text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткен райондук милициясы аталган аймактагы Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургундары, бир туугандар — 15 жаштагы Айназик Кудайбердиева менен 12 жаштагы Ариет Кудайбердиевди издеп жатат. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. © Фото / пресс-служба РОВД Баткенской области Изделип аткан бир туугандар — 15 жаштагы Айназик Кудайбердиева менен 12 жаштагы Ариет Кудайбердиев"Эки бир тууган 13-июль күнү саат 18.30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул факт Баткен РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, балдар изделип жатат", — деп айтылат маалыматта. Айназиктин белгилери: бою 150-155 сантиметр, кашы-көзү, чачы кара, арыкчырай, чачынын узундугу болжол менен 30-40 сантиметр. Ал эми иниси Ариеттин ак түстөгү спорттук бут кийимчен болгону айтылды. Милиция бир туугандарды көрүп же жүргөн жерин билсе 03622 (5 17 56), 0774 778 688, 0709 736 637 телефондорго кайрылууну суранды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы ачылган конференц-холлуна Бишкектеги стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын бюсту орнотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, бюсттун ачылыш аземине окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова, ЖОЖдун кызматкерлери жана Адинайдын жакындары, курсташтары катышкан."Колодон даярдалган эстеликти Адинайдын курсташтары, окуу жайды 2021-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү коюшкан", — деп жазылат маалыматта. Белгилей кетсек, ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекова 2020-жылы 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде жумуш учурунда көз жумган. Ал болгону 21 жашта болчу. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин адистер Адинайдын сөөгүн ачып көрүшкөнүн, ал пневмониядан көз жумганын кабарлашкан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Франциянын Монополияга каршы кызматы Google компаниясын 500 миллион евро айыпка жыкты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады. © Sputnik / Кирилл Каллиников Роскомнадзор Twitter, Facebook, Google боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын ачыктады Google News сервисине франциялык ЖМКлардын макалаларын колдонгондугу үчүн акы төлөп берүү боюнча келишим түзүү мөөнөтүн создуктуруп жүрөт деп айыпталууда. Ошондой эле компанияга колдонгон материалдары үчүн автордун эмгек акысын төлөп бербесе, күн сайын негизги айыптын үстүнө 900 миң евродон кошулуп турары эскертилди. Белгилей кетсек, бир жыл мурда аталган кызмат Google компаниясын жергиликтүү ЖМКлардын контентин колдонгону үчүн алар менен келишим түзүүгө милдеттендирген. Буга France-Presse агенттиги башында турган медиа-топтордун арыздануусу себеп болгон.
Sputnik_kg
Долбоор балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү, дене тарбия жана сергек жашоо образын жайылтуу, коомду массалык спортко кызыктыруу максатында ишке ашууда. Мындай билдирүүнү Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Надырбеков: сентябрда республикалык "Мектеп лигасы" долбоору башталат Анын айтымында, мектеп окуучулары командалык спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрлөрү боюнча күч сынашат."Өлкө башчысы жаштар саясаты, массалык спортту өнүктүрүү боюнча министрликке жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине тапшырмаларды берген. Анын негизинде стратегиялык багытта көп долбоорлор башталды. Алардын бири өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, дене тарбия жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында "Мектеп лигасы" долбоорун ишке ашыруу жана коомдун массалык спортко көңүлүн буруу. Үй-бүлөдөгү тарбия абдан маанилүү, бирок өспүрүмдөр арасында чөйрөнүн да таасири абдан чоң. Андыктан спорт аркылуу жаштарды ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү, жоопкерчиликтүү болууга тарбияласак болот. Учурда бул долбоордун күнгөй-тескейи каралып, атайын жумушчу топ кылдат иштеп чыкты. Мектеп окуучулары командалык спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрлөрү боюнча күч сынашат. Масштабы чоң болгондуктан кийин жекелик спорттун түрлөрү да кошулат", — деди Надырбеков. Ошондой эле жетекчи маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында долбоордун веб-сайты жана мобилдик колдонмосу иштелип чыгарын кошумчалады.
Sputnik_kg
"Манас" эпосунда "чилгир" деген сөз кездешет. Ал күндүн ысып турган саратан мезгилин түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун"Көөнө сөз" рубрикасында билдирди. Радио Талантбеков: жай саратанды "чилгир" деп колдонууга болот Анын айтымында, "чилгир" деген сөз Саякбай, Сагынбай манасчылардын варианттарында көп учурайт."Манас" эпосунун Саякбай Каралаевдин, Сагынбай Орозбаковдун варианттарында "чилгир" деген сөз көп кездешет. Маселен, улуу баянда "жай саратан, чилгир күн" деген саптар бар. Мындан улам анын күндүн абдан ысык учуру экенин аңдаса болот. Жайдын саратаны, жайдын чилдеси келди дегендин ордуна "чилгир түштү" деп койсок аптаптуу ысык убак болуп калганын түшүндүрөт", — деди Талантбеков. Манасчы эпостогу көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)"Биздин Хайит тарыхта алгачкылардан болуп Токио оюндарына парадзюдо боюнча лицензия алды. Ал өлкө намысын коргой турчу биринчи көзү азиз спортчу", — деп жазылган маалыматта. Спортчу парадзюдо турниринде 57 килограмм салмакта күч сынашат. Токио Олимпиадасына параспортчулардын ичинен биринчи лицензияны ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов алган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү © Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта Курама команданын экипировкасын Кытайдын TECTOP компаниясы бекер даярдап берген © Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта Форманын топтомуна 15 кийим кирген: бир нече футболка, атайын кофталар, ветровка, бут кийим, баш кийим жана башкалар бар © Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта Мындай форманы спортчулар Олимпиада кыштагында жүргөндө, машыкканда жана сыйлык аларда кийишет. © Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта 1 / 4 © Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү Курама команданын экипировкасын Кытайдын TECTOP компаниясы бекер даярдап берген. Форманын топтомуна 15 кийим кирген: бир нече футболка, атайын кофталар, ветровка, бут кийим, баш кийим жана башкалар бар. © Sputnik / Максим Богодвид КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды Мындай форманы спортчулар Олимпиада кыштагында жүргөндө, машыкканда жана сыйлык аларда кийишет. Ошондой эле жарыштарга кийип чыгуучу атайын спорттук кийими бар. Аларды улуттук Bigser sport компаниясы тигип берген. Спорт агенттиги алардын сүрөтүн кийинчерээк берерин убадалады. Ал эми курама команданын параддык формасын дизайнер Дилбар Ашимбаева тиккен. Бирок ак чапан жана ага басылган сакура коомчулукта ар кыл пикирди жаратып, Улуттук Олимпида комитети буга түшүндүрмө берген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кытайдын Sinopharm вакцинасын алам дегендер Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында жайгашкан эмдөө жайынан жана Ден соолук паркынын аймагындагы медициналык пунктудан коронавируска каршы эмделе алышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Курманжан датканын эстелиги Чүй — Эркиндик проспектилеринин кесилишиндеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында жайгашкан. Ал эми Ден соолук паркы Айтматов проспекти менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган."Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жүрүп жатат. Пунктулар 17:00дөн 21:00гө чейин иштейт", — деп айтылат маалыматта. © пресс-служба мэрии города Бишкек Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 140 миңден ашты Вакцина ала турчу адамдардын жанына паспорту болушу керек. Анткени документтеги жана эмделгени жөнүндө маалыматтары Саламаттык сактоо министрлигинин базасына киргизилет. Суроолор жаралса (0312) 32-31-27, (0312) 32-30-11,0500) 30-33-43, (0312) 54-65 -21 и (0312) 54-61-04 телефондоруна чалып маалымат алса болору айтылды. Аталган номерлер жумуш убактысында гана иштейт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Биринчи орун басар кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырган."Жунушалиев эмдөөнүн жана жамааттык иммунитеттин пайда болушу абдан маанилүү экендигин белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды", — деп айтылат билдирүүдө. Учурда республикада калкты COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өткөрүү кампаниясы кызуу жүрүп баштады. Өлкөнүн президентинин администрациясынын, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери вакцина алууда. Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан 140 922 бейтап коронавируска каршы эдөөдөн өттү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кабулдагы президенттик сарайдын жанына айт намаз окулуп жаткан учурда бир нече ракета ташталды. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, айт намаз маалында ракеталар ташталып, үч ирет жарылуу угулган. Бирок жабырлануучулар боюнча маалымат бериле элек. © AFP 2021 / BULENT KILIC Афганистанда талибдер менен түрктөр салгылашабы? Учурда Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө. 17-июль күнү Катар мамлекетинин Доха шаарында Афганистандын тирешип турган саясий күчтөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду башталганы айтылган. Ага өкмөт тараптан Улутту элдештирүү боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла, ал эми талибандардын башында бул кыймылдын Катардагы кеңсесинин жетекчиси Барадар Ахунд катышкан. *Талибан – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцинанын экинчи дозасын албай коюунун кесепети кандай экенин Sputnik радиосунун эфиринде Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин профессору, биология илимдеринин доктору Алексей Аграновский айтып берди. Адис билдиргендей, учурда вакцинага ишенбеген адамдар арасында жетекчиликтин же башка тараптардын койгон талабынан эптеп кутулуу үчүн вакцинанын биринчи дозасын алып, экинчисине келбей койгондор көп кездешүүдө."Эки компоненттүү вакцинанын экөөнү тең алмайынча иммунитет жетиштүү калыптанбайт. Өзгөчө азыр өтө кооптуу болуп турган дельта штаммынан вакцинанын бир гана дозасы коргой албайт. Биринчи доза "нөлдүк" штаммдан, башкача айтканда, алгачкы чыккан Ухань штаммынан коргошу мүмкүн. Андан кийинки, кооптуурактарынан сактануу үчүн эки ирет эмделүү зарыл", — деди Аграновский. Ошондой эле адис антитело толук кандуу калыптанышы үчүн өзүм билемдик кылбай, дозаларды убактысынан өткөрбөй алуу керектигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде алты миңдей киши айт намазын окуду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде алты миңдей киши айт намазын окуду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Иш-чарага катышкан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Курман айт майрамы кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген кең пейилдиктин, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана боорукерликтин майрамы болуп келгенин белгиледи. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарындагы 41 мечитте айт намазы окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намаз окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намаз окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намаз окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намаз окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намаз окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намаз окулду. © Фото / пресс-служба мэрии города Ош 1 / 9 © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде алты миңдей киши айт намазын окуду. Иш-чарага катышкан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Курман айт майрамы кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген кең пейилдиктин, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана боорукерликтин майрамы болуп келгенин белгиледи."Курман айт күнү бардык тилектериңерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашсын. Кыргызстаныбызда, шаарыбызда тынчтык болсун! Ар үй-бүлөдө тынчтык болсо, мамлекетибизде тынчтык болот. Ар бир үй-бүлөгө жараткандын мээрими түшсүн", — деди мэр. Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарындагы 41 мечитте айт намазы окулду.
Sputnik_kg
ЖОЖго тапшыруунун негизги талаптары англис тилин жогорку деңгээлде билүү, академиялык жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү болуп саналат. Мындай пикирин Абдырахман Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Сулайманов: сыртта окуу үчүн мотивациялык кат, резюме мыкты болушу керек Анын айтымында, стипендиялык программаларга тапшырууда туура түзүлгөн мотивациялык кат, резюме, мүнөздөмө абдан маанилүү."Ар бир өнүккөн өлкөнүн чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекет тарабынан каржыланган атайын стипендиялык программалары болот. Алсак, АКШнын Fulbright, Германиянын DAAD, Япониянын MEXT, Улуу Британиянын Chevening, Түркиянын Turkiye Burslari программаларында бакалавр, магистратура даражалары боюнча кыргызстандыктар билим алып келишет. Бул ар бир окуучунун изденүүсүнө байланыштуу болот. Чет өлкөдө окуу үчүн алардын талаптарын толук кандуу аткаруу зарыл. Мисалы, англис тилин мыкты деңгээлде билүү, академиялык жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү каралат. Мындан тышкары, мотивациялык кат, резюме толтурганда да көп нюанстарга көңул бурулушу кажет. Эгерде студент магистратурага тапшырууну кааласа, 2-3-курстан баштап чет тил курстарынан окугандыгын тастыктаган сертификаттарды алып, багыты, өлкөсү, программалар тууралуу толук маалыматка ээ болуу менен жоопкерчиликтүү түрдө даярдануусу окууга тапшырууга өбөлгө түзөт", — деди Сулайманов. Ошондой эле адис элет жерлеринде чет өлкөгө акысыз программаларга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин билбеген мугалим, окуучулар көп экендигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткен райондук милициясы аталган аймактагы Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургундары, бир туугандар — 15 жаштагы Айназик Кудайбердиева менен 12 жаштагы Ариет Кудайбердиевди издеп жатат. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты."Эки бир тууган 13-июль күнү саат 18.30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул факт Баткен РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, балдар изделип жатат", — деп айтылат маалыматта. Айназиктин белгилери: бою 150-155 сантиметр, кашы-көзү, чачы кара, арыкчырай, чачынын узундугу болжол менен 30-40 сантиметр. Ал эми иниси Ариеттин ак түстөгү спорттук бут кийимчен болгону айтылды. Милиция бир туугандарды көрүп же жүргөн жерин билсе 03622 (5 17 56), 0774 778 688, 0709 736 637 телефондорго кайрылууну суранды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Казакстандын ооруларды алдын алуу боюнча медициналык академиясынын президенти, иммунолог Алмаз Шарман коронавирус пандемиясы учурунда эмне себептен грипп дээрлик жок болуп кеткенин түшүндүрдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды."Чындыгында эле грипп дээрлик жок болуп кетти. Анткени көпчүлүк бет кап тагынып калды. COVID-19 жок учурда деле эл бет кап тагынып, грипптен коргонсо дал ушундай эле болмок. Вирус адамдын организминде көбөйөт, ага кире албаса, өзүнөн-өзү жок болот. Ошондой эле кишилер колун тез-тез жууп, гигиенаны катуу сактай баштагандыктан ичеги-карын инфекциялары азайды", — деди дарыгер. Шармандын айтымында, грипп — адамды өлүмгө алып келе турган кооптуу тумоолордун катарында турат. Андан жыл сайын дүйнөдө 200 миңдей киши каза табат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткенде кечээтен бери дайыны чыкпай, милиция издеп жаткан бир тууган өспүрүмдөр аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирип, сүрөтүн өзүнүн Facebook баракчасына чыгарды. Эске салсак, Баткен районунун Бужум айылынын 15 жаштагы тургуну Айназик Кудайбердиева менен анын бир тууган иниси, 11 жаштагы Ариет дайынсыз болуп жатканы тууралуу милиция коомчулукка билдирип, билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнгөн."Райондук милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө алар бүгүн, 14-июль күнү, саат 12.00дөр чамасында Баткен шаарында жүргөн жеринен табылды", — деп айтылат билдирүүдө. Балдардын ден соолугу жакшы, аман-эсен. Алардын ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндүктөн чоң энесинин колуна тапшырылганы кабарланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов Ысык-Көлгө баргандардан экология үчүн акча алууну сунуштады. Ал Ысык-Көлдүн аймагына кирип бараткан жерден экология үчүн төлөм алып, анан өткөрүү керек деп эсептейт."Ысык-Көлгө жайы менен барып жатышат, бирок таштанды көп болуп кетүүдө. Аны ошол көлдүктөр өздөрү тазалап жатышат. Андыктан экология, тазалык үчүн төлөм киргизүүнү суранышууда. Ушуну киргизип берип койбойсуздарбы", — деп кайрылды Райымкулов Транспорт жана коммуникация министрлигине. Буга министрдин орун басары Нурланбек Кайынбеков жооп берип, маселени карап чыгуу керектигин айтты.
Sputnik_kg
ОШ, 14-июл. – Sputnik. Ош облусунун Алай районунда 11-июлда болгон жол кырсыгынан көз жумгандардын саны төрткө жетти. Маалыматты Алай райондук аймактык ооруканасынан тастыкташты. Кечээ көз жумган адам Toyota Corolla автоунаасынын 70 жаштагы айдоочусу болгон. Ал 11-июлдан бери Алай аймактык ооруканасында оор абалда жаткан."Айдоочу 13-июль күнү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза тапты. Анын мээси катуу жабыркап, сол санынын сөөктөрү майдаланып кеткен. Оң жак кабыргалары да бир нече жеринен сынган", – дешти ооруканадагылар. Эске салсак, 11-июлда Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там трассасынын 70-чакырымында жол кырсыгы катталган. Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Lexus LX 570 жолтандабас кагылышып, үч адам көз жумган. Айдоочуну кошкондо аталган кырсык төрт адамдын өмүрүн алды.
Sputnik_kg
ОШ, 14-июл. – Sputnik. Ош облусунун Алай районунда 11-июлда болгон жол кырсыгынан көз жумгандардын саны төрткө жетти. Маалыматты Алай райондук аймактык ооруканасынан тастыкташты. Кечээ көз жумган адам Toyota Corolla автоунаасынын 70 жаштагы айдоочусу болгон. Ал 11-июлдан бери Алай аймактык ооруканасында оор абалда жаткан."Айдоочу 13-июль күнү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза тапты. Анын мээси катуу жабыркап, сол санынын сөөктөрү майдаланып кеткен. Оң жак кабыргалары да бир нече жеринен сынган", – деди ооруканадан. Эске салсак, 11-июлда Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там трассасынын 70-чакырымында жол кырсыгы катталган. Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Lexus LX 570 жолтандабас кагылышып, үч адам көз жумган. Айдоочуну кошкондо аталган кырсык төрт адамдын өмүрүн алды.
Sputnik_kg
Кыргызстандын гимнин Хамура шаарынын тургундары менен бирге белгилүү ырчы Мита Рё дагы аткарды. © Sputnik / Максим Богодвид КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды"Алга, Кыргызстан, чамда, Кыргызстан" деген сүрөттөмө жазылган видео Хамура шаарынын YouTube тармагындагы расмий каналына жарыяланды. Хамура — кыргызстандык дзюдочуларды Олимпиадага даярдануу иш-чараларынын алкагында тосуп ала турган калаа. Владимир Золоев Азиянын учурдагы чемпиону. Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензияны июнь айында утуп алган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жарандардын антителосу 3,5-4төн жогору болсо коронавируска каршы вакцина албай койсо болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Аны менен катар министр өлкөдө Sinopharm вакцинасын алгандан кийин канча антитело иштелип чыгары иликтенгенин айтат. Натыйжада Кытай өлкөсү айткандай эле препараттын 75-80 пайыз эффективдүүлүгү аныкталган. Андан соң депутат Улугбек Садиков вакцина алууга мажбурлоо болуп жатканы тууралуу сураган."Бизде эч ким мажбурлаган жок. Садыр Нургожоевич баарыбызга кайрылып, министр, аким, губернаторлордун үлгү көрсөтүп вакцина алуусун суранган. Бул мажбурлоо эмес", — деди Бейшеналиев. Ошондой эле министр учурда Кыргызстанда пандемиянын үчүнчү толкуну жогорку чегине жеткенин белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК,14-июл. – Sputnik. Базарларда сабиздин баасы турукташып, арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, жашылчанын наркы жыйым-терим башталгандыгына байланыштуу жана мамлекеттик агенттиктин текшерүүлөрүнөн кийин төмөндөгөн."Азыр "Сары-Өзөн" базарында жуулган сабиздин бир килограммы 50 сомдон, ал эми жуула элеги 45 сомдон сатылып жатат. Соода түйүндөрүндө, базарларда да сабиздин баасы арзандап, 60-70 сомдон сатылууда", — деп айтылат билдирмеде. © Фото / пресс-служба Государственного агентства антимонопольного регулирования Сабиздин баасы: "Сары-Өзөн" жана "Орто-Сай" базарында түшүндүрүү иштери жүрдү Маалым болгондой, жашылча-жемиш жана жаныбарга тамак саткан базарларга текшерүүчү мекемелер баа белгилей албайт. Ошентсе да Монополияга каршы агенттик кырдаалды анализдеп, ишкер, сатуучулар менен сүйлөшүп, кырдаалды турукташтырууга аракет кылат. Агенттик башка маанилүү товарлар сыяктуу сабиздин баасына да көзөмөл жүргүзүп турарын кошумчалады. Эске салсак, бир нече апта мурда Кыргызстанда айыл чарба азыктарына болгон нарк кескин өсүп кеткен. Анын ичинде сабиздин бир килограммы 100 сомдон ашса, картошка 60-70 сомдон сатылып жаткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Италиялык фотограф жана видеограф Луиджи Сиурчи Кыргызстанга болгон сапарында тартылган укмуштуудай видеолорду жана сүрөттөрдү тартуулады. Өзүнүн эмгектерин ал Instagram баракчасына жарыялаган. Чиурчи чеберчилиги менен Кыргызстандын жаратылышынын укмуштуудай кооздугун чагылдырып берген. Аны көргөндөр асман тиреген кыргыз тоолоруна суктанат."Бул чөлкөмгө келүүнү каалайсызбы? Каракол чокусу, 5 216 метр. Мен өмүрүмдө көргөн эң кооз тоо", — деп жазган саякатчы. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от LUIGI CHIURCHI 📽📸 (@luigichiurchi)"Менин эң сүйкүмдүү сүрөттөрүмдүн бири. Кыргызстанга соңку ирет барганда тартылган", — деп белгилейт автор. Сүрөттө: Нарын облусунун Кызыл-Аскер айылы Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от LUIGI CHIURCHI 📽📸 (@luigichiurchi) Ал ошондой эле Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги капчыгайдын укмуштуудай көрүнүшүн тарткан."Аймактын 94 пайызы тоолордон турат. Көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 3 000 метр бийиктикте", — деп комментарий жазган сүрөткө. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от LUIGI CHIURCHI 📽📸 (@luigichiurchi) Анын Кызыл китепке кирген тоо аркарларын, Марко Полону дрондун жардамы менен жакындан тарткан видеосу соцтармакта тарап жатат. Аларды кайсы жерден тартканын автор белгилеген эмес. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от LUIGI CHIURCHI 📽📸 (@luigichiurchi)"Бул тоо жаныбарлары узун мүйүзү менен белгилүү. Алардын тукуму жоголуп кетүү коркунучунда турат. Тоо жаныбарларынын саны 6 000ге жакын деп айтылып жүрөт", — деп жазган италиялык сүрөтчү. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от LUIGI CHIURCHI 📽📸 (@luigichiurchi) Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Хардинг дрон менен кыска метраждуу роликтерди тартууга адистешкен жана италиялык санарип фотоаппараттарды чыгарган компаниянын амбассадору (жарнамалоочу) болуп саналат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинанын тукумдуулукка тийгизген таасири тууралуу 5-10 жылдан кийин белгилүү болорун билдирди. Ал учурда дүйнөдө эч бир окумуштуу мунун таасири тууралуу корутунду чыгара электигин белгиледи."Вакцина тукумсуздукка алып келеби же жокпу азырынча белгисиз. Балким, тукумдуулукту көбөйтүшү мүмкүн. Бул жаңы вакцина болгондон кийин эч ким билбейт. Дүйнөдөгү окумуштуулар бул боюнча корутундусун чыгара элек. Мен окумуштуу катары айтып коёюн, тукумдуулукка тийгизген таасири боюнча 5-10 жылдан кийин белгилүү болот. Бизде вакцинациялоо башталганына үч ай болду, кыздар төрөш үчүн тогуз ай өтүшү керек. Беш жылдан кийин статистиканы (төрөлгөн балдардын — ред.) көрүп анан айтышыбыз мүмкүн, ага чейин эч ким айта албайт", — деди Бейшеналиев. Мындан сырткары, ал учурда Кытай жана Россия менен вакцина чыгаруучу биргелешкен завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Sputnik_kg
ТЕГЕРАН, 14-июл. — Sputnik, Таалай Ороскулов. Иран менен Кыргызстан Бандар-Аббас — Ош коридорун ачууга макулдашты. Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү. Анын алкагында "Иран темир жолу" компаниясынын жетекчиси Саид Расули менен Кыргызстандын өнөр жайчылар менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев жолукту. Тараптар жүктү Кыргызстандан ташуу жана ташып чыгуу жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин талкуулады. Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү. © Фото / пресс-служба Железных дорог Исламской Республики Иран Анын алкагында "Иран темир жолу" компаниясынын жетекчиси Саид Расули менен Кыргызстандын өнөр жайчылар менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев жолукту. © Фото / пресс-служба Железных дорог Исламской Республики Иран 1 / 2 © Фото / пресс-служба Железных дорог Исламской Республики Иран Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки жак жүктөрүн жогорудагыдай шартта алып кирүү жана алып чыгуу боюнча макулдашты. Иран тарап Аббас — Ош коридорун Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу жүргүзүү маанилүү экенин толугу менен колдоду. Андан сырткары, "Иран темир жолунун" жүк ташууда Кыргызстанга эң төмөнкү тарифтерди коюу боюнча маселени сүйлөшүүгө даяр экени айтылды. © Sputnik / Таалайбек Ороскулов Иранда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алгачкы көргөзмөсү ачылды. Ал Кыргызстанга эмне берет? Бандер-Аббас Ирандагы эң ири порттордун бири. Ал жерден аталган мамлекетке келип түшкөн контейнерлердин 90 пайызын кабыл алышат. Жүк айлануунун көлөмү жылына 25 миллион тоннага жетет. Аталган жай баш-аягы 40 миллион тонна жүктү өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул жерде эл аралык 22 кеме линиясы бар жана ал дүйнөнүн 90 порту менен байланыштырып турат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Москвадан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Москвадан алгачкы каттамды 15-июлда тосуп алмакчы. Москва — Тамчы — Москва каттамын "Аэрофлот" авиакомпаниясы дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жумасына үч ирет жүргүзүүнү пландоодо. Маалыматта баа саясатын учууларды ишке ашырган компания ички эрежелерине ылайык аныктай турганы кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Тажикстандык аскерлер Афганистан менен чектешкен аймактагы көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу талибдерден качып келе жаткан этникалык кыргыздарды кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн УКМКсына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды."Чек арадан Афганистандын 77 жараны өттү. Алардын басымдуу бөлүгү Вахон районунун Андемин айылынан келе жаткан этникалык кыргыздар. 77 кишинин ичинен 26сы эркек, 20сы аялдар, калган 31и жашы жете элек балдар", — деп жазылат кабарда. Алар өздөрү менен чогуу 300 топоз, үч төө, 30 жылкы жана миңге жакын майда жандыктарын айдай келишкен. © Ruptly Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео Учурда качкындар Мургаб районунун аймагында экени айтылды. Чек аранын бул жагы тажик аскерлеринин көзөмөлүндө болгондуктан абал туруктуу экени кошумчаланды. Ушул тапта Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" кыймылы өкмөттүк күчтөр менен тиреше баштады. Акыркы маалыматтар боюнча, талибдер Афганистандын 80 пайызын ээлеп алгандыгы боюнча жар салууда, ал эми расмий Кабул бул билдирүүнү четке каккан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Вакцина албаган эң жаш юристибиз каза болуп калды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Кемелов министрдин вакцина алгандан кийин да ооруп калышы боюнча сурады."Түркмөнстан жана Тажикстанга иш сапарга барууга даярданып жатканбыз. Баарыбыз тест тапшырганда менден коронавирус аныкталды. Өзүм да Sinopharm алдым, оорубайм деп ойлогом. Бирок командировкадан келгенден кийин баарыбыз ооруп калдык. Мурда вакцина алгандар 4-5 күндүн ичинде айыгып, жумушка чыктык. Ал эми вакцина албаган эң жаш, 41 жаштагы юристибиз каза болуп калды", — деди Бейшеналиев. Ошондой эле ал Sinopharm вакцинасынан эффективдүүлүгү 75-80 пайыз экенин айтып, антитело жакшы иштелип чыкпай ооруп калса да дарт жеңил өтөрүн белгиледи.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоо үчүн кезектеги беттешке сентябрда чыгат. Бул тууралуу ESPN телеканалы промоушендин президенти Дана Уайтка таянып билдирди. Two title fights – Volkanovski vs. Ortega and Shevchenko vs. Murphy – will top UFC 266 on Sept. 25, Dana White told @bokamotoESPN 🔥 pic.twitter.com/sBuDgOclQl — ESPN MMA (@espnmma) July 14, 2021 ​33 жаштагы кыргызстандык спортчу кыз америкалык Лорен Мерфи менен кез келет. Дана Уайттын белгилешинче, мушкерлердин таймашы 25-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт."Лас-Вегаста өтүүчү UFC 266 мелдешинин алкагында эки титулдук беттеш болот", — деген Уайт. Дагы бир титулдук кармаш жарым жеңил салмактын чемпиону Алекс Волкановски менен Брайан Ортеганын ортосунда өтөт. Шевченко акыркы беттешинде 25-апрелде эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андраде менен чыгып, аны экинчи раундда нокаутка кетирип уткан. Ал эми анын кезектеги атаандашы 37 жаштагы Мерфи удаасы менен беш жеңишти камсыздап келе жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун сунушунун негизинде электр энергиясынын тарифтерин келерки жылга чейин кымбаттатпоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты."Эл үчүн электр кубатынын тарифтерин 2022-жылдын апрель айына чейин азыркы баасында кармап туруу чечими кабыл алынды. Тоолуу аймакта жашагандар үчүн 700 киловатт-сааттык лимит алып салынат. Электр кубатын колдонгон башка бардык категориядагылар үчүн тарифтерди карап чыгышат", — деп айтылган маалыматта. Эске салсак, апрель айында мамлекет башчы тарифтерди көтөрүү боюнча сунуш киргизген. Бийлик алгач абоненттерди категорияга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк министрлер кабинети эл үчүн бирдей, киловатт-саатына 1,09 сом кылуу боюнча пикирин билдирген. Жаңы бааларды 2020-жылдын сентябрь айында киргизүүнү пландашкан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку билими жок жарандар дагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди. Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып Конституцияда дагы жогорку билим талап кылынбастыгын белгиледи. Учурда парламентте шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат."Жогорку билим талап кылынбайт, анткени бул эл өкүлчүлүк кызматты аткарган орган. Ар бир саясатчы өзүнүн жоопкерчилигин сезип, билими жок болсо депутаттыкка барбайт деп эсептейм", — деди Шайлдабекова. Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов "фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби" деп таң калды. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Үй-бүлөсүнүн байлыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды шайлоо мыйзамынын чоо-жайы Белгилей кетсек, мындай норма учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарда дагы бар. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинде мындайча жазылган: "Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу".
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда 15-июлда жарык өчүрүлөрүн "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Уюмдун бригадалары үйдүн жабдыктарды жана үй ичиндеги тармактарды оңдоо менен алектенишет. Электр жарыгы жок боло турчу жерлер: 9:00дөн 17:00гө чейин — Шевченко көөчөсүндөгү № 55 үйдө; 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик (Арча, Жайыл баатыр, Шербет көчөлөрү), Ак-Ордо (Гагарин көчөсү) жана Ак-Ордо 2 (Каркыра, Кошой, Коргон, Тайлак баатыр, Жакут, Асыл көчөлөрү) конушунда, ошондой эле 9-январь, Дэн Сяопин, Москва, Тимирязев, Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде; 9:30-18:00 — Фирсов, Төкөлдөш, Октябрь, Кедровая, Великолукская, Сухэ-Батор көчөлөрүнүн, Жумгал, Төкөлдөш кууш көчөлөрүнүн кесилишинде, Алтын-Ордо конушунда (5, 6, 7-көчөлөрү); 9:30дан 19:00гө чейин — 6-кичи райондогу № 27,26,20А үйлөрдө, Каралаев көчөсүндөгү № 13/2, 13а, 13/4, 13/7, 13/6, 13/10, 13/9, 15/2, 15/3, 15/4, 15а/1, 15а, 15в, 15/6, 15/5, 15/7, 15/9, 17/2 үйлөрдө.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Вакцина сайдырганга чейин жана андан кийин эмнеге антителону текшерүүнүн кажети жок экенин Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов брифингде жооп берди. Ал билдиргендей, эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес, анткени көп жерде текшерүүгө лабораториялар жок."Эгерде антитело жок болсо, эмдөөдөн кийин вируска каршы иммунитет көтөрүлөт. Ал эми антитело бар болгон учурда вакцинадан кийин анын саны вируска каршы дагы көбөйөт. Ошондой эле вакцинадан кийин антителону текшербей деле койсо болот. Себеби ар бир адамда иммунитет ар кандай иштелип чыгат", — деген адис. Ошондой эле лабораториялык текшерүүдө бардыгында эле антителонун жыйынтыгы чыкпай калышы мүмкүндүгүн айткан. © Sputnik / Евгений Одиноков Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот"Лабораториялык текшерүүдө кээ бир адамдарда антитело бар болсо, кай биринде жок болушу мүмкүн. Бул тест-системадан көз каранды. Эгерде S белоктун негизинде жасалган вакцина болсо, анда N белокко антителону аныктай турган тест-система S белокко каршы иштелип чыккан антителону көрө албайт", — деген вирусолог. Мындан сырткары, ал эл арасындагы эмдөөдөн кийин адамдар ооруп калышы мүмкүн деген суроого жооп берген."Эмдөө — ооруну чакырбайт. Себеби вакцина авируленттүү, өлтүрүлгөн вирустардан же анын бөлүктөрүнөн турат. Вакцина антитело иштелип чыккандан кийин ооруга бөгөт коёт. Эгерде адам вирус жуктуруп алып, симптомдору пайда болгончо вакцина алса, анда ал ооруп калышы мүмкүн. Бирок муну эмдөөдөн улам деп айтууга болбойт", — деген Нурматов. © Sputnik / Михай Карауш Кант диабети барлар COVID-19га каршы кандай учурда эмделиши керек Өлкөдө буга чейин Россиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылып келген. Жакында эле Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга жетет) берип, аны менен да эмдөө башталды. AstraZeneca Оксфорд университети менен кызматташуу аркылуу шведдик-британдык фармацевтикалык компания тарабынан жасалган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бекбосун Бөрүбашов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин өлкө башчынын кызматы билдирди. Бөрүбашов Кыргыз-россия славян университетинин юридика факультетинин кафедра башчысы кызматын аркалайт. Буга чейин ал президенттик башкаруу формасына ыктаган өлкөнүн жаңы Баш мыйзамын даярдоодо Конституциялык кеңешмени жетектеген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 19-июлдагы жумуш күнү 24-июлдагы эс алуу (ишемби) күнгө которулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Мындай өзгөрүү Курман айттан улам болуп, бир нече күн катары менен эс алууга шарт түзүлөрүн белгиледи."Белгилей кетсек, республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс ала алышат. Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик,  муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн чыкты.  Алардын дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максаты көздөлдү", - деп айтылган таратылган маалыматта. Жумасында беш күндүк иш графиги менен иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 19-июлдагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталган. Эске салсак, буга чейин дүйшөмбүдө, 19-июлда, Кыргызстанда жумуш күнүн бир саатка кыскартуу боюнча чечим кабыл алынган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Афганистан бийлиги "Талибан" кыймылынын аракеттерин кармап туруу үчүн 34 провинциянын ичинен 31ине коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына шилтеме кылып кабарлады. Телеканал Афганистан ИИМ жетекчилигине таянып кабарлаган. Маалымат булагынын айтымына караганда, талиптердин кыймылын ооздуктаганга аракет кылган бул чектөө жергиликтүү убакыт боюнча 22.00дөн таңкы 04.00гө чейин киргизилген. Маалыматта коменданттык саат болгон үч - Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган. © Sputnik / Саид Закерия Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш жерине застава курууга жардам берет Ал арада РИА Новостинин соңку маалыматтарында, Пакистан аскерлери "Талибан" көзөмөлгө алган Афганистандын аймагы – Кандагарга киргенин айтылды. Афганистандын RTA телекомпаниясы Кандагардын Назар деп аталган коопсуздук постунан тартылды деген видеону тараткан. Эске салсак, бүгүн Россия лидери Владимир Путин да Өзбекстан, Казакстандын президенттери менен Афганистандагы абалдын Борбор Азияга таасирин талкуулаган. Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат. Өткөн жылдын сентябрында Катар өлкөсүндө афгандардын сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок дээрлик он ай убакыт өтсө да тараптар жолугушуунун күн тартибин аныктай элек. Тараптар өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы согушту токтотуу боюнча орток пикирге келе албай жатышат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 19-июлдагы жумуш күнү 24-июлдагы эс алуу (ишемби) күнгө которулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Мындай өзгөрүү Курман айттан улам болуп, бир нече күн катары менен эс алууга шарт түзүлөрүн белгиледи."Республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс алышат. Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күн иштеген мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн чыкты", — деп айтылган таратылган маалыматта. Жумасында беш күн иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 19-июлдагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталган. Эске салсак, буга чейин дүйшөмбүдө, 19-июлда, Кыргызстанда жумуш күнүн бир саатка кыскартуу боюнча чечим кабыл алынган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россияда коронавирустун кийинки көбөйгөн учуру сентябрдын башы менен ортосуна туура келиши мүмкүн. Россиялык инфекционист-дарыгер Евгений Тимаковдун бул айткандарын РИА Новости жазды. Ал аталган өлкөгө мурдагы түрүнө караганда кишилерге көп жуккан дельта-плюс штаммы келгендигин белгиледи. Дарыгер элдин басымдуу бөлүгүнүн  вакцинаны тезирээк сайдырганга ашыкпай жаткандыгын айтып, оорунун кооптуулугун эске алууну дагы бир ирет эскертти."Жарандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөндүгүнөн улам сентябрда "эмделген дүйнөдөгүлөрдүн" бардыгында оору басаңдап калганда, Россияда кайра көбөйүп, көтөрүлүшү мүмкүн", — деген Тимаков. Бул күндөрү дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө, анын ичинде Россияда да коронавирус көбөйүп жатат. Акыркы суткада аталган мамлекетте 23 827 адам ооруну жуктуруп алса, 786 бейтап көз жумган. Ал эми Кыргызстанда өткөн суткада 1 398 кишиден коронавирус табылып, 10 адам каза тапты.
Sputnik_kg
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы товар айлантуу 20 пайызга чукулдады. Тилекке каршы, Кыргызстан андан өз пайдасын алган жок. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Радио Ибраев: ЕАЭБ — Иран алакасы жакшырууда, Кыргызстан үзүрүн көрө албай жатат Анын айтымында, Тегеранда өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсүнө Кыргызстандан 10 чакты ишкер катышкан."Ирандагы ЕАЭБ мамлекеттеринин катышуусундагы көргөзмөдө бир катар тармактар боюнча сүйлөшүүлөр болду. Алардын эң амбициялуусу Бандер-Абас — Ош коридорун ачуу долбоору болду. Ошондой эле айыл чарба тармагында тажрыйба бөлүшүү, алардын технологиясын колдонуу жаатында кеп козголду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери Иран менен экономикалык байланышты бекемдөөгө кызыкдар, Иран менен эркин экономикалык аймак түзүү аракети көрүлүүдө. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана Ирандын товарлары арзан тарифтер менен өтө алат. Бул келишим учурда иштелип жатат. Ошондуктан Кыргызстан бул процесстен чыкпай, өз кызыкчылыгын коргошу керек. Мисалы, 2020-жылдын жыйынтыгында ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда товар жүгүртүү 20 пайызга чукул болду. Анын ичинен Кыргызстан өз пайдасын көрө алган жок. Себеби биз бул багытты жакшы түшүнбөй калдык же аракет кылбадык. Ошондуктан өндүрүшчүлөр, ишкерлер, фермерлер менен ушул багытта иштешели деп жатабыз", — деди Ибраев. Ошондой эле ал 21-июлда Ирандан курулуш, медицина жана башка тармактардан ишкерлер келип, кыргыз өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын кошумчалады. Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады. Ага ылайык, аскер кызматында иштегендердин пенсияга чыгуу курагын 43төн 45 жашка чейин узартуу демилгеленди. Бирок буга Коргоо министрлиги каршы пикирин билдирүүдө. Министрдин орун басары Нурлан Кирешеев бул мыйзам кабыл алынса жаш офицерлер өспөй каларын айтты."Бул мыйзамды кабыл алуу эрте деп эсептейбиз. Куралдуу күчтөрдө 2003 офицер кызмат кылат, анын 1767си подполковникке чейинки жаш офицерлер. Аскер кызматкери подполковник наамын орточо 36-37 жашында алат. Анан бул мыйзамды кабыл алганда жашы улгайган офицерлер кызматты ээлеп көпкө отуруп калат деген кооптуулук бар. Жаш өсүп келе жаткандардын перспективасы азаят. Аскер кызматы күнүмдүк стресске байланышкан, күнү-түнү жумушта болушат. Анализ боюнча 45-50 жаштагы офицерлердин 70 пайызынын өнөкөт оорулары бар", — деди Кирешеев. Ал эми эл өкүлү Кожобек Рыспаев, тескерисинче, 43төн 50гө чейин күчкө толуп турган курак экенин айтты. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Акимдер чуусу. Депутаттар Жапаров сунуштаган 4 мыйзамды колдоого макул болду"Силердин жумушуңар аябай "нервный" деп атасыңарбы? Мен деле Афган согушуна катышып келгем, “нервный” болбой жакшынакай эле иштеп жатам. 43төн 50гө чейин күчкө толуп турган курак. 10 жылдык согушта нерв коротуп келген бизбиз", — деди Рыспаев. Анын пикирин кесиптеши Шайлообек Атазов дагы кубаттады."Офицерлер 43 жашында жүгүрө албай калат дейсиздер, 45 жашында Майк Тайсон, Рой Жонстор 12 раунд боксташып жатпайбы. Борбордук аппаратта курсагыңарды салаңдатып кабинетте отурсаңар, 43 жашыңарда жүгүрө албай каласыңар да анан", — деди Атазов. Нурбек Сыдыгалиев милиция кызматкерлери 55 жашынан пенсияга чыгарын, ал эми аскер кызматындагылар 45 жашка нааразы болуп жатканын чекилик деп сыпаттады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда быйылкы жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6 332,05 сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 15,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Бул көрсөткүч орто эсеп менен 500 сомго көбөйдү. Аймактар боюнча жашоо минимуму канча сомго барабар: Жалал-Абад — 6 665,64 сом; Бишкек шаары — 6 400,46; Ош — 6 302,06; Нарын — 6 277,91; Баткен — 6 268,26; Чүй — 6 160,99; Ош шаары — 6 139,49; Ысык-Көл — 5 920,48; Талас — 5 829,24. Эске салсак, 2020-жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 5840,4 сомду түзгөн.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты."Учурда тараптар вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө. Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө шариятка каршы келбесин айтты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Кеңеш вирустун кеңири жайылып жатканын эске алуу менен эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналарына токтолду. “Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан адам текшерүүлөрдөн өтүп, дарыгерлер эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр жок экенин айткан учурда вакцина алууга исламда каршылык жок”, — деп айтылат билдирүүдө. Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат. 14-июлдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда дээрлик 141 миң жаран вакцина алды. Анын ичинен 87 147си экинчи дозасын алууга жетишти.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кытай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVID-19дун келип чыгышы боюнча иликтөөсүнүн экинчи фазадагы планын четке какты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга ДССУнун илимге сый-урматсыз мамиле кылганы себеп болду деген жүйөнү Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Цзэн Исинь келтирген."Иликтөөнүн экинчи фазасы тууралуу сунушка келсек, анда илимге жана жүйөлүү пикирлерге сый-урмат менен мамиле кылынбаган нерселер айтылыптыр. Бул план менен кете албайбыз жана аны жасабайбыз. Кытай өкмөтү илимий ыкмага таянган иликтөөлөрдү жүргүзүүнү ар дайым колдойт. Вирустун келип чыгышын саясатташтырып жиберүүгө каршыбыз", — деген ал маалымат жыйында. Ведомство өкүлү иликтөөнүн экинчи фазасы биринчи жолку иликтөөнүн негиздерине таянышы керектигин белгилеген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус бул боюнча билдирүү жасаган. Алардын уюму 2019-жылдын декабрында COVID-19 менен кишилер ооруган райондогу изилдөө мекемелерине, лабораторияларга текшерүү жүргүзүшү зарылдыгын айткан. © REUTERS / Laurent Gillieron/Pool ДССУ башчысы COVID кытайлык лабораториядан чыккан деген пикирди четке какпайт ДССУга мүчө болгон уюмдарга алардын катчылыгы вирустун келип чыгышын аныктоо жаатында мындан ары жасай турган беш кадам белгиленген кат жиберген. Алардын арасында адамдарды, жапайы жаныбарларды, малды, айлана-чөйрөнү иизилдеп чыга турган комплекстүү иштер камтылган. Экинчиден, SARS-CoV-2 мурда кездешкен приоритеттүү райондорду, ага коңшулаш жайгашып, вирус чыккан аймактарды да байкоого алышмак. Үчүнчүдөн, Ухандагы жана анын чет жакасындагы жаныбарларды саткан базарларды, андан сырткары, "Хуанань" дүң базарындагы жандыктарды изилдөө каралган. Мындан башка дагы жаныбарлардын жүргөн жерин байкоого алып, эпидемиологиялык, молекулярдык эпидемиология боюнча иштерди кошумча жасоо жана дагы бир топ шарттар коюлган. ДССУ мартта Уханга барган эл аралык эксперттер тобунун коронавирустун лабораториядан чыкканы "өтө күмөн" деген версиясы айтылган докладды жарыялаган. Аны менен катар эле документте жаңы типтеги коронавирус адамга жарганаттан башка жандыктар аркылуу жуккан деген версия чындыкка жакын экендиги айтылган. © Sputnik / Жанна Манукян Адис: COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасынан кийин өзгөчө сактануу керек Коронавирустун келип чыгышынын башка версиясы жаныбардан адам баласына түз жуккан дегенди эксперттер "андай болушу да, болбошу да мүмкүн" деген тизмеге киргизген. ДССУнун миссиясы вирус тоңдурулган азык-түлүктөр аркылуу тараган деген пикирди көбүрөөк карманарын айткан. Эске салсак, бүгүн Ухандагы биокоопсуздук боюнча улуттук лабораториянын директору, илимий кызматкер Юань Чжимин ал жетектеген мекеме коронавирусту эч качан жасалма жол менен түзгөн эмес, синтездеп жана сыртка чыгарган да эмес деген кескин билдирүүсүн жасаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиялык интернет-аукциондордун биринде 50 тыйындык купюра сатыкка коюлду. Маалыматка караганда, ал 2001-жылы чыккан. Баштапкы баасы — 4 миң 60 рубль (4 640 сом) деп көрсөтүлгөн. Сатуучу мындай жогору баа койгонунун себебин купюра өзгөчө сериядан экенин түшүндүргөн. Тагыраагы, катар номери тетиринче басылган купюра басып чыгаруу учурунда жараксыз болуп калгандардын ордуна колдонулат. Бул сериядагы акчалар саналуу гана көлөмдө басылып чыккандыктан, нумизматтар арасында жогору бааланат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аптаптуу ысыктан сактануу боюнча сунуштамаларын жарыялады. Белгилей кетсек, 24-27-июль күндөрү өлкөдө мээ кайнаткан ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй облусу жана өлкөнүн түштүк региондорунда күндүн табы 40 градуска, Талас облусунда 39 градуска чейин көтөрүлөт. “Мындай жогорку температура ден соолукка кооптуулук жаратат. Өзгөчө, улгайгандарга, кош бойлууларга, балдарга, өнөкөт оорусу барларга (жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары, кант диабети) жана COVID-19 менен ооругандарга терс таасирин тийгизет. Бул суюктукту жана минералдык тузду — калий, магний жана башкаларды ашыкча жоготууга байланыштуу. Мындай учурда кан коюлуп, жүрөк-кан тамыр системасына кошумча жүк түшүп, тромб пайда болушу ыктымал”, — деп эскертти министрлик. Аны менен катар Саламаттык сактоо министрлиги ысыктан коргонуу үчүн 10 кеңеш сунуштады: мүмкүн болушунча күндүн нуру түз тийген жерден оолак болуңуз. Көлөкөдө басып же көчөгө чыгууну чектеңиз. Айрыкча, күн саат 12:00дөн 17:00гө чейин катуу ысыйт, бул учурда салкын имараттын ичинде болууга аракет кылыңыз; баш кийим кийиңиз, кол чатыр колдонуңуз; мүмкүн болушунча кыймылды жана акыл-эсти иштетүүнү азайтуу шарт; суу ичүү режимин сактаңыз. Суюктукту көп ичиңиз, бирок ошол эле маалда суусундуктар өтө муздак болбошу керек. Себеби мунун айынан ооруп калышыңыз ыктымал. Ар жарым саат сайын суу ичип туруу зарыл; мөмө жана жер-жемишти көбүрөөк жеш керек. Алар канчалык ширелүү болсо, организмдеги суюктуктун ордун толтурууга ошончолук жакшы; арыктагы, каналдардагы, фонтан жана башка көчөдөгү сууну ичүү кооптуу экенин жакындарыңызга эскертиңиз. Алар эс алып, ойноп же башка бир нерсе менен алектенип жатканда коргоочу каражаттар жана таза суу менен камсыздаңыз; желдеткич жана кондиционер колдонуңуз. Желдеткичтин абаны үйлөгөн багытын өзүңүз тарапка койбоңуз, ар тарапка үйлөп турганы жакшы. Мындан сырткары, кондиционер менен аябай муздатылган имараттын ичинен дароо ысыкка чыгууга болбойт. Суук тийип ооруп калышыңыз ыктымал; пахта жана зыгыр кездемесинен тигилген кийимдерге басым жасаңыз, чапташкан кийимдер сунушталбайт. Аба өткөрө турган кийимдерди тандаңыз. Анан да ачык түстө болушу керек, себеби кара түстүү кийим өзүнө ысыкты тартат; тез-тез душка түшүп же чачыкты муздак сууга малып денеңизди арчып туруңуз. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, дүкөндөрдө сатылган нымдуу чүпүрөктү колдонуңуз; ыңгайына жараша ысыкта жылаңайлак басыңыз. Чөптүн үстүндө 10-15 мүнөт басуу кан айланууну жакшыртат. Натыйжада чыйралып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Кадимки кефир тамак сиңирүүнү жакшыртып, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна Елена Соломатина билдирген. Адистин сүт азыгы тууралуу пайдалуу кеңештери РИА Новостиге жарыяланды. Медиктин айтымында, күнүнө аз-аздан кефир ичип туруу организмге чоң пайда алып келет. Дал ушул азыктын жардамы менен иммунитетти бекемдеп алса болот."Биздин иммунитеттин 70 пайызы ичегиге байланышкан жана микробиотиктин абалынан көз каранды. Ал эми кефир аларга түздөн-түз таасирин тийгизет. Аталган азык пробиотик болуп эсептелет жана анын курамында организмге жардам бере турган бактериялар бар", — деди Соломатина. © Sputnik / Алексей Мальгавко Ичеги-карынга пайдалуу азыктар айтылды Адис микробиотиктин абалын жакшыртуу үчүн күнүнө бир стакандан кефир ичип туруу жетиштүү экенин белгилеген. Кийинчерээк аны башка кычкыл сүт азыктарына алмаштырса болот. Соломатина тамакты көп жеп алган күндүн эртеси кефирдин жардамы менен организмди эс алдырса болорун айткан. Мындай күндөрү бир литр кефир ичүүнү же аталган сүт азыгына жемиштерди кошуп жеп коюуну сунуштаган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды © Фото / пресс-служба ДУМК Ага ылайык, кечээ облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарына алгачкы окуу сабагы уюштурулган. © Фото / пресс-служба ДУМК 1 / 2 © Фото / пресс-служба ДУМК Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды Ага ылайык, кечээ облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарына алгачкы окуу сабагы уюштурулган. Иш-чарага казыяттын эмгек жамааты, райондордун башкы имам-хатибдери жана Кара-Суу районунун имамдары катышкан. Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев коомдун өсүп-өнүгүүсү үчүн илим-билим алуунун зарылдыгы чоң экенин белгилеген."Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев мусулман коомчулугунда, анын ичинде салттуу ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасында таасирдүү болгон китептерден сабак берди", — деп айтылат маалыматта. Аталган окутуулар буга чейин Жалал-Абад, Өзгөн жана Кара-Суу шаарларында өткөрүлүп келсе, эми облустун башка аймагында да улантылат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун EAGLE FC лигасынын Чолпон-Атада өтүүчү мелдешинде кыргызстандык Данияр Бабакулов Константин Веселкин менен таймашат. Атаандаш жуптун постерин аталган уюм социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от EAGLE FIGHTING CHAMPIONSHIP (@eaglefcmma) 33 жаштагы Данияр Бабакулов 27 айлык тыныгуудан соң октагонго кайра чыкканы жатат. Ал ММА спортунда 17 беттешке чыгып, 11инде уткан. Алты жолу жеңилген. Анын атаандашы Веселкин 24 жашта. Ал карьерасында 19 таймашка чыгып, он атаандашын уткан. Тогуз жолу утулган. © REUTERS / Jasen Vinlove-USA TODAY Sports Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы аныкталды Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда өтөт. Ага промоушендин негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов атайын конок катары келет. Аталган лиганын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. 3-августка белгиленген мелдештин башкы беттешинде уюмдун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен таймашат.
Sputnik_kg
Айжанды ( аты өзгөртүлдү — ред. ) кичинекейинде өз тууганы зордуктап койгон. Ал эми студент кезинде атадан албаган мээримин агайынан издеп, бирок аягында бармак тиштеп отуруп калган. Бирок ал чөгүп кетпей, жаркын жашоо үчүн күрөштү токтоткон эмес. Учурда сүйүктүү жолдошу менен бактылуу жашап жаткан кези. Айжан башынан өткөргөн зомбулуктарды жана андай абалдан кантип чыкканы тууралуу айтып берүүгө макул болду. Бирок жаңы жашоосун бузуп албоо үчүн аты-жөнүн ачык айткысы келген жок. —  Айжан, кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз эле, ата-энеңиз ким болуп иштейт? — Баткен жергесинде төрөлүп-өстүм. Ата-энем жашында көр оокаттын айынан окуй албай калышкан экен. Жыйынтыгында азыркыга чейин чет өлкөдө кара жумуш кылып жүрөт. Сегиз жашка чейин ата-энемдин колунда болдум. Андан соң алар Россияга кетип, мени бир туугандарым менен атамдын эжесине таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Коркунучтуу жашоом ошол кезден башталды. Кийин мен бой жетип калганда апам оорусунан улам Кыргызстанга келип, бизди эжемдерден алып кетти. Атам кээде гана келип турат. — Сиздин намысыңызга тийген адам ким эле? — Анда 2-класста окучумун. Эжемдер жумуштары менен бир жакка кетишкен. Мен жалгыз калдым. Үй жыйнап жаткан кезимде бизге жакын жашаган туугандарыбыздын бой жеткен эле баласы келип калды. Жаман оюм жок эле жылуу кабыл алып, өз ишимди уланта бердим. Бир кезде мени башка бөлмөгө алып кирди. Кантсе да мен кичинекей кызмын да, эч нерсени түшүнбөйм. Күч колдоно баштаганда ага каршылык көрсөткөнгө алым жеткен жок. Өз ишин бүтүрүп чыгып кетти. Мен ыйлап отуруп, эжемдер келер маалда өзүмө келип эч нерсе болбогондой отуруп калдым. Аларга айтсам аны эмес, мени урушчудай сезилип аябай корктум. Кыйналсам да ичим ооруп жатат деп жашырып жүрдүм. Эч ким менен бул сырды бөлүшө албадым. — Ошол боюнча эч ким билген жокпу? — Чоңойгон сайын айланаңда кыздар ошол темада сүйлөшө баштайт экен. Мектепте да мугалимдер кыздар кеңешин өткөрүп жатканда "кичинекей эле туруп бузулган кыздар дагы бар экен, аларда уят деген нерсе жок" деп айтканда жүрөгүм тилинип кетчү. Эмне деп сүйлөөрүмдү билбей, жөн гана унчукпай чыгып кетер элем. Мындай кыздарды коом жектеп жатканын көрүп, мен да ошолордун бири экенимди айтуу мурункудан да коркунучтуу боло баштады. Эркек аттууну көргөндө кыжырым келчү. Ошондон улам дагы 10-класста аябай чүнчүп башкача боло баштадым. Бир тууган эжем аны байкап калыптыр. Жанымды койбой сураганынан айтууга аргасыз болдум. Ал апама айтыптыр. Мындан улам апам дагы жүрөк оорулуу болуп калды. Бирок "бойго жетип калган кызымдын бул нерсесин айтып ызы-чуу жаратканда эмне, эртең эч ким албай коёт" деп туугандарга айткан эмес. Атамдын мүнөзү аябай катуу. Ал муну укса чын эле жөн коймок эмес. Ошондуктан ушул убакка чейин менин кандай кыйынчылыкта жашаганымды билбейт. — Мындан улам мектепте окууну таштап салган жоксузбу? — Жок, эжем аябай талапты катуу коюп, сабактарымды текшерип турчу. Андан сырткары, мен дагы өзүмдү-өзүм кыйнап, түнү менен болсо да окуп, бугумду сабактан чыгарчумун. Мени эч ким жектебесе да ичимдеги нерсе элден четтетип турчу. Башка тараптан, коомчулуктан алыс болсом да сабактан алдыңкылардан болом дечүмүн. Эң жакын досум китеп болду. Мектепте мугалимдер мага ишенип, көптү үмүттөнөр эле. — Жогорку окуу жайга тапшырдыңызбы? — Ооба, университетте дагы жакшы окудум. Сүйлөө чеберчилиги боюнча өзүмдүн курсумду ачтым. Көптөгөн окуучуларым мага ыраазычылыгын айтып жүрүшөт. Алып баруучу болуп, өздөрү да курс ачып иштеп калгандар бар. Андан сырткары, мусулман элинин парзы катары кыздарга курс сыяктуу семинарларды өткөрүп жүрдүм. Радиого да жумушка кирип, бирок шартка байланыштуу кайра чыкканга туура келди. — Студент кезде да бир чалынган экенсиз... — Муну зордуктоо деп айтууга болобу, билбейм. Кыскасы өзүм да жол берип койдум окшойт. Окуу жайда бизге жаш агай сабак берчү. Ал негизи эле кыздарга жакын окшойт, сабактарыма жардам берип, жылмая карап сүйлөп койсо мага жакын адамдай учурады. Мурун жигиттерге такыр көңүл бурбай жүрүп бул агайга кантип тартылып кеткенимди билбейм. Сүйүп калдым деп айтпайм, бирок жактыруу сезимдери болгон. Мындайча айтканда, атадан көрбөгөн мээримди андан тапкандай болдум. Ал эмес, мен ага көбүрөөк арбала баштаганда четке кагып койгон. Арадан бир канча убакыт өткөн соң чыныгы сүйгөнүмө жолуктум. Ага толук ишенип, аны сыйлаганым үчүн кичинекейимдеги окуяларды айтып бердим. Ал туура кабыл алып, тескерисинче, мага жаркын жашоого үмүт берди. Мындай адамдар аябай аз. Башка бирөө болгондо муну укканда мени дагы алдап, "ансыз деле кыз эмессиң" деп дагы ошондой жолго бармак. Ал менин чачымдын учуна да тийген жок. Бирок кашайып ортодо кайдан-жайдан баягы агайым чыгып азгырып кетти. — Кандайча азгырып кетти, ага кайра жолуктуңузбу? — Мага соцтармактан жазып жолугушууга чакырды. Жетпей калган нерсе бизге укмуш көрүнө берет турбайбы. Биринчи жолу жылуу сезим жараткан киши менен бир жолу болсо дагы жолугуп сүйлөшүп көргүң келет экен. Жок дегенде аны менен бетме-бет сүйлөшүп, мурунку таарынычымды айтып алгым келген. Ошентип, жолугушууга чыктым. Ал романтикалуу маанайда машинасынын жанында колундагы гүлү менен тосуп алды. Жылуу сөздөрү менен менин таарынычымды да унуттурду. Тамактанууга дагы жакшы жерге бардык. Ал жактан кийин жок дегенге болбой дагы бир жерге барып келели деп бир үйгө алып барды. Таң калдым, албетте, анын мындай мамилесинен чочулап дагы жаттым. Бир жагынан билимдүү көрүнгөн агайымды зордуктоого барбаса керек деп үмүттөндүм. Бирок менин бир күндүк романтикалуу жашоомдун аягы да кичинекейимдеги каргашалуу окуя сыяктуу болуп аяктады. Канчалык аракет кылсам да өзүмдү коргоого күчүм жетпеди. Иши бүткөндөн кийин кайра мага "сен эмне кыз эмес белең" деп басынтып кирди. Эмне кыла алмак элем, ыйлактап отурсам "тиктирип ал" деп кетип калды. — Ал убакта сиз окуган, чоң эле кыз экенсиз, эмнеге укук коргоочуларга кайрылган жоксуз? — Канчалык укугуңду билип турсаң да баягы эле "эл эмне дейт" деген нерсе бизди кармайт экен. Аны айтсам дагы эле мен өзүм күнөөлүү болмокмун. Бизде зордуктаганы ачык көрүнүп турса деле "өзү баштаган, өзү күнөөлүү" деп чыга калышат эмеспи. Ал эми менин окуям таптакыр эле акталмак эмес. Андан соң стресс, депрессияга кабылып аябай каттуу ооруп калдым. — Анан бул абалдан кантип чыгып кеттиңиз? — Мындай учурда мага тынбай иштеп, бош отурганга убакыт калтырбаганым жардам берет. Бир аз эле бош убакыт болуп калса караңгы ойго чөмүлүп кетчүмүн. Ошондуктан эс алганда да пайдалуу видеолорду же кесибиме байланыштуу тасмаларды көрчүмүн. Анан сөзсүз түрдө психологго кайрылыш керек экен. Өзүңдүн ички дүйнөңдө тынчтык жоголгондо аларга кайрылсаң жардам беришет. Ошондой эле мындай учурда талыкпай билим алуу эң жакшы дары болуп бере алды. Билим менен дүйнө таанымым кеңейип, караңгы кутучадан чыгып, жарык жашоонун бар экендигин сездим. — Мындай окуяга дуушар болгон кыздардын айрымдары жашоодон үмүтүн үзүп коюшат. Сизди эмне кармап калды? — Туура айтасыз, мен деле өз өмүрүмө кол салайын деп аз жерден калгам. Ушуну менен жашоо бүтүп калчудай сезилген. Көрсө, бул кадыресе көрүнүш экен. Мен айланамдагы кыздардан мага окшоп кичинекейинен зордукка кабылгандар көп экенин билдим. Алар да коркуп ичине жашырып жүрө беришет. Качан гана мен аларга айтып бергенде ачылышат. Андай зомбулуктан кийин стереотип жана каада-салттардын айынан "менин эч кимге деле керегим жок, кыздыгым жок ким кабыл алмак эле" деген ойдо же чөйрөдөгүлөрдүн басынтышынан коркуп өз өмүрүнө кол салгандар да жок эмес. Зордуктоого кабылгандыгын шылтоолоп, көрүнгөн эркектин кучагында жүрүп, көпөлөккө айлангандар болот. Мындай кезде бир гана ыйманын күчөтүп, өз абийиринин астында таза болууга аракет кылуу керек. Жашоо аны менен эле бүтүп калбайт. — Жогоруда бир жигитти кезиктиргениңизди айтып, кайра башка темага өтүп кеттиңиз. Ошондо ал азыркы жолдошуңузбу? — Ал мага кудайдан берилген белек. Мен депрессияда жүргөндө ошол адам мага ишенип жашоого үмүт берди. Баарын төкпөй-чачпай айтып берүүмдү суранды. Албетте, аны да жоготуп алуудан корктум. Алгач укканда бир аз башкача боло түштү. Көпкө ойлонуп, анан кайра мага "көп ойлоно бербе, бардык адам жаңылат. Эң башкысы, азыр мени сүйсөң жетиштүү" деп сооротту. Бул нерсеси үчүн мен аны өмүр бою сыйлап өтүүгө даярмын. Ал иштери менен көп убакытка чет өлкөгө кеткенде да күтүп жашадым. Экөөбүз үй-бүлө куруп, бактылуу жашап жатканыбызга аз эле убакыт болду. — Экөөңөрдүн ортодогу сырды жолдошуңуздун үй-бүлөсү билген жокпу? — Турмушка чыгарда жолдошум кабыл алганы менен ата-энеси, жеңелери эмне дейт деп корктум. Бир тараптан интимдик жашоодон коркуп калгандыктан аябай катуу стресске түштүм. Кайненемдер улуу муундун адамдары болгондуктан түшүнүүгө аракет кылат беле же жокпу, билбейм. Жолдошум аларга айтпай эле коюуну туура көрдү. Той күнү нике түндү салты жок эле өткөрүүгө ынандырды. Азыр алар менен сонун эле жашап жатабыз. — Учурда ден соолугуңуз жакшыбы? — Ооба, буюрса жакшы. Мурунку стресстен улам оорум жүрөгүмө жеткен болчу. Акырындап жакшы болуп баратам. Жаман көз ирмемдерди эстеген сайын дагы бир жолу жашагандай болом. Ошондуктан жакшы нерселерди гана ойлоп жүрүүгө аракет кылам. Жолдошум да түшүнүү менен мамиле жасайт. — Ушунча окуяны баштан өткөргөндөн кийин кандай тыянак чыгардыңыз? — Эң башкысы, балдарымды өз колумда чоңойтуп, билимдүү жана ыймандуу болушун тилек кылам. Анткени балага кичинекейинде мээрим жетишпесе мага окшоп башкалардан жылуу мамиле күтүп ар кандай нерселерге кабылышы мүмкүн. Эч нерседен кем кылбайм деп алыстан акча салып туруу менен мээрим бере албайт. Колумда бар болобу, жокпу, өзүмө жетиштүү каражат тапсам эч качан балдарымдын жанынан кетпейм. Ал эми жумушсуздук, кылмыштуулук, туура эмес көз караштар, өзүнө, башкаларга болгон туура эмес мамиленин баары дал ушул билимсиздиктен келип чыгууда. Андыктан өзүм да билим алууну токтотпой, кийин балдарымдын дагы толук кандуу билим алуусуна шарт түзүп берем.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik."Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда, "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва — Тамчы — Москва жаңы каттамын салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы кабарлады."Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда, "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва — Тамчы — Москва жаңы каттамын салтанаттуу тосуп алды © Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас" Москвадан Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келген © Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас" Адаттагыдай учакты "триумф аркасы" — суу аркасы менен тосуп алышканы айтылат © Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас""Аэрофлот — россиялык аба жолдору" компаниясынын өкүлү Валерий Серых каттамды ачуу көптөн бери пландалып келе жатканын билдирген. © Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас" 1 / 4 © Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас""Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда, "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва — Тамчы — Москва жаңы каттамын салтанаттуу тосуп алды Москвадан Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келген. Адаттагыдай учакты "триумф аркасы" — суу аркасы менен тосуп алышканы айтылат."Аэрофлот — россиялык аба жолдору" компаниясынын өкүлү Валерий Серых каттамды ачуу көптөн бери пландалып келе жатканын билдирген."Биз бул Москва — Тамчы — Москва маршруттук каттамын үч жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам жумасына үч ирет — дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы", — деген Серых."Ысык-Көл" аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ал рейсти ачуу эки тараптын аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июль айына белгиленгенин кошумчалаган.
Sputnik_kg
Айжанды ( аты өзгөртүлдү — ред. ) кичинекейинде өз тууганы зордуктап койгон. Ал эми студент кезинде атадан албаган мээримин агайынан издеп, бирок аягында бармак тиштеп отуруп калган. Бирок ал чөгүп кетпей, жаркын жашоо үчүн күрөштү токтоткон эмес. Учурда сүйүктүү жолдошу менен бактылуу жашап жаткан кези. Айжан башынан өткөргөн зомбулуктарды жана андай абалдан кантип чыкканы тууралуу айтып берүүгө макул болду. Бирок жаңы жашоосун бузуп албоо үчүн аты-жөнүн ачык айткысы келген жок. —  Айжан, кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз эле, ата-энеңиз ким болуп иштейт? — Баткен жергесинде төрөлүп-өстүм. Ата-энем жашында көр оокаттын айынан окуй албай калышкан экен. Жыйынтыгында азыркыга чейин чет өлкөдө кара жумуш кылып жүрөт. Сегиз жашка чейин ата-энемдин колунда болдум. Андан соң алар Россияга кетип, мени бир туугандарым менен атамдын эжесине таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Коркунучтуу жашоом ошол кезден башталды. Кийин мен бой жетип калганда апам оорусунан улам Кыргызстанга келип, бизди эжемдерден алып кетти. Атам кээде гана келип турат. — Сиздин намысыңызга тийген адам ким эле? — Анда 2-класста окучумун. Эжемдер жумуштары менен бир жакка кетишкен. Мен жалгыз калдым. Үй жыйнап жаткан кезимде бизге жакын жашаган туугандарыбыздын бой жеткен эле баласы келип калды. Жаман оюм жок эле жылуу кабыл алып, өз ишимди уланта бердим. Бир кезде мени башка бөлмөгө алып кирди. Кантсе да мен кичинекей кызмын да, эч нерсени түшүнбөйм. Күч колдоно баштаганда ага каршылык көрсөткөнгө алым жеткен жок. Өз ишин бүтүрүп чыгып кетти. Мен ыйлап отуруп, эжемдер келер маалда өзүмө келип эч нерсе болбогондой отуруп калдым. Аларга айтсам аны эмес, мени урушчудай сезилип аябай корктум. Кыйналсам да ичим ооруп жатат деп жашырып жүрдүм. Эч ким менен бул сырды бөлүшө албадым. — Ошол боюнча эч ким билген жокпу? © Sputnik / Эмиль Садыров / Жоомарт Ураимов Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма — Чоңойгон сайын айланаңда кыздар ошол темада сүйлөшө баштайт экен. Мектепте да мугалимдер кыздар кеңешин өткөрүп жатканда "кичинекей эле туруп бузулган кыздар дагы бар экен, аларда уят деген нерсе жок" деп айтканда жүрөгүм тилинип кетчү. Эмне деп сүйлөөрүмдү билбей, жөн гана унчукпай чыгып кетер элем. Мындай кыздарды коом жектеп жатканын көрүп, мен да ошолордун бири экенимди айтуу мурункудан да коркунучтуу боло баштады. Эркек аттууну көргөндө кыжырым келчү. Ошондон улам дагы 10-класста аябай чүнчүп башкача боло баштадым. Бир тууган эжем аны байкап калыптыр. Жанымды койбой сураганынан айтууга аргасыз болдум. Ал апама айтыптыр. Мындан улам апам дагы жүрөк оорулуу болуп калды. Бирок "бойго жетип калган кызымдын бул нерсесин айтып ызы-чуу жаратканда эмне, эртең эч ким албай коёт" деп туугандарга айткан эмес. Атамдын мүнөзү аябай катуу. Ал муну укса чын эле жөн коймок эмес. Ошондуктан ушул убакка чейин менин кандай кыйынчылыкта жашаганымды билбейт. — Мындан улам мектепте окууну таштап салган жоксузбу? — Жок, эжем аябай талапты катуу коюп, сабактарымды текшерип турчу. Андан сырткары, мен дагы өзүмдү-өзүм кыйнап, түнү менен болсо да окуп, бугумду сабактан чыгарчумун. Мени эч ким жектебесе да ичимдеги нерсе элден четтетип турчу. Башка тараптан, коомчулуктан алыс болсом да сабактан алдыңкылардан болом дечүмүн. Эң жакын досум китеп болду. Мектепте мугалимдер мага ишенип, көптү үмүттөнөр эле. — Жогорку окуу жайга тапшырдыңызбы? — Ооба, университетте дагы жакшы окудум. Сүйлөө чеберчилиги боюнча өзүмдүн курсумду ачтым. Көптөгөн окуучуларым мага ыраазычылыгын айтып жүрүшөт. Алып баруучу болуп, өздөрү да курс ачып иштеп калгандар бар. Андан сырткары, мусулман элинин парзы катары кыздарга курс сыяктуу семинарларды өткөрүп жүрдүм. Радиого да жумушка кирип, бирок шартка байланыштуу кайра чыкканга туура келди. — Студент кезде да бир чалынган экенсиз... — Муну зордуктоо деп айтууга болобу, билбейм. Кыскасы өзүм да жол берип койдум окшойт. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргыз таануучу: адамды билим, тарбияга сугармайын ала качуу токтобойт. Видео Окуу жайда бизге жаш агай сабак берчү. Ал негизи эле кыздарга жакын окшойт, сабактарыма жардам берип, жылмая карап сүйлөп койсо мага жакын адамдай учурады. Мурун жигиттерге такыр көңүл бурбай жүрүп бул агайга кантип тартылып кеткенимди билбейм. Сүйүп калдым деп айтпайм, бирок жактыруу сезимдери болгон. Мындайча айтканда, атадан көрбөгөн мээримди андан тапкандай болдум. Ал эмес, мен ага көбүрөөк арбала баштаганда четке кагып койгон. Арадан бир канча убакыт өткөн соң чыныгы сүйгөнүмө жолуктум. Ага толук ишенип, аны сыйлаганым үчүн кичинекейимдеги окуяларды айтып бердим. Ал туура кабыл алып, тескерисинче, мага жаркын жашоого үмүт берди. Мындай адамдар аябай аз. Башка бирөө болгондо муну укканда мени дагы алдап, "ансыз деле кыз эмессиң" деп дагы ошондой жолго бармак. Ал менин чачымдын учуна да тийген жок. Бирок кашайып ортодо кайдан-жайдан баягы агайым чыгып азгырып кетти. — Кандайча азгырып кетти, ага кайра жолуктуңузбу? — Мага соцтармактан жазып жолугушууга чакырды. Жетпей калган нерсе бизге укмуш көрүнө берет турбайбы. Биринчи жолу жылуу сезим жараткан киши менен бир жолу болсо дагы жолугуп сүйлөшүп көргүң келет экен. Жок дегенде аны менен бетме-бет сүйлөшүп, мурунку таарынычымды айтып алгым келген. Ошентип, жолугушууга чыктым. Ал романтикалуу маанайда машинасынын жанында колундагы гүлү менен тосуп алды. Жылуу сөздөрү менен менин таарынычымды да унуттурду. Тамактанууга дагы жакшы жерге бардык. Ал жактан кийин жок дегенге болбой дагы бир жерге барып келели деп бир үйгө алып барды. Таң калдым, албетте, анын мындай мамилесинен чочулап дагы жаттым. Бир жагынан билимдүү көрүнгөн агайымды зордуктоого барбаса керек деп үмүттөндүм. Бирок менин бир күндүк романтикалуу жашоомдун аягы да кичинекейимдеги каргашалуу окуя сыяктуу болуп аяктады. Канчалык аракет кылсам да өзүмдү коргоого күчүм жетпеди. Иши бүткөндөн кийин кайра мага "сен эмне кыз эмес белең" деп басынтып кирди. Эмне кыла алмак элем, ыйлактап отурсам "тиктирип ал" деп кетип калды. — Ал убакта сиз окуган, чоң эле кыз экенсиз, эмнеге укук коргоочуларга кайрылган жоксуз? — Канчалык укугуңду билип турсаң да баягы эле "эл эмне дейт" деген нерсе бизди кармайт экен. Аны айтсам дагы эле мен өзүм күнөөлүү болмокмун. Бизде зордуктаганы ачык көрүнүп турса деле "өзү баштаган, өзү күнөөлүү" деп чыга калышат эмеспи. Ал эми менин окуям таптакыр эле акталмак эмес. Андан соң стресс, депрессияга кабылып аябай каттуу ооруп калдым. — Анан бул абалдан кантип чыгып кеттиңиз? © Фото / из личного архива Асел Минагавы Японияга келин болгон Асел: төрөттөн кийин оорумду туура тамактануу жеңди — Мындай учурда мага тынбай иштеп, бош отурганга убакыт калтырбаганым жардам берет. Бир аз эле бош убакыт болуп калса караңгы ойго чөмүлүп кетчүмүн. Ошондуктан эс алганда да пайдалуу видеолорду же кесибиме байланыштуу тасмаларды көрчүмүн. Анан сөзсүз түрдө психологго кайрылыш керек экен. Өзүңдүн ички дүйнөңдө тынчтык жоголгондо аларга кайрылсаң жардам беришет. Ошондой эле мындай учурда талыкпай билим алуу эң жакшы дары болуп бере алды. Билим менен дүйнө таанымым кеңейип, караңгы кутучадан чыгып, жарык жашоонун бар экендигин сездим. — Мындай окуяга дуушар болгон кыздардын айрымдары жашоодон үмүтүн үзүп коюшат. Сизди эмне кармап калды? — Туура айтасыз, мен деле өз өмүрүмө кол салайын деп аз жерден калгам. Ушуну менен жашоо бүтүп калчудай сезилген. Көрсө, бул кадыресе көрүнүш экен. Мен айланамдагы кыздардан мага окшоп кичинекейинен зордукка кабылгандар көп экенин билдим. Алар да коркуп ичине жашырып жүрө беришет. Качан гана мен аларга айтып бергенде ачылышат. Андай зомбулуктан кийин стереотип жана каада-салттардын айынан "менин эч кимге деле керегим жок, кыздыгым жок ким кабыл алмак эле" деген ойдо же чөйрөдөгүлөрдүн басынтышынан коркуп өз өмүрүнө кол салгандар да жок эмес. Зордуктоого кабылгандыгын шылтоолоп, көрүнгөн эркектин кучагында жүрүп, көпөлөккө айлангандар болот. Мындай кезде бир гана ыйманын күчөтүп, өз абийиринин астында таза болууга аракет кылуу керек. Жашоо аны менен эле бүтүп калбайт. — Жогоруда бир жигитти кезиктиргениңизди айтып, кайра башка темага өтүп кеттиңиз. Ошондо ал азыркы жолдошуңузбу? — Ал мага кудайдан берилген белек. Мен депрессияда жүргөндө ошол адам мага ишенип жашоого үмүт берди. Баарын төкпөй-чачпай айтып берүүмдү суранды. Албетте, аны да жоготуп алуудан корктум. Алгач укканда бир аз башкача боло түштү. Көпкө ойлонуп, анан кайра мага "көп ойлоно бербе, бардык адам жаңылат. Эң башкысы, азыр мени сүйсөң жетиштүү" деп сооротту. Бул нерсеси үчүн мен аны өмүр бою сыйлап өтүүгө даярмын. Ал иштери менен көп убакытка чет өлкөгө кеткенде да күтүп жашадым. Экөөбүз үй-бүлө куруп, бактылуу жашап жатканыбызга аз эле убакыт болду. — Экөөңөрдүн ортодогу сырды жолдошуңуздун үй-бүлөсү билген жокпу? © Фото / Руслан Мыктаев Ырчы Сырга: жактырган жигитке арнап жазган ырым элге таанытты — Турмушка чыгарда жолдошум кабыл алганы менен ата-энеси, жеңелери эмне дейт деп корктум. Бир тараптан интимдик жашоодон коркуп калгандыктан аябай катуу стресске түштүм. Кайненемдер улуу муундун адамдары болгондуктан түшүнүүгө аракет кылат беле же жокпу, билбейм. Жолдошум аларга айтпай эле коюуну туура көрдү. Той күнү нике түндү салты жок эле өткөрүүгө ынандырды. Азыр алар менен сонун эле жашап жатабыз. — Учурда ден соолугуңуз жакшыбы? — Ооба, буюрса жакшы. Мурунку стресстен улам оорум жүрөгүмө жеткен болчу. Акырындап жакшы болуп баратам. Жаман көз ирмемдерди эстеген сайын дагы бир жолу жашагандай болом. Ошондуктан жакшы нерселерди гана ойлоп жүрүүгө аракет кылам. Жолдошум да түшүнүү менен мамиле жасайт. — Ушунча окуяны баштан өткөргөндөн кийин кандай тыянак чыгардыңыз? — Эң башкысы, балдарымды өз колумда чоңойтуп, билимдүү жана ыймандуу болушун тилек кылам. Анткени балага кичинекейинде мээрим жетишпесе мага окшоп башкалардан жылуу мамиле күтүп ар кандай нерселерге кабылышы мүмкүн. Эч нерседен кем кылбайм деп алыстан акча салып туруу менен мээрим бере албайт. Колумда бар болобу, жокпу, өзүмө жетиштүү каражат тапсам эч качан балдарымдын жанынан кетпейм. Ал эми жумушсуздук, кылмыштуулук, туура эмес көз караштар, өзүнө, башкаларга болгон туура эмес мамиленин баары дал ушул билимсиздиктен келип чыгууда. Андыктан өзүм да билим алууну токтотпой, кийин балдарымдын дагы толук кандуу билим алуусуна шарт түзүп берем.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында абал туруктуу, бардыгы кадимки тартипте иш алып барып жатат. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады. 15-июль саат 8:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунда кезекте 100 жүк ташуучу унаа турат. Анын ичинен 30-40тайы контейнер жүктөгөн автоунаа болсо, калгандары эл керектөөчү буюмдар менен тамак-аш ташыган автоунаалар."Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги экономикалык ишмердүүлүк жандана баштаганынан улам жаралган. Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү жайларында автоунаалардын мындай кезек күтүүсү катталган жок", — деп айтылат маалыматта. Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда айрым тармактардагы жумуш берүүчүлөр COVID-19га каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкерлерди иштен четтетип коё алат. Бул тууралуу Роструд мекемесине шилтеме берип"Известия" басылмасы жазды."Медициналык каршы көрсөтмөлөр жок учурда коронавируска каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкер иштен четтетилет жана ошол учурда ага айлык төлөнбөйт. Эмгек кодексинин 76-беренеси менен "Жугуштуу ооруларды алдын алуу тууралуу" мыйзам олуттуу себеби жок туруп эмделгиси келбеген адамдарды иштен четтетүүгө жол берет", — деп айтылат кабарда. © Sputnik / Алексей Майшев Адис Россияда COVID-19дун кийинки толкуну качан болорун божомолдоду Буга чейин Роспотребнадзор мекемеси 15-августка чейин соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу, транспорт, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү тармактарынын кызматкерлери 60 пайызга эмделип бүтсүн деген токтом чыгарган. Эске салсак, Москвада эмгек мигранттары коронавируска каршы "Спутник Лайт" препараты менен июнь айынын аягынан бери эмдөөдөн өтүп жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Москванын Кузьминский соту метронун станциясында массалык мушташка катышкан дагы 42 адамды 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды. © AFP 2021 / CHANDAN KHANNA Элчилик Москвадагы массалык мушташтын чоо-жайын айтып берди Окуя 12-июлда кечинде катталып, массалык кармоолор болгон. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 102 мигрантты депортациялоо пландалууда. Кечээ мыйзам бузган алты мигрант 15 күндүк камакка алынган. Алардын баарына жүргүнчүлөргө жана транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан санкцияланбаган митинг жана жүрүштөрдү уюштурган деген айып тагылды."200дөй адам катышкан иш-чара улуттар аралык тирешүүнүн негизинде болгон", — деп айтылат соттун маалыматында. Массалык мушташта мигранттар жолго чуркап чыгышкан. Муну менен алар автоунаалардын жана коомдук транспорттун, жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан. Мигранттарды Россиянын аймагынан сыртка чыгаруу маселеси боюнча сот азырынча чечим чыгара элек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 290 кишиден коронавирус табылып, 1 029 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Жуктургандар: Бишкек – 726; Ош – 53; Чүй облусу – 176; Ош облусу – 72; Талас облусу – 19; Нарын облусу – 18; Ысык-Көл облусу – 56; Жалал-Абад облусу – 55; Баткен облусу – 115. Ушуну менен оору жуктургандардын саны 144 958ге жетти. Анын ичинен 121 760 киши дартты жеңди. Айыккандар: Бишкек – 575; Ош шаары – 96; Чүй облусу – 130; Ош облусу – 40; Талас облусу – 18; Нарын облусу – 3; Ысык-Көл облусу – 23; Жалал-Абад облусу – 66; Баткен облусу – 78. © Sputnik / Владимир Трефилов Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын берүүнү пландап жатат Кечээтен бери коронавирус 10 адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен алтоо Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Жалал-Абад облусунда көз жумган. Ушуну менен өлкө боюнча жалпы 2 143 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 411 адамдын абалы оор болсо, 217 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 40 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти. Маалыматка ылайык, 15-19-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул тууралуу кабардар кылганын кошумчалады.
Sputnik_kg
Мектеп лигасы КР президентинин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына төп келип жатат. Азыр балдар өзүмчүл болуп, команда менен иштөөнү унутту. Ошол себептен алгач командалык спорттун түрлөрү тандалды. Бул тууралуу Самат Токтоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Токтоналиев: "Мектеп лигасында" жеңген командага 500 миң сом берилет Анын айтымында, мектеп лигасы 1-сентябрда башталып, балдар айына бир жолу оюн өткөрүшөт."Мектеп лигасы өткөн жылдары Бишкек шаарында болгон. Пандемиядан улам токтоп калган эле. Биз бүгүнкү абалды анализдеп, башка мамлекеттердин тажрыйбасын карап жалпы республика боюнча мектеп лигасын өткөргөнү турабыз. Негизги айырмачылыгы — мектептер өз ыктыяры менен катышат. Оюндар айлампа түрүндө өтөт. Алсак, жакын жайгашкан мектептердин командалары оюн өткөрүп, жеңгендери башка райондун, кийин облустун командалары менен кез келишет. Жыйынтыгында финалга жети облус жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары чыгат. Менимче, Американын кинолорун көргөн балдар көп эле мектеп жарыштарына күбө болуп кыялданышса керек. Андыктан финалдык оюндарды стадиондо, спорт ордосунда өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми бул иш-чарага балдарды кызыктырыш үчүн чоң байге фонду каралган. Биринчи орунду алган команда 500 миң сомго ээ болот. Ошону менен бирге уткан команда эл аралык гимназиадага катышуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ал эми жалпы долбоорго Мамлекеттик агенттик тарабынан жети миллион сом каражат каралууда. Бул калыстардын эмгек акысы жана финалга чыккан балдарды алып келүү, алардын формасы жана тамактандырууга жумшалат", — деди Токтоналиев. Ал ар бир мектептен бир гана курама команда катыша аларын кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Токиодо боло турган Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди. Эске салсак, Андреева төрт жылда бир өтө турган маанилүү оюнга экинчи болуп (биринчи суучул Денис Петрашов) жолдомо алган эле."Ал мурда эле баш тартканын айткан. Эмне себеп болгонун билбейбиз. Биринчи федерациянын президентине, андан кийин башкы машыктыруучуга айтыптыр. Биз Улуттук олимпиада комитетине аны курама командадан чыгаруу боюнча кат жибергенбиз", — деди Щербаков. © Фото / пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта Кандай экен? Токиого бара турган команданын спорттук формасынын сүрөттөрү жарыяланды Тактоочу суроо узатканыбызда ал "бул акыркы чечим, мындан ары эч нерсе кыла албайбыз" деп жооп берди. Андреева 1984-жылы туулган. Жеңил атлетика менен 14 жашынан бери машыгып келет. Буга чейин Пекин (2008), Лондон (2012) жана Рио-де-Жанейродо (2016) өткөн Олимпиадаларга катышкан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы кызматтан бошотулду. Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов аталган судья өз ыктыяры менен арыз жазганын айтып, кызматтан бошотуп берүүнү депутаттардан суранды. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Өлкөдө азыр бир да судья пара албай калды. Ташиевдин билдирүүсү Эл өкүлү Ирина Карамушкина судья Жаңыл Мамбеталы мурда азыркы президент Садыр Жапаровго эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын айтып, "өч алуу болуп жаткан жокпу?" деп сурады. Президенттин өкүлү судья өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирди. Натыйжада 60 депутаттын макулдугу менен судьялыктан бошотулду. Белгилей кетсек, Жаңыл Мамбеталы буга чейин президент Садыр Жапаровду, саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовду соттогон.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев брифинг учурунда аллергиясы бар адамдар кайсы учурда коронавируска каршы эмделе албай турганын айтып берди. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев Аллергиясы бар адам вакцина алардын алдында сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерине барып көрүнүп, консультация алышы керек. Ошондой эле вакцина сая турган медикке да аллергиясы бар экенин алдын ала эскертип айтканы оң."Тамак-ашка аллергиясы барлар да "вакцина алсам болобу?" деп сурап жатышат. Эгер жумуртка же лимон сыяктуу азыктарга аллергияңыз болсо, бирок аны жеңил эле көтөрсөңүз анда дарыгер менен кеңешип эмделсе болот. Кокус мындай азыктарды жегенде күчтүү реакция берсе, анда эмделүүгө болбойт. Мындан сырткары, аллергия күчөп турган учурда да вакцина алганга болбойт", – деди Сарыбаев. Аллергия менен ооругандар үчүн вакцина алуунун каршы көрсөтмөлөрү: оору күчөп турган маал; мурда адамдын ден соолугуна зыян келтирген аллергиялык реакциялардын болушу (анафилактикалык шок же Квинке шишиги); вакцинанын компоненттерине болгон сезгичтик; башка вакциналарга гиперреактивдин болушу; кошумча оорулардын, анын ичинде өнөкөт оорулардын болушу; 18 жашка чейинкилер. Сарыбаев вакцинага каршы көрсөтмөлөр ушулар гана экенин айтып, башка учурда аллергиясы барлар коронавируска каршы эмделе берсе болорун кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Токио Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу бара турган болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Жөө күлүк Юлия Андреева жаракат алып калганына байланыштуу ири мелдешке катышпайт. Ошондуктан жети спорттун түрүнөн 16 атлет Кыргызстандын намысын талашмакчы. Кыргызстан командасынын курамына грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) кирди. Ал эми эркин күрөш чеберлеринен Эрназар Акматалиев (65 килограмм) менен Айаал Лазарев (125 килограмм) барат. © YouTube / 東京都羽村市公式動画チャンネル Япондордун кыргыз спортчусун колдоп Кыргызстандын гимнин ырдаган видеосу Кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) аттанышат. Дзюдо күрөшүнөн Владимир Золоев (81 килограмм), оор атлетикадан Бакдөөлөт Расулбеков (94 килограмм), фехтование спортунан Роман Петров, ок атуу спортунан Каныкей Кубанычбекова жана сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов жолдомо алышкан. Ал эми жеңил атлетикадан Дария Маслова (марафон, 42 чакырым) жана Нурсултан Кеңешбеков (5 000 метр) чуркай турган болду. Ал эми Паралимпиадага ядро түртүү спортунун чебери Арстанбек Базаркулов менен дзюдочу Хайитхон Хусан кызы жолдомо уткан. 13-июль күнү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов спортчуларды кабыл алып, команданын капитаны Атабек Азисбековго мамлекеттик тууну тапшырып, атлеттерди сапарга узаткан.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн жети ооруканада 151 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалымат бүгүн, 15-июль, саат 10:00гө карата айтылды. Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 61; Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 32; № 2 клиникалык төрөт үйү — 23; Улуттук наркология борбору — 14; Улуттук онкология жана гематология борбору — 1; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 2; Аскердик госпиталь — 3. Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10; Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 5; Өткөн суткада Кыргызстанда 1 290 кишиден коронавирус табылды. Азыркы тапта 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент тарабынан сунушталган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгесин сындады. Эл өкүлдөрү пропорционалдык жана мажоритардык система менен ЖК депутаттары тандалса байлар менен партия лидерлери гана өтө турганын айтууда."Нуржан Кармабековна, сизди тажрыйбалуу адам катары сыйлайм, бирок бүгүн сизди тааныбай турам. Эгер бул мыйзам өтүп калса пропорционалдык системада үч пайыздык босого менен 10дон ашык партия келет. 55 мандатты бөлө келгенде ар бирине беш-алтыдан тиет экен. Анда парламентке партия лидери жанындагы эки "золотою" жана эки олигарх менен келет. Ал эми мажоритардык системада гендердик теңдик сакталган эмес, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлана албайт. Сиз ушуну каалап жаттыңыз беле?" — деди депутат Улугбек Садиков. Шайлдабекова сунушталган мыйзам долбоорунда партиялардын талапкерлерди көрсөтүү монополиясын жоюу жана көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк берүү каралганын билдирди. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго мыйзам долбоорунун эки вариантын сунуштап, азыркысын тандаганын айтты. © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Тарбиясыздык, уят болот! Шайлдабекова менен Жеенчороевдин айтышкан видеосу Эл өкүлү Жыргалбек Турусбеков дагы азыр бул система менен бир партиядан 5-6 депутат шайланса элге берген убадасын аткара албастыгын белгиледи. Аны менен катар пропорционалдык системада байлар, партия лидерлери, бир мандаттуу округдан да байлар эле шайланып, жаштар келе албастыгын эскертти. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Курман айтка карата намаз аянттарда эмес мечиттерде окулат. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынганын муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады."Бардык санитардык эрежелерди сактоо менен мечиттерде гана окулат", — деди ал. Курман айт майрамы быйыл 20-июль, шейшемби күнү белгиленет. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам май айында да айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору өтүп кетсе өлкөдө тополоң, революция болот. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев парламентте билдирди. Учурда парламентте пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайлоо тууралуу президенттин демилгеси талкууланууда."Сиздер президентти, төраганы жана бизди жарга түртүп жатасыздар. Бул мыйзамды кабыл алсак эртең эмне болору баарыбызга белгилүү. Тополоң, революция болот. Мамлекеттик кызыкчылык каралган эмес. Ушунун баарын билип туруп кабыл алсак бизде кандай жоопкерчилик болот?", — деди Тиллаев. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага жооп берип жатып "Урматбек Обозбекович" деп кайрылып, башка депутат менен алмаштырып алды. © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Тарбиясыздык, уят болот! Шайлдабекова менен Жеенчороевдин айтышкан видеосу"Сизди колдоюн деп жаткам, эми мыйзамга каршы добуш берем. Сиз мыйзам эмес, палатаны, депутатты сыйлабай жатасыз. Өзүм билемдигиңиз менен ушуга алып келдиңиз", — деп кайрылды Тиллаев. Андан соң Шайлдабекова адашып калганын айтып кечирим сурады. Депутат Улан Примов дагы мындай шайлоонун аягы ызы-чуу менен бүтө турганын айтты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда 18 418 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, 18 миңдин ичинен 1 777 киши вакцинанын экинчи дозасын сайдырган. Ушуну менен өлкөдө эмделгендердин саны 157 563кө жетти. Анын ичинен 88 924ү вакцинанын экинчи дозасын алганы айтылды. Бир сутка ичинде вакцина алгандардын саны (облустар боюнча): Бишкек шаары – 2 901; Ош шаары – 2 042; Чүй облусу – 1 238; Ош облусу – 6 090; Ысык-Көл облусу – 1 728; Талас облусу – 692; Нарын облусу – 490; Жалал-Абад облусу – 2 775; Баткен облусу – 462. Белгилей кетсек, 11-июлдан бери өлкөдө калкты жапырт эмдөө жүрүп жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору өтүп кетсе өлкөдө тополоң, революция болот. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев парламентте билдирди. Учурда парламентте пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайлоо тууралуу президенттин демилгеси талкууланууда. Эл өкүлү Конституицияда депутат 10 күн жумушка келбесе мандатынан ажыратылары көрсөтүлгөнүн айтып, бирок бул мыйзам долбоорунда 30 күн деп жазылганын белгиледи. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова андай болбошу керектигин, президенттик администрациядан берилгенде түшүп калышы мүмкүндүгүн билдирди."Мыйзамды жазган жумушчу топтун башчысы катары билбей жатасыз. Бул эмне деген сөз, мыйзамда ушундай норма барбы, бир нерсе “түшүп” калабы? Сиздер президентти, төраганы жана бизди жарга түртүп жатасыздар. Бул мыйзамды кабыл алсак эртең эмне болору баарыбызга белгилүү. Тополоң, революция болот. Мамлекеттик кызыкчылык каралган эмес. Ушунун баарын билип туруп кабыл алсак бизде кандай жоопкерчилик болот?", — деди Тиллаев. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага жооп берип жатып "Урматбек Обозбекович" деп кайрылып, башка депутат менен алмаштырып алды. © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Тарбиясыздык, уят болот! Шайлдабекова менен Жеенчороевдин айтышкан видеосу"Сизди колдоюн деп жаткам, эми мыйзамга каршы добуш берем. Сиз мыйзам эмес, палатаны, депутатты сыйлабай жатасыз. Өзүм билемдигиңиз менен ушуга алып келдиңиз", — деп кайрылды Тиллаев. Андан соң Шайлдабекова адашып калганын айтып кечирим сурады. Депутат Улан Примов дагы мындай шайлоонун аягы ызы-чуу менен бүтө турганын айтты.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мусулман өлкөлөрүнүн башчылары кыргыз элин жана өлкө башчы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Алгачкы куттуктоо коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келип түшкөн. © AP Photo / Alexei Filippov Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев"Бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн улуу майрамы болгон, кең пейилдүүлүккө жана мээримдүүлүккө, жаратмандык менен жакшылыкка толгон ыйык Курман айт майрамы биздин өлкөлөрдүн руханий баалуулуктарын, достугун жана кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", — деп айтылат Казакстан лидеринин куттуктоосунда. Ушундай эле куттуктоо сөздөрү менен Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев дагы телеграмма жөнөткөн. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктап, эки элдин ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелер мындан ары да туруктуу өнүгө берерине бекем ишенерин айтты. © Фото / пресс-служба президента Республики Узбекистан Өзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев"Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар чоң кубаныч менен белгилеген жана биздин өлкөлөрдүн элдери үчүн ырайымдуулуктун, сабырдуулуктун жана боорукерликтин белгиси болгон Курман айт майрамына байланыштуу эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдойм", — деди Мирзиёев. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз куттуктоосунда кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов"Түбү миңдеген жылдардын тереңинде тамырлаган жана адамзаттын бийик руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул берекелүү майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди чыңдоого өбөлгө болот деп терең ишенем", — деп айтылат телеграммада. Тажик лидери Эмомали Рахмон дагы куттуктоосун жөнөттү. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Тажик лидери Эмомали Рахмон"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери мындан ары дагы ушул баа жеткис руханий негиздерге таянуу менен эки элдин кызыкчылыктарына ылайык туруктуу өнүгө берет деп бекем ишенем", — деп айтылат Рахмондун куттуктоосунда. Кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктагандардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дагы бар. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган"Баарыбыздын башыбызды бириктирген бул ыйык майрам кыйын мезгилде дартыбызга даба болуп, бейкуттук алып келүүсүн каалоо менен өлкөмдүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздин саламаттыгыңызды жана бейкуттугуңузду, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубатчылыгын, амандыгын жана тынчтыгын жараткан Алладан тилейм", — деди Түркия президенти. Кувейттин мураскор ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады."Берекелүү Курман айт майрамын жалпы ислам дүйнөсү белгилеп жатканда чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз. Жараткан Алла-Тааладан бул майрам боордош Кыргыз Республикасына жана анын элине гүлдөп-өнүгүү, ал эми мусулман үммөттөрүнө тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келүүсүн суранам", — деди ал. Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады. © Sputnik / Рамиль Ситдиков Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани"Курман айт дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын биримдигинин жана тилектештигинин белгиси. Ушул ыйык күндөрдүн урматына мен жараткан Алладан мусулмандардын ибадаттары менен курмандыктарын кабыл алуусун, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды экстремизм, терроризм жана жакырчылык сыяктуу учурдагы көйгөйлөрдөн арылтуусун тилейм", — деди президент. Иран лидери Хасан Рухани дагы кыргызстандыктарга куттуктоосун жөнөттү. © Sputnik / Алексей Никольский Иран лидери Хасан Рухани"Курман айт майрамы дүйнө жыргалчылыктарын курмандыкка чалуунун, каалоолорду тыюунун, жараткан Алла-Таала жолунда таза ишенимде болуунун мезгилин билдирет", — деп айтылат телеграммада. Ирак президенти Бархам Салих өз элинин атынан кыргызстандыктарга жакшылыктарды каалады."Ирак элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамы менен куттуктайм. Учурдан пайдаланып, эки элдин жана эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар тараптуу кызматташууну улантууга даяр экенимди билдирем", — деди ал. Оман султаны Хайсам бин Тарик дагы президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине куттуктоо сөздөрүн жолдогон."Сизге бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги элиңизге мындан ары да өнүгүп-өсүүнү тилейм. Ушундай берекелүү күндүн кайрадан келиши менен Алла-Тааладан мусулман жамаатына ырайымдуулук жана жакшылыкты суранабыз", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Бүгүн, 20-июль күнү, дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилеп жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков ЕЭКке министр болуп дайындалды Буга байланышкан жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ишин айкалыштырып, Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалайт. Мирлан Арстанбаев 2019-жылдын март айында Японияга элчи болуп дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматтарында иштеген. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кызматын да аркалаган. Арстанбаев Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 47 жашта.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Анда Бурулдай суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. Жыйынтыгында Жунушалиев төмөнкү тапшырмаларды берди: Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу объектилеринин долбоордук-сметалык документтеринин даярдалышын тездетүү; Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизиши керек; Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизип, ошондой эле чакан ГЭСтерди күчтөндүрүү, жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү зарыл. Буга чейин өкмөт Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган. Бирок долбоор боюнча кенен маалымат берилген эмес.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР Анда Бурулдай суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР 1 / 2 © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Анда Бурулдай суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. Жыйынтыгында Жунушалиев төмөнкү тапшырмаларды берди: Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу объектилеринин долбоордук-сметалык документтеринин даярдалышын тездетүү; Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизиши керек; Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизип, ошондой эле чакан ГЭСтерди күчтөндүрүү, жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү зарыл. Буга чейин өкмөт Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган. Бирок долбоор боюнча кенен маалымат берилген эмес.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Түркиянын Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş компаниясы Бишкекке монорельс куруу маселесин карап, жерлерди карап чыкты. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Инвестициялар министрлиги менен Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Анда негизги предмет катары ордо калаада монорельс куруу маселеси каралган."Аталган меморандумду ишке ашыруу жана транспорт системасы менен таанышуу үчүн 12-14-июль күндөрү Бишкекке аталган түрк компаниясынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз жана компаниянын инженер технологу Йылгай Йылмаз келип, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен жолукту. Министр бул долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдары аларга колунан келген жардамды бере турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта. 13-июлда министрликтин кызматкерлери мэрия менен биргеликте түрк компаниясынын өкүлдөрүнө монорельс курула турган аймактарды көрсөтүп, тааныштырганы кошумчаланды.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 25-июлдан тарта Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЦР-анализдин жыйынтыгын "COVID жок саякаттайм" уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. РФ өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-июлундагы № 1998-б буйругунда Россиянын аймагына ЕАЭБ мамлекеттеринен аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ПЦР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген. Анализ аталган өлкө аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек. Россияга үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттик жол менен же бир аз тыныгуу менен киргендердин ПЦР-анализи терс болсо жана Россияга чейинки маршрут боюнча билеттерди же отургузуу талондорун көрсөткөн шартта артыкчылык берилет. 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайжандан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Кыргызстандан, Молдовадан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан Россия Федерациясына аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот. Белгилей кетсек, Кыргызстандын чегинен тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЦР-анализди эки мамлекеттик лабораториядан тапшырса болот. Алар: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт. Тиркеме кандай иштейт Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланктагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек). Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 25-июлдан тарта Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЦР-анализдин жыйынтыгын "COVID жок саякаттайм" уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. РФ өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-июлундагы № 1998-б буйругунда Россиянын аймагына ЕАЭБ мамлекеттеринен аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ПЦР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген. © AFP 2021 / VYACHESLAV OSELEDKO Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген кишилердин саны 222 миңден ашты Анализ аталган өлкө аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек. Россияга үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттик жол менен же бир аз тыныгуу менен киргендердин ПЦР-анализи терс болсо жана Россияга чейинки маршрут боюнча билеттерди же отургузуу талондорун көрсөткөн шартта артыкчылык берилет. 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайжандан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Кыргызстандан, Молдовадан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан Россия Федерациясына аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот. Белгилей кетсек, Кыргызстандын чегинен тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЦР-анализди эки мамлекеттик лабораториядан тапшырса болот. Алар: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт. Тиркеме кандай иштейт © Фото / пресс-служба мэрии города Ош Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүлмөкчү Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланктагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек). Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Улуттук көк бөрү оюну эреже менен ойнотулуп баштагандыгынын 25 жылдыгына карата аталган спорттук федерация Кыргызстанда даректүү тасма тарта баштады. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди. Чыгармачыл топ 14-июлда өлкөнүн аймактарынан ишин баштады. Улуттук көк бөрү оюну эреже менен ойнотулуп баштагандыгынын 25 жылдыгына карата аталган спорттук федерация Кыргызстанда даректүү тасма тарта баштады. © Фото / Федерация кок-бору в Кыргызстане Чыгармачыл топ 14-июлда өлкөнүн аймактарынан ишин баштады. © Фото / Федерация кок-бору в Кыргызстане Тасманын негизги максаты — улуттук көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салтын жайылтуу жана жандандыруу. © Фото / Федерация кок-бору в Кыргызстане 1 / 3 © Фото / Федерация кок-бору в Кыргызстане Улуттук көк бөрү оюну эреже менен ойнотулуп баштагандыгынын 25 жылдыгына карата аталган спорттук федерация Кыргызстанда даректүү тасма тарта баштады. Тасманын негизги максаты — улуттук көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салтын жайылтуу жана жандандыруу. Мындан тышкары, жаштардын мекенчилдик сезимин, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо сезимин тарбиялоо жана көк бөрү оюнун дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп эсептелет."Көк бөрүнүн спорттук мелдештер үчүн тай казан менен ойнотулган заманбап эрежелерине быйыл туура 25 жыл болду. Ал 1996-жылы иштелип чыккан. Буга байланыштуу улуттук федерация тарабынан көк бөрү оюну боюнча даректүү тасма тартуу башталды", — деп айтылат билдирүүдө. Жакынкы арада федерация тасманы республикалык телеканалдар аркылуу кеңири жайылтууну пландаштырып жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча сунушталган мыйзам долбоору Кыргызстанды катастрофага кептейт. Мындай пикирин депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Ал эгерим иштебей турган мыйзам долбоору демилгеленди деп эсептейт. Депутаттын айтымында, элге үч эле нерсе керек: калыс шайлоо, добуш сатып алууга бөгөт коюу, бүт саясий күчтөрдүн келип иштеши."10 жыл мурун Жети-Өгүздө бирөө чакан жүк ташуучу унаанын үстүнө автобусту чаптап алып эл ташыйм деген экен. Биринчи эле бурулуштан авария болуп, 14 киши кайтыш болгон. Сиз да ошондой кылып алыпсыз, бул биринчи эле саясий катастрофада курман болчу кодекс. Азыр Нарын облусунан алты-жети депутат бар. Ушул мыйзам өткөндөн кийин бир депутат болот. Сиз элдин укугун азайтып жатасыз. Сиз Кыргызстан катастрофага алып бараткан мыйзамды бизге таңуулап жатасыз. Ансыз да ар бир чатак шайлоодон кийин чыгып жатат", — деп кайрылды Иманалиев БШК төрайымына. Ошондой эле ал бир адам эки жолу депутат болуп шайлана албай тургандай норманы киргизүү туура эмес экенин айтты. Мындайды диктатордук өлкөлөр гана оппонентин жок кылуу үчүн колдонорун белгиледи.
Sputnik_kg
ЖОЖго тапшыруу үчүн айрымдарга босого балл төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Өмүров: ЖОЖго тапшыруу үчүн айрымдарга босого балл төмөндөтүлдү Анын айтымында, быйыл окуу жайга кабыл алуу үчүн босого балл бюджеттик орундарга 110, келишимдик негизде 105 деп белгиленген."Баткен облусунда болуп өткөн окуялардан улам ал жактын абитуриенттерине көмөк иретинде Баткен мамлекеттик университетине бюджеттик орундарга босого балл 100, келишимдик негизде 95 деп коюлду. Ошондой эле 1-2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ушундай эле жеңилдиктер берилди. Мындан тышкары, медицина тармагына тапшыруу үчүн босого балл негизги тесттен 110, ал эми предметтик биология жана химиядан дарылоо бөлүмүнө 55ке төмөндөтүлдү. Бул өткөн жылы 60 балл деп аныкталган. Ошондой эле фармация бөлүмүнө биологиядан 55, химиядан 60 деп белгиленди. Мына ушундан жогору балл алгандар белгиленген факультеттерге тапшыра алышат", — деди Өмүров. Ал өлкөдөгү 73 окуу жайдын 33ү мамлекеттик, ал эми 40ы менчик экендигин кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
Өлкөдө акыркы алты ай парламентаризмди талкалоонун доору болду. Мындай пикирин Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Иманалиев: президенттик башкаруу болсо эле парламентти талкалоо туура эмес Анын айтымында, дүйнөдө парламентсиз, бирок демократиясы бар бир дагы өлкө жок. Тескерисинче, президенти жок демократияда жашап келе жаткан Улуу Британия жана Япония мамлекеттери эсептелет."Биздин саясий элитада президенттик өлкө болсо эле парламентти талкалаш керек деген түшүнүк пайда болду. Эң күчтүү президенттик башкаруу болгон Америка, Россия, Түштүк Корея жана Францияда да мындай көрүнүш жок. Мисалы, Россияда акыркы референдумда парламентке эбегейсиз укуктар берилди. Америкада парламент президентке импичмент жарыялай алат. Түштүк Кореяда эл шайлаган президентти депутаттар алып түшүп, түрмөгө камалды. Ал эми бизде эмне болуп жатат? "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбооруна ылайык, парламенттин кезексиз сессиясын премьер-министр чакырат экен. Анан да министрлер кабинети президенттин гана тапшырмасын аткарат деп жазылып жатат. Бул эми ажонун өзүнө кызыкпы? Өзү дайындап, кайра өзү көзөмөлдөп, балким элге 90 депутаттын көзөмөлдөгөнү пайдалуудур. Анан да акимдерге, министрлерге кол тийбестик сунушталып жатат. Укуктук өлкөдө мындай болбош керек",— деди Иманалиев. Депутат акимдик институтту бекемдөө үчүн алардын айлык маянасын көтөрүп, ротациялангандарынын турак жай маселесин чечип жана райондук деңгээлдеги структуралардын жетекчилерин анын макулдугу менен дайындоо укугун берүү жетиштүү болорун кошумчалады. Эске сала кетсек, президент тарабынан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, ал 22-июлда эл өкүлдөрүнүн кескин сынына кабылып, кайрадан редакциялоого артка кайтарылган. Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Sputnik_kg
Биринчилерден болуп кан тамырлар системасы калыптанган. Ал муну жумуртканын сарысынан чок ортосуна, ийненин көзүндөй болуп согуп жаткан жүрөккө алып барган тамырчалар деп сүрөттөгөн. Видеонун авторун "сары дүйнөдөгү" молекулалар кандайча өзүнүн тартиби менен тизилип, куралышы керектигин "билгени" таң калтырган. Төртүнчү күнү түйүлдүк биринчи кыймылын жасаган. Акырындап көзү жана буттары пайда боло баштаган. Алтынчы күнү караганда дароо эле көзү байкалган эмбирон балапандын сөлөкөтүнө келип калган. Шевченко тооктордун көзүнүн көлөмү дайыма өзгөрүп турарын түшүндүргөн. © Sputnik / Владимир Вяткин Интернеттеги "канжалаган" фламингонун видеосу элдин оозун ачырды 12-күн дегенде капталында канаты жана болор-болбос жүнү чыгып, мойну ичкерип, башы жана буттары чоңойгон. Тажрыйба жасагандар балапанга кичинеден кычкылтек бере баштаган. Ал эми 19-күнү сары нерсе толугу менен жок болуп, "стаканды" толугу менен балапан ээлеген. 20-күнү блогер инкубатордон чыйпылдаган үндү угуп, ача салып, балапанды көргөн. Шевченко бул тажрыйбасын 2018-жылы эле баштап, ондогон тооктор менен жүздөгөн жумуртканы сынап көргөн. Блогердин эксперименти жылуулук менен кычкылтекти туура, өзүнүн көлөмүндө бергенден кийин гана ишке ашкан. Ал жумуртканын жасалма кабыгын тамак-аш пленкасынан жасап, ага минералдар менен бактерияга каршы химикаттарды сиңиргенин айтып берген.
Sputnik_kg
Биринчилерден болуп кан тамырлар системасы калыптанган. Ал муну жумуртканын сарысынан чок ортосуна, ийненин көзүндөй болуп согуп жаткан жүрөккө алып барган тамырчалар деп сүрөттөгөн. Видеонун авторун "сары дүйнөдөгү" молекулалар кандайча өзүнүн тартиби менен тизилип, куралышы керектигин "билгени" таң калтырган. Төртүнчү күнү түйүлдүк биринчи кыймылын жасаган. Акырындап көзү жана буттары пайда боло баштаган. Алтынчы күнү караганда дароо эле көзү байкалган эмбрион балапандын сөлөкөтүнө келип калган. Шевченко тооктордун көзүнүн көлөмү дайыма өзгөрүп турарын түшүндүргөн. © Sputnik / Владимир Вяткин Интернеттеги "канжалаган" фламингонун видеосу элдин оозун ачырды 12-күн дегенде капталында канаты жана болор-болбос жүнү чыгып, мойну ичкерип, башы жана буттары чоңойгон. Тажрыйба жасагандар балапанга кичинеден кычкылтек бере баштаган. Ал эми 19-күнү сары нерсе толугу менен жок болуп, "стаканды" толугу менен балапан ээлеген. 20-күнү блогер инкубатордон чыйпылдаган үндү угуп, ача салып, балапанды көргөн. Шевченко бул тажрыйбасын 2018-жылы эле баштап, ондогон тооктор менен жүздөгөн жумуртканы сынап көргөн. Блогердин эксперименти жылуулук менен кычкылтекти туура, өзүнүн көлөмүндө бергенден кийин гана ишке ашкан. Ал жумуртканын жасалма кабыгын тамак-аш пленкасынан жасап, ага минералдар менен бактерияга каршы химикаттарды сиңиргенин айтып берген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik."Талибан" радикалдуу кыймылынын ортого түшүп сүйлөшкөн өкүлү эгер камактагы 7 миң адам бошотулуп, БУУ аларды кара тизмеден чыгара турган болсо, үч айга чейин ок атууну токтото турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости 1TV News телеканалына таянып кабарлады. Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал Вашингтондун 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. © Ruptly Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео"Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов мындан бир нече күн мурда жолуккан. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен. Андан сырткары, аталган өлкөнү башка мамлекеттерге кол салуу үчүн колдонбой тургандыктарын айтышкан. Буга катар эле Америка Кошмо Штаттары менен мамилени жаңы, таза барактан баштоо ниетин да жар салышкан. Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтүүдө.
Sputnik_kg
Буга чейин айтыш боюнча эки гана илимий китеп жарык көргөн. Мындай маалыматты Мээрим Көлбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Радио Көлбаева: айтыш боюнча эки гана илимий китеп жарык көргөн Анын айтымында, аталган өнөрдү изилдөө негизинен портреттик мүнөздө жүргүзүлүп келген."Айтышты изилдөө ар тараптуу жүрүп келгени менен көбүнчө портреттик мүнөздөгү кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталып келген. Буларда кайсы бир залкардын чыгармачылыгы изилденип, бейнеси ачылат. Мисалы, Калык Акиевдин, Токтогул Сатылгановдун, Коргоол Досу уулунун чыгармачылыгын изилдөөгө багытталган. Ал эми жалпы айтышка таандык изилдөөлөрдөн эки гана илимий эмгек чыккан. Алсак, 1971-жылы Пайзыла Ирисовдун "Айтыш өнөрүнүн жанрдык табияты" деген кандидаттык изилдөөсү китеп болуп жарыяланган. 2004-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тил боюнча программанын алкагында айтыштын жети томдугу жарык көргөн. Анын негизинде "Айтыш өнөрүнүн табияты, эволюция, жанр, поэтика" деген докторлук диссертация жакталып, китеп болуп чыкты. Учурда 10го чукул аспирант жалпы айтышка таандык аталган өнөрдөгү портреттик сүрөттөөлөр, андагы сатиранын орун алуусу, публицистикалык ыкмалардын колдонулушу, эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз-казак айтыштарындагы жанрдык өнүгүү сыяктуу типологиялар боюнча талдоолорду жүргүзүшүүдө. Буга утурлай эле Алымкул Үсөнбаевдин чыгармачылыгы тууралуу портреттик илимий иш жактоонун алдында турат", — деди Көлбаева. Илимпоз Казакстанда айтышты изилдөө колго алынып, жакшы жетишкендиктер бар экенин кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды © Фото / пресс-служба ДУМК Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн © Фото / пресс-служба ДУМК Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Анда ооруну алдын алуу үчүн ыктыярдуу түрдө вакцина алуунун маанилүү экендигин белгилеген. © Фото / пресс-служба ДУМК 1 / 3 © Фото / пресс-служба ДУМК Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн. Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Анда ооруну алдын алуу үчүн ыктыярдуу түрдө вакцина алуунун маанилүү экендигин белгилеген.
Sputnik_kg
Пандемия шартында үй-бүлө бюджетинин киреше булактарын аныктап, анын көп бөлүгүн ден соолукту чыңдоого жумшоо зарыл. Мындай пикирин Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Теңизбаев: үй-бүлө бюджетин туура пландаштыруу чыгашаны азайтат Анын айтымында, акчаны сактоодо, пайдаланууда коомдук аң-сезимди жогорулатуу боюнча иштерге маани берилиши керек."Үй-бүлө бюджетин ар бирибиз анализдеп турушубуз зарыл. Чыгаша жана киреше булактарын аныктап, аларды көзөмөлгө алуу менен көп көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн. Учурда баалар да көтөрүлүп жатат, пандемияга байланыштуу кээ бир адамдар жумушун жоготту. Киреше туруктуу болуп, көбөйүп турушу үчүн адам өзүнө тиешелүү жөндөмдөрүн колдонушу зарыл. Мисалы, бир ишке таланты бар адам жумуштан сырткары онлайн курстарды өтүү аркылуу же унаасы менен жеткирүү кызматы аркылуу кошумча акча табышы керек. Экинчиден, чыгашаларды оптимизациялоо зарыл. COVID жайылып жаткандыгына байланыштуу бюджеттин көп бөлүгүн жарандар ден соолукту чыңдоого жумшаганды унутпашы абзел. Анткени ооруп калуу көп чыгашага алып келет. Туура тамактануу, ден соолукка кам көрүү процедураларын алуу менен маселени чечүү кажет. Күйүүчү майлардын баасы жогорулап жаткандыктан унааны азыраак колдонуп, велосипед, электроскутерге өтсө болот", — деди Теңизбаев. Ошондой эле адис накталай акчаны үйдө сактоо туура эмес экендигин кошумчалады.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ташкент шаарынын тургуну Тимур Ахмадулин бир ай ичинде 890 миң кадам жөө басып, мамлекет тарабынан 1,8 миллион сум (14 миң сомдон көбүрөөк) сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды."Ал көп көп кадам баскандардын арасында лидер болуп, аталган сумманы мамлекеттик бюджеттен жарандын электрондук капчыгына которушту", — деп айтылат кабарда. Эске салсак, Өзбекстандын өкмөтү өз элинин саламаттыгына кам көрүп, күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп туруу боюнча токтом кабыл алган. Мындай жол менен президент Шавкат Мирзиёев өзбекстандыктарды сергек жашоо образына тарткысы келгени айтылган. © Sputnik / Максим Блинов Өзбекстан президенти абактагы кыйноону токтотуу үчүн жаңы токтом чыгарды Шарт боюнча долбоорго 18 жаштан жогорку курактагы ар бир жаран катыша алат. Бул үчүн киши атайын сайтка катталышы керек. Күн сайын 10 миң кадамдан ашык баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан (24 сомдун тегереги) каражат которулуп турат. Ошондой эле эң көп аралыкты басып өткөндөргө ай сайын район (шаар), облус жана республиканын деңгээлинде кошумча акы берилет. Райондун деңгээлинде эң көп кадам таштагандар айына 300 миң сум (2,4 миң сомдун тегереги), облус боюнча 500 миң сум (4 миң сомдун тегереги) алат. Ал эми республикалык деңгээлде алдыңкы орунга чыккандар 1 миллион сумга (8 миң сомдун тегереги) ээ болушат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik."Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи болуп Канат Анарбеков дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы дайындалды Агенттик жетекчисинин жаңы башчыны дайындоо боюнча буйругуна 13-июль күнү кол коюлган. Эске салсак, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын буга чейин жетектеген Асхат Тулебердиевге кылмыш иши козголгон. Анын ордуна келген Марат Жороев май айынын аягында кызматтан алынган. Анарбеков бир нече жылдан бери аталган мекемеде башчынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун бизнес чөйрөсүндөгү жарлыктары аткарылбай жатат. Мындай пикирди Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков билдирди. Ал чечимдердин аткарылбай жатышынын себептерин чечмелеп көрдү."Өлкөдө эмне себептен алга жылуулар болбой, жарлыктар аткарылбай жатат? Анын негизги себептеринин бири — акыркы жылдарда өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин деңгээлинин кескин төмөндөп кеткени. Мамлекеттик кызматтагы көптөгөн мыкты кадрлар, тилекке каршы, ар кандай себептер менен кетип калышкан. Мамлекеттик органдардын жетекчилери туруктуу иштебей, дайыма алмаша берет. Учурда туруктуулук зарыл болуп турат. Көптөгөн шашылыш чечимдер кабыл алынып, бир жетекчи дайындалат, бир ай өтпөй экинчиси келет. Бул көрүнүшкө дыкаттык менен кароо керекпи?" — деген ал. Ал ошондой эле Кыргызстанда экономикалык блокко карата жазалоочу мамиле жасалып жатканын белгиледи. © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты"Өкмөттүн түзүмү бир кыйла өзгөрдү. Мамлекеттик органдардын жобосун иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн эле бир ай убакыт кетти. Иш бир апта бою ордунан жылбай турду. Ошондой эле экономикалык блокко карата жазалоо мамилеси жасалып келет. Экономика, Инвестициялар министрликтери кандайдыр бир аракеттерин көргөнү менен ал укук коргоо органдарынын кысымына кабылууда. Ошондуктан биз бир колуң жасаганды экинчи колуң көрбөйт болуп жатабыз. Өкмөт бир муштумдай түйүлүп иштеши үчүн бардык күчтөрдү бириктирүү зарыл", — деген Ишкерлер кеңешинин директору. Сыдыков кошумчалагандай, Кыргызстанда баалардын өсүп кеткенине байланыштуу жашоо күн сайын улам кыйындап жатат.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik."Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи болуп Канат Анарбеков дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. © Sputnik / Жоомарт Ураимов Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы дайындалды Агенттик жетекчисине жаңы башчыны дайындоо боюнча буйругуна 13-июль күнү кол коюлган. Эске салсак, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын буга чейин жетектеген Асхат Тулебердиевге кылмыш иши козголгон. Анын ордуна келген Марат Жороев май айынын аягында кызматтан алынган. Анарбеков бир нече жылдан бери аталган мекемеде башчынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Орто Азия элдеринин ортосундагы чыр-чатак Россиянын аймагында болбошу керек. Бул тууралуу Россиянын коомдук палатасынын мүчөсү, РФ мусулмандарынын диний бирикмесинин башчысы Альбир Крганов маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды."Биз Орто Азия мамлекеттеринин айрым элдеринин ортосунда көйгөй бар экенин билебиз, жакында эле чыр-чатактарга да байкоо салдык. Бирок биздин өлкөнүн аймагында да жаңжалдашканына каршыбыз, мындайга жол бербей, мыйзам жүзүндө чара көрүлүшү керек. Алар Россия Федерациясынын мыйзамдарын сыйлап, буга байланыштуу чараларды көрүү зарыл", — деген муфтий. Ал белгилегендей, мусулман дин кызматкерлери этникалык бирикмелердин лидерлерине мындай окуялар үчүн жоопкерчилик канчалык экендигин түшүндүрөт. © Sputnik / Владимир Федоренко Сот Москвадагы мушташка катышкан дагы 42 адамды жазага тартты"Анын үстүнө биз көп улуттуу, көп диндүү мамлекетте жашайбыз... Кандай гана эмоциялар болбосун, маселелерди мыйзамдын чегинде гана чечүү керек", — деген Крганов. Москвада кыргыз-тажик мигранттары мушташкан окуя 12-июлда кечинде катталып, массалык кармоолор болгон. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 102 мигрантты депортациялоо пландалууда. Массалык мушташта мигранттар жолго чуркап чыгышкан. Муну менен алар автоунаалардын жана коомдук транспорттун, жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан. Мигранттарды Россиянын аймагынан сыртка чыгаруу маселеси боюнча сот азырынча чечим чыгара элек.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Этникалык кыргыздар жарандыкты жеңилдетилген түрдө алуу үчүн документтерин 20-июлдан баштап тапшыра алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Тиешелүү документтерди министрликтин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаменти кабыл алат. © AFP 2021 / Marcel Kusch / POOL Түркиялыктарга КР жарандыгын мыйзамсыз берген деп шектелген жетекчи кармалды Мындай процедураны этникалык кыргыздар, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдар колдоно алат. Жакында эле президент Садыр Жапаров "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койгон. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.
Sputnik_kg
Кыргызстандын спортчулары кайсы күнү жана саат канчада намыс талашарын материалдан окуңуздар. https://sputnik.kg/sport/20210723/1053307065/tokio-2020-kyrgyzstan-sportchu-kachan-meldeshet-raspisanie.html теги: Фотофакт Кыргызстан Олимпиада спорт
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов Түштүк Кореядан келген ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Чыгыш өлкөсүнөн келген ишкерлер делегациясынын курамына "Корея Телеком", BS Grouр жана GS Retail компанияларынын өкүлдөрү кирген. Жолугушуунун алкагында коноктор өз компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, өздөрүн Кыргызстанда кайсы тармактар кызыктырарын айтышты."Түштүк Кореяда телекоммуникация жаатында иш алып барган "Корея Телеком" Кыргызстанда туризм тармагында иштегиси келерин, ошондой эле билим берүү жаатында кызматташуу тилегин билдирди. Мындан тышкары, энергетика тармагын сапариптештирүү боюнча ниетин айтты. Жыйынтыгында бул ишкана менен Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлду", — деп айтылат билдирүүдө. © Sputnik / Евгений Одиноков Түрк компаниясы Бишкекке монорельс курууну пландап, жерлерди көрүп чыкты Нефтини кайра иштетүү менен алектенип келген GS Retail компаниясы ушул тапта электрондук коммерция жана IT жаатына басым жасап жатканын билдирди. Ал эми BS Grouр компаниясы энергетика, төлөм сектору, саламаттык сактоо жана басмакана тармактарында иш алып барарын белгиледи. Ал Кыргызстан менен биргеликте фармацевтикалык өндүрүш ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Жолугушуу учурунда Кыргызстандын дагы бир катар мамлекеттик органдары кызматташууга сунуш катары презентацияларын көрсөттү.
Sputnik_kg
Буга чейин айтыш өнөрү боюнча эки гана илимий китеп жарык көргөн. Мындай маалыматты Мээрим Көлбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Радио Көлбаева: айтыш боюнча эки гана илимий китеп жарык көргөн Анын айтымында, аталган өнөрдү изилдөө негизинен портреттик мүнөздө жүргүзүлүп келген."Айтышты изилдөө ар тараптуу жүрүп келгени менен көбүнчө портреттик мүнөздөгү кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталып келген. Буларда кайсы бир залкардын чыгармачылыгы изилденип, бейнеси ачылат. Мисалы, Калык Акиевдин, Токтогул Сатылгановдун, Коргоол Досу уулунун чыгармачылыгын изилдөөгө багытталган. Ал эми жалпы айтышка таандык изилдөөлөрдөн эки гана илимий эмгек чыккан. Алсак, 1971-жылы Пайзыла Ирисовдун "Айтыш өнөрүнүн жанрдык табияты" деген кандидаттык изилдөөсү китеп болуп жарыяланган. 2004-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тил боюнча программанын алкагында айтыштын жети томдугу жарык көргөн. Анын негизинде "Айтыш өнөрүнүн табияты, эволюция, жанр, поэтика" деген докторлук диссертация жакталып, китеп болуп чыкты. Учурда 10го чукул аспирант жалпы айтышка таандык аталган өнөрдөгү портреттик сүрөттөөлөр, андагы сатиранын орун алуусу, публицистикалык ыкмалардын колдонулушу, эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз-казак айтыштарындагы жанрдык өнүгүү сыяктуу типологиялар боюнча талдоолорду жүргүзүшүүдө. Буга утурлай эле Алымкул Үсөнбаевдин чыгармачылыгы тууралуу портреттик илимий иш жактоонун алдында турат", — деди Көлбаева. Илимпоз Казакстанда айтышты изилдөө колго алынып, жакшы жетишкендиктер бар экенин кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү боюнча Кыргызстан сап башына чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн. © Sputnik / Антон Денисов Кыргызстанда жашоо минимуму жогорулады ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө май айына салыштырмалуу июнда керектөөчү товарлардын баасы жана тарифтер (Армениядан башка) өскөнү байкалган. Ал эми өткөн жылдын декабрына караганда Кыргызстан экономикасынын керектөөчү товарлар секторунда инфляциянын жогорку деңгээли (7,3 пайыз) байкалган. Ошону менен катар өлкөдө азык-түлүк товарларынын баасы өскөн. Декабрдан бери азык-түлүк канчага кымбаттады: Кыргызстан — 10,5 пайыз; Казакстан — 6,6; Беларусь — 6; Армения — 5,6; Россия — 5,5.
Sputnik_kg
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды © Фото / пресс-служба ДУМК Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн © Фото / пресс-служба ДУМК Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Анда ооруну алдын алуу үчүн ыктыярдуу түрдө вакцина алуунун маанилүү экендигин белгилеген. © Фото / пресс-служба ДУМК 1 / 3 © Фото / пресс-служба ДУМК Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн. Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Анда ооруну алдын алуу үчүн ыктыярдуу түрдө вакцина алуунун маанилүү экендигин белгилеген.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы бир нече райондор жума күнү, 16-июлда, бир нече саатка электр энергиясыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Электр кубаты өчө турган аймактардын тизмеси: 9:00-18:00 — Республика, Азов, Кудрук, Коммунарлар, Харьков, Березов көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик (Он-Арча, Садыбакасов, Кара-Кужур, Бердибаев, Кривоносов, Абдрахманов, Кызыл-Адыр көчөлөрү), Ак-Өргөө ( Ашар, Алтын-Казык, Таттыбүбү көчөлөрүн) конуштары; 9:30-14:00 — 7-кичи району (№ 5, 25, 34/1 үйлөр), №20 мектеп, ДСК; 9:30-17:55 — Токтогул, Усенбаев, Фрунзе, Гоголь, Сүйүмбаев, Осмонкул көчөлөрүнүн бөлүктөрү, № 5 улуттук компьютердик гимназия; 9:30-18:00 — Рухий Мурас (№ 6 жана 7 көчөлөрү), Ак-Тилек-2 (Коллектив көчөсү), Көк-Жар (Босого, Молдокулов, Арстанбоб, Акылбеков көчөлөрү) конуштары.
Sputnik_kg
Радио Акылбек Жапаров: банк системасы кыйшалаңдай турган болсо, катастрофа болот"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров банк системасы тууралуу пикирин Жогорку Кеңеште Улуттук банк жана банктык иштер тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди."Мен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылат элем. Маселени президентке жеткирип барсаңыз. Анткени мыйзам өтө маанилүү. Сомдун туруктуулугу Улуттук банктын саясаты менен гана камсыз болуп жатат. Кирешеси менен чыгашасы каякта экенин билбей өкмөт дайынын таппай калды. Эгерде ушундай кырдаалда банк системасы кичине эле кыйшая турган болсо, сомдун туруктуулугу эмне болот? Биз абдан кооптуу чекке келип калдык. Кризистин ана балчыгына баттык. Банк системасы кыйшалаңдай турган болсо, анда катастрофа болот деп жатам. Бул мыйзам банк системасынын туруктуулугун жана сомдук кубаттуулугун бекемдейт", — деди депутат. Аталган мыйзам долбоору талуудан улам үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Sputnik_kg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР Анда Бурулдай суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР 1 / 2 © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Анда Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. Жыйынтыгында Жунушалиев төмөнкү тапшырмаларды берди: Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу объектилеринин долбоордук-сметалык документтеринин даярдалышын тездетүү; Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизиши керек; Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизип, ошондой эле чакан ГЭСтерди күчтөндүрүү, жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү зарыл. Буга чейин өкмөт Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган. Бирок долбоор боюнча кенен маалымат берилген эмес.
Sputnik_kg
© AFP 2021 / HANNAH MCKAY Учурда Япониянын борборунда Олимпиада оюндарынын ачылышы өтүп жатат © Sputnik / Владимир Астапкович Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кыргызстандык атлетчилер мелдешке толугу менен даяр экенин кабарлады Кыргызстандын спортчулары кайсы күнү жана саат канчада намыс талашарын материалдан окуңуздар. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)
Sputnik_kg