text
stringlengths
80
341
flag
bool
2 classes
lang
stringclasses
3 values
"Бизде ар дайым ушундай: иш жакшы ой менен башталып, терс жыйынтыктарга алып келет. Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында Жол-кайгуул кызматынын жоюлушу тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Наталья Никитенконун айтымында, ЖККны жоюу жакшы эмес жыйынтыктарга алып келди.
false
ky
Бул тууралуу порталына машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов билдирди. Анын айтымында, спортчуну К.Нурманбетов өзү коштоп бармакчы. Мелдеш 24-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Шанхайда өтөт.
true
ky
Жаа атуу боюнча Олимпиадага жолдомо июнда Түркияда өтчү мелдеште ойнотулат. Буга чейин Казакстанда мелдешке катыштык, эми Кытайдагы мелдеште ийгилик жаратууну көздөп жатабыз. "Аселди учурда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдешке даярдап жатабыз.
false
ky
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
true
ky
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы К.Б. аттуу жаран кайрылган. Бишкек шаарында "ижарага алган унаасын ээсине кайтарып бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
false
ky
Беттештин бири Испаниянын, экинчиси Португалиянын борбор калаасында орун алат. Фернандо Торрестин алгач эсебин ачып, анан айып кагазын алып майдандан четтетилгени көпчүлүктүн эсинде. Мадриддиктер бүгүн өткөн оюнга татыктуу жооп кайтаруу аракетин кызуу көрүшмөкчү.
true
ky
2013-жылы продюсерлүү болуп, курбусу, "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова жардам берип, Мурат Жолукеев менен иштешкен. Кундузга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу ыр алып келген.
false
ky
Клипмейкерлер көбүнчө бизди чакырбай эле иштешип, баарын өздөрү бүтүрүп жатышты, жыйынтыгы жаман болгон жок. Дагы бир кызыгы, кооздук үчүн чихуахуа породасындагы күчүк менен да тартылган кадрлар бар болчу. Ал Динара эжеге эркелеп, жакшы тартылган жок, андыктан ал кадрларды алып салдык",- дейт ырчы.
true
ky
"Чынын айтканда, базардагы жаңы кийимдерге деле ишенич жок. Сатылып жаткан кийимди канча кардар кийип көрүп, жакпаса албай коёт. Кийимдеринин сапаты аябай жакшы, башкача кийимдер".
false
ky
Көп өтпөй аны президент өзүнүн администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындады. Мындай тездикте иш алмаштыруулардын артында сөзсүз бир мандем турушу мүмкүн эле. Тагыраагы, Сооронбай Жээнбековго аталган кызматтар жөн гана кызматтык аялдама болуп бергендей...
true
ky
Негизи, патрулдук милициянын ишке кириши менен көчөлөрдүн баарына видеокамера коюлушу керек болчу. ИИМ мисал келтирип, "бизге да ушундай керек" деп үлгү туткан өлкөлөрдө ушундай. Ошондо жыйынтыгы байкалмак да, патрулдук милиция жок жерде айдоочулар видеокамерага түшүп калуудан чочулашмак.
false
ky
2016-жылдагы ажылык сапарга баруучулар үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 2600 долларды түздү. Муфтияттан билдиришкендей, ажылыкка катталуу иши 11-апрелден 11-майга чейин жүргүзүлөт. Быйылкы ажыга баруучулар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чүчү кулак аркылуу тандалып алынат.
true
ky
"Сиз Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышта иштешсеңиз, кара жумушту аткарсаңыз. Анда депутаттар Жээнбековго өз сунуштарын жана каалоо-тилектерин айтышууда. Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, буга чейинки өкмөт башчы парламент менен тыгыз иштеген эмес.
false
ky
"Премьер-министр болорум түшүмө да кирген эмес. Бирок КСДП мындай чечим кабыл алгандан кийин макул болдум. Өкмөттү башкаруу - абдан жоопкерчиликтүү жумуш.
true
ky
Катуу соккудан улам бала 29 метрге учуп барып жерге кулаган. Айдоочу унаасын токтотууга аракет кылган, бирок үлгүрбөй калган. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.
false
ky
Кызыгы, клиптеги башкы каарман кыз башын жууп, кургатпай эле келген экен, кийин бир жумадай ооруптур. Ырдын клибин эл жакшы кабыл алып, көп күйөрмандар кызды жактырып жүрүштү. Концерттерде да "клиптеги кыздын телефон номерин бериңизчи..." деп сурай беришчү.
true
ky
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Борбор калаада бейбаштыкка шектелген Чүй облусунун 2 тургуну кармалды.
false
ky
Жергиликтүү тургундардын аракеттери менен суунун нугу калыбына келтирилген. Алчалуу айылын камсыздаган 3 электр мамылары зыянга учурап, 31 үй убактылуу электр энергиясыз калды. Андан сырткары жер көчкү жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды жана 19 түп теректи басып калган.
true
ky
Алгачкы текшерүү амалдарынын жүрүшүндө маркумдун денесинен жараат табылган эмес. Бирок маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул окуя боюнча тергөө бөлүмү тарабынан "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
false
ky
Өкмөт парламент алдындагы отчётту берерде анын отставкага кетери тууралуу ар кыл имиштер тарай баштады. 2015-жылдын жыйынтыктары жаман эмес экенин эске алганда, мындай сөздөр негизсиз болчу. Бирок алар кылдан кыйкым издеп, ар кандай шылтоолорду издей башташты", - деп билдирди өкмөт башчы.
true
ky
Колдонуучулар буга мындай пикир калтырышкан: "Мен үчүн сүйүү. Сүйүүсү бекем абышка-кемпирлер деле секссиз жашап жатышпайбы". Сүйүү адамды бактылуу кыла алат, сүйүү болбосо секстин рахаты кайда?
false
ky
Тиги жагы алсыз, импотент болсо, акча менен сүйүүнүн эмне кереги бар? Көп эле үй-бүлөлөрдүн эри төшөктө алсыз болгонунан ажырашканын угуп калам". "Акчага тамак сатып аласың, бирок табиятты сатып ала албайсың.
true
ky
2) УКМКнын СИЗОсунун санитардык абалы канааттандырарлык. Тамак-аштын көлөмү талаптарга жооп берет. Аларга карата кыйноо, ур-токмокко алуу болгон эмес.
false
ky
"Эл аралык нормага ылайык, бир мамлекеттик эмгек инспекторуна 15 миң жаран туура келет. Бул ар бир беш жылда уюм ичинде иш-чаралардын өтүшүнө шарт түзөт. Биздин эсеп боюнча эмгек инспекторлорунун саны 125 кишини түзөт, а иш жүзүндө болгону 27.
true
ky
Бишкек шаарында тез тамактануучу жайды тоноого шектелген жаран кармалды. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Б.А. аттуу жаран кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
false
ky
Борбор калаада жөө жүрүүчүнү эки унаа сүзүп, оор жаракаттардан улам 22 жаштагы жигит мерт болду. Бул тууралуу Жол-патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде саат 20:00 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө орун алган.
true
ky
Шамалдын ылдамдыгы Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жамгыр жаайт Асманды ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн +1°C Күндүз +12°C Күндүн узактыгы 13 саат 14 мүнөт.
false
ky
Күн саат 06:35те чыгып, 19:43тө батат. Жамгыр жаайт Күндүз айрым аймактарда жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы Секундасына 4-9 метр.
true
ky
Акыркы убакта темир кишини, тагыраагы, роботту туурап бийлегендер көбөйгөн. Видеодон роботтун ар бир кыймылын окшоштурган жаш кыздын бийлөө талантын көрүүгө болот. Албетте, мындай бийлөө ар бир эле адамдын колунан келе бербейт.
false
ky
9-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада 2 беттеш орун алды. Бишкекте өткөн оюнда "Алга" (Бишкек) футболдук клубу "Ала-Тоону" (Нарын) 2:0 эсебинде утту. Ал эми Ошто өткөн оюнда "Алай" футболдук клубу "Кара-Балтаны" 6:0 эсебинде утту.
true
ky
Смадиярова Айжан Алимжановна. Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна; Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;
false
ky
- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна: Бапанова Гүлмира Шериевна. - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотуна: Осмонов Сотибек Ырыскулович. - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотуна: Асылбашев Данияр Куванычбекович.
true
ky
Тасманын мазмунуна токтолсок, анда жигит ата-энеси менен тааныштырганы үйүнө сүйгөн кызын алып келет. Инсультка кабылган атасы ал кызды көрүп, экөөнүн ортосундагы болгон окуя эсине түшөт. Аны Нарындан алып келип кайра съёмкабызды улантканбыз", - деп тасманын жаратуучулары маек беришкен эле.
false
ky
порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балалык күндөрдөн бир элес" деген тема талкууланууда. Балалык - кайталангыс көз ирмемдерди, эң бир тазалыкты, аруулукту кучагына алган кез. Ал күндөр форумчулардын көзү менен: "Канча жашта экеним эсимде жок.
true
ky
Эңкейип туруп рулдун астындагы зымды зымга тийгиздим, көргөм да. Ары жактан чоң энемдин "Коку-уй!" деген үнү чыкты. Машина от алып кетти эле, жүрөгүм оозума тыгыла түштү.
false
ky
"Бала кезде бир жолу чогуу ойногон кыз "бут кийим эксе болот экен" деп айтып калды. Мен ишенип алып, экөөбүз бут кийимдин бир жерлерин кыркып алып жерге көмгөнбүз. Кыялданып да алганбыз, "кө-өп бут кийим өсүп чыкса сатабыз, байыйбыз" деп.
true
ky
Табылга Шотландиядагы орто кылымга таандык сепилдеги китепканадан табылган. Басылмада жазуучунун 36 пьесасы камтылган, бирок анын жарымы бир да жолу жарыкка чыккан эмес. 1623-жылы басылып чыккан 3 томдук китеп жакында жалпыга көрсөтүү үчүн коюлат.
false
ky
"Кыйынчылыксыз, оңой тартылган клиптердин бири болду. Көптүн иши көп, достор колдон-буттан алып клипти жаратышты. Барып ырдаганым эле болбосо, аралашкан деле жокмун.
true
ky
Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Кадамжай районунун 50 жаштагы тургуну айыл молдосуна нике кыйып берүүнү суранып кайрылган. Баткен облусунун Кадамжай районунда никеге турганы жаткан 50 жаштагы адам молдону сабап салды.
false
ky
Таштаган ар бир кадамың да көзөмөлдө. Ар бир кыймыл үчүн жооптуусуң. Виртуалдуу дүйнө - эркин майдан.
true
ky
Реалдууда кызыксыз болсо, виртуалдууда мага бир грамм да кызыгы болбойт. Ушундай тажап баратсаң, бул дүйнөнү чанып чыгып кетсең да болот". "Реалдууда мага кызыктуу болсо, виртуалдуу да кызыктуу болот.
false
ky
Анын 116сы жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн токтотулган. Ал эми 4 айдоочу унааны мас абалда айдап бара жатканда кармалган. Жалпысынан унаалардын 28и айып жайына токтотулган.
true
ky
Мелдеште жеңүүчү аталган команда Чакырык Кубогунун беделдүү дивизионуна жолдомо алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлайт. Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргыз Республикасы, Индия, Катар, Малайзия жана Макао курамалары катышат.
false
ky
"Бирок экспертизанын жыйынтыгы менен жабыр тарткан кыздын зордукталганы аныкталган. Психологдор "жабырланган кыз жөн жерден мындай жалаа жабуусу мүмкүн эмес" деген жыйынтык чыгарып берген. Динчил, ыймандуу адамдын образын аткарып жүргөн Эрландын бул ишке бара турганын эч ким ойлогон эмес.
true
ky
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
false
ky
"Досум аялына ар нерсе деп айтып, мамилеси менен аябай эле жаман кылчу. Анан аяшым төрөгөндө жанында болуптур, ошондон кийин мамилеси 100 пайызга өзгөрдү. "Аялымдын кыйналганын көрүп кылган мамилеме өкүндүм" дейт".
true
ky
Иш сапардын алкагында кечээ, 6-апрелде эл аралык делегация Ош шаарын кыдырды. Алар адам укуктарын коргоого, тынчтыкты бекемдөөгө, көп тилдүү билим берүүгө багытталган. Долбоорлорду ишке ашырууга БУУнун Тынчтык орнотуу фонду жалпысынан 15,1 миллион доллар бөлүп берген.
false
ky
Эл аралык делегациянын өкүлдөрү жакшы жетишкендиктерди көрүп кубанычта болушууда. Бөлүнгөн акча каражатынын туура пайдаланышы абдан маанилүү" ,- деди Аванесов. Мындан кийин БУУнун делегациясы Ош шаардык мэриясына барып, шаар башкармалыгы менен жолугушту.
true
ky
Москвадагы Серпухов музейи төрт буттуу кызматкер менен толукталды. Бул тууралуу маалымат аталган музейдин расмий сайтында жарыяланды. Тагыраагы, Марай аттуу мышык тарыхый-көркөм музейдин жамаатына кошулду.
false
ky
"Бишкектин борбордук мечитинен жеке буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы Ч.Н. аттуу тургуну кайрылган.
true
ky
Бул көрсөткүч кыргыз футболунун тарыхында кезектеги рекорд катары саналат. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде улуттук курам 12-орунга көтөрүлдү. Курам карамагындагы 340 упай менен дүйнөнүн 209 курамынын ичинен 100-орунду ээлеп турат.
false
ky
Чындыкты бетке айтуудан коркпош керек. Өз өмүрү үчүн эч коркпош керек. Ооба, бир, эки, үч журналист каза болду.
true
ky
Видеодон ата менен баланын ойноп жатканын көрүүгө болот. Ыйлаган баласын көргөн ата кайра баарын калыбына келтирип коёт. Атасы тамашалап баласынын кулагын "жулуп" алат.
false
ky
Кагаздарга жооптуу адамдардын колу коюлганын да көрүүгө болот. Бирок документтер кайсы расмий орган аркылуу интернетке таратылганы айтылбады. Андыктан бул документтерди ишенимдүү маалымат катары кабыл алуу мүмкүн эмес.
true
ky
Сейфтен экинчи конвертти ачса, "жаш экениңе жана тажрыйбаңдын жетишсиздигине шылта" деген жазуу болот. Бир жылдан кийин командирдин ишинин ашмалтайы чыгып, жетекчиге дагы рапорт берүүгө туура келет. Эртеси жетекчисине "тажрыйбам аз болгондуктан, ишти жөнгө сала албадым" деп кырдаалдан чыгат.
false
ky
Ок тийген жаран кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү экени айтылууда. Демек, окуянын криминалдык дүйнө менен байланышы бар... Баш калаанын ашкере криминалдашып баратканына дагы бир мисал.
true
ky
Мындай шартта өзүн сыйлаган өлкөлөрдүн жооптуу кызматтагы адамдары кызматтан кетишет. Бир шаарда тартип орното албай айласы кеткен ИИМдин жетекчилигине качан чара көрүлөт? Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин кылмыштуулукка каршы кескин чараларынан дайын жок.
false
ky
Бокс боюнча улуттук курама команда Ысык-Көлдө Алжир курамасы менен биргеликте машыгуу сборун өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 10 мушкерден турган Алжир курамасы бүгүн, 6-апрелде Бишкекке келип, Ысык-Көлгө жөнөп кетти.
true
ky
Тасма элге кеңири көрсөтүлгөндөн кийин көпчүлүк азыр "Геловой шарик" качан бересиң?" деп тамашалай беришет" . Тасмадагы окуя шарик сатуу менен алектенген Кайрат деген соодагердин айылга келиши менен башталат. Алгач кинотеатрдан тасманы көргөн жакын тааныштарым, досторум эле ушинтип аташчу.
false
ky
Ага жакын тааныштарымдын, туугандарымдын балдарын тандап алгам. Балдар ал учурда "Эмне болот, кандай кылыш керек?" деп деле сурашкан эмес. Клип тартып бүткөндөн кийин торт алып, баарыбыз андан ооз тийгенбиз.
true
ky
Башкача айтканда, 100 миң сомдук кирешеге 10 миң сом төлөнөт. Жыйынтык - ишкана салык төлөөдөн 90 миң сом үнөмдөйт. Салык болсо Кыргыз Республикасында сатылган товардын суммасына гана төлөнөт.
false
ky
Бул тууралуу порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, дарактар кадимкидей өсүп турган. "Бул айылдагы негизги эс алуу жайында орун алган көрүнүш.
true
ky
Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
false
ky
1876-1877-жылдары генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн. 1878-жылы жигиттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн Шабдан баатыр сыйлыктарды алып турган.
true
ky
Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматта З.Малабековдун эмне себептен иштен кеткени айтылбайт. Маалыматка ылайык, бул кызматты убактылуу Э.Зарлыков аркаламакчы.
false
ky
Шаарга күндүз жетип баралы деп жолго эрте чыкканбыз, жетип калдык. Үй-бүлөм, карындаштарым белектерин даярдап азыр үйдө мени күтүп жатышат. Андыктан өздүк майрамды жакындарымдын курчоосунда белгилейм",- деп билдирди ырчы.
true
ky
"Менин эриним калың, секске тойбогонум чын, бирок кумарлуу жагына келсек, орто эле десем болот". "Таз эркектер сексуалдуу, темпераменттүү" дегенге кошулбайм, чачы барбы-жокпу, ал адамдын жаратылышынан болот". "Эрини калың эркектер төшөктө кумарлуу, секске тойбогон жан болот деп уктум".
false
ky
Алар алдын ала берилген текстти жаттап, аябай даярданып келишиптир. Болгону рэп айтууда кыймыл-аракетти бат-бат жасай албай бир аз кыйналышты. Анан биздин рэпердик кыймыл-аракеттерибизди көрүп бат эле үйрөнүп кетишти.
true
ky
Баланын ата-энеси эч кандай арыз-доосу жок экенин билдирип, милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок бала башынан оор жаракат алып, өзүнө келбей жатып жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган. Окуяга күбө болгондор тез арада тосмону көтөрүп, баланы сууруп чыгып ооруканага жеткиришкен.
false
ky
Маалыматка ылайык, учурда Конте Италия курамасын машыктырып жатат. Ал клубдагы ишине Франциядагы Европа чемпиондугунан кийин киришмекчи. Конте аталган клубда иштеген 5-машыктыруучу болмокчу.
true
ky
Маалыматка ылайык, 3-апрелде милицияга арыз менен 28 жаштагы М.Э. аттуу шаар тургуну кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Борбордо "мечиттердин биринен уурулук жасаган" деген шек менен Токмок шаарынын тургуну кармалды.
false
ky
Чүй облусунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 2-апрелде саат 05:30 чамасында Ленин айылында болгон.
true
ky
Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган. Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Аскар Акаев өзүнүн милдетин расмий түрдө өткөрүп берген. 1968-жылы Ленинград Так механика жана оптика институтун ийгиликтүү бүтүп, аспирантурага тапшырган.
false
ky
Ал эми 1980-жылы Москва инженер-физика институтунда докторлук диссертациясын жактаган. 1984-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына мүчө-корреспондент болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги болот.
true
ky
1991-жылы шайлоо учурунда жана 1994-жылы референдумда президенттик укуктары ырасталган. Аскар Акаев 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. Анын 7 окуучусу бир канча премиялардын лауреаттары болуп калышкан.
false
ky
Бул үч окуянын бири-биринен айырмасы эмнеде? Баарынын түпкү максаты элдин эркиндикке умтулуусу эмес беле? Бакиевдик "итчиликке" 7-апрель чекит койду делип айтылууда.
true
ky
Бирок ошол кездеги кээ бир аткаминерлер дагы деле жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Ал милдет - кандуу окуяга байланыштуу сот ишинин акырына чыгып, окуяга укуктук баа берүү. Ал эми 7-апрель боюнча азыркы бийликтин моюнунда улуу милдет тагылуу бойдон.
false
ky
Өкмөтүбүз болсо "акчабыз жок" деп доо арыздан баш тартып жатса... Кыргыз мыйзамдары боюнча экономикалык кылмыштардын мөөнөтү алты жылда эскирет. Демек, саналуу күндөрдөн кийин Максим Бакиевге тагылган айыптар күчүн жоготот.
true
ky
Балким, бул Үңкүр-Тоодон "томолонгон" өкмөттүн абийирин сактап калуу жан далбасыдыр... Анткени бүгүн маалымат булактарында Сариевдин жакынкы отставкасы тууралуу кабар тарады. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов порталына: "Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок.
false
ky
Борбор калаадагы менчик ишканалардын биринен 200 китеп уурдоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы Ф.И. аттуу шаар тургуну кайрылган.
true
ky
Анын айтымында, премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү кадимкидей эле иштеп жатышат. Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок" ,- деди Асанов. "Бул аптада өкмөттүн Жогорку Кеңеште отчёт берүүсү пландалган эмес.
false
ky
Акыркы жылдары бир нече факт катталып, адам өмүрү кыйылган учурлар болгон. Анда да дарактарды текшерүү башталганы айтылып, аягына чыккан эмес, кесепети - акыркы окуялар. Мындай кайдыгер мамиле токтобосо, мындан кийин да адамдарды кулаган дарак басып калбайт деген кепилдик жок...
true
ky
Бишкектиктер "Жашылдандыруу" ишканасынын жооптуу кызматкерлерине чара көрүлүшүн талап кылып жатышат. Мэрия кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлады, жыйынтыгы жакын арада билинет. Кимдир бирөөнүн шалаакылыгынан бейкүнөө жарандардын каза табышына жол берилбеши шарт.
false
ky
Дарак басып калгандыктан, эшиктерин ачууга мүмкүн болбоду. Аңгыча "Тез жардам" кызматы, куткаруучулар келишип чара көрүштү. - Кабарды жарандарга эскертүү болсун деген ойдо жөнөттүңүзбү?
true
ky
Куураган дарактарды кыйып, тазалап турушса мындай окуялар болбойт эле. Табият кырсыгы дегенибиз менен, мунун деле алдын алышса болмок да. Анан жарандар да көчөдө сагыраак болушса дейт элем...
false
ky
2015-жыл, май - Сабира Казамбекова (Ош облусу, Ош шаары). 2015-жыл, июнь - Алина Мустапакул кызы (Баткен облусу, Кадамжай району). 2015-жыл, июль - Байысбек Жеңишбек уулу (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
true
ky
2015-жыл, август - Толгонай Таалайбек кызы (Бишкек шаары). 2015-жыл, октябрь - Куттубек Абдуллаев (Ош облусу, Ош шаары). 2015-жыл, сентябрь - Нурсултан Токтосунов (Ош облусу, Ош шаары).
false
ky
Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды. Борбор калаанын Комсомол көчөсүндөгү соода аянттарынын биринен өрт кырсыгы катталды.
true
ky
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 19 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Борбор калаада "бычак такап коркутуп, ур-токмокко алуу менен тоногон" деген шек менен 16 жаштагы кыз кармалды.
false
ky
"Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Бебель көчөсүндө кызыктай жарыя илинип турат. Анда КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар элге кол салып жатканы, тоноп жатканы айтылган. "Болжолдуу түрдө кыргыздар" деген да сап бар экен",- дейт порталына Whatsapp аркылуу кат жөнөткөн окурман.
true
ky
Муну окурман бүгүн, 4-апрелде порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Лейлек районунун Даркум айылында карышкыр күч алып жатат. Анын айтымында, айылдын ичинде жүрүү тургундарга коркунучтуу болуп жатат.
false
ky
Анда Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада Тойота Превиа унаасындагы Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алган. Белгилүү болгондой, Тойота Превианы башкарган айдоочу уктап кетип Мерседести сүзгөн.
true
ky
Күйөөсү кайтыш болгондон кийин Шайыр кайын журту менен калууну чечет. Башкы каармандар: Табылды , анын байбичеси Карачач , келини Шайыр жана 7 жаштагы небереси Умсунай . "Сүтак" - кыргыздын тоолорунда конуш которуп жашаган көчмөн үй-бүлө тууралуу тасма.
false
ky
"КБТУдан" кеткенден кийин Москвада СТС телеканалында иштеген. Кайра кыргыз жерине келип "Большие люди" долбоорун ачкан. 2011-жылы КВНде ойногон балдарды чогултуп, Сочиге барышкан.
true
ky
Мушкер 1-апрелде 81 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, түркмөнстандык мушкер Азиз Ачиловду утуп алды. Жыйынтыктоочу раундда Эркиндин аракеттери оңунан чыгып, таамай соккуларды узатты. Алгачкы раундда Ачилов упай катыштыгында жеңүүчү аталса, экинчи раундда Эркин жеңишке жетишти.
false
ky
Жыйынтыгында калыстар жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты. Кошумчалай кетсек, Эркин кыргыз мушкерлеринен алгачкы жолдомого ээ болду. Жалпысынан бул кыргыз спортчуларынын 9-жолдомосу болуп калды.
true
ky
Убакыт өткөн сайын баары өзгөрөт да, ал эми бойдоктор анча "нервный" болушпайт го". "Эгер ажырашкандан кийин жалгыз бой болсо, жашоосуна, башынан өткөргөн тагдырына карап "нервный" болушу мүмкүн. Аялдарда болсо 30дан өткөндөн кийин жалгыз бой болсо, кыялы бузулуп, "стерва" боло башташат".
false
ky
Үй-бүлө курайын дейт, бирок татыктуу адам жоктой сезилет". "Мен, тескерисинче, жыргамакмын, "кой, тур" деген эч ким жок. Жалгыз бой адамдар "нервный" болушат деген жалган".
true
ky
Мунун айынан кандай психологиялык маселеге кабылганымды досторумдан сурап көрсөңөр болот. Туугандык байланыштарым үчүн гана мага кызыккандар болбосун деп жакында паспортумду алмаштырганы жатам. Мектепте сабак учурунда туура жоопту билсем да колумду көтөрбөгөн учурлар болгон.
false
ky
Бишкек шаарында спорт аянтчасынан уюлдук телефон жана 16 миң сом уурдоого шектелген эки шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы С.Ч. аттуу жаран кайрылган.
true
ky