фестиваль коммерциялык эмес маданий уюм катары иш алып барып, көрүүчүлөрдү башка элдердин салты, маданияты менен тааныштыруучу жалпы аянтча түзүүгө жардам берип келет.
Кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун эмгегинен жаралган "Сүтак" тасмасы апрель айында өтө турган эки эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Тасма Түркияда 2016-жылдын 7-17-апрель күндөрү өтө турган Стамбул Эл аралык кинофестивалындагы "Алтын жоогазын" сынагына коюлган. Анда дүйнөдөгү даректүү, анимациялык тасмалар көрсөтүлөт. Аны менен катар "Сүтак" 18-Эл аралык "RiverRun" фестивалынын сынактык программасына катышат. Ал АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Уинстон-Сейлем шаарында ушул жылдын 7-апрелинде башталып, 17-апрелге чейин уланат.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141593
2016-03-15
ky
Текебаев: “Энергетика экономиканы өнүктүрүүдөгү артыкчылык болбой, тескерисинче, тоскоолдукка айланды”
Бишкекте 15-мартта “Кыргыз Республикасынын электр энергетикасы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев экономиканы өнүктүрүүдө инвесторлорду кызыктыруучу артыкчылык: арзан эмгек күчү, либералдуу мыйзамдар жана арзан электр кубаты экенин белгилеп, бирок аталган артыкчылыктар, тескерисинче, тоскоолдукка айланганын билдирди. Депутат, биринчиден, электр энергиясынын дефицити чоң экенин, экинчиден, натыйжасыз пайдалануу болуп жатканын, үчүнчүдөн, энергетика тармагында ири коррупция жатканын белгиледи. Талкууда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорундагы терминдерге так аныктама берүү керектигин белгилешсе, энергетика тармагындагы эксперттер электр кубатынын керектөөчүгө жеткирүүдөгү ортомчу компаниялардын ишмердүүлүгүн сындап, коррупциялык жагдайлар, тариф саясаты жана башка маселелерге өз сунуштарын беришти. Айрым эксперттер учурдагы ГЭСтер жана ЖЭБдерди модернизациялоо менен муктаждыктарды жабууга болорун айтышты.
Бишкекте 15-мартта “Кыргыз Республикасынын электр энергетикасы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев экономиканы өнүктүрүүдө инвесторлорду кызыктыруучу артыкчылык: арзан эмгек күчү, либералдуу мыйзамдар жана арзан электр кубаты экенин белгилеп, бирок аталган артыкчылыктар, тескерисинче, тоскоолдукка айланганын билдирди. Депутат, биринчиден, электр энергиясынын дефицити чоң экенин, экинчиден, натыйжасыз пайдалануу болуп жатканын, үчүнчүдөн, энергетика тармагында ири коррупция жатканын белгиледи. Талкууда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорундагы терминдерге так аныктама берүү керектигин белгилешсе, энергетика тармагындагы эксперттер электр кубатынын керектөөчүгө жеткирүүдөгү ортомчу компаниялардын ишмердүүлүгүн сындап, коррупциялык жагдайлар, тариф саясаты жана башка маселелерге өз сунуштарын беришти.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141643
2016-03-15
ky
Борбордогу дүкөндөрдөн жалпы суммасы 4,5 миң сомду түзгөн шоколаддарды уурдоого шектелип 43 жаштагы жаран кармалды
Борбордогу дүкөндөрдөн жалпы суммасы 4,5 миң сомду түзгөн шоколаддарды уурдоого шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 16:10 чамасында белгисиз адамдар соода борборлорунун биринен 2390 сомго бааланган шоколаддарды уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 43 жаштагы У.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу башка уурулук фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбордогу дүкөндөрдөн жалпы суммасы 4,5 миң сомду түзгөн шоколаддарды уурдоого шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 16:10 чамасында белгисиз адамдар соода борборлорунун биринен 2390 сомго бааланган шоколаддарды уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 43 жаштагы У.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу башка уурулук фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141637
2016-03-15
ky
Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 39 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын ноябрь айында анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 95 700 сомго бааланган зер буюмдарын алып, акчасын бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 39 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын ноябрь айында анын чала таанышы ишенимине кирүү менен 95 700 сомго бааланган зер буюмдарын алып, акчасын бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141641
2016-03-15
ky
Депутаттар өлкө аймагында лотерея ишине тыюу салганы жатышат
Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 15-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагында лотерея ишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Демилгечи депутаттардын бири Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, лотерея ойнотуу утуштун белгисиздигинен улам жарандарда кумарды пайда кылат, анын негизинде кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн керектөөчүлөрдө көз карандылык пайда болот. "Ошондуктан калктын ден соолугу менен каржылык туруктуулугун жана лотереялык иштен түшкөн салыктарды бир таразага коюуга болбойт. Мындан тышкары лотерея иши жарандардын, өзгөчө өсүп келаткан муундун адептүүлүгүнө, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирет. Алар социалдык мааниге ээ болгондуктан, коомдун өнүгүшүнүн азыркы этабында жана лотерея иши жагынан түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен киргизилип жаткан тыюу салууну актай алат" ,- деди демилгечи. Талкуунун жыйынтыгында бул демилге колдоо таап, 1-окууда жактырылды.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 15-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагында лотерея ишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Демилгечи депутаттардын бири Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, лотерея ойнотуу утуштун белгисиздигинен улам жарандарда кумарды пайда кылат, анын негизинде кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн керектөөчүлөрдө көз карандылык пайда болот. "Ошондуктан калктын ден соолугу менен каржылык туруктуулугун жана лотереялык иштен түшкөн салыктарды бир таразага коюуга болбойт. Мындан тышкары лотерея иши жарандардын, өзгөчө өсүп келаткан муундун адептүүлүгүнө, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирет. Алар социалдык мааниге ээ болгондуктан, коомдун өнүгүшүнүн азыркы этабында жана лотерея иши жагынан түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен киргизилип жаткан тыюу салууну актай алат" ,- деди демилгечи.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141636
2016-03-15
ky
Китепке сый жоголду: Аалы Токомбаевдин китеби арзыбаган акчага сатылып, "Курманбек баатыр" кумда "оонап жатат" (фоторепортаж)
Эгемендүүлүк алган жылдан тарта элдин жашоо шарты өзгөрүп келет. Бүгүнкү күндө соода-сатык күч алып, акчага сатылбаган нерселер өтө аз болуп калды. Алардын катарын эски кийимдерди, эски китептерди, эски буюмдарды сатып күн көргөндөр толуктайт. SUPER.KG порталы эски китептердин кор болуп, арзыбаган акчага сатылып жатканы тууралуу чакан макаланы сунуштайт. Макалага көз салып, китептин коомчулуктагы орду, ролу канчалык өзгөрүп жатканын, аларга болгон баанын түшүп кеткенин баамдап аласыз. ОТКО ЖАККАНЧА АЗ ДА БОЛСО ПУЛ БОЛСУН... Эски китептер Бишкектин бир катар аймактарында жол боюна коюлуп сатылып жатат. Ошондой эле базарлардын тегерегинен да жолуктурууга болот. Сатуучулар бул китептер элден сатылып алынарын айтышты. Алар китептерди түрдүү жолдор менен топтошот. Мисалы, "эски китептерди сатып алабыз" деген мааниде жарыя беришет (издегенибиз менен, андай жарыяларды таап, сүрөткө түшүрө алган жокпуз). Сатуучулар эски китептерди арзан баада элден сатып алып, үстүнө баа кошуп сатышат. Мисалы, "Ош базардын" өйдө жагында сатылган китептердин (сүрөттө) баары элден чогултулган. Баалары тууралуу кызыгып сурап көргөнүбүздө, бул жерде 1 китепке болгон баа 15-20 сомдон башталып, эң жогорку баа 300-400 сомго чейин жетери маалым болду. Кеңештер тууралуу жазылган китептер, кыргыз тилиндеги китептер көбүнчө кымбат баага сатылат. Чынында, бул китептерди сатып алуучулар бар. Ошол себептүү көчөдө сатылып жатат. Көчөдө китеп саткандардын бактысына жараша, учурда көптөр Бишкектен Орусияга көчүп кетишүүдө. Алардын көбү орус улутундагы жарандар. Алар 20-30 жыл топтогон китептерин сатып жиберишет. Буга катар үйдө керексиз болуп калган эски китептер, макулатурага өткөрүлгөн китептер да бир канча жолду басып, минтип сатыкка чыгып жатат. Коомдо "үйдө китеп жөн эле турат, отко жакканча сатып жиберели" деп ойлонгондор аз эмес. КЭЭ БИРӨӨЛӨРГӨ ЗАР БОЛГОН КИТЕП, БИРӨӨЛӨРГӨ КОР БОЛГОН КИТЕП Күнүнө 50гө жакын китептин сатылганы китеп саткандардын ишин "өлтүрбөйт". Сатып алуучулар дайыма бар. Бул китептер кимге керек? Окуу жайдын китепканасынан издеген китебин таба албаган студенткеби? Үйдө жатып эриккен пенсионергеби? Кардар күткөн таксинин айдоочуларынабы? Бул китептерге "куда түшкөндөрдүн" көбү пенсионерлер жана студенттер. Айрым студенттер "кереги тийип калат" деген ой менен сатып алышат. Ал эми жашында китеп окуп көнгөн пенсионерлер да китеп жайылган жерден кыя өтүшпөйт. ЗАЛКАРЛАРДЫН "ЖЕР КУЧАКТАГАН" КИТЕПТЕРИ Андагы китептердин көбү кем дегенде 25 жыл мурун басылган. Мазмундарына токтолсок, бул жерден ден соолук, спорт, кеңештер тууралуу жазылган адабияттарды, илимий китептерди тапса болот. Алардын арасында кыргыз мамлекетинин тарыхы, маданияты тууралуу жазылган китептер, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов сыяктуу алп акын-жазуучулардын китептери дароо эле көзгө көрүнөт. Бирок аларга болгон баанын 2 орундуу сандардан турары адабият сүйүүчүлөрүн бушайман кылат. "Курманбек баатыр" эпосу мектеп программасына киргизилип, жаш муунду баатырдыкка, эр жүрөктүүлүккө, эл-жерди коргоо үчүн кан-жаны калганга чейин күрөшүүгө үндөп келебиз. Бирок Курманбектин минтип "кумда жатканын", арзыбаган пулга бааланганын көптөр кечирбес эле. Акыркы 10 жылдагы акындарыбыздын чыгармалары топтолгон антология, өлкөнүн тарыхы жазылган китептер Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде сатылып жатат. Анархан Садыкулова, китеп дүкөнүнүн жетекчиси: "ЖАКШЫ КИТЕПКЕ БОЛГОН БАА КЫЛЫМ ӨТСӨ ДА ТҮШПӨЙТ" - Көчөдө китеп саткандар китепке, адабиятка болгон сыйынын төмөндүгүн көрсөтүп, жазуучуларды кемсинтип жатышат десек болот. Китеп аздектеген кишилер мындай кадамга барбайт эле. Эч болбосо атайын стол коюп алып сатышса болмок. 1970-жылдан кийин китеп сатып алуу модага айланып, ошондо эл көп китеп алган. Мына эми алардын кереги жок деп, көчөгө жайнатып чыгарып коюшту. Арасында сонун китептер бар. Китептердин минтип кордолуп сатылышына, албетте, каршымын. Өкмөт китеп топтогон үй ачып же китеп саткан жай ачып бербесе болбойт. Тарых жана маданият жылында ушундай маселелерге да көңүл бурулушу керек. P.S. Сүрөттөр Совет - Москва, Совет - Киев, Москва - Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиштеринде жана "Ош базарынын" өйдө жагындагы жайма базардын аймагында тартылды.
Эгемендүүлүк алган жылдан тарта элдин жашоо шарты өзгөрүп келет. Бүгүнкү күндө соода-сатык күч алып, акчага сатылбаган нерселер өтө аз болуп калды. Алардын катарын эски кийимдерди, эски китептерди, эски буюмдарды сатып күн көргөндөр толуктайт. порталы эски китептердин кор болуп, арзыбаган акчага сатылып жатканы тууралуу чакан макаланы сунуштайт. Макалага көз салып, китептин коомчулуктагы орду, ролу канчалык өзгөрүп жатканын, аларга болгон баанын түшүп кеткенин баамдап аласыз. ОТКО ЖАККАНЧА АЗ ДА БОЛСО ПУЛ БОЛСУН... Эски китептер Бишкектин бир катар аймактарында жол боюна коюлуп сатылып жатат. Ошондой эле базарлардын тегерегинен да жолуктурууга болот. Сатуучулар бул китептер элден сатылып алынарын айтышты. Алар китептерди түрдүү жолдор менен топтошот. Мисалы, "эски китептерди сатып алабыз" деген мааниде жарыя беришет (издегенибиз менен, андай жарыяларды таап, сүрөткө түшүрө алган жокпуз). Сатуучулар эски китептерди арзан баада элден сатып алып, үстүнө баа кошуп сатышат. Мисалы, "Ош базардын" өйдө жагында сатылган китептердин (сүрөттө) баары элден чогултулган. Баалары тууралуу кызыгып сурап көргөнүбүздө, бул жерде 1 китепке болгон баа 15-20 сомдон башталып, эң жогорку баа 300-400 сомго чейин жетери маалым болду. Кеңештер тууралуу жазылган китептер, кыргыз тилиндеги китептер көбүнчө кымбат баага сатылат. Чынында, бул китептерди сатып алуучулар бар. Ошол себептүү көчөдө сатылып жатат. Көчөдө китеп саткандардын бактысына жараша, учурда көптөр Бишкектен Орусияга көчүп кетишүүдө. Алардын көбү орус улутундагы жарандар. Алар 20-30 жыл топтогон китептерин сатып жиберишет. Буга катар үйдө керексиз болуп калган эски китептер, макулатурага өткөрүлгөн китептер да бир канча жолду басып, минтип сатыкка чыгып жатат. Коомдо "үйдө китеп жөн эле турат, отко жакканча сатып жиберели" деп ойлонгондор аз эмес. КЭЭ БИРӨӨЛӨРГӨ ЗАР БОЛГОН КИТЕП, БИРӨӨЛӨРГӨ КОР БОЛГОН КИТЕП Күнүнө 50гө жакын китептин сатылганы китеп саткандардын ишин "өлтүрбөйт". Сатып алуучулар дайыма бар. Бул китептер кимге керек? Окуу жайдын китепканасынан издеген китебин таба албаган студенткеби? Үйдө жатып эриккен пенсионергеби? Кардар күткөн таксинин айдоочуларынабы? Бул китептерге "куда түшкөндөрдүн" көбү пенсионерлер жана студенттер. Айрым студенттер "кереги тийип калат" деген ой менен сатып алышат. Ал эми жашында китеп окуп көнгөн пенсионерлер да китеп жайылган жерден кыя өтүшпөйт. ЗАЛКАРЛАРДЫН "ЖЕР КУЧАКТАГАН" КИТЕПТЕРИ Андагы китептердин көбү кем дегенде 25 жыл мурун басылган. Мазмундарына токтолсок, бул жерден ден соолук, спорт, кеңештер тууралуу жазылган адабияттарды, илимий китептерди тапса болот. Алардын арасында кыргыз мамлекетинин тарыхы, маданияты тууралуу жазылган китептер, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов сыяктуу алп акын-жазуучулардын китептери дароо эле көзгө көрүнөт. Бирок аларга болгон баанын 2 орундуу сандардан турары адабият сүйүүчүлөрүн бушайман кылат. "Курманбек баатыр" эпосу мектеп программасына киргизилип, жаш муунду баатырдыкка, эр жүрөктүүлүккө, эл-жерди коргоо үчүн кан-жаны калганга чейин күрөшүүгө үндөп келебиз. Бирок Курманбектин минтип "кумда жатканын", арзыбаган пулга бааланганын көптөр кечирбес эле. Акыркы 10 жылдагы акындарыбыздын чыгармалары топтолгон антология, өлкөнүн тарыхы жазылган китептер Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде сатылып жатат. Анархан Садыкулова, китеп дүкөнүнүн жетекчиси: "ЖАКШЫ КИТЕПКЕ БОЛГОН БАА КЫЛЫМ ӨТСӨ ДА ТҮШПӨЙТ" - Көчөдө китеп саткандар китепке, адабиятка болгон сыйынын төмөндүгүн көрсөтүп, жазуучуларды кемсинтип жатышат десек болот. Китеп аздектеген кишилер мындай кадамга барбайт эле. Эч болбосо атайын стол коюп алып сатышса болмок. 1970-жылдан кийин китеп сатып алуу модага айланып, ошондо эл көп китеп алган. Мына эми алардын кереги жок деп, көчөгө жайнатып чыгарып коюшту. Арасында сонун китептер бар. Китептердин минтип кордолуп сатылышына, албетте, каршымын. Өкмөт китеп топтогон үй ачып же китеп саткан жай ачып бербесе болбойт. Тарых жана маданият жылында ушундай маселелерге да көңүл бурулушу керек.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/140075
2016-03-15
ky
Орусиянын Стерлитамак шаарындагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок
Алдын ала маалыматка караганда, Орусиянын Стерлитамак шаарындагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу 15-мартта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен аталган шаардагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Өрттү өчүрүп бүткөн соң ичинен эки аял жана он эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгондор КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар экени да айтылууда.
Алдын ала маалыматка караганда, Орусиянын Стерлитамак шаарындагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу 15-мартта порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен аталган шаардагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Өрттү өчүрүп бүткөн соң ичинен эки аял жана он эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141633
2016-03-15
ky
Ирландияда тюлень ресторанга дайыма келчү "конокко" айланды
Ирландиядагы ресторандардын биринде тюлень дайыма келчү "кардарга" айланды. Уиклоу шаарындагы жээкте жайгашкан балык даярдалчу ресторан жергиликтүү тургундардын жана туристтердин көңүлүн бурган. Бул мекеменин иштешинде эмес, ал жерге өзгөчө кардардын келишинен улам болгон. Себеби бул жайга тамактануу үчүн күн сайын тюлень келип кетет. Бул тууралуу "Russian.rt.com" сайты 13-мартта жазып чыкты. Бул жайга жетип келүү тюленге кыйынчылык деле жаратпайт. Болгону суудан чыгып, унаалар аз өткөн жолду кесип өтүүсү гана керек. Ачка жана өжөр тюлень балык жеш үчүн бул жайга күнүнө бир нече ирет келип кетет. Сүрөттөн мындай "кардардан" тажаган ресторан кызматкеринин аны кетирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Ал эми видеосу интернетте кызуу талкууну жаратты.
Ирландиядагы ресторандардын биринде тюлень дайыма келчү "кардарга" айланды. Уиклоу шаарындагы жээкте жайгашкан балык даярдалчу ресторан жергиликтүү тургундардын жана туристтердин көңүлүн бурган. Бул мекеменин иштешинде эмес, ал жерге өзгөчө кардардын келишинен улам болгон. Себеби бул жайга тамактануу үчүн күн сайын тюлень келип кетет. Бул тууралуу " сайты 13-мартта жазып чыкты. Бул жайга жетип келүү тюленге кыйынчылык деле жаратпайт. Болгону суудан чыгып, унаалар аз өткөн жолду кесип өтүүсү гана керек. Ачка жана өжөр тюлень балык жеш үчүн бул жайга күнүнө бир нече ирет келип кетет. Сүрөттөн мындай "кардардан" тажаган ресторан кызматкеринин аны кетирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/141631
2016-03-15
ky
4 жылда кыргыз жеринен Түштүк Кореяга 2199 жаран келишимдин негизинде иштөөгө кеткен
2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынан Түштүк Кореяга барчу жарандар корей тили боюнча тесттен өтүшүүдө. 4 жылдан бери жарандардан 10 жолу тест алынганын Миграция боюнча мамлекеттик кызмат бүгүн, 15-мартта билдирди. Тест тапшырууга жалпы 10 331 адам катышып, анын 5417си өткөн. Мунун ичинен 2761 жаранга аталган өлкөдө иштөө келишими түшүп, 2199у келишимдин негизинде иштегени кеткени айтылат маалыматта. Кореяда иштөөнү каалаган жарандарга негизги талаптар: Жаш курагы 18-39 жаш; Корей тилинен тестти ийгиликтүү тапшыруусу; Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалым кат; Мурда депортацияланбаганы жана соттолбогондугу.
2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынан Түштүк Кореяга барчу жарандар корей тили боюнча тесттен өтүшүүдө. 4 жылдан бери жарандардан 10 жолу тест алынганын Миграция боюнча мамлекеттик кызмат бүгүн, 15-мартта билдирди. Тест тапшырууга жалпы 10 331 адам катышып, анын 5417си өткөн. Мунун ичинен 2761 жаранга аталган өлкөдө иштөө келишими түшүп, 2199у келишимдин негизинде иштегени кеткени айтылат маалыматта. Кореяда иштөөнү каалаган жарандарга негизги талаптар: Жаш курагы 18-39 жаш; Корей тилинен тестти ийгиликтүү тапшыруусу; Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалым кат;
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141629
2016-03-15
ky
Өлкөдө экстремисттер жана террористтер башка кылмышкерлерден бөлөк абакта кармалышы күтүлүүдө
Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгондорду башка соттолгондордон бөлүп кармоо боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, экстремизм жана анын бир топ коркунучтуу формасы – терроризм мамлекеттик жана коомдук иштердин бардык тармактарына кирип кетүүгө жөндөмдүү болгон эл аралык уюшкан кылмыштуулуктун түрүнө айланды. "Экстремисттик диний агымдарды камтыган адамдар жана террористтик кылмыштары үчүн соттолгондор эркинен ажыратылган жайларда өзгөчө активдүүлүк көрсөтүшөт. Бир жагынан өздөрүнүн жүрүм-туруму менен соттолгондордун негизги тобуна каршы туруп, оор кылмышка алып келүүчү этностор аралык чыр-чатактарды жаратып турушат. Экинчи жагынан билим деңгээли жогору болуп, экстремисттик багыттын өкүлдөрү радикалдуу идеологиясы менен камактагылардын көбүн тартып кетүүгө жөндөмдүү келишет. Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор укук бузуу чакырыктарына үгүттөөгө шыктуу жакшы психолог болушат" ,- деди өкмөт өкүлү. Аталган мыйзам долбоорунда экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгондорду башка соттолгондордон бөлүп кармоо сунушталат. Ошону менен бирге Жазык-аткаруу кодексинин ченемдеринде эркинен ажыратууга соттолгондордун жазасын өтөө үчүн жалпы, катуу, күчөтүлгөн жана өзгөчө режимдердеги түзөтүү мекемелери белгиленген. Комитеттин мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты. Эми бул документ парламентте жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгондорду башка соттолгондордон бөлүп кармоо боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, экстремизм жана анын бир топ коркунучтуу формасы – терроризм мамлекеттик жана коомдук иштердин бардык тармактарына кирип кетүүгө жөндөмдүү болгон эл аралык уюшкан кылмыштуулуктун түрүнө айланды. "Экстремисттик диний агымдарды камтыган адамдар жана террористтик кылмыштары үчүн соттолгондор эркинен ажыратылган жайларда өзгөчө активдүүлүк көрсөтүшөт. Бир жагынан өздөрүнүн жүрүм-туруму менен соттолгондордун негизги тобуна каршы туруп, оор кылмышка алып келүүчү этностор аралык чыр-чатактарды жаратып турушат. Экинчи жагынан билим деңгээли жогору болуп, экстремисттик багыттын өкүлдөрү радикалдуу идеологиясы менен камактагылардын көбүн тартып кетүүгө жөндөмдүү келишет. Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор укук бузуу чакырыктарына үгүттөөгө шыктуу жакшы психолог болушат" ,- деди өкмөт өкүлү. Аталган мыйзам долбоорунда экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн соттолгондорду башка соттолгондордон бөлүп кармоо сунушталат. Ошону менен бирге Жазык-аткаруу кодексинин ченемдеринде эркинен ажыратууга соттолгондордун жазасын өтөө үчүн жалпы, катуу, күчөтүлгөн жана өзгөчө режимдердеги түзөтүү мекемелери белгиленген. Комитеттин мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141634
2016-03-15
ky
Чүйдө "айылдашын таш менен уруп, бир көзүн көр кылып койгон" деген шек менен кармалган жаран 6 жылга камалды
Чүйдө "айылдашын таш менен уруп, бир көзүн көр кылып койгон" деген шек менен кармалган жаран 6 жылга камалды. Бул тууралуу 15-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 2015-жылдын 4-июлунда саат 22:00 чамасында 31 жаштагы М.К. аттуу жаран мас абалында Жайыл районунун Кара-Суу айылында жайгашкан дүкөндүн жанынан айылдашы Ш.Д. менен уруша кеткен. Урушуп жатып М.К. таш менен досунун оң көзүнө уруп жиберген. Натыйжада жабырлануучу оң көзүнүн көрүүсүнөн ажыраган. Бул факт боюнча “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары М.К. атуу жаран кармалган. 2015-жылдын 14-октябрында Жайыл райондук сотунун өкүмү менен кылмышка шектүү жаран күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин шарттуу соттоо негизинде жаза өтөөсү шарттуу деп эсептелип, эки жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Өкүмгө макул болбогон жабырлануучунун жактоочусу кассациялык арызы менен Чүй облустук сотуна кайрылган. 2016-жылдын 3-февралында Чүй облусунун соттук коллегиясы иштин жагдайларын карап, тараптардын ой-пикирлерин угуп, Жайыл райондук сотунун өкүмүн бузуп, "жазык иши ошол эле сотко жаңыдан кароого жөнөтүлсүн" деп аныктаган.
Чүйдө "айылдашын таш менен уруп, бир көзүн көр кылып койгон" деген шек менен кармалган жаран 6 жылга камалды. Бул тууралуу 15-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 2015-жылдын 4-июлунда саат 22:00 чамасында 31 жаштагы М.К. аттуу жаран мас абалында Жайыл районунун Кара-Суу айылында жайгашкан дүкөндүн жанынан айылдашы Ш.Д. менен уруша кеткен. Урушуп жатып М.К. таш менен досунун оң көзүнө уруп жиберген. Натыйжада жабырлануучу оң көзүнүн көрүүсүнөн ажыраган. Бул факт боюнча “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары М.К. атуу жаран кармалган. 2015-жылдын 14-октябрында Жайыл райондук сотунун өкүмү менен кылмышка шектүү жаран күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин шарттуу соттоо негизинде жаза өтөөсү шарттуу деп эсептелип, эки жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Өкүмгө макул болбогон жабырлануучунун жактоочусу кассациялык арызы менен Чүй облустук сотуна кайрылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141625
2016-03-15
ky
Бишкекте эки улгайган адамды унаа сүзүп кетти. Анын бири 95 жаштагы кемпир
“Тез жардам” кызматынан билдиришкендей, 14-март күнү Бишкекте 5 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки улгайган адам оор жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Маалым болгондой, саат 12:42 чамасында Бишкектин Совет чолок көчөсүндө айдоочу 95 жаштагы кемпирди унаасы менен сүзүп кеткен. Ал көптөгөн оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Ошондой эле болжол менен саат 8:14тө Абдрахманов көчөсүндө болгон жол кырсыгынан 63 жаштагы адам көптөгөн жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.
“Тез жардам” кызматынан билдиришкендей, 14-март күнү Бишкекте 5 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки улгайган адам оор жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Маалым болгондой, саат 12:42 чамасында Бишкектин Совет чолок көчөсүндө айдоочу 95 жаштагы кемпирди унаасы менен сүзүп кеткен. Ал көптөгөн оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141615
2016-03-15
ky
Бишкекте АИ-92 бензининин баасы 31,8 сомго түштү
Бишкек шаарында бензиндин баасы арзандады. 2016-жылдын 15-мартына карата борбор шаардагы автоунааларга май куюучу жайларда баалар мындай: АИ-95 - 35 сом 50 тыйын ; АИ-92 - 31 сом 80 тыйын ; АИ-80 - 28 сом 00 тыйын ; Дизель майы - 28 сом 00 тыйын. Автоунаага май куюучу айрым жайларда (АЗС) баалар салыштырмалуу жогору. Мисалы: АИ-95 - 36 сом 00 тыйын ; АИ-92 - 32 сом 50 тыйын ; АИ-80 - 29 сом 00 тыйын ; Дизель майы - 29 сом 00 тыйын . Белгилей кетсек, акыркы 1 айдан бери күйүүчү майдын баалары туруктуу кармалып турган. Аймактарда баалар бир топ жогору.
Бишкек шаарында бензиндин баасы арзандады. 2016-жылдын 15-мартына карата борбор шаардагы автоунааларга май куюучу жайларда баалар мындай: АИ-95 - 35 сом 50 тыйын ; Автоунаага май куюучу айрым жайларда (АЗС) баалар салыштырмалуу жогору. Мисалы: АИ-95 - 36 сом 00 тыйын ; Белгилей кетсек, акыркы 1 айдан бери күйүүчү майдын баалары туруктуу кармалып турган.
Коом жана турмуш
true
https://www.super.kg/kabar/news/141627
2016-03-15
ky
Каржы министрлиги: Орточо айлык учурда 13 190 сом
Республикада 2016-жылдын январына карата орточо айлыктын суммасы 13 190 сомду түздү. Каржы министрлигинен 15-мартта билдиргендей, аталган сумма 2016-жылдын январына салыштырмалуу 10,8 пайызга көп. Ал эми мамлекеттеги жумушсуздардын саны 3 пайызга азайганы айтылат маалыматта. Мисалы, быйылкы жылдын февралында расмий катталган жумушсуздардын саны 57,4 миңди түзгөн. "Тышкы соода жүгүртүү 2016-жылдын январында 316,4 миллион долларды түзүп, 2015-жылдын январына салыштырмалуу 26,9 пайызга азайды. Мунун ичинде экспорт 88 миллион долларды, импорт 228,4 миллион долларды түздү", - деп билдирди министрлик.
Республикада 2016-жылдын январына карата орточо айлыктын суммасы 13 190 сомду түздү. Каржы министрлигинен 15-мартта билдиргендей, аталган сумма 2016-жылдын январына салыштырмалуу 10,8 пайызга көп. Ал эми мамлекеттеги жумушсуздардын саны 3 пайызга азайганы айтылат маалыматта. Мисалы, быйылкы жылдын февралында расмий катталган жумушсуздардын саны 57,4 миңди түзгөн. "Тышкы соода жүгүртүү 2016-жылдын январында 316,4 миллион долларды түзүп, 2015-жылдын январына салыштырмалуу 26,9 пайызга азайды.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141621
2016-03-15
ky
"Тынчтык миссиясы-2016" штабдык сүйлөшүүлөрдүн 2-бөлүгү башталды
Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдык борборунун базасында Шанхай Кызматташтык Уюмунун "Тынчтык миссиясы-2016" биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык машыгууларына даярдык боюнча Казакстандын, Кытайдын, кыргыз өлкөсүнүн, Орусиянын жана Тажикстандын коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышкан штабдык сүйлөшүүлөрдүн 2-бөлүгү башталды. Бул тууралуу Башкы штабдын Басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, күндөлүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аскер эксперттери ШКУнун "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун болжолдуу аракеттерин жана ар тараптуу камсыз кылуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн чегинде ошондой эле меймандарга алдыдагы машыгуу өткөрүлө турган аймак тааныштырылат. Штабдык сүйлөшүүлөр 2016-жылдын 17-мартында жыйынтык протоколго аскердик делегациялардын башчыларынын кол коюусу менен аяктайт. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2016-жылга күжүрмөн даярдыгынын планына ылайык жана жетишилген келишимдердин негизинде КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 20636-аскер бөлүгүнүн базасында быйылкы жылдын 5-сентябрынан 13-сентябрына чейин биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусу өткөрүлөт. Ага ШКУга катышуучу-мамлекеттердин аскер контингентинин катышуусу күтүлүүдө.
Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдык борборунун базасында Шанхай Кызматташтык Уюмунун "Тынчтык миссиясы-2016" биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык машыгууларына даярдык боюнча Казакстандын, Кытайдын, кыргыз өлкөсүнүн, Орусиянын жана Тажикстандын коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышкан штабдык сүйлөшүүлөрдүн 2-бөлүгү башталды. Бул тууралуу Башкы штабдын Басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, күндөлүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аскер эксперттери ШКУнун "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун болжолдуу аракеттерин жана ар тараптуу камсыз кылуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн чегинде ошондой эле меймандарга алдыдагы машыгуу өткөрүлө турган аймак тааныштырылат. Штабдык сүйлөшүүлөр 2016-жылдын 17-мартында жыйынтык протоколго аскердик делегациялардын башчыларынын кол коюусу менен аяктайт. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2016-жылга күжүрмөн даярдыгынын планына ылайык жана жетишилген келишимдердин негизинде КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 20636-аскер бөлүгүнүн базасында быйылкы жылдын 5-сентябрынан 13-сентябрына чейин биргелешкен аскердик антитеррордук командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусу өткөрүлөт.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141617
2016-03-15
ky
Президент башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Мамлекет башчыга укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын азыркы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Жолдубаева өлкөдө ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан аракеттер, коррупция менен күрөшүүгө багытталган негизги иштер тууралуу да айтып берди. Алмазбек Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо жана мамлекет алдындагы милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдардын сакталышы маанилүү экенин белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Мамлекет башчыга укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын азыркы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Жолдубаева өлкөдө ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан аракеттер, коррупция менен күрөшүүгө багытталган негизги иштер тууралуу да айтып берди.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141619
2016-03-15
ky
Гоби чөлүндө 1115 төө катышкан жарыш дүйнөлүк рекорд койду
Гоби чөлүндө (Монголия жана Кытайдын аймагында) төөлөрдүн дүйнөдөгү ири жарышы болуп өттү. 1115 төө катышкан бул окуя "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Бул тууралуу кечээ, 14-мартта "Asia Russia Daily" басылмасы жазып чыкты. Катышуучулар 15 чакырымды басып өтүүлөрү керек болгон. Алгачкы жеңүүчү марага 35 мүнөт 12 секунда өткөндө келген. 1108-катышуучу старт берилгенден 68 мүнөт өткөндөн кийин эң акыркы болуп келип, жарыш жыйынтыкталган. Фестиваль 7-мартта "Монгол төөсү-999" иш-чарасынын алкагында өткөн. Анын демилгечилери "Түмэн тэмээ" төө менен саякаттоо ассоциациясы жана Монголиянын жаштар уюму болгон. "Финалдык марага жеткен 1108 төө катышкан жарыш ири жарыштардын бири болуп саналат. Андыктан "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Фестиваль учурунда туулган бото да жакшылыктын жышаанын берет",- дешет уюштуруучулар. Мурдагы дүйнөлүк рекорд Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономдук районунда катталган. Анда 550 төө катышкан жарыш болгон.
Гоби чөлүндө (Монголия жана Кытайдын аймагында) төөлөрдүн дүйнөдөгү ири жарышы болуп өттү. 1115 төө катышкан бул окуя "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Бул тууралуу кечээ, 14-мартта "Asia Russia Daily" басылмасы жазып чыкты. Катышуучулар 15 чакырымды басып өтүүлөрү керек болгон. Алгачкы жеңүүчү марага 35 мүнөт 12 секунда өткөндө келген. 1108-катышуучу старт берилгенден 68 мүнөт өткөндөн кийин эң акыркы болуп келип, жарыш жыйынтыкталган. Фестиваль 7-мартта "Монгол төөсү-999" иш-чарасынын алкагында өткөн. Анын демилгечилери "Түмэн тэмээ" төө менен саякаттоо ассоциациясы жана Монголиянын жаштар уюму болгон. "Финалдык марага жеткен 1108 төө катышкан жарыш ири жарыштардын бири болуп саналат. Андыктан "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Фестиваль учурунда туулган бото да жакшылыктын жышаанын берет",- дешет уюштуруучулар. Мурдагы дүйнөлүк рекорд Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономдук районунда катталган.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/141599
2016-03-15
ky
Орусия. Турак жай өрттөнүп, 12 адам каза тапты, арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги белгисиз
Орусиянын Стерлитамак шаарындагы турак жайлардын бири өрттөнүп, 12 адам каза тапты, арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен саат 05:10 чамасында Тукаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Өрттөнүп кеткен үйдүн ичинен 12 адамдын жансыз денеси табылган. Учурда окуя болгон жерде эксперттик-криминалисттик лабораториянын кызматкерлери иш алып барып, каза болгондордун өздүгүн жана өрт эмне себептен улам чыкканын аныктап жатышат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөнүп кеткен үй 31 жана 53 жаштагы эки адамга тийиштүү.
Орусиянын Стерлитамак шаарындагы турак жайлардын бири өрттөнүп, 12 адам каза тапты, арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен саат 05:10 чамасында Тукаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Өрттөнүп кеткен үйдүн ичинен 12 адамдын жансыз денеси табылган. Учурда окуя болгон жерде эксперттик-криминалисттик лабораториянын кызматкерлери иш алып барып, каза болгондордун өздүгүн жана өрт эмне себептен улам чыкканын аныктап жатышат.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141609
2016-03-15
ky
2 айда өлкөдөгү дыйкандарга 374 миллион сом жеңилдетилген насыя берилгени айтылды
2 айда өлкөдөгү дыйкандарга 374 миллион 536 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинин билдиришинче, "Айыл чарбаны каржылоо – 4" долбоорунун алкагында берилген насыя 971 айылдык товар өндүрүүчүнүн колуна тийди. Долбоордун негизинде товар өндүрүүчүлөргө берилген насыянын шарттары: - пайыздык чен – жылына 10 пайыз; - кайтаруу мөөнөтү – 3 жылга чейин; - карыздын негизги суммасын жабууга берилчү жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин; - жекече насыялар боюнча 100 миң сомго чейинки насыялык каражаттар күрөөсүз негизде 1 жылга чейинки мөөнөт менен берилиши мүмкүн. Насыялар негизинен мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын өндүрүү багытына берилет. Долбоор быйылкы жылды кошкондо 4 жылдан бери ишке ашырылып жатат.
2 айда өлкөдөгү дыйкандарга 374 миллион 536 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинин билдиришинче, "Айыл чарбаны каржылоо – 4" долбоорунун алкагында берилген насыя 971 айылдык товар өндүрүүчүнүн колуна тийди. Долбоордун негизинде товар өндүрүүчүлөргө берилген насыянын шарттары: - пайыздык чен – жылына 10 пайыз; - кайтаруу мөөнөтү – 3 жылга чейин; - карыздын негизги суммасын жабууга берилчү жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин; - жекече насыялар боюнча 100 миң сомго чейинки насыялык каражаттар күрөөсүз негизде 1 жылга чейинки мөөнөт менен берилиши мүмкүн. Насыялар негизинен мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын өндүрүү багытына берилет.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141613
2016-03-15
ky
Быйыл өлкөдө миңдей мектеп интернетке кошулмакчы
Республикада быйыл "Акылдуу мектеп" программасынын алкагында 1000дей мектеп интернетке кошулат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевге шилтеме берүү менен өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт жетекчиси заман чакырыктары күчөп, билим берүүнүн сапаты актуалдуу темага айланганын айтты. "Электрондук билим берүүгө өткөндөн кийин ар бир окуучу планшет менен камсыздалат. Муну менен окуучу убактысынын 60 пайызын үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Бул максатка бюджеттен каражат каралган, 2016-жылы миңдей мектепти интернетке кошобуз. Кийинки жылы калган мектептерди кошуу пландалууда", - дейт Сариев. Изилдөөлөргө ылайык, окуучу убактысынын 12 пайызын материалды окууга, 30 пайызын китеп издөөгө, 30 пайызы китептерди барактоого, калган убактысы көчүрүп жазууга кетери аныкталганын кошумчалады премьер-министр.
Республикада быйыл "Акылдуу мектеп" программасынын алкагында 1000дей мектеп интернетке кошулат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевге шилтеме берүү менен өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт жетекчиси заман чакырыктары күчөп, билим берүүнүн сапаты актуалдуу темага айланганын айтты. "Электрондук билим берүүгө өткөндөн кийин ар бир окуучу планшет менен камсыздалат. Муну менен окуучу убактысынын 60 пайызын үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Бул максатка бюджеттен каражат каралган, 2016-жылы миңдей мектепти интернетке кошобуз. Кийинки жылы калган мектептерди кошуу пландалууда", - дейт Сариев.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141611
2016-03-15
ky
Бишкек шаарында уруштан улам жаш жигит 69 жаштагы адамды бөтөлкөнүн сыныгы менен сайып салды
Бишкек шаарында уруштан улам жаш жигит 69 жаштагы кишини бөтөлкөнүн сыныгы менен сайып салды. Оор жаракаттан улам ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-мартта саат 11:09 чамасында борбордогу Ставрополь көчөсүндө орун алган. Анда үйүнө бараткан 69 жаштагы шаар тургуну менен 3 жигиттин ортосунда уруш чыгып, алардын бири күч колдонуп, бөтөлкөнүн сыныгы менен кишинин ичине сайып салган. Жабырлануучу көп кан жоготуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, тез арада ооруканага жеткирилген.
Бишкек шаарында уруштан улам жаш жигит 69 жаштагы кишини бөтөлкөнүн сыныгы менен сайып салды. Оор жаракаттан улам ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-мартта саат 11:09 чамасында борбордогу Ставрополь көчөсүндө орун алган. Анда үйүнө бараткан 69 жаштагы шаар тургуну менен 3 жигиттин ортосунда уруш чыгып, алардын бири күч колдонуп, бөтөлкөнүн сыныгы менен кишинин ичине сайып салган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141603
2016-03-15
ky
Борбордогу акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылып, ок чыгарган жарандар табыла элек
Борбордогу "Ош базарында" жайгашкан акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылып, ок чыгарган жарандар табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. "Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда. Издөө иштери азырынча өз натыйжасын бере элек", - деди О.Казабаев. Айта кетсек, окуя 13-март күнү саат 08:30 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын жанында болгон. Анда акча алмаштыруучу жайга акча алып келаткандарга кол салуу болуп , Чүй облусунун М.Т. аттуу тургунунун колуна ок тийип, баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча материалдар чогултулуп, учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда.
Борбордогу "Ош базарында" жайгашкан акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылып, ок чыгарган жарандар табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. "Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда. Издөө иштери азырынча өз натыйжасын бере элек", - деди О.Казабаев. Айта кетсек, окуя 13-март күнү саат 08:30 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын жанында болгон. Анда акча алмаштыруучу жайга акча алып келаткандарга кол салуу болуп , Чүй облусунун М.Т. аттуу тургунунун колуна ок тийип, баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141607
2016-03-15
ky
Ошто эрте турмушка чыгуу көйгөйү талкууланууда
Никеге эрте тургандардын көйгөйүн чечүү жолдорун өзгөртүү зарыл. Муну вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 15-мартта парламенттин Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин Ош шаарында өтүп жаткан жыйынында билдирди. Вице-премьер никеге туруп, бирок каттоодон өтпөгөн жубайлардын жана эрте кош бойлуу болуунун социалдык-экономикалык кесепеттерин атады. "Көйгөйдүн кесепети менен алышпай, жалпы үй-бүлө институтун өнүктүрүү, үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө шарт түзүү зарыл. Өкмөт иштеп чыккан узак мөөнөттүү программада үй-бүлө социалдык коргоонун пассивдүү объекти гана эмес, коомду өнүктүрүүчү фактор катары каралууда. Ошондуктан программада үй-бүлөнү өнүктүрүүнүн экономикалык, маданий шарттары эске алынат", - деди Кудайбердиева.
Никеге эрте тургандардын көйгөйүн чечүү жолдорун өзгөртүү зарыл. Муну вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 15-мартта парламенттин Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин Ош шаарында өтүп жаткан жыйынында билдирди. Вице-премьер никеге туруп, бирок каттоодон өтпөгөн жубайлардын жана эрте кош бойлуу болуунун социалдык-экономикалык кесепеттерин атады. "Көйгөйдүн кесепети менен алышпай, жалпы үй-бүлө институтун өнүктүрүү, үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө шарт түзүү зарыл. Өкмөт иштеп чыккан узак мөөнөттүү программада үй-бүлө социалдык коргоонун пассивдүү объекти гана эмес, коомду өнүктүрүүчү фактор катары каралууда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141601
2016-03-15
ky
Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда турак жайдын 187 чарчы метр чатыры күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Ворошилов көчөсүндө жайгашкан турак жайдын аянты 187 чарчы метр, жыгач устундуу, темир жабылган чатыры, кир жуугуч машина, 10 чарчы метр пластик шыбы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Ворошилов көчөсүндө жайгашкан турак жайдын аянты 187 чарчы метр, жыгач устундуу, темир жабылган чатыры, кир жуугуч машина, 10 чарчы метр пластик шыбы күйүп кетти.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141583
2016-03-15
ky
Бишкекте жашы жете элек кызга тийиштүү үйдү күрөөгө коюп, насыя алганга жол берген райондук администрациянын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Борбордогу Ленин райондук администрациясынын социалдык бөлүмүнүн кызмат адамдары жашы жете элек кызга тийиштүү үйдү күрөөгө коюп, насыя алганга жол беришкени үчүн аларга карата кылмыш иши козголду. Муну 15-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган бөлүмдүн жогорку кызмат адамдары Балдар кодексинин талаптарын бузуу менен И.Д. аттуу аялга 300 миң сом насыя алууга жол беришкен. Тагыраак айтканда, И.Д. аттуу аял жашы жете элек кызына катталган үйдү күрөөгө коюп, насыяга 300 миң сом алган. Ал насыяны кызына тийиштүү үйдүн ичиндеги жашоо шартты оңдоо үчүн алып жатканын билдирген, бирок акча каражатын өз кызыкчылыгына жумшаганы аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Борбордогу Ленин райондук администрациясынын социалдык бөлүмүнүн кызмат адамдары жашы жете элек кызга тийиштүү үйдү күрөөгө коюп, насыя алганга жол беришкени үчүн аларга карата кылмыш иши козголду. Муну 15-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган бөлүмдүн жогорку кызмат адамдары Балдар кодексинин талаптарын бузуу менен И.Д. аттуу аялга 300 миң сом насыя алууга жол беришкен. Тагыраак айтканда, И.Д. аттуу аял жашы жете элек кызына катталган үйдү күрөөгө коюп, насыяга 300 миң сом алган. Ал насыяны кызына тийиштүү үйдүн ичиндеги жашоо шартты оңдоо үчүн алып жатканын билдирген, бирок акча каражатын өз кызыкчылыгына жумшаганы аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141585
2016-03-15
ky
Кыргыз жеринде француз тилин окуткан мугалимдерге жеңилдик түзүлүүдө
Бишкекте 14-мартта "Франкофония жумалыгынын" алкагында тегерек стол өтүп, жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Франция, Швейцария элчиликтеринин өкүлдөрү, өлкөдө француз тилинен сабак берген мугалимдер, ЖОЖ кызматкерлери катышты. Министрлик кабарлагандай, жыйында санариптик китепкананын платформасы тааныштырылып, андан француз тилинен сабак берген мугалимдер электрондук материалдарды колдонсо болору айтылды. "Франкофония жумалыгына" окуучулардын, мугалимдердин катышуусу - француз тилин үйрөнүүгө көңүл бурууга мүмкүндүк түзүүдө. Бул иш-чара түрдүү улуттагы адамдарды француз маданиятынын жалпы идеясына - музыка, тасма, көргөзмө, концерт, сынактарга бириктирип, анда баары французча сүйлөшүүгө мүмкүндүк алышат" ,- деди билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева .
Бишкекте 14-мартта "Франкофония жумалыгынын" алкагында тегерек стол өтүп, жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Франция, Швейцария элчиликтеринин өкүлдөрү, өлкөдө француз тилинен сабак берген мугалимдер, ЖОЖ кызматкерлери катышты. Министрлик кабарлагандай, жыйында санариптик китепкананын платформасы тааныштырылып, андан француз тилинен сабак берген мугалимдер электрондук материалдарды колдонсо болору айтылды. "Франкофония жумалыгына" окуучулардын, мугалимдердин катышуусу - француз тилин үйрөнүүгө көңүл бурууга мүмкүндүк түзүүдө.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141597
2016-03-15
ky
Ош. Билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин тарбиялык конференциясы депутаттардын катышуусунда өттү
Ош шаарындагы №52-мектепте “Балдардын ден соолук маданияты” аттуу билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин тарбиялык конференциясы болду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда компьютер жана интернеттин терс жана оң тараптары, азык-түлүк продукцияларынын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери жана башка тарбия багытындагы презентациялар окулуп, видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулар “Балдардын чаңырыгы” аттуу номерди сахнада аткарып беришти. Конференцияга Жогорку Кеңештин Билим берүү, маданият комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз , Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов , Жогорку Кеңештин депутаттары жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана ата-энелер катышты.
Ош шаарындагы №52-мектепте “Балдардын ден соолук маданияты” аттуу билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин тарбиялык конференциясы болду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда компьютер жана интернеттин терс жана оң тараптары, азык-түлүк продукцияларынын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери жана башка тарбия багытындагы презентациялар окулуп, видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулар “Балдардын чаңырыгы” аттуу номерди сахнада аткарып беришти.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141591
2016-03-15
ky
2016-окуу жылына карата радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун бөлүктөрүн даярдоо башталды
2016-окуу жылына карата радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун бөлүктөрүн даярдоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк-батыш аймактарында жайгашкан Башкы штабдын аскер бөлүктөрүнүн окуу борборлорунун базасында өткөрүлүп, ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын кошуундары менен бөлүктөрүндөгү радиациялык жана химиялык чалгындоонун штаттан тышкаркы бөлүктөрү жана штаттан тышкаркы от чачыратуучу бөлүктөрү катышууда. Талаа жыйындарын өткөрүүнүн максаты - күч ведомстволорунун бөлүктөрүнүн өздүк курамдарында багытына жараша тапшырмаларды аткаруусунун көндүмдөр менен жөндөмдүүлүк аракеттерин жөнгө салуу жана жакшыртуу болуп саналат.
2016-окуу жылына карата радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун бөлүктөрүн даярдоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк-батыш аймактарында жайгашкан Башкы штабдын аскер бөлүктөрүнүн окуу борборлорунун базасында өткөрүлүп, ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын кошуундары менен бөлүктөрүндөгү радиациялык жана химиялык чалгындоонун штаттан тышкаркы бөлүктөрү жана штаттан тышкаркы от чачыратуучу бөлүктөрү катышууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141579
2016-03-15
ky
Бишкекке 16-мартта Чехия парламентинин төрагасы келет
Жогорку Кеңештин чакыруусу менен Бишкекке 16-мартта Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек келет. Парламенттен кабарлагандай, анын иш сапары эки күнгө пландалууда. Чехия делегациясы Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрөрү, мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасы уюштурган кыргыз-чех бизнес-форумуна да катышары айтылды. Чехия парламентинин төрагасы кыргыз жериндеги "Интергельпо" чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына да катышмакчы.
Жогорку Кеңештин чакыруусу менен Бишкекке 16-мартта Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек келет. Парламенттен кабарлагандай, анын иш сапары эки күнгө пландалууда. Чехия делегациясы Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрөрү, мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасы уюштурган кыргыз-чех бизнес-форумуна да катышары айтылды.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141587
2016-03-15
ky
Чыныбай Турсунбеков "айрымдар өлкөдөгү кыйынчылыктарды өз максатына колдонгону жатышат" деди
Парламенттеги коалициялык көпчүлүк 14-мартта өлкөнү туруктуу өнүктүрүү аракеттери боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Жыйында коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков дүйнөдө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык каатчылык жүрүп жатканын белгиледи. "Тилекке каршы, айрым кыйынчылыктарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөгөн күчтөр дагы жок эмес. Ошондуктан бул багытта жасалып жаткан аракеттер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, көйгөйлүү маселелерди ачык талкууга алуу чечимине келдик" ,- деди депутат. Талкууда экономикалык кризистен чыгуу программасын даярдоо, өнөр жайдын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу, дыйкандар менен фермерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоо, насыялардын үстөк пайызын азайтуу сунуштары берилди.
Парламенттеги коалициялык көпчүлүк 14-мартта өлкөнү туруктуу өнүктүрүү аракеттери боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Жыйында коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков дүйнөдө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык каатчылык жүрүп жатканын белгиледи. "Тилекке каршы, айрым кыйынчылыктарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөгөн күчтөр дагы жок эмес. Ошондуктан бул багытта жасалып жаткан аракеттер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, көйгөйлүү маселелерди ачык талкууга алуу чечимине келдик" ,- деди депутат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141581
2016-03-15
ky
Владимир Путин Сириядан Орусиянын негизги күчтөрүн чыгарууга буйрук берди
Орусиянын президенти Владимир Путин 15-марттан тарта Сириядан негизги күчтөрдү чыгарууга буйрук берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. "Путиндин айтымында, Орусиянын аскердик кийлигишүүсү бир кыйла максатына жетти. Ошону менен бирге Путин тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусиянын ролун активдештирүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал Сириянын президенти Башар Асадга телефон чалып, Орусиянын чечими тууралуу маалымдады" ,- деп жазышат басылмалар. Путин баса белгилегендей, деңиздеги Тартус менен авиациялык Хмеймим аэродромунда жайгашкан орусиялык пункттар өз ишин мурдагы режимде уланта беришет. “Биздин аскерлер жерде, деңизде жана абада ишеничтүү коргоого алынышы керек. Сирияда калган аскерлер ок атуу режимин сактоо боюнча көзөмөлдү улантышат” ,- деди Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин 15-марттан тарта Сириядан негизги күчтөрдү чыгарууга буйрук берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. "Путиндин айтымында, Орусиянын аскердик кийлигишүүсү бир кыйла максатына жетти. Ошону менен бирге Путин тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусиянын ролун активдештирүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал Сириянын президенти Башар Асадга телефон чалып, Орусиянын чечими тууралуу маалымдады" ,- деп жазышат басылмалар. Путин баса белгилегендей, деңиздеги Тартус менен авиациялык Хмеймим аэродромунда жайгашкан орусиялык пункттар өз ишин мурдагы режимде уланта беришет. “Биздин аскерлер жерде, деңизде жана абада ишеничтүү коргоого алынышы керек.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141584
2016-03-15
ky
Индияда иттин тоюна 5 миңден ашуун адам келди
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Павара айылында жергиликтүү тургундар эки иттин үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Өлкөдө мындай той биринчи жолу эмес болсо да, бул жолку окуя көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Андыктан 5 миңден ашуун адам кызыктуу жана өзгөчө көрүнүштү көрүү үчүн келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 14-мартта жазып чыгышты. Анда Индиянын элинин тиешелүү каада-салты сакталып, "күйөө бала" атайын гүлдөр менен жасалган унаада келген. Соңунда тойго деп даярдалган торт берилген. Ал эми түшкөн каражаттын баары үйсүз калган иттердин фондуна жумшалат. Белгилей кетсек, акыркы жылдары мындай жөрөлгөлөр Индияда эле эмес, Малайзия, Австралия жана башка бир нече өлкөлөрдө уюштурулууда.
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Павара айылында жергиликтүү тургундар эки иттин үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Өлкөдө мындай той биринчи жолу эмес болсо да, бул жолку окуя көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Андыктан 5 миңден ашуун адам кызыктуу жана өзгөчө көрүнүштү көрүү үчүн келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 14-мартта жазып чыгышты. Анда Индиянын элинин тиешелүү каада-салты сакталып, "күйөө бала" атайын гүлдөр менен жасалган унаада келген. Соңунда тойго деп даярдалган торт берилген. Ал эми түшкөн каражаттын баары үйсүз калган иттердин фондуна жумшалат.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/141565
2016-03-15
ky
"Үркүн" тарыхый тасмасын тартуу уланууда (фото)
Быйыл 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл болот. Тарыхый окуяга байланыштуу “Үркүн” тасмасын тартуу иштери уланууда. Бул тууралуу тасманын продюсери Мухтар Атаналиев SUPER.KG порталына билдирди. "Кудайга шүгүр, бир айдан бери тартуу иштери жүрүп жатат. Кыш мезгилинде болгон окуяларды тартып бүттүк. Жергиликтүү тургундар да жардамын аябай, бирөөсү коюн, бирөөсү картошкасын көтөрүп келип, болгон жардамын берип жатышат. Үркүн - бул биздин тарых, башыбыздан өткөн окуя. Андыктан кыргыз жаштары бул окуя элибиз үчүн оор сыноо болгонун, кыргыз эли татаал күндөрдү башынан өткөргөнүн билиши керек. Тарыхый тасма болгондуктан, бардык нерсени, мисалы, эл жашаган айылды, аскер гарнизонун, айтор, жүз жыл мурунку учурду кайрадан куруп чыгуу керек болууда. Албетте, бул да убакытты, түйшүктү талап кылат",- дейт Атаналиев. "Үркүн окуясы тууралуу тасма тартуу идеясын ойлонуп жүргөнүмө көп убакыт болду. Буюрса, окуянын 100 жылдыгын утурлай сентябрь айларында тасма даяр болот деп ниет кылып жатабыз",- дейт тасманын продюсери.
Быйыл 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл болот. Тарыхый окуяга байланыштуу “Үркүн” тасмасын тартуу иштери уланууда. Бул тууралуу тасманын продюсери Мухтар Атаналиев порталына билдирди. "Кудайга шүгүр, бир айдан бери тартуу иштери жүрүп жатат. Кыш мезгилинде болгон окуяларды тартып бүттүк. Жергиликтүү тургундар да жардамын аябай, бирөөсү коюн, бирөөсү картошкасын көтөрүп келип, болгон жардамын берип жатышат. Үркүн - бул биздин тарых, башыбыздан өткөн окуя. Андыктан кыргыз жаштары бул окуя элибиз үчүн оор сыноо болгонун, кыргыз эли татаал күндөрдү башынан өткөргөнүн билиши керек. Тарыхый тасма болгондуктан, бардык нерсени, мисалы, эл жашаган айылды, аскер гарнизонун, айтор, жүз жыл мурунку учурду кайрадан куруп чыгуу керек болууда. Албетте, бул да убакытты, түйшүктү талап кылат",- дейт Атаналиев. "Үркүн окуясы тууралуу тасма тартуу идеясын ойлонуп жүргөнүмө көп убакыт болду.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/141577
2016-03-15
ky
Шашылыш билдирүү! 17-18-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
17-18-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралат жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт: 18-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде 0...2° жеткен үшүк жүрүп, күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2...7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6...11°, тоо этектеринде 1...6° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 2...7° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Жогорудагыдай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
17-18-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралат жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт: 18-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде 0...2° жеткен үшүк жүрүп, күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2...7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6...11°, тоо этектеринде 1...6° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 2...7° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141573
2016-03-15
ky
Жалал-Абадда "бир тууган эжесинин небересин өлтүргөн" деп айыпталып жаткан аял 3 жылга эркинен ажыратылды
Жалал-Абадда "бир тууган эжесинин небересин өлтүргөн" деп айыпталып жаткан аял 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 15-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 2015-жылдын сентябрь айында Ы.Истамбаева аттуу жаран өзүнүн бир тууган эжесинин 8 жаштагы небересин тарбиялоого алган. Кызды Карача айылынын №8-орто мектебине киргизип, өз балдары менен чогуу багып жаткан. 7-декабрь күнү болжол менен саат 21:00дө Истамбаеванын өзүнүн балдары арызданышып, ал кыз сабактарын жазбай жатканын айтышкан. Ошол маалда мас абалындагы күйөөсүнө ачууланып жаткан Истамбаева бөлмөнүн ичинде турган жыгач таяк менен бир канча жолу кыздын башына, колуна урган. 8-декабрда кыз окууга бара жатканда жыгылып калган. Ооруканага жеткирилгенден кийин кыз каза болгон. Факт боюнча Ы.Истамбаеванын үстүнөн “денеге атайын залал келтирүү менен байкабастан жабырлануучуну өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен 29-февраль күнү айыпталуучу 3 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечими менен макул болбогон тарап Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Кылмыш ишин облустун соттук коллегиясы караган соң, ага карата юридикалык баа берилет.
Жалал-Абадда "бир тууган эжесинин небересин өлтүргөн" деп айыпталып жаткан аял 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 15-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 2015-жылдын сентябрь айында Ы.Истамбаева аттуу жаран өзүнүн бир тууган эжесинин 8 жаштагы небересин тарбиялоого алган. Кызды Карача айылынын №8-орто мектебине киргизип, өз балдары менен чогуу багып жаткан. 7-декабрь күнү болжол менен саат 21:00дө Истамбаеванын өзүнүн балдары арызданышып, ал кыз сабактарын жазбай жатканын айтышкан. Ошол маалда мас абалындагы күйөөсүнө ачууланып жаткан Истамбаева бөлмөнүн ичинде турган жыгач таяк менен бир канча жолу кыздын башына, колуна урган. 8-декабрда кыз окууга бара жатканда жыгылып калган. Ооруканага жеткирилгенден кийин кыз каза болгон. Факт боюнча Ы.Истамбаеванын үстүнөн “денеге атайын залал келтирүү менен байкабастан жабырлануучуну өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен 29-февраль күнү айыпталуучу 3 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечими менен макул болбогон тарап Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141555
2016-03-15
ky
Чемпиондор Лигасында бүгүн "Атлетико", "Манчестер Сити" сыяктуу клубдардын футболчулары оюн көрсөтүшөт
Бүгүн, 15-мартта футбол боюнча ири лига - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында 2 жооптук беттеш орун алат. Бул күнү жарым-жартылай чейрек финалдык жолдомону камсыздаган "Манчестер Сити" киевдик "Динамону" кабыл алат. Ал эми кызыктуу оюн "Атлетико" жана ПСВ клубдарынын ортосунда күтүлүп жатат, себеби бул командалар алгачкы оюнда жеңүүчүнү аныктай алышкан эмес. "АТЛЕТИКО" (Испания) - ПСВ (Голландия) Стадион: Мадрид шаары, "Висенте Кальдерон" стадиону Калыс: Марк Клаттенбург (Англия) Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча) (алгачкы оюндун жыйынтыгы - 0:0) "МАНЧЕСТЕР СИТИ" (Англия) - " ДИНАМО" (Киев, Украина) Стадион: Манчестер шаары, "Этихад" стадиону Калыс: Овидиу Алин Хэцеган (Румыния) Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча) (алгачкы оюндун жыйынтыгы – 3:1)
Бүгүн, 15-мартта футбол боюнча ири лига - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында 2 жооптук беттеш орун алат. Бул күнү жарым-жартылай чейрек финалдык жолдомону камсыздаган "Манчестер Сити" киевдик "Динамону" кабыл алат. Ал эми кызыктуу оюн "Атлетико" жана ПСВ клубдарынын ортосунда күтүлүп жатат, себеби бул командалар алгачкы оюнда жеңүүчүнү аныктай алышкан эмес.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/141571
2016-03-15
ky
Кыргыз жергесинде "Дүйнөлүк акча жумалыгы" старт алды
14-мартта өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" старт алды. Улуттук банктан билдиришкендей, жакынкы жети күндүн ичинде өлкө боюнча, алыскы аймактарда окуучулар менен студенттер үчүн атайын окутуучу иш-чаралар, көчмө лекциялар, каржылык мекемелерге экскурсиялар, ошондой эле коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Анда чеберлер классы, тренингдер, тегерек столдор, викторина, олимпиада, сынак жана башка 200гө жакын иш-чара уюштурулмакчы. Жумалыктын башкы максаты – жаш муундардын үнөмдөө маданиятын өнүктүрүп, келечекте тең салмактуу каржылык чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзүү боюнча тийиштүү билим берүү. "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" 22-мартта аягына чыгат.
14-мартта өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" старт алды. Улуттук банктан билдиришкендей, жакынкы жети күндүн ичинде өлкө боюнча, алыскы аймактарда окуучулар менен студенттер үчүн атайын окутуучу иш-чаралар, көчмө лекциялар, каржылык мекемелерге экскурсиялар, ошондой эле коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Анда чеберлер классы, тренингдер, тегерек столдор, викторина, олимпиада, сынак жана башка 200гө жакын иш-чара уюштурулмакчы. Жумалыктын башкы максаты – жаш муундардын үнөмдөө маданиятын өнүктүрүп, келечекте тең салмактуу каржылык чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзүү боюнча тийиштүү билим берүү.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141569
2016-03-15
ky
Борбордо "милиция кызматкеримин" деп ар кимди текшерүүгө алган жаран кармалды
Борбор калаада "милиция кызматкеримин" деп мас абалда ар кимди текшерүүгө алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну кайрылып, 6-кичи райондо 9-март күнү саат 14:00 чамасында мас абалдагы милиция кызматкери анын өздүгүн тактоочу документтерин сураганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында милиция формасын кийген 34 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. Бишкек ШИИББи бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0550) 10-26-80.
Борбор калаада "милиция кызматкеримин" деп мас абалда ар кимди текшерүүгө алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну кайрылып, 6-кичи райондо 9-март күнү саат 14:00 чамасында мас абалдагы милиция кызматкери анын өздүгүн тактоочу документтерин сураганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында милиция формасын кийген 34 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/141549
2016-03-15
ky
Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери качан башталары белгилүү болду
Энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жаатында 2016-жылдын экинчи жарымында Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорунун алкагында иштер улантылат. "Жылуулук борборун жергиликтүү көмүргө өткөрүү жана энергетикалык кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин көтөрүлөт. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу эки эсе көп. Мындан тышкары Быйыл Камбар-Ата ГЭСинин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштер башталат. Бул кошумча 150 мегаватт кубаттуулук менен камсыз кылат. Долбоор 2017-жылы бүткөрүлөрү пландалууда. Ошондой эле өкмөт Жогорку Нарын ГЭСтер каскады долбооруна жаңы инвесторду табуу боюнча иштерди алып барууда" ,- деди премьер-министр.
Энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жаатында 2016-жылдын экинчи жарымында Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорунун алкагында иштер улантылат. "Жылуулук борборун жергиликтүү көмүргө өткөрүү жана энергетикалык кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин көтөрүлөт. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу эки эсе көп. Мындан тышкары Быйыл Камбар-Ата ГЭСинин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштер башталат. Бул кошумча 150 мегаватт кубаттуулук менен камсыз кылат. Долбоор 2017-жылы бүткөрүлөрү пландалууда.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/141561
2016-03-15
ky
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөө кечээ, 14-мартта саат 19:30дан баштап киргизилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында белгиленгендей, чектөө ашууларда көп кар жаап, Бишкек-Ош унаа жолу тайгак болгондугуна байланыштуу. "Учурда чектөө качан алынары белгисиз, бул маселе жеринен каралат. Качан абал турукташып, жолдор тазаланып кетсе, ал чектөө алынат. Чектөө бир гана оор жүк ташуучу унааларга киргизилди, ал эми жеңил унааларга чектөө жок", - дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов.
Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөө кечээ, 14-мартта саат 19:30дан баштап киргизилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында белгиленгендей, чектөө ашууларда көп кар жаап, Бишкек-Ош унаа жолу тайгак болгондугуна байланыштуу. "Учурда чектөө качан алынары белгисиз, бул маселе жеринен каралат. Качан абал турукташып, жолдор тазаланып кетсе, ал чектөө алынат.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/141557
2016-03-15