lang
stringclasses
3 values
title
stringlengths
3
277
original_text
stringlengths
69
182k
processed_text
stringlengths
42
181k
category
stringlengths
4
50
processed
bool
2 classes
url
stringlengths
33
293
date
stringlengths
10
24
ky
Ош шаарында 180 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы ишке кирди
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 180 орунга ылайыкташкан бала бакча ишке кирди. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы курулуп бүткөн бала бакчада жалпы 6 тайпада балдар тарбияланмакчы. Бала бакча жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен, ошондой эле жергиликтүү казынанын эсебинен курулган. Кошумчалай кетсек, учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 31 бала бакча, 22ден ашуун менчик балдар бакчасы иштеп жатат.
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 180 орунга ылайыкташкан бала бакча ишке кирди. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы курулуп бүткөн бала бакчада жалпы 6 тайпада балдар тарбияланмакчы. Бала бакча жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен, ошондой эле жергиликтүү казынанын эсебинен курулган.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142613
2016-03-23
ky
Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген жарандар кармалышты
Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 18-март күнү Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун жана 1800 сомун алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну жана 32 жаштагы А.А. аттуу Өзгөн районунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 18-март күнү Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун жана 1800 сомун алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну жана 32 жаштагы А.А. аттуу Өзгөн районунун тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142601
2016-03-23
ky
Баткен облусунда адам уурдоо фактысына шектелип 4 адам кармалды
Баткен облусунда адам уурдоо фактысына шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 14:00 чамасында Кадамжай районунун Марказ айылындагы кесиптик лицейде кароолчу болуп иштеген Лачынбек К. аттуу жаранды Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 27 жаштагы Нодира аттуу тургуну 3 жигит менен келип, аны унаага салып кеткен. Аны 3 күн бою Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде себепсиз кармап отурушкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Баткен ОИИБинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган жаран бошотулган. Бул факт боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Баткен облусунда адам уурдоо фактысына шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 14:00 чамасында Кадамжай районунун Марказ айылындагы кесиптик лицейде кароолчу болуп иштеген Лачынбек К. аттуу жаранды Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 27 жаштагы Нодира аттуу тургуну 3 жигит менен келип, аны унаага салып кеткен. Аны 3 күн бою Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде себепсиз кармап отурушкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Баткен ОИИБинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган жаран бошотулган. Бул факт боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142611
2016-03-23
ky
Талас облусунан 10 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алды
Талас облусунан 10 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кайрымдуулук иш-чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына гана жүргүзүлгөн. 14-15-март күндөрү Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 223 баланын ден соолугу текшерүүгө алынып, алардын ичинен кыргыз жергесинде дарыланууга мүмкүнчүлүк болбогон 10 бала тандалып алынды. Алардын жарымы Германияга ушул жылдын август айында кетишсе, калганы 2017-жылдын февралында жөнөтүлөт. Айта кетсек, мындай акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул маалда 24 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алып, алардын 16сы тиешелүү жардам алган соң мекенине кайтып келген. Дагы 8 бала учурда аталган өлкөдө дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Талас облусунан 10 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кайрымдуулук иш-чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына гана жүргүзүлгөн. 14-15-март күндөрү Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 223 баланын ден соолугу текшерүүгө алынып, алардын ичинен кыргыз жергесинде дарыланууга мүмкүнчүлүк болбогон 10 бала тандалып алынды. Алардын жарымы Германияга ушул жылдын август айында кетишсе, калганы 2017-жылдын февралында жөнөтүлөт. Айта кетсек, мындай акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул маалда 24 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алып, алардын 16сы тиешелүү жардам алган соң мекенине кайтып келген.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142595
2016-03-23
ky
Бишкектин жана Чүй облусунун айрым жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал
Бишкектин жана Чүй облусунун айрым жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул тууралуу маалыматты “Түндүк электр” ишканасы расмий сайтына жарыялады. Маалым болгондой, 23-24-март күндөрү саат 06:00дөн 18:00гө чейин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы "Чүй-Кара-Ой" аба электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Совет, Дөң-Арык, Алчалуу, Талды-Булак, Кара-Ой айылдарынын электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Ошондой эле бүгүн, 23-мартта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка, Көк-Жар айылдарында “Нур”, “Кара-Жыгач” көмөк чордондорунан тараган 10/6 киловольт аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мындан тышкары 23-мартта саат 09:00дөн 19:00гө чейинки аралыкта Бишкек шаарынын Осмонкул, Суворов, Элебесов, Махатма Ганди, Саадаев, Түлөбердиев көчөлөрүндө, Ататүрк атындагы сейил бак тарабындагы Малдыбаев көчөсүндө, Жал кичи районундагы №75, №7-кичи районундагы №3, №4-көп кабаттуу үйлөрдө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүп калышы мүмкүн.
Бишкектин жана Чүй облусунун айрым жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул тууралуу маалыматты “Түндүк электр” ишканасы расмий сайтына жарыялады. Маалым болгондой, 23-24-март күндөрү саат 06:00дөн 18:00гө чейин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы "Чүй-Кара-Ой" аба электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Совет, Дөң-Арык, Алчалуу, Талды-Булак, Кара-Ой айылдарынын электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Ошондой эле бүгүн, 23-мартта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка, Көк-Жар айылдарында “Нур”, “Кара-Жыгач” көмөк чордондорунан тараган 10/6 киловольт аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142589
2016-03-23
ky
Өткөн суткада өлкөдө 17 өрт кырсыгы катталды: Панфиловдогу "Финка" банкынын филиалындагы өрттүн себеби аныктала элек
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы Киров көчөсүндөгү жеке менчик бала бакчанын ашканасында өрт чыккан. Жыйынтыгында 4 пластик терезе, 2 пластик эшик, 3 отургуч жана стол күйгөн. Өрттүн чыгышына тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгону аныкталды. Мындан тышкары Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылындагы “Финка” банкынын филиалында өрт кырсыгы болгон. Жалпысынан имараттын 300 чарчы метри өрттөнгөн, 2 кабаттуу имараттын чатыры жана 10 чарчы метр алюкобонд менен капталган сырткы шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы Киров көчөсүндөгү жеке менчик бала бакчанын ашканасында өрт чыккан. Жыйынтыгында 4 пластик терезе, 2 пластик эшик, 3 отургуч жана стол күйгөн. Өрттүн чыгышына тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгону аныкталды. Мындан тышкары Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылындагы “Финка” банкынын филиалында өрт кырсыгы болгон. Жалпысынан имараттын 300 чарчы метри өрттөнгөн, 2 кабаттуу имараттын чатыры жана 10 чарчы метр алюкобонд менен капталган сырткы шыбы күйгөн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142591
2016-03-23
ky
Бишкек шаардык кеңеши Кубанычбек Кулматовду “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлады
Бишкек шаардык кеңеши Кубанычбек Кулматовду “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 22-мартта борбордун мурунку мэрин жергиликтүү бийлик органдарындагы көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлык тапшырды. Кулматов өз сөзүндө мэриянын жалпы жамаатына аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирип өттү. “ Бул сыйлык баарыбызга таандык. Мэриянын жалпы кызматкерлерине, вице-мэрлерге жана структуралык бөлүктөрдүн жетекчилерине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздерге чоң рахмат ”,- деди экс-мэр.
Бишкек шаардык кеңеши Кубанычбек Кулматовду “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 22-мартта борбордун мурунку мэрин жергиликтүү бийлик органдарындагы көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлык тапшырды. Кулматов өз сөзүндө мэриянын жалпы жамаатына аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирип өттү. “ Бул сыйлык баарыбызга таандык.
Коом жана турмуш
true
https://www.super.kg/kabar/news/142585
2016-03-23
ky
"Ислам мамлекети" террордук уюму Брюсселдеги аэропортто жардырууларды уюштурганын билдирди
"Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюм Бельгиянын Брюссель шаарындагы жардыруулардын жоопкерчилигин мойнуна алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 34 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 200дөн ашты. "Бул теракт Бельгиянын борборунун тарыхында эң кандуу деп аталды. Брюсселдин мэриясы террордук коркунучтун деңгээлин эң жогорку 4-категорияга көтөрдү. Европалык ири аэропорттор Брюссель менен авиа жана темир жол каттамдарын убактылуу токтотту" ,- деп жазышат басылмалар. Айта кетсек, кечээ, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги Завентем аэропортунун ичинде 2 жардыруу болгон, бир сааттан кийин метрополитендин жанында 1 жардыруу орун алган.
"Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюм Бельгиянын Брюссель шаарындагы жардыруулардын жоопкерчилигин мойнуна алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 34 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 200дөн ашты. "Бул теракт Бельгиянын борборунун тарыхында эң кандуу деп аталды. Брюсселдин мэриясы террордук коркунучтун деңгээлин эң жогорку 4-категорияга көтөрдү. Европалык ири аэропорттор Брюссель менен авиа жана темир жол каттамдарын убактылуу токтотту" ,- деп жазышат басылмалар.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142587
2016-03-23
ky
АФИША, 23-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Бир мешок акча" тасмасы көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10. "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00, 22:40. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142559
2016-03-23
ky
ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Мындан 5 жыл мурун “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, атактуу актриса Элизабет Тейлор каза болгон
Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы 23-мартта “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, атактуу актриса Элизабет Тейлор каза болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталган. Тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты болгон, андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону керээз кылып айтып кеткен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине "Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат!" деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн. Англо-америкалык актриса Элизабет Тейлор Розмонд 1932-жылы 27-февралда Лондон шаарында туулган. Болочок жылдыз Элизабет Тейлордун ата-энеси америкалык мигранттар эле. Атасы Френсис живопись жана скульптураларды алып сатуучу (арт-дилер), энеси Сара актриса болгон. Атасы Лондондо музей ачууну, сүрөттөрүн сатууну көздөгөндүктөн, үй-бүлө Америкадан Лондонго көчүп келет. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен алар кайрадан өз мекенине кетүүгө мажбур болушат. Үй-бүлөнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, аны 9 жашынан кино дүйнөсүнө алып келет. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, үч жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 1950-1960-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан. Ал кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калган. Элизабет Тейлор тартылган тасмалар: "Клеопатра" (1963), "Баттерфилд 8", (1960-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Виржиния Вульфтан ким коркот?" (1966-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Айвенго" (1952), "Бум" (1968), "Сандпайлер" (1965), "Элизабет Тейлор Лондондо" (1963) ж.б. Акыркы жылдары актрисанын жашоосу тынч агымга түшкөн. Мисалы, 2003-жылы Улуттук киноакадемиянын жыл сайын тапшырылчу 75-аземине келүүдөн баш тарткан. Баш айланткан атактуулук актрисага пайдасынан залалын көп тийгизген. Учурунда ичкиликке берилип, баңгизат да колдонгону анын ден соолугун жабыркаткан. Жүрөгүнө бир нече жолу операция жасалып, тери рагынан жабыркаган. Эки бутуна жасалма муундар коюлуп, акыркы күндөрү коомчулукка майыптардын арабасында отуруп калган калыбында чыгууга мажбур болгон. 23-марттын жылнаамасы .
Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы 23-мартта “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, атактуу актриса Элизабет Тейлор каза болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталган. Тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты болгон, андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону керээз кылып айтып кеткен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине "Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат!" деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн. Англо-америкалык актриса Элизабет Тейлор Розмонд 1932-жылы 27-февралда Лондон шаарында туулган. Болочок жылдыз Элизабет Тейлордун ата-энеси америкалык мигранттар эле. Атасы Френсис живопись жана скульптураларды алып сатуучу (арт-дилер), энеси Сара актриса болгон. Атасы Лондондо музей ачууну, сүрөттөрүн сатууну көздөгөндүктөн, үй-бүлө Америкадан Лондонго көчүп келет. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен алар кайрадан өз мекенине кетүүгө мажбур болушат. Үй-бүлөнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, аны 9 жашынан кино дүйнөсүнө алып келет. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, үч жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 1950-1960-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан. Ал кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калган. Элизабет Тейлор тартылган тасмалар: "Клеопатра" (1963), "Баттерфилд 8", (1960-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Виржиния Вульфтан ким коркот?" (1966-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Айвенго" (1952), "Бум" (1968), "Сандпайлер" (1965), "Элизабет Тейлор Лондондо" (1963) ж.б. Акыркы жылдары актрисанын жашоосу тынч агымга түшкөн. Мисалы, 2003-жылы Улуттук киноакадемиянын жыл сайын тапшырылчу 75-аземине келүүдөн баш тарткан. Баш айланткан атактуулук актрисага пайдасынан залалын көп тийгизген. Учурунда ичкиликке берилип, баңгизат да колдонгону анын ден соолугун жабыркаткан. Жүрөгүнө бир нече жолу операция жасалып, тери рагынан жабыркаган. Эки бутуна жасалма муундар коюлуп, акыркы күндөрү коомчулукка майыптардын арабасында отуруп калган калыбында чыгууга мажбур болгон.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142571
2016-03-23
ky
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 22-МАРТ: "Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолун ачпаса, кыргыз тарап дагы ошондой ыкманы колдонууга аргасыз болот" деди өкмөт өкүлү
22:55. "Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолунан аскерлерин албай тура берсе, кыргыз тарап дагы ошондой ыкманы колдонууга аргасыз болот. Аксыда кыргыз тарапка караштуу, бирок өзбектер пайдаланып жаткан жерлер бар. Бирок кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынышы керек",- деди НТС телеканалынын түз эфиринде өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров . 21:00. Жалал-Абад облусунун жаштары Аксы районунун кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз аскерлерине жана Жалал-Абад облустук укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам беришүүдө. Бул тууралуу алар SUPER.KG порталына билдиришти. Аксы районунун жаштарынын өкүлү Медер Усмановдун айтымында, бүгүн алар мекенин коргоп жаткан кыргыз чек арачыларына жана милиция кызматкерлерине 10 килограмм палоо жасап беришти. "Мындан тышкары биз суусундуктарды жана башка керектүү азык-түлүктү жеткирип жатабыз. Түнкүсүн суук болгондуктан, 2 автоунааны бензин менен толтуруп, алып барып таштап кеткенбиз. Биз чек арадагы кырдаал дипломатиялык жол менен чечилет деп ишенебиз. Митингдер аркылуу абал курчуп кетиши мүмкүн", - дейт Усманов. 15:04. Аксы районунун борбору Кербен шаарында оппозициянын митинги аяктады. Жергиликтүү тургундар чек ара маселесин чечүүгө өкмөткө 3 күн мөөнөт беришкенин митингдин катышуучуларынын бири кабарлады. Чогулгандар тарады. 12:46. "Өкмөт башчы Темир Сариев Аксыда эл менен жолугушууда шашылып сүйлөп, артынан чыгып сүйлөгөн Азимбек Бекназаровдун сынына чычалап, нааразы боло баштаган элден шашылыш кетип калды. Жөн кетпей микрофонду көтөрө кетиптир" ,- деп жазды социалдык тармактагы жеке баракчасына активист Руслан Бекназаров . 12:33. Таш-Көмүр шаарында чек арага баруу максатында эл чогулуп жатат. Муну жаш активисттердин бири Бактияр Калпаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, сүрөттөрүн жарыялады. 12:23. Аксы районунун борбору Кербен шаарында оппозициянын курултайы өтүүдө. Жергиликтүү тургундардын айтымында, район борборуна миңдей адам чогулду. Митингди Азимбек Бекназаров баштаган оппозиция өкүлдөрү уюштурууда. 12:12: Премьер-министр Темир Сариев Кербен шаарында митингге чыккан жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Өкмөт жетекчиси чек арадагы кырдаал оор экенин белгиледи. "Чек арачылар күнү-түнү иштеп жатышат, аларды сындагандын ордуна жардам берели. Бардык өлкөлөрдө чек ара маселеси бар, аларды бир күндө чечип салууга мүмкүн эмес. Кырдаалды ичтен бүлүнтпөй, биригип, бир бүтүн эл катары өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргойлу",- деди өкмөт башчы. Андан ары премьер Ала-Бука районуна кетти. 11:47. Мамлекеттик чек ара кызматы: "Аксы районунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Кыргыз мамлекетинин чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда. Кырдаал толугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан көзөмөлдөнүп жатат". 10:54. "Бүгүнкү күндө жашыра турган эч нерсе жок. Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү үчүн 17-мартта бул жерде президент Алмазбек Атамбаев болду. Бүгүн мен премьер-министр катары келдим, себеп - чек ара маселеси. Чек ара талаштарынын айынан согуштар болгон. Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө. Бирок түшүнүшүбүз керек, мындай жол менен чек ара маселеси чечилбейт. Кырдаалга түшүнүү менен караган элге ыраазычылык билдирем. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал президент менен өкмөттүн чечкиндүү кадамдарынан кийин жаралды. Башкысы - биз бардык өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүбүз керек. Чек арадагы бул конфликт да чечилет. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча 16 пункттан турган өкмөттүн планы иштелип чыкты", - деди премьер-министр Темир Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушууда. 10:20. Премьер-министр Темир Сариев учурда Аксы районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Өкмөт жетекчиси кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, өкмөттүн аракеттери тууралуу маалымат берүүдө. Жолугушууга ички иштер министри Мелис Турганбаев , Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева , район акими Медет Айдаралиев катышууда. 08:40. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы айылдарда Нооруз майрамынын жогорку деңгээлде белгиленишине тоскоол болгон жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл өкмөттөрүнүн башчылары билдиришти. Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаевдин айтымында, Нооруз майрамына карата чоң концерттик программа көрсөтүлдү. "Айылыбызда абал жакшы. Чек арачылардын саны азайганы тургундар үчүн жакшы кабар болду" ,- деди Шербаев. Аталган райондун Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Узаков Нооруз майрамына карата иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. "Айылда абал тынч. Эч кандай чагымчылдыктар болгон жок. Тургундар премьер-министрдин келерин айтышууда" ,- деди Узаков. Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.
22:55. "Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолунан аскерлерин албай тура берсе, кыргыз тарап дагы ошондой ыкманы колдонууга аргасыз болот. Аксыда кыргыз тарапка караштуу, бирок өзбектер пайдаланып жаткан жерлер бар. Бирок кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынышы керек",- деди НТС телеканалынын түз эфиринде өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров . 21:00. Жалал-Абад облусунун жаштары Аксы районунун кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз аскерлерине жана Жалал-Абад облустук укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам беришүүдө. Бул тууралуу алар порталына билдиришти. Аксы районунун жаштарынын өкүлү Медер Усмановдун айтымында, бүгүн алар мекенин коргоп жаткан кыргыз чек арачыларына жана милиция кызматкерлерине 10 килограмм палоо жасап беришти. "Мындан тышкары биз суусундуктарды жана башка керектүү азык-түлүктү жеткирип жатабыз. Түнкүсүн суук болгондуктан, 2 автоунааны бензин менен толтуруп, алып барып таштап кеткенбиз. Биз чек арадагы кырдаал дипломатиялык жол менен чечилет деп ишенебиз. Митингдер аркылуу абал курчуп кетиши мүмкүн", - дейт Усманов. 15:04. Аксы районунун борбору Кербен шаарында оппозициянын митинги аяктады. Жергиликтүү тургундар чек ара маселесин чечүүгө өкмөткө 3 күн мөөнөт беришкенин митингдин катышуучуларынын бири кабарлады. Чогулгандар тарады. 12:46. "Өкмөт башчы Темир Сариев Аксыда эл менен жолугушууда шашылып сүйлөп, артынан чыгып сүйлөгөн Азимбек Бекназаровдун сынына чычалап, нааразы боло баштаган элден шашылыш кетип калды. Жөн кетпей микрофонду көтөрө кетиптир" ,- деп жазды социалдык тармактагы жеке баракчасына активист Руслан Бекназаров . 12:33. Таш-Көмүр шаарында чек арага баруу максатында эл чогулуп жатат. Муну жаш активисттердин бири Бактияр Калпаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, сүрөттөрүн жарыялады. 12:23. Аксы районунун борбору Кербен шаарында оппозициянын курултайы өтүүдө. Жергиликтүү тургундардын айтымында, район борборуна миңдей адам чогулду. Митингди Азимбек Бекназаров баштаган оппозиция өкүлдөрү уюштурууда. 12:12: Премьер-министр Темир Сариев Кербен шаарында митингге чыккан жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Өкмөт жетекчиси чек арадагы кырдаал оор экенин белгиледи. "Чек арачылар күнү-түнү иштеп жатышат, аларды сындагандын ордуна жардам берели. Бардык өлкөлөрдө чек ара маселеси бар, аларды бир күндө чечип салууга мүмкүн эмес. Кырдаалды ичтен бүлүнтпөй, биригип, бир бүтүн эл катары өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргойлу",- деди өкмөт башчы. Андан ары премьер Ала-Бука районуна кетти. 11:47. Мамлекеттик чек ара кызматы: "Аксы районунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Кыргыз мамлекетинин чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда. Кырдаал толугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан көзөмөлдөнүп жатат". 10:54. "Бүгүнкү күндө жашыра турган эч нерсе жок. Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү үчүн 17-мартта бул жерде президент Алмазбек Атамбаев болду. Бүгүн мен премьер-министр катары келдим, себеп - чек ара маселеси. Чек ара талаштарынын айынан согуштар болгон. Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө. Бирок түшүнүшүбүз керек, мындай жол менен чек ара маселеси чечилбейт. Кырдаалга түшүнүү менен караган элге ыраазычылык билдирем. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал президент менен өкмөттүн чечкиндүү кадамдарынан кийин жаралды. Башкысы - биз бардык өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүбүз керек. Чек арадагы бул конфликт да чечилет. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча 16 пункттан турган өкмөттүн планы иштелип чыкты", - деди премьер-министр Темир Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушууда. 10:20. Премьер-министр Темир Сариев учурда Аксы районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Өкмөт жетекчиси кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, өкмөттүн аракеттери тууралуу маалымат берүүдө. Жолугушууга ички иштер министри Мелис Турганбаев , Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева , район акими Медет Айдаралиев катышууда. 08:40. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы айылдарда Нооруз майрамынын жогорку деңгээлде белгиленишине тоскоол болгон жок. Бул тууралуу порталына айыл өкмөттөрүнүн башчылары билдиришти. Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаевдин айтымында, Нооруз майрамына карата чоң концерттик программа көрсөтүлдү. "Айылыбызда абал жакшы. Чек арачылардын саны азайганы тургундар үчүн жакшы кабар болду" ,- деди Шербаев. Аталган райондун Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Узаков Нооруз майрамына карата иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. "Айылда абал тынч. Эч кандай чагымчылдыктар болгон жок. Тургундар премьер-министрдин келерин айтышууда" ,- деди Узаков.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142421
2016-03-22
ky
Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ) кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдирди
Бүгүн, 22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди. ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, кырдаалга мындан ары байкоо жүргүзүшөрүн белгилешти. ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү эртең, 23-мартта жогоруда аталган жыйынды улантышмакчы.
Бүгүн, 22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди. ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, кырдаалга мындан ары байкоо жүргүзүшөрүн белгилешти.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142584
2016-03-22
ky
КҮНСЕРЕП: Аксыга барган өкмөт башчы элдин талабын толук укпай шашылыш кайтты... КМШ аймагындагы эң таза суу кыргыз жеринен чыгат...
Бүгүн, 22-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаалдын оңолбой жатышы премьер-министр Темир Сариевди Аксыга барууга аргасыз кылды. Жергиликтүү элге жолуккан өкмөт жетекчиси борбордон атайын чек ара көйгөйү боюнча келгенин, кырдаалды өзгөртүүгө бардык аракет жасалып жатканын айтты. Чек арада жылыш болбой жатканын да моюнга алып, "ушундайда ичибизден бөлүнбөй, биригели" деп оппозициянын аракеттерин кыйыр түрдө сындады... Чогулгандар премьер-министрге суроо жаадырып, жооп ала алышкан жок. Митингге катышкандар SUPER.KG порталына тастыктагандай, Сариев эл алдында кыска сүйлөп, шашылыш кайтып кетти. Маалыматка таянсак, өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбаган көпчүлүк нааразычылык билдире баштаган маалда министрлер кабинетинин башчысы Ала-Бука районуна да барышы керектигин айтып ал жерден кеткен. Ошентип, аксылыктар 18-марттан бери күткөн жогорку бийликтин өкүлүнөн канааттандырарлык жооп ала албай калышканы айтылууда. Болгону анын "башкаларга 1 сантиметр да жер берилбейт" дегени эсте калды... Бүгүн интернет желесине көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган аудио тарады . "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делген пикир алышууда бир нече адамдын 24-мартта Ош шаарында өтүүчү курултайды пландап жаткандары баяндалат. "Монтаждалган... Чын болушу мүмкүн"... Коомчулук азырынча эки түрдүү пикирде. Сүйлөшүүгө катышкандардын ким экени белгисиз, бирок материалда алар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков деп көрсөтүлүүдө. Сүйлөшүүнүн түбү оппозицияны бир күчкө бириктирип, бийликти алмаштырууга барып такалууда. Тийиштүү органдар материалды иликтөөсү зарыл. Жасалган болсо жасагандарды, чын болсо өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратуучу аракеттердин алдын алышы шарт. ИИМ аталган материалдан кабардар экенин, иликтөө жүрүп жатканын SUPER.KG порталына маалымдады. УКМК азырынча комментарий бере элек. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз мамлекетинде жана Тажикстанда чыгат. Изилдөөлөр ушундай жыйынтык бергенин бизге бүгүн Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков билдирип, кыргыз жеринен чыккан суулардын микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча адам организмине пайдасы зор деп эсептелерин кошумчалады. "Колдогу алтындын баркы жок" дейт элибиз. Дүйнөдө ичүүчү суу көзүнөн учкан көптөгөн мамлекеттер бар. Адистер саналуу жылдардан кийин суунун баасы алтындын наркына теңелерин айтып коңгуроо кагып жаткан учурда сай-сайдан салаалап агып жаткан табигый байлыгыбызга аяр мамиле кылуубуз зарыл. Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде бүгүн 15 жашар кыз төрөдү . Жапжаш келин никелүү күйөөсүнөн көз жарганын Бишкек ШИИББинен билдиришти. Аталган айымдын күйөөсү, тагыраагы, мурунку күйөөсү учурда Орусияда иштейт. Экөө баш кошкондорунан көп өтпөй ажырашып кеткени белгилүү болду. Кыздардын турмушка өтө эрте чыгышы кыргыздын заманга ылайыкташкан менталитетине туура келбейт. Муну эң оболу кыз жана анын ата-энеси ойлонууга тийиш. Эрте эне болуу айымдардын ден соолугуна зыяндыгын жана улуттун генофондуна терс таасир этерин адистер айтып келишет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө былтыр миңден ашуун кыз жашы жете электе кош бойлуу болушкан. 15 жашында эне болгон аталган кыз өзүнүн макулдугу менен турмушка чыккан. Күйөөсүнө карата эч кандай арыз жазган эмес. ИИМ дагы бул факты боюнча кылмыш иши козголбой турганын маалымдады.
Бүгүн, 22-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаалдын оңолбой жатышы премьер-министр Темир Сариевди Аксыга барууга аргасыз кылды. Жергиликтүү элге жолуккан өкмөт жетекчиси борбордон атайын чек ара көйгөйү боюнча келгенин, кырдаалды өзгөртүүгө бардык аракет жасалып жатканын айтты. Чек арада жылыш болбой жатканын да моюнга алып, "ушундайда ичибизден бөлүнбөй, биригели" деп оппозициянын аракеттерин кыйыр түрдө сындады... Чогулгандар премьер-министрге суроо жаадырып, жооп ала алышкан жок. Митингге катышкандар порталына тастыктагандай, Сариев эл алдында кыска сүйлөп, шашылыш кайтып кетти. Маалыматка таянсак, өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбаган көпчүлүк нааразычылык билдире баштаган маалда министрлер кабинетинин башчысы Ала-Бука районуна да барышы керектигин айтып ал жерден кеткен. Ошентип, аксылыктар 18-марттан бери күткөн жогорку бийликтин өкүлүнөн канааттандырарлык жооп ала албай калышканы айтылууда. Болгону анын "башкаларга 1 сантиметр да жер берилбейт" дегени эсте калды... Бүгүн интернет желесине көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган аудио тарады . "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делген пикир алышууда бир нече адамдын 24-мартта Ош шаарында өтүүчү курултайды пландап жаткандары баяндалат. "Монтаждалган... Чын болушу мүмкүн"... Коомчулук азырынча эки түрдүү пикирде. Сүйлөшүүгө катышкандардын ким экени белгисиз, бирок материалда алар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков деп көрсөтүлүүдө. Сүйлөшүүнүн түбү оппозицияны бир күчкө бириктирип, бийликти алмаштырууга барып такалууда. Тийиштүү органдар материалды иликтөөсү зарыл. Жасалган болсо жасагандарды, чын болсо өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратуучу аракеттердин алдын алышы шарт. ИИМ аталган материалдан кабардар экенин, иликтөө жүрүп жатканын порталына маалымдады. УКМК азырынча комментарий бере элек. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз мамлекетинде жана Тажикстанда чыгат. Изилдөөлөр ушундай жыйынтык бергенин бизге бүгүн Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков билдирип, кыргыз жеринен чыккан суулардын микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча адам организмине пайдасы зор деп эсептелерин кошумчалады. "Колдогу алтындын баркы жок" дейт элибиз. Дүйнөдө ичүүчү суу көзүнөн учкан көптөгөн мамлекеттер бар. Адистер саналуу жылдардан кийин суунун баасы алтындын наркына теңелерин айтып коңгуроо кагып жаткан учурда сай-сайдан салаалап агып жаткан табигый байлыгыбызга аяр мамиле кылуубуз зарыл. Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде бүгүн 15 жашар кыз төрөдү . Жапжаш келин никелүү күйөөсүнөн көз жарганын Бишкек ШИИББинен билдиришти. Аталган айымдын күйөөсү, тагыраагы, мурунку күйөөсү учурда Орусияда иштейт. Экөө баш кошкондорунан көп өтпөй ажырашып кеткени белгилүү болду. Кыздардын турмушка өтө эрте чыгышы кыргыздын заманга ылайыкташкан менталитетине туура келбейт. Муну эң оболу кыз жана анын ата-энеси ойлонууга тийиш. Эрте эне болуу айымдардын ден соолугуна зыяндыгын жана улуттун генофондуна терс таасир этерин адистер айтып келишет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө былтыр миңден ашуун кыз жашы жете электе кош бойлуу болушкан. 15 жашында эне болгон аталган кыз өзүнүн макулдугу менен турмушка чыккан. Күйөөсүнө карата эч кандай арыз жазган эмес.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142533
2016-03-22
ky
23-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +8°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 06:58де чыгып, 19:17де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +25°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 06:58де чыгып, 19:17де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +25°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:23тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 17 мүнөт. Күн саат 07:14тө чыгып, 19:32де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 06:48де чыгып, 19:07де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -6°C Күндүз +15°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 06:53тө чыгып, 19:11де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +8°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 06:58де чыгып, 19:17де батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 5-10 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +25°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 06:58де чыгып, 19:17де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +3°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:26да батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +7°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:24тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +5°C Күндүз +25°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 07:05те чыгып, 19:23тө батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 17 мүнөт. Күн саат 07:14тө чыгып, 19:32де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -2°C Күндүз +14°C Күндүн узактыгы 12 саат 19 мүнөт. Күн саат 06:48де чыгып, 19:07де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -6°C Күндүз +15°C Күндүн узактыгы 12 саат 18 мүнөт. Күн саат 06:53тө чыгып, 19:11де батат. Жамгыр жаайт Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда унаа жолдору тоңголок, тайгак болот.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142555
2016-03-22
ky
Ысык-Көл облусундагы байыркы жандыкты тапкан тургундар сыйланышты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Ысык-Көл облусундагы байыркы жандыкты тапкан тургундарды бүгүн, 22-мартта сыйлады. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан кабарлашты. Жолугушууда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев байыркы жандыктын калдыктарын таап, аны кайтарууга алган Отрадное айылынын айыл өкмөтү Бакыт Жумабековго , милициянын кенже лейтенанты Нурлан Усупбаевге , ошондой эле Орлиное айылынын тургундары Канат Болотовго , Эрмек жана Эрлан Кулетовдорго ыраазычылык билдирди. "Маданият жана тарых жылында табылганы өзгөчө белги. Балдар, байыркы жандыктын калдыктарын таап, аны сактаганыңар менен дүйнө эволюциясына жана тарыхына жаңы барак ачканыңар үчүн силерге рахмат",- деди Акибаев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Ысык-Көл облусундагы байыркы жандыкты тапкан тургундарды бүгүн, 22-мартта сыйлады. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан кабарлашты. Жолугушууда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев байыркы жандыктын калдыктарын таап, аны кайтарууга алган Отрадное айылынын айыл өкмөтү Бакыт Жумабековго , милициянын кенже лейтенанты Нурлан Усупбаевге , ошондой эле Орлиное айылынын тургундары Канат Болотовго , Эрмек жана Эрлан Кулетовдорго ыраазычылык билдирди. "Маданият жана тарых жылында табылганы өзгөчө белги.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142579
2016-03-22
ky
Канатбек Бегалиев: "Бразилиядагы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курам 2 медаль алууну көздөйт"
"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда 2 медаль тагынууну максат кылып жатат. Бул тууралуу курамдын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев 22-мартта маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Астанада өткөн Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште кыргыз балбандары алдынкы орунду ээлеп, Иран, Япония жана башка мамлекеттерди артка калтырды. Кошумчалай кетсек, Астанада өткөн мелдеште кыргыз спортчулары жалпысынан 4 жолдомо алып келишти. Алардын экөөнү грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамонов алса, эркин күрөштүн өкүлдөрүнөн Магомед Мусаев Олимпиадага катышуу укугуна ээ болду. Ал эми кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынып, буга катар жолдомого ээ болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев жолдомо алган.
"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда 2 медаль тагынууну максат кылып жатат. Бул тууралуу курамдын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев 22-мартта маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Астанада өткөн Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште кыргыз балбандары алдынкы орунду ээлеп, Иран, Япония жана башка мамлекеттерди артка калтырды. Кошумчалай кетсек, Астанада өткөн мелдеште кыргыз спортчулары жалпысынан 4 жолдомо алып келишти. Алардын экөөнү грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамонов алса, эркин күрөштүн өкүлдөрүнөн Магомед Мусаев Олимпиадага катышуу укугуна ээ болду. Ал эми кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынып, буга катар жолдомого ээ болду.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142577
2016-03-22
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Бишкекте мас айдоочу "Башкы прокуратуранын кызматкеримин" деп МАИчилерден качууга аракет жасады
Акыркы кездерде МАИ кызматкерлери менен айдоочулардын ортосундагы чыр-чатактар интернет айдыңына көп чыкчу болду. Ошондой видеолордун бири SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: XxX_1). Материалдан мас абалындагы айдоочу МАИ кызматкерлерине баш ийбей жатканын көрүүгө болот. Ал жол-кайгуул инспекторлоруна документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, мас абалында унаасын айдап кетүүгө аракет жасады. Бирок инспекторлор аны күч менен унаага салышып, Наркологиялык борборго алып барышты. Ал жерден да мас айдоочу жаман сөздөрдү сүйлөп, экспертизадан өтүүгө каршы болуп жатты. Видеону көрүү үчүн шилтеме .
Акыркы кездерде МАИ кызматкерлери менен айдоочулардын ортосундагы чыр-чатактар интернет айдыңына көп чыкчу болду. Ошондой видеолордун бири порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: XxX 1). Материалдан мас абалындагы айдоочу МАИ кызматкерлерине баш ийбей жатканын көрүүгө болот. Ал жол-кайгуул инспекторлоруна документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, мас абалында унаасын айдап кетүүгө аракет жасады. Бирок инспекторлор аны күч менен унаага салышып, Наркологиялык борборго алып барышты. Ал жерден да мас айдоочу жаман сөздөрдү сүйлөп, экспертизадан өтүүгө каршы болуп жатты.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142575
2016-03-22
ky
Москвада өткөн профессионалдар арасындагы мелдеште тайбоксчу Дастан Шаршеев жеңишке жетишти (фоторепортаж)
20-мартта Орусиянын Москва шаарында "Russian Challenge" деген аталышта тайбокс боюнча мелдеш орун алды. Профессионалдар арасындагы мелдеште 9 салмак категориясында 10 беттеш орун алды. Мелдеш алкагында 71 килограмм салмакта кыргыз мушкери, акыркы кездерде Орусияда жашап, машыгып жүргөн Дастан Шаршеев рингге чыкты. Анын атаандашы Денис Колотыгин болуп, мушкерлер 3 мүнөттөн 3 раунд мушташ өткөрүштү. Беттеште жердешибиз Дастан көбүрөөк таамай болуп чыгып, 3 раунддун жыйынтыгында упай катыштыгында жеңишке жетишти.
20-мартта Орусиянын Москва шаарында "Russian Challenge" деген аталышта тайбокс боюнча мелдеш орун алды. Профессионалдар арасындагы мелдеште 9 салмак категориясында 10 беттеш орун алды. Мелдеш алкагында 71 килограмм салмакта кыргыз мушкери, акыркы кездерде Орусияда жашап, машыгып жүргөн Дастан Шаршеев рингге чыкты. Анын атаандашы Денис Колотыгин болуп, мушкерлер 3 мүнөттөн 3 раунд мушташ өткөрүштү.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142573
2016-03-22
ky
Түштүк Кореянын тургуну 19 миңдей АКШ долларын толо эл болгон аянтка чачып алды
Түштүк Кореяда 19 миңдей АКШ долларын аянтка чачып алган аялдын акчасына жанынан өтүп бара жаткандар тийишкен жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган өлкөнүн басылмалары жазышты. Маалым болгондой, Сеул шаарында 56 жаштагы аял 1000, 5000 жана 10 000 вондук купюрадан турган 22 миллионду (19030 доллар) аянтка чачып алган. Полиция билдиргендей, бирөөнүн акчасын алып коюу фактысы үчүн мыйзам түрүндө жоопкерчиликке тартылат. Полиция акчасын чачып алган аялды суракка алганда, ал Сеулдагы банктардын биринен 42 миллион вон акчаны бир нече күн мурун алганы белгилүү болгон. Ал акчасын алдырып жибербейин деп жан сакчы жана такси жалдап алганын айткан. Аялдын айтымында, аны күйөөсү менен баласы коркутуп акчаны талап кылганда, ал бул каражатты көчөдөгү кембагалдардын бирине берүүнү көздөп келе жаткан.
Түштүк Кореяда 19 миңдей АКШ долларын аянтка чачып алган аялдын акчасына жанынан өтүп бара жаткандар тийишкен жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган өлкөнүн басылмалары жазышты. Маалым болгондой, Сеул шаарында 56 жаштагы аял 1000, 5000 жана 10 000 вондук купюрадан турган 22 миллионду (19030 доллар) аянтка чачып алган. Полиция билдиргендей, бирөөнүн акчасын алып коюу фактысы үчүн мыйзам түрүндө жоопкерчиликке тартылат. Полиция акчасын чачып алган аялды суракка алганда, ал Сеулдагы банктардын биринен 42 миллион вон акчаны бир нече күн мурун алганы белгилүү болгон. Ал акчасын алдырып жибербейин деп жан сакчы жана такси жалдап алганын айткан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142561
2016-03-22
ky
СУПЕРСТАН: "Тойго көп киши чакырууну жана жылдап топтогон акчаны 2 күндө тойго чачып салууну колдобойм"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тойго көп адамдын келиши сизге маанилүүбү?" деген тема кызуу талкууну жаратты. Темада: "Той жакын адамдарың менен эле болгону жакшы. Калганы сынап келишет. Көп киши чакырып акча табам дегендер да адашат, андай акчалар дегеле жукпайт". "Үйлөнүү тойго көптөгөн конокторду чакыруу салтка айланып бара жатат. Анткени сен да бирөөнүн тоюна барып катышасың, барганга жараша беш-он миң сом көтөрүп барасың. Анан ошол беш-он миңден берген акчаңды кайра жыйнап алышың керек да". "Курбуларымдын тоюна күбө болуп, ата-энелерине боорум ооруп кетчү, "Ушунча адам, ушунча чыгым, ушунча ысырапкерчилик, ушунча убаракерчилик болгону ушул эки күн үчүнбү?" деп. Өзүм турмушка чыгарда эки бутумду бир өтүккө салып туруп алдым, "эч ким келбесин, мен ЗАГСка барам, шакек тагам, ошол болот" деп. Ашыкча "расходдун" кимге кереги бар? Сомду сомго тизип жылдап топтоп, 2-3 күндө чачып ийип, бармакты мурунга тыгып, моюнга карызды илип отуруп калабыз, тойдон кийин тон керек". "Кыргыздын тоюнда аз киши болгон жарашпай калат го дейм. Бери дегенде эле 100 киши болсо керек. Томолой жетим эле болбосоң",- деген пикирлер айтылууда. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тойго көп адамдын келиши сизге маанилүүбү?" деген тема кызуу талкууну жаратты. Темада: "Той жакын адамдарың менен эле болгону жакшы. Калганы сынап келишет. Көп киши чакырып акча табам дегендер да адашат, андай акчалар дегеле жукпайт". "Үйлөнүү тойго көптөгөн конокторду чакыруу салтка айланып бара жатат. Анткени сен да бирөөнүн тоюна барып катышасың, барганга жараша беш-он миң сом көтөрүп барасың. Анан ошол беш-он миңден берген акчаңды кайра жыйнап алышың керек да". "Курбуларымдын тоюна күбө болуп, ата-энелерине боорум ооруп кетчү, "Ушунча адам, ушунча чыгым, ушунча ысырапкерчилик, ушунча убаракерчилик болгону ушул эки күн үчүнбү?" деп. Өзүм турмушка чыгарда эки бутумду бир өтүккө салып туруп алдым, "эч ким келбесин, мен ЗАГСка барам, шакек тагам, ошол болот" деп. Ашыкча "расходдун" кимге кереги бар? Сомду сомго тизип жылдап топтоп, 2-3 күндө чачып ийип, бармакты мурунга тыгып, моюнга карызды илип отуруп калабыз, тойдон кийин тон керек". "Кыргыздын тоюнда аз киши болгон жарашпай калат го дейм. Бери дегенде эле 100 киши болсо керек. Томолой жетим эле болбосоң",- деген пикирлер айтылууда.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142565
2016-03-22
ky
Борбордо "денеге атайылап залал келтирген" деген шек менен 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм
Борбор калаада "денеге атайылап залал келтирген" деген шек менен 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 01:30 чамасында И.Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 3-4 адам анын денесине атайылап залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Н.В., 23 жаштагы П.И. аттуу шаар тургундары жана 24 жаштагы П.Н. аттуу Сокулуктун тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбор калаада "денеге атайылап залал келтирген" деген шек менен 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 01:30 чамасында И.Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 3-4 адам анын денесине атайылап залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Н.В., 23 жаштагы П.И. аттуу шаар тургундары жана 24 жаштагы П.Н. аттуу Сокулуктун тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142567
2016-03-22
ky
ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Мындан 9 жыл мурун "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан
Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы 22-мартта "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, “Банда” тобунун солисти, орусиялык рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан. 26-март күнү Ратмир Шишковду жакындары келбес сапарга узатышкан. Маркум менен коштошкону “Жылдыздар фабрикасы-4” долбоорунун бардык катышуучулары менен бирге долбоордун продюсери Игорь Крутой да келген. Ратмир Шишков Мерседес унаасында достору менен келе жатып Фольксваген менен кагылышууга учураган. Катуу кагылышуудан улам Мерседестин Ратмир отурган тарабындагы бензин куюлган багы жарылып, машина толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин гана каза тапкандардын арасында Ратмир Шишковдун бар экени такталган. 22-марттын жылнаамасы .
Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы 22-мартта "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, “Банда” тобунун солисти, орусиялык рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан. 26-март күнү Ратмир Шишковду жакындары келбес сапарга узатышкан. Маркум менен коштошкону “Жылдыздар фабрикасы-4” долбоорунун бардык катышуучулары менен бирге долбоордун продюсери Игорь Крутой да келген. Ратмир Шишков Мерседес унаасында достору менен келе жатып Фольксваген менен кагылышууга учураган. Катуу кагылышуудан улам Мерседестин Ратмир отурган тарабындагы бензин куюлган багы жарылып, машина толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин гана каза тапкандардын арасында Ратмир Шишковдун бар экени такталган.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142563
2016-03-22
ky
СУПЕРСТАН: "Сүйбөгөн эркекке турмушка чыгып, аны менен бир төшөктө болуу - азап"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аргасыздан турмуш курганда..." деген тема талкууланууда. Автор: "Сүйбөгөн адамына аргасыз баш кошкондордун жашоосу кандай болот? Же "нике ысык болот" демекчи, жактырбаган адамын нике сүйдүрүп коёбу?"- деп суроо салган. Буга төмөндөгүдөй пикирлер айтылууда: "Эгер мурда башканы сүйүп жүрүп, ата-энесинин мажбурлоосу менен башкага баш байласа, өтө эле оор болот го. Келинчегинин баскан-турганы одоно көрүнүп, сүйгөн кызынын жакшы жактарын келинчегинен таппай убайым тартары анык. Эгер ушул эле ситуация аял кишинин башына түшсө, жыл айланбай балалуу болот да, баласына байланып кала берет. Эне деген баласы үчүн өз бактысын садага чабары бештен белгилүү эмеспи". " Көпчүлүк кыргыз келиндери ала качуу же башка себептер менен өз сүйгөнүнө турмушка чыкпай калышат. Алардын интимдик жашоосу ойдогудай боло бербейт". "Сага жат, көңүлүң тартпаган, сен сүйбөгөн эркек менен бир төшөктө болуу өлүмгө барабар". "Көрүшпөй жүрүп, кичине жактырып үйлөнсө кызыктуу, сүйүү да бекем болот. Узак сүйлөшсөң деле кызыгы кетет. Жаңы таанышып, жаңы сүйүү баштасаң сонун да". "Жакын досум деле мажбур болуп тийген, бирок жолдошун аябай сүйөт азыр". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз .
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аргасыздан турмуш курганда..." деген тема талкууланууда. Автор: "Сүйбөгөн адамына аргасыз баш кошкондордун жашоосу кандай болот? Же "нике ысык болот" демекчи, жактырбаган адамын нике сүйдүрүп коёбу?"- деп суроо салган. Буга төмөндөгүдөй пикирлер айтылууда: "Эгер мурда башканы сүйүп жүрүп, ата-энесинин мажбурлоосу менен башкага баш байласа, өтө эле оор болот го. Келинчегинин баскан-турганы одоно көрүнүп, сүйгөн кызынын жакшы жактарын келинчегинен таппай убайым тартары анык. Эгер ушул эле ситуация аял кишинин башына түшсө, жыл айланбай балалуу болот да, баласына байланып кала берет. Эне деген баласы үчүн өз бактысын садага чабары бештен белгилүү эмеспи". " Көпчүлүк кыргыз келиндери ала качуу же башка себептер менен өз сүйгөнүнө турмушка чыкпай калышат. Алардын интимдик жашоосу ойдогудай боло бербейт". "Сага жат, көңүлүң тартпаган, сен сүйбөгөн эркек менен бир төшөктө болуу өлүмгө барабар". "Көрүшпөй жүрүп, кичине жактырып үйлөнсө кызыктуу, сүйүү да бекем болот. Узак сүйлөшсөң деле кызыгы кетет. Жаңы таанышып, жаңы сүйүү баштасаң сонун да". "Жакын досум деле мажбур болуп тийген, бирок жолдошун аябай сүйөт азыр".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142539
2016-03-22
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ : Кызыктар жана кыйынчылыктар менен тартылган Руслан Абыловдун "Кайдасың?" клиби
"Медиа-порталдагы" жаңы клиптердин бири - Руслан Абыловдун "Кайдасың?" клиби. Режиссёру - Улан Шеркулов. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири Руслан Абылов клипти тартуудагы кызыктар жана кыйынчылыктар тууралуу буларга токтолду: "Клипти тартууда көп эле кызыктар болду. Мисалы, Бишкекте канаттуулар сатылчу дүкөндөн көгүчкөн таба албай койдук. Көрсө, көгүчкөндөр сатылбайт экен. Акыры бирөөдөн суранып жатып алдырдык. Аны тапкандан кийин даракта конуп отурган жеринен кадр ала албай кыйналдык. Токойдо кыз чуркайт эмеспи, кыштын күнү суук болуп, кыз улам көйнөгүнө чалынып чуркай албай бир топ убараланды. Кыскасы, көптөгөн кыйынчылыктар менен, бир топ каражат коротуп, клипти 3 айда тартып бүттүк. Эл назарына коюлгандан кийин "клип жакшы, өзгөчө болуптур" деген жылуу пикирлерди угуп жатабыз. Токойдун арасында тартылгандыктанбы, тиги же бул клипке окшош экен дегендер да жок эмес. Бирок клипти тартуу идеясынын 70 пайызы режиссёрго, ал эми 30 пайызы мага таандык. Андыктан плагиат эмес деп айта алам" . Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
"Медиа-порталдагы" жаңы клиптердин бири - Руслан Абыловдун "Кайдасың?" клиби. Режиссёру - Улан Шеркулов. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири Руслан Абылов клипти тартуудагы кызыктар жана кыйынчылыктар тууралуу буларга токтолду: "Клипти тартууда көп эле кызыктар болду. Мисалы, Бишкекте канаттуулар сатылчу дүкөндөн көгүчкөн таба албай койдук. Көрсө, көгүчкөндөр сатылбайт экен. Акыры бирөөдөн суранып жатып алдырдык. Аны тапкандан кийин даракта конуп отурган жеринен кадр ала албай кыйналдык. Токойдо кыз чуркайт эмеспи, кыштын күнү суук болуп, кыз улам көйнөгүнө чалынып чуркай албай бир топ убараланды. Кыскасы, көптөгөн кыйынчылыктар менен, бир топ каражат коротуп, клипти 3 айда тартып бүттүк. Эл назарына коюлгандан кийин "клип жакшы, өзгөчө болуптур" деген жылуу пикирлерди угуп жатабыз. Токойдун арасында тартылгандыктанбы, тиги же бул клипке окшош экен дегендер да жок эмес. Бирок клипти тартуу идеясынын 70 пайызы режиссёрго, ал эми 30 пайызы мага таандык. Андыктан плагиат эмес деп айта алам" .
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142553
2016-03-22
ky
Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 27 адамга жетти
Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 27 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага кайрылгандардын саны такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аэропорттун ичиндеги 2 жардыруудан 17 жети адам каза тапса, метрополитендин жанындагы жардыруудан 10 адам мерт болду. Брюсселде метро, коомдук унаа, трамвайлар убактылуу токтотулганы маалымдалды. Аэропорттун ичинде 2 жардыруу болуп, учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилгендигине байланыштуу ал 23-март, таңкы саат 06:00гө чейин толугу менен жабылды. Бул аэропортко учуп келүүчү учактар убактылуу Бельгиянын аймактык аэропортторуна конмокчу болду. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жардыруулардын алдында араб тилиндеги кыйкырыктардын жана атышуулардын үндөрү чыкканын жазып чыгышты.
Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 27 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага кайрылгандардын саны такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аэропорттун ичиндеги 2 жардыруудан 17 жети адам каза тапса, метрополитендин жанындагы жардыруудан 10 адам мерт болду. Брюсселде метро, коомдук унаа, трамвайлар убактылуу токтотулганы маалымдалды. Аэропорттун ичинде 2 жардыруу болуп, учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилгендигине байланыштуу ал 23-март, таңкы саат 06:00гө чейин толугу менен жабылды. Бул аэропортко учуп келүүчү учактар убактылуу Бельгиянын аймактык аэропортторуна конмокчу болду.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142557
2016-03-22
ky
Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлери кесиптик майрамына карата Ардак грамоталар менен сыйланышты
Бүгүн, 22-мартта Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлери кесиптик майрамына карата сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, борбордук муниципалитет жана шаардык кеңеш Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлерин талыкпас эмгеги жана күжүрмөндүгү үчүн Ардак грамоталар менен сыйлады. Салтанаттуу иш-чара Бишкек мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин катышуусу менен өткөрүлдү.
Бүгүн, 22-мартта Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлери кесиптик майрамына карата сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, борбордук муниципалитет жана шаардык кеңеш Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлерин талыкпас эмгеги жана күжүрмөндүгү үчүн Ардак грамоталар менен сыйлады.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142487
2016-03-22
ky
Борбордогу Кызыл-Аскер аймагында табылган снаряд Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Кызыл-Аскер аймагында табылган снаряд Башкы штабдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта окуя болгон жерден SUPER.KG порталынын кабарчысы билдирди. Маалым болгондой, бүгүн табылган снарядды аталган кызматтын кызматкерлери алып кетип, учурда тосулган жол ачылды. Ал эми снарядды таап алган селсаякты Ленин РИИБинин кызматкерлери суракка алып кетишти. Куралдуу күчтөрдүн өкүлү табылган снаряд эски экенин жана бүгүн жок кылынарын белгиледи. Эске салсак, снарядды аталган аймактагы агынды суу өтүүчү люктун ичинен селсаяк таап алып, бул тууралуу 102 кызматына билдирген.
Кызыл-Аскер аймагында табылган снаряд Башкы штабдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта окуя болгон жерден порталынын кабарчысы билдирди. Маалым болгондой, бүгүн табылган снарядды аталган кызматтын кызматкерлери алып кетип, учурда тосулган жол ачылды. Ал эми снарядды таап алган селсаякты Ленин РИИБинин кызматкерлери суракка алып кетишти. Куралдуу күчтөрдүн өкүлү табылган снаряд эски экенин жана бүгүн жок кылынарын белгиледи.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142547
2016-03-22
ky
Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринен көз жарган 15 жаштагы кыз "күйөөсү" менен ажырашып, ал Орусияга кетип калганы аныкталды
Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен көз жарган 15 жаштагы кыз "күйөөсү" менен ажырашып, ал Орусияга кетип калганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG`ге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. "Борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде өспүрүм кыз төрөгөнү тууралуу маалыматты милицияга бүгүн борбордогу клиникалык №6-төрөт үйүнөн билдиришти. Ноорузгүл аттуу 15 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну аталган төрөт үйүнө 17-март күнү саат 17:40 чамасында келип түшүп, 18-март күнү эркек бала төрөгөн. Учурда эне менен баланын абалы жакшы. Кыздын айтымына караганда, ал күйөөсү менен нике кыйып жашап жүрүп боюна болуп, бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Кийин күйөөсү Орусияга кетип калган. Учурда өспүрүм энени борбордо жашаган туугандары үйүнө чыгарып кетишти. Ал өз сөзүндө күйөөсүнө арыз-доосу жок экенин билдирди. Кыздын ата-энеси эч жерде иштебейт, ал үй-бүлөсүндө 9 бир тууган экени маалым болду", - деп билдирди О.Казабаев.
Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен көз жарган 15 жаштагы кыз "күйөөсү" менен ажырашып, ал Орусияга кетип калганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта `ге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. "Борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде өспүрүм кыз төрөгөнү тууралуу маалыматты милицияга бүгүн борбордогу клиникалык №6-төрөт үйүнөн билдиришти. Ноорузгүл аттуу 15 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну аталган төрөт үйүнө 17-март күнү саат 17:40 чамасында келип түшүп, 18-март күнү эркек бала төрөгөн. Учурда эне менен баланын абалы жакшы. Кыздын айтымына караганда, ал күйөөсү менен нике кыйып жашап жүрүп боюна болуп, бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Кийин күйөөсү Орусияга кетип калган. Учурда өспүрүм энени борбордо жашаган туугандары үйүнө чыгарып кетишти. Ал өз сөзүндө күйөөсүнө арыз-доосу жок экенин билдирди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142543
2016-03-22
ky
Улуу Британияда темир доорунун аскерлери көмүлгөн мүрзөлөр табылды
Улуу Британиянын Йоркшир аймагында адырлар арасында аррас маданиятынын өкүлдөрүнө таандык 75 мүрзө, ошондой эле 2500 жыл мурда көмүлгөн аскер кол башчысынын сөөгү табылган. Бул табылгалар акыркы он жылдыктагы улуу ачылыш катары эсептелүүдө. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Поклингтон шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин учурунда темир доорундагы аскерлердин мүрзөлөрүнө туш болушкан. Табылган мүрзөлөр эки түргө бөлүнгөн. Анча чоң эмес, тоголок формадагы мүрзөгө коомдогу элита дегендер (аскерлер курал-жарактары менен) коюлса, тик бурчтууларга уруунун жөнөкөй өкүлдөрү көмүлгөн. Жалпысынан 160 адамдын сөөгү табылган. Археологдор 360тан ашуун янтардан жана айнектен жасалган мончокторду, төөнөгүчтөрдү, ылайдан жасалган идиштерди, кылыч жана найзаларды табышкан. Улуу Британияда темир доору болжол менен 800 жылга созулуп, биздин замандын биринчи кылымында бул аймак Рим бийлигинин кол астына өткөндө бүткөн. Бул учурда көптөгөн кан төгүүлөр болуп, Британиянын көптөгөн уруулары бири-бири менен согуш жүргүзүшкөн.
Улуу Британиянын Йоркшир аймагында адырлар арасында аррас маданиятынын өкүлдөрүнө таандык 75 мүрзө, ошондой эле 2500 жыл мурда көмүлгөн аскер кол башчысынын сөөгү табылган. Бул табылгалар акыркы он жылдыктагы улуу ачылыш катары эсептелүүдө. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Поклингтон шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин учурунда темир доорундагы аскерлердин мүрзөлөрүнө туш болушкан. Табылган мүрзөлөр эки түргө бөлүнгөн. Анча чоң эмес, тоголок формадагы мүрзөгө коомдогу элита дегендер (аскерлер курал-жарактары менен) коюлса, тик бурчтууларга уруунун жөнөкөй өкүлдөрү көмүлгөн. Жалпысынан 160 адамдын сөөгү табылган. Археологдор 360тан ашуун янтардан жана айнектен жасалган мончокторду, төөнөгүчтөрдү, ылайдан жасалган идиштерди, кылыч жана найзаларды табышкан. Улуу Британияда темир доору болжол менен 800 жылга созулуп, биздин замандын биринчи кылымында бул аймак Рим бийлигинин кол астына өткөндө бүткөн.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142529
2016-03-22
ky
ЭЛДИК КАБАР: Шлагбаумдагы аялдаманын отургучтары сынган, автобусту карылар тикесинен тик туруп күтүшөт
Бишкек шаарында шлагбаумдагы аялдамада карылар тикесинен тик туруп алып троллейбус, автобус күтүп жатышат. Себеби аялдамадагы отургучтар сынып, отурууга мүмкүн болбой калган. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Бишкек шаарынын мэриясы отургучтары сынган аялдамаларды көзөмөлдөйбү?" - деп суроо салат окурман.
Бишкек шаарында шлагбаумдагы аялдамада карылар тикесинен тик туруп алып троллейбус, автобус күтүп жатышат. Себеби аялдамадагы отургучтар сынып, отурууга мүмкүн болбой калган. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142541
2016-03-22
ky
Өкмөт жооп берет: Күйөөм КамАЗ айдайт, үйүбүз жок. Жөлөк пул ала алабызбы?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Жолдошум КамАЗ айдайт, бирок ал өзүнүн атында эмес. Ишеним кат менен айдайт. Бир кызым бар, жөлөк пул ала алабызбы? Өзүбүз кайнагамдын үйүндө жашайбыз. Үйүбүз жок. Суроо калтырган Asyl.jazi . Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат. Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет: Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясынан тышкары пенсия түрүндө алынган кирешелер; Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелер; Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер; Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер тилкелерин жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери; Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер. Үй-бүлөдө бир жана андан ашык узак пайдаланылуучу, иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт. Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет: - жеңил автомобиль; - айыл чарба техникасы (трактор, комбайн); - жүк ташуучу автомобиль. Жогорудагы жобонун негизинде, сизге балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик жөлөк пул чектөө мыйзамга туура келбестигин министрлик билдирет. Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Жолдошум КамАЗ айдайт, бирок ал өзүнүн атында эмес. Ишеним кат менен айдайт. Бир кызым бар, жөлөк пул ала алабызбы? Өзүбүз кайнагамдын үйүндө жашайбыз. Үйүбүз жок. Суроо калтырган Asyl.jazi . Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат. Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет: Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясынан тышкары пенсия түрүндө алынган кирешелер; Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелер; Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер; Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер тилкелерин жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери; Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер. Үй-бүлөдө бир жана андан ашык узак пайдаланылуучу, иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт. Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет: - жеңил автомобиль; - айыл чарба техникасы (трактор, комбайн); - жүк ташуучу автомобиль. Жогорудагы жобонун негизинде, сизге балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик жөлөк пул чектөө мыйзамга туура келбестигин министрлик билдирет. Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142527
2016-03-22
ky
Ош. Үйгө муктаж болгон мугалимдерге жана тарбиячыларга ипотекалык негизде үйлөр берилүүдө
Ош шаарындагы №23-мектепте мэрия тарабынан ипотекалык насыя аркылуу берилип жаткан үйлөрдү алуу үчүн шаардагы үйгө муктаж болгон мугалимдер жана тарбиячылар чогулушту. Анда Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин өкүлдөрү чүчү кулак аркылуу бир бөлмөлүү 7, эки бөлмөлүү 23, үч бөлмөлүү 22, жалпы 52 батирди муктаж болгон мугалимдерге жана тарбиячыларга бөлүп берди. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, Ош шаарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайларды мындан ары ипотека шартында бөлүп берүүнү камсыз кылуу үчүн КРнын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Турак жай, Жер, Жарандык кодекстерин эске алуу менен Ош шаарында туруктуу каттоодо туруп, жашап жаткан жарандарга берилүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин ипотекалык үйлөрдү алуу үчүн бериле турган насыяларга азыркы учурда Ош шаарынын мугалимдери жазылууда.
Ош шаарындагы №23-мектепте мэрия тарабынан ипотекалык насыя аркылуу берилип жаткан үйлөрдү алуу үчүн шаардагы үйгө муктаж болгон мугалимдер жана тарбиячылар чогулушту. Анда Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин өкүлдөрү чүчү кулак аркылуу бир бөлмөлүү 7, эки бөлмөлүү 23, үч бөлмөлүү 22, жалпы 52 батирди муктаж болгон мугалимдерге жана тарбиячыларга бөлүп берди. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, Ош шаарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайларды мындан ары ипотека шартында бөлүп берүүнү камсыз кылуу үчүн КРнын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Турак жай, Жер, Жарандык кодекстерин эске алуу менен Ош шаарында туруктуу каттоодо туруп, жашап жаткан жарандарга берилүүдө.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142535
2016-03-22
ky
Бишкек. Кызыл-Аскерде селсаяк танканын снарядын таап алды
Борбор калаанын Кызыл-Аскер аймагында танканын снаряды табылды. Бул тууралуу 22-март күнү SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган аймактын Сельсовет көчөсүндөгү агынды суулар өтүүчү люктан селсаяктар болжол менен танканын снарядын таап алып, бул тууралуу 102 кызматына билдиришкен. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жакынкы көчөлөр тосулуп, аталган жерде аймактык милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Азыркы тапта УКМКнын сапёрлорунун келиши күтүлүүдө.
Борбор калаанын Кызыл-Аскер аймагында танканын снаряды табылды. Бул тууралуу 22-март күнү порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган аймактын Сельсовет көчөсүндөгү агынды суулар өтүүчү люктан селсаяктар болжол менен танканын снарядын таап алып, бул тууралуу 102 кызматына билдиришкен. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жакынкы көчөлөр тосулуп, аталган жерде аймактык милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142537
2016-03-22
ky
Баткен. Жансыз денеси таштандыдан табылган адам Ноокен районунун тургуну экени аныкталды
Баткендеги таштандыдан жансыз денеси табылган адам Ноокен районунун тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу 22-март күнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-март күнү саат 14:30 чамасында Айдаркен шаары менен Эшме айылынын ортосундагы таштанды таштоочу жайдан киши колдуу болгон эркек адамдын денеси табылган. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголгон. Табылган адамдын аты-жөнүн тактоо боюнча ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 20-март күнү маркумдун өздүгү аныкталды. Ал Ноокен районунун Арал айылынын 28 жаштагы Сейитбек Эсеналиев аттуу тургуну экени белгилүү болду. Бүгүнкү күндө тергөө иштери улантылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Баткендеги таштандыдан жансыз денеси табылган адам Ноокен районунун тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу 22-март күнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-март күнү саат 14:30 чамасында Айдаркен шаары менен Эшме айылынын ортосундагы таштанды таштоочу жайдан киши колдуу болгон эркек адамдын денеси табылган. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголгон. Табылган адамдын аты-жөнүн тактоо боюнча ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 20-март күнү маркумдун өздүгү аныкталды. Ал Ноокен районунун Арал айылынын 28 жаштагы Сейитбек Эсеналиев аттуу тургуну экени белгилүү болду.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142515
2016-03-22
ky
ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Мындан 6 жыл мурун советтик жана орусиялык ырчы Валентина Толкунова 63 жашында оор илдеттен каза болгон
Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы 22-мартта советтик жана орусиялык ырчы, СССРдин Эмгек сиңирген жана Эл артисти Валентина Толкунова 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Валентина Толкунова Краснодар крайынын Армавир шаарында 1946-жылы 12-июлда туулган. Валентина 1 жашка чыкканда ата-энеси Москвага көчүп келген. Музыкага кызыгуусу бала чагынан эле башталган. Мектепте окуп жүргөн кезде алгач балдар хорунда, кийинчерээк Темир жолчулардын борбордук үйүнүн ансамблинде ырдай баштаган. Ал эми бой жеткенде ал Москва мамлекеттик искусство институтунун дирижёр-хордук бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайда билим алып жаткан учурда вокалдык-инструменталдык оркестрде (ВИО) сынактан өтүп, ошол жерде жаз инструменталдык музыкасында ырдаган жана солист-вокалист катары 5 жыл эмгектенген. В.Толкунованын популярдуулугу алгач Лев Ошаниндин чыгармачылык кечесинде Владимир Шаинскийдин "Ах, Наташа" аттуу ырын ырдап чыккандан башталат. Чыгармачылыктын үстүндө талыкпай эмгектенген Валентина бир топ ийгиликтерге жетише алган. Элге жаккан "Кичинекей станцияда турам", "Күмүш той", "Апа, мени менен сүйлөш", "Кетирекей мурундуу", "Мурда кайда элең?", "Эски сөздөр", "Сүйүктүүм, эгерде согуш болбогондо", "Ар дайым ыр", "Мен айылдыкмын", "Биз кайыкта сүздүк" жана башка көптөгөн ырлары болгон. Ошондой эле музыкалык фильмдерде жана театрдык спектаклдерде 300дөн ашуун ырды ырдап чыкканга да жетишкен. Талыкпаган эмгеги аны атактуулукка алып келген жана көптөгөн мамлекеттик, коомдук сыйлыктарга ээ болгон. Ийгилик коштогон ырчы 23 жолу "Жылдын ыры" телесынагынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Валентина балдар үчүн мультфильмдерде да ырдаган: "Портто", "Простоквашинодо кыш" мультфильминде, "Эгер кыш болбосо" ыры, ошондой эле "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" көрсөтүүсүндө, "Чарчаган оюнчуктар уктап жатышат" ырлары. Валентина Толкунова Беларустагы Могилёвдун концертинен кийин, тактап айтканда, 2010-жылдын 16-февралында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда келип түшкөн. Көп өтпөй "мээнин залалдуу шишиги" диагнозу коюлуп, бул дүйнө менен кош айтышкан. 22-марттын жылнаамасы .
Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы 22-мартта советтик жана орусиялык ырчы, СССРдин Эмгек сиңирген жана Эл артисти Валентина Толкунова 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Валентина Толкунова Краснодар крайынын Армавир шаарында 1946-жылы 12-июлда туулган. Валентина 1 жашка чыкканда ата-энеси Москвага көчүп келген. Музыкага кызыгуусу бала чагынан эле башталган. Мектепте окуп жүргөн кезде алгач балдар хорунда, кийинчерээк Темир жолчулардын борбордук үйүнүн ансамблинде ырдай баштаган. Ал эми бой жеткенде ал Москва мамлекеттик искусство институтунун дирижёр-хордук бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайда билим алып жаткан учурда вокалдык-инструменталдык оркестрде (ВИО) сынактан өтүп, ошол жерде жаз инструменталдык музыкасында ырдаган жана солист-вокалист катары 5 жыл эмгектенген. В.Толкунованын популярдуулугу алгач Лев Ошаниндин чыгармачылык кечесинде Владимир Шаинскийдин "Ах, Наташа" аттуу ырын ырдап чыккандан башталат. Чыгармачылыктын үстүндө талыкпай эмгектенген Валентина бир топ ийгиликтерге жетише алган. Элге жаккан "Кичинекей станцияда турам", "Күмүш той", "Апа, мени менен сүйлөш", "Кетирекей мурундуу", "Мурда кайда элең?", "Эски сөздөр", "Сүйүктүүм, эгерде согуш болбогондо", "Ар дайым ыр", "Мен айылдыкмын", "Биз кайыкта сүздүк" жана башка көптөгөн ырлары болгон. Ошондой эле музыкалык фильмдерде жана театрдык спектаклдерде 300дөн ашуун ырды ырдап чыкканга да жетишкен. Талыкпаган эмгеги аны атактуулукка алып келген жана көптөгөн мамлекеттик, коомдук сыйлыктарга ээ болгон. Ийгилик коштогон ырчы 23 жолу "Жылдын ыры" телесынагынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Валентина балдар үчүн мультфильмдерде да ырдаган: "Портто", "Простоквашинодо кыш" мультфильминде, "Эгер кыш болбосо" ыры, ошондой эле "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" көрсөтүүсүндө, "Чарчаган оюнчуктар уктап жатышат" ырлары. Валентина Толкунова Беларустагы Могилёвдун концертинен кийин, тактап айтканда, 2010-жылдын 16-февралында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда келип түшкөн. Көп өтпөй "мээнин залалдуу шишиги" диагнозу коюлуп, бул дүйнө менен кош айтышкан.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142517
2016-03-22
ky
Өкмөт жооп берет: Башка шаардын тургуну Бишкектен төрөп калса, убактылуу батирде турса, андайда жөлөк пулду кантип жана кайсы жактан алат?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Жердиги башка жактан болсо, учурда Бишкектен төрөп калса, убактылуу батирде турса, андайда жөлөк пулду кантип жана кайсы жактан алат? Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү айылга барып алабызбы же шаарданбы? Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат. Мамлекеттик жөлөк пул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй зарыл документтерди тапшырат: - инсандыгын ырастоочу документти; - анкета-арызды (арызды); - үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты; - үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалым катты. Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөк пул алууга укук берүүчү кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу, никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маалымат каты, көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим, окуган жеринен, калкты ишке орноштуруу органдарынан маалым каттар, "кайрылман" күбөлүгү жана башка документтер) тапшырылат. Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет: Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясынан тышкары пенсия түрүндө алынган кирешелер; Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелер; Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер; Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер тилкелерди жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери; Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер. Үй-бүлөдө бир жана андан ашык узак пайдаланылуучу, иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт. Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет: - жеңил автомобиль; - айыл чарба техникасы (трактор, комбайн); - жүк ташуучу автомобиль. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылдын 6-июнундагы “Мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндөгү” №47-буйругунун негизинде, жаран бир райондо (шаарда) катталып, бирок иш жүзүндө башка дарек боюнча жашаса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул убактылуу катталган жери боюнча убактылуу каттоо талонунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалат. Мында катталган жери боюнча райондук же шаардык Социалдык жактан коргоо башкармалыктарынан арыз ээси катталган жери боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулду албай тургандыгы жөнүндө маалым кат талап кылынат. Жогорудагы жобонун негизинде, жаран убактылуу жашаган жери боюнча райондук же шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусун министрлик сунуштайт. Ал эми күбөлүк бала кайсы төрөт үйүндө төрөлсө, ошол төрөт үйүнөн алат. Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда " Өкмөт жооп берет " бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Жердиги башка жактан болсо, учурда Бишкектен төрөп калса, убактылуу батирде турса, андайда жөлөк пулду кантип жана кайсы жактан алат? Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү айылга барып алабызбы же шаарданбы? Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат. Мамлекеттик жөлөк пул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй зарыл документтерди тапшырат: - инсандыгын ырастоочу документти; - анкета-арызды (арызды); - үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты; - үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалым катты. Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөк пул алууга укук берүүчү кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу, никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маалымат каты, көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим, окуган жеринен, калкты ишке орноштуруу органдарынан маалым каттар, "кайрылман" күбөлүгү жана башка документтер) тапшырылат. Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет: Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясынан тышкары пенсия түрүндө алынган кирешелер; Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелер; Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер; Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер тилкелерди жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери; Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер. Үй-бүлөдө бир жана андан ашык узак пайдаланылуучу, иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт. Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет: - жеңил автомобиль; - айыл чарба техникасы (трактор, комбайн); - жүк ташуучу автомобиль. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылдын 6-июнундагы “Мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндөгү” №47-буйругунун негизинде, жаран бир райондо (шаарда) катталып, бирок иш жүзүндө башка дарек боюнча жашаса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул убактылуу катталган жери боюнча убактылуу каттоо талонунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалат. Мында катталган жери боюнча райондук же шаардык Социалдык жактан коргоо башкармалыктарынан арыз ээси катталган жери боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулду албай тургандыгы жөнүндө маалым кат талап кылынат. Жогорудагы жобонун негизинде, жаран убактылуу жашаган жери боюнча райондук же шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусун министрлик сунуштайт. Ал эми күбөлүк бала кайсы төрөт үйүндө төрөлсө, ошол төрөт үйүнөн алат. Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142485
2016-03-22
ky
КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз жергесинде жана Тажикстанда чыгат
КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз жергесинде жана Тажикстанда чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча аталган өлкөлөрдө суу курамы адам организми үчүн эң пайдалуу болуп эсептелет. "Биздин өлкөдө таза жана ичүүгө ылайыктуу болгон суулар мөңгүлөрдөн жана жер астындагы суулардан алынат. Ал эми башка мамлекеттерде суулар саздак жерлерден алынып, тазаланып, анан ичкенге даярдалат. Ошол эле учурда биздеги суулардын баары эле атайын стандарттарга жооп берет дегенден алысмын. Бизде Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ачык булактан суу алып ичкендер ар кандай инфекциялык ооруларга көп кабылышат", - деди Исаков.
КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз жергесинде жана Тажикстанда чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча аталган өлкөлөрдө суу курамы адам организми үчүн эң пайдалуу болуп эсептелет. "Биздин өлкөдө таза жана ичүүгө ылайыктуу болгон суулар мөңгүлөрдөн жана жер астындагы суулардан алынат. Ал эми башка мамлекеттерде суулар саздак жерлерден алынып, тазаланып, анан ичкенге даярдалат. Ошол эле учурда биздеги суулардын баары эле атайын стандарттарга жооп берет дегенден алысмын.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142523
2016-03-22
ky
Кытайда "супер баатыр" метродо семичке чаккан жаранды аёосуз сабап салды
Интернетте метродо семичке чаккан баланын аёосуз сабалганы тууралуу видео популярдуу болууда. Анда метродо жайма-жай семичке чагып бара жаткан балага жүргүнчүлөр коомдук жайда тазалыкты сактоо керектигин улам эскертишет. Бирок бейбаш бала аларды укмаксанга салып, семичке чагуусун улантат. Анысы аз келгенсип жүргүнчүлөр менен кер-мур айтышууга чейин барат. Бул убакта ары жактан брондолгон кийим кийген "супер баатыр" чыгып келет да, семичке чаккан баланы балка менен сабап кирет. Алган жаракаттарынан улам ал жерге жыгылат. "Экинчи метродо семичке чакпа!" - деп эскертет "супер баатыр". Кытай маалымат каражаттарынын билдиришинче, метродогу бул окуяга милиция кызматкерлери да аралашып, тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок видео поезддерде таштанды таштагандарга таасир этүү максатында атайын тартылгандыгы аныкталган. Далил катары күндүн "жабырлануучусу" жана "супер баатырдын" чогуу күлүп түшкөн сүрөтү жарыяланган.
Интернетте метродо семичке чаккан баланын аёосуз сабалганы тууралуу видео популярдуу болууда. Анда метродо жайма-жай семичке чагып бара жаткан балага жүргүнчүлөр коомдук жайда тазалыкты сактоо керектигин улам эскертишет. Бирок бейбаш бала аларды укмаксанга салып, семичке чагуусун улантат. Анысы аз келгенсип жүргүнчүлөр менен кер-мур айтышууга чейин барат. Бул убакта ары жактан брондолгон кийим кийген "супер баатыр" чыгып келет да, семичке чаккан баланы балка менен сабап кирет. Алган жаракаттарынан улам ал жерге жыгылат. "Экинчи метродо семичке чакпа!" - деп эскертет "супер баатыр". Кытай маалымат каражаттарынын билдиришинче, метродогу бул окуяга милиция кызматкерлери да аралашып, тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок видео поезддерде таштанды таштагандарга таасир этүү максатында атайын тартылгандыгы аныкталган.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142507
2016-03-22
ky
КИНОЗАЛ: "Белгисиз маршрут" тасмасы ачуу чындыкты көрсөтүп, келечек тууралуу ойлонууга мажбур кылат
SUPER.KG'нин "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрда тартылып, бирок ачуу чындыкты көрсөткөн, адамды келечек тууралуу ойлонууга мажбур кылган тасма - "Белгисиз маршрут" тасмасы. Анда жүргүнчүлөр аркылуу бир өлкөнүн тагдыры, андагы коомчулук, келечекке болгон ишеним чагылдырылат. Тасманын режиссёру - Темир Бирназаров . Тасмада Дүйшөн Байдөбөтов, Эгемберди Чалабаев, Күмөндөр Абылов, Асылбек Өзүбеков, Бакыт Мукул, Жылдыз Сегизбаева, Табылды Актанов сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан. Буга чейин режиссёр Темир Бирназаров: "Белгисиз маршрут" сыяктуу мамлекеттик кинонун башкы максаты – жалпы коомго тиешелүү олуттуу маселени көтөрүп чыгуу, аны көрүүчүгө жеткире билүү. Мен улутумду сүйгөн адаммын, андыктан бул тасма аркылуу улут маселесин көтөрүп чыгууну чечтим. Биз ар бирибиз ар башкачабыз, мүнөздөрүбүз, көздөгө­нү­бүз, тилектерибиз. Кээде өз максатыбызга жетүү үчүн чыккынчылыкка, сатууга барабыз. Бирок териштире келсең эле баарыбыз бир тууган болуп чыгат экенбиз. Көрүүчүгө жеткирейин дегеним – ынтымак, анын күчү жана улутубузга зарылдыгы",- деп бизге берген маектеринин биринде билдирген эле. 21 жүргүнчүсү бар айылдык автобус туман каптап турганда Келечек айылын көздөй алыс жолго чыгат. Күлкү менен ый, уруш-талаш менен жалпы кубаныч коштогон жөнө­көй эле сапар бир чоң окуяга айланат. Ызы-чууга түшкөн жүргүнчүлөр­дү Үмүт аттуу жигит ын­ты­мак­ка чакырып, автобусту бирге түр­түп чыгарууну сунуштайт. Көпчүлүк жаш жигитке ишеним артабы же ызы-чуу уланып, көздөгөн дарегине жетпей калышабы? Суроого тасманы көрүп, жооп алсаңыз болот. Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз .
'нин "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрда тартылып, бирок ачуу чындыкты көрсөткөн, адамды келечек тууралуу ойлонууга мажбур кылган тасма - "Белгисиз маршрут" тасмасы. Анда жүргүнчүлөр аркылуу бир өлкөнүн тагдыры, андагы коомчулук, келечекке болгон ишеним чагылдырылат. Тасманын режиссёру - Темир Бирназаров . Тасмада Дүйшөн Байдөбөтов, Эгемберди Чалабаев, Күмөндөр Абылов, Асылбек Өзүбеков, Бакыт Мукул, Жылдыз Сегизбаева, Табылды Актанов сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан. Буга чейин режиссёр Темир Бирназаров: "Белгисиз маршрут" сыяктуу мамлекеттик кинонун башкы максаты – жалпы коомго тиешелүү олуттуу маселени көтөрүп чыгуу, аны көрүүчүгө жеткире билүү. Мен улутумду сүйгөн адаммын, андыктан бул тасма аркылуу улут маселесин көтөрүп чыгууну чечтим. Биз ар бирибиз ар башкачабыз, мүнөздөрүбүз, көздөгөнүбүз, тилектерибиз. Кээде өз максатыбызга жетүү үчүн чыккынчылыкка, сатууга барабыз. Бирок териштире келсең эле баарыбыз бир тууган болуп чыгат экенбиз. Көрүүчүгө жеткирейин дегеним – ынтымак, анын күчү жана улутубузга зарылдыгы",- деп бизге берген маектеринин биринде билдирген эле. 21 жүргүнчүсү бар айылдык автобус туман каптап турганда Келечек айылын көздөй алыс жолго чыгат. Күлкү менен ый, уруш-талаш менен жалпы кубаныч коштогон жөнөкөй эле сапар бир чоң окуяга айланат. Ызы-чууга түшкөн жүргүнчүлөрдү Үмүт аттуу жигит ынтымакка чакырып, автобусту бирге түртүп чыгарууну сунуштайт. Көпчүлүк жаш жигитке ишеним артабы же ызы-чуу уланып, көздөгөн дарегине жетпей калышабы? Суроого тасманы көрүп, жооп алсаңыз болот.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142433
2016-03-22
ky
ЭЛДИК КАБАР : Кочкордо мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр окуу жайына жардам көрсөтүшүүдө
Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылына караштуу Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектептин кире беришиндеги чатырча жабылып жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Бул иш аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн, башкача айтканда, мектепти 20 жыл мурун аяктагандардын демилгеси менен ишке ашып жатат. Бул мектеп үчүн алгачкы иш эмес, жыл сайын 20 жылдыкты уюштургандар айыл үчүн жана мектеп үчүн жакшы иштерди жасап келишет" ,- дейт окурман.
Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылына караштуу Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектептин кире беришиндеги чатырча жабылып жатат. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Бул иш аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн, башкача айтканда, мектепти 20 жыл мурун аяктагандардын демилгеси менен ишке ашып жатат.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142509
2016-03-22
ky
Бишкектеги Жылуулук электр станциясындагы өрттөн денесинен 90 пайыз күйүк алган жаран каза болуп калды
Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясындагы өрттөн денесинен 90 пайыз күйүк алган жаран каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Жылуулук электр станциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, денесинен 90 пайыз күйүк алган 1957-жылы туулган жаран бүгүн түшкө маал каза болуп калган. Ал 2010-жылдан бери станцияда иштеп келген. Учурда анын үй-бүлөсүнө тиешелүү колдоо жана материалдык жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти ишкананын басма сөз кызматынан. Ал эми денесинен 12 пайыз күйүк алган экинчи кызматкердин абалы туруктуу. Айта кетсек, 17-февраль күнү саат 16:00 чамасында Жылуулук электр станциясындагы көмүрдү майдалоочу тегирмендин ичинен белгисиз жагдайлардан улам өрт чыгып, анын кесепетинен Новопокровка айылынын В.В. аттуу тургунунун башы, моюну, бети жана денесинин 90 пайызы күйүп калган. Андан сырткары Ю.Г. башы, денесинин өйдө жагы, денесинин 12 пайызы 1-2-3 даражадагы күйүк алып, борбордогу ооруканалардын биринин күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.
Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясындагы өрттөн денесинен 90 пайыз күйүк алган жаран каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта порталына Жылуулук электр станциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, денесинен 90 пайыз күйүк алган 1957-жылы туулган жаран бүгүн түшкө маал каза болуп калган. Ал 2010-жылдан бери станцияда иштеп келген. Учурда анын үй-бүлөсүнө тиешелүү колдоо жана материалдык жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти ишкананын басма сөз кызматынан. Ал эми денесинен 12 пайыз күйүк алган экинчи кызматкердин абалы туруктуу. Айта кетсек, 17-февраль күнү саат 16:00 чамасында Жылуулук электр станциясындагы көмүрдү майдалоочу тегирмендин ичинен белгисиз жагдайлардан улам өрт чыгып, анын кесепетинен Новопокровка айылынын В.В. аттуу тургунунун башы, моюну, бети жана денесинин 90 пайызы күйүп калган. Андан сырткары Ю.Г. башы, денесинин өйдө жагы, денесинин 12 пайызы 1-2-3 даражадагы күйүк алып, борбордогу ооруканалардын биринин күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142513
2016-03-22
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ: "Сени сүйгөн адам сенин бардык каталарыңа чыдайт" дейт Айпери Кубик кызы "Агым" ырынын клиби тууралуу
SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү өзгөчө клиптердин бири - Айпери Кубик кызынын "Агым" ырынын клиби. Клип 2014-жылы тартылган, режиссёру – Кубат Шамшиев. Башкы каармандардын образдарын Айпери Кубик кызы, Максат Орозумбетов жаратышкан. Кан соргучтун образын жаратып, клип тартуу жаатында жаңычылдык жараткан ырчы: "Кан соргучпу, ким болсоң да, кечирилгис ката кетирсең да, сени сүйгөн адам баарына чыдайт жана сенин жаныңда болот деген ойду жеткирейин дегем. Менин оюмча, ойлогон оюм ишке ашты",- деген бизге берген маектеринин биринде. Клипти толугу менен бул жерден көрүүгө болот.
порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү өзгөчө клиптердин бири - Айпери Кубик кызынын "Агым" ырынын клиби. Клип 2014-жылы тартылган, режиссёру – Кубат Шамшиев. Башкы каармандардын образдарын Айпери Кубик кызы, Максат Орозумбетов жаратышкан. Кан соргучтун образын жаратып, клип тартуу жаатында жаңычылдык жараткан ырчы: "Кан соргучпу, ким болсоң да, кечирилгис ката кетирсең да, сени сүйгөн адам баарына чыдайт жана сенин жаныңда болот деген ойду жеткирейин дегем. Менин оюмча, ойлогон оюм ишке ашты",- деген бизге берген маектеринин биринде.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142501
2016-03-22
ky
Брюсселдеги аэропорттогу жардыруудан 17 адам каза болуп, 10дон ашууну жаракат алды
Бүгүн, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги аэропорттогу жардыруудан 17 адам каза болуп, 10дон ашууну жаракат алды. Бул тууралуу кырсык болгон жерде иштеген өрт өчүрүүчү кызматкерлер билдиришкенин ТАСС басылмасы жазып чыкты. Алардын айтымында, жеңил жаракат алгандардын санын тактоо оор. Бүгүн эртең менен Брюсселдеги аэропортто 2 жардыруу болгон. Учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилген. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жардыруулардын алдында араб тилиндеги кыйкырыктардын жана атышуулардын үндөрү чыкканын жазышкан. Бирок теракт болгондугу расмий түрдө тастыктала элек. Аэропорт борбор калаадан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан Завентем шаарында жайгашкан. Учурда бардык каттамдар жана аэропорт менен Брюсселдин ортосундагы темир жол байланышы токтотулган.
Бүгүн, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги аэропорттогу жардыруудан 17 адам каза болуп, 10дон ашууну жаракат алды. Бул тууралуу кырсык болгон жерде иштеген өрт өчүрүүчү кызматкерлер билдиришкенин ТАСС басылмасы жазып чыкты. Алардын айтымында, жеңил жаракат алгандардын санын тактоо оор. Бүгүн эртең менен Брюсселдеги аэропортто 2 жардыруу болгон. Учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилген. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жардыруулардын алдында араб тилиндеги кыйкырыктардын жана атышуулардын үндөрү чыкканын жазышкан. Бирок теракт болгондугу расмий түрдө тастыктала элек. Аэропорт борбор калаадан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан Завентем шаарында жайгашкан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142511
2016-03-22
ky
Өлкөдөгү 1805 айылдын 60 пайызы гана ичүүчү суу менен камсыздалган
Өлкөдөгү 1805 айылдын 60 пайызы гана ичүүчү суу менен камсыздалган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө арналган тегерек столдо Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Анын айтымында, иш-чара таза суу маселелерин талкуулап, аларды чечүүгө арналган. "Кээ бир айылдарда онго жакын колонка бар болсо, биз ал айылдарды суу менен камсыздалды деп эсептеген жокпуз, анткени ар бир үйдүн ичинен таза суу чыгышы керек деген ойдобуз. Эгерде Совет доорунан калган колонкаларды эсептегенде, анда республиканын 91 пайызга жакыны ичүүчү суу менен камсыздалган болуп калат", - деди жетекчи. Айта кетсек, 1993-жылдан бери БУУнун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк суу күнү белгиленип келет. Кыргыз жергесинде бул күн төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.
Өлкөдөгү 1805 айылдын 60 пайызы гана ичүүчү суу менен камсыздалган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө арналган тегерек столдо Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Анын айтымында, иш-чара таза суу маселелерин талкуулап, аларды чечүүгө арналган. "Кээ бир айылдарда онго жакын колонка бар болсо, биз ал айылдарды суу менен камсыздалды деп эсептеген жокпуз, анткени ар бир үйдүн ичинен таза суу чыгышы керек деген ойдобуз. Эгерде Совет доорунан калган колонкаларды эсептегенде, анда республиканын 91 пайызга жакыны ичүүчү суу менен камсыздалган болуп калат", - деди жетекчи. Айта кетсек, 1993-жылдан бери БУУнун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк суу күнү белгиленип келет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142503
2016-03-22
ky
Каржы министрлиги сүзүү көлмөлөрүнүн кызматын 230 миң сомго сатып аларын жарыялап, кайра жокко чыгарды
Каржы министрлиги сүзүү көлмөлөрүнүн (бассейн) кызматын 16-мартта 230 миң сомго сатып аларын мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган. 2 күн өткөн соң, 18-мартта сынакка катышуучуларды кабыл алууну токтоткон. Аталган министрлик бул кызматты кандай максатта жарыялап жана эмне себептен кайра жокко чыгарышканы тууралуу маалымат бере элек. Бул суроолор менен министрликке кайрылганыбызда жакынкы арада расмий жооп берилерин билдиришти.
Каржы министрлиги сүзүү көлмөлөрүнүн (бассейн) кызматын 16-мартта 230 миң сомго сатып аларын мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган. 2 күн өткөн соң, 18-мартта сынакка катышуучуларды кабыл алууну токтоткон. Аталган министрлик бул кызматты кандай максатта жарыялап жана эмне себептен кайра жокко чыгарышканы тууралуу маалымат бере элек.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142505
2016-03-22
ky
Ысык-Ата районунун тургунунун үйүнөн 4,5 килограммдан ашуун баңгизат табылды
Ысык-Ата районунун тургунунун үйүнөн 4,5 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 20-март күнү Жер-Казар айылынын 41 жаштагы Л.Н. аттуу тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда аталган жарандын үйүнөн 3 килограмм 524 грамм гашиш жана 1 килограммдан ашуун кургатылган кара куурай табылган. Мыйзамсыз түрдө баңгизатты жүгүртүү фактысына шектелген жаран Ысык-Ата РИИБине жеткирилип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Ысык-Ата районунун тургунунун үйүнөн 4,5 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 20-март күнү Жер-Казар айылынын 41 жаштагы Л.Н. аттуу тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда аталган жарандын үйүнөн 3 килограмм 524 грамм гашиш жана 1 килограммдан ашуун кургатылган кара куурай табылган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142483
2016-03-22
ky
Токмок шаарында "унааны айдап качып кеткен" деп шектелген жарандар кармалышты
Токмок шаарында унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган шаардын 28 жаштагы тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 19-март күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн алдына токтотулган Тойота Форанер үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринин алкагында Токмок шаарынын 18 жаштагы Ы.А., 17 жаштагы А.Р., 16 жаштагы А.Р. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Токмок шаарында унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган шаардын 28 жаштагы тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 19-март күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн алдына токтотулган Тойота Форанер үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринин алкагында Токмок шаарынын 18 жаштагы Ы.А., 17 жаштагы А.Р., 16 жаштагы А.Р. аттуу тургундары кармалышкан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142489
2016-03-22
ky
ЭЛДИК ВИДЕО: Криштиану Роналду тамактануучу жайда атактуулугунун азабын тартты
Атактуу болууну көпчүлүк каалашат, бирок атактуулуктун жашоодо ыңгайсыздык жараткан жактары да бир топ. SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Криштиану Роналду болуу оңойбу?" деген видео жүктөлдү (ник: Максат Кудайбердиев). Видеодо португалиялык футболчу Криштиану Роналду тамактануучу жайга келсе, элдин баары аны таң калуу, кызыгуу менен карайт. Аны менен сүрөткө түшкүсү келгендер улам келип сүрөткө түшүп алууну суранып, ага тамактанууга да мүмкүндүк бербей айласын кетиришет. Роналду жанындагы досуна: "Бул кадимкидей эле адам бекен деп жатышса керек, ээ?"- деп күлөт. Бирок айласын кетирген күйөрмандарына жылмаюу менен гана жооп берет. Видеону көрүү үчүн шилтеме .
Атактуу болууну көпчүлүк каалашат, бирок атактуулуктун жашоодо ыңгайсыздык жараткан жактары да бир топ. порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Криштиану Роналду болуу оңойбу?" деген видео жүктөлдү (ник: Максат Кудайбердиев). Видеодо португалиялык футболчу Криштиану Роналду тамактануучу жайга келсе, элдин баары аны таң калуу, кызыгуу менен карайт. Аны менен сүрөткө түшкүсү келгендер улам келип сүрөткө түшүп алууну суранып, ага тамактанууга да мүмкүндүк бербей айласын кетиришет. Роналду жанындагы досуна: "Бул кадимкидей эле адам бекен деп жатышса керек, ээ?"- деп күлөт. Бирок айласын кетирген күйөрмандарына жылмаюу менен гана жооп берет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142493
2016-03-22
ky
ЭЛДИК КАБАР : Ала-Буканын тургундары чек ара маселеси боюнча өкмөттүн чабал иштеп жатканын сынга алышты
Бүгүн, 22-мартта өкмөт башчы Темир Сариев Ала-Бука районуна келип, чек ара маселеси боюнча эл менен жолугушту. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү эл маселени тез арада чечип берүү керектигин айтып, бул боюнча өкмөттүн чабал иштеп жатканын сынга алды. "Райондо оппозициялык күчтөр жок, эл мекенчилдик маанайда митингге чыкканын айтууда. Болжол менен 300 киши тынчтык митингине чыкты" ,- дейт окурман.
Бүгүн, 22-мартта өкмөт башчы Темир Сариев Ала-Бука районуна келип, чек ара маселеси боюнча эл менен жолугушту. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү эл маселени тез арада чечип берүү керектигин айтып, бул боюнча өкмөттүн чабал иштеп жатканын сынга алды. "Райондо оппозициялык күчтөр жок, эл мекенчилдик маанайда митингге чыкканын айтууда.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142499
2016-03-22
ky
Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен 15 жаштагы кыз көз жарды
Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өспүрүм эне борбордогу клиникалык №6-төрөт үйүндө бүгүн эртең менен көз жарган. Аталган төрөт үйүнө Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуя тууралуу кошумча маалымат берилет.
Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өспүрүм эне борбордогу клиникалык №6-төрөт үйүндө бүгүн эртең менен көз жарган. Аталган төрөт үйүнө Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142497
2016-03-22
ky
ЭЛДИК КАБАР : Панфилов районунда "Финка" банкынын филиалынын имараты өрттөндү
Бүгүн, 22-мартта саат 12:30 чамасында Чүй облусунун Панфилов районунда "Финка" банкынын филиалынын имараты өрттөндү. Бул тууралуу окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдиришти. Маалым болгондой, өрт башталгандан кийин жарым саат өткөндө Өрт өчүрүү кызматы келип, өрттү толук өчүрдү. "Имараттын ичинде тамактануучу жай болгон" ,- дешет окурмандар.
Бүгүн, 22-мартта саат 12:30 чамасында Чүй облусунун Панфилов районунда "Финка" банкынын филиалынын имараты өрттөндү. Бул тууралуу окурмандар порталына WhatsApp аркылуу билдиришти. Маалым болгондой, өрт башталгандан кийин жарым саат өткөндө Өрт өчүрүү кызматы келип, өрттү толук өчүрдү.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142495
2016-03-22
ky
Бишкекте Нооруз күнү 52 наристе жарык дүйнөгө келди
Бишкекте Нооруз күнү 52 наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-мартта Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти таратты. Маалым болгондой, борбор калаада кечээ, 21-мартта 51 айым көз жарган, алардын бири эгиз төрөдү. 52 ымыркайдын 28и эркек, ал эми 24ү кыз. Учурда энелердин жана балдардын абалдары канааттандырарлык.
Бишкекте Нооруз күнү 52 наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-мартта Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти таратты. Маалым болгондой, борбор калаада кечээ, 21-мартта 51 айым көз жарган, алардын бири эгиз төрөдү. 52 ымыркайдын 28и эркек, ал эми 24ү кыз.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142491
2016-03-22
ky
Чүй облусунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды
Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 19-мартта саат 22:40 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында болгон. Анда Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унааны башкарган 31 жаштагы С.Р. аттуу шаар тургуну батышты көздөй баратып 44 жаштагы К.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургунун сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилип, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 19-мартта саат 22:40 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында болгон. Анда Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унааны башкарган 31 жаштагы С.Р. аттуу шаар тургуну батышты көздөй баратып 44 жаштагы К.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургунун сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142481
2016-03-22
ky
Сокулукта зордуктоого шектелген жаран кармалды
Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Ш.С. милицияга кайрылган. Ал 18-март күнү болжол менен саат 01:00дө Ала-Тоо-2 жаңы конушунда Кана аттуу бала аны зордуктап кеткенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринин алкагында фактыга шектелип ошол эле конуштун 28 жаштагы С.К. аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Ш.С. милицияга кайрылган. Ал 18-март күнү болжол менен саат 01:00дө Ала-Тоо-2 жаңы конушунда Кана аттуу бала аны зордуктап кеткенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринин алкагында фактыга шектелип ошол эле конуштун 28 жаштагы С.К. аттуу тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142479
2016-03-22
ky
Борбор калаада унааны айдап качууга аракеттенген жаран кармалды
Борбор калаада унааны айдап качууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 31 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал саат 23:00 чамасында үйүнүн жанынан белгисиз адамдар Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын айдап кетүүгө аракеттенишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.А. аттуу Бишкектин тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Борбор калаада унааны айдап качууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 31 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал саат 23:00 чамасында үйүнүн жанынан белгисиз адамдар Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын айдап кетүүгө аракеттенишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.А. аттуу Бишкектин тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142477
2016-03-22
ky
Нооруздан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 8 куб таштанды чыгарылды
Нооруз майрамынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 8 куб таштанды чыгарылды. Муну бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Жылдызбек Көчкөнов билдирди. Анын айтымында, борбордук аянтты тазалоо иштери кечээ таңкы саат 04:00дөн 10:00гө чейин жана 13:00дөн 16:00гө чейин эки ирет жүргүзүлдү. “ Аянтты тазалоо иштерине 25 адам жана 2 таштанды ташуучу унаа тартылган. Таштандынын көбүн суусундуктардан калган желим бөтөлкөлөр түздү. Биз борбордук аянтка атайылап акыр-чикир үчүн контейнерлерди орноткон эмеспиз. Мындан тышкары жалпы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн 100 адам жана 4 атайын техника тазалап, 40 куб таштанды чыгарылды ”,- деди Көчкөнов.
Нооруз майрамынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 8 куб таштанды чыгарылды. Муну бүгүн, 22-мартта порталына “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Жылдызбек Көчкөнов билдирди. Анын айтымында, борбордук аянтты тазалоо иштери кечээ таңкы саат 04:00дөн 10:00гө чейин жана 13:00дөн 16:00гө чейин эки ирет жүргүзүлдү. “ Аянтты тазалоо иштерине 25 адам жана 2 таштанды ташуучу унаа тартылган. Таштандынын көбүн суусундуктардан калган желим бөтөлкөлөр түздү. Биз борбордук аянтка атайылап акыр-чикир үчүн контейнерлерди орноткон эмеспиз.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142475
2016-03-22
ky
"Акындардын падышасы - Ош" Эл аралык төкмө акындар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Ош улуттук драма театрында Нооруз майрамына карата 19-21-март аралыгында өткөн "Акындардын падышасы - Ош" төкмө акындар фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Фестивалга Казакстандан, Кытай Эл Республикасынан жана Кыргыз Республикасынан 8 төкмө акын катышты. Бул фестивалдын режиссёру - СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев . Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана катышуучулар сыйланышты. "Ошто элдик жана эпостордогу баатырлардын элесин чагылдырган төкмө акындарга өзгөчө сый-урмат көргөзүлүп келген. Акындардын бул таймашы жыл сайын акындардын чеберчиликтери өсүп жатканынан кабар берет. Ар бир көрүүчү жакшы маанай ала алды", - дейт Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов . Төкмө акындар таймашында 1-орунду Кыргыз Республикасынын атынан чыккан Шекербек Адылов , 2-орунду Баян Акматов , 3-орунду Самара Каримова жана казакстандык Айдана Кайсарбек кызы алышты. Таймаш өлкөбүздөгү Маданият жана тарых жылынын алкагында аталган шаардын мэриясы тарабынан уюштурулган.
Ош улуттук драма театрында Нооруз майрамына карата 19-21-март аралыгында өткөн "Акындардын падышасы - Ош" төкмө акындар фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Фестивалга Казакстандан, Кытай Эл Республикасынан жана Кыргыз Республикасынан 8 төкмө акын катышты. Бул фестивалдын режиссёру - СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев . Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана катышуучулар сыйланышты. "Ошто элдик жана эпостордогу баатырлардын элесин чагылдырган төкмө акындарга өзгөчө сый-урмат көргөзүлүп келген. Акындардын бул таймашы жыл сайын акындардын чеберчиликтери өсүп жатканынан кабар берет. Ар бир көрүүчү жакшы маанай ала алды", - дейт Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов . Төкмө акындар таймашында 1-орунду Кыргыз Республикасынын атынан чыккан Шекербек Адылов , 2-орунду Баян Акматов , 3-орунду Самара Каримова жана казакстандык Айдана Кайсарбек кызы алышты.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142401
2016-03-22
ky
ЭЛДИК КАБАР. Аксыдагы митинг: Темир Сариев элди бир муштумдай болууга чакырды
Бүгүн, 22-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында 300гө жакын адам митингге чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, алар кыргыз-өзбек чек арасы маселесин чечип берүүнү бийликтен талап кылышууда. "Премьер-министр Темир Сариев чыгып, алар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Ал суу, чек ара, жол маселелерин чечүүгө убада берди" ,- дейт окурман. Мындан тышкары митингде мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров да катышып, элди сабырдуу болууга чакырганын билдирет окурман. Айта кетсек, бүгүн өкмөт башчы Т.Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушуусунда: "Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө. Бирок түшүнүшүбүз керек, мындай жол менен чек ара маселеси чечилбейт",- деген.
Бүгүн, 22-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында 300гө жакын адам митингге чыкты. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, алар кыргыз-өзбек чек арасы маселесин чечип берүүнү бийликтен талап кылышууда. "Премьер-министр Темир Сариев чыгып, алар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Ал суу, чек ара, жол маселелерин чечүүгө убада берди" ,- дейт окурман. Мындан тышкары митингде мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров да катышып, элди сабырдуу болууга чакырганын билдирет окурман. Айта кетсек, бүгүн өкмөт башчы Т.Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушуусунда: "Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142457
2016-03-22
ky
Нооруз майрамынан кийин “Ала-Тоо” аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды
Нооруз майрамынан кийин “Ала-Тоо” аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башкы экономисти Мурат Эсенов билдирди. Анын айтымында, борбор калаанын башкы аянтын жана анын тегерек-четин тазалоо кечээ саат 21:00дөн түнкү саат 1-2ге чейин уланган. “ Аянтты акыр-чикирден тазалоого 50 адам, 10 таштанды ташыган унаа жана 2 көчө жуучу унаа тартылган. Таштандынын көбү сүмөлөктөн калган желим стакандар болду. Кызматкерлер көк майсанга ташталган таштандыны аябай көп чогултушту. Негизи, биз аянттын тегерек-четине көлөмү 0,35 куб болгон 25 пластик контейнер, 0,75 куб болгон 10 темир контейнер орнотконбуз. Алардын баары толуп, таштандыны тургундар отурган жерине таштап кете беришкен” ,- деди Эсенов.
Нооруз майрамынан кийин “Ала-Тоо” аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта порталына “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башкы экономисти Мурат Эсенов билдирди. Анын айтымында, борбор калаанын башкы аянтын жана анын тегерек-четин тазалоо кечээ саат 21:00дөн түнкү саат 1-2ге чейин уланган. “ Аянтты акыр-чикирден тазалоого 50 адам, 10 таштанды ташыган унаа жана 2 көчө жуучу унаа тартылган. Таштандынын көбү сүмөлөктөн калган желим стакандар болду. Кызматкерлер көк майсанга ташталган таштандыны аябай көп чогултушту. Негизи, биз аянттын тегерек-четине көлөмү 0,35 куб болгон 25 пластик контейнер, 0,75 куб болгон 10 темир контейнер орнотконбуз.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142463
2016-03-22
ky
Бишкекте уурулук фактысына шектелип 34 жаштагы адам кармалды
Бишкекте "коомдук унаадан акча уурдаган" деген шек менен 34 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал саат 16:00 чамасында №344-коомдук унаадан белгисиз адам чөнтөгүнөн 3 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 34 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте "коомдук унаадан акча уурдаган" деген шек менен 34 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал саат 16:00 чамасында №344-коомдук унаадан белгисиз адам чөнтөгүнөн 3 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 34 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142467
2016-03-22
ky
Борбордо "дүкөндүн эшигин талкалап, дүкөнчүнүн денесине залал келтирген" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалды
Борбор калаада "дүкөндүн эшигин талкалап, дүкөнчүнүн денесине залал келтирген" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 22 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал саат 01:30 чамасында белгисиз адам борбордогу дүкөндөрдүн биринин эшигин талкалап, анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.Н. аттуу шаар тургуну кармалган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Борбор калаада "дүкөндүн эшигин талкалап, дүкөнчүнүн денесине залал келтирген" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 22 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал саат 01:30 чамасында белгисиз адам борбордогу дүкөндөрдүн биринин эшигин талкалап, анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.Н. аттуу шаар тургуну кармалган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142469
2016-03-22
ky
Бишкекте Ноорузга карата узундугу 5 метр, салмагы 100 килограммдан ашык торт жасалды
Бишкектеги этнокомплекстердин биринде Ноорузга карата узундугу 5, ал эми туурасы 1 метрге жеткен майрамдык торт даярдалды. Бул тууралуу Айзахан Тазабекова SUPER.KG порталына билдирди. Маалыматка ылайык, майрамдык тортту этнокомплекстин башкы ашпозчусу Болот Тентиев жасаган. "Аны даярдоого 2 күн убакыт керектелип, узундугу 5, туурасы 1 метрди түзгөн. Ал эми салмагы 100 килограммдан ашкан. Майрамдык торт келген конокторго бекер таратылды",- дейт Тазабекова.
Бишкектеги этнокомплекстердин биринде Ноорузга карата узундугу 5, ал эми туурасы 1 метрге жеткен майрамдык торт даярдалды. Бул тууралуу Айзахан Тазабекова порталына билдирди. Маалыматка ылайык, майрамдык тортту этнокомплекстин башкы ашпозчусу Болот Тентиев жасаган. "Аны даярдоого 2 күн убакыт керектелип, узундугу 5, туурасы 1 метрди түзгөн. Ал эми салмагы 100 килограммдан ашкан.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142445
2016-03-22
ky
Быйыл мамлекеттин эсебинен окуй турган студенттердин адистиги такталды
Быйыл мамлекеттин эсебинен окуй турган студенттердин адистиги такталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, быйыл мурдагыдай эле 5705 абитуриент бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк алат. 2016-жылы саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагынан тышкары энергетика, айыл чарба, компьютердик технология, өндүрүш жана тоо-кен казуу өнөр жайы боюнча факультеттерге бекер окуу каралган. Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты балл алган абитуриенттерге 50 орун берилет. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, толук жетим, ата-энеси карабай калгандар жана кайрылмандар үчүн 100 орун каралган.
Быйыл мамлекеттин эсебинен окуй турган студенттердин адистиги такталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, быйыл мурдагыдай эле 5705 абитуриент бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк алат. 2016-жылы саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагынан тышкары энергетика, айыл чарба, компьютердик технология, өндүрүш жана тоо-кен казуу өнөр жайы боюнча факультеттерге бекер окуу каралган. Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты балл алган абитуриенттерге 50 орун берилет.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142449
2016-03-22
ky
ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Мындан 15 жыл мурун “Том жана Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "атасы" атыккандардын бири Уильям Ханна каза тапкан
Мындан 15 жыл мурун, 2001-жылы 22-мартта америкалык мультипликатор Уильям Ханна 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан. Уильям Ханна менен америкалык аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. “Том менен Жерри” мультсериалы 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбера көз жумуп, бирок алардын сериалы узак убакытка шедеврге айланган. 22-марттын жылнаамасы .
Мындан 15 жыл мурун, 2001-жылы 22-мартта америкалык мультипликатор Уильям Ханна 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан. Уильям Ханна менен америкалык аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. “Том менен Жерри” мультсериалы 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбера көз жумуп, бирок алардын сериалы узак убакытка шедеврге айланган.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142455
2016-03-22
ky
Аксыда 2 чакырым жолду оңдоого 2 миллион сом бөлүнөт
Аксы районунда быйыл 2 чакырым жолду оңдоого 2 миллион сом бөлүнөт. Маалыматты премьер-министр Темир Сариев 22-мартта Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Райондо ирригация маселесин чечүү максатында 40-50 миллион сом каралары айтылды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Белгилей кетсек, премьер-министр учурда Аксы районунда иш сапары менен жүрөт. Андан кийин Ала-Бука районуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушары айтылды.
Аксы районунда быйыл 2 чакырым жолду оңдоого 2 миллион сом бөлүнөт. Маалыматты премьер-министр Темир Сариев 22-мартта Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Райондо ирригация маселесин чечүү максатында 40-50 миллион сом каралары айтылды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Белгилей кетсек, премьер-министр учурда Аксы районунда иш сапары менен жүрөт.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142451
2016-03-22
ky
Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча бүгүндөн баштап күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү
Мамлекеттик салык кызматы 22-марттан баштап бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Март айынын акыркы 10 күн аралыгында жеке жактардан бирдиктүү салык декларациясы эртең мененки саат 9:00дөн 00:00гө чейин кабыл алынды. Мындан ары да декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жарандар жумуш убактысы бүткөндө - 18.00дөн кийин бере алышат. Иштин мындай режими бардык аймактык салык органдарында 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы аяктаган күнү – 1-апрелге чейин узартылат. "Эскертебиз, 1-апрелге чейин чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Декларацияны өз убагында тапшырбагандар үчүн административдик айып каралган", - делет маалыматта.
Мамлекеттик салык кызматы 22-марттан баштап бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Март айынын акыркы 10 күн аралыгында жеке жактардан бирдиктүү салык декларациясы эртең мененки саат 9:00дөн 00:00гө чейин кабыл алынды. Мындан ары да декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жарандар жумуш убактысы бүткөндө - 18.00дөн кийин бере алышат. Иштин мындай режими бардык аймактык салык органдарында 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы аяктаган күнү – 1-апрелге чейин узартылат. "Эскертебиз, 1-апрелге чейин чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142453
2016-03-22
ky
Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен чек ара коопсуздугу маселесин талкуулады
Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат берилди. Эрлан Абдылдаев мамлекеттин улуттук таламдарын коргоо жаатындагы демилгелер, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди. "Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн улуттук таламдарын коргоо милдеттерин эл аралык укук нормаларына ылайык өз маалында жана так ишке ашыруу үчүн тыкыр жана салмактуу мамилени талап кылган маселелерди конструктивдүү чечүүгө багытталган курсту туруктуу улантуу зарылдыгын баса белгиледи" ,- деп айтылат маалыматта.
Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат берилди. Эрлан Абдылдаев мамлекеттин улуттук таламдарын коргоо жаатындагы демилгелер, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142447
2016-03-22
ky
Бишкекте катуу сабалып, Чоң Чүй каналына ташталган адам суудан чыгып, милицияны чакырды
Өткөн сутка ичинде Бишкекте ур-токмокко алынган эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта "Тез жардам" кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, саат 23:50дө Курманжан датка көчөсүндө, Чоң Чүй каналынын жанында оор абалда жаткан адам тууралуу маалымат түшкөн. Ал 30 жаштагы жаран экени аныкталды. Анын айтымында, ал белгисиз адамдар тарабынан сабалып, каналга ташталган. Андан соң жабырлануучу суудан чыгып, милицияны чакырганы белгилүү болду. Ага "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, милицияга тапшырышты. "Мындан тышкары 22-мартта саат 04:34тө Некрасов көчөсүндө ур-токмокко алынган адам тууралуу маалымат түшкөн. 23 жаштагы жабырлануучу 3 белгисиз адам тарабынан сабалганы аныкталды. Ал Улуттук госпиталга жеткирилди" ,- деп айтылат маалыматта.
Өткөн сутка ичинде Бишкекте ур-токмокко алынган эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта "Тез жардам" кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, саат 23:50дө Курманжан датка көчөсүндө, Чоң Чүй каналынын жанында оор абалда жаткан адам тууралуу маалымат түшкөн. Ал 30 жаштагы жаран экени аныкталды. Анын айтымында, ал белгисиз адамдар тарабынан сабалып, каналга ташталган. Андан соң жабырлануучу суудан чыгып, милицияны чакырганы белгилүү болду. Ага "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, милицияга тапшырышты. "Мындан тышкары 22-мартта саат 04:34тө Некрасов көчөсүндө ур-токмокко алынган адам тууралуу маалымат түшкөн. 23 жаштагы жабырлануучу 3 белгисиз адам тарабынан сабалганы аныкталды.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142441
2016-03-22
ky
Бишкекте коомдук унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти
Бишкекте коомдук унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 19:27 чамасында "Тез жардам" кызматына " Дэн Сяопин көчөсүнөн 5 жаштагы баланы №212-коомдук унаа сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери баланын баш мээси чайкалып жана башынын оң жагынан жаракат алганын аныкташып, аны тез арада ооруканага жеткизишкен.
Бишкекте коомдук унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 19:27 чамасында "Тез жардам" кызматына " Дэн Сяопин көчөсүнөн 5 жаштагы баланы №212-коомдук унаа сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетти" деген билдирүү түшкөн.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142437
2016-03-22
ky
Стол тенниси боюнча Бишкектин Ачык чемпиондугунун жеңүүчүлөрү аныкталды (фоторепортаж)
20-мартта Бишкекте стол тенниси боюнча шаардын Ачык чемпиондугу жыйынтыкталды. Аталган спорт түрүн жайылтуу, өнүктүрүү жана оюнчулардын чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган мелдешке 100дөн ашык спортчу катышты. Спортчулар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынан, Түркмөнстандан жана Казакстандан келишкен. Жыйынтыгында жекеликте уландар арасында Талгат Сагындыков , кыз-келиндер арасында Нуркыз Аязбекова жеңишке жетишти. Ал эми жуптукта уландар арасында Закир Ташмухамедов менен Вячеслав Клычев чемпион аталса, кыз-келиндер арасында Жылдыз Аязбекова менен Нуркыз Аязбекова жеңип чыгышты.
20-мартта Бишкекте стол тенниси боюнча шаардын Ачык чемпиондугу жыйынтыкталды. Аталган спорт түрүн жайылтуу, өнүктүрүү жана оюнчулардын чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган мелдешке 100дөн ашык спортчу катышты. Спортчулар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынан, Түркмөнстандан жана Казакстандан келишкен. Жыйынтыгында жекеликте уландар арасында Талгат Сагындыков , кыз-келиндер арасында Нуркыз Аязбекова жеңишке жетишти.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142439
2016-03-22
ky
Таш-Көмүрдө 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары Данияр кызы Сыргананы 3 күн бою издешти. Бирок издөө иштери өз натыйжасын берген жок. Учурда кызды издөө иштерин туугандары жүргүзүүдө, азырынча кыз табыла элек", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов. Айта кетсек, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары Данияр кызы Сыргананы 3 күн бою издешти. Бирок издөө иштери өз натыйжасын берген жок. Учурда кызды издөө иштерин туугандары жүргүзүүдө, азырынча кыз табыла элек", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142435
2016-03-22
ky
Түркиядагы Эскишехир жана Орусиянын Москва, Хабаровск шаарларында кыргыздар Нооруз майрамын белгилешти
Түркиядагы абал тынчсыздандырып жатса да, Нооруз майрамы кыргыздар тарабынан бүгүн, 21-мартта Эскишехир шаарында белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз Республикасынын "Достук жана маданият" коомунун башкы катчысы Адилет Абишов билдирди. "Эскишехир акимчилиги "Түрксой" уюму менен биргеликте Нооруз майрамын уюштуруп жатат. Бул жактагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Анкарадан боз үй менен келди. Бишкектен да 20 ырчы, бийчилер келишкен", - дейт Абишов. Бул иш-чарадагы көргөзмөгө кыргыздын улуттук кийимдери жана тамак-аштары коюлду. Ал эми Москва шаарында кечээ, 20-мартта айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтүүчү бөлмөлөрдүн биринде шаардын башкармалыгынын жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн катышуусу менен "Москва Ноорузу - 2016" аттуу диаспоралардын жалпы шаардык майрамы өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди. Иш-чарада улуттук кийимдер, тамак-аштар көргөзмөгө коюлуп, маданий ишкерлердин жана эмгек сиңирген артисттеринин музыкалык чыгармалары жаңырды. Концертте Кыргыз Республикасынын атынан ырчы жана 2014-2015-жылдарынын "Chorus inside" Эл аралык фестивалынын лауреаты Жылдыз Осмоналиева ыр сунду. Ошондой эле Ыраакы Чыгыштагы кыргыздар Ноорузду башка боордош элдер менен чогуу белгилешти. Бул тууралуу Хабаровск шаарындагы Гүлназ Бакирова билдирди. Анда кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан калктары улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштуруп, өз элинин ыр-бийлерин көрсөтүштү. Кечеде кыргыз студенттеринен куралган бий тобу кыргыз бийин тартуулашты. Мындан сырткары аймактагы кыргыз консулу Кадырбек Мырзабаевдин демилгеси менен кичи футбол жана волейбол боюнча эл аралык мелдеш болду. Анда Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Беларусь, Армения мамлекеттеринин жарандарынан куралган 16 команда мелдешти. Оюндардын жыйынтыгында кичи футбол боюнча 1-орунду беларустар, 2-орунду армяндар, 3-орунду тажиктер ээлешти. Ал эми волейбол боюнча баш байге Еврей автономиялуу облусунда жашаган кыргыздарга тийди. Экинчи катарда тажикстандыктар, үчүнчү болуп Хабаровск шаарындагы кыргыздар табылышты. Улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатында мындай спорттук иш-чаралар кыргыздардын демилгеси менен Хабаровск шаарында жылына эки-үч ирет салттуу түрдө өткөрүлүп турат.
Түркиядагы абал тынчсыздандырып жатса да, Нооруз майрамы кыргыздар тарабынан бүгүн, 21-мартта Эскишехир шаарында белгиленди. Бул тууралуу порталына Анкарадагы Кыргыз Республикасынын "Достук жана маданият" коомунун башкы катчысы Адилет Абишов билдирди. "Эскишехир акимчилиги "Түрксой" уюму менен биргеликте Нооруз майрамын уюштуруп жатат. Бул жактагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Анкарадан боз үй менен келди. Бишкектен да 20 ырчы, бийчилер келишкен", - дейт Абишов. Бул иш-чарадагы көргөзмөгө кыргыздын улуттук кийимдери жана тамак-аштары коюлду. Ал эми Москва шаарында кечээ, 20-мартта айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтүүчү бөлмөлөрдүн биринде шаардын башкармалыгынын жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн катышуусу менен "Москва Ноорузу - 2016" аттуу диаспоралардын жалпы шаардык майрамы өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди. Иш-чарада улуттук кийимдер, тамак-аштар көргөзмөгө коюлуп, маданий ишкерлердин жана эмгек сиңирген артисттеринин музыкалык чыгармалары жаңырды. Концертте Кыргыз Республикасынын атынан ырчы жана 2014-2015-жылдарынын "Chorus inside" Эл аралык фестивалынын лауреаты Жылдыз Осмоналиева ыр сунду. Ошондой эле Ыраакы Чыгыштагы кыргыздар Ноорузду башка боордош элдер менен чогуу белгилешти. Бул тууралуу Хабаровск шаарындагы Гүлназ Бакирова билдирди. Анда кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан калктары улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштуруп, өз элинин ыр-бийлерин көрсөтүштү. Кечеде кыргыз студенттеринен куралган бий тобу кыргыз бийин тартуулашты. Мындан сырткары аймактагы кыргыз консулу Кадырбек Мырзабаевдин демилгеси менен кичи футбол жана волейбол боюнча эл аралык мелдеш болду. Анда Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Беларусь, Армения мамлекеттеринин жарандарынан куралган 16 команда мелдешти. Оюндардын жыйынтыгында кичи футбол боюнча 1-орунду беларустар, 2-орунду армяндар, 3-орунду тажиктер ээлешти. Ал эми волейбол боюнча баш байге Еврей автономиялуу облусунда жашаган кыргыздарга тийди. Экинчи катарда тажикстандыктар, үчүнчү болуп Хабаровск шаарындагы кыргыздар табылышты.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142365
2016-03-22
ky
Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда иштебеген эски оорукананын 13 чарчы метр бөлмөсү күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Сузак районуна караштуу Достук айылында өрт кырсыгы катталды. Анда иштебеген эски оорукананын 13 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Сузак районуна караштуу Достук айылында өрт кырсыгы катталды. Анда иштебеген эски оорукананын 13 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142429
2016-03-22
ky
Борбордогу батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды
Борбор калаадагы батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-март күнү саат 10:50 чамасында 3-кичи райондогу батирлердин биринин эшиги ачылбай жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген куткаруучулар эшикти ачып кирип, батирден 80 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.
Борбор калаадагы батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-март күнү саат 10:50 чамасында 3-кичи райондогу батирлердин биринин эшиги ачылбай жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген куткаруучулар эшикти ачып кирип, батирден 80 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142431
2016-03-22
ky
СУПЕРСТАН: "Социалдык тармакта адамдарга мактанып, ичин күйгүзүү үчүн сүрөт жүктөйм..."
Азыркы учурда социалдык тармактардагы жеке баракчаларга сүрөт жүктөп, коомчулука жарыялоо модада. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернетке сүрөттү эмне үчүн киргизесиңер, мактануу үчүнбү?" деген тема талкууланууда. Колдонуучулар түрдүү пикирде: "Мактана турган адамдар үчүн мактанып, ичи күйө турган адамдардын ичин күйгүзүш үчүн сүрөт жүктөйм". "Мен кызыктуу, орчундуу учурларды эле киргизем. Сүрөттөрдү көргөндө эстей турган жакшы көз ирмем калуусу керек". "Алыстагы туугандарымды, досторумду, айылдаштарымды профилине кирип көрүп турам. Алардын кайда, эмне кылып жүргөнүн, турмуш курганын, балалуу болгонун социалдык тармактардагы сүрөттөрүнөн билем. Автор айткандай, өтө эле майда-чүйдө нерселеринен бери тартып киргизгендер да бар". "Дөңгө чыктым, гүл тердим, бул адырга чыктым, чана тептим, бүгүн мындай салат жасадым" деп элди зериктирбеген адамдар да өзүнчө уникалдуу". Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Азыркы учурда социалдык тармактардагы жеке баракчаларга сүрөт жүктөп, коомчулука жарыялоо модада. порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернетке сүрөттү эмне үчүн киргизесиңер, мактануу үчүнбү?" деген тема талкууланууда. Колдонуучулар түрдүү пикирде: "Мактана турган адамдар үчүн мактанып, ичи күйө турган адамдардын ичин күйгүзүш үчүн сүрөт жүктөйм". "Мен кызыктуу, орчундуу учурларды эле киргизем. Сүрөттөрдү көргөндө эстей турган жакшы көз ирмем калуусу керек". "Алыстагы туугандарымды, досторумду, айылдаштарымды профилине кирип көрүп турам. Алардын кайда, эмне кылып жүргөнүн, турмуш курганын, балалуу болгонун социалдык тармактардагы сүрөттөрүнөн билем. Автор айткандай, өтө эле майда-чүйдө нерселеринен бери тартып киргизгендер да бар". "Дөңгө чыктым, гүл тердим, бул адырга чыктым, чана тептим, бүгүн мындай салат жасадым" деп элди зериктирбеген адамдар да өзүнчө уникалдуу".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142419
2016-03-22
ky
Премьер-министр Аксыга жана Ала-Букага жөнөдү
Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапар менен жөнөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчысы Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп, өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча пикир алмашат. Ошондой эле премьер-министр райондордун активдери менен жыйын өткөрүп, учурдагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук, чек ара маселелерин талкуулайт.
Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапар менен жөнөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчысы Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп, өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча пикир алмашат.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142427
2016-03-22
ky
ЭЛДИК КАБАР : Түштүк Кореядагы кыргыздар Нооруз майрамын белгилешти (фото)
Түштүк Кореядагы кыргыз жарандары Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, майрамдык иш-чара Ыйжонгбу шаарында өтүп, ага КРнын Түштүк Кореядагы элчиси, демөөрчүлөр жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. “ Нооруз майрамын быйыл биринчи жолу жогорку деңгээлде өткөрдүк, анткени Түштүк Кореянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыздар өз ара спорттук таймаштарда күч сынашты. Тушоо кесүү жөрөлгөсү өткөрүлдү, улуттук оюндар жана футбол ойнолду. Ал эми иш-чаранын аягында атайын лотерея ойнотулуп, анын башкы байгеси жеңил унаа болду. Салтанатка келген коноктордун баары абдан жакшы маанайда болушту ”,- деди окурман.
Түштүк Кореядагы кыргыз жарандары Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, майрамдык иш-чара Ыйжонгбу шаарында өтүп, ага КРнын Түштүк Кореядагы элчиси, демөөрчүлөр жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. “ Нооруз майрамын быйыл биринчи жолу жогорку деңгээлде өткөрдүк, анткени Түштүк Кореянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыздар өз ара спорттук таймаштарда күч сынашты. Тушоо кесүү жөрөлгөсү өткөрүлдү, улуттук оюндар жана футбол ойнолду. Ал эми иш-чаранын аягында атайын лотерея ойнотулуп, анын башкы байгеси жеңил унаа болду.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142423
2016-03-22
ky
АФИША, 22-МАРТ: "Манас" кинотеатрында "Чүкө баатыр" тасмасы көрсөтүлөт
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 16:10, 22:00. “Герой моей девушки” тасмасы. 12:10, 20:00. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. 11:10. "Дивергент, глава 3: За стеной". 13:20, 18:20, 23:30. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. 11:00, 15:10, 21:20. “Запрос в друзья” тасмасы. 13:10, 17:20. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. 11:30, 15:20, 19:10. "Побег из аула. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы. 21:00, 22:40. Замандаш зал “Герой моей девушки” тасмасы. 11:00, 12:40, 16:20, 20:00, 23:50. “Бир мешок акча” тасмасы. 14:30, 18:10, 22:00.
"Кыргыз киносу" кинотеатры Чоң зал "Эне жүрөгү” тасмасы. 11:00, 14:40, 19:00. “Бир мешок акча” тасмасы. 12:40, 17:00, 21:00, 23:00. Кичи зал "Эне жүрөгү” тасмасы. “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:30, 14:00, 18:00. "Манас" кинотеатры Чоң зал “Падение Лондона” тасмасы. “Боги Египта” тасмасы. 15:50, 20:50. Көк зал "Зверополис 3D" тасмасы. “Падение Лондона” тасмасы. 19:20, 23:30. Жашыл зал “Эне жүрөгү” тасмасы. 10:20, 12:00, 13:40, 15:20, 17:00, 18:40, 20:20, 22:00, 23:40. Кызыл зал “Чүкө баатыр” тасмасы. 10:40, 12:20, 14:00, 15:40, 17:30, 19:20, 21:10, 23:00. Ретро зал "Бир мешок акча" тасмасы. 10:30, 12:10, 14:10, 16:00, 17:50, 19:40, 21:30, 23:10. Айтыш зал “Японочка” тасмасы. Операция "Махаббат" тасмасы. 13:20, 17:10. “Эне жүрөгү” тасмасы.
Күннаама
true
https://www.super.kg/kabar/news/142411
2016-03-22
ky
ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: 40 жыл мурун "Мыйзамдагы сары чачтуу кыз" аттуу тасмадагы ролу менен таанылган Риз Уизерспун туулган
Мындан 40 жыл мурун, 1976-жылы 22-мартта америкалык актриса Риз Уизерспун АКШнын Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарында туулган. Актрисага атактуулукту "Мыйзамдагы сары чачтуу кыз" ("Блондинка в законе") тасмасындагы ролу алып келип, ал ролу үчүн "Алтын глобуска" көргөзүлгөн. Ал эми "Чектен өтүү" ("Переступить черту") тасмасында талантын дагы бир ирет тастыктап, ал үчүн "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына ээ болгон. 22-марттын жылнаамасы .
Мындан 40 жыл мурун, 1976-жылы 22-мартта америкалык актриса Риз Уизерспун АКШнын Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарында туулган. Актрисага атактуулукту "Мыйзамдагы сары чачтуу кыз" ("Блондинка в законе") тасмасындагы ролу алып келип, ал ролу үчүн "Алтын глобуска" көргөзүлгөн. Ал эми "Чектен өтүү" ("Переступить черту") тасмасында талантын дагы бир ирет тастыктап, ал үчүн "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына ээ болгон.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142415
2016-03-22
ky
Ошто чагымчыл аракеттерди жасап, интернет желелерине маалымат тараткан жарандарга карата кылмыш иши козголду
Ош облусунда чагымчыл аракеттерди жасап, интернет желелерине маалымат тараткан жарандар кармалып, аларга карата кылмыш иши козголду. Муну бүгүн 21-март күнү Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 20-март күнү интернет желелерине "Аксы районуна баргыла" деп элге чакыруу жасаган 59 секундага созулган видео жарыяланган. Анда 30 жаштагы кыргыз улутундагы атуул унаасын айдап бара жатып "Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз барып чечебиз, Ноокат районунан 200гө жакын жаштар бара жатышат. Ноокаттын элинин атынан сүйлөп жатам. Өзүн патриот деген атуулдарды чакырабыз, Аксыда жолугушабыз" деген кайрылуу жасаган. Аталган видеотасма боюнча милиция ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын алкагында тасма 20-март күнү саат 10:30 чамасында Фольксваген Венто унаасы менен Ноокат районунун Бел айылында жайгашкан "Айсулуу" кафесинин жанынан баштап Кызыл-Кыя шаарын көздөй баратып тартылганы аныкталган. Видеотасмада сүйлөгөн атуул Ноокат районунун 30 жаштагы Н.М. аттуу тургуну, ал эми видеотасманы ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну тартып, интернет желесине жүктөшкөн. Алардын Аксыга бара турган ниети жок болчу. Азыркы тапта эки жаран кармалып, аларга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүүдө. "Акыркы күндөрү интернеттеги социалдык тармактарда улуттар аралык чыр-чатакты күчөткөн видеоматериалдар таратылып жатат. Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгы мындай видеоматериалдарды тараткан адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Эгер видеоматериалда "улуттар аралык, диний жана расалык чыр-чатакты козгоо" беренесине ылайык аракеттер аныкталса, анда аны тараткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ош облусу боюнча ИИМдин Башкы башкармалыгы жарандарды мындай чагымчылыктарга берилбөөгө чакырат жана улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди тыюуга жардам берүүнү суранат" ,- деп айтылат маалыматта.
Ош облусунда чагымчыл аракеттерди жасап, интернет желелерине маалымат тараткан жарандар кармалып, аларга карата кылмыш иши козголду. Муну бүгүн 21-март күнү Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 20-март күнү интернет желелерине "Аксы районуна баргыла" деп элге чакыруу жасаган 59 секундага созулган видео жарыяланган. Анда 30 жаштагы кыргыз улутундагы атуул унаасын айдап бара жатып "Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз барып чечебиз, Ноокат районунан 200гө жакын жаштар бара жатышат. Ноокаттын элинин атынан сүйлөп жатам. Өзүн патриот деген атуулдарды чакырабыз, Аксыда жолугушабыз" деген кайрылуу жасаган. Аталган видеотасма боюнча милиция ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын алкагында тасма 20-март күнү саат 10:30 чамасында Фольксваген Венто унаасы менен Ноокат районунун Бел айылында жайгашкан "Айсулуу" кафесинин жанынан баштап Кызыл-Кыя шаарын көздөй баратып тартылганы аныкталган. Видеотасмада сүйлөгөн атуул Ноокат районунун 30 жаштагы Н.М. аттуу тургуну, ал эми видеотасманы ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну тартып, интернет желесине жүктөшкөн. Алардын Аксыга бара турган ниети жок болчу. Азыркы тапта эки жаран кармалып, аларга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүүдө. "Акыркы күндөрү интернеттеги социалдык тармактарда улуттар аралык чыр-чатакты күчөткөн видеоматериалдар таратылып жатат. Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгы мындай видеоматериалдарды тараткан адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Эгер видеоматериалда "улуттар аралык, диний жана расалык чыр-чатакты козгоо" беренесине ылайык аракеттер аныкталса, анда аны тараткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142409
2016-03-21
ky
КҮНСЕРЕП: Өлкөдө Нооруз майрамы белгиленди... Кыргыз-өзбек чек арасында турушкан аскерлердин саны азайды...
Бүгүн, 21-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Чек ара нааразычылыгы боюнча кыргыз тараптын нотасына расмий Ташкент жооп кайтара элек. Төрт күндөн бери кыргыз өкмөтү жооп күтүүдө, Өзбекстандын жооп кайтарары же кайтарбасы азырынча белгисиз. "Нооруз майрамына карата коопсуздук күчөтүлдү" дегени чын болсо, өзбекстандык чек арачылар бүгүн-эртең аскердик техникалары менен кошо аймактан чыгып кетиши керек. Өзгөрүүсүз турган кырдаал 21-мартка карата кичине өзгөрдү... Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскарганы , учурда эки жактан 8ден гана аскер калганы маалымдалды. Төрт күндөн берки жалгыз өзгөрүү ушу... Абал туруктуу, бирок курч бойдон калып жатканын жергиликтүү жашоочулар, активисттер айтышууда. Мындай кырдаал качанга чейин созулары бүдөмүк... Өлкө жарандары бүгүн Нооруз майрамын белгилешти . Жер-жерлерде жаз майрамынын символу - сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар, концерттер өттү. Аймактык администрациялардын жетекчилери майрамдын алкагында куттуктоолорун айтышып, кыргыз мамлекетине тынчтык, элге биримдик, ынтымак каалашты. Борбор шаардын тургундарынын маанайы жакшы. Сейил бактарда, шаар көчөлөрүндө Нооруздун илеби байкалып, жаш балдардан тарта аксакалдарга чейин көңүлү куунак. SUPER.KG порталынын кабарчылары бүгүн шаардыктардын жана аймак жашоочуларынын майрамдык маанайын башкалар менен бөлүшүү кызматында болушту. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Аксы районунда да майрам жакшы маанайда белгиленди... Майрам - тынчтыктын жарчысы жана жемиши. Белгилүү диний эксперт Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келингенин Ички иштер министрлиги билдирди. Аны Кыргыз Республикасына ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп келишип, кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да экстрадициялоо маселеси каралып жатканы айтылды. Маликов "Ислам мамлекети" тобунун аракеттерин ачык сындаган адистердин бири. Өзүнө кол салууну эксперт диний ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кылмышкерлердин мыйзамдуу жоопко тартылышын талап кылууда. Ош облусунда чагымчылдык кылып, интернет түйүндөрүнө маалымат тараткан жарандар кармалып , аларга кылмыш иши козголду. Ош ОИИБинин билдиришинче, 20-мартта интернет желесине элди Аксы районуна барууга чакырык жасаган 59 секундалык видео жарыяланган. Анда жашы 25-30 жаштагы кыргыз улутундагы жаран унаасында бара жатып Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин чечүүгө элди үндөгөн. Тасманы тарткан жана тартылган адамдар сурак беришүүдө. Өлкө жетекчилиги жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуулукка чакырууда.
Бүгүн, 21-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз... Чек ара нааразычылыгы боюнча кыргыз тараптын нотасына расмий Ташкент жооп кайтара элек. Төрт күндөн бери кыргыз өкмөтү жооп күтүүдө, Өзбекстандын жооп кайтарары же кайтарбасы азырынча белгисиз. "Нооруз майрамына карата коопсуздук күчөтүлдү" дегени чын болсо, өзбекстандык чек арачылар бүгүн-эртең аскердик техникалары менен кошо аймактан чыгып кетиши керек. Өзгөрүүсүз турган кырдаал 21-мартка карата кичине өзгөрдү... Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскарганы , учурда эки жактан 8ден гана аскер калганы маалымдалды. Төрт күндөн берки жалгыз өзгөрүү ушу... Абал туруктуу, бирок курч бойдон калып жатканын жергиликтүү жашоочулар, активисттер айтышууда. Мындай кырдаал качанга чейин созулары бүдөмүк... Өлкө жарандары бүгүн Нооруз майрамын белгилешти . Жер-жерлерде жаз майрамынын символу - сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар, концерттер өттү. Аймактык администрациялардын жетекчилери майрамдын алкагында куттуктоолорун айтышып, кыргыз мамлекетине тынчтык, элге биримдик, ынтымак каалашты. Борбор шаардын тургундарынын маанайы жакшы. Сейил бактарда, шаар көчөлөрүндө Нооруздун илеби байкалып, жаш балдардан тарта аксакалдарга чейин көңүлү куунак. порталынын кабарчылары бүгүн шаардыктардын жана аймак жашоочуларынын майрамдык маанайын башкалар менен бөлүшүү кызматында болушту. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Аксы районунда да майрам жакшы маанайда белгиленди... Майрам - тынчтыктын жарчысы жана жемиши. Белгилүү диний эксперт Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келингенин Ички иштер министрлиги билдирди. Аны Кыргыз Республикасына ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп келишип, кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да экстрадициялоо маселеси каралып жатканы айтылды. Маликов "Ислам мамлекети" тобунун аракеттерин ачык сындаган адистердин бири. Өзүнө кол салууну эксперт диний ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кылмышкерлердин мыйзамдуу жоопко тартылышын талап кылууда. Ош облусунда чагымчылдык кылып, интернет түйүндөрүнө маалымат тараткан жарандар кармалып , аларга кылмыш иши козголду. Ош ОИИБинин билдиришинче, 20-мартта интернет желесине элди Аксы районуна барууга чакырык жасаган 59 секундалык видео жарыяланган. Анда жашы 25-30 жаштагы кыргыз улутундагы жаран унаасында бара жатып Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин чечүүгө элди үндөгөн. Тасманы тарткан жана тартылган адамдар сурак беришүүдө.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142373
2016-03-21
ky
22-мартта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт, айрым аймактарда ала булут каптап турат
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +3°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 07:00дө чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 07:00дө чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +21°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 07:09да чыгып, 19:25те батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:23тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:22да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +21°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 07:15те чыгып, 19:31де батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -7°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 06:50дө чыгып, 19:06да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -8°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 06:54тө чыгып, 19:10до батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр
БИШКЕК ШААРЫ Түнкүсүн +3°C Күндүз +20°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 07:00дө чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +22°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 07:00дө чыгып, 19:16да батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +21°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 07:09да чыгып, 19:25те батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ОШ ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 07:07де чыгып, 19:23тө батат. Жамгыр жаайт Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Түнкүсүн +2°C Күндүз +23°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 07:06да чыгып, 19:22да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +21°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 07:15те чыгып, 19:31де батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн -7°C Күндүз +10°C Күндүн узактыгы 12 саат 16 мүнөт. Күн саат 06:50дө чыгып, 19:06да батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 2-7 метр НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн -8°C Күндүз +13°C Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт. Күн саат 06:54тө чыгып, 19:10до батат. Жамгыр жаайт Ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.
Күннаама
false
https://www.super.kg/kabar/news/142385
2016-03-21
ky
ЭЛДИК КАБАР : Кербенде Нооруз майрамына карата көк бөрү, күрөш оюндары өткөрүлдү
Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, майрамдык салтанатта жергиликтүү мекемелер жана ишканалар улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштурушту. Ар бир столго 60ка жакын улуттук даамдар коюлду. "Район акими М.Айдаралиев жалпы кыргыз элин жана Аксы элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал райондун тургундарын ынтымакка, кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө чакырды. Майрамдын урматына Аксы райондук администрациясынын демилгеси менен көк бөрү, күрөш оюндары өткөрүлдү. Элдин маанайы жакшы болду. Майрам жогорку деңгээлде өттү. Байге фонду 100 миң сомго барабар" ,- дейт окурман.
Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу окурман порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, майрамдык салтанатта жергиликтүү мекемелер жана ишканалар улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштурушту. Ар бир столго 60ка жакын улуттук даамдар коюлду. "Район акими М.Айдаралиев жалпы кыргыз элин жана Аксы элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал райондун тургундарын ынтымакка, кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө чакырды. Майрамдын урматына Аксы райондук администрациясынын демилгеси менен көк бөрү, күрөш оюндары өткөрүлдү. Элдин маанайы жакшы болду.
Элдик кабар
true
https://www.super.kg/kabar/news/142417
2016-03-21
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ : Бейиш эненин таманынын астында экендиги Кайрат Примбердиевдин "Апам үчүн" клибинде
Бейиш - эненин таманынын астында. "Медиа-порталдагы" Кайрат Примбердиевдин "Апам үчүн" чыгармасы бул сөздү дагы бир ирет далилдейт. Клиптин тартылуу таржымалы тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клип 2007-жылы тартылган. Менин репертуарымдагы экинчи чыгарма. Клиптин сценарийин Динара Эсенгулова түзгөн. Бардык энелерге арнап "Апам үчүн" клибин тартканбыз" . Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
Бейиш - эненин таманынын астында. "Медиа-порталдагы" Кайрат Примбердиевдин "Апам үчүн" чыгармасы бул сөздү дагы бир ирет далилдейт. Клиптин тартылуу таржымалы тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клип 2007-жылы тартылган. Менин репертуарымдагы экинчи чыгарма. Клиптин сценарийин Динара Эсенгулова түзгөн. Бардык энелерге арнап "Апам үчүн" клибин тартканбыз" .
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142375
2016-03-21
ky
Колумбиянын эң семиз адамын ооруканага өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасында алып келишти
Колумбиянын эң семиз адамы Оскар Васкес Моралести салмагын азайтуу үчүн ооруканага өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасы менен алып келишкен. Пальмира шаарынын 400 килограммдык жаранын унаага салуу үчүн 20 адам жардамга келген. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы бүгүн, 21-мартта жазып чыкты. Ашыкча семирүүдөн улам ден соолугу начарлаган 44 жаштагы Моралеске тез арада медициналык жардам керек болгон, бирок ал өз алдынча үйдөн чыга алган эмес. Жергиликтүү кайрымдуулук ооруканасына келгенден кийин анын ден соолугу жакшыргандыгы айтылууда. Эми ал диетолог, психолог, терапевт жана гастрохирургдардын көзөмөлүнөн өтүшү керек. "Үй-бүлөм сыртка чыгып кеткенде мен жалгыз калам. Ары-бери кыймылдай албайм. Бир нече кварталга чейин болсо да өзүм басып сейилдеп, бир тууган агаларымды аябай көргүм келет", - деген 4 жылда 300 килограммга арыктагысы келген Оскар Васкес Моралес. Анын айтымында, ата-энеси каза болгон соң депрессияга түшүп, толуп баштаган.
Колумбиянын эң семиз адамы Оскар Васкес Моралести салмагын азайтуу үчүн ооруканага өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасы менен алып келишкен. Пальмира шаарынын 400 килограммдык жаранын унаага салуу үчүн 20 адам жардамга келген. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы бүгүн, 21-мартта жазып чыкты. Ашыкча семирүүдөн улам ден соолугу начарлаган 44 жаштагы Моралеске тез арада медициналык жардам керек болгон, бирок ал өз алдынча үйдөн чыга алган эмес. Жергиликтүү кайрымдуулук ооруканасына келгенден кийин анын ден соолугу жакшыргандыгы айтылууда. Эми ал диетолог, психолог, терапевт жана гастрохирургдардын көзөмөлүнөн өтүшү керек. "Үй-бүлөм сыртка чыгып кеткенде мен жалгыз калам. Ары-бери кыймылдай албайм. Бир нече кварталга чейин болсо да өзүм басып сейилдеп, бир тууган агаларымды аябай көргүм келет", - деген 4 жылда 300 килограммга арыктагысы келген Оскар Васкес Моралес.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142403
2016-03-21
ky
Британиялык изилдөөчү компания 2016-жылдын дүйнөдөгү эң мыкты аэропортторунун тизмесин жарыялады (фото)
Британиялык "Skytrax" аба-жүк ташууларын изилдөөчү компания 2016-жылдын дүйнөдөгү мыкты 100 аэропортунун тизмесин расмий сайтына жарыялады. Ага ылайык, Сингапурдагы "Чанги" аэропорту төртүнчү ирет "Дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт" деп аталды. Анда жыл сайын 54 миллион адам тейленет. Жүргүнчүлөр үчүн кинотеатр, бассейн, дүкөндөр, жадакалса тропикалык өсүмдүктөрү, көпөлөктөрү бар бакча да орун алган. Экинчи орунда Сеул шаарындагы "Инчхон", андан кийинки орундарды "Мюнхен" аэропорту, Токиодогу "Ханэда" жана "Гонконг" аэропорттору ээлеген. Ал эми "Манас" аэропорту мыкты 100 аэропорттун тизмесине илинген эмес. Бул сурамжылоого 160тан ашык өлкөдөн 13 миллиондон ашуун жүргүнчү катышкан.
Британиялык "Skytrax" аба-жүк ташууларын изилдөөчү компания 2016-жылдын дүйнөдөгү мыкты 100 аэропортунун тизмесин расмий сайтына жарыялады. Ага ылайык, Сингапурдагы "Чанги" аэропорту төртүнчү ирет "Дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт" деп аталды. Анда жыл сайын 54 миллион адам тейленет. Жүргүнчүлөр үчүн кинотеатр, бассейн, дүкөндөр, жадакалса тропикалык өсүмдүктөрү, көпөлөктөрү бар бакча да орун алган. Экинчи орунда Сеул шаарындагы "Инчхон", андан кийинки орундарды "Мюнхен" аэропорту, Токиодогу "Ханэда" жана "Гонконг" аэропорттору ээлеген. Ал эми "Манас" аэропорту мыкты 100 аэропорттун тизмесине илинген эмес.
Түркүн дүйнө
false
https://www.super.kg/kabar/news/142391
2016-03-21
ky
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президенттик аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү жарыялады. "Түркия элинин жана өзүмдүн атымдан сизди жана дос, боордош кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз биздин өлкөлөр арасында достукту, боордоштукту, тилектештикти жана кызматташтыкты байыртадан бери сактап келатат. Быйыл бул күн өзгөчө шык жана кубаныч менен майрамдалмакчы" ,- деп айтылат Түркия президентинин телеграммасында. Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөгө жана регионго эле эмес, бүт дүйнөгө бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук тиледи. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Алмазбек Атамбаевге ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык менен гүлдөп-өсүүнү каалады.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президенттик аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү жарыялады. "Түркия элинин жана өзүмдүн атымдан сизди жана дос, боордош кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз биздин өлкөлөр арасында достукту, боордоштукту, тилектештикти жана кызматташтыкты байыртадан бери сактап келатат. Быйыл бул күн өзгөчө шык жана кубаныч менен майрамдалмакчы" ,- деп айтылат Түркия президентинин телеграммасында. Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөгө жана регионго эле эмес, бүт дүйнөгө бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук тиледи.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142413
2016-03-21
ky
Окумуштуулар: "Ысык-Көлдөн табылган байыркы жаныбардын сөөгүн казып алдык, анын болжолдуу салмагы 300 килограмм болду"
“ Ысык-Көлдөн табылган байыркы жаныбардын сөөгүн казып алдык, анын болжолдуу салмагы 300 килограмм болду ”,- деди бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева . Анын айтымында, кийинки изилдөө иштери Улуттук академияда жүргүзүлөт. “ Учурда биз казып алган байыркы жаныбардын баш сөөгүн, эки тишин, бир бүтүн азуу тишин жана бырчаланып калган экинчи азуунун калдыктарын борборго жеткирүүгө даярдап, унаабызды күтүп жатабыз. Палеонтологдун айтымында, бул байыркы сөөктөр мамонттуку же анын жакын тууганы болгон мастодонттуку болушу мүмкүн. Биз табылганы Бишкекке алып барып, чет жактын жардамы жок эле, өзүбүздүн күчүбүз менен изилдейбиз. Буга, албетте, көп убакыт талап кылынат, анткени сөөктөр өтө байыркы экен ”,- деди окумуштуу.
“ Ысык-Көлдөн табылган байыркы жаныбардын сөөгүн казып алдык, анын болжолдуу салмагы 300 килограмм болду ”,- деди бүгүн, 21-мартта порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева . Анын айтымында, кийинки изилдөө иштери Улуттук академияда жүргүзүлөт. “ Учурда биз казып алган байыркы жаныбардын баш сөөгүн, эки тишин, бир бүтүн азуу тишин жана бырчаланып калган экинчи азуунун калдыктарын борборго жеткирүүгө даярдап, унаабызды күтүп жатабыз. Палеонтологдун айтымында, бул байыркы сөөктөр мамонттуку же анын жакын тууганы болгон мастодонттуку болушу мүмкүн. Биз табылганы Бишкекке алып барып, чет жактын жардамы жок эле, өзүбүздүн күчүбүз менен изилдейбиз.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142407
2016-03-21
ky
СУПЕРСТАН: "Эркектер жасаган тамакка караганда аялдар жасаган тамактар баары бир мыкты"
Ашкана дегенде эле аялзаты даамдуу тамагы менен кошо көзгө элестейт. Ошентсе да мырзалардын арасында ашкананы мыкты билгендер жок эмес. Форумчулар бул темага да кайрылбай коюшкан жок. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ашканада эркектер мыктыбы же аялдарбы?" деген тема талкууланууда. Темада колдонуучулардын бири: "Албетте, эркектер мыкты. Боюмда бар кезде токсикоз болуп кыйналгам, ошондо тамакты жолдошум жасап берчү. Ашканада дайыма айымдар болгонубуз менен, эркектер да тамакты мыкты жасашарына ошондо ишенгем",- деп жазды. Башка колдонуучу: "Мен үчүн аялзаты даярдаган тамактан өтөрү жок. Аялзаты мыкты. Мырзалар оңой-олтоң тамакты даамдуу жасай салышканы менен, камыр тамактарды жасай алышпайт болуш керек. Айымдар баарын жасашат",- дейт. Нейтралдуу пикирлер да жок эмес. "Ким тамакты чын ыкласы менен жасаса, ошол тамак даамдуу болот",- дейт башка колдонуучу. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Ашкана дегенде эле аялзаты даамдуу тамагы менен кошо көзгө элестейт. Ошентсе да мырзалардын арасында ашкананы мыкты билгендер жок эмес. Форумчулар бул темага да кайрылбай коюшкан жок. порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ашканада эркектер мыктыбы же аялдарбы?" деген тема талкууланууда. Темада колдонуучулардын бири: "Албетте, эркектер мыкты. Боюмда бар кезде токсикоз болуп кыйналгам, ошондо тамакты жолдошум жасап берчү. Ашканада дайыма айымдар болгонубуз менен, эркектер да тамакты мыкты жасашарына ошондо ишенгем",- деп жазды. Башка колдонуучу: "Мен үчүн аялзаты даярдаган тамактан өтөрү жок. Аялзаты мыкты. Мырзалар оңой-олтоң тамакты даамдуу жасай салышканы менен, камыр тамактарды жасай алышпайт болуш керек. Айымдар баарын жасашат",- дейт. Нейтралдуу пикирлер да жок эмес. "Ким тамакты чын ыкласы менен жасаса, ошол тамак даамдуу болот",- дейт башка колдонуучу.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142383
2016-03-21
ky
ЖЫЛНААМА, 21-март: Мындан 494 жыл мурун Осмон империясынын султаны, Даңазалуу Сулейман жана Хүррем султандын кызы Михримах туулган
Мындан 494 жыл мурун, 1522-жылы 21-мартта Осмон империясынын султаны, Даңазалуу Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан күн менен түн теңелген күнү төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосуна баш ийип, өзүнөн 22 жашка улуу Рүстем пашага турмушка чыккан. Михримах менен Рүстем султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем каза болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган. 21-марттын жылнаамасы .
Мындан 494 жыл мурун, 1522-жылы 21-мартта Осмон империясынын султаны, Даңазалуу Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан күн менен түн теңелген күнү төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосуна баш ийип, өзүнөн 22 жашка улуу Рүстем пашага турмушка чыккан. Михримах менен Рүстем султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем каза болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган.
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142405
2016-03-21
ky
Баткенде "өз агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн" деп шектелген жаран эки айга камакка алынды
Баткен шаарында "өз агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн" деп шектелген жаран Баткен райондук сотунун чечими менен бөгөт коюу чарасы катары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 21-март күнү Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. аталган райондук соттун чечими менен “киши өлтүрүү” жана “эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү” беренелери менен айыпталып, эки айга камакка алынды. Эскерте кетсек, 15-март күнү кылмышка шектүү Б.С. аттуу жаран Баткен шаарындагы базарда эт сатып иштеген бир тууган агасынын сол көкүрөгүнө бычак сайып жиберген. Андан соң бир тууган агасы жашаган үйгө барып, Б.А. аттуу жеңесинин сол көкүрөгүнө бычак сайган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, агасы экөөнүн ортосунда жер талаш маселесинен улам пикир келишпестиктер болуп келген.
Баткен шаарында "өз агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн" деп шектелген жаран Баткен райондук сотунун чечими менен бөгөт коюу чарасы катары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 21-март күнү Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. аталган райондук соттун чечими менен “киши өлтүрүү” жана “эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү” беренелери менен айыпталып, эки айга камакка алынды. Эскерте кетсек, 15-март күнү кылмышка шектүү Б.С. аттуу жаран Баткен шаарындагы базарда эт сатып иштеген бир тууган агасынын сол көкүрөгүнө бычак сайып жиберген. Андан соң бир тууган агасы жашаган үйгө барып, Б.А. аттуу жеңесинин сол көкүрөгүнө бычак сайган.
Кылмыштар, кырсыктар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142389
2016-03-21
ky
Бишкектеги көк бөрү мелдешинин финалында "Сары-Өзөн" командасы "Достукту" 11:5 эсебинде утту, "Талас" коло тагынды (фоторепортаж)
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча уюштурулган мелдештин финалы жана 3-орун үчүн беттеш болду. Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгында "Бөрүлүнү" уткан "Сары-Өзөн" командасы "Талас" командасын уткан "Достук" менен беттешмек. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, жыйынтыгында 2 оюнда тең ири эсептер катталып, "Сары-Өзөн" командасы мелдештин жеңүүчүсү аталды. 2-орунду "Достук" ээлесе, коло "Талас" командасына тийди. Финал "Сары-Өзөн" (Суусамыр) - "Достук" (Ош) - 11:5 3-орун үчүн беттеш: "Талас" (Талас) - "Бөрүлү" (Сокулук) - 9:0
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча уюштурулган мелдештин финалы жана 3-орун үчүн беттеш болду. Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгында "Бөрүлүнү" уткан "Сары-Өзөн" командасы "Талас" командасын уткан "Достук" менен беттешмек. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, жыйынтыгында 2 оюнда тең ири эсептер катталып, "Сары-Өзөн" командасы мелдештин жеңүүчүсү аталды. 2-орунду "Достук" ээлесе, коло "Талас" командасына тийди.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142399
2016-03-21
ky
Кыргыз мамлекети, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Беларустун элчилери Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев КРдагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько , КРдагы Тажикстандын элчиси Олим Рахимов , КРдагы Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитов жана КРдагы Беларустун элчисинин кеңешчиси Сергей Иванов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда Борбор Азиядагы кырдаал талкууланды. Дипломаттар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, айрыкча Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы кызматташтыкты талкууга алышты.
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев КРдагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько , КРдагы Тажикстандын элчиси Олим Рахимов , КРдагы Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитов жана КРдагы Беларустун элчисинин кеңешчиси Сергей Иванов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда Борбор Азиядагы кырдаал талкууланды.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142395
2016-03-21
ky
МЕДИА-ПОРТАЛ : "Азыр келиндер күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды билишпейт" дейт Турдакун Ниязалиев "Жубайыма" ырынын клиби тууралуу
"Медиа-порталдагы" эң таасирдүү, популярдуу, терең мааниге ээ чыгармалардын бири - Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу ырынын клиби. "Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет күчтүү болот" дегендей, ырчынын бул чыгармасы жубайлар ортосунда сүйүү, ишеним бири-бирин колдоого түрткү берерин чагылдырат. "Тарбия берүүдө музыканын таасири күчтүү, ошондуктан музыка аркылуу ыйманды жеткирсем дейм. Эң эле жөнөкөй маселе – азыр жаш келиндер күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды билишпейт. Айрым мырзалар болсо келинчегин "Кечке үйдө эмне кылып отурдуң?" деп жемелешет. Мына ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдөн улам кыргыз жеринде айына 800 үй-бүлө ажырашат экен. Дарыны койсоң жарага тийгендей эле, бул ыр элге алынып кетти. Ыр аркылуу жок дегенде бир үй-бүлөнү сактап кала алдым деп мактанып айта алам",- деп ырчы бизге берген маектеринин биринде билдирген эле. Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
"Медиа-порталдагы" эң таасирдүү, популярдуу, терең мааниге ээ чыгармалардын бири - Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу ырынын клиби. "Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет күчтүү болот" дегендей, ырчынын бул чыгармасы жубайлар ортосунда сүйүү, ишеним бири-бирин колдоого түрткү берерин чагылдырат. "Тарбия берүүдө музыканын таасири күчтүү, ошондуктан музыка аркылуу ыйманды жеткирсем дейм. Эң эле жөнөкөй маселе – азыр жаш келиндер күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды билишпейт. Айрым мырзалар болсо келинчегин "Кечке үйдө эмне кылып отурдуң?" деп жемелешет. Мына ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдөн улам кыргыз жеринде айына 800 үй-бүлө ажырашат экен. Дарыны койсоң жарага тийгендей эле, бул ыр элге алынып кетти. Ыр аркылуу жок дегенде бир үй-бүлөнү сактап кала алдым деп мактанып айта алам",- деп ырчы бизге берген маектеринин биринде билдирген эле.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142381
2016-03-21
ky
Бишкек тургундары Нооруз майрамын жакшы маанайда өткөрүшүүдө (фоторепортаж)
Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы борбор калаада жакшы маанайда өтүүдө. Буга күндүн чайыттай ачык жана аба ырайынын жылуу болушу да бирден-бир себепкер. Мындан улам майрам күнү көчөгө сейилдеп чыккан шаардыктар жана калаа коноктору көп. Демейде кардары жок ээнсиреп турган аттракциондор бүгүн бир мүнөт дагы жөн турбай, тынбай иштеп, балдардын шыңгыр күлкүсүнө толуп турган чагы. Ал эми кичинекейлерине майрамдык шаң тартуулагысы келген ата-энелер Ноорузга деп топтогон акчаларын болушунча "чачышууда". Элдин көптүгүнөн отурарга жер жоктугу да майрамдаган тургундардын саны арбын экенинен кабар берет.
Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы борбор калаада жакшы маанайда өтүүдө. Буга күндүн чайыттай ачык жана аба ырайынын жылуу болушу да бирден-бир себепкер. Мындан улам майрам күнү көчөгө сейилдеп чыккан шаардыктар жана калаа коноктору көп. Демейде кардары жок ээнсиреп турган аттракциондор бүгүн бир мүнөт дагы жөн турбай, тынбай иштеп, балдардын шыңгыр күлкүсүнө толуп турган чагы. Ал эми кичинекейлерине майрамдык шаң тартуулагысы келген ата-энелер Ноорузга деп топтогон акчаларын болушунча "чачышууда".
Коом жана турмуш
false
https://www.super.kg/kabar/news/142371
2016-03-21
ky
ЭЛДИК КАБАР : Саунадан качып, 13 күндөн кийин аялдын кийимин кийип алып бараткан жеринен кармалган Азатбек кайсы жерде түнөгөнү белгилүү болду
Бишкектеги саунада күзөтчүлөр менен эс алуу учурунда качып кетип, 13 күндөн кийин, 11-мартта кармалган Азатбек Алымкулов көмүр сатчу жерде түнөгөн. Бул тууралуу окурман тааныш милиция кызматкерлерине шилтеме берүү менен SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, аталган көмүр сатчу жер Туңгуч кичи районунда жолдун четинде жайгашкан. Эскерте кетсек, А.Алымкулов каракчылык боюнча айыпталып, 26-февраль күнү күзөтчүлөр менен саунада спирттик ичимдиктерди ичип, эс алуу маалында качып кеткен. 11-мартта саат 15:00 чамасында Бишкектин Туңгуч кичи районунда аялдын кийимдерин кийип, боюнда бар сыяктуу кылып курсак чыгарып, бетине медициналык бет кап кийип бара жаткан жеринен кармалган. Сурак учурунда ал буга чейин көчөдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде баш калкалап жүргөнүн билдирген.
Бишкектеги саунада күзөтчүлөр менен эс алуу учурунда качып кетип, 13 күндөн кийин, 11-мартта кармалган Азатбек Алымкулов көмүр сатчу жерде түнөгөн. Бул тууралуу окурман тааныш милиция кызматкерлерине шилтеме берүү менен порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, аталган көмүр сатчу жер Туңгуч кичи районунда жолдун четинде жайгашкан. Эскерте кетсек, А.Алымкулов каракчылык боюнча айыпталып, 26-февраль күнү күзөтчүлөр менен саунада спирттик ичимдиктерди ичип, эс алуу маалында качып кеткен. 11-мартта саат 15:00 чамасында Бишкектин Туңгуч кичи районунда аялдын кийимдерин кийип, боюнда бар сыяктуу кылып курсак чыгарып, бетине медициналык бет кап кийип бара жаткан жеринен кармалган.
Элдик кабар
false
https://www.super.kg/kabar/news/142377
2016-03-21
ky
Бишкек. "Аккула" ат майданында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фоторепортаж)
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтүп жатат. Бул оюндар быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык болуп эсептелинет. Ат майдандагы мелдештердин катарында эр эңиш орун алып, 3 салмак категориясындагы жоон билектер арасында жеңүүчүлөр аныкталды. 70 килограмм салмакта Чүй облусунан келген Бузурманкул уулу Калыбек жеңүүчү аталса, 90 килограмм салмакта Марат Кулуевге (Ош облусу) эч ким тең келген жок. 90 килограммдан жогоркулар арасында алтын медалды Күмүш Кыдыралиев (Талас облусу) тагынды.
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтүп жатат. Бул оюндар быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык болуп эсептелинет. Ат майдандагы мелдештердин катарында эр эңиш орун алып, 3 салмак категориясындагы жоон билектер арасында жеңүүчүлөр аныкталды. 70 килограмм салмакта Чүй облусунан келген Бузурманкул уулу Калыбек жеңүүчү аталса, 90 килограмм салмакта Марат Кулуевге (Ош облусу) эч ким тең келген жок.
Спорт
false
https://www.super.kg/kabar/news/142361
2016-03-21
ky
ЖЫЛНААМА, 21-март: Мындан 3 жыл мурун бийчи Атай Өмүрзаков Москва шаарындагы "Лужники" концерттик залында жеке концертин берген
Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 21-мартта кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков Москва шаарындагы "Лужники" концерттик залында жеке концертин берген. Аталган масштабдуу концерттик залда бул мезгилге чейин бир да кыргыз ырчысы же бийчиси концерт койгон эмес. Ал эми таланттуу бийчи үчүн алгачкы жеке концертин дал ушул шаардан бергени бекеринен болгон эмес. Анткени Атай дүйнөнү багындырууну Москва шаарынан баштаган. Концертти ырчылар Гүлнур Сатылганова , Темир Назаров , Каныкей жана Атайдан тарбия алган "Тумар КР" бийчилер тобу коштоп, шоумен Бакыт Байсариев алып барган. 21-марттын жылнаамасы .
Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 21-мартта кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков Москва шаарындагы "Лужники" концерттик залында жеке концертин берген. Аталган масштабдуу концерттик залда бул мезгилге чейин бир да кыргыз ырчысы же бийчиси концерт койгон эмес. Ал эми таланттуу бийчи үчүн алгачкы жеке концертин дал ушул шаардан бергени бекеринен болгон эмес. Анткени Атай дүйнөнү багындырууну Москва шаарынан баштаган. Концертти ырчылар Гүлнур Сатылганова , Темир Назаров , Каныкей жана Атайдан тарбия алган "Тумар КР" бийчилер тобу коштоп, шоумен Бакыт Байсариев алып барган.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142379
2016-03-21
ky
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 21-МАРТ: Аксы - Ала-Бука жолунун Чала-Сарт аймагында аскерлердин саны кыскарды
15:28. Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү Бейшеналы Ашимов SUPER.KG порталына билдиргендей, азыркы учурда аймакта кырдаал туруктуу. Өзбекстандын чек арачылары Аксы - Ала-Бука жолунда жарандардын документтерин текшерүүнү улантып жатышат. 13:40. Аксыда чек ара аймагындагы коомдук коопсуздукту укук коргоо органдары көзөмөлдөөдө. Чек арачылар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Чек ара коопсуздугун камсыздоого күч жана каражат жетиштүү",- деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы. 12:12. Кербен - Ала-Бука жолунун Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскартылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин унаа жолдун аталган бөлүгүнөн эки тарап тең аскерлерин азайткан. Учурда эки тараптан 8ден аскер калды. Аймактын башка чек ара тилкесинде аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. 8:49. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда түн тынч өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди. Анын айтымында, Нооруз майрамына байланыштуу райондогу айылдарда майрамдык иш-чаралар пландалган. "Аймакта жергиликтүү бийлик менен күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда" ,- деди Шербаев. 00:05. Аксынын Торук айылынын жаштары бийликке талап коюуга даярданып жатышат. Муну бүгүн 21-мартта жергиликтүү тургундардын бири SUPER.KG порталына кабарлады. Анын айтымында, Кербен - Ала-Бука жолунун тосулушуна тийиштүү сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек. "Торук айылынан Эмил Алимов баштаган 50гө жакын мекенчил жаш жигиттер Аксы райондук администрациясынын алдына чыгып, чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууга даярданып жатышат. Анткени Торук айылы да чек арага жакын жайгашкан. Алар Кербен - Ала Бука аймагындагы окуяга тынчсызданып жатышат. Талапты президентке, өкмөткө коёбуз дешүүдө", - деди жергиликтүү тургун. Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.
15:28. Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү Бейшеналы Ашимов порталына билдиргендей, азыркы учурда аймакта кырдаал туруктуу. Өзбекстандын чек арачылары Аксы - Ала-Бука жолунда жарандардын документтерин текшерүүнү улантып жатышат. 13:40. Аксыда чек ара аймагындагы коомдук коопсуздукту укук коргоо органдары көзөмөлдөөдө. Чек арачылар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Чек ара коопсуздугун камсыздоого күч жана каражат жетиштүү",- деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы. 12:12. Кербен - Ала-Бука жолунун Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскартылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан порталына билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин унаа жолдун аталган бөлүгүнөн эки тарап тең аскерлерин азайткан. Учурда эки тараптан 8ден аскер калды. Аймактын башка чек ара тилкесинде аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. 8:49. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда түн тынч өттү. Бул тууралуу порталына Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди. Анын айтымында, Нооруз майрамына байланыштуу райондогу айылдарда майрамдык иш-чаралар пландалган. "Аймакта жергиликтүү бийлик менен күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда" ,- деди Шербаев. 00:05. Аксынын Торук айылынын жаштары бийликке талап коюуга даярданып жатышат. Муну бүгүн 21-мартта жергиликтүү тургундардын бири порталына кабарлады. Анын айтымында, Кербен - Ала-Бука жолунун тосулушуна тийиштүү сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек. "Торук айылынан Эмил Алимов баштаган 50гө жакын мекенчил жаш жигиттер Аксы райондук администрациясынын алдына чыгып, чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууга даярданып жатышат. Анткени Торук айылы да чек арага жакын жайгашкан. Алар Кербен - Ала Бука аймагындагы окуяга тынчсызданып жатышат. Талапты президентке, өкмөткө коёбуз дешүүдө", - деди жергиликтүү тургун.
Саясат
false
https://www.super.kg/kabar/news/142299
2016-03-21
ky
КИНОЗАЛ: "Түндүктүк келин" тасмасын тартууда Жалал-Абад элинен аябай сый көрдүк" дейт тасмада роль жараткан Гүлшайыр Садыбакасова
SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрдагы тасмалардын бири Рысбек Жабировдун - "Түндүктүк келин" тасмасы. Башкы каармандардын образдарын Рахман Разыков, Гүлшайыр Садыбакасова, Асел Турдалиева, Акмаанай Эшбаева, Болотбек Тилек, Рахат Аксултановалар жаратышкан. Тасмада роль жараткандардын бири, Кыргыз Эл артисти, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова: "Тасмада мээримдүү, үлгүлүү кайнененин ролун ойнодум. Өзүмдүн апам кинодогудай кайнене эле, мен апамдын ролун ойнодум десем болот. "Кыз-Бурактын" кыздарын тарбиялоодо деле кинодогудай ыкманы колдонуп коём. Жалал-Абаддын эли аябай меймандос келишет экен, бизди профессионал актрисалардай кабыл алышып, бирөөсү айранын, экинчиси каймагын көтөрүп келет, айтор, аябай сыйлашты",- деп билдирген бизге берген маектеринин биринде. Тасмада өлкөнүн ичиндеги салт-санаалардын айырмачылыктары, аларды жаш келиндин жеңип чыгуусу тууралуу баяндалат. Тасманы толугу менен бул жерден көрсөӊүз болот.
порталынын "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрдагы тасмалардын бири Рысбек Жабировдун - "Түндүктүк келин" тасмасы. Башкы каармандардын образдарын Рахман Разыков, Гүлшайыр Садыбакасова, Асел Турдалиева, Акмаанай Эшбаева, Болотбек Тилек, Рахат Аксултановалар жаратышкан. Тасмада роль жараткандардын бири, Кыргыз Эл артисти, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова: "Тасмада мээримдүү, үлгүлүү кайнененин ролун ойнодум. Өзүмдүн апам кинодогудай кайнене эле, мен апамдын ролун ойнодум десем болот. "Кыз-Бурактын" кыздарын тарбиялоодо деле кинодогудай ыкманы колдонуп коём. Жалал-Абаддын эли аябай меймандос келишет экен, бизди профессионал актрисалардай кабыл алышып, бирөөсү айранын, экинчиси каймагын көтөрүп келет, айтор, аябай сыйлашты",- деп билдирген бизге берген маектеринин биринде. Тасмада өлкөнүн ичиндеги салт-санаалардын айырмачылыктары, аларды жаш келиндин жеңип чыгуусу тууралуу баяндалат.
Маданият, шоу-бизнес
false
https://www.super.kg/kabar/news/142369
2016-03-21